Суперстан: Баяман Эркинбаев, Рыспек Акматбаев, "чёрныйлар" тууралуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Баяман Эркинбаев, Рыспек Акматбаев, "чёрныйлар" тууралуу Алга Кыргыз

#61 Пользователь офлайн   F.C.Batken.   04 Сентябрь 2015 - 09:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 019
  • Катталган: 09 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2016 01:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Chicago

Эсимде 2000-жылы Баяман Эркинбаев биздин айылга барган эле.Ошол убакта шайлоо жүрүп жаткан.Биздин округдан Баяман Эркинбаев менен Ташболот Балтабаев ат салышкан эле.Азыр ойлосом,ошондо элдин дээрлик 100% Баяманды колдогон экен.

Кийинчерээк 2007-жылы суук кабарды радиодон укканда жалган болуп калса экен деп ишенген эмес элем.Эх өкүнүчтүү! Чыгаан инсан эле.
"Пусть лучше меня ненавидят за то, кто я есть, чем любят за то, кем я не являюсь."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Oceana   19 Сентябрь 2015 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Буюрса, Кара-Дарыянын кире беришиндеги арканын жанына ,Баямандын эстелиги коюлат деп пландап атат..
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Abdullah16   23 Сентябрь 2015 - 09:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 383
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 20 Мар 2016 12:03

Бүгүнкү бийликке ушундай жигиттер керек эле!!! "Эгер мен президент болсом, мамлекеттик чиновниктер тышкы карыздарды төлөп коймок" - деген созу бар деп уккам. (чын төгүнү далилденген эмес). Катуураак кармаган президент, созүн бекем кармаган өкмөт ишкерлери, аткрауучу депутаттар болсо өлкобүз бат эле өнүгүп кетет болчу. ресурс, жаратылыш байлыктары жетиштүү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Diyas   28 Сентябрь 2015 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 27 Июнь 11
  • Соңку аракети: 20 Июл 2018 07:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Джалал-Абад = Нью-Йорк

Просмотр сообщения Nadya_90 (21 Август 2015 - 09:55) жазган:

Ушу "черныйларды" кумир туткандарга тан калам! Эмнеге? Киши олтуруп, тоноп, коркутуп, кордоп... Ушундай кыймыл-аракеттер жакшылыкпы? Балким, жакшы иш кылгандыр, бирок жаман иш алардын баарын жууп кетет. Балдардын келечегин ойлогула, алар да "черный" болгулары келет, элестеткиле, сиздин баланыз бироону сабап, олтуруп, тоноп жатканын, жакшыбы? Албетте, жакшы эмес! Ошол учун "черныйды" эмес, жазуучу, акын, мугалим, доктур, милиция кызматкерин деги эле жонокой адамды кумир туткулачы, ананайындарым!
Ар бир инсан бул дуйнодогу кылыктары учун жооп берет. Сурак болот, ошону ойлонолу...



Эн туура айтасын тууган!


Спортсмен - Раатбек Санатбаев
Бизнесмен, миценат - Бахтияр Амиражанов
Милиция полковниктери - Чыныбек Алиев, Уран Алиев, Анвар Алиев

ушул инсандар Кыргыздын чыныгы патриоттору болчу!

Билдирүүнү түзөткөн: Diyas: 28 Сентябрь 2015 - 15:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   eldar96   28 Сентябрь 2015 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бул патриоттор олтурсо олтургондур, бирок булар себепсизден, куноосуз биролорду олтургон эмес. Ошол кыргыз элинин келечегине балта чапкан адамдарды олтургон, мындай адамдарды олтуруу дагы аздык кылат.

Бул патриоттор азыркы кундун Текебаев, Кулов, Жаныш Бакиев, Максим Бакиев ж.б. ушуга окшогон кыргыздын тубуно жетчуу адамдарды "кыргыздардын келечеги учун" деп олтурушгон.

Бул адамдар накта кыргыз учун куйгон баатырлар болгон.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Aziyat_01   28 Сентябрь 2015 - 21:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 369
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 16:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан айылы ФЛУД көчөсү...

!Рысбек тирүүсүндө көлгө бирда казак бут басып келчүү эмес азыр казактар келип кыргыз кыздарды каалгандай ойноп кетет" деп уккан элем. Баяман тирүүсүндө бирда өзбек башын көтөрүп жүрчүү эмес экен. Карап көрсөң чынында өкүнүчтүү.!

Кийин өзбектерди басып турган "Кара Айбек" бар эле аныда Кадыржан жеди.
Жолуңдан адашпа Айкөлдүн урпагы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   eldar96   28 Сентябрь 2015 - 22:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Малик Осмонов, Баяман Эркинбаевдин машыктыруучусу: “МЕНИ АТА ДЕЧҮ”

“Менчелик Баяманды эч ким билбесе керек” деп маркум палван тууралуу эксклюзивдүү маегин баштады.
– Алгач кантип экөөңүздөрдүн таанышып калганыңызды айтып берсеңиз?
– Жаш кезимден самбо менен машыккан кишимин. Ортодо армияга кетип, ал жактан келерим менен тамак ичпей, залга шашыла жөнөдүм. Кесиптештер, достор менен учурашып, машыгып жаткан 7-8-класстын балдарын карап отурдум. Анын арасынан кара тору, сымбаттуу, көздөрү оттой жанып турган балага назарым түшүп калды. Япондордун кепкасын баса кийип алыптыр. Ошол Баяман экен.


– Сиз ага машыктыруучу болуп калдыңызбы?
– Ооба. Ал мени, мен аны тандап калдык. Өзүм күрөшчү болсом да, ушул баланы ээрчитким келди. Союз мезгилинде Борбор Азияда жайгашкан бардык өлкөлөрдө кыргыздын улуттук күрөшү атагына жетип турган учур. 20-30 миң элди чогулткан чоң күрөштөргө катыша баштадык. Баяманды Кыргызстан тааный электе Өзбекстан, Тажикстан анын күйөрманына айланды. 10-классты бүткөн курагында Баяман бүтүндөй Орто Азияга белгилүү палван болуп чыга келди. Аны жыга турганы да калбады.

– Устаты катары күрөшкө чыккан кезин көп эстесеңиз керек...
– Мен аны Курманбек баатырга көп окшотом. Ал 15 жашында калмактардын империясынын акыркы калдыктарын кууп чыккан. Күрөштө өзбеги, тажиги дебей «Баяман утса экен» деп тиленип отурушчу. Элди өзүнө тартуу үчүн сулуулук да керек экен. Көздөрү оттой жанган, моюну узун, арык, жылдыздуу, 70 килограмм салмагы бар Баяман 120-150 килограммдык дөөдөй, төөдөй болгон балбандарды жыгып койгондо күйөрмандары сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберген учурларын да көргөнбүз.

– Мектепти аяктагандан кийин спортту уланттыбы?
– Оштогу Терешкова жатак окуу жайын бүтүргөндөн кийин Баяман «Бишкекте окуйм» деп калды. Мен макул болбой, аны Ташкенттеги токой чарбасына тапшыртып, өткөрдүм.
Өзү чал-кемпирдин уулу, апасы аны 47 жашында төрөсө, атасы ал кезде 60тын тегерегинде экен. Баяман чоңойгондо атасы 80ге барып калган аксакал эле. Орто оокаттуу, бир аты, бир ую бар болчу. Эжелери көп, эки агасы тең оорукчан эле.
Ташкентте окуп калганда Баямандын атагы ого бетер ашты. Өзбекстандын беш жолку чемпиону болуп, дзюдо менен самбо боюнча СССРдин спорт боюнча чебердигин толтурду.

– Союз кулаганда бүтүндөй постсоветтик мейкиндикте спорттун өкүлдөрү көбүнесе кримчөйрөгө аралашып кеткени белгилүү. Шакиртиңиз эмне менен алек болду?
– Замандын агымы менен ал да соодага өттү. Бат эле бай кишиге айланды. Эч ким анын колунан алууга жутунбай, баары карматып турчу. Даңкы да жардам берди окшойт. Өзү табиятынан жолдуу, акжолтой бала эле. Фергана өрөөнүндөгү кримдүйнөгө да белгилүү болчу. Криминалдар өзүнүн каршылаштарын өлтүрүп аты чыгат, Баяман мечит менен көпүрө салып атагы чыкты. Эч качан үстөмдүк кылчу эмес.
27 жашында депутаттыкка коюп, үч жолу эл өкүлү болду. Кийин үйлөнүп-жайланып, тойлорунда отурдук.
Баяман мен үчүн чоң илимдин ачылышы сыяктуу. Жалал-Абад, Ош, Баткен, бул жагы Өзбекстандын биз менен чектешкен облустарына чейин анын айтканы айткан болуп турган.

– 90-жылдагы Ош окуясында сиз Баяман менен чогуу жүрдүңүзбү?
– Ал кезде Баяман студент, Ташкенттен келди. Анда өзбектердин кыштактарына эл тааныган, башы көрүнгөн адамдар гана кирип калган. Өзбекстандан ырчы Шерали Жураевди чакыртып, калк жыш жайгашкан 20-30 жерде мал союп, эки улутту элдештирүү максатында чоң салтанаттарды уюштурду.

– Саясатка аралашып кеткенин кандай кабыл алдыңыз?
– Март революциясында Баямандын эмгеги зор. Аскар Акаев илим-билимдүү киши экенине, Баямандын үч жолу депутат болгонуна карабай аны бир да жолу кабыл алып, сүйлөшпөптүр. Ошон үчүн президентти жаман көрүп жүрчү. “Эгерде Акаев болбосо, сен Баяман болбойт элең. Ал тактан кетсе, тазалоону биринчи сенден башташат” деп айтып да жүрдүм. Мунун айынан кер-мур да болгонбуз. Баатыр киши өсө берди, аны тизгиндеп, түшүндүрүп туруу күндөн күнгө оорлой берди.
Айтканымдай эле болду. Бакиевдин бийлигинен куугунтук жеп, бийлик жан сакчыларынан бери тартып ала баштаганда гана мага келип, “сиз айткандай болду” деди. “Кудаяр хан деле үч жолу качкан, сен да качып кутул” десем, “Баяман качты” деген сөз менин өмүр баяныма жазылбашы керек. Өлсөм өлөм, бирок эч кайда кетпейм” деп койду.

– Он беш жашынан баштап билет экенсиз, байлык, бийликтен улам мүнөзү өзгөрдүбү?
– Жибектей созулган жигит деп айтпадымбы, той-топурларда тост беришсе, ичимден адашып же апкаарып кетпесе экен деп турчумун. Бара-бара Баяман миңдеген элди күлдүрүп, анча-мынча адамды сүрү менен алдастатып койгонго жетишти. Орусча сүйлөгөндө акценти байкалса да, жалтанбай, тартынбай, өткүр сүйлөп койчу. Арстан чалган нерсесин карабай алдыга кете берет эмеспи. Ал да кылган ишин оозанчу эмес, жеңишин айтсаң да, астейдил башын ийкегилеп тим болчу. Мактануу эмес, сөздүн ачыгы ушундай.

– Соңку жолу качан кезиктиңиз?
– Өлөрүнө бир ай калганда. Ошондо “президент Бакиев менен жакшысыңбы? ” деп сурасам, “жакшымын, жакында эле алдына кирип чыккам” деди. Баатыр киши көп нерсени байкабайт. Мен дайыма “Бакиев менен бир жерденбиз” деп айтчумун. Бирок Баяман Бакиев тууралуу “президент ким болсо боло берсин, бирок бул киши эмес” деп көшөрүп туруп алган эле. Билгени бардыр, бирок мага ооз ачпады. Президенттикке чыкканда да Жаныш менен сүйлөшүп, ортого түшүп талапкерлигин мен алдырткам. Алдыргандан соң деле жандары тынчыбай, баары бир тынчытышты.
Бир күнү атып кетсе керек деп сезип эле жүрдүм. Анан кабар келип калды. Көпчүлүк сыяктуу мен да аны эч өлүмгө кыя албадым. Азыр деле “Баяман тирүү, Араб өлкөлөрүнүн биринде жашайт” деп жүрүшпөйбү. .. Өлтүргөндөр Баяманды эмес, кыргыз элинин келечегин жок кылышты.

– Жоготуу сизди канчалык майыштырды?
– Тапкан эмгегим бир күндө талкаланып, чачылып, күйүп кетти. Баяман деген дүйнөнүн ээси элем да. Мээнетимден айрылып отуруп калдым. Канча деген убакыт-саатым, күч-алым жумшалган болчу.
Ушул күнгө чейин эл арасынан ага түспөлдөш адамды издеп келем. Барган жерибиз майрамга айланып, колуна баласын кармап, «сиздей болсун, оозуна түкүрүп коюңуз» дегендер кезекке тизилишчү. Азыр түштүк аймагында миңдеген балдардын ысымы Баяман. Жаркылдап күлгөн бойдон түшүмө да кирип калат.
Даңктын жогу деле жакшы экен деп калдым. Аны менен чогуу жүргөн достору азыр аман-эсен, тирүү. Ооба, андай атактуулугу, акчасы, мансабы деле жок.

– Кайрадан шакирт алып, тарбиялагыңыз келеби?
– Кездештирбедим андайды. Анын үстүнө энергия да, каалоо да жок. Устатым деп катуу сыйлап турчу. Бир жерге барып, кайра чыгарыбызда чуркап барып бут
кийимимди мага каратып оңдоп койчу да, өзү мындай четке жылып күтүп турар эле. Ушул сапаты эле мен үчүн чоң баалуулук болуп берди.
Бизнесте шериктеш болбодум. Алам деген жеримди алып бермек. Мен өзүм каалабадым. «Депутат болосузбу? » деп жүрдү, ага да ынабадым. Ал кеткенден кийин депутат болуп келдим.

– Атасынан кем болбопсуз анда...
– Ооба, мени Баяман ата деп турчу. Жакшы күндөр өттү. «Кыргыздын улуттук күрөшүн ааламга таанытам, олимпиадалык оюндарга кошом» деген максат койду. Айтканы ишке ашып кетчү. Улуттук күрөштү өзбек, уйгур, тажик, казак, түркмөн, азербайжан, түрк, иран, татарлар күрөш дешет. Ушулардын бардыгы дүйнөгө алып чыгуу үчүн аракет кылышты, бирок Баяман бир жыл мурун аткарып койду. Англияга барып, каттоодон өткөрдү. Кыргызстанда дүйнөлүк чемпиондук өттү. 40тан ашуун мамлекет келди Ошко. Баяман тирүү болгондо олимпиадалык оюндардын катарына кирмек беле?

– Баяман мырзанын балдары менен катышып турасызбы?
– Ооба, алар Москвада окушат эмеспи. Келген сайын учурашып турушат. Айрыкча улуусу атасына окшош. Менин үч уулум спорттон алыс болуп калды.

– Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат.
– «Жакшы өлсө күйүнбө, дагы жакшы төрөлөт. Жаман өлсө сүйүнбө, андан он эсе көп төрөлөт» деген сөз бар. Баяманды жүз жылда бир жаралчуларга кошом. Бирок баары бир ошондой адам туулат. Эсиме келгени, оюма түшкөнү ушул болду. Ал адам тууралуу айтчу сөздөр көп.

Алиярбек Абжалиев, Баяман Эркинбаевдин жакын досу: “ДОСУМ ТИРҮҮ ТУРГАНДА КЕЧЭЭКИ ОШ ОКУЯСЫ БОЛБОЙ КАЛАТ БЕЛЕ?”
Сүрөт“ИЧИНДЕ КИРИ ЖОК АДАМ БОЛЧУ”
– Баяман экөөбүз кичинебизден достоштук. Ош шаарындагы Терешкова атындагы жатак-мектебинен таанышып, достошуп, жатак-мектептин бир бөлмөсүндө жарым жылдан ашуун бирге жашадык. Кийин мен Бишкекке которулуп кетип, ортодо достугубуз калды. Ал окууну бүтүп Ташкентте, мен Бишкекте университетте окуп калдым. Студенттик жылдарда деле катышыбыз үзүлгөн жок. Кийин окууну бүтүп, үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болуп калганда, өмүрүнүн акырына чейин мамилебиз уланды. Баяман кичинесинен эле тырышчаак, өзүнүн аракети менен окуп, эч кимге таянбай маселе чечкенди жактырчу. Эгерде “жакшы адам кандай болушу керек?” десе, мен коркпой эле Баяманды көрсөтүп “жакшы адам ушундай болушу керек” демекмин. Досумдун ашкере жаман сапатын көргөн жокмун. Ооба, ачуусу чукул болчу. Бирок бат ачууланганы менен, ичине кек сактачу эмес. Дардаңдаган, палван жигит эле. Аябай патриот, кыргыздын башынан өткөн оор күндөрдө эл ичинде жүрдү. Балким, Баяман тирүү болгондо 2010-жылы Ошто кайгылуу окуялар болбой калышы мүмкүн беле деп ойлой берем.

“БАЛДАРГА БАЙ МАМЛЕКЕТ КАЛСЫН”
– Депутат болуп турганда элге тегиз мамиле кылып, “кыргыз өлкөсү өсүп-өнүгүп, мага буюрбаса да, балдарыма, келечек урпактарга бай, дөөлөттүү мамлекетти калтырышым керек” деп көп айтар эле. Ошол ойлорун ишке ашырып келе жатканда жанагыдай күтүүсүз кырсыктан ажал таппадыбы. Кээ бир биздин “чоң” сөрөйлөр ушундай мыкты жигиттердин алдыга суурулуп чыгышын жактырбай, өзүнө атаандаш көрүп ушундай каргаша болду. Андан айрылганыма азыркыга чейин ичим ачышат.

“КЫРГЫЗ КҮРӨШҮН БИЙИККЕ КӨТӨРДҮ”
– Кыргыз күрөшүн даңазалап эл аралык деңгээлге алып чыгып, өлкө желегин бир топ желбиреткен ушул Баяман. Алдына койгон өтө чоң максаттары бар болчу досумдун. “Күрөштүн бул түрүн кийин олимпиадалык оюндардын катарына кошом” деген максатына жетпей калды.

“ЭКӨӨБҮЗ КӨП СӨГҮШЧҮБҮЗ”
– Чыныгы теңтуш жигиттерче экөөбүз көп сөгүшчү элек. Ал кол алдында иштегендерди да жинине тийгенде сөгүп-сөгүп алып, кайра эле жаркылдап күлүп мурунку калыбына түшөр эле. Таарынып, сүйлөбөй калмай деген адаттан алыс, дегеле бирөөгө жамандык каалабаган пенде эле.

“КАРА- СУУ” БАЗАРЫН ТАРТЫП АЛБАГАН”
– Оштогу “Кара-Суу” базары азыркыдай чоң базар болгон эмес. Аны азыркы абалына алып келген Баяман болгон. Айрымдар айтып чыккандай, ал базарды Баяман эч качан басып алган эмес, менин билишимче. Албетте, мен ал иштин майда-чүйдөсүнө чейин киришип аралашкан эмесмин. Базарга байланыштуу иштерди ал мыйзамдуу жол менен эле жасаган.

“КРИМИНАЛГА АРАЛАШКАН ЭМЕС”
– Бизде бир мыкты спортчу чыкса, элдин баары криминал экен деп ойлошот. Баяман дагы ошондой сынга кабылып калды деп ойлойм. Кээ бирөөлөрдүн арам ойлору менен гана “криминалга катышы бар” деген түшүнүк калыптанып калды окшойт. Ооба, Баяман көптөгөн балдарды спортко алып келип, тарбиялаган. Ал чын-чынында балдарды улуттук, эл аралык деңгээлге алып чыгам деген максатты көздөгөн. Криминалга эч качан аралашкан эмес.

“ОК АРКЫЛУУ ЭСКЕРТҮҮ АЛГАН”
– “Эл аябай кыйналды, кыргыздар, ушинтип кыйналып жүрө беребизби? ” деп элдик бийликти орнотууну көп айтчу. Бийликке тайманбай каяша айтып, каршы болгону үчүн жанагыдай октон жаракат алып, мурду талкаланган. Бул бийлик тарабынан алдын ала эскертүү болгон экен, көрсө. Бийликтин куугунтугу күчөп, жигиттерин камап, чынында шаштысын кетирип турган убак эле. Ушул окуядан кийин атам экөөбүз Баямандын үйүнө бардык. Атам: “Балам, сен убактылуу чет жерге же бир башка жакка кетип калсаңчы. Убакыт өтөт, мезгил өзгөрөт. Ошондо кайра келерсиң”, - десе, Баяман: “Аяш ата, менин балдарымды “муунтуп” жатышат. Элдин жашоосун караңыз, ушинтип кыйналып турганда качып кетмек белем? Турам ушул жерде, колумдан келишинче күрөшөм”, - деп болбой койгон. Эгер өз жанын гана ойлогон адам болгондо чет өлкөгө чыгып кетмек.

“БИР ЖОЛУ...”
– Баяман тамеки тартып, арак иччү эмес. Бир жолу Түркиядан эс алып келип “досум, кел, чай ичип кет” деп чакырып калды. Бардым, ошол жактан арак ала келген экен, “кичине 50 граммдан ичели” деди. “Кел, ичсе ичели” деп чөйчөктөргө куюп, анан баарыбыз көтөрүп жибердик. Баяман айткандай, 50 грамм эмес, көп ичтик. Экөөбүз катуу тамашалашчубуз да, баягы кыргызда кымызды кыстап ичиргендей кылып мен да кыстап отуруп биз менен теңме-тең ичирип салдым. Анан түн бир убак болуп, кетейин десем “балдар жеткирип койсун” деп туруп алды. Болбой койсом “анда сени мен жеткирем” деп көшөрөт. Өзү бутуна тура албай жатса, мени кантип жеткирсин? Достукка бекем, ишенимдүү жигит болчу, аттиң!

Адилет, Баяман Эркинбаевдин уулу: “АТАМА ӨЗГӨЧӨ ЖАКЫН ЭЛЕМ”
Сүрөт– Раматылык Баяман мырза “Адилет уулум Олимпиаданын чемпиону болот” дечү экен. Ал үмүт акталабы?
– Кичинекей кезимден эле эркин күрөшкө катышып жүрдүм. Кийин атамдын көзү өтүп кетип, апам жалгыз калбадыбы. Бирок атамдын иштерин уланта турганымды айткым келет.
Өзүм учурда Орусиялык элдер достугу университетинин юридикалык бөлүмүндө окуйм.

– Москвада окуу менен катар күрөш боюнча мелдештерди өткөрөт экенсиң. Соңку турнир кандай болду?
– 25-мартта өткөрдүк. 800дөй киши, 200дөй спортчу катышты. Москвада жашоо оор эмеспи, кыргыздар бир күн баш бириктирип, күрөш оюну менен чер жазып алышты. Орусияда акча таап жүргөн балбандар да келишти. Биринчи турнир былтыркы жылы кышында болгон эле.

– Кадамжайга барганыңда аксакалдар сени атаңа окшоштуруп, бир сыйра жашып алышыптыр. Атанын жүгү сен үчүн оор сезилбейби?
– Мен бул тууралуу көп ойлоном. Үйдүн улуусумун, иним, карындашым бар. Буюрса, бардык оорчулуктан өтөбүз.

– Атаңа байланыштуу кайсы окуяларды көп эстейсиң?
– Мен атама өзгөчө жакын болдум. Таң эрте чогуу чуркап, кечинде залга барчубуз. Мектепте бир жолу терезенин айнегин сындырып алып, апамдын урушунан коркуп, атамды дарбазанын жанынан жумушунан келгенче күткөм, үйгө чогуу кирейин деп. Негизи эле тентектигимдин кесепетинен антип атамды карап отурмай көп болор эле. Анан атам келгенде апаман коркпой-этпей, ээн-эркин үйгө кирип кетер элем. Дагы үйдө экөөбүздүн кечке күрөшө бергенибизди көп эстейм.

Чолпон Султанбекова, Баяман Эркинбаевдин жубайы: “БАЯМАН ТУРГАНДА БИР ДА ДОБУШ АЛА АЛБАЙСЫҢ ДЕШИПТИР”
Сүрөт– Жолдошуңуз Баяман мырза саясатка аттанып киргенде кооптонуу болгон эмеспи?
– Легендарлуу парламенттин биринчи жаш депутаты болуп, 27 жашында шайланды. Мен деле жаш экем, азыр ойлосом. Саясат дүйнөсүнүн коркунучун билген эмеспиз. Кээ бирлер «өмүр бою депутат же министр болсом экен» деп алдыга максат коёт эмеспи. Ал “эмне кылам депутат болуп?” деди. Мен “депутат болосуң, галстук тагынасың ” деп чыктым. Биринчи Сузак округунан, кийин Баткен, анан Кадамжайдан койду. Үчүнчү жолкусунда 96 пайыз менен өттү.
Акаев кетип, Бакиев бийликке келгенде эң башкы маселелерибиз чыкты. Бакиевдердин эң кыйын кыйтырлыгы – Баяманды жаман көргөн адамдарды чогултушуп, ошолорду пайдалангандыгы болду. «Кара-Суу» базарын басып алгандардын бирөөсү депутат, экинчиси түштүктө чоң чиновник болуп отурат. Ысымдарын атабай эле коёюн, бирок ошолор Баямандын башын жегендердин катарында.

– Март революциясы Баяман мырзанын тагдырында чечүүчү роль ойноп койгон экен...
– Ош облустук администрациясында аялдарды сабап башташканда гана чыдай албай калды. Карапайым элди бийлик токмоктогон күндөр күч алган эле. “Уруша турган болсоң, өзүңө күчү тең адамды таап тытыш” деп көп айткан Баяман революцияга аралашып кетти. Бакиевдер бул бийликке келбейт болчу. Баямандын күчү болбогондо революция да болбойт эле.

– Куугунтук башталганда көбү кач дептир. Сизчи?
– Ошондо Баяман Бишкекте, мен Ошто калдым. «Кара-Суу» базарыбызды алышты, Баяман «алсаңар алгыла» деди. Базар ушул күнгө дейре эч кимге буюрбады, өзү да кандуу. Таштак жерден чоң базарга айланткан элек. Эртеси «Алай» деген мейманканабызды келип аткылашты. Мен көгөрүп отуруп бербей койгом. Анан телевизордон “мочиловка” башталды. Үйгө милиция келип, тинтүү жүргүзүштү. Ич кийимимден өйдө казышкан. Актка «үй таза» деп жазышып, кеч курун «Баямандын үйүн тинтүү учурунда» деп туруп,
ШИИБдин бүт арсеналын көрсөтүп жатышпайбы. Кийин билгеним боюнча, Бакиевге “президент болуп келсең, Баяман турганда бир добуш да ала албайсың” дешиптир.
Мурдуна атышканда Баяманга “кет, жогол, көзүмө көрүнбө” дегенге чейин баргам. Менин аркам бар, ички туюмум күчтүү, көп иштерди алдын ала сезип турам. Түркия, Ирандагы достору чалышты, бирок кетпей койду. Азыркыга чейин ойлой берем, кетсе, балким, тирүү калмак беле? Өлүмдүн артынан арман болот экен. Чолпон өмүр бою арман кылып жүрсүн дедиби, кетпей койду. Каалаган нерсесин алса ала берсин, өзүн аман калтырышса болмок. Мүлктү дагы деле таап алат элек. Азыркыга чейин арман кылам.





*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   eldar96   28 Сентябрь 2015 - 22:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Баяман Эркинбаев. Бул ысымды спортко кызыккан жаштардын көбү кумир тутушкан. Элим дегенде эт-бетинен кеткен балбан депутаттын өз ажалынан эмес, белгисиз адамдар аткан октон каза тапканына төрт жыл болду. Анын өлүмү туурасында ар түрдүү кептер кыргыздын кыйырына тараган. Ошол кептерге чекит коюлуп, акырына чыктыбы же дале жыйынтык жокпу деген ойдун учугун Баямандын өмүрлүк жары Чолпон Султанбекова улайт.
– Чолпон эже, кыргызда бармактайынан баш кошкон деген кеп бар эмеспи. Ошонун сыңары Баяман мырза менен бармактайыңыздан кол кармашып, 15 жыл чогуу жашадыңыз. Кичинесинде кандай бала болгону сизге деле белгилүү болсо керек...
– Баямандын балалыгы жөнүндө кайненем көп нерсени айтып берген. Ал Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында 1967-жылы төрөлгөн. Сегиз кыз, эки эркектин кенжеси. Жалал-Абад аймагында күрөш катуу өнүккөндүктөн, буту баскан баладан тарта күрөшкө кызыгат. Баяман да күрөш менен бала кезинен эле машыккан экен. Атасы кайсы жерде той-топур болбосун, Баяманды күрөшкө салууну адат кылып алыптыр. Ошондо эле анын ыкчамдыгын, өжөрлүгүн байкагандар “бул баладан кийин бирдеме чыгат, көрөсүңөр ” деп, Баямандын келечегине катуу ишенишчү экен. Мектептен соң Ташкенттеги айыл чарба институтун аяктаган.
– Экөөңүздөрдү спорт табыштырдыбы?
– Мен спорт чөйрө­сүнөн алыс адаммын. Орусияда окучумун. 3-курста Ошко каникулга келип, кайра досторум менен бирге кетмек болдум. Качанкыга билет алалы деп сүйлөшкөнү байланыш түйүнүнө баргам. Ошол жерде кара каштуу, бою узун жигит: “Эки тыйын берип турасызбы? ”- деп тийишип калды. Жетондун ордуна колдонуп, тыйынымды кайра берди. Анан эле “үйгө жеткирип коёюн” деди. Эсиңизде болсо керек, өзбек-кыргыз коогалаңы болбоду беле. Мына ошол кагылыш курчуп турган кез эле да. Карасам кебетеси, сүйлөгөнү өзбекке окшош экен. Эл ичинде “өзбектер кыргыз кыздарды көчөдөн салып кетип жатыптыр” деген кепти уккан жаным калтырап коркуп калдым. Таанышкандан кийин эки жыл көргөн жокмун. Окуумду бүтүп келип жумушка орношуу үчүн облустук администрацияга барсам, ал жердегилер түшкү тамактанууга кетип калышыптыр. Биз дагы тамактанып алалы деп, курбум экөөбүз жакын жердеги кафеге кирдик. Аңгыча бир жигит келип: “Сиздин атыңыз Чолпон беле? Биринчи таанышканыбызда качып кеткенсиз, бул жолу кача албайсыз”, - деп жиниме тийди. Орой мамилесине кызыктай боло түштүм. Жанымдагы курбум: “Баяман балбан менен кайдан таанышсың? Буга жолукпашың керек,”- деп өзүнчө эле коркуп алыптыр. Сүрөт
– Сизди коркутуп жүрүп эле өзүнө каратып алган окшойт да...
– Кыздар жигити менен жолугарда сүйүнүп чыгат го, мен коркконумдан ыйлап чыгып, кайра үйгө ыйлап кирчүмүн. “Чыкпасаң чачыңды кырдырып кетем, боёк төгүп кетем. Антип кетем, минтип кетем”,- деп коркута берчү. Бир күнү: “Ата-энеңе айтып кой. Менин туугандарым жуучу түшүп барат”,- деди. Кантип айтмак элем? Сага тием деген оюм деле жок дедим. Ата-энем таптакыр каршы болушту. Бирок Кудайдын буйругу экен, баш кошуп калдык. Өмүр бою колунан эч нерсе келбеген эркек менен кыйналып жашаганча Баямандай жигит менен аз болсо да саз жашаганым үчүн өзүмдү бактылуу сезем.
– Анан жумушка орношту­ңузбу?
– Жаңы эле жумушка орношо баштаганымда үйлөнүп калдык да. “Иштебейсиң, үйдө отур” деди. Анын үстүнө, раматылык атам: “Каршы болсок да Баяманга тийдиң. Эми айтканын жасашың керек”,- деп катуу эскертти. Союз тарап, эл соода кылууга үйрөнө баштаган мезгилде Баяман да өз алдынча иш баштады. Күндөн-күнгө бизнеси кеңейди, байыдык. Ошондо “Чолпон, сен да каралашпасаң, мен жетишпей жатам” деп өзү айтып калды. Ал сөзүнөн кийин мен да жумушуна аралаша баштадым.
– Жини жаман болчу деп уктум эле...
– Эркекте кандай касиет болушу керек болсо, ошонун баары Баяманда бар болчу. Азыркылар кырдаалга жараша тигил ойго, бул ойго кылт этип жатышпайбы. Баяман жасайм дегенин жасаган, өз оюнан кайтпаган адам эле. Депутат болгонго чейин эле колунда болгон жакшы оокатын элге бере берчү. Жардамдан соң “Баяман балам, рахмат” деген сөз укса, өзү-өзүнө батпай алактап сүйүнүп келер эле. Мен анда жашмын да. Сен эмне эле элге чача бересиң деп капа болчумун. Апасы пол жуугуч, атасы уста болуп иштеп, анын үстүнө, он бир тууган дегендей, Баяман кыйналган турмушта чоңойгон. Ошондон улам кичинесинде “байысам кедейлерге жардам берем” деп өзүнө-өзү сөз берчү экен.
Баямандын жини келип турса, алдынан эч ким чыкпашы керек эле. Жини жаман болгону менен тез тарап кетчү. Илгери Баяман менен урушуп калгандардын айрымдары азыр чоң саясатта жүрүшөт. Жолдошумдун арабызда жоктугуна төрт жыл болсо да, айрымдары мени көрүшсө Баяманды көргөндөй кыжынышканына таң калам. Ал тирүү кезде табакташ болуп, таламын талашып жүргөндөр көзү өткөндөн кийин далысын салып кетишти.
– Биринчи жолу депутаттыкка ат салышканда эле 96 пайыз колдоо менен өткөн экен. Бул жерде добуш сатып алуу же коркутуу дегендер болду беле?
– 1995-жылы Сузак, 2000-Баткен, 2005-жылы Кадамжай округдары боюнча депутат болгон. 2005-жылы Кадамжайга барганда эч ким Баяманга атаандаш болбогон. Ал кайсы жерге көпүрө, мектеп куруш керек болсо, куруп, карыларга жардам берип келген. Ошондон улам эл толук колдоп берди. Он адамды, жыйырма адамды коркутушу мүмкүн, бирок бүтүндөй элди коркута албайт да. Ал эми акча таратуу деген нерсе болгон эмес.
– Мурунга ок жебеди беле, кимдер атканын өзү билгенби?
– Мен анда Ошто болчумун. Атышуу болгонун телевизордон көрүп калдым. Көп жыл бирге жашагандар бири-бирин аяп калат экен да. Ойлоно бербесин дегендиктен, кимдер атты, эмне болду деп сураганым жок.
– Каза болгондон кийин Феликс Кулов: “Кимдер атканын билем. Өлөргө жакын мага келип айтып кеткен”,- деген эле. Ал киши кийин эмне деди?Сүрөт
– Ооба, трибунадан ошентип айтып жүрдү. Бирок сот залына бир гана жолу барып, ал жөнүндө эч нерсе деген эмес.
– Көз жумган күнү сиз борбордо белеңиз?
– Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти болгонуна үч ай болгон. 2005-жылы балдарды мектепке берели деп сентябрга жакын борборго көчүп келдик. Үйдө мен, кайнежем бар болчу. “Чолпон, үйгө баратам. Чай коюп кой”,- деп кечки тогуздарда телефон чалды. Бир убакта эле көчөдөн тарс-тарс деген катуу үн чыкты. Балдар жардыргыч аттырып ойноп жатса керек деп ойлогуча болбой “Чолпо-он! ” деген үндү уктум. Оюмдун баары жамандыкка кеткенден улам, ишенесизби, буттарым кыймылдабай калды. Төрт аяктаган боюнча үчүнчү кабаттан жерге түшсөм, Баяманды машинага салып, ооруканага алып баратышыптыр. Артынан жетип барсам, бир таякебиз “сен үйгө бара бер” деп кайра кетирип жиберди. Көрсө, Баяман ошондо үзүлүптүр. Мени жеткирип келген айдоочу үйгө жетерибиз менен эле “ооруканага барасызбы? ” деп кайра сурады. Барсам баары тырпырап чуркап калышты. Аңгыча жанагы таякем келип: “Чолпон, сен акылдуу аялсың. Сени азыр бүтүн Кыргызстан карап турат. Ажылдап, чачыңды жулуп ыйлаганың болбойт”, - деди. Ошондо Баяманымдан түбөлүк ажыраганымды билдим. Сыртымдан көз жашым куюлбаганы менен, жүрөгүмдөн жаш эмес, кан агып ыйлап турдум. Ошентип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
– Сизге керээз айтканга жетишкен эмес экен да...
– Жетишкен жок. Ошентсе да “Чолпон, менин кандай адам экенимди элге, балдарыма айта жүр” деп көп айтчу.
Баямандын бизди таштап кеткенине ишенгим келбейт. Түшүмө көп кирет. Дайыма көзү тирүүсүндөгүдөй костюм-шым кийип, галстук тагынып жүрөт. Бир ишти жасаарда эмне кылсам экен деп ойлонот эмеспизби. Ошондо түшүмдө чачымдан сылап, кадимкидей жол көрсөтөт.
– Кылмышкерлер табылдыбы?
– Жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Мурун бул себепкер болду, бул аттырды деп шекшип, ар кимден көрүп келсем, азыр мен Баямандын тынч жатышын гана каалап калдым. Кудайга койдум. Баямандын өлүмүнө себепкер болгондордун баарынын эле мендей келинчеги, балдары болсо керек...
– “Каза болгондо Оштогу өз­бектер кадимкидей той кылышты” деп укканбыз. Чын эле ошондой болдубу?
– Ош жергесинде коомчулукка кандай жардам керек болсо, Баяман колунда барларды чогултуп “сен баланча акча бер” деп тескей турган. Ошол нерседен корккондор байлыгын жаап-жашырып жүрүшчү экен. Баяман каза болгондо өзбектер бука союп майрамдагандарын, жашырып жүргөн кымбат баалуу машиналарын айдап чыгышканын көргөн адамдар айтышты. Көзү барда чын эле өзбектер баш көтөрүшчү эмес. Азыр базардагы араба түрт­көн өзбеги деле чоң деп угуп калам. Бирдеме десең эле “кимге айтасың? Кимиң бар? Баяман өлгөн” дешет экен.
– Көзү өткөндөн кийин ири суммага бааланган Кара-Суудагы базарын талашкандар көп болдубу?
– Базар менин атымда турса да, аны басып алышып, өз наамдарына жаздырып алышкан.
– Балдарыңыздын кимиси атасына окшош?
– Үч балам тең атасы тарапты тартты. Кичүү кызым Диана 5-класста окуйт. Кайнежелеримдин көчүрмөсү. Ортоңку балам Байырбек 10-класста. Ал илимге берилген, акылдуу бала. Улуу балам Адилеттин келбети, баскан-турганы, мүнөзү – бардыгы Баяман. Спорт менен да машыгып, көптөгөн ийгиликке жетишүүдө. Өткөндө Баямандын кичи мекенине барсак, карыялар көрүп алып: “Баяман тирилип келгендей болуп жатабыз. Куюп койгондой окшош экен. Кудай өмүр берсин”,- деп көздөрүнө жаш алышты. Адилеттин жашы кичине болгону менен, салмагы чоң. Атасынын ордун мына ушул балам басса керек.
– Балдарынын жакшы жашоосу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзүп кетсе керек...
– Оштогу “Алыш” спорт комплексинин президентимин. Андай комплекс жадакалса Бишкекте жок. Учурда ал жерден көптөгөн чемпиондор чыгып жатат. Ош шаарында чоң соода түйүнү, мейманканабыз бар. Кудайга шүгүр, мүмкүнчүлүк жетет. Бардыгы балдарым үчүн. Аларды эч нерседен кем-карчсыз өстүрүү менин моюнумда деп жашап келе жатам.
– Кайын журтуңуз менен жакшы эле катышасызбы?
– Кайненем токсонго чыгып калды. Кайнатам мен келин болуп барганга чейин эле каза болуп калыптыр. Кайненеме жайында балдар менен барып келдим. Тез-тез барып турайын дейм. Бирок убакыт жок.
– Баяман мырзанын ордун басчу күйөө чыгат деп ойлойсузбу?
– Турмушка чыгуу жөнүндө ойлонбойм дагы.
– Маегиңизге рахмат. Жаш кеткен Баяман балбандын өмүрүн Жараткан балдарыңызга, сизге берсин.






*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   eldar96   28 Сентябрь 2015 - 22:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

17-март 1967-жылы: КРнын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, "Палван" кайрымдуулук фондунун Президенти, белгилүү спорт чеберибаяман эркинбаев Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган.Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кырызстандын жана Орто-Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин спорт чебери, Эл аралык денгээлдеги машыктыруучу, Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып Кыргызстандын, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкен шаарында токой-чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, ал жерде эл аралык мелдештерге катышып бир кыйла такшалып, акырында "Баяман-Палван" деген атка да ээ болгон. Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңарык" тамеки ферменттөөчү заводунда тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондусунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош областтык "Күрөш" федерациясынын, кыргыз-германиялык "Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген. /div>баяман эркинбаев КРнын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, шайлоочуларынын ишенимин артыруу менен турмуш-тиричилик маселерин жакшыруусу үчүн чоң иштерди аткарган. Депуттардын тобу менен Эгемендүүлүктүн калыптануу мезгилинде көптөгөн маанилүү мыйзамдарды кабыл алынуусуна демилгечи болгон. баяман эркинбаев көз жумаардын алдында бир топ коркутууларга учураган. Алгач ага 2004-жылы 28нен 29-ноябрга караган түнү саат 11:00дө "Кыргызфильм" киностудиясынын жанында машинасына отурганда кол салуу болгон. Бирок, анда ал иштин бети ачылбай жана да адам өлтүргүчтүн ою ишке ашпай калган. Баямандын байкашынча ага кол салган орус улутундагы спорт кийимин кийген адам болгон. Жана ошондой эле Б.Эркинбаев бул атайын даярдалган саясий оюн деп билдирген. 2005-жылы 21-сентябрь күнү кечинде саат 22:00дө шаршемби күнү баяман эркинбаев ди Фрунзе көчөсү менен Гоголя көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. баяман эркинбаев дин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   eldar96   28 Сентябрь 2015 - 22:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Рысбек Акматбаев 1960-жылы 6-июлда Ысыккөлдүн Чолпоната шаарында төрөлгөн. Советтик Армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин ал Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктагандан соң ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1986-жылдын декабрында Алматыда өткөн казак жаштарынын улуттук өз алдынчалыгына умтулган митингине катышканына байланыштуу КГБнын "улутчул" деген тизмесине илинет. Ал эми 1988-жылы рэкетчилик менен алектенди деген айып тагылып камакка алынат. Ошондон тартып ага "кылмышкер" деген ат жабышат.
Анын эркиндикке чыгышы Кыргызстандын эгемендик алган мезгилине төп келет. 90-жылдардын башында ал өз командасын топтоп, ошол учурдагы башка адамдар сыяктуу бизнес тармагын өздөштүрө баштайт. Иши ийгиликтүү жүрүп, 1995-96-жылдары туулуп-өскөн Чолпоната шаарына шаардын негиздөөчүсү болгон Чолпон Атанын эстелигин орноттурат. Ошол кездерде анын ийгиликтүү бизнесине мурдагы ажобуздун баласы көз арта баштаганы тууралуу жана Рысбектин ага моюн сунбай жатканы тууралуу имиштер айтыла баштайт. Көп өтпөй Рысбек кайрадан укук коргоо органдарынын "каарына калат". 2001-жылы уюшулган кылмыш тобун түздү деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат жана 2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар деп айыпталат. 2004-жылдын 5-майындагы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмү да Рысбектин мойнуна илинет.
Былтыркы март окуясынан кийин бийлик алмашып, акаевдик режим кулаганына байланыштуу Рысбек Акматбаев өз эрки менен башкы прокуратурага кайрылат. Ал эми Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыгат. Ушул жылдын 9-апрелинде Балыкчы округундагы депутаттык шайлоодо 80 пайыз добуш менен жеңишке жетишет. Бирок, депутаттык мандатты алалек жатып, 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза табат.
Рысбек Акматбаевдин өмүрүнө буга чейин эки ирет кол салуу уюштурулуп, бирок, аман калган эле. 1996-жылы каршылаштары аны гранатомёттун жардамы менен жок кылууга аракет жасашса, төрт жыл илгери автомат менен аткылашкан. Бирок, ичээр суусу бүтпө­гөн­дүктөн, мөндүрдөй жааган октун ичинен да аман чыккан болчу.
Мындан бир жыл мурун анын бүтүрүүчү класста окуган уулу белгисиз себептерден улам каза болгон. Анын денеси асынып турган жеринен табылган. Ал эми жарым жыл мурун бир тууган иниси депутат Тынычбек Акматбаев колониядагы иш сапарынын үстүндө кылмышкерлер тарабынан өлүмгө кириптер болгон...



РЫСБЕК АКМАТБАЕВ МЕНЕН БОЛГОН АКЫРКЫ МАЕК
(«Лица» 11.05.06, Лейла Саралаева.
Маек орусчадан которулуп жана кыскартылып берилди)

– Сиз бир тууганыңыздын өлүмү болбогондо депутаттыкка барбайт белеңиз?
– Саясатчылардын баары инимди өлтүргөндөр бир жумада табылат деп сөз беришкен. Бирок, бул кылмыштын артында ким турганы баарына белгилүү болуп турса да, кылмыштын бети ачылган жок. Мен депутаттыкка бардык нерсени мыйзам чегинде такташ үчүн барып жатам. Бул мен үчүн абийир иши. Инимди жырткычтык менен өлтүрүп жатышса, менин унчукпай отура бергеним кантип болсун? Мен мындайга чыдай алмак эмесмин. Депутаттар 15 жылдан бери эч нерсе жасабай эле бирин-бири ушакташып, бири-бирине асылып эле отурушат. Мен депутат болуп калсам, алардын иштей башташы үчүн аракет кылам жана ага ишенем. Алтурсун, министрлер да иштей башташат.
– Адамдар сизден коркоорун сезесизби?
– (күлүп) Мени сыйлашаарын сезем. Коркуу өзү сезимге келтирет. 5-6 депутат жана бирин-экин министр коркот. Калгандары мени сыйлашат, мен да аларды сыйлайм. Мен коргоосуз, бронежилетсиз эле тоодо болобу, көлдөбү, Ошто, Баткенде, Нарындабы, каалаган жеримде тынч уктайм.
– 24-мартта кимдин тарабында болдуңуз?
– Эл тарапта, демек, өзүм тарапта болдум. 15 жыл ичинде мени кубалашты, бизнесимди тартып алышты, дүйнө боюнча издөө салышты. Бирок, мен дайым эле шаарда, тоолордо, тагыраак айтканда, Кыргызстандамын.
– Акаев жана анын айланасындагылар менен мамилеңиз кандай эле?
– Мен үчүн ал жакшы киши эмес, ал мени дайыма алдачу. Биз Акаевге шайлоодо чоң жардам бергенбиз. Ошто, Ысыккөлдө, Нарында аны көрөйүн деген көздөрү жок болчу. Биз ага дайыма жардам берчүбүз, эл бизге ишенчү. Биз Акаевдин айынан элге кичине уят болуп калдык. Биз элге жардам берүүгө сөз берүү менен ага добуш берүүлөрүн өтүнгөн элек. Бирок, Акаев бизге эч кандай жумуш бербегендиктен, элге да жардам бере алган жокпуз. Элдин бизге ишенип келгенине рахмат, алар бизге ушул күнгө чейин толугу менен ишенишет, биз да аларга ишенебиз.
– Акаевдин эң чоң катасы эмнеде?
– Ал азыраак ичип, аялы менен балдарын тарбиялашы керек эле.
– Акаевдин баласы менен байланышыңыз бар беле?
– Кандай байланыш? Алар менин болгон бизнесимди тартып алып, куугунтукташкан. Генерал Субанбеков да алардын кызыкчылыгын көздөчү.
– Кандай бизнесиңизди тартып алышты эле?
– Бензин, кант. Союз таркагандан кийин мен алгачкылардан болуп жеке бизнес менен алектене баштагам. Омскийлик досторум мага бензин алып келишчү. Алар муну менен жакшы акча тапса болоорун көрүп алышып, менден баарын тартып алышты.
– Сиз Акаевге жардам берген болсоңуз, ал эмнеге бизнесиңизди тартып алды?
– Билбейм. Менимче, бул анын тобунун интригасы болду окшойт. Алар мени келечекте чоң атаандаш катары көрдү окшойт. Бирок, биз ал убакта саясатка барууну ойлогон да эмеспиз.
– Курманбек Бакиев менен мамилеңиз кандай?
– Кыргызстандын башка атуулдарындай эле мамиледемин.
– Ал президенттиктин бир жылы ичинде эмне жасады?
– Биз аны шайладык, бирок, ага иштегенге айланасындагы интригалар мүмкүндүк бербей жатат. Алтурсун, башкарманы шайлаганда деле ал колхозго бирдеме эгип, анын түшүмүн алыш үчүн ага убакыт беришет. Ага иштегенге убакыт бериш керек деп ойлойм.
– Сиз түндүк-түштүк маселесин көрүп жатасызбы? Көпчүлүк эл жогорку кызматтардын көбүндө түштүктөн чыккандар болгондуктан, бийликте тең салмаксыздык болуп жатат деп жатышат. Буга сиздин оюңуз кандай?
– Эч кандай тең салмаксыздык жок. Бул тең салмаксыздыкты министрлер кабинети кылып жатат, төмөн жактагылар болсо алардын иштешин, убадаларды аткарышын күтүп отурушат. Бир дагы убада аткарыла элек. Мен түндүк-түштүк маселесин байкай элекмин. Ар бир кызматка адистер келиш керек. Мисалы, уста усталыгын билиш керек, чабан койду карышкыр жеп кетпеш үчүн, мал ачкадан кырылбашы үчүн кой кайтарганды билиш керек. Ошондой эле ар бир губернаторго иштеши үчүн убакыт бериш керек.
– Сиздин криминалдагы авторитетиңиз жөнүндө көп имиш кептер айтылып жүрөт. Сиздин "такка отургузулбаган" мыйзамдагы ууру экениңизди айтып жүрүшөт. Биз бул системаны абдан эле начар билебиз. Статусуңузду бизге түшүн­дүрүп бере аласызбы?
– Ооба, ошондой. Мени Союздагы мамлекеттер гана эмес, дүйнөдөгү мамлекеттер ушундай деп билишет. Бирок, мени катуулугум үчүн эмес, адилеттүүлүгүм, башкаларды да түшүнгөнүм үчүн ушинтип айтышат. Бизде мыйзамдагы уурулар жок. Мени 1992-жылы "такка отургузгулары" келишти, бирок, мен баш тарттым. Мыйзамдагы ууру армияда кызмат өтөбөш керек, пионер, комсомол да болбош керек. Мен пионер, комсомол болгом, институтту бүтүргөм, эң жакшы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөм. Мен СССРдин эң жашыруун аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөм, башкача айтканда, ВДВнын диверсиялык чалгынында. Көптөгөн коркунучтуу жерлерде болгом. Ошол кезде ИИМ биз менен күрөшө баштаган. Себеби, биз спорттун жашырын түрү менен машыга баштаган элек. Баары ушундан башталган. Ошол кезде эле мен буйруктарды укчу эмесмин. Эгер бирөө "муну жасаба" десе, мен аны жасаганга аракет кылчумун. Жасачумун да, көрсөтчүмүн.
– Ошентип, "такка отурууңуз" советтик доордогу тарыхыңыздын айынан болбой калдыбы?
– Анын айынан эле эмес. Мага көбүнчө Азиз Батукаевди каршы коюшат, бирок, ал эч качан мыйзамдагы ууру болгон эмес. Аны ИИМ мага каршы коюш үчүн мыйзамдагы ууру кылышты. Биз мындайларды "сухарь" деп коёбуз. Эгер ал лагерге түшкөн болсо, аны каалаган эле өзүн сыйлаган бирөө өлтүрүп кетмек жана аны эч жакка чыгарышмак эмес. Ал "зордуктоо" беренеси боюнча отурган. Анткени, Токмоктон 14 жашар кызды зордуктап, өлтүрүп койгон. Бул үчүн аны лагерде өлтүрүш керек эле. Аны эмнеге өлтүрбөгөнүн баарыңар эле билип жатсаңар керек. Ал биринчи күндөн баштап эле милиционерлер менен иштеген.
– Жашооңуздагы чукул өзгөрүш качан болгон? Башкача айтканда, түз жолдон качан чыккансыз?
– Баары 1986-жылдын декабрында Алматыдагы митинг жана көтөрүлүштөн кийин башталды. Ушул окуядан кийин СССРдин атайын кызматы ушундай окуя болуп кетпесин деп Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстандын бардык аймактарында иштей баштады. Биз баарыбыз ушуга туш болдук, себеби, баарыбыз адис, дене түзүлүшүбүз даярдыктан өткөн, эч кимибиз чекчү, иччү эмеспиз. Эч кимиси урушка аралашпаган, тынч жашаган балдар эле. Бир жагынан ушул да себеп болду. Мени түрмөгө отургузушту. Мында интригалар болуп кетти.
– Сизди ким түрмөгө отургузду?
– Кылмыш дүйнөсүнүн "сухарлары" . Алар өз жанын сакташ үчүн баарын жасашат.
– Сизге кандай айыптарды коюшту?
– Мени СССР боюнча биринчи рэкет деп күнөөлөштү. Бул чуулгандуу процесс эле. Мен ал кезде "рэкет" деген сөздүн өзүн да түшүнчү эмесмин. Мага "Берёзка" тармагындагы бардык ири валюта дүкөндөрүнө салык салат жана бардык жаңы баштаган бизнесмендерге күн көрсөтпөйт, көзөмөлдөйт деген айып тагылган. Бул 1988-жылы болду.
– Сизди бул күнөөлөр менен байланышыңыз бар беле?
– Жок, биз спорт менен гана машыкчубуз. Баарыбыз жарыбаган айлыкка эле 70-100 рубль алып иштечүбүз. Мен бокс боюнча тренер элем.
– Лагерде эмнеге туш болдуңуз?
– Биринчи күндөн баштап эле мени сындыргылары келишти жана пресс-хатага тыгып салышты. Ал жакта машыгуудан өткөн 6-8 бала мени ур-токмокко алышчу. Максат – мага өзүмдү улутчулмун жана орус тилдүүлөрдү гана тонойм деп моюнга алдырыш эле. Бардык беренелер ойдон чыгарылган эле. Прокурор 12 жыл сурады, мага 6 жыл күчөтүлгөн режим беришти. Мени бир да лагерде кабыл алышкан жок, себеби, тергөө кагазымда менин эркиндикке умтулганым, дене түзүлүшүм айтып тургандай кол салуудан тайманбастыгым жазылган эле. Ошондуктан, күчө­түлгөн көзөмөлдө болдум. Алтурсун, уктап жатканда мөөнөттөгү сакчылар келип, ордумда экенимди текшерип турушчу. СССРдин бардык лагеринде болуп келдим. Бирок, акыркы жерим – "Белая лебедь" лагери болгон. Азыр ал өлүм жазасына тартылгандар үчүн. Мурда ал мыйзамдагы уурулар жана рэкеттер үчүн болчу. Ал жакта абдан мыкаачылык менен кыйнашчу. Зэктерди зэктер кайтарчу. Өлтүрүшчү, кыйнашчу. Шарттары эле кандай катаал, эгер көчөдө 30 градус ысык болсо, камерада 60 градус болчу. Терезенин ордундагы темир торлордун калыңдыгы бир нече сантиметр эле. Ушундай шартта бир жыл жашадым. Орус лагерлеринде 6 жыл болдум. Акыркы жарым жылы Беловодскийде отуруп, ошол жактан бошодум.
– Бошогондон кийин эмне менен алектене баштадыңыз?
– Кыргызстанда жасалган кылмыштардын баарына мени күнөөлөй башташты. Мен эркиндикти толук деле сезген жокмун, мени спортсмендердин лидери деп аташкандан бери бардык адам өлтүрүү жана адам тоноолорду мага оодара башташты. Башкача айтканда, милиция ушинтип иштеди.
– Сиз "такка отургандан" баш тартканыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү?
– Мен туура кылдым. Азыр көбү милицияда иштеп, "такка отуруп" жатышат. Бирок, мен акыркы "Ууру" Вася Бриллиантты көргөм, аны "Лебедде" өлтүрүштү. Ошондо бардык "уурулар" бир ооздон: "Бүттү, акыркы ууру да көз жумду" дешкен. Мен кылмыш дүйнө­сүндөгү эч кимди таарынткым келбейт...
– Азыр мектепте окуучуларга кичине класстардан баштап эле салык салышаарын билесизби?
– Азизге окшогон "сухарлар" ушинтип баарына салык салып, баарын бузат. Ууру – бул ошондой эле президент, бирок, зонада отурган элдер тарабынан шайланат. Алар деле талапкерлерге "Ал түз жүргөн адам, өмүр бою түрмөдө отурса да, эч кимден эчтеке уурдаган эмес, эч кимди таарынткан эмес" деп баа беришет. Башкача айтканда, бардык өмүр баянын карап, анан өздөрүнө лидер тандашат. Ошентип, ал ууру болот, баары аны угушат жана ал чектен чыгуулар болбошу үчүн тартипти сактайт.
– Экинчи жолу эмнеге соттолдуңуз?
– Бир келесоо Спорт ордосунун алдында элдин көзүнчө өзүнүн курсагын өзү жарып алыптыр. Мен да ал жерде элем. Мени аны өлтүрдү деп күнөө­лөштү.
– Сиз аны таанычу белеңиз?
– Спортсмен катары таанычумун. Жагымсыз кырдаалдардын баарын мени менен байланыштырышат. Мисалы, жакында Олимпиада комитетинде отурсам менден бир орун кийин олтурган адам каза болуп калды. Дагы жакшы бир орундан кийин отуруптур, жанымда отуруп калганда мени өлтүрдү деп айтышмак.
– Үчүнчү жолу соттолушуңузчу?
– 3-жолу соттолгон эмесмин. Соттогонго аракет кылышты. Ушул жердеги бир капчыгайдан төрт чечендин өлүгүн табышыптыр. Аларды да мени өлтүрдү деп айтышты.
– Абдулинден жана Батукаевден өч аласызбы?
– Аны жакында көрөсүңөр.
– Бакиевди күчтүү президент деп ойлойсузбу?
– Ойлогонго да үлгүрө элекмин. Ага иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Анан мен аны кантип күчтүү же алсыз деп айта алмак элем?
– Канча балаңыз бар? Аларга кандай келечек каалайсыз?
– Беш балам бар. Намаз окуган сайын Алла Тааладан сураганым: балдарым жакшы сыноо, жакшы өмүр берсин. Тагдырыбызды Алла Таала гана чечет эмеспи.
– Аябай динчил адам экенсиз. Канча жылдан бери диндесиз?
– Мен диним менен туулгам. Ар бир адам эртеби, кечпи динге кайтып келет. Аркы дүйнөдөгү сот абдан катаал, мына ушундан коркуш керек. Биздин депутаттар, премьерлер мындан коркушпайт. Мындан коркуш керек, анткени, Алла Таала качан кааласа, ошондо каалаганын алып кете алат.
– Меккеге баргансызбы?
– Жок. 20 жылдан ашык издөөдөмүн. Уморого баргым келет, бул кичинекей ажылык (кичинекей Мекке) болуп эсептелет. Өзүм менен кошо аябай ишенип, бирок, барууга мүмкүнчүлүгү болбогон эки самолёт кишилерди ала бармакмын. Алар менен кошо ажы болгум келет.
– Тарыхый адабияттарды көп окуйсузбу?
– Ооба, мен Эр-Табылды баатырдын тукуму болом. Манастагы Кошой чыккан Катаган уруусунан болом. Ата-бабаларымдын баары жоокер, баатыр болушкан. Мен эмнеге болбошум керек? Тарыхый адабияттарды жана кинону жакшы көрөм. Менимче, ал мезгилде калп-жалганчылык азыраак болуп, эрдиктер көбүрөөк болгон. Анда адамдар бири-биринен эр жүрөктүүлүгү менен айырмалангылары келген. Азыр болсо ким куу болсо, ошол айырмаланат.
– Акыреттик жашоого баары эле ишене бербейт да?...
– Бул чоң ката, биринчи кезекте акыреттик жашоону ойлош керек, анткени, ал жакта жашоо түбөлүктүү. Эгер аркы дүйнө жөнүндө ойлобосок, бул дүйнөдө эчтекеге жете албайбыз.
– Күнөө кылган адамды эмне кү­төт?
– Баары Алла Тааланын эркинде. Алла Таала абдан кечиримдүү. Мени мынча адам өлтүрүптүр, тигил мынча адамды алдады, силерди мынча жаман нерселерди жазды деген жалаалар элди аралап жүрөт. Кимдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин биз чече албайбыз. Бизди Алла Таала жараткан соң, биз ага баш ийебиз, андан коркобуз. Ким бейишке, ким тозокко бараарын ал чечет. Бирок, биз сурана алабыз. Мен баары үчүн, силер үчүн, баарыбыз бейишке түшөлү деп суранып жатам. Булардын баары Куранда да, Библияда да бар. Чыныгы үч ишеним бар: иудейлик, христиандык жана мусулмандык. А калгандары ойдон чыгарылган. Мисалы, ваххабиттер, хизбуттар, ахмадилер – булардын баары мусулмандыкка каршы идеологиялык согуш болуп эсептелет.
– Сиз адам өлтүргөнсүзбү?
– Мен жөнүндө ошентип жазышат. Бул чындык эмес. Адам өлтүрүүнүн чыныгы инстинкти саясатта. Оппозиционерлерибиз ким бийликте болбосун өлтүрүүгө, жеп салууга даяр. Чыныгы жырткычтык жогору жакта.
– Парламентке келгениңизде оппозицияга каршы кадамдарды жасайсызбы?
– Мен эч нерсеге каршы кадам жасабайм. Мен ал жакта топ түзөм да, оппозиция бүгүнкү күнгө чейин кыргыздарга эмне жасады деген конкреттүү суроо берем. Бай бизнесмендердин баары укмуштуудай кооз особняктарда жашашат да, газ менен светке акча төлөш­пөйт. Менин адамдарымда кимдин газ, свет боюнча канча карызы бар экендиги боюнча такталган эсеби бар. Башкасы турмак миллион акчасы бар Байболовдун да карызы көп. Ушул сыяктуу "карызга баткан" көп байларды билем. Мен ал жакка барсам андай байларды кысмакка алмакмын да, Кыргызстандын 2 миллиард долларды түзгөн тышкы карызын төлөп, кутултмакмын. Анан өзүбүзчө чыныгы эркин мамлекетке айланмакпыз.
– Сиз 2 миллиард тышкы карызды төлөй аласызбы? Качан?
– Опоңой. Алла Таала ыраазы болсун.
– Эки ай депутат болгонуңуздан кийин эле сизди жок кылып салышат деген маалыматты уктуңузбу?
– Ай-иий, чын элеби?! Мен Алла Таалага пайдалуу иш жасап өлсөм кубанам. Алар жада калса эшикке чыгуудан коркуп отурушса кантип мени өлтү­рүшмөк эле? Ооба, алар мени өлтүрүү үчүн киши өлтүргүчтөргө акча да төлөшөт, бирок, алар каалагандай болбойт. Эгер өлүм маңдайыма жазылган болсо, өлөм. Бирок, балким, мени өлтүрөбүз дешкендер менден биринчи өлүп калышаар.
– Өзүңүздү улуттун лидери катары карайсызбы?
– Мен аябай катаал адаммын, алтурсун өзүмө да катаал мамиле жасайм, лидер болгум келбейт.
– Тобуңузда канча адам иштейт?
– Аябагандай көп. Ар бир областтын эки-үч районунда, ар бир райондо эң аз дегенде 50-60 адам бар. Алар күчтүү, аракетчил, жакшы балдар, районду багышат, жер-жерлерге спортзал, мечит курууга жардамдашышат. Алар жаштардын ичкилик ичпөөсүнө, карыларга жардам беришине көз салышат.
– Муну эмне максат менен жасап жатасыз?
– Биздин максатыбыз бирөө эле, улутуна карабай ар бир жашоочу аркы дүйнөдө бейишке баруусу үчүн бактылуу болсо. Бул үчүн Алла Тааланын бардык буйругун аткарыш керек: ичпеш керек, чекпеш керек, мүмкүнчүлүккө карап биз да жардам берүүдөбүз. Бул жакшы нерсе, үйбүлөң денсоолукта болот, аялың бактылуу болот. Үйүмдө спирттик эч нерсе жок, үйбүлөбүздө эч качан уруш-талаш болбойт. Спорт – биздин келечегибиз. Биздин солдаттарга карасаңар, алтурсун, Улуттук Гвардиядагы солдаттарды шапке менен урсаң кулап түшүшөт. Бизге ушундай солдат керекпи? Дагы жакшы, кошуналарыбыз ынтымактуу, душман жок. Проблемабыз эмнеде? Бийликте коркоктор отурушат. Алар Кытайдан абдан корккондуктан, Үзөңгүкуушту сатып жиберишти. Өзбектерден корккондуктан, нефтибизди берип коюшту. Бул жашоодо коркпош керек. Аркы жашоодон коркуш керек.




*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   jindijigit   17 Декабрь 2015 - 19:19

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 16 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 20:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Там где кайфова

Кимдер ушулар? Тааныштарынар барбы? Оюнарча булар жалан холявшиктербии же разборшиктерби? :кола-жүгөрү:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   aigerim_abduvalieva   17 Декабрь 2015 - 19:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 258
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2018 23:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Doha оаэ

На самом деле ошолор эн справедливыйлар мындайча айтканда Робин гутар
@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   jindijigit   17 Декабрь 2015 - 19:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 16 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 20:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Там где кайфова

Просмотр сообщения aigerim_abduvalieva (17 Декабрь 2015 - 19:23) жазган:

На самом деле ошолор эн справедливыйлар мындайча айтканда Робин гутар



+ :kgbala:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   jindijigit   17 Декабрь 2015 - 21:47

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 16 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 20:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Там где кайфова

Тема бойунча жазсанар е митистер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   17 Декабрь 2015 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Черныйлар аркылуу бутпой жаткан маселенди чечсен болот мисалы бироого коп акча берип койсон ал бербей жатса алар алып берет, милицияга арыз жазсан омуру ала албайсын. Азыркы кундо уй сатам, жер сатам деп канчалаган адамдар алданышат булардын дагы кээси черныйларга кайрылат экен. Ошондой эле бизде иштеген башка олконун бизнестерин карашат, алардан доля алып турушат, Джунхайдагы кытайлардын журогунун суусун алып коюшкан деп уккам баратканда кытайлар проходдо жок калат деп. Медалдын эки бети болгондой эле булардын дагы минус жактары коп. Жазылбаган мыйзамдары менен жашашат. Омуру ар дайым коопту. Оздоруно эле эмес уй булоосуно дагы залалын тийгизип турат.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   jindijigit   17 Декабрь 2015 - 22:32

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 16 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 20:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Там где кайфова

Просмотр сообщения Nurzada_0111 (17 Декабрь 2015 - 22:29) жазган:

Черныйлар аркылуу бутпой жаткан маселенди чечсен болот мисалы бироого коп акча берип койсон ал бербей жатса алар алып берет, милицияга арыз жазсан омуру ала албайсын. Азыркы кундо уй сатам, жер сатам деп канчалаган адамдар алданышат булардын дагы кээси черныйларга кайрылат экен. Ошондой эле бизде иштеген башка олконун бизнестерин карашат, алардан доля алып турушат, Джунхайдагы кытайлардын журогунун суусун алып коюшкан деп уккам баратканда кытайлар проходдо жок калат деп. Медалдын эки бети болгондой эле булардын дагы минус жактары коп. Жазылбаган мыйзамдары менен жашашат. Омуру ар дайым коопту. Оздоруно эле эмес уй булоосуно дагы залалын тийгизип турат.



Азамат! Понятия жакшы бар экен сенде
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   atai9292   17 Декабрь 2015 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Менин кошунам чёрный болчу. Биз башкача элестетчубуз чёрный деп суйлошо келсен жонокой эле бала болчу. Анан ошондо ойлоп калдым булар деле адамга жараша мамиле кылат экенда деп жакшыга жакшыдай итке иттей. Бирок байкуш жаш эле кете берди
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   emilbek1   17 Декабрь 2015 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 376
  • Катталган: 02 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек

Черныйлар Булар кылмышкерлер тоюс уурулар жанкечтилер канкорлор педафилдер ж.б.! Приступный мирдин елиталары. 1) Вор. 2) полаженецтер. 3) шпаналар. Андан кийин мужиктер деп коет. Бул жолду жогоруда бир карындашыбыз чорный болмокмун деп жазып кетиптир. Оюндан кайт демекмин. Же олтуруп кетишет же турмодо чирийсин это тебе надо чтоли? Мисал келтирип кетсем жакынкы еле убакта мерт болгондор Алманбет менен Дамир аттуу кримавторитеттер олтуруп кетишти го чакалайдын чак тушундо еле уккандырсынар баарынар еле? Чындыкты черныйы да красныйы да голубойу да акчан болсо жардам беришет проблеманарды чечип бериши мумкун. Так что черный болгусу келип жургондорго айтаарым бул оюнардан срочна кайткыла! Ата енени эл журтту бир туугандарынды аялын бала чаканды ойло камалып кетсен мейли бир кун бошоп чыгаарсынар ал еми олтуруп кетишсечи ата ене бир туугандарынды еле сыздаткан болосун. Кыскасы Саяк журсон таяк жейсин! Эсин барда етегинди жап деген кана создорду айткым келет чорный болгусу келген ини карындаштарыбызга!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   jindijigit   17 Декабрь 2015 - 22:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 16 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 20:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Там где кайфова

Значит Емилбек браттын тушунугу тескери экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   aidai88   17 Декабрь 2015 - 22:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 551
  • Катталган: 27 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Фев 2019 22:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз

Просмотр сообщения Nurzada_0111 (17 Декабрь 2015 - 22:29) жазган:

Черныйлар аркылуу бутпой жаткан маселенди чечсен болот мисалы бироого коп акча берип койсон ал бербей жатса алар алып берет, милицияга арыз жазсан омуру ала албайсын. Азыркы кундо уй сатам, жер сатам деп канчалаган адамдар алданышат булардын дагы кээси черныйларга кайрылат экен. Ошондой эле бизде иштеген башка олконун бизнестерин карашат, алардан доля алып турушат, Джунхайдагы кытайлардын журогунун суусун алып коюшкан деп уккам баратканда кытайлар проходдо жок калат деп. Медалдын эки бети болгондой эле булардын дагы минус жактары коп. Жазылбаган мыйзамдары менен жашашат. Омуру ар дайым коопту. Оздоруно эле эмес уй булоосуно дагы залалын тийгизип турат.



Менинда ойум жазып кетипсин,кошулам. "Крим чойродогу жалгыз айым"-чыгармасы сонун чагылдырган. Бирок эч кандай таанышым же тууганым жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 12:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: