Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар

#1 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 10:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз жериндеги 9 алдынкы маалымат булагы өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүп алышып, ар бири өз аймагынан дил баяндарды кабыл алып, жыйынтык чыгарышмак. “Супер-Инфо” гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүзүп, редакцияга келип түшкөн 106 дил баяндын ичинен 14 жаштагы Уланбек уулу Элназардыкын мыкты деп баалап, аны жеңүүчү деп тапты.

Сүрөт

Элназар Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Жеңүүчү болгонун укканда кубанып, күлүп да, кыйкырып да алды.

- Элназар, куттуктайбыз! Нарын облусунун окуучулары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир районунан дил баяндар келип жатты. Жүздөн ашык окуучунун арасынан суурулуп чыгам деп күттүң беле?

- Күткөм, ооба, күткөм. Бүгүн сынактын жыйынтыгы жарыялана турган күн эмес беле. Эртеден бери үй-бүлөбүз менен күтүп отурдук эле.

- Жеңүүчү болгондогу сезим кандай экен?

- Жыргап жатам.

- Жыйынтыкты сени менен кошо күтүп отурган дагы кимдер бар, үй-бүлөңдөн башка?

- Таенем, бүт туугандар күткөн болчу. Досторго да сунуштагам, "ушундай сынак жүрүп жатыптыр, катышкыла" деп.

- Кимге сүйүнчүлөдүң?

- Таенемди күтүп жатам. Азыр үйүндө эмес болчу. Ошого сүйүнчүлөйм.

- Дил баянда буга чейин Москвада болгонуңду жазыптырсың. Дагы кайсы чет өлкөдө болгонсуң?

- Орусиядан башка чет өлкөгө чыгып көрө элекмин.

- Жеңүүчү 9 окуучу кышкы каникулда Малайзияга барып эс алып кайтат. Ал өлкө кайсы жакта жайгашканын, эмне болгон өлкө экенин билесиңби?

- Ооба, билем. Индонезия менен чектешкен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө. Борбор калаасы Куала-Лумпур шаары.

Элназардын кебин атасы Уланбек улантып, “бүгүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күн” деп эртең менен май токоч бышырып, жубайы экөө "уулубуз жеңсе экен" деп тилек кылышканын билдирди.

Нарын облусунан жиберилген дил баяндардын арасында Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан Болот Арналиевдин , Нарын районунун Учкун айылынан Алмаз Эшбаевдин , Нарын шаарынан Алишер кызы Нуржанаттын , Жумгал районунун Чаек айылынан Нурхан Буларбековдун дил баяндары да өзгөчө кызыгууну жана талкууну жараткан эмгектер болду.

Эсиңиздерге салсак, дил баяндар сынагына өлкөбүздүн жети дубанынын жана Ош менен Бишкек шаарларынын 12 жаштан 15 жашка чейинки окуучулары катышты.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Дүйнөдө бир да адам болбосо керек, мекенинин гүлдөп-өсүшүн каалабаган. Мен дагы кооз мамлекетте кыргыз болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Атым - Элназар, 14 жаштамын жана Чкалов атындагы гимназия-мектебинин 8-классынын окуучусумун. Бул сынакты ойлоп тапкан Малайзияда элчи болуп иштеген Кылычбек Султанов байкеме ыраазычылык билдиргим келет. Канчалаган өспүрүмдөрдүн өз жерине болгон сезимдерин ойготуп, мамилесин, ой-жүгүртүүсүн өзгөрттү. Мен дагы жеңүүчү болсом, анан Малайзияга баруу мүмкүнчүлүгүн алсам деп кыялданып турам.

Менин оюм боюнча, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө 3 нерсе керек.

Биринчиден, үй-бүлө мамлекетибиздин өзөгү болгондуктан, өнүгүүнү дал ушул үй-бүлөдөн башташ керек. Мисалы, кыргыз ата-энелеринин психологиясын өзгөртүү зарыл. Ата-энелер көбүнчө бизди “муну кылышың керек, тигини бүтүрүшүң керек, керек, керек...” деп тарбиялашат. Бүт айтышат, бирок көрсөтүшпөйт. Мисалы, балдарына "бири-бириңер менен урушпагыла" дешет, бирок өздөрү уруша беришет, "тамеки чекпегиле" дешет, өздөрү тарта беришет.

Кинолорду карап турсаң, өнүккөн мамлекеттерде балдарынын көзүнчө урушушпайт, тамеки чегишпейт, аларга үлгү болууга аракет кылышат. Эң негизгиси, мыйзамды катуу сыйлашат, балдарын кичине кезинен тартып мыйзамдарды сыйлоого, сактоого үйрөтүшөт. Биздин ата-энелер керек болсо өздөрү мыйзамдарды биле беришпейт. Азыркы ата-энелерди өзгөртүү кыйын, бирок келечектеги үй-бүлөлөрдү колго алса болот деп ойлойм. Мен чоңойгондо балдарыма татыктуу тарбия берүүгө аракет кылам. Үй-бүлөлүк тарбия да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошо алат.

Экинчиден, өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Америка, Орусия, Кытай, Японияда адамдардын билим деңгээли жогору. Ал жактарда жөнөкөй мектептерде да билим терең берилет. Жеке менчик окуу жайлар көп, ата-энелер балдарын менчик мектептерге көп беришет. Мен 7-класста окуп жүргөндө мектептеги “Интеллект” ийримине катышып, алдынкы алты окуучу Москва шаарындагы М.Ломоносов атындагы менчик мектепте өткөн Дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадага катышып келгенбиз.

Орус окуучуларынын билим деңгээли биздикинен жогору экенин көрүп, ошондо абдан ызаланып келдим. Демек, биздин мамлекетте менчик мектептер көп болуп же бардык мектептерде терең жана сапаттуу билим берилиши керек деп айткым келет. Ошондо биз келечекте билимдүү адис, билимдүү жетекчи, окумуштуу, министр, депутат, президент болуп чыгабыз дагы, мамлекетибизди туура башкарууга, өнүктүрүүгө шарт түзө алабыз.

Үчүнчүдөн, кичи жана орто бизнести өнүктүрүш керек, анткени бул бизнестер элге жеткиликтүү. Алгач адамдарды бизнеске үйрөтүш керек экен. Мисалы, менин ата-энем 5 жыл мурун чакан дүкөн ачышып соода кылышты, башында жакшы болду, анан тез эле банкрот болуп калышты. Себебин сурасам, "акчаны туура пайдалана албай койдук" дешти.

Азыр мындай банкрот болгон адамдар канча? Эгерде мектепте турмушка көп пайдасын тийгизген сабактар өтүлсө, мисалы, бизнес боюнча, окуучулар чоңойгуча туура эсептегенге, кирешени туура көбөйткөнгө, деги эле туура ойлонгонго даяр болуп калышат эле. Ар бир үй-бүлөдө бизнес болсо, кыргыздар байышат да. Эл бай болсо, Кыргызстан тез өнүгөт деп ойлойм. Мамлекет жетекчилери жакырчылыктан чыгуунун, жумушсуздукту жоюунун жолдорун издебей, өнүгүү жолдорун ойлонуп калышат эле.

Кыргызстанда азыр жашоо жакшы деп эсептейм: согуш жок, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, кафелерде күндө той дегендей. Ошону менен кошо элдин психологиясын, элдин түшүнүгүн, билим деңгээлин, мамлекетке болгон мамилесин да өнүктүрүш керек. Ошондо менин кыргыз элим, менин кыргыз жерим сөзсүз гүлдөп-өнүгөт. Мен ишенем!

Уланбек уулу Элназар, 14 жаштамын.

Нарын шаары, Шералиев көчөсү – 283.







  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 10:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Алмаз кызы Адинайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүн каалайм!

Кыргызстан – бул менин мекеним, туулган жерим. Кыргызстан 1991-жылдын 31-
августунан бери көз карандысыз мамлекет болуп келе жатат.Андан бери көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Үстүбүздөгү жылы бажы союзуна мүчө болуп кирдик. Жакында эле 26-ноябрь күнү 6 000000чу жаран төрөлүп, калкыбыздын саны да толукталды.

Мен Kыргызстандай жерде жаралып калганыма сыймыктанам, себеби мекенибиздин
бай тарыхы, тили жана ата-бабалардан калган жакшы каада салттары бар. Бул эле эмес, Кыргызстандын жаратылышы да кооз. Ар тарабынан көк тиреген тоолор менен
курчалган сулуу өлкө. Тоо арасынан, мөңгүлөрдөн агып чыккан туптунук сууларыбыз,
көлдөрүбүз бар. Эң чоң көлүбүз бул – Ысык-Көл. Бул жакка көптөгөн туристтер келип
сулуулугуна суктанып кетишет.Ошондой эле өлкөбүз кен байлыктарга да бай, мисалы: алтын, уран, сурма, сымап, көмүр ж.б.

Ал эми өзүм жашаган тоолуу Нарын областы жөнүндө айта кетсем,тарыхый
эстеликтерибиз болгонб.з.ч II кылымда негизделген чыгыш менен батышты бириктирген “Улуу Жибек-Жолу” ушул теңир тоо аркылуу өтөт.Кербендер эс алышкан Таш-Рабат кербен сарайы ушул убакка чейин сакталып келет. Мен азыр окуп жаткан 6-класс тарых китебине таянсак, V кылымдан X кылымга чейин жашаган түрктөрдүн маданиятын чагылдырган тарыхый эстеликтер көбүнчө Кочкор өрөөнүнөн табылган экен. Ошондой эле биздин өрөөндө Солтон-Сары алтын кен комбинаты, Кара-Kече көмүр шахтасы, көптөгөн ооруларга даба болгон Чоң-Tуз шахтасы дa бар. Орто Азияны баккан Нарын дарыясы да ушул жактан башталат.

Мен Кочкор айылында жашагандыктан жылы бою көптөгөн чет өлкөлүк туристтердин келип тургандыгын көрөм. Алар көбүнчө тоонун башынан, мөңгүлөрдүн арасынан орун алган, чоңдугу боюнча өлкөбүздө 2-орунда турган көлүбүз Сөң-Kөлдү көргөнү келишет. Биз көлдөрүбүздү, деги эле айлана-чөйрөбүздү таза кармашыбыз керек. Чет элдик конокторду кызыктырып, ыңгайлуу шарттарды түзүп, ата-бабаларыбыздан келе жаткан меймандостугубузду көрсөтүп,күлүп жайнап кичи пейилдикте тосупалсак, жылдан жылга конокторубуз көп келе баштайт деп ойлойм.

Мен Кыргызстандын келечеги кең деп ишенем. Биздин Кыргызстан башка өнүккөн өлкөлөрдөн кем эмес, бул жакта баары бар! Мен чоңойгончо дагы кандай жаңы нерселер чыгаарын билбейм, бирок ошол жакшы нерселер Кыргызстанда болушун каалайм. Келечекте Кыргызстандын өнүккөн өлкө болгонун көргүм келет. Менин оюмча, мекенибиздин гүлдөп-өсүшүнө ар ким, чоң же кичине дебей, ар тараптуу салымын кошсо болот. Мисалы, жакында эле ата-энелерибиз ишенип шайлаган депутат агай-эжейлерибиз Кыргызстандын өнүkтүрүү үчүн көптөгөн программаларды түзүп келишти. Эгерде алар аны так, милдеттүү түрдө аткарышса, анда Кыргызстандын келечеги кең деп ишенсек болот!

Ал эми биз, балдар, тазалыкты сактасак, жакшы окусак, көп нерсени, көптилди билүүгө ашыксак, келечегибиз жакшы болот, демек, мекенибиздин да келечеги жакшы болот. Себеби Кыргызстандын келечеги биздин колубузда! Биз жалгыз экономика, саясат менен чектелбешибиз керек, андан башка дагы көп нерселер бар,мисал үчүн спорт. Жакында эле биздин футбол боюнча улуттук курама командабыз Иорданиянын улуттук курама командасын 1-0 эсебинде жеңди. Мен көрүп отуруп аябай сүйүндүм. Ушул сыяктуу кичинекей жетишкендиктер чогулуп мекенибизди чоң жеңишке алып келет деп ишенем. Менин жашым азыр 12де. Кочкор айылында И.Арабаев атындагы орто мектепте 6-класста “эң жакшы” деген бааларды алып окуп жатам. Мен дагы чоңойгондо көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып, билим алып, ал жактын жакшынерселерин үйрөнүп, Кочкор жергесинен чыккан белгилүү тарыхый инсандар Ормон Хан, Кaлыгул Бай уулу, И.Арабаев, С.Орозбаков, Б.Исакеев, Т.Усубалиев сыяктуумекенимдин өнүгүп-өсүшүнө өз салымымды кошсом дейм.

Тамчыдан көл куралат дегендей, Кыргызстандын ар бир жараны өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүнө өз салымын болушунча аябай, чын жүрөктөн аракет кылып кошсо келечекте чоң өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Ага чейин айтарым: Кыргызстан баарын жеңсин,дайыма алдыда болсун, өркүндөсүн, өссүн, гүлдөсүн жана эч качан дүйнөдө согуш болбосун.



Алмазбек кызы Адинай, 12жаш,

Нарын облусу, Кочкоррайону, Кочкор айылы

И.Арабаев атындагы орто мектеби

Үй дареги:

Шолохов көчөсү 37.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 10:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Абдыкадырова Ренатанын дил баяны.

Я желаю, чтоб Кыргызстан был цветущим краем.

Кыргызстан- страна, находящая в центре Азии, сухо, пафосно хочется написать о своей стране. Тема сочинения обязывает многому, каким я вижу свою страну в будущем, каждый честный гражданин хочет видеть свое будущее светлым и радостным. Страна, через которую проходит Великий Шелковый Путь, с благодатным климатом, когда можно собирать два урожая, с резко контрастным ландшафтом. Наша семья любит путешествовать, поэтому о нашей стране я знаю не понаслышке, а видела воочию. На примере моей области, я хочу рассказать о будущем, о процветании моей страны. Нарын-город, расположенный среди гор, город разрезает река Нарын, река бурная, капризная, но летом кристально чистая, зимой замерзает так, что по ней можно ходить. Река "кормит" всю страну, построены ГЭС и сейчас планируют построить ряд маленьких ГЭС.

А это означает новые рабочие места, поступления в бюджет, значит и мой город будет расти, станет чистым и уютным. С каждым годом много туристов посещают мой город, да мы не можем предоставить сейчас такой сервиз на уровне мировых стандартов, но мы учимся, кыргызы, вообще все воспринимают очень быстро. В недалеком будущем я вижу город-парк, уютный, чистый. Отъехав от города вы увидите великолепную природу и я надеюсь, скоро там появятся великолепные по красоте, сливающиеся с природой коттеджи для туристов. Для любителей гор -горный туризм, для любителей экстремальных видов - спуск на байдарках по бурной реке, для любителей животных - это снежные барсы, бугу, суслики, элики, горные беркуты, волки, лисицы и т.д. Отъехав недалеко от города мы попадаем в заповедник "Бугу", кроме оленей там прекрасные тяньшанские ели. Сейчас там не большой туристический центр.

О Таш - Рабате можно говорить только в восхищенных нотах. Диву даешься, когда смотришь на творенье рук человеческих, как все умно сделано. Сейчас рядом с караван сараем расположились юрты для туристов, горный воздух, великолепный ландшафт,экологически чистая еда, кумыс, айран, курут, сметана. Туристов удивить трудно, но природа нетронутая цивилизацией, наше гостеприимство, которое передается из уст в уста все больше привлекают людей из разных стран. Наш минеральный источник в АК-Сае, вот где можно построить курорт международного значения. Наши соляные шахты в КОЧКОРЕ, все это требует вложения денег, надеюсь, наше правительство станет сильнее и наша страна превратится в цветущий, сильный,большой туристический центр, где нетронутая природа и достижения цивилизации в гармонии уживались друг с другом . Каждый уголок моей страны чем-то знаменит, мы были там с семьей, мой папа повторяет всегда фразу:" атанын милдети балага эл-жерин көрсөтүү" . Поэтому хочу коротко остановиться на них. Жалал-Абад, ОШ - это центр исторических памятников, щедрый край реликтовых деревьев, богатство овощей и фруктов, залитый солнцем край. Талас - родина МАНАСА, родина великого Ч.Айтматова. Мама рассказывала, что еще учась в университете в Воронеже, люди спрашивали, где находится моя страна, а при упоминании Айтматова, люди улыбались и говорили," знаем, знаем". Об Ыссык-Куле можно слагать оды, это чудо природы, данное нам богом, которое нам нужно сохранить для наших потомков. Когда путешествуешь, бывает сердце распирает от гордости за мою по масштабам маленькую, но большую по человеческим меркам страну.



О себе Абдыкадырова Рената Абдыкадыровна

ученица школы гимназии имени В.П.Чкалова

Родилась 28 октября 2001


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышка Азамат кызы Толкундун дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен Кыргызтандын жараны болгондуктан кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм. Биздин элибиз башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөргөн. Бирок ага да карабастан элибиз болгон катаалдыктарды жеңип, өнүгүүнүн жолунда десем болот. Биздин өкмөт да үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, алыска кеткен мекендештерибиздин кайрадан мекенине кайтып келишине өбөлгөлөрдү аз да болсо түзүп берүүдө. Бирок ар бир адамдын башына ар кандай балээлерди алып келип жаткан «коррупция» өзүнүн кулачын жайып, тамыры күндөн-күнгө күч алып баратат. Коррупцияны түп тамыры менен жоготууга жалгыз өкмөттүн күчү жетпейт. Ага бардык жумурай журт кол кабыш кылып анын түбүнө жетелик дейт элем. Мен келечекте журналист болгум келет. Себеби журналисттердин эл көйгөйүн өкмөткө жеткирүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Менин үй бүлөмдө чоң атам, чоң апам, атам, апам мугалимдик кесипти аркалап келишкен. Алардан мен көптөгөн кеңештерди алып келем. Жана алардын ар бир сөзүнөн таасирленип, жашоого болгон көз карашымды оңдоого аракеттенем. «Үй бүлө мамлекет башаты» дегендей, «бүлө биримдиги - эл биримдиги» деп бекер айтылган эмес. Ошондуктан биримдик менен өлкөнү өнүктүрүп өстүрсө болот деп эсептейм. «Манас» эпосунда Манас бабабызга карата мындай сын айтылат эмеспи: «Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган». Бул сындан биз Манас бабабыздын кубаттуулугун, акылмандуулугун, эрктүүлүгүн көрө алабыз. Уруулук-патриархалдык түзүлүштүн бузулуп кулай башташы менен «согуштук демократия» доору пайда болуп, бул учурда өз ара согушуу аркылуу материалдык каражат табуу элдин кадыресе турмуштук функциясы болуп калат. Согуштук демократия мезгилинде бытыранды майда урууларга табигый түрдө аргасыздан биригүү зарылдыгы туулат да, өзүнчө бир эл болуп түзүлүүнүн негизин камсыз кылат. Бул көрүнүш «Манас» эпосунда кыргыз эли кара кытайлар тарабынан чабылып, бытырап бөлүнүп кеткенден кийин кайра эркиндик алып, көз каранды эместикке жетиш учун майда уруулардын бир чоң уруу союзуна бириккени болуп чагылдырылат. Анысы кандай биздин да колдон баары келет. Албетте мунун баары бир тепкичтен эле өзгөрбөйт, ал үчүн миңдеген тепкичти, миңдеген кыйынчылыкты басууга туура келет. Бир эле өзүңдүн жашооңду эмес, бир эле өлкөнүн элин жашоосун эмес, бүтүндөй ааламды өзгөртүү да биздин колдо. Азыркы биздин курак колго уюлдук телефон эмес, улуу жазуучулардын мыкты китептерин кармап, балалыктын түркүн кызыктарына күбө болуу. Кыргызстан маданият, исскуство жана көркөм адабият менен дүйнөгө таанылып келе жатат. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деп коомдук ишмер Искак Раззаков айткандай, жаңылоону ар бир адам өзүнөн баштоо керек. Ар кайсы атка минерлерге пара берип, бардыгын акча менен сатып алууга аракеттенип атышат. Азыркы заманда бийликке эл камын ойлогондор эмес, тескерисинче, «мансап, бийлик, байлык» дегендер келип жатышат. Эми ымыркайды жаңыдан жарык дүйнөгө алып келген төрөт үйүнөн баштап, моргго чейин коррупция конуштап алган ага ким көпүрө болду? Ооруканага алып келген оорулуу акча бермейинче ооруну бир азга гана басаңдатуучу дары берип коёт экен. Акча берсең күнүнө беш маал келип ал-акыбалыңды сурап дарысын куюп кетишет экен. Адамдын өмүрүнө жоопкер болгон мээрмандар кайдыгерлик менен иш алып барса, анда элдин тагдыры кимдин колунда? Ушул көйгөйлөрдү чечүүгө кандай салым кошо алам? Жөн эле макала, дилбаян жазыппы? Жок! Алыскы тоолуу аймактарга барып, ал жактагы элдин абалы менен таанышып, таза сууга муктаждарга суу чыгарып, турмуштарында өзгөрүүлөрдү кошуу. Өкмөт тарабынан акчалар бөлүнөт. Бирок ошол каражаттар толугу менен жеткирилбей бийликтегилер өзүлөрүнүн кызыкчылыгына колдонуп, коопсуздук сакталбай калат. Ошондон улам өлкө экономикасы өнүгүүгө жетише албай турат. Жаштар уюму көптөгөн конференциялар уюштурулуп келет. Тилекке каршы, алар да жемишин көп бербей жатат. «Келечекте журналист болсом» деп бекеринен айтканым жок. Себеби элим кыйналып, кабыргасы кайышып турса көздү жумуп кайдыгер кароо адамгерчиликке жатпайт. «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» Билегим менен бирди жыкканча, билимим менен миңди жыгып Кыргызстандын экономикасынын, мамлекеттүүлүгүн күчтөнтүп асман чапчыган деңгээлге, зирек курбу-курдаштар менен биргеликте билекти түрүп чоң байсалдуу сапарга аттангым келет. Экинчиден, дүйнөлүк маданий мурастардын катарына «Манас» үчилтиги, кыргыз боз үйү кирип өлкө кадырын өстүрүүдө. Бул үчүн манасчыларга жана кол өнөрчүлөргө ыраазычылык билдирбесек туура болбос. Ал эми үчүнчүдөн көркөм адабиятка тоодой салым кошкон Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев, Омор Султанов сыяктуу акын жазуучулар бизди кыйырга таанытып, «Кыргыз» десе, Чыңгызды, «Чыңгыз» десе кыргызды» эстеп жүзүбүз жарык болуп келе жатат.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз жери биздей жаштар менен гүлдөп, өсө алат. Бүтүндөй кыргыз жаштары, келгиле, бизге кошулуп, кыргыз туусун бийик көтөрүүгө салымыңарды кошкула!

Аты жөнү: Азамат кызы Толкун
Туулган жылы,айы,күнү: 09.04.02
Жашы: 13
Жашаган жери: Нарын облусу, Кочкор району, Эпкин айылы
Окуган мектеби: Асыранбек Мааткеримов
Классы: 8
Ата-энеси: Шакиев Азамат, Байшериева Асел
Атасынын кесиби: Мугалим
Апасынын кесиби: Мугалим
Бир туугандары 3

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Айбекова Аселдин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп ѳсүшүн каалайм.

Ушул күнгѳ чейин мен ѳзүмѳ «эмнеге мекенимдин өнүгүшүн каалайм?» деген суроону такыр берип көрбөптүрмүн. Суроого жооп издеп отуруп мекеним - Кыргызстан жөнүндө, мекенимдин кооздугу жөнүндө ойлор келди. Кыргызстан чынында эле кооз, керемет, берекелүү өлкө экенин тана албадым. Ооба, жер жүзүндө тамшанта турган жерлер көп, бирок Кыргызстан мен үчүн бийик туткан бейишим. Мекенимдин кооздугу-айтылып бүткүс дастан.
Кыргыздар - ден соолугу чың жана спортко жакын эл. Кыргызстандан чыккан көптөгөн спортсмендер бар. Алар Азиянын дүйнө жүзүнүн көп олимпиадалардын призерлору болуп келишет.
Спорт жана дене тарбия – кыргыз жаштарынын умтулган багыт. Биздин айылда «Тайлактын спорт клубу бар. ал жакка мектеп окуучулары барып улуттук оюндар (күрөш, тогуз-коргоол) менен машыгышат.
Жакында эле эл аралык мелдеш болду, ал жакта «Тайлак» клубунун окуучулары алдыңкы орундарды ээлеп келишти. Кыргызстанда жаңы көптөгөн ГЭСтер, имараттар курулууда.
К.Тыныстанов, И.Арабаев, И.Разаковтордой патриот, дипломатиада түшүнүгү бар адамдар көп болсо, буюрса мекеним өнүгөт. Күндөр өтүп Кыргызстан өнүгүп келатат.
Жакында эле калкыбыздын саны 6-млн-го жетти. бул деле чоң жетишкендик. Кыргызстандын жасалган кадамы үчүн сүйүнүп, колдоп туруу-бул ар бир жараандын милдети деп ойлойм.
Анткени:урматтуу президентибиздин ар бир кадамына критика жазаганга көнгөнбүз. Ал эмнени жазаса да эли, жери үчүн жазап жатат да. Манастын «эл-журтун ажырагыс биримдиги бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдик» деген осуятына баш ийишибиз керек.
Бирок кудайга шүгүр, мекенибиз өнүгүп, өсүп жатат. Келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн арасында болуп калат деген тилектебиз.
Мен оз мекенимди сүйөм жана мекенимдин жараны катары аны гүлдөп өсүшүн каалайм.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин 9-г классынын окуучусу Айбекова Асель.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Айгерим Дүйшөналиеванын дил баяны.


Менин өлкөм – Кыргызстан. Менин мекеним Кыргызстан. Туулган жердин топурагы алтын эмеспи. Мен үчүн туулган жеримдин топурагы алтын, ар бир ташы кымбат, суусу мүрөк. Биздин Кыргызстаныбыздын жаратылышы сөз менен айтып жеткире алгыс кооз, суусу тунук абасы таза, бийик-бийик тоолорго бай. Мекеним АК элечек апаларыбыз, эжелерибиз АК калпактуу аталарыбыз агаларыбыз менен көркүнө чыгып турат. Кыргызды, биздин өлкөбүздү даңазалаган оймо-чиймелүү кооз шырдактарыбыз, кайталангыс боз үйүбүз, улуттук кийимдерибиз бар. Биздин өлкөбүздө көптөгөн тарыхый жерлерибиз Таш-Рабат, бурана мунарасы, Манас атабыздын күмбөзү бар. Кереметтүү Ысык-Көлүбүз, Арсланбап токоюбуз, Сары-Челегибиз бар. Биз ушул жерлерибиз менен сыймыктануубуз керек. Бирок кээ бирибиз ушул жерлерибиздин, буюмдарыбыздын баркына жете бербейт экенбиз. Ушундай болгон жерлерибизди жаратылышыбызды сактообуз керек. Кыргызстанды көргөнү башка жерлерден канчалаган туристтер келишет. Бирок алардын көзүнчө биз тазалыгыбыздын жоктугунан эмнеге уялбайбыз? Эгерде биз баардыгыбыз өнүккөн, гүлдөп өскөн өлкөдө жашагыбыз келсе, эң башкысы өзүбүздөн баштасак анда коом өзгөрөт ынтымакта болсок, Эне тилибизди билип баалап барктасак мекенибизди коргой билсек гана Кыргызстан өнүккөн өлкө болот.
Кыргызстаным Менин өлкөм менин сүйгөн мекеним, Кыргыз элим кыргыз жерим мекеним. Кыргыз жерим кандай гана коозсуң, Көркөмдүгүң көздү алып суктанткан, Манас бабам сени коргоп келаткан.

Нарын областы,Кара- Суу айылы.
Айгерим Дүйшөналиева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Акылбек кызы Айнуранын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Биздин жергебиз чынында эле бейиш сыяктуу табияты эң кооз, жери сууга, жемишке, өсүмдүктөргө бай. Чет жерден келген адамдар суктанып, кооздугуна баа берип кетишет. Жергебиз гана эмес, элибиз да меймандос, айкөл, ыймандуу, берешен деги койчу кандай мактоо айтса да кыргызга дал келет. Кыргызстандын абасы салкын, суусу таза, жергебиз кооз. Кыргыз жеринде өсүп, ушул жерде жашаганыма абдан кубанычтамын. Биз окуучулар жакшы окуп мамлекетибиздин келечегине жарашыбыз керек. Мен келечекте мекениме жараган ак кызмат кылып көптөгөн жакшылыктарды кылгым келет. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө да шумдук кооз имараттар, күзгүдөй тегиз жолдор болгону менен биздикиндей таза суулар, дарыялар, көлдөр жок. Мекенибиз жөнүндө кандай гана ырлар, аңгемелер жазылбайт.
Анын үстүнө жаныбарлар, жашыл дарактар, асман тиреген бийик тоолор мекенибиздин кооздугун, көркүн ого бетер күчөтүп жиберет. Кыргызда кандай гана акылман, жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү адамдар бар. Биз мекенибизге кызмат кылуу үчүн мектебибизден, үйүбүздөн башташыбыз керек. Сабактардан жакшы окуп мекендин керегине жарайлы. Өлкөбүздө кен байлыктар да бар ошолорду сарамжалдуу колдонсок, акылдуу адамдар көп болсо өлкөбүздүн өнүгүшүнөн шек жок. Кышка отун даярдап жатып бактарды кыябыз, ошол отун алган жерге жаз келсе эки түп дарак тигип койсок, таптаза болгон тунук сууларыбызды кирдетпесек, жан-жаныбарларды кырбасак, жаратылышыбызды коргосок Кыргызстан кандай кооз жана көркөм болот.
Кыргызстанда өнөрлүү адамдар арбын. Бирок алар өзүндө болгон жакшы сапатты элге ачып, мекенге салым кошпой жатышпайбы. Ооба ар бир өлкө кыйынчылыктар менен өнүгөт, өсөт. Биздин мекен да ошондой. Кыйын-кыйын адамдар өз мамлекетибиздин акчасын өзү жеп жатышат а биз анысын билбей мыкты деп сыймыктанабыз. Биздин мекенибиз да келечекте өнүккөн өлкө болот, эгер акылдуу болсок. Мурун бири-бирине акыл -насааттарын үйрөтүп турушкан. Азыр бирөөнөн акыл сурасаң, ал бирөөгө өз акылын үйрөткүсү келбейт.
Мен келечекте врач болуп мекениме ак кызмат кылгым келет.
Акактай тунук кыргыздын бермети- Ысык-Көл, ажайып кооз, чокусунан ак булут кетпеген Теңир-Тоо, бир убакта кудай жаратып кеткен бейиштин төрү эмеспи. Ушул бейиштин төрүндө биздин урпактар жашайт. Алар улуу кудуреттүүлүктү, өлбөс түбөлүктү кадырлаган кыргыз эл. Ушул мекенибиздин кандай гана бутта басып, канча адамдардын назары түшпөгөн. Кыргызстандын жайлоолоруна барсаң ар түрдүү улуттагы адамдар суктанып карап жүргөнүн көрүп бул кооз мекен менин мекеним деп кыйкыргың келет. Кыргыз жери өзүнүн кооздугу, сулуулугу менен гана эмес, сырдуулугу да башка өлкө элдерин кызыктырып суктандырып, азгырып келет. Жайлоодо жүргөн башка тилдеги адамдарды көрсөң оозуң ачылат. Кээ бир адамдар ойлошот башка улуттун кишилери шаарларда эле деп. Бирок кыштактарда, жайлоолордо жүргөнүн көрсө таң калышат, мекени менен сыймыктануу сезими тутанат. Биз ыйык туткан жерлерди көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда дегендей.
Ошондой ыйык жерлерибиз .Таш рабат, Манас атабыздын күмбөзү, Сулайман тоо, Токмок шаарындагы мунаралар. Биз жаштар ошол жерлердин сырын ачкан окумуштуу болуубуздан шек жок. Ал үчүн көп окуп, жакшы окуп койсок болгону. Кыргызстан биздин ата бабаларыбыздан калган, муундан муунга мурастап көздүн карегиндей сактай турган ата мекенибиз. Аны коргоо, душманга бастырбоо ал түгүл өз жаныбызды аябай курмандыкка баруу ар бир адамдын мойнундагы парзы. Кыргыз эли байыркы эл. Тарыхта канчалаган эл чачырап, башка элге сиңип кетти. Ал эми кыргыз болсо ар башка мамлекеттерге сиңип кетпей, өз бүтүндүгүн сактап, кыргыз атын өчүрбөй келе жатат. Азыр Ысык- Көл, Чатыр-Көл, Соң-Көл, Суусамыр, Сары-Челек, Арстанбап, Алтай жерлерибизди көрүп бейиштин жери тура деп суктанышат. Андан да элдердин меймандостугун көрүп баа беришет. Кыргыз жеринде атагы алыска кеткен улуу ойчул, акылдуу адамдар жашап өткөн. Тоолорубуздун койну арчага, кайыңга толгону аз келгенсип алтын, көмүр, сымап сыяктуу бай экенин биз сыймыктануу менен айтабыз. Абасынын тазалыгы, суусунун молдугу, жеринин кеңдиги менен атагы алыска кеткенин танабызбы мен кыргызстандын бир атуулумун демек мен өз мекеним менен сыймыктанышым керек. Мен келечекте керек болсо азыр да мекенимдин өнүгүшүнө, өркүндөшүнө өз салымымды кошушум керек деген терең ой жатат.
Мен окуучулардын жакшы окуп, акылдуу болуп, мекенинин керегине жараган патриот болууларын каалайм. Кылычбек Султанов агайга чоң ийгиликтерди каалайм.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Алишер кызы Нуржанаттын дил баяны.

Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм!

Мен орус мектепте окуймун. Бирок бул дилбаянды эне тилинде жазгым келди. Анткени өлкөбүздүн кубаттуу болушу үчүн мамлекеттик тилдин урматталышы зор мааниге ээ жана дилбаяндын аталышы мен үчүн символикалык мааниге ээ боло алды.
Мамлекетибиз көптөгөн улуу инсандарыбыз, тарыхый эстеликтери, маданияты менен мактана алат. Бирок тилекке каршы, экономикабыз көкүрөк көтөрөрлүк эмес. Элибиздин руханий көрөңгөсү түгөнгүс экендиги мени сүйүндүрөт. Эми башкысы мекенибиздин экономикалык күч-кубатка ээ болуусуна умтулганыбыз туура.
Бул үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошушубузкерек. Мисалы, менин колумдан эмне келет? Мен өз милдетимди аткаруум керек. Азыр он беш жаштамын. Эгер мектепте мыкты окуп, ата-энеме жардамды жакшы берсем, алардын оюндагыдай адам болууга умтулсам ошол да салым катары эсептелинсе керек. Анткени, жакшы окусам, мыкты адис болсом мен дагы өлкөбүздүн керегине жарайттырмын. Ал эми ата-энемдин оюндагыдай инсан болууга умтулсам, алардын көңүлү жай болуп, мыкты адам болоорума көздөрү жетип турса, алар мекенибиздин бактылуу жарандарынан боло алышат. Кандай адам салым кошо алат? Биринчи кезекте ал өз үй-бүлөсүнөн, өзүнүн микродүйнөсүнөн көңүлү тынч, үй-бүлөдө бактылуу болушу керек. Ошондо гана ал башын көтөрүп, айланасына көз жүгүртүп, коомдун активдүү мүчөсү болуп, процесстерге аралаша алат. Же болбосо буга чейин айтылгандай, «үй-бүлө мамлекеттин ячейкасы» эмеспи. Ар бир ячейканын дени сак, сапаты жогору болсо, анда мамлекет да кубаттуу боло алат.
Эми мамлекетибиздин экономикасын кантип көтөрсө болот дегенге кичине оюмду кошсом. Менин оюмча азыркы Бажы биримдигине кошулганыбыз акыры жемишин алып келет болушу керек. Албетте, азыр кыйын, буга чейин түптөлүп калган рынок экономикасы кичине алсырап турат. Бирок айылдагы жаштарыбыздын бардыгы шаарга, башка мамлекетке агылышып, соода-сатыкка кирип же кара күчүн сатып жатышпайбы. Мындай абалда көпкө чейин жашай албасак керек. Анткени мамлекетибиздин өзөгү болгон элет жери көптөн бери каралбай, кыйналып турат. Бажы биримдигинин таттуу жемишин татыш үчүн биз агрардык жактан көтөрүлсөк болот. Ар бир үй, ар бир үй-бүлө иш менен камсыздалып, өндүргөн продукциясынын шарапатын көрө алышат. Жеке эле дыйканчылык жана малчылык менен алек болбой, элибиздин мыкты уулдары чакан кайра иштетүүчү цехтерди, кубаттуу ишканаларды ача башташы мүмкүн. Кыргызстаныбызда өндүрүлгөн жашылча-жемиштер эң даамдуу жана экологиялык жактан таза. Ал эми малыбыздын этичи? Буларды кайра иштетип, санаалаш өлкөлөргө чыгарсак конкуренцияга туруштук бере аларына көзүм жетет. Биздин мамлекеттин жарандары абдан чыдамкай жана ар кандай кырдаалдарга туруштук бере алышат. Алдыга умтулуп максатына жете алышат. Буга биздин тигүү цехтерибиздин брэндге айланганы мисал болот го деп ойлойм.

Алишер кызы Нуржанат
Нарын шаары, №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы.

Саламатсыздарбы!
Мен Нарын шаарында жашайм. Сабактан тышкары бий менен алектенем. Кыргыз жана орус адабиятына кызыгам.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Алмаз кызы Светлананын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Биринчи эле сөзүмдү Ата-журтубуз, Ата-мурасыбыз жөнүндө сөз кылайын. Ата-журттун, калайык-калктын жогорку кызыкчылыктары, ата конушка агынан жарылып ачылган адал мээнет, Мекен алдындагы парз, ата-баба салты, Ала-Тоого атуулдук берилгендик, ата-эне, адамгерчилик, улуттук намыс, Кыргыз деген жогорудагы нерселердин баары ыйык. Ошону менен бирге ушундай ата-бабаларыбыздан бери келаткан рухий ата мурасыбыз ыйык. Анткени алар биздин сыймыгыбыз. Ошол сыймыгыбызды туу туталы жана ошондой эле ждпбюбю атабыздай бекем антыбызга туралы. Ар бир жаш өспүрүм өз мекенинин, жашап өткөн ата-бабаларынын тарыхын окуп-билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү. Өз элинин, жеринин тарыхын, эне-тилин, салт-санаасын, каада-салтын жана жети атасын жетик билген, аны жашаган заманына, мезгилине жараша баалап түшүнө алган, таалим-тарбиялуу, билимдүү жаш адам гана өз чыйырын туура салып, ордун таба алат. Максатсыз адам-канатсыз куш деген накыл кеп бар элибизде. Анын сыңарындай, бул жашоодо ар бир адам улуу максатка жетеленип, илгери үмүт, таза ниет менен иштеп, көрөңгөлүү өмүр, ишенимдүү кең келечекке ишенип жашоосу абзел. Манасты жараткан эне тилибиз-кыргыз тили, каада-салты, маданияты жана өлбөс-өчпөс эрдиги менен сыймыктанууга толук татыктуу элибиз. Ушундай улуу мурастарыбызды эч качан, эч убакта унутпай, урпактарыбызга чачыратпастан коротпой жеткирип, толуктап алып жүрүүбүз зарыл. Биз эгемендүү Кыргыз Республикасында эркин, ырыстуу, бактылуу балалыкта жашап, билим-тарбия алып жатабыз. Мындай бакытты бизге өткөн ата-бабаларыбыз, ата-энелерибиз кан-жанын аябаган күрөшү, б үт өмүрүн арнаган эмгеги жана аруу тилек-максаттары менен нуска кылышкан. Биз келечекте ата-бабаларыбыздын жолун уланткан патриот уул-кыздардан болушубуз керек. Ал үчүн акыл-эстүү болуп эрезеге жетип ийне менен кудук каскандай терең билим алып, ар түрдүү кесиптин ээси болуу зарыл. Мына ушунун баарын аткарсак, биз мекенибизди өнүктүрөбүз деп ойлойм.
Азыркы биздин президентибиз Алмазбек Атамбаев. Ал Кыргызстандын дагы өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатат. Бирок мен көп нерсеге кызыкдармын. Акча чыгарган завод шаарыбызда бар да, ошол жерден көптөгөн акча чыгарып, башка өлкөлөрдөн электр жетишпей жатат дейт, ошолорду сатып албайбы. Элге керек нерсени бекер бербейби, же акча чыгарыш деле оңой эмес окшойт да, андай болсо депутаттарга көптөгөн суммадагы акча берилет ошолорго элүү миң сомдон эле айлык беришип калган акчаны керекке жумшаса биздин мекен кичине болсо да өнүгөөр эле. Бирок биз жаратылышыбыз менен да бай келебиз. Мен Казакстанга барып келдим ал жерде суу кир, суу жетишпейт анан да күн ысык болуп кургак жерлер чөптөр күйүп кетет экен. А биздики болсо таза, абасы менен да. Мен ойлойм да эмнеге кээ бир эл ушунчалык митаам, жаман адамдар болуп чыга келишет. Алар ушинтип ынтымаксыз жашап жатышса биздин мекен өнүкмөк беле. Мен чоңойуп президент болуп калсам өз жеримди депутатпы, министрби эч кимисине ишин бүтүрмөйүнчө эл ошолор менен сыймыктанышпайынча акысын төлөп бербейм. Анан өлкөмдү өнүктүрүп колунда жок адамдарга жардам берип, кылмыш кылган адамдарды жазага тартмакмын. Азыркыдай 5 жылга 20 жылга дебей, өлүмгө тартмакмын. Мына ошондо кутман элибиз, ыйык жерибиз өркүндөп өсөт. Адамдардын акылсыздыгынан улам Кыргызстан өнүкпөй жатат. Кубанычтуу кабар менен жакында эле 6 миллионунчу бала төрөлдү элибиздин сүйүнгөнгөнүчү. Ошол үчүн Кыргызтандыктар элибизди жерибизди коргойм десеңер жакшы окуп, билимдүү-илимдүү бололу да Кыргызстаныбызды коргогон патриот уул-кыздардан бололу. Эгер биз кен байлыктарды иштетсек ,чоң-чоң имараттарды курсак анда жолдорду оңдосок гүлдөп-өнөт. Бири-бирибиз менен ынтымактуу болсок жаратылышыбызга жакшы мамиле жазасак жан-жаныбарларды коргосок, таштанды ыргытпасак шаарыбызды таза кармасак анда жерибиз гүлдөп-өнөт деп ойлойм.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Алмазов Даниельдин дил баяны.
Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал.

Меня зовут Алмазов Даниель я родился и живу в самой красивой стране мира под названием Кыргызстан. Я люблю и горжусь своей родиной!

Кыргызстан - это моя родная страна. Я хочу, чтобы моя страна всегда процветала. Поэтому я должен беречь её и любить, ведь Родина у меня одна. Хочу, что бы все кыргызстанцы гордились своей любимой Родиной.

Когда я вырасту, я хочу стать известным великим доктором, хочу лечить много людей и приносить всегда людям добро и радость. Хочу быть очень полезным своей стране, делать все, что бы наша Родина процветала, и люди в стране были счастливы.

А сейчас я делаю многое, что бы вырасти хорошим человеком, забочусь о природе, дружу с хорошими ребятами, помогаю дома, занимаюсь спортом, много читаю разных хороших книг, получаю хорошее образование в школе, являюсь отличником и президентом класса.

Читаю много книг про историю Кыргызстана и других стран, играю на национальном инструменте комуз.

Природа моей страны очень красива и не повторима, есть много высоких гор, чистых рек, красивых лесов и самых красивых цветов.

Кыргызстан богата красивыми озерами, их у нас три. Самая большая из этих озёр - это Иссык-Куль. Иссык-Культёплое и чистое озеро, это жемчужина моей страны. Названия других озёр – Сон-Куль иЧатыр-Куль, которые тоже очень красивы. Озера Сон-Куль и Чатыр-Куль находятся в Нарынской области.

Самая большая и длинная река в Кыргызстане – это река Нарын. Река Нарын протекает по территории Ыссык-Кульской, Нарынской и Жалалабадской областей.

Горы Кыргызстана - высокие, большие и величественные. На вершинах этих гор, всегда есть кристальные ледники. Названия этих гор – Тянь-Шань, Ала-Тоо, Хан-Тенгри, пик Ленина, пик Победы. Самая священная гора в Кыргызстане – это Сулайман-Тоо. Сулайман-Тоо находится в городе Ош, туда едут много людей что бы молится и просить у Сулайман-Тоо здоровья и благополучия в семье, которое обязательно сбывается.

В Кыргызстане есть ещё много красивых исторических мест и исторических памятников архитектуры. Например: башня Бурана, кумбёз Манаса и Ташрабат. Башня Бурана находится в Чуйской области. Высота этой башни – 24 м. А кумбёз Манаса находится в Таласской области. Ташрабат находится в Нарынской области. Ташрабат построен из камней и состоит из 40 комнат. Эти красивые исторические места часто посещают туристы и любуются их красотами.

Кыргызы великий, сильный и мудрый народ которые горядятся своей богатой историей, хорошими обычаями, традициями, культурным наследием и своими народными героями.

У кыргызов всегда на первом месте среди человеческих качеств стояла доблесть, мужество, смелость и любовь к Родине. И мы никогда не должны забывать эти качества, а наоборот развивать. Именно этими качествами отличаются все народные герои нашей Родины.

Самыми великими кыргызами героями являются великая правительница Курманжан Датка и великий писатель Чынгыз Айтматов.

Наша страна богата всеми полезными ископаемыми что есть в мире. Например добычей руды и золота. Чтобы наша страна была богатой и быстро развивалось надо построить много заводов и фабрик, что бы у всех была хорошая работа.

А самое главное надо любить свою Родину и беречь ее и преимножать ее богатства. Что бы Президентам страны были хорошие и добрые люди как Алмазбек Атамбаев, которого любят и уважают вся страна.

Я хочу чтобы в моей любимой стране было много патриотов страны как я, ведь только настоящие патриоты сделают все что бы очень скоро Кыргызстан стал счастливым и процветающим государством.

Давайте любить нашу Родину, и делать все для процветания и развития нашего Кыргызстана!

Алмазов Даниель, ученик 4 “А” класса школы-гимназии им. В. Чкалова, г. Нарын, 10 лет.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Искендеровна Алтынайдын дил баяны.

Я хочу чтобы мой Кыргызстан процветал.

Кыргызстан - это маленькая, но с большим сердцем страна. Я здесь родилась и выросла. И я очень люблю свою страну. У нас есть свой государственный язык, герб и флаг. Кыргызстан имеет очень богатую и древнюю историю. Только у нас есть великий эпос "Манас" , который отражает обычаи и традиции нашего народа. А великий писатель Чынгыз Айтматов был именно нашим земляком, который прославил наш Кыргызстан многим странам.
Как и в других станах у нас есть свои плюсы и минусы. В Кыргызстане есть множество полезных ископаемых, многие виды драгоценных камней, виды цветных металлов, водные ресурсы и еще много чего, чем мы можем гордится. Если все это использовать с умом, то можно найти большую выгоду для Кыргызстана.
На сегодняшний день самой главной проблемой является - коррупция. Коррупция мешает всем и во всем. В особенности людям имеющие в чем-то талант, у которых есть свои идеи и навыки, но у них нет денег или знакомых, которые могут им помочь. В Кыргызстане коррупцию можно встретить и в других делах. Нужно понимать, что это очень серьезная проблема. Чтобы ее решить нужно начать с самого себя. Нужно сделать так, чтобы не только ты но и окружающие тебя люди делали шаги к исправлению. Так же детей с малых лет нужно приучать к добру, чтобы они знали что коррупция очень страшная вещь. Нужно больше проводить тренинги и семинару со школьниками на эту тему.
Но нельзя забывать, что коррупция это наша не единственная проблема. Порой мы сами жители этой прекрасной страны совершаем большие ошибки. Иногда мы не бережем то, что у нас есть. Мы имеем прекрасную природу, чистый воздух, кристальную воду, у нас обитаю животные которые были занесены в "красную" книгу, у нас растут растения, которые тоже являются малочисленными. Мы обязаны беречь, ухаживать и охранять их.
Все мы знаем, что в последние дни наш климат очень изменился. И все благодаря тем пластиковым бутылкам и целлофаном. Они являются большой угрозой для окружающей среды, что тоже не мало важно. Можно заметить, что многие не обращают на это внимание, многие думают только о своей выгоде. Тогда кто, если не мы сами? Я считаю для этого нужно распространить множество рекламных щитов с хорошими словами, призывающих людей к добру, чтобы люди прочитав менялись в хорошую сторону.
Для того, чтобы наша страна развивалась так же нужно улучшить образование. Ведь все начинается с малых лет. Каким тебя воспитывали в детском саду или в школе, таким же человеком ты останешься и в жизни.
Если мы сумеем решить все эти проблемы, я уверенна, что мой Кыргызстан станет намного лучше. Я очень хочу чтобы моя страна развивалась и процветала. Для этого нужны не только слова в виде сочинения, но и действия. Я обещаю, что я сделаю все, что в моих руках, чтобы мой Кыргызстан развивался и мчался вперед!

С уважением,
Алтынай Искендеровна
altynai.iskenderova@mail. ru
г. Нарын

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Анарбек кызы Каныкейдин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө өз салымымды кошкум келет. Мен кыргыз жеримди, элимди өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарынан көргүм келет. Өнүктүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек? Эң биринчиден, билимдүү жаштар болуш керек. Билим берүү тармагына жакшы көңүл буруп, катуу талап коюш керек. Эгер мен билим берүү тармагында иштесем, окуучуларга жакшы шарт түзүп, окууга кызыгуусун арттырып, мектептерге ар-кандай ийримдерди уюштурмакмын.
Экинчиден, шаарга завод фабрикаларды куруп, айылдарга ар-кандай кичи ишканаларды ачып, элибизди жумуш менен камсыздап, ар-дайым тазалыкты эске алмакмын. Анткени азыр таштандылар көбөйүп, андан көптөгөн оорулар жугуп жатат. Таштандыны кайра иштетүүчү завод курмакмын. Үчүнчүдөн, табиятыбызга көңүл буруп, шаарларды, айылдарды жашылдандырып, жемиштерди, бак-дарактарды, гүлдөрдү тикмекпиз.
Биздин кыргыз жерибиздеги элдер ар улуттун элдери. Алардын ортосундагы ынтымагын бекемдеп, ар-кандай иш-чараларды уюштурмакмын. Ушулардын баарын кылыш үчүн эң биринчиден улуттун ден соолугу чың болушу керек. Ал үчүн шаарларга, айылдарга ооруканаларды курдуруу керек. Баарынан мурда кыргыз тилин өнүктүрүү керек. Башка элдерди биздин тилге кызыгуусун арттыруу менен бирге «канча тил билсең, ошончо адамсың» дегендей, башка тилдерди да билүүгө чакырмакмын.
Ар бир эле атуул өзүнүн «кыргыз жеринин гүлдөп-өсүшүн каалайт». Ошондуктан ар бир инсан эстүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, жетим-жесирлерге кайрымдуулук кылмакмын. Өзүбүздүн үрп-адат, каада-салтыбызды сактап, жүрүш-турушубузду оңдоп, бизди курчап турган жаратылышыбызды сүйүп жана ошондой эле Кыргызстанымдын гүлдөп-өсүшү үчүн келечекте татыктуу кызмат көрсөткүм келет.

Урматтуу Султанов Кылычбек Камчыевич, мен үй-бүлөдө алты бир-туугандын үчүнчүсүмүн, эгер мага ушул эс-алуу буюрса анда мен дүйнөдөгү эң бактылуу адам болмокмун деп сизди терең урматтоо менен Нарын облусунун Жумгал Районуна караштуу Куйручук айыл аймагында орун алган Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинин 6-«А» классынын окуучусу Анарбек кызы Каныкей

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 11:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Арналиев Болоттун дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

План:
Канткенде өлкөбүздү өнүктүрө алабыз?;
Менин кыргыз жеринин өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымым.;
Кыргыз жеринин табиятын, тарыхий-маданий мурастарын сактоо;
Кыргыз тили- бардыгыбыздын эне тилибиз;
Мен кыргыз жеринин гүлдөп-өсүшүн каалайм!.

Канткенде өлкөбүздү өнүктүрө алабыз?
Кыргызстан- Борбордук Азияда жайгашкан, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекет. Калкы 6 млн.го жетти жана калкынын 72%ын кыргыздар түзөт. Кыргыздар-байыркы, узун тарыхы жана өзгөчө маданияты бар калк. Байыртан Борбор Азия, Түштүк Сибирь, Чыгыш Түркстан, Батыш Монголияда журт которуп жашап, ушул аймактагы калк менен эриш-аркак мамиледе болуп келишкен. Кыргыз калкыXVI кылымда калыптанган уруулардан туруп, XXкылымдын аяына чейин феодалдык-патриархалдык коомдо өмүр сүрүшкөн.XIX кылымда сарыбагыш уруусунун манабы Ормонбир нече кыргыз урууларынын башын бириктирип, бирдиктүү хандык түзгөн. Бирок, уруулар аралык пикир-келишпестиктердин натыйжасында хандык кыйраган. Кийин кыргыздар Фергана өрөөнүндө түзүлгөн Кокон хандыгынын, андан соң Орус империясынын курамына кирген. 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин Советтер Союзунун курамындагы облус, автономдуу край, автономдуу республика жана Социалисттик Республика болгон. 1991-жылы Советтер Союзу кулап, 15 Союздук мамлекет эгемендүү болуп жарыяланган. Алардын арасында Кыргыз Республикасы да бар эле. Арадан 24 жыл өтсө да биздин мамлекет башка өлкөлөрдөй өнүгө албай, аксап жатканы мени ойлондурат.
«Сен таза болсоң, мен тазаболсом, коом да таза болот»-деп коомдук ишмер Искак Раззаков айткандай, биз дагы, сиз дагы, баарыбыз арбир жасаган ишибизди кыргыз эли-жерине арнап, ага деген патриоттук сезимибизди ойготуп, ойлонуп кадам жасасак, кылымдарды карыткан кыргыз элинин өнүгүшү үчүн чоң салым кошкон болот элек. Бирок, тилекке карышы, бул ой кыргызбайларды ойлонтпогону жанды ачытат.
Эл аралык валюта фондунун мамлекеттердинички дүң продукциясынын көлөмү боюнча чыгарган жыйынтыгында Кыргызстан 187 өлкөнүн ичинен 143-орунду, Тажикстан 136-орунду, Афганистан 105-орунду, Казакстан 49-орунду ээлеген. Мисалы, Ɵзбекстан менен Тажикстандын калкынын жашоо шарты начар болсо да, ал мамлекеттер өз казынасынан темир жолдорду жана өнөр жайларды курууда. Өнүккөн өлкөлөрдө ички дүң продукциясынын көлөмү жогору. Бул жерде экономикабыздын алсыздыгын көрүп турабыз. Ооба, бардык КМШ өлкөлөрүэкономикалык кыйынчылыкты башынан өткөрүшкөн. Бирок, алардын ичинен Россия Дүйнөнүн алдыңкы он экономикасына кире алды. Андан артта калбастан Белорусия, Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттер келе жатышат.
Жогорудагы мамлекеттерден артта калышыбыздын негизги себеби, мурдагы эки Президенттерибиздин кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланышы жана тамыры кенен жайылган коррупцияны орноткондугунан, экономикасы начар мамлекеттердин арасынан орун алдык. 24 жыл бизге узак сезилсе дагы, тарых үчүн кыска гана убакыт. Андыктан, баарын кайрадан баштоого дагы да кеч эмес.
Жаштар-мамлекеттин келечеги. Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың дегендей, жаштарга туура тарбия бериш керек экенин улуу муун жакшы билет деп ойлойм. Азыркы учурда жаштар саясаты боюнча көптөгөн долбоорлор иш алып барууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго : «Жашатр бизге татыктуу келечек куруп берүүсү үчүн кандай иштер жасалууда?» деп суроо бергенимде, төрага: «Азыркы жаштарга сапаттуу билим берүүгө чоң көңүл бурулуп жатат. Жаштар саясатын жүргүзүүгө жана билим берүүгө каражат башка тармактарга карганда көбүрөөк жумшалуусун Жогорку Кеңеш карап жатат» деп жооп берген.Менимче мамлекет билимдүү жарандардын аркасында өнүгөт деп ойлойм. XX кылымда Чыгыштын Ажыдаарлары билим берүүгө чоң көңүл бурушкан жана өнүгүү сапаттуу билимдин аркасында деп эсептешкен. Алардын жаңылышпаганын тарых өзү далилдеп берди. Учурда билимдүү жаштарыбыздын саны уламдан-улам артып, билимге талпынып жатканына кубанычтамын. Заман билимдүү жаштарды талап кылып жаткандыктан ЖОЖдордо окуган студенттер кайсы багыт пайдалуу экенин билип калды.
Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат. Биздин жагдайда оорубуз-коррупция. Коррупция-өнүгүү жолубуздагы эң негизги тоскоолдуктардын бири экени бардыгыбызга айдан ачык. Бул тоскоолдуктарды кантип жеңип чыгабыз? Канткенде өлкөбүздү өнүктүрө алабыз? Мени бул суроо абдан ойлондуруп келет. Бул абдан тамыры терең, бутагы бийик өскөн бак сымал. өлкө башчыбыз Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен акыркы 4-5 жылдан бери коррупциянын тамыры аз да болсо, кыскарып жатат. Тамырын соолутсак, бак да өспөй калат эле. Ал үчүн катуу тартип менен иш алып баруу абзел. Өнүккөн өлкөлөрдө мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы алардын эл аралык аренада абройунун жогорулатат
Өтүгүң майрык болгон сон, талаанын түзүнөн эч пайда болбойт. Тартип жана мыйзамдын аткарылышы начар болсо, кандай болбосун мамлекеттин өнүгүүсүжөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Өкмөт башчыбыз Темир Сариев учурда Министирлер кабинетинде «темирдей тартипти» акырындан орнотуп жатканына күбө болуп жатабыз. Анын иштерне ийгиликтерди каалайм.
«Башы оорубагандын Кудай менениши жок» деген сымал, коомчулуктагы айрым кайдыгер же өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон адамдар коомчулукту бузуп, улуттун улттуулугун бузуп жатат. Кыргыз качан эли-жери жөнүндө ойлонбостон жүрчүэле?! Ушундай адамдарды биз азыр «НПО»деп атап жаткан чет мамлекеттик фонддор, ар кандай экстремисттик уюмдар карамагына алып, кайрадан бийликке тукуруп жатканы зээнди кейитет. Ар бир кыргызды өз эли-жернин патриоту болууга, бирок ашынган улутчул болбоого чакырам. Кыргызстан – көп улуттуу өлкө болгондуктан, ынтымак жана саясий жактан туруктуулук өнүгүүгө жол ачат. Ырыс алды-ынтымак экенин унутпайлы, туугандар!
Дайыма эле жаман жактарыбызды айтып, өзүбүздү баса берүүгө деле болбос. Эл аралык уюмдардын чыгарган жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өнүгүү жолунда бара жатат. Ага кече жакында эле курулуп буткөн «Датка-Кемин» подстанциясы, Бишкек шаарындагы Жылуулук Борборунун модернизацияланып жатышы, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун жана башка аймактарагы автомобиль жолдорунун салынышы, Евразиялык Экономикалык Биримдикке киргенибиз жана эң негизгиси жана көрүнүктүүсү- Жогорку Кеңештин жаңы технологиялар менен шайланышы мисал боло алат.
Транспорттун өнүгүшү – экономиканын өнүгүшү. Ɵзгөчө темир жол транспорту экономиканын жогорулашынын негизги өзөгү. АКШнын Дүйнөдө биринчи болушу –ар бир штатын темир жол менен байланыштырып чыккандыгында. Европа өлкөлөрү да бири-бири менен темир жол аркылуу тыгыз байланышта болгондуктан, бардык жагынан өнүккөн . Кыргызстанда болсо, темир жол транспорту артта калган.Темир жол Кыргызстандын Түндүгүндө: Ысык-Көл, Чүй, Талас облусунтарында, ал эми Түштүгүндө: Жалал-Абад, Ош облусунда кыска гана аралыкка созулат.Келечекте Ɵзбекстан-Кыргызстан- Кытай, Балыкчы-Кара- Кече темир жолдорунун курулушу пландалууда.
Мамлекет жалгыз эле бир тараптуу өнүкпөстөн, ар тараптуу реформалар жүрүшү зарыл. Маданият, экономика, илим-билим, идеология ар башкаболсо дагы, ар дайым бири-бири менен байланышта. Экономикасызмаданият, илим өнүкпөйт. Өнөр-жайсыз өлкөнүн экономикасы начар, алсыз болот.
Кепти кезегинде айтпаса атасы өлөт дегендей, ушундай кезде бардыгынн ачык, таасын айтып албасак, башка кезде болбойт. Өнүгүү сапаттуу билим берүүнүн,татыктуу тарбиянын, темирдей тартиптин, коррупциясыз жашоонун аркасында жүрөт. Өнүксүн кереметтүү Кыргызстан!

Менин кыргыз жеринин өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымым.

Мен кыргыз жеринин өнүгүшүнө кандай салым коштум? Бул суроого мен ар дайым жооп издеп келгем жана издей берем. Ар бир суроого убакыт жооп табат тура. Мен бир жолу, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековичтен: «Мен өлкөбүздүн өнүгүшүнө кантип салым кошо алам?»-деп сурасам, Алмаз агай:«Окуучунун негизги милдети-окуу. Эгер окуучу өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошкусу келсе, ал алгач өз мектебинин, андан соң районунун жана облусунун атын чыгарып, кийин мамлекетинин намысын эл аралык аренада татыктуу коргой алса, анда ал өлкөсүнүн өсүшүнө салым кошкону»-деп жооп берген эле. Андан соң, мен : «Демек мен өлкөбүздүн өнүгүшүнө аз да болсо салым кошкон экенмин да» деп ойлонуп калдым. Анткени,мен Коомдук Биринчи Каналдын «Акыл ордо» интеллектуадык долбоорунун финалисти болуп, ата-энемдин, мектебимдин атын райондук деңгээлде чыгарганымды, андан соң, окуучулардын предметтик олимпиадасынын райондук турунда география сабагы боюнча I орунду ээлеп, облусттук этапка өтүп мектебимди сыймыкка бөлөгөнүмдү эстедим. Убагында мен окуган Акиш Капаров атындагы орто мектебинен акыркы 4 жылдан бери облусттук этапка катышкан окуучулар чыга элек экен. Менин алдымда чоң милдет турганын билдим да, бул менен чектелгим келген жок. Ата-энемдин жана эжей-агайларымдын колдоосу менен Облусттук этаптан да жеңүүчү болуп аныкталдым. Бул жеңишке бардыгы: мектеп жамааты, үй-бүлөм, өзүм жана мен жашап жаткан Кара-Суу айыл өкмөтү Ат-Башы райондук билим берүү жамааты абдан сүйүнүштү. «Улук болсоң, кичик бол» демекчи, ошондо мен канчалык жеңишке жеткен сайын, мага чоң милдеттер илине баштаганын жана аны көтөрө билип, аткарышым керек экенин түшүндүм. Негизгиси- Республикалык тур болду. Менин милдетим - Нарын облусунун, анын ичинен Ат-Башы районунун намысын татыктуу коргоо болду. Талыбаган эмгектенүү жана изденип окуунун натыйжасында, мектеп окуучуларынын предметтер аралык Республикалык Олимпиадасында II орунду ээлеп, Нарын облусунун беделин көтөрдүм деп ойлойм. Сыйлык жалкы, сыймык жалпы дегендей, орунду мен ээледим, жалпы Ат-Башы эли сыймыктанып жатышты. Бардыгы али алдыдыда! Дагы-дагы ийгиликтерди багынтууну көздөп жатам.
Максат жана кыял ар бир адамда болушу керек. Каалоо, кыялдануу болбосо, адам аракет жасабай, жашоосу максатсыз туңгуюкка айланат. Менин башка балдар сыяктуу эле кыялдарым бар. Алардын эң негизгиси -Кыргызстанымдын гүлдөп-өсүшү. Мындан сырткары, келечекте билимдүү адам болуп, тандаган кесибимдин жардамы менен өзүмдүн максатыма, кыялдарыма жетким келет
Кесип демекчи, мен дагы өз кесибимди тандоонун алдында турам. Мен бул жөнүндө көп ойлондум жана өзүмдүн шыгымды, талантымды, эске алуу менен атактуу Атаке баатырдай, Казы Дикамбаевдей, Ишенбай Абдразаковдой, Чыңгыз Айтматовдой жана Роза Отунбаевадай билимдүү дипломатболууну чечтим. Мен Малазияга дипломатиялык иш сапарга барууну каалап жатканымды жашыргым келбейт. Буга чейин Кытай Элдик Республикасына барууга камындым эле, бирок, буйрубаса керек, бара албай калдым. Дипломаттар сымал оптимист болууга аракет жасап, алгачкы иш сапарга баруум ийгиликсиз аяктаганына эч кайгырбай, алдыга карай умтулуп жаткан кезим. Максаттарым ишке ашаарына ишенем.
Мен азыркы учурда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Дыйкан айылында Акиш Капров атындагы орто мектебинде окуп жатам. Жалгыз эле окуу процессин ойлонбостон, ар тараптуу иш-аракеттерди жасоо керек деп ойлойм. Азыркы учурда, айылда жаштар үчүн шаардагыдай шарттар болбогондуктан, ар кандай ыплас жолдорго түшүп кеткенине күбө болуп жатабыз.Бул дагы өнүгүү жолундагы негизги маселе. Анткени мамлекеттин келечеги жаштар деп эсептейбиз. А бирок, жаштар ушундай жолго барып жатышса кимге ишенебиз? Ушул маселени чечүү максатында, чакан айлыбызга футбол аянтчасын куруу боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатам. Долбоорум ишке ашса, май айларынан баштап курууу башталат деген үмүттөмүн.
«Адамга эн кыйыны-күн сайын адам болуу» - деп улуу жазуучу, дипломат Чыңгыз Айтматов айткандай, адам болуу кыйын болуп бараткан заманда, билим алып, адамкерчиликтүү, кайырмдуу болуп, бүткүл өлкөнүн өнүгүшүнөсалым кошуу биздин милдетибиз!
Ар бир окуучуга ата-энени, эже-агайды сыйлаган, тартиптүү, ыймандуу, элдин сыймыгы болгула демекчимин. Башкысы-ынтымактуу бололу. Ынтымак бар жерде ырыскы ыроолойт!

Кыргыз жеринин табиятын, тарыхий-маданий мурастарын сактоо.

Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан! 2200 жыл өтсө дагы, кыргыз эли толкуп-ташып, кээде бөксөрүп, чабылып, чачылып, кайрадан жыйналып, эне тилибизди, улутуулугубузду, мамлекетүүлүгүбүздү сактап кала алдык. Анда Манас, Барсбек бабаларыбызга окшогон чыгаандардын салымы чоң. Заман, жашоо өзгөрөт, ал эми баатырларыбыздын аты тарыхта эч качан өчпөс болуп жазылып кала берди.
Башканы коюп Мансты айт. Чү, дегенде элеМанас бабабыз жана «Манас» эпосу жөнүндө баяндайлы. 2013-жылдын 4-декабрынан тартып «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес, маданий мурастарынын шедеврлеринин катарын толуктады. Ошондон бери, 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланды. «Манас» - бул чалкып жаткан, учу-кыйыры көрүнбөгөн океан сымал. Океанды деңиздер түзөт. «Манас» океанын болсо, элибиздин каада-салты, үрп-адаты, тили, дили, дини түзүп турат. «Манас», «Семетей», «Сейтек» трилогиясынын негизинде кыргыз элинин бүткүл идеологиясы түзүлөт. Идеология десе «Манас» эпосун окуп коюу эле эмес. Аны окуп, кыргыз калкы канчалык байыркы, намыскөй, эр жүрөк жана дагы айкөл экенин түшүнүп, ата-бабаларыбыз сыяктуу көкүрөктө сактап, кийинки муунга өткөрүп бериш керек экенин билип, жүрөктө «Манас, кыргыз» деген патриоттук сезимдерди ойготуп, эпостун тереңинде жаткан маани-мазмуунун аңдап билүү менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, улуу көчтү улайлы. Тарыхы, тили, дили жок эл –«маңкурт» экенин Чыңыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасынан билебиз. «Манас» эпосуна ааламда эч бир дастан тең келе албайт. Күндөп-түндөп Манас айтып, «Манас» дастанын ушул күнгөжеткирген – манасчыларыбыз. XX кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Шапак Ырысмендеев сыяктуу аталарыбызды канчалык мактасак да сөз жетпес. Ар бир улуттун мактанаар сыймыгы болот эмеспи. Кыргыз элиники болсо болосо, «Манас» эпосу жана манасчыларыбыз.
Манасчылар Манасты жөн эле жерден айтып калышкан эмес, башкача айтканда, аларга адамдын аң-сезиминен тышкары дүйнөдөн аян берип, анан манасчылыкка өтөт. Учурда манасчы, дастанчыларыбыз аз эмес, алардын эң жашы- Үмөт. Үмөт болгону 10 жашта. Бирок, аны Манас, Бакай, Кошой, Саякбай аталарыбыз колдоп жатканы белгилүү. Манасчылык- бул өнөр гана эмес, ал Манас ата тарабынан берилген касиет. Ал касиетти туура жактарга пайдаланып, аны даңктап, барктап, сыйлаган адам гана бардыгына жете алат. Бул касиет ар бир эле адамга бериле бербейт. Андыктан, манасчыларыбызды сыйлап, аларды улуу манасчылыкты улантуучулар катары таанышыбыз керек.
Мен Манас атабыз болгонуна жана ал касиеттүү, бөтөнчө бир материалисстик көз-караштан тышкаркы күчкө ээ экендигине ишенем. Анткени, жөнөкөй адамдын эрдиктерин, жасаган ишин, айкөлдүгүн эч жазуусуз, ооздон-оозго өтүп сакталышы мүмкүн эмес. А, бирок, мен досторума: «Манас атанын касиетине ишенесинерби? » деген суроо узатканымда, алардын бардыгы : «Ал тарыхта болгонуна ишенебиз,. Бирок, кантип Манас ата колдосун? Ал болгону адам. Анын баатыр болушу касиеттүү экенин далилдей албайт.» деп жооп беришкен. Али күнгө дейре, мен досторум менен бул суроо боюнча талашып-тартышып келем. Анткени, мен Манас атабыздын зор күчкө ээ экендиигине ишенем!
Мындан сырткары кенже Кожожаш, Эр Табылды, Эр Төштүк, Жаңыл Мырза эпостору да четте калбайт
Идеология-абдан маанилүү. Илгертен кыргыздар уул-кыздарын «Элдин иши эрдин мойнунда», «Ак ойлоп, адал иште», «Улук болсоң, кичик бол », «Жаман менен достошсоң кесири жугат, жакшы менен достошсоң насиби жугат», «Этек-жеңди жыя турсаң абийирге аралжы, тегизиңди жыя турсаң жанга аралжы»деп макал-лакап, накыл кептер менен тарбиялап келген. «Ырыс алды-ынтымак» деген макалда эле канчалаган философия жатат? Менин да чоң атам ооздон-оозго өтүп келген руханиятты, Улуу Ата Мекендик согушта казак, орус, украиндер менен бирдикте фашисттерге каршы согушканын айтып калаар эле. Анын сөздөрү кичинемде жомоктой сезилсе, убакыт өткөн сайын чоң атамдын кеби канчалык маанилүү экенин билип турам. Карынын кебин капка сал деген ушул экен да, көрсө.
СССР мамлекети түзүлгөндө идеологияга чоң көңүл бурушкан. Мисалга алсак, «пионер», «комсомол» деп балдарды жаштайынан иштемчилдикке, патриоттуулукка үйрөткөн. «Родина мать зовёт», «Эч ким, эч качан унутулбайт» деп, ар башка улуттун өкүлдөрү ынтымакта, достукта Ата Мекен үчүн күрөшкөн.
«Жети атасын билбеген-кул» деп байыртан аталарыбыз уул балдарды намыскөйлүккө тарбиялашкан. Жазуусу өнүккөнКытай сыяктуу мамлекеттер ата бабаларын, уруусун кагаз бетине жазып калтырышса, кыргыз эли ооздон-оозго, муундан-муунга өткөрүп, мурас катары сакташкан. Уруулардын , адамдардын келип чыгышы тууралуу илим- «генеология» деп аталат. Бизде дагы бул илим жогорку деңгээлде өнүккөн, болгону башкача аталыш менен - «Санжыра». Илгери аталарыбыз «Кайсы уруудансың? Ата тегиң ким?» деп сурашкан. Кыздарды турмушка берип, уулду үйлөп жатканда кудалар ата тегин, уруусун сурап анан үйлөнтүшкөн. Азыркы уурда жаштар «Санжыранын» маанисин жакшы түшүнбөй, орой айтканда ,башың кайда десе, мурдун көргөзүп жатканы абдан өкүндүрөт.
Акындар төгүп ырдап, жаш улан кыздар акыйнек, табышмак айтышып, комуз, ооз комуз, кыл кыякты созолонто ойноп, көк бөрү талашып, ордо, жамбы атып, кыз куумай ойноп, өнөр баккан элибиз руханий маданиятты өркүндөтүп жашап келишкен. Анын ичинен акындык айтыш өнөрү казак-кыргыз ичинде гана таралган. Таңдайынан чаң чыгара ырдаган акындар куйкум сөздөрдү куюлуштуруп, төгүп, эл алдында комузду кол ойното чертип айтышып келишкен. Токтогул, Жеңижок, Барпы, казалчы Казыбектер бул өнөрдү улантып, азыркы Амантай, Аалы, Азамат, Жеңишбектерге өткөрүп беришкен.
Бирок жаштар маданиятыбыз канчалык терең, өзгөчө мааниде экенин түшүнбөй жатышат. Бир мамлекет экинчисин басып алгысы келсе, аларга эч согуш ачпастан, руханий дүйнөсүн гана талкалоо менен басып алышы жетиштүү экенин айрымдары билбей, батыштын ар кандай кинолорун, музыкаларын тажабай көрүп, угуп ,психологгиялык жактан биздин жаштарыбыз жабыркап жатат.
Кыргыз элин байыртан бери мамлекеттүүлүктү сактоо деген максат, мүдөө сактап келе жатат, кыргыз эли дагы-дагы миңдеген кылымдар жашай бермекчи. Түгөлбай Казаков агай : «Маданият-улуттун эл аралык аренага алып чыкчу уруксат белгиси» дегендей, маданиятсыз, тилсиз биз башка улуттан эч айырмабыз калбай калат. Ансыз да, тегерегибизден бизидин жерибизге, суубузга, кен байлыктарыбызга кызыктар мамлекеттер аз эмес болуп тургат. Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!
Материалдык маданияттын белгиси – боз үй. Боз үйдү, шырдак, ала кийиз, оймо-сайма, калпак, ак элечети айтпай, таштап кетсек болбос. Боз үйдү ата-бабаларыбыз ушунчалык геометриялык тактыкта, эч бир мык колдонбостон жасашкан. Боз үй жыгачынан жана кийизинен турат. Жыгачтары: уук, кереге, босого, түндүк. Боз үйдүн түндүгүнөн ар дайым үйгө жарык кирип, Күндү элестетет ал эми формасы айлана түрүндө болуп, төгөрөктүн төрт бурчун билдирип турат. Ушул себептен, Туубузда түндүк чагылдырылган. Кийизи болсо, туурдук, үзүк, түндүк жабуу, эшиктен турат. Жыгачын уста адамдар, кийизин уз энелерибиз жасашкан. Ар бир кыргыз айымы колунан көөрү төгүлгөн уз болгон. «Манас» эпосунда дагы Каныкейди мыкты уз катары сыпаттайт. Аталарыбыз «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп, ар кандай өнөргө ээ болушкан.
Кыргызстандын- табияты, жаратылышы абдан кооз жана табигый жаратылышы сакталган мамлекет. Табияттын кооздугу төрт мезгилде тең байкалат. Тоо бермети –Ысык-Көл, бийик-бийик тоолор, кең өрөөндөр көз жоосун алат.Көп түрлүү кыргыз жаратылышын чет жерге жарнамалоо гана жетишпесе керек. Туризм-Кыргызстан үчүн кирешелүү тармак. Мисалы, Италиянын бюджетининин негизги булагы –туризм жана ар бир экинчи жаран тейлөө тармагында эмгектенет. Жаратылышты көздүн карегиндей сактоо керек. Эгер тарыхий-археологиялык мурастарды, жаратылышты сактоого көңүл бурсак, чет өлкөлүк туристтер да тартылмак. ЮНЕСКОго Сулайман тоосу, Невакед, Суяб тарыхий шаарлары Кыргызстандыне атынан кирген. Ошого жараша алардын тазалыгына, сакталышына маани берип, коргоого алышыбыз керек. Анткени, алар жалгыз эле биздин эмес, Бүткүл Дүйнө мурастары болуп эсептелет.
Тоолорду карап туруп ата-бабанын үнүн уккандай болом. Атактуу орус акыны Сергей Есенинин үчүн Мекендин белгиси- кара буудай болсо, мен үчүн Ата Журттун белгиси ак кар, көк муздуу тоолор. Ата Журттун белгисин сактоого мен бар күчүмдү жумшайм.
Учурда бүткүл дүйнө калкынын астында жаратылышты булгануудан коргоо маселелери турат. Демек, бул бардыгыбыздын маселебиз. Жаратылыш менен таттуу мамиледе бололу!

Кыргыз тили- бардыгыбыздын эне тилибиз.
Артка кылчайып, тарыхка көз жүгүртсөк, нечендеген күчтүү мамлекеттер пайда болуп, кайра жоголуп, же башка өлкөлөрдүн курамына кошулуп кеткен. Цивилизациясы дүркүрөп өскөн улуттар пайда болуп, кайрадан ың-жыңсыз жоголуп кетип турган. Алар жашоосун улантып кете беришкен, болгону каада-салтын, үрп-адатын, тилин, дилин унутуп, маңкуртка айланып калышкан. Тарых улам эскини жаңыга алмаштырганын токтоткон эмес. Мисалга алсак, бизден 5-6 эсе көптүк кылган уйгурлар улуттуулугун, мамлекеттүүлүгүн жоготуп, азыркыга чейин башка улуттардын басмырлоосунда жашап келишет.
Кыргыз эли улут болуп сакталышы үчүн кыргыз тили чоң жардам берди. Кыргыз тилинде Айкөл Манас баш болгон баатырларыбыз сүйлөп келген. Тил-идеологиянын негизги өзөгү деп ойлойм. Жылдар өтүп, 1989- жыллдын 23-сентябрында кыргыз тили-Кыргызстандын мамлекеттик тили деп, андан соң 1991-жылдын 31-августунда картада Эгемендүү Кыргыз Мамлекети пайда болду. Эгемендүүлүк үчүн канчалаган кылымдар бою күрөшүп келдик. Бирок, эгемендүү мамлекеттин тарыхы, тили, дини болушу керек эмеспи. Кыргыз тилиин күнүмдүк турмушта кеңири колдонсок, колдонот десе эле ой келди пайдаланбастан, туура пайдалансак, тилибизди өнүктүрө алмакпыз. Бирок, эки сөзүбүздүн бири орусча болуп жатса кантип өнүгүү болот?! Бул да калктын билимсиздигин айгинелейт. Бизге орус тили жана адабияты сабагынан берген эжейибиз: «Кыргызча сүйлөп жатканда эч качан орусча кошпостон, орус тилинде сүйлөп жатканда эч качан кыргызча аралаштырбастан, таза сүйлөсөңөр, билимдүү, тарбиялуу экениңерди далилдейсиңер» дегенин эсимден чыгарбайм.
Айрым мамлекеттик кызматтагы аткаминерлер кыргыз тилин жерип, кыргыз тилинин гүлдөп-өнүгүшүнө бут тосууда. Кыргыздын көрүнүктүү, патриот акыны Байдылда Сарногоев:
«Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт»- деп эне тили үчүн күйүп жатканына күбө болуп жатабыз.

Мен кыргыз жеринин гүлдөп-өсүшүн каалайм

Мекен деген эн бир сонун нерсе болот.
Мекен деген тоолор, суулар, кокту-колот.
Мунун баарын билгендер бар, билбеген бар
Мекен десе журогумдо жалындайт от.

Ата журт деп күрөшкөн бар, качкан да бар,
Качкандарга бүт дүйнө, аалам да тар.
Ала-тоону сүйүүнү үйрөткүлө,
Кызыңарга, уулуңарга, оо, кыргыздар.

Өркүндөсүн Кыргызстаным, Мекеним.
Ата Журтум-алтын бешик, медерим.
Күйгүн жер деп, сүйгүн элди чын дилден,
Далилдегин сен патриот экениң.

Уламадан уланган накыл кептер,
Уюткулуу калкым болгон кеменгер
Унутпаган мунун баарын ата-баба
Уу берсе да душмандар же журт безер.

Карагайлуу чер токой, кен өрөөндөр,
Кызыгышат буларга көпчүлүктөр.
Мунун баарын коргоп келген ата-баба
Чыкса дагы астынан суук аяз, ысык чолдор.

Кана, айтчы кимиңде бар Мнастай!
Кана, аччы тарыхынды барактай.
Тапкан жоксуң Манасыма теңдештүү.
Тарых менен мактанамын тажабай.

Улуу элим, кагылайын кыргыз деп,
Салгым келет астыңарга узак кеп.
Узак бирок, бир сөз менен айтканда,
Кыргыз тилим болуп берет бекем чеп


Өнүксүн кыргыз жерибиз! Кыргызстан менин тирегим, кыргыз жери-жүрөгүм, кыргыз тили-жаным. Улуу калкым, ынтымакта, биримдикте жашасак, өнүгүү болоорун унутпайлы!


Нарын, Ат-Башы, Дыйкан айылы, 11-класс

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Асанбеков Азиздин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен Кочкор жергесинин кулунумун, жашым 14 жашта, мен курактуулардай эле күнүгө мектепке барып билим алам жана мектептеги дарскананын терезесин карап кыялданам. Эртеңки күнү мен эрезеге жетип, эмгектенип элимдин көйгөйүн азайтып, оор жүгүн жеңилдетип, колуна кол, бутуна бут болсом дейм. Ой-кыялымда көкөлөп аркайган Ала- Тоонун чокуларындамын. А бирок мен али баламын, азырынча көп нерсе колумдан келбейт, минтип качан профессор, доктор болгонда салымымды кошом деп кыялданып олтура берсем убакыт учуп кете берет, андан көрө сабагымды артыкчылык менен окуп, талыкпай эмгек кылуу менен айлана чөйрөгө көңүл буруумду уланта беришим керек.
Мен айылда жашагандыктан атама кой, тоок багышам, ошондон улам фермердин эмгегин түшүнө баштадым. Келечекте фермерлердин жашоосун жеңилдетким келет, алар азыркыдай кара күч менен иштебестен, баардык шаймандары автоматташтырылган жана борбордоштурулган болушун ишке ашырам, ал үчүн долбоорлорду жазам, изденем, аракет кылым.
Мен КЫРГЫЗ ЖЕРИМДИН ГҮЛДӨП-ӨСҮШҮН, Элим эртеңки күнүн ойлогондо коркпошун, өзгөчө жаштар жумушсуздуктан жапа чекпешин, наркоман болбошун, чет жерде сервисте иштеп кор болбошун каалайм. Джек Лондондун “Мартин Иден” деген чыгармасындагы Мартиндин өз алдынча иштеп өзүн таптаганы мен үчүн үлгү, ошол каармандай мен дагы билимдин сересине жетким келет, а бирок ал адамдай трагедиялуу тагдырды каалабайм. Ошондуктан айлана-чөйрөмдөгү адамдарды түшүнө билүү үчүн психология илими мектептерде берилүүсүн каалайт элем.
Сөзүмдүн соңунда мекеним гүлдөп-өсүшү үчүн биринчиден тынчтык болсун, апам айтып калат: “Согуш болсо 30 жыл артка кетебиз”- деп, ылайым бейкутчулукта жашап, биримдикте жана эриш аркак эмгектенсек өсүп-өнүгөбүз.
Асанбеков Азиз Асанбекович. Нарын облусу, Кочкор району, Аман Балтабаев көчөсү. Капар Кыдыралиев атындагы орто мектеби 9Б Класс


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Асекова Айсулуунун дил баяны.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүүсүн каалайм.
План:
1.Кыргызстан кандай мамлекет.
2.Кыргызстанда өнүгүп келе жаткан нерселер
3.Өнүгүүнүн жолдору
4. Мен келечекте кыргыз жеримди кандай элестетем
Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча кичинекей мамлекеттердин бири. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп 1992-жылы түзүлгөн . Кыргызстандын мамлекеттик туусу 31-августта 1992- жылы кабыл алынган. Туунун негизги белгилери-боз- үйдүн түндүгү жана күн. Туудагы түндүктүн сүрөтүнүн түшүндүрүлүшү – түндүк жашоонун , үй- бүлөнүн, ынтымактын, элибиздин көчмөндүү тарыхынын белгиси .
Ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекттик герби 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Анда касиеттүү Ысык-Көлдү, анын ары жагында Ала-Тоонун жана чыгып келе жаткан алтын нурдуу күндүн сүрөтү тартылган. Эки капталында пахта менен буудайдын сүрөтү, ортодо Манас атабыздын шумкары канатын жазып турат.
Байыркы заманда эң кадырлуу канаттуу ак-шумкар эсептелчү. Ал эми Гимн болсо мамлекетти, өлкөнү даңктаган салтанаттуу ыр.
Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө. Мисалга айта кетсем: Жолдор оңолуп, үйлөр, мектептер, дарыканалар салынууда. Кыргыз жеримде акыркы убакта мечиттер да көп салынууда. Бул да мага жагат. Анткени кээ бир эркек бала же кыз балдарды жаман жолго баруудан сактап калып атат, кээ биринин үй-бүлөсүн бекемдөөгө, ынтымактуу жашоого алып келет. Бекем күчтүү, өнүккөн мамлекет үй-бүлөдөн башталат деп ойлойм.
Мен Кыргыз жеримде көптөгөн завод, фабрикаларды курулса жана экономикабыз көтөрүлүп көптөгөн жердештерибиз жумуш издеп чет жерлерде жүрүшөт, ошол жердештерибиз Кыргызстанга келип жумуш менен камсыз болушуп өлкөбүздү өнүгүүсүнө дагы да салымдарын кошмок. Азык-түлүк, кийим-кечектерди, башка мамлекеттерден албай өзүбүздөн өндүрүп, чыгарып турсак элибизди да жумуш менен камсыз кылат элек. Ошол эле убакта экологиябызды тазалап турганга чараларды көрүп турушун каалайм, мисалы: өнүгүүдөн чыккан калдыктардан жер семирткичтерди иштеп чыкса дыйкандарыбызга жана түшүм алууда чоң пайдасы тийет.
Дагы бир мисал келтирсем, биздин улуттук тамактарыбыздын бири (курут). Мен бул курутту жакшылап иштетип чыгарып дүйнө элине таратсак эң чоң киреше түшөт болуш керек деп ойлойм. Анткени курутту жакшы жасаса эч качан бузулбайт, көпкө сакталат жана кошулмасы жок таза адамдардын ден-соолугуна пайдалуу азык болуп саналат. Илгери ата- бабаларыбыз курутту алыскы сапарга атанарда же кышкыга гүл-азык деп жасап сакташчу экен.
Мен келечекте кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүнө сөзсүз түрдө өз салымымды кошом деп ойлойм. Анткени биздин кыргыз жерибизде баардык мүмкүнчүлүктөр бар, таза абасы, тунук суусу, бийик-бийик ак мөңгүлүү аска-зоолу Ала-Тоосу, кенен-кенен түрлүү дары чөптөрү бар жерлер, өтө акылдуу, боорукер, ыймандуу эли бар.
Биз кыргыз эли бирге ынтымактуу жашасак бири-бирибизди колдосок, эң биринчиден өзүбүздү сыйласак, адам экенибизди унутпасак, албетте бизде кыргыз жеринде гүлдөп өсүп, өнүгүү болот.

Асекова Айсулуу Темирболотовна
Нарын шаары Ленин көчөсү 50-31
№2 В.П Чкалов мектеп гимназиясы 8-В класс


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Бактыбек кызы Аземдин дил баяны.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Туулган жер! Көкүрөккө кандай жакынсың! Кайсы гана жерде болбосун, кайсы элде болбосун ар бир адам өзүнүн кичинекей мекенин жүрөгүнө сактап, түтүн жыттанган кичинекей айылын дүйнөнүн эң бир кооз бурчуна да алмаштырбас эле. Муну сөз менен түшүндүүрүгө мүмкүн эмес. Бул мекенине, туулган жерине болгон кайталангыс сезим. ''Эгер мен аалам коюнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз, аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык… Ата журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тирилик-тартиби, салт-санаасы, ыры, жомогу, жаратылышы, абасы - бүткүл турпаты адамдын бар экендигине бекем ишенемин' ',- деп улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай, анын да ааламга кеткен сапары кичинекей айылы Шекерден башталган .
Айылынын кайталангыс кооздугун, август түндөрүн, түтүн жыттанган аңыздарын, карапайым эмгекчил адамдарын көркөм сөздүн күчү аркылуу өлбөс-өчпөс образдарга айлантты. Ал эми кыргыз интеллигенциясынын, кыргыз илиминин жана маданиятынын алгачкы баштоочуларынын бири К.Тыныстанов дагы өз кезегинде кадимки эле кыргыз айылында туулуп-өсүп, карапайым үй-бүлөдөн чыккан.
Алыста Ташкент жергесинде жүрүп, кыргыздын Ала-Тоосун сагынып, ’’…булуттан жоолук оронуп, ак чачы музга боёлуп, көз жашы менен сай-сайды жууп” күткөн эненин образына салыштырат. Чындыгында эле, ар бир адамга өзүнүн киндик каны тамган айылы кымбат. Береги бетеге чөбү буралган, абасы жашыр жыттанган, улуу тоолордун кучагында мемиреп жаткан чакан Нарын шаарым да менин жүрөгүмө жакын. Шаарга каттаган сайын жүрөгүм алып-учуп толкунданам. Мына бет маңдайда ак мөңгүлүү Ала-Тоо, кырка тоолордун мээримдүү коюнунда мемиреген кең өрөөндүн көркүн ачып, кыял куусун козгогон-анын шар суусу менен көк жашыл токою. Өзөн бойлото кыркалекей тартып, шуудураган токой кээде тирелишип жыш, кээде суюлуп, өрөөндүн этегине жетпей түгөнөт. Тигине, тентек толкундары күнгө чагыла, миң кубулуп кыялдана толкуган көлүм. Алыстагы кызын сагынып күткөн мээрман эне сыяктуу айылым кучагын жая тосуп алат… Ырга кошуп даңазалаган чыгармаларда аңыз болгон айылдарыбыздын азыркы абалы кандай? Ырас, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болду, улуттук маданият, билим өсүп-өнүгүүнүн, жаңылануунун жолуна түштү. Бирок муну менен эле бардык көйгөйлөр чечилип калган жок. Социалдык-экономикалык проблемалардан
улам айылдын бүгүнкү абалы мени тынчсыздандырбай койбойт. Айылымдагы жумушсуздук айыл калкынын жашоо шартынын төмөндөшү, аракечтик, жаштардын адепсиздиги сыяктуу социалдык терс көрүнүштөр мени ойго салат. Элет жерлеринде калктын социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир катар аракеттер көрүлө баштады. Айылдагы дыйкан-чарбаларынын иш-аракеттери, кол өнөрчүлөр цехтеринин ачылышы, массалык-маданий борборлордун иштеринин жанданышы айыл жаштарынын арасында жумушсуздукту жана башка социалдык терс көрүнүштөрдү жоюуга багытталууда.
Республикабыздын айыл-кыштактарынын, анын ичинде менин айылымдын да алдыдагы өркүндөп-өсүшү, гүлдөшү менин жана мен өңдөнгөн келечектин ээлеринин колунда. Ал үчүн биз, жаштар, билимибизди, күч-дараметибизди, Мекенге болгон терең сүйүүбүздү аябашыбыз керек.
…Кеч күз. Айлана сары өңгө боёлуп, кандайдыр бир керемет үнгө толо, “мен кеттим” дегенсип, күз өзүнүн жеңил шамалы менен эркелеткендей, боору ачык жеңил курткамды желбиретип, коштогонсуйт. .. Мына күз да бүттү… Убакыт учкан куштай зымырап, алга карай шашылат… Парктын эч ким баспай калган ээн көчөлөрүнүн биринде ойлуу кетип бара жаттым. Тарпы чыккан эски тамдар, өңү өчүп, ар кайсы сөздөр жазылып, чийилген селкинчектер, колдонууга жарабай калган отургучтар менен катар, жалбырактары түшүп, же саргайып калган бак-дарактар да менден бир нерсе сурап жаткандай үмүт менен тигиле тиктеп тургансыйт. Алардын ошол кейпине, адамдардын кайдыгерлигине ичим ачышып жерди тиктей басам. Ар кай жердеги акыр-чикирлер, бөтөлкөлөрдүн сыныгы, тамекинин калдыктары ого бетер көңүлүмдү иренжитти.
“Экинчи Швейцария деп мактайбыз жерибизди, келген туристтер көрдү го буларды” деп ичимден ойлоп алып, эмнегедир өзүмдөн өзүм уялып, кысына түштүм. Эгерде Нарын немецтердин шаары болсо, кандай таза, иреттүү, көрктүү болот эле… Кой, ишембиде окуучулар менен келип, жок дегенде тазалап кетели, классташтарыма сунуш кылайын деп ойлонуп келе жаттым. “Эже’’ деген үн оюмду бузуп жиберди. Парктын чыга беришинде 8-9дар чамасындагы өз боюна чак келбеген чоң, эски куртка, бутуна эскилиги жеткен жаман бут кийим кийген, жүдөгөн кыз мени жалооруп карап туруптур. Үшүп калганбы, же ачка болгонбу, айтор, кесилген эриндери, кичинекей кара тору колдору титиреп турду. “Эже, бир сом берчи?’’ деди кыз аянычуу. Кайсалап, чөнтөгүмдөгү болгон жыйырма сомумду карматтым. Чөнтөгүмдө ошол акчанын болгонуна жеке эле кыз эмес, мен да сүйүнүп кеттим. Кыз ‘’рахмат’’ деп коюп, артын карабай чуркап жөнөдү. Кенедей кезинде турмуштун катаал капшыбына кабылган кызды көзгө көрүнбөй калгыча карап турдум да, “алтын балалык ушулбу” деген ойго кеттим.
Күндөр өз нугу менен өтө берди. Классташтарыбыз менен бардык мектеп окуучулары ишембиликке чыгып, паркты, көчөлөрдү тазаладык. Дагы бир күнү автовокзалга эжемди борборго салганы барып, баягы парктагы кызды дагы көрдүм. Кызга боорум ооруп кетти. Наристенин алтын балалыгын уурдап алган ата-энесине бир эсе кыжырым кайнап, бир эсе алар үчүн ‘’жети өмүрүм жерге кирип’’ уялып турдум. Өткөн жумадагы эжебиз алып келип тааныштырган ‘’Кыргызстандын идеологиялык программасы’’ класстагы кызуу талкуу, кайрадан баягы кызды эсиме салды, жаңы бир ой келди. Ошол ой ‘’Мен эмнеден уялам?’’ деген темада дилбаян жазуу тапшырмасы эчак эле берилгенине карабастан ушул күнгө чейин оюмду топтоп, али баштай албай жүргөн ишти баштоомо бирден бир чоң себеп болду.
Класстагы айтылган сөздөр купулума толбосо да, айрым ойлор менин оюма ой кошуп, жаңы бир бир нерсе таап алгандай болдум. ‘’Адам-бардык коомдук өзгөрүүлөрдүн чордону, турмушта болуп жаткан бардык нерселердин альфасы жана омегасы’’ деп көрсөтүлгөн экен программада. Чынында эле, кайсы коомдо болбосун адам бардык өзгөрүүлөрдүн себепкери болуп, бардык нерсе анын алдында өтүп, анын иш-аракетине, аң-сезимине, жоопкерчилигине байланыштуу болорунда талаш жок. Убакыт өткөн сайын турмушубузда көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатканы баарыбызга маалым. Жакшысы да, жаманы да бар. Бир жагынан, демократия, сөз эркиндиги, адам укугу, илим-билимге умтулуу жакшы жолго коюлса, экинчи жагынан, программада таасын көрсөтүлгөндөй паракордук, алдым-жуттумдук улуттук уюткубузду ичтен иритип, алдыга жылып, өнүп-өркүндөөбүзгө калың каргаша болуп калууда.
Турмуштук бир эле мисалды айта кетели. Шайлоо учурунда өз кандидатурасын койгон кыргыздын чыгаан деген атуулдарынын ишенимдүү кишилери кол топтоого, ар кимди үгүттөөго кирип, же
бурч-бурчтарга чай, самын, май, спирт ичимдиктерин тараткандары турмушубузда адатка айланууда. эң өкүнүчтүүсү ушундай көрүнүштөргө элдин кайдыгер карагандыгында. Талапкерлер болсо уятсыздык менен укмуштуудай убадаларды беришкенин угуп, өзүң уяласың.
Ооба, чынында эле, баштан аяк алып карасак (парктагы кыз, ата-энеси, эсепсиз той өткөргөн чоңдор ж.у.с.) коомдук терс көрүнүштөрүбүздүн бардыгы акыры барып уятсыздык, нравасыздык, тарбиясыздыкка такалат. Ошондуктан биздин коом ыймандык тазарууга, ата-бабаларыбыздын маданиятын, үй-бүлө, тарбия, дин, парз жаатындагы улуттук каада-салтты сактоого муктаж болуп турат. Антпесе, ар ким өз көмөчүнө күл тартса, алдыга жылуу болбойт. Чынында, эл тагдырын ойлогон патриоттордон кыргыз эли куру жалак эмес эле дечи.
Мен уялам, мына мындан уялам.
Бирок кантмекпиз турмуш бизден айлана-чөйрөгө болгон мамилебизди көз карашыбызды ыкчам өзгөртүүнү талап кылууда. Анткени бизге жерде жашоону насип эткен. Бизде көптөгөн зор проблемалардын болгонуна карабастан эң жакшы жашоого шарттар бар. Бизден эмгектенуу менен чынчылдык, ар намыстуулук, уяттуулук, жоопкерчилик талап кылынат. Биз дүйнөдөгү көз жоосун алган керемет көлдөрдүн, көк жашыл токойлордун, жайкалган жайыттардын, жемиштүү өрөөндөрдүн, билимдүү адамдардын өлкөсүбүз деп сыймыктануу менен бирге, кетирген кемчиликтерибиз үчүн, аракетсиздигибиз үчүн, кайдыгерлигибиз үчүн, курулай шаңдануучулугубуз үчүн ар бирибиз уяла да жүрүүбүз керек. Ошондо гана, адамдарда уялуу сезими болгондо гана коом өнүгөт деп ишенем.
Ар бир окуучу үчүн милдети жакшы окуп, тартиптүү болуу. Кээ бирөөлөр бар жүрүш-турушу начар, окуусу жаман, эч нерсени ойлоп да койбойт, кайра сени кагат. Кечкисин көчөдө өткөрүшөт, сабакты болсо ташташат. Мугалимдин ак дилинен чыккан акыл-кеңешин укпайт, албетте, мугалим болбосун деп ойлойт да. Мына ушулардан жакшы нерсе күтүүгө болобу? Албетте, жок деп айтаар элем. Ошондой эле ыйман жөнүндө айткым келет. Ыймансыз адам болбойт деп айтып калат элибизде. Азыр айрыкча ыймандуулук жөнүндө газета-журналдарда, үналгы, сыналгыларда берип жатпайбы. Чоң эне, чоң аталарыбыз айтып калат: “Илгери кыргыздын кыздары, балдары адептүү, ыймандуу болушчу. Ал эми азыр кыргыздан ыйман качты, уят-сыйытты билишпейт’’. Элибизде мындай макал бар эмеспи: “Карынын сөзүн капка сал”,- деген ата-энелерибиздин акыл-кеңештерин ар дайым уксак жаман жаман жолго алып барбайт да. Ата-энелерибизди, мугалимдерибизди, чоң эне, чоң аталарыбызды ар дайым сыйлай да, кадырлай да билели. Арабызда сыйлай албагандар да кездешет. Мисалга эле автобустагы көрүнүштү алалы. Кээ бир жаштарыбыз байкаса да байкамаксанга салып орун бошотуп бергендин ордуна калп уктап отура беришет. Мына ыйман деген кайда кеткен? Ушундан улам ойго батасың неге кыргыз эли бири бирин сыңлабайт. Улуусу кичүүсүн, кичүүсү улуусун. Мурун кандай эле, ата-бабаларыбыздын айтуусуна караганда, бир кичинекей нанды тең болуп жешчу экен. Ал эми азыр сен кой өзүм эле тойсом деген убак.
Ошондой эле ата-энеге болгон ташбоордук, ырайымсыздык, таштап кетүү болуп жатат. Кандай гана таш боордук! Байкуш ата-энеси балам таштап кетет деп чоңойтту беле? Күндүр –түндүр уйку көрбөй балам деп чоңойтуп, кийинтип, окутуп анан баласынын кылары ушулбу? Айткылачы, кыргызда бар беле ата-энесин таштаган? Кайрымдуулук кана? Жакында эле сыналгыдан көрдүк, кабарчы карылардын үйүнө барып, бир чоң энеден сурады, мында кабарчынын айтуусунда, эне баласынан үмүтүн үзбөй күтүп жүрөт экен. А муну таш боор баласы сезди бeкен? Мына кайдыгерлик. Ошондой эле сыналгыдан көрсөтүп баштады да эң жаман тебишип согушкандарды, уят-сыйытсыз кинофильмдерди. Муну көргөн өспүрүмдөр эң жаман тартипке калып жатышат. Эмне үчүн өкмөтүбүз буларга чара колдонушпайт? Эмне жокпу жакшы жолго тарбиялаган фильмдер? Булар менен биз эч качан алдыга жыла албайбыз. Эң биринчи тартипти ондош керек. Тартип бар жерде эң сонун, бейпил турмуш орнойт. Тартпсиз эл оңоло албайт. Адамда бардыгы cонун болууга тийиш.
Дареги: Нарын облусу, Нарын району, Нарын шаары, №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин 8 «Б» классынын окуучусу Бактыбек кызы Азем.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Бакыт уулу Азимбектин дил баяны.

Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен Бакыт уулу Азимбек 2003-жылдын 18-мартында Нарын областынын Кара-Кужур өрөөнүнүн деңиз деңгээлинен 2900 метр бийиктиктеги Жер-Көчкү айылында туулгам. Айылым жөнүндө айта кетсем. Биздин айылда эч нерсе бышпайт, керек болсо бак-дарак да өспөйт. Кыштакта жүз элүү түтүн бар, элибиз абдан ынтымактуу. Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн деген ураан менен жашайт. Азыркы учурда 6-класста окуп жатам. Өзүм беш бир туугандын ортончусумун.
Улуу байкем эр жигит эл четинде, жоо бетинде дегендей аскердик кызматын өтөөгө кеткен.
Чоң атам айылдын бригадири болчу, акылман, боорукер адам экен. Мен да андан үлгү алып, Кыргызстандын бир бурчун чойгум келет.
Менин келечектеги кыялым спортсмен боксер болуу. Мен боксер болуп, мен көптөгөн мелдештерде жеңиштерге жетип, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткым келет.
Кыргызстан биздин ата-бабаларыбыздан калган, муундан-муунга мурастап, көздүн карегиндей ыйык сактай турган Ата Мекенибиз.
Жандай сүйгөн туулган элим мекеним
Мен да сенин бир кулунун экенмин
Тирүүлүктө жер таптабай жөнү жок
Ак сүтүңө татый алаар бекенмин.
Мен Кыргызстандын атуулумун, ошону менен сыймыктанам.
Биздин Кыргызстаныбыз кандай деп ойлойсуңар?
Ооба, Кыргызстанды азыркы бейиштин жерине окшоштурбаган бир да саякатчы, мейманды жолуктура элекпиз. Демек, жеримдин суусу дары, таштары алтын деп сүрөттөгөндөй эле бар. Абасынын тазалыгы, суусунун молдугу, жеринин кендиги, элинин мейман достугу менен азыр да атагы алыска угулгандыгын танбайбыз. Биз бул жерден кыргыз элинин атагына атак кошкон "МАНАС" эпосун айтпай коё албайбыз. Демек мен өз Кыргызстаным менен сыймыктанышым керек. Мекенимдин өсүп өнүгүшүнө өз салымымды кошушум керек.
Ар бир атуул "Мына менин кыргыз элим! Мына менин кыргыз жерим" деп дүйнөгө жарыя салууга даяр турушубуз керек.
Унутпагын! Ата-энеңди, салтыңды
Унутпагын! Тарыхыңды атыңды
Унутпагын! Жашоо такыр бүтсө да
Кадыр туткан кыргыз деген атыңды!
Менин жүрөгүм ар дайым Кыргыз деп согот. Мен Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет. Эгер мен өз салымымды кошсом, сен да өз салымыңды кошсоң, албетте Кыргызстаныбыз өсүп өнүгөт.
Өскүн элим! Өскүн элим! Өз элим,
Өркүндөгүн, көтөрүлгүн Мекеним!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Барктабасова Эркинайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Менин атым Эркинай. Мен 6-класста окуйм.Ар бир эле өспүрүм келечекте кыргыз элинин керегине жараган уул-кыздардан болсом деп тилейт эмеспи. Менин да ошондой тилегим бар. Бирок, мен азыр кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүнө кошсом деп өзүмө-өзүм суроо берип көрдүм. Мен азыр кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө жакшы окуп салым кошо алам деген ойдомун. Анткени азыртадан жакшы окусам, кийин элдин керегине жараган кыздардан болуп, ардактуу кесипти аркалап, «Кыргызстан» деген мамлекет дүйнө жүзүндө бар экенин дүйнө элдеринин эсине салгым келет. Биз ар бирибиз мекенибизди сүйүүгө, урматтоого милдеттүүбүз.
Мекеним-менин тапкан энем,
Энеме керек болсо жаным берем.
Мекеним-мени өстүргөн улуу атам,
Кубатым, кубанычым-сен уулум деген.
Жашарып, жаңыланып алга басым,
Жаным бир, жүрөгүм бир Мекен менен!-деген ыр саптарында айтылгандай, Ата Мекенди коргоо ар бирибиз үчүн ыйык милдет. “Мекенсиз адам каңгыган иттен жаман” деп ата-бабаларыбыз айткандай, ар бирибиз Мекендин баркын билген, ар бирибизджин жан дүйнөбүздө патриоттук сезимдин болуусу зарыл нерсе. Патриотизм- бул табиятты, эл-жерди сүйүү, урматтоо деп түшүнсөк артыкчылык болбойт. Эгерде сен Мекениңди сүйүп, урматтап, канчалык кыйналсаң да, Мекениңден кетпей, патриот болсоң, мекениң өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болот. Тазалык-бул адамдын жүзү дегендей эле, ар бирибиз тазалыкты сактап, ичи-тышын таза кармап, көчөлөргө коомдук жайларга таштанды ыргытпай, атайы таштанды салган челектерге ыргытсаң, мекенибиздин гүлдөп өсүшүнө аз да болсо салым болот деген ишеничтемин.
Негизинен эле, кыргыз эли байыртадан мейман дос келишет эмеспи. Бир гана мейман дос эмес, боорукер, ыймандуу, айтор, бардык жакшы сапатттардын ээси. Эми ошол адамдардын арасында, ичи тар, көрө албаган, мактанчаак, дегеле ар түрдүү мүнөздөгү адамдар бар. Ошол адамдардын пейили оңолсо, анда мен өлкөмдү өнүккөн өлкөлөрдүн катарынан көрө алам. “Эми мен чоңоюп өз өлкөмдүн гүлдөп өсүшүнө кандай салым кошом?”-деген суроомо жооп берейин.
Мен келечекте журналист болгум келет. Мен чоңоюп ойлогон ой тилегим ишке ашса, чет өлкөлөргө барып, өз Мекенимдин кооздугун, сулуулугун, сырдуулугун айтып мактанмакмын. Ошондо,Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтер агылып келе баштамак. Бул да болсо Кыргызстандын маданиятынын гүлдөп өсүшүнө салым болмок деп ойлойм. Биз, ар бирибиз, мекенибиздин гүлдөп өсүшүнө өз салымдарыбызды кошууга милдеттүүбүз. Анткени, биз бул жерде төрөлдүк, өстүк, бул-биздин киндик каныбыз тамган жер.
Мен кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Мен Мекенимди сүйөм! Менин өлкөм Кыргызстан!
Унутпагың! Ата-энеңди салтыңды,
Унутпагың! Тарыхыңды атыңды.
Унутпагың, жашоо такыр бүтсө да,
Кыдыр туткан кыргыз деген атыңды!
Нарын району, Куланак айылы А.Аралбаев орто мектеби.
Барктабасова Эркинай.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Бейшенбек уулу Эрболдун дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Менин атым Эрбол. Жашым 12де. 6-класста окуйм. Мен аска зоолуу, тоолору бийик абасы таптаза, бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстандын Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан Нарын шаарына караштуу абасы кымыз жыттанган Орто-Нура деген кичинекей айылда жашайм. Мен ушунчалык сыймыктанам жана бактылуумун Кыргызстанда жашаганыма. Кыргызстан тарыхка бай өлкө. Ата бабаларыбыз бизге калтырып кеткен маданияты, каада салты, Байыркы аспаптары, эстеликтер м:таш рабат, бурана ж.б. Канчалаган олуя, аалымдар Ч.Айтматовдой атагы алыска кеткен жазуучулар, Манас атабыз ж.б. көптөгөн баатырлар чыккан. Мен дагы чоңойгондо мекеним Кыргызстандын гүлдөп, өнүгүп, өсүшүнө өз салымымды кошкум келет. Кыргызстан эң биринчи гүлдөш учун, кудай берген кооз жаратылышыбызды оз колубуз менен талкалабашыбыз керек. М:тоодогу балатыларды бир күндүк жаңы жыл үчүн талкалашпаса, токойго эс алганы барган балдар кыздар таштандыларын ыргытып, тамеки чогун таштап бак дарактарды, чөптөрдү жана токойлорду өрттөшпөсө. Кызыл китепке кирген жан жаныбарларды М:аркар, кулжа, кийик, кыргоол, улар ж.б. Кыргызстанды гүлдөтүш ар бирибиздин колубузда. Баарылап айланабызды таза тутуп, кооз гүлдөрдү өстүрүп, түрдүү бак дарактарды отургузсак мекенибизге кичине Болсо да гүлдөшүнө салым кошмокпуз. Ал үчүн биз жалкоо болбой, ата энебиздин тилин алып, сабактарыбызды бешке окуп эмгекчил болушубуз керек. Ар бир адам кудайдан коркуп жашаш керек, себеби кудайдан корккон адам эч качан өзүнүн элин, жерин сатып, алдамчылыкка, талап тоногонго ж.б. ушундай жаман ишке барбайт. Ар бир адам ыймандуу, ынтымактуу, адептүү, таза жана адилет болсо биз бат эле өнүгөбүз. Ал үчүн биз чоңойсок, Ата мекенге сыймыктануу менен кызмат кылуу биздин ыйык милдетибиз. Душмандардан өлкөбүздү сакташ керек. Мамлекетибиздин мыйзамына баш ийсек, анда өлкөбүздө тартип сакталат. Өлкөбүздө тартиптин сакталышы эн жакшы. Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм. Кудай буйруп Малайзияга барып калсам, ал жактан коргон нерселеримди чоңойгондо иш жүзүнө ашырсам дейм.

Дил баян жазган Бейшенбек уулу Эрбол. Нарын шаары. Орто-Нура айылы.
Бейшенбек уулу Эрбол 14.12.2003. Нарын шаары Орто Нура айылы 6-класста окуйм 703352442

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Бексултан кызы Азизанын дил баяны.



Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.

«Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп- ѳсүшүн каалайм»
Кыргыз элимдин тарыхы баа жеткис! Элине жерине болгон сүйүүсун арнап, баатырлары байыртадан душманынан жерин коргоп, кара сѳздѳн элин сактап келишкен. Кыргыз эли негизи эле меймандос , кичипейил келишет. Дүйнѳнүн жети керемети кыргыз жеримде да бар.
Кѳз уялткан суулары, асман тиреген тоолору Кыргызстандын кѳркүн чакчыгайдай ачат. Кыргызстандын бермети Ысык-Кѳл ажайып бир суктанган ыйык жер. Жибек-Жолдун доорунан калган Ат –Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат кѳптѳгѳн туристтердин сүймѳнчүк жери. Ош облусунда жайгашкан Сулайман-Тоого кѳптѳгѳн элдер сыйынганы келишет. Чүй облусунда жайгашкан Бурана минарети да ыйык жерлердин бири. Кыргыз эли баатырларга бай. Манас бабам баштап кеткен кыргыздын баатырлары Манастай айкѳл, эр жүрѳк, патриот, элине жерине кайрымдуу болушат. Кыздарыда балдарынан кем калбаган кыргыз десе жанын берген сѳзгѳ бек, кыраакы , акылман болушат. Мисалы: Каныкей, Курманжан, Р. Отунбаева Жаңыл –Мырза Уркуя Салиева. Кыргызстан азыркы убакта да кѳптѳгѳн жетишкендиктерге жетише алды . Кыргыз элимдин ар тараптуу жаштары кыргызымдын желегин желбиретип, дүйнѳгѳ кыргызды таанытып келишет. Арагонду багындырган Ч.Айтматовдун чыгармасы «Жамийла» дүйнѳнү дүңгүрѳтүп кѳптѳгѳн тилдерге жадакалса кытай тилине да которулуп кыргызды элге тааныткан. Манас эпосу да ЮНЕСКО тарабынан жактырылып дүйнѳ мурастарынын катарынан орун алган. «Курманжан –Датка» аттуу тарыхый тасма кѳптѳгѳн сыйлыктарга ээ болуп, кыргыздын тарыхына баа жеткис экендигин дагы бир жолу далилдеди. Кыргызстандын эгемендүү ѳлкѳ болушуна быйыл 24 жыл болду. Бул убакта кыргыз эли кыйынчылыктарды башынан ѳткѳрүп акыры бизде да стабилдүүлүк орноду. 2014 жылы биринчи жолу Кыргызстанда дүйнѳлүк масштабдагы « Кѳчмѳндѳр оюндары» болуп ѳттү. Бул да бизге чоң жетишкендик. Мен ѳз ѳлкѳмдү сүйѳм жана анын ѳнүгүшүнѳ зор салым кошкум келет. Бул менин жашоодогу эң негизги максатым. Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп- ѳсүшүн каалайм!
Здрайствуйте меня зовут Азиза,я живу в Нарынской области в Кочкоре. Отпраляю вам свое сочинение надеюсь вам понравиться! !! СПАСИБО!!!
Нарынский область
Кочкорский район
село Кочкор
ул. Кенжетаева 53
Бексултан кызы Азиза
Менин атым Бексултан к Азиза.Кочкор районунда Нинакан Жундубаева атындагы мектеп гимназиясында 9 "В" классында окуйм.Мен 2001 жылы 5 февральда туулгам.Менин адресим Кенжетаева №57.Сиздерге чон рахмат!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 15:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: