КАРА ШУМКАР
УЯ ТАЛАШ
Чырпыктынын капчыгайы өрөөнү узун болгону менен эки бети кууш, тар капчыгай, өрдөп олтурсаң улам жогорулаган сайын бийик. Улуу тоолордун алкымына чейин созулат. Бирок башы туюк. Атчан киши түгүл жөө адам басып өтө албайт. Өрөөндүн башынан учуна чейин коктунун таманын тең жарып, сойлогон жылаандай ийрелеңдеген анчалык чоң эмес чакан суу агат. Капчыгайдын он жаккы бети дагы, сол жаккы бети дагы касаб жарлар. Анда-санда гана ташка жабыша чыккан түп-түп ит мурун, шилби, арчалар алыстан-алыстан сербейип көрүнөт. Кээ бир жерлери тимеле кылыч менен жара чапкандай типтик. Ала-сала көргөн адам жогорку бийиктиктен туруп төмөнкү суу аккан коктунун таманын эңкейип караса башы тегеренип, жүрөгү опкоолжуй түшчүдөн. Канаттуу куш болбосо жан дит багып карачудай жар эмес.
Ошол капчыгайдын эки бетин алмустактан бери канаттуулар уялап, канаттуулар ээлейт. Бир уя бүркүттүкү болсо, бирөө жорунуку, бирөө ителгиники болсо, бирөө ылаачындыкы,
бирөө турумтайдыкы болсо, бирөө жагалмайдыкы.
Айтор уядан уя, үңкүрдөн үңкүр. Ала карга, кара карга, көк карга, үкү, кулаалы, айры куйрук, балта жутар, көк кутандан баштап, канаттуулардын түркүн-түркүн түрлөрү ушул Чырпыктынын жарларында жазында жумурткалайт да, анан канат куйругу жетилип торолгондо балапандарын учуруп кетишет. Кимиси кайда кетип, кимиси кайда жүргөнү белгисиз. Балапандар аккүп, темир канат болуп калган учурда ошерде болсоң өрөөндүн эки бети кой төлдөп, козу жамырап жаткандай ызы-чуу, күрү-күүгө кулак тунат.
Мамбеталы саятчы ошол жылы жазда жедеп адат болуп калган жоругун улап, ат тезегин кургаткан жок. Чырпыктынын капчыгайын күн сайын өрдөп, анын эки бетиндеги зоо-аскалардын кычык-кучук ой чуңкурларына алыс-көз чаптырып, кайсынысы кандай жерге уя салганын байкап жүрчү. Жедеп бешиктен бели чыккандан тартып алгыр канаттуулардын артынан түшүп, тор жайып, кылтак салып, тузак тартканды өнөр көрүп калган саятчы мындайда үйүнө бир күн да тынч алып жатабы. Дамамат кудайдын куттуу күнүн кур калтырбай көнгөн киши кызык устүндө болуп, кесибин уланта берет эмеспи.
Ошол жылы жаздын асманынын ачык күндөрүнүн биринде Чырпыктынын капчыгайын өрдөп олтуруп, алкымдап калган учурда бир укмуштуу кызык окуяны көзү менен көрүп, кызыгына батты Мамбеталы. Канаттуулар жаз алды менен туутка камынып эски уяларын оңдоп, кай бирлери жаңы уя түптөп жаткан учуру болучу. Адатта алгыр бүркүттөр улуу тоолордун жалама аскаларынын адам баласы даап бара албагандай бийик беттеринен ыңгайлуу жай таап, анан ошол жерге уя салат эмеспи. Айрыкча бүркүттүн балапанын алыш оңой-олтоң иш эмес. Ага аракеттенгендер жанын оозуна тиштеп, өлөр-тирилерине карабайт. Даана жан кечти деп ошолорду айтат. Төрт тарабы тең туптуюк бүркүт уяга айлакерлер төбөсүнөн түшүүгө аракеттенишет.
Адегенде чокусунан ылдый аркан чубатып көрүшөт. Атайын коюлган кишилер аркы өйүзүнөн же төмөнкү оюнан аркандын учунун уяга жеткен, жетпегенин карап турушат. Дааналап өлчөөсүн тактагандан кийин эки-үч кыл арканды кабаттай эшип, анын бир учун уяга түшчү «баатырдын» белине бекем байлап, экинчи учун төбөсүнө житире казык кагып, ошого бекитишет. Ал аз келгенсип үч-төрт киши кармап турат. Анан уяга түшчү «баатырды» зоо ылдый жылмыштырып типтик коё берет. Шар коё бербейт. улам саап, аз-аздан жылдырып олтуруп уяга жеткирет. Эми ал уяга барганга чейинки жол азабынын жүзү курусун. «Жол азабы көр азабы» дегендей — тирүүнүн тозогу. Салаңдап түшүп баратканда этек-жеңинин бир жери оркойгон учтуу таштарга илинип чыкпай калса не болот? Же зооканын бетиндеги кылычтын мизиндей курч таштардын бирине туш келип аркан кыйылып кетсечи? Болбосо уркуйган бир борчуктун ашташына аркан кыпчылып калып ары да жылбай, бери да жылбай туруп калсачы? Бүттү... «Баатырдын» сөөгү сөпөт, эти эпет болот да калат. Ушундай эрдикти жасайм деп далай «баатырлар» күм-жам болгон эмеспи.
Мындай бийик зоолордогу бүркүт уяга түшкөндөрдүн белине таяктан узунураак эки метрче келген ичкерээк жыгачты туурасынан байлап коюшат. Антпесе уяга түшүп бараткан адам чимирилип айланып кетет да, аркан жазылып олтуруп чарт үзүлөт. Ал эми байланган жыгач болсо адамдын тегеренип кетишинен сактап, арканды жазылтпай эки башы жалама таштарды сыдырып, улам ылдыйлап жыла берет. Белинен байланган «баатыр» ошентип олтуруп уядагы балапандарга жетет. Андай эрдиктер ушуну менен эле бүтсө болбодубу, бүтпөйт. Кокус уядагы балапандарына аракет кылып жаткан душмандарды бүркүттөр көрүп калса, анда балакет болду дей бер, тиги арканга байланган киши түгүл жондо калган тобуна кол салат. Ошондой кокустук болуп калбас үчүн кырда турган адамдар улам качырып сала берген бүркүттөрдү чочутуп мынтык менен атып турушат. Ал түгүл балапанга барган «баатыр» да өзү менен кошо мынтык ала кетет. Болбосо уясына жакындаган адамды иче-кардын жара тартып, серпип таштаган бүркүттөр да болгон. Мындай эрдик иштерге баатырдын баатыры, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү дит багып барбаса, кокус «сен барасың»—десе эле жөнөй берип, бирок тигиндей окуяга кабылганда «алаасын» булгаган «баатырлар» да болгон да.
Ушундай азап-тозокко чыдап билгендер эрдикти көрсөтүп, уяга жеткенден кийин, адегенде өзү менен кошо ала барган куржунга балапандарды салып жогору жөнөтөт. Андан кийин чокуда калган жолдоштору аны тартып алышат. Чырпыктынын зоосунда ошондой татаал уядан бирөө бар эле. Аны жылына алп кара куштай болгон эки бүркүт ээлешчү. Башка бүркүттөр алардан уяны талашмак түгүл жакындагандан коркчу. Жыл сайын бир же эки балапан чыгарып, канат куйругу жетилгенден кийин учуруп кетишчү. Алардын балапандарын алыш үчүн адам дит багып уясына бара алышчу эмес. Мамбеталы саятчынын да нечен жолу кызыгып, нечен жолу шилекейи чууруган. Бирок колунан келген эмес. «Өлө турган жерге ким барсын» — деп эл анын акылына муюбай коюшкан.
Мамбеталы Чырпыктынын өрдөшүн өрдөп олтуруп, баягы азаптуу бүркүт уяга жакындаганда окшоштугу бири-биринен айырмаланбаган капкара эки ителгинин ошол уянын оозунда чабалекейдей катар олтурганын көрдү. Аласала караганда кичирээк бүркүттөй көрүнгөн. Бир аз көз үйүр алгандан кийин экөөнүн тең ителги экендиги даана билинди. Мамбеталы ойлоду: «Баягы берендер быйыл келбей калышкан экен го. Өлүп калыштыбы, же колго түштүбү? Уяны бул экөө ээлешиптир.
Же булар ээн уя деп жатышабы? Кокус бүркүттөр келсе экөөнү экөө чеңгелдеп кетет эмеспи. Андан көрө шордуулар ушундайында башка жактан уя издеп, өз жайын табышсачы?..
»
Мамбеталы ушундай ой жүгүртүп кылдыратып бастырып бараткан кезде, кайдан-жайдан чыкканы белгисиз асмандан күркүрөгөн добуштун үнү угулду. Мамбеталы баш көтөрүп көктү карады. Баягы кара бүркүттөрдүн бирөө— тиги ителгилер олтурган уянын накта ээси. Эки бутун салаңдата сунуп, алакандарын арбайта ачып, шадылуу колдорунун курч тырмактарын аткурдай арсайтып, далдайган канаттарын бооруна бекем кыса куушуруп, касташкан жоосуна найза сунуп качырып келаткан баатырга, окшоп, тээтиги уянын оозунда олтурган эки ителгини көздөй шукшурулуп сала берген экен кайран берениң. Бүркүттүн дуулдаган дабышынын илеби жакындагандан жакындап, чукул кирип келгенин сезип калган ителгилер бүркүт жуп шыпырып аларда кош ооз мынтыктын оозунан чыккан октордой отурган орундарынан типтик атылып, экөө тең асманга көтөрүлүп чыкты. Күү менен келаткан бүркүт өз боюн өзү араң токтотуп, тигил экөөнүн бош ордун шыпырып олтуруп калды. «Улуксатсыз эшигимди ээлеп, төрүмдү төрлөгөн салпаяктар,
канатымдын күүсү, тырмагымдын уусу менен далдайган айбатымды, күркүрөгөн кайратымды,
ормойгон тумшугумду көргөндө жүрөктөрү оозуна келип, жай аларга жай, кирерге көр таппай безе качты бейм», — дегенчелик кылып өзүнө-өзү шердене түшкөн берендин ачуусу чыгып, тула бою жазыла түштү окшойт, ошондон кийин канат-куйругун камыштай шуулдаган чалгындарын кайра-кайра шалдырата-шалдырата силкип-силкип,
шамал желбиреткен отор үйдүн тутусундай эки канатын далбак-далбак каккылап, бүткөн боюн таранып, коюу жүндүн арасынан сербейип чыккан бирин-серин талдарын иймекей чоң тумшуктун учу менен мурунку калыбына алпарып өз-өз ордуна, өз-өз ыгына жараша коюп жатты. Анан эки жагын каранып, айлана-чөйрөгө көз чаптырган болуп, куркуйган мойнун ары-бери койкоктотуп,
маңгил орок баштанган оркойгон тумшугун эки канаттын мүрүлөрүнүн кырларына чалгы кайрагандай жанып-жанып алды да, анда-санда капкайдагыны көргөн тунук кара көздөрү менен көгөргөн көк асманды, аны курсакка челип турган оркойгон асабалардын шиш чокуларын биринен сала бирин сыдырып карап коюп, уясынын оозунда козголбой локуюп отура берди.
Жанакы эки ителги коркуп калышканбы бийиктегенден бийиктеп олтурушуп, тунук асмандын киндигине теменеден тепчилип кирип кеткендей болушту. Мамбеталынын көзүнө ал экөө бүлбүлдөгөндөн бүлбүлдөп барып, асмандын айнектей тунук бетине эки тоголок кара тактай кадалып калды. Бир оокумда ошол эки кара тактын бирөө көгөргөн көктөн үзүлүп кеткендей түптүз ылдый, топтоголок кара таштай шуулдап, жакындагандан жакындаган сайын ачуу үнүн үстөккө-босток ышкыртып келатты. Бул добуш бүркүттүн күркүрөгүнөн күчтүү десе күчтүү, сүрдүү десе сүрдүү көрүнөт. Аңгыча болбой уянын оозунда эч нерседен капарсыз олтурган бүркүт тиги чукул кирип келаткан каардуу добушту сезип, ордунан обдула берерде күү менен келаткан ителги эки далынын дал ортосу көк желке талаштыра барыскан менен ургандай уруп өттү да, кайра асманга ылаачындай типтик атып чыгып кетти. Бүркүттүн эмне болуп, эмне койгонун кылчайып караган да жок.
Бүркүт заңгелдин башындагы уянын оозунан төмөн карай далдайган бойдон ыргыткан тердиктей жазылып келип, суу жээгиндеги түзөңчөгө талп дей түштү. Муну көрүп турган Мамбеталы колунан чылбыр тизгинин ыргытып жиберип, аттын үстүнөн кандай учуп түшкөнүн билбей, тиги жайган теридей болуп жер кучактап жаткан бүркүттү көздөй чуркады. Мамбеталы жетер менен бүркүттүн оозунан уюган-уюган кара кандардын балт-балт түшүп жатканын көрдү. Бир аздан кийин бүркүт оозун бир-эки жолу ачып-ачып алды да, анан көздөрүн жашылдантып жарык дүйнө менен түбөлүк коштошту.
Мамбеталы «баатырдын» жоо менен беттешпей, капыл-тапыл өлгөнүнө өкүндү. «Эр энөө болот» деген ушул. Энөөлүгүнөн алдырды да, болбосо ошол муштумдай неменин колунан келет беле?»
Мамбеталы бүркүттү өлүмгө кыйбай: «Кокус талуу жерине тийсе эс алдырып алам го» деген ойдо шаша жетип барган. Ал бүркүттүк узун чалгындарынын учтарынан кармап ары дагы, бери дагы ала салдырып көрдү. Жок, жан жок. Көрсө эки далынын ортосундагы кыр аркалар күкүмдөй талкаланган окшойт. Мамбеталы кол тийгизген сайын сөөктөрү кычырап турду. Анан өзүнчө кобурады:
«Кайран гана кыраан, кайран гана асыл, тирүүңдө көк асманды нечен жолу чарк айланып сыздың ээ. Кебездей ак булуттарды жарып өтүп, далай-далай аска зоолордун катмар-кабатын,
ой-чуңкуруна чейин арытып эчки-теке, аркар-кулжаларды бир зоодон бир зоого көтөрө чаап учкандырсың.
Кезеги келгенде карышкыр, илбирс, аюу, жолборсторго да кол салгандырсың.
Мынабу карыш-карыш шадыларыңдын узундугу, уу тырмактарың өзү эле айтып турбайбы. Ошолор кантип тирүүнүн жанын койсун, ар бирин адам дит багып карай алчудан эмес. Көргөн көзгө эки миздүү канжардай илеби муздак учурайт. Мынабу олуп алчудай айбаттуу көк тумшугуңдун иймекей учу далайлардын кардын эше тартып, далайлардын жүрөк, боорун жарып, ысык канына баткандыр».
Мамбеталы бир аз токтоло калып баш чайкап оор улутунду: «Мына тагдыр деген ушул экен го чиркин!.. «Кечээки көргөн бүгүн жок, бүгүнкү көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө шок». «Карачы муну. Кайран гана асыл, кайран гана кыраан, тирүүсүндө учу-кыйырына көз жетпеген көк асманды жеке ээлеп, бул кеңдикке менден башка бийлик кылар, менден башка эгедер болор макулук жок деп жүргөндүр ээ. Кийин соңку өмүр менен өлүмүн ойлоду бекен бул эргул? Ай ким билет? Малдыр-жандыр,
адамдыр, айбандыр, асманда эркин учуп канат кагып жүргөн куштур, акыр түбү айланып олтуруп өмүр аягы өлүм болуп бүтөт экен го! Туулганың чын болсо, өлөрүң андан да чын. Туулбай калышың мүмкүн, өлбөй калышың мүмкүн эмес тура».
Ушундан кийин Мамбеталы өлгөн бүркүттүн денесин колтуктаган бойдон ооздугу менен оттоп аткан атына жетти да, аны көрпөчөсүнө ороп бөктөрүп койду. Бөктөрүнчөктүн бир жаккы учунан бүркүттүн тумшугу менен башы, экинчи жагынан канат куйругунун учтарына аралашып буттары менен тырмактары арсайып чыгып турду.
Мамбеталы аттын башын буруп, жуп бастыра берерде асманда дагы күр-күр, дагы шар-шар башталды. Барк-барк эткен ителгинин үндөрү, күн күркүрөгөндөй дүңгүрөткөн бүркүттүн добушу угулду. Мамбеталы мойнун буруп көктү караса баягы эки ителги. Ортодо далдайган чоң кара бүркүт. Сыягы тиги өлгөн бүркүттүн түгөйү болсо керек. Бирпастын ортосунда асмандын тынчы кетти. Жалгыз да болсо бүркүттүн жаасы катуу. Ителгилердин биринен сала биринин артынан түшүп, алардын үрөйүн учурчудай күркүрөп-шаркырап,
сүрдүү добуш салып, аяң-буяңга келтирбей сесин алып жиберди. Ылдый тике качырса да, кайра асманга атып чыкса да, эки канатын бооруна бек кыса куушуруп, качан гана көздөгөн жоосуна жакындай бергенде арбайган колдорун жоон балтырларына чейин шымалана сунуп жиберип аткып алчудай абалга келе түшөт. Кокус тиги ителгилердин бирөө анын арсайган чеңгелинин бирине илине калса, мыкчып туруп коё берген күндө да чымындай жаны кала турган эмес. Өпкө-жүрөгү,
иче-карды, кан-жини аралашып бытмыйы чыкчудай.
Бирок, ителгинин кайсынысы гана болбосун бүркүт шукшурулуп чукул кирип келип, серпип аларга аз эле калганда, ай эми илип кетти го дегенче болбой, андан шып буйтап асманга типтик атып чыгат да, анан ошондон ары жоголуп житип кетпестен кайра кырданып аңтарыла түшүп барып төмөн жагында калган бүркүттү көздөй сайылып кирет. Канча кылган менен ителгилер аларман келет эмеспи. Өзүлөрүнөн алда канча чоң, айбаттуу десе айбаттуу, каардуу десе каардуу, күчтүү десе күчтүү жоосунан жүрөксүп апкаарыбай,
өжөрлүккө салып тартынбастан согушуп жатышты.
Бүркүт ителгилердин бирөөнүн артынан сая түшүп, жуп чеңгелдеп кетерине чукул калганда, экинчи ителги бүркүткө кулач бою жете келип дал ортого таамай муштап өтчүдөй камданып калганын көрөсүң. Үстүндөгү коркунучту байкаган бүркүт алдыңкы жоосунан арткысы күчтүү экенин сезип, кайра чалкалай калат да ага арбайган тырмактарын тосот. Андай болгондо ителги бүркүткө жолой албай жазгап өтөт. Ителгини бүркүт, бүркүттү ителги жогору жагына чыгарбоого аракеттенишет.
Этек-жеңди сыйпап өткөн мынтыктын огундай бири-бирине дал тийише албай коюшту. Канаттын күүсүнөн зуу-зуу эткен гана үндөр асмандан жерге угулуп турду.
Бүркүт менен ителгилердин уя талашкан согушу узакка созулду. Чоң шашкеде башталган айыгышкан кармаш күн төбөгө жакындаганда бүттү. Шуулдаган канаттар асмандын коюу абасын уйгу-туйгу түшүрүп далай жолу чалмакейдей чалып, далай жолу кайра-кайра,
ары-бери аралаштырып,
чулгуп-чулгуп ташташты көрүнөт, тунук асман мунарыктап боз түшкөндөй болуп калды.
Мамбеталы бул эки ителгини: «Ылаачын болуп жүрбөсүн» деп далайга чейин күнөм санап олтурган, анткени булардын кыймыл-аракети ителгилерге караганда ылаачындарга окшош эле. Тез-тез бурулуп, тез-тез кайрылышат.
Мындай шамдагайлык ылаачында болоорун Мамбеталы беш колундай билет. Ал эми ылаачын дейин десең ылаачын ителгиден учкулдугу болбосо, коркок келет. Бүркүттөргө алгыр канатуулардан жалгыз гана ителги кол салат. Ага караганда булардын ителги экендиги даана.
Бүркүт жалгыздык кылдыбы, анын үстүнө улам бийиктикке тез көтөрүлүп, тез түшүп жатканга, нары семиз (жапаныңда алгыр канаттуулардын баары семиз болот), нары эти оор кургуруң мурдагыдай бийик көтөрүлө албай эңиштей баштады. Асмандын жогору жагын ителгилерге алдырып жиберди. Дагы Мамбеталынын чала-моңол шектенгени,
жанагы айыгышкан катуу салгылаштын биринде тигил экөөнүн бирөө бүркүттү жон талаштыра чала-моңол нукуп кеткендей болгон. Балким ошондон уламдыр, бүркүттүн күүсү мурдагыдай болбой, бошоң тартып бастай түштү. Андан кийин ителгилерге каршылык да кыла албай, айбаты да мокоп, кайраты да кеткенсип, алар качырса улам чеңгелин тосо берип, мурдакыдай беттешип чабуулга өтө албай баш калкалап, өз жанын өзү коргогонго өттү. Эки ителги жоонун шайманы бошоп, жөн тарткан абалын байкап калышты көрүнөт, баштагыдан да катуу күчөп, алдан тайыган бүркүттү алма-терме, соккунун үстүнө-сокку урушуп, кайта-кайта биринен сала бири удаа-удаа койгулакка алып жиберишти. Дагы бир согушканда ителгилер бүркүттү жалпайтып таштамак. Акыры кандай зор күчү бар балбан болсо да — жалгыздын иши жалгыз экен го чиркин! Тиги түгөйү болгондо эмне? Анда эки-экиден болушпайт беле. Ителгилер жеңет беле, бүркүттөр жеңет беле аны ким билсин? Жана мурункусун жалпая электе бул берен кайда жүргөн? Анда оюнда эч нерседен кам жок тээтиги заңгелдин башындагы соройгон шиш чокунун учунда кечки чабыттуусун күтүп олтурбады беле. Бул кайраның качан гана түгөйү уянын оозунан ойду карай сорок дей түшкөнүн көргөндө жүрөгү болк этип ордунан козголо түшүп, алда кандай болду деп асманга атып чыккан болучу. Мына эми кайран гана баатыр, кайран гана шер. Күнү кечээ учу-кыйырына көз жетпеген көгөргөн асмандын ээси жалгыз өзү болуп, менменсип жүргөндөрдүн бири эмес беле? Карачы эми муну, кордук деген ушул экен да? Өзүнүн он бөлүгүнүн бир бөлүгүнчө келбеген муштумдай эки ителгинин алдына түшүп, зор башы кор башы болуп, ал-күч, кайратынан тайып, артуудан-артуу,
белден-бел, кырдан-кыр ашып, бет алган жагын көздөй «кылак-кылак» деп жан соогалап качып баратканын.
Ай-ай-ай!..
Турмушуң кургур! «Баатырдын башына иш түшсө бараарга багыт, батарга чуңкур табылбайт» деген ушул экен го чиркин! Бири кем жалган дүйнө! «Төө арык болду, дөө карып болду» деген ушу да.
Качкан жоону качырган жоо койчу беле? Баягы эки кара ителги бүркүттүн артынан сая түшкөн боюнча кетишип, кайра бири-бирин куушуп бат эле баркылдап жетип келишти. Каардуу жоосун жеңгенде адамдыр, айбандыр же канаттуу куштур кубанбай койчу беле? Жүрөгү жарылганча сүйүнүп, маңдайы кашкайганча жаркылдабайбы.
Буларга да ошондой кубаныч пайда болгон көрүнөт. Далайга чейин уяга келишпей бири-бирин ойкуп-кайкып кубалап, кайта-кайта барк-барк үн чыгарышып, каардуу душмандарын айыгышкан салгылашта кайсап таштагандарына жетине алышпай, жеңиш менен аяктаган эркиндиктерин даңазалашкандай бири-бирине айкалышат, даң салышат. Бир аз мурун айыгышкан согуш болуп өткөн бүдүрү жок көк асмандын жүзүн жарк эттирип күлкү-кубанычка чайып, далайга чейин ары-бери куушуп ойноп жүрүштү. Анан бүркүттөн тартып алган бийиктеги уянын оозуна биринин артынан бири канат ирмебестен сызып келишти да, чабалекейдей окшошуп катар олтуруп калышты.
Ал эми баягы качкан «баатырдын» тагдыры кандай болду экен? Кандай болмок эле, ал-күчтөн ажыраган шордуу, жан соогалап кетип баратып тоо-таштын бирине урунуп өлгөндүр, а балким тиги артынан сая түшкөн эки оен аны аямак беле, кууп, олтуруп жерге жабыштыра жалпайта тээп, оозунан кара канын кулгуткандыр.
Мамбеталы саятчы отуз жыл бою кышкысын куш күйүп, жазгысын ителги, бүркүттөрдүн балапандарын алчу. Бой тарткандан бери канаттуу куштар менен аралаш өскөн адам. Көл айланасында чанда бирөө болбосо, андан озгон, андан кыйын саятчы мүнүшкөр жок. Ошол отуз жыл өмүрүнүн ичинде мындай шумдук, мындай кызык окуяны биринчи жолу көрүп, биринчи жолу үстүнөн чыгып олтурат.
Мамбеталы ар кыл ойго батып, ат үстүнөн башын шылкыйтып Көл кылаасындагы үйүн карай кеч бешимде жолуна түштү.
Кара шумкар. Рыскулов Сардарбек «Кара шумкар» — автордун төртүнчү китеби. Мында кирген повесть, аңгеме
#2 06 December 2015 - 09:22
ЖАЛГЫЗ БАЛАПАН
Бирде бүркөк, бирде жаркырап-жайнап чайыттай ачылып турган жаздын жанга жагымдуу күндөрү. Булут жашып, жаан-чачын өксүбөй жабалактап, чөп чыгып жаткан учур. Ошол жаздын башынан баштап Чырпыктынын зоокалуу бийик жарларына Мамбеталы көп барчу болду.
Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителги Мамбеталынын тынчын алды. Отурса-турса да оюнан кетпей конду. Чырпыктынын жарларына жыл сайын тууп балапан учурган бүркүттөн тартып, турумтайга чейин алгыр канаттуулар көп эле болгон. Алардын бир даары Мамбеталынын көзүнө өзүнүн үй канаттууларындай жедеп үйүр алып калган. Отуз жыл бою алгыр канаттууларга асылып жүрүп бүркүттөрдөн, бүркүттөр болгондо да кандай бүркүттөр дейсиң, апыртып айтканга алп кара куштай бүркүттөр, ошолордон уяны тартып алган мындай баатырларды Мамбеталы өмүрүндө биринчи жолу көрүп олтурат. Анан кантип бул экөө эстен кетсин, кетпейт да.
Барган сайын суу жээгиндеги жашаңга атын жайдактап коё берет да, көрпөчөсүн астына төшөп, ээр токумун башына жазданып бирде үргүлөп, бирде ойгонуп уйкулуу көздөрүн ачакей-жумакей кылып, баягы бийик зоодогу бүркүттүн уясын анда-санда тиктеп коюп кырданып жата берет. Эки ителги биринен сала бири шак-шак учуп келип уядагы балапанга алмак-салмак кезек менен жем ташып турушат. Ителгилер жокто өрөөндүн эки бетиндеги ызычуу кулак мээни тундурат. Ал эми ителгилердин бирөө же экөө баркылдап жетип келгенде чыйылдаган балапандардын да, шаңшыган эне-аталарынын да жаагы жап, Тымтырс боло калат да, өрөөндө мемиреген тынчтык өкүм сүрөт. Качан гана ителгилердин карааны үзүлгөндөн кийин аягы ызы-чуу, күрүгүү кайра башталат. Мурунку эки бүркүттүн учурунда да мындай болгон эмес. Анда ар кимиси өз жайында жатканы жаткан, учканы учкан, эч нерседен капарсыз болушчу.
* * *
Жаркыраган жаз өз сапарын аяктап түнү кыска, күнү узун жайдын толукшуган мезгилине кезегин өткөрүп берип узап бараткан кези. Кирген буурадай буркан-шаркан түшүп эки капталын эңшере кемирип, ак көбүгүн асманга бүркүп, уйдай ташты уйпалап, койдой ташты коңторо койгон өзөндөгү чоң дайралар жоосун сайып ачуусу тараган баатырларга окшоп мурунку калыбына келип жайлана түшкөн. Малдуулар малын төлдөтүп, козу, улак, кулун, музоолорун торолтуп, жайлоо жайлагандары жайлоолорго көчүп, шалбаа сугарып, эгин баккандары жакада — ар кимиси көр оокат менен алышып калган.Мамбеталынын колу тайкы, жок жардынын бири. Жалгыз ат, жалаң тон. Бирин-экин кой-эчки майда жандыгы болбосо, анчалык оокаты жок. Жадаганда бир уйдун саанын дагы «чөп чаап берем» деп байлардан сатуулашып алчу. Өмүрлүк жары Бурма экөөнүн ортосунда он үчтөн он төрткө карап калган жалгыз эркек баласы бар, аты Кырмантүп. Акты, каралы кылып Бурма бечара көп бала төрөгөн. Бирок кудай койгон жок. Өлүп-өлүп токтобой жүрүп ушул Кырмантүбү калган. Атынан эле билинип турбайбы. «Башкаларынын баарын алды, эми деги кудай кырманга түп калтырса ушуну коёр бекен?» дешип, атын Кырмантүп коюшкан.
Күндөгү адатындай Чырпыктынын өрөөнүн бет алып Мамбеталы дагы аттанып жөнөдү. Бул жолу жалгыз эмес, Кырмантүптү учкаштырып алды. Ата-бала ар кайсынын башын айтып кобурашып олтуруп баягы бүркүт уянын тушуна келишти. Өрөөндүн ичи адаттагыдай ызы-чуу, күрүгүү. Өйүз-бүйүз бийик жардын боорундагы уялардын оозунда канат-куйругу жетиле жаздап калган балапандар катарга тизилгендей үчтөн-төрттөн болушуп, төмөнкү капчыгайдын өзөгүндөгү жылтырап аккан агын сууга таңыркап карап турушат. Кырмантүп тестиер болгондон тартып атасын ээрчип алчу болду. Анын да чоңойгондо ата жолун улап саятчы-мүнүшкөр болоору баланын шыгынан эле байкалып турат, Бул жолу «калып кал» десе да болбой: «Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителгинин балапандарын көрөм» деп, атасына учкашып алган. Ышкысы кайнаган жаш бала шашкалактап жалаң эле ителгинин уясы эмес жардын жаракаларындагы бардык уяларга эки-үч сыйра сыдырата көз чаптырып чыкты.
Мамбеталы өрөөндү өрдөп жетер жерине жеткенде башка уялардагы ызы-чууга көңүл бурчу эмес. Эки көзү бүркүт уядан өтүп, кетер-кеткенче анын оозун карап олтурчу. Бул жолу да мурунку калыбынан жазган жок. Тиктеп олтуруп кареги талып кетти көрүнөт, баласына:
— Сенин мага караганда көзүң курч, жакшылап карачы, тетиги уянын оозун, мага бирөө эле көрүнөт, байкачы, ар жагында дагы болбосун? — деди. Кырмантүп уянын оозунан көз албан олтурган атасына кылчайып:
— Жок ата, башкасы билинбейт. Жалгыз балапан экен, жалгыз да болсо мага чоң ителгидей көрүндү, — деп кадимки акылы жетик эстүү кишидей жооп берди атасына.
Мамбеталы бир азга ойлонуп, анан ичинен сүйлөндү: «Эми муну кантип алыш керек? Адам баласы бара албай турган татаал жайда турат. Кокус беш-алты күн өтүп кетсе анда кур жалак калганым. Башка ителгилердин уясындай болсо го бир жөн болчу. Ай ушул балапанды алсам, кудайга арманым жок эле!» Мамбеталы өзүнөн-өзү бушайман болуп ак эткенден так этти да калды.
Ал күндүн да кечи кирди. Мамбеталы баласын учкаштырып үйүн көздөй жол тартты. Жолду жолдото тиги жалгыз балапандан башка оюна эч нерсе түшпөй, башын ат жалына салаңдатып үн жок, сөз жок бастырып бараткан Мамбеталыны кызык уйкуда жаткан кишини чочутуп ойготкондой артында учкашкан баланын «ата» деген коңгуроонун үнүндөй шыңгыраган жагымдуу добушу селт эттирди. Кырмантүптүн да уянын оозундагы жалгыз балапан оюнан кетпей көзүнө элестеп бараткан.
— Ата?
— Ии?
— Кокус ушул балапанды кармап алчу болсоңуз мага бересизби?
— Берейин айланайын, сага бербегенде анан кимге берем.
— Таптап бересизби?
— Таптап берем. Таптап бербегенде анан, садага болоюн, андан көрө кудай колго тийгизсинчи?
— Тийгизип калар ата?
Бала мүнөзү кандай сүйкүм, кандай кызык! Балапанды колуна кондуруп тургандай жылмайып күлүңдөн түштү. Кырмантүп.
— Оозуңда бардыр, оозуңдан айланайын — Мамбеталы баласынын үмүттүү сөзүнөн тула боюн ысыткан рахат ала түштү. Кылчайып караса Кырмантүптүн татынакай жүзүн сүйүнүч чайып, эки бети албырып, көздөрү күлүңдөп турган экен. Аны көргөн Мамбеталынын ого бетер ичеги-карды эзилип, бүткөн бою ысып-күйүп эрип кете жаздады. Ата-бала кобурашып олтуруп үйлөрүнө кандай жеткенин билбей да калышты.
* * *
Арадан алты күн өттү. Ошол алты күндүн бирин да кур калтырган жок Мамбеталы, түнкүсүн үйдө болуп, күндүзүндө уяга барып-келип турду. Жетинчи күн дегенде айылдагы жатакчылардын эс тарткан бала-бакырасынан болуп чака, дагыра, аркан, жип байланган аттуу-жөөлүү,
учкашып-чиркешкен он-он бешке жакын эр бүлө Чырпыктынын капчыгайына келди. Ал жерден Мамбеталы барган топту эки тарапка бөлүп, өзү коктунун таманында үч-төрт киши менен калды. Бөлүнгөндөрдүн бир жагы өрөөндүн оң жак кырын, экинчи жагы сол жак кырын кырдап чубашып олтурушту. Бүркүт уя зоонун оң жаккы бетинде болчу. Эки топ уяга тушташ келгенде ойдо калгандардын арасынан Мамбеталы тебетей булгады. Эки жаккы топ тең токтоп калды. Мамбеталы буга чейин уядан чыгып, үңкүрдүн оозундагы таштын кырында олтурган баягы жалгыз балапанды жанындагы жолдошторуна көргөздү. Алар да көпкө кызыгып балапанды карап калышты. Бир оокумда Мамбеталы тебетейин булгалап уя жаккы тараптагыларга белги берди. Алар аркандын учуна байланган чакаларына таш салып калдыраткан бойдон балапанды көздөй чубалтыштышты.
Кай бирөөлөрү шагыратып таш кулатып киришти. Дагы бирөө дагырасынын кулагына көтөрмөсүн байлап зоо ылдый калдыратып турду. Уянын жогору жагы кыйкырык-чууга толуп кетти. Кээ бир бийиктен кулаган чоң-кичине таштар балапанды жандап өтүп таштан ташка урунган бойдон зырылдап келип өрөөндүн жай аккан суусуна «чалп» этип түшүп жатты.Кулактын кужурун алган ызы-чуу алааматты көргөндө балапандын жүрөгү болк этип, уча тургандай — уча тургандай болуп барып кайра канаттарын жыйып алды. Калдырт-шалдырт, ызы-чуу баягынын үстүнө күчөгөндөн күчөп, тоо бүт урап, зоо түбү менен кулап келаткандай майда шагылдардан бери капталдан кошо куюлуп, буркураган кумдуу чаң асманга көтөрүлдү. Аңгыча болбой бийиктен учуп келаткан чөйчөктөй тоголок таш дап-даана уянын оозуна келип бир тийип, зуулдаган үн чыгарган бойдон ойго барып түштү. Балапандын ажалы жок экен, аз жерден өлүп кала жаздады. Ошол таштан кийин балапан катуу чочуп, ошол таштан кийин ордунан обдулуп уча качты да, уясына маңдайлаш тушма-туш келген жардын аркы өйүзүнө барып конду. Ал жактагы ызы-чуу, калдырт-шалдырт андан күчтүү, андан беш-бетер болду. Балапан кайра мурдагы өйүзгө барып конду. Ал түгүл балапан учуп баратканда эки жагыныкы аз келгенсип, коктунун таманындагы Мамбеталылар да тебетейлерин көкөлөтө ыргытышат, этек жеңин каккылап асман көктү жаңыртып чуулдап жиберишет. Бир быяккы, бир тыяккы капталга тынбай учуп жатып, күчкө толо элек балапан бат эле чарчап калды. Алыска учуп көнбөгөн жаш неменин алы ошол да. Канат куйругу толуп жетилсе алда кайда асмандап сызып кетпейт беле. Акырында жаш баладай күйүгүп, жүрөгү жарылып кете жаздап, дааналап ордун таап коно албай, эки канатын жайган боюнча коктуга барып түшүп, жер кучактап жыгылды. Ойдогулардын баары чуркады, ириде балапанга Мамбеталы жетти. Күйүккөн балапан көпкө чейин кышылдап жатып араң эс алды.
Эки ителги эл узап калганда уяга келишти.
* * *
Күз кирип келди. Мамбеталынын колунда карышкыр, түлкү алган бүркүтү да, каз, өрдөк, тоодак алган кушу да бар. Жыл сайын аларды муздай түлөтөт. Булар аз келгенсип кыргый, чүйлү, турумтайга чейин көгөнгө байлап койгондой катары менен тизилип турат. Алгыр куштардын канчасы болсо да баккандан тажабайт Мамбеталы. Ошон үчүн мүнүшкөр, ошон үчүн саятчы да. Ар биринин тууру ар башка, бөлөк-бөлөк.
Бирине-бири жакындабайт.
Мамбеталы быйылкы жазда азап-тозок менен колго түшүрүп келген баягы жалгыз балапанды убадасы боюнча баласы Кырмантүпкө энчилеп берген. Ага татынакай кооз томого тигип, томогонун сыртына жаркырата күмүш чаптырып, ак, көк, кызыл жибектен чыйратып туруп, төбөсүнө калпактын чачысындай чачылатып койгон. Апасы Кырмантүптүн колуна чак мээлей тигип, атасы жумшак кайыштан балапандын билегин өйкөбөгөндөй боо тагып берген. Кара балапан тиги үйдөгү канаттуулардын эркеси, өзүнчө бөлөк туурда, өзүнчө бөлөк үйдө олтурат.
Кара балапанды Мамбеталы чыргага да, далбаага да көндүрүп таштады. Кушту үндөкчүл кылгандай ителгини да далбаачыл кылып коёт мүнүшкөрдүн мыктылары. Далбааны булгаганда ителгилер алда кайдан келет. Кара балапан чоң ителги болду. Канат куйругу жетилип, тырмак, тумшуктары өсүп курчуду. Өңү да кузгундай капкара, эки көзү да бышкан алчадай туптунук. Куйруктун алдындагы үкүнүкүндөй жумшак ак жүндөр көөлөп койгондой, шумкардын белгилерин алардын бетине даана түшүргөн, эч жеринде орой белгиси жок чыныгы даана касма шумкар экендиги жүндөрү, канат-куйруктары жетилгенден тартып ачык билинип калды. Чырга тартса да, далбааны булгаса да алда кайдан келет. Айрыкча балапанында колго түшкөн алгыр канаттуулар Качканды билбейт эмеспи. Жакшы көндүрсө кол баладай болуп калат. Кара балапан да дал ошондой болду. Кыска боосу менен агытып жиберсе үйдүн тегерегинен кетпей учуп конуп жүрө берчү болду.
Мамбеталы бул бала шумкарды адегенде жапан казга, анан тоодакка окшош бакма каздын бозаласына тирилеп туруп, ошондон кийин тоодакты көрсөтөм деп жүргөн. Бирок ал оюна жетпеди Мамбеталы.
Күзгө тартканда Чырпыкты, Саркамыштын тоого жакын өндүрүндөгү боздорго тоодактар толуп кетет. Бери болгондо отуз-кырктан жайылышат. Мамбеталынын дамамат тоодак алып жүргөн көк кушу бар эле. Көк куш быйыл эрте түлөгөн. Тоодакка салам деп аны семиз этинен бастаткан Макең. Көк куш кылтабында, бычактын мизиндей илеп тартып, делбетап болуп турган кези. Колдо түлөсө да эски жүндүн бир талын калтырбай жапан куштай болуп таза түлөгөн. Мамбеталы ошо күздүн күндөрүнүн биринде көк кушту тоодакка алып чыкты. Ал куш саларда жалгыз аттанчу эмес. Дамамат аны ээрчиген жанында үч-төрт жолдоштору болот. Ошол күнү кой десе болбой тайын токунуп, шумкарын кондуруп Кырмантүп да токчоюп ээрчип алды. Алар бастыра түшкөндө Саркамыштын өндүрүнөн жайылып жаткан жоон топ тоодактын карааны көрүндү. Табына келген көк куш колго токтобой талпына баштады. Тоодактар башка илбесинге караганда өтө сак келет. Келаткан элдин тобун алыстан көргөндө эле укуруктай мойнун койкойтушуп козголо башташты. Учарында тоодактар чогула түшөт эмеспи. Аны билген кыраакы мүнүшкөр жолдошторунан бөлүндү да, кушун аттын оң капталына далдалай кондуруп, тоодактар бер жакта калган кишилердин караанын улап алаксый калган кезде курч аттын өкүмүнө салып ыксы коюп, уча берерде көк кушту уруп калды. Көк куш жаңыдан түндүк бою көтөрүлүп бараткан тоодактардын биринин төшүнө шып жабыша калып бакырткан бойдон жерге алып түштү. Бери жакта атчан тургандар дабырата чаап жөнөштү. Мамбеталы алардан мурда жетип куштан тоодакты ажыратып жатканда, анын үстүнөн Кырмантүптүн кара шумкары узун боосун чубалжыткан бойдон тигил узап калган тоодактардын артынан шуулдап учуп баратканы көрүндү.
Мамбеталы Кырмантүптү шумкарын тоодакка салат деп ойлогон эмес. Бүгүн салба деп өзү да эскерткен. Анткени тоодакка шилтегенге шумкардын даярдыгы жок болучу. Кырмантүп да атасынын тилин алып, шумкарын коё бермек эмес. Бул иш кокусунан болду. Качан гана көк куш тоодактын бирин илип түшүп, калган тоодактар учуп жөнөгөндө, бала эмеспи, кантер экен деп Кырмантүп кара шумкардын томогосун тарткан. Ошондо шумкар колдон атып кетип, бош кармалып турган узун боо капылеттен чыгып кетсе болобу, мына кызыкты көрсөң.
Куш менен тоодакка асылып жаткан Мамбеталы тигилерге шаша-буша кол булгап кыйкырып калды. «Артынан, артынан». Бала шумкар тоодактарды үзө качырып узатпай жетти. Тептиби же кармаша кеткенде боого чалышып калдыбы, айтор, бир тоодак ителги менен будаланышып келип жерге кошо түшкөн. Атчандар сабаган бойдон жете келишип тоодак менен ителгини ажырата албай жатканда, алардын үстүнө чаап жетип Мамбеталы да кошулуп калды. Ителигинин узун боосу тоодактын эки канатынын тең мүрүнүн түбүнөн илинип чачышып калыптыр. Ага болбой бала шумкар тоодактын алкымын кыйып жиберген экен.
#3 07 December 2015 - 07:59
ТАРТУУ
Көкүмбайдын үйүнөн бири аттанып жатса, экинчиси түшүп — үч-төрт күндөн бери көпчүлүктүн аягы суюла элек. Дагы канча күнгө чейин созулат ким билсин. Келатканынан баратканы сурайт:
— Кайдан?
— Көкөмкүнөн.
— Эмнеге бардын эле? — Эмнеге барйын, көлдөн бир досу шумкар тартуулап келиптир дейт, үч-төрт күндөн бери эл чубайт, мен да эл катары...
— Көрдүнбү деги шумкарды?
— Көрдүм.
— Өңү кандай экен?
— Кара көрүнөт.
— Шумкар бекен?
— Кайдан билейин, томогочон бир ителги туурдун үстүндө олтурат.
— Ителгинин кандай ителги экенин билбегенден кийин сага эмне жок?
— Анан көпчүлүк барып жатса, мен каламбы?..
— «Дарбадай дарбыса, Борбодой бооз бээсин мине чаап, кулун салдырып алыптыр» дейт. Дал ошол сен турбайсыңбы!
Ушундай тамаша сөздөр барган келгендердин ортосунда дүүлүгө берди. Көкүмбай менен Мамбеталы жеринен катыш болучу. Экөөнүн ортосундагы достук байланыш — ат алып, ат бериштен уланбай, куш алып, куш беришүүдөн башталган. Анткени, экөө тең мүнүшкөр. Биринин үйүнө бири келип калганда канаттуулар жөнүндө сөз козгошуп, күндүн батканын, таңдын атканын элес алышпай, улам бирөө сөзүнүн аягына чыкканда, экинчиси баштап олтуруп убакыттын кандай бүтүп, кандай койгонун байкабай калышчу. Көкүмбай анчалык канаттуунун артынан түшкөн мүнүшкөр эмес болучу. Ат жалын тартып мингенден тың чыгып, эл аралап калган. Аздыр-көптүр өз туугандарына баркы бар. Ага-иниси колдогондуктан, бүт жумгалдык саякты таруудай талкалап жеп жаткан Кулжыгач Байзактын да анда-санда жемсөөсүнө каргыштай тура калып жүрөт. Көкүмбайдан көп курдай ичиркенип калган Байзак акыркы эки-үч жылдан бери Курманкожого (Көкүмбайдын туугандары) тап бергенин таштап, уу тырмагын батыра албай обочолоп калган. Болбосо Көкүмбайдан мурун Курманкожо Байзактын, «короосундагы кою» болучу. Мына эми ошол Көкүмбайга көлдөгү досу Мамбеталы ушул жылы жазда уядан кармалган кара шумкарды тартуулап, кой тукум үмтөтүп келип олтурат.
Көкүмбайдын Мамбеталы түгүл өзү тукум кылып аларга жалгыз токтусу жок. Тору аргымагым деп коёт, чекесине бүткөн жалгыз аты ошол. Бир жакшы жери өзүндө жок болсо да ага-туугандары аздыр-көптүр коокарлуу. Алдында эки жүздөн, артында элүү-кырктан арбын майда жандыктары бар. Эми тууган дегениң дагы бир кызык эл болот. Жакшы болсоң тууган, жаман болсоң жанынан алыс кууган, жарды болсоң жакындабайт, бардар болсоң бажактап үйүңөн кетпей кошоматын кош айтып турат эмеспи. Мына, Мамбеталынын келгенине бир жумадан ашып баратат. Сен кантип атасың деп бир да бирөө Көкүмбайдын жанына басып келе элек. Мамбеталыга бере турган кой тукумдан дайын жок. Жардам бермек түгүл «а байкуш, буга эмнесин берет» деп, кай бирөө Көкүмбайга жолобой сырт салып ушактап жүрөт. Туугандарынын ошол тейитин байкап, жардам сурагандан Көкүмбайдын да оозу батпайт. Мамбеталы келгенден бери буулган каптай бугу ичине толуп, Көкөң тумчугуп турат.
Күн сайын эл агылып келет, агылып кетет. Шумкар дегенди көргөнү бар, көрбөгөнү бар, билгени бар, билбегени бар. Кээ бирөө шумкар бүркүттөн чыгат десе, кээ бирөө куштан чыгат дейт. Кээ бирөө чүйлүдөн чыгат десе, дагы бирөө кыргыйдан, турумтайдан чыгат дешип, тай талашка түшүп жаткандары андан көп. Шумкардын ителгинин уруусунан чыгаарын көбү билсе, көбү билбейт. Айтор, бир жумадан бери жорудан чыгатка чейин талашып жаткандар да болду.
Мамбеталы «кетсем экен» деп эртели кеч кынкыстайт. Көкүмбай «жөнөтөм» деп коёт, же жөнөтө албайт. Анын ортосунда күн нечен жолу батып, нечен жолу чыкты. Кара шумкарды көргөнү алыс-жакындан келгендеринин ичинде Көкүмбайга кыңыр көздүүлөрү да бар. Алар жөн келип, жөн кетпей аттанып баратканда кобурап бастырышат: «Байкуштун жалгыз атынан башка үрүп чыгар ити жок, досу кой сурап келиптир дешет, кайсы коюн берет?» Бул кобур Мамбеталынын кулагына да анда-санда чалдыга калат: «Эрдин даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, атка минип айыл-апасына баш-көз болуп компойгону менен бул деле мен сыяктуу экен го. Колунда жок экен. Быйыл болбосо келерки жылы берээрсин деп кыйнабай кете берсемби?» Мамбеталы өз курсагы менен өзү анда-санда сүйлөшүп коёт кырданып жатып.
Куйручук Көкүмбай менен айылдаш. Бир чети тууган, экинчи чети теңтуш. Бир күнү Көкүмбайды үйүнөн обочороок алып чыгып маңдайлаш олтурду да, акылын сурады:
— Ии, досуңдун келгенине көп болду. Эмне үмтөтүп, эмне сурап келген сыягы бар? Эмне берип жөнөтөйүн деп турасын? Байкоомдо аз күндөн бери көзүмө сакасын жоготкон баладай көңүлүң чөгүңкү көрүнөт? Деги сырыңды айтчы, акылга акыл кошулат деген. Менде да кырчаңгыга котур аралашкандай же жинди эмес, же соо эмес бетти тытып алчудай ырсаңдаган бейбаш акылдар бар, ошону сеники менен аралаштырып жиберсек кымкуут, чак-челекей түшүп олтуруп арасынан жылт этип бир керектүүсү чыга калып жүрбөсүн, деги айтчы чын сырыңды?
— Ээ, Куке! Досум баланча бересиң деп салык салбайт. Чоо-жайын тартып көрсөм, кой тукум сурап келгендей сыягы бар. Өзүмдө жок экенин билесиң. «Шумкарыңды кайра алып кет», — дегенге ооз барбайт. Антейин десем намыс өлтүрүп жатат. Же туугандарыма сөзүм өтпөйт, сөзүм өтсө да баланча бересиңер дегенге оозум батпайт.
Куйручук Көкүмбайдан сөздү шак жулуп алды:
— Оо, кудай урган «Бука баш» (Куйручук Көкүмбайды дайым «Бука баш» дечү. Көкүмбайдын башы чон киши болучу). Ата-бабадан келаткан салтты бузабызбы. Тартуу деген сыймык, ырыскы, киреше. Балким ушул кара шумкар менен кошо башыңа ого бетер сыймык конуп, бактың даражаң көтөрүлөр! Кара шумкар кара шумкар эмес эле ушунча жумурай журттун ичинен сенин төбөңө келип конгон зымырык куш болуп жүрбөсүн. Зымырык куш деген хан болор, падыша болор кишинин төбөсүнө келип конот дечү. Аны сен билип коюптурсуңбу Бука башым. Көп шылкыйба, эртең агайын-тууган, ага-инини бүт чогултам. Өзүң баштап биздикинде болосуңар. Сөз бүттү.
Куйручук этегин кагып ордунан туруп кетти. Артынан «Бука башы» Көкүмбай ээрчип басты.
Топтошкон Дуулат уулу эртеси Куйручуктун үйүнөн анчалык алыс эмес дөбөчөгө чогулушту. Чакырылгандардын аягы суюлуп, бүт келгенден кийин чокчо сакалын улам-улам экчеп, эки жагын каранып ак калпагын бирде желкесине, бирде маңдайына келтирип топтун ортосуна тура калып эл куудулу, сөзүндө эми бар чечен Куйручук шаңкылдап сүйлөп кирди:
— Ага-ини, мынабу «Бука башка» көл тараптан бир «чымчык» тартууга келиптир. Атактуу күлүк ат, ашынган жорго, бойго жеткен сулуу кыз сурабайт, сураганы оңой экен. Тартуусуна алар колкосу кой экен, кой болгондон кийин оңой экен. Кой колдон келет го? «Бука баштын» миң кою болсо бизге айтпай эле өзү жөнөтүп жибербейт беле. Мунун жайын кандай кылалы?
Көкүмбайдан кыңк этип үн чыккан жок. Эл жер карап жымый түштү. Бир оокумда топтун арасынан Бекболот тура калды. Бекболот Дуулат уулунун ичинен байыраагы боло турган. Жалгыз аты Нарбаш күлүк чыккандан бери бир аз оңоло түшкөн, болбосо бул деле анчалык жарып кеткендердин бири эмес. Нарбаш бирде чыкса, бирде калат. Чыгып келсе байгесине да ээ боло албайт. Эл бийлегендер соогатка талап кетип калса колунда азоолак бирдеме калат, калбаса жок. Ошондо да Көкүмбайдын айдыңы менен бирдеме тиет, тийбесе жок.
— Куке, деги бере турган малыбыздын чеги барбы, ошону уксак деп турушат бул чогулган эл? — Бекболот отургандарды бирден сыдырып кыдырата карап жиберди, ал оюнда туура суроо бердимби деди окшойт.
— Жүз аппак кызыргалды кой бербейбиз. Ичинде аксак-тексеги, сокур-чологу жок болсун. Бирөө да сары тиш болбосун. Мен өзүм тандап алам.
— Элүү кой берсек кантет?
Куйручук Бекболотко жолборстой атырылып тийди:
— Эй... Бучук (Бекболот бала кезинде короого түшкөн карышкырга мурдун апчытып алып бучук болуп калган) элүү койду жалгыз сен бересиң, калганын эл берет! Кечээ Нарбашың Кочкордогу Шамендин Бекчоросунун ашында миң койго чыкканда «Бука баш» болбосо Темир-Болоттун балдары ат-матың менен бүт талап кетпейт беле! Билесиңби ошону. Же өз кадырың менен байгеге ээ болдуң беле?!— Бекболот жыга чапкандай жалп дей түштү. Куйручук күчөгөндүн үстүнө күчөп сүйлөп сөзүн уланта берди: — Кудайга шүгүр дегиле Дуулат уулу. Мынабу «Бука баш» атка мингенден бери жаман эмессиңер. Ар жагы Күрүчбек элинен Түркмөн, Биялы, бер жагы бүтүн Жумгал өрөөнүн аркы өйүз, берки өйүзүнөн тартып Кызарттын белине чейин ажыдаардай аймап, оп тартып жаткан Байзактын оозунан бизди ажыратып сууруп чыккан жалгыз ушул «Бука баш» болбодубу? Же жалганбы менин сөзүм?
«Ырас-ырас Кукелеп» Куйручукту эл колдоп жатты.
— Мына эми Көкүмбайга көлдөн бирөө бир чымчык тартуулап келсе, жүз кой бериптир Дуулат уулу деген кабар эртең эле калкка «дүңк» дей түшсө «Бука баштын» зоболосу мындан бетер көтөрүлүп, төбөсү булутка жетпейби? Же жалганбы меники?
— -Ырас-ырас Куке».
— Менменсип бетине чыгам деп жүргөн тең ата мындан ары баш көтөргүс болбойбу. Же жалганбы меники?
«Ырас-ырас, Куке, ырас-ырас». Куйручук: «Жалганбы, жалганбысын үстөккө-босток күчөтө айтып жатып токтоду да, анан элди карап көпкө чейин мостоюп туруп калды. Эл «берели-берели» деп бир ооздон дүркүрөштү. Куйручук дагы чаңырды:
— Берсеңер эртең эртең менен мен барганча короодон коюңарды чыгарбай тургула. Өзүм тандап алам!
Эртеси жүз ак кызыргалды чоп-чогуу даяр болду. Куйручук Бекболоттон баштап эки жүз кою барлардан гана чогултуп, андан кийинкилерине бир токту да тарттырган жок. Көкүмбай Мамбеталынын алдына аппак жүз кызыргалды салып берип жөнөттү, Жеткиришип келгенге эки инисин кошту. Бул даңк Жумгал, Кочкор эмес, Атбашы, Нарын, Көл айланасына чейин «дүңк» дей түштү.
КЫРААН
Уядан жазда кармалган жаш балапан кадимки жер менен көктүн ортосунда эркинче учуп, эркинче конуп жүргөн жапан ителгидей толуп, узун туурасы чыгып, канат куйругу жетилди. Колу-буту байланып, капаста кордук тартып жаткан ителгилердей болгон жок. Кайра анын тетирисинче көңүлү өсүп, кадимки жаш чагынан үмүттөндүргөн балбандардай далысы жайылып, булчуңдары түйүлүп чыга келди. Мамбеталы далбага чакырса капкайдан сабап келип, чырга тартса илгиртпей басканга үйрөндү. Эмнегедир ошол күздө табына келип эргип турса да, бала шумкарга чоң илбесиндерди көрсөткөн жок Мамбеталы.
Алгыр канаттуулардын биринчи куралы бутундагы тырмактары болот эмеспи. Ошол тырмактар болоттой курч болуп даяр турбаса болбойт. Курч тырмак кармаша келгенде жүнү менен терисинин калыңдыгына карабай ныгыра мыкчыган сайын, «бырт» этип этине тереңдеп бата берет. Эти ооругандан кийин кандай гана жаныбар болбосун душманына айбат кыла албай калат. Алгырлардын экинчи куралы — иймекей тумшугу. Бул өзүнчө эле курчутуп койгон дапдаяр эки миздүү шап. Капыл-тапыл, шапа-шуп душманы менен балтырлашып кармаша калганда ошол иймекей курч тумшугу кекиртектен аткып туруп бир тартып алганда, мууздагандай кан жая берет. Айрыкча буга ителгилер шамдагай келет. Оңуна келгенде ошерден баштайт.
Канаттуулардын кыраан жүрөктүүлөрү мейли өзүнөн чоң алдуу-күчтүүсү болобу, же өзүнө тушташ тырмактуу келген балбандары болбосун анысына карабайт. Алы жетеби, жетпейби көргөн жерден качырып сала берет. Айрыкча, буга калганда ителгилер өжөр келет. Кармашуу асмандан башталганда биринин мыкчыган жеринен экинчисинин тырмагы чыкпай калып, экөө тең жерге тепетең келип күп дей түшкөн учурлары да болот. Жердеги күрөш асмандагыдан да алда канча күчөп балтырлашат. Орой жүндөрдөн аткып жулкушат. Канат куйруктары улам жерге чабыла берип, ошондо бирин-экин кашка куйруктарга же чоң чалгын канаттарга да күч келет, туурасынан чорт сынат же түбүнөн жулунуп союлдай сороюп калат. Ителги менен бүркүттөрдүн кыраандары ошого да карабай согушат. Айыгышкан кезде душман менен эрегешип, өлгөнчө кармаша берет. Качан гана эттери ооруп чыдай албай баратканда, чабалыраагы алаканын жазып тырмагын чыгарып жиберет. Эңишкен балбандардай кимиси мурун озунса, ошонусу экинчисин мерт кылып таштайт. Кыраандар өлөрман, өжөр келет эмеспи, же өлүп тынат, же өлтүрүп тынат. Мындай окуялар алгыр канаттуулардын ичинен айрыкча бүркүт, ителгилерден көп учурайт.
Мамбеталы кара шумкарды ушундай алдуу-күчтүүлөрдүн бирине да кабылтпай туруп, канат куйруктун бир талын да сындырбастан, тумшугу менен тырмактарын жапан ителгиникиндей курч бойдон алып келип Көкүмбайдын колуна тийгизди. Мамбеталы шумкарды чоңго деле салмак, бирок тартууга бараткан асылды көркүнөн ажыратып жал-куйругун отогон тулпардай кылбайынчы деген.
Киши болбосоң коё кал кайран Мамбеталы! ..
Көкүмбай кара шумкар колго келген жылы өрдөк, каз, кыргоол, аңырдан тартып көп алдырды. Эмнени болсо бир тепкенден чыгарбайт. Качырганын кайсап өтүп, жаңсаганын жайлап таштайт. Учканы ителгиден башкача. Асманга атып чыгып, тик сайылып түшкөндө жаанын огундай зуу-зуу эткен канат-куйруктун добушу кулак тундурат, бүркүттүкүнөн да күчтүү десе күчтүү. Мейли тоодак, мейли каз канаттуу илбесиндердин кайсы гана түрү болбосун, кара шумкар качырып сала бергенде жан айласын таппай жерге түшө качат, кокус урунуп калса бүрдөмгө келбей жан берет. Асмандан тебетей ыргыткандай топ-топ этип жерге түшүп турат.
Бир күнү Көкүмбай шумкарын кондуруп Былкылдактын сазын бет алып бастырып калды. Адатта ит агытып, куш салган өнөрпоздордун артынан ээрчиген ышкылуулар көп болот эмеспи. Көкүмбайды жандаган жоон топ атчандар олжодон мурда да кара шумкар кандай алып, кандай коёт кызыгына батып, ошонун өнөрүн көргөнү ээрчип чыгышкан.
Көкүмбайлар Былкылдактын сазына жакындаганда өрдөк, каздар топ-топ болуп, бирөө учса, бирөө конуп, саздын бетин бербей жайнап жатышкан экен. Ителгини канаттуу илбесиндерге куш, чүйлүдөй шилтеп салбайт эмеспи. Аны канаттууларга саларда обочороок жерден: же дөбөчө болобу, же ыңгайлуу кырандар туш келе калабы, айтор ошондой бийикчеден туруп томогосун тартат. Ошол учурда атайылап бир эки киши тиги жайылып жаткан каз, өрдөк, тоодактарга сабап жетишип, этек-жеңин каккылап үркүтүп учурушат. Ошондо ителги куш, чүйлүдөй түз качырып учпай асманга шак көтөрүлүп чыгып, ары бир, бери бир окторулуп өзүн өзү күүлөйт. Анан тикесинен типтик сайылып, тиги топтошуп учуп чыккан каз, өрдөктүн төбөсүнөн түшүп, кадимки найза сунуп качырган баатырлардай тобун жарып өтүп, улам бирден ыргыта коюп турат. Топ этип жерге түшкөнүнө кайрылбайт, кайра зуулдап асманга атып чыгат. Кайра кырданып келип, дагы жанып өтөт. Ошол учурда топтошкон илбесиндин жүрөктөрү оозуна капталып, короого карышкыр тийгендей улам тепе-тең жарыла бөлүнүп, чуручуу-күрүгүү түшөт. Мындай учурда каз, өрдөктүн четке бөлүнүп чыкканы болбойт. Бириндеп туш тарапка качканга чамасы да келбей калат. Кокус бирөө бөлүнүп четке чыга түшсө, тиги асманда камданып турган ителги аны көздөй канатын кыңырайтып эле койсо жаны көзүнө көрүнүп, топко киргенче шашат. Мына бүгүн да Былкылдактын сазындагы өрдөк, каздар дал ошондой алааматка туш болушту.
Дүркүрөп учкан өрдөк, каздардын тобун кара шумкар бир-эки жолу жарып өткөндөн кийин каз, өрдөктөр туруштук бере алышпай, Былкылдактын сазындагы дөмбүл баштарга биринен сала бири тыгылышып, жер менен жер болуп баш көтөрө алышпай, жампадай жабышып калышты. Козголуп учалы десе кыл чайнаган найзакердей шымаланып төбөсүндө ары-бери шуулдап учуп кара шумкар турат. Учпайлы десе тиги топтошкон эл жаткан жеринен жалпайта чаап, улам бирден тезектей терип чогултуп жүрүшөт. Ошентип олтурушуп бүгүнкү Былкылдактын сазына келген каз-өрдөктүн аягына бат эле чыгышты. Акырында Көкүмбай асманда айланып турган шумкарын чыргага чакырып, жерге түшүрдү да, бир өрдөктүн ичин жарып, жылуу кандуу этке тойгузуп койду. Андан кийин мындай окуялар Былкылдактын сазында нечен жолу кайталанды.
Көкүмбай кара шумкарды өрдөк, казга салаарда айылдагы бала-бакыра, чоң-кичине дебей самсып келишип олжого тунушат. Көбүнесе шумкар үстүндө айланып турганда андан коркушуп учалбай жаткан, өрдөк, каздарды бала-бакыра дебей ар кимиси өзүлөрү эле чаап алышчу. Көкүмбай өзү алганынан да элдин алганына кызыгат.
Кара шумкар Көкүмбайга келгени башка илбесиндерден да тоодакты көп алып, тоодакчыл болуп кетти. Тоодак алганга өтө ыкчыл болуп, даана машыкты. Ала-сала жайылып жаткан тоодактарды көрсөтүп томогосун тартканда колдон атып учуп жөнөйт. Ошондо да кетип баратып артына карай кылчактап эки көзү оттоп жаткан тоодактарда. Буга чейин капарсыз мойнун буруп жайылып жаткан тоодактарды атчан кишилер чаап жетип учурушат. Качан гана тоодактар калдакташып аркан бою көтөрүлө бергенде кара шумкардын алда кайдан жетип келгенин билбей каласың. Тоодактардын тобун бир аралап өткөндө жалп этип бирөөнүн жерге түшкөнүн көрөсүң. Калган тоодактар бийиктей албай жан талашып жерге түшө качышат. Ал учурда кара шумкар асманга типтик көтөрүлүп алыстап кетет. Ошондо бери жактагы атчандар карап турмак беле, өйдө көтөрүлгөндөн жүрөгү түшүп жөргөлөп калган тоодактарды кайра күчтөп учурушат. Кайра эле баягы, көз ачып жумганча шумкар даяр, дуу дей түшөт, дагы бирөө, анан дагы бирөө. Ушинтип олтуруп аяң-буяңга келбей топтошкон тоодактар алеки сааттын ичинде жок болот да калат. Ар кайсы жерге түшкөн экиден, бирден тоодактарды сел алып сайроонго чыгып калган эчкилердин өлүгүндөй чогултуп сүйрөп жүргөн элдин ышкысы канып, кумардан чыгат. Ошон үчүн: «Аш-тойдун кызыгынан да ителги салган кызык» деп эл бекер жеринен айткан эмес да.
Көкүмбай шумкар алган тоодактардан эки-бирин өзү тандап алып, калганын ээрчип келгендерге калыстык менен бөлүп берет. Мындай окуялар тоодакка жайылып чыккан сайын бир нече жолу болгон. Кара шумкар акыркы тоодагын тээп түшүргөндөн кийин, кумардан чыгып моокусу кангандай өзүнө өзү ыраазы болуп, «барк-барк» үн чыгарып, бирде ылдый, бирде өйдө ойкуп-кайкып учуп туруп, анан тик атылып келип дөбөчөгө же чоңураак таш болсо ошонун үстүнө эки канатын ирмебей, сызып барып конуп калат. Ошондо да отурган ордунда тынч албай кагынып-силкинип: «Бүгүнкү жумушту ушуну менен жыйынтыктадык го» дегенсип, канат-куйругун тумшугунун учу менен кайра-кайра тарап, мактангандай үнүн бийик-бийик чыгарып, удаа-удаа баркылдай берет. Ошол учурда Көкүмбай тиги жаткан тоодактын бирин алдын көздөй ыргытып таштап коёт. Анан кара шумкар ордунан козголуп балпактап басып келип, далдайып жаткан тоодакка жеткенде, Көкүмбай барып тоодактын мууздоосунан башын ажыратып бир-эки чокутуп туруп, анан шумкарды ошол олтурган ордуна таштап кете берет. Шумкар бирде алдыга, бирде артка калып учуп-конуп олтуруп, үйгө Көкүмбайдан мурун же кийин келет. Көкүмбай кечкисин тоодактын жаш этине жемсөөсүн сылама тойгузат да, томогосун катып кечки түнөгү болуп калыптанып калган тууруна олтургузуп коёт.
Кара шумкардын даңкы ай, жыл өткөн сайын алыска жайылып кетти. Жумгал, Кочкор, Атбашы, Нарын түгүл көлдү айланып, Сары өзөн Чүйгө чейин жетти. Шумкарды көргөндөрүнөн да көрө элек элдер түркүн түргө салып даңазалап жатышты. Бир даары: «Жумгалда Көкүмбай дегендин кара шумкары бар дейт, эртең менен эрте томогосун шыпырып алып үйүнөн агытып жиберсе, өрдөк, кыргоол, тоодактарды топ-тобу менен айдап келе берет экен. Көкүмбай үйүнүн эшигин түрүп, түндүк жабуусун чүмкөп коёт экен. Шумкар кууп келген каз, өрдөк, тоодактар үйдүн ичине толгондо эшигин түшүрүп, чекесинен кармап мууздап олтуруп, качан гана үйүнүн ичи илбесиндин этине толгондо эшикке чыгып шумкарын чакырып алат экен» деп бир даары айтса, «жоок антпей эле талаага шумкарын кондуруп чыгып, топтошкон тоодагы болобу, каз, өрдөк, кекилик, чили болобу томогосун тартып караанын көрсөтүп койсо эле болду, ошону көздөй кетет дейт. Ага чейин Көкүмбай атын тушап отко коё берип, жамбаштап кырынан жата берет экен, ал эми тиги кара шумкар болсо илбесиндерди топ тобу менен айдап келип, Көкүмбайдын үстүнө келгенде бирден, экиден тээп түшүрүп олтуруп, Көкүмбайдын тегерегин өрдөк, каз, тоодактарга толтуруп үймөлөп таштайт — дейт, — анан Көкүмбай аларды тезек тергендей терип чогултат экен да, эки капка чымчып бууп атына артып, ээрдин үстүнө мингенден кийин кара шумкар келип колуна конот экен» десе, анда айтылып жаткан сөздөрдүн калп экенин байкаган эл арасында олтургандардын бир куудулу: «Каптары толбосо Көкүмбай талаага түнөп калат бекен» дейт. «Толбосо шумкары дагы ала берет да чарчап жатыптырбы» деп тигинин сөзүн колдоп, дагы бирөө тамашага айландырып жиберет, эл кыраан-каткы күлүп калышат. Айтор шумкарды келип көрбөй, кулагы менен уккан алыскы элдер аркар, кулжа, эчки, теке, илбирс, жолборс, карышкыр, каман, кара кулак шер алган буудайыкка чейин теңеп алпарып таштап жатышты.
Кеч күздүн күмүштөй жалтыраган салкын күндөрүнүн биринде Көкүмбай кара шумкарын кондуруп Кызарттын белин ашып, Кочкор багытына түштү. Ошол жылы Жумгалда тоодак азайып, ар жылы күздө улактай жайылып жатчу Кароолдун оозу, Ыламандын өндүрү, Окторкой, Арпа-Тектир, Бел-Арыктар жайдак калды. Бирин-серин болбосо мурункудай топтошкон үйүр-үйүр тоодактардан дайын жок. Жедеп жалкатой болгон шордуулар жер которуп башка жакка ооп кеткен сыягы бар. Былкылдактын сазында да өрдөк, каз суюлду. Кайда кеткени дайынсыз. Анда-санда эрбеңдеп жалгыз жарым гана эки-бирден чүрөктөр, тартарлар учуп калат. Баштагы жылдардай күндүн бетин булуттай калкалап, дүркүрөп учкан өрдөк, каздар быйыл жок.
Көкүмбай кеч бешимде Кудайбергендикине келди. Кудайберген быйыл Бучуктагы жайкы конушунан эрте козголуп, кышкы конушуна (тамына) келгенине он-он беш күнчө болуп калган. А киши көбүнесе кыргый, куш, ителги салганга карап, келгин илбесиндердин калың учурунда жакага эрте түшкөндү каалачу. Ошон үчүн жайлоодон шаша көччү. Кудайбергендин тоодак алып жүргөн кушу да, шумкары да бар. Аларды да этине келтирип таптап эрте кайрып койгон. Бирок, тоодак, каз, өрдөктөргө көргөзө элек.
Көкүмбайдын түптүз келип Кудайбергендикине түшкөнүнүн себеби бар. Биринчиден он чакты күн жүрүп ителги, куш жайылмак, экинчиден бул атактуу мүнүшкөргө шумкарын сынатмак. Анткени Кудайберген ушул күнгө чейин Көкүмбайдын кара шумкарын көрө элек, угуп жүрөт. Көкүмбай да Кудайбергенге көргөзөм деп, Кудайберген да бир көрсөм деп, экөө тең бири-бирине эңсеп жүрүшчү. Ошон үчүн бүгүн Көкүмбай Кудайбергендикине келип олтурат. Болбосо Көкүмбайга бара турган жер жокпу. Төмөн жактагы Алыяскарга, жогору жактагы Суранчыга дале барбайт беле. Алар да Кудайбергендей болбосо да, Кудайбергенге жакын алынча мүнүшкөрлөр.
Көкүмбай босогону аттап кирери менен Кудайберген үйүнүн оң капшытында туурда отурган өзүнүн кара шумкарын эшиктен баласын чакырып: «Тамга алпарып байлап кой» деп, тышка жөнөтүп жиберди да, анан туруп барып керегенин башында илинип турган куш мээлейин алып кийип, Көкүмбайдын колунан кара шумкарды алып өз колуна кондурду. Эки шумкар тең томого туюктан бири-бирин көрбөй калды. Качан гана өз шумкары тышка чыккандан кийин Көкүмбайдын кара шумкарынын томогосун тартты. Мойну-башын сыйпалап, канат-куйругун сылады. Канча кылган менен асылдын иши асыл да, бөтөн колдон уяң баладай чаркырап чоочуркаган жок. Төр ителгидей зыпыйып Кудайбергендин колунда каадасынча типтик олтурду. Кудайберген эки канаттын чалгындарын ары-бери шуудуратып силккен болуп, анан куйругун көтөрүп саңоорун ачып карады. Айрыкча шумкардын кара алчадай мөлтүрөгөн эки көзүн көпкө тиктеди. Анан тумшугу менен эки буттун тырмактарын, арыштуу манжаларын биринен сала бириң кармалап олтуруп, акыры оң бутунун тайтайган жем басарын көрүп, аны да жабышып турган мээлейден бошотуп, ары-бери козгоп койду. Бүркүттөн бетер эки балтырын тутамдап көрдү. Байкоодо каруусу канча, ошону билейин десе керек. Анын эмнесин кармалайт, балбандыгы кебетесинен эле көрүнүн турбайбы? Бирок ошондой болсо да чыгаан сынчы, нары мүнүшкөр, шумкардын тула боюнан кирит табамбы деди окшойт. Ошентип жатса да бир талпынып, бир былк этип койгон жок кара шумкар.
Муну көргөндө Кудайбергендин шумкары алп кара кушту көргөндөй жүрөгү түшмөк. Бакырмак, чарылдап-чаркырамак, канатын каккылап керээрге чуңкур таппай жерге, сууга житип кетүүгө аракет кылмак. Экинчи тоодак түгүл, коёнго бармак эмес. Жүрөксүп калмак. Ошон үчүн өз шумкарын баласынан тышка жөнөтүп жиберип олтурбайбы кыра мүнүшкөр. Жедеп туулгандан жумурткасынан бирге жарылып чыккансып канаттуу куштар менен бирге жатып, бирге туруп өскөн Кудайбергендин мындай амалын Көкүмбай кайдан билсин. Кокус Кудайбергендин ителгиси туурда турса кара шумкар талпынмак, талпынмак түгүл колдон чыгып кетсе барып баса калмак. Муну Кудайберген Көкүмбай эшик аттары менен билип койбодубу.
Кудайберген Кара шумкарды көпкө чейин колунан түшүрбөй тиктеп олтурду. Кайда, оо бир оокумда барып томогосун катты. Ошого чейин Көкүмбай да бир ордунан козголбой мелтиреп үн жок, сөз жок талып олтура берди.
Кайран киши, башка бирөө болсо жарылып кетпейби. Дегдеп келгенге жараша атактуу мүнүшкөр, ченде жок сынчы шумкарды не нары, не бери деп койсо боло көңүл улап.
Көптөн кийин Кудайберген кара шумкарды кондурган бойдон ордунан обдулуп турду да, капшытта бош калган өз ителгисинин тууруна аны алпарып кондурду. Керегенин түбүнө такай житире кагылган кичинекей темир казыктын төңөлүгүнөн шумкардын узун боосун өткөрүп байлап салды да, кайрылып келип төрдө олтурган Көкүмбайдан окчунураак коломтонун жакасына жакындап өз ордуна келип олтурду, Кудайбергендин бул теңсинбеген кыялына Көкүмбай катуу туталанып итатайы кармап, кыжыры кайнап буулукту. Сөгүп жибере таштап октос берип барып, өзүн-өзү араң токтотуп жатты. Аны Кудайберген да билип турат. Өтө кырс киши эмеспи. «Ылайым жарылып кетер күнү кана» дегенчелик кылып мисирейип койду.
Чай алдыга келгенден кийин сөз кызуу башталды. Мына эми, эр болсоң токтотуп көр. Сөз дегениң өстөн арыктын капталы жарылып, ээ-жаа бербеген жазгы тентек суудай шаркырап агылды. Неге токтолсун, өзүн-өзү араң кармап олтурган Көкүмбайдын бүчүсү бошой түштү. Сөз дегениң дабырата төккөн мөндүрдөй, шатырата куйган жамгырдай куюлду. Бирөө Жумгалдан, бирөө Кочкордон чыккан — эки чечен өткөндөн айтышты, кеткенден айтышты. Сарбагыш, саяк ичиндеги нечен-нечен журт башкарган акылман мыктылар, атактуу аш, тойлор, эр сайышка түшкөн-баатырлар, чыгаан күлүктөр кеп болуп акыр аягында кайта эле алгыр канаттууларга токтолушат.
Кызуу аңгемелер аяктап, оту тартылган казандай дымый калганда сөз учугун Көкүмбай улады.
— Мен бир ишке таңмын. Муну бир билсе сен билесиң. (Экөө курбу болгондуктан сиз, биз дешпей, сен, мен, Куке-Көкө дешпей, Кудайберген, Көкүмбай деп сүйлөшчү). Илбесиндердин көбү кургакта болот. Сууда жүргөндөрү да кезегинде кургакка жайылып чыгат, өмүрү көлдүн үстүнөн ажырабаган, ажыраса да жээктерине чейин келип, алыска багыт аларында жылдыздан бийик учкан ак кууларды алгыр канаттуулар ала албайт го деп ойлойм?
Кудайберген бир аз жылмая түштү да:
— Ак куулар бардык канаттуулардан опоңой алдырат, — деди.
* * *
— Саратан күз. Көл башындагы кайындарыма барып калдым. Шапак деген элдин уруусунан чыккан, жумурай журтка белгилүү, атагы алыстап кеткен Томо деген мүнүшкөрдү көрсөм дегенде ак эткенден так этип жүргөн кезим. «Томо эртең ителгилерин кууга агытат экен» деген кабар кулакка шак дей түштү. Өңгөнүн эмне болгонун билбейм, чынымды айтайын, ал түнү көз ирмегеним жок. Эси-дартым Томодо болуп какчайып таң атырдым. Үйгө жарык шоола чачырап, түндүк жабуу серпилер менен төшөктөн ыргып турдум. Жолдошторумду түрткүлөп ойготуп, эртең мененки чайга да карабастан шапа-шупа ат токунуп жол тарттык. Күзгү семиз аттар кандай күүлүү. Аяң-буяң дегенче болбой Томонун айлына күндүн тумшугу тиери менен жарыша чаап жетип бардык. Айылдын тушундагы аккан сууну бет алып, эки карысына эки чака кыстарган жаш келин маңдайыбыздан бетме-бет чыкты. Сурасак «Томонуку» деп айылдын аркы четинде обочороок жумурткадай апаппак дардайган ак боз үйдү көрсөттү. Ат дүбүртүн угуп, үйдөн бир жан да эшикке басып чыкпады. Үйдүн сырткы эки капшытында эки кара тайган тумшуктарын колтуктарына катып тоголоктошуп жатат. Аттарыбызды байлаштыра салып, камчыларыбызды бүктөй кармап, салам айтып шып-шып кирип бардык. Үй ичин жаны эле жыйган көрүнөт, эртең мененки насибин да ичишпесе керек.Коломтого жакын кире бериштеги сол капшытка салынган үч бүктөм кара көлдөлөңдүн үстүндө башында апаппак топусу бар, эттүү-жөндүү манаттай кыпкызыл киши малдаш токунуп олтурган экен. «Томо деген ушу болбогондо анан ким болот эле» деп, ичибизден ой жоруп койдук. Болжолу жетимиштин ары жак, бери жагы дей тургандай. Бирок жарашыктуу сыйда сакал, субагай тарткан кер муруттарынын ак чалганы байкалбайт. Нурдуу жүзү алманын наарындай тарам-тарам. Өңүнүн эч бир жерине бырыштын изи түшпөгөн. Бетинен бит тайгаланчудай тасыраят. Кашка баш, ак маңдай жаркын кабак, бакырайган эки көз илбирстикиндей күлүңдөп, от болуп күйүп турат. Кокус сурданып теше караса адамдын шилисине чыга түшчүдөй. Мүнөзүнө караганда өмүрү жамандык көргөн жан эмес. Кунан минип, куш салып, булут чайнап, муз бүркүп жүргөн берендердин бири көрүнөт. Деги эле карылык үч уктаса түшүнө кире турган эмес. «Келгиле, балдар» деп, жүк тарапты көрсөтүп жүзүн буруп койду, өзү ордунан солк этип да койгон жок.
Неченчи аялы экенин билбедик, өзүнө караганда өтө эле жаш, отуз-отуз беш чамасында го деп болжодук. Бою шыңга, тараз келген, артык баш эти-жөнү жок, өңдүү-түстүү, карагаттай эки көзүнөн жаштыктын оту ойноп бизди караган сайын жалын чачып турду. Үстүндө кийгени ак шайы көйнөк, салынганы ак жибек жоолук, жашыл тукаба чыптама, далысынан соорусуна чейин төгүлгөн кол көтөргүз күмүш шолпу, анын да ортолоруна каухар таштар чөгөрүлүп, тегереги ак бермет, кыпкызыл шурулар менен жылдыздалган. Жаш аялдын бүткөн бою козголгон сайын шарактап шолпудан үн чыгып турду. Буга чейин былк этпей сенек болуп олтурган бизге Томо карыя өзү сөз баштады.
— Жол болсун, балдар, эрте аттанган экенсиңер?
— Ооба. Шалбадан бастырдык — жоопту мен кайтарып турдум.
— Кебетелериңерге караганда Тилекмат уулунун балдарына окшойсуңар.
(Тилекмат Чыныбайдын атасы).
— Сарбагыш болобуз, Кочкордонбуз.
(Тилекмат Чыныбайдын атасы).
— А, ошондой де. «Чыныбайдын Шааркан деген кызынын күйөөсү келип, Чыныбай өргөө көтөрүп кызын узаткан жатат» деди эле, ошо күйөө балдардан болуп жүрбөгүлө.
— Туура айтасыз.
— Күйөө бала сенсиң го, сыягы — мени тике карады.
— Ооба,
— Күйөө баласы мүнүшкөр экен деп уккам. Ысмың ким?
— Кудайберген.
— А... туура, туура. Эми балдар келген экенсиңер? Бүгүн менин кууга жайылар күнүм экенин кайдан уктуңар?
— Эл эмеспи, угулду.
— Баракелде, баракелде, балдар, бир аз күткүлө. Менин да шакирттерим келип калар учуру болуп калды. — Аңгыча тыштан аттардын түрсүлдөгөн добуштары угулуп, кобур-собур үндөр чыгып калды.
— Келишти го, — деди карыя, ал киши ордунан обдулганда биз карап турабызбы, баарыбыз эшикке жабыла чууруп чыктык.
Көгүчкөндөй окшош жети жаш жигит эшик алдында кырка тизилип атчан туруп калышкан экен. Ат жабдыктары бириникинен бири айырмаланбайт. Кийген кийимдери да бир бычмачы бычып, бир бычмачы тиккендей. Ар биринин боюна жараша жарашыктуу кыналган. Бирөөнүн да буруу-терүүсү жок, баштарында апаппак калпактар. Айрымдарынын билинер билинбес жаңыдан учтары кылтыйып келаткан муруттары бар. Бир үйүрдөн бөлүнгөн кунандардай, бир уядан учуп чыккан балапандардай опокшош. Баарын тегиз он сегиз, жыйырмалардын ортосунда десең карап тургандардын бирөө да талаша алчудан эмес. Ала-сала көргөн суук көз адамдын көзү тийчүдөн. Тим эле Ала-Тоонун жаздагы солкулдак ышкындары, ананайындар. Өңдөрү да бири-биринен айрып алгыс. Сабагынан үзүлбөй катарлаш тизилип эзиле бышкан алмадай жүздөрү тамылжыйт. Аттарычы, эгиз төрөлгөнбү, бир бээнин кулундарындай опокшош карабоз. Колдорунда алакандатып татынакай өрүлгөн бугу камчылар, белдеринде жаркыраган күмүш кемер курлар. Жети жигиттин ат үстүнөн түшпөй тизгиндерин жыя кармашып катары менен тизилип турганын көргөндө аларды далайга чейин тиктеген көздөрүбүздү тарта албай талый түштүк. Асмандан түшө калдыбы же жерден чыга келдиби? Жети кишинин бирөө кыдыр болот дечү эле ушунун ичинен кимиси кыдыр? Ай буруу-териси жок жетөө тең кыдыр го. Биз тиги жигиттерди карап делдейип турганда: «Ителгиңерди кондуруп чыккыла», — деди Томо карыя. Жигиттер машыккан аскерлердей аттарынан шапа-шупа ыргып түшүп, байлаштыра салышты да наркы катардагы боз төбөл чоң үйдөн томогочон-томогочон бир бирден ителги кондуруп чыгышып, кайра жабалактап аттарына миништи. Ар жактан дагы бир жигит жумшак көрпөчө салынып, келиштире токулган, жерге жакын жалпагыраак келген курсактуу боз жоргону жетелеп келип, Томонун алдына тартты. Анан ошол эле жигит кайра чуркап кетти да жанагы боз төбөл үйдөн бир кара ителги кондуруп жетип келди. Айланайын акебай көргөн көзүмө өзүм ишене албадым, ителги дечүдөн эмес. Канат куйруктары сынган, жүндөрү көөнөрүп жыртылган малакайдай уйпаланган. Ит талаган короздон бетер кейпи кетип ышпалдасы чыккан, бүткөн боюнда тамтык жок ушаланып бүткөн. Томонун колунда ушундай жаман ителгинин конуп турганына, кондурган Томо эмес быякта турган биздин да кыжырыбыз кайнап, ичибиз тартылды. Жөн эле ыргытып жиберчүдөн, айла канча кондурган Томо болсо.
— Бастыргыла, балдар — деди да, өзү боз жоргосун бөжүтүп алдыга түшүп берди. Томо жети шакирти менен биз он жигит күн аркан бою көтөрүлгөндө кол жээгин көздөн шатыратып жүрүп калдык.
Коңур күздүн таң эртеңден берки сыдырым жели көлдүн чет жакаларын майда-майда тармал толкундарга айландырып кытыгылап турган кези экен. Улам арылаган сайын толкундар кош кабат-кош кабаттанып көк майсаңга жашыл килемдерди күбүгөндөй бүктөлө-бүктөлө түшүп жондонуп-жондонуп көрүнөт. Андан арылап дагы алыстаганда керегеленген ак жал толкундардын биринен сала бири үстүнөн аша коюп, ордунан жыгылып тура калган азоодой уламдан-улам аңтара салына түшүп албууттанып жатканы байкалат. Асман ачык. Көлдүн тынч ала калган чет жакасы үстүнө күмүш бейказам чапан жапкандай күн нуру чачыраган сайын жалт-жулт, жалт-жулт этет. Жээктердин кенен булуңдарында өрдөк, каз, ак куулар өз-өз үйүр-үйүрү менен топ-топ болуп бирин-бири куушуп, көгөргөн көлүнүн үстүндө ыракатка батып ызы-чуу, күрү-гүү түшүп жүрүшөт. Анда-санда гана бирде учуп, бирде чекпелектеп көл бетине коно калып тынчы кеткен балыкчы ак чардактар.
Ак куулар көп топтошо калчу булуң-бурчтар Томого бакма тоогундай жедеп жат болгон сыяктанат. Ошондой кенен имерилиштин биринде өрдөгү жок, казы жок атайылап иргеп койгондой бир өңчөй ак куулар сүзүп жүргөн экен. Муну Томо капкайдан көрүп, артынан дабырата чаап келаткан бизди токтотту. Баягы жети ителги кондурган жети шакиртин жети жакка шилтеди. Алар чапкан бойдон жетөө жети дөбөнүн башына барып, кароол карагандай соксоюп атчан туруп калышты. Бизди: «Ушерден жылбагыла, тамашага батасыңар» деп тобубуздан ажыратпай чогуу калтырды. Өзү болсо баягы жаман кара ителгисин кондурган бойдон боз жоргосун бөжүтүп көл жээгин көздөй сызды.
Томо көлдүн ошол булуңундагы калың ак кууларга жакындап барып, жээкке жетер жетпес аркан бою калганда жаман кара ителгинин томогосун шыпырып алып, ошол жерге таштап койду да боз жоргону кудуткан бойдон кайра бизди көздөй салды. Ак куулар эч нерседен шек алган жок. Мойнун койкойтушуп суу үстүндө акырын жай жылып сүзүп жүрүшөт жаныбарлар. Томонун эмне таштап, эмне коюп кеткени менен алардын иши эмне? Өңүндөй аппак ичинде кирити жок жарыктык кой маарек ак куулар.
Томо боз жоргонун оозун биздин жаныбызга келгенде жыя тартып туруп калды. Баарыбыздын эки көзүбүз жээкте — баягы жаман кара ителгиде болду. Оо... кайда бир оокумда баягы байкуш жаман карага жан кирди. Ордунан козголуп сококтоп, мойнун көтөрүп жаман чапандын эки этегиндей дал-далынан кеткен эки канатын күбүнүп-кагынып силкинген болуп, куйрук башын таранып-талпынып, анан чычкан издеген көк кулаалыдай бирде учуп, бирде конуп көл жээгин көздөй салпактап жөнөдү. Ошентип олтуруп акырындык менен жээкке да жакын жетти. Кууларга көрүнүп коюп канат куйругун таранымыш болуп силкинип-силкинип көл жээгине соксоюп олтуруп алды. Муну көргөн куулардын кыжыры кайнап тынчы кетти. Чуркурап-чурулдашып, укуруктай моюндарын түптүз сунуп жиберишип көлдү таштап, тиги жаман ителгини кодулап далдайган канаттары менен чапкылашып кубалай башташты жабыла. Ителги алар жакындаган сайын улам берилеп эшик төрдөй жерге секирип конуп олтуруп, өр тартып жөнөдү. Бизди карай куулар улам жакындаганда ал да өйдөлөйт. Алардын шакылдаган кызыл тумшугун жаман ителги боюна жеткирбейт. Ошентип олтуруп кууларды кургак жерге чыгарып көлдөн итабар алыстатып таштады. Көл тай чабымга жакын обочо калды.
Бир кезде баягы жаман кара ителги качырып тиштегени тумшугун сунуп келаткан бир кууну шак баштан алды да башмалдырык атышып бирде ителги, бирде куу үстөмөндөтүп жатты. Куу ителгинин колунан башын чыгара албай жан айласы түгөнүп, эки канаты менен жер чапкылап бош топурактын чан асманын чыгарып жиберди. Калган жоон топ куулар да беркисин бошотуп алыш үчүн ителгинин үстүнө үймөлөктөшө түшкөндө, Томо шакирт балдарына тебетейин булгалактатып кол жаңсады. Ошону күтүп турган тигилер ителгилердин томогосун шыпырып кой беришти.
Мына эми кызыкты көрүп ал! Кудай бетин көргөзбө, туш-тушунан качырган ителгилер жан койчубу. Дүпөдүп-дүпөдүп болуп эле жатып калды. Асманга алмак-салмак атып чыгышып, кайра жоо аралап качырган найзакерлердей топтошкон кууларды улам бирден дал ортого дааналап уруп өткөндө, жүндөрү жаздыктай сапырылып, ооздорунан кара кочкул кан кетип, жер кучактап барып талп этип түшүп жаткан ак куулар. Баягы манасчылар айткандай, аяң-буяң эткенче, ачып көздү жумганча жоон топ ак куулардан бирин-экиси болбосо, калып жарыган жок. Заматтын ортосунда ташы талкан күм-жам болду да калды. Жан коёбу, ошончо ителги?!
Дабыраткан бойдон сабап жетип барсак, баягы жаман кара байкуш бир дардайган чоң ак куунун үстүндө ак төө минген жаш баладан бетер токчоюп олтурат. Эчак эле мойнун кыйып, алкымынан кан алып таштаптыр эргул.
Алдыбыз экиден, артыбыз бирден куу байланып, олжого тунуп жолго түштүк.
* * *
«Жумгалдан Кара шумкарын кондуруп Кудайбергендикине Көкүмбай келиптир» деген кабар айыл айылга дуу тарады. Эртең менен Кудайбергендин инилери Суранчы баштаган Чомор, Байкубат, Жээнчоролор келишти. Булардын ар бири өз алдынча мүнүшкөрбүз деп жүргөн немелер. Алардын алдында эле Кудайберген кара шумкарды туурдан колуна алып кондуруп олтурган. Качан эл чогулуп ышкылуулардын ышкысы кайнап баратканын билген Кудайберген анан шумкар жөнүндө сөз баштады:— Жумурткадан чыккандардан мындай асылды биринчи жолу көрүшүм. — Келгендер Кудайбергенди бир карап, шумкарды бир карап, экөөнөн тең көздөрүн албай олтурушту.
— Канат-куйруктары мындай турсун, майда жүндөрүнүн арасында да өңү буруусу жок экен. Бүт капкара. Жада калса эки колтугуна чейин. Кузгундун өңүнөн айрымасы жок. Ошого жараша шумкар белгилерин көргүлө! — Экинчи колу менен куйругун өйдө көтөрүп:
— Карагылачы, мынабу саңоор жүндөрдү. Атайылап көөлөп койгондой. Кекиликтин боор жүндөрүндөй, туура-туура түшкөн кара тактар чыныгы шумкарларда болот. Көрдүңөрбү, мунун эч жеринде кирити жок, туптунук, таза касма шукмар деп ушуну айтат. Куйругунун учтары менен тепетең, тимеле тегиздеп койгондой. Бул учкулдук белгилери. Башка шумкар ителгилердики мындай болбойт. Алардыкы бири узун, бири кыска, чала капшырылган керегедей майышып-чоюшуп турат. Буту-колун карагыла, шадылары бүркүттүкүнөн кем эмес экен. «Жем басар» деп ушунукун айт. (Ителги куштун бармагын жем басары дейт. Жем жегенде ириде ошол бармактары менен басат). Тиги манжаларынан обочолонуп алыс экен. Кыраандардыкы ушундай тейтек келет.
Тегеректегендер шумкардан көз айырбай тиктей беришти. Көкүмбай кечетен бери шумкары жөнүндө сөз кылбай койгон Кудайбергенге ичи жылып, бугу жазылып, бүткөн бою чымырай баштады. Ошентсе да «баракелде билгичтигиңе! » деген сөздү кошомат болуп калат го дегенчелик кылып курсагынан чыгарбай койду. «Атаңдын көрү ушундай сынчы, ушундай таасын мүнүшкөр биздин Жумгалда жок ээ» деп, ичинен өкүнүп турду.
Кудайберген акырында кара шумкардын томогосун шыпырып алды. Шумкар ормоңдоп мойну башын койкоңдотуп, тегеректеп олтурган элди карады. Ошондо да талпынып теминип койгон жок. Ал түгүл канат-куйругун да былкылдатпады. Кеп кылып союп каптагандай солк эткен жок. Кудайберген сөзүн улады.
— Карачы, кайран эрдин эки көзүн, туптунук, сууга чайкаган мончоктой мөлтүрөйт. Жаандан жуулган кара алчага окшоп. Тумшугу эмне, бул тумшук менен бир тартканда тоодак эмес текени мууздабайбы, тимеле кекиртегин жулуп алар.
Отургандар күчөтүлүп айтылган сөзгө күлүп калышты.
Ошондо да Көкүмбай жылмайып койгон жок, тулу кейиптенип мелтиреп олтура берди. «Ракмат» деп Кудайбергенге айтканды намыс көрдү окшойт, отурган ордунан солк этип да койгон жок. Бир ооз «баракелде» деп койсо боло чиркин. Көк да, ошон үчүн көгөргөн Көкүмбай аталган да. Кудайберген дагы андан ары сөзүн уланта берди.
— Чоңдугу — деп токтоло калып, — ителгиден мындай зор чанда чыкпаса чыкпайт. Аз эле жерден бүркүт болуп кала жаздаган экен. — Акырында Кудайберген сөзүн жыйынтыктады:
— Эми муну бир кол менен жакшы алып жүрсө көзүнө көрүнгөндүн баарын алат. Тажабайт, чарчабайт. Эч бир жеринде кырт эткен өөнү жок, мындай шумкар болбойт. Табылбайт. Кийин картая баштаганда гана сырты көгүш тартып, кара жүндөрү боз чагар болуп кетет — деди.
Кудайберген кара шумкардын томогосун кайра катып, туурга алпарып кондуруп койду. Көргөнү келгендер жайыла-жайыла басып кетишти. «Кечээ келерим менен шумкарды колуман алып карап олтурду эле, эмне үчүн бүгүнкү сөздү кечээ айтпады экен?» деп түнү менен шумкары жөнүндө бир ооз сөз укпай тумчугуп жаткан Көкүмбай ичинен улутунуп койду.
Бүгүнкү сөздү Кудайберген кечээ деле айтмак, бир сөздү эки кайталаганды жаман көргөн кырс киши: «Баары бир эртең эл жыйылып келет, сөзүмдүн даамын кетирбей ошондо чогуу айтармын» деп койгон кайран киши.
Кудайберген Көкүмбайдын кара шумкарын күн мурун эле барган келгендерден угуп жүрчү. Бирок бастырып барып көргөндөн эринген. «Шумкар өзүмдө деле турбайбы, бир «чымчык» үчүн Кызарттын белин ары-бери салактап ашып жүрмөк белем», деп намыстанып койгон. Мына эми ошол чыгаан шумкар өзү келгенден кийин аны сындабаска болобу? Шумкардын тулку бою деле айт-айт деп турбайбы! Ошон үчүн болгонун болгондой айтты да койду.
Көкүмбай Кудайбергендикинде мына кетем, ана кетем деп атып бир айга жакын жүрдү. Канаттуунун кызыгына түшсө кетирчү беле. Кудайбергенде бүркүттөн баштап турумтайга чейин бар болчу. Коңур күз. Илбесиндердин кыйгач келип турган учуру. Бир күнү кыргый, бир күнү ителги, куш, чүйлү салып жүрүшүп экөөнүн күзгү күндөрү кызыктуу өтүп жатты. Ажырашаардын акыркы күндөрүнүн биринде кара шумкарды тоодакка алып чыгышты. Буга чейин да кара шумкар Кудайбергендикине келгенден бери далай жолу салынган. Алып чыккан сайын кур кайтышчу эмес. Жок эле дегенде жети-сегиз, болбосо он-он бештен кемитпей тоодак түшүрүп турду.
Кочкор-Атанын өндүрүндөгү боздорго күүгүм талаш-күүгүм талаш калың тоодак келип конгонун айылдын уюн кайтарып жүргөн бала келип кечинде буларга кабар кылды. Кеч күүгүмдө келип конгон тоодактарды атайлап киши учурбаса түшкөн жеринде түнөп каларын бул экөө жакшы билишет. Эртең менен эрте ошол жакты бет алып бастырышты. Булардын артынан дагы үч-төрт ышкыбоздор чапкылап жетишти. Айткандай калың тоодак оттоп жаткан экен. Жакындап келаткан элдин караанын көрүп, укуруктай мойнун алда кайдан созушуп чурк-чурк этип тоодактар шек алып калышты. Кудайберген Көкүмбайды Кочкор-Атанын чокусуна чык деп ошо жакка жиберди. Качан ал дөбөнүн үстүнөн көрүнгөндө бер жакта калгандар чаап жетишип тоодакты учурушмак болушту. Жапыс дөбөнүн чокусуна Көкүмбай бат эле сабап чыгып барды. Тоодактар өтө сак болот эмеспи. Берки топ кишилер үркүткөнчө эле калдактап уча башташты. Көкүмбай шумкардын томогосун тартты. Кара шумкар аралаша түшкөндө көтөрүлө берген тоодактардын тобу чарт экиге бөлүнүп ортосунан жарыла берди. Шумкар бир тоодакты кагып өттү. Калгандары жан талашып жерге түшө качты. Атчандар аларды кайра учурушту. Асманга атып чыгып кеткен шумкар кайра кырданып келип дагы бирөөнү койду эле, а дагы тердиктей далдайып барып жерге түштү. Тепкен сайын тоодактардын жүндөрү сөгүлгөн жаздыктай бырыксып, асманда өйдө-төмөн самсаалап көпкө чейин бириндеп турду. Корккон тоодактар алыс узай алышпай улам биринен ажырап ызы-чуу түштү. Бир кезде кара шумкар катар учуп бараткан эки тоодактын бирөөнү койду эле ал экинчисине барып урунуп, экөө тең жерге кулап түштү. Бир заматтын ортосунда ондон ашык тоодак жалпайды. Мындай жоону көрбөгөн байкуштар баштагыдай көтөрүлүп учмак кайда. Кирээрге чуңкур таппай баш-аламан ызы-чуу түшүп, туш-туш тарапка сендиректеп бириндеп кетишти.
Бир кезде кайдан-жайдан келгенин ким билсин бир бүркүт келип жанагы бири-бирине урунган тоодактардын бирөөнүн оң канаты мүрүнөн чорт үзүлгөн экен, ал байкуш жерге боюн токтотуп баса албай телчиге элек балапандан бетер бирде жыгылып, бирде туруп тамтаңдап жаткан учурда ал шордууну эңип алып бөктөргөн бойдон жөнөсө болобу. Аны көрөөрү менен асманда айланып даяр турган кара шумкар качырып келип бүркүттү «дүп» дедире бир коюп өттү эле улак ала качып келатып жыгылган көк бөрүчүдөй болуп бүркүт бир жерге, тоодак бир жерге барып түштү. Шумкар кайра асманга атып чыгып кетти. Белен оокатка кызыккан шору каткан бүркүт сан жерден барып көмкөрүлгөн казандай ташка тийсе болобу. Оозунан уюган кара кандар балт-балт кулгуп жатып жан таслим болду да, а дүйнөнү карай кете берди. Карачы, бөйдөдөн-бөйдө ажалың жеткирдин ажалы жеткенин. Мээнет кылып таппаган арам тамактын арты ушундай болот экен да.
Бардыгынан да кара шумкардын бүгүнкү окуясы теңдеши жок окуя болду.
* * *
Көкүмбай эртең кетем деген күнү кара шумкарды алып Кудайберген экөө дагы тоодак издеп чыгышты. Бул күн экөөнүн акыркы күнү эле. Баягы кынык алып калган Кочкор-Атанын өндүрүн кыдырып жүрүшүп бир да тоодак тапай коюшту. Мындан эки күн мурунку катуу кыргындан кийин аман калган тоодактар башка жакка ооп кеткен сыягы бар. Жолу болбогон эки мүнүшкөрдүн алдынан эки коён качты эле аны кара шумкар бурчатпай туруп жалпайта тээп берген. Алардын эси-дарты тоодак болду. Тоодак жок. Табылбады. Кечке жуук ичиркенткен муздак шамал согуп келди. Түш оогандан тартып күндүн тейити бузук болчу. Өрөөндү эки жагынан калкалап турган аркы өйүз, берки өйүздөгү бийик тоолордун башын өңү суук коюу кара булуттар чулгап алган. Алар чай кайнамга жетпей көк асмандын жүзүн жылчыгы жок бүтөдү. Тоодак таппаганы аз келгенсип эки мүнүшккөргө күндүн бүркөгү да каргаша болду. Бир чети сыдырым соккон муздак шамалга чыдабай, экинчиси жаан жаап жиберсе ого бетер суу болобуз го дешип үйдү көздөй салышты. Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу кара тумшукту имериле бергенде койкоюп оттоп турган эки тоодак көрүндү. Кудайберген «кой» дегенге болбой Көкүмбай кара шумкардын томогосун тартты. Шумкар тоодактын бирин жерден көтөрүлө бергенде, экинчисин узай түшкөндө тарс-тарс тээп түшүрдү. Анан жерге түшпөй асманга айланып туруп алды. Алар антип-минтип тоодактарды байланып бастырганча шумкар ого бетер бийиктеп көкөлөп кетти. Бийиктеген сайын катуу шамал ылдыйлатпай улам өйдө калдактатып олтуруп, суу таштаганы турган тиги көктөгү калың кара булуттун арасына кар шумкар теменедей тепчилип кирип кеткенде, өңү кара неме ого бетер көрүнбөй калды.Көкүмбай ары-бери чапкылап кыйкырып-өкүрүп куу-куулап чырга тартып, далбасын булгалады. Шумкардан дарек болбоду. Аңгыча кар, мөндүр аралашкан катуу жаан шыбыргактатып төгүп жиберди. Этиң түгүл, табагың кайда болуп, шумкар эмес өзүлөрү сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөштү. Үшүгөнүнөн ээк-ээгине тийбей калчылдаган Көкүмбай менен Кудайберген өлүп-талып а күнү араң үйгө жетип жыгылышты.
Бул түндүн таңын Көкүмбай уктабай атырды. Санаасы санга бөлүнүп, оюна шумкардан башка эч нерсе кирген жок. Шумкар колуна келгенден берки анын кыял-жоругун көз алдынан тасмадай чубап өткөрүп жатты. Таң аткандан баштап шумкарды кайдан издерин ойлоно берди. «Жумгалда болсо талаага түнөп калса да эртеси үйгө келчү эле. Эми Кочкор ичинен каякка кетти экен. Ортоктун кара тоосунун бир борчугуна түнөп калдыбы же андан ары Шамшы, үч Көркол, Түндүк, Керкебестин катмарларына сүңгүп кирип кеттиби? Болбосо өйүзгү түздүн ак чаптарынын бирине барбасын?» Мындай сар-санаанын нечендери Көкүмбайдын кан тамырында түнү бою тынымсыз жүгүрүп турду.
Төшөктөн тураары менен Көкүмбай аттана турган болду. Анын карбаластап шашып кийинип жатканын Кудайберген байкап:
— Ой эмне, таң атпай кайда барасың? — деди жаздыктан баш көтөрө.
— Аттанам, шумкарды издейм. — Кудайберген борс-борс күлдү.
— Ой, ал кой беле короодон карагандай? Же тушоолуу ат деп турасыңбы? Жер асмандын кай жеринде жүргөнүн билесиң?
— Кечээки жерлерге барып чырга тартам. Болбосо Кара тоонун этегин бүт айланып чыгам.
— Кой, убара болбо! Ал үйүңө кетти. Ушул тапта тууруңда олтургандыр. Уя бала ителги да каччу беле. Анын атын кыраан дейт. Ал кечээ экөөбүзгө таарынып калган. Дайым топ аралап, топ бузуп жүргөн кыраан, кечээки эки тоодакка моокусу жазылып, кумары канган жок. Кой десем болбой салбадыңбы.
— Кечээ кеч болуп калган, кайдан үйгө жетсин.
— Жиндисиң го дейм, ал эмне көз ачып-жумганча барат да коёт. Асмандын ашуусу бар бекен? Суу кечип, баткакка тыгылып жатпаса, ушу турган Жумгал канаттуу кушка кеппи. Кара шумкар Бээжинден чыкса да, көз ачып жумганча келер. Ат болбосо ал ташыркап баспай же жинигип калгандай? Кой, убара болбо?
Көкүмбай Кудайбергендин айтканына уюбады. Уюмак түгүл анын сөзүн какшык ойлоду. Шылдың кылган катары түшүндү. Мазактап жаткандай кабыл алды. Ачуусу келип өңү бузулуп, сакал-муруту бириндеп (каарданганда сакал-муруту камандын жалындай сайылып, өңү башы түктөйө түшчү) кабагын карыш салып, үйдөн даам татпастан бастырып кетти. Айылдан узап чыкканда сөгүндү: «Акмак атаңдын көрүн урайын!.. Мен да муну киши экен деп келсе, «Токто, мен да кошо бастырып издешейин»— дегендин ордуна, «ал кой беле, ал ат беле» дейт. Дагы борсулдап күлүп койгонун кантейин уялбай. Жедеп үйүнөн чыкпай үй каман болгон чочко, туугандары ушундайынан үй күчүк атантып таштаган да»
Көкүмбай ал күнү керээли кечке Кара тоонун аркы этегин, берки этегин бүт айланып чыргаа тартып, далбаасын булгалады. Кайта-кайта куу-куулап кыйкырып жүрүп үнү да бүткөндөй болду. Шумкардан дайын жок, шеги билинбеди. Кечке жуук жолду-жолдото бир үйгө түшпөстөн ач-тогуна карабай ачуусу шакардай кайнаган намыска бек көк киши аттын күчүнө салып, түнү менен үйүнө келип түштү. Келээр менен туурунда олтурган шумкарын көрдү.
ҮРКҮН
1916-жылдын күзү. Кыргыз жергесинин ар тараптарынан жырткычтардай качырып сала берген ак падышанын куралдуу аскерлеринин кырганына чыдабай, бейкапар тынч жаткан калк жыт алган кийиктей доңшуп үркүн калышты. Бул жүзүң курган алааматтын эмнеден чыгып, эмнеден башталып кеткенин жумурай журт, калайык калктын азчылыгы билсе да, көпчүлүгү билген жок. Бир даары: «Падыша Герман менен урушуп жаткан экен, аскерлери суйула калганда кыргыз, казактардан аскер алмак болуп, болуш-болуштарга өкүл жибериптир, өмүрүндө аскер берет дегенди көзү көрүп, кулагы чалбаган жумурай журт: «Карындан чыккан балабызды чыркыратып туруп кантип өлүмгө кармата беребиз, мындан көрө падышанын колуна өлүп бергенибиз оң», деп жапа тырмак каршы турган экен, ошон үчүн падышанын кыжыры кайнап солдат жиберип элди кырдырып келатыптыр десе, «Жок андай эмес, ат, тон, мал, мүлк, жер-сууну тартып алмак экен да кыргыз болгон жерин кайберендей качырып ак кар, көк муз, азаба, зоо, аскаларга сүрүп таштамак болуптур, ошон үчүн аскерлер элдин артынан сая түшүп кырып келатат» дейт, анан кыштыр-жайдыр муз төшөнүп, кар кечип, бороон-чапкында жүргөн элден бирдеме калчу беле баары бир кырылып тукум курут болобуз да дешсе, дагы бирөө дагы бир себептерин айтып эл арасы ызы-чуу күрүгүү түшүп, өз кулактарынан өзүлөрү үркүп жатышты.
Бетине келгенин кырып келаткан аскерлерсиз алдынан каршы чыгып такоор кылмакка топтошкон эл сан жагынан канчалык көп болсо да аскерлердин кылычы алда кайдан жаркылдап, беш атары тарсылдап үн чыгарганда колунда куралы жок эл туруштук бере албай бет-бетинен качып бозуп, безген бойдон жөнөштү. Качкан жоонун качырган жоо жаның коёбу, куралдын күчү менен далайын кырып салышты. Муну уккан өрөөн-өрөөндөгү айылдардын эли калып жарыган жок. Тайлуудан таяк калбай, тоо таянышып, чер токой аралап, кокту-колотторго житип-житип жок болушту. Качып үлгүрө албай эс акылынан ажырап шашкалактап калгандарын, бала-бакыра, кары-картаң, катын калачына карабай, артынан сая түшкөн кутурган аскерлер бирден терип ат менен тебелетип жүрүп кылычтап ташташты. Өз эл, өз журтунан ажырап, чуру-чуу түшкөн байкуштар, тээтиги карарып-түнөрүп мунарыктап боз түшкөндөй чамбыл тартып батыштан чыгышты, чыгыштан батышты карай төө өркөчтөнүп чубалжып жаткан катмар-катмар бийик тоолордун ары жагынан бүлбүл көрүнүп, айчылык алыс жаткан Кытай жерин көздөй жол тартышты. Там-ташы, мал-мүлкүнө кайыл болуп, кырылгандан калган аттуу-жөөлөр бет алган жагына самсып жөнөштү. Бир даары сыйынтка коргологон кекиликтердей аскер эмес как эткен карга, кук эткен кузгун көрбөй турган туңгуюктарга түшүп, чилче бириндеди. Мөөрөгөн уйлар, маараган койлор, ботосунан ажырап боздогон төөлөр, үйүр-үйүрүнөн адашкан жылкы, энесин издеп чыңырган кулун тайлар кокту-колот, жыбыт-жылгаларда жапайы кийиктердей топ-топ болуп ээлеген ээси жок калышты.
Көкүмбайдын айылы сүрдүккөн элдер менен кошо Соң-Көлгө ашып түшүп, кыштын күнү ал жерге да токтоло албай күндүз жүрбөй, түн жамынышып жолу жок буруу жерлер менен Нарын, Атбашынын тоолорун аралап олтурушуп Аксайга жетип, Аксайдын суугуна да чыдай алышпай азап-тозок менен Көкарттын белин ашып, өлдүм-талдым дегенде тирүү калгандары Какшаалдын капчыгайына түшүп, Үч-Турфан тарапка бет алышты.
«Кимди ким билди, Быржыбайды там басты» болуп, ар ким өз айылы, өз үй-бүлөсү менен алек. Кимдин эмне болгонун, ким өлүп, ким калганын эстен танып жүрөксүп калган байкуштар бири-бирин жоктошко чамасы келбеди. Үйүрүнөн адашкан жалаң мал эмес, аягы менен дайынсыз жоголгон катын-калач, кыз-кыркын, бала-бакыра да көп болду. Ызы-чуу, күрүгүү түшүп акылына келе албай улуп-уңшуп буркурап боздогондору канча? Кайран гана байкуш момун эл чачылды. Чачылганда да кудайды карабай чачылды бечаралар.
Качкындарды барган жеринде баш коштуруп бир жерге топтоштурууга эстүү-баштуу адамдар болобу. Болгон күндө да акылынан ажырап алдастап калган шордуулар биринин тилин бири ала турган эмес. Ар кимиси урукурукка, айыл-айылга бөлүнүп, Аксы, Үч-Турфан, Үрүмчү, ары жагы Текес, Кияз, Кулжага чейин элирген элдин учу созулуп кетти.
Көкүмбайды ээрчиген отуз чакты түтүн Дуулат уулу Куйручук баш болуп Какшаалдын өрөөнү түгөнгөн жердеги майда чабырларды пааналашты. Кокту баш сайын жылжып аккан суулары бир аз да болсо карагай-черлүү, токойлуу. Түп-түп жапан тал, чычырканак майда-майда жылгын, кыска-кыска жекен, камыш. Жери кара, кар түшпөй, отун-сууга кенен окшоду. Дагы бир жакшы жагы коктусу сайын короо-короо кой кыштаткан жергиликтүү кыргыздар көп экен. А деп барганда ошончо малдын баары ошол элдин өзүлөрүнүкү го деп болжошкон, кийин-кийин сураштыра келгенде андай болбой чыкты. Көрсө Үч-Турфан, Үрүмчү, Кашкардагы уйгур байларынын малы тура. Кыргыздар ошолорго жалданган малай шордуулар экен,
Какшаалдын өрөөнүнө кар түшпөгөнү менен карандай суугу какшатып турду. Качкындарда калкаланар үй-жай жок. Жергиликтүү кыргыздардан айланса болот. Канча кылган менен бир боор өзүлөрү дале өп-чап экен. Ошентсе да болбой эл журтунан азып-тозуп келген бир боорлоруна колдорунан келген жардамдарын аяшкан жок. Түтүнү куру калбай аяктап, табактап жыйнашып жыйырма бутка жакын дан чогултуп беришти.
Качкындар үстүн тал, чычырканак, алтыкана менен жабуулаган болушуп, жарга жамай үңкүр казышты да ошого суурдай сойлоп кирип кетишти. Антпегенде айласы канча байкуштардын. Мында да жергиликтүү кыргыздардын жакшылыгы тийди. Ар бир түтүндү куру калтырбай, эски-уску жууркан, төшөк, алдыларына салынар кийиз-кече, талпак-тулпак, казан, тулга, идиш-аяк чогултушуп беришти. Мурдагыга караганда жоктон көрө жогору болуп оңуп калышты.
Жаз кирип келди. Бул жердин жазы жаанчыл, көктөмү эрте болот экен. Канчалык күнү-түнү менен күргүштөп жамгыр төксө дагы жери таштак келип, суу терең сиңбейт окшойт. Чөбү узун эмес, кыска. Ой, кырына чыккан бетеге, шыбактардын бою сөөмгө жетпейт, ашып кетсе төрт эли. Жазгысын майда малдары бат ирденип, кыштан илбип чыккан арык-торугу тез көтөрүлүп, куйрук байлап эт ала баштайт экен. Көрсө жери кургак, таштуу болгону менен кыска чөбү күчтүү болот турбайбы? Улам төш таянып өр тарткан чыбырларында топ-топ болуп үркүп чыккан, төө тапан, карга тырмак, алтыкана, ак тикен. Булар төөнүн тамагы да. Төөлөрү ошолорду жеп өркөчтөрү жайы-кышы бирдей ийилбейт, типтик.
Эл үрккөндө: «Эмне кыласың, бул бечара бөйдөдөн бөйдө жолдо өлөт коё берсеңчи»,— дегенге болбой Көкүмбай кара шумкарды кондура келген Какшаалга. Мына эми ошол кара шумкар кыйынчылыкта бир айыл элди багып жатат. Какшаалдын адыр, түздөрүндө коён деген койдой жайылат. Жергиликтүү эл ителги, куш салганды билишпейт экен. Бирин-серин мергенчи капканчылары бар. Алар да түлкү, карышкыр, кийик уулаганга кызыгышып, коёнго анчалык көңүлдөнүшпөйт окшойт.
Көкүмбай менен Куйручук кыш бою кара шумкарга он-он бештен коёнду күнүгө тептирип келишет. Айлындагы түтүндүн үй-бүлөөсүнө жараша экиден, бирден бөлүштүрүшөт. Бул жердин боздорунда тоодактар да көп болот экен. Кай бир күндөрдө андан да көп алдырышат. Майда тал, түп-түп чычырканактардын арасында кыргоол дегендер жүнүн жейт. Бостек кызыл короздору чуркулдашып жүгүрүп жүрүшөт. Кара шумкарды токойдун үстүнөн айландырып коюшуп, өзүлөрү аларды аралап учуруп турушат. Кыргоолдор түнттөрдөн түз уча албай тип-тик. учушат эмеспи. Үстүндө шумкар айланып турганын кайдан билишсин, барпырап көтөрүлө бергенде кара шумкар кырдана түшүп уруп өтөт. Кыргоолдор ыргыткан тебетейдей топ этип түшүп турат. Эл муну менен да шорпо-шилеңден өксүбөй оокаттанып жүрүштү. Ошентсе да дан жааты кыйын болуп бала-бакыра, кары-картаңдар жазгы үзүмчүлүккө жакындаган сайын чыдай албай балапандардай чыйпылдай башташты.
Бир күнү Куйручук Бозала деген айылдашын ээрчитип, жүз коёндун терисин артынып Үч-Турфандын базарына жөнөдү. Кудай жалгап коёндун териси ал жакта пул экен. Бат эле өтүп кетти. Эки атка сылама жүгөрү ун, сагыра нан артынып жетип келишти. Дандын иши дан да. Дан таткандан кийин аз да болсо өңү-баштарына кызыл кирип, айыл ападагы бала-чака, кары-картаңдар тыңый түштү. Айылдагылар Үч-Турфандын кабарын сурашты. Куйручук көргөнүн көргөндөй, болгонун болгондой айтып берди:
— Жүзү курусун, арып-ачкан качкындарга базардын ичи жык. Күнүмдүк курсактын айынан бирин-экин жылт эткен буюмдарын ит жеминдей бирдемеге баалап беришет экен, шаардын байларына катын, кыздарын чыркыратып сатып жүргөндөр андан көп. Жалаң ичкен тамагы үчүн баш-оту менен кирип берген эр азаматтардан пайдаланып Үч-Турфандагы байлар бекер күчкө маарыган. Кочкордон, Жумгалдан, Кеминден, Ысык-Көлдөнбүз дегендер батпайт. Үстүндө үйрүп салган кийимдеринен тамтык жок. Өң-алеттен кеткен ач арбактай болгон адамдардан баш адашат. Андан көрү кудай кара шумкардын боосун бек кылса аларга караганда биз бир аз жакшыраак көрүнөбүз. Көкүмбайдын каңырыгы түтөп, баш чайкап жер тиктеди.
— Ай-ай-аай, эл байкуш кантер экен? Созулса да үзүлбөсө болду. Кудай түбөлүгүн түз кыла көр?!
* * *
Кынык тапкан Куйручук менен Бозала арасынан үч-төрт күн өткөрүп туруп Үч-Турфанга коён терилерин артынып бара беришчү болду. Ушундай күндөрдүн биринде базарды аралап жүрүшсө, бир жигит топ арасынан жүгүрүп келип Куйручукту мойнунан кучактап бакырып басып жыгылды:— Айланайын Куке, аман-эсен жүрөсүңбу? Кудай сени чын көргөздүбү, калп көргөздүбү? ! Түшүм болбой, өңүм болсо экен! Кудайга ыраазымын сени көрсөткөн! —Эки көздөн куюлган жаш эки жаактан ылдый агып салаа-салаа. Куйручук аны жакасынан өйдө тартып тургузуп туруп төшкө бир койду:
— Эй... Кудай урган немесиң го. Көтөнү түшкөн аюудай бакырган. Деги өзүң кимсиң кан базардын ортосунда шолоктогон. Бул быкпырдай кайнаган эл үркүп кетпейби. «Бир балаа болгон экен» деп, аты-жөнүңдү айтчы. Кайдан болосуң, ким болосун?!.
— Мени тааныбай турасыңбы, Куке? Жумабай эмесминби, Мойнок — Шакирдин иниси. Эл үрккөндө тентип жүрүп ушул жерге келгем. Сегиз жашар жалгыз эркек балам жолдо ачкадан өлдү. Жан багыш кыйын экен аялым экөөбүз Ибрайым-Ло деген уйгурдун кызматын кылабыз. Оту менен кирип, күлү менен чыгабыз. Берген тамагын акыбызга чегерет. —Жумабай көпкө чейин солуктап ыйлай берди. Куйручук:
— Болду эми кудай урган басыл?! Ойношун карматып эринен таяк жеген аялдай үңүлдөбөй! .. Бул жер ыйлай турган жер эмес, акмак десе, басыл, кайрат керек! — Жумабай бышактап жатып көптө барып басылды. Анан Жумабайдан Куйручук байдын жайын сурады:
— Деги байын кандай бай?
— Бул Үч-Турфанда андан озгон бай жок. Жүз нар, жүз качыры бар. Кытайдан тартып Индияга чейин кербен жөнөтүп соода жүргүзүп турат. Кой, жылкы, уй, төөсүнүн эсеби жок. Аны тоо арасында кыргыз малайлары багат.
— Оо, чоң бай экен. Үйүндө жумшаган малайлары канча?!
— Көп... Бөтөнчө качкын кыргыздар келгени бекер күчкө туйтунду.
— Эмесе сен бүгүн байындын үйүн мага сыртынан көргөзүп кой.
— Жарайт.
Жумабай Куйручукту улам бир ийри-буйру тар көчөнү айландырып олтуруп байдын дарбазасына алып келди. Байдын үйүн сыртынан көргөндөн кийин Куйручук Жумабай менен коштошту. Тогуз күндөн кийин келерин айтты. Жумабай тогуз күндү бирден санап Куйручукту күтүп жатты.
* * *
Базарга алып келген коён терилерин пулдагандан кийин Бозалага ат-тонду көздөтүп коюп, Куйручук Ибрайым-Лонукуна жетти. Ибрайым-Лонун дарбазасынын босогосун аттап кирип барганда Жумабай баш болгон он чакты качкын кыргыздар короонун ичинде таңгак-таңгак жүктөрдү ар жагындагы оозу ачылган кампалардын бирине тоголотуп киргизип жатышкан экен. Жумабай Куйручукту көрүп селт эте калганда Куйручук башын чайкап, көзүн кысып койду. «Сыягы таанымаксан бол» деген белгиси окшоп калды. Жумабай тынч ала түштү. Куйручук:— Лоңор үйүндөбү? — деди.
— Үйүндө.
— Кайсы эшигинен кирет?
— Ортодогусунан.
Куйручук көргөзгөн эшикти ачып кирип барганда каалганын түбүндө кылыч байланып турган жигит какайып тура калды.
— Ибрайым-Ло үйүндөбү?
— Үйүндө. Кирүүгө уруксат жок.
— Мен ал кишиге тартуу алып келдим.
— Туруп туруңуз мен кабарлайын. — Жигит кирип кетти. Куйручук көп күткөн жок. Кароолчу жигит кайра чыгып: «Кире бериңиз» деп баш ийкеди. Куйручук салам айтып кирип барганда Ибрайым-Лого катарлаш эки жаш жигит олтурган экен, ордуларынан атып тура калышып Куйручукка кол тапшырышты. Ло кызыл топучан, кызыл нооту чапанын жамынып бир бутун сунуп, бир бутун бүгүп жолборс талпактын үстүндө олтуруптур. Ордунан козголуп сунган бутун тартып да койгон жок. «Мындай келиң» деп, Куйручукка оң капталын көрсөткөн болду. Туруп турган эки жигитти карап ээгин көтөрүп ишаарат кылды эле, ал экөө буттарынын башы менен аяр басышып ошол замат ээрчишкен бойдон эшикке жылып-жылып чыгып кетишти. Сыягы алыстан жаңы келген кербен башчылары көрүнөт. Ло Куйручукту карай мойнун буруп:
— А... жол болсун, качкын кыргыз, — деди.
Ибрайым-Ло алтымыштан ашып калган сакал чачына ак кирген, бирок кубакай өңүндө бырышы жок, жүзүнө караганда анчалык карыдай эмес, чуйлүсү кочкордукундай кабат-кабат бүктөлгөн, жаздык Кучактатып койгондой курсагы бар, аны көргөндө Куйручук: «Арам дөөлөткө семирген иттин бирисиң го», деп ичинен ой жүгүртүп койду,
— Мына буларды сизге тартуулап келдим — деп кичинекей боз таар куржундун бүчүсүн чечип, анын ичинен кепке ылайыктап союлган кыргоолдордун кооз кызыл короздорунун терилерин биринен сала бирин алып Лонун астына коё баштады. Ибрайым-Ло аларды көпкө чейин тиктеп-тиктеп туруп, эки алаканын чаап койду. Үйдүн бир капталынан эшик ачылып, узун чачтуу орто жашаган аял чыга келди.
— Мынабу качкын кыргыздын тартуусун алып кет, — деп аялга күңк этти. Аял үн-сөзгө да келбей тогуз кызыл короздун терисин чогултуп кучактаган бойдон кайра ошол чыккан эшигине кирип, экинчи кайрылбай жок болду да калды.
— Тартууңа эмне аласың, качкын — деп Ло Куйручукка мойнун бурду.
— Өзүмдүн каалаганымды алам — деди Куйручук. Лонун ачуусу келип, өңү бузула түштү:
— Каалагакыңдыбы?
— Ооба каалаганымды, азыр албайм: Тогуз күндөн кийин келем, ошондо айтканымды айткандай орундатасың? ! Ибрайым-Ло: «Бул тентиген качкын кыргыз эмне дөөрүп жатат» — деди окшойт: — Жолуңа түш, качкын — деп кол шилтеп койду. Куйручук бошогон куржунун колтуктап, артын карабай шарт чыгып кетти.
Дарбазанын сыртында Жумабай жолдоштору менен күтүп турган экен. Куйручук аны: «Бери кел» деп, обочолотуп барып далай сөз үйрөткөндөй болду. Жумабай боору катканча ыкшып күлүп: «Макул Куке, макул» дегенге араң чамасы келип, Куйручуктан бөлүнүп кала берди.
* * *
Куйручук кеткенден кийин Ибрайым-Ло көпкө чейин ойлонуп калды: «Бу тентиген качкын кыргыз түгүл, бүтүндөй Кашкар, Турфан, Үрүмчү, Аксы, ары жагы Текес, Кыяз, Кулжадан бери менин жүзүмө эмес, артыман ушак айткан адам жок эле. Бул тентиген качкын кыргызды кара!.. Аттигиниң ай! Эмне соо кетирдим, жок кылып таштабай?!
Ай-ай-аай, (оозун карманды). А... мейли ажалы тартса тогуз күндөн кийин келер. Келбесе ошондон ары жоголсун».
Үч күн өткөндөн кийин дагы алыска кире жөнөттү Ибрайым-Ло. Анан эртеден бери жүк жүктөшүп чарчаган малайларынын жанына басып келди да:
— Эй, кыргыздар, — деп койду. Малайлардын баары жалдырап карап калышты. — Ана күнкү келген ырайы суук карачаар качкынды тааныйсыңарбы?
— Тааныйбыз — деди Жумабай жолдошторунан мурун озунуп, — ал Куйручук деген олуя адам.
— Анын кандай олуялыгы бар?
— Айтканын аткарбаган адамды дубалап эшек кылып таштайт. Ибрайым-Лонун бүткөн бою кара курт чаккандай «дүр» дей түштү.
— Ушундакамы? !
— Ушундака — деди Жумабай. Биздин элде бир байга кекиликтин тогуз жумурткасын тартуулап барса, бай айтканын бербей койгон экен биздин көзүбүзчө дубалап эшек кылып таштаган, болгондо да ургаачы эшек. — Ибрайым-Ло өң-алеттен кетти:
— Ушундакамы? !
— Ооба, ушундака. Ошол байкуш ургаачы эшекти эркек эшектердин баары аша берип, өлтүрө турган болгондо, байдын балдары Куйручукка жалынып-жалбарып, ыйлап-сыктап барып жүрүп анын айтканын аткаргандан кийин анан дубасын кайра жандырып байды адам кебетесине келтирген. — Ибрайым-Ло колтугунда жылаан сойлоп жүргөндөй типтик секирди. Көз ачып жумганча купкуу болуп өң-алеттен кетти. Шыргалаң суудан жылаңач чыккандай калтырап титиреди.
— Ушул распы? — деп берки малайлардан сурады. — Рас — дешти баары бир ооздон.
— Калп айтсам кара башымды жутайын, өз көзүм менен көргөм. Ошондон кийин бай баштагы калыбына келе албай келесоо чалыш болуп калды, — деп жиберди Жумабай даана каксыз ишендириш үчүн. Ибрайым-Ло тумшукка чапкандай бурулуп үйүн көздөй жөнөдү.
Бул сөздү уккан күндөн тартып Лонун тынчы кетти. Үрүмчүдөгү мечиттерди бүт кыдырып имамдардын баарынан сурап чыкты. Көпчүлүк имамдар ушундай көз боочулук илим болоорун, көбүнчө арабиядан окугандар колдонорун айтышты.
Тогуз күндөн кийин Куйручук келди. Ал эң мурун Жумабайга жолугуп Лонун абалын сурап алган. Куйручуктун тышта турганын угуп Ибрайым-Ло дарбазасынын эшигин чала-була аттап чуркап чыкты. Эки колун бооруна алып, белин бүгүп, Куйручукту көрөрү менен башын ийип таазим этти. Анан Куйручукту колтуктап ички конок үйүнө алып кирип кетти. Бир аздан кийин тышта калган Бозаланы чакыртып алышты.
Бул түнү Куйручук менен Бозала дүр-дүйүм аштын башы кошулган түркүн тамактардан татышып конок болушту. Чөп алачыктын ичинде сыз жерде жатышкан байкуштар катуу уктап калышкан экен улуу шашкеде бачайы жууркан, ак шейшеп, куш жаздыктан баш көтөрүштү. Эртең мененки чай дасторкон жыйылгандан кийин Ибрайым-Ло эки колун бооруна алып:
— Каалаганыңызды айтыңыз, олуя аке, — деп Куйручукка таазим кылды. Куйручук токтолбостон туруп:
— Тогузду алдыңбы, тогузду бересиң, — деди.
— Куп, олуя аке! Тогузуңуздун жайын айтыңыз?
— Бир төө, бир ат, бир качыр, бир кап буудай ун, бир кап таруу шак, бир кап жүгөрү шак, бир кап күрүч, жүз мата, жүз кес ак камсуп, баарын кошсоң төө баштаган бир тогуз деген ошо болот. Ибрайым-Ло эки колун бооруна алып куп таксыр олуя, айтканыңыз айткандай аткарылат, — деди.
Куйручук: «Булардын үстүнө катыныңды кошуп бересиң» десе да, Ибрайым-Ло даяр эле.
Ибрайым-Лодон олжосун алгандан кийин Куйручук менен Бозала шаардан узап жолго чыгышты. Мындай «сыйкырды» Куйручук Үрүмчү менен Үч-Турфандын байларына бир эмес, бир канча жолу жасады. Тапкан табылгасын арып-ачып тентип жүргөндөргө бөлүп берип жүрдү.
1918-жылы Какшаал өрөөнүнө жаз демейдегиден эрте келди. Жан-жаныбардын тула боюна жаздын жылуу соккон жели жумшак урунуп, эртели кеч эркелеткендей сылап турчу болду. Жаз жышааны жакшылык алып келчүдөй. Күн жаркырап чыгып, кызарып батат. Келип жүргөн келгин куштар да быйылкы жазда жылдагыдан он-он беш күнчө эрте келишти. Жүзүндө кирити жок мелтиреген тунук көк асмандын бетине жабышкандай учуп бараткан каркыралардын карааны калың. Келчү жагынан келатып, барчу жагына бараткандай көрүнөт. Тээ тетигинчелик бийиктен желеленип созулган бойдон ошончолук көкөкулусунда сызып баратышса да чурулдап чуркураган үндөрү кап-кайдан келип жердегилерге ашпай-шашпай угулат.
«Биз дагы силердин жерге баратабыз. Эл-журтуңарга жакшылык келген, бакты, таалай, ырыс төгүлгөн. Силер кимди күтүп жатасыңа' р жүргүлө, жүргүлө биздин артыбыздан» дегендей канаттарын кадимки кол булгагандай булгашып, анда-санда ирмешет, жарыктык каркыралар.
***
Алыстан айылды карай кыйкырып чаап келаткан атчан эки адамдын карааны көрүндү. Жакындап келсе Куйручук менен Бозала экен. Алар мындан бир жумача мурун Үрүмчүгө кетишкен. «Алда кандай болуп кетти» деп кулак түрүп чогулуп турган байкуш эл жаман кепелеринен чубап чыгышып, үрккөн кийиктерден бетер топтошо түшкөндө биринчи болуп Куйручуктун чаңырган үнү чыкты. Аты кара терге түшкөн. Өзү да боргулданып бүткөн, Артында удаалаш Бозала:
— Сүйүнчү эле, сүйүнчү! Кудай берип таштаптыр! — Оң колунда мыкчый кармаган тебетейин булгалактайт. Деле болбойт. Үстөккө-босток кыйкырып күчөп. — Берчү кудай бериптир. Ак падыша тактан кулап түшүптүр! Журт башына боорукер, акыйкат падыша» туруптур.
Куйручук аттан кулап түштү. Сүйүнгөндөрүнө чыдабай кары байбичелер Бозала экөөнүн башынан суу айландырып чачышып, ырымдап жиберишти. Улам бир үңкүрдөн чуркап чыгышып, кудайлап ыйлап-сыктап жүрүшкөн катын-бала, кары-жаш: «О кудай, эл-журтту көргөзө көр. Айланайын, Жумгал ата! Жүзүңдү көрүп, шибериңе оонап, тунук сууңан жутар бекенбиз».
— Өлгөнүңөн калганың тирүү жетсең жутасын, — деп элдин демин Куйручук өзү басты. Анан Көкүмбай Куйручук менен Бозаланы: — Эми деги мындай олтургулачы, оозуңар жакшы экен. Уккан-көргөнүңүрөдү толук айткылачы — дегенде, жер кепе, чөп алачык, үңкүрдөгүлөр үймөлөктөшүп аларды басып калышты. Куйручук чекесинен мончоктой тоголонуп кулаган терлерин оң сөөмөйү менен улам-улам шыпырып таштап, бака-шака түшүп бажыраңдап сөз баштады.
— Ак падышаны кудай урганда да тас төбөсүнөн уруптур. Кемирейген шүмшүк кемирейиптир. Балшабек деген баатыр чыгыптыр. Анын Ленин деген акылман иниси бар экен. Ошол бадышанын тактысына бепбекем олтуруптур. Ленин акылман жарды-жалчы, кедей-кембагалдарга боорукер экен. Зоот-бабиригин жумушчуларга берди дейт. Байлар ээлеген жерди дыйкандарга өткөрдү дейт. Бадышанын бардык жердеги бийлиги кулап, бийликтин баары Лениндин колуна өттү дейт. Баса, Ленин акылман Кеңеш өкмат деген өкматты ойлоп чыгарыптыр. Бардык ишти кеңешип бүтүрүшөт окшойт.
— Аскерлер да ошого баш иет бекен? — деп чурулдап жиберишти жедеп солдаттардан жүрөгү түшүп калган байкуштар.
— Кантет! Эмне деп дөөрүп жатасыңар? Бадышанын тагына олтурган кишиге аскерлер баш ийбей коёбу? Жумурай журт бүт баш ийип жатса.
— А... Кудай айланайын ошол акылман Лениндин өмүрүн узун кыла көр?!
— Куда кааласа өмүрү узун болот. — Куйручук сөзүн андан ары улантты — «Үркүндө качып кеткен кыргыз, казактарды кайра эл-журтуна жыйып келгиле» — деп Кытайдын шаар-шаарына, айыл айылына өкүл жибериптир Ленин акылман. Алардын бир-экөөнө Үрүмчүдөн жолугуп калдык. Качкындар чурулдашып алардын этегине эрмешип-ээрчип жүрүшөт. Кытайдын өкмөтүнө да Ленин кат кылып берген экен. Кытай өкмөтү да акылман Ленинди сыйлайт окшойт. Же баштатан доспу экөө? Алар да кыргыз, казактын эл журтуна кайтышына жардамдашып жатыптыр. Кыскасы угаары менен сүйүнгөндөрүнө чыдабай ыйлап-сыкташып, чурулдап-чуркурап жүргөн байкуш качкындарды көрүп келдик.
— А... Кудай айланайын, жалгай көр, жалгай көр! — Чогулган катын-калач, кемпир-чалдар жүрөгү жарылгаңча кубанышып бышактап ыйлап жатышты.
— Жалгаганы ушул да, мындан ары кудай байкуш эмне кылмак эле — Куйручук сөзүн дагы улады. — Баягында быякка качканга үлгүрө албай, тоо токой, караган черди аралап туңгуюкка кирип кеткен шордуулардын баары бири-бирин кекиликче чакырып жүрүшүп чогулушуп, там-ташына келип орун-очок алып калышыптыр.
— А кудай айланайын, ошондой болсун. Оозуңа май, Куке!
— Келе майыңар болсо чоң сугунткула, дал ошондой болуптур. — Караташтын майыбы, эл дуу күлүп калышты.
* * *
1918-жылдын жаркырап жайы келди. Улуу тоолордун капталдарындагы карлары эрип, кылымдардан бери козголбогон кат-кат мөңгү муздар гана күндүн нуруна күзгүдөй чагылышып алыстан-алыстан жылтылдап көрүнөт. Ашуу белдер ачылып ар жагына да, бер жагына да жүргүнчүлөр каттап калган. Эл-журт тараптан жакшылыктын доңшоорун уккан качкындар күн-түн тынбайт. Анча-мынчасында гана унаа болбосо, көпчүлүгү жөө жалаң. Биринин артынан бири калбай убашып-чубашып сапырылган элден жол тийбейт. Ошончолук азап-тозок тартып өлгөн-житкенине,
арып-азганына карабай кыйналышып баратышса да жүрөктөрүндө кубаныч бар, жүздөрү жарык, дене боюн дүүлүктүрүп күчүнө-күч, демине-дем кошуп тулкусун ысыткан, улам мурункусунан кийинкиси кубанычтуу жакшылык кабарлар. Эл-журттун кайраты кабелтең, бийиктиги аска зоодой, тереңдиги деңиздин ириминдей ийрилет. Туулуп өскөн өзөн суу, ата конушка жетип жыгылсак дегенде эки көзү төрт, чечекейи чеч болуп баратышат.
Мындан эки жыл мурун ата бабабыз көрүп билбегенкандай эл, кандай журтка туш болор экенбиз дешип томого туюк болуп, артынан найзасын мелтирете сунган жоосу бар болсо да кыштын күнү бороон-чапкынга аралашып, ак кар, көк музга карабай бел ашпады беле бул эл. Мына эми жайдын толугунда, күндүн ачык жарык болуп жаркырап тийген жылуусунда, артынан мынтыгын түтөткөн душманы жок, алдынан күлүп жайнап кучак жайып тосуп алар боордоштору бар жерине кетип баратышат бул эл.
«Күлкү менен ыйга ар Жок» деген сөз чын окшойт. Эл болгондон кийин болбой койбойт тура. Бирөө баягы (мурунку) тополоңдо аягы менен дайынсыз жоголуп кеткендерин эстеп ыйласа, дагы бирөө ач, жыңалач, ач бел, куу жолдо өлүп, ит менен кушка жем болуп көмүлбөй калгандарын жоктоп ыйлашат. «Сүйүнчү» деген кабар кулакка кандай гана сонун угулат. Атыңдан айланайын эле сөз да! Угулары менен жүрөккө жетип, бойду эритет эмеспи?! Элдин ыйлаганынан сүйүнгөнү көп. Муңканганынан күлгөнү көп. Кайгылуусу да сүйүнгөнүнөн ыйлап баратат, сүйүнгөнү да сүйүнгөнүнөн ыйлап баратат.
Көкүмбай менен Куйручуктун айылы да тиги самсыган элди көрүп дүрбөп калды. Унаа деген жок. Жалгыз Көкүмбайда бир ат бар. Ал да болсо баягы Ибрайым-Лодон Куйручуктун алдап келген торусу. Аны Көкүмбай, көк качырды Куйручук минди. Чөп алачык, жер үңкүрдөгү отузга жакын түтүндүн оокаты бел ашып качканда кырк-элүү унаага араң батып келди эле, эми ошолордун баарын чогултканда бир төөгө жеңил жүк болду. Төөнү да Ибрайым-Лодон Куйручук «согуп» келбеди беле. Бул элдин үркүп качканда минип келген бирден кыл куйруктары бар болучу. Алар ошол жазда эле жер үшөп арыгынын үстүнө кум сирке, көк бит басып, кырылып калган. Айыл боору менен жылып, дагы кудай жалгасын, эки жакка каттаганда жергиликтүү кыргыздар (чериктер) күч унаасын берип турушчу. Эл дүрбөп көчө баштаганда алар берген аттарын чогултуп кетишкен.
Көч козголордун алдында баягы байкуш Жумабай катыны экөө кол кармашып, тердеп-кургап жетип келишсе болобу. Көрсө: «Жакшылык кабар жылт этээри менен качып жүрө бергиле» деп, Кукем эскертип жүрчү тура, аларга.
Жолго чыгып калган Көкүмбайлардын көчүн алдынан тороп, шоодой-шоодой ондон ашык салт атчан кишилер тосуп чыкты. Көчтөгүлөр: Алдан эмне болуп кетти? деп селдейип-селдейип туруп калышты. Алардын бирөө Көкүмбайга демитип камчысын үйрүп:
-— Шумкарды берип кетиңиз! — деди.
— Эмне учүн? — Көкумбайдын сакал-муруту сербейе түштү.
— Ошон үчүн.
— Ошон үчүнүң кандай?
— Ошон үчүнүм момундай! — деп ат менен омуроолотуп келип Көкүмбайды төбө талаштыра камчы менен басып-басып алды. — Бизди Ибрайым-Ло жиберди, ал киши шумкардын кабарын уккан да. Көкүмбай кумсара түштү.
— Бере албайм.
— Анда көчө албайсың! — Көчтөгүлөр чуркурап жиберишти. — Бойго жеткен кызыбыз бар ошону алгыла да, шумкарды таштагыла?
— Качкан кыргыздардын кыздары иттин кара капталынан. Ибрайым-Лого кыз таңсык эмес. Күнүгө бир кызды түнкүсүн катын кылып, күндүзү айдап жиберип жатат. Ага кыздан да шумкар кызык.
Эл ары кетти, бери кетти, акыры өкүм зордуктун жүзү курусун, Көкүмбай томогосун шыпырып алып кыска боосу менен шумкарды кармата берди да, өзү үшкүрүнүп атынын жалын тиктеп, ээрдин үстүндө өбөктөп туруп калды.
— Томогосун кошо бер? — деди бирөө. Ар жактан Куйручук атырылды:
— Кыргызсыңарбы? Ата бабадан келаткан шарт бар да, баш кийимди берчү беле! Ырым болот, берилбейт. Кокус томогосун талашсаңар шумкардын башын жулуп алабыз, силерге да жок, бизге да жок.
Зордукчулар бастырып кетишти. Шумкар Көкүмбайды карай жулунуп талпынып баратат. Көкүмбай шумкардын карааны үзүлгөнчө эки көзүн ирмебей тиктеп-тиктеп туруп, качан гана зордукчулар кыр ашып кеткенден кийин өксүп-өксүп кала берди. Элдин чурулдап-чуркурап озондогонун көрсөң ошондо көр. Асман сынып, жер жарылып кете жаздады. Акырында Көкүмбай оң колун өйдө серпип:
— Токтогула! Биздин эл-журтка кетип баратканыбызды билип калсын деп шумкардын томогосун шыпырып алып калдым. Кара шумкар аман болсо элге бир кайрылаар. Касиеттүү Жумгалын бир көрөөр. Өнүп өскөн жерин адам эмес ат, канаттуу куш да сагынат, сагынбай койбойт. Кайрат кылгыла! Кара шумкардан үмүтүбүздү үзбөйлү. Кокус колдон бошонсо ушу турган Жумгал канаттуу кушка жарым күндүк жол эмеспи — деп атып, чуру-чуу түшкөн элдин ыйын араң басты.
ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ
Кытайдан келгенден кийинки жылы жазда үркүндө жоголгон Сарала деген инисин издеп Бозаланын Үч-Турфанга кеткенине үч айдын жүзү болгон. Эл жайлоодон жакага түшөрдүн алдында: «Бозала Сараласын Кытайдан — болгондо да баягы өзү барып жүрчү Үч-Турфандан таап алып келиптир» деген кабар айыл-айылга угулуп калды. Ошол Үч-Турфанда Ашыракун деген бай уйгурдун колунда жүргөнүн улам кийинки келгендерден түкшүмөлдөп олтуруп анан издеп жөнөгөн. Болбосо Бозала инисинен үмүтүн үзүп калган. Сараланы бошотуп алам менен жүрүп көп кечигип калды Бозала байкуш. Акыры бир күнү «Ала турган акысын кечтик» дегенде, ичине ыйман толду окшойт, инисин Бозаланын колуна карматты Ашыракун. Ошого чейин Үч-Турфанда бекер карап жүргөн жок Бозала. Кытайга аттанарда: «Кара шумкардан кабар ала кел» деген Көкүмбайдын сөзүн жүрөгүнө түйүп жүрдү.
Көкүмбай Бозала келиптир деген кабарды угаары менен, аны үйүнө чакыртып алды. Кара шумкар жөнүндө көргөнүн көргөндөй, билгенин билгендей айтып берди Бозала. Көкүмбай чыдай албай кетти окшойт акырында:
— Бозала, деги кара шумкар бизди эстей турганбы?
— Ай Көкө, ким билет эстей тургандай көрүнбөйт.
— Деги кандай түлөтүп жатыптыр?
— Мүнүшкөрү менен үйүр алышкандан кийин ооз-мооз сүйлөшүп, күн алыс жашырынып барып шумкарды көрүп жүрдүм. Жакшы мүнүшкөр экен. Текестен атайылап көчүрүп келиптир Ибрайым-Ло. Анысы ителги, куш менен көзүн ачкандардын бири көрүнөт. Шумкарды жыл сайын түлөтүш үчүн узуну жүз чат, туурасы он чат сарай салдырыптыр. Туш-тушундагы терезелери калбырдай тордолгон. Капталдарында туура-туура казык кагылган экен, кара шумкар каалаганына барып, каалаганына конуп түнөйт окшойт. Сарайдын башынан аягына чейин жүлүндөй суу чуркатып коюптур. Эки-үч жеринде кичике-кичине көлчүктөп, ага шумкар шапшынып бүткөн боюна кир жугузбай таранып турат. Дамамат күнүн кур койбой бирден кептерди сарайдын түбүндөгү кичинекей коңулдан киргизип жиберсе, аны кара шумкар шып илип алып күнүгө жегени жаш эт, чокуганы жылуу кан экен. Сарайдын ичинде эркинче учуп, эркинче конуп жүрүп жапан ителгидей болуп муздай түлөптүр, анан кантип бизди эстейт, Көкө?!
— Деги эки канаттын мүрүндөгү майда тыбыт жүндөрдүн эскилеринен калыптырбы?
— Жок, жок Көкө! Калчу беле. Калып жарыбайт. Ошолордон да бир тал эски жүн көрө албадым.
Көкүмбай кара шумкардан эми даана түңүлүп, үшкүргөн бойдон кырданып жатып калды.
* * *
Эки жыл өткөндөн кийин жайлоодогу Көкүмбайдын айлына жакага эгин сугарганы баргандардан жаңы кабар келип жетти. «Ителги же ылаачын экени белгисиз, бир жапан канаттуу Көкүмбайдын тамына кечкисин келип түнөп жүрөт» деген. Муну уккан Көкүмбай жайлоодон заардан аттанып, жакадагы тамына чаап жетти. Келсе ителги түгүл, чымчык жок. Тамы ээн турат. Атын короонун тегерегиндеги жашаңга коё берип, ары-бери басып турса ар жактан кетмендерин ийнине салган эки жигит келди. Алар ителги отуруп жүргөн короонун кырын көрсөтүштү.
Көкүмбай ал жерди байкап караса канаттуунун тырмагы чиймеленген жаңы тактар турат. Ар жак, бер жак түбүндө куштун агарган жаңы боктору.Аңгыча болбой дигер шамдын ортосунда көнөктөй болгон бир чоң ителги төмөнтөн сабап чыгып келип, карап тургандардан жазганып-айбыкпастан баягы отуруп жүргөн ордуна барып шып конуп калды. Көкүмбай ысык үй тамына чуркап кирип барып көптөн бери тамдын боорунда илинип турган кара шумкардын чыргаасын алып чыгып короонун эшик төрүнө ары-бери сүйрөп кыйкырып үн чыгарды. Ителги бир аз ормоңдоп мойну башын соксоктотуп канатын жазып, учуп кетчүдөй чочуп туруп анан ордунан козголуп чырганы лып басты. Ителгинин билектеринде кыска боонун дүмүрлөрү гана калган экен. Сыягы талаада эркинче болгонуна бир жылдан ашып калса керек. Байкоодо жаан-чачын, сууга, күнгө тийип жүрүп боолору чирип түбүнөн үзүлүп түшүп калган көрүнөт. Көкүмбай чырганын танап жибинин учу менен шапа-шуп ичке билектеринен байлай салып, анан колуна кондурду. Мүнөзү жапан ителгидей эмес, көп анчалык чочуган жок. Кебетесине караганда кара шумкардын өзү. Бирок өңү окшобойт. Сырты көгүш тартып, жүндөрү да өзгөрүп калыптыр. Баягы кузгундукундай кара жүндөрдүн көпчүлүгү бозоруңку. «Кара ителги картая баштаганда көгүш тартып кетет» деген Кудайбергендин сөзү оюна кылт дей түштү да, анан өзүнүн белгисин эстеди. Ителгинин оң бутунун ортонун өйдө кайрып, ортондун астындагы тоголок чорду карады. Баягы ийнедей ичке күмүш төңөлүгү жүрөт. Муну көргөндө Көкүмбайдын ичи ысып, бүткөн бою чымырай түштү. Аны үркүндөн алда качан эки үч жыл мурун жасатып тактырып койгон. Төңөлүктү чордун калың терисинен өткөрүп туруп, чебер устага эки башын бириктирткен да, анан данакерлетип таштаган. Төңөлөктүн иймекей айланасы чымчыктын көзүнүн тегерегине окшоп кип-кичинекей болчу. Муну атайы бирөөлөр назар салып карабаса Көкүмбайдын өзүнөн башкалар байкашчу эмес.
Туурун алып келип мурунку өзү олтуруп жүргөн бурчка коёру менен колдон секирип барып шып конду. Томогосун катса силкинип да койгон жок.
Көкүмбай кара шумкарды эртеси жайлоого кондуруп барып, тай союп айылына түлөө өткөрдү.
#4 07 December 2015 - 08:08
САРЫ-БАРЧЫН
(повесть)
Суранчы менен Кудайберген ага-ининин балдары. Суранчы да мүнүшкөр, Кудайберген да мүнүшкөр. Кочкор ичиндеги атактуу мүнүшкөрлөрдүн ичинен Суранчыны Кудайберген жогору баалаган: Суранчынын башка мүнүшкөрлөргө караганда өзгөчөлүгү, — дечи Кудайберген, — ал куштун канат-куйругун кыйганда өзүнөн башка эч бир мүнүшкөр тиктеп олтуруп, ажыратып таба албайт. Анын ошондой кылдат чеберчилиги бар».
Биз бала кезибизде мындай сөздү көп жакшы түшүнө алчу эмеспис. «Куштун канат-куйругун кыят деген эмнеси? Сопсоо, бүп-бүтүн турган канат-куйруктарды жарашыктуу көркөмдөш үчүн атайылап тегиздеп коёт го? Болбосо кандай?» деп таң калар элек. Көрсө, ал мындай болот экен. Кийин чоңоюп, эс тартканда кээ бир мүнүшкөрлөрдүн колунан ошондой куштардын кыйылган канат-куйруктарын өз көзүбүз менен көрдүк.
Көп салынган куштар өзүнөн чоң, кичине илбесиндер менен кармашып жүрүп, канат-куйруктун арасынан бирден жарымы тең ортолоп же түбүнө жакын жеринен сынып түшөт экен. Анан анын учуу аракети мурункудай болбой, качкан жаныбарга тез жетишин же өзүнүн душмандан шарт качып кетишин кемитип салат тура. Кадимки майып кишилердей болуп канаттын чалгындарынын же он эки кашка куйруктун (канаттуулардын куйруктары ои эки талдан болот) экөө же бирөө кемип калса, анын ордун мурунку калыбындай толукташ үчүн башка (өлгөн) куштардын куйрук-канаттарынын бүтүнүнөн тандап алып келип, түтүкчөлөрүн да бир-бирине өзүнүкүндөй кылып кийгизип, эч бир жеринен өөн таппагандай жасап коюшат. Мына буга калганда Суранчынын башка мүнүшкөрлөрдөн өзгөчөлүгү болсо керек.
Суранчы бүркүттү да көп салган. Бүркүт учурган жаатынан Кудайбергенден ашсам ашам, кемибеймин деп ишенчү. Ышкысы кайнап турган учурда Жумгал тараптан ага бир бүркүт тартууга келип калат. Эртели-кеч ал бүркүттү көргөндөр Кудайбергенге кээси ашыра мактаса, кай бирлери болгонун болгондой айтып келе беришет. Чындыгында бүркүт өтө зор да, салмагы балдак майышкандай оор да болгон экен. Ал бүркүт туурда олтурганда азаматтын азаматы эки далынын ортосун кош колдоп басып, болгон күчү менен салмагын салганда да, жалпайып жатып калбастан, бир аз өбөктөй түшүп, анан туурду чирене тээп, үстүндөгү ыгырып турган кишини кайра так көтөрүп кетчү эле дешет көргөндөр.
Бүркүттүн даңкын күндөн-күнгө күчөтүп айткандардын кабарынан улам аны өз көзү менен көрүш үчүн Кудайберген бир күнү атайлап ат токунуп, Суранчыныкына келди. Келсе Суранчы үйдө жок. Бүркүт боз үйдүн ичинде, туурунда олтурган экен. Суранчынын үй-бүлөсүнөн тышкары Жакып деген анын түлкү каккыч шакирти олтуруптур. Аны Кудайберген «Жайдары» деп чакырчу. Анткени Жакып дал ошол Кудайберген атаган атка арзып жайдары, шайыр жүргөн, кандай адамга болсо да жугуму күч, жүзүнөн күлкү кетпеген жигит болгон.
Кудайберген бүркүттүн жанына келип, керегенин башында илинип турган Суранчынын бүркүт кондурчу мээлейин кийип, анан бүркүттүн узун боосун чечип, аны туурдан өйдө көтөрүп, колуна кондурду. Башынан томогосун шыпырып, анын көкүрөгүн, жемсөөсүн, моюн-башын сылап, эки буттун ортосуна кол салып, куйругун ары-бери чайкап, эки канаттын мүрүлөрүнөн тартып чалгындын учтарына чейин сыдырып сылап, буттун арыштарын ченегендей карыштап, тырмактарын былкылдатып кармалап, шадыларын ары-бери чоймолоп, улам бирин мээлейден бошотуп, кычыратып кайрып көрдү. Оттой жанган эки кара көзүн тиктеп, иймекей орок тумшуктун учунан тарткылап, анын курчун, өткүрлүгүн текшергендей сол колунун сөөмөйү менен чертип-чертип койду. Анан балдаксыз кондурган колу тарылдыбы, бүркүттун томогосун кайра катты да, тууруна алып барып, мурунку калыбындай кондуруп, ордуна байлап таштады. Мээлейди керегенин башына кыстарып коюп, төр жактагы өз ордуна келип отурду. Буга чейин «Жайдары» Жакыптын ичи көөп, бук болуп кеткендей болду. Суроонун үстүнө суроо берип, бүркүт жөнүндө Кудайбергендин сынын уккусу келет: Бүркүт кандай, Куке? Сизге жактыбы? Мунун колунан эмне да болсо келет го? Табына келсе кара кулак шерди да алалат деп олтурабыз. Деги сиз кандай дейсиз?» деген сыяктуу суроолорду удаама-удаа жөнөтө баштады.
Кудайберген ордунан козголуп күйшөлбөй, төрдө олтурган калыбында бүркүттү дагы бир топко чейин тиктеп туруп анан: «Кечинде Суранчы келсе айтып кой! Бул бүркүттү мага берсин. Ал мындай токтолуп калган бүркүттү сала элек. Көбүнчө уя-бала бүркүттөрдү салып жүрөт. Бул он бир, он эки барчын болуп калган бүркүт экен. Суранчы экөөңөргө чечилип боюн салбайт. Бекер кыйналасыңар. Эмгегиңер талаага кетет» деди. Андан башка үн-сөз болгон жок. Жакып да жооп кайтара албай, калтаарып туруп калды. Чайлангандан кийин Кудайберген айылын көздөй аттанып кетти.
Кечке маал Суранчы келди. Жакып алдынан тосо чыгып, айтаарга сөз таба албай шашкалактап: «Суке, бүгүн Кукем келип кетти. Атайылап бүркүттү көргөнү келиптир. Башка деле жумушу жок көрүнөт» деди.
— И... Эмне деди?
— Жактырды окшойт. Көпкө чейин сылап-сыйпап колунан түшүрбөй кондуруп олтурду.
— Анан эмне деди?
— Анан, кетээрде «Суранчыга айтып кой. Бүркүтүн мага берсин. Бул токтолуп калган бүркүт экен. Муну таптап салыш Суранчы экөөңөрдүн колуңардан келбейт» деп кетти.
Суранчы бир аз кабагын салып, чыртыя түштү. Бирок ички оюн Жакыпка ачык айтпады. Айтпаса да Жакып Суранчынын тиги бүркөлгөн кебетесинен Кудайбергенди ичинде «келжирептир» деп, жактырбай сөгүп жатканын билип турду.
* * *
Суранчы бүркүтүн туурга кырк күн олтургузгандан кийин учурууга даярдады. Ага чейин үндөккө, чыргаага келтирип, этинен ылдыйлатып,
эки-үч жолу тирүү түлкүгө тирилеп, «силердин колуңардан келбейт» деген Кудайбергендин сөзү күн-түнү эсинен кетпей, өз оюнча эч бир жеринде кынтык жок го дегендей тапка келтирди. Анан бир күнү кечинде Жакыпка айтты: «Эми мунун болоору болду, эртең Ортоктун тоосунан бирдемени көрсөтүп көрөлү. Карышкыр болбосо да түлкү табылаар. Сен үйүңдөн атыңды токунуп минип, таңкы үрүл-бүрүлдө кел».Эртеси Жакып Суранчы айткан үрүл-бүрүлдө даяр болду. Анан Ортоктун Каратоосун бет алып жөнөп калышты. Аларды ээрчиген экөөнөн башка бир да жан жок. Бүркүттү кондурган Суранчы алдыда, чыргаа бөктөрүнгөн Жакып артында баратты.
Орто жолдо Кудайбергендин айылы бар. Суранчы, Жакып айылдын үстү жагы менен бастырып баратышкан, Ошол тушка жакындаганда Жакып: «Суке, Кукемки сүзмө-максым салчу эле, кайрыла кетсек кантет!» деди. Суранчы укмаксанга салып, көңүлсүз бастырды. Кайрылгысы келбеди окшойт. Ал эми Жакыптын ою максым ичиште эмес: Кудайберген тиги алгачкы учурганы бараткан бүркүттү көрүп калса, туура табындабы, же жокпу, аныгын айтат болчу. Ортодо сөз сүйлөнбөй бир аз тыным болду. Анда-санда гана жүрүштүү аттардын жайланган табышы менен күзгү боз кыроонун эртең мененки сыдырым майда желинин бет сылаган илеби билинип турду.
— Кайрылалыбы, — деди Суранчы артында келаткан Жакыпка мойнун буруп.
— Кайрылалы Суке. Бир-эки чыны максым жута кетели.
— Болуптур анда.
Экөө бура тартып, Кудайбергендикине түшүп калышты. Эки атты Жакып кыска байлаштырып салып, шапа-шупа Суранчыга эшик ачты. Суранчы бүркүтүн кондурган бойдон үйгө кирип, чыгдан тараптагы капшыттан орун алды. Андан ылдый Жакып олтурду. Ошол учурда Кудайберген жаңыдан багымдат намазын окуп бүтүп, жайнамазын жайып, бери жакка жүзүн буруп калган экен. Тулгага асылган чакан казанда сүзүлгөн максым (ал кезде бозону атынан айтпай «максым» деп ичишчү) ак көбүктөнүп, жылып турат. Жаңы жагылган куурайдын чогу өчө элек экен. Шааркан байбиче маңдайы кетилген кара сузгу менен максымды ары-бери чулгуп, аралаштырып олтуруптур. Саламдашкандан кийин Суранчыдан ылдый олтурган Жакыпты карап Кудайберген: «И, Жайдары, бүркүтүңөрдү бүгүн «учуралы» дедиңерби?» деди. Жакып шыпылдап, бөгөнөктөн тажаган аттай башын бат-бат ийкеп:
— Ооба, Куке, бүгүн алып чыктык. Бирдеме жолукса көрсөтөлү деп. Бүркүт кандай көрүнөт, Куке.
— Жакшы, жакшы. Байбиче, максымдан куй. Булар эрте бастырышкан экен. Азыр түлкүнү тапсаңар, жатагынан табасыңар. Шашпай бастырсаңар деле болмок. Ал каапырлар таң атканча жойлоп, тумшуктарына бирдеме илинсе илинип, кекилик менен чилдердин түнөгүн тапса барпырата учуруп тынчын алып, таппаса бирин-экин чычкан терип жеп, жерге жарык түшкөндө араң жатактан орун алышкандыр. Силер антип-минтип тоо таянганча күн да чыгып калат. Күн чыкканга чейин түлкү жойлобойт, — деп койду.
Суранчы ичинде: «Сен билгенди мен деле билем? дегенчелик кылып, сол колуна тийген чыныдагы максымды шылк-шылк эттирип жутуп калды. Оң колуна нык олтурган лакыйган сары бүркүт топ куйруктарын былкылдатып бачайыдай шуулдаган канаттарын шалдыр-шалдыр эттирип, силкинип койду. Майда тыбыт жүндөрүнүн арасынан чыккан бирин-экин какач тырптар коломтодо түтөгөн куурайдын созолонуп, өйдө көтөрүлгөн түтүнүнө кошулуп чамгаракты көздөй жеңил кыбырап, сызып бара жатты. Бүркүт караңгыга туюкталган эки көзүн бошотуп, айлана-чөйрөнү көргүсү келди окшойт, томогону оң мүрүгө бир, сол мүрүгө бир сөйкөп, жанган болду. Калып алып калган томого чаптап салгандай козголуп койбоду.
Суранчы менен Кудайберген бири-биринин жүзүн тике карап сүйлөшчү эмес. Кудайберген Суранчыдан бир-эки жаш улуу боло турган. Ошонусуна караппы же өзүнүн кичи пейилдигиби, Суранчы агасын (Кудайбергенди) көзү барда да, көзү жокто да катуу сыйлоочу. Кудайбергендин канчалык жетишпеген сапаттарын билип, кемтиктерине көзү жетип турса да, бөтөн бирөөгө оосарланып четин кылтыйтып чыгарбай, ичинде сактоочу. Мактаса да ичинде мактап, сөксө да ичинде сөкчү. Суранчыга карата Кудайбергендин мамилеси да ошондой эле. Бул жолу да Кудайберген Суранчыдан айбыккандай жүзүн жашырып, Жакыпты карап сүйлөдү: «Бүркүтүңөрдүн томогосун тартып көргүлөчү, Жайдары».
Жакып Суранчыны караганча, Суранчы сол колундагы бошогон кесени жерге коё коюп, бүркүттүн томогосун тартып, шыпырып алды. Бүркүттүн оттой жанган балбылдаган эки көзү тунук каухардай жарк дей түштү. Учу иймекей орок тумшугу менен Суранчынын кокосун жулуп алчудай болуп ормоңдоп, кундуздун жүнүндөй жалтылдаган жүнү бар койкойгон мойнун алдына бир, артына бир буруп, үйдүн ичин тегерете эки-үч. жолу карап, анан башын кыйшайтып чамгарактан көгөргөн көктү, ачык асманды көрдү. Учуп кетчүдөй кас тамандай калып, алакандары менен мээлейдин ичиндеги Суранчынын оң колун ыктап-ыктап, көкүрөгүн салаңдата ылдый эңкейе түшүп, кайра өйдө көтөрүп обдулуп койду. Сыягы жылт этип асман көрүнгөндө учуу эркиндиги эсине түштү окшойт.
Бүркүт тынчый түшкөндө: «Эми томогосун катып койгула» деди Кудайберген. Жакып чыдай албай кетти.
— Куке, бүркүт кандай?! Табына келген бекен?!
— Жакшы-жакшы. ... Аракетиңер мыкты болгон экен. Бүгүн бирдеме таап, учуруп калсаңар, алса — жакшы кокус жазып калса — үч кыр ашырып кармайсыңар го,— деп койду.
Суранчы бул сөздү уккандан кийин экинчи куйган кеседеги максымды ичкен жок. Ордунан обдулуп, жаман көзү менен Жакыпты акшырая карады да: «Түз кетет элек, капкаяктагы ойдо жок максымды ойго салып» дегенчелик кылып бурк этти: «Ач эшикти?! Тарт аттарды! Кеттик».
Суранчынын бузула түшкөн түрүн байкаган Кудайберген «Олжолуу кайткыла» деген болуп, үйүндө кала берди.
Айылдан бир аз узап, алды-артын тороп, аттардын куйругуна асылган ажаан иттердин ажылдаганы басылгандан кийин:
— Жакып, — деди Суранчы мойнун артка буруп. Жакып атын ыкып койду эле, Суранчыга жанаша түштү. — Муну улуусунтуп сыйлап, дамамат өйдө карап сүйлөчү эмес элем. Эми сага оозуман чыгып кете турган болду. Бул сөз ичиңде болсун, Жакып. Бул ушундай кудайдын каарына калган киши!.. Муну эл Кудайберген дейт. Кудайберген дебей эле кудай урган десе эмне болмокчу? Же кудай мындан башкага бербей эле, жалгыз ушуга берипби?! Өзүнөн бөлөк жан кишинин кылган ишин жактырбайт. Оң ишти тетир алат. «Мүнүшкөр Кочкор өрөөнү боюнча жалгыз өзүм» деп ойлойт окшойт. «Канаттууну менден мыкты билген мүнүшкөр жок» десе керек. Былжырайт! Бүркүттүн табын мындан ашык билсем билем, акыры кем билбейм. Өзүң билесиң, менин илгерки Кара-Барчынымды. Карышкырга сала алган жокмун, анан түлкүнү узатчу эмес. (Мунусу ырас, Суранчынын бир жылдарда уя-баласынан тартып он-он беш барчын болгончо салган атактуу Кара-Барчын деген бүркүтү болгон. Анысы акыры түлкүгө баратып, күч менен зоого тийип өлгөн).
— Билем, билем, Суке, — деди Жакып. Анан Суранчы сөзүн кайра улады:
— Мына, муну карачы. Эч бир жеринде кылт эткен өөнү жок бүркүт. Кыл табына келип, жеткен жери ушул. Мындан артык таптоого мүмкүн эмес. Болбойт. Эми ушундан өөн таап, кетик издеп турганын кара. «Үч кыр ашырып кармайсыңар. ..» Ушундай ичи тар акмак киши да. «Куке-Куке» деп сөзүн кайтарбай, шагын сындырбай жаман үйрөткөнбүз да муну! Мындан ары Кукелебей эле «Кудайберген» же «Кудайурган» десем эмне кылып алмак?.. Колунан «бок» да келбейт.
Суранчы бир топко чейин бууракандап, ачуусун токтото албай жүрүп олтурду. Жакып анын сөзүн чукул коштоп, ого бетер шыпшынып, Суранчы бирди айтканча ал экини айтып баратты...
Көк-Сайдын оозуна жеткенде Жакыптан бөлүнүп, кырдап бастырды Суранчы. Бийик чокуну карай бет алып, улам өр тарта жүрүп олтурду. Жакып болсо кокту өрдөдү. Ал этек-жеңин чапкылап, эки үзөңгүсүн бир-бирине кагыштырып, үн чыгарат. «Айт-айтка» салып, кыйкырат. Жакыптын добушун тоонун аскалары коштойт. Алар да жаңырып, үнгө үн кошот. Ошентип баратканда бир коюу түп алтыгганынын арасынан барак көгүш түлкүнүн куйругу булак этип, Жакыптын көзүнө чалдыга түшкөнсүдү.
— О... кетти, Суке, кетти! Ылдый жагыңа көз сал!
Заңкылдап ачуу кыйкырган Жакыптын үнү тиги чокуга жакындап калган Суранчынын кулагына шак дей түштү. Бүркүтүн калдаңдаткан Суранчы атын аңыраңдата чаап, туу чокунун үстүнө чыкты. Томогону тартаары менен колунан Сары-Барчын атып кетти. Суранчы бүркүтүн коё бергенден кийин төмөнтөн өйдө кокту өрдөп келаткан көк барак түлкүнү көрдү. Бүркүт алыскы бийиктен кош канатты куушуруп, эки бутун салаңдатып сунуп, чеңгелдерин арбайтып, бороондой күрүлдөп, көптөн бери бийиктен учпай асманын сагынган берен күр-күр, күр-күр этип, жерге жакындагандан жакындап келе жатат.
Асмандагы күркүрөгөн кош канаттуу жалаңкычтын добушун сезе калган куу түлкү алда кандай жорук болор экен дегенсип, кулактарын тикчийтип, колдорун бооруна алып, арткы эки буту менен кишиче типтик соксоюп тура калды. Балаа жакындагандан жакындады. Добушу эң эле сүрдүү. Түлкүнүн коркунуч тегеректеп кыбыңдаган көздөрү бүркүттүн ажал алып келаткан тырмактарынын учтарынан өтүп кетти. Арбайган ач тырмактар эки көздүн карегине сайылчудай көрүндү. Алыстан келаткан коркунучтуу жоонун айбат-сүрүнө чыдабай качууга аракеттенсе, кокус тик турган калыбынан тайып, акылын жоготсо, булак этип бурула качса, анда бүттү... Өмүр оту жалп этип, ажалынын жеткени — ошол. Сары-Барчындын чеңгелине кирип, уу тырмактарынын учуна сайылып, уучуна кетти дей бер.
Жок. Андай болбоду. Амалдуу түлкү амал тапты. Ал мындан кыйын жоруктарды далай жолу башынан өткөргөн, нечен тузакты үзүп, нечен капканды кур чаптырган. Азыр да Сары-Барчындын каардуу зордугунан мунуку ашып түштү. Бүркүт күрүлдөп жап-жакын кирип келгенче тике турган калыбынан жазган жок. Арбашчу жыландан бетер эки көзүн жумбастан, каккан казыктай какайды да, калды. Качан бүркүт келип, көр тырмактарын эки өпкөгө матыра турган болгондо, ага өлчөөлөп турган көк барак лып этип жерге жата калды. Анан бүркүттүн башынан алыс типтик түйүлүп, түндүк бою секирди. Бийиктин бийигинен күү менен катуу келаткан бүркүт челек чапкандай күп этип жерге чабылды. Жыгылган балбандан бетер бозала чан болуп, топуракка оонап, кур жерди кучактап, жалпайып жатып калды Сары-Барчын.
Көк барак түлкүнүн кубанычы койнуна батпай, куйругун ары бир, бери бир булгалап, тиги жайылган үзүктөй жалпайып жаткан Сары-Барчынга: «Чала болот сага, дал ушуну көрмөксүң акылсыз дардак» дегенсип, табасы кангандай желе-жорто басып, кырдан кыр ашып кете берди.
Сары-Барчын нары салмактуу, нары олбурлуу экенине карабай, ошончо бийик чоку, ал аз келгенсип, андан да өйдө көкөлөп, деле кой, асманга тийчүдөй көтөрүлүп, анан эки канатын бооруна кыса өз боюн типтик ылдый таштап жиберип, бирок алам дегенин ала албай, көкүрөгү менен жерге тийген неме о... далайга чейин боюн жыя албай жер кучактап жатты. Бир оокумда араңдан зорго баш көтөрдү. Ошондо да топурак-чаңга аралашкан тула боюн кагынып-силкинүүгө чамасы келбеди. Баштагысындай далбаң-балбаң баса албай калды. Жап-жакын турган сокудай соксойгон кара ташка тула боюндагы болгон күчүн чогулткандан кийин араң сүйрөлүп барып, чыгып олтурду.
Сары-Барчындын мөңкүп чыгып кетчүдөй түрсүлдөп соккон жүрөгүнүн добушу көптөн кийин жайлады. Кысталган деми сууп, көкүрөгүнүн ачышканы басылды. Акыл-эси анан ордуна келди. Башынан буга чейин көргөн-билгени, өткөн-кеткени оюна түштү окшойт, өзүнчө бушайман болуп жаткансыды: «Атаңдын көрү, тагдыр деген ушул экен го! Бир кезде көк тиреген жалама бийик зоолорду айланып учуп, терең капчыгайдын аркар, кулжа, эчки, текелерин дыргыта кууп барып, анан бирин чабуудан серпип, көк желкесинен мыкчый кармап, эңип алып, тиги тоо менен бул тоонун аркы өйүзүнөн берки өйүзүнө бөктөрө чаап, уядагы балдарыма бир кийиктин тулкусун жүк катары көрбөй ташып келип жүргөн жаным, ушул саксайган жаман көкбарак түлкүнүн мант берип кетерин билбей, ошого алдатып, койдой кордук көрүп, минтип мыш болуп отурганымды карачы?»
Аңгыча жогортон аңды-дөңдү карабай чаап келаткан Суранчынын үнү чыкты. «Оо Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!»
Жакып тээ ылдыйтан кара ташты кучактап олтурган Сары-Барчындын караанын көргөндө «куу-куулап» чыргаа сүйрөттү. Чыргаа эмес өз бою өзүнө жүк болуп талмоорсуп, өзүнөн ылдыйкы жаман кишиден кагуу жеген адамдан бетер салаңдап олтурган Сары-Барчын калыбынан козголуп да койгон жок. Кара таштын үстүнө кадалган немедей көпкө чейин олтуруп алды. Аңгыча өйдөкү бийик беттен таш калдыратып, кум эшилтип, типтик ылдый чаап келаткан Суранчы көрүндү. «О... Жакып, тарт чыргааны, тарт!» Жакып кайта-кайта «куу-куулап» чыргаа сүйрөп жатты. Сары-Барчын кебелбеди. Качан гана жогору жагынан Суранчы жакындаганда бирөө сүйөп-таягандай ордунан козголуп маңдайындагы жапыз кырга далбактап барып конду. Суранчы дагы артынан ээрчий чаап, Жакыпты карап кыйкырды: «Оо, Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!» Жакып дагы чыргаасын сүйрөтө чаап «куу-куулады». Сары-Барчын карап да койгон жок. Жемге келбеген аттай болуп, жер карап олтуруп алды. Суранчы дагы жакындап кирип келгенде Сары-Барчын мурдагысынан тыңыраак көтөрүлүп учуп, экинчи кырга барып конду. «О, Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!» Атын кара терге түшүргөн Суранчы бүркүттүн артынан калбай дагы эле кубалап жүрөт. Жакып бүркүт конгон тумшуктун учун айланып «куу-куулап» дагы чыргаа тартты. Бүркүт карабай койду. Качан гана Суранчы чукул кирип келгенде мурункусунан да тыңыраак, андан да бийигирээк көтөрүлүп учуп, үчүнчү кырга барып конду.
Суранчы атынын тизгинин жыйып, ылдый карай жайлап бастырды. Жакып дагы чыргаа тарта турган болуп, тиги бүркүт олтурган кырдын коктусун көздөй айлана чаап баратканда Суранчы алыстан үн салып кол жайкады? «Токто-от, чыргааңды! »
Жакып токтоп калды. Суранчы бастырган бойдон Жакыптын жанына келди: «Күн ысып, эти көөп калды. Эми учурсак алыстап кетет».
Өзүлөрү да, аттары да кара терге чөмүлгөн экөө ээрден көрпөчөлөрүн шыпырып алышып, жерге жая салышты да, жамбаштап жатып, эс алууга киришти. Куюшкандарга кыска байланыштырылган аттардын кош таноолорунан энтиккен сайын ак буу атылып күш-быш, күш-быш болуп жатты. Сом туяктары менен майда таштарды кычырата басып, көпкө чейин бир орунга токтолбой, ооздуктарын кемире чайнап, тегеренип турушту. Аңгыча күн көтөрүлүп, улуу шашке болду.
Сары-Барчындын жоругунан кийин катуу ыза болгон Суранчы, Жакыпка карап бир ооз да сөз катыштырган жок. Жазылыгы кере карыш, таз баркыт менен этек-жеңинин учтарын тегерете көбөлөткөн кара саксак ак тонун айкарасынан жамынып, козунун карынындай болтойгон казысын сол колу менен сүйөгөн болуп, далысын Жакыпка салып, жатып алды. Жакып да күр териден ышкын түп менен өңдөлүп жасалган сары тонун жамынып, жакасынын астынан эки көзүн жылтыратып, култуюп жатат. Анын курсагы күлкүгө чымчып буума. Тарс этип жарыла албай араң турат: «Кокус жазып калса, үч кыр ашырып араң кармаарсыңар» деген Кудайбергендин сөзүн эстебейин десе да, эстеп туруп алды.
Бул учурда Суранчы кандай ойдо болуп жатты экен? Балким, Кудайбергендин эртең мененки сөзү анын жүрөгүн да түрсүлдөтө тепкилеп жаткандыр. Жакып менен Суранчы Көк-Сайдын тар коктусунда жамбаштарына таш өтүп, кечки сыдырым жел жүргөнчө жатышты. Бир кезде чукуранып, Суранчы баш көтөрдү:
— Жакып?
— Ов...
— Тур, чыргаа тарт.
Ушуну күтүп тургандай, Жакып ордунан ыргып турду. Узун танап жиптин бир учунан кармап, чыргааны ары бир, бери бир сүйрөп, булактатып «куу-куулады». Кырда олтурган бүркүт ордунан жай көтөрүлүп, калдактап келип, чыргааны басты.
Суранчы шашкеден бери уйку-соонун ортосунда кырынан жатканы менен бүркүткө көз кырын чаптырып турган. Анын таранып-силкинип, мойну-башын койкоңдотуп, учуп кетчүдөй канат күүлөп, ормоңдой баштаганын Суранчы байкаган. Кандай гана болбосун кечки чабыттууда чыргаага түшөт, эгер түшпөөчү болсо пейили бузулганы ошол. Улам бийиктеп учуп, кырдан кыр ашат да, асманды сагынган карт каапыр: «Кызыл сөөк кайдасың?! Кош бол, Кочкор-Ата! Кош бол, Суранчы, Жакып» деп кете берет, Канча кылган менен Кудайбергендей болбосо да, алынча мүнүшкөр эмеспи. Ошону билип күн көтөрүлгөндө Жакыптын чыргаасын токтотуп койгон.
Суранчы аттанып баратып, мээлей менен балдакты Жакыпты көздөй ыргытты: «Ме, сен кондур?»
Алар Көк-Сайдын коктусунан үйдү карай шыр жөнөштү. Суранчы алдында, Жакып артында, жолду-жолдото дабыш чыгарбай жүрүп олтурушту. Мына, Кудайбергендин айылынын тушуна да келип калышты. Баягы айылдын жабалактаган топ иттери булардын алдын тороп, дагы тосуп чыгышты. Суранчы ат үстүнөн артына бурулуп: — Жакып, — деп бурк этти. Жакып жооп кайтарганча, — алпарып бер тигиге, — деп кол шилтеп коюп, алды-артын карабастан үйүн бет алып, катуулагандан катуулап кете берди.
Бул учурда Кудайберген тиги келаткан экөөнүн карааны алыстан көрүнгөндөн тартып, үйүнүн тегерегинде ары-бери басып турган. Ал бүркүттү Суранчынын колунан эмес, Жакыптын колунан көргөндө булардын бүгүн эмне болгонун билип койгон.
— Мм... Жайдары, бүркүтүңөрдү учурган жоксуңарбы? — деди Кудайберген Жакып жакын келгенде.
— Учурдук, Куке!
— Алдырдыңарбы?
— Ээ... Куке, алдырмак түгүл, араң кармадык.
Андан кийин сөздүн аржагы жок болду. Жакыпты «кудай урду», баягы курсагын чытырайта тээп, чыңалып турган күлкүнүн капкагы атылып кетсе болобу... Колунан бүркүттүн түшүп кеткенине карабай, эки көзүнөн жаш чыкканча каткырып олтуруп, боору эзилип, өлүп кала таштады. Болгон сөз:
«Баягы сиз айткан!.. Баягы сиз айткан...»
* * *
Кудайберген Сары-Барчындын ойдогудай тапка келгенин эртең менен томогосун тарттырганда эле билген. Ал түгүл токтолгон бүркүттүн азаптуу түйшүгүнөн тажабай, көгөрүп олтуруп, бала бүркүттөй ийкемге келтирген Суранчынын мүнүшкөрлүгүнө бир чети таң калып, бир чети ичи жылып, кубанган. Суранчынын бир гана жаңылыштыгы качырганын серпе албай калса, кексе арамдын көңүлү бузулуп, айныкейи кармап кетерин билген эмес. Ал ойлогон: «Мурунку салып жүргөн бүркүттөрүмдөй жазып калган күндө да, чыргаага кайрылып келбей койбойт» дел. Ал эми Кудайберген болсо мындай картаң бүркүттөрдүн неченин салган. Андайлар качырганын алып калса аны менен алек болуп, кармаша берет. Жанына ким келгенин билбей да калат. Качуу-бозуу деген анын оюна да келбейт. Анан мүнүшкөр алганын ажыратып, бүркүтүн томоголоп албай, жаны жокпу? Кокус жазып калса, уя-бала болбогондон кийин анын чыргаага келмеги азап. Бул жагын Суранчы Кудайбергенден кем билбейт. Ошон үчүн ал аттарды байлаштырып коюп, кечки жем жээр чабытуусун күтүп олтурган да.Сары-Барчындан кийин Суранчы колуна бүркүт кондурган жок. Ителги-кушун үзбөй салып жүрдү. Ал өзүн бүркүт боюнча Кудайбергенден жеңилдим деп эсептеди. Кудайберген Сары-Барчын колго тийген күндөн баштап ага көзүнө көрүнгөндөрдүн баарын алдырды. Карышкырды түлкүдөй, түлкүнү коёндой эңчү болду.
КӨК ЖАЛ
Ортоктун тоосунун жонундагы жылкычылардын тынчы кетти. Кайдан ооп келгени белгисиз, бир көк жал дөбөт карышкыр күн алыстап бирден жабагы, болбосо колтойгон эле кунан чыкмадан жеп отурчу болду. Кыштын кычыраган чилдесинде күн баткандан таң атканча көз ирмебей жылкыны имерип туруш деген оңойбу. Узун түндүн аязы канчалык жылуу кийинсең да эки беттин отун, мурундун учун ######-жуктап турат го чиркин. Күндүн кыры чыгыштан көрүнүп, тоо-тоонун чокуларын ######-жуктап келатканда оту күйүп жаткан жолбун үйүнө калдырап-шалдырап кирип келген жылкычыны үйдө калган жолдоштору аласала көргөндө тааныбай да калышат эмеспи. Кайдан тааныйт, кийим кечеси, бүткөн бою, өңү-башы көрүнбөй аккүп балапандардай сакал-мурут, кирпик кашына чейин бубактап муз болуп турса. Анын үстүнө буту, колу какшап отко жылыганча оозу-мурду камтууга келбей сүйлөй албай жатса. Ортоктун жонунда кыш чилденин каардуу аязы ушундай болот. Түнкүсүн бетегелүү жыбыттарга имерип таштап, күндүзүндө барып түгөлдөп туралы дегенге ит-куш жанды коюп жатабы. Карышкыр күч эмеспи.
Жылкычылардын айласы кетти. Тайдын жаш эти менен жылуу канга ыксыраган көк жал карышкырды таңга маал көрүнө калганда укуруктарын таптап, күлүк айгырлардын күчүнө салып айкырып-кыйкырып артынан сая түшүп кууп да көрүштү жылкычылар. Болбоду. Улам артын карап коюп куугунчуларга өлчөп чуркайт. Алар жакындаса катуулайт, алыстап калса акырындайт. Анысы аз келгенсип арылап качып кетпестен итче чочоюп жылкычыларды шылдың кылган немедей артын карап туруп калат. Күндүз кайда барып бекинээри белгисиз, түнкүсүн даяр. Мынтык атсан тоотуп да койбойт. Кечкисин чогулган жылкынын туш тарабына тезек түтөтүп от чыгарып да жүрүштү. Буга да болбоду. Айласы кетишкенде арык-торук кулун тайларын жакага жеткиришип, залкар бээлерин гана алып калышты жылкычылар. Арадан үч-төрт күн өткөндөн кийин Көк жал бээлердин да четинен жарып кирди.
Күндөрдүн биринде тоо катмарларында бүркүт салып жүргөн Кудайберген жондогу жылкычылардын жолбун үйүнө туш келип калды. Үйдө олтуруп жайланышкандан кийин кызуу сөздөр башталды. Сөз жалгыз Көк жал карышкыр жөнүндө болду. Жылкычылардын айласы кетип жатканын толук түшүнгөндөн кийин Кудайберген сөз баштады:
— Ал карышкыр силердин ыгыңарды алган экен. Тоюту канган жерден карт бөрүлөр кетпейт. Түнкүсүн жылкыга чабаарда кай жерден, кайсы колот, кайсы жыбыттан, же кандай борчуктун түбү менен жашырынып келип качыраарын билет, анан кол салат. Кол салганда да дардайып качырып келип кол салбайт. Коктуча-жыбытчалардан эки кулагын жапырып боору менен жылып, жылаанча сойлоп келип кол салат. Төрт таманы менен жер тырмактап олтуруп качан гана мерчемдүү жерине жеткенде, ошондо да жылкылардын ичинен жуушап жатканы барбы же жылкыдан обочо четтеп оттоп турганы болобу, ириде ошону басат. А дегенде чабуусун жарып, анан бычак менен мууздагандай кокосун жулуп алат. Бул учурда жылкылар кошкурук атышып үрккөн бойдон алда кайда кетет. Аттын үстүндө ээрдин кашына бооруна жөлөп уйку-соонун ортосунда үргүлөп турган жылкычынын ээ-жаа бербей жылкы шатырап үрккөндө эки көзү умачтай ачылып, өзүн тебелеп кетчүдөй атырылган жылкылардын алдын токтото албан «ак-ак», «так-так» деп жүргөндө тиги «баатыр» жарган бээсинин этине тоюп алып эчак жолуна түшкөнүн көрөсүң. Ошол түнү жылкычы сайда саны, кумда изи жок капкайда бириндеп кеткен жылкыларын чогултуп караңгыда түгөлдөмөк кайда. Эртеси тиги карышкыр жарган бээсин улуу шашкеде анын тарпына түшүп жаткан жору-кузгундарды көрүп, ошондо оозун ачып калат эмеспи.
Карышкыр кол салаарда ириде жылкыны имерип турган адамды байкайт. Ал ат үстүндөбү же атып тушап коюп коңурукту кош тартып жылкынын четинде дардайып уктап жатабы, ошону көрүп калса аны шылдың кылгандай үстүнөн аттап секирген бойдон тайманбастан барып жылкыга тиет. Бул учурда тушоолуу аты тушоосу менен үркүп жылкылар менен кошо кетет. Ага да жан керек да. А жылкычы болсо уйкулуу көзүн ача албай, бир чака муздак сууну башынан ылдый жаба куюп жибергендей апкаарып «а-а-аалап» энтиккен бойдон ордунан мүдүрүлүп жыгылып, ар кай жерде жаза басып темтеңдеп-тамтаңдап турганда жылкы алда кайда кетпейби. Кашабаң ашпай-шашпай бирди жарып жеп, жылуу канга малган тумшугу менен эки ууртун жаланып-жуктанып куйругун сыртына салган бойдон адам жетпей турган төрдүн башына барып, бекинчү жерине бекинет да калат.
Кудайбергендин сөзүн угуп олтурган жылкычылардын кай бирлери тигиндей окуяны өз баштарынан да өткөрүшкөн эмеспи. Алар баягы менин окуямды тапты дегенчелик кылышып оозунан жел чыгарбай тымпыйып отурушту.
— Эми муну кантебиз, Куке? Айла кетти. Биздин колдон келчүдөн эмес — деди жылкычынын бирөө. — Түндө эле бир бээни жардырып жибердик.
— Ал бүгүн бери болгондо Бузулган суунун башына барып жатты. Бээнин ич этин бүт жегендир.
— Жептир, жегенде да казы-картасын бүт жептир. Шылып алгандай, кабыргалары соройгон бойдон турат.
— Дөбөт карышкыр бир катуу тоюп алса он күнгө чейин тамак оюна келбейт. Ушул бүгүн уктап жаткан жеринен таап үстүнөн чыкчу болсоң кулагынан тартсаң да ойгонбойт. Айрыкча жылкынын казы-картасына жык тойгон неме өлүп калган немедей төрт бутун төрт жакка керип, курсагын күнгө кактап дардайып уктап жаткандыр. Атаганат, ошерге бүгүн мергенчилер жетсе мынтыгынын учун чекесине такап туруп атып алар эле.
Кудайберген жылкычыларга акыл кеңешин айтты:
— Силер карышкыр күч болуп турганда түнкүсүн жылкыны жалгыз кайтарбагыла. Эки-үчтөн болбосоңор алдырганыңар алдырган. Мен үйгө барып бүркүттү дагы чыңап курчутуп турайын. Жылкыңарга сак болгула. Тиги Көк жал көпкө чейин келбейт. Кокус Көк жалдын шеги билинип жылкылар доңшуп калса, ошол күнү бириңер чаап жеткиле.
* * *
Кудайберген Сары-Барчынды жума бою ууга алып чыккан жок. Сары-Барчын көгөргөн көк асманды эңсеп, эртели кеч чабытуусу келгенде тууруна токтобой кайта-кайта шаңшып талпына берди. Мүнүшкөр анын эригип турганына карабады. Көптөн бери тынч бир орунда байланып жатып эттене түшкөнүн байкады. Күн алыстап ак жем берип турду. («Ак жем» деп жылкынын жаш этин сууга эки-үч жолу чайкап туруп даамын кетирип бергенди айтат). Томогосун тартканда көзүнө көрүнгөнгө ыкыс берип, делбетап болуп күүлөнө берчү болду. Болоттун мизиндей илеп тартып курчуп турганын Кудайберген байкады. Дамамат Сары-Барчынды чоңго көрсөтөрдө ушундай абалга келтирип коёр эле Кудайберген.
Бүркүтүнүн чоң аларына көзү жетип, этине келип калганын билгенде ээк астынан качкан түлкүгө да томогосун тартчу эмес. Мына бүгүн Сары-Барчын ошол калыбына келди. Бүркүтүнө ишенген Кудайберген алдынан карышкыр эмес жолборс чыкса да шилтей турган.Эртең менен эрте жылкычылардын бирөө Кудайбергендикине чаап келип, баягы Көк жал эки күндөн бери мал-жандын тынчын алып жаткандыгын кабарлап кетти. Кудайберген угаары менен жондогу жылкычыларга Сары-Барчынын кондуруп жетип барды. Жылкычылар көптөн бери түн баласында ат үстүнөн түшүшпөй, кирпик ирмеп көз жумбастан таң атырышып, Көк жалга бир баш да жылкы алдырбай сак-сактап турганын айтышты. Кудайберген:
— Ал бүгүн түнү да келет. Тоюту канбагандан кийин алыстаган жок. Ушул тегеректеги борчук таштардын биринде бекинип жатат. Таң атканча алдырбай сак болгула. Аттарыңарды тандап айгырлардан кармап мингиле. Колдоруңарда бирден союл же укурук болсун. Таң сүрүп жерге жарык киргенде жылкыны өз жайына таштагыла да туш-тушка барып жашынгыла. Силер узагандан кийин жылкыга кол салат ага да карабагыла. Ошондон кийин бирөөңөр мага чаап жеткиле.
Кудайберген айткандай жылкычылар таң атканча көз ирмебеди. Көк жал карышкыр улам бир капталдан качырып жатты. Алдырышкан жок. Төрт жылкычы төрт жагынан имерип, улам жылкы кошкурган жакка чаап жетип, укурук таптап турса кантип кол салат. Көк жалдын айласы кетип, амалы түгөндү. Таң аппак атканда жылкынын жанынан жылкычылар обочолонуп жайыла-жайыла бастырып кетишти. Дал ушуну гана күтүп турган Көк жал борчук арасындагы бугуп жаткан коңулдан козголуп, жылкыдан четтеп оттоп турган сур бээни чабуудан тартып тарс көтөрүп чапты. Сур бээ чыңырганда жылкынын бири да калган жок. Бээнин ичи эшилип ичеги карды жерге түштү. Жан курусун, өйдө көтөрүлөйүн дегенде тиги көк жал баш көтөртпөй шак алкымдан аткый тиштеп кокосун жулуп алды. Бул Көк жалдын көнүмүш ыкмасы эле. Мууздоодон шаркырап кан кеткенден кийин сур бээнин козголоорго чамасы калган жок. Аяк серперге алы келбей жан берди. Көк жал сур бээнин көөдөнүнө тумшугун житирип, жүрөктү колко-солкосу менен сууруп алды да, анан бээнин үстүндө төрт тамандап туруп-туруп, жылуу кан-саны менен казы-карта ич эттерин үстөккө-босток акылдатып, көптөн бери ачыгып калган түгөнгүр шаша-буша чоң-чоң аткып сугунуп, келки-келкиси менен чайнабай жутуп жатты. Бул учурда жылкы үрккөн бойдон жолбун үйдү тепсеп кете жаздап бир орунда токтой алышпай улам-улам кошкуруп-бышкырып, артын тиктешип элеңдеп турушту. Кантишмек анан жарыктыктар бүгүн да бирөөнөн ажыраганын билишти да.
Жылкычылардын бири адыраңдата чаап келип Кудайбергенге бир тийди. Ошол учурда Кудайберген да үрккөн жылкылардан шек алып, бүркүтүн кондуруп желе жорто бастырып утурлап калган. Кыр-кырларга далдаланып жашынып турган жылкычылар Кудайберген келгенче тиги көк жалдан көзүн айрыбай орду-ордунда таштай катып турушту. Кудайберген баш көтөрбөй бээнин этин үзүп жулкуп жаткан карышкырды өйдөкү кырга чыкканда көрдү. Карышкыр ойдо, Кудайберген жондо болуп калды. Бул сары барчын үчүн оңдой берди болду. Бүркүттүн томогосун да тарткан жок. Качан гана карышкыр этке тоюп, оозу-башын жаланып чыга бергенде Кудайберген жылкычыларга үн салып кол шилтеди. Жылкычылар айгырлардын күчүнө салып жердин тоңголок аң-дөңүнө карабай кыйкырык сүрөөнгө алган бойдон карышкырды кууп жөнөштү. Кудайберген карышкыр коктудан өйдөлөп, капталга жабыша бергенде Сары-Барчындын томогосун тартты. Бүркүттүн көзү кандай гана өткүр, кандай гана курч аа. Томогосун шыпырар менен Сары-Барчын колдон атып кетти.
Карышкыр узагандан узап, жылкычылардын илик салынбаган улоотап айгырлары бардыгып, алда кайда алыс калды. Карышкыр улам жогорулап өйүзгү кырды ашып кете турган болду. Сары-Барчын жер менен жер болуп, капталдын бооруна көкүрөгү тиер тийбес-тиер тийбестей сүрдүү жоонун чукул кирип келгенин байкаган да жок. Ал жылкычылардан алыстаганына кубанып жонго жакындай бергенде бүркүттүн бороондой күркүрөгөн добушун ошондо араң туйду.
Карышкыр кайрылып мойнун бурганча бүркүттүн ачуу тырмактары аны таңынан серпкен бойдон өйдө көтөрүп, түндүк бою бийик алып чыгып кайра жерге таштап жиберди. Сары-Барчын мурунку карышкырды түлкүлөрдөй эле шыпырып алып жүрчү. Мунун чоңдугун, көк жалдыгын чукул барганда байкап, анан анын каруусун кетирип туруп жайлагысы келди окшойт, сур бээнии казы-картасына ынтыга тойгон арам таштуу жерге зор денеси менен тийгенде челек чапкандай былч дей түштү. Сары-Барчын асманга атып чыгып кетти. Ошонун ортосунда тиги Көк жал даңгыл жерге жыгылган балбандай сендиректей түшүп, анан тура калды да кыйралактаган бойдон өйдөлөй албай каптал ылдый салды. Сары-Барчын жогорку бийиктен типтик ылдый карай эки канатын куушура бүктөп, балтырларын салаңдата сунуп жиберип арбайган алакандарын ачып, аткурдай тырмактарын оркойтуп келип карышкырды мурунку жолу серпкен жеринен адашпай аткый кармады да, дагы түндүк бою көтөрө түшүп жерге таштады. Карышкыр ордунан очорулуп далайга чейин козголо албай жатты. Сары-Барчын акыркысында асмандап бийик көтөрүлбөй, үзүктөй эки чоң канатын эки жакка жазып шашпай имерилип келип, тиги ордунан козголо албай тамтаңдап калган карышкырды он колу менен баштан, сол колу менен таңдан мыкчый кармап белин түпкүчтөй ийип турганда, карышкырдын төрт буту төрт жакка тыбырап, жан талашып жер чапчый берди. Карышкырдын оозун кабыштыра кармаган оң колунун жем басары көк жалдын сол көзүнүн түбүнө чейин кирип кеткен экен, көз тостоё чанагынан чыга түшүптүр. Карышкыр менен Сары-Барчын булгалакташып жатканда Кудайберген менен жылкычылар аттарын койгулакка алып күшүлдөп-бышылдап жетип келишти.
Карышкырдын жүрөгүнө бычак уруп сулк таштап коюп, Кудайберген кайта-кайта энтигип жаткан Сары-Барчынын колуна алды. Сары-Барчын эки канатын жая албай көпкө чейин акактап, эки өпкөсүн уруп жатып анан барып жазылган канаттарын жыйып алды. Сыягы күйүккөн жүрөктүн түрсүлдөп урганы жайлагандан соң калыбына келип, эс-учун жыйды окшойт. Кудайберген бүркүтүн эркелеткендей канат-куйрук, мойну-башын сылап, аягынан башына чейин бир сыйра карап чыкты. Эки канаттын чалгындары бүт аман, кашка куйруктун бир талы гана сыныптыр. Буту-колдун тырмактарына чейин кадимкидей экен. Мүнүшкөрлөр алганынан да кыраанынын аман калганына кубанат эмеспи. Кудайберген менен жылкычылар Сары-Барчындын эрдигина кубанышты.
Жылкычылар суналып жаткан карышкырдын өлүгүн аяк-башына чыгып кайта-кайта тиктеп жатышты. Карышкырдын чоңдугу кунан оопастан чоң десе чоң, андан кем калбайт. Мойну буканыкындай жоон. Желкеден тартып эки далынын кошконуна чейин камандыкындай көк буурул жалы бар. Жаагынын азуулары буураныкындай оркоёт. Аны менен далайды жарган да. Тай-кунандар мындай турсун чалкайган бээлерди козудай көрбөй, кармаган жеринен кан чыгарып, тиш салаары менен көтөрүп чаап жатканы ошол болоттой курч жоон азуулар эмей эмне дейсиң?!
Көк жалдын өлүгүн көргөндө жылкычылардын айгырлары алда кайдан жер чапчып кошкурушат. Араңдан зорго үч-төрт жылкычы ордунан козголтушуп, бир жоошураак чоң айгырдын ээрине арта салып өңөртүштү. Жылкычылардын жолбун үйүнө жеткенче Көк жалдын башы менен арткы эки буту жер чийип сүйрөлүп олтурду.
Ушуну коркпой барып алган бүркүттүн эрдиги менен күчүнө кандай деп баа берсе болот?
КҮРӨҢ КАЛТАР
Каракол жайлоосуна бараткан жолдун оң тарабындагы алты-жети теше келе турган түндүктү калың ак чий баскан. Чийдин арасы чычкан жөргөлөгүс түнт да, бийик да. Ошол чийди аягынан башына чейин тепетең жарып кашкайган кан жол өтөт. Жолдун аяк-башы түгөнбөйт. Өрөөндүн күпүлдөп аккан чоң суусун ары бир кечип, бери бир кечип олтуруп, Суусамырдын белин ашат, Кара-Балта, Ак-Сууну аралап андан ары Таласка өтүп кетет. Ал ошон үчүн кан жол аталган. Эл жайлоодон ылдый тарткан кеч күздө ошол калың чий карабашыл тартып тегиз бышып эртели кеч сыдырым соккон жумшак желге ары бери ыргалып деңиздин бетиндей чайпалып турганын көрөсүң. Чийдин коюу жеринен ботолуу төө ботосу менен аралап кетсе ботосу көрүнбөйт. Анда-санда гана кыбыраган чийдин башынан малакай кийген кишинин чокусундай болгон тайлактардын өркөчтөрүнүн учтарын байкайсың. Эл көчкөндө балпайган-балпайган курсактуу бээлерди кулун-тайын ээрчитишип жүктүү төө жетелеген байбичелер минишет эмеспи. Ошол калың чийди көч аралаганда кулунтайлары адашып ар кайсы жерден үн салып чыңырышат. Энелери андан беш бетер ооздугун тарттырбай жер чапчышып, үстөккө-босток кишинешип жулунуп-жулкунганда үстүндөгү байбичелердин башындагы элечектери тоголонуп түшүп кала жаздап барып оңолот. Кой-козу, торпок-тананы айтпа, кай бирлери таптакыр чий арасына кирип кеткен боюнча табылбайт. Качан гана алардын таңдайы так катып чийдин арасынан темселеп жүрүп чыгышып өзөн бойлоп суу издешет, ошондо гана таап алышат. Болбосо түпсүз жоголот.
Бир жылы кышында ошол ак чийде өтө кызык окуя болуп өттү. Эртели-кеч мал көздөгөндөр калың чийдин арасынан дөбөттөн чоң күрөң түлкү анда-санда булактап качып калганын көрүшөт. Көрүп калган эстүү-баштуулар күрөң түлкүнүн жалтылдаган кооз жүндөрүн байкашып калтар экен го деп баамдашат. Күрөң калтардын кабарын уккандан баштап Канат болуштун тынчы кетти. Айлындагы бүркүтчү, капканчы, тайганчы, мергенчилердин күндүз тынчын, түнкүсүн уйкусун алды. Ошентсе да алардын колунан келбеди. Калың чийдин коюу жерлерине чейин ала калтырбай аралап жүрүшүп, жатып жүргөн жатагын да табышпады. Чий арасындагы жүлүндөй ичке жолдорго капканчылар капкан жаткырып да көрүштү, андан да майнап чыкпады. Кай бир күнү капканга түлкүнүн ордуна коён түшүп калат. Ал коёндор күрөң түлкүгө даярдаган жем сыяктуу, капканы калып, коёнун түлкү жеп кетет. Кай бирде тайганчылардын тайгандары да ошол түлкүгө салган капканга түшүп буту-колу сынып, улуп-уңшуп каңкылдап жаткан күндөрү болду. Ошондон кийин тайгандар да чийди аралай албай, капканчылар да капкан салганын токтотушту. Илгери үмүт да күрөң түлкү бир жерден булт берип качып калбасын дешет окшойт, бүркүтчүлөр бүркүттөрүн калдаңдатышып кондуруп барып, кондуруп келишет ак чийге. Кара таштын качканыбы. Чий арасы коён, кекилик, чил, бөдөнөгө жыкжыйма болсо. Күрөң түлкү ачык жерден эмнени издемек эле. Түнкүсүн жээктеги күркүрөп аккан өрөөндөн каалашынча суу ичип, кайра кылт этип чийдин түнт жерине житип кетет эмеспи ал түгөңгүр. Өлүк этке уу сээп ар кай жерге таштап да көрүштү. Андай шектүү этти түлкү искеп да, жыттап да койгон жок. Чийдин арасында тирүү жандыктар өзүнүн менчигиндей багылып турса, андай сасык этти амалдуу түлкү карайбы, карабайт да. Ошол уу сепкен эттерди билбей жеп алышып аңчылардын далай сонун тайгандары да өлдү. Андан ары ал акыл да катардан чыкты.
Айылдагы аңчыларынан үмүтү үзүлгөн Канат бир күнү Кудайбергенге киши чаптырды, Кудайберген: «Кар эки жолу жаагандан кийин барам, ага чейин шашпасын, кыштоосу жарашкан түлкү тоюту канган жерден кетпейт» деп Канаттын чабарманын кайтарып жиберди. Ак чийге мал-жан жолотпой калтарды сыртынн корутуп, Канаттын да тынчы кетти. Чилде түшкөнчө кар бир эки жолу жааса экен, ошондон кийин калтардын берметтери жетилет эле деп Кудайберген да тилек кыла берди. Анткени кышкы карларга моокусу канганча оонамайын түлкүнүн бермет жүндөрү тегиз жетилип кулпунбайт тура.
* * *
Кудайберген кыш айынын күндөрүнүн биринде Байгубат, Чомор, Жээнчоро, Кондубайларды чакырды. Алар улуу шашкеде Кудайбергендикине биринен сала бири удаа-удаа кирип келишти. «Келгениңер жакшы. Эртең ушул олтурган төртөөң тең ат токунуп, кыраан тайгандарыңарды ээрчитип мында келе калгыла. Канат болуштун чакырганына көп болду. Караколдун калын чийин баар алган бир күрөң калтар бар дейт. Ошого барып аракет кылып көрөлү, буйрук болсо колго түшүп калаар». Келгендердин баары бир ооздон «макул», деп сүйүнүп кетишти. Кудайберген инилеринин кичипейил элпектиктерине кубанып «жакшы жышаан» деп, ичинде ырым тутуп койду.Эртеси эртең менен күндүн нуру тоо-тоонун башына чачыраары менен Кудайберген баштаган беш атчан Караколду бет алып жогору карай жүрүп калышты. Тиги төртөөнү ээрчиген төрт тайган. Кудайбергендин колунда кондурганы Сары-Барчын, артында ат соорусуна секирип чыга калчу «Тополоң» деген эки уурту эки жакка салаңдаган сары машкеси. Алдындагы аттары жүрмөл, эттери семиз. Жер жакын, жол тегиз. Канат болуштун айлына бат эле жетип келишти. Болуштун айлы жолдон тай чабым буруу «Тала-Булактагы» кыштоосунда болчу. Кудайберген Канаттын айлы жакты карап да койгон жок. Инилерин ээрчиткен бойдон Караколду бет алып ак чийди көздөй түз жүрүп кетти. Күн көтөрүлүп улуу шашке болгондо ак чийдин берки четиндеги кашаттын кырына келип токтошту. Ошол жерден ээк алдындагы ак чий баш аягына чейин дапдаана көрүнөт. Токтой калган жерде ат үстүнөн түшпөй туруп Кудайберген сөз баштады: «Бул ак чий баарыңарга белгилүү, ары-бери өткөндө аралап жүрөсүңөр. Түнт, коюу дагы, узун дагы. Түлкү өтө амалдуу болуу керек, анын үстүнө Канаттын аңчылары жедеп заки кылып тажаткандыр. Калтар дайыма бир жерде жатпайт. Жатак которуп турат. Антпеске аргасы жок. Кокус бир жатакта дамамат жата берсе бат эле колго түшүп калбайбы. Түлкү болгон жеринде калтарлар өзгөчө амалдуу болот. Ачыкка да чыкпайт. Ачыкка чыкса бүркүт менен тайгандан коркот. Аны да билет. Күндүз бекинип, түнкүсүн жортот. Эми төртөөң төрт тайган менен ак чийдин төрт тарабынан киргиле. Тополоңду чийди аралатып коё берели, ал жойлоп жүрүп түлкүнү жаткан жеринен таап чочутат. Табаары менен кабар берет. Үрөт. Түлкү чочуп тура качат. Жетсе да, жетпесе да артынан сая түшөт. Үрө берет, үрө берет. Ал Тополоңдун «таптым, быякта жүрөт дегени. Анан түлкү туш-туш жакка качып бириңерден- бириңерге барып уруна баштайт. Качан гана Тополоң кабар кылганда тайгандарыңарды агыткыла. Өзүңөр да кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу түшүргүлө. Түлкүнү тындырбай шаштыра бергиле. Көрүнө калса артынан түшкүлө. Токтобогула. Баары бир чий арасынан алдырбайт. Бир быякка, бир тыякка качып олтуруп, кайта-кайта чийге уруна берет. Анан чарчайт. Каруусу кетет. Жедеп куугунтук көрбөй, кышты-кыштата кекилик, чил, коёндун этине семирген арам тилин салып акактап калат. Күйүгөт. Анан жанталашып ачык жерди карай жөнөйт. Сууну кечип аркы өйүздү көздөй чыга качпас, качса бүркүт бар эмеспи. Анан айласы кеткенде мен тарапты көздөй салат, аттарыңар тың, аяк-башын тосуп мен жакка бет алдыргыла. Мен тететиги капталга жашынып, бүркүттү көргөзбөй көмүскөдө турайын. Баары бир силерге да, тайгандарыңарга да жеткирбейт. Ошентсе да кыйкырык-сүрөөнгө алып шаштысын кетирип артынан самсый бергиле. Кокус менден шексип калса кайра чийди көздөй салат. Ошондо силер чий жаккы бетин тосуп калгандай болгула. Кана эмесе, жөнөгүлө».
Төртөө төрт тайган менен ак чийдин төрт тарабында турушту. Кудайберген Тополоңду чий аралатып коё берди. Тополоң чий ортолоп барганда добуш салып үрүп калды. Ошол учурда ар кай жерден чийлердин башы былкылдап арасында бир нерсе кетип бараткансыды. Ал кыбыраган элес күрөң түлкү болчу. Түлкү оң капталга барганда оң жактан, сол капталга барганда сол жактан тайгандар үрүп, чий аралай чуркашты. Анан ошол элестин артынан калбай жөнөштү. Аларга тиги түлкү караанын да көргөзбөй, карааны түгүл жакындаткан да жок. Туш-тушунан атчандар да кыйкырык сүрөөнгө алышты. Ак чийдин арасы тополоңду тос болуп уюлгуган чаң асманга көтөрүлүп, акырында куугунтук ызы-чуудан тынчы кеткен түлкү ачыкка чыга качып төштү көздөй созолонду. Тайгандар артынан түштү. Бирөө да жакындабады. Куйрук улаш чукул келип калган тайганды түлкү бурула калып карап койсо тайган ошол ордунда соксоюп туруп калат. Калтардын сүрү ошондойбу, же тайгандардын көздөрү уялып чагылыша түшөбү кандай шумдук экени белгисиз. Болбосо ушул төртөө тең түлкү эмес карышкырга тиш салып жүргөн атактуу тайгандар болчу.
Төмөнтөн келаткан түлкү жогору жагында бугуп жаткан Кудайберген менен Сары-Барчындан шек санаган жок. Тайгандардын артынан атчандар да ач кыйкырык, куу сүрөөнгө салып катуу келатышат. Бирок аралыгы капкайда. Кудайберген бүркүтүн калдаңдаткан бойдон кашаттын кырына сабап чыкты. Келаткан түлкүгө Сары-Барчындын томогосун тартты. Бүркүт тарткан жерден колдон атып учуп асманга көтөрүлдү. Бүркүттү көргөн түлкү кайра артын карай салды. Тайгандарды жоо экен деп сезип да койгон жок. Ошол учурда Сары-Барчын эки бутун салаңдатып күркүрөгөн добуш чыгарып түлкүгө чукул кирип келди. Түлкү Сары-Барчынды күйкөдөй да көргөн жок окшойт. Токтой калды да кайра жогору баштанып, куйругун түптүз сунуп тиштерин ырсыйтып үрпөйүп тура берди. Сары-Барчын качан чукулдап тырмак саларга кулач бою калганда лып жата калды да бүркүттүн үстүнөн түндүк бою аша секирип мант берди. Сары-Барчындын төшү жерге тиер тийбес, тиер тийбес болуп барып кайра көтөрүлүп кетти. Сары-Барчын куушурган канаттарын жайып асманга оболоп далбак-далбак этип бийиктей баштады. Ошол учурда тайгандар түлкүгө жетип калышты. Жеткени менен курусун. Насили иттин иши ит да. Түлкү токтой калып кылчайып койсо орду-ордунда соксоюп-соксоюп туруп алышат. Эң кур дегенде бирөө тиш салып койсо эмне? Калтардын сүрү карышкырдын сүрүнөн артыкпы? Сулуу кыздан сүрдөгөн уяң жигиттерден бетер жүрөктөрү түрсүлдөйт окшойт.
Сары-Барчын асмандан аңтарылып дагы жибере берди шукшурулуп. Түлкү баш калкалар караган чери жок жылаңач адырлардын бетинен кутула албасына көзү жеткен соң кайта типтик ылдый калың чийдин четин көздөй салды. Ал кетип баратып ойлонду окшойт. «Мындай болоорун билгенде чийдин арасынан чыкпайт элем» деп. Ырас эле ошентсе болмок. Ар кай жерден бир көрүнүп, коюу чийдин дүңгөсүнө ургулап олтуруп тайгандарды чарчатып таштамак. Чий арасынан бүркүт да ала алмак эмес. Ошентип олтурса кеч да кирбейт беле. Түн түшкөндөн кийин капкайда жоголмок. Ал ойлогон: «Чийге урунуп олтурбай талаага чыксам тайгандарга алдырбайм» деп. Асманда бүркүт бар экенин кайдан билсин шордуу.
Сары-Барчын дагы күркүрөп жетип келди. Түлкү дагы мант береби деди көрүнөт, кол сала турган болуп барып түлкүнү жазгап өтүп кетти. Ошол учурда Байгубаттын ак төш кара тайганы чийге жеткирбей түлкүнүн алдын тосту. Анын артынан удаа келаткан үч тайган үчөө тең түлкүнүн туш-туш жагынан чыгып ортого алышты. Ортого алышканы курусун, бирөө да кол сала албады. Жараганда баягы Тополоң байкуш ишке жарабадыбы. Машке тайгандардай чуркай албайт эмеспи. Ал түлкү чийден ачыкка чыгып төш таяна бергенде алда кайда алыс калган. Эми кара, кайдан-жайдан жетип келгени белгисиз, тиги тайгандар тиш сала албай тиктешип турган түлкүгө барып бир тийип куйруктан чала була бурдап өтсө болобу. Бурдаганынан мурда да аны асманды каратпай алаксытып үрүп жибербедиби. Ошону гана күтүп, үстүндө айланып турган Сары-Барчын тике сайылып кырданып келип тайгандардын ортосунда акылынан адашып алактап турган түлкүнү шып илип алып бийик көтөрүлүп кетти. Көкөлөгөн бүркүттүн боорунда байкуш күрөң калтар буту-колун тыбыратып, куйругун булгалактаткан бойдон салаңдап кетип баратат. Тополоң баш болгон төрт тайган ооздорунан жулдуруп жибергендей асмандагы Сары-Барчын менен анын колунда жыландай чубалжып бараткан күрөң калтардан көздөрүн албай моюндарын созуп, тумшуктарын өйдө көтөрүп орду-ордунда соройгон-соройгон бойдон соксоюп туруп калышты.
Сары-Барчын түлкүнү салаңдатып бөктөргөн бойдон асманды үч айланып келип жерге конду. Кудайберген баш болгон төрт жигит дабырата чабышып Сары-Барчын түшкөн жерге жетип келишти. Аттарынын күшүлдөп-бышылдаганынан да алардын өзүлөрүнүн кара терге чөмүлүп акактагандарын айтпа. Айрыкча эти оор курсактуу киши эмеспи, өң-алеттен кетип каракөк болгон Кудайберген көптө барып араң эсин жыйды. Атчандар келгенден кийин колундагы түлкүнү жерге таштап коюп Сары-Барчын балпаң-балпаң басып обочолоп секирип чыга берди. Түлкүнүн оозунан аккан тоголок-тоголок тамчы кандар жиби үзүлгөн кызыл шурудай чууруп биринен сала бири жерге тыпылдап тама баштады. Асманда жүргөндө эле күрөң түлкүнүн тилин сууруп, эки көзүн чукуп жеп койгон экен Сары-Барчын. Анан кантип жаны калсын байкуштун.
Байкубат сулк жаткан түлкүнү тумшугунан кармап өйдө созуп типтик көтөрсө баш аягы анын бою менен тең болду. Чоңдугу канчык карышкырга жакын экен. Жетилген берметтери бирде өйдө, бирде ылдый карай ыгыйт.
Дааналап тиктеген адамдын көздөрүнө бирде күрөң, бирде көгүш, бирде кызыл түр берип түркүн-түркүн түстө кубулат. Сыртынан да боору сонун — капкара. Атаганат, кокус жез оймок уздардын колуна даана тийсе кенен-чонон үч тебетей чыкчудан.
Кудайбергендин күрөң калтарды алдырганы ошол эле замат Канаттын кулагына шак дей түштү. «Кайрылып чай иче кетишсин» деп кырк чоронун күмбөздөрүнүн жогору жагындагы туура жолго бир кишисин тостуруп койгон экен, Канат болуш. «Күн кечтеп кетти чарчап баратабыз айыл жакын эмеспи дагы катташарбыз» деп Кудайбергендер тобунан бөлүнүшпөй жүрүп кетишти.
Арадан бир жума өтпөй Канат Кудайбергенге киши жиберди .«Калтарын башкага бербесин, мага берсин тебетей тиктирип кием» деп. Муну укканда Кудайбергендин кучунашы кармады. «Калтар тебетей жалгыз Канаттын башына жарашат бекен, биздин башка да жарашат» деп койду. Эртеси күнү Канаттын дагы бир жигити чаап жетип келди: «Кудайберген Темир молдонун ак боз атын жакшы көрчү эле таякем макул болду (Темир молдо Канаттын бир тууган таякеси. Эл-журтка кадырлуу киши) ак боз атты алып калтарын берсин» деп. Кудайберген ого бетер жинденди: «Жөө жүргөн жерим жок, атым бар» деп койду.
Ушул сөздөн кийин Канаттын намысы курчуп ызалана баштады. Ары ойлонуп, бери ойлонуп туруп бир күнү айлындагы аттуу-баштуу сөз билги аксакалдардан беш кишини Кудайбергенге жөнөттү. Алар бастырарда муну айтты: «Жакшы айткыла, болбосо Кудайберген айтпай-дебей туруп мага караштуу ак чийдин арасында жүргөн күрөң калтарды бүркүтүнө алдырып кетиптир калтарды кайтарып берсин бербесе эрдин кунунан артык доого жыгылат» дегиле.
Бул сөздү уккандан кийин Кудайберген баштагысы аз келгенсип, анын үстүнө ого бетер күчөп жооп кылды. «Ак чийди Канат жасаган эмес кудай жасаган, ак чий элдики. Калтар жалгыз болбойт. Биздин каратоодо да бир кара калтар жүрөт. Тайганчы, буркүтчүлөрүн жиберип алдырып кетсин, мен ич тардык кылбайм». Келгендердин арасынан бирөө чечеркеп сүйлөп калды: «Канат менен эрегишпе. Ал болуш. Колунда бийлик бар. Ыбыке баатырдын уулу. Минтип өчөшүп туруп алсаң, айлыңды кызыл уук кылып чаап, мал-мүлкүңдү талатып жиберет, анда кантесиң?» Кудайбергендин өңү бузулуп, сакал муруту бириндеп, түгү сыртына чыга түштү:
— Чыккыла үйдөн! Кордук көрүп каласыңар! Эр болсо Канат келип кол салып көрсүн! Ал чоң өтүк кул Ыбыкенин баласы болсо, мен Төрөгелди баатырдын баласымын (Төрөкелди да, Ыбыке да Абайылда баатырдын балдары улуу аял, кичи аялдан) отургандар орду ордунан жылып-жылып чыга башташты. Ошондон кийин Канаттан киши келген жок. Кудайберген күрөң калтарды берген жок.
АМАЛДУУ ТҮЛКҮЛӨР
Сыдыкбек бой тарткандан баштап капканчы, мергенчи болуп келген. Ал бүркүт салганды кийинчерээк, отуздан ашканда үйрөндү. Дээриңде аңчылыкка шыгы бар адамга айла жок тура. Ал мүнүшкөрдүк кесипти да бат эле өздөштүрдү. Баштаганда да уя-бала бүркүттөн баштабай, тор бүркүттөн баштады. Уядан алган балапанды кандай көндүрсөң өз эркиң эмеспи. Качуу-бозуу деген анда болбойт. Канча кылган менен бала да тил алчаак алдатканы менен анын иши жок. Жумшасаң көнөт, урсаң өлөт. Ал эми тор бүркүттүн жумушу башка. Бир күнү ээсинен адашып талаа-түздүн бирине түнөп, өзүнчө ээн жерде жем таап жеди дегенче андан ажырадым дей бер. Чанда бирөө болбосо, көпчүлүгү кайрылбай кетет.
Торго түшө электен мурун төрт-беш түлөп калган бир Кара-Барчынды Сыдыкбек көп жылы салып жүрдү. Күндөрдүн биринде «Ортоктун» тоосун жондото кыдырып, түлкү кагып келаткан. Жолколоттун чыгыш жагындагы бийик чокуга чыгып, аркы бузулган суунун берки өйүзүндөгү тоо этектерине көз жиберсе, эч нерсе билинбейт. Анан ойлонуп туруп, бүркүтүнүн томогосун шыпырды. Бүркүт адегенде уча тургандай канаттарын жайып, ормоңдой түштү да, анан кайра кагынып-силкинип коюп, колдо тынч алып отуруп калды. Бирок мойнун созуп, жүнүн салып, дагы эле бирдемени көргөндөй обдулуп коёт. Учпайт. Бир эле жерди тиктегенсийт. Жойлоп жүргөн же качып бараткан түлкүнү көргөндө бүркүт колунан атып кетчү. Коё бербесе кайра-кайра жулуна берчү. Бул жолу эмне болуп турат? Мүнөзүнө караганда кадимки түлкү көргөндөй. Жылмаңдайт. Эгерде бир нерсе көзүнө урунбаса мындай болчу эмес. Тынч олтурчу. Айлана-тегерегин, тоо-тоонун капталдарын, бийик чокуларды, булуттуу асманды карап, жайланып олтурчу. Бул жолу андай болбой турат. Өзү да үмүткөр, Сыдыкбекти да үмүткөр кылып, ойдогу коктудан эки көзүн албай, башын чулгуп, мойнун соксоктотуп бир эле жерди тиктеп туруп алды. Сыдыкбек томогосун катып, төшүн, канат-куйругун сылап-сыйпады, ага бүркүт болбоду. «Томогомду тарт» дегендей шек берип, колго токтобой каз тамандап мээлейди эки алаканы менен чирене тээп тик тура калып, канаттарын далдайта жайып калдактап жиберди. Сыдыкбек бүркүттүн томогосун кайра шыпырып алды. Жанагынын өзү, ойдогу коктуну ормоңдоп карап, бир жеринен көзүн албайт. Тиктейт да тиктейт.
Сыдыкбек ойлоду: «А бул капканда жаткан кашкулак же суурду көрдү. Болбосо кыбырап качып бараткан карышкыр, түлкү болсо жулунмак». Анан Сыдыкбек жалаң эле бүркүтүнөн шек албай, өзү да төмөнкү кокту-колотко көз жүгүртүп, ой-чуңкурунан эч нерсе калтырбай сыдырып карады. Кызык. Тээтиги коктунун учундагы ойдун аягында тирүү түлкү чалкасынан түшүп уктап жаткансыйт. Сыдыкбек өз көзүнө өзү ишенбеди. «Кантип эле түлкү күндүз, чак түштө ачык жерге жатып уктасын. Таш кулатып көрөйүн, бул тирүү түлкү болсо ордунан тура калат. Анан бүркүт барып шыпырбайбы? Эң эле ыңгайлуу, эң эле даана жерде жатат. Аралыгында жолтоо болгондой карагай-чер, коргул ташы жок».
Сыдыкбек эки тизгинди бир ороп, атты каңтарды да, ээрдин кашына бүркүттү кондуруп койду. Бүркүт соксондоп, төмөнкү ойдон көзүн албайт. Анан ары капталдай басып, жанагы жаткан түлкүгө карай бет алдыра калдыратып таш кулата баштады. Кулаган таштар түлкүнү жандап өтүп, кай бири тийип калчудай өтө жакындап барып токтойт. Түлкү былк этпейт. Солк этип кыбырап да койбойт. Сулк гана жатат. Сыдыкбек ойлоду: «Бул өлгөн түлкү экен. Болбосо ордунан тура качмак». Сыдыкбек кайра басып келип, чылбырынын узун учу менен атынын алдынкы эки бутун тушап койду. Бүркүттү ошол калыбында ээрдин кашына калтырды. Ат эки жакка жылбай, мамыга байлангандай какыйды да, калды. Анан өзү жөө лык-лык басып, кокту ылдый жөнөдү. Жанагы өлгөн түлкү Сыдыкбек эшик-төрдөй жакындаганда ордунан тура качса болобу! Кокту ылдый чымын-куюн болуп, ар кайсы жерге бир тийип сызып баратат. Сыдыкбек аңырайган бойдон бир ордунда турду да калды. Айласы кеткенде каткырып жиберди. Өйдө жагын караса түлкүнүн артынан шукшурулуп бүркүтү бараткан экен.
Сыдыкбек бүркүт менен түлкүнүн артынан жөө чуркады. Анан кантет, аты асмандын башында — чокуда калбадыбы.
Бүркүт да, түлкү да төмөн барып, бир аңдын жаракасына удаалаш киргендей болду. Аларга Сыдыкбек чуркаган бойдон шашып жетип барды. Келсе бүркүт түлкүнүн соорусун эки колдоп мыкчып турат. Эки канаты далдайып, эки жакка жайылган. Жаракага түлкү кептелип калгандыктан, бүркүт аны соорудан мыкчып, эки жакты жалдырап карап отуруптур. Анча болбогондо коё бермек экен. Сыдыкбек түлкүнү эки арткы бутунан бириктире кармап, жаракадан сууруп алганда, бүркүт он колун түлкүнүн соорусунан чыгарып койду. Кыңк этерге алы келбей, амалдуу түлкү айласыздан ажалга моюн сунду.
Бүркүттөн ажыратып алгандан кийин түлкүнү караса эки капталы жаргактай такыр. Сан жүндөрдөн эч нерсе жок. Көрсө, бул жарака амалдуу түгөнгүрдүн жанын бүркүт менен тайгандан сактап калчу экен. Өзүнөн башка батпаган бул жаракага кире качканда, артынан күү менен келаткан тайган, же бүркүт мында кептелип калып, же ары кетпей, же бери кетпей аргасыздан өлүмгө барчу тура. Алар өлгөндөн кийин эттерин бул түлкү жебегенде ким жейт. Тегеректин баары бүркүттөрдүн канат-куйругу, иттердин сөөк-саактары экен. Жанагы жерде өлгөн неме дей сулк жатып калган себеби, бүркүт менен Сыдыкбек жондон чыкканда куу түлкү аларды мурун көрүптүр.
* * *
Сыдыкбек бүркүт салып жүрүп, дагы бир кызык окуяга туш болду. Күздүн акыркы айынын бир күнү. Капка-Таштын бүктөлгөн-бүктөлгөн секилеринин бирин кур калтырбай кыдырып түлкү карап келаткан. Күн көтөрүлүп, чоң шашке болгондо, бир кырчага чыгып, ойдогу түзгө көз жүгүрттү эле, темин менен баскан кырмандын бетинде бир түлкүнүн жойлоп жүргөнүн көрдү. Аралык алыс, жер түз. Кокус бүркүт түлкүнү алып калса, жеткенче аны колунан чыгарып жибереби, же керекке жаратпай терисин тытып салабы деп Сыдыкбек ошол жагынан да коопсунду. Акыры тобокелге салып, бүркүтүнүн томогосун тартты. Бүркүт түлкүнү көрөөрү менен колдон атып кетти. Сыдыкбек далайга чейин бүркүттүн артынан көзөмөлдөп турду. Анан ал качан гана кырмандагы түлкүгө жакындаганда атынын оозун коё берип, өлөр-тирилерине карабай чапты. Мына, кырманга да жете келди. Келсе бүркүт кырмандын бир четинде соксоюп олтурат. Эки жагын ормоңдоп карап коёт. Түлкүдөн дайын жок. Бүркүт жеткенче качып кетти дейин десе, бүркүт кырмандын четине конбойт болчу. Ала албай калса дагы түлкүнүн артынан түшүп, ээрчий учмак. Болбосо, түлкү аң-саңга, ийин-пийинге кирип кетти дегендей жер эмес, кырмандын тегереги түптүз тастайган такыр. Андай шектүү жер билинбейт. Сыдыкбек бүркүтүн колуна кондуруп, кырмандын бетинде ары-бери атчан бастырып турду. Түлкүдөн шек жок. Каякка жашынып, кайда житип кеткени дайынсыз. Акырында Сыдыкбек түлкүдөн түңүлүп жолуна түштү.Эртеси кечээки кырларды ашып белгилүү дөбөлөргө чыгып, бүркүттүн томогосун тартса, баягы түлкү кырмандын бетинде дагы шимшип жүрөт. Бүркүт түлкү көзүнө чалдыгаары менен дагы зуу койду. Артынан атып чапкылап Сыдыкбек келди. Мына кызык! Бүркүт кечеки ордунда дагы томсоруп олтурат. Колунда түлкүсү жок. Эки тарабын ормоңдоп караган болот. Жым-жырт, эч нерсенин шеги билинбейт. Атын кара терге түшүрүп, аңтандап шаша жетип келген Сыдыкбек да бул кызык окуяга таң калып, аңырайып туруп калды. Анан бүркүтүн ат үстүнөн туруп үндөп алды да, түлкүдөн түңүлүп жолуна түштү.
Дагы бир күнү каадасынча Сыдыкбек бүркүтүн кондуруп, Капка-Таштын кырчасына чыкты. Анан кырмандын бетине көз жүгүрттү. Баягы түлкү дагы жойлоп жүрөт. Аны бүркүтүнүн томогосун тартпай туруп, бүркүттөн мурун өз көзү менен көрдү. «Коё берсемби, коё бербесемби» деген кош көңүл ойдо болду. «Бүркүт кантер экен, көңүлдөнөбү, жокпу» — муну да ойлоду. Эмнеси болсо да көргөзүп көрөйүнчү, бүгүн алдыра албай калсам, экинчи буга жолобойм. Анда, бул түлкү эмес, бүркүт экөөбүзгө көрүнгөн сыйкыр».
Сыдыкбек бүркүтүнүн томогосун шыпырды. Кетти. Кетип баратат, кетип баратат. Сыдыкбек мурунку каадасындай артынан шаша чаппады. Тек гана көзүн тартып албай, бүркүтүн тиктеп келатат. Бүркүт кырманга жетери менен түлкү көздөн кайым болду. Жок. Кайда кеткени билинбейт. Адатынча бүркүт мурунку ордуна — кырмандын четине конду. Сыдыкбек жай бастырып барып, бозоруп олтурган бүркүтүн ат үстүнөн туруп дагы үндөп алды. Экинчи бул түлкүгө, бул кырманга кайрылбаска шерт кылды. Анан кырманды тегеренип бастырып баратып, ордонун борборундай болгон орто жердеги чуңкурда арыбери былкылдап турган уйдун жампасын көрдү. «Мына кызык. Бул куу жампа эмнеге былкылдайт? »— Сыдыкбек таңыркай калды. Жампага жакындап келип, тегерете тооруп бастырып баратканда жампанын бир четинен жылтыраган көз Сыдыкбектин көзүнө уруна түштү. Сыдыкбек ошондо түшүндү. «Эмне болсо ошол болсун, тобокел» деди да, бүркүт-сүркүтү менен жампанын устүнө аттан кулап түштү. Бүркүтүн жерге таштай коюп, басып калган жампанын ар жагын караса көзүн жылтыратып түлкү жатат. Сыдыкбек камчы сабы менен түлкүнү оозго сайып, чуңкурдан сууруп алды.
«Түлкүнүн амалы адамдыкынан бирөө гана кем» деп эл оозунда айтылып келет эмеспи. Бул оңбогон түлкү кырмандан чычкан уулап жүрүп, кырмандын чок ортосундагы теминге орнотулган жоон мамынын чуңкурун көрүп, ага арты менен тик түшүрүп, жашына калгаига көнүп алган тура! Анан да чуңкурдун оозун тосуп калгандай куу жампаны таап, кокус алда кандай болот деп, даярдап койгонун кара?!
Сыдыкбектин бүркүтү кыраан аталып, эл оозуна кирип калган. Чындыгында кырааны кыраан эле. Ар күнү тоого жайылып чыккан сайын кур келчү эмес. Карышкырды көрсөтө алганы жок, анан түлкүнүн сазайын бердирип жүрдү.
Кырсыктын кайдан болорун адам баласы алдын ала биле албайт эмеспи. Бир жылы Көк-Сайдын бийик чокуларынын бирине чыга калып, этек-жеңин чапкылап түлкү какты эле, Сыдыкбектин көзүнө эч нерсе урунбады. Бүркүт адамдан мурун алда-кайдагыны көрчү эле деп бүркүтүнүн томогосун тартса, каадасынча колунан атып кетти. Бир талпынганда коё берген жок. Экинчи жулунганда «эмне болсоң ошо бол» дегенчелик кылды окшойт, Кара-Барчынды коё берди Сыдыкбек. Кетти. Адегенде көкөлөй түштү. Бул — күүлөнүп алайын дегени. Анан эки канатын куушуруп, эңкейиштей баштады. Эмнени көрдү экен деп Сыдыкбек төмөнкү бөксөлөргө кез салса, тээтиги кең коктунун таманында дөбөттөй чоң бир түлкү эч нерседен капары жок, жайбаракат ары-бери жойлоп жүрөт. Чокудан чыга калган бүркүтчү менен бүркүттү көрсө керек, бирок анчалык чочуп, анчалык элтеңдеген түрү байкалбайт.
Бүркүтчү түлкүнүн ошондой баё мүнөзүн каалайт эмеспи. Сыдыкбек ичинен кубанып карап турду: «Бүркүттүн баратканын билбей калса экен. Аңгыча Кара-Барчын түлкүгө жакындап барып калды. Эки бутун салаңдата ылдый түшүрүп, арбайган чеңгелдерин ачып, аткып алчуудай болуп баратат, Сыдыкбек дагы ойлоду: «Түлкүнүн кулагы дүлөй го, болбосо чукулдап калган бүркүттүн күркүрөгөн добушун сезет эле. Ылайым ошондой болсун». Чындыгында Сыдыкбекке түлкүнүн кулагы дүлөй түгүл, көзү сокур болсо гана. Ага териси гана керек.
Жок. Андай болбой чыкты. Түлкүнүн кулагы да угуп, көзү да көрөт экен. Качан гана Кара-Барчын аркан бою чукул кирип келгенде, жартысы жерде, жартысы тышта сокудай соройгон кара таштын маңдайына келип, бөгүп жата калды тулкү. Бүркүткө ого бетер ыңгайлуу болду.
Качып жөнөгөн түлкүдөн көрө бир орунда жаткан түлкүнү шыпырып алган да, будалап баса калган да алда канча оңой, алда канча жеңил эмеспи. Кара-Барчын ичинен жым дей түштү. Тике маңдайында бакырайып, айласын таба албай эки көзү чанагынан чыгып турган чоң дөбөт түлкү Кара-Барчын жуп тырмак батырып серперде типтик секирип, түндүк бою түйүлдү. Бүркүт түлкү далдаланып турган кара ташка төшү менен тарс тийип, чалкасынан түштү. Алыскы бийиктен күү менен келатан неменин жүрөгү үзүлүп кетти окшойт. Оозунан балкылдаган кара кан атып, эки канаты тондун этегиндей эки жакка далдайып жайылды да калды. Көк барак түлкү капталды капталдай салып кырга чыкты да, кулактарын былкылдатып, эки көзүн жылтылдатып төмөнкү ойдо калган Кара-Барчындын өлүгүн тиктеп, тойгон карышкырдай ичинен куңк-куңк этип, комдонуп жатып алды.
Алыскы бийик чокудан бүркүттүн түлкүгө тийгенин Сыдыкбек карап турган. Бүркүт түлкүгө жеткенде уюган чаң чыга түштү. Бүркүттүн ташка тийгени, түлкүнүн жазгырып, мант берип кеткени көрүнгөн эмес.
Бул күн Сыдыкбек үчүн өтө кайгылуу күн болду. Кара-Барчындан ажырады. Кара-Барчын Сыдыкбекти байытып, маарыткан эле. Кара-Барчын колго тийген күндөн тартып капканчы Сыдыкбек болбой, мүнүшкөр Сыдыкбек деген атка конуп, ага-тууган, эл-журт ичинде чоң баркка жеткен. Жалгыз ат, жалаң тондуу «томаяк» деген наамы өзгөрүлүп, Сыдыкбек «бай» болуп, жүздөн ашуун кой-козу, ондон ашык бодо күткөн.
Ар күнү олжо менен жаркырап-жайнап үйүнө келип жүргөн Сыдыкбек Кара-Барчындын кайгысы менен бул күнү кеч кирип, көз байланган мезгилде орто жолдогу Кудайбергендин айылына бурулду да, Кудайбергендин үйүнө келип түштү. Бүгүнкү болгон окуяны башынан аягына чейин коломто четине отуруп Кудайбергенге төкпөй-чачпай айтып берди. Жалаң гана бүгүнкү түлкү эмес, кырмандагы түлкү, жаракага кире качкан түлкүлөрдүн окуялары да айтылды. Акырында Кудайберген Сыдыкбекке өзүнүн оюн айтты:
— Мен ошол Көк-Сайдагы көк барак дөбөт түлкүнүн амалы жөнүндө көп сөздөрдү уккам. Ал мергенге да аттырбайт, капканга да чаптырбайт экен. Капканды көрсө кадимкидей таш менен уруп чаптырып, тээгине байланган жемин жеп, кыныгын алыптыр. Тайган кубаласа, ташка урунтуп далайын өлтүрүптүр. Ийинге кирбейт дейт. Амалын карачы? Ийинге кирсе аны казып же түтүн салып ыштап алышпайбы. Ошону билген түгөңгүр алтыгана, ит мурун, караган, шилбинин арасын жатак кылат экен. Бүркүт келатканда кайсы жерде сорогой таш болсо ошонун түбүнө жата калып, далай бүркүттөрдү ташка урунтуп өлтүрүптүр. Жалгыз сенин бүркүтүң эмес, бул өрөөндөн Байкубаттын, Көлдөйкөндүн, Дөөлөталынын, Сагындың не деген сонун бүркүттөрүн ташка урдуруп өлтүрдү. Деги буга айла жок болуп калды.
Бүркүтүнөн ажырап, айлына баралбай ызаланып олтурган Сыдыкбек Кудайбергенге улам суроо жаңырта берди.
— Эми муну эмне кылыш керек?
— Эмне кылыш керек экенин мен да билбей жүрөм. Бүркүтчүлөр бири-бири менен күн мурун сүйлөшүп, ал жөнүндө акылдашпайт. Жалгыздап барып бүркүт салышат. Анан ошол көк барак амалдуу түгөнгүргө кабылышат. Анын бүркүт өлтүргүч амалдуу экенин билишпейт. Көп түлкүнүн бири экен деп бүркүттөрүн коё беришет. Ана сага окшоп өлтүрүп алышат. Эми сен мындай кыл: үч күндү өткөрүп, төртүнчү күнү кечинде кел. Ошол күнү мында кон. Ага чейин мен тиги Сары-Барчынды оңуна келтирип коёюн. (Боз үйдүн оң капшытындагы Суранчыдан алган Сары-Барчынын көрсөттү). Экөөбүз үйдөн таңга жуук чыгалы да, мен тоо башын ээлеп калайын, сен аяк өйдө түлкү как, какканда да ошол Көк-Сайды өрдө. Бүгүнкү бүркүтүңдү өлтүргөн көк барак дөбөт жатагынан качаар. Муну бир жазгырса, канча кылса да кыраан эмеспи, менин Сары-Барчыным жазгырат, башка бүркүттүн колунан келбейт.
— Ага чейин амалдуу капыр башка жакка жойлоп кетпес бекен?
— Кетпейт. Ал сенин бүркүтүңдүн өлүгүн бир аңгекке сүйрөп барып, үч күнгө чейин тытып-мүлжүп оокаттанат. Канат-куйругун самандай сапырып, жүнүн топондой чачат. Жедеп тоюту ошол жерден канган түгөнгүрдүн барар жери жок. Ал казыктай кагылган кара ташынан оолак кетеби. Аны мазар тутуп «менин жанымды далай ажалдан алып калып, көз көрүнө колдоп жүргөн олуям сенсиң» деп, түнү түбүнө жатып, күндүзү тегерегинен кетпей, тегеренип шимшилеп жүрөт да.
Сыдыкбек Кудайбергендин оозунан «ал сенин бүркүтүңдүн канат-куйругун самандай сапырып, жүнүн топондой чачат да» деген сөздү укканда чыдай албай кетти окшойт, ордунан обдулуп, жаагын таянып, үшкүрүп жиберди. Анан оозун карманып, өзүнөн кеткен каталыкка өкүндү. «Аттигиниң ай! Ачуу ызалыгым менен бастыра берген экемин. Бүркүтүмдүн өлүгүн куу түлкүгө жем кылып бекер калтырыпмын! Намыс... намыс... курусун. Алдымдан бирөө чыкса «Сыдыкбек бүркүтүн өлтүрүп алып, өңөрүп келатат» дейт экен дебедимби».
САРЫ-БАРЧЫНДЫН ӨЛҮМҮ
Сыдыкбек Кудайбергендикине макулдашкан күнү кечинде жетип келди. Кудайберген үйүндө болчу. Табына келтирип, болоттой курчутуп койгон Сары-Барчын эртели-кеч туурга токтобой делбетап болуп, көзүнөн караан учуп турган.
Сыдыкбек менен Кудайберген таң аппак атып, жерге жарык киргенде Көк-Сайдын оозуна келишти. Экөөнүн аты тең тың. Канаттуу менен тең учкандай курч. Бүркүтчү бүркүтүн түлкүгө коё бергенде эки көзү түлкү менен бүркүттөн өтүп, бийиктин бийик экенин, капталдын каптал экенин билбей, типтик ылдый да, типтик өйдө да чабат эмеспи. Андай учурда жер таянбай чуркаган, мүдүрүлүп-жыгыламды ойлобогон аттар керек. Бул экөөнүн аты тең ошондой аттардан.
Кудайберген Көк-Сайды кырдап, мерчемдүү чокуга чыкканда, Сыдыкбек кокту өйдө чаап, түлкү какты. Баягы шум көк барак калың алтыгананын арасында жылуу жатакта. Анын оюнда күндү кечкиртүү, тункүсүн жортуулга чыгып, кара курсактын камын көрүп, кекилик, чил, коён-поён уулоо. Капысынан төмөнтөн чыккан аттын дүбүртү менен этек-жеңин чапкылаган кишинин добушу жүрөгүн опколжутуп, жаман кабардын жышаанын алып келаткандай бүткөн боюн дүркүрөтүп салды. Анан эки кулагын серейтип, башын өйдө көтөрдү. Добуш тыңшайт. Даана. Минтип аяк жагынан этек-жеңин чапкылаган адамдын чаңырыгы угулганда, жогорку бийиктен бүркүттүн качырып сала берерин көк барак мыкты билет. Мындайда бурулуп, кыр аша тетир качпайт. Тип-тик кокту өйдө салат. Баягы «касиеттүү» кара ташына жетет. Азыркы жаткан жатагы да ошол кара ташка жакын. Көк барак үч-төрт секирди дегенче аны кара таштын түбүндө деп бил. Мына азыр да дал ошондой болду. Сыдыкбек калың алтыгананын арасынан көк барактын булт эткен куйругун гана көрүп калды. Анан жогору бийик чокуда турган Кудайбергенге угуза кыйкырып, үн созду: «Кетти... кетти!..»
Бул учурда Кудайберген Сары-Барчындын томогосун тартып, беленденип, шайма-шай болуп турган. Сары-Барчын түлкүнү көрөрү менен колдон кош канатын жайып, атып кетти. А дегенде бир аз көкөлөй түштү да, анан типтик сайылды. Асмандан топ-тоголок чөйчөктөй болуп көрүндү. Эки бутун арбайтып ылдый салып, салаңдагандан салаңдап келатат. Бул учурда көк барак кара ташына жетип калган. Сары-Барчындын келатышы эң эле айбаттуу. Асманды күркүрөтүп, жерди титиретет. Көк барак буга чейин көп эле бүркүттөрдүн качырып сала бергенин көргөн, бирок мындай келатышты, мындай качырышты өмүрүндө көргөн эмес. Улам жакындаган сайын, Сары-Барчындын күркүрөгү, анын канат чалгындарынын шуулдаган добушу чагылгандын отундай жаркылдап, көк баракка улам сүрдүү, улам коркунучтун үстүнө коркунучтуу болду.
Көк барак эмне кылар айласын таппай калды. Сары-Барчындын чукул кирип келиши аны ого бетер эс-акылдан ажыратып таштады. Көк барактын мурунку бүркүттөргө көрсөтүп жүргөн амалы бул жолу ордунан чыкпачудан көрүндү.
Сары-Барчын да көк баракты тааный койду. Баягы... баягы көк барак. Баягы жылы Суранчы менен Жакып биринчи жолу Сары-Барчынды ушул көк баракка салбады беле. Ошондо көк барак мант берип, Сары-Барчынды жерге чаап, мыш кылып кете бербеди беле. Ошол жер, ошол кара таш. Ошол Көк-Сайдын коктусу. Ошол көк барак Сары-Барчын муну даана билип: «Эми жаздырбайм. Ошондогу боз ала чаңга оонатып койдой кордук көрсөтүп кеткен кегимдин кезегин эми алам» деп келатат. Чукул кирип келатканда баягы Сары-Барчын экенин көк барак да билди. Ал өмүрүндө Сары-Барчындан чоң, Сары-Барчындан сүрдүү бүркүттү көргөн эмес. Бул экөөнүн оюн билбеген Кудайберген менен гана Сыдыкбек.
Сары-Барчын жерге жата калган көк баракка жакындап келгенде ага көңүл бурбаган болуп, кереге бою түлкүнүн үстүнөн кайпый учту. Көк барак баягысындай жерден шыпырат деди окшойт, бүркүт менен маңдайлаша калганда типтик секирем деп анын чеңгелине өзү барып түшүп берсе болобу? Сары-Барчындын шадылуу курч тырмактары көк барактын кабыргасын капшыра кармады. Он колунун манжалары чекеси менен эки көзүнүн чанагына чейин батты. Алкымына арткы текөөрү терең тытып кетти. Көк барактын бакырарга чамасы келбей калды. Кокосу кысылып, тамагы буулду. Кекиртегинен жел чыкпай, кан чыкты. Ачуусу менен алыстан келип тийген эти оор зор бүркүт көк баракты көтөргөн бойдон эки жагына бурула албай маңдайында чукул калган кара таштын каптал кырына күү менен барып катуу тийди. Сары-Барчындын төш сөөгү быркырай түшкөн экен.
Кудайберген менен Сыдыкбек карышкан салааларынан көк барактын өлүгүн бошотор замат, оозун удаа-удаа эки-үч жолу чоң ачып, Сары-Барчын жан берди.
#5 08 December 2015 - 21:28
Чыгарма бутконбу окуй берсек болобу? Аягы дегени жазылбаса окуштан коркуп калдым кутуп кыжалат болот экенмин деп.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#6 20 December 2015 - 07:12
КУДАЙБЕРГЕН МҮНҮШКӨР
Кудайберген Үркүнчү уулу 1852-жыл Кочкордо төрөлгөн. 1937-жылы май айында дүйнөдөн кайтты. Ал киши жалаң гана ашынган мүнүшкөр эмес, кыл ирмегенден өз доорунда теңдеши жок комузчу да болгон. Бул асыл адамдын комузчулугу жөнүндө кеп салсак, ал өзүнчө бир чоң дастан. Биз азырынча комузчулугун мындай коё туруп, мүнүшкөрлүгү жөнүндө айтмакчыбыз.
Кудайберген борбаш, күйкө, кулаалы, кузгун, турумтайдын тартып, бүркүткө чейин тапка келтирип, аларга өзүнө туташ алы жеткендерин алдырган мүнүшкөр. Ал кишинин: «Чоң үкүнү гана тапка келтире албай койдум. Калгандарынын баарын үйрөтүп салдым. Чоң үкүнү тапка келтирем деп көп убараландым, анткени анын тырмагына кызыкчу элем, үкүнүн жортуулу түнкүсүн болот. Анын көзү түнкүсүн күндүзгүдөй көрөт. Айсыз караңгыда да кекилик, чил, коён алып жеп жүргөнүн байкачумун. Тапка келтирсем түлкүнү да алдырам деп ойлогом» деп курбуларына айтып берип олтурганын бала кезимде көп уккамын.
Кудайберген анчалык далдагай эмес, ортодон жогорураак бойлуу, артыкбаш эт байлабаган, эмне кийим кийсе да боюна кынаптап, жарашыктуу кийинген адам эле. Сакал, мурутун ылайыктуу тегиздетип, көркөмдүү, келишимдүү асыраганды жакшы көрүүчү. Ак жуумал тартып, ар мүчөсү келишимдүү эле. Бүткөн боюна, кийим-кечесине кир жугузбай, өз боюн таза алып жүрчү. Тамакка да көп сугулчу эмес. Артыкбаш болбогудай, ачка калбагандай тамактанчу. «Баланча деген киши бир козунун этин бүт жеп, бир чанач кымызды такыр ичиптир» деген сөздү уккусу да келчү эмес, андан жийиркенчү.
Кудайбергендин дагы бир өзгөчөлүгү, сөздү марасына жеткире сүйлөгөн, барып турган чечен эле, өзүнө теңдештин чандасына жеңилбесе, көпчүлүгүнө алдырчу эмес. Артыкбаш бажактап, сөзүнүн даам-татымы кеткен чанжу, бабыр кишилерди укпай, уккусу да келбей, анын мыктылыгына, улуктугуна карабастан: «Ылай кечкен уйдай болбой сөзүңдү токтот» деп кагып койчу. Анан айрым көрө албагандар бетине айта албаган менен а кишини: «Кырс, адамдын мизин жапырып, шагын сындырат» деп, артынан ушакташчу.
Ал чындыгында эле кырс болчуга кырс болуп, көңүлү сүйбөгөн адамдарга бир ооз да кеп сүйлөп, же бир күүнү да кыңгыратып койчу эмес. Жүрөгү каалап, жакшы көргөндөрүнө жок-жардысына, жалгыз-жарымына карабастан, комуз чертип бер десе комуз чертип, сөз сураса чайпалбас жоргодой төгүлчү. Эл-журтуна, ага-туугандарына кадырлуу адамды бөтөн бирөөлөр тигиндей, мындай дей албайт эмеспи. Кудайберген да дал ошондой адамдардын бири болгон.
Ал кишинин дагы бир жакшы жагы, сөз тыңшаган адамды жакшы көрчү. Сөз маанисин түшүнүп, чеч билгендерди мейли карыдыр-жаштыр, мейли аялдыр-эркектир, ынтаасын коюп, берилип укчу. «Баракелде, сөз эмес бекен!» деп, сүйлөп аткан адамдын көңүлүн эргитип, илебин курчутуп, сөздүн күүсүн күчөтүп турчу. Ал эми өзү сүйлөгөндө, ошол өткөндөгүлөр менен аралашып жүргөнсүп, бирге өсүп, бирге чоңойгонсуп, анын коён жатагынан бери, ой-чуңкуруна чейин чоюп-керип, көлкүтүп, магдыратып, эритип таштачу.
Кудайбергендин сөзүнө кулак салып отургандар аягы бүтүп калбаса экен, дагы айта түшкөй эле деп, башын бура албай мойну талычу. Туурадан качырып сөздү аралата чаап, үркүтүп өткөндөрдү ал киши жаман көрчү. Андай болгон учурда сүйлөп аткан сөзүн да токтотуп, өзү да сүйлөчү эмес. Күнөөлүү кишини карап: «Кайран сөздү үймөк челген букача челип таштады, тиги наадан» деп койчу.
Мен ал кишини бала кезимден көп ээрчидим. Бөтөнчө кыргый салган мезгилинде. Бөдөнө тапкыч тармал кулак карала машкеси бар эле. Машке куйругун булгалап, ары-бери жүгүрүп жүрүп, бөдөнөнүн жытын алчу. Аны чөптүн же куурайдын арасынан көргөндө тык токтоп, андан көзүн албай, куйругун солдойтуп түп-түз сунуп тиктеп турчу.
Тиги киши кыргыйды калдактата берет. Байкуш бөдөнө жердеги машкени, колдогу кыргыйды көргөндө же уча албай, же жөргөлөп кете албай, айласы түгөнүп, жаткан жеринде жабышат да, калат.
— Ал-ал, бас-бас! — деп, тиги киши ыкылдатып машкени шаштыра берет. Машке лып басып калса басып калды, басалбаса бөдөнө «пыр-р» этип учуп чыгат, бирок, аны кыргый куткарбайт. Кыргый алган бөдөнөнү Кудайберген өзү алат. Машке баскан бөдөнөнү мага берет. Учурунда бөдөнө алганга кубанып байкаган эмес экемин, кийин ойлосом, машкенин шилекейи тийип калган бөдөнөнү мага берип, кыргый алган бөдөнөнү өзү алып жүргөн тура, чунак киши.
Кудайберген улгайгандан кийин, бир кыргыйын ат үстүндө ээрдин кашына жем жедирип үйрөттү. Бул кыргыйы бөдөнө алганда, жерге конбостон, бөктөргөн боюнча учуп келип, ээринин кашына кончу. Анан ал бөдөнөнү кичинекей кестиги менен тып мууздап алып, тор баштыгына салып алчу. Тор баштык дайым ээрдин кашында илинүү жүрчү. Бул амалын билдик: «Аттан түшүп, кайра атка минип олтурбайын» деп жасаган акылы экен. Карыганда ким да болсо ошентип жанын кастарлап калат эмеспи.
Дагы бир жылы жазда ал кишини ээрчип тоого чыктым. Ортоктун тоосунун бир капталында бастырып баратабыз. Ал киши алдында, мен артында. Чоң түп шыраалжындын арасынан бир кекилик «пыр-р» этип уча качты. Мен кайрылып, кекилик учкан жерге келсем, уя толтура жумуртка жатат. Узап бараткан тиги кишиге кыйкырдым:
— Ата-а, көп жумуртка таптым.
Ал киши кайрылып келди. Кызык. Жумурткалардын бирөө кичине, бирөө чоң. Чоңдору көк чаар, кичинелери кызыл чаар. Тиги киши аттын үстүнөн жумурткаларды тиктеп туруп:
— Байкуш чилдин уясын кекилик тартып алган тура, — деп койду. Мен таңыркай түштүм.
— Кантип тартып алат, ата?
— Оп-оңой тартып алат. Бул уяны мурун чил салып, тууй баштаган. Тетиги, кызыл чаар жумурткалар чилдики. Алдагы, чоңураак, көк чаарлары кекиликтики. Ким эле даяр үй турса башка үй салганды жакшы көрсүн. Кекилик ошенткен да.
— Жумурткаларды алып кетем, ата?
— Кантип алып кетесиң?
— Көйнөгүмдү чечем да, эки жеңин, жакасын бууп, ичине салам.
— Урунушуп сынып калбайбы?
— Сынса мейли, сынгандан калганы барат.
— Көйнөгүн булганбайбы?
— Булганса мейли, үйгө барганда апам жууйт да, — менин жумурткага кызыгып турганымды билип күлдү. Анан жогорку бетегелүү бетти көрсөттү.
— Тетиги капталдагы көдөөлөрдү жулуп кел.
Жүгүрүп барып, бетегенин узун чыккан көөдөлөрүн этегиме толтуруп, жулуп келдим. Анан көйнөгүмдү чечип бердим. Баягы мен айткандай, эки жеңи менен эки жакасын бууду да, бир катар бетеге, бир катар жумуртка салып, көйнөктүн этегин баштыктын оозундай чогулта кармап, канжыгама байлап берди. Үйгө келгенде карасам бир жумуртка да сынбаптыр. Көрсө, жумурткалардын арасын бетеге менен ширеп койгон тура.
Мен жолдо үйгө жеткенче ойлонуп келдим: «Бул киши чилдин уясын кекилик тартып алганын кайдан билет?» Көрсө, жедеп бала кезинен бери кызыгып жүрүп, мындайлардын неченин башынан өткөргөн киши тура.
Кудайбергендин айылдаш коңшуларынын бири — Исак. Исактын Сейдекерим деген баласы кыргый салат. Кыргый таптаганды Кудайбергенден бир аз үйрөнгөн. Исак Кудайбергенге келип: « Кечээ Сейдекерим кыргыйына карабоор алдырып келди» деп бир чети кубангандай, бир чети «балам да мүнүшкөр болуп калды го» деп мактагандай сөз салды. Кудайберген айтты: «Барып, балаңды мында жиберчи, өзүнөн сурайлык, карабоорун ала келсин».
Исак үйүнө кетти. Сейдекерим келгенче Кудайберген олтургандарга: «Карабоорду кыргыйдын кыргыйы алат. Сейдекеримдин кыргыйы бөдөнөлүк гана кыргый. Даана карабоор алса, уядан эрте учкан балапаны болуш керек. Кыргый да алы жетерин билип качырат. Келгенде баланын өзүнөн сурайбыз го. Балапанынан ажыраган энеси имерилип келип, кыргыйдын үстүнө түшө калчудай чырылдагандыр. Анан бараткан кишиден айбыгып, учуп кетти да...» деп кеп салып олтурду. Аңгыча Сейдекерим да келип калды. Кудайберген анын колунан карабоорду алып, канат-куйругунун арасын ачып карады:
— Мына, мынабу канат-куйруктар жетилгени. Мына мунусу жаңыдан кара башыл түк байлап, кыска өзөгү күчүнө келе албай, көгөрүп турбайбы. Тиги канат-куйруктарындай болушу үчүн дагы бир-эки ай убакыт өтөт. Анан жетилет. Анан чоңоёт. Отургандар тиги карабоордун эрте жазда учкан балапан экенине аябай ишеништи. Кудайберген туруп турган Сейдекеримди карап:
— Муну кантип алдырдың, — дегенде Сейдекерим:
— Бир топ карабоор сай жактагы боздо жайылып жатыптыр, имерип барып шилтесем, кыргый ушуну илип түштү.
— Калганы каякка кетти?
— Башкалары учуп кетти. Бирөө кайра имерилип, кыргыйдын үстүнө коно калчудай болуп чырылдап жатканда, мен жетип калдым. Анан ал да мурункуларынын артынан жөнөдү.
Отургандар бири-бирин тиктеп калышты.
Кудайбергендин айлында майда аш-тойлордо жарчы болуп чыга калган Дербишаалы деген жарамазанчы- жамакчы акын болгон. Ал бечера өзүнөн өйдөрөөк акындардын алдында ооз ача алчу эмес. Комуз черткенди билбейт. «Кудайбергенден бир-эки күү үйрөнүп алсам» дегенде эки көзү төрт. Эл арасын аралап анда-санда ырдап чыкканда, колунда комузу жок, күү билбеген акын аты жок жөө кишидей болот тура. Дербишаалы да ошондой. Ал көпкө чейин убараланып жүрүп, Кудайбергенден бир да күү үйрөнө албай койду. Акырында: «Сенин комузга шыгың жок, алдагы колдоруңдун учтарын карачы, чакалай болгон торпоктун башындай топтомолок болуп турат. Комуздун кылдарын үзгөндөн башкага жарабайт. Мындан ары күү үйрөнөм деп убараланба» деп койгон Кудайберген.
Күндөрдүн биринде Дербишаалы Кудайбергендикинде олтурган улуу-кичүүдөн мурун озунуп сүйлөдү: «Куке, сиздин үйдө бир бакма кекилик бар дешип көргөн-билгендер кеп кылышат экен. Ал кекилигиңиз адамдай болуп комуз чертет дейт. Көз көрбөгөндөн кийин уккан кулакка ишене албай жүрөбүз?»
Кудайберген аялына кол жаңсады:
— Бүбү, тиги чоң комузду бери алып келчи...— Бүбү шып тура калып, керегенин башында катар илинүү турган комуздардын арасынан узун моюндуу, жазы капкактуу, бийик тээктүү аркайган комузду Кудайбергедин колуна тийгизди. Кудайберген комуздун капкагын эки-үч жолу тарс-тарс үн чыгарып кетти да, чыгдан жакты баштантып, чалкасынан таштап койду. Ошол замат ашкананын аягынан бир кекилик жөргөлөп чыга келди. Кекилик чалкасынан жаткан комузду көрөрү менен, бетине шап секирип чыгып, ары-бери аттай берди. Аттаган сайын кекиликтин тырмактуу буттары комуздун кылдарын илип кетип, комуздан кадимкидей кыңгырап үн чыга баштады. Улам кыймылын тездетип, бат-бат секирсе, комуздун добушу ошончолук катуу чыгат. Киши чертип жаткандай комуздун жазы капкагынын ар кайсы жерлеринен кекилик тырс-тырс чокуп коёт. Ошенткен сайын комузчулар комуздун бетин сөөмөйу менен тыкылдатып чертип, күү келтиргенге окшоп кетет. Бир кезде жердин бетин тытып, жем издегендей комуздун капкагын оң буту менен тырмап-тырмап жиберди кекилик.
Акырында, капкактын бетин бир-эки чокуп туруп, кадимкидей шаңкылдатып сайрап жиберсе болобу. Көрсө, бул жем сураганы экен. Анысы кээ бир акындардын чертип жаткан күүсүн токтото коюп, үн кошуп ырдаганынын дал өзү болду да калды. Бир топ убакыт ошонусун эки-үч жолу кайталагандан кийин, башын чулгуп-чулгуп, «ушуга ыраазы болгула» дегендей, тартылган ашкананын ичине кайра жүрүп, култ этип кирип кетти. Мунусу да карап отургандарга жакты. Кадимки артисттердей көрүүчүлөргө башын ийип, таазим эткенге жакындады. Отургандар кекиликтин бул өнөрүнө аң-таң калышты. Кудайберген жерден комузду алып, кайра ордуна илдирип койду. Анан Дербишаалыны карап:
— Мына, сенден көрө кекилик канаттуу болсо да зээндүү экен. Сен бир жыл убара болуп жүрүп бир күү үйрөнө албай койдуң. Кекилик баятан бери канча күү чертти, — дегенде Дербишаалы бир кызарып, бир бозорду.
Кудайберген бул кекиликти балапан кезинде колго алып, дамаамат комуздун капкагынан жем чачып берчү экен. Анан кантип комуз черткенди үйрөнбөсүн.
Кудайберген мүнүшкөрдүн дагы бир кызыгы бар. Боз үйдүн кире бериш босогосунан өйдөрөөк чыгдан жаккы капшыттын аягында суусар баштанган ак тамак, ак төш, ач тайгандай кынжыйып, субагай келген жылмаңдаган сары ар чычкан тор көз керегелердин бир көзүнөн кирип, экинчи көзүнөн чыгып, бир орунда тынымга токтобой, көздөрүн күлүңдөтүп, кулактарын тикчиңдетип, секирип ойноп турчу. Ар чычкандын мойнунда жумшак ийленген кайыштан ичке тилип жасаган жарашыктуу, кадимки кыраан күлүк тайгандарга тагылчу каргылардай болгон каргысы бар. Капырай, ошол каргысына жараша төңөлүк, илгич, шакектерин келтиргенин кара. Анысы аз келгенсип, тегерек тогоосучу. Сары жезден илиништирип, бири-бирине чиркелген, узундугу жарым кездей келген майда чынжырычы. Баары-баары ар чычкандын өзүнө куп жарашат. Жөн эле куюп койгондой татынакай көрүнүп турат. Чынжырдын бир башы саканактын жерге сайылган учуна беките байланган, экинчи жагы ар чычкандын мойнунда. Ушунун баары бир колдон жасалып бүткөн.
Мына кызык, муну менен Кудайберген мүнүшкөр эмне кылмакчы? Байкасак, иштин жайы мындай: боз үйдүн кереге менен чийинин ортосунан кап тешер үй чычкандар ары-бери жөргөлөп дайым өтөт эмеспи. Көбүнчө алар чыйпылдашып, түнкүсүн тынбай чуркап турушат. Ошондо тиги ар чычкан керегенин арасы менен жүгүрүп келаткан үй чычкандарды «тырс» эттирип илип алат тура. Анын жемиши үй чычкан да. Чунак киши эринбей жатып, ар чычканды мышык ордуна опоңой кызмат кылдырып алганын кара!?
* * *
Турдукожо комузчу менен Кудайберген бала күнүнөн бери асылкеч бурадар, ал экөө тамашалашканда биринин сөзүн бири жөнөтпөй тосмолоп, какшыкташканда биринин сай-сөөгүнөн бири какшата суу тартып алышат. Жерине жеткире уу тилдин учун аябай сайышып жүргөн теңтуштардан.
Турдукожо келгенде Кудайберген аз болгондо бир жума кетирбей, ээр токуму менен атын ууру алып кеттиге салып, башка жакка бактырып коюп, өзүн жипсиз байлап, мейман-туткун кыла берчү. Асылкечтик да.Турдукожонун бар болгону эки гана күүсү бар. Ошол күүсүн үйрөнүп алганга кызыгып, бир жылы Турдукожону Кудайберген бир ай үйүнөн кетирбей коёт. Жалаң эле күү болсо экен, анын куйкум сөздөрүчү. «Турдукожо менен сүйлөшкөндө кырчаңгыны эмдегендей кычуум кана түшөт» деп Кудайберген айтчу.
Турдукожо кеби-сыны жок, эки таноосу эки бетине кенен жайылган, локуйган кара чаар киши. Көп анчалык деле алыс жерден эмес, аркы өйүзгү Туз тараптан. Бир күнү Кудайберген Турдукожонун эриккенин жазып келейинчи деп эки ат токутат.
Турдукожо боз үйдүн төрүндө эки тизесин кайчылаштырып, чалкасынан түшүп алып комуз чертип жатат.
— Ээй, аңырайган кудай урган, тур?
Турдукожо Кудайбергендин сөзүн капарына да албайт. Комузун кыңгыратып жата берет. Дагы биртикеден кийин:
— Ой, турбайсыңбы! ? Талаага бастырып чыгып, эрмек кылып келели? Бир оокумда Турдукожо башын көтөрүп:
— Талаага барып эмне кылабыз?
— Куш салабыз.
— Кушуң эмне алат?
— Кыргоол алат.
— Анан эмне алат?
— Коён алат.
— Анан эмне алат?
— «Анан эмне алат» дейт тура. Кекилик, чил, өрдөк, кыргоол алат, каз алат, тоодак алат.
Турдукожо кайра чалкасынан түшүп жатып алды. Анан комуз күүсүн токтото коюп:
— Мен дагы бир кыпкызыл болуп бышкан көмөч казан алат экен десе, болбосо, буугучу кесилбеген бышкан чучук алат экен десе, же бир семиз койдун бышырган көк карчыгасын алат экен десе, же бир карын сары май алат экен десе... өрдөк алат, кекилик алат, кыргоол алат, коён алат дейт, былжыраган акмак!..
Кудайберген делдейген бойдон туруп калды. Бир оокумда жылмайып күлүп, Турдукожону карады: «Ушундай неме кишини акмак кылат экен». Турдукожо да күлдү. Анан экөө аттанып, талаага чыгышты. Кудайберген колуна куш кондурбай, кур кол бастырды. Турдукожо ага таңыркай карап:
— Ой, айбан, кана кушуң?
— Куш бизди жолдо күтүп турат.
— Кутуруп калгансың го дейм, сен!
Кудайберген мурутунан жылмайып, ээринин кашында илинген куш баштыктын ичинен куш мээлейин алып кийди. Анан баштыктын түбүнөн кол башындай өпкөнү алып, үйгө жакын эски ноолунун кырында олтурган кузгунду:
— Ээй, сугалак, кел, — деп оң колун көтөрүп, мээлейинин салаасынан кызарган өпкөнү көрсөтүп койду. Мына кызык. Тиги ноолунун кырында олтурган жалгыз кузгун Кудайбергенди эле күтүп тургандай лакылдап учкан бойдон келип, колуна коно калса болобу. Өпкөдөн бир-эки чокутуп, анан кузгундун бутунда кыска кайыш боосу бар экен, аны бириктире кармап, кондуруп алды. Турдукожо таноолорун аңырайтып, Кудайберген менен кузгундан эки көзүн албай, ат үстүндө талып калды.
Ошол күнү Кудайбергендин кузгун салаар күнү экен. Кузгунуң эки-үч күндөн бери жем бербей ачка коюптур. Аны балапан кезинде уядан алыптыр. Үйдүн тегерегинен алыс кетпей, жедеп кол бала болуп калган тура. Барар жери жок. Качып-бозуу деген оюна да келбейт. Куштай таптап чил, бөдөнө, карабоор алдырганга көндүрүп алыптыр.
Турдукожо экөө кузгунду керээли-кечке салышты. Чарчаганды билбейт экен кузгун. Чил учса, бөдөнө учса да артынан сая түшүп, кууп жүрүп алат, куткарбайт. Башка канаттуулардай колу менен илип албай, тумшугу менен тиштеп алат. Жаагы аттиш кычкачтан да катуу болсо ке
ЭҢ КЫЗЫК ОКУЯНЫ АЙТКАН 1 БАРАК ЖОК
канда, ителги оңтоюн келтирип көк желке талаштыра далыга уруп өтөт. Ошондо бүркүт эмес, алп кара куш болсо да, далдайып барып, жерге күч менен тиет. Анан ал өлбөгөндө ким өлөт. Эгер сен болбосоң ошол ителги кайрылып келип, ал бүркүттүн төш этин жарып оймок да, боор этине тоймок. Ал эргул сенден айбыгып, кайып кете берген тура.
Олтурган эл Кудайбергендин сөзүнөн кийин Рысалыга ишеништи. Болбосо өлгөн бүркүттүн тарпын таап алып, шыпыртып жатасың дешмек.
Ошол ителги жөнүндө андан кийин да көп сөздөр айтылды. Чоң үкүнү алып жеп олтурганын көргөндөр да болуптур. «Чоң үкү, — деди Кудайберген — ал бүркүттөн жаман. Аны ителгинин ителгиси алат. Чоң үкүнүн тырмактарындай курч тырмак канаттууда жок. Ителги эмес, чоң үкүнү алам деп далай бүркүттөрдүн өлгөнүн көргөм. Түптүз эле жемсөөгө асылат. Бооруна чейин эшип жарып таштайт. Аткыган жерин курч болоттой таарыйт. Чоң үкүгө кол салган бүркүттөр, анын тырмагы этине батканда, кутулганча шашып бакырат. Болбосо өлөт. Ителги болсо жанагы бүркүттү алган сыяктуу артынан сая түшүп отуруп, жалпайта тээп түшүрөт. Ал дагы ителги келатканда бүркүттөй чалкалап, улам эки бутун тосуп, тырмактарын арбайтып айбат кылат».
Арадан беш-алты күн өткөндө баягы Рысалы Кудайбергендикине дагы келип түштү. Рысалыдан бир аз мурдараак Жээнчоро келип Кудайбергенге кушун сынатып олтурган. Жээнчоро да Кудайбергендин жакын инилери. Куштан башка канаттуунун табын жакшы билбейт. Куш таптап салганды да Кудайбергенден үйрөнгөн. Ал да ошол жылы көл жактан бир тунжур чалыш бозала куш алып келип өрдөк, кыргоол, кекилик, чил, коён алдырып жүрчү. Ал кушун тоодакка жарайт го деген үмүт менен Кудайбергенге сынатып олтурат. Кудайберген Рысалы келе электе Жээнчоронун кушуна баа берген: «Тоодак, аңыр, жапан каздан башкага сала бер. Кушуңдун жүрөгү тайкы, көздөрү кулаалыныкындай өлүңкү, жүндөрүндө кыраандын белгилери жок. Чоңго жарабайт».
Аңгыча Рысалы кеп салып жиберди:
— Куке!.. Мен баягы бүркүт алган кара ителгини көрдүм. Кечээ эртең менен ат сугарайын деп ак чийди аралай бастырып, «баатырдын» күмбөзүнүн шилисиндеги кара сууга барсам, күмбөздүн төбөсүндө олтурган экен, тушунан чукул чыга калыпмын, чочуп уча качты. Даана тааныдым. Баягы мен көргөн кара ителгинин өзү.
— Дал өзүбү?
— Дал өзү. Кантип жаңылайын. Боору чаар.
— Даанабы?
— Даана!
— Аны мен деле көрүп жүрөм, чоң атамдын күмбөзүнөн. Күүгүм талаша кара тоо жактан келет. Анан күмбөздүн төбөсүнө түнөп, эртеси шашкеге чейин олтурат да, бир оокумда жок болуп калат. Ошол тегеректен кушка коён карап жүрүп дайым эле көрөм, — деди Жээнчоро.
— Кара тоо жактан келип жүрсө, тоюту ошол жактан канып жүргөн экен. Сен ошону кушуңа алдырып бер мага, — Кудайберген Жээнчорого жылмая карады. Жээнчоро чочуп кетти.
— Кой, Куке! Бүркүт менен чоң үкүнү алып жүргөн ителги менин кушума алдырабы. Өлтүрүп койбойбу?
— Өлтүрбөйт! Жаман кудай урган, куштун бут-колу узун, шадылуу болот. Куш деген ителгиден чоң келет. Ителги олтурган ордунан козголуп, эки канатын талпылдатып күүлөгөнчө куш шамдагай эмеспи, түндүк бою көтөрүлтпөйт. Тарс илип алат да, бакыртып жерге алып түшөт. Боюна жолотуп койбойт. Ителгинин буттары мукур, кыска болот. Куш бир колу менен экөөнү бирдей капшыра кармайт. Экинчи колу менен баштан алат. Ителгинин кош канаты дирилдеп, жер чапкылайт. Бүткөн боюн калтырак басат. Коркконунан эки көзүн бакырайтып, «кекиртегимен кан алып, кокомду сууруп албаса экен» деп, куштун тумшугун тиктейт. Жаны оозуна жакындап, тыбырап жата берет. Ошого чейин сен жетип барып, ажыратып албай жаның жокпу? Адегенде ителгинин куш куушуруп турган эки бутун бирдей карма. Баштыгыңан үндөөч жемиңди алып, жерге таштай койсоң, ителгини коё берет да, тиги белен этке секирип конот. Кантип эле ал өзүнө айбат кылган жоого караганда даяр тамакты жаман көрсүн. Ителгиге сенин колуң тийгенден кийин «мына эмне кылсаң ошо кыл, кармаарын кармап, колуңа бир тийгиздим» деп андан кутулганча шашпайбы.
Кокус ителги бийиктеп учуп кетсе, кушту шилтебей эле кой. Куш өзү да барбайт. Анын үстүнө күүлөнгөндөн кийин ителги кушка жеткирбейт. Ачуусу келсе, кайра кайрылып, кушуңду бир муштап өтсө күм-жам кылат. Куш эмес, бүркүттүн сазайын берип жүргөн эргулга куш да кеппи? Колдогу жеминдей да».
Экинчи күнү чоң шашке ченде колуна куш кондуруп атчан келаткан Жээнчоро төмөнтөн көрүндү. Кудайберген адатынча чепкенин желбегейленип, эшигинин алдында ары-бери басып турган. Ал Жээнчоронун жолу болбой калганын алыстан келатканда эле байкай койгон. Экөө саламдашты. Жээнчоро озунуп сөз баштады:
— Кумбөздөн келатам, Куке.
— М... эмне болдуң?
— Э... эмне болсун! — чарчаган кишиден бетер ат үстүнөн оор үшкүрүнүп алды Жээнчоро. — Алдыра албай калдым. Куш жакшы эле качырган, чала серпип-мүчүп калды.
— Сен куш салбай кара жерге кир, — Кудайбергендин ачуусу келди. Алдагы кашаң бээң менен талпайы-ып бастырып барбадыңбы. Ителги күмбөздүн үстүндө эки жакка көз чаптырып олтурган. Анан ал колундагы кушуңду алыстан көрүп, шекшинип камданды да: «Тетиги каапырлар жөн келе жаткан жери жок. Атайылап мага келе жатышат. Кой. Күтүп олтурбай, эртелейин. Мени куткарса, койну кенен асманым куткарат. Жер куткара албайт. Асманымдын учу-кыйры кенен, томуктай тоскоолу жок» деп силерден мурун асманга атып чыкпадыбы? Анан сен кушуңду ал көтөрүлгөндө шилтедиң. Балакетти жеткирсинби. Кушуң көңүл улап: «Кантейин эми, өзүң көрдүң го, бир жери колума урунбай калды» деп ошол жердеги саздардын дөмбүл баштарынын бирине айланып келип, конуп олтуруп албадыбы.
Дал ошондой болгон. Жээнчоро ичинде сүйлөнүп жатты: «Капырай, чунак киши, короосунун кырына чыгып карап турган го».
Устатынан жеме укканга бир чети ыза болуп, бир чети күнөөнүн баары өзүндө экенине туура түшүнгөн Жээнчоро атынан түшпөстөн, уятына чыдап тура албай, илең-салаң бастырып, үйүнө кайтты. Ал узап кеткенден кийин Кудайберген да өзү менен өзү сүйлөштү. Өзүн-өзү жеме-жукага алды: «Бул кудай урган кеңкелестин сырын билип туруп, кушту ителгиге кандай салыш керек экендигин, анын жол-жобосун, айла-амалын, ар түркүн ыкмаларын эскерткен эмес турбаймынбы. Менден да кетиптир. Мен кушка ителги алдырганга ээрчип жүрүп, жакшы эле үйрөнгөндөй болду эле. Көрсө, анын бири да эсинде калган эмес экен да, шооласы жок. Бул кеңкелес өз колу менен кушуна ителги алдыра элек тура. Бир себептен бүгүн мунун кушунун ителги албаганы да жакшы болуптур. Ажыратканды билбей, же кушту, же ителгини өлтүрүп алмак тура».
Арадан беш-алты күн өткөндөн кийин Кудайбергендикине Жээнчоро дагы келди. Үйдө Кудайбергенден башка мүнүшкөрлүккө ышкыбоздордон Чомор, Сыдыкбек, Көлдөйкөн, Жайнак, Байкубат, Рысалы, Ысактар бар болучу.
— Куке,— деди Жээнчоро шаша-буша энтиге сүйлөп. — Баягы ителгини бүгүн эртең менен намаз убагында баягы күмбөздүн үстүнөн дагы көрдүм.
— Колуңда кушуң бар беле?
— Жок болчу. Кара-Сууга сугарганы баргам.
— Сени көргөндө уча качтыбы?
— Жок. Учкан жок.
— И, колуңда кушуң жок экенин билип «баягы каапырлар эмес экен» деп, камсыз олтурду да. Өзү учтубу, өзүң учурдуңбу?
— Ошобу, башкабы деп өзүм учурдум.
— Жакын барганыңда учтубу же сени алыстан көргөндө эле учуп жөнөдүбү?
— Ээк алдына барганымда учту.
— Даана тааныдыңбы? Ошол ителгинин өзү бекен?
— Дал өзү. Даана тааныдым.
— Жакшы-ы...— деп Кудайберген сөзүнүн аягын жай гана созуп койду. Эми мындай кылгыла? — Кудайберген отургандарды тегерете бир сыйра карап алды. — Бул кеңкелестин сөзүн баарыңар уктуңар.
— Уктук-уктук, — деген үндөр биринин артынан бири куюлушту.
— Уксаңар ушундай. Бул олтургандардан кимиңер болсо да күн сайын эртели-кеч ошол ителгиге көзөмөлчү болгула. Күмбөздүн төбөсүнө дайым келип түнөп жүрөбү же келбей калдыбы.
— Жарайт, жарайт.
— Эгер дайым келип түнөп жүрсө, кимиңер көрсөңөр да учурбагыла, өз жайына койгула. Эрте учабы, кеч учабы каалаган убактысында учуп кетсин. Кай бири күнү талаадан нык тойгон болсо караа-параан көрүп, киши-кара учурбаса, чоң шашке же түшкө жакын учат. Чала тоют, же ачка келип түнөсө эртең менен эрте учуп кетет. Жөн койгула. Беш-алты күнү дагы жайлансын. Күмбөздүн төбөсүн өз туурундай көрүп, үйсүнүп, байырлансын. Жээнчоронун кушун ага чейин миздеп коёбуз. Албарстай курчутуп, ителги эмес, «бүркүт алганда» кылып таптайбыз, — деп мурутунан жылмайып Жээнчорону карап койду.
— Кушу жок эле, алдына тир таштап, жылуу канга киргенде кайра учуруп, үстүнө тузак тартып, илинтип албайбызбы?
— Жо-ок ага келбейт. Өзү кууп, өзү аракет кылып көнгөн неме тирисин ажыратып алып, анан тузак тартсаң келет. Сенин тириңе калбайт. «Булар кандай эле менин тамак-ашымды даярдап, меймандос болуп калышты? Мунусунда бир балакети бар?» деп жолобойт. Шекшинет.
— Тор жая койсокчу?
— Тор менен тиринин эмне айырмасы бар? Ага да келбейт. Шек алдырып, чочутуп алабыз. Анан ошол бойдон бнз менен түбөлүк коштошот. Көздөн кайым болот. «Бул жерден которулбасам булар мени соо койбойт. Мынча асылып калган эмелер бир балаа кылат» дейт да, экинчи күмбөз эмес, алдына алтындан так даярдап койсоң да келип олтурбайт.
* * *
Ошондон кийин кара ителгиден Кудайберген күнүгө кабар алып турду. Кээде эрте бешимде, кээде күүгүм талаш намаз шам, намаз дигердин ортосунда, каш карайып, эл орунга отуруп калганда күмбөздүн төбөсүндө пайда болуп калганын угуп жатты. Эртели-кеч күмбөздүн айланасына мал жолоттурбай,
атайы киши коюп, корутуп койду. Ошого чейин Жээнчорону куш-мушу менен үйүнө кетирген жок. Куш саал эттүүрөөк болчу. Кыштын чилдесинде күнүгө салынып турган куштун эти жадо болсо да болмок эмес. Арык куш суукка байым жок келип, илбесинге көңүлсүз чапмак. Алса, бир күндө бир-эки коён алып албаса, кийинки качыраган коёндорго тап берип, ээсинин көңүлүн улаган болуп, ыңтайлуу жерге кайрылып конуп, кагынып-силкинип отуруп алат арык куш. Аны Жээнчоро да билет. Ошон үчүн кушунун ичтейин ачык коюп, эттүү алып жүргөн.Кудайберген кушту бир жума үйгө кармап, Жээнчорону тышка чыгарган жок. Анткени, куш эригип, делөөрүй берсин деди окшойт. Тирүү илбесин көзүнөн учуп, жылуу канды сагынгандай болсун деди окшойт. Учканды эңсеп, көгөргөн көк асман эсине түшө берсин деди окшойт.
Жээнчорону ээрчитип алып, өзүнүн куштарынан ага бирди, өзү бирди кондурат да, талаага жайылып келишет. Кудайбергенде куш да, ителги да, бүркүт да эки-үчтөн. Карышкыр алчу бүркүтүн түлкүгө салбайт. Тоодак алчу кушун башка илбесиндерге көп көргөзө бербейт. Коён алчу ителгисин коёндон башкага салбайт. А кекилик, чилге боло чүйлүсү бар.
Кийин байкасак, бул кишинин башка мүнүшкөрлөргө караганда өзгөчөлүгү ушунда экен: Карышкыр алчу бүркүттүн канат-куйругунун сынбай, майышпай бүтүн турушун, тырмактарынын курчун сактайт тура. Түлкүгө сала берсе бүркүттүн да сонуну тарап, же канат-куйруктарынан сынып, кемчил тартып, тырмактары мокой берет эмеспи. Кокус карышкыр менен кармашып калса ар шайманы шай болуш керек экен да. Алгыр кыраандардын канат-куйрук, тырмактарынан башка эмне куралы болот? Же алардын «кылыч, мылтыгы» бар дейсиңби?
Ителги алчу куш Кудайбергендин өзүнүн куштарынын арасында деле бар болчу. Бирок алар түлөк куштар эле.
Жээнчоронун кушу болсо жаңы куш, уядан ушул жылы учкан. Анын жаш баладай болуп жүрөгү курч. Түлөк куштардай кекселенип тарткынчыктабайт. Өлөр-тирилерине карабай, бүркүт болсо да, адегенде качырып сала берет. Кудайберген ошого карап жатат. Анын бул өнөрүн өзүнөн башка бир жан билбейт.
Кара ителгинин түн кур калбай күмбөздүн чокусуна түнөп, кээ күнү эрте, кээ күнү чоң шашкеге чейин олтуруп, анан учуп кетип жүргөнүн сыртынан багып жүргөндөр Кудайбергенге тынымсыз жеткирип жатышты. Буга чейин Жээнчоронун кушу көзүнөн караан учуп, байлатма жиңдидей бууракандап урунуп-беринип, делбе-тап болуп эртели-кеч туурга токтобой, канат-куйругу менен жер сабап, табына келген мамыдагы күлүктөй маңдайындагы жайылып жаткан талпактын жүнүн чапкылап, ийнедей учтуу курч тырмактары менен тыткылап калган учуру эле.
Ошол күнү кечинде да кара ителгинин күмбөзгө келип конгонун угушту: «Жээнчоро, — деди Кудайберген, — сен үрүл-бүрүлдө аттан. Боз бээңди кой. Жээрде атыңды мин. Ал бээге караганда курчураак. Кушуңду кондур да, ары токой жагы менен (далдаараак эмеспи) бастырып кел. Шалпылдатып Кара-Сууну кечпе. Жээктей сал. Күмбөздүн дал түбүнө келгенде кушту күмбөздүн чокусун көздөй жөн эле ыргытып жибер. Ителги отурабы, жокпу сен ага караба. Куш көрдүбү, көргөн жокпу, сен ага да караба. Отурса алып тушөт. Жок болсо кушуң кайрылып коно калат. Жерге жарык толук түшө электе энөө ителгинин учуудан ою жок болот. Мурунку күнү лак тоюп келген эргул айланага көз кырын салбай, эч нерседен шеги жок үргүлөй тартып, ыксырап отурган болуш керек. Качан гана куш төшүнө жабышканда «чар-р» дей түшөт. Бакырып-бакырып алат. Экөө томолонуп күмбөздүн түбүнө келип түшөт. Атыңдын үстүнөн бирөө жыга чапкандай кулап түш. Ылдам жетип, басып калбасаң бирин-бири эшип салат. Уктуңбу?.. Ителгини кушка ошентип алдырат. Бая кун сенчилеп коёнго салгансып, алыстан ыргытпайт».
Устанын айтканы таң атканча анын оюнан чыкпады. Таң куланөөк болгондо атын шапа-шуп токуй салды да, кушун кондуруп, бөртө-бөртө желдирип күмбөздү көздөй салды...
Иш оңунан чыкты. Бардыгы устанын айтканындай аткарылды. Күндүн кыры кызыл омпол тоолорунан кылайып чыгып келатканда Жээнчоро Кудайбергендикине келди. Баятан бери ошол жакка көз чаптырып, тынч алалбай ары бери эшикте басып турган Кудайберген тиги Жээнчоронун шаша бастырып келаткан карааны көрүнгөндө эле, анын иши оңунан чыкканын билди. Эгер ителгини алдыра албай калса, Жээнчоро Кудайбергендикине бир жума эмес, бир жыл бою жоломок эмес.
Ошол күнүн элдин опур-топуру Кудайбергендикинен үзүлгөн жок. Айыл-ападагы ышкыбоздор биринен сала бири келе берди. Кудайберген ителгиге жумшак кайыштан жаңы боо такты. Чырылдап-чыркырап, бирде чалкасынан, бирде көмкөрөсүнөн кетип, ителги Кудайбергендин колуна конбой жаты. Күн кур эмес, жаңы эт, жылуу канга маарып, жарылып кетчүдөй семирген ителгинин далдайган төшүнө кол батпайт. Мөңкүчүктөп жатып, бир аз тынч ала калганда эки ийни шалк ылдый түшүп, өзүн бош катары сезет да, кыш-кыш этип оозун ачып, үстөккө-босток акактайт. Оозун ачкан сайын түбү ачекей тили экилик жыгач айрыдай даана көрүнүп турат. Жүрөгү түрс-түрс согуп, кургакка серпилген балыктай туйлайт.
Тегеректеген эл ителгиден көз айрышпады.
Сырткы кузгундай кара боор жүндөрү колтуктарынан тамагына чейин кызыл чаар, кара чаар.
— Мындай ителги оңой менен колго тийбейт, — деп сөзүн баштады Кудайберген. Элдин назары мүнүшкөргө бурулду, — уядан быйылкы учкан балапан экен. Буту, колу, тумшугу көпкөк. Эгер бир түлөп калса, буттун бир шакеги саргарып калмак. Эки түлөсө экинчиси, үч түлөсө үчүнчүсү. Андан ары билегине чейин саргаят. Көздүн тегеректери саргаят. Ителги куштардын жашы түлөгүнө жараша саналат. Ал эми бүркүттөрдүкү болсо кадимки жылкынын жашындай. Кулун, тай, кунан, бышты, асый... дегендей. А дегенде бозум, анан ым түлөк, анан кум түлөк, анан таш түлөк... Андан ары барчын: бир барчын, эки барчын, үч барчын...
Бул даана шумкар. Шумкар болгондо да касма шумкар. Эч жеринде өөнү жок. Шумкарда болчу белгилердин баары болсо, муну «касма шумкар» дейт. Мына мобул куйруктун алдындагы үкүнүн жүнүндөй апаппак саңоор жүндөрдүн ар бир талынын беттерине ылдый карата жазы сызыкча болуп кара тактар түшүп турбайбы. Шумкар жүн деп ушуну айтат. Мунуку бадырайып даана экен. Кээ бир шумкар ителгилердики билинер-билинбес сызыкча болот. Андай шумкарларды таза шумкар дебейт. Аны сүртмө шумкар дейт. Эми мунун ылдый тартылган кара тактары келерки жылы (бир түлөгүнөн баштап) туурасынан так болуп түшөт. Кадимки кекиликтин чаар жүндөрүндөй, ошондон ары өлгөнчө дапдааналанып кашкайган кара тактар түшө берет. Касма, таза шумкарлардан башкалардыкы мындай болбойт. Мейли ак шумкар болсун, мейли көк шумкар болсун чыныгы шумкарлардын баарыныкы ошондой. Саңоордун алдындагы кебездей жумшак ак жүндөрүнүн беттерине ошондой кара тактарды түшүрөт, түлөгөн сайын кара кочкул тарта берет. Кээ бир ителгилердин сырткы жүнү күйкөнүкүндөй көгүш кызыл болот. Саңоор жүндөрүнө шумкардын тактары түшсө, аны күйкө шумкар дейт. Мындай белгилери болбогон ителгилерди жөнөкөй, карапайым ителги деп коюшат. Алардын чанда бирөө кыраан чыгат. Ал эми шумкар белгиси бар ителгилердин көбү кыраан болот. Бирок алардан деле кээ бирөө жөнөкөй ителгиден да начар болуп калгандары бар.
Бул кара шумкар чоңдугу боюнча да, кооздугу боюнча да суктанарлык экен. Мындан чоң ителгини көрө элекмин. Тумшугу, буттары, кеби-сыны мыктынын мыктысы. Айрыкча салааларынын арыштары бүркүттүкүнөн кем калышпайт. Мынабу жем басары, — бармак бутун тартып койду Кудайберген, — тейтек тура. Анык кыраан ителгинин жем басары ушундай болот.
— Эми бул эмне алат? — деп жиберди топтун ичинен шашкалактаган бирөө.
— Көзүнө көрүнгөндү куткарбайт. Кеп үйрөтүштөн.
— Карышкыр, түлкү алабы? — баягы шашкалактаган неме дагы суроо берип калды. Отургандар дуу күлүп жиберишти. Кудайберген аны шылдың кылгандай элди тегерете карап, мурутунан жылмайды да: «Аюу, жолборс да алат» деп какшыктап койду. Эл андан бетер күчөп, шатырап күлүштү.
Бүгүнкү жыйын ушуну менен тарады.
Эл кеткенден кийин кара шумкарды туурга кондуруп байлап койду эле, жөн отурбады. Ачуусуна чыдабай долуланып кирди. Өз бутун өзү чокулап, кайыш боонун түйүнүн тыта баштады. Аны байкап турган Кудайберген чийдин башында илинип турган даяр жон жырганы мойнуна сала койду. Ителги улам башын ылдый салган сайын, майда жон жырга жыгачтар анын ээгин жөлөп калып, тумшугун буттарына жеткирбей таштады. Болбосо ызасына чыдабай өжөр арам албууттанып олтуруп, өз бутунун тырмактарын да бирден сууруп таштаганы турат. Анда түбөлүк чолок болуп, керекке жарабай калат болчу. Жаны кармалган ителгинин мындай жоруктарын Кудайберген башынан көп өткөргөн. Уя бала эмес, тор ителгилердин өжөрлөрү да адеп колго түшкөндө ошентип өзүнөн өзү кажанып жатып, чолок болуп калышкан. Ителгинин мындай кыялдарын чанда бирөө билбесе, мүнүшкөрлөрдүн баары эле биле бербейт.
Кара шумкарды Кудайберген бат эле тапка келтирди. Бир топко барып калган талаа түлөк болбогондон кийин, уя-баланын түйшүгү оңой да. Ары шилтесең, ары, бери шилтесең бери кетип, өз оюң менен болот эмеспи. Чыргаачыл болду. Далбаага кап-кайда кеткен жеринен келет. Чоң үкүнү да алдырды. Тоодактын тобунан төрт-бешке чейин түшүрүп калат. Коёнду болсо бир тепкенден чыгарбайт. Кузгун, айры-куйрук, көк-кытан, балта-жутар, тазжоруларды колдогу жеминдей алып жүрдү.
Кара шумкар менен кошо дагы бир карала борбашты бакты. Борбашка жем берерде бир кесим этти дайыма шумкардын томогосунун төбө чачына байлап коёт. Анан борбашты агыта берет. Ал шак учуп жетип, томогонун чачысындагы этти ылдый тартып тиштегенде, ителгинин башынан томого кошо шыпырылат. Анан ошол бир кесим этти томого-момогосу менен жулуп келип, жерге конот да, этин жеп, томогосун ошерде калтырат. Дамамат борбаш кара шумкардын томогосунан эт жеп жүрдү.
Кулаалы үкү (жапалак үкү) бир нерседен чочуганда тээ бийик асманга көтөрүлүп кетет. Качан канаты талыганда жерге түшөт. Үстүнө душманын чыгарбайт. Улам өйдөлөгөндөн өйдөлөп, салпактап айлана берет. Бийиктеп олтуруп, булутка чейин барат.
Кудайберген кулаалы үкүгө кара шумкарды томогочон коё берет. Мейли бүркүт, мейли ителги болсун томогочон учканда жерге конбойт. Обологондон оболоп, көккө чыгып кетет. Ташка тийип өлөмбү, сууга түшүп кетемби деп, конгондон чочушат. Көз таңмай ойногондой темселей берет. Эки канатын далбактатып бийиктегенден бийиктеп, көтөрүлүп жүрүп отурат. Качан гана кара шумкар жапалак үкүлөрдөн өтүп, алардын үстүнө чыкканда Кудайберген карала борбашты артынан жиберет. Эки көзү ителгинин томогосунан өтүп турган борбаш ойкуп-кайкып учуп, жеңил неме бат эле көктөгү ителгиге жетип, томогосун шыпырат. Мына ошондо алдындагы жапалак үкүнүн иши бүттү дей бер. Бир тепкенден чыгарбай топтой тоголотуп түшүрөт. Бул ыкмага шумкар да, карала борбаш да — экөө тең жазбай көнүп, жедеп адисине айланып бүтүшкөн.
Жазга жакын Кочкордон каркыралар өтөт. Кээде алар бир-эки жума тыныгышып, эски айдоолорго же ээн жаткан боздорго жайылышат. Канаттуулардын ичинен каркырадан сагы болбойт. Алардын укуруктай узун ичке моюндары созулуп, караан-параанды алда кайдан көрөт. Жанына жакындатпайт, куш, ителги жеткенче көккө көтөрүлүшүп, булуттан да ары кетип калышат. Анда-санда гана кулакка жагымдуу чурулдаган үндөрү ошончолук бийик асманда жаныңдагыдай болуп угулуп турат. Алардын аркандай чубалып, желе тартып учканына кызыгып, башын кыйшайта эрикпей карап олтурган адамдардын мойну талыйт.
Каркыралар өтүп жаткан мезгилде тегерегиндеги ышкыбоздорго Кудайберген бир күн мурун кабар кылды:
— Эртең кара шумкарды каркырага салабыз. Кызыгына батып, тамашасын көргүңөр келсе шашкеге чейин биздикине чогулгула.
Бул кабарды уккандар тайлуудан туяк калбай эртеси күнү Кудайбергендикине келишти. Каркыралар тынымсыз чубап өтүп жаткан. Кээде кошогунан ажыраган кербендей чурулдашып, асмандын ортосунда иримдей имериле калышат. Кээде кербен башчыны ээрчиген кирекечтердей каз катар болуп биринин артынан бири (буйлаларынан байлаштыргандай) ээрчишип, кыркаар тартып жөнөшөт. Ошондой топтор айылдын үстүнөн өтүп жатканда Кудайберген үйүнөн кара шумкарды алып чыгып, томогосу менен учуруп ийди. Томогонун чокусундагы чачыга байланып кызарган бир кесим эти кошо кетти. Андан эки көзүн албаган борбаш, кондуруп турган кишинин колунан байлоодогу торсойгон карала күчүктөй тыбырчылап, эчак көккө көтөрүлүп кеткен шумкарды көздөй жан-алы калбай жулунуп жатты. Кара шумкар асмандагандан асмандап жылдыздады. Бир кезде тартипке түшө албай топтошуп жаткан каркыралардан да ары өткөнсүп калды. Анан тыбырчылап жаткан карала борбаш шумкардын артынан жөнөдү.
Борбаш бат эле жетип, шумкардын томогосун шыпырып алды окшойт. Той каркыраларга бүлүк түшүп, карышкыр тийген койдой ызы-чуу, будуң-чаң болду да калды. Каркыралар ылдыйлап, жерди көздөй жан талашып келе жатышат. Кара шумкар тике качырып, топту жарып өтүп, кайра «зуу-зуу» этип, асманга атып чыгат. Аралап өткөн сайын бирден каркыра калпактай ыргып, топ этип жерге түшүп жатты. Каркыралар улам ылдыйлагандан ылдыйлады. Жерге жакындаган сайын кара шумкардын зуулдаган добушу күчөгөндөн күчөп угулат. Улам жерге түшкөн каркыраларды талашып бала-бакыра, чоң-кичине ызы-чууга түшүп жатты.
Ителгиден корккон топ каркыралар кайра асманга көтөрүлө албай коюшту. Түшкөн-түшкөн жеринде былкылдабай жер кучактап, укуруктай моюндарын сүйрөлгөн чылбырдай сулк ташташкан. Арасынан бирин-экини баш көтөрүп, былк эткени болсо асманды айланып турган кара шумкар ийнин кыйшайтып, канатын куушуруп, кырданып коёт. Каркыралар ансайын жерге супарадай жабышат байкуштар. Канаттуулардан каркырадай коркок чанда болбосо, жок.
Учалбай жаткан каркыраларды тирүүлөй кармагандар да көп болду.
Ошентип бул күнү айыл ичи адам көрбөгөн кызыкка батты.
Мына ушундан кийин кара шумкар каркырачыл болду да калды. Атагы алыска кетти. Көрсө, Кудайберген карала борбашка шумкардын томогосунан жем берип, атайылап үйрөткөн тура...
#7 20 December 2015 - 07:18
КААРДУУ КАЙНАТА
Кудайбергендин кайындары көл башында — Жети-Өгүздө болчу. Ал өмүрлүк жары Шаарканды күйөөлөп барганга чейин көргөн эмес. Өткөн заманда бири-бирин күн мурун сүйүшүп, өз эркинче баш кошуу деген чанда гана болбосо, жок эле да. Уул-кыздарды ата-энелери, болбосо, тыңыраак чыккан агалары бийлеп баш коштурушкан. Кудайберген менен Шааркан да дал ошондойлордон болушкан.
Кочкордо төрөлүп, Сарала-Сазда өскөн Кудайберген Жети-Өгүздүн Шалбаасында бой тартып чоңойгон Чыныбайдын кызы Шаарканды кайдан билсин, үч уктаса түшүнө кирген эмес. Муну тапкан агасы Өтөнбай болчу.
Өтөнбай Чыныбай менен достошуп, акыры ысышып жүрүп, куда болушат. Калыңды бүтүп, күйөө-кыздын баш кошор күнү жакындайт. Эл жайлоодон түшүп, Чыныбайдын айылы күзгү шалбаасына көчүп келгенде, Кудайбергенди Шаарканга күйөөлөтүп жиберет Өтөнбай. Кыз жигитке жагат. Жигит да кызга жагат. Чыныбайдын Өтөнбайдан алган калыңы да аз эмес эле. Ошого карабастан Шаарканды Кудайбергенге бергиси келбейт Чыныбай. Күйөөнү жолдош-жоросу менен көп ызалап, көп кырсыктайт. Алардын минип келген аттарынын жорго, күлүгүнө карабай, четинен тердирип, эттүүрөөгүн сойдура берет. Кудайберген каардуу кайнатанын бул тетири жоруктарын көңүлүнө албайт. Баарына чыдайт.
Чыныбай Кудайбергендин чебер комузчу, ашынган мүнүшкөр экенин күн мурун угуп жүргөн. Бирок бул эки өнөрдү Чыныбай баалаган эмес. Ал күйөө баланын өзү сыяктуу эл башкарып жүрүшүн каалаган. Кайнатасы жактырган бул даражаны Кудайберген жактырчу эмес. Ошондуктан Чыныбай күн сайын жок шылтоолорду таап, Кудайбергенди кырсыктап жатты.
Бир күнү эрте бешимде Кудайбергендин колуна ошол күнү жаңы кармалган жапан кушту жеткиртип берди кайнатасы. Алып келген адам бир ооз төмөнкүдөй дубай салам сөз айтты да, кете берди: «Бул кушту эртең ушу маалга чейин тапка келтирип кой... Көп киши менен барам».
Кудайберген буйруктун катуу экенине түшүндү. Эгерде бул жаңы кармалган жапан куш эртеңки бешимге чейин тапка келбесе, тапка келген күндө да, шилтеген жерде илбесинди шыпырып түшпөсө, ага кыз түгүл кызыл туз жок, жолдош-жоросу менен сандалган бойдон жолго түшөт.
Жапан куш өтө семиз. Чаркырайт. Колго конбойт. Чалкасынан кетет. Кышылдайт. Төшүнө кол батпайт. Бир аз тынч ала калганда акактап, эки канатын шалак таштап жиберет. Чаап келип токтогон семиз аттан бетер солуктап турат. Мындай куш мүнүшкөрдүн мүнүшкөрүнүн колуна тийсе да, бир күн эмес, бир жуманын ичинде тапка келбейт эмеспи. Арга канча, колдон келбейт дегенден көрө аракет кыла турган болду.
Кудайберген ошол кезде жыйырма жаштын ар жак — бер жагында, мүнүшкөрлүгү да, комузчулук шыгы да кылдат жетилип, ташкындап турган. Ал кушту ошол замат колуна алды да, бир чоң чака муздак суу алдырып келди. Куштун буту-колун, канат-куйругун куушура кармап, улам муздак сууга шөмтүрөтө малып, тумчугуп баратканда кайра тартып алып турду. Колуна жай олтургузбай, тынчын улам кетирип, кылт-кылт эттирип, канат-куйругун жыйдырбай, калдактата берди. Кайра-кайра муздак суудан чоң-чоң ууртап алып, эки канаттын алдындагы такыр колтукка катуу-катуу бүркүп жатты. Куштун калтыраганы басыла түшүп, жоошуй калганда чакадагы сууга тумчуктура малып, кайра тартып алат. Түнү менен кыз-күйөөгө арналып обочо тигилген ак өргөөдө «кыз оюн» жүрүп жатты. Боз улан жигит-кыздардын, керилген кең соорулуу, чачпак байланган келиндердин шарактаган күлкү, шаңшыган обондору... Кудайберген кушту дал ошол көпчүлүктүн ызы-чуусуна үйүр алдырып, үргүлөтпөй, уйкусун алып жатты. Бул түнү үч макулукта тырп эткен тыным, чырм эткен көз ирмем болбоду. Алардын бирөө жанына жапа чегип: «түндөн түгөл чыгамбы, жокпу, менин өлүмүмбү же өмүрүмбү» деп жаны кулагынын учунда турган туткундагы жапан боз чаар куш болчу. Экинчиси, анын тынчын кетирип айласын түгөтүп жаткан Кудайберген мүнүшкөр. Үчүнчүсү, Кудайбергендин жанынан чыкпай, «ушунун тилеги ордунан чыгып, эртең кушу ууга жарап бергей эле» деп, улам чакадагы суудан «келе» деген сайын чөмүчтөп сузуп берип жаткан Шааркан. Бул үчөөнөн башкалары оюн, күлкү, тамаша менен алек. Таң аппак атканда «кыз оюн» тарап, өргөөдө Кудайберген, Шааркан, жапан боз куш үчөө калды. Үчөөнүн тең көзү чайыттай ачык, кирпик ирмөө жок.
Ээн калган өргөөнүн ичинде Кудайберген кушка узун танап боо такты да, учун Шаарканга карматып коюп, керегенин аркы капшыты менен берки капшытынан кушту чакырып, үндөй баштады. Куш моюнун созуп, тумшугун ормоңдоткон болду да, Кудайбергендин колундагы кызарган этке көңүлдөнбөй, чамгарактан ачык асманды, жылып бараткан булутту тиктеп, уча тургандай канатын жайып барып, кайра жыйып алды. Кудайберген кушту чакадагы муздак сууга дагы чөмүлтүп, эки такыр колтукка кайра-кайра муздак суу бүрктү. Анан колуна кондуруп, эшикке алып чыкты. Ал куштун асманды эңсеп, көктөн көзү өтүп, учкусу келип турганын, колдон чыкса жылт коёрун байкады. Күнгө чыкканда куш ого бетер калтырап, ого бетер титиреди. Анан бир аз жоошуду. Кечээкидей чалкасынан кетип чарылдабай, колдо тынч алып олтуруп калды. Ошол замат Кудайберген мээлейдин салаасынан кызартып эт көрсөттү. Куш көңүлдөнүп, бир-эки чокуду эле. Кудайберген жемин кайра тартып алды. Куш эми ормоңдоп, жүнүн жайып, Кудайбергенди жапан куштай эмес, таптагы куштай болуп тиктеди. Анын адамга үйүр алып келатканын куштун көзүнөн биле койду Кудайберген. Боорун сылап, төшүн кармады, куш чочуган жок. Бир түндүн ичинде этинен оой түшкөнүн байкады. Анан үстөккө-борток шыпылдатып, канат-куйругун сылап-сыйпады. Көзүн көзүнө жакындатты, тиктешти. Куш башын тартып албады. Танаптын учун Шаарканга карматты да, кушту жерге таштап койду. Эшик-төрдөй барып, колун көтөрдү. Мээлейден жем көрсөттү. Куш учуп келип, Кудайбергендин колуна конду. Бир чокугандан кийин жемин кайра тартып алды. Кушту кайра жерге таштады. Куш Кудайбергенден көзүн албай, колу кыбыраган сайын аны тегеренип, ээрчип уча баштады.
Кудайберген Шааркандын колунан куштун кыска боосуна уланган узун танап жипти алды да, бетаарчыга салмоор таш ороп, жиптин бир учун ага байлап койду. Анан кушка жемди чокутса чокутуп, чокутпаса чокутпай улам бат-бат «бопулап» чакырып отурду. Үндөгөн сайын куш шак-шак келип, Кудайбергендин колуна конуп жатты. Конгон сайын Кудайберген куштун эки көзүн тиктейт. Анын ички сырын, арам оюн байкайт. Эгер куш кача турган болсо, анын көзү тетирлеп, тескери карайт. Мүнүшкөр менен тиктешип, мени коё берсең кантет дегенсип, ага көз каранды болбойт. Качпай турган куш гана ээсин ээрчип имерилет. Эки жакты карабай жем үмүтөтөт. Ушундай мүнөз бул куштун кебетесинен байкалып турду. Бирок толук ишенүүгө болбойт. Куштун тил алчаак, ак эдил экенин Кудайберген билди. Ошондой болсо да, дагы жетпеген өксүктөрү бар өңдөнүп туруп алды.
Кушту күнгө алып чыкканда, калтырагы басылып, жүнү кургагандан кийин бүткөн бою жылый түшкөн. Асманды улам-улам бат-бат тиктеп, оболоп учкусу келип турганын биле койгон мүнүшкөр, ошол замат кайра үйгө алып кирип, чакадагы муздак сууга дагы чөмүлтүп, шөмтүрөттү. Кушту кайра калтырак басты. Ошонусуна карабай, колдон түшүрбөй канатын жыйдырып, тынч алдырган жок. Куштун бир аз жаны жай алып, бүткөн бою жылып, көз ирмем көшүй түшсө, кечетен берки мүнүшкөрдүн ага кылган аракети талаага кетмек. Куштун эти көбө түшүп, ыксырай калмак. Анда куштун көңүлү бузулуп, чабыттусу жанып кетпейби. Андай болгондо кайра оңдоп-түздөп калыбына келтириш үчүн дагы бир күн, бир түн керек. Анда мүнүшкөрдүн убакытты уттурганы, каардуу кайнатанын каарына калганы... Анда Шааркандан ажырады, колуктусу колгон тийбей калды дей бер.
Кудайберген ушундай жан-алакетке түшүп жатканда, эшиктен дүбүрттөгөн аттын добушу угулду. Шааркан өргөөдөн жүгүрүп чыкты. Атасынын жиберген кабарчысы — чабарман жигит экен. Кудайберген кабарчы жигитке өргөөдөн чыкпай туруп, катуу ун чыгарып, жооп кайтарды.
— Даярмын. Жолдоштору менен аттанып чыга берсин.
Чабарман ат мойнун шак буруп, сызган бойдон кетти.
Кудайберген куш менен алек болуп жатып, убакыттын чукулдап калганын билбей калган экен. Күн эрте бешим болуп калыптыр. Шаарканды жолдошторуна чуркатты. Ага чейин кушту жерге таштай коюп, эки жолу үндөдү эле кол көтөртпөй шак-шак келип конду. Мүнүшкөрдүн ичи жылый түштү.
Чыныбай тараптан жыйырмага жакын топ, Кудайбергендин жолдоштору кошулганда кырк чамалуу караан көлдүн кылаасын көздөй бастырышты. Буга чейин куш жүнүн кургатып, көңүлүн сергитип алды. Көзүнөн канаттуу илбээсиндин карааны учуп, күнү-түнү өпкөсүнө муздак суу өтүп, өзөгү карарган ачка куш эмнеге болсо да тап берген турат. Алыстан ала карга, ак сары, кулаалы, күйкөлөрдүн карааны көрүнгөн сайын колдогу жеминдей көрүп талпынып, темине берди. Бирок аларга Кудайберген коё бербей калсын. Бир аз бастыра түшкөн жерде, көлмөлүү чалчыктан топ өрдөк учту эле, куш ага да жулунду. Кудайберген куштун ышкысын күчөтүп, шилтей турган болуп кызыктырып, талпынтып-талпынтып койду да, кайра тартып алды. Көл жээгиндеги топ-топ чычырканак, камыш, талдарга жеткиче мындай окуялар нечен жолу кайталанды. Үйүр-үйүр менен чилдер, жапан каздар учту, кушту коё берген жок. Улам кызыктырат, улам тап бердирип коёт. Коё бербейт. Эки тараптан тең шаштысы кетип, мүнүшкөргө таң калып келатышат: «Эми качан? Качан салат кушун?»
Бир кезде каардуу кайнатасынын сакал-мурутунун талтал кылдары кара камандын жалындай тик сайылып, чамбыл суудай өңү бузулуп, ачуусу келип баратканын Кудайберген байкады. Ошого чейин ал, кушту ого бетер делбетап болуп, ого бетер ышкысы күчөгөндөн күчөй берсин деп, көзүнө көрүнгөнгө жулунтуп, коё бербей келаткан. Аңгыча токойдун чет жагындагы топ чычырканактын арасынан кыргоолдун бир кызыл корозу эл караанын көрө коюп, оттоп жаткан жайытынан жүгүргөн бойдон жорголоп кирип кетти. Кудайберген ошол топ чычырканакты беттеп бастырганда, катарда келаткандар ат тизгинин тартып, тура калышты. Чычырканактын түбүнүн арасы ачык эле.
Кудайберген менен кушту көргөн кызыл короз бир орунда тура албады, топ чычырканактын башынан тип-тик бийик көтөрүлүп, «бар» деп учуп чыкты. Ошол учурда Кудайберген кушту кыргоолду көздөй таш ыргыткандай уруп калды. Куш кызыл корозду тарс илип алып, бакыртып эңип түштү. «Ажыратып алыңыздар» деп Кудайберген ат тизгинин артка буруп, бастыра берди...
Бир күн, бир түн ичинде жапан кушту тапка келтирген мүнүшкөрдүн өнөрү баа жеткис экенин каардуу кайната ошондо араң баалады.
Эртеси кызын кошуп, күйөөсүн узатты.
САТЫЛГАН МҮНҮШКӨР
Кудайберген Сатылган мүнүшкөр менен катыш болчу. Анын өтө чебер, кыл тапкөй экендигине кызыгып жүргөн. Сатылган Аламүдүндүн капчыгайында төрөлүп, ошол жерлерди мекендеп, ошол жерде өскөн адам. Ал жалаң гана мүнүшкөр эмес, куш күйгөн саятчы да болгон. Бир жыл Кудайберген Сатылгандыкына күзүндө келип, жазында араң кетти. Аны жипсиз байлаган — Сатылгандын мүнүшкөрлүгү, куш салгандын кызыгы. Кетеринде Сатылган менен убадалашты: «Келерки жылы Кочкорго көчүп кел. Кышта. Эрмектешип куш салалы. Аты-тонуң, согумуң менин мойнумда болсун. Көңүлүңө биздин эл-журт жагып калса туруп калаарсың. Бул жерде деле жакын ага-иниң жок экен. Жалгыз түтүн турбайсыңбы. Кокус, Аламүдүндүн капчыгайын сагынсаң кайра көчүрүп, жеткирип коём».
Сатылган макул болду. Убадасы боюнча ошол жайда унаа жиберип аны Кудайберген көчүрүп алды. Сатылган Кочкорго кур кол келген жок. Өзү менен кошо үч куш ала келди. Бирөө жаңы түлөк көк куш. Тоодакчыл. Муну тоодактан башка илбесинге көргөзбөйт. Экинчиси, дагы бир боз куш. Аны эмнеге болсо сала берет. Үчүнчүсү, уядан жаңы учкан татынакай кыпкызыл чүйлү. Бул кекилик, чил, өрдөк, кыргоолдун токмогу. Атайын ошол үчүн кол менен жасап койгондой.
Кыш бою Кудайберген менен Сатылган ителги, куш салып жүрүштү. Кудайбергенде бүркүт да бар эмеспи.
Анда-санда Кара-Тоого, Туздун ак чаптарына барышып, бүркүт агытышат.
— Сатыке, — деди Кудайберген бир күнү аны менен өз үйүндө чай ичип жай олтурганда. — Мен сизден уялып, бир жашыруун сырымды айта албай жүрөм.
— Айта бер. Эмнеге уялат элең?
— Менин тигил кызыл кушум деле тоодакчыл. Шамдагай. Тоодакты ордунан учурбай жетет. Бирок ошондой болсо да экөөбүздү бир тоодак ыза кылып жүрөт. Анын кордугу кушумдун да, менин да жаныма батты.
— Э, ботом, ал кандай тоодак, ошончо тоодактын ичинен бөлүнүп, силерге эрегишип калган.
— Жо-ок. Ал жалгыз жүрөт. Жалгыз оттойт.
— Кайда?
— Босто. Кочкор-Атанын сайында. Өгүнчөрөөк сиз үйдө жокто кушумду эки-үч жолу салып, алдыра албай койдум. Дегеле жакындатпайт, караанды көргөндө шекшинет да, капкайдан-алыстан учат. Шилтесең куш өксүп, жетпейт. Өтө чоң тоодак. Балким, тоодактын эркеги болсо керек.
— Андай болсо ага аракет кылып көрөлү. Бир жакка жер которуп кетип калды го.
— Жок... Кетпейт, кеткендей, куш менен кармашып, запкы көрө элек. Кечээ эле көрдүм, жүрөт.
Эртеси күн аркан бою көтөрүлүп, чоң шашке болуп калганда Кудайберген менен Сатылган Кочкор-Атаны бет алып бастырышты. Сатылган колуна алиги көк кушун кондуруп, Кудайберген салт чыкты. Ал ойлоду: «Баары бир менин кушум ала албаган тоодакты мунун кушу алмак беле».
Булар Кочкор-Атанын санына жакын келгенде баягы жалгыз тоодак мойнун койкойтуп, алда кайдан көрүндү: — Тигине, — деди Кудайберген, — бизди көрдү.
Сатылган кушун оң капталына далдалаган болду эле куш жерди көздөй жулунду. Анткени, куш тиги жалгыз тоодакты булардан мурда көрүптүр. Кушту жерге таштап жиберди Сатылган. Анан Кудайбергенге карап: «Биз көрмөксөн болуп, кыбыратып бастыра берели. Колубузда куш жок болгондон кийин ал бизден шектенбейт. Куш кандай аракет кылар экен, ошого алыстан көз чаптыралы» деди.
Сатылган айткандай, баягы койкоюп турган жалгыз тоодак мойнун жерге салып оттой баштады. Буларды өзүнчө кетип бараткан көп караандын бири деди көрүнөт, жайланып калды. Атчандар алыстаганда, көк куш ордунан көтөрүлүп учту. Аны көрүп, тоодак да койкоңдоп, шектенгендей эки жагын каранды. Куш кулаалыча салпактап, бир түп алтыгананын үстүнө, же жерге конбой, же сызып учпай, калкактап туруп алды. Анда-санда эки канатын эпеңдетип, назвайчы күйкөчө бийлеген болот. Тоодак кушту кулаалы экен деди окшойт, капарына албай, кайра оттогонго кирди. Ошол учурдан пайдаланып, көк куш тоодакты көздөй жакындап сызды. Кара тоодак дагы баш көтөрүп, ары-бери койкоктоп уча турган болгондо, куш мурунку калыбындай кулаалы кейпине келе калды да, тоодакка жакын жердеги топ куурайдын арасына талп этип түшүп калды. Тоодак анын чычканчы шалпылдак «көк кулаалы» экендигине эми даана көзү жетти окшойт, мурункусундай тынч алып, жайбаракат оттой баштады. Куш менен тоодактын аралыгы өтө чукул, аркан боюндай эле калган.
Куш өлчөөсүнө жете түштү көрүнөт, тоодак башын жерден көтөрө электе куурайдын арасынан типтик жогору атып чыкты да, жаанын огундай зуулдап, тоодакты түптүз качырып сала берди. Чукул кирип келген куштун сүрүнөн апкаарый түшкөн тоодак, же уча албай, же чуркап кача албай акылынан адашып, карбаластап калды. Баятан бери шектенип олтурган «көк кулаалы» эмес, көк куш экенин билгенден кийин тоодактын жүрөгү кабынан чыгып, оозуна каптала түштү. Оңуттуу жерден кол салган жоо аячубу, көк куш тоодактын далдайган төшүнө чап жабышаары менен баштан алды. Куштун ороктой иймейген учтуу текөөр тырмагы тоодактын он көзүнүн алдыңкы кычыгына бата түшкөндө, көздүн кареги үзүлгөн мончоктой мөлт этип, сыртка чыга түштү. Оозун кошо капшыра кармагандыктан, тоодактын бакырарга чамасы келбеди. Тоодак башын куштун курч тырмактарынан бошото албай жанталашып, булгалактай берди. Кармаш көпкө созулду.
Тоодак кушту шыпыргыдай далдайган канаттары менен чапкылай баштаганда мындайдын неченин башынан өткөрүп, жедеп машы чыккан көк куш эки канатын мүрүсүнө чейин бек кысты да, тоодактын бир колтугуна башын катып, бооруна кирип кетти. Тоодактын кушка каршы аракети эч нерсеге арзыбай калды. Анын далдайган канаттарынын сабоодой чалгындары куштун денесинин бир жерине тийбей, куру жерди чаңдатып, сабай берди. Ансайын көк куш тоодактын башын катуу кысып, алкымын кыйкылдатып, муунтуп олтурду.
Буларга алыстан көз чаптырып турган Кудайберген менен Сатылган аттарын сабаган бойдон жетип келишип, ат үстүнөн экөө тең учуп түшүштү. Биринен бири кутула албай топурак-чаңдын арасында кызык-ала болуп тытышып жаткан тоодак менен көк кушту экөөлөп жатып араңдан зорго дегенде ажыратышты. Тоодак куштун колунан бошонору менен мүрдөмгө келбей жан берди. Куштун курч тырмактары анын бакалоорун эзип коюптур. Куш да эки канатын шалк жерге таштап жиберип, далайга чейин акактап, көптөн кийин эс-учун жыйды. Тоодак болжолсуз чоң экен. Бери болгондо төрт-беш кар баскан көрүнөт. Текөөрлөрүнүн жоондугу адамдын бармактарындай. Буттарынын арыштары карыш-карыш. «Тоодактын эти — токтунун эти, улардын эти — улактын эти» дегендей, Кудайберген байланып бастырганда тоодак жагы кадимкидей салмактанып турду.
* * *
Түн ортосунан ооп, үркөр жамбашка кыңкайып калган. Асмандагы жыбыраган эсеп жеткис жылдыздар кек темирдин бетине чебер уста чегелеп каккан күмүш мыктардын бөркүндөй жаркырайт. Үлп эткен жел жок. Түн караңгы. Тынч. Кудайберген чапанын желбегей жамынып, кепичин бутуна коңултак илип алып, эшикке чыкты. «Сан жылдыздын жарыгы жалгыз айча болбойт» деген чын эмеспи. Кудайберген жылдыздуу асманды тегерете имерип көз жүгүрттү да, анан тамынын артындагы жапыс ноолусун бир айланып барып келди. Ноолунун ичинде түп-түп чыккан жапан талдар бар. Ошол талдардын бирөөнүн түбүнө жыгачтан жамай салып, акыр жасап, ага согум бээсин байлап койгон. Ар түн сайын таңга жакын же андан мурунураак туруп алып, ноолуну бир сыйра айланат да «караан-параан көрүнөбү» деп жат көздөн алакчылап, ошол бээсине көңүл бурган болот. Бир себептен анысы да туура. Күзгө жакын ууру-кески болуп калышы да мүмкүн. Айрыкча согум учурунда. Көбүн эсе уурусун күчөтүп турган өз туугандары.
«Билинсе ордуна тай-тулаң кылып, ит жеминдей бирдеме берип тынаарбыз. Бизди Кудайберген эмне кылмак эле. Уй мурдун сасык деп кесип салбайт. Жамандыкка кете алабы. Билинбесе жегенибиз жеген» деп тобокелге салып, эрдемсип кетмейлери да бир эмеспи, алардын.Кудайберген кадамын жай таштап, үйүнө жакындап калганда кошунасы Сатылгандын үзүк-туурдугунун тамтыгы чыгып бараткан кара алачыгынын жыртыгынан жылтылдап от чыгып жатканын даана көрдү. Көпкө чейин ойлонуп, токтоп калды:
«Чунак киши. Түн ортосунда от жагып жатканы эмнеси. Ууру кылабы? Койчу, кантип ошого барсын. Ууру кылыш колунан да келбейт эле. Болду-болбоду бул кишинин бир жашыруун сыры бар».
Кудайберген жакындап барып, Сатылгандын үйүнүн жыртыгынан шыкаалап, үй ичине көз жиберди да, үйдүн булуң-бурчун тегерете карады. Абайласа, үйдүн оң капшытында көйнөк-дамбалчан, жыңайлак, жылаңбаш, көк кушун оң колуна кондуруп, сол колуна топтолтура суусу бар аякты куштун ээк астына кармап турган Сатылганды көрдү. Куш аяктагы суудан ууртап алып, тамагын былкылдатып, асманды карап мойнун созуп, кадимкидей ичип жатат. Кудайберген таң калды. Сатылгандын бул жоругу кандай, түн ортосунда туруп алып кушка суу бергени?
Эртең менен чайда олтурганда Сатылгандын түндөгү жоругуна кызыгып калган Кудайберген сурады:
— Ээ, Сатыке, түн ортосунда туруп алып кушуңузду сугарып жатыпсыз, бул өнөрүңүзгө жол болсун? — деди.
— М... анан сугарбаганда, анын эмнесине таңыркай турган иш. Куш кечээ тоодак менен катуу кармашты. Чарчап-чаалыгып, жүрөгү катуулап согуп, көкүрөгү какшып ачышты. Анын үстүнө семиз тоодактын ич эттеринен лакыя тойгузуп койдук. Анан түнкүсүн акактап ал суусабаганда ким суусайт. Анан ошо маалда туруп суу бербесе куш кызыл май болуп семизинен бузулган жылкыдай канат-куйругунан ажырап, тоголонуп калбайбы?
Кудайберген Сатылгандын тапкөйлүгүнө ыраазы болуп, ага баш ийип, моюн сунду.
— Баракелде, Сатыке! Баракелде! Мына ушул өнөрүң меникинен ашыгыраак экен.
Күз кирип келди. «Анжиянда куш базары да бар, анда куш аттан кымбат» деген имиш-имишти Сатылгандын кулагы көптөн бери чалып жүргөн. Соодагерлерге кошулуп, Сатылган да Анжиянга жөнөп кетти. Бетине кармаганы жалгыз көк куш. Көк куштун тоодак алышы кийинки жылдарда улам кемчил чаап бараткан, картайгандыкы го.
Анжияндын базары чындыгында чоң базар экен. Алуучусу да көп, сатуучусу да көп. Кой базары бир бөлөк, уй базары бир бөлөк. Жылкы сата турган базар өзүнчө бир башка. Сатылган куш базарына кирди. Куш деген неме батпайт. Бери болгондо жүздөн ашык. Кушка кардарлар капкайдан келет экен. Бул жолку базарга түшкөн куштардын көпчүлүгү жаңы кармаган жаш куштар. Алар бат эле өтүп кетти. Сатылгандын көк кушун сураган бир да жан жок. Көрүп алып тескери басышат: «А... Көк мыкый. Картаң. Мунун колунан эч нерсе келбейт». Сатылган эмне кылаарын биле албай, кайсалап калды. Анан ошердеги жергиликтүү анжияндыктардан сурады:
— Бул силердин жерде тоодак болобу?
— Болот.
— Кайда болот?
— Мына ушундан ары барсаңыз күрүчтүн аңызы бар. Ошол аңызда оттоп жүргөн тоодактар чымчыктан көп, — орто жашап калган быжыгыр кара сакал карыя кол жаңсап, күн батыш тарапты көрсөтүп койду. — Бул кушуңуз тоодак алабы?
— Алат.
Эртеси Сатылган кечеки карыя айткан жакка чапкан бойдон барып, көк кушка эки тоодак алдырып жетип келди. Анжияндын тоодактары баёо куш көрбөгөн тоодактар болот экен. Жанына жакын бармайынча учушпайт. Сатылган кыйналган жок. Кушун кыргыйча шилтеп салып, эки тоодакты бөдөнөдөй илдирип алды. Экөөнү эки жагына салаңдата байланып, көк кушун кондуруп Анжияндын бир чоң көчөсү менен келатканда көчөнүн аркы өйүз, берки өйүзүндөгү элдин бири калбай Сатылгандын артынан түшүп, чууруп жүрүп олтурушту.
— Ушул куш алдыбы?
— Мага сатыңыз.
— Жок, мага сатыңыз.
— Жыйырма сом берем.
— Отуз сом.
— А... анын үстүнө мен он сом коштум.
Ошентип, биринен бири ашып олтуруп, кечээ базарда он сомго чыкпаган көк куш, кырк сомго барып токтосо болобу. Аңгыча ар жактан эки этеги учунан тилик, көк бейкасам чапанынын сыртынан үч-төрт чаар жоолукту кабат-кабат курчанган, узун бойлуу, карасур жигит басып келди да, жабалактаган элди токтотуп Сатылганды үйүнө ээрчитип кетти. Ошол түнү сырттан барган он жолдошу менен Сатылганды коноктоду. Эртеси онуна он чапан жаап, он топу кийгизип, Сатылгандын алдына кырк сом коюп, көк кушту алып калды.
#8 20 December 2015 - 07:27
«БИР ОЛОҢ»
Карымшак Боомдун капчыгайын өрдөп жалгыз келатат. Ал мындан бир жума мурун бүркүт издеп Чоң-Кеминге барган. Кеминде бүркүт, куш күйгөн саятчылар көп деп уккан. Саятчылардын көбү көп экен, бирок, куш-чүйлүдөн башка ителги, бүркүт кармай алышпаптыр.
Карымшактын аяктан жолу болбой кайтты. Өзүндө бүркүт болсо, Чоң-Кеминге ага суутуп коюптурбу. Өзүндө жок. Көп жылдан бери салып жүргөн түлкүлүк бүркүтү бар болучу. Мындан төрт-беш ай мурун анысы кагынып өлгөн. Ошондон бери бүркүт издеп жүрөт. Колунда алгыры болбогондон кийин «мен мүнүшкөрмүн» дегенге ким ишенет. Ал катардагы жөнөкөй адамдын түгөйү да. Кесиби мүнүшкөр болгон адам канаттуусуз кур кол тура албайт эмеспи. Карымшак да ошолордун бири. «Баланча элде, баланча деген киши бүркүт кармаптыр» дегенди укса болду, ошо жакты көздөй чү коёт Карымшак. Ал жакшы бүркүтпү, жаман бүркүтпү, бербейби, сатабы, сатпайбы, аны менен Карымшактын жумушу жок. Иши кылып ошого жетиш керек.
Жанында жолдошу болбогон жалгыз жолоочуга жол арбымак өзүнчө бир балакет, азап эмеспи. Карымшак анда-санда үн чыгарып, кыңылдаган болот. Анысынан деле анчалык пайда таап жарыбады. Анан жаратылыштын жарашыктуу көрүнүштөрүнө кызыгып, Боомдун кооз капчыгайынын аркы өйүз берки өйүздөрүнө көз жүгүрттү. Салаа-салаа канжыгадай тилинген узун-узун жылгалар, кокту-колоттор. Ошол жыбыттардын кыйгач беттеринде майда желдин илебине урунуп, билинер-билинбестей ары-бери чайпалган бетеге, шыбактар... Кокусунан бир кайберен аралап кеткени эле болбосо, арасында бүрү түшкөнү көрүнбөйт. Адам кызыгып жегидей. Сары каймак тартып, бири-бирине сүйөнүп, эзиле бышып ыргалып турат. Кээ бир калың жерлери текши баш алган эгиндей кара кочкул тартып, көйкөлүп-жайкалат.
Карымшак андан жогору көз жүгүртүп, асманды курсакка сайып турган учтуу чокулары бар бийик тоолорду карайт. Аскалардын кырына маңкайып чыгып алып, мүйүздөрүн калжайтып, ойдогу өзөндүн жээктерин тиктеп турган дардайган зор текелерди көргүсү келет. Алар бая күнү Кеминге баратканда бар болчу, жүргөн. Бүгүн жок. Кайда кетишти болду экен? Борчуктардын көлөкө түшкөн түбүндө көптү көрүп, көп жашаган карылардан бетер узун сакалдарын жайкалтып, анда-санда кепшеп коюп, жуушап жатышкан чыгаар. Болбосо тиги чоку-чоку, кыр-кырлардан карааны көрүнөт эле го.
Кеч күзгө чейин мөңгүсү эрибеген бийик тоолордун ала моюн кыл чокулары алыскы бийиктен бүлбүл көрүнөт. Ошол чокуларды айлана чалып, канаттарын ирмебей жок карагансып эки зор бүркүт сызып учуп жүрөт. Карымшактын көзү ошол экөөнөн өтүп кетти: «Баракелде, зор бүркүттөр көрүнөт! Атаңдын көрү, экөөнүн бирөө колго тийбеспи! Жолборс алдырар элем. Бая күнү мен өтүп баратканда көргөн эчки-текелер ушул экөөнөн чочулашып, бир жерде бугуп жатышкан экен го?»
Карымшак алдындагы атына айтып жаткандай, өзүнө-өзү кобурап баратат. Анда-санда айланган эки бүркүттү карап, чокунун баштарын тиктейт. Бир оокумда ошол эки бүркүт тоонун аркы бетинен чети чыгып келаткан калың булуттун арасына сүңгүп кирип, жок болуп калышты. Карымшак мойнун кайра бет алдына буруп, талыган көздөрүн алыскы чокудан ылдый тартып алды. Ээк алдында билегинен каруусу тайыган балбанга окшоп, капчыгайдын ыгына жараша ийрилип өзөндүн тунук суусу таштан ташка урунуп агып жатат. Ал жакында эле күчтөн тайыды. Өгүнчөрөөк кирген учурунда андан албуут, андан өжөр, андан долу, балбан жок болчу. Түптүү талды түбү менен жулуп алып, качкан жоосун артынан кууп жетчүдөй урунуп-беринип, кой-айга келбей, бет алдынан чыккан караан-параанды аңтарасынан салып, ыргыта коюп, жулунуп-жулкунуп жаткан. Эми карачы, ал-күчтөн ажырап арыктаган оорулуу адамдан бетер ичкесине тартып, шылкыйып калыптыр. Келме кезек, терме тезек деген ошол. Оомалуу-төкмөлүү дүнүйө. Бирде өйдө, бирде ылдый...
Карымшак капчыгайдын жаратылышына алаксып олтуруп, Байдам-Талга келгенин билбей калды. Байдам-Тал түп-түп болгон калың чычырканак, өзөн жээктеген шуудураган камыш. Ар кайсы коноктой баш алган жашыл жекендер менен жыш. Булар күзгө тартканда бөтөнчө кооз көрүнөт. Өзөндүн өңүн ачып көрккө келтирет. Саргайып бышкан чычырканактын мөмөсүн чокуп олтурган канат-куйругу, жүндөрү кооз татынакай чымчыктарды, шакылыктап сайрап, бирде жерге, бирде талга коно калып жаткан карала бачайыдай сагызгандарды, кызыл, жашыл, ак тамак, көк тамак кооз кыргоолдорду башка жерге караганда Байдам-Талдын токоюнан көп көрөсүң. Байдам-Тал дал ошондой кооз жер. Өзөндүн өзөгүн жарып, шаркырап агып өткөн кашкайган тунук суусу бар. Эки капшытын көк асманга чейин тиреп, бийик тоолор жел киргизбей калкалап камтып турат. Мезгили келгенде бороон-чапкын капчыгай өндүрү менен өтпөсө, оң-солунда жылчык жок. Күн бүркөктө да чырпык башын былкылдатчу желпинген жели жок. Мемирейт да, турат.
Өзөндүн оң жаккы өйүзүндөгү калың токойдун арасынан чыккан бүркүттүн алсыз үнүн салмактанган башын жерге салып бараткан Карымшактын кулагы чалды. Ал тизгинин жыйып, тык токтоду да, даанабы-бүдөмүкпү дегенсип, мойнун шак буруп, ошол жакка кулагын дагы төшөдү. Даана. Бүркүттүн шаңшыган үнү. Дагы тыңшады. «Кил-лак-киллак- киллак». Даана. Болгондо да быйыл уядан жаңы учуп чыккан бала бүркүт. Балапан бүркүт менен чоң бүркүттү шаңшыган үнүнөн тааныбаса, анда Карымшактын мүнүшкөрлүгү кайсы? Атка мингенден тартып, жыйырма жылдан бери бүркүт менен алпурушуп келатпайбы. Бүркүттүн шаңшыганы Карымшак үчүн жылкынын кишинегениндей, жаш кулундун үнү менен энесинин, же айгыр аттын кишинегенин ким да болсо так ажыратат эмеспи.
Токой жактагы бүркүттүн шаңшыган үнүн Карымшактын кулагы дааналап угат. Улам токтой калып тыңшайт. «Киллак, киллак, киллак». «Түнт токойдун арасына бүркүт турбайт эле. Кыр-кырга, бийик зоолордун чокусуна, чоң-чоң таштардын башына барып конмок. Болду-болбоду бул колго түшкөн балапан же эки канаттын биринин мүрүнөн ажырап учалбай калган шордуунун бири. Үнү кыраандын үнүндөй кайраттуу чыгат. Бат-бат шаңшыйт. Анысына караганда ата-энесинен бөлүнүп өзүнчө жем таап жей элек көрүнөт. Уядан учаарына жакындаганда бүркүттүн балапандары көп шаңшыйт эмеспи. Мунун үнүнөн да ошол бала мүнөзү сезилип турат. Өтө ачка го, бечара, көптөн бери наар сыза элек окшойт. Шаңшыган сайын үнү муңдуу, ачуулуу чыгып жатпайбы».
Карымшак өз ичинен сүйлөнүп баратты.
Бүркүттүн үнү чыккан дүпүйгөн топ-топ талдар өзөндүн аркы өйүзүндө болчу. Карымшак ошол талдардын тушундагы тайыз кечүүдөн кечип, суунун аркы жээгине чыкты. Мына калың тал. Арасы ачылып, аттуу кишиге жол берчүдөй көрүнбөйт. Жапыз өскөн майда чычырканактын бүрүнүн арасындагы ийненин учундай түп-түз учтанган тикенектери этек-жеңин мындай турсун, жапан мышыктын тырмагына окшоп, жакындасаң бетиңди да тытып, кызыл-ала кылчудай кылтыйып турат. Сырттан угулган добушту сездиби же чарчагандан атайы өзүн өзү токтоткусу келдиби, бүркүттүн шаңшыган үнү лып басылды.
Карымшак атынан түшүп, суу жэгиндеги жалгыз түп талга аттын чылбырын ары-бери күрмөй салды. Анан тиги бүркүттүн үнү чыккан калың талды аралай кеткен жөө кишинин жолу менен тикенек-чырпыктардан жазганып эңкейип басып баратты. Туура жагынан шырп эткен добушту кулагы чалганда, оңго бурулду эле, үй ордундай ачыкта куураган талдын дөңгөчүнүн үстүндө канат-куйруктарын жайып жиберип, жалгыз олтурган балапан бүркүттү көрдү. Курушуп аткан катуу кайыштан боо тагып, бир бутунун билегинен байлап коюптур байкушту. Кайыштын бир учу казыкка окшош талга чие байланган.
Карымшак балапанды көпкө чейин тиктеп турду: «Чечип алып кетсемби, мунун ээси кайда кеткен. Өмүрүндө тооктон башка канаттуу көргөн адам эмес го. Кантип ушу бүркүттү музоо аркандагансып бир бутунан байласын. Тиги боосун кара. Курушкан шири. Кайран неменин билегин өйкөп койгон тура кызартып, эгерим май көрбөгөн катуу кайыш. Эми эмне кылсам муну же ээси көрүнбөйт. Жөн эле чечип алып кете берсем, ал сөзгө келбеген айбандын бири болуп, аке-жекеге карабай чоку талаштыра бир салса «тырак» этип өлүп калбайын. Анын үстүнө жолдошум жок, жалгыз-жарым болсом».
Туш-туш жагын тегерете карап, эмне кылаарын биле албай көпкө чейин ойлонду Карымшак.
— О-ой, аттын ээси ким? Кайда кеткен бул аттын ээси? — колдураган жоон үндү угуп Карымшактын жүрөгү «болк» дей түштү. Анан үнүн жай чыгарды.
— О, мен! Быяктамын.
— Бери чык, ким болсоң да.
— Мына баратам. — Карымшак мурунку келген жолу менен токойдун арасынан жылып чыкты. Атынын жанында жайбаракат малдаш токунуп отурган керилген кер муруттуу, тармал кара сакалчан, кара сур жигитти көрдү. Жигиттин жанында узун саптуу ак балта жатат. Үстүндө жаргак кемсел, жаргак шым. Бутунда кайыш чокой, колунда тери мээлей, башында малакай. Ала-сала көргөндө чочуп кетти Карымшак. Балтанын сүрү, жигиттин сүрү. Анан экөө учурашкандан кийин ал-жай сурашып, жайланыша калышты. «Жылкы кишинешкенче, адам сүйлөшкөнчө» деген. Карымшак Чоң-Кеминге жолоочулап барып келатканын, өзүнүн кочкорлук экенин айтып берди. Берки жоон кара сур жигит Ак-Бекеттик үй жыгаччы болуп чыкты. Байдам-Талга келип уук-кереге болчудай түз талдардан тандап кыркып жүрүптүр. Келгенине бир айга жакын болгон окшойт, ошондон бери үй-жайын көрбөптүр. Өзүнөн башка дагы эки жолдошу бар экен, алар тал тандап жогорулап кетиптир.
Тиги шаңшыган балапанга акыл-эсин алдырып койгон Карымшактын ичи уйгу-туйгу болуп, ою бир жерге топтоло албай жатты. Анан жүрөгүнүн опкоолжуган дикилдеги басылгандан кийин кеп-сөздү узарткысы келбеди. Карасур жигиттин бутунун башынан тартып, төбөсүнө чейинки тула боюна дагы бир сыйра сыдырып көз жүгүрттү да, анан анын колунан жамандык келбей турганын билген соң, байлоодогу балапан бүркүттүн жайын сурап кирди. Жигит малдаш токунган буттарын жазып жиберип, далдайган далысын ары бир, бери бир куушуруп, анан асман мелжиген тоолордун учтарына көз жиберип, жайбаракат сөзүн баштады:
— Бир жумадан ашты, кайда он-он беш күн өттү окшойт, тээте-тиги бийик чокудан төрт бүркүт айланып учуп чыгып, көпкө чейин бирин-бири ээрчите көктө калкып жүрүштү. Дал чак түш ченде тиги эки жолдошум үчөөбүз тамактанып жатканбыз. Биздин жогору жагыбызда бийик чыккан коюу калың камыш бар болчу. Ал мындан да бир топ жогору, — деп колун көтөрө шилтеп, өзөндүн суусунун жогорку агымын көрсөтүп койду карасур жигит, — аңгыча болбой ошол айланган төрт бүркүттүн бирөө типтик куушурулуп, бизди көздөй сала берди. Түптүз эле качырып келатат, шукшурулган бойдон. Чочуп кеттик. Колубузга кыйган талдан бир-бирден кармап, ордубуздан тура калдык, а тиги камыштын арасына сайылган бойдон келип түштү. Эмне болгону билинбей, ың-жыңсыз болду да, калды. Кайра учуп чыккан жок. Камыштын арасы уйгу-туйгу болуп, чаңы асманга көтөрүлө түштү. Биз ойлодук, «коён-поён алып жеп калды го» деп. Көптөн кийин тиги асманда айланып турган үч бүркүттөн бирөө бөлүндү. Ал дагы типтик сайылды. Анын артынан дагы бирөө келатат. Алдыңкысы топ камышка жакындап калганда арткысы жете келип тигинисин камышка түшүрбөй, шак илип алып, кайра асманга чыгып кетти.
Карымшак ичинен күбүрөндү: «Алып чыгып кеткен энеси болуш керек». Карасур жигит токтолбой сөзүн улай берди:
— Анан көктөгү жалгыз калган бүркүт эки бутун салаңдатып, күркүрөгөн бойдон катуу келатат. Ал бүркүт камыштын арасынан торпоктой болгон бир кара немени тыбыраткан бойдон көтөрүп чыгып, бийиктей түшкөндө колдору талып кеттиби же атайылап таштап жибердиби, иши кылып таштап жиберди. Ал кара неме топ камышта обочо жерде жаткан уйдай кызыл таштын үстүнө келип тийип «былч» дей түштү. — Карасур жигит сөзүн токтоткон жок, дагы улады: — Биз үчөөбүз айран-таң калдык: «Бул эмнеси болду экен? Барсакпы, барбасакпы? Кокус бүркүттөр бизге да тийип жүрбөсүн? Эмнеси болсо да сабыр кылып туралычы?..» деп дүрбөп чочуп калдык, аңгыча болбой асманда айланып жүргөн үч бүркүт, тиги «былч» этип ташка келип тийген кара неменин үстүнө биринен сала бири жабалакташып конуп жатышты. «Бүркүттүн ачуусу келсе, кишини да алып жеп коёт» дегенди укканбыз бала кезибизде, чыны даап аларга жакын бара албадык.
Корктук. Алар тиги карарган немесин таштап жиберип, үчөөбүздү басып калчудай көрүнүп туруп алды көзүбүзгө. «Эмнеси болсо да бүркүттөр кеткенден кийин барып тарпынан тааныйбыз» деген акылга келдик.
Үч бүркүт бизден айбыгышкан жок. Канаттары калдаң-кулдаң болуп, үксөңдөп-саксаңдашып, кара немени бат эле үзүп-жулкуп талап жеп жиберишти. Анан эки чоңу мурунураак чыгып төш таяна далбактай басышты. Экөө эки чоң таштын үстүнө барып, жайланып олтурушту. Таранып-силкиништи. Далайга чейин орундарынан козголушкан жок. Сыягы тиги жалгыз калганын күтүштү окшойт. Ал карарган тарптын артканын жеп эле атат, жеп эле атат, тойбой койду. Анан тигил экөө биринен сала бири шаңшып, алыстап айланып учуп кетишти. «Тойгондон кийин артыбыздан түнөөчү жерибизге келет» дештиби, артына кайра кайрылышкан жок. Анан биз «Эми тиги жалгыз бүркүт эмне кылаар дейсиң» деп жанына басып бардык. Ошондо да колдорубузда бирден союл. Мына коркконду мындан билиңиз, бүркүт көрбөгөн жаныбыз.
Тиги артта калган бүркүттүн төшү кичине казандын түбүндөй салаңдайт. Башын ылдый салып жөргөлөп калыптыр. Боорун көтөрүп уча албай койду. Үчөөлөп кармап алдык. Тарптын баш сөөгүнө чейин мүлжүлүптүр. Аркайган кабыргалары, этинен ажыраган чоң-чоң жиликтери жатат. Териси дал-дал тытылган. Жүнүнөн тааныдык, жапайы каман экен. Биринчи келип түшкөн бүркүт эмне болду деп барсак, ал өлүп жатат. Каман эки бөлүп таштаптыр. Анын тумшук, буттары да ушунукундай көк, канат, куйругу карала экен.
— Ал дагы балапаны тура, — Карымшак кейигендей, өлгөн бүркүткө жалооруй түштү.
— Кайдан билдик. Бүркүт менен ишибиз эмне? Бизге үй жыгачтык тал керек да.
— Ошо бойдон тиги эки бүркүт кайрылган жокпу?
— Күнүгө бир-эки маал келип, көпкө чейин айланып жүрүп анан кетишет. Калың талдын арасынан тигинин өзүн көрө албай шаңшыган үнүн угушат окшойт. Алар да шаңшыйт. Сыягы, баамдоодо «бери чыкпайсыңбы» деп чакырышат окшобойбу. Бул бечара болсо байлоодомун деп жооп береби? Түнкүсүн тынч. Күндүзү жаагын жанып шаңшыйт да, шаңшыйт. Эки-үч күндөн бери алар көрүнбөйт, жок. Сыягы мындан түңүлүшүп, алыстап кеткенби. Эми бир келишсе агытып жиберейин деп турам. Жогорулап кетип, буга да карабай калдык. Анын үстүнө талга алагды болуп, кол бошобой да койду. Он-он беш күндөн бери эчтеке жей элек. Ачка өлө турган болду, байкуш.
Карымшак карасур жигиттин сөзүн угуп олтуруп ичинен жылмайды. «Буга тиги бүркүттөн көрө бир ууктук түз тал өйдө тура».
— Бүркүтүңдү агытып ийгенче мага бер?
— Тигине бир бутунан байлануу турат, керек болсо алып кет. Албасаң азыр агытам.
— Жолдошторун бирдеме деп жүрбөсүн?
— О, кокуй, алар «какшатпай агытсаңчы, бечаранын убалына калбай» деп жүрүшөт.
Кокус тиги карасур жигит «Атынды бер, болсо бербейм» десе да Карымшактын ааныйы жок эле. Атын ээр-токуму менен кармата берип, бүркүттү жөө көтөрүп кете бермек.
Карымшак ордунан туруп атынын жанына басып барда да эки канжыгасын чечип келди. Анан тиги карасур жигитти далдайтып ээрчитип алып бүркүткө барды. Балапандын жалгыз бутунда байланган катуу кайышты бошотуп жигиттин колуна карматты. Ал жедеп сууга тийип катып калган, кайыш чокойдун эски боосу экен. Анын ордуна жумшак кайыштан кабаттап боо тагып алды: «Бүркүт табылып калабы» деп өзү менен кошо ала жүргөн мээлейин койнунан сууруп чыгып, карала балапанды кондурду. Көптөн бери ачка тургандыктанбы жоошуп калыптыр. Жулунуп чыр салган жок. Тапка келген бүркүттөй колго омоктуу отурду. Аттын жанына келгенде Карымшак тиги карасур жигитти жайдары жылмая карап: «Эми баатыр, балапан бүркүт экен, бирдемеге жараса жараар, жарабаса жарабас, өзүң деле агытып жибергени жатыпсың, бүркүттү кур алып кетишим болбостур. Жанымда акча- тыйыным да жок. Болбосо чайлык бирдеме берет элем, эми кур калба, мынабу олоңумду чечип берейин, ырым кылып алып кал» деп чаболоңун төнөлүгү менен чечип берди Карымшак.
— Рахмат, жумшак жазы кайыш экен, кур кылып алайын,— жигит култуңдап сүйүнүп калды.
— Ошент, баатыр, ыраазы бол.
— Ыраазымын, ыраазымын.
— Эмесе, кайыр кош, «эки тоо бирикпейт, эки адам биригет» деген, аты-жөнүбүздү сурашып тааныштык. Дагы айтып коёюн, атым Карымшак. Мени айылдагылар Карымшак молдо дешет. Молдолугум деле анчалык эмес. Арапча окугам бала кезимде. Эскиче чала моңол кат билем. Кочкордун Тармал-Сазынан болом. Уругум Азык. Сенин атың Сулайман экен. Ак-Бекеттик өзүктөрдөн болот турбайсыңбы. Буркүт кыраан чыгып калса, сага кабар кылам. Чакырам, болбосо атайы сени издеп айылына бир кайрылып барам. Кантип унутуп калайын, мен да адаммын.
— Кош-кош.
— Кош-кош, аман бол.
Карымшак атына минип, карала балапанды кондуруп жолуна түштү. Карасур жигит чаболоңду оң колуна кармаган боюнча Карымшактын артынан ээрчий карап Байдам-Талдын токоюнда кала берди.
Экөө жакшы ажырашты.
* * *
Карымшак үйүнө келгенде бир коюн союп, айыл арасындагыларга түлөө өткөрдү. Бүркүтүнүн атын «Бир олоң» койду. Мунусу да бир себептен туура ат. Кур алганым уят, ырым болсун деп чаболоңун чечип бербеди беле баягы Байдам-Талдагы жыгаччыга. «Бир олоң» Аты жөнүрөөк болгону менен кыраан бүркүт болду. Ар ким-ар ким: «Молдоке, бул бүркүтүңүздүн атын которуңуз, «Бир олоң» деген ат кантип болсун» дегендерге катыра жооп берип жүрдү Карымшак: «Алп кара куш» коён менен чычкан ала албаса, анын эмне кереги бар. Жетет ушу «Бир олоң» деген ат».«Бир олоң» түлкүнү коёндон оңой алып жүрдү. Кай бир убактарда алган түлкүсүн кырдан ашырып бөктөрүп кетет. Качуу деген караманча оюна келбейт. Бала да. Төрт-беш жылга чейин караласы тараган жок. Кыраан бүркүттөрдүн белгилери ошондой болот. Түлөгөн сайын карала бачайындай кооз болуп келип, качан гана бир барчын болгондо караласы суюлат. «Бир олоң» кийик жаатынан эликтен тартып аркар, тоо эчкиге чейин алды. Качырганын куткарган жок. «Бөрү алгандын тукуму тирилебей түлкү алат» дегендей, канча кылган менен каман алган бүркүттүн балапаны эмес беле. Карышкыр менен түлкү колдогу жеминдей болду.
«Бир олоңдун» бүркүттөрдөн башка дагы бир өзгөчөлүгү — эмнеге болсун томогосун тартып коё бергенде, жер менен жер болуп сызып жөнөчү. Асмандап бийик көтөрүлүп уччу эмес. Башка кыраандардай жогортон тике сайылып куушурулуп кол салчу эмес. Турумтайдай чимирилип жер каймактап сабап жүрүп олтуруп, жердин үстүңкү кыртышына тиер тийбес, тиер тийбестей болуп барып, анан чап этип жабыша түшчү. Мейли карышкыр, мейли түлкү болобу, алар мунун кайдан жетип келгенин билбей калышчу. Качан гана эшик төрдөн жакын кирип келип, анын канатынын шамалдай шуулдаган илеби урунганда билишчү. Ошондо качаарга кабак, кирээрге чуңкур таппай айласы кетип алактап шашып калышчу. Анан «Бир олоң» аяң-буяң, аки-чүкүсүнө карап олтурабы? Бой аягын жыйдырбай, мерчемдүү жеринен капшыра кармап, шыпырып олтура калчу. Алгыр канаттуунун кыраанынын көбү ошондой болот. Ала турганына караанын жашырып барып тиет.
Карымшак кечкисин үйгө кайтаарда «Бир олоңду» бет келди жерге таштап атып жүрө берчү. Бүркүттүн оордугу канчалык. Аны калдактатып көтөрүп, кечки суукта шалпактап жүргөнчө салт бастырса үйүнө эрте келет да. А «Бир олоң» болсо Карымшактан мурун же кийин келип, бирде короосунун кырына, бирде боз үйдүн чамгарагына келип конуп олтуруп алчу. Уя баланын баарынан ушунусу артык да. Торго камалган карт бүркүт болсо балакетти келсинби. Ошондон ары жоголбойбу.
«Бир олоң» мурун үйгө келсе, Карымшак келаткан экен деп билишет үй-бүлөсү, кошуна-колоң, айыл-апасы. Карымшак мурун келсе «Бир олоң» артта тура ал дагы эми удаа келип калат деп турушат.
«Бир олон» кыраан чыккандан кийин томогосуна күмүш чаптырып, эки кыска боосунун учтарына күмүштөн чакан төңөлүк тактырып таштады Карымшак. Буларды колунан көөрү төгүлгөн зерге уста Букарбай жасады. Акысына тебетейлик үч күрөңдүн бирин алды. (Калтардан кийинки жүнү жакшы түлкүлөр үчкө бөлүнөт: ара күрөң, кызыл күрөң, мадыл күрөң болуп). Күмүш боо, күмүш томого «Бир олоңго» ого бетер куп жарашып, көркүнө көрк кошту. Мурун эле сындуу неме ошондон тартып кооз бүркүт болду да калды.
«Ушул бүркүтүмдөн Кудайбарген өөн табар бекен, таппас бекен» деген ой менен аны сынатыш үчүн күндөрдүн биринде «Бир олоңду» кондуруп Кудайбергендикине келди Карымшак. Кудайберген Карымшакты жакшы көрчү: «Ителги, куш, башка алгыр канаттуулардын табын билбейт, анан бүркүткө калганда Карымшак менден жогору десе жогору» дечү. Карымшактын колунан «Бир олоңду» өз колуна алып кондуруп олтуруп:
— Молдо, бул бүркүтүңдө өөн жок, телегейи тегиз келиптир, жалгыз гана бир айыбы — тумшугу кыскараак экен, — деди Кудайберген. Карымшак да туура сөздү сая кетирбей өз учурунда айтып калганды жакшы көргөн киши эле. Токтолгон жок.
— Канжарлуу мурдуңдун учун салаңдатып чымчыктан тартып бүркүткө чейин асылгандан башка сен эл үчүн эмне керекке жарадың? Чолок мурдун быйпыйтып бизди Сарыбай эле бийлеп жатпайбы! — десе болобу.
Канча кылган менен жакшынын иши жакшы да. Кудайберген Карымшактын сөзүнө териккен жок.
— Байбиче, сөзгө жыгылып калдык го, — деп мандай-тескей олтурган чыгдан тараптагы улуу аялы Шаарканды карап борс-борс күлүп койду. Үйдө булардан башка да Кудайбергендин ага-инисинен үч-төрт киши олтурган. Алар Карымшактын сөзүнөн кийин бири-бирин алдыртан кылыйып карап тиктешип калган. Анан Кудайберген тигинтип жылмайган соң баары Карымшактын сөзүн кубаттап кыраан-каткы күлүштү.
* * *
«Бир олоңду» Карымшак үйдө жокто бир күнү баласы Зайнидин алып чыкты. Зайнидин Корумдунун катмар кырларын кыдырып, түлкү жатактарды кагып келаткан. Кечке маал болуп күн сууктап кетти. Жолу болбой бараткан Зайнидин үйгө кайткысы келди. Аңгыча аркы өйүздөн капталдын таштары шыгырап, бир жоон топ аркар үрккөн бойдон кыр аша турган болду. Алысыраак, өтө эле алысыраак. Зайнидин «Бир олоңдун» томогосун тартты. Бүркүт колдон атып кетти. «Бар, тобокел, эмне болсо ошо болсун». Кое берди. Кетти. Кеткенде да капталды капталдай салып, адатынча боору жерге тийчүдөй болуп сызып бараткан. Аркарлар ашкан кырга жакындап аша берерде бүркүттүн оң канаты артына кыйраң эте түшүп, анан андан ары мурунку калынбындай кетти. Зайнидиндин аты тың эле, чуркаганда жер таянбаган жүгүрүмдуү кабелтең болчу. Артынан удаа жетти. Кырга чыга калса аркардын бирин чабуудан көтөрүп жерге урган экен, бычакка келбей жан бериптир. Бүркүт аркарга тийбей, анын жанында акактап солуп турат. Качан Зайнидин жеткенде аркардын үстүнө басып келип конду. Аркардын чабуусу жарылып, бычак менен тилгендей иче-карды эшилип жатат. Зайнидин аркардын жаш этинен бүркүткө анча-мынча чокутуп чала тоют кылып койду да, калганын бөктөрүнүп алып үйдү көздөй салды. Бүркүттү ошол ордуна таштады. Бүркүт Зайнидииден мурун келиптир. Үйдө атасы аны кондуруп олтурган экен. Шып кирип келген Зайнидинге орой көзү менен карады.— Э балам, мунун оң бутунун боосундагы төңөлүгү кана?
— Эмне экен? Жок бекен?
— Бар болсо мени кесип алды деп турасыңбы?
— Бар эле болчу!..
— Акмак. Бүркүт салгандан кетесиңби? Бутундагы боосун карабагандан кийин.
— Бар эле болчу.
— Аркарды алган жерде байкаган жок белең?
— Бар эле болчу. Ошондо эле экөө тең бутунда жүргөн. — Зайнидин калп айтып жатат. Ал жанагы аркардын этинен чокутарда бүркүттү жерден алып колуна кондурган, ошондо эле төңөлүк жок болчу. Аны тиги алактап, аркар алдырганына сүйүнүп жүрүп байкабай калган. Эми атасынан коркуп: «Бар болчу» деп олтурбайбы уялбай.
— Бар болсо анда бүркүт жолдон жолуккан бирөөгө чорт кесип алып, сатып ийген го.
Зайнидин караманча танып мойнуна албай койду. Атасы: «Бүркүт салганды билбегенден кийин мындан ары жанына жолобо» — деп катуу жемелеп таштады.
Таң атканча Зайнидин санааркап чыкты. Акыры байкуш бала жаман акылын бир жерге топтоду окшойт. «Атам мени мындан ары мен жокто бүркүткө жолобосун деп бир бутундагы күмүш төңөлүгүн өзү кесип алган экен. Анткени бүркүт үйгө менден мурун келбедиби. Аны атам кондуруп олтурган тура? Мындан ары бүркүтүнүн жанына жолобосом жолобой эле коем». Эртеси таң заардан Зайнидинди ээрчитип Карымшак кечеки бүркүт салган жерин көргөнү жөнөдү. Кайсы жерден аркарлардын качканын, кайсы кырдан бүркүттү кое бергенин Зайнидин атасына туура көрсөтүп жүрүп олтурду. «Анан тетиги кырды аша берерде бүркүттун он канаты кыңыраңдай түштү эле» деди Зайнидин. Ата-бала ошол кырга келишти. Ал жерден куураган шилбинин дүмүрүн табышты. Аттан түшө калып карашса ошол дүмүрдүн иймейген кыска жаракасынын башында кайыштын бир эли үзүгү менен күмүш төңөлүк жаркырап турат. Төңөлүк баткан чыпалактай иймекей шилби темирден да катуу экен. Мына таң кала турган тамаша. Бүркүт капталдай салып боору менен жер шыпырып учуп баратканда төңөлүк ошол дүмүрдүн жаракасынын учуна тупа-туура тушташ келип илингенин кара. Ошондо да буйдалбастан оң канаты кыңырая түшүп жап-жаңы кайыш боону тарс үзүп, бараткан күүсүнөн жанбай учуп кете берген бүркүттүн күчү эмне деген күч?!
* * *
«Бир олоңду» Карымшак он төрт жыл удаа салды. Бүркүт карууга толду. Он төрт жылдын ичинде «Бир олоңдун» алган карышкыр, түлкүсүнүн териси Карымшакты орто байлыкка жеткирди. Келин алды, кыз узатты. Ошолордун бардык тасмиясы «Бир олоңдун» табылгасы менен бүтүп жатты. Карымшак акыркы он бешинчи жылы «Бир олоңду муздай тунук түлөттү. Анан түлөктө отургандагы семиз этинен басаңдатты.
Кайра кайрып мурунку тап этине келтирди. Ошол жылы күзгү боз кыроодон баштап эрте сала турган болду. «Быйыл камандан да кайра тартпайт, оңуна келсе, аюу, жолборско да чабар кези келди» деп турганда «Бир олоң» болбогон жерден кокусунан өлдү.Карымшак бир күнү кечке маал «Бир олоңду» үйүнөн обочороок кондуруп чыгып, чыргаанын үстүнө жем бергиси келди. Мүнүшкөрлөр бүркүттөрүн тулөткөндөн кийин, салаардын алдында эки-үч күн мурун чыргаа бастырып, жемди ошол чыргаанын үстүндө берет. Алардын бул амалы, бүркүтүм чыргаасына көзүн үйүр алдырсын дегени. Алыстан атасы кыйкырды:
— Зайнидин, чыргаа тарт!
Зайнидин үйдөн чыргааны алып чыгып сүйрөп жөнөдү. Карымшак ат үстүнөн томогосун шыпырып кое берди. «Бир олоңдун» баягы адаты турумтайдай зыпылдап жер менен жер болуп баратат. Бирок чыргаага жеткен жок. Көтөрмө бою чукул калганда тарс эткен катуу үн чыкты. Күү менен келаткан бүркүт маңдайынан бирөө далдап туруп союл менен чапкандай жалп дей түштү. Ары жактан Карымшак чаап келди. Бери жактан жүгүрүп Зайнидин жетти. Чалкасынан түшкөн бүркүт кайра аңтарылып жер кучактап, эки канатын үзүктөй жайып, балт-балт кара кан кузуп жатат. Ата-бала ары-бери ала салдырышты. Болгон жок. Бүркүттүн көздөрү сүзүлүп өлүк сыны кирди. Араңдан зорго оозун бир ачканга жарады. Бүттү, жаны чыгып кетти.
Жер каймактап катуу келатканда музоо аркандай турган кагылуу казыкка төшү менен келип тийген экен. Казыктын башы чорт сыныптыр. Сыягы бүркүттүн да жүрөгү үзүлүп кетсе керек.
«Бир олоңдон» кийин Карымшак бүркүт салган жок.
АРМАНДА КАЛГАН АК КУШ
Кадыркул колуна бүркүт кондурган жок. Ал эми ителги, куш, чүйлү, кыргый, ылаачын, жагалмайдан тартып, турумтайга чейин армансыз эле салды. Бирок, алгыр канаттууларды таптоо жагынан Кочкор боорунда Кудайбергендин алдына чыккан бир да мүнүшкөр болгон эмес. Көбү Кудайбергенден үйрөнгөн. Ошолордун бири — Кадыркул. Айылы алысыраак болгону менен кыргый, куш, ителги салганда Кудайберген экөө бирге жайылышаар эле.
Комузчу Самсаалы менен Кадыркул жаны бирге курбу болчу. Самсаалы комузду Кудайбергенден үйрөнгөн. Анын шыгы комузга жакын экенин билген Кудайберген Самсаалы колуна кыргый кондуруп жүргөнүн көрүп: «Сен, кыргыйды ташта, комуздун артынан түш. Мүнүшкөр боло албайсың. Мүнүшкөрдүн түйшүгү кеп болот. Тоо-тоонун башын кыдырып, салпактап бүркүт кондуруп жүргөнгө сенин жөндөмүң жок, ага чыдай албайсың» деп тыйып койгон. Ошондон кийин Самсаалы анда-санда гана күзгү бөдөнөнүн мезгили келгенде кыргый кондура койбосо, башка алгыр канатууларды колуна албады. Ал эми көп учурда кыргый, куш, ителги салгандарды ээрчип, кызыкка батып, көңүл ачаар эле.
Кадыркул менен жакын курбу болуп калганынын дагы бир себеби, Кадыркулдан дамамат бир жакшы жорго үзүлчү эмес. Самсаалы жорго салдырганда ээрдин үстүндө ары-бери кыйшалактай берип жоргонун күчүн кетирбей, каккан казыктай бепбекем, жарашыктуу, түп-түз олтуруп, тизгинди туура башкара билип, жоргосун жаздырбай алып жүргөнгө өтө чебер адам болгон. Көп мелдештерде Кадыркулдун нечен жорголорун салдырып, байге алып берген Самсаалы.
Бир күнү Самсаалы менен Кадыркул куш жайышып талаага чыгышты. Кадыркулдун чоңунан келген ак кушу бар эле. Күздөн тартып, кыш бою салып жүрүп, тоодактан башка илбесинди көп алдырды. Ал күнү да алдынан качкан коенду, барпырап учкан кекилик, чилдин тобунан бирин-экисин куткарышкан жок. Үйлөрүнө жакындаганда иттин өлүгүнүн тарпында олтурган кузгунду көрүп куш Кадыркулдун колунан талпынып улам темине берди. Самсаалы Кадыркулга минтип айтты:
— Имере тартып келип урсаңчы.
— Жок, болбойт.
— Эмне үчүн?
— Кузгундун тумшугу жаман, эки миздүү шаптан да курчтук кылат! Кокус кушту алкымдан тартса мууздап салбайбы?
— Мууздабай кара жерге кирсин. Ал камданганча бул баштап салбайбы. Куш көңүлдөнүп турат. Шилтесеңчи? !
Ошол учурда куш ого бетер ыкшып кайра-кайра талпынып «кое бер колумду» дегендей мушташкан кишиче жулунуп-жулкунуп жатты. Кадыркул да көңүлдөнүп кузгунга жакындап айланып келип кушту шилтеп калды. Кузгун ордунан типтик көтөрүлө бергенде куш шак жетип, анын бооруна тырмак матырып тегереткен бойдон бакыртып жерге алып түштү. Кадыркул да, Самсаалы да ат үстүнөн кулашып, будалашып жаткан кузгун менен кушка жетишти. Куш эчак эле кузгундун башын мыкчый кармап, бир колу менен эки балтырын бириктире бекем кысып турган экен. Кузгундун Кадыркул айткан шаптан курч тумшугу кушту кекиртектен мууздамак мындай турсун, асты-үстү бири-бирине кабыштыра кармалып, уурттарынан кан чууруп, оозун ачууга чамасы келбей калыптыр. Курк этерге кудурети жок. Жан соогалап, тула боюнан каруусу качып, кош канатын солгун чапкылап, жүрөгү болк этип кабынан жарылып, дени өлүп жанынан коштошуп бараткан тулкусу дирт-дирт этип, шайманы бошогондон бошой берди. Шамдагай куш анын абалына боору ачымакпы. Жоо менен кармашканда көз ирмем убакыт текке кетпейт эмеспи, тигилер келгенче, албарстай курч, ороктой иймеккей тумшугун мууздоодогу жумшак алкымга эки-үч кайталап матырып-матырып кузгундун кекиртегинен кан алып жиберген экен. Моюндун күрөө тамыры үзүлүп даңгыл жерге жылуу кара кочкул кан жая-жая берип жатыптыр. Кузгун былк эткен сайын куш болоттой курч, ийнедей өткүр тырмактарын күчүнүн бардыгынча тереңирээк жиберип кыса-кыса мыкчып, үстөккө-босток ныкып-ныкып жатты.
Кадыркул менен Самсаалы кузгундун төш этин жарып, кушту жылуу кандуу жаш этке тоютун кандыра тойгузуп коюшту. Куштун кузгунду чымчыкча көрбөй чаңыртып алганына кубанышып, бул куш тоодак алчудан экен го деген чоң үмүттө болуп калышты. Андан кийинки күндөрдө да бул кушка кузгун, коен, өрдөк, кыргоол алдырып жүрүштү, бирок тоодакка көрсөтө алышкан жок.
Бир күнү экөө акылдашып кушту Кудайбергенге алпарып сынатууну туура табышты. Канча кылган менен Кудайберген булардын устаты. Жалаң эле устаты болбостон мүнүшкөрлүгү жагынан да көп артыкчылык кыларын булар билет эмеспи. Кудайбергендин алдына бүркүтчүлөр, ителгичилер, кушчулар нечен келип, кондурган алгырларын сындатканда, айтканы айткандай, дегени дегендей болгонун бул экөө кулагы менен гана укпастан, көздөрү менен да көрүшүп, анын билгичтигине нечен жолу таң калышкан. Канаттууга калганда Кудайбергендин жумур баштууда жок айтып берчүсү бардай бөтөнчө «олуя» экендигине суктанып жүрүшчү.
«Бул бүркүтүң түлкүдөн башкага жарабайт, чоңго алы жетпейт. Түлкүгө да бир жумада бир, же эки көрсөт, көп салсаң түлкүдөн да чыгарып аласың. Анан коен уулап каласың. Коенду куш эмес жакшы чүйлү деле алат. Анан сен колтойгон бүркүттү калдактатып кондуруп, коён уулап жүрсөң эл-журтка уят болбойсуңбу. Андан көрө боосун чечип, томогосун шыпырып агытып жибергениң жакшы. Эптеп бечара талаа-түздөн жемин таап, оокатын кылып жанын багып кетсин» деп койчу. Дагы башка бүркүт алып келгендер болсо колуна кондуруп сылап-сыйпап туруп, бүркүттүн өлчөөсүнө жараша «Бул бүркүттүн табын билсең — кыраан. Карышкырды да, каманды да алат. Кеп өзүңдө. Таптап салышын билет» дээр эле. Тоодак алчу куш, ителгилерди көрсө: «Коен, кекилик, чил, өрдөк, кыргоол, таан-паандан башкага жарабайт» деп так кесер сүйлөп койчу. «Кудайберген олуя дейсиңби, ал менден артык бекен» деп куш, ителги, бүркүттөрүн алы жетпегендерге салышып өлтүртүп алган начар мүнүшкөрлөрдүн далайы болгон.
* * *
Самсаалы менен Кадыркул боз кушту кондуруп Кудайбергендикине келип түшүштү. Кудайберген ошол күнү үйүндө эле. Кире бериште боз үйдүн оң босогосунан өйдөрөөк капшытта бир кызыл-чаар, ак көз, кызыл куш туурунда олтурган экен. Туурдун алдында жүндүү кара талпак түгүнөн жайылган. Куш талпынганда талпактын бетине барып түшүп, талпактын уйпаланган жумшак коюу тыбытчаларын чала-була тытмалап кайра туурга секирип конот да, канат-куйругун шалдырата күбүп, тумшугу менен өз ордуна туура келбей чыгып калган майда жүндөрүн калыбына келтире коет. Кудайберген тиги салам айтып удаа кирип келген Самсаалы менен Кадыркулду көрүп кырданган калыбынан өйдө обдула: «Келгиле, балдар, тигиндей өткүлө» деп үйдүн аркы капшытын көрсөттү. Кадыркулдун колундагы далдайган ак куш Кудайбергендин туурдагы кызыл кушун көргөндө ошого карата анда-санда жулунуп талпына берди. Кадыркул кушун кайра-кайра серпип, жемсөсүнөн жөлөп тынчыта албай алек болуп жатты. Аны көргөн кызыл куш «албууттанган акмак неме экен, ушуга теңелмек белем» дегенчелик кылдыбы, өз туурунда коймаарек тартып, ок саадактуу токтоо өңдөнгөнсүп,
көшүлүп олтуруп калды. Бир аз тынымдан кийин Кудайбергендин аялы заңкайта оролгон ак элечеги менен эңкейип ийилген болуп боз үйдүн эшигин чоң ачып, шалп эттирип кайра таштап кирип келди. Кудайберген аялын карап:— Бүбү, бул кайнилериңе чай алып кел, — деп ишаарат кылды. Көп кечикпей чай да келди.
Самсаалы менен Кадыркул чай ичкенче Кудайберген боз кушту өз колуна алып канат-куйругун сылап-сыйпап кондуруп олтурду. Ортодо көп сөздөр сүйлөндү. Дасторкон жыйналгандан кийин Кадыркул, Самсаалыдан мурун Кудайберген кеп баштады:
— И, келипсиңер, мырзалар?
— Куке, ушул кушту сизге сынатып алалы деп алып келдик. Тоодакка жарай алабы, жокпу деген ойдобуз?
— Буга чейин чоң илбесинге көрсөтүп көрдүңөрбү?
— Эки-үч жолу кузгун алдырдык.
— Кузгунду онуна келсе куш эмес чүйлү да алат. Жапан казга салдыңарбы?
— Жок.
— Аңыргачы?
— Жок.
— Аңыр менен жапан каз алган куш тоодакты оңой эле алып коет.
— Ал кандай? Алар тоодактан күчтүүбү?
— Кеп кичине-чоңунда, күчтүүлүгүндө эмес. Аңыр топтоп болуп жүрөт. Уя салаарына жакындаганда экиден боло калат. Жапан каздар да ошондой. Кокус топ-топ болуп жүргөн жапан казга кушуңду шилтеп калсаң, куш бирин илип алып олтура калганда, калганы тобун жазбай имерилип келип сен жеткенче канаттары менен чапкылап кушту өлтүрүп ташташат. Ал эми эки аңырдын бирөөнү куш алса экинчиси айланып үстүнө түшө калат да, экөөлөп кушту сабап өлтүрүп жиберишет. Аңырдан канаттары менен чапкакы балбан кишинин алаканынан да катуу тиет. Ошолорго моюн бербеген куш тоодак алат.
Кадыркул менен Самсаалы мындай окуяны биринчи угушуп Кудайбергендин оозун аңырайып таңыркап карап калышты. Кудайберген болсо башынан өткөндөрүн айтып жаткан. Акырында Кудайберген колунда кондуруп олтурган боз кушту карап сүйлөп, сынынын жыйынтыгын чыгарды:
— Тоодак алчу куш коен алганда, барганыңча өлтүрүп коет. Карышкыр алчу бүркүт да ошондой болот. Түлкү алганда, ажыратканыңча ал да өлтүрүп таштайт. Бул куш тоодак албаса, анда мындан башка куштар тоодак албайт. Мунун теңиндей болгон тетиги момпоюп олтурган менин кушум да тоодакчыл. Көп алдырдым. Бул кушта кыраан куштардын көп белгилери бар экен. Он эки кашка куйруктун он экисине тең жейрен туяктын наары түшкөн. (Кыраан болчу куштардын он эки кашка куйругунун үстүнө кадимкидей жейрендин ача тегерек туяктарындай кара тактардын белгиси түшүп калат). Куйруктун учтары менен канаттын чалгындарынын учтары тепетең. Көздөрү бүркүттүкүндөй туптунук. Кап-кайдагыны көрөт. Буту-колунда, тумшугунда айып жок. Жүндөрү үкүнүкүндөй уяң эмес, кайраттуу. Өзү эркек куш экен. Далылуу, балбан. Тегерек, туурасы жоон. Канаттуунун субагайы, узунураагы ургаачы болот. Тоголок келип тууралжын болсо эркек болот.
Куштун устатынын мактаганына кубанып, Кадыркулдун бүткөн бою дүүлүгүп, жүрөгү түрсүлдөп алеп-желеп болуп эки бети жарылып кетчү анардай кызарып, ичи оттуу жалынга айланып жалбырттагандын үстүнө жалбырттап өрттөнүп баратты. Төбөсүнөн бучкактарына чейин ысып-күйүп, албырган беттери менен кашкайган маңдайынан тартып тула боюн сүйүнүчтүн ымшыган тери басты. Самсаалы балдырап тили келегейирээк киши эле, анда-санда кепке аралашкан болуп, Кудайбергендин оозунан чыккан сөзгө кунт коюп назарын төшөп, зор ыкласын салып угуп олтурду. Анан Кудайберген колундагы кушту Кадыркулдун өзүнө берип жатып бул сөздөрүн кошумчалады:
— Тоодакка быйыл салбагыла. Түлөтүп туруп келерки жылы көрсөткүлө. Эгер быйыл салсаңар бул кушуңар андан кийин түбөлүк тоодакты карабайт. Кийинки жылдарда тоодак эмес аңыр, жапан каздарга да көңүлү чаппай калат. Ушул сөздү унутпагыла! ..
— Жарайт-жарайт, Куке, — дешип Самсаалы менен Кадыркул Кудайбергендикинен шаша-буша аттанып жөнөп кетишти. «Эмне үчүн быйыл салса тоодак ала албайт?» Бул суроону кайрылып бере алышкан жок.
Кудайбергендин билгичтигине, бөтөнчө канаттууга калганда көзү ачыктай сынчылыгына, анын ичине кирип чыккандай айтып тургандыгына, айрыкча айтканы айткандай, дегени дегендей келгендигине таң калышып, бул экөөнүн кеби-сөзү түгөнбөй чечекейи чеч. Жолду-жолдото Кудайбергенди биринин оозунан бири жулуп алышып, анын жакшы мүнөздөрүн ого бетер күчөтө-күчөтө, ого бетер жерине жеткире макташып жүрүп олтурушту.
Бечелдин жалгыз бейитинен өтүп, Ортоктун тоосун карай төш таянган катар-катар тизилген желээ дөбөлөргө жакындаганда куш ормоңдой баштады. Колдон түшө каччуудай жулунуп, улам артка силкип кондурганга карабай, бирдеме көргөн немече колго токтободу. Кайта-кайта кагынып-теминип, Кадыркулду убара кыла берди. Ал алаар илбесинин, же качкан коен-поенду көргөндө ушинтип жулуна берме адаты бар эле. Самсаалы тизгинин жыйып: «Токточу, алдагы бирдемени көрсө керек. Абайлап эки жакты тегерете карап көрөлү» деп тиги жулунган куш менен алек болуп келаткан Кадыркулду карады. Аңгыча экөө тең көрүп «аа» дешти.
Эмнеге эле мынча жулунуп калды десе?! Алар абайлаган эмес экен, куш эчак эле көрүптүр, ортоңку желээ дөбөнүн шилисиндеги боздо бир жорго тоодак журөт. (Жорго тоодак деген да тоодактын бир түрү. Топ тоодактарга кошулбайт. Көбүнчө жалгыздап, кээде экиден боло калат). Көрсө куш баятан бери жанын таштап ошону көрө калып, урунуп-беринип жаткан тура. Тоодак анчалык алыс эмес, Көптөн бери ошол желээ дөбөлөрдү байыр алып, жалгыздап оттоп жүргөн көрүнөт. Беркилерден шектенип анчалык качыңкырабады. Аны көргөн куш колдогу жеминдей ого бетер ыкшып, улам-улам ылдый куланып Кадыркулдун колуна токтобой жулунгандын үстүнө жулуна берди. Бир кезде Самсаалы куштун ышкысын көрүп чыдабай кетти көрүнөт:
— Кое берсеңчи, тимеле колуна өлүп бергени турат, — деди.
— Кой, кудай урган, балдыраба. Кукем быйыл салбагыла дебедиби.
— Ээ... Кукең айта бербейби. Алдагы куш тим эле тигини чымчыктай көрбөй турат го?
— Э, кой, салбайм!
— Салбасаң мага берчи, мен салайын? Аны жөн эле бөдөнөдөй илип алган турат.
— Кой-кой-кой! ..
— Э, берчи?!
— Кой дейм! Жинди болуп турасыңбы? Ушу экөөбүз Кудайбергенден кыйын билебизби?!
— Ой, куш өзү жалынып-жалбарып жатпайбы. «Кое бергиле колумду» деп.
— Быйыл салсаңар эмдиги жылы албайт дебедиби.
— «Быйыл да алам, эмдиги жылы да алам» деп жулунуп жатат. Сен куштун оюн билбей жатасың.
Кадыркул менен Самсаалы далайга чейин тартышты. Акыры Кадыркул тажап кетти окшойт. «Э, мечи! Мен салбайм, салсаң сен сал» деп кушту Самсаалыга кармата берди. Самсаалы: «Алдагы карагер жоргоңду кошо бер, менин атым ыкшоорок, карагер жорго өкүм. Тоодакка куш менен кошо барып бир тием» деди. Кадыркул карагер жоргосунан да түшүп берди. Самсаалы кушту кондуруп тоодакты имере тартып алдын тороп жөнөдү. Кушту тоодакка көрсөтпөй аттын оң капталына далдалап, өзү оодарыла ошо жагына кыйшая тартып баратты. Кадыркул тоодакты алаксытып колуна жем салган куш баштыгын колуна кушча кондурган болуп анын ылдый жагы менен кыйгач бастырды.
Тоодак ары-бери жорголоп канат күүлөп тигилерден шек ала баштады. Бир кезде көтөрүлүп уча турган болду. Дал ошол учурда туура тушуна жакындай түшкөн Самсаалы эки согончогу менен карагер жоргонун такыр колтуктарын ыкып койду эле жорго атып кетти, Тоодак да жерден далбалактап көтөрүлө баштады. Антип-минтип тоодак күүлөнгөнчө шамдагай куш тоодакты далдайган төштөн кучактап келип чалкасынан салып жерге көтөрүп урду. Тоодак бош калган кош канаттары менен кушту эки-үч жолу чапкылагандай болду. Куш башын калкалап тоодактын бир жаккы колтугуна катты. Көкүрөккө жабышкан эки колунун бирин бошотуп тоодакты таштайын дегенчелик кылды эле, ага куштун ою келген менен чамасы келбеди. Тоодак чалгын канаттарынын күчүнө салып, куштун эки жаккы капталын чапкылап мөңкүгөндөн мөңкүй берди.
Самсаалы карагер жоргону учурган бойдон келип, тоодак менен куштун жанына кулап түштү. Жоргонун тизгинин кое берип, тоодактын тиги далбактап жаткан эки канатынын биринин мүрүнө колунун учу жуп жетерде, тоодак «барр-р» деп учуп алып кете берди. Куш бүткөн боюн силкинген болуп, ордунда окуюп олтурган бойдон калды. Ар жактан бакырып-өкүрүп, кокуй-алатын кошо айтып Кадыркул чаап келип түштү.
— Деги куш аманбы?
— Аман.
— Кокуй-кокуй, катыгүн, салбай эле коелу десе. Мына сен ушуну кылмаксың! Эми элдин бетин кантип карайбыз. Эми журттун бетин кантип карайбыз?! Эми Кукеме эмне жооп айтабыз?!. .
Самсаалыда кулда кулак, кыңк эткен үн жок. Бир кушту карайт, бир жерди карайт. Асанкайгы, көр жемечи Кадыркул Самсаалы байкушту кокуй алатын айтып олтуруп жеп салды.
Көрсө куш деле өлбөптүр. Тоодак деле аны канаттары менен чаап кыйратпаптыр. Чоңунан келген балбан куш ага тоотобу? Кадыркул кушту тоодак өлтүрө чаап кеткен экен деп бакырган экен. Андай эмес. Кышты кыштай коен, башка илбесиндерге көп салынып жүрүп куштун курч тырмактары мултуюп түгөнүп калган. Качан гана куш тоодактын төшүнө жабыша жерге көтөрүп келип урганда жедеп курчу түгөнүп калган тырмактарынын мултуйган учтары, анын кабатталган опойгон калың коюу жүндөрүнүн арасынан тереңдеп өтпөй, тоодактын эти менен терисине матыра кирип, батыра салынбай калган тура. Эти оорубаган соң тоодак жулунган топ жүнүнө карайбы? Алкынып-жулкунуп, мөнкүчүктөп- тоңкочуктап Самсаалы жеткенче куштун колунан бошонуп кете бериптир. Куш тигинин жүндөрүн топондой уучтаган бойдон ордунда жалдырап олтуруп калган тура.
Кадыркул менен Самсаалы кушун кондуруп жолго чыкканда өзүлөрүнчө чолок акылга келишти:
— Эми муну Кудайбергенге билгизбейли. Тоодакка салдык деген сөз ким-кимибиздин болсун оозубуздан чыкпасын. Кудайберген эмес, жан кишиге угузбайлык. Экөөбүздөн башка алдыбызда бараткан эки ат менен ак куш гана билсин. Келерки жылы түлөгөндөн кийин кушту эч бир илбесинге көрсөтпөй туруп Кудайбергенге алып баралы. Сен кандай дейсиң? Ушул эле туура го? — дешип экөө макулдашты. Убаданы бек кылышты.
* * *
Ак кушту Кадыркул муздай тунук түлөттү. Бир күнү Кадыркулдукуна Самсаалы комузчу да келди. Экөө кушту кондурушуп Кудайбергендин айылын бет алып жөнөштү. Кудайберген үйүндө экен. Кушу үйдүн оң капшытындагы өз туурунда олтурат. Бир аз учурашып жайланышкандан кийин Кадыркул сөз баштады:— Мына, Куке, баягы боз куш. Түлөткөнүмдө өөн жок го. Жапанындай эле болду го деп ойлойм. Кайрып тапка келтире элекмин. Бүгүн гана колго алып Самсаалы экөөбүз сизге көрсөтөлүчү деп үйдөн бастырдык. Былтыркы сиз айткан боюнча тоодакка салган жокпуз. Ошондон кийин бир аз күнү коен-поенго салып, анан түлөккө олтургузгам. Быйыл тоодакты кекилик, чилдей алат го деген үмүтүм бар. Эми сиз кандай дейсиз, байкап көрүңүз?
Кудайберген муруттары бириндеп, өңү бузула баштады. Бакырайган көздөрүн чанагынан чыгарып Кадыркул менен Самсаалынын чекесине кадады эле, алардын шилисине чыга түшкөндөй болду, Булардын алдында дагы бирөөлөр менен урушуп, ызырынган ачуусу жазылбай турган кишиден бетер бууракандап кирди:
— Калпты кимге айтып жатасыңар?! Былжыраган эки акмак! Тур, бастыргыла! Жолуңарга түшүп жөнөгүлө! «Тоодакка көрсөткөн жокпуз» деп... Мен ошого ишенемби? Алдагы куш өзү айтып жатпайбы! «Тоодакка салышкан, мен токтото албай калгам» деп. Балким ошол күнү биздин үйдөн кетип баратып салсаңар керек. Былтыр тиги туурда олтурган менин кушумду колундагы белен жемдей көрүп, улам ыкыс берип турган. Азыр кушуңар кайра тигинден коркуп, момурап олтурат. Чоңдон көңүлү калып калган да. Былтыр тоодакка салбагыла дегеним — буттарындагы курч тырмактардын учтары түгөнүп, кишинин колундай болуп турган. Ошол тырмактар кантип тоодактын калың жүнүнөн өтүп, терисин тепчип этине батсын. Опойгон жүндү уучтап олтуруп калды да кайран неме. Мына быйыл салсаңар алмак. Жакшы түлөптүр. Тырмактары жапан куштукундай ийнече сайылып турат. Болду эми мындан ары чоңго барбайт. Баягы көнүп калган коен, кекилик, чилиңерге сала бергиле. «Арманда калган ак куш» деген ушул.
Кадыркул менен Самсаалы калпын карматып кайра жолуна түшүштү. Кудайбергендин үйүнөн кеткенче шашышты. Ал экөө Кудайбергендин жемесине теригишпеди. Анткени, экөө тең Кудайбергенден бала кезинен баштап тарбия көрүп калган немелер. Бирөө комуз боюнча (Самсаалы) бирөө мүнүшкөрлүк боюнча (Кадыркул) шакирттери.
#9 20 December 2015 - 07:32
«ТОПОЛОҢ»
Каракол жайлоосун өрдөп, андан ары Суусамыр ашып кеткен даңгыраган кара жолдун аяк-башы түгөнбөй, узун тасмадай чубала берет. Ачуусу келсе айгыр агызган Караколдун албуут суусун ошол жол бир гана көпүрө аркылуу аттап өтөт. Ал көпүрө Каракол капчыгайынын күн чыгыш тарабына салынган. Мурунку жылдарда жаз чыгаары менен көпүрөнүн кулагына бирин-экин майда чатырлар пайда боло калчу. Кийин тааныша келгенде алар тээ-тиги ичкериден келген ар түрдүү кесиптеги адамдар болуп чыкты. Бирөө суу ченесе, бирөө тоо аралап, кум шилейт, таш талкалап, зоолордун түбүн чукулайт. Бирөө көпөлөк, чычкан кармаса, экинчиси кашкулак менен суур аңдыйт. Аларды жергиликтүү калк кесибине жараша аташат. «Чычканчы төрө», «Көпөлөкчү төрө», «Суучу төрө», «Ташчы төрө».
Бир күнү Кудайберген ошол чатырлардын жанынан өтүп баратып, орус кыяктын (гармон) зыңылдаган унун укту да, ат тизгинин тартып, бир азга кулак түрө калды. Аңгыча келтек куйрук, барак жүн, эки уурту эки жагына салаңдаган үксөйгөн сары машке тигил топ чатырдын бирөөнөн жүгүрүп чыгып, Кудайбергенди көздөй барсылдап үрүп жөнөбөспү. Артынан өзүнө окшош томураңдаган эки сары күчүгү биринен-бири өтүп жарыша чуркап келатышат. Сары машке жаман иттерче атчан кишиге анчалык айыгышып асылган жок. Кудайберген бастыра бергенде кайра артына бурулду. Эки күчүк бирин-бири жыгыша албаган майда балдардан бетер, узун чыккан шиберди уйпалашып, ошол жерде ооналактап ойноп калышты.
Кудайбергендин айылы көпүрөдөн анчалык алыс эмес болучу, ашып кетсе тай чабымдай, «Бурчуктун оозундагы» секи конушунда. Эртеси күнү Кудайберген ошол чатырдагы бейтааныш адамдарды бүт конокко чакырды. Кабарчы болуп бараткан балага «кыягын ала келишсин» деп эскертип койду. Коноктор аттуу-жөөлүү болуп, бат эле жетип келишти. Козу союлган. Казанда табактай куйругу үстүндө көмкөрүлүп, баглан козунун семиз эти боркулдап кайнап жатат. Коноктордун алдындагы кооз сыр чөйчөктөр бөксөргөн сайын бал татыган жазгы ууз кымыз үстү-үстүнө куюлуп, улам толукталып турду. Булар менен кантип тил табышып сүйлөшөөр экемин деп кечетен бери бушайман болуп олтурган Кудайберген, алардын аз болсо да ногойчо (татарча) сүйлөшкөнүнө кубанып калды. Анан ал конокторуна суроо таштады:
— Кыякты кимиңер тартасыңар?
— Мен, — деди төргө жакын олтурган, отуздун аркы-беркисиндеги, коңкойгон мурун, сулууча жигит.
— Билсең тартчы? — Кудайберген аны тиктеп калды. Жигит керегенин түбүнө жөлөп койгон кыягын кабынан сууруп чыкты да, сызма боосун оң каруусуна илип алып, созолонто баштады. Ал күүсүнүн аягына чыгып, токтолуп калганда, баятан бери эки көзүнүн карегин анын манжаларына кадап олтурган Кудайберген кыякты шып колуна алды. Ары-бери кармалап, аржак-бержагына көз жүгүртүп турду да, анан тиги ак саргыл жигиттин азыркы эле тартып бүткөн күүсүн таптак, дал өзүндөй келтирип тартты. Отургандар бири-бирин тиктеше түштү. Өмүрүндө орус кыякты көрбөгөн адамдын зээндүүлүгүнө алар тан калышты окшойт.
Үй ичи бир аз тынч ала түшүп, казанда кайнаган жаш шорпонун боркулдаган гана дабышы угулуп турду. Чыгдандан жогорку жабыкта катары менен тизилген комуздардан, анын ылдый жагындагы курсагы чедирейген жыңалач баладай эки кулагын эки жакка делдейткен кыл-кыяктан бейтааныш коноктордун көздөрү өтүп турганын баятан бери байкап олтурган Кудайберген алардын моокуму канганча түркүн-түркүн күүлөргө салып кыягын да тартып, комузун да чертип берди. Ошол күндөн баштап ортодо достук байланыш чырмалышып, өз ара карым-катыш, жакшы мамилелер боло баштады.
— Мындан ары тааныш болуп жүрөлү, — деди жанагы кыяк тарткан жигит, — менин аты-жөнүм, — Воробьев Иван Михайлович.
Кудайберген ичи жылып, ыраазы болгондой башын ийкеди. А тиги жигит да карыя жөнүндө билгиси келди окшойт, Кудайбергенди суроолуу көз менен ийиле карады.
— Менин атамдын аты Үркүнчү, өзүмдүн атым Кудайберген.
— Эң жакшы, — Воробьев башын ылаалаган жылкыдай өйдө-ылдый ийкегилеп койду. Анан экөө орундарынан обдулушуп, кол алыша кетишти: «Дос», «дос».
Алар көчөөргө жакындаганда экинчи жолу да коноктоп, Воробьевге бир жакшы комузун тартуулады Кудайберген. Воробьев ага кыягын эстеликке калтырды. Анан Кудайбергендин тиги сары машкенин күчүктөрүнө көзү түшүп турганын байкашты окшойт, эки күчүктүн бирөөнү берип кетишти.
Бир жерге токтобой ары-бери тополондоп жүгүрүп жүргөнүн байкаган Кудайберген күчүктүн атын Тополоң коюп алды. Тополоң жытчыл болду. Эмнени аткар, десе, баарына аракеттенип, элпек болуп көрүндү.
Кудайберген ителги, куш салып, чоочун айылдардын жанынан өтүп баратканда, айылдын иттери мурунтан бери өчү бардай жабалакташып, көптөп талап кетээрде Тополоң эркелеткен жаш баласынан бетер шак секирип, Кудайбергендин артына учкаша калат да, алдыңкы эки колун анын эки ийнине арта салып, тиги каңкылдап үргөн иттерди шылдыңдагандай алды-кийнин, ары жак-бери жагына каранып коюп кете берет. Жабалактаган акылсыз жаман иттер оозунан алдыргандай ыза болушат да, кайра үйлөрүн көздөй куңкулдап үрүшүп, бирин-бири ээрчишкен бойдон желип-жортуп кете беришет. Анан айылдан алыс узаганда Тополоң топ деп жерге секирип түшүп, мурунку калыбында шапылдап жөнөйт.
Кудайбергендин баласы Күмөн эртели-кеч кудуктан ат сугарганда же чаканын кулагынан тиштетип, же аттын чылбырын Тополоңго берип коет. Кокус Кудайбергендин үй-бүлөсүнөн кудукка барчуларынын ыгы жок болуп калса, атты Тополоңдон жетелетип жиберишет. Качан гапа кудукка келгендердин бирөө сугарып бермейин ошол жерде кезек кутуп, аттын чылбырын тиштеген бойдон кыңшылап тура берет. Буга ат да, Тополоң да кенгөн, Ал түгүл Кудайберген бир жакка аттанаарда «Ээр токумду алып чык» деп үй жагына кол шилтеп койсо, мамыдагы байлануу турган аттын жанына ичмектерин, тердигин, желдигин, ээрин, басмайыл-көрпөсүнө чейин улам бирин тиштеп сүйрөгөн бойдон ташый берчү. Кудайберген атка минип бастырганда арткы эки буту менен чокчоюп тике олтура калып андан көзүн албай карап турат. «Жүр» деп белги берип койсо, ээрчип жөнөйт. «Үйдө кал» деп колун артына жаңсаса үйдө калат.
Тополоңдун тушунда кой-козу уурдаган айылдын шүмшүк уурулары оокат кыла албай калышты. Койгон жеринен да, сойгон жеринен да жазбай сууруп чыгат. Ителги, куш салып жүрүп, макиси же курун Тополоңго көргөзбөй далай жолу кокту-колотко калтырып келчү Кудайберген. Үйгө келгенде колун жаңдап, талаада унут калганын түшүндүргөндө, Тополоң аны кайра издеп-таап, келип берчү. Баарынан да эл быкбырдай кайнаган аш-тойлордогусу кызык. Кудайберген атынан түшүп, чылбырын ыргытып койсо, шак илип алып, ошончо элди аралап, адашпастан артынан калбай атты жетелеп жүрө берчү. Кокус «ушундай кармап тур» деп бир жерди көрсөтүп койсо, качан гана Кудайберген өзү келмейинче, каккан казыктай бир ордунан козголбой тура берчү.
* * *
Кийинки жылдардын биринде Воробьевдердин кошуну баягы көпүрөнүн кулагындагы журтуна келип, чатырларын тигишти. Андан он чакты күн мурунураак Кудайбергендики көчүп келип, «Бучуктун оозундагы» секи конушуна конгон. Бир күнү Кудайберген Воробьевдерди конокко чакырды. Жай мезгили. Күн улуу шашке. Эл үйдөн обочороок, жайкалган көк шибери бар, түзөңүрөөк келген дөбөчөнүн үстүндө улам түгөнгөн сайын үйдөн кызыл чанач менен кымыз ташышып ичип олтурушкан.
Сөз арасында Воробьев Кудайбергенден баягы өзү берип кеткен машкенин күчүгү жөнүндө сурап калды. Кудайберген анын акылдуу, эмнеге болсо жөндөмдүү, адамча эле сүйлөбөгөнү болбосо, андан башканын баарын түшүнгөн эстүү машке болгонун айтып олтурду. Ошол учурда Тополоң үйдүн далдасындагы көлөкөдө уктап жаткан. Баятан бери бул жерге ар кайсы айылдан бириндеп келген элдин саны бир топ болуп калды. Кудайберген ошол топ элге бир кызык иш баштачудай болуп, алардын баш кийимдерин чогултуп алды да, чок ортого чөмөлөдөй үйдүрүп койду. Уй мүйүз тартып катарлаш олтургандардын баары чачтарын алдырган баштанып, кулактарын делдейткен бойдон жыңалбаш соксоюп калышты. Анан Кудайберген үй жакты карап үн чыгарды: «Тополоң, Тополоң». Тополоң жүгүргөн бойдон келип, Кудайбергендин жанына куйругун шыйпактатып тура калды. Кудайберген «ээси-ээсине таратып бер» дегенчелик кылып, ортодо үйүлүп жаткан баш кийимдерди көргөздү. Тополоң Кудайбергендин оң колтугунда олтурган кишини жыттады да, анын калпагын тиги үймөктүн арасынан сууруп чыгып, алдына алып келип таштап койду. Анан андан аркысын жыттап аныкын анан андан кийинкисин,
ошентип олтуруп бириникин да жаңылыштырбай баарыныкын текши таратып бүттү. Анан Кудайбергендин жанына келип, тиктеп тура калды. Кудайберген үйдү көрсөтүп кол шилтеп койду. Тополоң үй жакка басып кетти.Кудайберген ошол жерде олтургандарга Тополоңдун мындан башка жоруктарын төкпөй-чачпай айтып берди. Воробьев Кудайбергендин Тополоңду ушундай акылдуу кылып үйрөткөн чеберчилигине суктанып олтурду.
АК ИТЕЛГИ
Бул окуя согуш жылдарында болду. 1943-жыл. Тамак-аш тартыш. Тоо койнунда жашаган калктын көбү бирин-экин майда жандыктарынын токту, чебичине чейин саашып, ак менен оокат кылышат, дан аттуу чанда биринде болбосо, көпчүлүгүндө жок. Боорун жерден жаңы көтөрүп баскан беш-алты жаштагы балдардан тартып, өбөктөп жылган жөтөлчөөк кары-картаң абышка-кемпирлерге чейин талаадагы эгин айдалган аңыздардын бетинен чымчыктарча бирден дан теришет. Керээли-кечке араңдан зорго дегенде бир чөйчөк арпанын данын чогултса жакшы, чогулта алышпаса жок. Дал ушундай эл башына кыйынчылык түшүп турган күндөрдүн биринде Кочкордун «Туз» шахтасында жашоочу Мамбетбай карыя бир чоң ак ителги кармады. Өзү мүнүшкөр болбогондон кийин эмне кылаар айласын таппай турганда Кочкордун көкүрөк жагы Каракол, Сөөктөн келгендер айтат: «Биздин элде Кадыркул деген ителгичи бар, муну көрсө минген атын да берет».
Аны уккан Мамбетбай үйүнө тынч жата албай, баш билги кара уюн токунуп алып, ителгисин кондурган бойдон Каракол, Сөөктү көздөй сызды. Кадыркулдун үйүн иликтеп келсе, ал киши үйүндө жок экен. Байбичеси Эзилкан Мамбетбай эшигин ачып баш багаары менен арылдап беттен алды: «Катыгүн, каяктан жетип келдиң, көзгө көрүнбөй жогол, кет!.. Алдыгыңды абышкам көрсө балдарым мурдуна жыт кылып турган талканынан ажыратып коет!..»
Мамбетбайдын издегени да ошол — талкан. Анын да ачарчылыкта кайышып, тишинин кирин соруп турган төрт-беш жаш баласы бар болчу. Байбиченин жаалына чыдабаган Мамбетбай эшикке жылып чыкты да, Кадыркулдун кайда кеткенин кошуналарынан сураштырды. Коңшулары ал кишинин чукул арада келерин айтып беришти. Аңгыча Мамбетбай айыл аралап Кадыркулдун караанын аңдып тура берди. Арадан бир аз убакыт өтөөрү менен Кадыркул үйүнө келип түштү. «Тигине Кадыркул келди» дейт көрүп турган айылдаштарынын бири. Мамбетбай ошол замат ителгисин кондуруп алып, Кадыркулдун үйүнө шып кирип келди. Эзилкан байбиче Мамбетбайды дагы беттен алды: «Ой, кандай шумдук киши элең, баятан бери кайда жүрдүң кетпей?»
Кадыркул ителгини көргөндө эт-бетинен кетип, байбичесинин ачуусун басты. Акыры Эзилкан байбичесин ары каратып ыйлатып, бери каратып күлдүрүп олтуруп, Мамбетбайга эки чоң чака арпа талкан салдырып берип, ак ителгини алып калды Кадыркул. Мамбетбай сүйүнгөн бойдон үйүн көздөй жол тартты. Анан эки чака талкан оңойбу ачарчылыкта, атка алмашкыс оокат эмеспи.
Ошол куну Кадыркулдун да Буудайык кармагандай кубанычы койнуна батпай жатты. Ак ителгиден эки көзүн албай, кайра-кайра сылап-сыйпайт. Чындыгында ак ителги ителгинин зору болчу. Анын шумкарлык белгиси деле жок, жөнөкөй, карапайым эле. Кадыркул бардык алгыр канаттуулардан ителгини жакшы көрчү. Ителгини табынан да кылт кетирчү эмес. Болоттун мизиндей улам чыңдап, улам миздеп турчу. Чындыгында ителги салыш өтө кызыктуу да, тамашалуу да болот эмеспи. Ителги куш, чүйлүлөрдөй болуп бат чарчабайт. Алдынан качкан коендордун чанда бирөө эле кутулбаса, көпчүлүгүн куткарбайт.
Аткан октой асманга атып чыгып, кайра кырдана түшүп, эки канатын бооруна бүктөп алып типтик сайылган бойдон жердеги жан талашып качып бараткан коенду жерге жабыштыра тепсе, же болбосо көкөлөп учкан өрдөк, каз, тоодактардын тобун зуу этип жарып өтүп, түпөктүү найзанын түбү менен койгон баатырларга окшоп, улам бирден далдайта уруп, топулдатып жерге түшүрүп турса, ким кайдыгер карасын.
1943-жылдын ачарчылыгында бир айылдын элин ошол ак ителги бакты. Ал кезде коен көп. Кадыркул бир күндө жетишерлик коен алдырып келет. Аны бүлөсүнө жараша айыл-апага тегиз бөлөт. Ак ителгинин бир жакшы жери, бөтөн кишиден чоочуркап койчу эмес. Ким кондуруп чыкса ал кондурсун. Капарына албай, качканды да билбейт, өтө жоош.
Бир күнү атасы жокто баласы Искендер ак ителгини алып чыкты. Ошол жылы Искендер араң эле он экиден он үчкө караган. Төртүнчү класста окуйт. Айылдын түштүк жагындагы калың чийдин арасында коен деген жаныбар көп. Искендер эки коен алдырып, эки жаккы канжыгасына узун кулактарын салпактатып байланып алды. Аңгыча ары жактан бастырып келаткан топ атчандар көрүндү. Коенго алагды болуп жүргөн Искендер аларды капарына да алган эмес. Чукул кирип келишкенден кийин тааныды. Алдыңкы кер атчан Түкөш агай экен. Ал киши ошол алаамат жылдарда айыл кеңешинин төрагасы болуп иштечү. Аларга Искендер озунуп салам айтты. Анан Түкөш агай кичинекей баланын жоругуна кызыкты окшойт, жылмайып карап туруп сурап калды:
— Эмне кылып жүрөсүң?
— Ителги салып.
— Атаң кайда?
— Атам бүгүн жок.
— Алдагы ителгиң качып кетпейби?
— Качпайт, жоош.
— А, кокуй! Кечинде атаң үйгө келгенде айтып кой, мен куш таап берейин, ителги адамды убара кылат. Буга аттын аты керек. Артынан кыйкырып чаап жүргөнгө. Куш болсо алса алат, албаса олтуруп калат.
— Бул убара кылбайт.
— Анда биз коен качыралы, алдырчы?
— Макул,— деди Искендер. Аңгыча тигил атчандардын дүбүртүнөн чочуган бир коен ары жактагы топ чийдин арасынан булт берип жөнөп калды. Атчандар кыйкырып жиберишти: «Ана качты». Искендер ителгинин томогосун мыртыйган кичинекей колу менен шыпырып алды. Ителги коенду көрөрү менен адатынча колдон атып кетти. Ал коенго ар дайым жер менен жер болуп барып, качан гана мерчемдүү оңутун өлчөп, дал туура тушуна келгенде кулак түпкө же такыр колтукка кагып өтчү. Коендун төрт буту асмандап, боору агарган боюнча чалкасынан түшүп тыбырап жатып калчу. Ак ителги коенду кайрылып эки тепчү эмес, бир гана сокчу. Анан обочо барып конуп олтуруп алчу. Качан гана коенду мууздап коюп, мындай чыга бергенде, анан шашпай каалгып келип үстүнө конор эле. Бул жолу да ошентти. Түкөш агай жолдоштору менен ителгинин өнөрүнө кызыгып калышты.
— Баракелде, баракелде! Эми бир ушундай кылчы?
Аңгыча аркы калың чийден дагы бир коен качты. Ак ителги аны да мурункусундай сокту.
— Баракелде, баракелде! Капырай, шумдук го бул! Дагы бир ушундай кылчы,— деди Түкөш агай.
Андан кийин ошондой үч-төрт жолу кайталанды. Жүз коен качса да чарчай турган түрү жок ак ителгинин. Бирок да куткарчудай эмес. Түкөш агай баш болгон топ атчандар Искендердин атасы экөөнө чоң ыраазычылыгын билдиришип, жакшы каалоолорун айтып кетишти.
Ошол 1943-жылкы үзүмчүлүктө бир айыл кишини ак ителги сорподон өксүткөн жок.
#10 20 December 2015 - 07:37
ЖАМАНГУЛ МҮНҮШКӨР
Эртең менен эрте Токмоктон чыккан эки атчан күүгүм талаш Ысык-Ата бекетине араң келишти. Бекеттин Чүй суусу жак жээгинде калың айыл бар. Ал айыл — Жамангул мүнүшкөрдүн айылы. Тиги эки атчандын көздөп келе жатканы да ошол мүнүшкөрдүкү.
Эки жолоочунун биринин аты Кадыркул, экинчисиники Курманкул. Аттары уйкаш болгону менен, экөөнүн кесиби эки башка. Кадыркул мүнүшкөр, Курманкул кыякчы — кыл кыяк тартат. Булар жээктеги айылга эрте бешимде эле келишмек. Эмне, ушу турган Токмок менен Ысык-Ата бекетинин аралыгы ат арыттар жол бекен? Күн чыга бастырса түштө, түштө бастырса бешимде (оргосунда агыны катуу суу, ашуусу бийик тоо болбогондон кийин) кирип келет эмеспи. Бирок, алардын күүгумгө чейин калчу себеби бар болучу. Курманкулдун белинде кыстарган кыягы болсо, Кадыркулдун колунда кондурган кушу бар эле. Токтой калып, ат чалдырган жерде Курманкул кыяк тартат эрмек үчүн. Бастырган жолдо алдынан «барп» этип илбээсин учса, Кадыркул кушун салат. Ал экөө жолду карай ошентип олтуруп кечигишти. Жолдун аркы өйүз, берки өйүзүндө күрүчтүн балына (анызына) жайылып оттогон өрдөк, кыргоолдор таранчыдай чокмороктошуп, биринин үстүнө бири конот. Шатыр-шатыр этип, дүрүлдөп учканда, күндүн бетин булуттай калкалайт. Жерди караңгылатып, көлөкө түшүрүп жиберишет.
Шилтеген сайын кара куш бирди илип түшөт: же өрдөк, же кыргоол. Өрдөк, кыргоолдор куштан анчалык чочушпайт. Көптүгүнөн байкабай калышабы же күрүчтүн аңызында калган дандын таттылыгы ошончолукпу, баары баёо, баары жоош. Кайра эле көтөрүлө түшүп, кайра эле күрүчтүн балына жабалакташат. Кадыркул менен Курманкул акыры кеч кирип бараткандыктан, кушту нык тойгузуп коюшту. Эми алар мындан ары шар бастырышат.
Эки жолоочу жээктей конгон топ-топ айылдын улам биринен экинчисине токтоп, издеген үйүн иликтеп келатышат, ошентип олтурушуп, Жаманкулдукун каш карайып, көз байланганда табышты. Үрүп чыккан иттин, түрс-түрс эткен аттардын туяктарынын добушунан улам, үйдөгү бала-бакыралардан бир-экөө сыртка жүгүрүп чыгышты. Жолоочулар ат үстүнөн шак түшө калышпады. Бир азга тизгин жыйып турушуп, анан үйдөн чыккандарга суроолуу карашты.
— Жамангулдуку ушубу?
— Ушу.
— Үйдөбү өзү?
— Үйдө.
— Анда, түштүк.
Балдар меймандардын аттарын алышты. Камыш менен чатырланган ысык үйдүн түштүк жаккы дубалына жабыштыра тигилген тутуулары аппак боз үй да турат. Коноктор же боз үйгө, же ысык үйгө кирээрин биле алышпай, бир азга буйдала калганда, тиги ат байлаштырган балдардын бирөө «быякка кириңиздер» деп ысык үйдүн эшигин ачты. Үйдүн чырагы жаныдан бүлбүл күйүп, жарыгы булун-бурчтарына толук тарай элекпи, кирип келгендерге үйдүн ичи саал күңүртүрөөк көрүндү. Темир мештеги жыгач отундар чарт-чурт эте, жаңыдан кызып күйө баштаптыр. Удаа-удаа салам айтып кирип келген тиги эки жолоочунун жүздөрү бөлмөнүн ичинде олтургандарга күүгүмдөп начар көрүндү. Анан алар берилеп, чырактын жанына жакындаганда жүздөрү даана таанылды. Мештин оң капшытында кырынан жаткан Жамангул колунда кушу бар Кадыркулду көргөндө ордунан ыргып туруп, кучакташып көрүштү. Жамангул менен Кадыркул бир тууган бажа. Баятан бери от менен алек болуп жаткан Алмакан Кадыркул жездеси келгенде, таманы жерге тийбей үй ичин иретке келтирип, жүктө жыйылуу турган көлдөлөңдөрдү каттай-каттай төргө жая салды. Жамангул Кадыркулдун колунан кушту шып ала койду да, мешке жакын кондуруп койду. Эки жак тең эл-журт, бала-бакыранын эсенчилигин сурашып, жайланышып калышты. Узакка созулган бажы-бужудан кийин чай ичилди, дасторкон жыйылды. Анан Курманкул кыякчы асылган тамак алдыга келгенче улам бир күүнү которуп тартып, олтургандарга эрмек болуп берди.
Жамангул Кадыркулдун кара кушун колуна кондуруп, тамак бышканча сылап-сыйпап олтурду. Жана үйгө киргенде калтырап-титиреп турган куштун жемсөөсү эми араң бөксөрүп, мойну-башын ары-бери чулгуп, колго токтобой тегерене берди. Жамангул ансайын куштун ээгинен ылдый салаалап, сүйлөшүп жаткандай бетме-бет тиктеше калып, анын көз карашын байкайт. Жемсөөдөгү эттин улам ылдыйлап сиңип, бөксөрүп баратканын көрөт. Куш ансайын жылмыңдап, жеңилденип баратат. Аны байкаган мүнүшкөр ичинен сүйлөйт. «А байкуш, эми араң жаныңа кирдиң ээ?»
Төрдө олтурган Кадыркул менен Курманкул бири-бирин алдыртан тиктешип жатты. Ички ойлорун ооз ачып сыртка чыгара алышпай, буулугуп олтурушту. Экөөнүн тең курсагында жашырынган бир гана ой бар: «Жамангулдун кушту келер менен колуна алганы — жактырганы, кызыкканы. Эртең ат салсаңар да муну мага бергиле деп асылат».
Жуп дасторкон жайыларда Жамангул кушту эшикке алып чыгып кетти. Кайра кирип, катарга олтуруп жатып муну айтты: «Кушуңарды туурга кондуруп келдим. Боз үйдө жалгызсырабайт, аны менен эрмектеше тургандар бар, кам санабагыла».
Өткөн күздө Жамангул Кочкорго барган. Кадыркул бажасы анын эңсеп жүргөн кишиси Кудайбергенге жолуктурган. Бир жума ичинде Кудайбергендин ителги, куш, чүйлү салганын маашырлана көрүп, алгыр канаттуулар жөнүндө сүйлөп бергенин кызыгуу менен уккан. Анан: «Кандай канаттуу болсо да жумурткасынан кошо жарылып чыккандай билет экен, бул кишиге айла жок» деп баа берген. Быйыл күздө биздикине кел, менде ителги да, куш да, чүйлү да, бүркүт да бар деп бажасын чакырып кеткен. Кадыркул бир аз кечигип, күз өтүп, кыш башталганда келип олтурат. А тиги Курманкул Кадыркулдун курбусу. Алыска жолоочу жүргөндө экөө ажырашпайт, бири куш салса, бири кыяк тартып...
Эртең мененки чайдан кийин конокторун ээрчитип, Жамангул куш салганы чыкты. Баса, дагы бир сөз калыптыр... Аттанарда Кадыркул менен Курманкул боз үйгө кирип чыгышкан. Анда туур баш сайын (чанда бирөө кур болбосо) бирден ителги бирден куш, бирден чүйлү, бирден бүркүт, кыргый, турумтайга чейин конуп олтурганын көрүшкөн. Бири талпынса, бирине жетпейт. Буларды кыдырата карап жүрүп, Кадыркул менен Курманкул куш базарын аралагандай моокуму канып, таң калышкан.
Жамангул куш салаарында Көк кашка жоргосун минчү. Бул жолу да ошону токутту. Анан боз үйдөн быйыл күздө жаңы кармалган кызыл куш кондуруп чыкты. Өзүнүн айтымына караганда буга чейин бул кушту көп салыптыр. Бирок кызыл куш тапка келип салынган куштай эмес. Кечээ жаңы эле кармалып, бүгүн биринчи жолу алып чыккандай чыркырайт. Жапан куштан айырмасы жок. Семиз. Төшүнө кол батпайт. Талпынып, кайра олтура калганда эки канатын шалак таштап, солуктап-солуктап калат. Курманкул менен Кадыркул куш жулунган сайын бири-бирин карап, ичинен күбүрөшөт: «Бул куш бүгүн качпаса, анда деле куш качпайт. Семиздиги тигил, азоолугу ал. Тапка келип, салынып жүргөн куш кантип ушундай болсун. Тап эмес, үндөккө да толук келген куш эмес».
Булар айылдан обочолоп, бир топ жерге чейин келгенде бет алдында жайылып жаткан көк моюн таандарды көрүштү. Кадыркул менен Курманкул «Кушуң таан алабы?» деп сурап калышты Жамангулдан.
— Алчу эле.
— Алса тиги таандарды көрсөтүп көрүңүзчү?
— Көрсөтөйүн.
Жамангул дүрбөп учуп калган көк моюн таандарды аралата кушун шилтеп калды. Куш тике качырып, бир таанды жаза серпип, ал тырмагына толук илинбей калгандан кийин башкаларына тийбей, асманга атып чыгып кетти. Асманда бүлбүлдөп араң көрүнөт. Кадыркул менен Курманкул мыйыгынан жылмайышып, ичтеринде табасы канып турат. «Эр болсоң кушуңду таап ал?.. Кудайды бир карасачы?! Кушту кантип ушундай салсын. Жарылып кетчүдөй семиртип... Этин бир аз баспайбы, жапан куштай чарылдатпай. Мунун мүнүшкөрүнө не бересиң?
«Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын боёйт дегендей».
Жамангул тиги экөөнөн бөлүнүп, көк кашка жоргосун безилдете салдырган боюнча обочо турган түктүү көк дөбөнүн үстүнө чыга калып, колун өйдө көтөрдү. «По» дээри менен асманда карааны алыстап үзүлүп бараткан куш торгойдой типтик сайылып келип, Жамангулдун колуна конду. Курманкул менен Кадыркул бири-бирин тиктеген боюнча делдейип калышты. Жамангул үндөөчтөн бирдеме чокуттубу, чокуткан жокпу, көк кашка жоргосун зырылдаткан боюнча кушун калдаңдата кондуруп, булардын жанына жетип келди. Куш баягыдан беш-бетер акактаган. Атып чыгып, көккө барып келгенге ого бетер күйүгүп калган экен, эки канатын шалак түшүрүп, солуп кирди, семиз арам. Анан үчөө арылап бастырышты. Буга чейин Кадыркул менен Курманкулдун кара кушу салынган жок. Кара куш көрүнгөн илбесинге жулунуп, буларды кыйнабайт. Тек гана айланага көз жүгүртүп, анда-санда Жамангулдун чаркыраган азоо кушунан кооптонгондой ал талпынган сайын корккондугун билгизип, жүнүн үрпөйтөт да, былкылдабай колдо нык олтурат. Кокус ал түптүз качырып сала берсе, чырылдаган бойдон аттардын төрт аягына топ этип түшө качканы турат.
Дагы бир топ жерге чейин келгенде тиги Жамангулдун кызыл кушу канат-куйруктарын жыйып, кышылдап акактабай эс алып калды. Буга чейин күн кере шашке болуп калган. Ошо күнү күн кышкы күндөй болбой, күзгү күндөй ысыды. Кадыркул менен Курманкул эптеп эле кызыл куштун качканын тилеп келатышат. «Эми бир жанагыдай болсо ээ. Күн да катуу ысыды. Кызыл куштун эти эртең мененкиден да чыңала көптү. Кокус дагы бир асманга көтөрүлсө, үндөк эмес артынан тирүү жаныбар ала чуркаса да, кылчайбастан жоголор эле».
Куш качып кетсе Жамангулду шылдыңдагысы бар бул экөөнүн: «Кушту кантип ушундай салсын. Мүнүшкөр эмес турбайсыңбы? Биздин элде сендейлерди мүнүшкөр дебейт. Кушуң жапан кезинен артык семиз тура. Анын үстүнө колуңа да үйүр алып, жоошуй элек экен. Анан кантип колго токтосун. Мына эми эр болсоң кушуңду таап ал» деген сөзгө кудай буларды эртерээк жеткирбей жатпайбы?!
Мампаңдап басканына караганда алыстан жапан каздай көрүнгөн бир караанга жакындап келишсе, ала карга болуп чыкты. Аны көргөндө Кадыркул менен Курманкул: «Кушуң ала карга алабы?» дешти.
— Алчу эле, — деди Жамангул.
— Алса, салып керчү тигиге?
— Салса, салайын, — Жамангул чукул тооруп барып, кызыл кушту ала каргага шилтеди. Кадыркул менен Курманкул «Болсо ушундан бир айла болоор» деп ичтеринде тилеп турушту. Куш баягысындай катуу качырып барып, ала каргага жабыша тушту. Мерчемдүү жерге тырмак батыра албай калганбы, карга бакырып жибергенде аны колунан чыгарып ийди. Куш дагы асманга атып чыкты. Бул жолу мурункусунан алда канча бийик көкөлөп, карааны таптакыр үзүлдү. Кадыркул менен Курманкулдун кыбасы кана түштү: «Ай эми «колдогону» болсо да, кызыл куштан ажырады го».
Жамангул бул экөөнөн дагы бөлүндү. Көк кашка жоргону сыздырган бойдон теңирден тескери алыс кетти. Далай жерге баргандан кийин жоргонун тизгинин жыйып, кемерче жардын кырына чыга калды да, колун созду. «По» деп үн чыгарганда, көк асмандын койнуна эчак житип кеткен кызыл куш жогорку бийиктен төмөн ыргытылган таштай зуулдаган боюнча келип, Жамангулдун колуна конду. Кадыркул менен Курманкулдун көзүнө Жамангул асмандан түшүп келаткан топту тосуп алгандай көрүндү. Сыягы канчалык алыс жүрсө да, эки көзү Жамангулда болсо керек кызыл куштун. Кадыркул менен Курманкул мурункудан да бул жолу төрт эли бөксөрө түшкөндөй болушту. Баштары ат жалына салаңдап, Жамангулду бет алып, өйдө карай албай калышты.
Жамангул келгенче экөө аргасыздан каталыктарын моюндарына алышып, кобураша кетишти. «Ай, буга айла жок экен го! Мүнүшкөр болбосоң коё кал! Буга бир тең келсе биздин Кудайберген тең келээр, болбосо...»
Жамангул кушуна ат үстүнөн бирдеме чокуткан болуп, булардын жанына жай бастырып келди: «Күн да ысып кетти, бул кушту колго тийгенден бери жалгыз салып жүрчүмүн. Ошого көнө калса керек, силерден чочугансып, жапан куштай чыркырап туруп алды. Алыс барып үндөгөнүмдүн себеби да ошол. Үчөөбүз бир турсак, кайра кайрылып келбечүдөй. Мен муну кечки сыдырымда салайын. Ага чейин күйүккөн деми басылып, эти муздай түшсүн. Өзөгү коолдоп ачылсын. Учуп-конгон илбесиндерди көрүп, ышкысы күчөсүн. Түш ооганча силердин кушту салалы. Буга кандай дейсиздер?»
Кадыркул менен Курманкул жүйөлүү сөзгө аный дешмекпи. Ансыз да Жамангул эмне десе ошого макул болбоско аргасы жок болчу.
Күрүчтүн балындагы өрдөк, кыргоолдор кечекиден да көп. Учурсаң таранчыдай дүр дей түшөт да, өйдө көтөрүлө түшүп, көп алыстабай, кайра экинчи орунга которулуп коно беришет. Талашып дан тергенге кызыгып калган немелер куш эмес, бүркүт келсе да сезе турган эмес. Кара куш түш кыйкайганча өрдөк, кыргоолу болуп жетини араң алды. Акыркы алган сегизинчиси өрдөк болчу. Кадыркул өрдөктү куштан ажыратканы жатканда обочороок жерде турган Жамангул чаап жете келип, сол колун жайкап жиберди: «Коё тургулачы ажыратпай». Тигилер токтоп калышты. Анан ал ат үстүндө туруп, тиги экөөнө «Байкасаңыздар, кушуңар өрдөктү кармап турабы же алаканы менен басып, өрдөктүн үстүндө бош конуп олтурабы?» деди.
Кадыркул менен Курманкул дааналап көз кырын салса, Жамангул айткандай кара куш чын эле өрдөктүн үстүндө туурда олтургандай бош олтуруптур. Тырмак батырып, мыкчыбайт. Өрдөк байкуш коркок болот эмеспи. Куштун таман алдында былкылдабастан «өлгөн экемин» деп мойнун укуруктай созуп, эки көзүн жалдыратып жата берген тура. Кичине козголуп койсо, куштун колунан чыгып кетмек экен байкуш өрдөк. Баятан бери өрдөк, кыргоолдорду каруусуз куштун кандай алып жаткандыгын, акырында ал күчтөн ажырап, колу карыша түшкөнүн тиги ашынган мүнүшкөр түгөнгүрүң сыртынан байкап турган тура. Ал мындайдын далайын башынан өткөргөн кыраан да. «Болду токтоткула, ошол өрдөктүн этине чала тойгузуп, сылама жемсөө кылып койсоңор болот. Көп тойсо кышкы суукта сиңире албайт. Арык куш жем чачып, өлүп калат. Эми кечке мен кушумду салайын» деп койду Жамангул. Жамангулдуку туура да, алар эми салган менен да кара куштун таранчы токтотоор алы калган эмес.
Жамангул кызыл күүгүмгө чейин салды кызыл кушту. Мууздоосунан чала-була чокутуп коёт да, кайра көк кашка жоргого шак минет. Куш кызыган сайын, улам күчөп жатты. Караңгы түшпөсө тажай турган эмес кызыл куш. Эн акырында бир балапан бостек алды эле, ошонун этине кушун нык тойгузуп койду. Кушка жем берип жатканда Кадыркул менен Курманкул ат үстүнөн Жамангулду карап турушту. Бостектин жүрөгүн, бөтөгөсүн, эки бөйрөгүн кушуна жедирген жок. Аларды ыргытып таштады. Акырында бостектин өр жүнүн тери-мериси менен үзүп алып, ич канга ары-бери буйдалай салды да, кушка эт катарында сугунтуп жиберди. Бул таң кала турган иш эмес. Муну мүнүшкөрдүн баары эле билет. Анын маңызын куштун жемсөөсү шимип таштагандан кийин кадимки суусу сыгылган жүндөй кургап түшөт. Эртеси күнү алгыр канаттуулар аны кулгуп таштайт. Ал жемсөөдөгү акыр-чикирлерди, кыл-кыбырларды өзү менен кошо жабыштыра чыгат да, куштун ичин ачып, өзөгүн коолдотуп таштайт. Муну мүнүшкөрлөр «коё» деп коюшат. Коёсун таштабаган алгырлар эч нерсеге көңүлү келбейт. Майга тоюп, кылгырган адамдай жүрөгүн тиреп, дүпүйүп туруп алат. Салып жүргөн алгыры коёсун таштабаса, мүнүшкөрлөр аларды талаага кондуруп чыгышпайт.
Булар күүгүмдө, эл тегиз орунга олтуруп, көз байланганда үйгө келишти. Бул түнкү олтурушта Жамангулдун эки коногу ооз ачып сүйлөшкөн жок. Тек гана анын сөзүнө кулак төшөп, жалдырап карап олтуруп беришти. Баса, эмнени сүйлөшөт ал экөө?.. Сүйлөөр жери калдыбы? Жамангулдун бүгүнкү жоругу алардын тилин байлап салбадыбы.
— Силердин кушуңар мен болбосом түндө өлүп калат болучу,— деди Жамангул.
—Арык кушту да кыштын күнү ошондой тойгузасыңарбы? Мештин жанына тамагы сиңгенче кармап олтурбай, кокус ошол бойдон боз үйгө алып барчу болсом, жемин чачып, майып болуп калмак. Арык куш ашыра жем жеп койсо, түнкү суукта каруусу жок неме сиңире албайт. Кайра оозунан кулгуп, туурдун тегерегине этин кусуп таштайт. «Куш жем чачып калыптыр» деген сөз ошондон калган. Малдыр, жандыр, мейли канаттуу болсун, тамакты карылуусу бат сиңирет. Жем чачкан куштун чанда бирөө аман калбаса, оңой менен тирүү калбайт. Мүнүшкөрү гана чай суутуп берип, эки-үч күн ачка байлап, анан аман алып калат. Антпесе, өлөт. Жем чачкан куш тилин салып, акактап калат. Анткени ичи ысыйт. Суусаак болот. Ошондо кайнаткан чайдан тундуруп, саал жылымыгыраак кылып, таза идишке куюп, жанына коюп коюш керек. Куш анын жылуу экенине карабай улам-улам ууртап-тата берет. Ошондо жемсөөдөгү сасык жыт чыгат. Куш бир айыкса, ошондо айыгат. Бир жумага чейин салбай, жаңы эттен ач өзөк кылып, бир маал чокутуп коюш керек. Тойгузуп койсо болбойт. Анда өлтүрүп аласың.
Мен кушту кышкысын семиз алып жүрөм. Куш эттүү болсо суукка байымдуу болот. Арык куштай күчүн жоготпойт. Душманы менен кармашканда колу карышпайт. Кушту күнүгө салсаң, анын да ышкысы жанып, сонуну тарайт. Жадап калат. Эки-үч күн үйгө таштап коюп, эргитип туруп, анан-салыш керек. Ошондо куш бүгүнкүдөй канча болсо да чарчабай ала берет. Ага чейин башка кыраандарың болсо эрмегиңди кыла бер. Ургундай кушту ундөкчүл кылбасаң жоготосуң. Алыстап кеткен адамды кыйкырсаң кайрылбай кеткендей, анан асманга чыгып көкөлөгөн канаттуу сага бурулабы? Менин кушумдун үндөккө капкайдан келип жатканынын өзүнчө сыры бар. Бардык канаттуулардын этинен бөдөнөнүкү таттуу болот. Куш алыстаганда «баягысынан берер бекен» деп менден эки көзүн албайт. Дайым үндөгөн сайын бөдөнөнүн эти менен үндөп чакырам. Колума конор менен бир-эки чокутуп таткандырып коём. Ошон үчүн ал алдагайдан келип жатпайбы.
Аңгыча тигилер суроо берип калышты:
— Сиз эмне үчүн жанагы жерде кушуңузга бостектин бөйрөктөрүн, жүрөгүн, бөтөгөсүн берген жоксуз?
— Анын себеби бар, — Жамангул сөзүнүн аягын дагы улады, — таптагы кушка илбесиндин бөйрөк, жүрөк, бөтөгөсүн бербеш керек. Куштун жемсөөсүндө дүпүйүп туруп алат. Аларды туурда олтурган кушка бериш керек. Салынып турган кушка өпкө, боор, илбесиндин кол эттери жакшы. Булар куштун тула боюна бат таркап, бат сиңет.
Кадыркул менен Курманкул баш ийкегенден башка жооп кайрышка чамалары келбеди. Ал түгүл кушун качыралы деген күндүзгү биздин оюбузду да билип калды го дегендей кооптонуп олтурушту. Бул түнү жатаар-жатканча куш, мүнүшкөрдөн башка сөз сүйлөнгөн жок.
Эртеси эртең менен тиги эки коногуна: — Кана, меймандар, бүгүн кандай тамаша баштайлы, — деди Жамангул. Курманкул менен Кадыркул Жамангулдун өз ыктыярына коюшту. — Андай болсо, — деп сөзүн улады Жамангул, — бүгүн, эртең куштар эс алсын. Алар да кечээ улам бир киши менен көрүшкөндөй болуп чарчашты. Эгер сиздерге эп келсе, менде кош ооз мылтык бар. Өрдөк, кыргоол Чүй суусунун аркы өйүз-берки өйүзүндө быкбырдай кайнайт. Аны кечээ өзүңүздөр да көрүп келдиңиздер. Бүгүн ошолорго аңчылык кылсак кантет. — Эки коногу эт-бетинен кетишти.
— Жарайт-жарайт, ошентели-ошентели.
Аттар токулуп даяр болду. Бул күнү Жамангул кечени учкаяк көк кашка жоргосун минген жок. Ат которуптур. Анын ордуна күрөң жорго минип чыкты. Күрөң жорго — кой жорго экен. Үстү тынч, оозу элпек. Божуп кетсе, соорусуна суу куйса төгүлгүс. Ылдамдыгын айтпа, учкан куштай. Буттун башын кыбыратпайт. Жамангулдун кийген кийими да бүгүн башка. Жаргактан жасалган күрмө шым. Курунун айланасын тегерете, эки ийнин каршы-терши курчаган чапталуу дүрмөттөр. Булар бастырып чыгары менен эки ууртун эки жакка салаңдаткан чолок куйрук, саксак жүндүү сары машке ээрчип алды. Жолдо бартаканда артка бир, алдыга бир өтөт. Чайпалган жоргосу бар экен. Токтой калган жерде тилин салаңдатып сунуп жиберип, сөөмдөй болгон тукул чолок куйругун сөөмөйдөй ары-бери былкылдатып, эмне тапшырсаң ошонун баарын аткарам дегендей белин он-солго бураңдатып, эки көзүн Жамангулдан албай, жалпак тилинин учунан шилекейин тамчылатып, жалдырап тура калат. Ал көк кашка жоргону минип, колуна куш кондуруп чыкканда Жамангулду ээрчибей үйдө калат экен. Качан гана күрөң жорго токулганда даяр болот окшойт.
Бул үчөө суу боюна жакындаганда бир жерде маңдай-тескей болуп, бок чокуп олтурган эки ала карганы көрүштү. Кадыркул менен Курманкул «кантээр экен» дегенчелик кылышты окшойт:
— Тетиги эки ала карганы ата аласыңбы, — дешти.
— Атчу элем, — деп Жамангул күрөң жоргону бөжүтүп, каргалардын жанына жакындап барганда, эки карга эки жакка тетир учту. Ат үстүнөн бир жагына кыйшая түшүп бирин, анан экинчисин атты. Эки карга тең калпактай ыргып, жерге талп дей түштү. Андан кийин үчөөнүн ортосундагы сөз көпкө чейин үзүлүп калды. Анан алар чоң суунун жээгине жете келишти. Машке токой аралап, топ камыштардын калың жерине кирип кетти. Чычырканак менен саздуу жекендердин арасындагы өрдөк, кыргоолдор шуудураган машкенин добушунан чочуп, барпырап уча башташты. Көтөрүлө бергенде Жамангул кош ооз менен «даң» дедирип берип калат. Камыш менен чычырканактын чычкан мурду жөргөлөгүс коюу жерине түшсө да атылган өрдөк, кыргоолдорду саздын саз экенин, тикенектин тикенек экенин билбей, туурасынан «лак» тиштеп, сары машке балактап алып жетип келет. Жамангулдун атканы сая кетпеди.
Анын күрөң жоргосу да жолу жок жерден жол табат. Чычырканак менен камыштарды, талдарды башын жерге салып, сүзө качырып кирип кетет. Андай татаал жерге келгенде Кадыркул менен Курманкул сактанышса да, чапандарынын өңүрлөрү, этек, жеңдери, шымдын тизелеринин үкүсү чыгып, үлүлдөй баштады. Тула боюна көз чаптырган бөтөн адамга чала түлөгөн тайлактай самсаалап тургандай байкалат. Жамангулдун жаргактан жасалган шым, кемсели ошол эле бойдон. Эч жеринде шек жок. Ал эми булардын аттары да чычырканактын ачуу тикендерине көзү-башын сайдырып, жалкотой болуп, жүдөп калышты. Токойдун кысталыш жеринен өтөөрдө, камчы үстүнө камчы салсаң да жылбайт, баспайт. Башын кесип салчуудай тык токтойт. Мындайды көргөн аттар эмес да. Кадыркул менен Курманкулдун өзүлөрү болсо жапан мышыктын торолгон балдарын кармагандай болушту. Бети-башы мурундарынын учтарына чейин чийилип, канталаган. Сыягы Жамангул булардын кечеки «арам» оюн билип, билгизбей “өч алды” окшойт.
Бешимде бул күнкү тамаша аяктады.
Эртеси ителги салууну сунуш кылды Жамангул. Булар ага болбой кетебиз дей баштады. Жамангул ого бетер күчөп: «Кой кетпегиле, андан соң бүркүт салабыз, он-он беш күн жүрүп чер жазып кеткиле? Тиги боз үйдөгүлөрдүн да алдарына жараша ар түркүн өнөрлөрү бар!» дегенге тигилер көңүлдөнбөй коюшту.
* * *
Жаманкул менен Кадыркул Кочкорду бет алып, жолго чыгышты, Жамангулдун ою менен болсо бүркүттөн тартып турумтайына чейин ар биринин кызыгын ар башка көрсөтүп олтуруп, бул экөөнү жаз чыкканча кетирмек эмес.МОЮТТУН “ТӨӨ КОМДОТУ”
Алдаяр Моют Ысык-Көлдүн күңгөй тарабында — Талды-Сүуда жашаган. Бул киши жалаң гана мүнүшкөрлүктү кесип кылбастан, саяпкерлик жагынан да көл айланасы гана эмес чектеш казак туугандарга чейин белгилүү болгон. Атактуу аш-тойлордо чубатуудан өтүп жаткан күлүктөргө көз жүгүртүп жатып, алдын ала жети-сегиз атка чейин айтып койчу экен, кайсы ат биринчи, анын артынан кандай аттар келерин.
Кийин Моют саяпкерлигин таштап, мүнүшкөрлүккө ооп кеткен. Ал көбүнчө бүркүт салган. Башка алгыр канаттуулардан бүркүттүн кызыкчылыгы жогору тураарын билген. Ошондой эле ителги, куштарга караганда анын табылгасы кирешелүү болооруна да көзү жеткен. Бүркүттүн кыраандарынын түрү үчкө бөлүнөт эмеспи: «Баатыр чегир» «бай чегир», «Куу чегир» болуп. Моют үч чегирдин үчөөнү тең салган мүнүшкөр.
Моют көл башындагы Каркыра жайлоосун жайлачу.
Каркыранын Санташ жагы казактар менен чектеш. Эки элдин чек арасын Каркыранын суусу бөлүп турат, Ошол жылы Моюттун колунда алгыр канаттуусу жок эле. Эртели-кеч кирген-чыккан кошуналары ага асыла берчү болушту.
— Моют ава, сиз бүркүт салбай калгансызбы?
— Көңүлгө толоорлук бүркүт колго тийбеди.
— Эгер жакшы бүркүт табылсачы, салаар белеңиз?
— Салбай анан, — дейт Моют аке.
Күндөрдүн биринде өйүзгү казактардан кабар угулду. Бир койчу жайлоонун ээн төрүнө коюн жайып коюп, суу жээгиндеги көк шиберге чалкасынан түшүп, жайкы күндүн мээр төккөн жылуу илебине кактанып, ачык асманга көз жиберип жатса, көк мелжиген аска-зоолордун бийик чокуларын айланып бир зор бүркүт жүрөт. Сыягы зоокалардын арасынан өзүнө жем издеп жүрсө керек. Алгыр бүркүткө ырыскысын аскалуу тоо берет да. Алардын тоюту тоодон канат. Бүркүт — кулаалы, же күйкө эмес талаа-түздөн чычкан, коңуз, кескелдирик терип жегендей. Буркүттүн иши бүркүт. Койчу бүркүттүн эки канаты кандай тегеренсе, ошондой эле көз ээрчите карап олтуруп, көшүп кетет. Бүркүт бийик тоонун аска-зоолорун айлана берет, айлана берет. Анан бийиктен ылдыйлап, түзгө жакын тоолордун жылга-жыбыттарын, кокту-колотторун түгөл кыдырат. Көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Бул бүркүт тоонун ой-чуңкурларын мынчалык тинтмек эмес. Бир таштын башына конмок, канатын жыйып, эс алмак. Кантип күн чыккандан кеч бешимге чейин бүдүрү жок көк асманда жүрсүн? Ага бир гана себеп, көптөн бери тумшугуна эч нерсе илинбеген. Ачка. Наар сызбаганына бери болгондо он-оң беш күн болуп калды.
Бүркүт тоо этектеринен да эч нерсе таппады. Анан төрдүн башына чейин бириндеп жайылып жаткан койлорду көрдү. Бир кырдан далдайып чукул чыга калган бүркүттү көрүп, койлор кокту ылдый дыр коюп, үркүп кирип кетти. Ажалың жеткир... Бир капкак куйрук боз ирик жалгыздап оттоп турган. Ал койлордун алыстап узап кеткенин байкабай калыптыр. Бир кезде эки жагын каранып, ээн калганын билди окшойт, чүчкүрүп-бышкырып койлордун артынан жөнөдү. Жерге жакын капталдап сызып келаткан бүркүттүн дал маңдайынан чыкты. Бүркүт аяк-башын тоголоктой кармап, кыбыраганга чамасын келтирбей, мыкчып олтура калды. Колтойгон ирикти далдайган чоң бүркүт коёндой да көргөн жок окшойт.
Жайлоонун чөбү жагып, көпкүлөң тарта семирип турган койлор үрккөн боюнча уктап жаткан койчуну тебелей чуркашты. Уйкунун кызыгына батып, магдырап жаткан койчу дыр берген койлордун дүбүртүнөн чочуп ойгонуп кетти да, элеңдеп тура алып, үркүп бараткан койлордун алдын тосту. Койлор тынч ала түштү. Кай бирөө оттоп, кай бирөө төрдүн башын карап, элеңдешкен болуп жатышты. Мындай окуя далай жолу болгон. Койлор кээде ийинден чыга калган суурду көрсө деле үркө берчү. Жайкысын мал эттенген сайын кыял күтө берет эмеспи. Кай бирде как эткен каргадан да, кук эткен кузгундан да үркүшөт. Койчу болсо ошондойлордун бири деди окшойт, үрккөн койлорго анчалык назар салган жок. Эгер карышкыр, илбирс, чөө көрсө койлор токтомок эмес. Ээ-жаа бербей, коктунун аягына чейин кире качмак. Бул жолу анткен жок. Кайра тынч алып, өр тарта жайыла баштады. Койчу да эч нерседен кооптонбой, уйкулуу көзүн ушалап, жапыз кырга чыкты да, жантая калып жайылган койлорго көз чаптырды.
Ортодон убакыт өтүп жатты. Бир кезде баягы кой үрккөн төрдүн башына карга, кузгун чогула баштап, жорулар койчуну шектентти. Тарп чыккан жерди жору, кузгун алда кайдан көрөт эмеспи. Койчу ойлоно калды: «Жана койлор ошол тараптан үркүп келбеди беле. Койдун бирөөнү карышкыр же илбирс басып калган окшойт. Болбосо тигилер минтип чогулбайт болчу. Эмнеси болсо да, ошондой басайынчы».
Кыра койчу мындайдын неченин башынан өткөргөн. Ал ылдамдай басып, баягы жерге жете келди да, бир койдун тарпынын үстүнө олтурган далдайган чоң жоруну көрдү. Жакындап келсе — бүркүт. Ал койчудан жазганып, учам деп уча албай, чала-була кош аяктап жеп жаткан жеминин үстүнөн обочого чыга берди. Койчу койдун өлүгүн караса, эки сан куйругу менен карчыганын канаттары (майлуу бүлкүлдөктөр), карын май, бөйрөк май, бөйрөк-сөйрөгү менен жок. Көкүрөк, кол эттерге да бир аз тиш тийген экен. Койдун арка-моюну, ичеги-карыны, баш сөөгү, төрт шыйрагы, үзүк-үзүк териси, тытылган топ-топ жүндөрү гана калыптыр. Койчу болгон окуяга толук түшүндү. Тиги төбөсүндө айланып турган жору, кузгун, каргалар бүркүт калтырчу тарпты аңдып жүргөнүн билди. Койдун башын таягынын учу менен ары-бери сайгылап өзүнчө кобурады: «А, байкус, баягы кызыл ирик экен гой. Жалгыздап ак оттошу эди. Сен осуну көрмөксүң гой. Осы керек саган. Расан болупту!»
Койчу бир топко чейин кызыл ириктин башын тиктеп турду. Анан тиги обочодо олтурган бүркүттү карады. «Ой, бирим ау, куйругу кичине казандай бар эди. Ол аз келгенсип, калган этин түп-түгөлу менен курутупту гой! Ой-бай... Карыныңа баракелде».
Койчу өлгөн ириктин тарпына караган жок. Тиги обочодо олтурган бүркүттөн өч алгысы келди. Ал жакындап келип, бүркүттү таягы менен жон талаштыра сала турган болгондо бүркүт көтөрүлүп уча албай, далбалактап дагы арылап секирип конду. Койчунун шилтеген таягы мүчүп, жетпей калды. Экинчи жолу да, үчүнчү жолу да ошондой болду. Акырында бүркүттүн секирүүгө да дарманы келбеди. Казандын түбүндөй томпойгон жемсөөсү салмактанып, аны өйдө көтөрүлтпөй жерге тартып жатты. «Эмне кылсаң, ошо кыл» деди окшойт. Качырып келаткан койчуга канатынын алдына башын катып, кышылдап туруп берди бүркүт. Койчу бүркүттүн абалын билген соң, ага таяк шилтеген жок. Үстүндөгү чаар чепкенин чечти да, бүркүткө чүмкөй жаап, орой баштады. Кайыш чокоюнун бир жаккы боосун сууруп, эки бутун бириктирип, бүркүттүн билектерин танды. Эми койчу бүркүттүн тырмактарынан шек санабай калды. Анан чепкенге оролгон бүркүттү колтуктап алып, кой артынан жөнөдү. Ошол кезде тунук асманда каухар табактай тегеренген күн бийик тоолордун учтуу чокуларына чала-була нурун сүртүп коюп, аалам менен күлүп-жайнап коштошуп, эриткен алтындай мөлт-мөлт куюлуп уясына кирип бараткан эле.
* * *
Моют баш болгон бир топ киши бүркүт кармаган казактардын айылына келишти. Короо четиндеги сокудай боз чаар таштын үстүндө ачык асманга көз жиберип, анда-санда ачуу шаңшып коюп, локуйган кара бүркүт отурат. Ал бир жумадан бери туткунда. Таштын түбүнө житире кагылган арча казыкта бүркүттүн узун боосунун учу чийе байланган. Ээк алдында келки-келки сулп эттер жатат. Анын бирине да ызалуу бүркүттүн тумшугу тийбептир. Ачуусу келип, эмне кылаарын биле албай турганы бүркүттүн кабагынан байкалып турат. Желке чачын үксөңдөтүп,
каңшарлуу узун тумшугун ормоңдотуп коёт.Моюттар бүркүттүн жанына жакын келип, ат тизгинин тартып, бир аз тура калышты. Анан айыл четиндеги четки чоң ак үйгө барып түшүштү. Айылдын иттеринин аттуу адамдарга асылып үргөнүнөн улам баамдаган балдар үйдөн чыга калышты да, Моюттардын аттарын алып, эшик ачып үйгө киргизишти. Учурашкандан кийин казак, кыргыздар жайланып олтуруп калышты. Моютту казактар тааныйт, казактарды Моют тааныйт. Илгертен бери бир өзөндөн суу ичкен, бир өзөндө аралаш жайлаган ирегелеш бир тууган эл эмеспи. Бат эле тил табышып, бат эле бака-шака сөзгө кирип кетишти. Токтуга (казактар козуну токту дешет) бата суралган. Эт бышып алдыга келгенче далай кесе кыпкызыл кымыз ичилди. Далай сөздөр сүйлөндү.
Аттанар алдында сез кезегин Моют алды:
— Казак агайындар! Бүркүт кармапсыздар, көрдүк. Бүркүттү кемсинтүүгө болбойт. Ойдогудан экен. Өзүңүздөрдө мунун баркына жете турган мүнүшкөр болсо ооз ачпайлык, болбосо бизге кыйгыла?
Казактар бир ооздон дуулдап кетишти:
— Ой бир ау, Моют аке, бүркүт дегениң бир шымшык кой. Бас берип, бас ала турган адамсыз кыз берип, кыз ал турган деген сөз мүнүшкеримиз болсо да, болмосо да алыңыз. Бир шымшык сиздин кадиризден айлансын.
Моют казактардын жылуу сөзүнө ыраазы боло түштү.
— Андай болсо казак агаиндер, бул асылды кур алакан алып кетишибиз болбостур. Туур жабарына бир ат берейин, бүркүт кыраан чыгып калса ирегелеш элбиз колкосун бөтөн алгыла?
Эки тарап тең макул болушуп, дуулдашты: «Туура-туура, солай болсун, солай болсун».
Моют ошол күнү бүркүттү кондуруп кетип, эртесинде казактарга бир ат жетелетип жиберди.
* * *
Бүркүт кыраан чыкты. Көзүнө көрүнгөнүн куткарган жок. Карышкырды түлкүдөй алчу болду. Моют бүркүтүн кондуруп чыкканда бир айылдын эр-бүлөсү тайлуудан туяк калбай бүт ээрчийт. Баары кур кайтпайт, жүктүү келет. Төр-төрлөрдө зоого жакын жайылып жаткан эчки, текени аяк өйдө үркүтүшөт Моюттун жолдоштору.
Аркар, кулжа, эчки, текенин жан сактаган жайы бийик тоо, көк жалама касаба аскалар эмеспи. Алар үркүп барып, ошолордун бетине таш менен таш болуп, жабышып турганда Моюттун бүркүтү бирден жонунан тартып заңгелдин башынан төмөн карай кулатат. Кузгун учуп жеткис тип-тик бийиктен шуулдап келин түшкөн аркар, кулжа, эчки, текеде эмне жан калсын. Дүп этип түшкөн жеринде нан болот да, калат. Ээрчип баргандардын бирөө да кур калбай, олжого тунушат. Минип барган унааларына сылай артып келишет. Төө комдоп барса төөнүн жүгү, өгүз токуп барса өгүздүн жүгү толот. Көп узабай Моюттун бүркүтү «Төө комдот» атка конду.«Төө комдот» Моюттун колуна «бозумунда» келген; «Бозум» деп ошол жылы уядан жаңы учуп чыккан бүркүттү айтат. Бир жаш. «Төө комдотту» Моют кырк жылы салды. Кырк жылдын ичинде Моютка ырыскы чамгарагынан куюлду. Айыл-апа, ага-тууган, ага-иниси менен байыды. Бала-бакыралуу, уул-келиндүү болду. Ошонун баары «Төө комдоттун» табылгасы менен бүтүп жатты. Моют «Төө комдотту» алып чыкканда, канжыгасы кур кайткан бир да күн болгон жок. Акжолтой, кирешелүү бүркүт аталып кетти.
Акыры «Төө комдот» картайып, кыштын күнү туурдан түшүрүп койсо, бала-бакырадан коломто талашып, далдайган төшү менен жөөлөп келип, көңдүн чогуна боорун кактап калды.
Моюттун айылы Каркыра жайлоосуна көчүп чыгышты, Ошол жылы жайында «Төө комдотко »эркиндик берип, Моют аны агыта турган болду. Агыткан менен «Төө комдоттун» учуп кетчү чамасы жок эле. Канат-куйругу кыскарган. Чалгындары кирпинин найзаларындай болуп шалдырап калган. Жүндөру түпкү тыбытынан ажырап, кырчаңгыдай такырая баштаган. Тырмактары түгөнүп, кадимки кишинин колундай мултуйган. Анан кантип коё берген күндө жан сактамакчы шоруң каткан «Төө комдот». Учайын десе канат жок, мыкчыйын десе тырмак жок.
Моют жайкы конушуна барганда «Төө комдотко» өзүнчө чатыр жасап, чатырды дөмбүл баштуу сазга тикти. Чатырдын ичинде ары-бери кенен жөргөлөп тургандай болсун деп, узун боо тагып, аркандаган аттай кылып койду. «Төө комдот» күн ачыкта балбактап басып келип, чатырдын оозунан чыга калат да, кеч киргенче күнгө какталып олтура берет. Кеч курун суук болгондо кайра чатырга кире качат. Күн бүркөктө, жаан-чачындарда эшикке басып чыкпайт. Чатырдын ичинде олтура берет. Моют он беш күндө бирден семиз тай союп, анын казы, карта, майлуу ич эттеринен «Төө комдоттун» алдына таштап турду. Бүркүт бат эле семире баштады. Көп узабай куурайдай кургап, шалдыраган канат-куйругу жулуп таштагандай күбүлүп түштү. Андан он-он беш күн өткөндөн кийин «Төө комдот» майда жүндөн тыбытына чейин ажырады. Жумурткадан жаңы чыккан балапандай кызыл эт болду да, калды. Ошол замат Моют «Төө комдотко» боюнча ченеп чыптама тиктирип, кийгизип койду. Тамакты мурдагыдан да күчтөп, мурдагыдан да көбүрөөк берчү болду. Семирген сайын «Төө комдотко» каруу, күч кирип, күндөн-күнгө жемин ашыра жеп, учтанып чыга баштады. Бүркүт семиргенден кийин үшүбөсүн билип, Моют анын чыптамасын сыйрып алды. Кундөн-күнгө бүркүттүн канат-куйругу учтанып, жүндөрү коюу тартып кетти. Ан сайын Моют «Төө комдоттун» жемин күчтөп, тайдын чүйгүн жаш эттеринен үстөкө-босток шыкай берди. «Төө комдот» казы, картаны алкылдата сугунуп, жемсөөсү жарылчудай болуп жатты.
Эл жайлоодон кайра тартчу мезгил кирип келди. Ошого чейин «Төө комдоттун» жүндөрү текши чыгып, түпкү тыбыттары жетилип, канат-куйруктун чалгындары кадимки жаш кезиндегидей текшиленди, Моют жайды жайлата бүркүттүн чатырын он күндө бир которуп, улам дөмбүл баш саздарга көчүрүп турчу. Саздын ошол дөмбүл башын бүркүт туурдай көрүп олтурчу. Көрсө, Моют канаттуунун тырмактары нымдуу жерде бат өсөөрүн билчү тура. «Төө комдоттун» эки бутунун тырмактары да илбирстикиндей болуп учтанып, канжардай курчуду. Эмнени аткыса да, жара тартчудай абалга келди. Ошондон кийин «Төө комдотко» бир жума наар сыздырган жок.
Бир күнү «Төө комдотту» күүгүм талаш кондуруп алып, айылдан алыскы дөбөгө алпарды да, алдына жем таштап, боосун чечип алып жүрө берди. Бир жума жем жебей ачка болгон бүркүт тойгондон кийин караңгыда учуп келе албай, ошол дөбөдө түнөп калды. Ошондон тартып Моют «Төө комдотко» он күн такай дөбөгө жем таштап коюп жүрдү. Бүркүт аз күн болсо да талаадан жем жегенге көнүп калды. Андан кийин Моют жем алпарганын токтотуп, «Төө комдотко» караган жок. Бүркүт анда-санда айылдын үстүнөн учуп, «тамак-ашым түгөндү. Моют кантесин?» дегендей көрүнө калып, кайра кетип калчу болду. Моют: «Аа... «Төө комдот» учуп калыптыр, эми мындан ары жемди өзү таап жейт» деп койду Андан кийин бир жумага жетпей Моюттун айылы баштаган жайлоодогу эл көл тарабындагы кыштоолоруна жапырт көчүп кетишти.
Каркыраны «Төө комдот» жалгыз ээлеп калгандай болду.
* * *
Ал-бул дегенче арадан эки-үч жыл өтүп кетти. Моюттун айылы Каркырадагы журтуна эчак конуп жайланышкан.
Күндөрдүн биринде Моют баштаган жоон топ эл айыл четиндеги дөбөчөдө кызыл чаначтан кымыз ичишип, өткөн-кеткендерден кеп таштап коюп, айлана-чөйрөгө көз чаптырып олтурушкан.
Аңгыча асмандан айланган үч бүркүт көрүндү. Моют көпкө чейин тиктеп туруп: «Тээтиги үчөөнүн ортосундагы менин «Төө комдотум» экен» деп койду. Отургандар бири-бирин тиктешип, күбүр-шыбыр боло калышты:— Моют акем картайып калган экен.
— Алжып бараткан тура, жарыктык.
— Учуп жүргөн бүркүттү кантип тааныйт.
Ошол жердегилердин шек санап турганын байкаган Моют: «Ээ балдар аай. «Төө комдот» менин колумда кырк жыл болбодубу. Ошол кырк жылдын ичинде «Төө комдоттун» кандай айланары, канаттарын кандай сермеп учаары, асманда жүргөндө кандай сызаары мага жат болгон эмеспи. Ошону кантип билбейин» деп койду. Көпчүлүк бул сөзгө да толук ишенишпеди. Анан Моют айтты:
— Эми силер ишенбей турасыңар, балдар. Тетиги үйдүн кырчоосунда байлануу турган ээр токумдуу атты алып келгиле. Бир жаман ичмекти тоголоктоп ороп, чыргаа жасагыла. Аны узун танап жипке байлап бергиле. Мен «Төө комдотту» чакырайын. Ошол үч бүркүттүн бирөө чыргааны көздөй сала берип, үч жолу жакындап, үч жолу кайтып кетсе ошол менин «Төө комдотум» болсунбу?
— Болсун, болсун,— эл дуулдап чуу көтөрүп жиберишти. Үч бүркүт дагы эле асманда, бир ордунда айланып жүрүшөт.
Моют атка минип, оролгон ичмекти сүйрөткөн бойдон ач кыйкырыгын чаңыра чыгарып, капталды салып жөнөдү. Аңгыча болбой ошол үч бүркүттөн ортоңку чоңураагы бөлүнүп, күркүрөгөн бойдон чыргааны көздөй тип-тик качырып сала берди. Моют кыйкырган сайын чыргаага үч жолу жакындап келип, үч жолу кайра атып чыгып кетти. Акыркысында өтө жакын келди да, анан эки канатын далбактатып учуп, ошо бойдон кайрылган жок. Дөңдө олтургандар бири-бирин жалдырап карашып, өзүлөрүнчө күбүрөштү: «Бул кишиги айла жок экен го».
Моют аттан түшүп, кайра өз ордуна олтуруп жатып:
— «Төө комдот» быйыл Текеске барып тууган тура. Уясынан эки балапан учуруп чыгыптыр. Аларды Кеминдин «Көк-Ойрок» жайлоосуна ээрчитип бараткан экен. «Көк-Ойрокто» эликтер көп болот. Ушул азыр да эликтин чаарчыктары чоңоюп калган мезгили. Эки балапанын чаарчыкка машыктырып, тоютун кандырат. Ошентип жүрүп балапандары эчки, теке, аркар, кулжа алганга үйрөнөт. «Төө комдот» менин үнүмдү тааныды. Кантип тааныбайт, ал мени менен кырк жыл чогуу жүрсө. Анын канат сермеп учканын, сызганын мен кандай билсем, «Төө комдот» да менин кыйкырык-сүрөөнүмдү ошондой билет. Жедеп кулагына жат болгон эмеспи. Акыркы жолу мурункуларына караганда чыргаага жакындап, анан далбактан учуп кеткени — мени менен коштошуп, «мээлей какты» кылып, кол булгаганы: «Кош бол Моют, мени келет деп үмүт кылба» дегени.
Олтургандар: «Баракелде, Моют ава! Баракелде! Өнөрүңүз өнөр экен» дешип бака-шака түшүп калышты.
** *
Арадан дагы эки жыл өттү. «Казак туугандар быйыл да бир чоң бүркүт кармашыптыр» деген кабар Каркыра жайлоосундагы Моюттун айылына шак дей түштү. Жоон топ жолдош ээрчитип, Моют казактардын айылына келди. Айылдан обочороок байлануу турган туткундагы бүркүттү көрүп, «Төө комдот» экенин аттан түшпөй туруп тааныды. Моют тегеректеп, чогула калган казактарга: «Казак агайындар, бул менин «Төө комдотум» экен, коё бергиле? Картайып бүткөн, силерге убай бербейт» деди. Казактар Моютту кууланып жаткандай көрүштү. Калп эле менин «Төө комдотум» деп алдап алат дешти окшойт.
— М... ау Моют аке! Сиздин «түйө комдот» экенин калай билемиз, — дешти.
— Ишенбесеңиздер алкым жүндөрүнүн арасын ачып көргүлө, жутканда жеми кысылбай, кенен өткөндөй болсун деп бир талы сары, бир талы көк, бир талы кызыл жибекти чыйратып-эшип шакекче (каргы) кылып мойнуна тагып койгом, караңыздар, — деди Моют.
Казактар караса, дал ошондой болуп чыкты. Анан Моют «Төө комдотту» агыттырып жиберди. «Төө комдот» «Рахмат Моют курдаш, сага» дегенчелик кылып, Моютту карап шаңшып-шаңшып туруп, көктү карай учуп кете берди.
#11 20 December 2015 - 07:40
КУУ КУМПАЙ
Кеч күз. Куш салуучу мезгил кирип келди. Көл башындагы алдаяр элинин алгыр канаттууга ышкыбоз, чала-моңол мүнүшкөр болуп калышкан жигиттери бирден куштарын кондурушуп, бир күнү эртең менен Моюттукуна келишти. Алардын максаты атактуу мүнүшкөргө куштарын сынатмакчы. Бул кезде Моют сексенден ашып, үйүнөн алыс аттана албай, чөгүп калган учуру болчу. Жигиттер Моюттун үйүнүн босогосунан төрүнө чейин кыркаар тартып олтурушту. Моют алардын куштарына бир сыйра көз жүгүрттү. Ар биринин куштарынын колдорунан эмне келээрин өз-өзүнчө тактап айтып берди. Анан ошолордун аяк жагында олтурган тоголок мурун мотуракай кара жигиттин кичирээк кызыл кушун тиктеп туруп: «Сеники куш аягы «жон жору» экен. («Жон жору» чүйлүдөн чоңураак, куштан кичирээк болот). Бүгүн табында көрүнөт. Төмөнкү-Саздын четиндеги ураган эски ноолунун кырында күйкөдөн чоңураак, ителгиден кичирээк турумтай сыяктуу бир бозомук жүндүү канаттуу олтурат. Ошол жерге көптөн бери байыр алып калды көрүнөт. Кушуңду алыстан көргөзбөй он капталына далдалап, чукул барганда шилтесең алдагың эң эле учкул, өтө эле шамдагай көрүнөт, ал антип-минтип ордунан көтөрүлгөнчө чыркыратып илип түшөр, ошону барып алдырып келчи» деди. Отурган жигиттер ордунан козголуп, дүрбөй түштү эле, Моют аларды тыйып койду: «Силер дарбыбагыла, баарыңар алдагы куштарыңарды калдактатып, абылган-жабылган боюнча барчу болсоңор, ал алда кайдан силерди көрөт да, шектенип учуп кетет. Тиги баланын жалгыз барганы жакшы». Жигит «жон жорусун» кондуруп, Моюттун көрсөткөн багытын карай аттанып кетти. Дабыраган мүнүшкөрлөр куштарын кучактаган бойдон тынч алып отуруп калышты. Арадан чай кайнам убакыт өттүбү, өткөн жокпу, жанагы «жон жорунун» ээси — мүнүшкөр жигит Моют айткан куу ителгини алдырып жетип келди. Кушчу жигиттер тегеректеп калышты. Моют ителгиге жумшак кайыштан боо тагып, керегенин ылдыйкы тор көздөрүнүн бирине илип байлады да, сыртка чыгып, тоо текенин мүйүзүнөн жасалган кичирээк туур алып келип, ителгини ага кондура албай алек болуп жатты. Колго биринчи түшкөн жапайы куш адамга моюн сунбай, улам талпынып, туурга конмок мындай турсун, жулунгандын үстүнө жулунуп, үнүнүн жетишинче чаркырагандан чаркырап, өжөрлөнө берди. Анан канаттарын катуу чапкылап, эки бутунун курч тырмактары менен жер тытып кирди. Долу. Моют ага карабай тиги бурчта олтурган байбичесине кол жаңсай унчукту: «Жагданда кызыл булгаарынын өөндөрү боло турган эле, карап көрчү байбиче?» Байбичеси «лам» дебестен жүктүн астында жыйылуу турган эски жагданын ачып, жыты буркураган кыпкызыл булгаарынын өөнүнүн бир келкисин алып Моюттун алдына таштады. Моют тиги турумтайдай болгон куу ителгинин башына ченеп, томого оюп бычты.
— Кимиңердин колуңар жөндөмдүү, бул томогону тиге салгыла, — деп кушчу балдарды кыдырата карады. Кушчу балдардын ичинен бирөө суурулуп чыкты.
— Мен тигейин.
— Ме, тиксең. Байбиче, бул балага чыйраткан тарамыш жибиңден бир эки учук берчи, ийне шибегеси менен.
Байбичеси ошол замат аларды даяр кылды. Тикмечи жигит кичинекей томогону шапа-шуп тигип, Моюттун колуна карматты. Чаркырап жаткан өлөрман азоонун башына томого катылды. Томого эң эле эптүү бычылып, кооз тигилген экен. Ителгинин башына баш болуп, куюп койгондой жарашты. Эки көзү туюкталып, караңгылай түшкөндө «эмне болуп калдым» деп апкаарып калды көрүнөт, туткунга түшкөн байкуш, ары-бери мойнун кыйшалактатты да, анан туурга кондурса тынч алып олтуруп калды. Моют кушчу жигиттерге акырында муну айтты: «Бүгүндөн баштап санап жүргүлө да, жыйырма күн өтүп, жыйырма биринчи күн дегенде келгиле. Мунун өнөрүн ошондо көрөсүңөр».
Болжошкон күнү баягы кушчу жигиттер келишти. Моют үйүндө болчу. Ителгиси капшыттагы туурда анда-санда кагынып-силкинип, тумшугу менен канат-куйругун таранып, баягы жулунган бейжай долу кыялдын бири жок, момоюп тынч олтурат. Башында томого. Моют мүнүшкөр жигиттерди карап алып, мындай деди: «Балдар, жаман тамдын алдындагы чоң сазга көз чаптыргылачы, андан өрдөк-каз үзүлчү эмес эле, бирин-серин жүргөнү бар бекен?»
— Ошол жактан келатабыз, — деди жигиттердин бирөө, — төрт кара каз жүрөт.
— Андай болсо, менин көзүмдүн кубаты алыскы караандарга жетпейт. Ителгини эшикке алып чыгып, ошол сазды көздөй томогосун шыпырып агытып жибирейин, жакшылап көзөмөлдөп тургула, карегиңер курч эмеспи?
Моют өзү айткандай, турумтайдай болгон кичинекей куу ителгисин үйдөн чыгаары менен коё берди. Ителги жер менен жер болуп сызган бойдон барды да, каздардан берирээк четтеги дөмбүл баштардын бирине жетип, күйкөдөн бетер сороюп олтуруп алды. Анысы аз келгенсип, канат-куйругун шалдыратып кагынып-силкинип, анда-санда моюнун соксоңдотуп, эки жагын каранып коёт. Дегеле, казды качырайын деген көңүлү жок. Адамдын кыжырын кайнатат.
Жигиттердин бирөө кыйкырып чаба турган болгондо Моют тыйып койду. «Жөн жайына койгула, саз жакын, ушул жерден көрүп турасыңар». Жигиттер тынчып калышты. Аңгыча ителгиге «жан» кирди көрүнөт, дөмбүл баштан секирип жерге түштү да, каздарды туурап тайтаңдап басып жөнөдү. Адегенде чочулашып, үрпөңдөп уча турган болуп турган төрт каз жайлана түшүштү көрүнөт, кайра баштан саздын балыр чөбүнүн арасын тыткылап оттоп киришти. Ителги улам жакындап, бирде токтоп, бирде тайтаңдап басып бараткан. Ошол учурда төрт каздын тобунан бирөө бөлүнүп, укуруктай мойнун жерге сала сунуп, каркылдап, ителгини качырып сала берди. Ителги кайра артын карай качты. Аңгыча каз жете келди да, ителгини чокумак болуп айбат кылды. Ал оюнда аны кулаалы же күйкөнүн бири десе керек. Ителги кайра бурулуп, каз менен беттеше түштү. Каз ошол замат эки канаты менен жер чапкылап, тырпырап жатып калды. Аларды көрүп турган ары жактагы үч каз биринин артынан бири жабалакташып жетип келишти. Улам бирөө ителгини чокуйм ден бой тиреше калат да, ошол замат кылтакка муунгандай тырпырап жыгылат. Акыры төртөө тең жаткан жеринен өйдө болушкан жок. Ителги тайтактап басып келип дагы бир дөмбүл баштын үстүнө секирип конду да, канат-куйругун таранып, улам-улам силкинип коюп олтуруп алды. Көрүп турган жигиттер чаап жөнөштү. Алкымы кыйылган төрт каз менен ителгини Моюттун алдына алып келишти.
— Куу кумпай деген ушул болот, балдар, — деди Моют. Бул ителгинин уруусунан чанда чыгат. Төрт каз эмес, кырк каз болсо да бирде качып, бирде куумуш болуп олтуруп баарын кырмак. Мындан тоодактар да, куулар да, аңырлар да кутула алышпайт, учуп баратканын жандап баратып, мойнун кыйып түшүрөт. Ал түгүл бүркүт да мындан коркот. Бүркүттү да учуп баратканда мойнун кыйып өтөт. Бул бар жерди билсе, ал тегерекке бүркүт уя салбайт. Куу кумпай ителгиден башка канаттууларды аябайт...
Моют кыраакылык кылып муну күн мурун байкаптыр. Анын саздын четиндеги жаман ноолунун кырына конуп алып, бирин-экин каз-өрдөктөрдөн басып жеп, тоютун кандырып жүргөнүн билип, колуна тийгизе албай жаткан тура. Картайганда алыска аттанып куш, бүркүт сала албагандан кийин, үйдөн туруп Куу кумпайын агытып, тиги сазга келген өрдөк, каздарды убараланбай четинен тердирип, канаттуунун даамдуу, таттуу этинен жеп турайын деген экен көрсө, Моют карыя.
Акыры, көзү өткөнчө ошол Куу кумпайын колунан чыгарбай эрмектеп жүрүп дүйнөдөн кайтты кайран киши.
КУТУНБЕТТИН КУУ ЧОКУ
Тоңдун Коңур-Өлөң, Ала-Башы тарабында Кутунбеттин «Куу чоку» деген бийик чоку бар. Анын жогорку башынан этек-түзүнө чейинки аралыкта тилинген боордой кокту-колот, жылга-жыбыттар сансыз. Капталдаган адам бир кырына чыкса, улам бир кыры бет маңдайынан көрүнөт. Куу чокунун тегерегиндеги бир-бирине окшош узун-узун өндүрлөрдүн беттерин эжигейдей эзилип, сары каймак тартып ыргалган бетеге-шыбактар, алтыгана, терискендер, ит мурундар менен ак шилбилер, тебетейдей тегерек төө тапандар менен жел соксо суудагы балырдай теңселген бир кылка көк чекенделер жыш каптап турат. Куу чокунун дал төбөсүнө чыккан адамга төмөн карай созулуп жаткан коктулардын таманындагы томпойдой таштан бери бадырайып, даана көрүнөт.
Кутунбет Коңур-Өлөң, Ала-Башта төрөлүп, өмүрү өткөнчө ошол жерде жашаган адам. Ал бала күнүнөн бери канаттууга, айрыкча бүркүт таптаганга шыктуу болгон. Ата-бабасынан бери карай жакырчылыктын алаканынан чыкпаган шордуулар эле. Кутунбеттин да минип чыгар аты, үрүп чыгар ити болгон эмес.
Кутунбет бир жылы Тоңдун Ала-Баш жагындагы адам даап бара алгыс жалама асканын бооруна уя салган зор бүркүттөрдү байкап калат. Бүркүттөр балапандарын учураарына жакындап калганда Кутунбет бар тобокелге салып, бир чети эрдик, бир чети жандан кечкен өжөрлүк менен кабат-кабат эшилген кыл арканды белине чырманып, зооканын кыл учунан төмөн карай салаңдап тырмышып олтуруп, зындандагы бүркүт-уяга түшөт. Уяда канат-куйругунун чалгындары тегизделип, коюу тыбыт жүндөрү текши жетилип, асманды эңсеп турган жалгыз балапан бар экен. Кутунбет өлдүм-талдым дегенде жанын оозуна тиштеп жатып, балапанды зоокадан араң алып чыгат. Кокус аркан үзүлүп, ошол бийик зоокадан учуп кетсе эмне болмок?! Анда сөөгү сөпөт, эти эпет болбойт беле. Кутунбеттин ышкысына баракелде! .. Ошол учурда балапандын эне-атасынын жоктугун кара?"Жакын арада айланып жүрүшкөн болсо, Кутунбетти жарып салышпайт беле. Адатта бүркүттөр балапандарынын учаарына чукулдап калганда алыска чабат эмеспи, Бул жолу да Кутунбет — кедейдин бактысына жараша дал ошондой болуп калган көрүнөт.
Балапаны чоңоюп, зор бүркүт болду. Эртели-кеч Кутунбеттин колунан тамактанып, аны эне-атасындай көрүп калды. Учканды үйрөнсүн деп, күндүз агытып, бош кое берчү болду Кутунбет. Кечкисин болсо жок издетпей өзү келет. Үйдөн тоюту канат. Азырынча талаадан жем таап жегенди биле элек.
Жай мезгили өтүп, күз келди. Кутунбет балапанын чыргаага көндүрүп, тапка келтире баштады. Ою менен бербей, тамагын тартып, этин бастатты. Чыргааны барган сайын төш таянып сүйрөтүп, бүркүттү улам бийиктен кое берип жүрдү. Чыргаачыл болду. Чыргаага алда кайдан жазбай келет. Келген сайын чыргаанын үстүнөн жем берип, тоютун кандырып коёт. Ошентип олтуруп, бүркүттү куу чокунун төбөсүнө чейин көтөрүп барып таштап, анан өзү ылдый жагындагы этекке түшүп келип, чыргаасын тартканда, бүркүт ошончо алыстыктагы бийиктен күркүрөгөн бойдон типтик сайылып түшүп, чыргааны басып жүрдү. А кийин эртең менен эрте агытып койсо, айланып олтуруп куу чокунун төбөсүнө өзү барып конуп, бүткөн боюн таранып, эки жагын сококтоп каранып олтуруп калчу болду. Ошол чокуга чыкмайын тамак бербесин бүркүт да билсе керек. Бүркүтү кеткенден кийин үйүнөн жарма-журмасын ичип алып, шашпай жайбаракат майпаңдап басып, Кутунбет тоону карай бет алып жөнөйт. Анан чокуда олтурган буркутүнө алыстан көз чаптырат да, тоо этегин капталдай салып, туура карай чыргаа тартат. Кутунбет бүркүтүнө ошол тоолордун боорунан башка жерден тамак таттырбайт. Кийинчерээк түлкүгө тирилгенде да ошол майда капталдарда тирилеп, көндүрүп жүрдү.
Бүркүтү табына келип, түлкү ала баштады. Кутунбетте ат жок да, «итке минген томаяк» дегендин бири ушул байкуш! Ал эми бүркүтчү деген аттын атын тандап минет эмеспи. Кутунбет болсо жөө жүрүп салат. Бүркүтү Куу чокунун башына жеткенде, тоо этегиндеги каптал кырларга барып, этек-жеңин каккылап, бир таш менен бир ташты шакылдатып койгулап олтуруп, алтыгана, чекенделердин арасынан бүркүтүнө түлкү качырып турат. Куу чокунун өндүрлөрүндөгү түлкүнүн жатагы Кутунбетке беш колдой белгилүү. Түлкү булт берип качаары менен, алыскы бийиктен ылдый жакка көз жиберип олтурган бүркүт куушурулган бойдон сызып келип, шыпырат да коет. Кутунбет колунан түлкүсүн ажыратып алары менен бүркүт айланып учуп олтуруп, баягы туурундай көрүп калган куу чокусуна кайра барып конот. Ошентип Кутунбет улам бир капталдан бир капталды ашып, түлкү качыра берет, тиги шымаланып даяр турган кыраан бирин куткарбай ала берет.
Кутунбеттн жоро-жолдоштору тамашалап жүрүп, «жөө салар» атка кондуруп жиберишти. Бүт көл айланасына «жөө салар» деген наам бат эле тарап кетти. Мейли, айтса айта беришсин, эрөөнү жок. Ошенткен менен Кутунбетти бүркүтү байытты. Кырк-отуздай майда жандык күтүп, чарбалуу болуп калды Кутунбет байкуш. Эгерим ат минбеген томаяк ат мнип, эл катарына кошулуп кетти. Байыган сайын жолдош-жоросу, карым-катышы көбөйдү. Ал эми тиги бийик чоку ушул күнгө чейин «Кутунбеттин куу чокусу» аталган бойдон калды.
Бир күнү короосунун түбүндөгү күнөскө чыгып, бүркүтүн жоон санынын жылаңач этине кондуруп, сылап-сыйпап эркелетип олтурса, келишимдүү ат минген жаш жигит маңдайына чукул келип, ат үстүнөн салам айтты. Кутунбет бүркүтүнө алагды болуп эки жагын байкабай олтурган. Абайлап караса, көп жылдан бери катыша элек өзүнүн бир тууган жээни экен чоң-кеминдик. Жээни салам айтарын айтып коюп, аттан түшпөй сороюп туруп алды.
— Түшпөйсүңбү, — деди Кутунбет.
— Жок түшпөйм, таяке.
— Эмне үчүн түшпөйсүң?! Айтчы, себебин?
— Себеби ушул, алдагы бүркүтүңүздүн боосун чечип, томогосун шыпырып агытып жибериңиз, анан түшөм, болбосо аттан түшпөстөн, бура тарткан бойдон үйүмө кайтам.
— Ай, чунак жээн, сен билгенди мен деле билем, мунун кызыгына кызыгып жүрөм, кызыгына кызыгып жүрөм,— деп сөзүн эки-үч жолу кайталап, шашкалактай түштү. Көрсө, Кутунбектин бүркүтү «куу чегир» турбайбы, Жээни да ашкан мүнүшкөр тура түгөнгүр, көзүнө чалдыгаары менен тааныптыр. Айла канча, бир тууган жээнин кыя албай, бүркүттү ошол замат агытып жиберди Кутунбет.
Бүркүттүн «куу чегири» кара жолтой болот. Аны салган мүнүшкөр тукумсуз өтөт. Жанындагы коңшу-колоңдоруна да кесири тиет. «Куу чегири» бар үйгө конбой-түшпөй, жакындабай жүрүш керек» деген чындыкка сыйбаган ырым-жырымдар ошол доордо күч алып турган. Ал түгүл «куу чегир» салган бүркүтчүнүн бүркүтүн өлтүрүп, үйүн өрттөп, өзүн уруп-согуп кордоп, башка жакка кууп жиберген күндөр да болгон. Кутунбет байкуш бүркүтүнүн «куу чегир» экенин билсе да, эл-журтка шек алдырбай, жашырып жүргөн тура.
* * *
Арадан үч жылга жакын убакыт тез эле өтүп кетет. Күндөрдүн биринде Кутунбет баш болгон топ атчан көл башына жолоочулап баратса, Жети-Өгүздүн суусунун көлгө куя берген жээгинде тутуусу эскирген жалгыз үй тигилип турат. Үй кара жолдон бир аз обочороок эле. Үйдүн ичинен анда-санда гана шаңшыган бүркүттүн муңдуу үнү чыгат. Кутунбет ак тизгинин жыя тартып, тык токтой калды да, шаңшыган бүркүттүн үнүн тыңшады. Анан жолдошторуна жете келип:— Тетиги жалгыз үйдүн ичинде шаңшып жаткан менин «куу чегирим» экен, — деди.
— Койчу калпыңды? — жолдоштору дүрбөй калышты.
— Койбой эле, чын. — Мелдеше да кетишти.
Кутунбет айтты: «Ушул бойдон чогуу барып, тигил үйгө түшөлү. Үйгө киргенде силер сүйлөбөгүлө, мен бакылдап үн чыгара баштайын, эгер бүркүттүн башында томогосу жок болсо, кирип барганда эле мени көздөй жулунат. Эгер томогочон болсо, үйдүн ээси бардыр, боосун чечип кой дейли. Мен силердин жогору жагынарга олтурайын. Менден ылдый карай катарыңар менен силер олтургула. Анан бириңерден сала бириңерди аттап жүрүп олтуруп балпаңдап баскан бойдон, үн чыгарып сүйлөп жаткан мага келип токтосо, токтомок түгүл, секирип чыгып, жоон саныма келип консо — менин «куу чегерим» болсунбу?»
— Болсун, болсун! Андай болсо эле сенин «куу чегириң».
— Анда сага жыгылдык, уттуң!
— Ошондой болбой калса, атыңан ажырайсың!
— Ажырайын.
Топ жолоочу дабырата бастырган бойдон жалгыз үйдү тегеректей тартып, аттан ооп түшүп калышты. Эшик ачып, чубап кирип келишсе, бүркүт томогочон капшыттагы туурда олтурган экен. Бүркүттөн жогору — үйдүн оң капшытында орто жашап калган көк ала сакал карыя куш жаздыкты чыканактап, кырынан жатыптыр. Буларды көргөндө: «Ии, келгиле, балдар, төргө өткүлө» деп, ордунан баш көтөрүп, козголо берди. Жолоочулар саламдашып, үй ээси менен бир сыйра кол алышкандан кийин карыянын жөн-жайын сурап, Кутунбет бакылдап сөзгө кирди. Жолдоштору менен мелдешип калганын айтты. Ошол учурда бүркүт туурдан жерге түшүп, төрдөгү олтурган элди бет алып, талпына баштады. «Андай болсо» деп үй ээси бүркүттүн боосун бошотуп койду. Баятан бери талпынып жаткан бүркүт отургандардын улам биринен өтүп олтуруп, Кутунбетке жетип токтоду. Токтомок түгүл, анын оң жаккы санына секирип конду. Анан каңшаарлуу тумшугун Кутунбеттин көкүрөгүнө, ийиндерине кайра-кайра жана баштады. Кутунбет: «Дидаарлашып, жүз көрүшкөнү жаткан тура» деп бүркүттүн томогосун шыпырып алды. Анан бүркүт көпкө чейин ормоңдоп, Кутунбетти тиктеп турду.
Жолдоштору Кутунбеттин мүнүшкөрлүгүнө, бүркүтү жедеп эле аны менен ата-бала болуп калганына бир чети таң калышты, бир чети ыраазы болушту.
Үйдүн ээси Кутунбетти тааныйт экен. Көрсө, ал киши алгыр канаттууларга тор жайган атактуу саятчы тура. Мындан он чакты күн мурун торуна түшкөнүн, ошондо эле «бул бүркүт Кутунбеттики болуп жүрбөсүн» деп шек алганын отургандарга айтып берди. Ал түгүл: «Бүркүтүңдүн үнүн таанып келген экенсиң ээ» деп Кутунбетти жылмайып карап койду.
ТАКАНАК
Бул окуя Ысык-Көлдүн тескей Ала-Тоосунда мындан 80—90 жыл мурда өткөн экен. Ошол жерде жашаган элден Жоробек аттуу бир жигит өзүнүн бөтөнчүлүгү менен көл бооруна даңазасы тарап, атагы алыска кетет. Жоробек барып турган көзгө атар мерген, ашынган мүнүшкөр, чебер капканчы, теңдеши жок баамчыл, акылман болот. Аны жайдыр-кыштыр кырк-элүү түтүн жардылар ээрчип, көчсө көчүп, консо конуп, тегеректеп жүрүшөт. Анткени, Жоробек өз өнөрү менен тиги топорлорду тоюндуруп, багып жүргөн азаматтын азаматы экен.
Бир жылдарда Жоробектин айылы Тескей Ала-Тоосундагы «Алтын-Арашан» капчыгайын кыштап калды. Чыкылдаган кышкы суук күчүнө алып, түкүргөн түкүрүк жерге муз болуп түшүп турган кез. Кошуналарынын баары кечкисин Жоробектикине чогулушуп, жок-жардысын билгизбей күлүп-каткырып, бака-шака түшүп, өткөн-кеткендер тууралу кеп салышып, көңүлдүү олтурушат. Береке Жоробектин кара алачыгында. Казан додо кайнаган кайберендин эти. Асман чайыттай ачык. Үркөр жамбашка келип, ай төбөдөн оогон. Бир кезде отургандар тамагын ичишип, эшикке жабыла чыгышты. Эл менен Жоробек да чыкты. Жоробек «Алтын-Арашан» капчыгайы тараптагы апай бетти бир карап алды да, көпкө чейин тиктеп калды. Анан таң калгандай: «Оо, шумдук! Асмандан тилегенди жерден берет деген ушу. Текестин кызыл калтары биздин жерге ооп келген экен го» деп койду. Жоробектин жанындагылар бирпастын ортосунда дүрбөлөңдөшүп, анын жанына чогула калышты:
— Эмне деп жатасын, Жоке?
Биринен сала бири шашып, Жоробектин жанын койбой жабалакташты. Жоробек:
— Баары бир мен көрсөткөн менен силер көрө албайсыңар, Эртеңден баштап бул тарапка ууга чыкпайбыз. Кызыл калтар жерибизге байырласын. Муну шашпай колго түшүрүш керек. «Кимде ким кызыл калтарды кармап, мага терисин алып келсе, тулубун толтура дилде берем» деген Текестин бегинин жардыгы бар. Ошого тартуулап барып, айыл боюнча туйтунабыз, — деди.
— Муну кантип кармайбыз, Жоке?!
— Муну алса эле Жокемдин өзүнүн Ак куйругу алат.
Жоробек жабалактагандарга шашпай туруп, салмак менен жооп кайтарды:
— Жок. Муну менин Ак куйругум алалбайт. Ал карышкыр, каман, эчки, теке алганы менен, калтардан сүрдөйт. Калтардын сүрү башка айбанаттарга караганда бөтөнчө болот. — Анда кандай кылабыз?!
— Муну алгандай, мен билгенден, көл өрөөнү боюнча бир да кыраан бүркүт, бир да алгыр тайган жок. Биз көргөн сонун тайган, бүркүттөрдүн баары купулума толбойт. Тайгандар тиш сала турган болуп, жуп жакындаганда калтардын жылтылдаган бермет жүндөрү көзүн чагылыштырып, уялтып жиберет, анан тайган адашат да калат.
— А бүркүтчү?
— А... Ал эми бүркүт болсо калтарды куушурулуп келип жуп шыпырып аларда, калтар кереп туруп мант берип кетет. Күү менен келген бүркүт же ташка тийип өлөт, же жер кучактап олтуруп калат.
— Жатагына капкан таштасак кантет?!
— Жок. Бизден да калтар акылдуу. Капканды алда кайдан билет. Баспайт. Чакытып кетет.
Ошентип аны айтып, муну айтып Жоробектн тегеректеген элдин айласы кетти. Бир кезде Жоробек: «Муну бир тиштесе «Таканак» деген тайган тиштейт» деди.
— Таканак кайда?
Таканак кайда экенин ким билсин!! Аны эл-журтту кыдырын жүрүп табыш керек.
Мына ошентип ошол түнү таң атканча кызыл калтар, аны тиштей турган «Таканак» деген тайган жөнүндө сөз болуп чыкты. Эртеси күнү эртең менен айылдагы адамдарды чогултуп, Жоробек экинчи жолу акыл бөлүштүрүп олтурду.
— Кызыл калтарды, — деп сөз баштады Жоробек, — тагдыр бизге буюрган. Муну быякка ажал айдап келген. Биз сөзсүз кармайбыз. Аны үчүн үчөө-төртөөңөр мени ээрчигиле. Эл-журтту арытып, Таканакты изденбиз. Мында калганыңар түн уйкуну, күн тынымды коюп, биз келгенче ит-куш, мал-салды «Алтын-Арашан» тарапка бет алдырбай, кезектешип карап тургула.
Алар бир жума бою көл айланасын түтүнмө-түтүн кыдырып чыгышты. Издегендери — Таканак. Акыры айласы кетип жадаганда, Кочкор багытын карай бурулушту. Топурак-Белди ашып, Орто-Токой тарапка бет алышты. Токойго кире бериш жердеги калын чийдин арасынан тайган чалыш жылаңач ак төш сары ит жок издегендерге жолукту. Ит тиги дабыратып жарыша чаап келаткан топ кишилерден чочулап, куйругун кыпчып алып, анда-санда артын карап «каңк» деп үрүп-каңшылаган болуп, токойдун калың жерин көздөй созолонду. Жоробек: «Болду-болбоду Таканак ушул» деди. Алар ошол алдынан качкан ак төш сары итти зымырата кууп келатышты. Ит качкандан качты. Закымдагандан закымдады. Акыры жүрүп отуруп токойдун арасындагы түтүнү көккө оргуштаган жалгыз кара алачыкка барып бир тийди. Анан аркасын үйдүн кырчоосуна жөлөп сороюп олтуруп алып, тиги артынан жете келген куугунчуларга айбат кылып, арсылдап үрүп турду. Үстүндө үйрүп салар кийимдери жок куур курмушуга оронгон чөбүрөгөн үч-төрт бала биринин артынан бири чубап, ошол кара алачыктан эшикке чыгышты. Ал-аңгыча үйдүн оң тушундагы камыш аралашкан чычырканактуу түнт токойдун жээгиндеги жекендерди шуудуратып, бети-башын карала-торала кылып көө баскан тегерек кара сакалы бар, орто бойлуу киши чыга келди. Белиндеги көтөрмө куруна кыстарып койгон узун саптуу чоту, түлөгөн атандын чуудасындай жүнү самсаалаган мата чапаны, бутундагы тамандалган кийиз чокою менен башындагы баса кийген тери малакайы бул адамдын кесиби көмүрчү экенин даана эле айгинелеп турат.
Ат тизгинин жыйып, эшик алдында тура калган Жоробектер тиги карыяга ызаат кылып, салам айтышты. Баятан бери үнүн баспай каңкылдап үрүп жаткан ак төш сары ит карыянын «чык» деген үнүн уккандан кийин, мындан аркысын өзүң көздөп ал дегенсип жаагын басып, акыркы жолу «күңк» этип койду да, тумшугун колтугуна катып, үйдүн оң капшытына тоголоктонуп жатып калды. Карыя тиги жигиттер менен учурашкандан кийин ачуусу келгендей бир аз сурданды:
— Балдар?! Кебетеңерге караганда токтолуп калган азаматтардан көрүнөсүңөр. Орду жок көпкөн жигиттерге окшоп ит кууп жүргөнүңөргө жол болсун?
Жоробек жолдоштору менен ала-сала уяла түштү. Анан кечирим сурап, жумшак жооп кайтарды:
— Аксакал, кечирип коюңуз. Ээси жок жолбун ит го деп кубаладык. Бул ит сиздин ит экенин үйгө келгенде билдик. Жолбун болсо ит кылып алсакпы деп ойлодук эле. Эми аксакал мынча болду ушул итиңизди бизге бериңиз.
— Эмне үчүн?.. Бул иттин силерге эмне кереги бар?
— Керек аксакал! Колкосун беребиз. Сизди кур таштабайбыз.
Карыя таң калгандай бул жигиттерди көпкө тиктеп калды. Тиги үйдүн кырчоосуна жөлөнүшкөн кайсынысы улуу, кайсынысы кичүү экени билинбеген, бакыракай көздүү, чодурайган балдары да бул жигиттерден чочулагансып, бирде атасын, бирде тигилерди тиктеп, үн чыгарышпай бири-бирине жөлөнүшуп турушту. Карыя ары-бери күйшөлгөн болуп, анан тамагын жасап сөзгө келди.
— Алгыла! «Итти сураганда бербеген жаманатты болот» деген кеп бар. Эки жагыбыз тең сөзгө калбайлы. Мен ушул токойдон көмүр өчүрүп сатып оокат кылам. Өткөн жылы мынабу балдардын энеси каза болгон. Ушул үрүп чыккан сары итимен бөлөк бир жандыгым жок. Эптеп жетимдерди тал, чычырканактын көмүрүнүн аркасы менен багып турам. Иттин колкосуна эмне берип, эмне койсоңор, өзүңөр билгиле, мырзалар?
Карыянын колдору дилдиреп, бүткөн бою калтырап, жаман чапанынын этек-жеңи делбектей түштү. Ал аялынан ажырап, тиги кызыл чиедей жаш балдары жетим калганына, өзүнүн итке минер томаяк экендигине, эптеп эле өлбөстүн күнүн көрүп турганына ичиркенип кетти белем. Анан дагы Жоробектерден айбыккандай, итин карап туруп, каргылданып сүйлөдү:
— Түнкүсүн үрүп, күндүз үйгө жолобой курт-кумурска терип, жойлоп кетет. Кайда болсо жалгыз үй кишиге кара-жоро болот экен. Эми силерге окшогон азаматтар анчалык кадырлап сурап келгенден кийин ит курусун!
Жоробек карыянын шар кеткен ачык-айрым сөзүнө кубанып, азырынча итиңиздин колкосу ушу болсун деп жанындагы жолдошторунун атынын бирин көмүрчүгө алып берди. Атынан ажыраган жолдошун учкаштырышып, тиги ак төш сары итти мойнунан байлап алып Жоробектер жолго түштү. Көмүрчү карыя аттын жалынан кармаган боюнча, азыр эле көз алдынан өткөн окуянын түш экенин же өңү экенин ажырата албай, алардын артынан карааны үзүлгөнчө тиктеп калды.
Жоробектер күндөп-түндөп жол жүрүп, көл башындагы айылына жете келишти. Келээр менен айыл-апасы бүт чогулуп, тигил жылаңач ак төш сары итти тегеректеп калышты. Бул кабар көл айланасына тез эле тарады. Кулагы угуп, көзү көргөндөр, аттуу-жөөлүү болуп Жоробектердин айылына келе баштады: «Тескей Ала-Тоосуна Текестин кызыл калтары ооп келиптир дейт, муну тиштей турган тайганды Жоробек тааптыр дейт. Аны палан күнү калтарга агытат экен дейт» деген сөздөр узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кетти.
— Кана Жоке, Таканакты качан агытабыз?
— Эртеңби, бүгүнбү?
— Калтарды качан тиштетебиз? — ушундай сөздөр Жоробектин кулагынын кужурун алды. Тынчын кетирди.
Бир күнү дүрбөгөн элге Жоробек: «Мен Таканакты кишиге көргөзбөй бир ай байлап, таптаймын. Антпесе Таканак кызыл калтарга жетпейт. Аны тиштей албайт. Бир айдын ичинде үч жолу кар жаайт, үч жолу асман ачылат. Кызыл калтар ошол үч жолку карга тең оонап жүндөрүнүн учундагы өңүн кулпунткан ак бермет, кызыл бермет, кара бермет деген үч берметин жетилтет. Анан ошондон кийин тиштетем» деп, күн сайын ат тезегин кургатпай тынымсыз келип жаткан элдин демин басты. Топтошкон көпчүлүк үн-үйлөрүнө тарап, өзүнүн үркөрдөй болгон кошуналары менен Жоробек айылында калды. Эл арасында эки кишинин башы кошулган жерде: Жоробек, Таканак, кызыл калтардын кеби.
— Таканак табына келди. Эртең жок, бүрсүгүнү таңга маал кызыл калтарга аттанабыз, — деп Жоробек айлындагы азаматтарына кабар кылды. Жоробектин жолдоштору суутулган аттарынын куйруктарын чарт түйүп, айткан күнү таң атпай келишти. Жоробек баш болгон топ атчан Таканакты жалаңдатып ээрчитип, Алтын-Арашан өрөөнүндөгү бөксөгө чыгышты. Артуудан артуу, белден белди арытып, көп жол жүрүштү. Күндүн нуру тоо-тоонун чокуларын аймалап калган кезде акыркы бир белестин кайкысына Жоробек мурун чаап чыгып, ат тизгинин жыйды. Эртең мененки суукка карабай, катуу жүргөндүктөн Жоробектин алдындагы атынын үстү ак бубактанып тер басып, үстөкө-босток булоолонуп жатты. Эки таноодон чыккан ысык буу кош ооздун түтүнүндөй бурт-бурт атылып, улам бир орунда тыным алалбай, ары бери тыбырчылап, курч туяктары менен кайкыдагы каткан карды кычырата басып, жер чапчып, секирип турду. Аңгыча артынан жолдоштору жете келди. Жоробек ат үстүндө туруп, оң колун чекесине кабактантып, аркы өйүздөгү караган-черди тиктеди да: «Калтар жатагында жаткан экен» деп койду, Жоробек менен тең жарыша чуркап чыккан Таканак лып деп боору менен жерге жабыша калып, узунунан түшүп, комдонду да, бет маңдайындагы чалкайган жайык беттен эки көзүн албай, кош кулагын тикчийткен бойдон кадалгандан кадалып, тиктегенден тиктеди.
Жоробек атын моюнга салып, артын көздөй бурулду. — Жүргүлө үйгө кайтабыз?
— Эмне үчүн?
— Калтарды кубалатпайбызбы?
— Жок. Кубалатпайбыз.
— Бул кандай кеп?
— Таканак калтар менен тиктешет.
— Качанкыга чейин?
— Ким билет. Күнүгө бир маал келип, карап кетебиз. Балким эки күн же үч кун тиктешер. — Жоробектин жолдошторунун ындыны өчүп, ысыган илеби сууй түштү. Баштарын шылкыйтышып, үйдү көздөй кайтышты.
Ошентип Таканак комдонгон боюнча катты да, калды. Элге: «айттын болоорунан да болоту кызык» дегендей, качанкы Таканактын кызыл калтарды тиштегенинен да тиштебейти кызык болуп жатты.
Күнүгө бир маал Жоробек баштаган топ жигит Таканак жаткан кайкыга келип кетишет. Таканак бир калыпта, ордунан козголбойт. Көзүн жумбайт. Аркы өйүздү тиктегени тиктеген. Үчүнчү күндү өткөрүп, төртүнчү күнү таң ата дабырттап чаап барышса, жаткан ордунда Таканак жок.
— Эгер мен Таканакты жакшы таптасам, кызыл калтарды дал ушул кайкыга кууп келип, бүгүндөн башка үч күндө тиштейт. Кокус орточо таптасам алтынчы күнү тиштейт. Соодур, начар таптасам тогузунчу күнү тиштейт. Азыр алар куушуп кеткен экен. Жүргүлө, үйгө кайталык — деди Жоробек. Ээрчиген жигиттердин айрымы өз оюнда: «Ай ким билет... Таканак кызыл калтарды кубалабай эле курсагы ачканда Орто-Токойдогу көмүрчү чалдын үйүн көздөй салды го» деп Жоробектин сөзүнө ишене бербеди.
Арадан үч күн өттү. Жоробектер баягы кайкыга келишти. Эч нерсенин шеги жок. Андан кийин үч күн өткөрүп туруп дагы келишти. Таканак баягы мурунку ордунда Алтын-Арашан шаркыратмасын тиктеп, эки көзүн кызартып, комдонуп жатат. Жоробектерди көрөрү менен оозу-башын жаланып, куйругун эки капталына алмак-салмак чапкылап, кулагын жыйырып шыйпалактап, башын ары-бери чайкап, бураңдады.
Алардын алдынан тосо эркелеп, кыңшылап жиберди.
— Кайран Таканак тиштеп койгон тура, — деди Жоробек.
— Кай жерде?
— Тиги күрткүгө көөмп салган турбайбы.
— Кызыл калтар өзүбү, Жоке?
— Өзү эмей анан?
— Баракелде.
— Деги Таканактын тиштегени чынбы? Жоке?..
— Анан эмне мени тиштеди деп турасыңарбы? ..
Жоробек кыт-кыт күлүп, жадырап-жайнап кубанып, атынан ыргып түшүп Таканакты ээрчий басты. Таканак будаланып калган күрткү карды алдынкы эки буту менен алмалап эше-эше тартып жиберди. Кардын арасынан калтардын куйругу чыга түштү.
Жоробек ээрдин үстүнөн көрпөчөсүн алды да, кызыл калтарды ороп бөктөрүндү. Көптөн бери ойлогон максаттары иш жүзүнө ашкан жигиттер үйлөрүнө жарыша чаап, тизгин учу менен кайтышты. Үйгө түшөөр менен жолдошторуна Жоробек муну айтты: «Калтарды үч күндөн кийин кечинде биздикинен көргүлө, ага чейин союп, ийлеп коем».
Айткан кечте айыл-апасы бүт чогулуп, Жоробектикине келишти. Ай караңгы. Күн бүркөк. Жоробек түндүктү тарттырып, эшикти түшүрттү. Отту жактырбай, чырактарды өчүрттү. Үйдүн ичин үч көтөргөн коңшулары уу-дуу. Үйгө көзгө сайса көрүнгүс караңгы түштү. Анан Жоробек жүктүн арасынан кызыл калтардын терисин сууруп чыкты да, тумшугунун учунан кармап туруп, силкип койду. Караңгы үйдүн ичине жылдыз чачып жибергендей, отургандар биринин өңүн бири даана көрүштү.
Эртеси эртең менен Жоробек кызыл калтарды жабык башка илди. Кирип чыккан элдин көзүнө калтар бирде кызыл бирде күрөң, бирде көгүш болуп, түркүн түстө кубулуп турду. Тумшугунун учунан кармаса жүнү куйругун көздөй, куйругунан кармаса тумшугун көздөй бермет чачып жапырылат. «Баракелде! Калтар болбосоң коё кал!»
Барыш-келиши туура алты күн жол жүрүшүп, Жоробектер Текестин бегине келишти. Самаганын алып, кайра айылына кайтышты. Ошол кызыл калтардын баасы менен Жоробектин коңшулары бүт оокаттанышты. Эл катарына кошулушуп кетишти.
Кийинчерээк баягы Орто-Токойдогу көмүрчү карыяга төө баштаган бир тогуз жеткирип беришкен экен.
Жолдоштору Кутунбеттин мүнүшкөрлүгүнө, бүркүтү жедеп эле аны менен ата-бала болуп калганына бир чети таң калышты, бир чети ыраазы болушту.
Үйдүн ээси Кутунбетти тааныйт экен. Көрсө, ал киши алгыр канаттууларга тор жайган атактуу саятчы тура. Мындан он чакты күн мурун торуна түшкөнүн, ошондо эле «бул бүркүт Кутунбеттики болуп жүрбөсүн» деп шек алганын отургандарга айтып берди. Ал түгүл: «Бүркүтүңдүн үнүн таанып келген экенсиң ээ» деп Кутунбетти жылмайып карап койду.
#12 24 December 2015 - 07:38
КАШКА АТ. КАРАГЕР ЖОРГО
Супатайдын энеси Уултай — казак кызы. Казак болгондо да кайсы жердин казагы экендиги белгисиз. Аны Уултай өзү да билбейт.
Атасы Түкө түбү тууган, ары бай, ары эл башкарган манап Байзактын колунда оту менен кирип, күлү менен чыгып, кырк жыл өмүр сүргөн. Кырк жылдын ичинде Түкөнүн көргөн ар бир күнү бири-биринен айырмасы жок эле. Турмуштан, жашоонун ырахатынан жедеп түңүлүп, күдөрүн үзүп калган Түкөгө — жоо чаап, жортуулдан келген айлындагы бир «баатырдан» жанагы Уултайды Байзак соогатка сурап берген. Уултай ал кезде он беш жаш курбалдагы кыз болучу. Түкө Уултай менен бар болгону он жыл жашап, анан түбөлүккө көз жумган. Андан жалгыз эркек Супатай калды. Түкө өлгөндө беш-алты жашар болчу.
Уултай өзүнө теңтуш, ыктуу бирөө менен кол кармашып, Супатайды жетимсиретпей, өгөй да болсо аталуу кылып асыраса болмок. Антейин десе, колунда жок бечара, эркек мүнөздүү, өңү серт, этегин тартып ээрчиген жаш баласы бар аялды ким деген даап алат?..
Супатай кагылып-согулуп адам катарына кошула баштаганда Байзак өлүп, анын ирегесинен куйрук үзүп бөлүнүп чыгышты. Супатай улам бой тарткан сайын туруктуу, эстүү, токтоо, турмушту бат үйрөнгөн жигиттерден болду. «Жер адамдын эмгегин жебейт, байдын көзүн карап жүрүп жарыбадык уулум, эми дыйканчылык кылып көрөлү» деди Уултай Супатайга. Ошондон баштап «жатакчы Супатай» атыгып, мурункуга караганда куру дегенде курсактары жармага кенелип, ирдене башташты.
Супатай жыйырмадан ашканда, Калыйча аттуу жетим кызга үйлөндү. Калыйча тың келин болду. Этегинен жалгап эркек төрөдү. Мурун өз баласынын атын өзү койгон Уултай, небересинин атын да Суртай деп өзү койду. Ошондон тартып Уултай эненин үшкүрүгү басылып, өткөнүнө өкүнбөй: «Элим, жерим, калдайган казак журтум, акем, шешем, Супатай, Суртай баурум» деп боздогонун токтотуп, муунбагандай жакасын кармап, каниет байлап калды.
* * *
Илгери Уултай Байзактыкында жүргөндө жалаң отун алып от жакпастан, көнөк алып бээ да саачу. Жайкысын кудайдын куттуу күнү таң үрүл-бүрүлдө туруп, жыңайлактанып эки этегин кайра салып, белин жип менен буунуп, жайлоонун чучукка жеткен шыргалаң суусун кечип, кар аралаш шүүдүрүмдү басып, өрүүнү өрү дебей өйдөлөп капталдап, жүрөгү түрсүлдөп, көкүрөгү ачышып, өлө-тала күйүгүп олтуруп төрдүн кылда башына чачырай жайылып кеткен жылкыларды,
атчан жүргөндөй тобу менен дүбүрөтө сүрүп, кыйкырык салып желге айдап келчү да, алдынан чуркап чыккан Супатайдын колунан нокто-чыктаны алып, кулундарды чап дедире ыйык жалдан сермеп козудай жетелеп келип желеге байлоочу. Ошондо Супатай энеси менен кошо кулундарды кармашып, эки жагында эки мамысы бар кериле тартылган желеге кулундарды ноктосунан тээктешип, андан кийин да тынбастан керели кечке желе боодон алыстап оттогон бээлерди тызылдап чуркап чогултуп, жыңайлак бутун кулундардын курч туягы сыйра басканына карабастан бээлерди саадырчу. Уултай көзүнө үйүр алган жалаң байдын жылкысы эмес, ошол айылдын жылкысын бүт (бирин калтырбай), ал түгүл конуп кеткен коноктордун,
суусун ичкени түшө калган ары-бери өткөн жолоочулардын аттарын да, жоготуп жиберип чала таанып бүшүркөп турган адамдан бетер, көпкө чейин тиктеп калчу. Кай бир учурда Супатай көнөктү карысына илип күбүрөп басып келаткан энесинен:— Апа, ким менен сүйлөшүп баратасыз? — дегенде:
— Ким менен сүйлөшөйүн, каралдым. Байдын жылкыларына көз чаптырып.
— Арасында жорго, күлүгү барбы?
— Болсо сенден жашырат белем.
Ар жыл сайын байдын бээлери кырк-элүүдөн ашып тууйт. Жылыга Супатайга бир кулун энчилеп коюп, тай бөлүнгөндө аягын созуктуруп кетет. Супатай бири-бири менен тиштешип оюн салып, энесин тегерене чуркап жүргөн татынакай кулундарды көрсөтөт:
— Апа?! Бай кулунду ал десе, момунусун алайынбы?
Уултай шашпай, кебелбей туруп:
— Күлүк кайда-а балам... Байдын өрүшүнөн анчалык атанып чыкчусун көрө албадым. Жөнөкөй гана саны өсүмдүү бодур жылкылар, — деп койчу.
* * *
Кеч күз болуп, дың сууп, суук түшүп, жылкычылары кыштоодогу журтуна көчөөрдүн алдында Байзактын байбичеси Уултайды чакыртты. Демейде «беркелчи» дебеген байбиченин оюна кандайча түшүп калдым. Деги бир чагым болбосо экен! Балдарыма залалы тийбесе эле болду». Дал ушундай ойду ойлонгон Уултай туталанып, жүрөгү опколжуп, бүткөн боюн калтырак басып жедеп көп кагуу жеп жүрүп жилкини түгөнгөн шордуу, байбиченин ирегесине араң баш катып, баягы-баягы жылдарда (ушул үйдүн оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрчү жылдарда), өзү отуруп от калап, күл чыгарчу коломтонун жээгиндеги эски ордуна кылмыштуу кишидей басырынып жатып араң жылып жетип, көйнөгүнүн этегин кымырынып, жүйүртө басып отурду.Байбиче Уултайды жылуу кабыл алды.
Кылы күбүлүп калган кундуз ичигин желбегей жамынып, чыгданына жакын олтурган байбиче эки этегин кымырынып оң солуна күйшөлгөн болуп тамагын жасады:
— Уултай балам! Өрүм чачтарың жана элек, саамайчан кыз экениңде колума келдиң. Тукө бечара да байымдын учугуна кара санабай пейли, ак дили менен кызмат кылып жүрүп өлдү. Эми кудайга шүгүр де. Сен да азыр жаман болгон жоксуң. Балалуу болдуң. Келиндүү болдуң. Дагы бир жаман чүрпөлүү болупсуң. Боосу бек болсун! Кечээ түйдөк чач кичинекей жүдөгөн келин кезиңде сени менен тезекке бирге барган курбуларың: «улуу тоонун ары жагын тиктеп, мойнун созуп улутунуп ыйлай берет» деп айтып келишчү. Эми ал ыйыңды ташта. Ургаачынын эли-журту башка, эли жериңди эстебе «унут — деп акыл насаат айта баштаганда Уултайдын эдени эзилип, байбичени ажарлуу жүзү менен карай берди.
— Бүгүн сени чакыртканым Уултай, бай жарыктык өлөр алдында «Супатайга бир тай бергиле» деп керээз кылып кетти эле. «Өлгөндүн сөзүн тирүү сыйлабайт» болуп, ошондон ушул күнгө чейин бере албай келатабыз. Ал, сан кара боз коюнун четинен бөлүп алдына салып айдап, ортосу чуңкурайып күтүрөгөн саралалуу сан жылкысынан бирин минип, бирин коштоп, көз тайгылткан көрктүү асыл дүйнөсүнөн кош атанына сылай артып кеткен жок. Жалган дүнүйө деген ушул экен, Уултай?! Адам өлгөндө бул куураган куу дүнүйөнүн пайдасы тийбейт тура. Өлгөндөн кийин баарыбыз ошобуз да. Мына, сени чакыртып олтурган себебим ушундай, Уултай. Өткөн-кеткенди айтып, тирүүчүлүктө ыраазылашалы, кечиришели. Кудай арбакты эске алып, байдын оозунан чыккан карызынан кутулайын. Баягы Супатайга берем деген тайын берейин. Уултайымды баласы менен ыраазы кылайын, бизге бала-бото болуп калбады беле деп чакырып олтурам.
Байбиче Уултайды тиктеп бир аз буйдала түштү да, сөзүн кайра жалгады:
— Эртең жылкы кыштоого кеткен жатат. Супатай экөөң эртең менен эрте келип, жылкы ичинен бир тай кармап кал.
Уултайдын эки бети анардай кызарып, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти. Кайра-кайра алкышың айтып, кайра-кайра башын уруп жүгүнүп жатып, байбиченин үйүнөн чыкты. Эртеси күндүн нуру жерге чачырай электе, нокто колтугуна кыскан Супатай, энеси экөө ээрчишип байдын жайнаган жылкысынын четине келишти. Укурук сүйрөткөн үч-төрт жылкычы жылкыны имерип турушат. Ар жактан кундуз ичигин желбегей жамынып, буттарын аярлап шилтеп, чарчысы чыгып очойгон байбиче жылкынын жанына жакындап, жылкычыларга жең учун булгады.
— Мынабу, бечараларга баягы жээрде тайды кармап бергилечи, өткөн түнү бай түшүмө кирди, арбагынан айланайын жарыктыгым. Уултай менен Супатайды оозанып жатыптыр. Таң супа салып калган экен. Касиетиңен айланайын жарыктыкка багыштап куран окудум.
Жылкычы жээрде тайды бет алып маңдайынан түптүз басып барып, мойнунан кучактап кармады. Жылкы кыялданып моюн буруп, көчүк салган жок. Уултайдын тайдан эки көзү өтүп, жылкычы жанына жетелеп келгенче: туягынан тумшугуна чейин, куйругунан жалына чейин, бат-бат көз жүгүртүп жиберди. Супатайдын ою чүрөктөй кооз тайларда болчу. Ичи күйүп энесине тыбырчылады:
— Апа, башкасын сурайлы.
Уултай баласын чыканагы менен акырын укуп койду.
— Унчукпа!
Байбиче Уултайдын жанына кышылдап басып келди;
— Уултай, балам. Байдын өрүшүн өмүрүндө эч бир жан: жайыттан жылкысын, желеден уюн, короодон коюн аралап, малынан мал тандап кармаган эмес экен. Аны сен менден да жакшы билесиң балам. Таалайына буюрганын ал.
— Ооба, байбиче! Байдын өрүшүн аралабай калайын Бергениңизди алам.
— Ошент, Уултай балам. Үйүнө барганда байдын арбагына атап куран окуп койгун?
Уултай тайды алып келери менен эшигинин алдына мамы кагып орноттурду. Төрт аягын араң кыбыратып келген жээрде тай бийик мамыга аса байланды. Келини Калыйчаны, эс тартып чоңоюп калган небереси Суртайды чакырып, Супатайын маңдайына каратып олтуруп, жээрде тайдын жөн-жайын айта баштады.
— Балдар, кудай бизге берди! Баарынан да бул жээрде тайдын ургаачы болгону жакшы. Бул тай байдын өз жылкысынын тукумунан эмес. Сөөк тамырдан аза-бата жентекке келген малдарынан көрүнөт.
Уултай бир аз токтоло түшүп, анан маңдайындагы мамыда турган жээрде тайга кол сунду:
— Муну байкагылачы, баш сөөгүндө бир кесим эт жок, кийик баш, как элес. Анык күлүктүн башы. Эки көзүн кара, булактын көзүндөй туптунук, ботонукундай жайнайт. Жаныбардын ак жолтой болчу маңдайы бар экен. Жалын кара, азырынча уяң жал. Бала жүнү түшө элек. Мунун жалын эки жылдан кийин көр. Кундуздун кылындай жалтылдап чыга келет. Далысы билинбей келип өркөчкө жабышканын. Таза, нукура күлүктөрдүн далысы өркөчкө жабышып турат.
Уултай эне сөзүн бүтүрдү. Өмүрүндө кыл куйрук күтүп көрбөгөн келин-уулу өрүшүнө миң жылкы салгандай кубанычка батып, чечекейлери чеч боло жээрде тайдан көзүн алышпады.
***
Эки жыл өттү. Жээрде тай кунанынан быштыга карады. Сөөктүү, чалышынан келген шадылуу заңкайган зор бээ болду. Ошол жазда Уултай эненин айтуусу боюнча Супатай бээни Мүсүраалы байдын карагер айгырынын үйрүнө кошуп, жайлоого чыгарып жиберди. Келерки жазда туңгуч байтал эркек карагер кулун тууп берди. Кулундан кыйтың-куйтун жүрүш чыкты. Торолгондон тартып Суртай жоошутуп, үйрөтүп минип алчу болду. Неберисинин бул жоругуна Уултай эне жетине албайт. Эртели кеч көрүп кубанат. Анан кайра-кайра эркелетет.
— Карааныңдаң кагылайын, карааныңдан! Каралдым! Тай мингенге жарап калган тура, кулунум...
* * *
Экинчи жылы жазда Уултай бээни Калыгулдун жээрде кашка айгырынын үйрүнө коштурду. Калыгул анча бай эмес — оокаты өз алынча адам эле. Калыгулдун жээрде кашка айгырынын башы кайдан келгени белгисиз. Уултай муну жакшы жылкынын тукуму дечү.Кыш өтүп, кийинки жазда, маңдайындагы кашкасын кол менен боеп жасагандай, төрт буту ичке шыйракка чейин апаппак, адам кирдүү колу менен сыйпагыс, таптатынакай чабдар кашка эркек кулун тууп берди жээрде бээ.
Жээрде бээден чабдар кашка кулун туулгандан тартып, Уултайдын мүнөзү өзгөрдү. Үшкүрүнүп, басса-турса өзүнчө күңгүрөнүп, жалгыздап кобурап сүйлөй берчү болду. Эки-уч маал жээрде бээнин кулунунун жанына келип, анын эмгенин, оттогонун, оюн салганын далай жерге чейин жүгүрүп кетсе, артынан кишенеп, жээрде бээнин чуркаганын көрүп, анан өзүнүн энесин эске түшүрөт. «Байкуш энем! Мен жоголгон күнү далай жерге чейин буту-бутуна тийбей, жүрөгү жарылганча артыман ушинтип жүгүргөндүр ээ?!. Качан буттары ирмелбей калганда бети менен көмөлөнүп жер кучактап жыгылгандыр. .. Жедеп, жетпей өксүп, менден биротоло ажырап калганын билгенден кийин өксөп-өксөп, боздоп-боздоп, беттерин апчып, чачтарын жулгандыр ээ».
Буркурап боздоп, бакырып-бакырып алар эле. Бирок бул жоругун балдарына билгизчү эмес Уултай. Ушундай ойго чөмүлгөндө эки көзүнөн жаш мөлт-мөлт тамчылап кетчү.
Кийинки жылы да жээрде бээни кулунун ээрчитип Калыгулдун кашка айгырынын үйрүнө кошуп жиберишти. Эл жайлоодон ылдый тартаарда; уу коргошун, ай балтыркандардын башына күчү чыгып калган мезгилде жатакчы Супатайга жайлоодон: «Кара-Колдон Калыгулдун кашка айгырынын үйүрү бүт ууланып, ошончо жылкынын ичинен баягы куюшканы жок, Супатай жатакчынын жалгыз бээси өлүп, кулуну жетим калыптыр», деген ачуу кабар келди.
Бул кабарды Супатай эгин сугарып жүргөн жеринде укту. Алыштын жээгинде тушалуу турган карагер тайын токунуп минип, кетменин такымына кысып, үйүнө капалуу келип түштү.
— Балам, жакшы мал жанга аралжы болот. Башың аман болсун. Бала-бакыра аман болсун. Жээрде бээ эмес, ага-тууган эл журт, ата-энемен ажырап, мен деле кулак угуп, көз көрбөгөн чоочун эл, чоочун жерге келип жан сактап, минтип силерди таппадымбы? Бээ баштан садага. Андан көрө тайыңды мин да, түнү менен болсо да жайлоого жете кон. Кулунду алып кел. Жайлоонун чөбү катып калды. Ал жерде сүт эмбегенден кийин жетим кулун жүдөп калат. Бүгүн-эртеңден калсаң энесин издеп аяксып жоголот же ит-кушка жем болот.
Уултай ушундан акылын айтып, Супатайды жайлоого шаша жөнөттү. Кара-Кол, Чоң-Таш алыс жайлоо. Карылуу, жүрмөл жакшы аты бар кишиге бул жерден күндүк жок. Ошого карабастан үйүнөн бешимде бастырган Супатай тердиктин энинен чыкпаган муштумдай тайы менен Чоң-Ташка элдин алды жатар ченде жете келди. «Жарыбагыр» карагер тай не деген бышык тай. Жолду жолдото чоң аттарды артка калтырып, жарышса чыгып, кууса жетип жүрүп олтурду. Өрүдө аркалуу аттан бетер желе басып, түзөңгө келгенде кадимки жорголорчо жүрүп кетет. Жайлоого келаткандар Супатай жатакчынын карагер тайынын бүгүнкү жоругуна таң калышты.
Эртең менен сабаалуу үйгө чогулган жайлоодогу бекерпоз элдер Супатайдын карагер тайынан башташып, анын кечээки жол келаткандагы кыял жоруктарын айтып түгөтө албай жатышты. Жайлоонун шернесинин эти менен кымызына мас болуп магдыраган көпкөн «мырзалар» Супатайды эрмектешип:
— А байкуш, жатакчы. Жалгыз бээң ууланып өлүп, кудай сени төбөңдөн төрт колдоп уруп салды ээ?! Эми кулунуңду жетелеп жөнө?!
— Кымыздан көп ичпе, кудай урган кара курсак жатакчы?! Бул сага жакпайт!
— Үйүңөн ичиңе үйүр алган жармаңды байлана келсең болмок.
— А... кургур! Болду, чакта! Көп ичсең ыксырап жолдо мас болосуң.
— Кымызга чактырып уктап калып, бээси аз келгенсип тайын жоготот эмеспи!.. Бул шордуу!
— Кой... жөн койгулачы ичип алсын байкуш! Жардынын бир тойгону — орто байыганы деген!
— Дагы бир чөйчөк куйсунбу? Берчи?.. Көңүлдөнүп турат!..
— А кымыз көрбөгөн байкушум?!
Айтор эриккен көпкөндөрдүн бүгүнкү тамашасы Супатай жатакчыны ит талаган түлкүдөй тытып коё бербей жатышып, түшкө жакын араң бошотушту.
* * *
Кашка кулун канча кылган менен бир уяда жатып бир эненин эмчегин бирге соргондук кылды. Ал карагер тайга бат эле үйүр алды. Экөө бири-биринен ажырашса токтобой кишенешип, кайра жолугар замат окуранып, жытташып, тип-тик туруп эки бет боло калышып анан тизеден, ыйык жалдан тиштешип, кубалашып оюн салып ойноп калышат. Супатай эртең менен карагер тайды топойто токуп сугатка жөнөгөндө кашка кулун кошо ээрчип жөнөйт. Карагер тай аркандалып калган соң анын жанынан эки чалып, бир чалып, анан көк арпаны аралап барып, кадимки чоң жылкыларча дандын башын сыдырып оттоп кирет. Жарыбагыр десе! «Жетимдин курсагы жети кабат» деген чын, жаагы тынбайт. Арпа, сулунун камыр-сүт болгон дүмбүл башын тырсылдатып үзүп, бырсылдатып чайнап турат. Деги ушул тайдын керээли кечке бир жуушаганын Супатай көрө элек. Таң калат. Тайды тиктеп туруп: «Ушундайынан энесин жуткан тура, каапыр!» — деп ойлоно кетет.Кечинде келээр менен энеси Уултайга кашка кулундун жоруктарын Супатай кобурайт. Уултай эне баласынын сөзүнө анчалык назар салбай, курсагы жер чийип карагер тайдын артынан ээрчип келаткан кашка кулунга көз жиберип: «Ал ошондой тойбогон жылкы болот, канча кылган менен жетим эмеспи?» — деп ар жагында бирдемени билип турса да, Супатайга айткысы келбей, эч нерсе түшүнбөгөн адамдан бетер оюн бош гана таштап коет.
Супатай күз башынан жем, чөптү мол камдап алган. Кыштын катаал, жаздын катуу кармаганына карабастан карагер кунаны менен кашка жабагысын көккө өңдүү жеткирди. Даакысын эрте түшүрүшүп, көк тиштей электен мурун жылтырап түлөп, татынакай болуп жылкы сынына чыга түшүштү. Эртели-кеч карагер кунанын Супатай өзү минип, кашка тайды баласы Суртайга мингизип коет. Балада ооз жарма тай мингенден артык кандай кызык бар? Кашка тайдын жооштугу башкача. Суртай аягынан чуркап өтсө да былк этип койбойт. Ал үзөңгүгө буту жетпей, ээрдин кашынан кармап тырышып жатып эки бутун салаңдатып, сүйрөлүп олтуруп зорго араң жерге түшөт. Ошондо да кулагын жапыруу деген кашка тайда жок. Суртай кашка тайды минген сайын кубанып, тайы желип кетсе кыткылыктап борсулдап күлүп, үстүнөн жерге түшкүсү келбей, ары-бери чаап чуу коет. Далай жерге чейин узап кетип көптө анан кайрылып келет. Уултай эне небересинин жоругун көргөндө жүрөгү чыдай албай:
— Кокуй!.. Каранкүн! Супатай!.. Чакыр баламды! Эригип турган тай сүйрөп өлтүрөт! — деп чебелектейт.
Анан бат эле тайдын үстүнөн Суртайды илип алышат. Суртай көпкө чейин өжөрлөнүп жатып араңдан зорго жазылат. Тайга үйрөнүп калган Суртай күн сайын чоң энесинин мазесин алып, убара кылып кыйнай берчү болду.
Бир жагынан өзүнүн дээринде бар жылкы, экинчи жагынан багуусу жарашкан кашка тай жетим тайдай болбой бат чоңойду. Баягы жер чийген курсак тартылып, жазында кунандарды жаңылткан чоң тай болуп чыга келди. Супатай он жашка толуп ат үстүндө машыгып калган уулу Суртайга мингизип, кээде кунан чабыштарга кошуп жиберет. Бура тарткан жерден алда кайда келет. Быш этип чарчап койбойт. Күнүгө эки чапса эки, үч чапса үч чыгат. Кашка тайдын даана күлүк болоруна Супатайдын да көзү жетип калды.
Кашка тай кашка кунан болду. Жазгы көктөм менен агытмак болгон Супатайдын оюн Уултай бузду.
— Чытырга бышыр! Куу мамы кылып үйрөт.
Жылкынын табын андан артык биле албаган соң, Супатай энесинин оюнан кыңк этип чыга алган жок. Анын үстүнө Уултайдын кашка кунандан үмүтү чоң да. Муну да Супатай байкай турган. Карагер быштысын бычтырып жайлоого кеткен аттарга кошуп агытып келди да, кашка кунанды жайкы сугат жумушуна минип калды. Ушундан тартып Уултайдын эси-дарты кунанда болду.
Кунан эт алып семире түшкөнүн билер замат: «Балам, кунаныңдын ичин тарт. Суут», — деп Супатайга буйрук бере салат. Ар жумада эки күн таңашып туруу кашка кунанга өнөкөт болуп кетти. Кай бир күнү кечинде Уултай өзү минип алып түн ортосуна чейин жок болуп кетет. Таңга маал Супатай туруп караса кунанды жайдактап, булоолонтуп жетелеп жүргөн энесин көрөт: «Жарыктык! Кайда барып келди экен? Ушинтип жүрүп»... Супатайдын бүткөн бою дүр дей түшүп анан, «койчу бизди кантип таштан кетсин» — деп эсин жыйып, жайлана калат. Уултайдын кунанды түнкүсүн, айсыз караңгыда суутуп жүргөнүн кийин өзүнөн угуп, анан санаасы тынды. Көрсө, Уултай жаш күлүктү түнкүсүн жер таанытып жүргөн тура.
Кашка кунан таңашкан сайын эки көзү жайнап, сынына чыгып, көзгө толо түшөт. Кунанды таңашырган күнү, Уултайда тыным болбойт. Эл бир уйкуга кеткенче кыбыратып жүрүп, терин кургатып, түнкү сыдырымга этин муздатып, качан гана керилип, чоюлуп, силкинип, оозун ачып эстегенде илките жетелеп келип мамыга аса байлайт.
Күз кирип келди. Бул маалда ат чабыштын күчөп турма адаты бар эмеспи. Ак-Жардагы Айчубак айлында биринчи атка жүз козу сайган чоң ат чабыштын боло тургандыгы бат эле угулду. Супатай Уултайга кеңеш салды.
— Апа? Ушул ат чабышка кашка кунанды кошуп көрөлүбү?
Уултай эт-бетинен кетти:
— Ээ, айланайын. Ошол чабышка кошпой кунаныңды анан кайсыга кошосуң?
— Жаштык кылабы дейм да.
— А жаман... Жакшы ат болчу кунан, жакшы адам болчу улан жаштык кылбайт. Эртеңден баштап кунаныңдын этин тартып жемин азайт. Күлүккө ак көңүлдүк кылба. Ат чабыш чукул калыптыр го! Ага чейин үч гана суут. Жашына толо элек күлүк көп суутуу жебейт. Арпаны алты кочуштан ашырба. Тазалап, чаңын кетире жууп, сууга салып көптүрүп бер. Чабыла турган аттын таз карынына барып арпа көпсө чуркатмак түгүл ичин жарат.
Ушул жылы жазда кандуу бут болуп кеткен карагер бышты жайлоосу келишип, кенен басып, кенен оттоп жал куйругу төгүлүп, сынына чыгып суналган карагер ат болуп өзгөрүлүптүр.
Уултай «эртең ат чабыш» деген күнү кечинде карагер жоргону өзү токунду. Супатай кашка кунанга минди. Алар үйүнөн бастырып Күмүшайдын Сайынан өтүп, Бечелдин бейитине келгенде, күн эриген кыттай көлкүлдөп Сөөктүн тоосунун ар жагына кылт этти. Баратышта жай, таскак менен барышты. Бечелдин кырындагы кара дөбөнүн түбүнө Уултай баласы экөө шашпай түшүп, токумдарын оңдошуп басмайылдарын бек тартышты. Көп турбай кайра атка миништи. Уултай адегенде акырын, жайыраак жүргүзүп келип, төмөнкү түздөн баштап, кашка кунандын оозун бир аз создурду. Анан өзү чапанынын эки этегин тизеге бек кымтынып, карагер жоргонун тизгинин куушура жыя тартып, эки үзөңгүнү тең тээп, Супатайдын соңунан түтүндө созула жөнөдү. Капырай, шумдук!.. Кашка кунан го күлүк, Карагер быштыга эмне жок. Ой тобо-ой! Карандай жоргосу менен кош таноосун барылдатып таптагы жаш күлүккө жете келет. Ооздугун тиштеп башын чулгуп, бирде жанылып тоңкочуктап тизгинин тарттырбай жолдон чыгып кетип, кайра жоргосун таап, таштак как жолду жер соголору менен тарсылдата уруп олтуруп күлүктү алыс узатпады.
Супатай артына бурулуп бир жагына кыйшайып карап, чукул кирип келген энесин көрүп, анын ат үстүндө бекем олтурганын эки тизгинди сол колго тең кармап, оң колу менен камчы сүйөп, ошончолук катуу келе жатса да, аялдык кылып өйдө-ылдый кыйшайып кетип тизгин жыя койбогонуна таң калат. Анан энеси жөнүндө ойлонуп: «Апам байкуштун ургаачы болуп калганын карачы?!» — дейт ичинен.
Уултай бир кезде карагердин оозун жыйып, озуп бараткан Супатайга үн чыгарды. Жайлап калган Супатайдын артынан дуулдата жете келип, ат үстүнөн эңкейип ыйык жалдын алдына кол салып кашка кунандын моюн терин сылады. Андан кийин уулу экөө желе бастырып тең жүрүп олтурушту.
— Кунаныңда чопколонгон сасык тер калбаптыр, балам. Жайлата суутууну көп жеп, ачуу терлеринен ажыраптыр. Бүгүн көп кыйнабай сууталы. Таң атканча кезектешип, өзүбүз да уктабай, кунанды да уктатпай жетелеп чыгалы. Күлүк ат чабылар күнү үргүлөп кетсе эти жашый түшөт да, мууну бошоп, каруусу кетип, эртеси кара тер басып чуркабай калат.
Калыйча кайненеси менен күйөөсү келгенче көк жампадан алоолонто чоң калап, чайын кайнатып дасторконун жайнатып койгон экен.
Уултай отураар менен чечилип сөз баштады:
— Кудай аман коюп бала-бакыраңар менен эл ичинде эсен болсоңор, эшиктеги эки ат корооңорду койго, желеңерди уйга, өрүшүңөрдү жылкыга толтурат. — Уултай эки колун жазып бирде сыртын, бирде ичин күйүп жаткан тезектин табына кактап манчаларын бири менен бирин укалап сөзүнүн аягын созду. — Бул аттар силердин таалайыңарга жараша табылган мал болуп калды. Кудай кут кылсын, балдар? Экөөнү тең бүгүн толук сынадым.
Ошол түнү Суртайды жаткырып коюп алачыгына отту чоң калап салып, улам бири келип бири кетип, кезектешип, отко колдорун кайсашып кашка кунанды үргүлөтпөй жетелеп жүрүп таңды атырышты. Анан алдына бир боо чөп таштап ооздугун чыгарып отко коюшту. Уултай кунандын жанына, ээр токумду жазданып жамбаштап кырдана кетти. Кашка кунан чарчаганын чаалыкканын, кыйналганын билбей, кургап калган ор чөптү карс-карс эттирип күрсүлдөтүп кирди жаныбар. Асыйы толук жылкыдан бетер күпүлдөтө чөп чайнаганына кубанып, бир чети анын карылуулугуна ичинен ыраазы болуп таң калып жатты Уултай.
Айчубактын айлы. Үйлөр тоо таяна тигилген. Айылдын ылдый жагындагы кашатта элдин тилингени билинбейт. Улам үстү-үстүнө агылып келип жаткан көпчүлүк. Ырчысы ырдап, чоорчусу чоордоп жүрөт.
Күлүк аттардын куйрук жалы шүйүлүп үстүндөгү балдары шымдактай жепжеңил кийинип, баштарын ар түрдүү өңдөгү жука жоолуктар менен буунуп, биринин артынан бири чубап «Качан айдаар экен» дегенсип, илкитип бастырып турушат. Келген аттарга Супатай көз жүгүртө баштады. Тыягы Ат-Башы, Нарындан, быягы Кочкор, Жумгалдан кулак угуп, көз көргөн атактуу күлүктөрдөн калып жарыбаса керек.
Супатай баласына күлүк аттардын жайын түшүндүрдү:
— Тетиги кызыл көйнөк бала минип бараткан күрөң ат атактуу Дегенбай дегендин аты. Өмүрү чабылгандан бери байгеге Илинбей кала элек. Анын төмөн жагындагы үч аттан кийинки кызыл атты көрдүнбү? Айчубактын баласы Султандын өз аты. Былтыр Көлдө чабылып төө баштаган тогузга чыкты деп уккам. Ал эми тетиги жыландай сойлогон сары тору атты карачы? Үстүндөгү баласы сары чыптама кийип турбайбы? Бул Карачтын Сары-Кызыл деген күлүгү. Бул да атыккан ат. Бура тарткан жерден чыгып, «жылт» эттирбей жүрөт. Саяпкери мыкты көрүнөт, кыл табында экен. Кудай билет, бүгүн ушул чыгат. Анын артындагы белине жоолук курчанып, боз мата көйнөк кийген бала минип турган карагер — Кашеңчинин Карагери. Карагер ат асылчыл. Карылуу жылкы. Барганча ат айдоочуну убара кылып жолдо баспай, укурук, менен сабатып олтуруп барат. Кашеңчи Карагерин да этине келтирген экен. Жер алыс болсо биринчи байге Карагердики. Жумгал менен Ат-Башы, Нарындан да күлүктөр келсе керек. Алардын күлүктөрүнүн бирин да тааныбай турам. Бул аттардын ичинде не сонундары жүрөт, балким ошолордукунан го?
Супатай тиги күлүктөрдү көргөндөн кийин кунанын кошкусу келбей, ала көңүл болуп калды. «Байгеге илинбей калса уят болуп каламбы», — деген ойго түштү. Суртай өзүнөн-өзү туруп, атасына дем берди:
— Тобокел кылалычы, ата?! Көп болсо калып калар. Чаппасак үйгө барганда энекемен тил угабыз.
Суртайдын сөзүнө Супатай демөөр байлап, жетине албай, делебеси кызыды. Анан «Бар тобокелге» салды да баласынын оюна кошулуп, макул болду. Суртай кашка кунандын үстүнө чыкыйып олтуруп, тиги чубатуудан өтүп жаткан аттарга кошулду да шуулдаткан бойдон кетти. Ат кетээрдин алдында атактуу Калмырза ырчы жар чакырды. Курманкул кыякчы «Ат кеттини» кыл кыяк менен тартты. Жарчынын ырынан улам аттар Кескен таштан коё берилерин уккандан кийин Супатай: «Жаш кунан зоругуп, жинигип калбагай эле» — деп өз ичинен дагы бир бушайман болду.
Ат айдоочу текирең таскакка салып аттарды катуу айдады. Улам четке чыккан балдарга сөгүнүп-сагынып укуругун кезейт:
— Ой, жашабагыр?! Төбөңдү муздата чабам. Түз бастыр!
Ат айдоочуну орой, ырайымсыз адамдан тандап коёт. Анткен себеби да бар. Атты көп чапкан кээ бир кексе балдар өлчөгөн жерге жете электен мурун бура тартып качышат. Мындай балдарга ат айдоочу укурук менен сес көргөзүп улам шыкап, күш-күштөп айдап олтурат.
Аттардын артында камчы үстүнө камчы уруп Кашеңчинин карагери баратат. Ат айдоочу аны көргөн сайын улам ызырынып кыжыры кайнап сөгүнөт:
— Ушуну күлүк деп чапкан, — укурук менен сооруга бир салып баласын сөгөт. Териси өгүздүкүндөй калың карагер аны сезип койсо экен, араң эле чочко текирең, желгени бөрт-бөрт.
Аттар Ак-Жардан ылдый Күржү-Булуңга жакындаганда алдынан бет маңдай үч атчан жолоочу чыкты. Алардын бирөө чоң жал, чоң куйрук, сүттүү бээдей болгон чоң курсак жалпак карагер ат минген, тегерегин тегиздеткен бөдөнө куйруктуу сакалчан, оң көзүнүн алдында бармак басым кызыл калы бар, кара көрпө тебетейин баса кийген, пыязы боз чепкенчен толук кара киши ат айдоочуну жандап, көп жерге чейин ээрчиди. Кетип бараткан аттардан эки көзү өтөт. Карагер аттын үстүндө кош үзөңгүсүн каз тамандап тээп тура калып ээгин созуп жогору көтөрүлүп, улам бир аттан бир атка көз жүгүртүп кыдыратып суктанып карайт. Бул киши кыргыздын атактуу ат саяпкери Шергазы болчу. Ал учурда кыргызда Шергазыдан мыкты күлүктү таанып, табын билген адам чанда бирөө болбосо, көп жок. Аттар чубатууга түшкөндө токтоно албай жеңи желеп, этеги элеп болуп, аттардын тыяк башына бир, быяк башына бир чаап, жаны жай таппай тынчы кетип, тыбырчылап турма Шергазынын башынан адаты. Качан гана аттардын баарын бир сыйра көргөндөн кийин, башынан жыккан суудай жоошуп, бир орунга токтой калып, анан чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып, чекесинен мончоктоп аккан терин сүртүп эс ала түшчү. Ат кошкону да, кошпогону да, тепсетип кетчүдөй үймөлөктөшүп Шергазыдан эки көзү өтүп, үстөккө-босток аттарын теминип, «Кана Шеке? Алтын шилекейиңди чачыратчы?» дегенде, Шергазы баркылдап сүйлөп, аттардын ичине кирип чыккансып токтолбой шар айтчу:
— Бүгүн баланчанын аты чыгып келет. Андан кийин түкүнчөнүкү, андан кийин бастанчаныкы.
Катары менен жети атка чейин айтып коюп:
— Калган аттар байге аты каралдаш, опур-топурга кошулуп коюу чаңга аралашып келе берет.
Дагы кошумчалайт:
— Баланчанын аты күлүк экен, ал суутуусунан кеткен. Түкүнчөнүн атынын бир тери калган. Бастанчаныкын атынын эти семиз...
Бул эле дейсиңби? Кайсы аттын кай жерге чейин чыгып келерин, анын артынан кимдин аты жетип басарын кошо сүйлөөчү. Кээ бир ат кошчулар Шергазы тигинтип какшап айтып олтурса да, анын тилин албай:
— Эмне? Шергазы олуя болуп калыптырбы? Кудай билет, — дешчү. Далайлар анын тилин албай ээлигип, аттарын кошуп жиберип жиниктирип өлтүргөндөр да болгон эмеспи. Ошол Шергазы ушул. Шергазы Чүйдөн Кубакынын белин ашып Нарынга жолоочулап бараткан. Алдынан айдалган күлүк аттар туура чыккан соң, өмүрү ат менен көз ачып, ошого шыгын койгон саяпкер аларды таштап бастырып кете албай, ээрчиген себеби да ошол.
Шергазы илең-салаң тарткан эки жолдошун камчысынын учу менен имерип булгалап чакырды. Чоң сууну бойлоп чычырканак, жапан тал аралаш чыккан токойдун жээгине түшө калып, өлөң сазга аттарын чалдырышып көк шиберге кырдана кетишти. Шергазынын жанындагы эки жолдошу биринен сала бири суроону үстмөндөтүшүп:
— Аттарды байкадыңызбы Шеке?
— Кайсы ат чыга турган?
— Көп ат экен го?
— Элүүчө бар го?
— Кескен таш дейби?..
— Андан тиги Шамшынын кашаты.
— Аттын далайы жолдо жинигет эмеспи.
— Малдын убалынан коркпогон эл да.
Шергазы аттар кеткен жактан көзүн албай, сүйлөгөндө да ошол жакты карап берки жолдошторуна жооп берди:
— Бул аттардын ичинде күлүктөр бар экен.
— Деги Шеке, айтчы, кайсы ат чыгат?
— Ичинде бир чабдар кашка кунан баратат. Даана күлүк. Көзүм ошого түштү. Саяпкери да мыкты окшойт, саал үстүндөгү баласы кичирээк экен, жаштык кылып үзө чаап койбосо ошол кунан чыгат.
— Койчу Шеке! Жарыктык... Аттан кантип кунан чыксын?
— А... балдар, кунандын кунаны бар. Аттын аты бар. Күлүккө айла жок. Бир аз күтө туралык. Ушерге келгенде аттар бириндеп калат.
— Койчу Шеке, бастыралы?.. Бараткан жерибиз узак.
— Жок. Кичине күтөлү? Эмгиче Кескен ташка жетип калды.
Шергазы жолдошторунун шашканына болбой, көшүп олтуруп алды. Кескен таштан бери Шергазылар күтүп олтурган жердин ортосу да өзүнчө бир ат чабым. Ал эми мара кайда? Шамшынын кашаты. Аңгыча болбой төмөнкү Арсы тараптан асманга созулган чаң чыкты. Оң колун чекесине алган бойдон Шергазы ордунан ыргып турду:
— Ат келатат!
Үч жолоочу шапа-шуп аттарына минип, жолдун четине чыгып чаңдаган жакты карап калышты.
— Аттар экен?
— Келатат!
— Атаңдын көрү ээй... Бирөө алыс чыгып алыптыр!
— Тору ат экен!
— Жок, күрөң ат көрүнөт.
Үч жолоочу, жолоочу алын билбей желденип кетишти. Ал эми ушу тапта ат кошкондор кантип атат болду экен?
Аңгыча болбой Шергазылардын алдынан бай Карачтын сары торусу биринчи болуп куйругун узун таштап суналып өттү. Артынан удаа Байбучактын өзүнүн Кызыл аты баратат. Бу да күүлүү. Үчүнчү болуп Дегембайдын Күрөңү. Анын артынан Супатайдын Кашка кунаны.
Шергазы кунанды көргөндө токтоно албай кыйкырып, куйрук улаш кошо чапты:
— Айланайын балам!? Кунаның күүлүү экен, тизгиниңди жыя тарт! Каруусун кетирип аласың! Үзө чаппа?!
Өз оюнда да ушуну ойлоп келаткан Суртай Шергазыны жалт карап алып, тизгинин мурункудан да жыя тартты.
Шергазынын балага кыйкырган гана үнү угулду. Ал Кашка кунанга жетип, бир камчы чаап көңүлүн ала албай калганга өкүндү. Атынын тизгинин тартып, арттагы аттарга аралаша дабыратып келаткан эки досун токтотуп, Жоон-Арыкты бет алып Нарынды карай жолго түштү.
Жолдо карата Шергазынын жолдоштору шылдыңдаган мүнөздө какшык сөздөрдөн билгизбей жылдырып олтурушту:
— Шеке?
— И...
— Чыгат деген кунаның өзү менен төрт го?!
— Чыгат! Акыры ошо чыгат!..
— Ой жарыктык, алдынкы үч атка бүгүн жылкы жетпейт.
Шергазы аларды кагып койду:
— Балдарсыңар! ? Ат эмес силер, сайрап турган менин тилимди билбейсиңер! Мара кайда? Дагы кенен ат чабым. Кунан чапкан бала бышык экен. Өлчөп баратат. Тизгинин ээрдин кашына ороп алыптыр. Шашпагыла, антип-минтип Долондун капчыгайын өрдөгөнчө тиги ат чабыштан тараган элдин алды бизге жете келет. Кайсы ат чыкканын ошолордон угабыз.
Аңгыча арттан жете келген ат чабыштан тарагандар кашка кунандын чыкканын айтышты.
#13 24 December 2015 - 07:42
Кашка кунан Айчубактагы чабыштан чыккандан кийин чоң күлүктөрдүн катарына кошулуп, эл топтошкон жерде сөзгө алынып ооздон-оозго таралып жылдызы көтөрүлдү.
Кашка кунандын Айчубактагы чабыштан чыгышынын жагынан зыяны да болду. Супатай жана анын үй-бүлөсүнүн тынчы кетти. «Кунанды сатсын» деп күнүгө бир «мыкты» жигиттерин жиберчү болду. Акыры бербесе тартып да кете турган. Санда жок кишинин ат чапканы да курусун! Андай неме байгесине да ээ боло албайт тура. Баягы Айчубактагы жүз козудан Супатайга бешөө гана тийип, калганын ошердеги журт башкаруучулар соогатка деп талап кетишкен.
Бир күнү Уултай эртең менен эрте туруп, Суранчыныкына басып барды. Суранчы Байзактарга жакын, Түкө менен болсо негизи түбү кошулган тууган. Бирок Түкөнүн аталары жөн чыгып, аягы кулга айланып кеткен. Суранчынын аталарынын тукумунан мыкты үзүлбөй келатат. Акыркы мыктысы Суранчы. Суранчы бирде болуш, бирде бий. Ат жалын тартып мингени мансап колунан кете элек. Сүйлөсө таңдайынан чаң чыккан чечен. Тыягы Сары Өзөн Чүй, быягы Көл айланасы, Ат-Башы, Нарындан бери кадыры жетип, сөөк-тамыр күтүп, даңкы алыска учкан адам.
Уултай эшик ачып кирип барганда Суралчы төшөктөн жаңы туруп кийимин кийинип жаткан экен. Кичи аялы жүк жыйып, үйдүн ичин иреттеп жүрөт. Коломтодо каланган тезек карабашыл болуп күйүп, кумгандагы суу ызылдан үн чыгарып турат. Канча кылган менен кул да болсо тууганчылыгы бар агасынын аялы эмеспи, Уултай кирип барганда, Суранчы нары митайымчылыгы бар, нары эл аралап жүргөн адамкерчилиги бар, түгөнгүрүн:
— Келиңиз, Уултай жеңе? Быякка чыгыңыз, — деп төр жакты көрсөтө берди. Уултай төргө чыккандан кетеби? Жылып барып ашкана чийдин аяк жагына жүйүртө басып олтурду. Суранчы маасысын тартып кийип жатып, токтоно албай сөз баштады:
— Уултай жеңе, келчү эмес элеңиз, үйдөн эрте баскан экенсиз?
Уултай оюнда болгон ишти ачык сүйлөгүсү келди:
— Келчү эмес элем. Келдим, кайним. — Өмүрүндө жеңе дебеген Суранчы жеңе дегенде, Уултай кайним деди.
— Сөзүңүз болсо айта бериңиз? — Суранчы Уултайдын эмне айтаарын да билип турат.
— Жакшы киши эле болсо, жакшы боло бербейт. — Уултай сөзүнүн башын мактоо менен баштамак болду. Анткени тигилердин тукумуна мактоо жагат. — Бир уруудан бирөө чыгат. Бардык адамга жакшы жетеби? Супатай деле сенин жат-жалааң эмес. Распы?
Суранчы башын ийкеди.
— Түбүңөр бирге аталаш туугансыңар. Илгертен бери эскиден калган сөз бар. «Жакшы элчил болот. Эл коргойт. Жаман үй күчүк болот, күл коргойт». Супатайдын аталары жөн чыгып калыптыр. Арманын кудайга айтсын. Өз атасы Түкө өмүрү өткөнчө Байзак агаңдын малын багып, ийни бүтүн кийим кийбей, карды толо аш ичпей жүрүп, бул жалган дүйнөдөн көзү өтүп кете берди, бечара.
Уултай саал жашыгансып кетти. Анан үнүн каргылданта чыгарып:
— Кайним! Атасы Түкө кул болсо, уулу Супатайдын жакшы чыгар чамасы барбы? Анын жорго минип, күлүк ат чаба албасына кимдин болсо да көзү жетип турбайбы? Ошондой болгондон кийин — деп, алоолонуп күйүп жаткан отту тиктеп козголуп Уултай сөзүнүн аягын улады, — мындан ары жанагы биздеги эки атка өзүң ээ болуп, өзүң баш көз болуп көздөп ал. Биз жөн гана багып берүүчү малайың бололу. Эки жактан суроочу көбөйүп кетти. Ал аттар сеники болуп калса, биздин да кулак-жаныбыз тынчый калчудан. Кезегинде кимисин минем десең ошонусун минип тур.
Суранчы митаам, бүркүтү бөрү алгандай түгү жымырылып, жадырап-жайнап эрди башы кыбырап, өз оюнда тартып алсамбы деп жүргөн аттар өзүнөн өзү келип колуна нак тийгенге кубанычы койнуна батпай, бүткөн бою чымырап ичи ысып кетти.
— Жакшы болот, жеңе, жакшы болот. Супатайым менин бир тууганым. Түкө абамын баласы. Жат-жалаа жок. Тууганбыз. Супатайдыкы меники, меники Супатайдыкы.
Дегеле кой, жапалактайт кайран эр. Мындан мурда кайда жүрдү эле. Баштатан эмне үчүн ыба карабайт Уултайларга? !.
Уултайдын санаасын тындырып «ак пейилин» айтып, ишендирип жолго салды. Ошондон кийии Кашка кунанга көз арткан адамдардын аягы тыйылып, тумшукка чапкандай кайтып жатышты.
Айчубакта Кашка кунан жүз козуга чыкканда «Бул менин атым. Байгесинде эч кимиңердин акыңар жок» — деп жүз козуну өз алаканына салып, ар кайсы мыктыларга бадырактай чууртуп, өңүн өңдөп, түзүн түздөп, калганын өзү алып, үйлөп ийсе учкандай беш кебээсин «Мынабу сага жетет. Көрүп турбайсыңбы, тетиги эл башкарып, журт үстүндө жүргөндөрдүн да көз акысы бар», — деп Супатайга ээ кылбай күрсүлдөп-тартып жиберген көзөлдүн бири ушул Суранчы болчу. «Кашка кунан кандай гана болбосун меники болот. Мен барда алар эч кимге бере албайт. Берген жеринен да алдырып алам. Супатай аттан айлансын», — деп өз ичинен ойлонуп жүргөн Суранчы. Карагер быштынын катуу жорго болуп баратканын билген эмес. Бүгүн Уултайдан «Эки ат экөө тең сеники болсунду» уккандан кийин, тартып алгандан бул иш оңой болгонун билип, эгиз эркек балалуу болгондой сүйүндү.
Уултай Суранчыныкына эмнеге барды дейсиң? Ал деле Суранчынын оюн билчү. Анын көзүнүн тетир кыйырын байкап жүргөн ичинде. Айрыкча Айчубактагы чабышта кашка кунан жүз козуга чыкканда байгесин Суранчы бырыксытканын, «Бул ат меники» деп көпчүлүктө кыйкырып, атка Суранчынын ээ боло калганын Уултай байкуш эчак эле билип, эчак эле уккан. Укмак түгүл бармагын тиштеп ичинен сызган. Баласы Супатайдын бул шум заманда күлүк ат, чыгаан жорго эмес, өз башына өзү ээ болбосуна да Уултайдын көзү жетип турат. Супатайдын акылы, адамгерчилиги, чечендиги, кебете-кепшири, сын-сыпаты, өңү-түсү Суранчыдан өйдө десе өйдө, акыры ылдый эмес. Жалгыз гана айыбы — кулдугу!
Жаркырай жаз келди. Мындай жаз Кочкордо чанда бир жылдарда болот. Жумгал менен Чүйдө чын куранда кош чыгып, бугуда мал көккө карк болуп калган кезде, Кочкор заарын бетине алып, булуттар кубаңдап, тоо-тоонун башы менен туз сураган төөлөрчө топтошуп локулдап желип, эки-үч күн мурун күн жылт эткенде жазды чакырып аккан сары сууларды чор кайната тоңдуруп, тору этинен ажыраган арык-торуктарды ого бетер тоголотуп кетчү эле.
Быйыл жаз эрте да башталды, жылуу да болду. Кун чыгаары менен илеби мемиреп, үп этип жел сокпой, майда балдар алыштагы сууда жылаңачтанып киринишип, капталдары чамбыл ала баткак болуп, өзүлөрүн өзү май куйрукка алакандарын шапалак кылып «чак» эттире басып алып, кулун тайларды туурап баштарын чулгуп, татырактап жүрүшөт.
Күн жааган сайын жамгырлап, арты жылуу ачылып, жөө тумандап жер боргулданып бууланып тердеп, кадимкидей көктөй баштады. Адегенде шыбак жарылып чий дүңгөлөдү. Анан биринин артынан бири жабалактап көк чыгып олтуруп бир жумага жетпей ой-тоо дебей жашыл бачайыдан көйнөк кийгендей кулпунду. Жутамчылыкта козусунан качып тыбырчылаган койлор, азыр өзүлөрү издеп мекиренип, чуркап жүрөт. Жаткан-жаткан, турган-турган жеринде дегендей жан жаныбарлардын баары жаз жыргалына бууланып ыракаттана түшүп жаркырап жайнап маашырланып калышты.
Чын куранда Кочкордо буурусун чыкты. Байлар бугу жаңырары менен жазгы көктөмдү төтөлөп көчө башташты. Жакада баягы Супатай баш болгон он чакты түтүн жатакчылар калышты. Кашка кунан Айчубакта чыккандан бери Супатайдын зоболосу көтөрүлүп, өйдөкүлөр теңине албаса да, жатакчылары кадырлап, алар Супатайды караан тутушат.
Уултай эне бир күнү Супатайга кайрылып мындай деди:
— Кашка кунан үч маалына жетти. Бышты болду. Мындан ары мунун кунан, бышты аты өчөт. Ат деген атка конот. Эми муну былтыркы Карагер жоргодой бычтырып, Кара-Колго коё бер. Сөөк-саагы түзөлүп мындан да жакшы оңолуп келет. Карагер жоргону жайкы жумушуңа минип кал. Жайлата биз аны менен алек бололу.
Супатай ат жагынан Уултайдан кеп талаша алчу эмес. Энесинин айтканын айткандай, дегенин дегендей орундатчу. Эне-баладан бул экөөндөй бөтөнчө ынтымактуу жок эле. Кашка бышты жөнүндө энесинин акылын «лам» дебестен кабыл алды да, иштин баарын Уултайдын оюндагыдай аткарды. Кашка бышты жайлоого кетти.
— Биздин жер бөксө-бөксө адырлуу чабыр келип, жайкысын таш күйгүзгөн чөл, күзгүсүн керимсел жел жүрүп, мунарыктап куму көчүп турган жер эле. Атам анчалык ашынган бай эмес, алынча оокаты бар, анан ченемсиз саяпкер болчу. Атамды эл кадырлашчу. Айыл мыктылары күлүк болчу аттарын жашынан сынатып, анын табын сурап атамды колмо-колдоп турушчу. Көбүнчө атам тулпар чапчу. Тулпар деп күнү-түнү чапса да чаалыкпаган, айлап жол жүрсө азбаган, ач-тогуна кайыл малды айтат. Балдары токтобой жүрүп, мени улгайганда көрүп: «Эми ушул кызым аман болсо болду. Уулум жок болсо да уул катары көрөйүн» деп, атымды өзү Уултай коюптур. Мен эс тартып чоңоюп, алты-жети жашка барган кезде, энем эгиз эркек бала төрөп берди. Эгиздин атын уйкаш коет тура. Мурун жерге түшкөнүн Супатай, кийинкисин Суртай койду. Мен чоңоюп бой тартып он төрт, он бешке келгенче атам эркек кийимин кийгизип, «кыз» деген сөз оозунан чыгып кеткендер менен урушуп жүрдү.
Атам кайда барса мени ээрчитип, жанынан чыгарчу эмес. Жорго мингизчү, күлүк болорун атаман үйрөндүм. Атам бир жылы кумдан энеси тууп таштап кеткен балким үйүрү бир нерседен чочулап үркүп кетсе керек жетим көк кулун таап келди. Бээге жагызып, кээде өлүү сүт берип жүрүп, багып чоңойттук. Баладан бетер атамды, көбүнчө мени кайда барсам да ээрчип алчу.
«Талаадан таап алдык деп эч кимге айтпагыла, кудай аман койсо бул көк кулун, көк тулпар болот» деп жүрдү атам.
Кулунунан тартып колдон тамак жеп үйрөнгөн неме, кийин чоңойгондо кайсы жерден бошонсо, ошо замат сызган бойдон үйгө келип бир тийчү болду. Анын бир кыялы бизге жакчу. Тулпар жашка толуп, тулпар-тулпар болуп калган кезде бир жылы күзгө жуук казактын түндүк чети бекен, кудай ай, кай жеринен экенин обол акы толук биле албайм, баш байгесине миң жылкы сайган атактуу бектин ашы берилери жөнүндө кабар келип калды. Атамдын күн-түнү тынчы кетип, уйкудан безип, көк тулпарды ошол ашка даярдай баштады. Кош тизгин катып суутуп бир тизгинин үзөңгүнүн алдынан алып келип басмайылга бекитип, жумасына үч-төрт жолу таңашырып, өзү отко коюп, өзү терип кырып өзүнөн өзү тулпар менен убараланып жүрдү. Кай бир учурларда атамдын эки-үч күндүк жолго чыгып кетип, ат үстүнөн тамактанып, тулпарга тал чөп үздүрбөй, тамчы суу таттырбай чаалыктырып келип жатып калган күндөрүн көрчүмүн. Көрсө, а киши тулпардын чыдамдуулугун сынап жүргөн тура. «Тулпарымды Уултайыма чаптырам. Муну башка бала чаба албайт», деп энеме атамдын айтып жатканын угуп, «чапсам экен» деп дегдеп калдым. «Эртең жөнөйбүз» деген күнү кечинде мага мингизип, айылдан төмөн обочодо камыштуу башат бар болучу ошого «сугарып кел» деп жиберди. Супатай, Суртай бөбөктөрүм чоңоюп, үч-төрттөргө чыгып калган. «Жакелеп» жүгүрүшүп, артыман ээрчип чуркашканда энем чакырып аларды алаксытып калды. Эки баласын эки колуна жетелеп баратып, эмнегедир энем мени кылчайып карап көпкө чейин тиктеди. Ал менин тулпардын үстүндө олтурганымды көрүп, «Эркек болуп эмне калбады экен, байкушум» деп ойлоду го?! Мен аны энем айтпаса да көз кырынан билдим. Ошентпедиби, айланайын энекем. Менин кыз болуп калганыма өкүнбөдүбү? .. Байкуш энекем...
Башатка барып, тулпардан түшүп, ооздугун бошотуп, чылбырынын учунан кармап, оюма эч капар албай сугарып жатканымда артыман камыш шуудурай түшүп, бир балбан кол келип туура сыга кучактап оозумду тумчуктура басты. Тулпардын үстүнө чыга албай калып колго түшкөнүмө көзүм жеткен соң, чылбырды коё бердим. Тулпар ойноп кетти. Аңгыча болбой биздин айыл тараптан «жоо тийди» деген чуу чыгып калды. Мен жоонун колуна түшкөнүмдү ошондо билдим. Колу-бутум байланып, эки көзүм таңылып көп күн, көп тун жол жүргөндөн кийин мени чечип коюшту. Кайсы жол менен, кайдан келгенимди билген жокмун. Андан кийин да далай күн, далай түн жол басып ушул Кочкорго келдик. Нечен бел аштык, эсепсиз суу кечтик. Алда Супатай, Суртай боорум ай!.. Алда айланайын, апам ай! Мени эмне ошондо телмире карады экен? Мени эмне ошондо көпкө чейин тиктеди экен? Көрсө акыркы жолу коштошкону тура. «Сени мындан кийин көрбөйм, сен да мени көрбөйсүң» деп, тиктеген тура. Уултай көпкө чейин тынчтана түшүп, анан: «Ошондогу энемдин эки баласын эки колуна жетелеп бараткан элеси, күнү бүгүнкүдөй көзүмө карааны көрүнүп турат!» деп сөзүн бүтүрчү.
Уултай ушул өзү жөнүндөгү жомогунун аягына чыкканда көзүнүн жашын көл кылып, колу-башы, бүткөн бою калтырап, Супатай, Суртай боорун айтып, атасын, энесин козгоп боздоп-боздоп, буркурап-буркурап кетчү. Анда Супатай бала эмеспи, энесин көрүп кошо ыйлачу. Кийин Супатай Калыйчага үйлөнүп, Суртай төрөлүп, чоңоюп тестиер болуп калганда да ушул жомогун Уултай небересине айтып берип жүрдү. Анда келини Калыйча ал да башынан жетимдикти өткөргөн муңдуу, шордуу да кошо ыйлачу болду.
Байзактын көпкөн келин-кыздары Уултайдын жомогунан кийин үйлөрүнө тарап бараткан жолдо шаракташып, бөйрөктөрүн эки колдоп таянышып, жин тийгенсип эки алакандарын чапкылашып күлүшүп:
— А байкуш, Уултай күң!.. Тулпар чапчу тура. Мактанат, андай эле тектүү жердин кызы болсо, ошончо жылдан ушунча жылга чейин ың-жыңы жок таштап койбой, атайылап бирөө издеп келбейт беле?
— Болбосо, ошо жоо тийген күнү артынан баатырлары кууп жетип, ажыратып калбайбы?
— «Эл башкарган көсөмү жок, жоо бетине чыкчу берени жок», чөл кыдырып эчки, төө саап каңгып көчүп жүргөн томаяк казактардан да.
— Кур мактанганын кара байкуштун?!
— Антпегенде кантет байкуш күң?! — Ха... ха-халап, үрккөн субай жылкылардай шатырашып шылдыңдап кетишчү.
«Ата-энем болсо өлгөндүр. Мен ошол эки эгиз бир тууганымдын атын эстеп жүрөйүн деп, балдарымдын атын Супатай, Суртай койбодумбу? ! Ошол эки бир тууганымдын эсендик, кабарын угуп өлөр күнүм бар бекен?!» деп Уултай ар качандан бир качан ботосунан ажыраган ингендей боздогондо адам жанына туралчу эмес. Анын экинчи арманы көк тулпарды миң жылкы сайылган ашта бир чаппай калганы болчу.
Карагер жоргого Уултай кылдат мамиле кылчу болду. Бир күнү баласына:
— Балам, сен мунун көзүнө караба. Бул күлүк ат эмес, бир кыйналса, эртеси курчу түгөнүп, чуркабай калгандай. «Эркенин жашы, жоргонун тери кургабайт» деген. Жоргонун иши жорго. Жүргөндө көзүн карап аяба, катуу жүр. Кунан тайында бөжүп жоргологон жылкы чыгаан жорго болбойт. Ал кур гана шым жыртар болот. Жорго болчу мал быштысынан тартып арбытат. Ага чейин улам жаңылып, даана таба албай, ооздугун тиштеп тоңкочуктап алабарман салып жүрө берет. Жоргону үйрөткөндө жазгысын айдоого салдырып үйрөтүш керек. Колтугу керилет. Жанылууну унутат. Өмбүл-дөмбүл, аң-дөңгө салдырган түзүк болот. Буту-колу жер таанып бат машыгат. Эки күндүн биринде кыйнап келип суутуп, таң ашырып турган жакшы. Жөн гана жүрүштүү ат катарында минип жүрө берсе, жорго болбой жоон-жолпу ат болуп калат.
Мындай акылын Уултай Супатайга нечен-нечен айтчу. Уултай карагер жоргону өз ою менен таптатып, өз ою менен сууттуруп жүрдү. Улам барган сайын мүчөсү чыгып, сыртына тартып чыңалып, чатырап жооное баштады. Соорулары казанбактай көмкөрүлүп, жал, куйрук төгүлдү. Буту-колу түзөлдү. Кийин күзгө маал жоргосуна аттын аты жетпесе, жөнөкөй чобурлар артынан самсып, алда кайда калчу болду. Ошончосуна жараша жеткен аймаңкы. Канча чөп салсаң тал калтырбайт. Акырына куурай таштасаң да аймайт. Мейлиң чий жулуп келип салып кой, түбүнөн бери жейт. Арпадан бир чоң чака илсең чай кайнамда эчтеке жок. Кайра таңашкан жылкыча окуранып ээсин карайт. Таң каласың. Жылкынын меши. Мунун сыры белгилүү болуп калды. Бул өтө карылуу ченеми жок малдын алпы.
Эл жайлоого чыкканда Өзүкбай кошо чыгат. Кочкор ичиндеги кайсы гана жайлоо болбосун ошонун бирине Өзүкбай барып конду дегенче, ал жердеги элдин тынчы кетти дей бер. Аны кой дээр кожо, ай дээр алла жок.
Жайлоого Өзүкбай жалгыз өзү көчүп барса эмне? Анын кызматын кылып, жайды жайлата малын союшуп, конок келгенде күн-түн дебей каралашып, аларды аттантып-тондонтуп узатып туруш үчүн да киши керек го. «Ошондой ишине жарайбыз» деп кошо ээрчий көчүп жүргөн кошуна-колоңдору өзүнчө бир айыл журт. Мына алардын да ичкен-жегени, сойгон согуму ошол Өзүкбай барган жайлоодогу элдин жонунан болот. Өзүкбайдын чамгарагы көтөрүлүп, үйү журтуна тигилер менен алды тай, аркасы кой-козу болуп, биринен сала бири, бир чети кошоматка, экинчи чети коркконунан өрүлүк деп алпарып бере берет. Келген малдар күнүгө союлуп турат. Анан өрүлүктүн малы түгөнүп, конок аяк көп келип карбаластап, шашылып калганда Өзүкбай болуш туш-тушка киши чаптырат. Тай союлчу коноктор келсе тайга, кой союлчу коноктор келсе койго чабат жигиттери. Бир бечаранын жалгыз баласына энчилеген жорго тайы болсо да алдырып келип сойдуруп таштайт. Өзүкбайга кыңк эткен жан болбойт. Ачуусуна тийгенин өлтүртүп коет, тамаша кылгысы келсе урдуртуп таштайт.
Өзүкбай болуш бээ байлап, саан саабайт. Анын жүз баштуу ак ордодой үйүнүн бир капшытында кереге башы кур эмес. Кып-кызыл ышталган он чакты эркеч чанач кымыз чымчып буулуп, ичке бучкактары дердейип, түпкү жазы булуңу ылдый карай салаңдап жерге тиер-тийбес болуп, илинүү турганы турган. Болуштукуна кымызды кыйгыл алып келгендерде да жан жок. Чаначын тилдирип, кымызын төктүрүп, өзүн токмоктотуп кое берет. Экиден төрт жигит тиги тизилип турган чаначтардын улам бирин чечип алып, бирөө түпкү бурчунан, бирөө оозун толгой кармап, бирин көздөй бири лүк-лүк эттире уруп, кара терге түшкөнчө кымызды чайкашат. Антпесе аларда да жан жок. Кымыз бал татыбаса кордук көрүп калышат.
Мына ушундай дөөлөтүнө мас болдубу, же кудай теңирин тааныбай көөп кеткендиктенби, же жаш кезинен тартып болуш бий болуп ата-бабасынын сыймыгы учурдубу, айтор эмнеден себеп болгону белгисиз Өзүкбай болуш апийим ичкенди наз кылып, анын бүткөн бойду эрите көшүлтүп термелткен ырахатына маашырланды да, жан дили менен ошого берилип кетти. Болуштукту да таштады, бийликти да таштады. Жалаң гана апийимди кууп ичип, ошонун артынан түштү да калды. Апийими жок ал бир күнгө да чыдай албай турган болду.
Ошол жылы Өзүкбай болуштун айлы Сарала-Саз жайлоосундагы «Айтаке-Чуңкур» деген конушта олтурушкан. Өзүкбайдын аялдарынын сарамжалы жоктугунан эстерине «жара чыгып», болуштун апийиминин түгөнүп калганын билишпейт. Бир күнү эртең мененки чайда Өзүкбай: «Апийим бергиле», — деп аялдарына ишаарат кылса, апийим жок. Жокту күн мурун эскертпегендиги үчүн аялдарынын жаны чыгып кетет. «Эртең кечтен калса Өзүкбай өлдү» дей бер. Аны аялдары эмес тегерегиндеги коңшу-колоңу, жигит-жалаңы, ага-тууган, ага-иниси бүт билет. Анан айлалары кетет. Эмне кылаарын билишпей далдайып туруп калышат.
Токмокто Өзүкбай болуштун Ажы имам деген өзбек досу бар. Апийимди жайы-кышы жетерлик кылып, ар жыл сайын ошол Ажы имам досу даярдап берчү. Кокус түгөнүп баратса жугун үзбөй күн мурун ошондон алдырып турчу. Мына эртең Токмокко киши чаптырыш керек болуп калды. Өтө шашылыш. Буга бир күндүн ичинде кандай ат, кандай киши чарчабай-чаалыкпай жетип барып келе алат. Токмоктон жакын бул Кочкор аймагынан апийим табылчу бир да жер жок. Токмок менен Сарала-Саздын аралыгы нечен катмар тоолор, ортосун Шамшынын бели туура тартып комдонгон атандай бөгөп жатат. Буга канаты бар жылкы болуп учуп жетип барып келбесе, башка мал барып келе алчудан эмес.
Аркы бети да, берки бети да деген аттарга эки күндүк кере жол. Анан дагы түз болсо эмне? Барчу жолдун ою-кыры, кокту-колоту, тоо-торпосу көп. Агыны катуу суусу бар. Капталдары кыямат кайым бийик жар. Пай-пай, пай-пай! Муну ойлогон адамдын азат бою тик турат.
Өзүкбай иниси Суранчыны чакыртты. Абалды уккандан кийин иштин чатак экенин түшүнгөн Суранчы тизгин учу менен чаптыртып Супатайдын карагер жоргосун алдыртып келди. Жоргонун артынан Кашка атты минип Уултай да кошо келди. Болуштун ага-иниси чогулуп акыл токтотушту. Токмокко күнүн жетип барып келгенге Карагер жоргодон башка жарачу жылкы жок. Бир жараса ушул гана жарайт. Муну минип ким барат? Кеп ошондо калды.
Кокон Өзүкбай болуштун өзүнө жаккан бирден бир жигити. Бөрк ал десе баш кескендерден. Өзүкбай дегенде өлөөр тирилээрине карабайт. Бирөөнү тап берип кой десе, төбөсүн жара чаап жибергендин бири. Ал барган жерде жумуш чийки бүтпөйт. Алып кел дегенин алып, жулуп кел дегенин жулуп келет. Өлтүрүп кел дегенин өлтүрүп келет да, уруп кел дегенин уруп келет. Ошондоюнан Өзүкбайга жагып жүрбөйбү Кокон. «Токмокко ким барат» дегенче эле, «Ага менден башкаңар жарабайсыңар» — деп элдин арасынан атылып чыкты Кокон. Кокондун барышын эл туура тапты.
— Кокон жарайт. Кокон барсын!..
Кокон ошол күнү кечинде Карагер жоргону суутуп таңга маал жөнөмөк болду. Уултай ичинде: «Башка бирөө минсе болот эле» деп кыйылып турат. Айласы канча, атка ээ болуп калыптырбы Уултай. Ал Карагер жоргонун бир күнкү терин аяган жок. Жалгыз гана корккону: «Тиги Өзүкбайдын арткан тамагына семирип, кой дээр, ай дээри жок көпкүлөң тартып кутуруп турган «арам» өйдө-ылдыйды ылгабай курч жылкыны бардыктыра жүрүп, жиниктирип өлтүрбөгөй эле» деп ошондон коопсуп, ошондон шексинип жатат.
— Кокон — деди Уултай, — Болуштан аттын күчүн эмес башын аябайбыз, ошентсе да «ат кадырын билбеген минип өлтүрөт, адам кадырын билбеген уруп өлтүрөт» кылбай этият бол. Ары баратканда да, бери келатканда да белдин ар жак, бер жаккы бийик капталдарынан жай чыгып, жай түш. Андан аркысын өзүң бил. Жалгыз гана айтарым Токмокко жакындаганда көк бедеге чай кайнам чалдыр. Токмокко жеткенде Чүйдүн суусунун ирим жерине жетелеп барып көлбүтүп ал. Анан суу жээгиндеги жумшак кумга оонат. Ажы имам бир боо кек беде же беш, алты кочуш жемин аябас. Ошону чайнаткандан кийин кайра тартасың.
Өмүрү сиз-бизди билбей, Өзүкбайдын айдыңы менен башка жат адамдан кагуу жебей, оройлугу ашынган Кокон, Уултайды кабагын салып теше тиктеп туруп ага тумшугу менен корс этип бир тийди:
— Ээ шерменде, сенин оюң менен болсом күнүн барып күнүн келе аламбы? Мага жоргоңдун өлүү-тирүүсүнүн кереги эмне? Жорго эмес өзүм өлсөм да Өзүкемин «дарысын» бир күндөн калбай тез алып келишим керек.
Таң ата, таң ата Сарала-Саздагы Айтаке-Чуңкурдан сыздырып Карагер жорго менен Токмокту көздөй Кокон жол тартты. Шамшынын белинен Кочкор жаккы багытындагы торпусуна чейинки катар-катар мойнок жолдор, кокту-колот, жыбыт-жылга, салаа-салаа белестер биринен сала бири артта кала берди. Таңга маал чабытка чыккан таптагы кара барчындай кайкып, катмар-катмарлардан ашып, үстүндөгү локуйган Коконду оорсунбай, сом туяктарын таштан-ташка уруп Карагер жорго баратат. Күндүн эртең мененки биринчи нурлары бийик тоолордун учтуу кыл чокуларын аймалаганда Кара-Кыянын кырына чыкты Кокон. Көзгө алыстан жакын көрүнгөн менен Шамшынын бели дагы бир ат чабым. Өр.
Мына бул Кара-Кыя дегендин жалгыз аяк кыясынан жайчылыкта ары өткөн, бери өткөн жолоочулар түшүп алышып атын жөө жетелеп басып, баабединин айтып жатып «а кудайлап» араң түшөт. Ошол кыяда кетип баратып эңкейип, ылдый жагыңды карасаң бийиктигинен башың айланып, бүткөн боюң калтырап-титиреп, жүрөгүң опколжуйт, араң ойго түшчүдөйсүң. Өтө бийик. Тиги өлөрман, жанкечти Кокон алдындагы атка ишендиби же өлүм ага жөнөкөй гана уктап тура калгандай тамашабы, ошол бийик капталдагы кылычтын кырындай, жүлүндөй созулган тасма жолдон жоргонун оозун жайган бойдон өтсө болобу?! Кутурган Кокон.
Торпулардагы ар кандай чубалган ийри-буйру кыялардын бирине да токтолбостон жоргонун кош таноолорун барпыратып, өрдө желе басыгына салып жүрүп олтуруп белге чыкты. Жоргодон көл-шал төгүлүп тер кеткени менен каруусунан тайыган жок. «Сага жандын кереги жок болсо, мага да кереги жок» дегенсип туу белге чыкканда тура калып бир аз эс алып алуунун ордуна, кайра күчөп, оозун тарттырбай ооздугун качырата тиштеген бойдон ылдый карай соёлонуп, кумду эшилте-эшилте басып Коконду кокту ылдый алып жүрүп кетти Карагер жорго. Өйдөдө чарчабаган ат ылдыйда чарчайбы. Баягы каадасындай таштуу секиртме жолдордон арыштап түйүлүп аттап өтүп, түз жерге түшө калса оозун жыйып жөнөдү. «Жоо базарды көчкү алган», «Кожоянды көчкү алган», «Кара-Сайды көчкү алган» деген белгилүү дөмбүл-дөмбүл, капчыгай кокту-колоттор жорго күчөп жүргөн сайын аңтарган барактай артта калып жатат. Күндүн жарыгы тоо капортолоп түшүп келгенче башкы карагай, ой карагайларды аралап ашпозчу Мырзабайдын устундук жыгачтан каршы-терши аштап жасаган үйүнө жете келди.
Эрте турган Мырзабай ашпозчу жоргонун оозун керип саламга келбей жанынан шуулдап өтүп бараткан Коконду көрүп, «эр өлтүрүп келаткан канкор, же болбосо жоргону минип качкан ууру» деп ойлоду. Кыйкырып токтоткусу келди, бирок Мырзабай ага чыдап бара албады. Тигинин түрү суук. Баш алгандан кайра тартчудай эмес. Илеби кынынан суурулган муздак кылычтай курч. Өз жанынан коркуп, чочуй түштү Мырзабай.
Антип-минтип чоң шашке болгончо шак этип Шамшынын капчыгайынын аркы оозуна чыгып Токмоктун дүмүрөйүп карарган топ багынын караанын алыстан көрдү Кокон. Түзгө түшкөндө жорго ого бетер күчөп эңиштеген сайын катуулагандан катуулады. Арткы эки бут жазы боорго чак-чак тийип алдыңкы эки такыр колтукту туяктын учтары жетер-жетпес болуп илеп тартып ирмеп келатат. Жолдон жолуккан кишилердин бирөөнө да салам бербейт, бирөөнө да баш ийкеп койбойт. Зуулдаткан бойдон жүрүп кетет. Кокондун түрүн көрүп алар да даап учураша алышпады. Кокус алдынан туура тарткан жан болсо өлгөн тирилгенине карабай койдуруп кетүүдөн кайра тарта турган Кокон жок. Ой оңбогон Кокон, оой!
Баягы Уултайдын сөзүн эстедиби же өз акылына келе калдыбы, урдуруп кетип баратса жолдун оң капталындагы тармалданып коюу чыккан ыргалган быжыгыр көрпөдөй көк беде көзүнө чалдыга түштү. Ошону көздөй жоргонун ийиктей имерилген элпек оозун шак бурду. Түшө калып жүгөндүн сагагын бошотуп, ооздугун шапа-шупа чыгарып жиберди да, тизгинин жаагына түрө салды. Анан чылбырдын учунан кармап туруп бедени топ-тобу менен киши тутамдап жулгандай жулуп, шарт-шарт чалып күрсүлдөтө чайнаганына кызыгып таңыркап карап турду. Жаак эттин булчуңдары муштумдай, муштумдай болуп түйүлө-түйүлө түшөт жаныбардын. Муздак көрпө беденин ширелүүлүгүнөнбү же жумшактыгынанбы мурун буга чейин эчтеке көрбөгөндөй болуп өрүп кирди жарыктык. Заматтын ортосунда үй ордундай жерди аймап таштады. Керээли кечке оюна койсо жаагы тына турган эмес. Беденин ээсин убара кылбай башынан аягына чыга Карагер жорго чаап таштачудай бул кейпи менен.
Ысыкта суусап келаткан адам бир чоң аяк муздак суусунду шак тартып жибергендей жоргонун ичи ысыганы басылып, эки көзү чанагына толуп, маңдайынан аккан мончок терлер көл-шал болуп жерге төгүлүп жатты. Кокон токтоп турчу беле. Ооздугун салып, шып атка ыргып минип жана сызып жөнөдү. Көз ачып жумганча Токмокко кирип барды. Көчөнү көчө деп билбей, көчөдөгү көп элди көзүнө илбей, учуп-күйүп келаткан адамды көргөн калың топ, тең ортосунан жарыла берип, көчөнүн эки жаккы капталдарына жабыша-жабыша калышып, жол бошото берип жатышты. Кокон ошол бойдон токтобой Ажы имамдын короосунун дарбазасына жеткенде аттын оозун тартты. Үзөңгү теппей ат оюнчудан бетер жерге кош аягы менен тик секирип түштү.
Кокон бул жумушка далай келген. Бул жолу өтө шашылыш экенин түшүнгөн Ажы имам «дарынын» белен экенин айтты. Самоор кайнап чай даяр болгончо Карагер жоргону калаанын аркы четиндеги күпүлдөп агып, күркүрөп кирип жаткан Чүйдүн суусунун жээгине жайдактап туруп Кокон жетелеп барды. Карагер жорго тиги күркүрөгөн сууну көргөндө көздөрү жайнап, Коконду сүйрөгөн бойдон иримге алып кирип келди. Кокондун колунан чылбырдын учу чыгып кетти. Кокон сууну чала-була кечип кокойгон бойдон жээкте калды. Жорго суунун тереңине чейин кирип барып, чабак урган кишиче ары бир, бери бир кайра-кара аласала берди. Анан бир оокумда суудан суурулуп секирген бойдон жээкке чыкты. Жээктеги сапырылган майда жумшак кумдардын үстүнө буту колун бүгүп жата калып, оонап кирди. Кайра секирип барып, сууга түштү. Экинчи жолу жээкке чыгып келатканда Кокон чылбырдын учунан кармай калды. Антпесе деле качмак эмес. Жедеп жаштайынан колго өскөн мал да. Качкысы келсе суунун аркы өйүзүнө чыга качпайбы. Аида Кокон эмне кылмак? Аңырайып өйүздү карап коюп туруп калмак.
Короого кирээри менен бастырманын көлөкөсүндөгү жыгач акырга байлап, жоргонун алдына бир боо көк беде таштады Кокон. Анан Ажы имам менен кобурашып эки-үч чыны чай ууртап, кайра чыкканча эчак эле бедени кайсап таштаптыр жорго. Андан кийин алты кочуш ак сулуу илип жиберди. Аны да алеки саатта күйшөп койгонсуду. Кокондун издеп келген «зарылы» колуна тийгенден кийин Токмокко токтоп турабы. Ал ошол замат тыз койду. Карагер жоргонун да, Кокондун да бараар жери басар жолу белгилүү. «Кош бол, Токмок» деп кайра тартышты.
Келген жол менен кетээр жол бир жол болгону менен айырмасы бар болчу. Анткени, Сарала-Саздан Токмокко чейинки аралык тиги белди эсепке албаганда эңкейиш. Ал эми кайра Токмоктон Сарала-Сазга жеткенче далай жери өрлүк кылат. Өр менен эңкейиштин айырмасы асман менен жердей да. Муну Карагер жорго билгени менен Кокон билбейт. Ал ичинен «Мейли өр болсун, мейли эңкейиш болсун аттын оозун жыйбайм. Өлсө өлгөн жерде калсын», деп ойлонуп баратат. Кокус белдин ар жак, бер жагында жорго бардыгып өлө турган болсо аны ошол жерге мууздап таштап андан ары Кокондун жөө чуркай турган мүнөзү бар.
Токмоктон чыкканда Карагер жоргону жаңы кармап мингендей оозун кое берди. Эңкейишке караганда аттын үстүндө катуу жүргөн адам үчүн өрдө жүрүш бир аз ыңгайлуу, жеңилирээк болот эмеспи. Өрдүн атка тынчы жок болгону менен Кокондун өзүнө тынч. Жоргонун эмнесин аясын. Өлсө Кокон жооп бербейт. Супатай менен Уултай да атын доолап Өзүкбай болуштун эшигин ачып башбага албайт. Муну Кокон билбесе Кокон болобу. Карагер жоргону шуулдаткандын үстүнө шуулдатып, зырылдаткандын үстүнө зырылдатып баратат. Жорго да өз күчүнө өзү ишенет окшойт. Кокон жоргого эрегишсе, жорго Коконго өчөшүп бараткансыйт. «Мындай узак жол, мындай бийик дабандан бирөө эмес дагы экөө болсун мага кеп эмес. Кимибиз чыдаар экенбиз... Менин үстүмдө жүргөн сенби, же сени учуруп алып бараткан менби? Аны барганда көрүшөлү» дегенсип Карагер жорго улам жерди түрсүлдөтүп ургулап, улам даңгыл жолду үстөккө-босток дүпүлдөтүп муштагылап баратат. Арткы эки бут боорду чапкылап жүн сабаган сабоодой шым-шым. Улам катуулаган сайын сан эт менен карчыттын булчуңдары оор жүк көтөргөн балбандардын булчуңдарындай бултуюп-бултуюп түйүлө-түйүлө түшөт. Ушул турпаты менен Карагер жорго чарчаганды, кыйналганды билеби? Билчү түрү жок.
Мына аяң-буяң дегенче болбой Шамшынын оозуна да жете келишти. Ошондо түш кыңкайып, күн батышты көздөй кыйшайып бараткан. Мындан ары түгөнбөгөн капчыгай, улам өр тарткан сайын жер өр. Бел кайда дейсиң? Дагы көп бар. Көкө кулусун. Жүрүп баратат, жүрүп баратат Кокон. Бел. Алдынан чыккан жолоочулар тигинин түрүн көрүп, жолдун четине бура тарта беришет да, анан ат үстүнөн кыйшайып аны карашып, көпкө чейин таңыркап калышат: Мас го? Же жинди болгон немеби? Алыс жерден келаткан качкын болуп жүрбөсүн? Жок ууру го. Атаңдын көрү, алдындагы аты ат эмес бекен. Ай, бул жүрүшү менен жүрүп олтурса кайран атты өйдөлөп барганда жиниктирип өлтүрөөр бекен!»
Кокон улам жогорулап өр тарткан сайын жайлап, тузөңчө боло калган жерде баягы, муруңку калыбы менен жүрүп олтурду, Мына баягы ой карагайга дагы келди. Мырзабай ашпозчунун жыгач үйү көрүндү. Чүй багытынан бараткан адамдарга Мырзабай ашпозчунун үйү оң тарапта, Кочкор жактан келаткандарга сол тарапта. Ошол учурда Мырзабай дагы эшикке чыгып турган. «Баягы эртең мененки киши экен. Кудай урду! Мына кызык. Бул каякка чейин жетип барып, келди. Бир күндө белди эки ашабы? Бул качкын да эмес, ууру да эмес экен. Бир зарурат иш менен жүргөн адам. Болбосо куугун кууп жетпей калган. Жок. Куугун кууса азыр жай өтөт эле. Бул эмне деген киши болду экен?» Мырзабай токтотуп Кокондон жай сурагысы келди. «Ой жигит, бери бурула кет», — деп Мырзабай үн катты эле. Кокон кылчайып да караган жок. Шып өтүп кете берди. Мырзабай таң калып делдейе түштү. «Атаңдын көрү, аты ат эмес бекен! Бир күндө бийик дабанды эки жолу ашат деген эмне шумдук?!»
Кокон токтобой жүрүп олтуруп карагайдын башына жете келди. Андан аркы жылаңач капчыгайлар, баягы көчкү жүрчү жерлер даана көрүнүп калды. Алардан өткөндөн кийин белдин түбүнө жетет. Белге чейин тектир-тектир торпулар, ийри-буйру жолдор. Канча кылган менен өр эмеспи, каптал кыяларда карагер жорго мурункусундай болбой желе басып жайлап калды. Ошонусуна да артында ат болсо жакындай турган эмес. Эки кең таноодон чыккан ысык дем ак бууга айланып, үстөккө-босток удаа-удаа асманга атат. Кайнап жаткан казандын капкагын ала койгондой бурулдайт.
Күндүн нуру тоо-тоонун капталдарына жетип, акырындык менен өйдөлөп, ал эми жапыз дөбөлөр эчак эле жоголуп, бийик чокулар терең деңиздин түбүнө чөгүп бараткан зор кемедей болуп улам ылдыйлап баратканда Кокон туу белдин жонуна чыкты. Жоргонун тизгинин жыя тартып бир аз көкүрөгүн бастырды да, ээрден эңкейип төмөнкү кумдуу кыяларды, быржыгый-быржыгый торпуларды, эки жагы чубалжыган бийик тоолор менен узата кырданып созолонуп кеткен терең капчыгайдын өрөөнүн карады. Анан күн батыш жакка жүзүн буруп, тээтиги алыстан-алыстан аркайып көрүнгөн Кара-Кол, Сөөктүн бийик тоолорунун аркы багытына жылмышып түшүп бараткан алтын табактын четиндей жылтыраган күндүн арткы жээгинин кыры менен коштошту.
«Кокуй ушул тапта Өзүкемин алы эмне болуп жатты экен!»— деп Кокондун көзүнө чыдай албай эси ооп, орто жолдо жаткан Өзүкбайдын элеси келе түштү. Кош ооз менен кур дүрмөт аткансып эки таноосунан буу бүркүп жаткан Карагер жоргону колтукка согончогу менен кысып, типтик ылдый бурулдаткан бойдон оозун коё берди.
Ошол тапта Өзүкбайдын шайманы бошоп, шылкыны куруп, кайта-кайта жол каратып, утур Шамшынын бели тарапты тиктетип: «Тур карагыла! Келатабы! Көрүнөбү? Караан чыктыбы?» — деп кургакка серпилген балыктай туйлап, үстөккө-босток чабалактап ары-бери оонап аласалып, чыдай албай сөөгүнөн жан тери агып мончоктон айласы кетип жаткан учуру болчу. Суранчы баш болгон эстүү баштуу ага-иниси бүт чогулуп, чый-пыйы чыгып, улам Кокон кечиккен сайын: «Алда эмне болду» дешип, бир орунда тынч алып отура алышпай дүрбөлөңгө түшүп шакалактап жатышкан.
Бир кезде Суранчынын оюна бир нерсе кылт дей түшүп, Коконду утурлатып курч ат менен алдын тостуруп: «Кокондун аты жүрбөй көзүнөн караан учуп, бизге жете албай келатпасын? Чү де! Арты кийнине кылчайбай чап. Алдынан тосуп учкан бойдон тез жет да Коконго карабай «дарыны» алып кайт!» — деп шашылыш киши чаптырды.
Күндүн кызылы түрмөктөшкөн жүндөй болуп самсаалаган асмандагы ала булуттарды өрттөп бара жатканда Кара-Кыянын жылаңач кырына чыга калган Кокон чабарман жигит менен беттеше түштү.
— Эмне?
— Келе апийимди?! . , — Эмне болду?!!
— Өзүкем чыдай албай жатат?!
— Атаңдын башы — деди кара мүртөз Кокон. — Мен жердин түбүнөн бери жанымды оозума тиштеп, жан этимди жеп, учуп-күйүп алып келатсам. Анан Өзүкеме «дарысын» өз колум менен тапшырбай сага бере коембу? Бастыр былжырабай! Бирди көрүп каласың?!
Экөө жарышкан бойдон жөнөштү. Сарала-Саздын артууларында тиги жигит минген сөөгү тынч курч ат Карагер жоргого теңдешип барды да, анан бузулган суунун сайынан өтүп Айтаке конушту көздөй кеткен түз жолдо жоргонун караанын көрбөй самсып кала берди.
Эшиктин алдында тышка чыгып жол карап турган топтошкон эл күүгүм талаш дигер шамдын ортосунда жоргону дирилдетип келип Өзүкбайдын үйүнүн эшигине Токтогон Коконду ат үстүнөн көтөрүп түшүрүштү. Үзүлүп кете жаздап көзү аңтарылып өлүү тирүүнүн ортосунда жаткан Өзүкбай болуш Кокондун колунан «кара дарысын» алаары менен оозуна салды. Энесин эмген музоодой эки ууртунан шилекейи чачылып ак көбүк агып, эки көзүнөн чылпак аралаш шоросу куюлуп какап-чакап, койдун корголундай апийимди таңдайына басып соруп кирди. Кокон дагы бир аз чай кайнамча кечиккенде «кайран апийимкорок маңчы болуш» тиги дүйнөгө карай көздөрүн акшыңдаткан бойдон жол тартып кете бермек экен. Жаны калды. Ой, анда Өзүкбай болуш өлсө элге кандай тынчтык болот эле. Жаткан-жаткан жеринде, турган-турган жеринде дегендей журт жай-жайында боло түшпөйт беле? Өлбөй калганын карачы?
Болуш эс алып, чогулган ага-тууган, ага-иниси үй-үйлөрүнө тарагандан кийин кайчы өтүп кетип калган кишиден бетер баягы алдын тосо чапкан чабарман жигит салпактап жүрүп араң келсе болобу?!
Карагер жоргону күтүп жаткан Уултай аты колуна тиери менен ээр токумун сыйрып таштап, тан атканча акырын илките жетелеп жүрүп, таң нык салып чыгыш жак шоолаланганда жүгөнүн шыпырып алып отко кое берди. Карагер жорго жашаңдан эки чалып, бир чалып, чайнаган болду да анан куйругунун сыртына кайрып соорусун булгалап секирип оюн салган бойдон бузулган суунун төрүнө чыгып кетти. Ал кечээ кайда барып, кайдан келгенин билбесе керек. Чарчап-чаалыккан менен жумушу жок окшойт. Өзүнчө бир башкача мал экен да жаныбар! Ал эми Кокон болсо Карагер жоргодон жеңилди. Ат үстүндө сөөк-саагы жанчылып, кыбыраарга дарманы калбай катуу кыйналып калган эме, үч күн бою шишип-көөп, күнү-түнү менен төшөктө жатып, төртүнчү күн дегенде араңдан зорго элдин катарына кошулду.
Кокон менен Карагер жоргонун кабары ошол жайда Кочкор өрөөнү эмес, Жумгалдын элине чейин угулду. Деген аттар менен ара конуп барып, ара конуп келчү, ортосунда бийик дабаны бар алыс жолду кыскартып, күнүн барып, күнүн келет деген эмне? Анан Кокон менен Карагер жоргого кимдер гана кызыгып, кимдер гана таң калбайт.
Уултай Кашка атты казы байлай элегинде жайлоодон эрте күздө алдырып келди. Аттын баштагы сыны дейсиңби? Сабагы чыгып, мойну ичкерип, башы элик баштанып, кыскасы күмүштөй жаркырап, куйрук жалы кулпунуп, көкүлү кундуздай жалтылдап, эки кулак камыштай типтик, эки көзү бышкан кара алчадай мөлтүрөйт. Уултай Кашка атты көрүп ичи ысып, «бөтөн көзгө чалдыкпаса экен» деп жыйрыла түштү. Жайлоодон келгенден тартып жашаңдатып, көк чытырга байлап, таптоого киришти.
— Деги бул Уултайда бир кеп бар?
— Бул бирди кылганы жүрөт.
— Карыган катын ат байларбы?
— Ата көрү ээй, жаман Түкө кулдун селсаяк казак катыны...
— Буга эмне жок. Башта кайда жүргөн?
— Бул кечээ эле Айчубакта кунаны чыккандан бери кутуруп калды!..
— Ой эл журт! А андай эле кыйын экен, баягы Байзактын ирегесинде жүргөндө ошонун миң жылкысынын ичинен бир күлүк тандап чаппайбы?
— Кокус бир аттуу-баштуу кишинин катыны болсо, ааламды пыр кылмак го бул шуркуя?
— Ата кудай гана бардыр а, жаман казак күңгө.
— О жанакы Түкө кулдун уулу Супатай жатакчы кадимки ок саадактуу киши өңдөнүп атка толтура бастырып калыптыр?!
Көрө албаган кээ бир колу жетиштүү айылдын «мыкчыгерлери» Уултай менен Супатай жөнүндө колунан келген күңүчүл чеки сөздөрүн аяшкан жок. Биринен сала бирин удаа-удаа жаадырып, мөндүрдөй дабыратып жатышты.
Кашка ат ошол жылы күзүндө Кочкор, Жумгал, Нарын аймагында көп чабылды. Кандуу бут жаңы бышты болгонуна карабастан, алдыңкы байгени берген жок. Байгенин ээси да аттын ээси да Суранчы. Суранчы Супатайга ит жеминдей бирдеме берсе берет, бербесе жок. Өзү билет, өзү таратат. Буга Супатай катуу нааразы. Ичинен бугу кайнап, ызасын сыртына чыгара албады. Бир күнү энеси Уултайга арманын айтты. Уултай муну билбейт бекен? Ал баласын «дың» дедирбей басып койду. Ошондон кийин ичтеги көк түтүнүн тышка чыгара албай, думуккан куштай дым болду да калды.
Карагер жоргону Суранчы бир күнү алдырып кетип, үстүнө чыккандан кийин жоргосуна кызыгып, кыштата ит агытып куш салып, бербей койду. Суранчынын бул кылыгына да Супатай жаталактады.
Жазында эл жайлоого көчөөрдүн алдында дубан-дубандагы болуштарга кат келди. Ал каттын мазмуну мындай эле:
«Быйыл күз казакта Кожомберди султандын ашы болот. Ат чабыш, жорго салыш болот. Казак-кыргыз болгон жери — эки бир тууган эл бүт чакырылат. Биринчи аттын байгеси миң дилде, биринчи жоргого миң кой сайылат. Атактуу күлүк, чыгаан жоргосу бар эл күзгө чейин даярданып келишсин».
Бул кабар чагылгандан бат тарады. Калк дүрбөп калды.
Суранчы бир күнү кечинде Карагер жоргону өзү жеткирип берди. Ал казакта боло турган чабышты алгач уккан. Анын үстүнө Карагер жорго менен Кашка ат Суранчынын өзүнүкү өңдөнүп, эл да «Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу» оозанып калган. Суранчынын аркасы болбосо бул эки ат экөө тең чабылбайт. Чыкса байгеси Суранчыныкы. Чыгып келе жаткан үстүндөгү бала Суранчынын аталарынын арбагын чакырат. Ошондой болгондон кийин Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу экендиги кашкайган чындык эмеспи? Казакта боло турган эки эл беттешкен жерде же Кашка ат, же Карагер жоргонун бири чыгып калса, Суранчыга жаман наамбы? Зоболосу көтөрүлүп, даңкы жер жарып, мурунку дөөлөтүнүн үстүнө кошула берет. Ошон үчүн жоргону өзү алып келип олтурат. Уултайдын саяпкер экенин Суранчы билет эмеспи.
Супатай казактагы ат чабышка Кашка атты алпаргысы келбей көңүлсүз болуп жүрдү. Аны Уултай билип баласын чыйралтты.
— Арам жаман! Сен Кашка аттын жал-куйругун чындап шүйө турган кезиң келди. Ушунда чыкса сенин атагың чыгат. Кашка атка бүткүл Кочкор, Чуй, Көл айланасындагы күлүктөр тең эмес. Бул жердеги чыккандыгы үчүн сен аны күлүк деп эсеп кылба. Чаптың-чаптың, ошо казактагы чоң байгеге чап. Ошерден калк көзүнө көрүн.
Уултай ушинтип уулун нечен жолу кагып-силкип, нечен жолу дем берип, нечен жолу кайраттантып Супатайдын демилгесин көтөргөн. Ошондо да Супатай:
— Казак-кыргыз жыйналган жер болсо, ага капкайдан чогулуп канаттуу аттар келет да. Кудай билет, ошончо элден, ошончо көп аттан биздин Кашка аттын чыгарын.
Күркүрөп күз келди. Супатай менен Уултай Карагер жоргону да, Кашка атты да кыл табына келтиришти. Эл дүрбөп, казактагы чабышка алды жөнөй баштады. Суранчы күнүгө бир маал келип эки аттын жайын сурап, ары жак бери жагына чыгып тегеренип карап кетет. Уултай Суранчыга:
— Бул эки ат менин колуман чыгып бүттү. Жер казыгынан сактаса элдин намысын алып берет. Калк казына. Балким булардан да кыйын күлүктөр бар чыгар. Аны бара көрөрсүңөр. Менин бир силерге айтаарым, ошол ашка Шергазы да барар. Шергазыга атыңарды күн мурун көргөзүп алгыла. Мен билбеген кемчиликти ал билет. Шергазынын алдынан озгон кыргызда саяпкер жок.
Эртеси эртең менен Супатай, Суртай казакты бет алып жолго чыгаардын алдында мамыдагы байланган аттардын жанына келип жыйылган ээр токумдун үстүнө көчүк коюп, Уултай эки атты тиктеп олтурду. Канчалык кадалганы менен Кашка аттын турпатынан өөн таппады. «Ичи тышында эч кидирет жок, Бири чыгаан күлүк, бири тал- бас жорго эр азаматтын колуна оңой менен тие койбойт да. Супатайымын кул аты өчпөй, таалайы ачылбай турганын карачы?»
Уултай Супатай менен Суртай аттана берээрде Суртайды эңкейте тартып, кулагына шыбырады:
— Ошент, садага кетейин каралдым, ошент!
Атка минип жуп шарт бурулуп жөнөөрдө Супатай энесинен бата сурады.
— Кудай ак жолуңарды ачсын. Зоболоңор көтөрүлүп атыңар байгелүү болсун! Тилеген максатыбызга жетели!
Уултай эки баласынын элеси бүл-бүл болгончо, кол кирпиги талыганча тиктеп, көзүнүн кычыгынан, бетинин жылгасына аккан жылуу жашын жоолугунун учу менен улам-улам аарчыды. «Мени ала кеткиле! Силер казактын жерине бара жатасыңар, казактын жери менин жерим, казактын эли менин элим! Мен казактын кызымын! Мен ал жакта өскөм. Ата-энемдин колунда тайрактап эркелегем. Менин балалыгым, жаштык жыргал жылдарым ошол өз жеримде — чөлдө калган. Күлүк ат чапкам, тулпар сууткам. Супатай, Суртай — эгиз бир тууганымды аймалап өөп, боорума кысып, мойнума мингизип, кучактап көтөргөм. Мени ошолорго алып баргыла. Мага ошолордун жүзүн көргөзгүлө. ...» — дегиси келип, ичи уйгу-туйгу болуп, бугун чыгара албай, буркурап ыйлап, «баа» деп бакырып жибере жаздап, кайта-кайта үшкүрүнүп, алачыгына жөлөнүп кала берди.
Бир аздан кийин алардын караанына Уултайдын көз кубаты жетпей калды.
Кашка кунандын Айчубактагы чабыштан чыгышынын жагынан зыяны да болду. Супатай жана анын үй-бүлөсүнүн тынчы кетти. «Кунанды сатсын» деп күнүгө бир «мыкты» жигиттерин жиберчү болду. Акыры бербесе тартып да кете турган. Санда жок кишинин ат чапканы да курусун! Андай неме байгесине да ээ боло албайт тура. Баягы Айчубактагы жүз козудан Супатайга бешөө гана тийип, калганын ошердеги журт башкаруучулар соогатка деп талап кетишкен.
Бир күнү Уултай эртең менен эрте туруп, Суранчыныкына басып барды. Суранчы Байзактарга жакын, Түкө менен болсо негизи түбү кошулган тууган. Бирок Түкөнүн аталары жөн чыгып, аягы кулга айланып кеткен. Суранчынын аталарынын тукумунан мыкты үзүлбөй келатат. Акыркы мыктысы Суранчы. Суранчы бирде болуш, бирде бий. Ат жалын тартып мингени мансап колунан кете элек. Сүйлөсө таңдайынан чаң чыккан чечен. Тыягы Сары Өзөн Чүй, быягы Көл айланасы, Ат-Башы, Нарындан бери кадыры жетип, сөөк-тамыр күтүп, даңкы алыска учкан адам.
Уултай эшик ачып кирип барганда Суралчы төшөктөн жаңы туруп кийимин кийинип жаткан экен. Кичи аялы жүк жыйып, үйдүн ичин иреттеп жүрөт. Коломтодо каланган тезек карабашыл болуп күйүп, кумгандагы суу ызылдан үн чыгарып турат. Канча кылган менен кул да болсо тууганчылыгы бар агасынын аялы эмеспи, Уултай кирип барганда, Суранчы нары митайымчылыгы бар, нары эл аралап жүргөн адамкерчилиги бар, түгөнгүрүн:
— Келиңиз, Уултай жеңе? Быякка чыгыңыз, — деп төр жакты көрсөтө берди. Уултай төргө чыккандан кетеби? Жылып барып ашкана чийдин аяк жагына жүйүртө басып олтурду. Суранчы маасысын тартып кийип жатып, токтоно албай сөз баштады:
— Уултай жеңе, келчү эмес элеңиз, үйдөн эрте баскан экенсиз?
Уултай оюнда болгон ишти ачык сүйлөгүсү келди:
— Келчү эмес элем. Келдим, кайним. — Өмүрүндө жеңе дебеген Суранчы жеңе дегенде, Уултай кайним деди.
— Сөзүңүз болсо айта бериңиз? — Суранчы Уултайдын эмне айтаарын да билип турат.
— Жакшы киши эле болсо, жакшы боло бербейт. — Уултай сөзүнүн башын мактоо менен баштамак болду. Анткени тигилердин тукумуна мактоо жагат. — Бир уруудан бирөө чыгат. Бардык адамга жакшы жетеби? Супатай деле сенин жат-жалааң эмес. Распы?
Суранчы башын ийкеди.
— Түбүңөр бирге аталаш туугансыңар. Илгертен бери эскиден калган сөз бар. «Жакшы элчил болот. Эл коргойт. Жаман үй күчүк болот, күл коргойт». Супатайдын аталары жөн чыгып калыптыр. Арманын кудайга айтсын. Өз атасы Түкө өмүрү өткөнчө Байзак агаңдын малын багып, ийни бүтүн кийим кийбей, карды толо аш ичпей жүрүп, бул жалган дүйнөдөн көзү өтүп кете берди, бечара.
Уултай саал жашыгансып кетти. Анан үнүн каргылданта чыгарып:
— Кайним! Атасы Түкө кул болсо, уулу Супатайдын жакшы чыгар чамасы барбы? Анын жорго минип, күлүк ат чаба албасына кимдин болсо да көзү жетип турбайбы? Ошондой болгондон кийин — деп, алоолонуп күйүп жаткан отту тиктеп козголуп Уултай сөзүнүн аягын улады, — мындан ары жанагы биздеги эки атка өзүң ээ болуп, өзүң баш көз болуп көздөп ал. Биз жөн гана багып берүүчү малайың бололу. Эки жактан суроочу көбөйүп кетти. Ал аттар сеники болуп калса, биздин да кулак-жаныбыз тынчый калчудан. Кезегинде кимисин минем десең ошонусун минип тур.
Суранчы митаам, бүркүтү бөрү алгандай түгү жымырылып, жадырап-жайнап эрди башы кыбырап, өз оюнда тартып алсамбы деп жүргөн аттар өзүнөн өзү келип колуна нак тийгенге кубанычы койнуна батпай, бүткөн бою чымырап ичи ысып кетти.
— Жакшы болот, жеңе, жакшы болот. Супатайым менин бир тууганым. Түкө абамын баласы. Жат-жалаа жок. Тууганбыз. Супатайдыкы меники, меники Супатайдыкы.
Дегеле кой, жапалактайт кайран эр. Мындан мурда кайда жүрдү эле. Баштатан эмне үчүн ыба карабайт Уултайларга? !.
Уултайдын санаасын тындырып «ак пейилин» айтып, ишендирип жолго салды. Ошондон кийии Кашка кунанга көз арткан адамдардын аягы тыйылып, тумшукка чапкандай кайтып жатышты.
Айчубакта Кашка кунан жүз козуга чыкканда «Бул менин атым. Байгесинде эч кимиңердин акыңар жок» — деп жүз козуну өз алаканына салып, ар кайсы мыктыларга бадырактай чууртуп, өңүн өңдөп, түзүн түздөп, калганын өзү алып, үйлөп ийсе учкандай беш кебээсин «Мынабу сага жетет. Көрүп турбайсыңбы, тетиги эл башкарып, журт үстүндө жүргөндөрдүн да көз акысы бар», — деп Супатайга ээ кылбай күрсүлдөп-тартып жиберген көзөлдүн бири ушул Суранчы болчу. «Кашка кунан кандай гана болбосун меники болот. Мен барда алар эч кимге бере албайт. Берген жеринен да алдырып алам. Супатай аттан айлансын», — деп өз ичинен ойлонуп жүргөн Суранчы. Карагер быштынын катуу жорго болуп баратканын билген эмес. Бүгүн Уултайдан «Эки ат экөө тең сеники болсунду» уккандан кийин, тартып алгандан бул иш оңой болгонун билип, эгиз эркек балалуу болгондой сүйүндү.
Уултай Суранчыныкына эмнеге барды дейсиң? Ал деле Суранчынын оюн билчү. Анын көзүнүн тетир кыйырын байкап жүргөн ичинде. Айрыкча Айчубактагы чабышта кашка кунан жүз козуга чыкканда байгесин Суранчы бырыксытканын, «Бул ат меники» деп көпчүлүктө кыйкырып, атка Суранчынын ээ боло калганын Уултай байкуш эчак эле билип, эчак эле уккан. Укмак түгүл бармагын тиштеп ичинен сызган. Баласы Супатайдын бул шум заманда күлүк ат, чыгаан жорго эмес, өз башына өзү ээ болбосуна да Уултайдын көзү жетип турат. Супатайдын акылы, адамгерчилиги, чечендиги, кебете-кепшири, сын-сыпаты, өңү-түсү Суранчыдан өйдө десе өйдө, акыры ылдый эмес. Жалгыз гана айыбы — кулдугу!
Жаркырай жаз келди. Мындай жаз Кочкордо чанда бир жылдарда болот. Жумгал менен Чүйдө чын куранда кош чыгып, бугуда мал көккө карк болуп калган кезде, Кочкор заарын бетине алып, булуттар кубаңдап, тоо-тоонун башы менен туз сураган төөлөрчө топтошуп локулдап желип, эки-үч күн мурун күн жылт эткенде жазды чакырып аккан сары сууларды чор кайната тоңдуруп, тору этинен ажыраган арык-торуктарды ого бетер тоголотуп кетчү эле.
Быйыл жаз эрте да башталды, жылуу да болду. Кун чыгаары менен илеби мемиреп, үп этип жел сокпой, майда балдар алыштагы сууда жылаңачтанып киринишип, капталдары чамбыл ала баткак болуп, өзүлөрүн өзү май куйрукка алакандарын шапалак кылып «чак» эттире басып алып, кулун тайларды туурап баштарын чулгуп, татырактап жүрүшөт.
Күн жааган сайын жамгырлап, арты жылуу ачылып, жөө тумандап жер боргулданып бууланып тердеп, кадимкидей көктөй баштады. Адегенде шыбак жарылып чий дүңгөлөдү. Анан биринин артынан бири жабалактап көк чыгып олтуруп бир жумага жетпей ой-тоо дебей жашыл бачайыдан көйнөк кийгендей кулпунду. Жутамчылыкта козусунан качып тыбырчылаган койлор, азыр өзүлөрү издеп мекиренип, чуркап жүрөт. Жаткан-жаткан, турган-турган жеринде дегендей жан жаныбарлардын баары жаз жыргалына бууланып ыракаттана түшүп жаркырап жайнап маашырланып калышты.
Чын куранда Кочкордо буурусун чыкты. Байлар бугу жаңырары менен жазгы көктөмдү төтөлөп көчө башташты. Жакада баягы Супатай баш болгон он чакты түтүн жатакчылар калышты. Кашка кунан Айчубакта чыккандан бери Супатайдын зоболосу көтөрүлүп, өйдөкүлөр теңине албаса да, жатакчылары кадырлап, алар Супатайды караан тутушат.
Уултай эне бир күнү Супатайга кайрылып мындай деди:
— Кашка кунан үч маалына жетти. Бышты болду. Мындан ары мунун кунан, бышты аты өчөт. Ат деген атка конот. Эми муну былтыркы Карагер жоргодой бычтырып, Кара-Колго коё бер. Сөөк-саагы түзөлүп мындан да жакшы оңолуп келет. Карагер жоргону жайкы жумушуңа минип кал. Жайлата биз аны менен алек бололу.
Супатай ат жагынан Уултайдан кеп талаша алчу эмес. Энесинин айтканын айткандай, дегенин дегендей орундатчу. Эне-баладан бул экөөндөй бөтөнчө ынтымактуу жок эле. Кашка бышты жөнүндө энесинин акылын «лам» дебестен кабыл алды да, иштин баарын Уултайдын оюндагыдай аткарды. Кашка бышты жайлоого кетти.
* * *
Уултай жаш кезинен тартып эки ооз сөзүнүн бирөө жорго менен күлүк жөнүндө болор эле. Илгери келин кезинде жаман кара алачыгында оттон чоң калап алып, коломтого бутун салып олтурган Супатайга: дулдул, тулпар, аргымак, тобурчак, күлүк, жорго жөнүндөгү жомоктордон көп айтып берчү. Супатай ошондо эле күлүккө шыктуу болчу. Энесинин жомогун жантыгынан жата калып ынтаа коюп укчу. Түкө болсо өмүрү жылкы үстүнө чыкпай, жайдак өгүздүн жонунда жайлап-кыштап жүргөн байкуш, жомоктун баш жагын угуп келип, керели кечке кой артынан чой-чойлоп чарчаган неме, бат эле үргүлөп уйкуга кетчү. Уултайдын жомогун кээ бир күндөрдө Байзактын көпкөн келин-кыздары да келип угушчу:— Биздин жер бөксө-бөксө адырлуу чабыр келип, жайкысын таш күйгүзгөн чөл, күзгүсүн керимсел жел жүрүп, мунарыктап куму көчүп турган жер эле. Атам анчалык ашынган бай эмес, алынча оокаты бар, анан ченемсиз саяпкер болчу. Атамды эл кадырлашчу. Айыл мыктылары күлүк болчу аттарын жашынан сынатып, анын табын сурап атамды колмо-колдоп турушчу. Көбүнчө атам тулпар чапчу. Тулпар деп күнү-түнү чапса да чаалыкпаган, айлап жол жүрсө азбаган, ач-тогуна кайыл малды айтат. Балдары токтобой жүрүп, мени улгайганда көрүп: «Эми ушул кызым аман болсо болду. Уулум жок болсо да уул катары көрөйүн» деп, атымды өзү Уултай коюптур. Мен эс тартып чоңоюп, алты-жети жашка барган кезде, энем эгиз эркек бала төрөп берди. Эгиздин атын уйкаш коет тура. Мурун жерге түшкөнүн Супатай, кийинкисин Суртай койду. Мен чоңоюп бой тартып он төрт, он бешке келгенче атам эркек кийимин кийгизип, «кыз» деген сөз оозунан чыгып кеткендер менен урушуп жүрдү.
Атам кайда барса мени ээрчитип, жанынан чыгарчу эмес. Жорго мингизчү, күлүк болорун атаман үйрөндүм. Атам бир жылы кумдан энеси тууп таштап кеткен балким үйүрү бир нерседен чочулап үркүп кетсе керек жетим көк кулун таап келди. Бээге жагызып, кээде өлүү сүт берип жүрүп, багып чоңойттук. Баладан бетер атамды, көбүнчө мени кайда барсам да ээрчип алчу.
«Талаадан таап алдык деп эч кимге айтпагыла, кудай аман койсо бул көк кулун, көк тулпар болот» деп жүрдү атам.
Кулунунан тартып колдон тамак жеп үйрөнгөн неме, кийин чоңойгондо кайсы жерден бошонсо, ошо замат сызган бойдон үйгө келип бир тийчү болду. Анын бир кыялы бизге жакчу. Тулпар жашка толуп, тулпар-тулпар болуп калган кезде бир жылы күзгө жуук казактын түндүк чети бекен, кудай ай, кай жеринен экенин обол акы толук биле албайм, баш байгесине миң жылкы сайган атактуу бектин ашы берилери жөнүндө кабар келип калды. Атамдын күн-түнү тынчы кетип, уйкудан безип, көк тулпарды ошол ашка даярдай баштады. Кош тизгин катып суутуп бир тизгинин үзөңгүнүн алдынан алып келип басмайылга бекитип, жумасына үч-төрт жолу таңашырып, өзү отко коюп, өзү терип кырып өзүнөн өзү тулпар менен убараланып жүрдү. Кай бир учурларда атамдын эки-үч күндүк жолго чыгып кетип, ат үстүнөн тамактанып, тулпарга тал чөп үздүрбөй, тамчы суу таттырбай чаалыктырып келип жатып калган күндөрүн көрчүмүн. Көрсө, а киши тулпардын чыдамдуулугун сынап жүргөн тура. «Тулпарымды Уултайыма чаптырам. Муну башка бала чаба албайт», деп энеме атамдын айтып жатканын угуп, «чапсам экен» деп дегдеп калдым. «Эртең жөнөйбүз» деген күнү кечинде мага мингизип, айылдан төмөн обочодо камыштуу башат бар болучу ошого «сугарып кел» деп жиберди. Супатай, Суртай бөбөктөрүм чоңоюп, үч-төрттөргө чыгып калган. «Жакелеп» жүгүрүшүп, артыман ээрчип чуркашканда энем чакырып аларды алаксытып калды. Эки баласын эки колуна жетелеп баратып, эмнегедир энем мени кылчайып карап көпкө чейин тиктеди. Ал менин тулпардын үстүндө олтурганымды көрүп, «Эркек болуп эмне калбады экен, байкушум» деп ойлоду го?! Мен аны энем айтпаса да көз кырынан билдим. Ошентпедиби, айланайын энекем. Менин кыз болуп калганыма өкүнбөдүбү? .. Байкуш энекем...
Башатка барып, тулпардан түшүп, ооздугун бошотуп, чылбырынын учунан кармап, оюма эч капар албай сугарып жатканымда артыман камыш шуудурай түшүп, бир балбан кол келип туура сыга кучактап оозумду тумчуктура басты. Тулпардын үстүнө чыга албай калып колго түшкөнүмө көзүм жеткен соң, чылбырды коё бердим. Тулпар ойноп кетти. Аңгыча болбой биздин айыл тараптан «жоо тийди» деген чуу чыгып калды. Мен жоонун колуна түшкөнүмдү ошондо билдим. Колу-бутум байланып, эки көзүм таңылып көп күн, көп тун жол жүргөндөн кийин мени чечип коюшту. Кайсы жол менен, кайдан келгенимди билген жокмун. Андан кийин да далай күн, далай түн жол басып ушул Кочкорго келдик. Нечен бел аштык, эсепсиз суу кечтик. Алда Супатай, Суртай боорум ай!.. Алда айланайын, апам ай! Мени эмне ошондо телмире карады экен? Мени эмне ошондо көпкө чейин тиктеди экен? Көрсө акыркы жолу коштошкону тура. «Сени мындан кийин көрбөйм, сен да мени көрбөйсүң» деп, тиктеген тура. Уултай көпкө чейин тынчтана түшүп, анан: «Ошондогу энемдин эки баласын эки колуна жетелеп бараткан элеси, күнү бүгүнкүдөй көзүмө карааны көрүнүп турат!» деп сөзүн бүтүрчү.
Уултай ушул өзү жөнүндөгү жомогунун аягына чыкканда көзүнүн жашын көл кылып, колу-башы, бүткөн бою калтырап, Супатай, Суртай боорун айтып, атасын, энесин козгоп боздоп-боздоп, буркурап-буркурап кетчү. Анда Супатай бала эмеспи, энесин көрүп кошо ыйлачу. Кийин Супатай Калыйчага үйлөнүп, Суртай төрөлүп, чоңоюп тестиер болуп калганда да ушул жомогун Уултай небересине айтып берип жүрдү. Анда келини Калыйча ал да башынан жетимдикти өткөргөн муңдуу, шордуу да кошо ыйлачу болду.
Байзактын көпкөн келин-кыздары Уултайдын жомогунан кийин үйлөрүнө тарап бараткан жолдо шаракташып, бөйрөктөрүн эки колдоп таянышып, жин тийгенсип эки алакандарын чапкылашып күлүшүп:
— А байкуш, Уултай күң!.. Тулпар чапчу тура. Мактанат, андай эле тектүү жердин кызы болсо, ошончо жылдан ушунча жылга чейин ың-жыңы жок таштап койбой, атайылап бирөө издеп келбейт беле?
— Болбосо, ошо жоо тийген күнү артынан баатырлары кууп жетип, ажыратып калбайбы?
— «Эл башкарган көсөмү жок, жоо бетине чыкчу берени жок», чөл кыдырып эчки, төө саап каңгып көчүп жүргөн томаяк казактардан да.
— Кур мактанганын кара байкуштун?!
— Антпегенде кантет байкуш күң?! — Ха... ха-халап, үрккөн субай жылкылардай шатырашып шылдыңдап кетишчү.
«Ата-энем болсо өлгөндүр. Мен ошол эки эгиз бир тууганымдын атын эстеп жүрөйүн деп, балдарымдын атын Супатай, Суртай койбодумбу? ! Ошол эки бир тууганымдын эсендик, кабарын угуп өлөр күнүм бар бекен?!» деп Уултай ар качандан бир качан ботосунан ажыраган ингендей боздогондо адам жанына туралчу эмес. Анын экинчи арманы көк тулпарды миң жылкы сайылган ашта бир чаппай калганы болчу.
Карагер жоргого Уултай кылдат мамиле кылчу болду. Бир күнү баласына:
— Балам, сен мунун көзүнө караба. Бул күлүк ат эмес, бир кыйналса, эртеси курчу түгөнүп, чуркабай калгандай. «Эркенин жашы, жоргонун тери кургабайт» деген. Жоргонун иши жорго. Жүргөндө көзүн карап аяба, катуу жүр. Кунан тайында бөжүп жоргологон жылкы чыгаан жорго болбойт. Ал кур гана шым жыртар болот. Жорго болчу мал быштысынан тартып арбытат. Ага чейин улам жаңылып, даана таба албай, ооздугун тиштеп тоңкочуктап алабарман салып жүрө берет. Жоргону үйрөткөндө жазгысын айдоого салдырып үйрөтүш керек. Колтугу керилет. Жанылууну унутат. Өмбүл-дөмбүл, аң-дөңгө салдырган түзүк болот. Буту-колу жер таанып бат машыгат. Эки күндүн биринде кыйнап келип суутуп, таң ашырып турган жакшы. Жөн гана жүрүштүү ат катарында минип жүрө берсе, жорго болбой жоон-жолпу ат болуп калат.
Мындай акылын Уултай Супатайга нечен-нечен айтчу. Уултай карагер жоргону өз ою менен таптатып, өз ою менен сууттуруп жүрдү. Улам барган сайын мүчөсү чыгып, сыртына тартып чыңалып, чатырап жооное баштады. Соорулары казанбактай көмкөрүлүп, жал, куйрук төгүлдү. Буту-колу түзөлдү. Кийин күзгө маал жоргосуна аттын аты жетпесе, жөнөкөй чобурлар артынан самсып, алда кайда калчу болду. Ошончосуна жараша жеткен аймаңкы. Канча чөп салсаң тал калтырбайт. Акырына куурай таштасаң да аймайт. Мейлиң чий жулуп келип салып кой, түбүнөн бери жейт. Арпадан бир чоң чака илсең чай кайнамда эчтеке жок. Кайра таңашкан жылкыча окуранып ээсин карайт. Таң каласың. Жылкынын меши. Мунун сыры белгилүү болуп калды. Бул өтө карылуу ченеми жок малдын алпы.
* * *
Өзүкбай болуш Суранчы менен ага-ининин баласы. Жети атасынан бери элге үстөмдүк кылган манаптын тукумунан. Болуш болгусу келсе болуш болот, бий болгусу келсе бий болот. Ал өмүрүндө мал күтпөгөн адам. Аны «үрүп чыгар ити жок томаяктын бири экен» деп ойлоого болбойт. Кар жаабаган кара Кочкор өрөөнүндөгү бай жардынын малы бүт бойдон Өзүкбайдыкы.
«Малга ээмин» деп багып жүргөндөрдүн курулай убарасы. Алар малга ээ эмес. Малдын ээси Өзүкбай. Жайкы-кышкы согуму өзүнөн өзү келип, эшигинин алдында даяр болуп турат.Эл жайлоого чыкканда Өзүкбай кошо чыгат. Кочкор ичиндеги кайсы гана жайлоо болбосун ошонун бирине Өзүкбай барып конду дегенче, ал жердеги элдин тынчы кетти дей бер. Аны кой дээр кожо, ай дээр алла жок.
Жайлоого Өзүкбай жалгыз өзү көчүп барса эмне? Анын кызматын кылып, жайды жайлата малын союшуп, конок келгенде күн-түн дебей каралашып, аларды аттантып-тондонтуп узатып туруш үчүн да киши керек го. «Ошондой ишине жарайбыз» деп кошо ээрчий көчүп жүргөн кошуна-колоңдору өзүнчө бир айыл журт. Мына алардын да ичкен-жегени, сойгон согуму ошол Өзүкбай барган жайлоодогу элдин жонунан болот. Өзүкбайдын чамгарагы көтөрүлүп, үйү журтуна тигилер менен алды тай, аркасы кой-козу болуп, биринен сала бири, бир чети кошоматка, экинчи чети коркконунан өрүлүк деп алпарып бере берет. Келген малдар күнүгө союлуп турат. Анан өрүлүктүн малы түгөнүп, конок аяк көп келип карбаластап, шашылып калганда Өзүкбай болуш туш-тушка киши чаптырат. Тай союлчу коноктор келсе тайга, кой союлчу коноктор келсе койго чабат жигиттери. Бир бечаранын жалгыз баласына энчилеген жорго тайы болсо да алдырып келип сойдуруп таштайт. Өзүкбайга кыңк эткен жан болбойт. Ачуусуна тийгенин өлтүртүп коет, тамаша кылгысы келсе урдуртуп таштайт.
Өзүкбай болуш бээ байлап, саан саабайт. Анын жүз баштуу ак ордодой үйүнүн бир капшытында кереге башы кур эмес. Кып-кызыл ышталган он чакты эркеч чанач кымыз чымчып буулуп, ичке бучкактары дердейип, түпкү жазы булуңу ылдый карай салаңдап жерге тиер-тийбес болуп, илинүү турганы турган. Болуштукуна кымызды кыйгыл алып келгендерде да жан жок. Чаначын тилдирип, кымызын төктүрүп, өзүн токмоктотуп кое берет. Экиден төрт жигит тиги тизилип турган чаначтардын улам бирин чечип алып, бирөө түпкү бурчунан, бирөө оозун толгой кармап, бирин көздөй бири лүк-лүк эттире уруп, кара терге түшкөнчө кымызды чайкашат. Антпесе аларда да жан жок. Кымыз бал татыбаса кордук көрүп калышат.
Мына ушундай дөөлөтүнө мас болдубу, же кудай теңирин тааныбай көөп кеткендиктенби, же жаш кезинен тартып болуш бий болуп ата-бабасынын сыймыгы учурдубу, айтор эмнеден себеп болгону белгисиз Өзүкбай болуш апийим ичкенди наз кылып, анын бүткөн бойду эрите көшүлтүп термелткен ырахатына маашырланды да, жан дили менен ошого берилип кетти. Болуштукту да таштады, бийликти да таштады. Жалаң гана апийимди кууп ичип, ошонун артынан түштү да калды. Апийими жок ал бир күнгө да чыдай албай турган болду.
Ошол жылы Өзүкбай болуштун айлы Сарала-Саз жайлоосундагы «Айтаке-Чуңкур» деген конушта олтурушкан. Өзүкбайдын аялдарынын сарамжалы жоктугунан эстерине «жара чыгып», болуштун апийиминин түгөнүп калганын билишпейт. Бир күнү эртең мененки чайда Өзүкбай: «Апийим бергиле», — деп аялдарына ишаарат кылса, апийим жок. Жокту күн мурун эскертпегендиги үчүн аялдарынын жаны чыгып кетет. «Эртең кечтен калса Өзүкбай өлдү» дей бер. Аны аялдары эмес тегерегиндеги коңшу-колоңу, жигит-жалаңы, ага-тууган, ага-иниси бүт билет. Анан айлалары кетет. Эмне кылаарын билишпей далдайып туруп калышат.
Токмокто Өзүкбай болуштун Ажы имам деген өзбек досу бар. Апийимди жайы-кышы жетерлик кылып, ар жыл сайын ошол Ажы имам досу даярдап берчү. Кокус түгөнүп баратса жугун үзбөй күн мурун ошондон алдырып турчу. Мына эртең Токмокко киши чаптырыш керек болуп калды. Өтө шашылыш. Буга бир күндүн ичинде кандай ат, кандай киши чарчабай-чаалыкпай жетип барып келе алат. Токмоктон жакын бул Кочкор аймагынан апийим табылчу бир да жер жок. Токмок менен Сарала-Саздын аралыгы нечен катмар тоолор, ортосун Шамшынын бели туура тартып комдонгон атандай бөгөп жатат. Буга канаты бар жылкы болуп учуп жетип барып келбесе, башка мал барып келе алчудан эмес.
Аркы бети да, берки бети да деген аттарга эки күндүк кере жол. Анан дагы түз болсо эмне? Барчу жолдун ою-кыры, кокту-колоту, тоо-торпосу көп. Агыны катуу суусу бар. Капталдары кыямат кайым бийик жар. Пай-пай, пай-пай! Муну ойлогон адамдын азат бою тик турат.
Өзүкбай иниси Суранчыны чакыртты. Абалды уккандан кийин иштин чатак экенин түшүнгөн Суранчы тизгин учу менен чаптыртып Супатайдын карагер жоргосун алдыртып келди. Жоргонун артынан Кашка атты минип Уултай да кошо келди. Болуштун ага-иниси чогулуп акыл токтотушту. Токмокко күнүн жетип барып келгенге Карагер жоргодон башка жарачу жылкы жок. Бир жараса ушул гана жарайт. Муну минип ким барат? Кеп ошондо калды.
Кокон Өзүкбай болуштун өзүнө жаккан бирден бир жигити. Бөрк ал десе баш кескендерден. Өзүкбай дегенде өлөөр тирилээрине карабайт. Бирөөнү тап берип кой десе, төбөсүн жара чаап жибергендин бири. Ал барган жерде жумуш чийки бүтпөйт. Алып кел дегенин алып, жулуп кел дегенин жулуп келет. Өлтүрүп кел дегенин өлтүрүп келет да, уруп кел дегенин уруп келет. Ошондоюнан Өзүкбайга жагып жүрбөйбү Кокон. «Токмокко ким барат» дегенче эле, «Ага менден башкаңар жарабайсыңар» — деп элдин арасынан атылып чыкты Кокон. Кокондун барышын эл туура тапты.
— Кокон жарайт. Кокон барсын!..
Кокон ошол күнү кечинде Карагер жоргону суутуп таңга маал жөнөмөк болду. Уултай ичинде: «Башка бирөө минсе болот эле» деп кыйылып турат. Айласы канча, атка ээ болуп калыптырбы Уултай. Ал Карагер жоргонун бир күнкү терин аяган жок. Жалгыз гана корккону: «Тиги Өзүкбайдын арткан тамагына семирип, кой дээр, ай дээри жок көпкүлөң тартып кутуруп турган «арам» өйдө-ылдыйды ылгабай курч жылкыны бардыктыра жүрүп, жиниктирип өлтүрбөгөй эле» деп ошондон коопсуп, ошондон шексинип жатат.
— Кокон — деди Уултай, — Болуштан аттын күчүн эмес башын аябайбыз, ошентсе да «ат кадырын билбеген минип өлтүрөт, адам кадырын билбеген уруп өлтүрөт» кылбай этият бол. Ары баратканда да, бери келатканда да белдин ар жак, бер жаккы бийик капталдарынан жай чыгып, жай түш. Андан аркысын өзүң бил. Жалгыз гана айтарым Токмокко жакындаганда көк бедеге чай кайнам чалдыр. Токмокко жеткенде Чүйдүн суусунун ирим жерине жетелеп барып көлбүтүп ал. Анан суу жээгиндеги жумшак кумга оонат. Ажы имам бир боо кек беде же беш, алты кочуш жемин аябас. Ошону чайнаткандан кийин кайра тартасың.
Өмүрү сиз-бизди билбей, Өзүкбайдын айдыңы менен башка жат адамдан кагуу жебей, оройлугу ашынган Кокон, Уултайды кабагын салып теше тиктеп туруп ага тумшугу менен корс этип бир тийди:
— Ээ шерменде, сенин оюң менен болсом күнүн барып күнүн келе аламбы? Мага жоргоңдун өлүү-тирүүсүнүн кереги эмне? Жорго эмес өзүм өлсөм да Өзүкемин «дарысын» бир күндөн калбай тез алып келишим керек.
Таң ата, таң ата Сарала-Саздагы Айтаке-Чуңкурдан сыздырып Карагер жорго менен Токмокту көздөй Кокон жол тартты. Шамшынын белинен Кочкор жаккы багытындагы торпусуна чейинки катар-катар мойнок жолдор, кокту-колот, жыбыт-жылга, салаа-салаа белестер биринен сала бири артта кала берди. Таңга маал чабытка чыккан таптагы кара барчындай кайкып, катмар-катмарлардан ашып, үстүндөгү локуйган Коконду оорсунбай, сом туяктарын таштан-ташка уруп Карагер жорго баратат. Күндүн эртең мененки биринчи нурлары бийик тоолордун учтуу кыл чокуларын аймалаганда Кара-Кыянын кырына чыкты Кокон. Көзгө алыстан жакын көрүнгөн менен Шамшынын бели дагы бир ат чабым. Өр.
Мына бул Кара-Кыя дегендин жалгыз аяк кыясынан жайчылыкта ары өткөн, бери өткөн жолоочулар түшүп алышып атын жөө жетелеп басып, баабединин айтып жатып «а кудайлап» араң түшөт. Ошол кыяда кетип баратып эңкейип, ылдый жагыңды карасаң бийиктигинен башың айланып, бүткөн боюң калтырап-титиреп, жүрөгүң опколжуйт, араң ойго түшчүдөйсүң. Өтө бийик. Тиги өлөрман, жанкечти Кокон алдындагы атка ишендиби же өлүм ага жөнөкөй гана уктап тура калгандай тамашабы, ошол бийик капталдагы кылычтын кырындай, жүлүндөй созулган тасма жолдон жоргонун оозун жайган бойдон өтсө болобу?! Кутурган Кокон.
Торпулардагы ар кандай чубалган ийри-буйру кыялардын бирине да токтолбостон жоргонун кош таноолорун барпыратып, өрдө желе басыгына салып жүрүп олтуруп белге чыкты. Жоргодон көл-шал төгүлүп тер кеткени менен каруусунан тайыган жок. «Сага жандын кереги жок болсо, мага да кереги жок» дегенсип туу белге чыкканда тура калып бир аз эс алып алуунун ордуна, кайра күчөп, оозун тарттырбай ооздугун качырата тиштеген бойдон ылдый карай соёлонуп, кумду эшилте-эшилте басып Коконду кокту ылдый алып жүрүп кетти Карагер жорго. Өйдөдө чарчабаган ат ылдыйда чарчайбы. Баягы каадасындай таштуу секиртме жолдордон арыштап түйүлүп аттап өтүп, түз жерге түшө калса оозун жыйып жөнөдү. «Жоо базарды көчкү алган», «Кожоянды көчкү алган», «Кара-Сайды көчкү алган» деген белгилүү дөмбүл-дөмбүл, капчыгай кокту-колоттор жорго күчөп жүргөн сайын аңтарган барактай артта калып жатат. Күндүн жарыгы тоо капортолоп түшүп келгенче башкы карагай, ой карагайларды аралап ашпозчу Мырзабайдын устундук жыгачтан каршы-терши аштап жасаган үйүнө жете келди.
Эрте турган Мырзабай ашпозчу жоргонун оозун керип саламга келбей жанынан шуулдап өтүп бараткан Коконду көрүп, «эр өлтүрүп келаткан канкор, же болбосо жоргону минип качкан ууру» деп ойлоду. Кыйкырып токтоткусу келди, бирок Мырзабай ага чыдап бара албады. Тигинин түрү суук. Баш алгандан кайра тартчудай эмес. Илеби кынынан суурулган муздак кылычтай курч. Өз жанынан коркуп, чочуй түштү Мырзабай.
Антип-минтип чоң шашке болгончо шак этип Шамшынын капчыгайынын аркы оозуна чыгып Токмоктун дүмүрөйүп карарган топ багынын караанын алыстан көрдү Кокон. Түзгө түшкөндө жорго ого бетер күчөп эңиштеген сайын катуулагандан катуулады. Арткы эки бут жазы боорго чак-чак тийип алдыңкы эки такыр колтукту туяктын учтары жетер-жетпес болуп илеп тартып ирмеп келатат. Жолдон жолуккан кишилердин бирөөнө да салам бербейт, бирөөнө да баш ийкеп койбойт. Зуулдаткан бойдон жүрүп кетет. Кокондун түрүн көрүп алар да даап учураша алышпады. Кокус алдынан туура тарткан жан болсо өлгөн тирилгенине карабай койдуруп кетүүдөн кайра тарта турган Кокон жок. Ой оңбогон Кокон, оой!
Баягы Уултайдын сөзүн эстедиби же өз акылына келе калдыбы, урдуруп кетип баратса жолдун оң капталындагы тармалданып коюу чыккан ыргалган быжыгыр көрпөдөй көк беде көзүнө чалдыга түштү. Ошону көздөй жоргонун ийиктей имерилген элпек оозун шак бурду. Түшө калып жүгөндүн сагагын бошотуп, ооздугун шапа-шупа чыгарып жиберди да, тизгинин жаагына түрө салды. Анан чылбырдын учунан кармап туруп бедени топ-тобу менен киши тутамдап жулгандай жулуп, шарт-шарт чалып күрсүлдөтө чайнаганына кызыгып таңыркап карап турду. Жаак эттин булчуңдары муштумдай, муштумдай болуп түйүлө-түйүлө түшөт жаныбардын. Муздак көрпө беденин ширелүүлүгүнөнбү же жумшактыгынанбы мурун буга чейин эчтеке көрбөгөндөй болуп өрүп кирди жарыктык. Заматтын ортосунда үй ордундай жерди аймап таштады. Керээли кечке оюна койсо жаагы тына турган эмес. Беденин ээсин убара кылбай башынан аягына чыга Карагер жорго чаап таштачудай бул кейпи менен.
Ысыкта суусап келаткан адам бир чоң аяк муздак суусунду шак тартып жибергендей жоргонун ичи ысыганы басылып, эки көзү чанагына толуп, маңдайынан аккан мончок терлер көл-шал болуп жерге төгүлүп жатты. Кокон токтоп турчу беле. Ооздугун салып, шып атка ыргып минип жана сызып жөнөдү. Көз ачып жумганча Токмокко кирип барды. Көчөнү көчө деп билбей, көчөдөгү көп элди көзүнө илбей, учуп-күйүп келаткан адамды көргөн калың топ, тең ортосунан жарыла берип, көчөнүн эки жаккы капталдарына жабыша-жабыша калышып, жол бошото берип жатышты. Кокон ошол бойдон токтобой Ажы имамдын короосунун дарбазасына жеткенде аттын оозун тартты. Үзөңгү теппей ат оюнчудан бетер жерге кош аягы менен тик секирип түштү.
Кокон бул жумушка далай келген. Бул жолу өтө шашылыш экенин түшүнгөн Ажы имам «дарынын» белен экенин айтты. Самоор кайнап чай даяр болгончо Карагер жоргону калаанын аркы четиндеги күпүлдөп агып, күркүрөп кирип жаткан Чүйдүн суусунун жээгине жайдактап туруп Кокон жетелеп барды. Карагер жорго тиги күркүрөгөн сууну көргөндө көздөрү жайнап, Коконду сүйрөгөн бойдон иримге алып кирип келди. Кокондун колунан чылбырдын учу чыгып кетти. Кокон сууну чала-була кечип кокойгон бойдон жээкте калды. Жорго суунун тереңине чейин кирип барып, чабак урган кишиче ары бир, бери бир кайра-кара аласала берди. Анан бир оокумда суудан суурулуп секирген бойдон жээкке чыкты. Жээктеги сапырылган майда жумшак кумдардын үстүнө буту колун бүгүп жата калып, оонап кирди. Кайра секирип барып, сууга түштү. Экинчи жолу жээкке чыгып келатканда Кокон чылбырдын учунан кармай калды. Антпесе деле качмак эмес. Жедеп жаштайынан колго өскөн мал да. Качкысы келсе суунун аркы өйүзүнө чыга качпайбы. Аида Кокон эмне кылмак? Аңырайып өйүздү карап коюп туруп калмак.
Короого кирээри менен бастырманын көлөкөсүндөгү жыгач акырга байлап, жоргонун алдына бир боо көк беде таштады Кокон. Анан Ажы имам менен кобурашып эки-үч чыны чай ууртап, кайра чыкканча эчак эле бедени кайсап таштаптыр жорго. Андан кийин алты кочуш ак сулуу илип жиберди. Аны да алеки саатта күйшөп койгонсуду. Кокондун издеп келген «зарылы» колуна тийгенден кийин Токмокко токтоп турабы. Ал ошол замат тыз койду. Карагер жоргонун да, Кокондун да бараар жери басар жолу белгилүү. «Кош бол, Токмок» деп кайра тартышты.
Келген жол менен кетээр жол бир жол болгону менен айырмасы бар болчу. Анткени, Сарала-Саздан Токмокко чейинки аралык тиги белди эсепке албаганда эңкейиш. Ал эми кайра Токмоктон Сарала-Сазга жеткенче далай жери өрлүк кылат. Өр менен эңкейиштин айырмасы асман менен жердей да. Муну Карагер жорго билгени менен Кокон билбейт. Ал ичинен «Мейли өр болсун, мейли эңкейиш болсун аттын оозун жыйбайм. Өлсө өлгөн жерде калсын», деп ойлонуп баратат. Кокус белдин ар жак, бер жагында жорго бардыгып өлө турган болсо аны ошол жерге мууздап таштап андан ары Кокондун жөө чуркай турган мүнөзү бар.
Токмоктон чыкканда Карагер жоргону жаңы кармап мингендей оозун кое берди. Эңкейишке караганда аттын үстүндө катуу жүргөн адам үчүн өрдө жүрүш бир аз ыңгайлуу, жеңилирээк болот эмеспи. Өрдүн атка тынчы жок болгону менен Кокондун өзүнө тынч. Жоргонун эмнесин аясын. Өлсө Кокон жооп бербейт. Супатай менен Уултай да атын доолап Өзүкбай болуштун эшигин ачып башбага албайт. Муну Кокон билбесе Кокон болобу. Карагер жоргону шуулдаткандын үстүнө шуулдатып, зырылдаткандын үстүнө зырылдатып баратат. Жорго да өз күчүнө өзү ишенет окшойт. Кокон жоргого эрегишсе, жорго Коконго өчөшүп бараткансыйт. «Мындай узак жол, мындай бийик дабандан бирөө эмес дагы экөө болсун мага кеп эмес. Кимибиз чыдаар экенбиз... Менин үстүмдө жүргөн сенби, же сени учуруп алып бараткан менби? Аны барганда көрүшөлү» дегенсип Карагер жорго улам жерди түрсүлдөтүп ургулап, улам даңгыл жолду үстөккө-босток дүпүлдөтүп муштагылап баратат. Арткы эки бут боорду чапкылап жүн сабаган сабоодой шым-шым. Улам катуулаган сайын сан эт менен карчыттын булчуңдары оор жүк көтөргөн балбандардын булчуңдарындай бултуюп-бултуюп түйүлө-түйүлө түшөт. Ушул турпаты менен Карагер жорго чарчаганды, кыйналганды билеби? Билчү түрү жок.
Мына аяң-буяң дегенче болбой Шамшынын оозуна да жете келишти. Ошондо түш кыңкайып, күн батышты көздөй кыйшайып бараткан. Мындан ары түгөнбөгөн капчыгай, улам өр тарткан сайын жер өр. Бел кайда дейсиң? Дагы көп бар. Көкө кулусун. Жүрүп баратат, жүрүп баратат Кокон. Бел. Алдынан чыккан жолоочулар тигинин түрүн көрүп, жолдун четине бура тарта беришет да, анан ат үстүнөн кыйшайып аны карашып, көпкө чейин таңыркап калышат: Мас го? Же жинди болгон немеби? Алыс жерден келаткан качкын болуп жүрбөсүн? Жок ууру го. Атаңдын көрү, алдындагы аты ат эмес бекен. Ай, бул жүрүшү менен жүрүп олтурса кайран атты өйдөлөп барганда жиниктирип өлтүрөөр бекен!»
Кокон улам жогорулап өр тарткан сайын жайлап, тузөңчө боло калган жерде баягы, муруңку калыбы менен жүрүп олтурду, Мына баягы ой карагайга дагы келди. Мырзабай ашпозчунун жыгач үйү көрүндү. Чүй багытынан бараткан адамдарга Мырзабай ашпозчунун үйү оң тарапта, Кочкор жактан келаткандарга сол тарапта. Ошол учурда Мырзабай дагы эшикке чыгып турган. «Баягы эртең мененки киши экен. Кудай урду! Мына кызык. Бул каякка чейин жетип барып, келди. Бир күндө белди эки ашабы? Бул качкын да эмес, ууру да эмес экен. Бир зарурат иш менен жүргөн адам. Болбосо куугун кууп жетпей калган. Жок. Куугун кууса азыр жай өтөт эле. Бул эмне деген киши болду экен?» Мырзабай токтотуп Кокондон жай сурагысы келди. «Ой жигит, бери бурула кет», — деп Мырзабай үн катты эле. Кокон кылчайып да караган жок. Шып өтүп кете берди. Мырзабай таң калып делдейе түштү. «Атаңдын көрү, аты ат эмес бекен! Бир күндө бийик дабанды эки жолу ашат деген эмне шумдук?!»
Кокон токтобой жүрүп олтуруп карагайдын башына жете келди. Андан аркы жылаңач капчыгайлар, баягы көчкү жүрчү жерлер даана көрүнүп калды. Алардан өткөндөн кийин белдин түбүнө жетет. Белге чейин тектир-тектир торпулар, ийри-буйру жолдор. Канча кылган менен өр эмеспи, каптал кыяларда карагер жорго мурункусундай болбой желе басып жайлап калды. Ошонусуна да артында ат болсо жакындай турган эмес. Эки кең таноодон чыккан ысык дем ак бууга айланып, үстөккө-босток удаа-удаа асманга атат. Кайнап жаткан казандын капкагын ала койгондой бурулдайт.
Күндүн нуру тоо-тоонун капталдарына жетип, акырындык менен өйдөлөп, ал эми жапыз дөбөлөр эчак эле жоголуп, бийик чокулар терең деңиздин түбүнө чөгүп бараткан зор кемедей болуп улам ылдыйлап баратканда Кокон туу белдин жонуна чыкты. Жоргонун тизгинин жыя тартып бир аз көкүрөгүн бастырды да, ээрден эңкейип төмөнкү кумдуу кыяларды, быржыгый-быржыгый торпуларды, эки жагы чубалжыган бийик тоолор менен узата кырданып созолонуп кеткен терең капчыгайдын өрөөнүн карады. Анан күн батыш жакка жүзүн буруп, тээтиги алыстан-алыстан аркайып көрүнгөн Кара-Кол, Сөөктүн бийик тоолорунун аркы багытына жылмышып түшүп бараткан алтын табактын четиндей жылтыраган күндүн арткы жээгинин кыры менен коштошту.
«Кокуй ушул тапта Өзүкемин алы эмне болуп жатты экен!»— деп Кокондун көзүнө чыдай албай эси ооп, орто жолдо жаткан Өзүкбайдын элеси келе түштү. Кош ооз менен кур дүрмөт аткансып эки таноосунан буу бүркүп жаткан Карагер жоргону колтукка согончогу менен кысып, типтик ылдый бурулдаткан бойдон оозун коё берди.
Ошол тапта Өзүкбайдын шайманы бошоп, шылкыны куруп, кайта-кайта жол каратып, утур Шамшынын бели тарапты тиктетип: «Тур карагыла! Келатабы! Көрүнөбү? Караан чыктыбы?» — деп кургакка серпилген балыктай туйлап, үстөккө-босток чабалактап ары-бери оонап аласалып, чыдай албай сөөгүнөн жан тери агып мончоктон айласы кетип жаткан учуру болчу. Суранчы баш болгон эстүү баштуу ага-иниси бүт чогулуп, чый-пыйы чыгып, улам Кокон кечиккен сайын: «Алда эмне болду» дешип, бир орунда тынч алып отура алышпай дүрбөлөңгө түшүп шакалактап жатышкан.
Бир кезде Суранчынын оюна бир нерсе кылт дей түшүп, Коконду утурлатып курч ат менен алдын тостуруп: «Кокондун аты жүрбөй көзүнөн караан учуп, бизге жете албай келатпасын? Чү де! Арты кийнине кылчайбай чап. Алдынан тосуп учкан бойдон тез жет да Коконго карабай «дарыны» алып кайт!» — деп шашылыш киши чаптырды.
Күндүн кызылы түрмөктөшкөн жүндөй болуп самсаалаган асмандагы ала булуттарды өрттөп бара жатканда Кара-Кыянын жылаңач кырына чыга калган Кокон чабарман жигит менен беттеше түштү.
— Эмне?
— Келе апийимди?! . , — Эмне болду?!!
— Өзүкем чыдай албай жатат?!
— Атаңдын башы — деди кара мүртөз Кокон. — Мен жердин түбүнөн бери жанымды оозума тиштеп, жан этимди жеп, учуп-күйүп алып келатсам. Анан Өзүкеме «дарысын» өз колум менен тапшырбай сага бере коембу? Бастыр былжырабай! Бирди көрүп каласың?!
Экөө жарышкан бойдон жөнөштү. Сарала-Саздын артууларында тиги жигит минген сөөгү тынч курч ат Карагер жоргого теңдешип барды да, анан бузулган суунун сайынан өтүп Айтаке конушту көздөй кеткен түз жолдо жоргонун караанын көрбөй самсып кала берди.
Эшиктин алдында тышка чыгып жол карап турган топтошкон эл күүгүм талаш дигер шамдын ортосунда жоргону дирилдетип келип Өзүкбайдын үйүнүн эшигине Токтогон Коконду ат үстүнөн көтөрүп түшүрүштү. Үзүлүп кете жаздап көзү аңтарылып өлүү тирүүнүн ортосунда жаткан Өзүкбай болуш Кокондун колунан «кара дарысын» алаары менен оозуна салды. Энесин эмген музоодой эки ууртунан шилекейи чачылып ак көбүк агып, эки көзүнөн чылпак аралаш шоросу куюлуп какап-чакап, койдун корголундай апийимди таңдайына басып соруп кирди. Кокон дагы бир аз чай кайнамча кечиккенде «кайран апийимкорок маңчы болуш» тиги дүйнөгө карай көздөрүн акшыңдаткан бойдон жол тартып кете бермек экен. Жаны калды. Ой, анда Өзүкбай болуш өлсө элге кандай тынчтык болот эле. Жаткан-жаткан жеринде, турган-турган жеринде дегендей журт жай-жайында боло түшпөйт беле? Өлбөй калганын карачы?
Болуш эс алып, чогулган ага-тууган, ага-иниси үй-үйлөрүнө тарагандан кийин кайчы өтүп кетип калган кишиден бетер баягы алдын тосо чапкан чабарман жигит салпактап жүрүп араң келсе болобу?!
Карагер жоргону күтүп жаткан Уултай аты колуна тиери менен ээр токумун сыйрып таштап, тан атканча акырын илките жетелеп жүрүп, таң нык салып чыгыш жак шоолаланганда жүгөнүн шыпырып алып отко кое берди. Карагер жорго жашаңдан эки чалып, бир чалып, чайнаган болду да анан куйругунун сыртына кайрып соорусун булгалап секирип оюн салган бойдон бузулган суунун төрүнө чыгып кетти. Ал кечээ кайда барып, кайдан келгенин билбесе керек. Чарчап-чаалыккан менен жумушу жок окшойт. Өзүнчө бир башкача мал экен да жаныбар! Ал эми Кокон болсо Карагер жоргодон жеңилди. Ат үстүндө сөөк-саагы жанчылып, кыбыраарга дарманы калбай катуу кыйналып калган эме, үч күн бою шишип-көөп, күнү-түнү менен төшөктө жатып, төртүнчү күн дегенде араңдан зорго элдин катарына кошулду.
Кокон менен Карагер жоргонун кабары ошол жайда Кочкор өрөөнү эмес, Жумгалдын элине чейин угулду. Деген аттар менен ара конуп барып, ара конуп келчү, ортосунда бийик дабаны бар алыс жолду кыскартып, күнүн барып, күнүн келет деген эмне? Анан Кокон менен Карагер жоргого кимдер гана кызыгып, кимдер гана таң калбайт.
Уултай Кашка атты казы байлай элегинде жайлоодон эрте күздө алдырып келди. Аттын баштагы сыны дейсиңби? Сабагы чыгып, мойну ичкерип, башы элик баштанып, кыскасы күмүштөй жаркырап, куйрук жалы кулпунуп, көкүлү кундуздай жалтылдап, эки кулак камыштай типтик, эки көзү бышкан кара алчадай мөлтүрөйт. Уултай Кашка атты көрүп ичи ысып, «бөтөн көзгө чалдыкпаса экен» деп жыйрыла түштү. Жайлоодон келгенден тартып жашаңдатып, көк чытырга байлап, таптоого киришти.
— Деги бул Уултайда бир кеп бар?
— Бул бирди кылганы жүрөт.
— Карыган катын ат байларбы?
— Ата көрү ээй, жаман Түкө кулдун селсаяк казак катыны...
— Буга эмне жок. Башта кайда жүргөн?
— Бул кечээ эле Айчубакта кунаны чыккандан бери кутуруп калды!..
— Ой эл журт! А андай эле кыйын экен, баягы Байзактын ирегесинде жүргөндө ошонун миң жылкысынын ичинен бир күлүк тандап чаппайбы?
— Кокус бир аттуу-баштуу кишинин катыны болсо, ааламды пыр кылмак го бул шуркуя?
— Ата кудай гана бардыр а, жаман казак күңгө.
— О жанакы Түкө кулдун уулу Супатай жатакчы кадимки ок саадактуу киши өңдөнүп атка толтура бастырып калыптыр?!
Көрө албаган кээ бир колу жетиштүү айылдын «мыкчыгерлери» Уултай менен Супатай жөнүндө колунан келген күңүчүл чеки сөздөрүн аяшкан жок. Биринен сала бирин удаа-удаа жаадырып, мөндүрдөй дабыратып жатышты.
Кашка ат ошол жылы күзүндө Кочкор, Жумгал, Нарын аймагында көп чабылды. Кандуу бут жаңы бышты болгонуна карабастан, алдыңкы байгени берген жок. Байгенин ээси да аттын ээси да Суранчы. Суранчы Супатайга ит жеминдей бирдеме берсе берет, бербесе жок. Өзү билет, өзү таратат. Буга Супатай катуу нааразы. Ичинен бугу кайнап, ызасын сыртына чыгара албады. Бир күнү энеси Уултайга арманын айтты. Уултай муну билбейт бекен? Ал баласын «дың» дедирбей басып койду. Ошондон кийин ичтеги көк түтүнүн тышка чыгара албай, думуккан куштай дым болду да калды.
Карагер жоргону Суранчы бир күнү алдырып кетип, үстүнө чыккандан кийин жоргосуна кызыгып, кыштата ит агытып куш салып, бербей койду. Суранчынын бул кылыгына да Супатай жаталактады.
Жазында эл жайлоого көчөөрдүн алдында дубан-дубандагы болуштарга кат келди. Ал каттын мазмуну мындай эле:
«Быйыл күз казакта Кожомберди султандын ашы болот. Ат чабыш, жорго салыш болот. Казак-кыргыз болгон жери — эки бир тууган эл бүт чакырылат. Биринчи аттын байгеси миң дилде, биринчи жоргого миң кой сайылат. Атактуу күлүк, чыгаан жоргосу бар эл күзгө чейин даярданып келишсин».
Бул кабар чагылгандан бат тарады. Калк дүрбөп калды.
Суранчы бир күнү кечинде Карагер жоргону өзү жеткирип берди. Ал казакта боло турган чабышты алгач уккан. Анын үстүнө Карагер жорго менен Кашка ат Суранчынын өзүнүкү өңдөнүп, эл да «Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу» оозанып калган. Суранчынын аркасы болбосо бул эки ат экөө тең чабылбайт. Чыкса байгеси Суранчыныкы. Чыгып келе жаткан үстүндөгү бала Суранчынын аталарынын арбагын чакырат. Ошондой болгондон кийин Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу экендиги кашкайган чындык эмеспи? Казакта боло турган эки эл беттешкен жерде же Кашка ат, же Карагер жоргонун бири чыгып калса, Суранчыга жаман наамбы? Зоболосу көтөрүлүп, даңкы жер жарып, мурунку дөөлөтүнүн үстүнө кошула берет. Ошон үчүн жоргону өзү алып келип олтурат. Уултайдын саяпкер экенин Суранчы билет эмеспи.
Супатай казактагы ат чабышка Кашка атты алпаргысы келбей көңүлсүз болуп жүрдү. Аны Уултай билип баласын чыйралтты.
— Арам жаман! Сен Кашка аттын жал-куйругун чындап шүйө турган кезиң келди. Ушунда чыкса сенин атагың чыгат. Кашка атка бүткүл Кочкор, Чуй, Көл айланасындагы күлүктөр тең эмес. Бул жердеги чыккандыгы үчүн сен аны күлүк деп эсеп кылба. Чаптың-чаптың, ошо казактагы чоң байгеге чап. Ошерден калк көзүнө көрүн.
Уултай ушинтип уулун нечен жолу кагып-силкип, нечен жолу дем берип, нечен жолу кайраттантып Супатайдын демилгесин көтөргөн. Ошондо да Супатай:
— Казак-кыргыз жыйналган жер болсо, ага капкайдан чогулуп канаттуу аттар келет да. Кудай билет, ошончо элден, ошончо көп аттан биздин Кашка аттын чыгарын.
Күркүрөп күз келди. Супатай менен Уултай Карагер жоргону да, Кашка атты да кыл табына келтиришти. Эл дүрбөп, казактагы чабышка алды жөнөй баштады. Суранчы күнүгө бир маал келип эки аттын жайын сурап, ары жак бери жагына чыгып тегеренип карап кетет. Уултай Суранчыга:
— Бул эки ат менин колуман чыгып бүттү. Жер казыгынан сактаса элдин намысын алып берет. Калк казына. Балким булардан да кыйын күлүктөр бар чыгар. Аны бара көрөрсүңөр. Менин бир силерге айтаарым, ошол ашка Шергазы да барар. Шергазыга атыңарды күн мурун көргөзүп алгыла. Мен билбеген кемчиликти ал билет. Шергазынын алдынан озгон кыргызда саяпкер жок.
Эртеси эртең менен Супатай, Суртай казакты бет алып жолго чыгаардын алдында мамыдагы байланган аттардын жанына келип жыйылган ээр токумдун үстүнө көчүк коюп, Уултай эки атты тиктеп олтурду. Канчалык кадалганы менен Кашка аттын турпатынан өөн таппады. «Ичи тышында эч кидирет жок, Бири чыгаан күлүк, бири тал- бас жорго эр азаматтын колуна оңой менен тие койбойт да. Супатайымын кул аты өчпөй, таалайы ачылбай турганын карачы?»
Уултай Супатай менен Суртай аттана берээрде Суртайды эңкейте тартып, кулагына шыбырады:
— Ошент, садага кетейин каралдым, ошент!
Атка минип жуп шарт бурулуп жөнөөрдө Супатай энесинен бата сурады.
— Кудай ак жолуңарды ачсын. Зоболоңор көтөрүлүп атыңар байгелүү болсун! Тилеген максатыбызга жетели!
Уултай эки баласынын элеси бүл-бүл болгончо, кол кирпиги талыганча тиктеп, көзүнүн кычыгынан, бетинин жылгасына аккан жылуу жашын жоолугунун учу менен улам-улам аарчыды. «Мени ала кеткиле! Силер казактын жерине бара жатасыңар, казактын жери менин жерим, казактын эли менин элим! Мен казактын кызымын! Мен ал жакта өскөм. Ата-энемдин колунда тайрактап эркелегем. Менин балалыгым, жаштык жыргал жылдарым ошол өз жеримде — чөлдө калган. Күлүк ат чапкам, тулпар сууткам. Супатай, Суртай — эгиз бир тууганымды аймалап өөп, боорума кысып, мойнума мингизип, кучактап көтөргөм. Мени ошолорго алып баргыла. Мага ошолордун жүзүн көргөзгүлө. ...» — дегиси келип, ичи уйгу-туйгу болуп, бугун чыгара албай, буркурап ыйлап, «баа» деп бакырып жибере жаздап, кайта-кайта үшкүрүнүп, алачыгына жөлөнүп кала берди.
Бир аздан кийин алардын караанына Уултайдын көз кубаты жетпей калды.
#14 24 December 2015 - 07:46
* * *
Айылдан чыккандан алты күн дегенде казак жерине араң жетишти. Суранчы баш болгон Кочкор, Жумгалдын залкарлары Кожоберди султандын айлында атайын бир үй тиктиришип,
ырчыларын ырдатып, чоорчуларын чоордотуп, шатыра-шатман куруп жатышкан экен. Супатай, Суртайлар Суранчы күн мурун дайындаган үйгө келип жайланышты.
Супатайга шаан-шөкөт, ырчы-чоорчунун кереги жок. Ал Карагер жорго, Кашка ат менен алек. Тиктегени, эрмеги ошол. Мындан башка казак жеринде Супатайдын иштей турган иши барбы?«Күлүктөр эртең чабылатты» угуп Шергазынын тынчы кетти. Жапалдаш карагер атын жабуулап минип, баязы чепкендин арткы этегин ат соорусуна чейин жая таштап өскүлөң тарткан кара көрпө тебетейдин арткы жарты кырбуусун түшүрүп, жарты кырбуусун маңдайына түрө кийип, боргулданып тердеп, казак-кыргыздын чоң байге сайылган ат чабышына токтоно албай жетип келген. Кыргыздын кайсы бурчунан, кандай ат келгенин улам бир кишиден сурап түкшүмөлдөп, жаны жай таппай, жамбашы жер жыттабай безеленип жүрөт шыгы ашып кеткен саяпкер. Ал улам астынан чыккан кишиден: «Баланчанын аты келдиби, бастанчанын аты келдиби» деп кыргызда болгон атактуу аттардын дайынын сурайт. Суранчы улам бул топтон, улам тиги топтон табам менен олтуруп Шергазыга өлө-тала араң жетти. Шаша-буша салам айтып, ал жай суроого да чамалары келишпей, ызы-чуу түшкөн топтун ичинен кыйналып-кысталып жатып Шергазыны бөлүп чыкты.
— Шаке, менин атымды көрүп бериңиз?
— Атың кайда?
— Тиги четте...
— Кандай ат?
— Чабдар кашка. Сиз билген аттардан эмес. Жаңы күлүк.
— Кочкор, Жумгалдан мен билбеген ат жок. Чабдар кашка болсо мурдагы жылы күзүндө Айчубакта чыккан чабдар кашка кунан болуп жүрбөсүн?
— Ооба, ошол. Анда сиз болгон жоксуз? Уккан чыгарсыз? Көрө элексиз?
— Кермек түгүл жолдон мен сүрөгөм. Ал ат сеники болсо быйыл жаңы асый. Токто, мен Кара боорго шашып баратам. Кайра келип сенин атыңды көрөм.
Шергазы чабагандап андан ары кетти. Суранчы таң калды:
«Ошондо жолдон Шергазы көргөн экен го?.. Көрмөк түгүл сүрөгөн тура» деп күңгүрөндү өз ичинен:
Суранчы өзүнчө кобурап, Супатай, Суртайлардын жанына келди. Шергазынын келерин, атты көрөөрүн айтты. Ага чейин көңүлү ылайланып, ичинен жипкире түштү. «Шергазыга көргөзгөнүм кандай, көргөзбөгөнүм кандай?.. Ал солто Чолпонкул болуштун жээрде кашка аргымагын таптап келсе. Бизге оң сөз айтабы? Өз атын чыгарыш үчүн Кашка атка тескери тап айтып бузуп салбасын?» I Бул оюн Супатайга да билдирип акылдашымыш болду. Супатай Суранчыга шар жооп кайтарды:
— Мүнүшкөр, саяпкер. сынчы элчил болот. Эл үчүн кызмат кылат. Калыстыгынан танбайт. Калыстыгынан танса эл алдында кадыр-барктан кетет. Сыймыгы качат деген Шергазы да ошолордун биринен. Көргөзөбүз.
* * *
Шергазы Кара боорду барып көрдү. Кара боор мүлдө казакты баскан, шамалдай учуп, желдей сызган, «Чаң жукпас» деп атанган Кожомберди султандын өз аты. Боору кара, сырты сары тору жылкы. Казакта азырынча мындан ашкан ат жок. Кара боорду байгеге кошуп чапканда анын деми басылып, тери кургагандан кийин арткы аттар келип жүрчү. Кийинчерээк Кара боорду казак жеринде чоң байге болбосо, майда-чүйдөгө кошчу эмес. Кара боорду чабабыз десе, күлүктөргө кошуп чуркатпай туруп ага биринчи байгени ыйгарып беришчү. Бул жолу да ушундай кылмак. Бирок, казак-кыргыз беттешкен жеринде дубан-дубандан күлүктөр көп келип, чаппай коюуга мүмкүнчүлүк болбой калды. Шергазы Кара боордун даңкын көптөн бери эл оозунан угуп жүргөн. Аны бир көрүүгө өтө ынтызар эле.Кара боорго атайылап өзүнчө ак үй тигилген. Аны элге көргөзбөй ошол үйдүн ичине жалгыз багышат. Саяпкер менен чапчу баладан башка ал үйгө жан каттабайт. Шергазы шаша барганы менен күлүктү көрмөк эмес. Кокус анын саяпкер экенин билсе казактар атты үйдөн чыгарбайт болчу. Кара боорду саяпкери оонатканы жетелеп баратканда Шергазы карп-курп алдынан чыгып калды. Шергазынын кыргыздан чыккан атактуу сынчы экенин Кара боордун саяпкери мурун тааныбагандыктан капарына алган жок. Эч нерсе оюна албай атты астынан туура жетелеп өттү. Шергазы атка көз жүгүртүп, кылчак-кылчак мойнун буруп, артынан ээрчий бастырды. Ал «Жылкыдан да ушундай асыл туулат экен го» деп, тамшанып-тамшанып алды. Кара боордун күлүктүгүнө анын сындуу турпатына, ошого жараша табына келтирген саяпкердин эмгегине, билгичтигине суктанды. Ал казакта өзүндөй белгилүү саяпкер жок деп жүрсө керек. Мурдагыдай делбетап болбой өзүнөн жогорураактардан кагуу жеген адамдан бетер бастыга түштү: «Эртең муну менен тең таймашчу кыргызда ат бар болду бекен? Ай жок го?!»
Кара боордон узап бери бастырганда жылдызы жерге түшүп, салаңдап келаткан сынчы тиги Кашка атты көргөндө умачтай эки көзү ачыла түштү. Бирок, Кара боордун турпаты көзүнүн карегине сүрөтү түшүп калгансып туруп алды. Шергазы өз ичинде бушайман болду: «Бул эки ат эртең кантээр экен?..» Ага Кара боор менен Кашка ат кош ооз мылтыктын ичиндеги дарысы тең салынган эки жуп октой болуп элес берет. Шергазы Кашка аттын жабуусун кайрып соорусун ачтырып кайра ордуна байлатты.
Чогулган эл Шергазынын оозунан дилде чууруп жаткансып аны кадала тиктешет:
— Супатай, — деди Шергазы көпкө чейин ойлонуп туруп. Супатайды Суранчынын саяпкери катарында эсептеди окшойт. — Атыңда эки айып бар. Биринчиси, көп суутуу жеп уйкудан калган. Карачы, кирпиктерин ирмөөгө зар болуп катып турат. Экинчиси, дайым тер алганда эки желдиктин орду кургак калып келген. Ошо да чарчагандыктын белгиси болот. Бүткөн боюн балбыратып кенен таштабай, сууткан сайын чыйралтып, этин жыйып жүргөндүктөн ошол эки желдиктин ордунан тер чыккан эмес. Ал оңой. Аттар болсо эртең чабылат. Сага бүгүнкү тамашанын кереги эмне? Таптаган аты чыгып элдин намысын алып берсе, саяпкерде эмне арман? Азыр уулуң экөөң ызы-чуудан алыс, окчун ээн талаага баргыла да, атты жайдактап кое бергиле. Казактын чыбыр түзүнүн аймагы кенен. Эзилген бетеге, боз от таптагы атты бузбайт. Уйкудан калган ат бетегеден көп деле оттобос. Эки чалып, бир чалып анан жуушаганга кирер. Качан уйкусу канганда, ордунан туруп керилип, адамча оозун ачып эстеп, кайра жатып оонап, кайра туруп силкинет. Анан кургак бетегени аймап кирет. Ою менен тойгуз да, кечинде катуу кыйнабай текирең-чокураң менен келип суутуп кой, жем бербе. Кочкордун жылаңач арпасынан ала келгендирсиң, бетегенин үстүнө жем берсең атың катуу бузулат. Бул жердин чөбү жемден күчтүү. Бүгүн кечкисин суутканыңда уйкусу канган эменин эки көзүнүн чарасы ого бетер толуп, бүткөн бою жибип, кетпеген жеринен тер кетет. Эки желдиктин алдын ошондо көр, көл-шал болот. Анан эртең менен өлбөгөн жерде калышып жанын үрөйт. Катуу салгылашат.
Эл дуулдап жиберди:
— Деги, Шеке! Кара боорбу, Кашка атпы ачыгын айтчы?
— Кудай билет. Кара боор да оңой ат эмес экен. Күлүгү күлүк. Табы тап. Жолдо кандай кырсык болоорун ким билсин. Экөөнүн таалайлуусу чыгат.
Кашка атты тегеректеген эл тарады. Шергазы токтоно албай андан ары да жүрүп кетти. Улам бири кетсе, бири келип күлүктөрүң көрсөтө албай «Шекелеп» жүргөндөр андан көп. Супатай менен Суртай элден окчундап бастырышты.
Бетегеси жууркандай жумшак, апай бет, түзөң тайпакка келгенде алдыда бараткан Супатай Карагер жоргонун тизгинин тартты да, артында камчысын тегерете имерип, эки жагын айлана карап, ат үстүндө ичинен ыңылдап ырдамыш болуп, ойноп келаткан Суртайды карап, «Ушул жерге токтойлу» дегенден кол булгап койду. Суртай атасына жете келди да, жолдо ойлонуп келатканбы, унутуп эми эстегенсип сөзүн шаша баштап сүйлөдү:
— Жанагы Шергазы деген кишини мен эми тааныдым, ата?!
— Кайдан тааныйсың, мурда көрбөсөң?
— Көргөм.
— Качан?
— Айчубактагы ат чабышта ушу киши мени сүрөгөн...
— Таанысаң, биз жөнөрдө энекең айткан атактуу ат саяпкер Шергазы деген ушул киши болот.
— Туура, туура, ошол!.. Оң көзүнүн алдында калы бар болучу. Эми билбедимби! ? — Суртай жогун тапкансып чебеленди. — Ошондо мага жакындап келип: «Тизгиниңди жый» деп кыйкырган ушу киши.
Аттарды жайдактап бетегеге кое беришти. Ээр токумдарын жазданып, өзүлөрү да кырданышты. Кашка ат Шергазы айткандай бетегеден эки-бир чалып, жумшак жерге бүк түшүп жата калып, ары бир, бери бир аласалып оонап, анан тынч алып үргүлөп, адегенде тумшугун жерге сайып, бир аздан кийин төрт бутун төрт жакка тартайта кере сунуп таштап, кадимки кишиче коңурук тартып уйкуга кирди. Кайда?.. Оо... бир оокумда күн батарга жакын ойгонуп, ордунан силкинип адамча оозун ачып эстеп, буту-колун сунуп керилип, анан түп-түп бетегени каадасынча оруп кирди. Супатай эбак ойгонуп, Карагер жоргону откоруп жүргөн баласы Суртайды чакырды. Аттарын токушуп, артын карай жол тартышты.
Көргөнгө чын, көрбөгөнгө калп, жолдо бир кызык окуя болду. Супатай Кашка ат менен кошо суутуш үчүн Карагер жоргонун оозун кое берип жүрүп олтурду. Чыбырдын коктусун өрдөгөн жалгыз аяк жол менен ата-бала экөө тең бара жатышкан. Кашка ат бута атым алдыга узай түшкөн. Капталдан топ кекилик Суртайды көздөй туура учуп калды. Суртай ошол кекиликтерге аралаша түшкөнсүдү. Бир кекилик атка урунуп, топ этип жерге түшкөнүн артында келаткан Супатай даана көрдү. Суртай да тизгинин жыйып, токтоду. Супатай жете келип оозунан шүүшүн чыгып, эки канатын диртилдетип жаны чыга албай жаткан кекиликти аттан шып түшө калып ала койду. Туурасынан кудуган кекилик учуп өткөнчө, таптагы аттын канаттуудай келип урунганын кара.
Кашка атты да, Карагер жоргону да кечки суутуусунда Супатай өзү жетелеп турду. Экөөнөн тең аккан суудай тер кеткен. Баягы Шергазы айткан эки желдиктин ордун мурун капарына албаган Супатай эми сыйпалап карап жүрөт. Көл-шал түшкөн. Супатай ичинен: «Биздин билбегенибиз көп экен го? Шергазы жылкыга калганда башка киши тура» деп күңгүрөнүп сүйлөндү.
Эл ордолуу кумурска. Бирин-бири таппай адашып кыйкырып жүргөн андан көп. Атын жоготуп сүйүнчү айткан, ээр токумун алдырган, өзүнүн кошунун өзү таппай сандалып кара тер баскан, топтун ар жаккы четине бир, бер жаккы четине бир чыгып чапкылап, шашкалактап, карбалас уруп жүргөндөр андан кеп.
Көпчүлүктү жөнгө салыш үчүн анча-мынча солдат коюлган экен. Алардын эл менен жумушу жок, «дөө-шааларды» тегеректешет.
Супатай баласы экөө чаба турган аттарды тизмеге түшүрүп жатышкан улуктар топтолгон өкүлдөргө барышты. Демейде атка ээ болуп жүргөн Суранчыдан дайын жок. Ал Кочкордо гана «Суке» болуп жүрүптүр.
Чабыла турган аттарды: кимдин аты, кай жерден келген, өңү-түсүн кагазга түшүрүп, ээрдин арткы кашына мөөр басып белгилешти. Супатай да Кашка атты каттатып, чокмороктогон элдин арасынан тердеп-кургап араң суурулуп чыкты. Бир кезде көпчүлүккө карап кол серпип кыйкырып суусар бөрктүү, кара кыл торко бешмантчан арык чырай, ак жуумал казак жигит ат үстүнөн туруп улуктардын буйругун окуду:
— Бардык чабыла турган аттын саны жүз элүү. Ат сүрөлбөйт. Кимде-ким атын сүрөсө, жолдон кат-чотто жок ат кошулса, чекке жетпей беритен тартса үч жыл абакты берилет. Мал-мүлкү казынага алынат.
Буйрукту уккандан кийин тиги кайнаган суудай атырылып турган көпчүлүк оту дымыган казандай мелтирей калды. Мурункусундай сапырылбай, табын-табын болуп, өзүлөрүнүн кош-кошторуна барып сиңип кетишти. «Ат сүрөймүн» деп кош басмайыл тартынып, жеңил кийинип, өрүмдүү камчысын имерип, жалаңдаган, бирден курч аттарынын үстүндө үзөңгүсүн кысып, ыкыс берип учуп кетчүдөй болуп турган жигиттердин супсуну сууй түштү.
Супатай Кашка аттын ээр токумун, басмайылын, куюшканын үзөңгү боолорун дагы бир сыйра кез жүгүртүп чыгып, көкүл куйругун шүйүп, жетелеп келип чубатуудагы аттарга кошту. Кашка аттын үстүндө кадап койгондой отурган баласына Супатайдын ичи элжиреп карап турду.
Баягы буйрукту окуган казак жигит дөбөчөгө атчан бастырып чыга келип, экинчи буйрукту окуду:
— Аттар Чулунун көпүрөсүнөн кое берилет. Күлүк ат ээлеринен кимде ким атын ээрчип түпкө чейин кошо барам десе уруксат...
Ат айдаганга эки тараптан бештен он киши дайындалды. Ат айдоочулар аттарды көрсөтүлгөн чекке жеткирбей, же беритен, же арытан кое берсе, жолдон келишип ат качырса, алар үч жылга набактыга салынып, мал-мүлкү казынага алына турган болду. Эл арасын дуу-дуу аралап кетти:
— Пай-пай-пай. .. Кандай гана ат ушул жерге чейин чуркайт?
— Далайы жинигип өлөт.
— Бул жерге текирең-таскак менен келген ат — тулпар.
Ат ээлеринен, саяпкерлерден Супатай өңдөнгөн түпкө чейин жетип барып келе турган тың аттуулардан он чакты киши күлүктөр менен кошо кетишти.
Шергазынын жеңи желеп, этеги элеп. Чубатууда бараткан аттардын биринен сала бирин тиктеп, эки үзөңгүсүн каз тамандап тээп обдулуп тура калып, мойнун созуп, ышкысы ташыйт. Чубатуудагы нечен сонун көз тайгылткан күлүктөрдү карабай алайып, тилин бултайтып Шергазынын оозун тиктеп жүргөндөр андан көп. Байге отуз атка чейин сайылды. Кайсы аттын артынан кайсы ат келерин Шергазы билип турат. Айтпайт. Анын айтпаганынын да пайдалуу жагы бар. Ат чапкандар күнүчүл келет. Чыгып келаткан атты чукул бурулуш, татаал имерилиштерден аңдып туруп карылуу ат менен капталынан койдуруп жыгып салып, анын үстүндөгү баланын өлүү-тирүүсүнө карабай өз атын өткөрүп жиберүүчүлөр ал кезде аз болгон эмес.
Шергазы ичинен жоромолдойт: «Кашка ат биринчи болсо, Кара боор экинчи. Кара боор биринчи болсо, Кашка ат экинчи. Чоң-Кеминден келген Кыпчактын көк быштысы да опурталдуу аттын бири. Чүй өрөөнүндө алдына ат чыгарбай жүргөнү ырас. Көк быштыны этине келтирген экен, бирок жер алыс болуп калды. Чулудан бери кырой камыштын тушунан кое берсе Көк бышты чыкмак. Көлдөн Моюттун Чал-Куйругу келиптир. Көл айланасы боюнча Чал-Куйруктан күлүк ат, Моюттан мыкты саяпкер жок. Моют аттын табын менден кем билбейт. Чал-Куйруктун бир айыбы түндө жабуусу жука болуп үшүп калыптыр. Жүнү түктүйүп күптү болгон экен, териси жука жылкы да, жел өткөн көрүнөт, аттын ичи куркурап баратат. Жемин толук сиңирген эмес экен. Муну дале
Моют билди, билбей койгон жок. Таңкы зыркаарга алдатып таштаганын кара, бармагын тиштеп калгандыр. Бул аттардын ичинде Таластан келген Күрөң ат да оңой эмес. Күлүк. Атаганат?! Бир ай мурун менин колума тийип калса эмне? Саяпкери жөн экен. Кайран аттын этин оодарып, арытып жиберген тура. Болбосо Кара боор, Кашка аттардан тизгин талашмак. Адам, мал болгон жеринде түрдүү сонундар болот экен го? Жанагы чаар ат эмне деген ат? Мен муну тулпар десем жаңылбайм! Чулунун көпүрөсүндөй дагы эки жер болсо да бүгүн Чаар ат чыкмак. Чоңунан да, күлүктүгүнөн да келген. Эти оор экен. Ичинде бери болгондо бир жоон эли казы бар. Мунун саяпкери барып турган акмактын бири көрүнөт. Согумга соебу? Күн мурун ичин тартса болмок?! Алматы дубаны боюнча байге бербей жүргөн дейт, мынчалык алыс айдалбай карандай күлүктүгүнө салып чукул жерден чыгып жүргөнү да. Кайран аттын бүгүн соорусу жарылат. Жер капортосуна чейин алдыңкы аттар менен келер. Баласы эстүү болсо ошерден оозун тартат. Болбосо Чаар ат жинигип өлөт. Жаныбар жылкыдан мындай коозду көргөн эмесмин. Туягына чейин теңге чаар».
Айдалган аттар элден узай баштады. Казактын бетегеси төшөктөй жумшак, мелтиреген түз талаасы кандай сонун. Кырт эткен ташы жок. Чөбү көгүлтүр килемдей кулпунуп, деңиздин бетинде кетип бараткансып адамдын көңүлү чайыттай ачылат.
Ат айдагандар атты катуу сүрүп олтуруп Чулунун көпүрөсүнө келди. Чектин дал өзү. Айтылган жер ушул. Күн мурун бул жерге да киши коюлган экен. Адатта ат айдоочулар болжогон жерге келгенде күлүктөрдүн үстүндөгү балдарды түшүрүп, бир аз эс алдырып, басмайылдарын бекиттирип, ээр токумдарын оңдоттуруп токутуп, «алдоого» чейин жакшы даярдашат. Качан гана «алдоону» айтардын алдында балдар текши атка минишип, тамдын кырына конушкан таранчыдай тизилип калышы керек.
Аттар менен кошо келген Супатай Кашка аттын ээр токумун өз колу менен оңдоп, басмайылын бекитип, куюшканын саал узартып, чылбырын чечип алып жалаң каат тизгин менен кое берди. Супатай менен кошо келген он чакты киши да өз аттарынын камын жеп, шаша-буша аракеттенип жүрүшөт.
Ат айдоочулардын бирөө окчун бөлүнүп, бир колу менен башынан калпагын ала коюп, катар тизилген күлүктөргө карап, оң колтугун өйдө бийик созуп, анан ылдый шилтегендей болду. Топтуу көгүчкөн капилеттен үркүп уча качкандай шатыр-шатыр табыш чыгып, андан кийин чаң асманга көтөрүлдү.
Мындан бир аз мурун жээгинде шурудай тизилип турган жүз элүү күлүгү бар Чулунун көпүрөсү баарын учуруп жибергендей жайдак калды.
Супатай кыл чылбыр менен белин бекем курчанып, кош тизгинин жыя тартып аттардын артынан Кара кер жоргонун оозун кое берди. Чаң. Караңгы түн түшкөндөй көзгө сайса көрүнгүс. Карагер жорго өйдө ылгабай кайыктай сызып, желдей учуп буттарынын жерге тийген-тийбегени билинбей, арткы эки бутту кулактан ашырып барып таштап, сом туяктары менен даңгыл жерди тарсылдата уруп, муштагылап келатат. Улам өр тарткан сайын чытырап күчүнө алып, эти жаңы кызып, моюндан чамбыл буурул тер чыгып, жал куйругу сапырылып, кош таноосунан аба жарып атылган буу, көк түтүндөй бурулдап асманга атылып, жан-жагынан ителгинин канатындай шуулдаган табыш угулуп баратты. Карагер жорго суулугун канчалык чалкалата тартып, кош тизгинин алдыңкы кашка кайра-кайра ороп, кайра-кайра чырмаганга карабай ооздукту качырата тиштеп, башын жерди көздөй сүңгүтүп күчөгөндөн күчөйт. Туяктын даңканынан ыргыган майда таштар томпой тийген ордонун чымбытындай зыңкылдап үн чыгарып, зырылдаган бойдон алда кайда учуп барып түшөт. Ушунчалык узак, ушунчалык ээн, түз талаага мурун салдырып көрбөгөн Супатай, Карагер жоргонун эмне деген мал экенин эми байкап, эми чын ыкласы менен ыраазы болду.
Супатай бириндеп чубалган күлүктөрдүн артынан жетип, бат эле аралашты. Карагер жорго улам жогорулаган сайын топ-тобу менен аттарды артка таштайт. Туяктарынын жер соголору сом, чулу келген алп жылкы, жерди түрсүлдөтө муштагылап артынан чукул кирип келгенде алдыңкы аттар өзүнөн өзү сүрдүгүп жолдон четтей берип турду.
Жер капортолоп калган. Таасын күлүктөрдүн таманы жаңы кызып, көп аттардын тобунан учкул канаттуулардай болуп бириндеп бөлүнүштү.
Кара боор тарткан жерден жалгыз. Арткылары алда кайда алыс. Үстүндөгү баласы жедеп күлүк ат чаап машыккан. Ат үстүндө төрөлгөндөй артын кылчак-кылчак карап, Кара боордун оозун жыйып «Ай эми чыктым го» дегенсип санаасы тынып демин басып алды.
Кара боордон башка он аттын артында Кашка ат келатат. Алдыңкы аттардан анчалык алыс эмес — удаа. Улам жакындаган санын төрт аякты тең таштап, бүктөлө түшүп кайра жазылып эликтей түйүлөт. Арыштуу, чалыш жылкынын жер арбытканы үнөмдүү келет эмеспи? Башка аттардын үч аттаган ордун, Кашка ат эки аттагандай болуп көрүнөт. Секирген сайын куюшкан өзүнөн өзү чакчак этип, сооруга камчы болуп тиет.
Күлүктөрдүн келаткан караанын, асманга созулган чаңды көргөндө, жол боюнда жашаган эл жабалактап чуркашып, эски дубалдын, там-тамдардын, үйүлгөн чөптөрдүн үстүнө тырмышып чыга калып карап жүрүшөт. Жолду көздөй топурак кечип туура чуркаган кичинекей балдарды жүгүрүп келип билектен алып көтөрө качып, жол боюндагы жайылган бирин-серин малды четти карай сүрүп жергиликтүү калк күлүктөрдүн жолун ачышат.
Кашка ат Кара боордон башкасын улам бирден таштап олтуруп, он аттын онун тең басты. Кашка ат, Кара боорго жакындагандан жакындап барган сайын арышын арбытып келатат.
Кара боор да андан күүлүү. Ага бүгүн жылкы жетпейт. Ал жандатпайт. Тайгандын күлүктүгүнө жараша чуркаган кыйды түлкүдөй болуп, арткы аттын өлчөөсүнө жараша жүгүрүп, каруусун кетирбей ченеп келатат. Жакындаса арышын жаят, алыстаса оозун жыят.
Суртай Кара боорго жетем менен көз кайыткан мейкин түздөрдө Кашка аттын оозун үч жолу жайып, үч жолу жыйды. Кара боорго жеткидей эмес.
Баракелде Кара боор. Күлүк болбосоң кое кал. Жылкыдан да ушундай асыл чыгат экен го?
* * *
Супатай улам жолдон чыккан кишиден Кашка аттын Кара боорго жакын, удаа баратканын уккан сайын баабедин айтып кудайлайт.
Сары талаанын дөбөсүнө чейин дагы эки «Төө тыныш» деген жер бар. Аяккы Төө тыныш, башкы Төө тыныш. Ар биринин аралыгы өз-өзүнчө ат чабым. Экөөнүн коктусунан тең анчалык чоң эмес шар суу агат. Аттар ошол эки төө тыныштын суусун кечип өткөндө, Сары талаанын дөбөсү бүлбүл көрүнөт. Андан ары Сары талаа, андан ары мара. Дагы көп жер. Дагы учу кыйыры түгөнбөйт.
Аяккы Төө тыныштын кечүүсүнө келгенде, Кара боорго Кашка ат куйрук улаш удаа кирди. Көчүгүнүн берки кырына экөө тең чыкты. Башкы Төө тыныштын суусуна чейинки түздө Кашка ат менен Кара боор катуу салгылашты. Жолдун таманын талашып, бирине-бири эрегишип, бирине-бири сүйөнүп чуркайт. Үстүндөгү балдардын тизелери тийишип, үзөңгүлөрү кагышат. Алда айланайын балдар ай?! Аттан да ошолор күлүк бейм!? Болбосо эмне чарчабайт, эмне күйүкпөйт. Оң колунда камчы, сол колунда тизгин. Алдын карай өбөктөп, аттын кулагы менен тең ойноп, ээрдин үстүнө жата калып чабышат.
Кашка ат менен Кара боор кош тилим көктөй сызылган ичке тасма жолдун ар кайсы жерине бир тийип келатса, туяктарынан урунду жеген топурак-чаңдар көптөн кийин, аттар узаганда барып бурт этип ууштап ыргыткандай болуп асманды карай созолонот.
Башкы Төө тыныштын кечүүсүнөн кечип, кашаттын үстүндөгү секиге чыкканда Кара боордон Кашка ат моюнча озду. Туура жолду кесип өткөн толоор-толбос чакан суусу бар эски арыкка келгенде эки ат жээктин берки өйүзүнө тең аттады. Суртай Кашка ат арыктан аттаарда ою менен эркинче секирсин деп тизгинди бошото узартып кое берди. Кашка ат арыктын аркы өйүзүнө аркарча так түйүлүп, илинбей барып, төрт аягы менен тең түштү. Кара боор аттаганда чыга бериштеги жээктин кемерин кемтий басып, арткы эки буттун кабайлары сууга малынып, чалкалай түшүп барып очорула калды. Кашка ат ошерден бөлүнүп түтүндөй созулду. Узагандан узады.
Эгерим алдына жылкы салбаган күлүк Кара боор, Кашка ат өтө бергенде, чыңырып, кишенеп жиберди, жаныбар!
* * *
Супатай билсе Кашка аттан да Карагер жоргого ыраазы болгондур. Жердин түбүнөн ийиктей имерилип үстүндө киши бар-жок экенин билбей, чапкан аттардан калышпай Супатайды өзү менен кошо учургандын үстүндө учуруп жагалмайдай сыздырып келатат. Кээде айбан мал эмес адамдын да жакшылыгы унутулат эмеспи. Балким, Супатай Карагер жоргонун кызматын бүгүн билген менен эртең унутаар?..Супатай жол жээгинде ичи көөп жинигип жаткан далай күлүктөрдү көрдү. Башкы Төө тыныштын кечүүсүнүн чыга беришиндеги түзөңдө соорусу жарылып кетчүдөй тарсайып, эки капшыты карчытынан ашып, сүбөсүн керип оозунан кан-жин аралаш түтөктөп, жыгылам деп жыгыла албай темтеңдеп, үстүндөгү баласы түшө калып ээгинен жөлөп жаткан Чаар атка жолукту.
Башкы Төө тыныштын секисине чыкканда Супатай Карагер жоргонун оозун тартып, жолдун жээгинде өгүзчөн турган, сакалын буурул чалган карыяга бурулуп, алактап шашып суроо берди:
— Кайсы ат чыгып баратат карыя?
Келаткан күлүктөрдөн жазганып жолдун четиндеги жайылтып жаткан койлорун аркы кабакты эңкейтип, жапырып таштап коюп кайра шашпай жол боюна келип улам чубап өткөн күлүктөргө ышкысын артып, өгүзүнүн мурдун чүйрүйтө тартып ыңырчактын алдыңкы кашына боортоктоп сүйөнүп олтурган койчу обдула калып:
— Осу арыктан, — деди камчысынын өрүмүн сабы менен кабаттай кармап. — Кара боор менен бир Шабдар каска ат тең аттады. Арыктын аркы өйүзүнө Кара боордон бурун каска ат барып түстү. Сонон соң сол ат алдыга узап кеткенсиди.
Супатай бакырып ийди:
— Оозуңа май карыя! Ошол чабдар Кашка ат меники эле!..
— Сеники болсо атың шыкты гой карагым, — деди карыя.
* * *
Көптөн бери чогулуп мындай күрдөөлдүү тамаша кура элек эки бир тууган эл, мына бүгүн ойдогудай чер жазып, ойдогудай от боорун керишти. Бирин-бири чабышып, бирин-бири талашып, качан болсо эрдин кунун, эрегиштин айыбын доолашып чыр-чатак, жалаа менен жүргөн казак-кыргыздын мындай ынтымакка келишип баш кошкону акыры түбүн кут кылса алгачкы жаңылык болду.Күлүк ат кошкондордун өңгөлөргө караганда бөтөнчө тынчы кетти. Бир орунда чыдап тура албай улам төмөндөн эрбең караан көрүнсө кыйпычыкташып көздөрүн албай, ошол өзүлөрү чапкан аттын дүбүртүндөй болуп, жүрөктөрү түрсүлдөп согуп жатты. Баарыдан кызык: бүгүн төлгөчүлөр менен бал китеп ачкан «көзү ачык» дубакөйлөрдүн күнү тууду. Аларга ала-шала той түштү. Кай жерде үймөлөктөшсө ошерде төлгөчү, бал китепчи. Ким эле болбосун, «сенин атын чыгат» дейт. Төлгөчүнүн айтуу боюнча бир ат артта кала турган эмес. Ак урган думаналарга «кудайы» деп ырым бере койсоң, «омийин балам, сенин атың чыксын» деп бата берет. Ал ат кошконбу, кошпогонбу аны менен думананын иши жок. «Куйрукка чапса бытпылдык, төбөгө чапса ит болдук» болуп самындай эзилип келген байкуш эл, ошого дале ишенип, балчы, думана, төлгөчүлөрдүн оозунан эбиреп чыккан сөздөрдү анттай бек кармашып, кудайдын өзүнөн көзмө-көз, оозмо-ооз уккандай болушат.
Ат күтүп олтуруп зарыккан элдин арасынан бөлүнүп, утурлап бастырган жалгыз-жарымды солдаттар астынан тосуп, атын башка-көзгө чапкылап соорулап, дайра топко айдап кошот. Төмөнтөн созулуп чаң чыкса «ат келатат» деп, олтургандар ордунан ыргып, үрккөн койдой «дыр» дей түшөт. Ал чаң аттардын чаңы эмес, бери жакындап келгенде тай-кунан минип кабакка далдаланып, аттарды туурап жарышып жүргөн майда балдар болуп чыгат. Аларды да солдаттар дырылдатып, элди аралата кубалап, көпчүлүккө кошуп колун кезеп кайра тартышат.
Бир кезде Боронбай баш болгон «залкарлар» чогулган дөбөдөгү топ, камыштан учкан калың өрдөктөй дүрүлдөп, этек жеңин каккылап ордунан тура шатырай түштү. Көпчүлүк аларды көрүп дүрбөп калды. Бирдемеден шек алгандай «мыктылардын» тобу жапырт атка миништи. Алардын көбүнүн колунда дүрбү.
— Жалгыз келатат!
— Качкан ат го?
— Жолдон кошуп жүрбөсүн?
Чолпонкул болуш колундагы дүрбүсүн ат үстүнөн улам оңдой кармап:
— Менин жээрде кашка аргымагым экен, — деди.
Артында чукул турган Шергазы кесе айтып салды:
— А, жээрде кашка болсо, Супатайдын Тайкашкасы.
Чолпонкул мойнун буруп кылчайып, Шергазыны жаман көзү менен акырая карады. Аңгыча жанагы көрүнгөн жалгыз караан элдин аягына жете келди.
— Кашка ат экен... Кашка ат экен!
— Кыргыздын аты экен.
— Көк көйнөк. (Казактын ат чапкан балдарына ак көйнөк, кыргыздыкына көк көйнөк кийгизишкен).
Тартипке мурун көнбөгөн көлдөй толкуган көпчүлүк бири калбай тегиз атка миништи.
Солдаттар келаткан күлүктөрдүн жолун ачып, тартип бузган бейбаштарды кылычтын сырты менен жазгап, сабап да жүрүшөт. Суртай чогулган элдин эң аяккы тобуна жакындаганда, күчүн жыйнап келаткан күлүктүн оозун кое берди. Кашка ат ого бетер күүлөнүп сызды.
Адатта ал кезде күлүк чаап чыгарып келаткан балдар өзүлөрүнүн аталарынын атактуусунун атын атап кыйкырып келчү. Ал аттын үстүндө эриккен жалгыз адамдан бетер камчысын көкөлөтө булгалап, чикит ойногон балдардай чыңылдап үн чыгарды:
— Супатай... Суртай... Уултай! Супатай... Суртай... Уултай!
Кашка ат Чулудан жаңы кое бергенсип, көпчүлүккө аралашканда куйругун сыртына салып, жолдун тыяккы четине бир, бияккы четине бир чыгып ойноп, шүйүлгөн көкүлүнүн алдындагы кашкасын жаркылдатып өтө берди. Ошондо да менменсинген курч аттар мытыраң-мытыраң этип төрт аягы тыбырап Кашка атка илээшпей артта калды.
Суртай марадан өтүп, калың элдин аягынан башына чыкканча:
— Супатай... Суртай... Уултай! Супатай... Суртай... Уултайлап... кайра-кайра чаңырып, кайра-кайра кыйкырып жүрөт.
Ушул ат чабышка Кашка аттын атасы Кашка айгырды минип баягы Калыгул да Торсо балбан менен келген. Ал Супатайга негизи жакын тууган. Ак пейил, ак тилеги менен:
«Ушу Супатай байкуштун Кашка аты чыкса экен? Уултай жеңемдин мээнети талаага кетпей, эмгеги кайтса болду. Казак-кыргыз чогулган жеринде атынын кашкасындай таанылып, арбагы көтөрүлүп, бактысы ачылып, кул наамы өчүп, эл катарына кошулуп калышса, жаман болбос» деген ойдо болчу.
Торсо балбан болсо бечарачылыктын айынан атайлап бул ашка күчүн алып келген. Ал жеринен сайыш, же күрөштү эңсеп чыккан. Анын үлүшүнө кечээ сайыш тийди:
«Бул адам эмес эле, өзүнчө жылып жүргөн дөө турбайбы?» — деп казактар турпатынан чоочуп беттеше албай байгесин беришкен. Ал Калыгулдун Кашка айгырын минип, найзасын ийнине арта салып, кыл чайнап ары-бери бастырып турганда казактарга опол-тоодой көрүнсө керек.
Канча кылган менен туугандын иши тууган да. Кашка ат чыгып, анын үстүндө Суртайдын ураан чакырып, чаңырып баратканын өз көзү менен көргөндөн кийин баягы Калыгул байкуш сүйүнгөнүнө чыдабай ыйлап жүрөт. Жанында турган Торсодон улам: «Келе, Токе, насывайлап» олтуруп (насывай өз чакчасында дале бар болчу) Торсо балбандын кончуна сойлоткон өгүз мүйүз чакчасындагы насывайын үстөккө-босток шыкап улам оозуна куюп жатып, боркогу булганган балдардай, тегерек кара сакалы бүт ботала. Көпчүлүк баарыдан да ошол Калыгулдун кейпине боору катып жатат.
Калың эл «чыккан атты көрөбүз» менен азан-казан. Биринин үстүнө бири үймөлөктөшүп, Кашка атты ортого алышып, тегеректеп жолду бууйт. Ырчылар Калмырза менен Найманбай Кашка атты мактап жаагын жанат:
Калмырза: Арпаны жара чайпаган,
Аркардай көзү жайнаган.
Найманбай: Буудайды жара чайнаган,
Бугудай көзү жайнаган.
Калмырза: Кунанынан курч чыгып,
Куу мамы кылып байлаган.
Найманбай: Атактуу күлүк Ай кашка,
Алдына жылкы салбаган.
Биринчи аттын байгесин Боронбай кармаган. Миң дилде... Боз калта менен чымчып буума болуп шыгырап, сызма боосунан эки-үч имерилип Боронбайдын ээринин кашында оролуп турат. Койго чакканда бир дилде эки кой. Эки миң кой... Уултай байкуштун балдарынын колуна тийсе бул жаман оокат эмес го?
Дилдени көргөндө Суранчы колго түшүп, боз калтадан эки көзү өтүп, сук иттей тилин чыгарып, эрди башын жаланып ичи ысып өлүп баратат. Ой, дүнүйөң менен куруп кал оой...
Боронбай мындан бир аз мурун бирөө капилетинен келип төбөгө шылк эттире муштап кеткенсип, кабагын чытып Суранчыны суз карады:
— Ат сеники беле?!
— Ооба.
— Мен сага эмне деп айттым эле?..
— Сиз...— деп Сурачы сөзүнүн аягын улай албай кетенчиктеди.
Боронбай буркуйду да: — Байге жок, — деди.
Суранчы кеңилжерден ары бир жегендей кайра тартты.
Ал эми Боронбайга эмне болду? Аны кайсы кудай таз төбөсүнөн урду? Ал эмне буртуят? Же ошондой чоң жерде кыргыздын аты чыгып намыс алганы Боронбай үчүн өлүмбү? Ал ат чабылардын алдында Суранчыга эмне айтты экен?
Суранчы Боронбайдан кагуу жеп келгенден кийин, көпчүлүктү көзүнө илбей, жазганбай туруп, Супатайды камчы менен төбөгө басып-басып алды.
— Акмак! Кул! Ата-бабаңдын оозун! Сага байге түгүл атаңдын башы жок! Мен эмне деп айттым эле?! «Супатай, Суртай, Уултай!» Урааныңарды! ..
Ай-кой деген киши болгон жок. Өзү урду. Өзү сөктү. Өзү басылды.
Көрсө ат чубатардын алдында кыргыздан келген күлүк ээлерин бүт чакыртып алып Боронбай: «Кимде кимиңердин атыңар чыкса Атакелеп ураан чакырсын. Балдарыңарга айтып койгула» — деген экен.
Атаке Боронбайдын чоң аталары, сарбагыш элинен уругу башка бирөөнүн аты чыкса да «Атакелеп» ураан чакыртчу. Ал эми казак-кыргыз беттешкен жерде кыргыздын аты чыкса «Атакелеп» ураан чакыруу керек. Боронбайдын Атаке тукумунан экенин казактар жакшы билет. Ошон үчүн «Боронбайдын аты чыкты» болуп даңк калсын деген Боронбайдын ою тура. Мына, Боронбайыңдын кырсыктап отурганы. Ал ансыз деле кыйкым таппай араң турган. Жанакы боз калтадагы миң дилде шилекейин чуурутуп, напсисин агыттырып, кулкунун кургатып бараткан. Кантип өзү алып каларын билбей бир жок шылтоо керек болуп турганда, эми ага шынаа кагыла түшпөдүбү?
Суранчы: «Кудай берип Кашка ат чыгып калса, Атакелеп ураан чакырсын» — деп Супатайга эскерткен. Кайра-кайра такыган. Супатай да буга макул болгон.
Бул иш жалгыз Суртайдан кетти. Иштин жөн-үн териштирбей туруп Суранчы аксымдык кылып: «Баласына өзү үйрөтпөгөндө ким үйрөттү» деп Супатайды уруп олтурат. Супатай бул иштен ак. Ал баласынын «Супатай, Суртай, Уултайлап» ураан чакыраарын билбегени чын. Кашка ат мурун да нечен чыккан. Анда Суртай Суранчынын аталарынын арбагын чакырып «Абайдылалап» келчү. Чунак баланын бүгүн казак жерине келгенде «Супатай, Суртай, Уултайлап» келерин ким билиптир?! .
Суранчынын кошоматчылары деле кой, ээ-жаа бербейт. Супатайдын ого бетер жүрөгүн түшүрүп чүнчүтүп салды.
— Санда жок кишилер келип санга кошулуп, казак-кыргыз тобун жарып ураанга кирип турса...
— Айтылуу Боронбай, Суранчылардын аталарынын аты ушундай жерде оозго алынбаса...
— Жашабаган Суртайды эртең казактын чегинен өткөндө көрүп ал. Боорун жарып өтүн алат!
Суранчы эми чындап Суртайды кысмакка алды:
— Эмне үчүн мурун оозуңа албаган, оюңа келбеген ураанды чакырдың, муну сага ким үйрөттү?
Бала чынын айтып таштады:
— Үйдөн аттанып жатканда, кокус атың чыгып калса элдин аягынан башына чейин ушинтип кыйкырып өт деп, энекем убадамды алган...
* * *
Супатай эми Кашка атка анчалык назар салбай: «Эмнеси болсо да бир туу сайып берди» дегенчелик кылып, Карагер жорго менен алек болду. Аттар менен жарышып тең келип кыйналган эмени түн ортосуна чейин жетелеп жүрүп, анан таңашырды. Биртике кырданып, кийимчен, аманат жата калып, куш уйку салды да, анан бирөө тартып ойготкондой ыргып туруп жерге жарык киргенде жоргону отко койду. «Кечээ мен кайда бардым, миндиңер беле, жок беле?» — дебестен кыйналганын,
чарчаганын билбей жем издеп окуранат Карагер жорго. Супатай жоргонун жабуусун шыпырып, терин кырып, төрт-беш кочуш арпа чайната салды да, жорголор топтолгончо кайра токуп, Суртайга мингизип ары-бери бастыртып койду. Суртай чогулган элден окчунураак барып, жутунган сайын жерден бетеге үйдүрүп кайра оозун өйдө тартат. Анын үстүнө кечээ ат чаап ээрге жанчылып кыйналган Суртай шылк этип үргүлөп, башын ээрдин кашына уруп ала таштап, кайра эки жагына элеңдеп карап коет. Ошентип турган кезде кайдан чыга калганы белгисиз, Суртайдын жанына улгайган эки окшош казак пайда боло калды. Экөөнүн аты тең келишимдүү,
кийген кийимдери жарашыктуу,
салабаттуу адамдар экен. Алар биринен сала бири Суртайга суроо бере баштады:— Кимдин баласысың?
— Кай жерликсиң?
— Атың ким?
— Кеше Каска атты шапкан бала сенсиңба?!
Суртай кагылып калган чоң кишиден бетер алардын суроолоруна салмактуу жооп берди:
— Атам тетиги Кашка атты минип келаткан. — Камчы кармаган колун өйдө көтөрүп, ары жактан бастырып келаткан Супатайды көрсөттү. Супатай баласынын жанына келип буйдала калган эки кишини көрүп алда кандай немелер? «Боронбайдын жигиттериненби? »— деп жүрөгү опкоолжуп бастырган. Анын үстүнө көпчүлүктө баш аламан опур-топурдан пайдаланып, ат уурдап кетме, ат минип турган кичине балдарды алаксытып, ээрдин үстүнөн алып ыргытып ийип, болбосо ат-маты менен ала качма сыяктуу жаман адаттар кычап турган. Супатай чукул келип калса да, эки киши кебелбестен, Суртай менен сүйлөшө беришти.
— Сен эмне кешээ Каска аттын үстүндө «Супатай, Суртай, Уултайлап» ураан шакырдың?
Бала эмеспи, Суртайдын кечээ Суранчынын сөзүнөн кийин жүрөгү түшүп калган. Атасынын жанына жакындап калганы жакшы болду. Супатайды көрүп эрдемсинип кетти, болбосо «баа» деп бакырып аттын үстүнөн түшө калмак. Казактар баланын корккон түрүн биле коюп жалпак тилге салышты:
— Коркба, карагым. Биз сага тиймеймиз. Аншейин ак таанысканы келип олтурмуз.
— Супатай атаңдын аты, Суртай өз атың экен гой. А Уултай нең болады?
— Чоң энем.
— Чоң энем.
— Чоң энеңдин төркүндөрү барма?
— Жок.
— Неге.
— Кичине кезинде казактан колго түшкөн экен. Төркүнү кайда калганын билбейт.
Эки казак аттарынан кандай кулап түшкөнүн, Суртайды Карагер жоргонун үстүнөн жерге кантип илип алышканын өзүлөрү да билбей калышты.
— Баурум ай ...ооб-баурум ай...
Ээк астыда болуп жаткан окуянын эмне экенин түшүнбөй, Супатай Кашка аттын үстүндө катты да калды. Бир кезде чачылган оюн жыя коюп, аттан ыргып түшүп казактардын колунан бошоно албай эси ооп боругуп, чырылдап жаткан баласын колдон тартып талашты. Эки казак Суртайды коё беришип, эми Супатайды кучактап бакырып жыгылышты.
#15 24 December 2015 - 07:51
Күн аркан бою көтөрүлүп, ысык илеби менен жерди жылыта баштады. Бүгүн да асман киргили жок, уйкусу канган көздөй тунук. Сары талаанын күн чыгыш жагынан батышты карай чубала созулган узун капчыгайдын өндүрүнөн дың суугандан тартып тынымсыз жүрүп туруучу арылдаган шамалы, эртели кеч эки беттин отун, кулак-мурундун учун ######-жуктаган ызгаары кечээтен бери бул жерди таштап, шашылыш жумушу бардан бетер бир жакка кетип калгандай жым-жырт. Анда-санда оолоп чычкан аңдыган насвайчы күйкөлөр бирөө далысын ушалап кытыгылап жаткансып, эки канатын эпилдетип ийкеңдеп далайга чейин бийлеп туруп, анан лып басып калчудай телп этип жерге түшөт да, бетегенин түбүндөгү чычкандын ийнинин оозунан чөп илешкен чала-була бирдемени сермеген болуп, кайра сепеңдеп асманга көтөрүлөт. Лакыя тоюп алган эмедей күнгө төшүн тосуп, айланага көз кырын чаптырып, бир дөбөдөн учурсаң аркысына ыргыткан ичмектей далдайып барын конгон бирин-эки ак сарылар жүрөт.
Алыстан караганда көмкөргөн көрдөн чыныдай апаппак кырка тигилген боз үйлөр, ошол боз үйлөрдүн тегерегинде байланыштырылган токулгалуу топ-топ аттар, табак көтөрүп меймандарга эт тартып, жүгүрүп жүргөн уландар, кайнаган самоорду бууланта колдошуп бараткан келин-кыздар, бири аттанса бири түшүп жаткан ашка келген эл, көзгө алда кайдан дап-дайын... көрүнүп турат.
Тамаша болчу жерге эл карааны, калың, этектүү чогулду. Байкоодо кечеки ат чабыштан да бүгүнкү жоргонун кызыгы укмуш болчудай. Таң атканча ырчы ырдатып, комуз черттирип, кыяк тарттырып шатыра-шатман салтанат курган «мыктылар» элдин зарыгып күтүп калганы менен иши эмне. Алар качан гана уйкусу кангандан кийин козголуп керилип-чоюлуп кулач жайып, шашпай чайланып, анан келте оорусу бардай ыңгырана ныксырап, түнү бою тепки жеп чыккансып ат үстүндө бүткөн боюн жыя албай шылкыйтып бош таштап, илең-салаң болуп: «барсакпы, барбасакпы» дегендей жигит-жалаңы менен каалгып келип түшүп жатышты.
Эл чогулуп, «улуктар» келгенден кийин кечеки буйрук окуган казак жигит бүгүн да топтон бөлүнүп, баягы дөбөгө атчан бастырып чыкты да, тизгинин жыя тартып тура калып, бешмантынын чөнтөгүнөн бир барак кагаз сууруп чыгып элди карап буйрук окуду:
— Байгеге кошулган, тандалган жорголордун саны сексен беш. Жоргону эки тараптан төрттөн сегиз киши айдайт. Мындан тышкары экиден төрт киши «деген» аттар менен орто жолдон тосуп, жорголор менен кошо келет. Булардын милдети: Кимде ким жоргосун жорголотпой чаап келсе, жолдон кошкон, же түпкө жетпей качкан жорго болсо ошого көз салат.
Ээси тарабынан кылмыш болсо үч жыл набакты, мал-мүлкү казынага алынат.
Казак жигит андан ары жорголордун байгеси эмне экендигин, канча жоргого байге сайылгандыгын, даектерди кимдер кармагандыгын кошо окуй кетти. Казак-кыргыздын ичинде мындан башка кат билгени болбосо керек. Буйрукту дайым эле ушул жигит окучу болду.
Супатай Карагер жоргону өзү минди. Ал жоргосунун өлчөөсүн да, ыгын да жакшы билет. Колуна салмактуураак камчы алып, үстүнө жука бешмант, башына калпагын кийбестен, топу кийди. Жорголор элден бөлүнгөндөн баштап айдалды. Анткени ат айдоочулардын айтууна караганда улуктардын тапшырмасы ошондой көрүнөт. Жорголор менен келаткан экиден төрт киши, ат тизгинин буруп орто жолдо калышты.
Жорголор белгилүү жерге жеткенден кийин, ат айдоочулар аларды катарга тизди да, жапайы канаттуулардын танабын тарткандай шарт эттирип кое беришти. Адегенде үрккөн жылкыдай бири-бирине урунуша кетишти. Андан кийин кимди ким көрсүн, коюу туман уюп тополоңу тоз болуп жер дүңгүрөдү да калды. Көптөн кийин барып алдыңкылары топтон бөлүнүп, желе тарта учкан каркырадай чубалжышты. Карагер жорго каадасынча Супатайды алып учуп тарткан жерден бута атым бөлүндү. Казак-кыргыздын булуң-бурчтарынын далайынан шыпкалып көп жорголор чогулса да, байкоодо Карагер жоргого теңдеш бир да жорго жок көрүнгөнсүйт. Супатай ээрдин үстүнө нык олтуруп, эки үзөңгүнү алдын көздөй учкай тээп, тизгинди жыя кармап, урдургандын үстүнө урдуруп зыркыратып баратат. Бирөө качып, калганы кууган эмедей, артынан жабалактаган калың жоргонун дүбүртү мөндүрдөй дарбыйт...
Алыстан-алыстан, жолдо тосуп турган баягы төрт кишинин карааны майда нокот сыяктуу бүл-бүл көрүндү. Улам жакындаган сайын ошолор экени даана болду. Супатай аларга бат эле жете келди. Ал төртөө да аттын оозун ченебей кое беришип, Карагер жоргонун артынан сая түшүштү. Салган жерден курч аттар жоргого жабыша калды. Барган сайын өксүй беришти.
Супатай казак-кыргыздын чогуусунда Карагер жоргону эл көзүнө көзүктүргүсү келдиби, ошондон марага чейин оозун жыйган жок. Марадагы элдин аягынан «деген» курч аттар менен кууп жоргого куйрук улаш илеше албай коюшту. Эл катуу дуулдады:
— Баракелде!
— Мал болбосоң кое кал...
— Жорго деп ушуну айт!
— Жок. Бул тегин мал эмес — канаттуу жылкы!..
Дуу-дуу басылгандан кийин, баягы Суранчы барып дагы кур келди. Биринчи жоргонун даеги миң кой экенин, аны казак-кыргыздын «улуктары» соогатка талап кеткени угулду.
Тамаша бүттү. Эл тарай баштады. Ат менен жоргонун байгесинен ырымга бир тыйын албай Супатай, Суртайлар бозоруп кайтышты.
Түрмөктөлгөн кара булут канатын жайып нөшөрлөп төгүп жиберди. Кечетен берки «улуктар» олтурган дөбөнүн дал өзү да карарып-түнөрүп калды. Ал жерди мөндүр, жамгыр аралаш катуу сел каптап кетти окшойт. Обору кеткен зулумдардын отурган ордунан жийиркенип, Сары талаа өз бетин өзү тазалап жууп жатса керек.
Чагылган жаркылдап, оттугун чагып, куусун тамызды.
Жанагы «улуктар» аттанган дөбөдөн, жалыны алоолонуп, кызарып өрт чыкты. Түйдөктөлө буралган кара кочкул коюу түтүн көкөлөп, жалындын илеби асмандын бооруна жабыша түштү. Сары талаа жууп кетире албаганын шыркырата куйкалан, жалындатып өрттөп жаткан көрүнөт.
Губар бая күндүз ат чабыштан келаткандардан Супатайдын дайынын сураган. Жоргосу да, аты да чыкканын уккан. Ошол замат соодасын таштап, үйүнө чуркап аялына сүйүнчүлөгөн. Базардан он чакты боо беде сатып келип, эчак аттарга даярдап койгон. Губар үй-бүлөсү менен тынчы кетип улам казак тоо жаккы жолду тиктеп жатканда, Супатай уулу экөө анын короосун имерилип дарбазасына жакындай түштү. Губар бала чакасы менен чуркап чыгып досун кубанычтуу тосуп алды.
Супатай менен Губар бул түнү да укташкан жок. Атка көптөн бери урунду болуп жүргөн Суртай башы жаздыкка тиер менен көшүлдү. Супатай төшөк үстүндө чыканактап жатып, уккан-көргөнүн чыпчыргасын коротпой айтып берди. Мындай абал дунгандарда да оор экенин айтып, Губар Супатайдын сөзүн улады. Ал өмүрү өткөнчө аялы менен Илирдин кулу болуп калганын, Илир жыл бою иштетип, акысына тоголок дан, кокон тыйын төлөбөгөндүгүн айтып, сөзүнүн акырында жаш балача бышактап жиберди.
Губардын аялы Фюхер, көрбөгөн аяшы Калыйча белек-бечкек арнап Супатайдын куржунуна салды. Супатай менен Суртай эртең мененки насипти Губардын үй-бүлөсү менен чогуу татышып, камчыларын сүйрөп эшикке чыгышты. Артынан Губар менен Фюхер узатып кошо басышты. Жуп аттанаарда сомодой-сомодой болгон, аттары шайдоот, камчылары өрүмдүү, канга тойгон даңгыттардан бетер уурттары салаңдаган, далдайган-далдайган он чакты жигит ат үстүнөн обдулуп, дубалдын кырынан моюндарын созо: «ушунда экен, ушунда экен» деп кобурашты. Буларды жалт карай салып, бир жамандык жышаанды сезгендей Супатайдын жүрөгү «шуу» дей түштү. Бүткөн бою титиреп, колу-башы калтырап кетти.
Алардын ичинен бирөө өкүм кыйкырды:
— Ой, алдагы эки атты бери жетелеп чык!
Супатай апкаарып калды. Жооп кайтарганга күтүшкөн жок. Короонун каалгасын талкалашты. Губардын илинип араң турган дарбазасы тиги жигиттердин балбан колдоруна туруштук бере албай качырап кыйрады. Баары аттарын жүткүнтө теминип, тепсетип өлтүрчүдөй короого кирип келишти. Эки жигит аттан түшө калып, бирөө Кашка атты, бирөө Карагер жоргону жетеледи. Супатай жүгүрүп барып Карагер жоргонун суулугуна асылды. Губар Кашка атты тизгинден алды. Атчан тургандары Супатайды да, Губарды да өрүмдүү жоон камчылар менен чоку талаштырып басып-басып алышты. Супатайдын төбөсүнөн тебетейи ыргып жаак эти жарылып, башы эки-үч жеринен айрылып, көзүнөн от чагыла түштү. Суртай чыңырган бойдон кулачын жайып бетинен кан шоргологон атасын кучактап жыгылды. Супатайдын колунан тизгин чылбыр чыгып кетти. Көздөрү ымыр-чымыр болуп, жер караңгылай түштү.
Демейде бир боо сабиз талашып «таа» дегенде чогула калчу дунгандар, Губар он жолу «тааласа» да карап туруп бирөө басып келген жок. Алардын да келбегени туура. Тигилер белгилүү Боронбайдын жигиттери. Кокус аларга кол салса, Илир менен Булардын жигиттери Боронбайдын жигиттерине болушат. Бөөдө таяк жешет. Губардын «таасы» талаага кеткен «таа» да.
Мына ушундай көчкүсү жүрүп, тоодон ташы кулап, капчыгайынан суусу үйөрлөп, кар муз аралаштыра агызып, бетине алып турган күнү Супатай баласы экөө жөө-жалаңдап жаралуу кийиктей ээрчишип келатат.
Супатай, Суртайдын Токмоктон чыкканына эки күн болот. Эгер ат менен жүргөндө бул белди кечээ эле ашып кетишмек.
Күн төбөгө келгенде «Карасайды көчкү алган» жылганын аягына келишти. Жолдун оң жаккы жээгиндеги сандык ташка көчүк басып бир аз эс алышты да, куржундун оозун чечип, Губардыкы берген тузу жок момодон, шылдырап аккан мөңгүнүн суусуна ымдап эки-үчтөн жешти. Суртай кечетен бери атасынан калышпай келатат. Ал катуу чарчады. Улам токтогон жерде колу түшкөн кулундай чалкасынан түшүп асманды карап жата калат. Ал азыр да момону кырданып жатып чайнап олтурат:
— Токмокко токтобой, тун катып жүрүп олтурсак болмок, ата?
Супатайдын камчы жеген башы салмактанып, оң жаккы кашынын үстүнөн шүйшүн аралаш чыпылдап аккан суу жарага жабышып, таңылган жука чүпүрөктүн сыртынан сызылып тамчылап турат. Ал өзүнүн кабелтеңинен туруштук берип эрдин кесе тиштеп, тырышып араң басып келатпайбы? Баласынын айрым суроолоруна жооп бербей да калат.
— Кыбырайлы. Тур. Көтөр тиги баштыгыңды. Ал таягыңды. Баары бир алар жолдон да тосмок. Ээн жерде өлтүрүп да коюшмак. Экөөбүз үчүн ким өч алат? Апамбы? Апаңбы? Губардыкынан алганы жакшы болду. Эми алардын бизде атасынын акысы калган жок! Алчусун алды, Мен Боронбайдын кыязын көрүп, казак жеринен эле алат го дегем. Жүр кеттик.
Супатай Карасайды көчкү алган жерден тез өтүп кеткиси келди. Бул жердин сыры белгилүү. Бир күн мурун жаш кар түшүп калса эски карын кошо шилеп көчкү жүрөт. Кечээ кар түшкөн. Бүгүн да дал ошондой болгон турат.
Мындан он чакты жыл мурун ушул жерде кайгылуу окуя болгон. Карасай деген бай Чүйгө мал төлдөтүп көктөп, кайтып Кочкорго келатканда, анын көчүн ушул жерден көчкү баскан. Тигине... Тээтиги капталдагы кашааланган кар жер кыртышы менен «шып» жылып келип ушул коктуну бууп, дөмпөйүп дөбө болуп туруп калган. Анда эмнелер гана жердин алдында калбады дейсиң? Бойго жеткен эки кызы, жаңы үйлөнгөн келин-уулу, бала-бакырасы болуп жыйырмадай киши, атан төө, айгыр аттарга артылган көз тайгылткан дүнүйөсү менен алеки саатта жок болгон.
Супатайдын жүрөгү солкулдап, Суртайды билектен алып, ылдамдап энтелеп шашып өттү. Өтө бергенде кар жарылып чарт этти. Көчкү. Мөңгүгө толуп, кум-таштар кошо жылып, эпкини капчыгайдын аркы бетине серпиле түштү. Кар-кум аралаш коюу куюн чаң тумандай уюду. Тарткылыгы жок байкуштар аман калбадыбы...
Супатайдын бүткөн бою титиреп жүрөгү опкоолжуду. Суртайга коркконун билдирген жок. Артынан көчкүнүн дабышы «шуу» дегенде «Ата-а» деп бакырып, Суртай Супатайдын этегине жабышты.
— Коркпо айланайын. Бул жер. Кудай өзү сактады.
Белге жакындашты. Дабан көрүнүп калды. Бороон.
Борошо аралаштырып кум учуруп, кар бурганактап туу белдин өзүн уюлгутуп боройлото келип уруп турат. Соккон бороон аркы өйүз, берки өйүздөгү жалама зоолордон тайлактын боздогонундай созулган жаңырык үн чыгарат. Үстөкө-босток бороон. Майда кум менен кургак карды аралаштырып асманга ак куюндатып учуруп барып, анан кайра жерге топурак төккөндөй себелейт.
Күнү кечээ ушул белди булар Карагер жорго, Кашка ат менен ашпады беле? Анда бул бороон кайда жүргөн? Ал күнү күн чайыттай ачык болуп, мемиреп жылуу тийбеди беле. Анда аттуу-жөөлүү жолоочулар да үзүлбөй каттап жатпады беле. Кана алардын бири? Бүгүн мындайда...
Туу белге канчалык тырышса да Супатай баласы менен чыга албады. Жол тайгак. Көк жалтаң муз. Белдин өзүнө көтөрмө бою чукулдаганда бороон улуп, кар аралаш борошолор ышкырып келип экөөнү кайра таңылчактай томолотуп учурат. Супатайдын этегинен тартып, Суртай жылдырбайт. Супатай төрт аяктап дагы эмгектеп жылып жөнөйт. Эми бүгүн түнгө калса, бүттү. Супатай, Суртай жок. Аталуу-балалуу экөө эки жерге, төгүлбөгөн уйдун карынындай томпоюшат. Мына бу дуулдап турган бороон кимдин жанын койсун? «Тилсиз жоо» деген ушул. Жалынганыңды билеби? Качан гана Супатай, Суртай экөөнү тоңдургандан кийин күн чайыттай ачылып бороон токтоп, шамал басылаар. Мунусун ким билсин? Эртеси күндүз жору-кузгунга той түшүп капкаяктагысы чогулбайбы? Болбосо түнкүсүн топтошкон бөрүлөр жыт алып, ар кимиси ар кайсы жондордон улуп, бирин-бири чакырышып тарпын калтырбай кийимине чейин тытып-талап кетишеби, ким билет?..
Супатайдын жан тери келип, акыркы кайратын топтоп, төрт аяктап тырмышып, улам эки колдоп тырмактап кар чапчып, Суртайды чыргадай сүйрөп, олтуруп, өлө-тала белге чыкты. Эки бети албырып, кара көк тартып түтөгүп, жүрөгү жарылып кетчүдөй сокту. Туу белге токтошкон жок. Кайра бороон учуруп кетчүдөй чочулашып мас кишидей тампалаңдап, чыкыйга койгондой сендиректей түшүп, белдин берки багытын көздөй эңиштеп жөнөштү. Суртай улам эңкейиштеген сайын атасынан алыстай берди. Качан гана Супатайдын карааны үзүлүп баратканда «ата-а» деп чыйылдап ый аралаш үн чыгарды. Супатай артып жалт карай салды. Суртай телчиккен козудай чайпалып, араңдан зорго аяк шилтеп, атасынын бутун кучактай жыгылды. Узунунан түшүп эчкирип ыйлап жиберди.
— Эмне болду, тегеренейин?
— Бутум...
Супатай шашкалактап баланын буттарын карады. Чокойдун таманы түшүп манчалары кызарып турат. Бала качыраган кар аралаш тоң жерди далайдан бери жыңайлак басып келаткан экен. Эки бутунун беш манчалары менен согончокторун эчак эле үшүк алыптыр. Бармактары барсайып ыйлактанып турат.
Супатай чокоюн сууруп жиберип, баланын эки бутун эки колтугуна, жылаңач этине кысты. Акырында сай-сөөгү какшап, кылгырган көз жашы эки каректин кычыгын айлана тегеренди. Узун кирпиктерин удаа-удаа ирмеп-ирмеп алды эле, жиби үзүлгөн мончоктой жылуу жаш чубурду...
Уултай, келини экөө акмалап жол карайт. Балдары улам кечиккен сайын чый-пыйы чыгып, Шамшынын белинен көздөрүн айрыбайт.
Бир күнү намаз дигер менен намаз шамдын ортосунда артынан ээрчиген эрбеңдеген баласы бар, мойнунда асынган баштык-уштүктүү эки караандын үйүнө жакындап калганын алачыгынын кырчоосуна сүйөнүп олтурган Уултай даана көрдү. Уултай аны Суранчынын айлы тараптан куугунтук жеп, конорго үй таппаган кайырчылар деп ойлоду. Уултайдын көз алдына Карагер жорго, Кашка атты минип алчактата бастырып келаткан Супатай менен Суртайдын элеси келип турган. Эшик төрдөн жакын ээк астына келгенде, алдыңкысы Супатай экенин тааный коюп, ордунан тура калам деп, Уултай эки-үч мүдүрүлүп көмкөрөсүнөн жыгылып кетти. Бери жактан бутун араң шилтөөгө жарап келаткан Супатай, энесин кучактай жыгылды. Калыйча үйдөн жүгүрүп чыгып Суртайды басып калды.
Уултай эсин жыйып, үйдөн чөйчөккө суу куюп чыгып балдарынын башынан имере айландырып ырымдады. Анан баары үйгө кирип коломто тегеректешти. Калыйча отту калап алоолонткон экен. Ала-сала көргөндө эстери чыгат деди окшойт, Супатай башынын жараатын, бетинин айрылганын анчейин үшүккө алдырган өңдөнүп, оттун жарыгынан далдаалап, караңгылаткан болуп, Калыйча менен Уултайдан коомайланып олтурду. Отко жылыган сайын бүткөн бою жибип, энеси тынчын алган суроолорго жооп бере баштады.
Өмүрүндө мындай сүйүнүч бактылуу көп адамдардын турмушунда болгондур, бирок Уултайдыкындай болгон эмес чыгар. Бул Уултай үчүн биринчи сүйүнүч, биринчи бакыт. Уултайдын жүрөгү кабына токтобой, мойнуна чалма түшкөн азоодой түрсүлдөп сокту. Бүткөн бою титиреп, колдору карышты. Жаагынан ылдый жылуу тер суудай агып көл-шал түштү. Ысыганына чыдабай караптап кетти. Келини, балдары чурулдап үстүнө түшө калып, бетине муздак суу чачышты. Уултай көптө барып эс алды. Ал солуктап, өпкөсү көөп уйкусу чала канган жаш балача оозун кере-кере ачып эстеди. Анан акылын топтоп, эсин жыйды. Үй ичи көз ирмемге тынчтана калды. Башында тозулуп бараткан кош бүктөм бөз жоолугунун бир учун жазып, маңдай терин шыпырып, бетин сүрттү. Кайра оңдоп салынып, балдарына бир сыйра көз жүгүрттү Уултай. Оор улутунду. Бардык күчүн жыйып туруп эки капшытын кере дем алып, катуу үшкүрүп жибергенде нечен жылдан берки ичинде сакталып, чел байлап үй тигип, жедеп кычып калган ачуу күйүттүн үйү бузулуп кетип, оозунан оттун илебиндей ысык буу чыкты. Уултайдын өндүрү коолдоп илдетинен ажыраган дартмандай жеңилип, ичи ачыла түштү:
— Кудайга эч арманым жок — сөзүнүн башын ушундай баштады, — мал да болсо Кашка ат, Карагер жоргого ыраазымын. Акыбетими кайтарды. Эмгегимди жеген жок. Мен ал экөө аркылуу ойлогон оюма, тилеген тилегиме, көксөгөн максатыма жеттим. Күйүтүмдү күбүдүм. Бугумду чыгардым. Ал эки аттын байгесин талаган улуктар тойбогонун тойгузуп, жыртыгы болсо бүтөп, жылаңачын болсо кийиндирип алсын. Башыңар аман болсун. Мал табылат. Таякелериңди таяп берген эки атта эмне арманыңар бар, садага кетейиндер. ..
Уултай сөзүн токтотуп, эки жагына күйшөлүп бир аз тынч ала түштү. Суртай чөнтөгүнө кол салып бетаарчысын сууруп чыкты да, учундагы түйүнүн чечип, жылтыраган бир тегерек нерсени Уултайга сунду.
— Энеке? Ушул шакекти өз колуң менен чоң энеңе бер деп таякелерим аманат тапшырышты эле.
Уултай шакекти ала коюп, оң алаканына салып оттун жарыгына тиктеп-тиктеп туруп, эки колун уучтаган бойдон бооруна кысып, эчак оюнан чыгып унут болгон казак тилинде бакырды:
— Ше-шема-у-бу ше-ше-м...
Супатай быйыл жалгыз эмес. Суртай кол арага кирип, атасы менен кошулуп кулак байлап, суу жайып, ала терет. Жайдын ачуу тийген кактама күндөрүнүн биринде Супатай, Суртай экөө этин күнгө каарышып боргулдана тердеп арпа сугарып жүрүшкөн. Алар өстөн алыштан эңкейишти көздөй тик аккан урма кулак сууга чым токтотуп, тогоонду байлай албай убара болуп жатышат. Супатай улам ар жактагы алыштын жээгиндеги кыртыштан казандын оозундай чымдарды кетмендин уңгусуна чейин батыра чаап кучактап көтөрүп келет. Суртай атасы койгон чымды сууга бекем басып токтотуп тура албай, улам суунун шарына жулдуруп жиберет. Ошентип эки жагын карабай суу менен алагды болуп убараланып жаткан Супатай менен Суртай, коштоо аттары бар, маңдайына келип чукул тура калган үч-төрт кишини, качан гана салам бергенде көрүштү.
— Казактар! .. Таякелер! ..
Бул кабар жайлоодогу элге дуу тарады.
Алыстан караганда көмкөргөн көрдөн чыныдай апаппак кырка тигилген боз үйлөр, ошол боз үйлөрдүн тегерегинде байланыштырылган токулгалуу топ-топ аттар, табак көтөрүп меймандарга эт тартып, жүгүрүп жүргөн уландар, кайнаган самоорду бууланта колдошуп бараткан келин-кыздар, бири аттанса бири түшүп жаткан ашка келген эл, көзгө алда кайдан дап-дайын... көрүнүп турат.
Тамаша болчу жерге эл карааны, калың, этектүү чогулду. Байкоодо кечеки ат чабыштан да бүгүнкү жоргонун кызыгы укмуш болчудай. Таң атканча ырчы ырдатып, комуз черттирип, кыяк тарттырып шатыра-шатман салтанат курган «мыктылар» элдин зарыгып күтүп калганы менен иши эмне. Алар качан гана уйкусу кангандан кийин козголуп керилип-чоюлуп кулач жайып, шашпай чайланып, анан келте оорусу бардай ыңгырана ныксырап, түнү бою тепки жеп чыккансып ат үстүндө бүткөн боюн жыя албай шылкыйтып бош таштап, илең-салаң болуп: «барсакпы, барбасакпы» дегендей жигит-жалаңы менен каалгып келип түшүп жатышты.
Эл чогулуп, «улуктар» келгенден кийин кечеки буйрук окуган казак жигит бүгүн да топтон бөлүнүп, баягы дөбөгө атчан бастырып чыкты да, тизгинин жыя тартып тура калып, бешмантынын чөнтөгүнөн бир барак кагаз сууруп чыгып элди карап буйрук окуду:
— Байгеге кошулган, тандалган жорголордун саны сексен беш. Жоргону эки тараптан төрттөн сегиз киши айдайт. Мындан тышкары экиден төрт киши «деген» аттар менен орто жолдон тосуп, жорголор менен кошо келет. Булардын милдети: Кимде ким жоргосун жорголотпой чаап келсе, жолдон кошкон, же түпкө жетпей качкан жорго болсо ошого көз салат.
Ээси тарабынан кылмыш болсо үч жыл набакты, мал-мүлкү казынага алынат.
Казак жигит андан ары жорголордун байгеси эмне экендигин, канча жоргого байге сайылгандыгын, даектерди кимдер кармагандыгын кошо окуй кетти. Казак-кыргыздын ичинде мындан башка кат билгени болбосо керек. Буйрукту дайым эле ушул жигит окучу болду.
Супатай Карагер жоргону өзү минди. Ал жоргосунун өлчөөсүн да, ыгын да жакшы билет. Колуна салмактуураак камчы алып, үстүнө жука бешмант, башына калпагын кийбестен, топу кийди. Жорголор элден бөлүнгөндөн баштап айдалды. Анткени ат айдоочулардын айтууна караганда улуктардын тапшырмасы ошондой көрүнөт. Жорголор менен келаткан экиден төрт киши, ат тизгинин буруп орто жолдо калышты.
Жорголор белгилүү жерге жеткенден кийин, ат айдоочулар аларды катарга тизди да, жапайы канаттуулардын танабын тарткандай шарт эттирип кое беришти. Адегенде үрккөн жылкыдай бири-бирине урунуша кетишти. Андан кийин кимди ким көрсүн, коюу туман уюп тополоңу тоз болуп жер дүңгүрөдү да калды. Көптөн кийин барып алдыңкылары топтон бөлүнүп, желе тарта учкан каркырадай чубалжышты. Карагер жорго каадасынча Супатайды алып учуп тарткан жерден бута атым бөлүндү. Казак-кыргыздын булуң-бурчтарынын далайынан шыпкалып көп жорголор чогулса да, байкоодо Карагер жоргого теңдеш бир да жорго жок көрүнгөнсүйт. Супатай ээрдин үстүнө нык олтуруп, эки үзөңгүнү алдын көздөй учкай тээп, тизгинди жыя кармап, урдургандын үстүнө урдуруп зыркыратып баратат. Бирөө качып, калганы кууган эмедей, артынан жабалактаган калың жоргонун дүбүртү мөндүрдөй дарбыйт...
Алыстан-алыстан, жолдо тосуп турган баягы төрт кишинин карааны майда нокот сыяктуу бүл-бүл көрүндү. Улам жакындаган сайын ошолор экени даана болду. Супатай аларга бат эле жете келди. Ал төртөө да аттын оозун ченебей кое беришип, Карагер жоргонун артынан сая түшүштү. Салган жерден курч аттар жоргого жабыша калды. Барган сайын өксүй беришти.
Супатай казак-кыргыздын чогуусунда Карагер жоргону эл көзүнө көзүктүргүсү келдиби, ошондон марага чейин оозун жыйган жок. Марадагы элдин аягынан «деген» курч аттар менен кууп жоргого куйрук улаш илеше албай коюшту. Эл катуу дуулдады:
— Баракелде!
— Мал болбосоң кое кал...
— Жорго деп ушуну айт!
— Жок. Бул тегин мал эмес — канаттуу жылкы!..
Дуу-дуу басылгандан кийин, баягы Суранчы барып дагы кур келди. Биринчи жоргонун даеги миң кой экенин, аны казак-кыргыздын «улуктары» соогатка талап кеткени угулду.
Тамаша бүттү. Эл тарай баштады. Ат менен жоргонун байгесинен ырымга бир тыйын албай Супатай, Суртайлар бозоруп кайтышты.
* * *
Эл тараары менен Сары талаа өзгөрдү. Мунарык түшүп, ак куюн жүрүп шамалдай баштады. Бирпастын ортосунда тоо-тоонун башын булут чүмкөдү. Бирде үзүлүп, бирде кошулуп тынчы кетти.Түрмөктөлгөн кара булут канатын жайып нөшөрлөп төгүп жиберди. Кечетен берки «улуктар» олтурган дөбөнүн дал өзү да карарып-түнөрүп калды. Ал жерди мөндүр, жамгыр аралаш катуу сел каптап кетти окшойт. Обору кеткен зулумдардын отурган ордунан жийиркенип, Сары талаа өз бетин өзү тазалап жууп жатса керек.
Чагылган жаркылдап, оттугун чагып, куусун тамызды.
Жанагы «улуктар» аттанган дөбөдөн, жалыны алоолонуп, кызарып өрт чыкты. Түйдөктөлө буралган кара кочкул коюу түтүн көкөлөп, жалындын илеби асмандын бооруна жабыша түштү. Сары талаа жууп кетире албаганын шыркырата куйкалан, жалындатып өрттөп жаткан көрүнөт.
* * *
Супатай менен Суртай күндөп-түндөп жүрүп олтурушуп Токмокко келишти. Алар бая күнү казактагы ат чабышка баратып, шаардын чет жакасындагы жапыз салынган боз тамдардын бирине конуп кетишкен. Шаардын ошол казак тарабындагы чоң суу жаккы жээгин дунгандар ээлешкендиктен «дунган көчө» деп аталат. Ошол көчөнүн дал орто ченинде, чатырынын үстүн камыш менен бойролоп жапкан жарашыктуу чакан эки бөлмөлүү татынакай там бар. Малы жок болсо да дубалынын бир жак капталын илгери үмүткө бастырмалап койгон. Оокатка бүйрө, короосунун артында өзүнө тиешелүү үй ордундай жерге сабиз, пияз, калемпир аралаш түркүн жашылчалардын баш-баштарынан калтырбай айдаган Губар деген дунган жигит ушул тамдын ээси. Жанагы жашылчалардын жетилгендерин четинен үзүп, эртели кеч базарга алпарып сатып, аялы экөө эки-үч жаш балдарын багып оокат кылышат. Губар Супатай менен жакшы таанышып, ошол казакка аттанган түнү экөө тең башынан өткөргөн азап-тозокторун,
бечарачылыктарын калтырбай жерине жеткире муңдашып, таңкы тоок чакырганга чейин укташкан эмес. Эртең менен аттанаарда достошуп ажырашкан. «Сиз кайра «өтөөрдө келмей коймоң» — деп Губар какшап калган.Губар бая күндүз ат чабыштан келаткандардан Супатайдын дайынын сураган. Жоргосу да, аты да чыкканын уккан. Ошол замат соодасын таштап, үйүнө чуркап аялына сүйүнчүлөгөн. Базардан он чакты боо беде сатып келип, эчак аттарга даярдап койгон. Губар үй-бүлөсү менен тынчы кетип улам казак тоо жаккы жолду тиктеп жатканда, Супатай уулу экөө анын короосун имерилип дарбазасына жакындай түштү. Губар бала чакасы менен чуркап чыгып досун кубанычтуу тосуп алды.
Супатай менен Губар бул түнү да укташкан жок. Атка көптөн бери урунду болуп жүргөн Суртай башы жаздыкка тиер менен көшүлдү. Супатай төшөк үстүндө чыканактап жатып, уккан-көргөнүн чыпчыргасын коротпой айтып берди. Мындай абал дунгандарда да оор экенин айтып, Губар Супатайдын сөзүн улады. Ал өмүрү өткөнчө аялы менен Илирдин кулу болуп калганын, Илир жыл бою иштетип, акысына тоголок дан, кокон тыйын төлөбөгөндүгүн айтып, сөзүнүн акырында жаш балача бышактап жиберди.
Губардын аялы Фюхер, көрбөгөн аяшы Калыйча белек-бечкек арнап Супатайдын куржунуна салды. Супатай менен Суртай эртең мененки насипти Губардын үй-бүлөсү менен чогуу татышып, камчыларын сүйрөп эшикке чыгышты. Артынан Губар менен Фюхер узатып кошо басышты. Жуп аттанаарда сомодой-сомодой болгон, аттары шайдоот, камчылары өрүмдүү, канга тойгон даңгыттардан бетер уурттары салаңдаган, далдайган-далдайган он чакты жигит ат үстүнөн обдулуп, дубалдын кырынан моюндарын созо: «ушунда экен, ушунда экен» деп кобурашты. Буларды жалт карай салып, бир жамандык жышаанды сезгендей Супатайдын жүрөгү «шуу» дей түштү. Бүткөн бою титиреп, колу-башы калтырап кетти.
Алардын ичинен бирөө өкүм кыйкырды:
— Ой, алдагы эки атты бери жетелеп чык!
Супатай апкаарып калды. Жооп кайтарганга күтүшкөн жок. Короонун каалгасын талкалашты. Губардын илинип араң турган дарбазасы тиги жигиттердин балбан колдоруна туруштук бере албай качырап кыйрады. Баары аттарын жүткүнтө теминип, тепсетип өлтүрчүдөй короого кирип келишти. Эки жигит аттан түшө калып, бирөө Кашка атты, бирөө Карагер жоргону жетеледи. Супатай жүгүрүп барып Карагер жоргонун суулугуна асылды. Губар Кашка атты тизгинден алды. Атчан тургандары Супатайды да, Губарды да өрүмдүү жоон камчылар менен чоку талаштырып басып-басып алышты. Супатайдын төбөсүнөн тебетейи ыргып жаак эти жарылып, башы эки-үч жеринен айрылып, көзүнөн от чагыла түштү. Суртай чыңырган бойдон кулачын жайып бетинен кан шоргологон атасын кучактап жыгылды. Супатайдын колунан тизгин чылбыр чыгып кетти. Көздөрү ымыр-чымыр болуп, жер караңгылай түштү.
Демейде бир боо сабиз талашып «таа» дегенде чогула калчу дунгандар, Губар он жолу «тааласа» да карап туруп бирөө басып келген жок. Алардын да келбегени туура. Тигилер белгилүү Боронбайдын жигиттери. Кокус аларга кол салса, Илир менен Булардын жигиттери Боронбайдын жигиттерине болушат. Бөөдө таяк жешет. Губардын «таасы» талаага кеткен «таа» да.
* * *
Шамшынын бели. Бул атактуу дабан. Кимдер гана ашпады дейсиң. Төрт түлүк малын чубатып санжыргалуу салтанат менен байлар да ашкан дабан. Таманын ташка тилдирип, кар менен музду жыңайлак кечип шыймылчагын какшатып, жилик сөөгүн сыздатып, согончогун канатып мал артынан темтеңдеп малайлар да ашкан дабан. Найза, кылычын жалаңдатып,
тулпарларын бургутуп, кумду эшилте бастырып, ташты омкортуп каздырып, өрүдөн секиртип, ылдыйдан түйүлтүп, нечен-нечен баатырлар да ашкан дабан. Каргаса кар жаап, жалгаса жамгыр жаап, кара бетине алганда жайдын чилдесинде да жол бербей, бороон-чапкын түшүп, булут ойноп, куюн кутуруп, будуң болуп өңгүрөп жатып алмасы бар дабан. Короосу менен койду, үйүрү менен жылкыны, кызыл-тазыл жасалгасы менен көчтү, бойго жеткен нур жүздүү кызды, болуп турган жылдыздуу уулду, капталдан музу чарт этип, көз ирмегенче «шып» дей түшүп көчкүсү басып жок кылган дабан.Мына ушундай көчкүсү жүрүп, тоодон ташы кулап, капчыгайынан суусу үйөрлөп, кар муз аралаштыра агызып, бетине алып турган күнү Супатай баласы экөө жөө-жалаңдап жаралуу кийиктей ээрчишип келатат.
Супатай, Суртайдын Токмоктон чыкканына эки күн болот. Эгер ат менен жүргөндө бул белди кечээ эле ашып кетишмек.
Күн төбөгө келгенде «Карасайды көчкү алган» жылганын аягына келишти. Жолдун оң жаккы жээгиндеги сандык ташка көчүк басып бир аз эс алышты да, куржундун оозун чечип, Губардыкы берген тузу жок момодон, шылдырап аккан мөңгүнүн суусуна ымдап эки-үчтөн жешти. Суртай кечетен бери атасынан калышпай келатат. Ал катуу чарчады. Улам токтогон жерде колу түшкөн кулундай чалкасынан түшүп асманды карап жата калат. Ал азыр да момону кырданып жатып чайнап олтурат:
— Токмокко токтобой, тун катып жүрүп олтурсак болмок, ата?
Супатайдын камчы жеген башы салмактанып, оң жаккы кашынын үстүнөн шүйшүн аралаш чыпылдап аккан суу жарага жабышып, таңылган жука чүпүрөктүн сыртынан сызылып тамчылап турат. Ал өзүнүн кабелтеңинен туруштук берип эрдин кесе тиштеп, тырышып араң басып келатпайбы? Баласынын айрым суроолоруна жооп бербей да калат.
— Кыбырайлы. Тур. Көтөр тиги баштыгыңды. Ал таягыңды. Баары бир алар жолдон да тосмок. Ээн жерде өлтүрүп да коюшмак. Экөөбүз үчүн ким өч алат? Апамбы? Апаңбы? Губардыкынан алганы жакшы болду. Эми алардын бизде атасынын акысы калган жок! Алчусун алды, Мен Боронбайдын кыязын көрүп, казак жеринен эле алат го дегем. Жүр кеттик.
Супатай Карасайды көчкү алган жерден тез өтүп кеткиси келди. Бул жердин сыры белгилүү. Бир күн мурун жаш кар түшүп калса эски карын кошо шилеп көчкү жүрөт. Кечээ кар түшкөн. Бүгүн да дал ошондой болгон турат.
Мындан он чакты жыл мурун ушул жерде кайгылуу окуя болгон. Карасай деген бай Чүйгө мал төлдөтүп көктөп, кайтып Кочкорго келатканда, анын көчүн ушул жерден көчкү баскан. Тигине... Тээтиги капталдагы кашааланган кар жер кыртышы менен «шып» жылып келип ушул коктуну бууп, дөмпөйүп дөбө болуп туруп калган. Анда эмнелер гана жердин алдында калбады дейсиң? Бойго жеткен эки кызы, жаңы үйлөнгөн келин-уулу, бала-бакырасы болуп жыйырмадай киши, атан төө, айгыр аттарга артылган көз тайгылткан дүнүйөсү менен алеки саатта жок болгон.
Супатайдын жүрөгү солкулдап, Суртайды билектен алып, ылдамдап энтелеп шашып өттү. Өтө бергенде кар жарылып чарт этти. Көчкү. Мөңгүгө толуп, кум-таштар кошо жылып, эпкини капчыгайдын аркы бетине серпиле түштү. Кар-кум аралаш коюу куюн чаң тумандай уюду. Тарткылыгы жок байкуштар аман калбадыбы...
Супатайдын бүткөн бою титиреп жүрөгү опкоолжуду. Суртайга коркконун билдирген жок. Артынан көчкүнүн дабышы «шуу» дегенде «Ата-а» деп бакырып, Суртай Супатайдын этегине жабышты.
— Коркпо айланайын. Бул жер. Кудай өзү сактады.
Белге жакындашты. Дабан көрүнүп калды. Бороон.
Борошо аралаштырып кум учуруп, кар бурганактап туу белдин өзүн уюлгутуп боройлото келип уруп турат. Соккон бороон аркы өйүз, берки өйүздөгү жалама зоолордон тайлактын боздогонундай созулган жаңырык үн чыгарат. Үстөкө-босток бороон. Майда кум менен кургак карды аралаштырып асманга ак куюндатып учуруп барып, анан кайра жерге топурак төккөндөй себелейт.
Күнү кечээ ушул белди булар Карагер жорго, Кашка ат менен ашпады беле? Анда бул бороон кайда жүргөн? Ал күнү күн чайыттай ачык болуп, мемиреп жылуу тийбеди беле. Анда аттуу-жөөлүү жолоочулар да үзүлбөй каттап жатпады беле. Кана алардын бири? Бүгүн мындайда...
Туу белге канчалык тырышса да Супатай баласы менен чыга албады. Жол тайгак. Көк жалтаң муз. Белдин өзүнө көтөрмө бою чукулдаганда бороон улуп, кар аралаш борошолор ышкырып келип экөөнү кайра таңылчактай томолотуп учурат. Супатайдын этегинен тартып, Суртай жылдырбайт. Супатай төрт аяктап дагы эмгектеп жылып жөнөйт. Эми бүгүн түнгө калса, бүттү. Супатай, Суртай жок. Аталуу-балалуу экөө эки жерге, төгүлбөгөн уйдун карынындай томпоюшат. Мына бу дуулдап турган бороон кимдин жанын койсун? «Тилсиз жоо» деген ушул. Жалынганыңды билеби? Качан гана Супатай, Суртай экөөнү тоңдургандан кийин күн чайыттай ачылып бороон токтоп, шамал басылаар. Мунусун ким билсин? Эртеси күндүз жору-кузгунга той түшүп капкаяктагысы чогулбайбы? Болбосо түнкүсүн топтошкон бөрүлөр жыт алып, ар кимиси ар кайсы жондордон улуп, бирин-бири чакырышып тарпын калтырбай кийимине чейин тытып-талап кетишеби, ким билет?..
Супатайдын жан тери келип, акыркы кайратын топтоп, төрт аяктап тырмышып, улам эки колдоп тырмактап кар чапчып, Суртайды чыргадай сүйрөп, олтуруп, өлө-тала белге чыкты. Эки бети албырып, кара көк тартып түтөгүп, жүрөгү жарылып кетчүдөй сокту. Туу белге токтошкон жок. Кайра бороон учуруп кетчүдөй чочулашып мас кишидей тампалаңдап, чыкыйга койгондой сендиректей түшүп, белдин берки багытын көздөй эңиштеп жөнөштү. Суртай улам эңкейиштеген сайын атасынан алыстай берди. Качан гана Супатайдын карааны үзүлүп баратканда «ата-а» деп чыйылдап ый аралаш үн чыгарды. Супатай артып жалт карай салды. Суртай телчиккен козудай чайпалып, араңдан зорго аяк шилтеп, атасынын бутун кучактай жыгылды. Узунунан түшүп эчкирип ыйлап жиберди.
— Эмне болду, тегеренейин?
— Бутум...
Супатай шашкалактап баланын буттарын карады. Чокойдун таманы түшүп манчалары кызарып турат. Бала качыраган кар аралаш тоң жерди далайдан бери жыңайлак басып келаткан экен. Эки бутунун беш манчалары менен согончокторун эчак эле үшүк алыптыр. Бармактары барсайып ыйлактанып турат.
Супатай чокоюн сууруп жиберип, баланын эки бутун эки колтугуна, жылаңач этине кысты. Акырында сай-сөөгү какшап, кылгырган көз жашы эки каректин кычыгын айлана тегеренди. Узун кирпиктерин удаа-удаа ирмеп-ирмеп алды эле, жиби үзүлгөн мончоктой жылуу жаш чубурду...
* * *
Калыгул менен Торсо балбан, жорголор келгенден кийин, көпчүлүктө кымкуут, ызы-чуу түшкөн опур-топурдан адашып, Супатай менен Суртайды таппай калышкан. «Алдыда болсо жете барарбыз, артта калса бизди табар» деген ой менен озунуп жүрө беришкен. Алар ошо бойдон Супатайларга жолукпай Кочкорго мурун келишти. Торсо менен Калыгул тигилерди кырсык чалганын кайдан билсин, келээри менен ат үстүнөн түшпөстөн Уултайды сүйүнчүлөштү.
Уултай, келини экөө акмалап жол карайт. Балдары улам кечиккен сайын чый-пыйы чыгып, Шамшынын белинен көздөрүн айрыбайт.
Бир күнү намаз дигер менен намаз шамдын ортосунда артынан ээрчиген эрбеңдеген баласы бар, мойнунда асынган баштык-уштүктүү эки караандын үйүнө жакындап калганын алачыгынын кырчоосуна сүйөнүп олтурган Уултай даана көрдү. Уултай аны Суранчынын айлы тараптан куугунтук жеп, конорго үй таппаган кайырчылар деп ойлоду. Уултайдын көз алдына Карагер жорго, Кашка атты минип алчактата бастырып келаткан Супатай менен Суртайдын элеси келип турган. Эшик төрдөн жакын ээк астына келгенде, алдыңкысы Супатай экенин тааный коюп, ордунан тура калам деп, Уултай эки-үч мүдүрүлүп көмкөрөсүнөн жыгылып кетти. Бери жактан бутун араң шилтөөгө жарап келаткан Супатай, энесин кучактай жыгылды. Калыйча үйдөн жүгүрүп чыгып Суртайды басып калды.
Уултай эсин жыйып, үйдөн чөйчөккө суу куюп чыгып балдарынын башынан имере айландырып ырымдады. Анан баары үйгө кирип коломто тегеректешти. Калыйча отту калап алоолонткон экен. Ала-сала көргөндө эстери чыгат деди окшойт, Супатай башынын жараатын, бетинин айрылганын анчейин үшүккө алдырган өңдөнүп, оттун жарыгынан далдаалап, караңгылаткан болуп, Калыйча менен Уултайдан коомайланып олтурду. Отко жылыган сайын бүткөн бою жибип, энеси тынчын алган суроолорго жооп бере баштады.
Өмүрүндө мындай сүйүнүч бактылуу көп адамдардын турмушунда болгондур, бирок Уултайдыкындай болгон эмес чыгар. Бул Уултай үчүн биринчи сүйүнүч, биринчи бакыт. Уултайдын жүрөгү кабына токтобой, мойнуна чалма түшкөн азоодой түрсүлдөп сокту. Бүткөн бою титиреп, колдору карышты. Жаагынан ылдый жылуу тер суудай агып көл-шал түштү. Ысыганына чыдабай караптап кетти. Келини, балдары чурулдап үстүнө түшө калып, бетине муздак суу чачышты. Уултай көптө барып эс алды. Ал солуктап, өпкөсү көөп уйкусу чала канган жаш балача оозун кере-кере ачып эстеди. Анан акылын топтоп, эсин жыйды. Үй ичи көз ирмемге тынчтана калды. Башында тозулуп бараткан кош бүктөм бөз жоолугунун бир учун жазып, маңдай терин шыпырып, бетин сүрттү. Кайра оңдоп салынып, балдарына бир сыйра көз жүгүрттү Уултай. Оор улутунду. Бардык күчүн жыйып туруп эки капшытын кере дем алып, катуу үшкүрүп жибергенде нечен жылдан берки ичинде сакталып, чел байлап үй тигип, жедеп кычып калган ачуу күйүттүн үйү бузулуп кетип, оозунан оттун илебиндей ысык буу чыкты. Уултайдын өндүрү коолдоп илдетинен ажыраган дартмандай жеңилип, ичи ачыла түштү:
— Кудайга эч арманым жок — сөзүнүн башын ушундай баштады, — мал да болсо Кашка ат, Карагер жоргого ыраазымын. Акыбетими кайтарды. Эмгегимди жеген жок. Мен ал экөө аркылуу ойлогон оюма, тилеген тилегиме, көксөгөн максатыма жеттим. Күйүтүмдү күбүдүм. Бугумду чыгардым. Ал эки аттын байгесин талаган улуктар тойбогонун тойгузуп, жыртыгы болсо бүтөп, жылаңачын болсо кийиндирип алсын. Башыңар аман болсун. Мал табылат. Таякелериңди таяп берген эки атта эмне арманыңар бар, садага кетейиндер. ..
Уултай сөзүн токтотуп, эки жагына күйшөлүп бир аз тынч ала түштү. Суртай чөнтөгүнө кол салып бетаарчысын сууруп чыкты да, учундагы түйүнүн чечип, жылтыраган бир тегерек нерсени Уултайга сунду.
— Энеке? Ушул шакекти өз колуң менен чоң энеңе бер деп таякелерим аманат тапшырышты эле.
Уултай шакекти ала коюп, оң алаканына салып оттун жарыгына тиктеп-тиктеп туруп, эки колун уучтаган бойдон бооруна кысып, эчак оюнан чыгып унут болгон казак тилинде бакырды:
— Ше-шема-у-бу ше-ше-м...
* * *
Малдуулар жайлоого тегиз көчүп, жакада баягы Супатай жатакчы баш болгон үч-төрт түтүн, ар кайсы эски тамдарды маанектешип олтурушат. Эгиндин алды баш алып, жаз жайга айланып, үркөр чыгып айгыр агызчу Кара-Кол, Сөөктүн суусу эчак тартылып, шалбаанын чөбү кара кочкулданып дүүлүгүп калган.Супатай быйыл жалгыз эмес. Суртай кол арага кирип, атасы менен кошулуп кулак байлап, суу жайып, ала терет. Жайдын ачуу тийген кактама күндөрүнүн биринде Супатай, Суртай экөө этин күнгө каарышып боргулдана тердеп арпа сугарып жүрүшкөн. Алар өстөн алыштан эңкейишти көздөй тик аккан урма кулак сууга чым токтотуп, тогоонду байлай албай убара болуп жатышат. Супатай улам ар жактагы алыштын жээгиндеги кыртыштан казандын оозундай чымдарды кетмендин уңгусуна чейин батыра чаап кучактап көтөрүп келет. Суртай атасы койгон чымды сууга бекем басып токтотуп тура албай, улам суунун шарына жулдуруп жиберет. Ошентип эки жагын карабай суу менен алагды болуп убараланып жаткан Супатай менен Суртай, коштоо аттары бар, маңдайына келип чукул тура калган үч-төрт кишини, качан гана салам бергенде көрүштү.
— Казактар! .. Таякелер! ..
* * *
Супатайдын кара алачыгынын түндүк жабуусу үч күндөн бери тартылбайт.
Тегерегинде кыбыраган жан жок. Жадаганда эртели-кеч шырп алдырбай добуш салып турган Ала мойнок кара ити да көрүнбөйт. Үйүнүн тушунан обочороок үйүлгөн эки-үч каптай тезеги турат. Тезектин жанында жамаачылуу шырымал кара таар, түбү жыртык кабырылган эски дагырасы жатат. Үйдүн ичинде казаны менен тулгасынан башка тиш чукуур калбаптыр.
Бул кабар жайлоодогу элге дуу тарады.
#16 24 December 2015 - 07:53
КЕР КАШКА АТ
Жайда келген Апар, жазда кете турган болду. Төркүлөп келген кызы кайтаарына чукулдап калган кезде Кубаттын тынчы кете баштады. Элде болгон жоргонун жоргосун, күлүктүн күлүгүн тандатып, Апар жактыргандын бирин койбой алдырып келди. Мунун баары Апарды жөнөтүүнүн камы болчу.
Бир күнү эртең менен айылдын ак сакал, көк сакалдары Кубаттын үйүнүн жанындагы дөбөчөгө чогулушту. Бул чогулуу жаңылык эмес, ар күнү ушундай адат болуп калган. Ошол дөбөдөгү эл тарамайын, Апар атасынын жанынан козголчу эмес. Апарга эрөөн жок. Ал эркек катары сүйлөйт, эркек катары басат. Сөзү түз болсо да түз, кыйшык болсо да түз. Анткени, солтонун атактуу манабы Баеттин аялы, Кочкордун зөөкүр манабы Кубаттын кызы — Апар...
Олтургандардын кобуру басыла түшкөндө Кубат ордунан күйшөлүп Апарды карады да, кайра аркы өйүз тарапка жүзүн буруп, маңдайкы Жантели байдын айылын тиктеди. Анан:
— Тээтиги өйүзгө Жантели бай менен сен ага-ининин баласысың, — Кубат көзүн он колтугунда олтурган Апарга жүгүрттү, — Куттуксеит атаңдын балдарынын улуусу ошол Жантели. Миң жылкысы бар. Бай. Төркүлөп келген кыз кетээринде төркүндөрүнүн баары менен коштошуп кетет. Бүгүн жигит-жалаңыңды ээрчитип ошол Жантели агаңкына бар. Жайы келсе кондуруп калаар. Ыгына жараша бол.
Апар атасынын сөзүнө уюду.
Жазга жуук Кара-Кужурдун берки өйүзүндөгү Кашка-Сууда Кубат уулунун, аркы бетиндеги шилбилүү колотто Жантели баш болгон Куттуксеит уулунун айылы олтурчу. Апар ошол күнү эрте бешимде жолдоштору менен Жантели байдыкына келип түштү. Кайсы гана төркүнү болбосун Апарды кожодой колдоп, ат үстүнөн көтөрүп алып түшүрүп, көтөрүп атказып турушту. Ким-кимисинен Апар кур чыккан жок. Каалаган күлүк жоргосун минип, көзү түшкөн асылын кийип жатты. Мына Жантели да Апарды узатаар алдында жылкычыларын чакырып буйрук кылды:
— Кыздын төркүндөн кур кеткени болбойт. Жылкыны аралап ичинен тандап туруп Апарга болбой кеткен бир жакшы бээ кармап бергиле, жетелеп кетсин.
Ошол замат колдун учу жеткис, жалы жерге тийген, тишке токтоп калган сары тору бээ даяр болду. Апарлар айылдан бир топ узаганча жыртылган кементайдай, жонундагы даакысын самсаалаткан эркек кер кашка тайды Жантели таш короого каматып койду. Бул тай сары тору бээнин кысыр эмдиси эле. Кер кашка тай короого жалгыз токтободу. Энесинин карааны үзүлгөнчө жаны-маны калбай тыбырчылады. Чыңыргандын үстүнө чыңырып, кишинегендин үстүнө кишинеп жатты. Анан чыдай албай тегерек тарткан таш короонун айланасын чимириктей чимирилип, тегерене чуркады. Бир кезде короонун төрүнөн эңкейиш жагын көздөй күүлөнүп келип, типтик түйүлдү. Бийик кармаган таш короонун кырына буттары илинбей алда кайда аша секирди да, элеси бүл-бүл көрүнгөн энесинин артынан чымын-куюн болуп, жер каймактап учкан турумтайдай сызгандан сызып, зыпылдагандан зыпылдады. Акыры ыргыткан таштай зуулдаган боюнча энесине барып бир тийди.
Кер кашка тай качканда Жантели байдын жылкычылары аттарынын күлүктүгүнө чиренишип, анын артынан соелонто чөлө коюшкан. Деле кой... Жетип алчудан бетер... Тайдын жакындатпасына көзү жеткен Жантели алыстап бара жаткан куугунчуларды ителги салган эмедей үстөккө-босток айкырып, өкүрүп-кыйкырып, тебетейин колуна алып далбаадай булгалап жатып чакырып алды. Куугунчулар тоо таянган бөрүдөн өксүгөндөй самсаалап кайра тартышты. Алкынган семиз айгырлардын соорулары саамал куюп чайкаган чаначтай тарс жарылып кетчүдөй дындыят. Омуроосунан тартып туягынын кундузуна чейин чамбыл-ала тер. Буркулдаган ак көбүк. Жогортон төмөн тоголонуп мөлт-мөлт, тып-тып тамган тамчы суулар. Устанын кол көөрүгүнө окшоп аттардын эки капшыттары бирде дардайып көөп, бирде бастыга түшөт. Кош таноолор дердең-дердең, күш-быш, куш-быш. Кымызга тойгон жылкычылардын баштарынан жөө тумандай ымшып көк буу булоолонот. Жантели бой үрккөн аркардай болуп алдына чогула калган жылкычыларын жай-жайына таратты: — Жөн койгула!.. Бир тай экен!.. Кетсе кетсин!..
II
Апар келгендин эртеси Бает Шергазыны алдырды. Эшиктин алдындагы тартылган кермеде кирдүү кол менен сылагыс жыйырмадан ашык нечен сонун жорго-күлүктөр зымга конгон чабалекейдей тизилип турду. Бает желбегейленип ошол тарапты бет алганда, эшик үйдө жүргөн элдин бири да калбай Шергазы экөөнүн айланасына топтолушту. Жок... Ал Баетке кызыгып анын дөөлөтү менен салтанатына таңыркашпады.
Элдин көзү саяпкерден өтүп кетти. Анын оозунан кандай илеп чыгаарын күтүп турушту. Бает желбегей чапандын ичинен эки карчытын эки колдон таянып, чыканактарын уркуйтуп, кермедеги жайдакталган аттарды карап ээгин көтөрдү:
— Кана, Шергазы... мына бул тизилип тургандар Апар жеңеңдин төркүндөрүнөн келген күлүк-жорголор экен. Баарын бирден талдап чыкчы, ичинде керекке жарачусу барбы?
Шергазы аттарга бир сыйра көз жүгүртүмүш болду. Анан бурулуп Баетти карады:
— Таксыр?! Бул турган аттарды жана сиздин үстүңүздө кирээрдин алдында эле көргөм.
— И... Бар бекен бирдемеси???
— Бар. Бирөө гана.
«Кайсы болду экен?» дегенсип элдин баары жапырт Шергазынын оозун тиктеп калышты. Шергазы колтугун кере оң колун алдыга созуп, керменин эң аяк жагына байланган чоң жал сары тору бээнин жанында бош турган мотурайган Кер кашка тайды көргөздү. Баеттин чеке териси кош кабаттанып, жыйылган жүктөй бүктөлө түштү. Бул каардангандагы белгиси эле. Анын сырын билген эл жымжырт боло калды. Көптө барып анан кекээрлүү сүйлөдү:
— Мунун эмнесине мени кызыктырып жатасың? — Бает көзүн жүлжүйтүп, кирпигинин арасынан араң жылтыратып Кер кашка тайды тиктеди. Шергазы ишеничтүү жооп кайтарды:
— Мээ жок күлүк, таксыр!
— Күлүк болсо сен алып кет! — Бает бурулуп басып кетти. Кайра артына кылчайды да — бул сөзүмдү эсинен чыгарбай көңүлүнө түйүп кой, сынчым?!. Кокус күлүк болбой калса, башыңды айырбаштаганың! Аттын ээси мен?!. Тапчы сен бол!..
Бает: «Тиги нечен сонун аттар турса мени шылдың кылгансып мунун жактырганы даакысы түшө элек тай» дегендей кабаарыды.
Чогулган элдин баары сынчыны аягандай ичиркене түштү. Анан төбөгө союл тийгендей сендиректешип туш-тушка тарашты. «Кокус күлүк болбой калса башыңды айырбаштаганың! » — ага жеткирип койчу сөз да.
Шергазы Кер кашка тайды ээгинен чалып үйүнө кайтты. Сынчынын жүзүнө коркуунун, жүрөксүп апкаруунун жышааны кирген жок. Анын ордуна жакшылыктын, чоң ишеничтин, сүйүнүчтүн элестери көз алдынан өткөнсүп турду. Кер кашка тай колго тийгенде калтар алган барчындай жымырайып, эки бети тамылжып, кызара түштү.
Сыягы бул кубанычтын, өзүнө-өзү бекем ишенгендиктин белгиси болсо керек.
* * *
Кер кашка тайдын даңкы кунанынан башталды. Кыраан ылаачын таасын мүнүшкөрдүн колуна уядан учаары менен тийгендей, Кер кашка тай да кылдат саяпкердин колуна ооз жармасында тийди. Аягы Талас, башы Сары өзөн Чүй, өйүзгү Казак жергесинде болгон атактуу аш-тойлордо Кер кашка ат чабылбай калбады. Ошонун баарында биринчиликти берген жок. Көл айланып да чабылды. Алдына жылкы салбады. Баеттин мурунку даңкы да аз эмес эле. Анын үстүнө Кер кашка аттын дүбүртү кошулду.— Баеттин Кер кашка аты!.. Баеттин Кер кашка аты!..»
Бул сөз узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жете кетти. Алакандай кыргыз мындай турсун, аркы өйүздөгү этектүү казак элине бүт жайылды. Ал эми Кер кашка атты Кер кашка ат кылган саяпкер — Шергазы жөнүндө анчалык сез козголгон жок.
Арадан арбын жылдар зуулдап өтүп жатты. Кер кашка ат малды санга, сандыкты пулга толтурду. Баеттин байлыгы ачып-кычып, түтөгөндүн үстүнө түтөп жүрүп олтурду. Бирок Шергазынын төбөсүнөн үкүсү чыккан жапма тебетейи менен, эскилиги жеткен кара таар тепме чепкени үстүнөн түшкөн жок. Кер кашка атты кунанынан бери чапкан Рысаалынын да этеги узарып чекеси тердебеди. Кулдураган жаргак шымы чаптап койгондой жамбашына жабышып, как ээрде көчүгү такылдап жан этин жеп жүрдү.
— Ай опасыз дүйнө, жалгыз эле Баеттин маңдайына бүттүң беле, Шергазы менен Рысаалы жакты бир кылчайып карап койсоң боло?!
III
Ак-Сай. Адырдан-адыр, белден бел өрдөгөн сайын өрөөнү түгөнбөйт. Китептин барагындай коктуларынын көбүчү. Биринен-бирин ажыратып болбойт. Окшош. Учу-кыйрына көздүн кубаты жеткис. Башы тээ-тээтиги Акбайтал, Кең-Суу, Жылдыз көлдөн башталып олтуруп, аягы Арпага чейин созулат. Айланасы кол менен жасалгансып Ала-Тоо менен кырдалган. Аркы өйүз, берки болуп беттешкен өндүрдүн өрүшүнө бүт кыргыздын малы чогулса чайкооруна келе турган жер эмес. Айланайын, биздин ата-бабалар! .. Кандай гана сонун жерлерди мураска калтырышкан бизге?!
Дал ушул Ак-Сайда өткөн тарыхый окуялардын бирин бабаларыбыздан кандай уксак дал ошондой кагаз бетине түшүрүү колубуздан келээр бекен?!.
Ак-Сайдын суусу Какшаалды бет алып бурулган жерде чатыр таштын өндүрү башталат. Ошол өндүрдүн этек жагын кыркып дагы бир кашка суу агып түшөт. Бул суу да Ак-Сайдын суусуна куят. Чатыр таштын күн батыш тарабы жанагы Кашка суунун жээги түзөң келет. Эзелден берки эски конуштар. Кара кыягы белден. Калың жеринен тайлар адашат. Ошол килемдей кулпунган көк шибердеги жууркандай жумшак түздөргө бир жумадан бери манаттай апаппак боз үйлөр чоң чыныдай көмкөрүлүп жабыла тигилди да алар кийиздин бетине калчаган упайдын чүкөсүндөй жайнап кетти. Боз үй дегендин кайдан келип, кайдан койгонун жан билбейт. Айтор, Кашка-суунун жээгиндеги чатыр таштын өндүрүнө караган тектир-тектир иек конуштар боз үйгө шыгырап жыш толду да калды.
Суу жээктей катар-катар кемеге казылып, саны жүзгө жеткенде токтоду. Жүз казан асылып, жүз бөлөк түтүн чыкты. Кимдин жылкысы болбосун колго урунуп, колго илинсе суроо-сопкуту жок айдалып келип, анын күлүк жоргосун бооз-кысырын, жаш-карысын ылгабай семизин тандап, жоо малындай жара тарттырып кемеге башына бирден-экиден жардырып жиберишти. Бул Ат-Башыдагы Черик «Ажыке баатырдын» ашынын башталышы болду.
Ажыке басып кирген душмандын белин сындырып, өрт аралап кан кечип, жоонун мизин кайтарып, туусун кулаткан, журт намысы үчүн салгылашып, журт сактап, эл коргогон баатырдан эмес болчу. Ал жети атасынан бери жергиликтүү элдин жилкинин соолутуп, канын соруп, баш көтөргөнүнүн башын түбүнөн таарый кесип, кедей-кембагал, жетим-жесир, бей-бечеранын каарына калган канкор «баатырлардан» болчу. Мына ошол Ажыке канкордун ашы дагы калктын тынчын алып, журтту кана-шала түшүрүп, элге ызы-чуу бүлүк салуу менен бериле турган болду.
Ажыкенин ашын иниси Турдуке бийледи. Ар жагы Үч Турпан, Үрүмчү, Кашкар, быягы Кочкор, Жумгал, Көл айланасындагы жумурай журттан бери чакырылды. Тиги чатыр таштагы кумурсканын уюгундай кайнаган эл, тээтиги суунун жээгиндеги катар казылган жүз кемеге, андан булаган түтүн, союлган мал ошол «Ажыке баатырдын» ашынын дүрбөлөңү.
Биринчи аттын байгесине 500 жээрде кашка бээ, жүз төө, жүз соот, жүз чопкут чектелди. Мунун баары элден кылычтын мизи, найзанын учу менен чогулган. Калган байгелер да ошого тете. Турдуке баш байгеге сайылуучу малды өзү жактырып, өзү көрүп, өз көз алдынан чубуртуп өткөрүп алып жатты. Жанынан күйүп жаткансып эки өркөчтүн биринин эле учуучу кыңыр болуп калган төөнүн мойногун кылыч менен кесе чаап, алып келген ээсин токмоктотуп кайра жөнөтүп турду. Эл кыйналды. Калк казына эмеспи?!. Акыры Турдукенин оюндагысындай болуп аттардын байгеси толукталды.
Туш-туштан убап-чубап көпчүлүк агылып келе баштады, Чоң байге башталганча кемегесине атап, ат сыноо жарыштары боло берди. Бул мурдагыдан берки ата салт болуп калган нарк. Мында да дал ошо салт колдонулду. Кемеге байгесине арнап отуз чобур сайылып, ат чабылды. Бул ашка кең Чүйдөн Баеттин Кер кашка аты да келди. Кер кашка ат менен Баеттин уулу Байзак баш болуп ондон ашык солто келген. Ичинде Айманбай акын, Кочкордон кошулган Шапак манасчы бар. Кемеге жарышына Кер кашка атты да кошуп жиберишти. Ат алда кайда чыгып келди. Солтолор отуз чобурду үркөрдөй топтоп астына салып айдап алышты.
Чатак кемеге байгеден башталды. Чырды Турдуке өзү чыгарды:
— Солтону конок албайм. Анткени солтого кабар берген эмесмин. Солто тек гана саламчы, кудайы конок. Келди койду деп капарыбызга да келбейт. Боло турган чоң чабышка атын кошобуз деп ойлобосун солтолор! Бүгүнкү отуз чобурду олжо кылып, жөн гана жолуна түшсүн.
Солтолор айласы кетти. Турдуке конок албаган соң илик кууп, сөөк-тамыр уулап баш калкалар жай издеп калышты. Канча кылса да Апардын төркүнү эмеспи? Чериктер кубалаган менен Болот бийдин тукуму кубалайт беле, солтолор Кабаныкына келип түштү.
Каба да ошол жылы Ак-Сайды жайлаган. Сексенден ашып, күүдөн-күчтөн тайып, бийлик баласы Тарачка өтүп, эки жакка чыгып эл аралап бастыра албай чөгүп калган Каба.
Кабанын балдары солтолорду урмат менен тосуп алып, аземдеп конок кылды. Бул түнү кайсы гана үйдө болбосун Кер кашка аттын бүгүнкү чуркаганы жөнүндө дуу-дуу болуп жатты. Ар жерден күлүк таптап келген саяпкерлердин тынчы кетти. Жин тийип илээшкени бардан бетер, отурса да, тээ алда кайда, аттарынын жанында жалгыз жүргөн жеринде деле күңгүрөнүп өзүлөрүнчө кобурап жүргөн саяпкерлер: «Кер кашка ат», «Шергазы», «бул ат жан койбойт», «Менин атым кантээр экен?», «Чыкканына ыраазы элем, байгеге илинээр бекен?».
Конокторунун алдында Каба күрпүлдөп олтурду:
— Атты чаптырбайт деген эмне? Ал ким экен күлүктүн таалайын кесе турган. Тээ нарытан бери ата-бабабыздан калган салт бар, күлүктүн таалайын кескен адам оңолбойт! Түбүнө, укум-тукумуна зак кетет! Чаптырбай жаткан Турдукеби?
— Ооба, ооба...
— Атаа, жаман Турдуке! Кудай гана бардыр, а! Кечээ мен атка минип турганда ошо Турдуке качан киши эле!.. Ал түгүл бүткүл Черик сөзүмдү эки дечү эмес. Баары сыйлачу. Эми жаман Турдуке мал-жанга ээ болуп, ат чаап, аш бийлегенге жарап калган экен го!.. Ал Ажыкенин ашын биздин балдардын бирөө бийлейт. Атыңарды чаба бергиле!
Кабанын бул сөзү солтолордун сересин көтөрүп таштады. Кубандырды. Солтолордун көңүлү жайланды. Солтолор шагдан боло түштү. Бир ооздон Кабага ыраазычылыгын билдирип жиберишти.
— Ат чаппасак да бул сөзүңүзгө ыраазыбыз «баатыр!», — Каба ансайын бакырып чамынды:
— Чаптырам. Чаптырбай турган Турдукенин шайы жок, — Кабанын сөзү ошол түнү Турдукеге октой тийди. Турдуке башынан жыккан суудай шалк дей түштү. Канча кылган менен Сегизбектин тукуму биригип кетсе жоондук кылат. Анын үстүнө черик ынтымагы жок, аз эл. Күш-күшкө келгенде көбү Ниязбектин тукумуна кирип кетет. Жалаң ушул ашта элинин бирдиги жогунан Турдуке өзүнүн керт башынын өлөрмандыгына салып, көбүн зордукка айландырып жатып аштын аяк-башын бүтөдү. Жалпы элдин бийлиги Болоттун тукумунда экенине Турдукенин көзү жетип турат. Алардын кыжыры келсе ашты таратып, малды талатып жиберүүгө да күчү жетет. Кабанын колунан эмне келбейт? Ал күүдөн-күчтөн калып калды деген менен бала-бакырасы, ага-иниси күчтүү. Каба бакырып жатып алса анын сөзүн кыйчусу ким? Баары кыйбайт, баары Кабаны сыйлайт.
Турдуке көпкө ойлонуп жатып акыл тапты. Акылын эстүү-баштуу ага-тууган, дос-тамырына сындатып көрдү. Алар жактырышты. Турдукенин акылы боюнча эртеси күнү мына бул иштер иштелди:
Чоро Ниязбектин Сегизбегинин бир беги — Рыскулбектин уулу Кайдуудан. Чоронун даңкы жалаң Ат-Башы эмес, жалпы сарбагыштын жонуна белгилүү. Мартабасы ашып. зоболосу көтөрүлгөн адам. Бул ашта Чоро менен Кабанын ортосуң ажыратып таштаса Турдуке адам. Бул ашта Чоро менен Кабанын ортосун ажыратып таштаса Турдуке өз ою менен болот. Ашты өзү башкарат. Анда Турдукенин айтканы айткан, дегени деген. Кер кашка ат чабышка кошулбайт. Эгер Чоро Кабадан чыга албаса, анда Кер кашка ат чабылды дей бер. Башта баарын өзүм билем деп көгөрүп жаткан Турдуке айласы кеткенде Чорону атайылап чакыртып, акылга алды.
Турдуке Чорону элден ээн, окчун бөлүп барып, эки колун бооруна алып, Чоронун маңдайына малдаш токунуп бөк түшүп отурду. Чоро эки бутун сунуп чыканактап, жаагын таянып оң жамбашы менен шиберге кырданып жатып алды. Сөздү адегенде Турдуке баштады.
— Чоро баатыр, айла кетти. Солтодон Баеттин Кер кашка аты келиптир. Кемегесинде бир атка да сыйпатпай алда кайда чыкты. Кер кашка аттын чуркаганы шумдук. Ат-Башы, Нарындын атактуу күлүктөрү Кер кашка аттын дүбүртүнөн сүрдөдүбү, бирөө да ага жакындап секире албады. Эртеңки баш байгени да солто алчудай: «Атыңарды чаптырбайм, солтого кабар берген эмеспиз» деп шылтоо кылсам, тиги алжыган агаң (Каба Чоро менен ага ининин баласы) күчкө салып чаптыра турган болду. Мунун жайын кандай кылабыз?!. Алакандай Черик уучуңузда, эмне кылам десеңиз кыласыз. Эрк сизде. Байгени элдин жонунан күч менен чогултканды көрүп турасыз. Ашка союлган согумунан берки сарпталчу чыгым да элден түшкөн. Бул эмгегим талаалап, солтонун олжосуна түшүп кетмек болду. Солтого болгончо сизге кетсин. Акылын өзүңүз табыңыз. Менин башыман акыл качып, апкаарып калдым.
Чоро Кокондуктарды туурап сөзүнүн аягын чалып кетчү. Ал ошол кырданган калыбынан козголбой саал чукуранган болду да, Турдукени тиктеп-тиктеп туруп, көптөн кийин жооп берди:
— Каба чаптырам десе иш чатак күү?!. — Турдуке Чоронун кейпин биле коюп бешмантынын чөнтөгүнө кол салды. Ак бетаарчыга оролгон 500 сом акчаны сууруп алып, Чоронун алдына ошол түрмөгү менен оролгон бойдон таштады.
— Мына баатыр, ушуга чай ичип коюңуз. Мейлиниз Кабага бересизби, мейлиңиз өзүңүз аласызбы, иши кылып Кер кашка атты чоң чабышка коштурбаңыз. Беш жүз сом.
Чоро беш жүз сомду жымырды. Чоронун «бок тамак» экенин Турдуке жеринен билчү. Жанбашы ысып бараткан Чоро оолжуп сүйлөдү:
— Чаптырмаймыз күү! Кабанын колунан Солтонун атын чаптырыш келмейди күү!.. Андай иш Чоронун колунан келеди күү!
Турдуке Чоронун оозунан бул сөз чыгаары менен мойнун артына буруп, аркы топто отурган чериктердин мыктыларынын атын атап кол булгап койду. Алар улам бирден эл арасынан бириндеп суурулуп чубаша басып Чоро, Турдукелердин катарына кошулуп тегеректей келип олтурушту. Чоро кырданган жагынан козголбой башын буруп, Турдуке баш болгон чериктердин мыктыларын көз жүгүртүп сыдыра карап койду. Турдуке Чоронун убадасын аларга түшүндүрдү, даңазалуу бектердин өңдөрүнө кызыл кирди. Турдуке белден туз алгандай дандая түштү. Чоро жөнүндө көз көрүнөө мактоо сөздөр айтылып, кошоматчылардын күнү тууду. «Чоң ишке жарадымбы?» дегенсип тиги келген туугандарына Турдуке куу алган куштай жонун көрсөтүп жылмайып койду.
Бул сөз да солтолор жаткан Кабанын үйүнө шак дей түштү. Каба угаары менен бакырды. Ал Турдукени таштап жиберип отурган ордунан обдула Чорого жулунду.
— Атаңдын гана көрү маңчынын уулу десе!! Чоронун атасы Кайдуу насвай тартчу экен. Эр болсо Кер кашка атты чаптырбай көрсүн! Эртең же ал өлөт, же мен өлөм. Солто чаппайт атты, мен чабам. Маңчынын уулунун кандай акысы бар экен!!! Ал жеген парасын билсин?!. Бок тамак ит!!.
Каба көбүрүп-жабырганда солтолор кубанып калды.
Кабанын уулу Тарач, Чоронун бетине жазганбай чыгып жүргөн Сегизбек тукумунун бирден бир мыктысы. Колу жетиштүү, жигит жалаңдуу. Тарач атасынын сөзүн кубаттап билеги жоон, камчысы өрүмдүү, аты-тону шайма-шайынан иргеп ошол түнү жүз жигит камдады. Жигиттерге буйрук катуу болду:
— Эгерде Чоро эртеңки чоң чабышта Кер кашка атты күлүктөргө коштурбаса, дал ошол аш үстүндө чыр чыгарып, Чоро менен бир жаңсыл болобуз. Анын атасы Кайдуу болсо, менин атам Каба. Атасынан атам, энесинен энем кем эмес. Качаңкыга чейин Чорого бийлетебиз. Биринчи мен кол салам. Анан силер Чорону да, Турдукени да керип кеткиле?!. Ал Маңгинин уулун түмөндөгөн элдин чок ортосунда башын түбүнөн такай кесип, ашын Ажыкеники менен кошо берем. Мени бул сегиздин ичинен кой дей турган ким экен?!. Ай дей турган ким экен?!
Тарач катуу ызырынып калды. Анын мындан мурда Чорого «Сени сага» деп жүргөн, киндикке түйүлүү «ики» си бар болчу. Кыязын келтире албай ыңгайлуу учурду орустама күткөндөй эңсеп күтүп жүргөн. Мына бүгүн кыязы келди. «Ажыкенин ашы — Кер кашка аттын чыры».
Тең тууган жаман эмеспи. Ортого бузук араласа бирин-бири өлтүрүүдөн кайра тартпайт. Анын үстүнө жалпы Сегизбектин жонунан Чоро билген менен, ичинде Каба тукуму үстөмдүк кылат. Чоро булардан катуу сезденчү.
Бул кабар да Турдуке менен Чорого жаакка чапкандай шак дей түштү. Суук кабардын илеби мүргүтүп таштады. Кирген суудай ташкындап турган Турдуке, Чоро башынан аңдаган өстөндөй тартыла түштү. Чоро Турдуке баш болгон чериктин мыктыларын элден оолак бөлүп алып, мына бул акылды айтты:
— Каба тукумуна жин тийип калган көрүнөдү күү! Ажыке баатырдын ашын чыр-чатагы жок тынч өткөрөлү. Кер кашка атты кошсо кошсун. Мыкты курч аттарды тандап мингизип он азаматка жолдон тостурабыз. Колдорунда каскак, коюндарында солонгон таштан болсун. Кер кашка ат биринчи болуп чыгып келатса капталынан качырып атты да, аттын үстүндөгү баланы да сайып өлтүрүшсүн, Солтого бир аттын пулун, бир баланын кунун төлөп кутуламыс күү!!!
Чоронун бул акылын чериктин мыктылары кабыл алды. Он ат, он жигит керектүү курал жабдыгы менен ошол түнү даяр болду.
* * *
Күн көтөрүлө бергенде аттар чубатуудан өтө баштады. Кер кашка ат менен күлүктүн саны тупа-туура жүз болчу. Кечээки Чоронун акылы солтолорго аткан октон тез жеткен. Солтолор мергендин жытын алган топ кийиктей үрпөң-үрпөң болушуп, бир орунда тура алышпады. Алар өзүнчө көпчүлүктөн окчун бөлүнүп чыгышты. Анан арасынан бирөө чаап чыгып, чубатууда бара жаткан Кер кашка атты алып келди. Рысалыга алдыда боло турган коркунучтун илебин толук түшүндүрүштү.
Рысалы ээрдин үстүндө өбөктөп бир аз ойлоно түштү да, анан башын өйдө көтөрүп жолдошторуна чечкиндүү сүйлөдү:— Силер мага уруксат бергиле?!.
— Кой айланайын бөөдө өлүм болосуң?
— Атың да өлөт, өзүң да өлөсүң! — Рысалы көшөрүп жатып алды:
— Өлсөм убалым өзүмө, Алдымда мингеним Кер кашка ат болсо, көп жыл бою мен мунун үстүндө чоңойсом. Ок менен атса айла жок. Болбосо оңой менен мен алардын найзасынын учун жакындатпайм.
Солтолор дүүдүрөңдөп жандана түштү. Баланын демөөрү алардын көңүлүн асмандатып, күчөп күйгөн өрттөй алоолонтуп жиберди:
— Бар тобокел!
— Бар тобокел!
— Азирети кызыр колдосун! ..
— Солтонун — Богорстондун арбагы колдосун! ..
Рысалы бура тартып чөлө койду. Канатын куушурган ителгидей сызып, алда кайда узап кеткен күлүктөрдү көз ирмемде кууп жетип, арасына сиңип кетти.
#17 24 December 2015 - 07:58
* * *
Масеилдин бели. Бул канчалык алыс жер дейсиң? Чатыр күндүн батышын бет алып жүрүп олтуруп, Ак-Сай түгөнүп, Арпа түгөнүп, анан Масеилдин тоосу башталат.Эртең менен айдалган аттар түш оой араң Масеилдин белине жетти. Аттарды белдин берки торпусунун түбүнө такап барып кое берүүгө бүтүм болгон. Ал түгүл бир күн мурун бул жерге калыс кишилер да жиберилген. Алар дал ошол жерге жеткен күлүктөрдүн бирин калтырбай каттап, чоттоп чыгышты. Ал чапкан балдардын колуна болуштун мөөрү басылган келди-кетти белгиси бар, кагаз берилүүгө чейин сүйлөшүлгөн. Бул иш башынан бышкан иш. Муну жалаң күлүк ээлери эмес, ашка келген элдин баары билет.
Күлүктөр Масеилдин белине келгенде алардын алдынан топтошуп он чакты адам чыкты, жанагы күтүп жаткан калыстар ушулар. Алар аттарды жайдактатып бетеге чалдырышты. Ээр токумдарын оңдоп токушту. Келген күлүктөрдүн бири калбай тизмеге алынды. Балдардын колуна куш тилиндей белгилүү кагаздар да берилди. Анан күлүктөрдү жыйырмадан беш топко бөлүп катар койду. Бир аздан соң «оомийин» айтылды. Күлүктөр үрккөн кийиктей дабырады. Бир да ат көрүнбөдү. Артынан тумандаган гана чаң көрүндү.
* * *
Тигине. Тээ-тетиги созолонгон чаңды карачы? Дал ушул арпанын түштүк жаккы кылаасы менен кел айланган сыяктуу тоо этектеп жээктей салып, биринен-бири өтүп калың күлүк келатат. Жедеп күлүк чаап маш болгон балдар ат үстүнө камчы урат, капырай шумдук?!!
Куш үстүндө бараткандай шуулдайт. Ат үстүнөн учуп кетпегенин кара? Буларды ээрге жабыштырып чыраштап таштаганбы?
..«Кер кашка ат тарткан жерден чыгат. Арпаны ортолоп келгенче алдына жылкы салбайт. Бирок артынан Ысмайылдын кызыл аты жете келет. Кызыл ат Турдукенин аты. Аны Чериктин саяпкери Ысмайыл таптаган. Арпа менен Аксайдын кошулган өндүрүндөгү өргө жармашканда кызыл ат байкуш Кер кашка аттан өксүп-өксүп кала берет. Чалыш эмеспи. Анткени чалыштын алдынкы буттары узун болот. Чалыш ургундай ылдыйда катуу чуркап, өрүдө өксүйт. Белине күч келет. Себеби: алдыңкы эки бут бийиктеп, салмак артка тартылат. А Кер кашка ат болсо телегейи тегиз келген жылкы, өйдө-ылдыйы бир, ылгабайт. Күлүктүгү төрт аягында тең бар.
Кызыл аттан узагандан кийин сени какшаалдын Кара Бозу шаштырат. Кара Боз Ак-Сайдын өрүндө сени басып өтөт. Өтсө өтө берсин. Сен тизгиниңди жыя тартып, Кара Боздун оюна кой. Эшик-төрдөн алыс узабай куйрук улаш жүрүп отур. Кер кашка аттан узайм менен койгулакка алып, камчы үстүнө камчы урат. Кара Боздун күчү кетет. Аны сенден мурун Кер кашка ат да билет. Бир калыпта жүгүрүп олтурат. Үч аркардын тумшугундагы имерилиштен өткөндө Кара Бозду тер басат. Төрт буту төрт жакка тайрактап, куйругун булгалаган бойдон дал ошол жерде калат. Бир келсе артыңан удаа Бугунун тору айгыры келет».
Ат чубатуудан мурун эле Шергазы бул сөздөрдүн баарын Рысалынын кулагына куюп койгон. Рысалы Шергазынын баштагы билгичтигинен да дал ушунусуна ыраазы болду. Ал ат үстүндө келатып ичинен сүйлөндү:
— Капырай!.. Шекен эмне деген адам?!. Айтып берчүсү бар, олуя!..
* * *
Үч аркардын тумшугунан өтө бергенде эки жагынан кууш жар кыскан тар кысык бар. Андан айланып өтүүгө болбойт. Жол жок. Дал ошол кысыктын ортосун тилип өткөн жалгыз аяк жол. Бул жерден аттар бирден чубайт. Эки ат катар өтө албайт. Ошол тар жолго жакындаганда Рысалынын жүрөгү опкоолжуй түштү. Аркы өйүз, берки өйүз болуп колдоруна найза алып шымдактай тизилип турган бештен он кишини көрдү. Алардан айлана чаап өтүп кетүүгө ошолордун ортосундагы жалгыз аяк бир тилим көктөй болгон тасма жолдон башка ачык жер жок.Тар, өтө кууш. Эки жагы капчыгай. Кысылыш. Жан алгычтай он киши шымаланып билектерин чыканагынан өткөзө карысына чейин түрүнгөн, найзаларынын сабына түкүрүнүп маңдай тескей бири-бирин тиктешет. Ыкыс коюп калчудай кирпик ирмешпейт. Алдындагы курч аттар согончок кысып койсо маңдайындагы жарга барып бир тийчүдөй. Атылып кетчү мылтыктай октос берип, араң турушат үстүндөгүлөр. .. Баары жылаң баш, найзага түшчүдөй баштарын жоолук менен бууп алышкан. Адам тааныбагандай түрлөрүн өзгөрткөн. Жекеме-жекеге чыкчуудай каны ичине тартып, найзаларынын учтарынан ажалдын илеби согот. Кадимки жомоктогу айтылган түнкү каракчылардын турпаты, сөлөкөтү жүздөрүндө турат.
Чукул кирип келген Рысалы аттын оозун жыя кармап тура калды да, камчы кармаган оң колун алдына сунуп тамагы айрылганча күч менен чаңырып жиберди:
— Байкелее-еер? !. Тээтиги аюуну карагылачы, бир баланы тиштеп алыптыр!! !
Тосмочулар селдейе түштү. Рысалы учурдан пайдаланды. Тизгинин жыя тартып келаткан аттын оозун кое берип, колтукка эки согончогу менен кысып койгондо, Кер кашка ат бир секирүү менен жолдун аркы учуна чыга түштү. Экинчи секиргенде тигил найзачан жан алгычтар ат менен баланы саябыз деп бири-бирине кабыша түштү. Ортодон Кер кашка аттын кандай өтүп кеткенин билбей калышты. Кууган менен жетмек кайда. Алдыдагы атырылган аттары эмес, ыргыткан таштары жакындаган жок. Рысалы узагандан узап, артындагы чаңын түтүндөй созолонтуп караанын көргөзбөй кете берди.
Ат жөнөөрдүн алдында суук кабарды угуп калган солтолордун жүрөгү чыдаган жок. Чый-пыйы чыгып турду. Алар элден бөлүнүп, узак жерге чейин утурлап жол тосуп келишти. Көрүнөө дардайып ачык бастыра алышпай, жолдун жээгиндеги дөбөлөрдүн биринин далдоосун калкалай жамынышып, тебетейлерин колтугуна кысып дөбөнүн кырынан баштарын кылтыйтып, моюндарын созот. Ат келаткан жактан көздөрүн албай тиктешет:
— Алда кандай иш болуп кетээр экен?!.
Жүрөктөрү чапкан аттын дүбүртүндөй. Дик-дик, дик-дик! Түрс-түрс, түрс-түрс!
Алыстан-алыстан созолонуп чаң көтөрүлдү. Ошол түтүндөй созулган чаңдын алдында жалгыз караан булбүлдөйт.
— Чыккан ат көрүнөт?!
— А кудай Кер кашка ат болсо экен?
— Солтонун арбагы колдой көр? — Чериктер жанында тургансып солтолор шыбырашып сүйлөшөт.
Булбул караан жакындаган сайын ат экени билинди. Артында өзүнөн башка жан көрүнбөйт. Учуп-куйүп бөтөнчө алыс келатат. Бул Кер кашка ат болучу.
Баятан бери ачыкка чыга албай кирпиктешип дөбөнүн далдаасында бугуп жаткан үркөрдөй топ солто, Кер кашка ат, менен Рысалынын караанын тааныганда «ак сарыбашылын» айтышып, шапа-шупа аттарына жабыла минишип, мараны көздөй чөлө коюшту. Артынан дүрбөп чаап, кыйкырык-сүрөөн түшкөндөргө сыйпатпай Рысалы калың элдин тобун үч айлана тегеренип келип анан токтоду. Ошондон кийин араң экинчи ат келди. Чоро Кер кашка атты карап да койгон жок. Ал даекчиге «чыккан ат» деп, экинчи атты карматты.
Чоро чоңдугун көрсөтө баштады. Көпчүлүккө жар салдырды:
— Чериктер Ажыке баатырдын ашына Солтону чакырбаптыр. Аты чыкса да солтого байге жок. Жеткен жеринде алсын!..
Каба дагы бакыра баштады:
— Атаңдын кана көрү Маңчынын уулу!.. Ай ушул итти!.. Ботом күлүк аттын эмгегин жейт деген эмне жакшылык?! .
Чериктер менен Каба тукуму чабышып кала жаздап, ортого эстүү баштуулар түшүп жатып араңдан зорго бас-бас болду. Каба ат үстүнөн туруп Байзакка калыстык сөзүн айтты:
— Байзак балам, «Солтонун атынын байгесин талашып Сегизбектин балдары кырылышыптыр» деген журтка жаман наам кала турган, атыңдын чыкканын биз көрдүк. Менден баштап ушу турган элдин ичиндеги аттуу-баштуулардан күбө салып улукка арыз бер. Бийлик азыр улуктун колуна өтпөдүбү. Орус калкы эмеспи, силер оруска жакынсыңар. Байгеңди кестирип ал?!.
Арга канча. «Алы жетпеген акыретчил» дегендей Байзак буга да макул болду. Анан Каба Кер кашка атты тиктеп туруп, камчы кармаган колун көтөрө жаңсап, ээрдин үстүнөн өйдө обдула калды да Рысалыны карады:
— Кер кашка аттын даңазасын көп укчу элек. Тээ тетиги жерден тетиги жерге чейин менин ээк алдымдан жүгүртүп өтчү, аяк таштап чуркаганын өз көзүм менен бир көрөйүн, балам?!.
Солтолор жапырт дуу дей түштү:
— Чап, Рысалы!.. Чап, Каба баатыр өз көзү менен көрсүн!..
Рысалы Кер кашка ат менен тай чабым жерге чейин барып, кайра тартты. Кер кашка ат ар кай жерден бир тийип, Кабанын алдынан өттү. Туяктан серпилген топурактар уучтап ыргыткандай асманды карай бүркүлдү. Каба сакалын экчеп, башын силкилдетти:
— Болду, болду, балам?! Баракелде! Күлүк болбосоң кое кал! Дал ушундай чуркайт деп укчу элек!
IV
Байзак боз үйдүн оң капшытынын туурдугун керегенин беш көгүнө чейин кайра түрдүрүп таштап, чыканагына катар-катар куш жаздыктардан коюп, аюу талпактын үстүндө уйку-соонун ортосунда жаткан. Дал ошол учурда Шергазы эшиктен шып кирип келди. Бүктөлгөн камчысын кош кабаты менен ортосунан бириктире кармап, эки колун бооруна кысып, Байзакка баш уруп, жүгүнгөн келиндей ийилип салам берди. Капшытта желденип жаткан Байзак тигил добуштан улам, илең-салаң козголду. Анан жүзүн оңго буруп, үзүлүп бараткан оорулуу адамдан бетер ыңгыранды. Калбайган эриндерин бүлкүлдөтүп, кабагын бүктөп-бүктөп, көзүн жүлжүйтүп туруп ылаалаган аттай башын ийкеп, ооз учу менен алик алган болду. Анын мүнөзүн байкап, «бир балакет болуп кетеби» дегендей Шергазынын жүрөгү опкоолжуй түштү. Көптөн кийин же отура албай, же тура албай коомайланып турган Шергазыны тумшугу менен жаңсап «отур» дегендей бутунун аяк жагын көрсөтүп, ишаарат кылды Байзак. Шергазы бүктөлгөн камчысын бүктөөсү боюнча оң тизесинин алдына басып, коломтого жакын, Байзактан обочороок отурду.
— И... — деди Байзак ыңгыранып, — таптыңбы?
— Жок. Таба албадым... Шергазы кылмыштуу адамдай башын шылкыйтып, жер тиктеди.
— Анда эмне кылыш керек? — Байзак мурункудан да кабаарып, катуу бүркөлдү.
— Башы, жогорку Кегетинин сайы, аягы — Кара-Балта, Сокулукка чейин атагы угулган жаңы күлүктөрдүн бирин калтырбай көрүп чыктым. Бир да бирөөнүн жарачуусу жок экен.
— Анда эмне кылыш керек? — Байзак куйрукка тепкендей башын көтөрүп, оңурайып тура калды...
Шергазы оор улутунду да, оң колунун алакан манжалары менен чекесин сыйпалап туруп:
— Али да болсо Кер кашка аттан үмүтүм бар, дагы бир чуркамы калгандай болду эле, —деди.
Байзак баягыдан бетер буркуйду:
— Баатырдын ашына атап койбодук беле, жал куйругун отоп. Жазгы ыраңда кеткен. Чөйчөк алды. Быйыл жалаң асыйы жыйырма беш. Картаң ат. Ичин майга жык толтурду. Карын-картасы аңтарылбай, казысы сөөм болгондур. Анын этинен этти шылып эле таштабаса, кантип тапка келет. Аш берерибизге кырк беш күн калса, аягы — Талас, башы — Көл, өйүзү — казак Көкөтөйдүн ашындай ааламга бүт кабарлап койсок... Сага ишенип олтуруп, сени күлүк табат деп, солтонун кыл куйругун бүт сайсам, аты чыккан эл казыгын сууруп, желесин кыркып, жер майыштырып дүбүрөтүп айдап кетсе, ит улуп, эл кур жалак калса, анын айласы не болот?
Кабаарыган Байзакка Шергазы чечкиндүү сүйлөдү:
— Кер кашка атты колума тийгиз? Аракет кылып көрөйүн... Көңүл калтырбас, намыс алып берер, чуу көтөргөн ак жолтой мал — Кер кашка ат.
Байзак дагы түнөрдү:
— Сөзсүз чыгарам, — деп айт! Кер кашка атты Суусамырдан эртең алдырып келип берем. Кокус чыкпай калса башың менен жооп бересиң, чочком?!! Аракет кылып көрөйүнүңө макул болгондой акмакты тапкан экенсиң? — Муруттары камандын жалындай тик сайылып, эки көзү кутурган карышкырдыкындай кыпкызыл болуп канталап, заары бетине чыга түштү Байзактын.
Сөз бул күнү ушуну менен бүттү.
* * *
Эки күнгө жетпей Суусамырдан Кер кашка ат келди. Ошол саат Шергазынын колуна тийди. Шергазы аттын ар жак, бер жагына чыгып, тегерене чуркап карады. Бүтүп калган экен жаныбар. Борго байлаган өгүздүкүндөй бурталары эшилип, киндик майы калпактай буртуят, Куюшкандын кошулган жериндеги үч кошкон кадимки чөйчөктөй чуңкур. Жылкы өтө семиргенде үч кошкондун кошулган жери үңүрөйүп калат деген чын тура. Эки жамбаштын урчуктарындагы балык эттер шишигендей өйдө көтөрүлүп олтуруп томпоюп көөп чыгыптыр. Мына ушундай семиз, карт атты кырк күндүн ичинде Шергазы эмес, Толубай сынчы болсоң да оңуна салып көр.Байзактын жүрөгүндө дал ушул ой калды.
Кер кашка ат менен Шергазыга Аламүдүн капчыгайынын оозуна чыга бериштеги чоң сазга атайын өзүнчө бөтөн, жалгыз үй тиктирип берди. Чечек чыккан эмедей айылдан окчун кондурду. Кер кашка ат колуна тийген күндөн тартып саяпкердин күндүз тынчы, түнкүсүн уйкусу жоголду. Атты да аяган жок. Кээ бир күндөрдө керээли кечке улакка салат. Ким сураса аябайт, кармата берет. Карылуу аттарга урунуп, күлүктүн буту-колу сынып калбасын деп саяпкер ойлоп да койбойт. Кечинде тери төгүлүп турганына карабай ээр токумун шыпырып, сазга жайдактап агытып жиберет. Күндүн кайнап турган ысыгында да алыс-алыс катуу барып, катуу келет. Көл-шал түшүрөт. Ошол саат көкүрөгүн бастырбастай отко кое берет. Көрсө казы-картанын майын саздын балыр аралашкан суу чөбү кара курумга айландырат экен да, куркуратып ичин алып, эриген майды шатырактатып айдап түшөт тура. Далай жолу ошентип ич майларын агызгандан кийин саяпкер аттын табын дагы башка ыкмага салды.
Атайылап тигилген боз үйдүн сыртын кош кабат тутуулатты. Ортосуна ат баткандай кылып, арчанын дүмүрүнөн калатып эки бөлөк коломто жасап, от жактырды. Ал кыпкызыл өрө кийиздер менен чүмбөттөп, оорулуу адамды бууга алган табыптан бетер тер алып кирди. Адам, ат да чыдады ошого. Бүткөн боюнан чоло жер калбай кара тер шорголоп, мончок-мончоктонуп төрт туяктын тегерегиндеги кундуз жүндөрүнүн арасынан сызылган көз-көз чыбырчык эриген майлар биринин артынан бири удаа-удаа тыпылдап таамп турду. Көрсө, Шекеңдин Кер кашка аттын сырткы этиндеги кыртыш майын жойдуруп жаткандагы амалы тура. Бул жумуштарын да көпкө созгон жок. Бат бүтүрдү. Андан кийин кай бир күндөрдө айыл-апада майда ат чабыштар боло калса кошо берчү болду. Адегенде аттардын эң артында калып жүрдү. Анан аттын оор этинен ажыраганын билип, дагы кай жеринде кандай кемчили калганына байкоо жүргүзчү болду саяпкер.
Бир күнү Чүйдүн суусунун кууш жерине төрт арканды кабаттап толгой чыйраттырды да, аркы өйүзү менен берки өйүзүнө керме тартты. Анан атты жайдактап туруп суунун чок ортосуна аса байлап салды. Кызыл күүгүмдө чечип келип отко коюп тойгузуп туруп, кайра алып барып байлап койчу болду. Качан гана ат муздак суудан ичиркенип чыйрыга баштап, керменин ар жагына бир, бер жагына бир түйүлүп секиргенден кийин үчүнчү күн дегенде атты суудан чыгарды. Көрсө, Шекеңдин Кер кашка ат чуркаганда баштагысындай болбой төрт бутун жай таштап, буйдалып жүргөнүн байкаган тура. Шыйрак жиликтериндеги чучуктун тунук майынын өтө жооноюп кеткенин билип жүргөн тура. Ал эми муздак сууга жилиги какшаса, картаң аттын аягы жеңилдеп чучук майы ичкерет экен да. Муну билбесе саяпкер болобу?..
Отуз тогуз күн дегенде эртең менен Байзакка келип «атты колдон чыгарып бүттүм» деп кабарлады Шергазы.
* * *
Туш-тараптан топ-топ эл келе берди, Аштын шаан-шөкөтү башталды. Жер-жерлерден келген күлүктөрдүн бирин калтырбай кыдырып, Шергазы көрүп чыкты. Кечке маал ат суутууга жөнөөрдүн алдында атайылап тигилген үйүндө чай ичип олтурган болчу Шергазы. Аңгыча болбой үйдүн өпкө тушунан бир аттын дүбүртү өттү. Аны уккан Шергазынын колунан чынысы ыргып кетти. Саяпкердин жүрөгү «болк» дей түштү. Эшикке кепичин кийбестен маасычан чуркап чыкты. Жанагы ат көп жерге узап кетиптир. Ошол атты, ошонун саяпкерин көргүсү келди Шергазы. Чыдай албады. Өзү минип турган карагерине шапа-шуп аттанып, камчы үстүнө камчы уруп, артынан жөнөдү. Барса, Теңгечинин тору аты деген таластыктардын аты экен. Атты бир бала жайдактап, ары-бери жетелеп, терин кургатып туруптур. Тору ат Талас өрөөнүн бүт баскан атактуу ат. Саяпкери Нанай деген киши өмүрү күлүк чаап, күлүк таптагандан башка кесип кылбаган адам. Аттын күлүктүгүндө өөн жок. Телегейи тегиз келген. А дагы бир Кер кашка аттын өзү көрүнөт. Ат табына канган. Жалгыз чыгаары гана калган. Бул ашка келген күлүк аттардан бирден-бир чочулаганы ушул ат болду Шергазынын.
Бул ат каргыш жегендей Шергазынын жүрөгүн өйүдү. Саяпкери да мыкты. Ат да күлүк. Анын үстүнө эч жеринде өөн жок. Кыл табында. Кер кашка атты бир мерт кылса ушул мерт кылат. Эмне кылуу керек? Шергазынын айласы кетип калды. Өзүнүн саяпкер экенин билгизбей атты көрмөксөн киши болуп, шылкыйып, илең-салаң бастырып, кайра өзүнүн үйүнө келип түштү. Келээри менен Кер кашка аттын ар жак, бер жагына чыкты. Бир жеринде кырты бардай жүрөгүнө жипкирип туруп алды, көп ойлонду. Бирок өзүнүн акылы жетпеди.Бул учурда Кер кашка атты көрөбүз деген саяпкерлердин да тынчы кетип жатты. Биринен сала бири келип, астыртан уурданып көрүп кеткендери да болду. Шергазы анчалык тартынган жок, келген элге ачык эле көрсөтүп турду. Анын эси-дарты тиги таластык саяпкерде. «Ошол келип көрсө, ошол эмне дейт? Ошол билет Кер кашка аттын кай жеринде эмне жетпегенин! Андан башка саяпкерлерден көргөнү эмне, көрбөгөнү эмне?» Шергазыда ушул гана ой калды.
Акыры Таластын саяпкери, Нанай да келди. Кер кашка атты көрдү. Шергазынын санаасы тынды. Бирок саяпкер сырды тышына чыгарбай, ичине катып туруп алды. Жөн гана көңүл улап: «Жакшы экен. Табында экен. Эч кирти калбаптыр. Баракелде! Жакшы таптаган экенсиң» - ушуну айтты: «Жалгыз гана кирти, бел сөөгүнүн кыр аркаларында май калган. Ошондон ажыратсаң, атың чыгат, болбосо калат». Шергазы Нанайдын оң айтпай тетири айтып турганын байкап, кыжыры келе түштү: «Сиз билгенди биз да билебиз. Картаң ат белине күч жыйнабаса чуркай алабы. Ал майдан ажыратканда атта эмне ал калат».
Нанайдын оозу ошону менен казан көмкөргөндөй жап болду. Бирок Шергазы билбей турган Кер кашка аттын дагы кемчиликтери бар болучу. Ага Нанайдын көрөөрү менен көзү жеткен. Айткан жок.
Мунун сыр жашырганын Шергазы да билди. Бирок айла канча?
Таластан келген коноктордун үйүнө кызмат кылып туруу үчүн алдыртан тыңчы катары Рысалыны жиберишти. Рысалыга Нанайдын гана тили керек эле. Рысалы Кер кашка атты чаап жүргөн бала экенин таластыктар кайдан билишсин? Анын кулагы укпаган «дүлөй» тили сүйлөбөгөн «дудук». Бул атайын жасалган иш болчу. Коноктордун үйүнө от жагат, чай сунат, кызмат кылат. Сөз сурашса жооп бербейт. Кыйкырса укпайт. Меймандарды жаткырып коюп кетип калат. Нанай Кер кашка атты көрүп келгенден кийин таластыктар аны тегеректешип, аттын жайын сурашты. Нанай кыйыктангансыды. Тиги үйдө кызмат кылып жүргөн баладан чочулагандай шектенди. Эл жаалап кетишти: «кулагы «дүлөй», тилсиз «дудук», анын эмнесинен шек аласың?»
Нанай көпкө чейин тарткынчыктап туруп, анан муну айтты: «Кер кашка атта эки айып бар. Саяпкери мыкты экен, семиз атты кыска убакыттын ичинде чукул кайрып тапка келтириш деген оңой иш эмес.
Биринчи айыбы, жайлаган жайлоосу таштуу төр болсо керек. Туягы кичирейип, тукулжурап калыптыр. Анын үстүнө колго алгандан бери этинен аздырам деп олтуруп, атты катуу кыйнап таштаган. Таптагандан бери така көрбөптүр. Ар бир секирген сайын бир элиден кемип түшөт, анткени төрт туягы тең тайпаң болуп калган.
Экинчи айыбы, ичке жиликтеги чучук майды алам деп жатып сууга көп байлап таштаган. Чыйрыгып олтуруп картасына катуу тезек пайда болгон. Ат кабагын салып турбайбы, эки көздүн чанагы тойбой. Аны оңой мечен түшүрө албайт. Ат күч менен аттаганда ичи ооруйт, катуу секирип, кериле түшкөндө ичке картаны ошол каткан бир тоголок тезек өйкөйт. Анан ат ойдогудай чуркабай, аярлап чуркайт. Бул экөөнү Шергазы тапса Кер кашка ат чыгат. Таба албаса биздин ат чыгат».
Бул сөздү угаары менен конокторду жаткырып коюп Рысалы жылып жоголду.
Шергазы Кер кашкага жаңы саалган бээнин бир чака сүтүн ичирип жиберди да, анан ээр токутуп Рысалыны мингизди: «Бат-бат чукул имерип, тегерете чап». Рысалы атты бир нече жолу аң-дөң, коо арыктардан түйүлтүп өттү. Чапкан сайын мойнун чукул буруп, суулукту катуу силкип, аттын башын тез буруп жатты. Бир кезде бир тоголок кара комок аттын куйругунун астынан ыргып кеткендей болду. Түшкөн жеринен таап келип, эки таштын ортосуна коюп талкалашты. Нанай айткандай катып, кургап калган экен. Көптөн бери ичинде сакталып жүргөнү даана байкалды. Ой-боюна койбой бээнин жаңы саалган сүтү кууп чыккан көрүнөт. Ал эми төрт туяктын тайпаңын кетириш оңой да. Аны ийди менен бир паста быдырала, кыр-кыр кылып, одоно ийдилетип таштады.
«Эртең ат чабылат деген түнү Шергазы уктап жарыган жок. Ал түнү бою таң ашып турган Кер кашка аттын жанында болду. «Эгерде Кер кашка атты чыгара албасаң башың менен жооп бересиң!» Байзактын бул сөзү саяпкердин оюнан кетпей койду.
Ошол күнү түндүн да эч бир кирлиги жок, апачык болду. Асманды тастайтып кимдир бирөө таптаза даңгыратып шыпырып таштагандай. Дал төбөдө апапакай күмүш табактай болуп толгон ай гана акырын тегеренип билинбей жылып баратат. Учу кыйырына көз жеткис тунук көлдү мекендеп, энесин тегеректеген ак куунун балапандарындай болуп сан жылдыздар айды айлана курчап жыш топтолуп, көздөрүн бат-бат ирмеген кудум сүйкүмдү жаш балдар сыяктуу күлүңдөшүп, алыстан-алыстан жым-жым этип татынакай, сүйкүмдүү көрүнөт. Бөтөнчө ошол түнкү түндүн жылуусучу — мемирейт. Тээ тэтиги булут тешип, көк мелжип, учу менен көк асманды курсакка сайып турган Ала-тоонун чокуларын алкымдай чалып оролуп, жайды жайлата эрип бүтпөгөн ала-телек кар, муздар гана түп-түз даана тийген айдын нуруна чагылышып алда кайдан жаркырайт. Бул түнү саяпкерлер менен күлүк аттардан башка жан-жаныбар макулуктун баары тынч уйкуда, көшүлүп мемиреп жатышат.
Шергазы улам басып келип Кер кашка аттын мойнун кучактап, кайта-кайта катуу-катуу жыттагылайт.
— Эртең журт намысын алып келе көр?!. Эл алдында шерменде кыла көрбө?! Тырмактай тай кезиңде колума келдиң эле! Анда мен керилген кер муруттуу жигит эмес белем. Эми мына, сен да карыдың мен да карыдым. Экөөбүз тең карыдык.
Байкуш Шергазы Кер кашка атка таң атканча жалынып-жалбарып жатып таңды да атырды. Шергазынын муң-зарын Кер кашка ат билдиби жокпу?.. Аны ким билсин.
Шергазыны Кер кашка ат да тааныйт. Аны менен тайынан бери үйүр. Экөө бирге жатып, бирге туруп, бирге жуушап жүргөн макулуктардай бири-бири менен ынак. Ушул убакка чейин биринин оюна бири көнүп, биринин көңүлүн бири калтырбай келе жатышат. Кер кашка аттын бактысына Шергазыдай саяпкер, Шергазынын бактысына Кер кашка аттай күлүк тушма-туш төп келиш деген чанда гана боло турган тагдыр. Мындай бактылуулук турмушта көп кайталана бербейт. Кокусунан айкалышып, капылеттен кыябына келип түшөт.
«Калың эл түмөнү түрүлө чогулуп, качан гана бир ызы-чуу болордун алдында үстүнө жеп-жеңил жаш балдар чабалекейдей конуп, топ-топ болгон күлүк аттар элден бөлүнүп алыска-алыска айдалаарда, өлчөгөн жерине жетип, анан кайра жапырт бурулуп жанагы чогулган элге кошулганча ушул адам жаныман кетчү эмес эле. Карааныман карыш жылбай мени менен күнү-түнү бирге болуп ченеп жем, ченеп чөп, ченеп суу ичирип, теримди кырып, белимди сыдырып, соорумду сылап, көзүмдү ушалап, маңдайымдан жыттап, буту-колумду кармалап, кээде чүмбөттөп тердетсе, кээде жылаңачтап кургатып, бүткөн боюмду жеңилдетип, көңүлүмдү сергитип калчу эле. Дал ошондой окуя дагы кайталанган турабы» дегендей мынабу жакын адамынын кылган аракетинен улам сезип, улам шек алып, эртеңки боло турган окуяны Кер кашка ат да байкап, Кер кашка ат да билип жаткансыйт.
«Сөзсүз ызы-чуу болот. Мындай ызы-чуу кыйкырыктар далай жолу болгон, баштан өткөн. Эмне эле бул киши мага көптөн бери мурдагысындай жакындап, мурдагысындай имерилип, мурдагысындай ар түрдүү аракетке салып калды десе баягы болуп жүргөн көнүмүш адаттардын бири эртең башталат тура. Калың аттар чубатуудан өтүп, кайра тартканда кыйкырык сүрөөн, ызы-чуу күрү-гүү түшүп, чаң буркурап асманга көтөрүлүп, жанды жанга уруп, өлбөгөн жерде калып салгылашып, улам жүткүнүп моюн созуп, утур алды жагын талашып, бирибизге бирибиз беттеше түшүп, каптал кагышып, урунуп-беринип, капкайдан бери учка, түпкө тийип, жер каймактап сызган ылаачындай зып-зып этип сызып келет экенбиз го» дегендей Кер кашка ат да кайра-кайра улутунуп кайра-кайра кош таноолорунан оор-оор дем чыгарып, алдыда боло турган эртеңкини жүрөгү билип, жүрөгү сезип тургансыды.
Таң атканда отко коюп жатып тегеренип дагы бир сыйра атты карап чыкты Шергазы. Жок. Көзүнө Кер кашка ат алда немедей көрүндү. Жакшы сууган экен. Кечээ күндүз жумшак кыктуу короого оонатып, анан ошол короого атты жалгыз ээн таштап тынч уктаткан. Тегерегине кобур-собурду жолотпой, жакындап келаткан кишиге тебетейин булгалап: Ат уктап жатат, ат күч жыйнап жатат, быягы менен кел, деп жаңсап турган. Көрсө, кандай гана жан-жаныбар болбосун уктаганда күч жыйнап, чарчаганын унутуп, тула бою сергип, толукшуп эс алып калат тура.
Ат бүгүн Шергазынын көзүнө кадимкидей жашарып, кадимкидей башкача болуп, карт аттай көрүнбөй жүндөрү сыртына тартып, кунан-быштыныкындай жылтылдап калыптыр. Илгери-илгери баягы Ат-Башыдагы чуркаганындай оңуна келген. Шергазы ичинен кымылдап сүйүндү. Анан Кер кашка аттын толук жаш кездеги эргип чуркап турган күндөрү эсине түштү.
* * *
Бул окуя мындан он жыл мурун болгон. «Көлдө сан жылкылуу Сары байдын атасы Солтонкул байдын ашы берилет экен. Баш байгесине миң жылкы саят экен» деген кабар жумурай журтка угулуп калат. Сарыбай өзүнүн күлүк күрөң атына ишенип, байгени оор саят. Күрөң атты ошол кездеги казактын белгилүү саяпкери Чаргын таптайт. Чаргынды атайы казак жеринен Каркыра тарабындагы Ысык-Ата, Сан-Таштан алып келет Сарыбай. Чаргын; «Эртең, бүрсүгүнү ат чабыш болот дегенге чейин Күрөң ат чыгат» дей берет. Буга Сарыбайдын санаасы тыныңкы. Өз аты чыкса, миң жылкысы өзүндө калат да.Бул ашка Шергазы Кер кашка атты алып келет. Качан Кер кашка ат жетип барып калганда Чаргын Сарыбайга келип: «Сиздин атыңыз бирдин соңу болуп калды» дейт. Сарыбай чочуп кетет:
— Чыгат дебедиңиз беле?
— Чыгат дедим эле, жок, чыкпай калды,
— Эмне үчүн?
— Солтодон Баеттнн Кер кашка аты келиптир, ошол биринчи болот.
— Аны кантип билдиңиз?
— Ал тулпар. Тулпардан өтүп жылкы чуркачу беле? Чуркабайт. Кер кашка аттын дүбүртү жакындаганда башка күлүктөр сүрдөп жол бошото берет.
— Тулпар экенин кантип билебиз?
— Мен эмес, келген күлүк аттардын баары билди, ишенбесең бүт чабууга келген күлүктөрдү эртең Талды-Суунун суусуна айдатып барып сугарт. Эң биринчи Кер кашка ат тумшугун сууга малмайын, бир ат да суудан ооз тийип койбойт.
Эртеси Сарыбай «Келген күлүктөрдү Талды-Суунун көк кашка шар аккан суусунан сугаргыла» — деп буйрук берет. Анан өзү барып байкап турса, кечээки Чаргын айткандай, бардык күлүктөр сууну Кер кашка аттан кийин ичсе болобу?..
Сарыбайдын айласы кетти. Миң жылкысынан ажыраарына көзү жетип калды. Анан Сарыбай Шергазы баштаган солтолорду бүт чакырып алып, жакшылап конок кылып сыйлайт да, бир ат тартуулап, «силерди чакырган эмеспиз» деген жок шылтоо айтып, Кер кашка атты күлүктөргө коштурбайт. Бул иш Чаргындан кеткенин Шергазы билет. Анда болсо Кер кашка ат жаш эле.
* * *
Анан Шергазы Кер кашка аттын Кочкордо Шерботонун ашындагы ат чабышта чуркаганын эсине түшүрдү. Ошондо аттарды Орто-Токойдун башы — Кескен-Таштан өткөрүп, кулаган ак ташка жеткире айдап, мараны Кара-Колдун оозундагы Ийри-Суунун четки кашатына орнотушкан.
Кара-Колдун суусунун оң өйүзүндөгү калың ак чийде Кер кашка ат өзү менен сегиз болуп келаткан. Ошерден тосуп турган Шергазы тебетейин колтугуна кысып, кыйкырык-сүрөөгө алып, бакырып-өкүрүп жандай чапканда Кер кашка ат алдындагы сегиз күлүктү кашаттын этегине жеткирбей басканын карап тургандар байкап таң калышкан, Ошондо: Кер кашка аттын буту жерге тийди десе, кай бирлери жок, буту тийген жок, эки кулагын жапырып чийдин башы менен сызып учуп өттү, деп апыртышкан адамдар да болгон.Кер кашка аттын көп жерлерде ушундай чуркаганы эсине түшүп, атты кайра-кайра тиктеп, өзүнчө бир жакшылыктын жылуу илеби ургандай жан ырахатка буулана калат, Шергазы.
* * *
Адатта күлүктөр айдала электен мурун эл алдына бөлүнүп чыгып, жарчы акын жар салчу: Канча атка чейин байге сайылат? Байгеси эмне? Малбы, акчабы, буюмбу? Баш байгеси канча? Бул ашта андай шарт эмнегедир айтылбай калды. Эгерде күн мурун дайындалган иш болсо Найманбай акын сакалын жайкалтып топтон суурулуп шаңк дей түшмөк. Андай кабардын шеги билинбейт, тымтырс. Найманбайдын дабышы чыкпады. Эл кужу-кужу боло түштү.«Баш байгени уксак. Биринчи аттыкы, анан экинчи, үчүнчүнүкү эмне болду экен. Кимден сурайбыз?» «Сен бар, мен бар» боло түшүп, анан чогулган элдин салабаттуу аксакал улуу адамдары Баякени өкүлдүккө ыйгарышты. Баяке Байзак турган топко түз бастырып барды. Бул ишти Байзактын өзүнөн сурамак болду. Андан башка кимден сурамак. Аштын ээси ошол Баеттин улуу баласы Байзак.
Баяке топ элдин ичинде боз жоргонун жалына оң бутун арта салып коюп, камчы сабы менен бөйрөгүн таянып, суусар тебетейин кабагына түшүрө кийип, элдин эл, журттун журт экени көзүнө көрүнбөй, оорусу салмактуу адамдан бетер ыңгыранып талып турган Байзакка келип салам айтты:
— Байзак мырза, тиги чогулган эл мени сага өкүл кылып жиберишти. Биринчи аттын баш байгеси эмне экен, ошону уга албай жатышат? — Баякени Байзак мойнун буруп бир карап алды да токтолбостон ат үстүнөн бурк этип жооп берди:
— Укпаса, ошол элге угузуп кой. Солтонун кыл куйругун бүт сайдым. Анын үстүнө Тагайдын үч уулунан үчтөн тогуз кул сайдым. Кулдун башчысы сен болдуң!
Баяке тумшукка чапкандай кайра тартты. Анткени ошол кездин эл бийлеген бий, болуштары Баякени кул дечү. Карачы, Байзактын көпкөнүн. Өзүнөн алда канча улуу, атасы менен тең катар курбалдаш сакалдуу кишини кандай какты?!.
* * *
Күлүктөр чубатуудан өтүп, ат айдоочулар топтоло баштады. Жер-жерлерден келген күлүк аттардан саяпкерлер көздөрүн албайт. Бир кезде Нанай Кер кашка аттын алдынан өтүп баратканын байкап калды. Анын үстүндө баягы «дудук-дүлөй» жүрөт. Кер кашка аттын Нанай ойлогон эки кемтиги жоюлуп калыптыр. Нанай оң колу менен санын бир чаап алды, сыр алдырып койгонуна өкүнүп, минип турган атын камчысы менен моюн талаштыра бир салды да, жолдошторунун тобуна барып кошулду.Ат үч топко бөлүнүп айдалды. Алдыңкы топту чүйлүктөр, көлдүктөр, сырттыктар, ортоңку топту таластыктар, акыркы топту казактар алды. Казак Ногойбай атайы колко кылып: «Биз жалпы кыргызга келген конокауз, ошондуктан, конокту сыйласаңар, бизге акыркы топту бергиле», деп жүйөгө жыкты. Ногойбай Кыз кула деген күлүк атты таптатып алып келген. Бул ат да казактын көп жерлериндеги атактуу аш-тойлорунда чыгып, башка аттарга байге бербей жүргөн күлүк. Ногойбайдын амалы: «алдоо» деген жерде арттагы топтун аттары мурун кайрылып, жолдун алдын ээлеп калат. Аз да болсо озгондун иши озгон дегендей бир топко чейин казактын аттары узап кетет деген амал эле.
Аттар жөнөөрү менен Турап сурнайчы, Муратаалы кыякчы «Ат кеттини» тартты, калың элге бир аз эрмек болду. Андан кийин кезек кыргыздын, казактын улуттук оюндары: эңиш, күрөш, кыз куумай, улак тартыш, жамбы атыштарга өттү.
Күлүктөр күндүн батышын көздөй айдалып отурушуп, Шамендин кара дөбөсүнөн өтүп, үч суунун куйганына: Кара-Балта, Ак-Суу, Чүйдүн суусуна кошулган жериндеги кумдун башынан кайтмак болду... О... кайда?.. Кеминде үч ат чабым жер. Шергазы күн мурун «Дал ушерден кое бергиле» деп жолдун аркы өйүз, берки өйүзүнө эки дөбө таш үйдүргөн болчу. Бул белги ат айдоочуларга небактан бери маалым.
Ат айдоочулар ошол белгиге эки бутача жакындаганда күлүктөрдүн арт жагына чогула калышып өз ара сөз кыла кетишти:
— Кер кашка ат картайып калды. Чыгаар чыкпасын бир кудайдын өзү билет. Шергазы эмне, олуя бекен?! Андан көрө журттун намысын кетирбей Солтонун аттарынан бирөө чыкса экен — деп бирөө айтса, экинчи бирөө: — ошол Солтонун аты чыксын деп кудайга жалынып «оомийин» деп коелучу десе болобу? Ат айдоочулардын баары ага кошулуп: «оомийин» — деп жиберишти. Араң турган балдар батаны угаары менен бура тартып «дуу» коюшту. Кимди ким көрсүн чан асманга жете созулуп уюду да калды. Калың күлүктөр ат айдоочуларды ээ кылбай жамыраган козудай тебелеп кетишти. Өз кылгандары өзүнө мыш. Баарынан да күлүк аттар Шергазы болжогон жерге жетпей кайтканы жаман болбодубу?! .
* * *
Шергазы үч жерге үч ат койдуруп. Кер кашка атты күтүп жатты. Биринчи тоскон жери Шамендин кара дөбөсү. Ошол дөбөнүн үстүнөн караганда ээк алдынан чууруп өткөн күлүктөр даана көрүнөт. «Ушу жерде Кер кашка ат он аттын арты болсо, алда кайда алыс чыгып барат. Кокус жыйырма аттын арты болсо кантээр экен. Бул чыкты, тиги чыкты болуп, байге тай-талашта калат го? Анда менин шорум катты!!!
Ажалымдын жеткени ошол! Байзак башымды ийнимен таарып кескени ошол!!!
»Саяпкердин үшкүрүк аралаш оор улутунганын көрүшүп, жанында ат тосуп жүргөн бирин-эки топтошкон элдин: «Ай, саяпкериң менен да куруп кал ай» деп зээни кейиди.
* * *
Алыстан,
алыстан чаң созолонду. Мына, алды жакындан келип да калды. Күлүктөрдүн ири алдында казактын Кыз куласы, анын артынан дагы белгисиз үч, төрт ат өттү. Өзү менен он болуп Таластын тору аты баратат. Күлүктөр дагы өттү, дагы өттү. Кер кашка аттан дайын жок. Шергазынын чый-пыйы чыгып, заманасы куурулуп кетти. Бир паста жаны оозуна келди. Ал ойлоду: «Жыгылды же бирөө атайлап жолдон карасанатайлык кылды». Жок, аңгыча болбой «жарк» этип Кер кашка аттын кашкасы көрүндү. Шергазы атты көргөндө бакырып-өкүрүп ыйлап жиберди: «О... кокуй караңгүн!
Ушул убакка чейин эмне кылып жүрөсүң?»Рысалы эки тизгинди ээрдин кашына кайта-кайта орогон экен. Оңбогон күлапса!.. Эки колу карышып калыптыр. Май куйругу бийик көтөрүлүп барып ээрге кайта-кайта так-так тиет. Жедеп булчуңу көнүмүш болуп калган байкуш аны да биле турган эмес. Ал Шергазыны жалт карап алды. Саяпкердин көз жашын көрдү. Тизгиндин оромун ээрдин кашынан улам бирден чыгара баштады. Өзү менен жыйырма. Бирок, Кер кашка аттын күүсүндө айла жок. Кадимки жер кыртыштап учуп бараткан ылаачын, зуулдаган гана дабыш чыгып жер тегеренип көчүп бараткандай. Буга караганда алдыңкы аттардын аягы араң эле кыбырагансыйт. Туура жагынан карап тургандарга Кер кашка аттын шаңы да, дүбүртүнүн сүрү да ошондой болчу. Алдындагы үч-төрт күлүктү ошол эле жерден баскансыды. Шергазы байкуш турсунбу? Артынан чөлө койду. Анын аты да тандалган курч аттардан. Бирок, Кер кашка атка жетмек кайда?.. Оңбогопн Рысалы чычым. Аттын күчүн сактап, курчун кетирбей баратпайбы? Ал Кер кашка атты бүгүн эле чаап жатыптырбы? !.
Шергазы экинчи атына жетип минди. Улам жолдон жолуккандардан Кер кашка ат канча аттын артында баратканын сурайт. «Он аттын артында», «Жети аттын артында», «Беш аттын артында», «Төрт аттын артында» деген сөздөрдү кайта-кайта, улам-улам уга берди. Байкуш саяпкер дагы эле өлөөр-тирилээрине карабай жанын үрөп чаап баратат.
Үчүнчү атына минди. Үстүнө чыгаар менен дагы оозун кое берди. Ошол аты да жолдогу күлүктөрдүн далайын басып өттү. Дагы жолуккандардан сурайт: «Кер кашка ат канча аттын артында баратат?!»
Шергазы далай жерге барганда алдынан боз ат минип Осмонбек карыя чыкты. Бу да Кер кашка атты утурлап турган Шергазынын туугандарынын бири.
— Осоке, Кер кашка ат канча аттын артында баратат? — деди шашкалактаган Шергазы.
— Таластын тору аты алдыда, андан кийин казактардын Кыз куласы, үчүнчү Кер кашка ат,— деди Осмонбек. Шергазы дагы алдын көздөй сызды.
Кыз кула менен Таластын тору атына жакындаганда Рысалы ээрдин кашына оролгон тизгиндин баарын бошотуп, аттын оозун кое берип, күлүктүн күчүн сынады. Кер кашка ат алдыңкы экөөнө шак дей түштү. Бирок, алдыдагы эки аттын үстүндөгү балдары Рысалыны тороп тосуп, жол бербей коюшту. Кер кашка ат эки аттын ыргыткан даңканынан обочолоп бурулуп, жолдон чыкты да ала качкан эмедей тетирлеп жолдун сыртына салды. Аңгыча элдин чети көрүнүп, мара жакындай түштү. Кыз куладан шып деп өтүп, кайра жолго кирди да тору ат менен үзөңгү кагышты. Экөө тепетең баратат.
Маранын туусун кармаган ошол кезде Баеттен кийинки эл башы өңдөнгөн Рысбек болчу. Шергазы түпкү сүрөөгө кетээрдин алдында Рысбекке айтып кеткен: «Кокус Кер кашка ат тай-талаш болуп келатса көпчүлүктө ким байкап коюптур, тууну бир аз өйдөрөөк жылдырып кой». Мына, Рысбек дал ошондой кылды. Көпчүлүк байкаган жок. Тууну бир аз жерге алыстатып жылдырып таштады.
Рысалы элдин аягына келгенде атка эки, үч камчы басты. Кер кашка ат адатынча кулакты жапырып жерге жабыша түштү. Таластын аты да андан калышкан жок. Дагы эки, үч секиргенде тору аттан омуроосуна чейин аша түштү. Эл калыс эмеспи, баарын көрүп турушту.
Бирок, ошого карабастан таластыктар чыр кылды. Жете келген Шергазы:
— Андай болсо, эки атты кайра чабабыз, башма-баш болсун, — деди. Буга таластыктар чыдаган жок. Элдин жылкысы өрүшүндө калды.
V
Баеттикине келген сайын Жантели бай Апарга айтчу:
— Апар, айланайын?! Менин жылкым көп болгону менен тукумунан Кер кашка аттан башка күлүк чыккан жок. Бул да силердин эшигиңерге жараша болду окшойт. Энесин ээрчип келген тай атактуу күлүк болот деген кимдин оюнда бар? Үч уктаса түшкө кирбеген иш. Кокус Кер кашка атты сойсоңор башын өзүмө сактап койгула. Туулган жери — Кара-Кужурдагы мазар ташка алпарып коёюн. Ары-бери өткөн эл Кер кашка аттын башы деп көрүп турганы жакшы. — Бул сөз Апардын оюнан кетчү эмес. Эгер Кер кашка ат Баеттин ашына союлуп калса да Апар анын башын Жантели агасына коймок. Бирок, союлбай калгандан кийин аш тараары менен Жантели байды чакырып, Кер кашка атты тирүү-мүчө катары жетелетип жиберди. Жантели бай ал жылы Кер кашка атты колунда кыштатып, жазында өзү туулган жайлоосу Кара-Кужурга кое берип, күзүндө сойду. Кочкордун ошол учурдагы болуш бийлери атайы аңыз кылып: «Жантели байдыкына барып Кер кашка аттын этинен ооз тиебиз» деп келип жатышты. Бай аяган жок. Бирок, кандай жумшак жерин тандап салса да мүйүздөй каргыш. Болуш; бийлер «бир жума» чайнап жүрүп жутпаса, тамактарынан өтчүдөй эмес. Анын күлүктүгү ошондо турбайбы, этинин баары булчуң, каргыш, тарамыш.
Жантели бай Кер кашка аттын башын, төрт туягын, шыйрагы менен кошо катырып, Кара-Кужурдун Ак-Кыясындагы мазар таштын үстүнө алпарып койду. Ошол таштын үстүндө куурап жаткан Кер кашка аттын башы карылардын айтуусуна караганда кечээ жакынга чейин турган.
МЫРЗА ТОРУ аңгеме
Шамбет бала күнүнөн тартып атка шыктуу болду. Бул шык таятасы Бектенден оогон окшойт. Бектен демекчи ал ким эле? Бектен — кыргыздын атактуу уулу Саадаев Жайнактын чоң атасы. Бектен Токмоктун үстүндөгү Шамшынын өндүрүндө жашаган адам. Заманында кыргыз журтчулугунда Толубайдан кийинки саяпкер Бектен болгон дешет карыялар. Учурунда Бектен таптаган аттардын бирөө да байгеден кур калган эмес экен. Бирок кайран кишинин жетимиш жаштан аша бергенде эки көзү азис болуп көрбөй калыптыр. Ошого чейин Бектендин колунан бир-эки күлүк үзүлбөгөн окшойт. Жалгыз уулу Саадайды алтымыштан ашканда көргөн экен. Бектен улгайып баратканда эки карындашынан төрөлгөн эки жээнин колуна алып чоңойтуптур. Бирөө атактуу саяпкер Шергазы, экинчиси Төрөгелди баатырдын Батыркан деген уулунан төрөлгөн Шамбет. Шамбет менен Шергазы бир тууган бөлө. Бектен айтчу эле деп карыялардан угабыз: «Балам жаш болуп калды, өнөрүмдү үйрөтөйүн деп эки карындашымдын эки баласын колума алдым» деп.
Ошол Бектен саяпкердин көзү көрбөй калган учурда казак элинде байгеси чоң сайылган атактуу аш болуптур. Кабар кыргызга да жетет. Кыргыздар үч күлүк даярдайт. Ошондо Тынайдан чыккан Бекболот бий айтат: «Атаганат, Бектен саяпкердин эки көзү көрбөй калды, болбосо ушул үч аттын кимиси чыгаарын алдын ала билет болчу». «Анда Бектен карыяга алып баралычы көзү көрбөсө да акылы бизден артык», дешет көпчүлүк. Ошентип талаш-тартыш болуп жатып аттарды Бектен саяпкерге алып барышат.
Бектен өзү жаткан үйдүн туурдугун жабыкка чейин түрдүрүп керегелерин жылаңачтатат, анан күлүк аттардын улам бирин үйдү айландыра жетелетет. Өзү жаткан үйдүн ичинде керегелердин баштарын кармап, тыштагы жетеленген аттар менен кошо ээрчип үйдүн ичинде баса берет. Ар бир аттын кезеги өткөндөн кийин «Бул аттын өңү кандай?» деп сурап калат Бектен саяпкер. Карыганда кишинин кулагы да каңырыштап калат эмеспи. Жетелегенде катуу үн чыгарып жооп беришет.
— Тору.
— Бул аттыкычы?
— Кара.
— Булчу?
— Күрөң. — Акырында Бектен саяпкер. — Тиги тору менен кара атты жөн койгула. Мына бу кийинки жетеленип өткөн күрөң атты алып баргыла, силерге ушул ат намыс алып берет — дейт. Мыктылар Бектендин акылына көнбөй үч атты тең алып барышып, ошол чоң ашка чабылган күлүктөргө кошуп жиберишет. Тору ат менен кара ат байгеге жетпей орто жерде жинигип өлөт. Күрөң ат алда кайда алыс чыгып келет. Мына ошол Бектен саяпкердин жээндери Шергазы менен Шамбет.
* * *
Бир жылы жазда Кочкордон Токмоктун базарына келди да, минип турган атын сатып, анын ордуна бир арык тору байтал сатып алды Шамбет. Жолдоштору аны жемеге алышты: «Жинди болгонсуңбу.
Жакшы атыңды сатып ордуна жаман байталды алып...» «Жок, бул жаман байтал эмес, жамандыгы этинин арыктыгы, байкабайсыңарбы,
мүчөсү жакшы экен. Кеч бооз көрүнөт. Кышта начар багылган да, ошон үчүн арык, ошон үчүн жаман. Жерден май чыгып келатпайбы.
Күзгө чейин семирсе эшик төрдөй тору бээ болот. Арыктыгы, ичинде кулуну бар тура. Жакшылап багам, аман-эсен тууп берсе болду. «Жаныңды берсең бээге бер», деп чоң атам айткандай (Төрөкелди Шамбеттин чоң атасы бээ уурдап келсе, жан берип кутулуп кетчү экен. Жан берүү казак-кыргыздын катуу каргыш, анты) бээ аттан жакшы да, төл берет, сүт берет, күч берет.Эгер бул байталга көзүм түшпөсө атымды сатмак эмесмин» деп койду.
Ошол тору байтал күзгө тартканда торсойгон эркек тору кулун тууду. Кулун жыл өткөн сайын чоңоюп тай болду, кунан болду, бышты болду. Жүрө-жүрө керилген сулуу тору ат болуп чыга келди. Кунанынан баштап чабылды. Алдына жылкы салган жок. Баатыркан уулу жарды болчу, байыды. Алды миңге чейин, арты беш жүздөн кой күтүштү. Ошонун көбү тору аттын байгесинен жукту. Шамбет мурут-сакалына устара тийгизчү эмес. Эркинче кое берчү. Ошондуктан сакал-муруту бакжайып бир түп коюу алтыганадай болуп, кабак-каштын алдынан эки бетинин оту жылтыраган көздөрү гана араң көрүнчү. Кебетесин көргөн бир жеңеси Шамбетти шылдыңдаптыр: «Бап-бап деп эле коесуң, оозуң көрүнбөйт. Оозуң каякта?» деп.
Шамбет күндөрдүн биринде күлүк торусун минип, калың эл чогулган топко барып калат. Ал жердегилер Шамбетке көңүл бурушпай көпкө чейин тору атты тиктеп туруп калышат. Эл сынчы да; «Үстүндөгү жигит мырза эмес, аты мырза экен», дешет. Ошондон тартып Мырза тору аталат. Чындыгында Мырза тору адамдын көзү тийгендей сулуу ат эле.
* * *
Бир жылы күздө Токтосун Шадыкан уулу Шамбет Баатыркан уулуна келди. Булар менен эки ата өткөн тууган. «Турунбектин ашын берейин деп силерге акылдашканы келдим, (Турунбек Токтосундун жакын агасы, болуш болуп туруп өлгөн) биринчи аттын байгесине коондой семиз жүз торпок, жумурткадай аппак тогуз боз үй сайдым. Башка жактан келген бирөөнүн аты чыкса айла жок. Мырза торуга ишенип турам. Кокус Мырза тору чыгып калса жүз торпокту олжологула да, тогуз боз үйүмдү калтырып кеткиле». Токтосундун бул кенешине жалаң Баатыркандын балдары эмес Төрөгелди уулу бүт макул болду.* * *
Кочкор атанын сайында калың элдин тилингени билинбейт. Көпчүлүк опур-топурдан баш адашат. Кыргыздын ар түркүн оюндарынын бири калбай башталып: эр сайыш, балбан күрөш, эр эңиш, жамбы атмай, кыз куумай, кез таңмай, аркан тартмайлардын биринен сала бири кезеги менен кайталана берди. Керден чыныдай көмкөрүлгөн апаппак тогуз боз үй катары менен тигилген. Ар жактагы сайдын четинде коондой тоголонгон жүз торпокту эки-үч бала атчан имерип турушат. Булар биринчи чыккан аттын байгеси.Чабылчу аттар оюн-тамаша баштала электен эчак мурун айдалган. Кеткен күлүктөрдүн саны баш аягы болуп жүз чамалап барды окшойт. Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Тогуз-Торонун атактуу күлүктөрүнөн калып жарыбайт, бүт келиптир. Шамбет өзүнүн бир тууган иниси Мамбеттин анда-санда чабыла коюп жүргөн Күрөң атын минип, түпкү сүрөөгө чейин кетти. Түпкү сүрөө демекчи, ал күлүктөр менен кошо жеткен жерине чейин барбайт. Орто жолдо калып, аттарды ошерден күтөт, Өзүнүн чапкан күлүгү алдыңкы аттардан өксүп жетпей келатса, аны жандай салып чаап кыйкырык сүрөөнгө алып, соорулап олтуруп эң кур дегенде алдыңкы эки-үч аттан өткөрүп коет. Ошону түпкү сүрөө дейт. Ал сүрөп олтуруп дагы бер жакта күтүп олтургандарына жеткирет. Алар андан ары алып жөнөшөт.
Шамбет күлүктөрдү ээрчип барып алжанбай алышта калды. Алжанбай Арсыдагы (Арсы жердин аты, азыркы Кочкор совхозу турган жер) моңолдордун тыңы эле. Ал ага-ини айыл журту менен Арсынын өндүрүн ээлечү. Ошол какыраган өндүрдү көгөртүш үчүн Каракол, Сөөктүн суусу ортосун жарып өткөн Кара коонун капталындагы (Кара коо азыркы борбору) токойдун жээгине чейинки мелтиреген мейкин түстү сууга бастырып, чөбү калың шалбаа, даны жарылып бышкан арпа, буудайдын талаасына айландырып берип, элинин алкоосуна ээ болгон. Күлүктөр андан ары айдалып барып, Кулаган ак таштын маңдайынан кайра тартмак. Шамбет Алжанбай алыштын жээгиндеги жашаңга атынын ооздугун чыгарып, күлүктөрдү күтүп олтурду. Кулаган ак таштан ошол Алжанбай алышка чейинки аралык да өзүнчө бир чакан ат чабым келет.
Көптөн кийин Кескен таштын мойногун ашып түшө бериштеги калың чийдин арасынан уюлгуган чаң чыкты. Бул чаң күлүктөрдүн чаңы болчу. Шамбет антип-минтип атынын ооздугун катып мингенче аттардын алды ага жетип келди. Алдыда Мырза тору, бирок аны менен удаа куйрук улаш келаткан он-он беш ат. Күлүктөр күүлү, буга чейин бириндеп тобу жазылбайт. Шамбет Мырза торуну көргөндө эмнегедир алактап шаша түштү. Алышта суу мелт-калт толтура болчу. Кечип өтө турган жайык жери деле бар эле. Шайтан шаштырган Шамбет «кече чап» деп айтам деп туруп, «жандап чап» деп жиберсе болобу. Үстүндөгү баласы терең суусу бар бийик алыштын астыңкы жээгине салып, улам бир жеринен өтөм деп өтө албай олтуруп көпүрөнүн алдындагы туюкка барып кептелди. Андан ары жол. жок. Айласы кеткен Белек (ат чапкан баланын аты), кайра тартты да баягы артта калган (Шамбет турган) жайык кечүүгө келди. Келсе кечүүнүн кырында өз башын өзү койгулап, кокуй алатын коштоп Шамбет олтурган экен. Аттардын бири да калбай эчак эле алыштан өтүп узап кетишиптир. Белек жайыктан шашпай кечип алып, өлөр-тирилерине карабай күлүктөрдүн артынан Мырза торунун оозун коё берди. Аттардын аягына топурак белдин чаң уюлгуган түзүнө жетти. Ошол чаңы асманга созулган түздө катар-катары, тон-тобу менен далай аттарды артка таштады Мырза тору. Ак-Жардан өтүп, Түндүктүн коосуна жеткенде аттар суюла түштү Алдыда анда-санда гана үч-төрт ат болбосо, алыс узап бараткан аттар көрүнбөйт. Кум-Дөбөдөн өтө бергенде ал аттар да бириндеп артта кала берди. Ошондо да Мырза торунун мойнунан чым этип тер чыкпады. Ашынган саяпкер аттын боюна тамчы тер да калтырган эмес экен. Көрсө күлүк ат табына келгенде ымшып да койбойт тура. Туяктан ыргыган чаңдары ар кай жерден бурт-бурт этин асманга көтөрүлөт. Ошого болбой жер түтпөй ичип-жеп баратат. Канча күлүктү басып өткөнүн Белек билген жок. Эл карааны көрүнүп, Кочкор-Атадан ылдыйкы желе дөбөлөр жакындады. Мурда эле барып элге аралашып калбаса, алдында ат жок экенин Белек ошондо билди. Мырза тору артынан кууп, ызы-чуу түшкөн топко жеткирбей ээликкен бойдон марадан өтүп барып токтоду.
Шамбет күрөң аттын күчүнө салып арткы күлүктөр менен аралаш жетип келди. Ал жолдон ойлонгон. «Мырза тору бул жолку баш байгеден калды, деги ырым алып калсак болду» деп. Жок, андай болбоду. Келсе Мырза тору чыгып, ырчылар биринен сала бири макташып, ат менен Белекти ээрчип жүрүшүптүр.
Тогуз боз үйүн Токтосунга калтырып, коондой тоголонгон жүз торпокту алдына салышып Шамбеттер жолуна түштү. Соогатка бир торпок да карматышкан жок. Төрөгелди уулу чоң айыл эмеспи, аларга батынып бир киши да ооз ачпады.
* * *
1875-жылдын күз айы. Эл жайлоодон кайра тартаарда Соң-Көлдө Нарындагы Ботокандын ашы берилди. Ал башталарына үч күн калганда ар тараптан келген элдин аягы үзүлбөй, көбөйгөндүн үстүнө көбөйдү. Күн батаарга жакын үйүр-үйүрүн бузбай топ-топ болушуп, зып-зып-зып этип канат каккан каз-өрдөктөр көл жээгиндеги түнөгүнө кандай түшүп жатса, Соң-Көлдөгү ашка келген эл да дал ошондой катарлап тигилген үйлөргө түшүп жатышты. Бул ат чабышка да тандалган күлүк аттар жер-жерлерден тандалып көп келди.Чоң сакал Шамбет Кочкорду баскан атактуу саяпкер. Анын Мырза торусу кийинки үч-төрт жылдан бери алдына ат салбайт. Атагы алыска кеткен күлүк. Келбетине жараша телегейи тегиз келген, күлүктүгү бөтөнчө. Бирок Шамбет эмнегедир үч күндөн бери өзүнө-өзү нааразы. Ал атынын табынан жаңылып, эмне кылаар айласын таба албай жатат. Батага[1] эки жолу чапты, чыккан жок. Мурун тарткан жерден чыгып жүргөн Мырза тору бүгүн кемеге жарышта[2] да калды Шамбеттин айласы кетти. Өзүнчө бушайман болуп ичинен сүйлөндү: «Кой... кетейин?! Атымдын табынан жаңылып турам. Кай жеринде кырты бар экенин биле албадым».
Шамбет элден бөлүнүп Мырза торусун алып Соң-Көлдөн кайра тартты. Чоң-Дөбөдөн өтүп калганда алдынан топтошкон эл чыкты. Булар солтолор болчу. Ичинде Шергазы бар. Шергазынын бул ат чабышка атайылап таптан келаткан күлүгү жок. Ал ышкылуу неме жөн гана Соң-Көлдөгү күлүктөрдүн тамашасын көргөнү келди. Салам айтып учурашкандан кийин Шергазы Мырза торуну тиктеп калды.
— И... Шамбет?! Эмне кайра тарттың?
— Кетким келди Шаке.
— Эмне үчүн?
— Ээ... эки-үч күндөн бери Мырза торуну кайра-кайра чапсам мурункусундай эмес, көңүл калтырып салды.
— Тартчы атыңды, мындай?!
Шергазы Мырза торуну мындан мурун да нечен жолу көрүп жүргөн. Атты жолдун четине чыгарды да, жабуусун кайрып соорусун ачты.
— Атың жатып калган экен, бул ат сени кетирбейт го Шамбет, — деди Шергазы.
Шамбет ага карабай жолуна түштү. Шергазылар бир кыр ашкандан кийин, жолдон бурулуп сазга ат чалдырышты. Шамбет Мырза торунун ээр токумун бүт шыпырып жайдактады. Отуруп тура калып, кайра-кайра тиктеп тегерене басып, аттын ар жак-бер жагына чыга берди.
«Бул ат сени кетирбейт го Шамбет, жатып калыптыр». Бул сөз жүрөгүнүн башында туруп алды, ичинен сүйлөндү: «Ой тобоо... Капырай!.. Шергазынын менден артыкчылыгын кара?! Ырас эле ат жатып калган тура. Жүнүн салып, сары жыландай жылтылдап, саздын ар кайсы дөмбүл баштарынан улам бир тиштеп үзүп, шыпылдап жерге токтобойт. Жаныбар! Тынчы кетип табына келген экен. Кой, Белек! (Белек Мырза торуну такай чаап жүргөн бала) кайра тарталы». Шамбет кайра келип элге кошулду.
* * *
Аттар эртеси күнү чабыла турган болду. Мырза тору менен Шамбетти топ арасынан Шергазы алыстан көрдү да, жолдошторуна карап кобурады: «Карагыла, тиги тыт сакал кайра келиптир, атында эки айып бар, билсе чыгарат, билбесе калтырат». Кандай айып экенин жолдошторунун бирөө да сураган жок. Шергазы да айткан жок.Саяпкерлер күлүктөрүн кечки суутууга даярдап жатканда Шамбет мырза торудан түшкө чейин бир тер алды. Дал түштө көл жээгиндеги жашаңга тойгузуп, жумшак кумга оонатты. Шергазы муну да байкап турду. Кечинде эл катары кайра суутуп жөнөдү.
— Тапты — деди Шамбеттин аракетин байкап турган Шергазы жолдошторуна. — Мырза торуда эки тер бар болчу. Кайран тыт сакал. Кыйын экен. Атын оңуна салып кетти.
* * *
Чоң-Дөбө.
Көл аягы. Болгондо да берки өйүз. Төлөктүн белине жакын. Бул Соң-Көлдүн белгилүү жери. Жаратылышта түркүн кызыктар көп эмеспи. Көлдүн кылаасына жакын түптүз жерден томпоюп өйдө көтөрүлүп тоо болгусу келип, анан тоо боло албай калган соң ачыган камырдай көөп борсоюп барып туруп калган дөбө. Ага тушташ көлдүн ошол жаккы четинде агып келип токтогон үзүк сыяктуу Баатай арал жатат. Баатай аралдын бир бурчу кургак жер менен кол кармашып турат. Баатай арал каз, өрдөктүн мекени. Баатай аралга жазда барсаң өрдөк, каздын кыйгач төлдөп жатканын көрөсүң. Уя баскан каз-өрдөктөр таман алдыңан «бар» деп учат. Каздыкы же өрдөктүкү экени белгисиз, чыйылдаган балапандар коюу чыккан калың чөптүн арасында кумурскадай жайнайт. Анан тирденип, канат-куйругу жетилип энесин ээрчийт. Сууда сүзгөндү үйрөнүшөт. Кокус коркунучтуу бир нерседен чочуганда же өзүлөрүнчө эле учкусу келип «дүр» дей түшсө көптүгүн ошондо көрөсүң, күндүн бетин бербей калкалап, жерге кадимкидей көлөкө түшө калат. Ошентип кайта-кайта учушуп, кайта-кайта көлгө чалпылдап түшө беришет. Тажашпайт, чарчашпайт.
Ошолорду карап туруп өзүнчө бир ырахатка батасың. Алардын учканын, алардын көл үстүндөгү тамашасын көз ирмебей көрүп тургуң келет. Айрыкча бирин-бири кубалашып ойногонучу,
ананайындардын,
анысы да өз алдынча бир кызык.Соң-Көлдөгү ат чабышты көргөнү келген эл ошол Чоң-Дөбөнүн айланасына күн чыккандан тартып чогулушту. Элдин этеги Баатай аралга чейин жайылып, чети Кушмурунга жете серпилди. Ботокандын байбичеси аш берердин алдында түш көргөн экен. Байбиче балдары менен туугандарын үйүнө чакырып алып, түшүн жорутту.
«Баатай аралга биздин элдин жылкыларын толтура камагыла. Мейли миң, мейли эки миң болсун. Баш байге — аралдагы жылкы бүт дегиле, менин түшүмө аян берди. Чочулабагыла, өзүбүздүн ат чыгат, байге өзүбүздө калат».
Мына бүгүн дал ошондой болду. Байбиченин айтканындай калың жылкы аралга жык толду. Жылкылар бири-бири менен сөйкөнүшүп, биринин куйрук жалын бири жалмалап жатышты. Иримдин имерилген айланпа суусундай көп жылкынын орто жери чуңкураят. Тимеле чуркураган кара таан. Көл менен аралдын эзелтен берки ээси болгон каз-өрдөктөр камалган жылкыга аралын бошотуп берип кайда кеткени дайыны жок. Анда-санда гана чалгынчылардан бетер бирин-серини зыпылдап учуп келишет да, кайра кетишет. Сыягы алар аралдын бош эмес экенин байкап кетип жатышса керек.
Чабылуучу аттар чубатуудан өтүп узак кеткенден кийин адаттагыдай Шергазыны эл тегеректешти.
— Шергазы эмне дээр экен?! — мойнун созуп, кулагын тосуп, тикирейе тиктеген көпчүлүк. Ошол элдин арасында Ботокандын байбичеси жиберген тыңдоочу Шергазыга жабыша калчудай колтугуна кыналып, өтө жакын турат.
«Бүгүн эки тору ат узак салгылашат. Өлбөгөн жерде калышат. Жандарын үрөйт. Эрегишип чуркашат. Экөө тең кыл табында. Кимиси чыгаарын билбейм. Үчүнчү ат Муратаалынын боз чаары болор. Төртүнчү болуп Ботокандын өз аты келет». Шергазы дал ушундай даана айтып таштады. Шергазынын бул сөзүн уккан Ботокандын байбичесинин тыңдоочусу түн жутуп кеткен жалгыз караандай болуп элдин коюусуна сиңип жок болду.
Бул ашка Жумгалдан Жаназардын тору аты да келген. Тору ат — атактуу күлүктөрдөн. Бул ат да Шергазыга кунанынан бери белгилүү. Аягы Талас, башы Чүй, Ат-Башы, Нарын болгон жеринде нечен чабылган ат. Бирде биринчи, бирде экинчи болуп байгеден кур калбай жүргөн күлүк. Жаназардын колунда жок, нары жарды, нары букара болгондуктан, мындай атактуу аттын ээси болууга акысы жок да. Ошондуктан Жаназар бар болгону үч жыл гана тору атка ээ болду. Андан кийин атын зөөкүрлөр тартып кеткен. Бул ашта тору атка саяктын манабы Мырзабек ээ болду. Мырзабекке Жаназардан Кочкордун болушу Канат алып берген экен.
Аттарды Чоң-Дөбөдөн көлдүн күн батышын көздөй имерилте айдап олтуруп, Кара-Кеченин сайынан өткөрүп, анан аркы өйүзүнө салып кайра ылдый жээктетип, көлдүн түндүк тарабын бойлото сүрүп, аркы Нарын жаккы учу үч тулгадан кое бермек болушту. Ошондо Чоң-Дөбө менен Үч тулга өйүз-бүйүз, тушма-туш боло түшөт. Кыскасы, күлүктөр көлдүн аяк-башын толук бир айланып келет.
Шамбет өзүнүн жакын агасы Ыбыкенин Бука тору деген аты менен түпкү сүрөөгө барып, Кара кеченин сайынын берки кырында турду. Бириндеген күлүк аттардын карааны араңдан зорго түш оой бешимге жакын бүл-бүл көрүндү. Бийиктен кулаган жалгыз таштай анда-санда жерге бир тийип алыстан-алыстан келаткан бир караандын элеси көрүнөт. Бир аздан кийин ошол элес учуп-күйүп Шамбеттин ээк алдына кирип келди. Боз чамбыл болуп топурак-чаңга жуурулган аттын жанына келгенде араң тааныды Шамбет. «Мырза тору, өзүнүн Мырза торусу». Артында ат жок. Дегеле бир да күлүктүн дайыны билинбейт. Мырза тору бул жолу аттардан бөтөнчө бөлөк бөлүнүптүр. Шамбеттин сүйүнгөнүн сураба? Эмне кылаарын билалбай айласы кетип, апкаарый түштү. Жүрөгү бууруккан кулундай туйлайт. «Дүпө-дүп, дүпө-дүп». Чекесинен аккан муздак тер жаагы ылдый куюлуп, калың чыккан кылкандуу арпага жайылган суудай коюу сакалдын арасына жылжып кирип билинбей жок болуп жатты.
Шамбет аттын алдынан чыгып токтотту. Бука торудан шапа-шуп учуп түштү. Мырза торунун чамбылала көбүктөнгөн көздөрүнүн тегерегин чөнтөгүнөн жүз аарчысын сууруп чыгып, өз бетинен аккан терди аарчыбастан мурун, шыпылдатып сүрүп жиберди. Шамбеттин жүрөгүнүн дүбүртү Мырза торунун дүбүртүнөн кем эмес. «Түрс-турс, түрс-түрс, дик-дик, дик-дик». Анан шаша сүйлөдү:
— Белек айланайын оозун жый! Артында ат жок турбайбы? Шашпа!.. Жай жүрүп олтур. Тизгиниңди ээрдин кашына бекем оро! Бошотпо! Белек Шамбетти көргөндө эрээркей түштүбү, калтаарып кетти:
— Коркуп баратам! Тизгинге алым жетпей койду! Колум карышып калды! Мырза торунун бүгүнкүдөй чуркаганын биринчи көрүшүм! Ээрдин үстүнө токтой албай койдум. — Мындан башка Белектен үн чыккан жок. Шамбет шашкалактап тизгин буруп, атты жолго салды. Көрсө Мырза тору үч-төрт күндөн бери улам чабылып, улам сууту жеп жатып, кыл табына келип калган тура. Муну кечээ дасыккан саяпкер Шергазы биле коюп: «Бул ат сени кетирбейт го, Шамбет» дегени ушул тура.
Мырза тору узагандан узай берди. Бука торуну борбуйлата басып-басып алып, алды кийинин карабай артынан Шамбет удаа жөнөдү. Ал ичинен кобурап, ат үстүнөн өзүнчө күнгүрөнүп баратат: «Баатай арал, калың жылкы!» Баатай арал, калың жылкы!» Мындан башка эч нерсе анын оюна түшкөн жок.
Жок. Аңгыча болбой Жаназардын торусу Шамбеттин он жагынан куушурулган ылаачындай «шуу» этип өтүп кетти. Тигил аттын илебин көргөн Шамбеттин жүрөгү оозуна каптала түштү. Алдындагы Бука тору да ала-сала күлүктөрдү шаштырган курч да, жүгүрүмдүү да жылкы эле. Чоң-сүрөөлөрдө атты эки-үч жолу тартчу. Ал эми азыр Бука торуга эмне болду?.. Капкайдан келаткан аттан тынч сөөк туруп, бутун буугандай тыбырап бир орунда калды. Деги жанашса боло Жаназардын торусуна?! ..
Шамбет ат үстүндө кетип баратып өз санын өзү эки-уч жолу чаап-чаап алды, анан бакырып-бакырып жиберди: «Кокуй-кокуй! Оозун жый деп эмнеге айттым экен Белекти! Бул ат жан койбойт го, учуп баратат!» Шамбет Жаназардын тору атынын артынан эки көзүн албай ээрчий карап, Бука торуну койгулакка алып баратат. Анын бакырганын Бука торудан башка эч жан уккан жок. Шамбеттей нечендердин кызыгына батып келген, мындайлардын далайын башынан өткөргөн, жээлигип желпинбеген, жамандыкты да, жакшылыкты да, ачтыкты да, токтукту да, бардыкты да, жоктукту да, калыстыкты да, зордукту да, зулумдукту да, адилеттикти да, сүйүнүчтү да, өкүнүчтү да — бирин ылгабай тең санап баарын батырган, баарын түпкүрүнө терең чөгөрүп сактаган Соң-Көл гана мелтиреп жылмая карап, тымызын күлүмсүрөгөндөй болду,
Эки белес ашкандан кийин таман астындагы жолдун өйүз-бүйүзүндө экөө эки жерде эки бөлөк тамтаңдап ордунан тура албай жаткан Мырза тору менен Белекти көрдү Шамбет. Ат менен баланын оозу, мурдунан кан кеткен. Ала сала көргөндө Шамбеттин бүткөн бою жүрөгүнө бычак такала калгандай «дүр» дей түштү. «Баатай арал, калың жылкы» оозунан бадырактай чачылып кетти. Өз көзүнө өзү ишене албады. А дегенде Белекти, анан Мырза торуну тургузуп эс алдырды. Анан көптө барып талма оорусу бар адамдай эсин жыйды. Ат да, бала да ары бери темтеңдеп аягы менен тик тура алышпай баштарын шылкыйтып калчылдап, улам жыгылып кете жаздап жерди көздөй ыкыс берип жатышты. О кайда, далайдан кийин эс алышты.
Жаназардын тору атын утурлап тоскон Мырзабек болуш топтошкон жигиттери менен аттын өлүгүнүн үстүнөн чыкты. Тору аттын ооз омурткасы омкорулуп, жүлүнү үзүлүп кетиптир. Ат чапкан бала да жерге катуу тийген экен: «Койдурду» деген сөздү тиштенип жатып, күч менен араң бөлүп-бөлүп айтты. Аңгыча болбой Муратаалынын боз чаарынын жыгылганы угулду. Аны да бирөө койдуруптур.
Мырзабек болуш атынын өлүгүн тиктеп-тиктеп туруп, анан эчкирип-эчкирип өкүрүп жиберди. Ага кошулуп кошоматчы жигиттери да ызы-чуу түшүп өкүрүштү. Мырзабек: Баатай аралдагы калың жылкылар колума тийбей калды деп өкүрдүбү, же күлүк атынын күйүтүнө чыдабай өкүрдүбү, айтор, өкүрөөрүн өкүрдү. Ошол топ ичинен суурулуп чыгып бир акын:
Андай тору ат элдедир,
Баасы бир жүз теңгедир
Өлгөн атка өкүргөн,
Манап болбой жерге кир
Аман болсо Канатың,
Дале берет тору атын деп ырдап кое берсе болобу?! Аттын өлүгүнөн да Мырзабек болуштун жүрөгүнө тиги акындын ыры жаанын жебесиндей сайылды. Мырзабек шылдыңдап ырдагандыгы үчүн акынга кордук көрсөткүсү келди. Бирок эл акынды колдоп кетти. Ал акын Молдо Кылыч болчу.
Күүгүм талаш ошол жазда бычылган Ботокандын өзүнүн кандуу бут көк быштысы марага биринчи болуп келди. Аны жолдон «койдуруп жыккан жан» болбоптур. «Баатай аралдагы» калың жылкы өрүшүн бет алып «чур» дей түштү. Аралдын бети бошоору менен өрдөк-каздар учун келип өз мекенин өзүлөрү ээлеп калышты.
«Касиеттүү байбиченин түшүнүн төп келгенин кара?!!»
[1] Бата — чоң чабыш болгончо аттарды сынап, чакан байге сайып чабыла бере турган оюнду «Бата» дейт.
[2] Кемеге жарыш — майда байге.
#18 24 December 2015 - 08:02
АЛБАЧЫНЫН КАРА БОЗУ
— Албаа-албаа- албаа!..
Алыстан-алыстан үзүлүп-үзүлүп, анда-санда созолонгон үн угулат. Бул добуш жакындаган сайын эшиктен да, үйдөн да балдар жүгүрүп чыгышып, үрккөн козулардай удургуйт. Анан чогулуп топтошо түшөт да алар да кыйкырышат.
— Албачы келатат, албачы келатат?!.
Албачынын арабага кошкону — боруктун күң жилигиндей болгон туйтуйган тоголок кара ооз асый. Өркөчүндө тебетейдей томпоюп өлүү жоору көрүнүп турат. Кыр аркасынан соорусуна чейин желе тартып созулган кырчаңгысы да бар. Албачынын амалын көр. Деги эле кой! Болбойт!.. Кырчаңгысын жымсалдап кызыл-жашыл түр салган чачылуу кооз жабуу менен үстү-башын билгизбей чүмбөттөп алыптыр. Мойнундагы шалкыраак тагылган сары коло коңгуроо араба козголгон сайын алда кайдан шаңгырап балдардын делебесин козгойт. Анысы аз келгенсип кара боздун башын ак сайма кулакчын менен тысырайтып кулакчындап койгон. Ысык-Атанын оозундагы Жал арыкты бойлоп чачырап конгон калың айыл. Ошол айылдын биринен сала бирин аралап, анда-санда атына шапалагын үйрүп, арабасын кылдыратып албачы дунган келатат.
Арабанын алды-артында топураган майда балдар. Балдардын арасында жыңайлагы да бар, жылаңбашы да бар, жылаңачы да бар. Алар албачыдан эки көзүн алышпайт. Жолдун таманындагы буркураган бош топуракты кече чуркашып, чаңын асманга чыгарышат. Анан жабалакташып биринен сала бири албачыга суроо беришет.
— Байке? Албаңызды эмнеге сатасыз?
— Териге, чапкилге[1] , жүнгө.
Балдар кайра кыйкырышып, тызылдаган бойдон үйлөрүн көздөй жөнөшөт.
— Тери, жүн, чапкил! Тери, жүн, чапкил!
Үйдөн энелери жүн, терилерин колтугуна кысып, албачыны бет алып балдарын ээрчий басышат. Албачы алган буюмдарын иреттеп арабасынын артына жыят да, анын ордуна тигилерге тиешелүү албасын кадактап берет. Балдар колдорундагы албаларын бири-бирине көрсөтүшөт. Култуңдашат. Эт-бетине батпай кудуңдап кубанышат. Албачы андан ары да кыйкырып жөнөйт.
— Албаа-албаа- албаа!
Ошентип кыйкырып келатып, албачы Шергазынын айлына да жете келди.
Албачы бул өрөөндөгү айылды да нечен аралаган. Кара боз экөөнө быяктын эли да тааныш, жолу да тааныш. Алардын шашылышы жок. Бирде токтоп, бирде жыла берет. Кара боздун бир жаман жери, саал шал камчыраак. Көбүн эсе шапалакка сүйөнөт. Кол көтөргөндө гана бөрт-бөрт желген болот. Болбосо көнүмүш калыбын жазбайт. Албачы буга да макул. Ал атынын кашаңдыгына таарынбайт. Кара боздун ою менен болот. Болбоско айласы канча? Кара боздун шыпкалган күчү ошол. Андан ары сыкса да эч нерсе жок. Мындан башка аты болсо албачы топусун көккө ыргытпайбы?
Ошол кунү Шергазынын үйүндө топтошкон эл көп эле. Күзгү ат чабыштын камы. Күлүк сынатуу, тап үйрөнүү, саяпкерден кенеш алуу.
— Албаа, алба, албаа!
Мына, албачы да келип калды. Дагы бул айылдан жүгүрүп чыгып жабалактаган балдар. Дагы терисин сүйрөп, жүнүн колтуктап, кичинекейлерин колунан жетелеген энелер. Шергазы баш болуп бир жоон тобу албачынын арабасын тегеректешти. Шергазынын көзү арабадагы түйтук Кара бозду теше тиктейт. Анын ар жак, бер жагын карап имерилип басат. Ичке түшчү ордочудай имере тооруп, Кара боздон эки көзүн албайт. Бул айылдан соодасы бүтүп, албачы арабасын дагы жылдырды. Шергазынын тынчы кетти. Ал чыдай албады. Албачыны узатпай кыйкырды:
— Ой, албачы, токто.
Албачы кара боздун тизгинин жыйды. Артына кылчайды.
— Неме болду?!
— Эчтеке болгон жок.
Шергазы албачынын көзүнө карап, ойлуу жылмайды да суроолуу тиктеди:
— Атыңы сатасыңбы?
— Жалгыз атты сатып, арабага не кошоду?
— Мен ордуна чоң жакшы ат берем. Арабакеч, балбан айгыр. Канча жүк салсаң ошончо сал. Баарын тартат. Сеники эмне, кичинекей, түйтүк. Арабадан бат чыгат.
Албачы бир аз ойлоно калды, анан Шергазыны карады:
— Сеники кандай ат?.. Көрсө керек?!.
— Мен азыр келем. — Шергазы үйүн көздөй шаша басып, мамыда байлануу турган чоң жал тору айгырды жетелеп келди. Тору айгыр тору айгыр экен. Деги кудайды карабаган зор жылкы. Албачынын Кара бозун бөктөрүп койсо көтөрө чуркачудай. Буура көкүл, атан сан. Буту пилдикиндей жоон. Белине артылып басмайыл жетчүдөй эмес. Туяктары табактай, булчуңдары аяктай.
Айгырды көргөндө андай аттан көзү каткан албачынын эки көзү жайнай түштү. Жаман атка жакшы ат айырбаштайт деген үч уктаса түшкө кирбеген жорук да. Албачы сүйүнгөнүнө чыдабай күлүп жиберди:
— Болду!.. Айрыбаш кылады.
Албачы Кара бозду арабадан бошотуп, үртүгүн сыйрыды да Шергазыга берди. Шергазы тору айгырдын чылбырынын учун албачыга карматты. Албачы тору айгырды алганына сүйүндү. Шергазы кара бозго жеткенине кубанды.
Соода бүттү.
* * *
Албачы кетээри менен ошердеги чогулган топ эл Шергазынын Кара боорун тегеректешти.
Кабыргасы аркайып, бирден саналат. Арык. Кырчаңгы. Жоор. Куйругу ысылы-сууктан бузулуп бөкөн болуптур. Сопол тартып жыдып, чубалып түшүп турат. Байкуш кара бозду үстүндөгү кооз жабуусу гана билгизбей бешене рабдалын жашырып турган экен. Аны албачы сыйрып кеткен соң тамтыгы чыгып, пардасы оркоюп ачылып калса болот да. Эл биринен-бири өтүп дуулдашты.
— Э кокуй киши, муну эмне кыласың?!.
— Ой, тору айгырдын бир санынан садага кетсин ушу!..
— Бул күлүк болуп эмнени кыйратат?! .
— Ушу чуркабай кара жерге кирсин,
— Кайран тору айгыр?!. Ушу жаманга кор болду ээ?!
Шергазы каухар таап алгандай сүйүнүп, жадырап-жайнап култуңдады:
— Силер билгенче качан?! Бул — мээ жок күлүк.
* * *
Жаз алды менен Шергазы Кара бозду көктөмгө агытты. Жоготуп жибергендей үмүтүн үзүп, ошол бойдон эсинен чыгарып таштады. Анда-санда гана жайлоого катышкандардан сурап коюп жүрдү. Жайлоодон мал жакага түшкөндө ар ким жалгыз-жарым кошконун ала башташты. Шергазы жылкынын ичинен Кара бозду көргөндө кубанып кетти. Жаныбар. Толгон экен. Мейли адам, мейли мал көңүлү өссө ошо да. Аркардыкындай эки көзү бажырайып жайнайт. Жүндөрү кара күрөң тартып, калтардын бермет кылындай жылтылдап кулпунуп турат. Жылкыдан бөтөнчө сулуу. Адам тике карай албайт. Көз уялат. Бели түп-түз. Үстүнө киши жатып уктагандай.
Жайлоонун ээн төрүндө оттоп жүрүп, көңүлү өскөн окшойт. Чөйчөк алып, тунук семириптир.
«Баягы албачы арабага чеккен кашаң Кара боз» деп адам оозу барып айткыдай эмес. Жону кулундукундай таза. Жоор менен кырчаңгыдан бармак басым калбаптыр. Энесинен кайра төрөлгөнбү,
өзгөрүлүптүр жаныбар.Ошол жылы күздөй мейли ат чабыш мейли жеке жарыш болсун, Кара боз алдына жылкы салган жок. Дамамат биринчиликти ээлеп жүрдү. Шергазы андан кийинки жылдарда да Кара бозду көп чапты. Байге албай куру калган учуру болбоду.
Чүйдүн Кегетисинде атактуу Эшикбайдын ашы болду. Кегетинин өндүрү элге жык-жыйма. Чуй боорундагы күлүктөрдүн баары бүт келди. Баш байгеси эки тогуз, он жамбы. Экинчи атка бир тогуз. Калгандарына андан азыраак байге коюлду.
Шергазы Кара бозун баласы Ныязкулуна мингизип ат чубатуудан өткөрттү. Күлүктөр кетээри менен айылдан ээрчий келген туугандары Шергазыны тегеректешти.
— Шеке, Кара боз кандай?
— Бүгүн намыс алып бере алабы?
— Атаңдын көрү ушул Сасыкбайдын малын алдыга салып айдасак!..
Эл үстөккө-босток топтошуп, биринин артынан бири теминип, Шергазынын тегерегинде чокмороктошот. Бүгүн Шергазынын мүнөзү баштагыдай эмес. Көңүлсүз. Бул сапар «Кара боз сөзсүз чыгат» деп кесе айталбай олтурат. Ал кандайдыр бир аттан шек алгандай эбеп жип май кылгыргансып туруп алды. Анан көптө барып элдин суроосуна жооп кайтарды:
— Байкадыңарбы, аттардын ичинде бир чалыш жээрде ат баратат?! — Элдин бир тобу: «байкадык» дегендей башын ийкеди — Шегим ошондо. Ал Кеминден келди. Өмүрзак таптаптыр. Мен билгенден Өмүрзак Чүй боорундагы саяпкерлердин алды десе алды. Күлүктүн табын биле коет. Аттын жайын менден көп сурачу. Жылкы болгон жерине бөтөнчө шыктуу. Күлүк ат дегенде ыкшып калат. Эт бетинен кетет. Өмүрзак жээрде атты табына келтирип келиптир. Анын үстүнө жээрде аттын күлүктүгү менин Кара бозуман алда канча өйдө.
Шергазы токтоло калды да анан сөздүн аягын кайра улады:
— Эми мында бур иш бар. Аттарды Кең-Булуңга жеткире сүрүп кое берсе жээрде ат алыс келет. Кокус берки Ак Бешимден кое берсе анда Кара боз эшик-төрдөй араң чыгат. Эгер Ак-Бешимден эңкейтип кое берсе, анда Кара боз жээрде ат менен суулукташып марага тең кирет. Байге талаш болот. А балким чыр чыгып кетиши да ыктымал.
Эл дүүдүрөңдөй түштү. Аңгыча: «Аттарды Ак-Бешимди эңкейтип кое берет экен» деген кабар угулуп калды. Маранын туусу Боз секинин үстүндөгү кашатта желбиреп турат. Анын жанына жан жолотпойт. Жакындаганды алда кайдан качырышып, сайгак куугандай кубалашат.
Эртең менен айдалган аттар түшкө жакын келди. А дегенде алыстап бүлбүлдөп чыгып келаткан аттын карааны көрүндү. Күлүк чапкандардын моюндары узаргандан узарып баратат. Эки үзөңгүсүн бутунун башы менен тээп, кокое ылдый жакты тиктешет. Кээ бирлери ителгидей тетири салат. Бийик дөбөчөлөрдү көздөй чабышат. Жалаң саяпкерлер менен ат ээлери мындай турсун көпчүлүктүн эси-дарты төмөн жак.
Баягы жалгыз караан жакындагандан жакындады. Жок, аңгыча болбой анын артынан дагы бир созолонгон элес көрүндү. Ал ыргыткан таштай зуулдап, урунуп-беринип жанын жанга уруп, берки алдыңкы аттан да катуу келатат. Чыккан ат элдин аягына илине түшкөндө ошо тараптан чуу көтөрүлдү:
— Албачынын Кара бозу, албачынын Кара бозу!
Анын артынан сүрө келаткан кеминдиктин жээрдеси экен. Топко жакындаганда мурдагысынан да катуу чуркады. Көрсө, чуу көтөргөн жылкы тура. Тиги көпчүлүк элдин кыйкырык-сүрөөнүн уккандан кийин Кара боздун такымына учуп конгондой жабышты. Бат эле эки ат марага чукул кирип келди. Үстүндөгү балдардын тизелери кагышып үзөңгүлөр урунушту. Ээк алдында мара. Марага кошунан ажырабай экөө бирдей, кылдай тең келип тийди. Жээрде аттын саяпкери Өмүрзак бакырып жиберди:
— Аттигин ай! Мара дагы бир аз эшик-төрдөй алыс болгондо эмне?!.
Байге талашка түштү. Эл чуулдап жатат.
— Биринчи байге менен экинчи байге кошулуп, эки атка тең бөлүнүп берилсин! ..
— Жок. Андай эмес. Эки байге кошулсун. Кара боз менен жээрде кайра чабылсын.
— Экөөнүн кимиси чыкса ошонусу алсын.
Эки ат кайра чабылсын дегенде Өмүрзак жантыгынан кетти. Ал жээрдесинин күлүктүгүнө да, күүсүнө да ишенип турат. Жана бир аз болгондо эмне? Кара бозду окустатып коймок.
Чынында кайра чабышка Шергазы көңүлсүз болчу. Ал Кара бозго көп ишене албады. Байгени тең бөлүп алсак деген ойдо турду. Кара боздун жээрде аттан калаарына саяпкердин көзү даана жетип турат. Талаш-тартышта Өмүрзак тарап үстөмдүк кылып кетти. Аны күч алдырган — аш берген тарап. Айыл ошолордуку, эл ошолордуку. Шергазылар анчейин гана төмөнкү элден келген сый меймандар. Байге аралаштырылды. Эки ат кайра чабылмак болду.
Шергазы кара бозду шар суунун жээгине алпарып жайдактады. Адегенде сооруга, анан эки капталды муздак суу менен чакалап урду. Ат бир аз чыйрыкты. Шергазы топтон алыс бөлүндү да алыштын жээгиндеги алыштын жашаңга Кара бозду өзү жетелеп откозду. Анын бул жалгыздаганында жашыруун сыр бар болучу. Шергазы Кара боздун ооздугун чыгарган эмес. Ат башын жерге салып жутунган сайын суулугунан сүйөп өйдө тартып жүрдү. Тумшугун жерге тийгизгени болбосо, бир тал чөп үздүргөн жок. Жөн гана тоңкочуктатып, жер сүздүрүп жетелеп турду.
Шергазынын бул амалын Өмүрзак билбей калды. Ал атын үшүк чалып кеткен алысын көк чөпкө жайдактап кое берип курсагын кампайтып салды.
Бир аздан соң Шергазы Кара бозду сууга алып жөнөдү. Ал сууну да толук ичирген жок. Шар аккан жеринен ооздугу менен үч-төрт каптырып-каптырып кайра тартып алды. Муну алыстан байкап турган Өмүрзак жээрдени сууга ою менен коё берди. Ичи ысып турган ат муздак суудан кере жутту. Топонго тойгон уйдай эки капталы кампайып чыга түштү.
Шергазы жем баштыкты кап ортолоп Кара бозго жем илди. Бул даана жемдин өзү эмес эле. Анын ичинде тоголок дан жок. Майдаланган гана кургак бетеге бар болучу. Шергазынын мындай «буктурмаларын» Өмүрзак элес албады. Анын оюна эч нерсе келбей Шергазы эмне кылса ошону кылып жатты. Жээрде атка шаша-буша беш кочуш жем илип жиберди.
Эки ат кайра чабылды. Бирок, мурунку чегине жеткире айдалган жок. Буга эки тарап тең макул болду. Көптөн кийин аттардын карааны көрүндү. Кара боз алда кайда келатат. Алыс чыгыптыр. Ал мурдагысынан да катуу чуркап алган көрүнөт. Жерге жукпайт.
— Бүгүн буга канаты менен куш учуп жетпейт!..
Ызы-чуу. Кыйкырык. Эл дуулдайт. Бир жоон тобу дабырата чапкан бойдон элден өтүп кеткен Кара боздун артынан кетишти.
Оо кайда! Көптөн кийин көл-шал түшүп терге чөмүлгөн жээрде ат келди. Жарылып кетчүдөй ичи дардайып көпкөн. Эки капшыты үйлөгөн табарсыктай тарсаят. Баягы үшүк чалган балырдай көк чөп, арпанын бүдүрлөрү куйругунун учу менен тең атат. Аны көрүп турган Шергазы: «Табын билбесе ошо болот да» деп тим болду.
[1] Чапкил — ичтен түшкөн козунун жылбырскы көрпөсү
УЙЧУ КАРАГЕР
Ныязкул уйларды жайыттан эрте козгоду. Таң аткандан тартып көз ачырбай төгүп турган ак жаандан да бүгүнкү Көк-Дөбөдө чогулган уйчу-койчулардын шылдыңы Ныязкулдун өтмө катарынан өтүп, эс тарткан баланын денесин ичиркентти. Ныязкул үйгө ылдам жетүүнү самады. Мына, ал дал ошондой кылды. Алдындагы кашаң карагер асыйды, учун чакылдак кылып алган узун өрүмдүү камчысы менен борбуйлата- борбуйлата ачууланган мүнөздө удаа-удаа басып-басып алды да бириндеген уйларын ар кай жерден терип чогулта баштады. Карагер такымга чак-чак тийген камчынын уусуна чыдай албай арткы буттарын асманды карай сырактатып, караган-черге жулдурган сопол куйругун кайра-кайра шыйпанып, анан зоңк-зоңк этип, көнүмүш желиши менен көңүл улап бир аз жерге зөңкүлдөгөн болду. Шапалактын шак-шак эткен добушун дуулдатып, улам-улам оң колу менен башынан айланта шилтеп, уйларын Ныязкул бирпастын ортосунда чогултту. Дамаамат эртели кеч ар дайым алдында жүрүүчү тайтак мүйүз баштаак кызыл уй, жолдун аркы өйүз, берки өйүзүндөгү көзү түшүп кызыккан чөбүнүн башын улам чалып күш-быш этип, күндөгү басып көнгөн капталдагы жалгыз аяк ичке жол менен айылды карай салды. Анын артынан желини чыңалган саан уйлар биринен сала бири каркырадай чубады. Үйлөрүнө жакындаган сайын музоосун эстеген уйлар мөөрөп, кай бирлери музоонун үнүн улап оңшоңдоп желди. Ак жайыктагы калын айылдын кечкисин уй тосуп чыккан майда балдары топ-топ болуп шүдүгөрлүү жумшак шибердин үстү менен жыңайлак чуркашып, бирден, экиден уйлардын артынан түшүп, бирөө куйруктаса, экинчиси ичке чыбык менен чыпылдатып соорулап баратат. Эми эле тиги капталдын бетин бербей келаткан калың уйлар бириндеп отуруп көз ачып жумганча айылдын арасына сиңип кетти.
Ныязкул күндөгүсүндөй Карагерди эшиктин алдындагы мамыга аса байлап, тизгинин каңтарып, узун шапалагын сүйрөп үйгө кирди. Коломтодо от алоолонуп ири карагайдын жарындылары чатырап күйүп жаткан. Сыягы баласынын жаанда суу болуп үшүгөнүн Батма апа алдын ала билсе керек, анткени коломтодо чоктонгон жыгачтын көмүрү додолонуп калыптыр. Эшиктен шөмтүрөп кирип келген баласын көргөндө Батма апа олтурган ордунан ыргып тура калды. Карбаластай түштү. Эбедени эзилип кетти. Ниязкул үстүндөгү оор кийимдерин чечип керегенин башына катарлап илди. Кийимдерден сарыккан суу этектин учуна жеткенде туурдуктун аягындагы керегеге каланган соккон чийдин түбүнө үстөккө-босток тамчылап тыпылдай баштады.
— Өтүгүңдү чеч... Калпагыңды сабоонун башына илип, тизгичке кыстар. Тигине, атаңдын чепкенин жамын. — Батма апа жүктүн үстүндөгү бүктөлүп жыйылуу турган Шергазынын тепме[1] чепкенин көргөздү.
Ныязкул шашпай акырын басып барып атасынын чепкенин үстүнө жамынды. Кайра келип жыңайлак буттарын оттун жакасындагы коломтого сунуп, үшүгөн колдорунун манжаларын ушалап, улам-улам чокко кайсап тапка ысыган алакандары менен томуккан беттерин басып жылыта баштады. Анан ичиндеги думуккан күптүсү шаштырды окшойт, Токтоно албай апасынан сурады:
— Атам кайда кеткен апа?!.
— Ажыныкында го.
Шергазы элге белгилүү атагы чыккан саяпкер болгону менен колу тайкы жетишсиз бакырдын бири. Жалгыз ат, жалан тондуу. Бир музоолуу уйдан арбын мал күтпөгөн. Малды ким деген жаман көрөт. Ар жагындагы көрөнгөнүн чамасы аз. Ошондуктан жайдыр-кыштыр Сулайман ажынын топору. Сулайман ажы Шергазыга күлүгүн байлатат. Малайы катары жумушун иштетет. Сулаймандын айлы жайлоого, арашандын ак жайыгына көчкөндө Шергазы да кошо көчүп, конуштун бир четине сербейтип кара алачыгын тигет. Жайдыр-кыштыр Сулаймандыкынан шорпо аңдыйт. Баласы Ныязкул жыл бою Сулаймандын ага-инилеринин, коңшу-колоңдорунун уюн кайтарат.
Ныязкул минген Карагер Шергазынын өзүнүкү. Өткөн жылы төмөнкү чылпактагы чоң ашта Сулаймандын боз аргымагы чыккан. Ошондо Шергазыга соогатка тийген ушул Карагер... Анткени боз аргымакты боз аргымак кылган Шергазы. Карагерден башка Шергазыда кыл куйруктан арам болсун, эчтеке жок. Шергазы эки жакка бастырарда атты так ушул Сулайман ажыдан минет.
Ныязкул күндөгүдөй болбой кабагын салып, түнт мүнөздө олтурду. Уулунун бүгүнкү бүркөөсүн апасы Батма анчалык элес албай, алдына ысыган сүт менен нан койду. Ныязкул тамагын ичип, идишин апасын көздөй узатаары менен эшиктен атасынын добушу угулду. Шергазы үйгө шар кирип келди. Ныязкул ордунан козголуп, улага жакка бир аз сыйлыкты. Атасы ар дайым отуруп көнгөн ордуна барып конду. Анан Ныязкулду карады:
— Үшүдүң го, бугун, уулум, — Ныязкулдун илинип турган киймине көз жүгүртүп, — жаан аябай өткөн экен.
Ныязкул атасына таарынып мурчуйгансыды да башын жерге салып:
— Өттү — деп күңк этти. Андан кийин көпкө чейин сүйлөгөн жок. Мурдагысындай колун отко кактап унчукпай бултуюп олтура берди.
— Сен эмне бугун... унчукпай... бултуюп калгансың? — Шергазы баласынын кабагына карап ойлуу тиктеди. Ныязкул ордунан күйшөлүп мукактана атасына жооп айтты. ,
— Бүгүн катуу... Аябай ыза болдум ата, — ал мурдагы калыбынан жазган жок. Башын жерден албай мүңкүрөп сүйлөдү. Шергазы чочуп кетти:
— Эмне үчүн айланайын?! . Кимдер ал?! Сени ызалаган?! . — Ныязкул бүгүнкү болгон окуяны атасына башынан аягына чейин айта баштады.
— Бүгүн... Түштө... уйчу-койчулардын тобу Көк-Дөбөгө чогулдук. Алардын эрмеги мен болдум. Көбүнчө сизди жамандашты.
— Эмне деп? — Шергазы үрпөйө түштү. Ныязкул сөзүн улады.
— Атаң күлүк болчу жылкыны кулунунан тааныйт. Ат чабышта кайсы ат чыгаарын, кайсы ат калаарын алдын ала билип, олуядан бетер какшап турат. Элдин баары аттарын сенин атаңа сынатат. «Чап» десе чабат, «кой» десе коет. Анан атаң экөөң бир күлүк таап алып, эл алган байгени өзүңөр эмне албайсыңар? !. Ушинтип сен уй кайтарып, атаң ар кимге кошомат кылып, мисалы, Сулайманга окшогон манаптардын күлүгүн таптап, такымын өйкөп, шымын жыртып, көчүгүн көк ээрге такылдатып жүрүп томаяк бойдон бул дүйнөдөн өтүп кетесиңерби? Силерде ар-намыс барбы? Биздин аталарыбыз сенин атаңдай аттын сырын билген саяпкер, сынчы киши болсо минтип бирөөнүн малын кайтарып кор болуп жүрбөйт элек. Атаңдын сага тандап берген «тулпары» алдагы кашаң карагер го? — деп аябай шылдың кылышты. Дагы-дагы мындан жаман сөздөрдү айтышты. Мен катуу ыза болгонумдан аз жерден ыйлап жибере жаздадым.
— Ай акмак десе!.. Ошого да ызаланат бекен?! Мына... сенин эшиктеги Карагериң мээ жок күлүк. Күзүндө өзүбүздүн айылда Баатыркандын ашы болот. Ошондо Карагерди чабабыз.
— Койчу, ата, ушу Карагерди кантип чапсын?
— Эмне дейт айбан?.. Сөзсүз чыгат!..
— Койчу, ата?.. Баягынын үстүнө элге дагы шылдың болобуз. Карагер жылкы эмес, уйга жетпейт. Анысы аз келгенсип кашаң. Жүз чапсаң бир солк этпейт. Куйругун шыйпанып, арткы эки бутун сырактатып, жер тепкилеп туруп алса баягынын үстүнө мындан бетер элге шерменде болбойбузбу. ..
— Карасаң мунун балалыгын?! . Күлүк ыкшоо болот. Чуркаар мезгилинде өзү эле чуркап коет. Жылкыны сен менден жакшы билесиңби?! .
Шергазы аталык кылып, Ныязкулга корчоңдоп койду... Баласынын көңүлү жайлана түштү.
— Анда муну күзгө чейин кое берели, оттосун?!.
— Жөн кой. Мине бер, учурунда таптайбыз.
Ныязкул атасынын сөзүнө бирде ишенсе, бирде ишенген жок. «Кантип ушул карагер күлүк болсун. Жылкы деген гана аты бар. Туягы тегерек болгону менен эшектен айырмасы жок. Кашаңдыгы өгүздөн жаман. Кышкысын дайым кырчаңгы, өзүнөн өзү урунуп-беринип, там-таштан кыя өтпөй кашынганы кашынган, сөйкөнгөнү сөйкөнгөн. Дамамат жонунан жоор кетпейт. Анын үстүнө куйрук-жалы сополдонуп түшүп турса. Кебетеси тигил. Жылкыга окшобойт. Качырдай эки кулагы шалпайып суусаган атандай эриндери салаңдап турат. Анан ушу кантип чуркасын?! » Ныязкул ичинен терең ойго чөмүлдү да канча кылган менен бала эмеспи кайра акылын бирпастын ортосунда экинчи санаага бурду. «Атам жылкы тааныганга калганда олуядай эле. Ырас эле Карагер күлүк болуп жүрбөсүн?! . Болсо болот. Атам эмнеге калп айтсын. Далай күлүктөр түпкө чейин укурук сынганча сабатып барып анан чыгып келип жүрбөйбү».
Кубаңдап күз да жетип келди. Эл жайлоодон тегиз түшүп, аш-той берүүчүлөр кам көрө баштады. Жер-жерлерде күлүктөр тапталып саяпкерлердин тынчы кетти. Баатыркан Сулайман ажынын жакын тууганы. Анын атагы чыгып болуш бий болуп эл сураган эмес. Сөөгү манап. Сулайман ажы менен үч атадан кошулат. Баатыркандын беш баласы бар. Бешөө тең үйлөнүп жайланган. Энчиси бөлөк. Баары жетиштүү. Атасынын даңкын чыгарып ат чаап, аш бериш үчүн булар чоң камылга көрүштү. «Султан сөөгүн кордобойт, тулпар сөөгүн оордобойт» деп бир жагынан Сулайман да кол кабыш кылды.
Ныязкул Карагердин үстүнөн түшпөйт. Эл жайлоодон көчкөндөн бери Карагер менен дале уй кайтарып жүрөт.
Эртели кеч күлүк аттарын чүмбөттөп суутуп жүргөнүн көрүп Ныязкулдун ичи тызылдайт. Кечкисин үйгө келгенде атасынын маңдайымда кобурайт, тынчын алат:
Ата?.. Карагерди чаба турган болсоңуз колго албайбызбы? Эл аттарын суутуп таптай баштады го?..
— Мине бер уулум, Карагерди ат чабар күнү суутабыз.
Ныязкул атасынан түңүлө баштады: «Атам мени алдап жүргөн тура. Чынында ушул Карагер кантип күлүк болсун, уйга жетпейт. Муну мингенден көрө жөө жүргөн жакшы. Айла жок...»
Уйчу-койчулардын шылдыңынан да Ныязкулга атасынын «шылдыңы» катуу тийди.
Баатыркандын ашы чукулдап кирип келди.
Карагердин чабылбасына көзү жеткен соң Ныязкул атасынан биротоло түңүлүп, күдөрүн үздү. Эртең менен эрте туруп күндөгүсүндөй Карагерди токуп, туш-туштан чубаган баданын уйларын чогултту. Ныязкулдун кабагы салыңкы. Ичи буулугуп, чийки токоч жегенсип дүпөйүл тартып, атасына таарынган кара буусун чыгара албай баратат. Ал бүгүн жайытка барганда сырдаш курбуларынын бирине ичиндеги арманын айтып курсагындагы саамал куюлган чаначтай тарсайып турган желин чыгарбаса бүткөн бою оңой менен жеңилдечүдөй эмес. Башын Карагердин жалын көздөй салаңдатып, ээрдин үстүндө шалкы олтуруп, уйлардын артынан ээрчип, кашаң Карагердин төрт аягын араң эле кыбыратып баратканда артынан добуш чыкты.
— Ниязкул! — жалт карай салса атасы — Ме!.. Ала кет!
Шергазы жем баштыкка аз бөксө салынган арпаны Ниязкулга берди да сөз кошумчалады: — Сугарып туруп дал түштө атыңа илип кой. Бүт жедир.
Ныязкул жембаштыктын узун боосун ээрдин кашына эки-үч имере салып бастырып кетти. Шергазы кудайдын куттуу күнү Карагерге жем берчү. Бирок мынчалык көп берчү эмес. Ошол күнү атасынын айтканындай жембаштыктагы арпанын тогологун калтырбай Карагерге жедирип келди. Кечинде үйдө олтурганда Шергазы Ныязкулга:
— Ат бүрсүгүнү чабылмак болду. Бул ашка анчалык деле атактуу күлүк аттар келген жок. Бар болгону көрүнүктүү аттардан үч-төртөө жүргөнсүйт. Мейли жүрө берсин. Карагерди чабабыз. Эртең күндүз кыйнаба. Кечке боз отко ою менен тойгуз. Алты кочуштан ашык жем бербе. Кечинде суутабыз — деп койду. Ныязкул анчалык көңүлдөнбөй:
«Атты кантип ушинтип чапсын!.. Жайлата тап көрбөй, жонунан токум түшпөсө. Эң жок дегенде он чакты күндөн бери колго ала койсо боло. Бир-эки жолу таңашпаса кантип чуркайт». Ичинен сүйлөндү.
Атасынын сөзүнө уюбай, кош көңүл баш ийкеген болду Ныязкул.
Түндөгү сөз эсинде калганбы «эки иштен бир иш» деп уйларды эрте айдап келди Ныязкул. Шергазы эшигин алдында ары-бери басып баласын күтүп турган. Аттан түшөөрү менен Ныязкулга үйдөн бирдеме шам-шум эткизип, кайра Карагерге мингизди:
— Жөнө?!. Ат чапчу чоң жол менен ылдый жүрүп олтуруп бекеттин[2] өзүнөн кайра тарт.
Ныязкул жөнөп кетти. Карагер жер арбытпайт. Теминип камчыланса да кыты бар чүкөдөй кайра ордуна түшөт. Артынан бирөөнү чакыргансып куйругун булгап, шыйпалактайт. Кудайдын каарына калган мал да. Араң эле текирең-чокураң. Көп чапса сырактап, арткы эки бутун асмандатып кош аяктайт. Үстүндөгү адам башынан алыс жылбышып түшүп калчудай. Ошентет кудай урган жаман арам уйчу Карагер.
Ныязкул камчы үстүнө камчы уруп олтуруп бекетке кире бериштеги кайрыма алыштан кайра тартты. Үйгө келсе атасы дагы эшиктин алдында карап турган экен. Шергазы басып барып Карагердин омуроосун сыйпады. Ымшыбайт. Кайра жөнөттү. Кайра да Ныязкул баягы ордуна кетти. Дагы көптөн кийин келди. Дагы ошондой. Мурунку калыбында. Ымшыбайт.
Шергазы Карагерден Ныязкулду түшүрдү. Ээр токумун шыпырып жайдактады. Эки ала кийизди кош кабаттап каттай жаап, жалына чейин үртүктөп чүмбөттөдү. Анын үстүнө оор ээр токумун баса токуду. Ныязкулду үчүнчү жолу кайра жөнөттү:
— Мурунку жериңен арытадан кайт.
Ныязкул эл жатарга жакын келди. Карагер эшиктин алдына олбуп-солбуп араң жетти. Ээр токуму менен кош кат ала кийизди үстүнөн шыпырганда кайнап жаткан казандын капкагын ала койгондой Карагердин жонунан тумандаган ысык буу асманга бур дей түштү. Кетпеген жеринен тер кеткен. Туягынан кулагына чейин бармак басым кургагы калбаптыр. Карагердин кош таноосу эдиреңдеп дем алган сайын жогортон ылдый карай аккан чөлмөктөгөн тер, чачылган мончоктой тоголонуп, тула боюнан чууруп жерге тыпылдап түшүп жатат. Чоло жери калбаптыр.
Шергазы Карагерди жайдактаган бойдон короонун сыртына жетелеп, дайым айдарым, ызгаардуу бороон согуп турчу тарабына каратып, эртең менен күн кечигип тие турган тамдын далдаасынын дал өзүнө алып барып чылбырдын учун түйүп дубалдын жаракасына чаап, асып койду. Ныязкул атасынын бул жоругуна тан калды. Шергазы мындан мурун көп күлүктөрдү таптаган. Бирок акыркы суутууда жерге көчүк баспай тынчы кетип ал түнү уктачу эмес. Өзү да уктабай, Ныязкул менен Батманы да уктатпай, атты да үргүлөтпөй кирпикке сайгылап, тан атканча жетелетип үй-бүлөсүнүн айласын кетирчү. Биринен сала бирин, улам кезекке коюп өзү чакчайып, көз ирмебей карап турчу. А эмне үчүн бүгүн антпейт? Мына кызык!..
— Жетелебейбизби, ата!.. Терин кургатпайбызбы?
Шергазы оң колун шилтеп койду:
— Кереги жок.
Дың сууган күзгү боз кыроо. Ошол күнү суук болушунча болду. Алыштагы жылжып аккан майда суулардын үстү каймактап, эртең менен кээ бир жерине бычак сырты муз туруп калганы байкалды. Үйгө жарык шоола чачаары менен Шергазы да турду, Ныязкул да атасынын артынан удаа ойгонду. Шергазы чөпканасынан куурайлуу бир чоң боо сөңгөк чөп алып келип Карагерди ордунан козгобой отко койду. Байкуш Карагер бир күндүн ичинде ак бубакка айланып, Карагер болбой боз ат болуп калган экен. Зыңкыя тоңгон. Буту колу сенектикиндей колдоюп муундары бирикпейт. Оозу араң камтууга келип төөнүкүндөй калбайган эриндери менен аймалап сөңгөк чөптү карсылдатып кирди. Карагердин кейпин көрүп Шергазы ичинен күлду: «Байкушумдун кебетесин кара, күбүргө түшүп чыккансып?! »
Атасынын оюна Ныязкул түшүнө албай койду. «Атам Карагерди чаппай эле тоңдуруп өлтүрөт го?!» Калтыраган атка боору ооруп күнөстөгү акырга жетелегиси келди. Ага атасы уруксат берген жок. Кайра улам суугураак жерге которуп байлап атты ого бетер үшүтүп, ого бетер тоңдурду.
* * *
Баатыркандын ашына келген элүү күлүктүн ичине кошулуп Шергазынын уйчу Карагери чубатуудан өттү. Баш байгеси төө баштаган эки тогуз. Ысык-Атанын оозундагы Кара Жантактан кое бере турган болушту. Сүрөө жок.Ашка чогулган эл Карагерди көрүп дуулдашты. Шатыра-шатман күлкү, Шергазыны шылдың кыла башташты.
Күлбөгөн жан жок. Буту-колу жазылбай зоңкулдап желип баскан Карагерди көргөн эл аттын устүндө чалкалай түшүп каткырышат.
— Ха.., ха... ха... хаа.
— Баягы уйчу Карагер...
* * *
Таранчыдай дүрүлдөп учкан күлүктөр кайра тартты. Ныязкул Карагердин үстүндө. Карагер байкуш мындан баратканда бүткөн боюн жыя албай, үшүгөн тулкусу менен колдоюп солк-солк желип болжогон чекке араң жеткен. Бура тарткан жерде бардык аттардын арты болду. Баягы уй кубалагандагы кыялына салып, текирең-чокураңдап жүгүргөн болду. Ныязкул камчы үстүнө камчы урат. Карагер бир калыпта.Бир кезде тоңгон бою жибип, сөөгү жылый баштадыбы Карагерге жан кирди. Карагер арышын арбытты. Барган сайын улам күчөгөндөн күчөдү. Ысык-Ата бекеттен өтө бергендеги өрдө Карагер алдыга кеткен аттардын далайын басты. Ондон-бештен таштады. Улам тер чыгып бою жибиген сайын жерге жабыша калып чуркайт байкуш Карагер! Ныязкул бирөөнүн тулпарын мине качкансып, үстүнөн учуп кете жаздап ээрде араң токтоп келатат. Алдыңкы аттар тушалгандай калды... Карагердин чуркаганы шумдук. Тимелечи... Шамалдай аркырайт жаныбар...
Мара жакындап, эл дүрбөй түштү. Ныязкул кылчайып артын караса аттар көрүнбөйт. Күлүктөр алда кайда калган. Алдына көз чаптырса өзүнөн башка бир караан жок. Ныязкул чыгып баратканына толук ишене албай жүрөксүп, утур арты-кийнине кылчактап элеңдейт. Карагер байкуштун бүткөн бою жылып, чамбыл ала кара моюн болуп, тармал тер чыккан сайын жанын таштап кулачын жаят. Туурасынан качырып, деген аттар Карагерге жетпей калды. Ошончо күлүктөрдөн биринчи болуп келгенине Ныязкул өзү да маңөдүр-даңөдүр. Эл ызы-чуу түшүп, ырчылар, уйчу Карагерди суулуктан алып чукул коштоп, мактап жүрсө болобу? Мына кызык!.. Үстүндөгү Ныязкулду адам тааныгыс. Кое берген жерде бардык аттардын артында калып, даңкандап чачыраган ылай-топурактар Ныязкулдун бети-башына жабышкан. Ботала. Тимеле балчыкка оонагандай.
Мына кызыкты көрсөң, уйчу Карагерден көр. Чыгып келди.
[1] Тепме чепкен — жүндөн согуп, чийдин үстүнө салып жыңайлактанып тебелеп, ноотудай түгүн чыгарып туруп бычып тигет.
[2] Бекет. Ысык-Ата бекетин айтып жатат.
АЯГЫ.
#19 24 December 2015 - 23:11
ratbek мырза капа болбойсуз жазбай жатканыныздан жазып баштадым эле.Чыгарманын аягына чыгыптырсыз рахмат.

Супер-Инфо
super.kg
видео








