Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар

#21 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Болоткан уулу Дыйканбайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Биздин Кыргызстан кандай гана кереметтүү кооз өлкө. Мен ушул өлкөдө төрөлүп өсүп жатканыма абдан кубанам. Азыркы убакта Кыргызстан өнүгүп келе жаткан жаш өлкө, эгемендүүлүккө жеткенибизге аз гана убакыт болду.
Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн биз ар бир жаран өз салымыбызды кошушубуз керек. Ал үчүн эмне кылабыз. Күнүгө талыкпай эмгектенүү, изденүү, билимдүү болууга умтулуу керек.

Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонуу керек.
Мисалы Германия Улуу Ата мекендик согуштан кыйрап калган өлкөсүн кантип тез арада өнүккөн өлкө кылган. Алардын ар бир тургуну жумуш убактысы бүткөндөн кийин да иштеп көчөлөрүнө таш төшөп, бак отургузуп, оор жумуштарда тынбай иштешкен. Билимдүү, илимдүү адамдарын согушка жиберишкен эмес. Ал эми Япония кантип өнүккөн өлкө болду. Алар биринчи кезекте билимдүү болууга умтулушкан. Талыкпай иштешкен. Бири-бирин урматтайт, сылык мамиле кылышат, ар дайым жүздөрүндө жылмайуу. Канчалаган жер титирөө болуп атат. Кыйналдым деген адамдарын көрбөйсүн. Абдан кичи пейил калк экенинин жүздөрүнөн эле көрүп билүүгө болот.
Ал эми биздин эл болсо дүйнө жүзүндө уникалдуу эл. Улууларды сыйлоо,
Кичүүлөрдү ызаттоо сыяктуу эрежелер бар. Тамак ичкенде да улуу адамдар биринчи ооз тийишет. Сыйлуу устукандар улуу адамдарга берилет. Ушундай эч жерде жазылбаган эрежелер бар элде ынтымак болсо тынчтык болсо тез эле өнүгөбүз деп ойлойм. Ал үчүн ар бирибиз үй-бүлөөбүзгө пайда келтирели. Ата-энебизди сыйлайлы бир туугандарыбызга күйүмдүү бололу.
Ар бир үй-бүлөө кичинекей мамлекет. Кичинекей мамлекетибиз бакубат жашаса Кыргызстан гүлдөп өнүгөт.
Мен болсо күнүгө эртең менен эрте туруп ден соолукту чындоо үчүн чуркап турам. Келечекте ден соолугу таза, билимдүү адам гана Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошо алат.

Нарын областы Жумгал району Чаек айылы
Мустафа Жакыпов атындагы көчө №15-үй
Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектеп.
9-б класстын окуучусу Болоткан уулу Дыйканбай
30. 10. 2000-жылы туулган
Атам Исмаилов Болоткан
Энем Иманова Жибек

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Болотова Айжандын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргыз жери ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрү өскөн жайлоолоруна бай келет. Кыргыз жеринин кооздугуна, абасынын, суусунун ушунчалык тазалыгына таң калышып, ыраазычылык айтып кетип жүрүшөт. Кыргыз жеринин баардык жерлеринде жемиш берүүчү бакта алма, өрүк, карагаттын түрлөрүн жана башкаларды өстүрүп пайдаланышат. Кыргыз жеринин суулулугуна, байлыгына жана миллиондогон жаратылыш жаныбарларын багып жаткан касиеттүү суусуна, ал суунун акырындык менен үнөмдүү агып чыккан Ала-Тоонун ак кар, көк муз жайдыр-кыштыр чокусунан кетпей жан жаныбарлар үчүн, жаратылыштын миңдеген өсүмдүктөрүнүн түрү үчүн нымдуулукту сактап турган асмандагы чокуларына жанашканын эч бир жерден көрө албайсың. Мен кыргыз жеримдин улам сайын өсүп өнүгүп, жаратылышы адамдар таң калгандай болуусун каалайм. Бул үчүн эмне кылуу керек? Албетте, ар бир адамзаты табиятты сактап, кам көрүү керек. Тилекке каршы арабызда браконьерлер көп болууда. Мамлекетибиз бул көрүнүш менен күрөшүп келет, бара бара мындай адамдар болбойт деп ишенем.
Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өнөр жайын өстүрүү керек. Завод фабрикарар курулуп иш алып барса анда көптөгөн адамдар жумуш орундары менен камсыз болмок. Чет жакта жүргөн мигранттар да өз өлкөсүндө иштеп үй бүлөсүнүн жанында болмок.
Ар бир кыргыз жараны Кыргызстан үчүн ак ниет менен эмгек кылышы керек. Мамлекетибиздин эң орчундуу көйгөйү болгон коррупцияны жоюу керек. Кыргызстандын мүлкүнө кол салгандардын баарын жоготуш керек. Жаңы өсүп келе жаткан жаштарды тарбиялап мамлекетти башкарууга жол түзүп бериш керек. Жогорку окуу жайлардагы паракорчулукту жоюп ар бир студент өз эмгеги менен билим алуусу керек.
Мен кыргызмын, мен Кыргызстандыкмын, демек мен өз мамлекетим үчүн күрөшүп, гүлдөп, өсүп өнүгүшүнө чоң салым кошушум керек. Бул ар бир жарандын милдети.
Нарын шаары
Кычан Жакыпов атындагы №5 орто мектебинин 8 «Б» классынын окуучусу Болотова Айжан

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 12:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Нурланбекова Бегимайдын дил баяны.


Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Ар бир эр жүрөк,ар бир чынчыл пенде өз мекенине абийир атак алып келет. Ар бир адам өзүн сыйлай билсе, Кыргызстаным бат эле өнүгүп кетет деп ойлойм. Азыркы заманда Кыргызстандын жеринде биз суктанарлык жерлер көп. Бирок Кыргызстанды мындан да кыйла өнүктүрсөк болот. Кыргызстан керемет жерлерге бай. Ысык-Көл, Талас, Чүй, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен, бул аймактардын ар биринде ажайып кооз жерлерге, мөлтүрөп аккан булактарга, асман тиреген тоолорго, берметтей тунук көлдөргө бай.
Биз азыркы учурда кооз жерлерди салып,кийинки урпактарга сактап беришибиз керек. Мунун бир гана жолу бар. Ал жол, ар бир адам өзүнүн этикасын сакташы керек. Кыргызда жакшы сөз бар,"Ата-Мекендин суусу даары таштары алтын" дегендей,байыркы мурастан-мураска өтүп келе жаткан үрп-адат, каада-салттарды кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин эң бирден-бир милдетибиз. Бирок азыркы учурда биз кооз аймактарды колдоно албай жатабыз. Качан гана кылым каарыткан кыргыз эли ойгонот, мына ошондо гана биз кыргыз жерин кийинки жаш урпактарга өткөзүп бере алабыз. Мына ошол себептен мен Кыргызстандын көптөгөн жерлерине бак-дарактарды өстүрүп, таза кармашын суранам.
"Табиятты коргоо, бул мекенди коргоо" биз канчалык аракет кылбайлы табиятыбызды химиялык заттар менен бузуп жатабыз. "Мен таза болсом,сен таза болсоң, коомда таза болот" дегендей Кыргызстан канчалык таза болсо ошончолук гүлдөп-өсүп өнүгөт деп ойлойм. Ар бир кыргыз жаранына мекенибиздин өнүгүшүн каалоо бул парз. Ошондуктан биз келечек жаш муундар аны кирдетпей, бабаларыбыз кандай өздөрүнөн жогору көрүшсө, биз да ошондой жогору көрүшүбүз керек. Илгери ата-бабаларыбыздын ой-жүгүртүүсү күчтүү болгон. Ошол себептен дүйнөдө жок нерсени ойлоп табышкан. Мен ойлойм, биз дагы ошондой ой-жүгүртсөк, кырыз элим-жерим бат эле өнүгүп-өсүшү ыктымал. Мына ошондуктан менин жаш жеткинчектерге айтаарым Кыргызстанды ар-дайым таза кармайлы. Кыргызстан алга алга!!
Нарын областы, Нарын району, Учкун айылынын Э. Токсобаев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Нурланбекова Бегимай.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 13:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Доктурбек уулу Бексултандын дил баяны.

Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Ар бир муун коом алдында өз рухий ийгилигин жаратат. Муун ортосунда өтмөлүк болот. Эси бар атуул муун алдындагы жоопкерчиликти сезет. «Биз мурункулардын калтырган мурасын кандай асырадык, кандай урунуп пайдаландык, керээзин аткардыкпы? » деген суроолорго Теңир, өткөн бабалардын арбагы, коом, журт алдында жооп берүүгө милдеттүүбүз.
Биз ушул доорго балдардын кудурет-деми, баскан жолу менен жеттик. Бизге калтырган руханий дүйнөсүнөн кубат алып келдик. «Бабалардын кан-жаны бизде, алардын өмүрүн биз улайбыз. Муну тана албайбыз. Атанын каны тура боюубузда болсо, бабалардын рухий дүйнөсү алакандын отунда болсун». Ар бирибиз ошону бек тутпасак, улуттук маданияттын чамгарагы чың болот.
Элден калган Боз үйдү унутсак, анда тарыхыбызды унутканыбыз. 1.Боз үй көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнөн көк асманды, күндүзү күндү, түнү айды көрөсүң. Кытай жазмаларында боз үй жөнүндөгү маалымат биздин заманга чейинки доордо эле айтылган.
«Кыргыздар эшиги чыгышты карап тигилген тегерек боз үйдө жашайт» - деген Сыма Цянь. Боз үйдүн керегесине жараша анын көлөмү да аныкталат. Андан кийин боз үйдүн жабыгына карай үзүктүү, көтөрүлмө туурдукту үй, уук-кереге карай ак үй, чоң үй, ак өргөө, ак ордо, ак ала ордо болуп кете берет.
1. Кыргыздар узак жолду баскан тарыхый элдерден байыртадан берки кыргыз элинин тарыхы жана маданияты эки жерде калыптанды. Бир канаты Орто Азияда, Теңир-Тоодо, экинчи канаты Түштүк Сибирде, Эне-Сай, Алтайда жана Орхондо өнүгүп-өстү. Муну кыргыз аңызы, санжырасы элдик оозеки чыгармалары далил менен айтып келген.
2. Ата-бабаларыбыз ар кандай пирлерге сыйынып, тайынган. Алар: Умай – эне –аялзаттын, Камбаркан-күүнүн пири, Баба дыйкан-дыйканчылыктын пири. Зеңги баба - уйдун пири. Кумайык – иттин пири. Камбар ата - жылкынын пири. Ойсул ата – тоонун пири. Алы кара куш – куштардын пири. Кайберен – кийиктин пири. Умай энеге сыйынышкан. Кыргыздар ага биздин VI кылымда эле балбал таштан эстелик койгон. Ал бакжайган, мээрими ашкан, жылдыздуу алпейил, элечеги керемет байбиче. Алтайда жашаган.
3. «Манас» - бул кыргыздардын башын бириктирген хан болгон. Эпосто мындай деп сүрөттөлөт: Ал муруту сеңирдей,
Айбаты албарс темирдей
Мурунку тоонун кырдачы
Муруту чөлдүн камыштай
– деп айтылгандай «Манас» бабам кудум ушундай болгон экен. Башынан ак калпагын түшүрбөй, кыргыз деген атын өчүргөн эмес. А калпак бул кудум кыргызга жарашкан баш кийим. Кыргызда таанымал ата-апа, эже-байкелерибиз бар. Алардын ичинен дүйнөгө таанымалы Ч.Айтматов. Чыңгыз Айтматов Манас атабыз жашап өткөн Талас өрөөнүндө Шекер айылында туулган. Көптөгөн ыр, поэзия, роман жазып элдин көңүлүн алган. Ч.Айтматовду мындай деп сүрөттөшкөн. Эки Чыңгыз өмүр сүрдү бул унутчаак ааламда, анын бири-даңк когуно зордук менен тырышкан, аалам теңин кан какшаткан баш кан башы Чыңгызхан. Экинчиси тирек кылган рухунун канатын, кара күчкө каршы койгон адамдыктын санатын, ал жүрөктун айдыңынан изги ат менен толуучу, Жаңы Манас – уулу Чыңгыз Айтматов болуучу. Кыргыздын даңкын чыгарган дагы элдик аспабы бар ал комуз.
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Опоңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Кылымдан кылым санап көксөй – көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

Жыйынтыктоо: Ар бир атуул мекенин душмандан коргоп, жоодон курман болгонду эрдик деп түшүнгөн. Улуттун намысы баарынан бийик турат. Ошол атуулдардын касиет күчүнөн үлгү, сабак жана таасир алалы. Колдогу комузубуздун кылы үзүлбөсүн. Салтыбыз өчпөсүн, ооздогу ырыбыз басылбасан! Биз башыбызды көтөрбөсөк, азыркы эргеши доордо ордодон чертилген чүкөдөй четке чыгып калабыз. Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?
Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык!
Улуу «Манас» ыйык!
Ак боз үйү ыйык!
Ак калпагы, ак элечеги ыйык!
Эне тили ыйык!

Кочкор району
Доктурбек уулу Бексултан
7бкласс


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Кудайбергенов Дөөлөтбактын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Кудай мага Ала-Тоону буюрган. Мекеге эмес, мекениме сыйынгам Омор Султанов айткандай, ар бир адам өз мекенин сүйүш керек жана мекендин гүлдөп-өсүшүнө салым кошуш үчүн күжүрмөн милдеттерди алып, ар бир жаш жаран өз алдынча ой жүгүртө билген, туура чечимдерди табууга жөндөмдүү изденгич ишкер инсанга калыптанган көнүмүштөрдүн алкагын бузуп, эркин чабыттай билген багынычсыз акыл эске, чыныгы ички рухий маданиятка аң сезимди өзгөртүү керек. Мектептен бала кезден активдүү болсок. Келечекте эртеңки идеялык саясий рухий күч-кубатыбыз менен гүлдөгөн экономикабыздын гарантиясы боло алабыз. Демек, коомубуз үчүн эң чоң майдан мектептен билимди жакшы алсак мекенибиздин ар бир чоң, кичине ишене тиешем болот деп эсептейм.
Ата-Журтту мекенди өнүктүрүү үчүн өз алдынча МЕНи бар инсандары менен күчтүү. Атактуу Некрасовтун айтылуу афоризими аргасыздан эске түшөт “Акын болбосон болбо, бирок атуул болууга милдетүүсүң. ”Некрасовтун бул оюу биздин Кыргызстандын шартында актуалдуу деп эсептесек болот.
Азыркы шартта миграция абдан проблема. Ички тышкы миграциянын кесепетинен миңдеген атуулдарыбыз ар кайсы жакта Казакстанда, Росияда,Турцияда ж.б түнөк алып жүрүшөт. Андыктан ээн калган айылдарды мекенди кайра жандандыруу өз туулган жерди гүлдөтүү жөнүндө ураан чакырыш керек. Бул чыныгы патриот, акыл эстүү жаштардан чакырык ураан көтөрүү керек.
Улуу “Манасты” эске түшүрсөк, Кытайдан келип Ала-Тоону жердеп калган кытай элинин уулу Алманбет баатырдын кыргыз калкынын болгон мамилеси кандай? “Ала-Тоо артык жер үчүн “Ак калпак кыргыз эл үчүн” жанымды курман кылайын – дейт Алманбет.
Мына ушундай айкөлдүүлүгү, аппак ниети, ак кызматы үчүн кыргыз эли Алманбетти өзүнүн бир боор кулуну катары эсептейт орус элинин жан дүйнөнүн терең аңдап туюнган соң Алыкул Осмонов “Эй, Росия, бир бол элим” деп агынан жарылса, улуу кызыка Токтогул Тутулуп кеткен болуштан тууган таптым орустан деген жыйынтыкка келген. Ал эми кыргыз калкынын тилине Улуу урматы үчүн Константин Кузьмич Юдахинче ала-тоонун элибиздин алкышын чексиз.
Бирок ушул күнгө чейин Кыргызстанда жашаган орус калкы ала-тоонун журттун адабият маданиятынан обочо турат.
Көп жетекчи министрлер кыргыз тилин билишти зарыя деп эсептебейт. Менимче элдин тилин сактай турган элди өзү. Кыргыз жерин гүлдөтүш үчүн миграциянын объективдүү жана субъективдүү жагдайын чечиш керек. Жумушчу табыш калыптандырыш керек .
1) Мамлекетик тилди кеңири жайылтуу
2) Кыргыз тилинде олимпияда ушул сыяктуу окуучулардын арасында конкурстар тез-тез өткөрүү.
Жаратылыш келишимге акылдуулуктуу ой жүгүртүүнү өзү менен кошо төрөп бербейт. Ал абалга түзүп берет. Ар бир адамга жөндөм талант берет.
Адамга 1% талант берсе, 99% эмгектен жаралат деп акылман ойчулдар айтып кеткен. Адамды адам кылыш баккан эмгек алтынды сансыз кылган тапкан эмгек. Эмгексиз көздөгөн максатына жете албайсың. Менделев болсо Өжөр эмгексиз талант да жок гений да жок – деп сырын айтат. Ал эми Энштейн менде эч деле талант жок болгону өжөрлүк анан бир нерсени билүүгө жанталашкандык кызыккандык гана бар деп Намыс күтүп ар күтүп не кыласың катарыңдан суурулуп чыкпаган соң демекчи Адыга элдин улуу максатты коюп шумкар болуп көкөлөгүм келет. Мен кыргыз жерин жакшы жан дүйнөдө уюп жаткан байлыкты, күч кубатты элге бергим келет. Кыргызстанды гүлдөткүм келет өзү үчүн өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн. Төбөсү менен жер каскан адам эч убакта ийгиликке жетпейт. Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң.
Наарын шаары Наарын кыргыз түрк лицейи 9 класс Кудайбергенов Дөөлөтбак Маратович

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 13:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жакыпов Айдардын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Туулган жердин топурагы алтын. Эл макалынан.
Адам баласы жарык дүйнөгө келгенден баштап анын булл жарыкчылыкта бир нерсеге болгон кызыгуусу, сүйүү сезимдери пайда боло баштайт. Мисалы: ата –энесине болгон сүйүү, балалык сүйүү, туулган жерин сүйүү жана көптөгөн нерселерге болгон сүйүүлөр.
Ушулардын ичинен эң ыйык сүйүүлөрдүн бири – бул Ата мекенин сүйүү. Эне- бул мекендин башталышы дегендей көз ачып көргөн энебиздин ак сүтүнөн жаралган абийирибизди, намысыбызды, ыйманыбызды, эл-жерибизге арноого милдеттүүбүз. Өз энесин алпештеп, кастарлап караган адам гана өз мекенин сүйүп, анын кадыр-баркына жетүү үчүн, өзүнүн ак эмгегин арнап, ысык суугуна чыдайт деп ойлойм.
«Элге жер кымбат, эрге эл менен жер кымбат»- деп эл макалында айтылгандай, ар бир патриотмун деген адамга өз Ата Мекени кымбат. Анткени, ар адам өз ата мекенинен бой жетип чоңойуп, тарбия алып билимге ээ болуп анан чоң турмушка аттанат.
Менин көз карашымда Кыргыз мамлекетибиз кичине болгону менен келечектеги өсүп-өнүгүшү кыйла зор деп ишенем. Биринчиден дүйнөнүн ар кайсы бурчуна тентип кеткен кыргыз элин бириктирип, ушул күнгө чейин атыбызды, улутубузду таанытып жеткирген Манас бабабыздын баатырдык эмгеги бала бакчадан баштап тааныштырыла баштады. Өз тарыхыбызды, маданиятыбызды, эне тилибизди билбесек, анан кантип өз жерибиздин гүлдөп өсүшүнө салым кошо алабыз дейт элем. Экинчиден, азыркы жаш муундар өз жеринин патриоту болуп чет жактардан билим, тажрыйба топтоп, мекенибизге нечендеген пайдасын тийгизип жатышат. Мен дагы мындай жакшы жетишкендиктерге аябай кубанып тез эле чоңоюп, окуумду ийгиликтүү бүтүрүп, мамлекетиме ак эмгек менен кызмат кылып, өз пайдамды тийгизсем деп шашылам, кыялданам.
Ооба, келечекте буюрса өмүр берип бойгожетип өз сүйгөн кесибимдин ээси болуп, оюмдагы кыялым орундаларына көп аракеттерди жасоого тырышам. Мектепти биринчи класстан бери «эң жакшы» деген баада окуп, бир нече ийримдерге катышам. Бош убактымды көркөм адабий китептерди окуп, жан дүйнөмдү байытууга, көп нерселерди билүүгө далалат жазайм.
Азыртадан жан-дүйнөбүздү улутубуздун улуттук нарктарына сугарып, ыймандуулугубузду сактап, келечекте кыргыздын чыныгы патриот атуулдары болууга тарбияланышыбыз керек. Ошондо гана мекенимдин атуулдары аң сезимдүү, билимдүү, ыймандуу, патриот болуп, жерибиз күчтүү өсүп-өнгөн, эң алдыўкы өнүккөн өлкөнүн бири болоруна көзүм жетет. Мен да ошолордун бири болуп чынчыл, ак ниет кызматым менен паракорчулукту жоюп, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырууга сөз берем.
«Дарыя башы – булактан, тарбия башы каяктан?»,- десе, бир акылман «Тарбия башы –бешиктен» деген экен. Мен ушул акылман сөздөргө абдан маани берип, анын төркүнүн түшүнүп келатам. Үйдө тарбия кандай болсо, сыртта да ошондой болот экен. Ошондуктан ата-энелер үйдөн жакшы тарбия берип, мугалимдер турмушка туура жол көрсөтсө, кийинки жолубуз даңгыр болуп, келечекте кыйналбай өз ордубузду табабызбы дейм. Бирок «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп турмушубуз ар кандай нукка түшөт эмеспи. Ошентсе да, жерибизде бейпилчилик орноп, элибиз бөөдө кырсыктан тышкары болуп, дүйнөдөгү ааламаттан алыс болсо деп тилеймин.
«Жаштын тилегин берет» дешкен биздин ата-бабаларыбыз. Ооба меннин кыялдарым орундалып өзүмдүн кичи мекеним Нарын шаарымдын өсүп-өнгөнүн көз алдыман өткөрөм.
Президентибиз Кыргызстандын өсүп-өнгөн чордонуТеңиртообуз дейт. Ошондой эле өкмөт башчыбыз да көп иштерди, шаарыбызга көптөгөн ар тармактуу инвестицияларды тартып жатат. Мындай башталып жаткан иштерди келечекте биз улантабыз деп ишенем. Азыркы биздин мекенибизге кошкон салымыбыз жакшы окуу, татыктуу билимге ээ болуу, талыкпай эмгектенүү, жакшылыкка жакын, жаман нерселерден алыс болуу.
Өспөс элдин балдары, бири-бирине кас болот.
Өсөөр элдин балдары бири-бирине дос болот –деген бабаларыбыздын накыл кептерин эске сактайлы, ынтымактуу бололу!
Баарыбыз биримдикте мекендин жүгүн аркалаган эр-азаматтардан болуп, кыргыздын кылым карыткан тарыхын таанып билип, башкаларга таанытып, элибиздин гүлдөп өсүшүн тилейм демекчимин.
Мен оюмду жыйынтыктап жатып кыргызымда улуттун намысы, ынтымагы, бейпилдиги өсүп-өнүгүшү үчүн «Каруусун казык, канын азык» кылар чыныгы патриот атуулдарыбыз өтө көп экендигине чын жүрөгүмдөн ишенем. Алардын арасында мен да өзүмдү көргүм келет, жана өз жеримди коргоо, кызмат кылуу ыйык милдетим деп эсептейм.
Тилегенибизди кудай берсин ,
Пейилибиз кенен болсун.
Ар дайым тынчтык орноп жерибизде
Мекеним өркүндөп, өсө берсин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 13:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жанат кызы Айдананын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.



Мен туулуп өскөн мекеним менен сыймыктанам. Менин киндик кан тамган кичи мекеним касиеттүү кар жатпас, кара Кочкордун батышында орун алган Доң-Алыш айылы. Айылымдын айланасы бүт бойдон тоо менен курчалган. Ошол менин айылымдын тоолору, суусу, талаалары бүт ыйык. Ушул ыйык мекенимдин тоо-ташын, суусун, абасын жан дилим менен сактагым келет. Айылымдын эли ушул тапта мал чарбачылы менен алектенишет. Ара-чолодо дыйканчылык кылышат. Айылыма картошка, арпа жакшы өсөт. Ал эми буудай чала бышат. Бир кезде картошка эккенди билбеген менин айылдаштарым, ушул тапта сабиз, кызылча, чеснок өстүргөндү да өздөштүрүп алышты. Ушуга мен жетине албай кубанам. Анткени чоң атам "илгери картошканы күрөктөп сайып, кичине эле айдачубуз"- деп айткан. Баарынан да ал убакта бак-дарактар да жок болчу экен. Эми азыр болсо гектарлап картошка айдап, үлүшкө тийген жерлерине жалаң эле шалбаанын жапайы чөбүн айдашпастан, беде, эспарцет, чөп сээп өздөштүрүп алышты. Айылда бак-дарактар көбөйдү. Мына ушунун өзү менимче утуш. Кыргызстандын байлыгы мен турган айылдарга окшогон элетте. Андыктан менин мекендештерим, менин курбуларым, келгиле эми, элетти, айылдын деңгээлин ар тараптан көтөрөлү, ошондо гана кыргызстан гүлдөп өсөт. Баарыбыз эле шаарга чет жерге жумуш издеп кете берсек, анда кыргыз жергесинин берекеси, кунары кетет. Мен жогоруда көрүнгөндөй, тоодо туулуп, тоодо өскөм! Тоону ыйык туталы, ошондо кыргызстан толук кандуу гүлдөп өсөрүнө ишенем! Мындан тышкары биз кыргызстандын жаштары, илим-билимден да артта калбашыбыз керек. Анткени ушул азыр жер шаары илимдин өнүгүп-өскөн мезгилинде жашап жатабыз. Андыктан мектеп партасынан баштап илим-билимге каныгалы. И баса, Ишенаалы Арабаев да, Осмоналы Сыдыков да менин айылымдан. Мугалимдерден эң биринчи жолу социалисттик эмгектин баатыры Кокобай Мамбеталиев да менин чоң атам. Ушулардын жолун жолдойлу. Ошондо гана Кыргызстан өсөт, өнүгөт. Эми айта берсем айтчу сөздөр абдан коп. Ушуну менен ой түрмөктөрүмө чекит коё турайын! Кези келгенде ой-толгоолорум мындан ары да уланаар.

Нарын облусу. Кочкор району. Доң-Алыш айылы. Кокобай Мамбеталиев атындагы орто мектеби 6-б классынын окуучусу Жанат кызы Айдана. Саламатсыздарбы! Менин дарегим Нарын облусу. Кочкор району. Дон-Алыш айылы. Кокобай кочосу№10. Окуган мектебим Кокобай Мамбеталиев атындагы орто мектеби 6.б класс. Жанат кызы Айдана.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жаныбек кызы Алтынайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп - өсүшүн каалайм”
Өмүрүңдү Ата Журтка арнасаң
Жыргап – куунап кор болбойсуң эч качан
Жусуп Баласагын
Бул теманы ачаардан мурун өзүмө кичине токтоло кетейин.
Мен киммин?
Мен дүйнөнү толук таанып биле элек,
дагы көптү билсем деген үмүтүм бар,
карапайым кыргыздын кызымын.
Мен келечекте ким болом?
Элимдин оор жүгүн көтөргөн,
Энемдин ак сүтүн актаган,
Адам деген атка татыктуу,
Адамзаттын бири болом.
Ооба, эне ичинде кудайдын кудурети аркылуу перзент чоңоет. Бул жарыкчылык дүйнөгө келээри менен Ата мекендин абасын жутуп, дем алат. Айлана уксун деп, Аалам күбө болсун деп Азан чакырылып, атын коет. Ата – эненин ич ара камкордугу артылып багат, сүйөт, чоңойтот.
Кайсы гана ата – эне болбосун перзентинин дени сак болуп, өз элинин чыныгы атуулу болушун кудайдан миң мертебе кайталап суранат. Ошол киндик кан тамган, көз ачкан ата – бабабыздан бери келе жаткан көңүл сүйгөн журтубуз – Ата Мекенибиз. Уул болобу, кыз болобу тууган жерин ыйык тутат. Кайда жүрбөйлү, эмне күндү көрбөйлү, Ата Мекен кимге болбосун – Мисир. Эч качан элеси эстен кеткис, эч кимге бергис аттанып түшөөрүбүз – Ата Мекенибиз.
Мына ушул мекенибиздин келечеги, өсүп - өнүшү азыркы муундардын, тагыраак айтканда, биздин колубузда. Мамлекеттин өнүгүү башаты азыркы жаштардын аракетин, билим деңгээлин, ишке жөндөмдүүлүгүн байкап, мамлекет тарабынан ар тараптан колдоо көрсөтүлсө, анда мекенибиздин келечеги кенен, ажобуз айткандай, өсүп - өнгөн ири өлкөлөрдүн бири болооруна чын дилимден ишенем.
Азыркы жаштарыбыз ар тараптуу терең билимге ээ болуу үчүн башка өлкөлөрдүн жашоо – тиричилигин, маданиятын, экономикасын жакындан таанып – билүү максатында чет жактарда окуп, иштеп жүрүшөт. Сырт жакта жүргөн адамдын өз мекенине болгон патриоттук сезими өзгөчө курч болот окшойт. Алар алган билимдерин, иш тажрыйбасын өз эл – жерине кайтып келип, эмгегин элге жумшаган эже – агайларыбыздын саны арбып келет.
“Жакшы эр элин өргө сүйрөйт,
Жаман эр элин көргө сүйрөйт”, – дегендей жалаң өз күчү менен бутуна туруп, өз киндигин өзү кескен, маңдай тер, ак мээнети менен ийгиликке жеткен жаш ишкер эже – агайларыбыздын да аракеттерин көрүп кубанбай койбойсуң. Эмгектери элге арналып, канчалаган иш орундарын камсыз кылып келет.
Ошону менен эле катарлаш акча, дүнүйө деп акактап күнүмдүк жашоонун кызыкчылыгы менен өз керт башын ойлогондордун саны да арбып баратат.
Бир эмес эки революцияга дуушар болгон карапайым элимдин турмушу дагы деле жакшы жагына өзгөрбөй жатат. Көр оокаттын айынан көп мекендештерибиз сыртка чыгып кетип, балдары жеткиликтүү тарбия көрбөй, жетиштүү билим ала албай, көзөмөлсүз чоңоюп жатканы ар бирибиздин көңүлүбүздү кейитет.
Үй – бүлө кичинекей мамлекет. Тарбия үйдөн башталат. “Сүт менен кошо бүткөн нерсе, сөөк менен кошо кетет”, “Уядан эмнени көрсөң , учканда ошону аласың”, - деп элдик макалда айтылгандай, балдар ата – энесинин маңдайында мээримге балкып, жакшы тарбия көрүп, ыймандуу болуп чоңойсо, жаңыдан өнүгүп келе жаткан мекенибизге өздөрүнүн зор салымдарын кошот эле.
Ошондой болсо да азыркы глобалдашкан заманда кыргыз жергемдин алдыңкы өлкөлөрдүн деңгээлинде гүлдөп өсүшүн көргүм келет.
Дүйнөдө кыргыз жериндей кооз, ажайып жер бар болду бекен?
Кудайдын кудурети менен “Бейиштин төрү” аталган жерибиздин ажайып кооздугун, пайдалуу кең байлыктарын, дүйнөнүн төрт бурчун өзүнө бурган суу байлыгыбызды сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнүүбүз керек. Бир даракты кыярдан мурун он түп көчөт отургузуп, алардын өтө маанилүү экендигин билсек кана?
Дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок. Ошондой болсо да бул жалган дүйнөдө жан - дүйнөбүздү байытып, байыркы ата – бабаларыбыздан бизге ишенип, жонубузга арткан рухий жүгүн сыймыктануу менен көтөрүп, улутубуздун ыйык асыл нарктарына сугарылып, кыргыз көчүн мындан ары татыктуу улап кетебиз деген ойдомун.
“Түбүн тааныбаган – түпсүз кул” делет кыргызда, анын сыңары адам дарак сыяктуу өзүнүн улуттук дөөлөтүн тамырына жиберип турбаса, анда азыркы “маңкуртизмдин” бири болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт болуш керек.
Ошондуктан мен да өзүмдүн тарыхымды таанып - билүүгө тырышып, көркөм адабияттарга кызыгып, көбүрөөк окууга аракеттенип жатам.
Кылымды карыткан кыргыз элимдин кыргыз экендигин тааныткан улуу “Манас” эпосун окуп, өзүмө жаңы ачылыштарды ачып келем. Эгер чечмелеп айтсам, Манас атабыз сыяктуу эл керегине жарап, Мекен үчүн керт башымды тартуулап, ак эмгек менен кызмат кылуу.
“Үзүлгөндү улайлы
Чачылганды жыйнайлы
Жоголгон жокту табалы
Журт айласын кылалы” – деген Манас атабыздын патриоттулугу Ала – Тоолук ар бир атуулда жашаса, ар бирибиздин жан -дүйнөбүздө Манас атабыздын руху болсо, анда ишибиз оңолуп, өзүбүз да, жерибиз да өсүп - өнүп гүлдөйт эле деп кыялымдагы ой чабыттарым жаңырат.
Чыңгыз Айтматов: “Адамзаттын өткөн тажрыйбасы – анын түпкү гүлазыгы, таянган тоосу, келечек урпактарга энчиленген мурасы” – деген. Ошондуктан бүгүнкү күндө Ала – Тоодо күчтүү,өнүккөн кыргыз мамлекети болууда анын экономикасы да, илим – билими да, коргонуу жөндөмдүүлүгү да, жарандардын патриоттук духу да биздин өзүбүздөн көз каранды болоорун сезип, ар кимибиз өзүбүздөн баштасак деймин.
Ошентип, кыргыз элинин тукумдары, өзгөчө келечек ээлери, бүт жапа тырмак Ала – Тоонун эгемендүүлүгү, ак калпак кыргыз элимдин биримдиги жөнүндө ойлорубуз Манас сыяктуу кырк уук болуп биригип, сайылышыбыз керек. Ошондо гана кыргыз элибиз күчтүү, жерибизде бейпилдик болуп, кубаттуу өсүп - өнгөн мамлекеттердин бири болот эле деген үмүт менен жашап келем.
Өзүмдүн оюмду жан дилимден чыккан ыр саптары менен аяктасам:
Керемет кулпунган жергемди,
Көз арткан душманга бербесмин.
Өзүңдүн уул - кызың сен үчүн,
Баарына биз даяр демекмин.
Жан дүйнөм сен үчүн толгонот,
Жараткан, жамандык жолотпо!
Өлкөмдүн өрүшү кең болуп,
Жакшылык ченемсиз көп болот.

Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп – гимназиясынын 10-в классынын окуучусу Жаныбек кызы Алтынай

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жапарбекова Жазгүлүнүн дил баяны.



Мен кыргыз жеринин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Бетеге белден берметтей,
Булагы тунук шербеттей.
Эмгектеп тилим өскөн жер,
Канткенде коёт дегдетпей.

(А.Токомбаев)

Ар бир адам өзүнүн киндик кан тамган жерин сүйөт эмеспи. Мен дагы Кыргызстандын мекенчил кызы катары өлкөмдүн гүлдөп өсүшүн каалайм.
Менин Кыргызстаным абдан кооз, бийик тоолору, тунук булактары, асман тиреген карагайы, көлдөлөў сымал көк шибери, миў сан ооруга даба болгон дары чөптөрү, көз жоосун алган арча- кайыўы, көпкөк болуп чалкып жаткан көлдөрүн табият кыргыз элине гана энчилеп койгондой сезилет. Бизге берген жаратылыштын мындай марттыгына, белегине биз дагы татыктуу жооп беришибиз керек. Канчалаган мамлекеттер чөлдө жашап, өз мекенин ыйык тутуп, эч нерсе өспөгөн кумдуу чөлдү жашыл шаарга айландырып жатышат. Биз болсо ата-бабабыз калтырган жерди сатып, жаратылышын жок кылып жатабыз. Мен башка мамлекеттерди көрүп, бир жагынан суктанам, ойлонуп кээде арданам. Эмне үчүн биздин Кыргызстан ал өлкөлөр сыяктуу өзгөрө албайт? Же бизде жалаў эле ооз көптүрүп, кооз сүйлөгөндөр, куру убада берип, элди алдагандар, өзүм өлбөсөм болду деп өз көмөчүнө күл тарткандар эле калганбы? Кылым жашаган туўгуюктан алып чыкчу кеменгер адам жокпу? Оўолуу, өзгөрүү жөнүндө сөз болсо эле акчаны айтып шылтоо кылабыз. Мүмкүн, маселе башка жакта болуп жүрбөсүн? Өзүбүздүн каада-салтыбызга кайтсак, кулк-мүнөзүбүздү өзгөртсөк, тилибизди оўдоп сүйлөсөк, жакшы натыйжа берип жүрбөсүн?
Кой маарайт койдун тилинде,
Уй мөөрөйт уйдун тилинде.
Уй, койдон артта калдык биз,
Улуттук тилди билүүдө,
деп Байдылда атабыз бекеринен күйбөгөн чыгаар.
Эне- тилибизди чанбай, өз тилибизди баалайлы! Биздин өлкөдө капчыктуу мырзалар абдан эле көп. Алардын акчалары адепсиз нерселерге каржыланат. Маселен: кумар ойноочу жайларга, диско-клуб, сауналарга. Бул адамдар акча табабыз деп, уул-кыздарыбыздын келечегин талкалап жатышат. Акча деп ырдаган, пайда деп бийлеген агаларыма айтаарым: «Уулдун тагдыры-улуттун тагдыры, кыздын тагдыры- кыргыздын тагдыры» деген сөздү эстерине салып кетээр элем. Мен өзүмдүн келечек максатымда ар бир облуска бирден интернат куруп, жетимдерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге билим алууга шарт түзмөкмүн. Ар бир адам билим алууга, жакшы жашоого укуктуу.
Келечекте менин өлкөм жеўил өнөр жайы, кайра иштетүүчү завод-фабрикалары, эт-сүт комбинаттары, кен-байлыктары, көз карандысыз электр ишканалары менен дүйнөгө таанылат. Өлкөбүздө заманбап бийик имараттар салынып, бак – дарактар менен курчалган таза, жарык, жашыл шаарга айланат. Айылдарга баба дыйкан данын айдап, малын багып, жоомарт, меймандос салтын улап өмүр сүрөт. Мектептерде, жогорку окуу жайларында сапаттуу билим берилип, медицинада өзгөрүүлөр болот.
Кыргызстан көп тармактуу өнүгүүгө туш болот деп тилек кылам. Мен жогорудагы көп тармактуу өнүгүүгө, саламаттыкты сактоо тармагында өз салымымды кошкум келет. Канчалаган адамдар жан сыздаткан оорудан азап чегип жатышат. Кенедей наристелерге ата-энелери каражаттары жоктугунан бөйрөктөрүн, боорлорун алмаштыра албай жардам сурап жүрүшөт. Канча адам баспай, көрбөй, сүйлөбөй жатат. Биз ден-соолугубуз чыў туруп жашоого нааразы болобуз. Мен сабактарымды жакшы окуп бүтүп, жогорку окуу жайда билимимди өркүндөтүп дарыгер болгум келет. Кыйналып азап чеккендерге, ооругандарга, жашоолоруна жарык чачып, үмүт шамын жаккым келет. Эгерде менин ушул максаттарым орундалса, өлкөмдүн өнүгүшүнө кошкон зор салымым болот деп ишенем. Болгон аракетимди жумшайм.
Биз ар-бир тармакты билим деўгээлибизге жараша бөлүп алып, келгиле, гүлдөгөн Кыргызстанды бирге куралы!
Кандай гана мөлтүр таза, тунук суу болбосун бир жерде турса бузулуп сасыйт, ал суу ичкенге жарабай калат деп айтышат акылмандар. Башка өлкөнүн жашоо- турмушун, маданиятын таанып билүү ар бир адамдын кыялы болуп эсептелет. Дал ошондой мүмкүнчүлүктү эч жакка чыкпаган айылдын уул-кыздарына шарт түзүп, дүйнө таанымы кеўейсин, жан-дүйнөсү байысын деп Малайзияга эс алууга чакырган Кылычбек Султанов агайыбызга ыраазычылыгымды билдирем. Бизди кичинекей, акыл токтото элек деп жүрөктөн чыккан ойлорубузду укпаган адамдарга бул ыр саптары сабак болоор.
Өтөт күндөр күндөрдү улап нары,
Бир-бирине шартташып турат баары.
Текебердик кылбагын майдаларга,
Тешип чыгат асканы булак дагы.
(Э.Ибраев)

Төмөнкү ырлар акын аталарыбыздын калеминен жаралган. Мен кичинемден китепти көп окугандыктан, мекенчил ырларга сугарылып өскөнмүн. Жан дүйнөмө жакын болгон үчүн колдондум.

Жапарбекова Жазгүлү Бакытбековна.
Нарын облусу, Нарын району, хутор Ак-Талаа айылы, Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жеңишбек кызы Айгеримдин дил баяны.


Мен кыргыз жеринин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Менин мекеним, менин өлкөм - Кыргызстан. Мен үчүн мекен деген туулуп-өскөн жерим. Ата-бабаларыбыз айткандай, "туулган жердин топурагы алтын"дегендей, менин өскөн жеримдин топурагы мен үчүн алтын, ар бир ташы кымбат, суусу мүрөк, жаратылышы сөз менен айтып жеткире алгыс, тоолорго бай мекеним менен сыймыктанам мен өлкөмдүн өсүп-өнүгүшүн каалайм. Биз баардыгыбыз өнүккөн өлкөнү кааласак, бардык жакшы нерселерди өзүбүздөн баштообуз керек. Алган билимибизди өлкөбүз үчүн өнүгүшү үчүн жумшообуз керек. Башка акылдуу балдардай эле мен дагы өлкөм үчүн мен эмне кылдым?- деген суроону адегенде өзүмө берем. Биздин өлкөбүздүн кооздугун көргөнү канчалаган жерден канчалаган туристтер келет. Бирок мен ал адамдардын көзүнчө жергебиздин таштандыга толгон жерлеринен уялам. Өлкөбүздө болгон билим берүүгө жараксыз мектептерде окуп жаткан окуучуларды көрүп зээним кейийт. Чоңойгондо сапаттуу мектептерди курам деп ичимден сөз берем. Биздин мекенибизде көптөгөн тарыхый жерлер бар. Табышмактуу болгон Таш-Рабат, бурана, кереметтүү Ысык-Көл. Бирок биз ушул жерлердин баркына жетпейбиз. Ушул жерлерди көзүбүздүн карегиндей сактообуз керек. Тарыхыбызды билүүбуз зарыл. Эң биринчиден мекенибизди коргоп, тилибизди сактай билүүбүз зарыл. Ошондо гана биздин өлкөбүз өнүккөн эң жакшы деген өлкөлөрдүн катарын толуктайт!

Жеңишбек кызы Айгерим. Нарын областы Ат-Башы району.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жийдебаева Нуризанын дил баяны.

Мен кыргыз жеринин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Мен кыргызмын. Кыргыз жеринде төрөлүп өскөм. Жүрөгүм да дайым кыргыз деп согот. Бул сезим жекеле менин эмес, ар бир кыргыз жаранынын сезиминде болсо керек.
"Кокту-колот, сайың барбы,
Кыргыз сөөгү жатпаган,
Карагай тал кайың барбы,
Кыргыз балта чаппаган"- деп ата-бабаларыбыз айткандай, карт тарыхы бар кыргыз элимдин башынан кандай гана кыйынчылык заман өткөнүнө карабай, кыргыз элим жокко чөгүп, барга көөп кетпестен өзүнүн дилин, динин, салт-санаасын, эне тилин жоготпостон кылымдардан кылымга сактап жашап келишкен.
"Кыр кечип, кырда жашаган,
Кылымга аты таанылган,
Ак калпактын үлгүсү,
Ала-Тоодон алынган"- дегендей, аска-зоосу асман тиреген жаратылышы бир көргөн адамды өзүнө тартып ала турган касиети бар кыргыз жериме канчалаган суук көз душмандар тарабынан басып алууга аракет кылынса да, ата-бабаларыбыз Ала-Тоосун кашык канын, өз жанын да аябастан күрөшүп, кийинки урпактарга мурас кылып беришкен.
"Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган"- деген сөздү укканда ар бир кыргыздын көз алдына Манас атабыздын элеси тартылып, аларга дем-күч берип турат. Эзелтеден элибиз эли-жерин коргогон эр азамат баатырлардын, ак таңдай акындардан, кара кылды как жарган калыстардан, алдыдагы ишти көрө билген кыраакы адамдардан куру кол болгон эмес. Мына ошол көсөмдөр кыргыз элинин бүгүнкү гүлдөгөн турмушунун түптөөчүлөрү болушкан.
Биз дүйнөнүн кайсыл жеринде жүрсөк да, ошол залкарлардын атын атасак, демек, биздин кыргыз экенибизди айттырбай түшүнүшөт. Мисалы, Ч.Айтматов ким экенин дүйнөнүн бардык бурчунда билишет.
Кыргызстан 1991-жылы өз алдынча мамлекет болуп, өз тизгинин өз колуна алган эле. Ушул жылдардан бери элибиз эчендеген сыноолорду өз башынан өткөрдү. Ырас, ушул жылдар аралыгында кереметтүү өлкөбүз дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө таанымал болуп, кыргыздын улуу эл экендигин дагы бир жолу айгинеледи. Бирок мекенибизде болуп өткөн кээ бир жаман окуялар Кыргызстанды көп өлкөлөргө жер каратты деп ойлойм. Ак ийилет, бирок сынбайт дегендей, кыргыз эли бул сыноолорго да кабагым, кашым дебей чыдап өнүгүү жолуна түштү. Учурдагы өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев кыргыз эли үчүн алгылыктуу иш -чараларды түзүп, аларды ишке ашырып жатат. Чет өлкөлүктөр менен тыгыз мамиледе болуп, инвесторлорду тартып, ошолордун жардамы менен көптөгөн иштер жүргүзүлүп жатат. Алсак, биздин Нарын өрөөнүндөгү салынып жаткан жаңы ГЭС буга далил боло алат.
Кыргыз элинин саны да жылдан-жылга көбөйүүдө. Чукулда эле алты миллионунчу жарандын төрөлүшү да өлкөнүн тынч турмушта жашагандагы, гүлдөп-өнүгүп жатканынан кабар берет.
Мекенибиз бүткүл дүйнөгө таанымал болгон өлкөлөрдүн бири. Мисалы, Малайзияга. Буга Кыргызсандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов агабыздын салымы чоң. Ал Малайзияга Кыргызстан жөнүндө маалымат берип кыргыз жерибизди таанытууда. Мен дагы ушул сынактан утуп чыгып, ал өлкөгө барып, көп нерселерди көргүм келет. Ошондой эле кыргыз жерибиздин өнүгүп-өскөн өлкөлөрдөн болушун каалайм. Бул үчүн мен жакшы окуп, мекеним үчүн чоң-чоң кызматтарды жасасам деп кудайдан тиленем. Жаштын тилегин берет демекчи менин тилегим сөзсүз ишке ашат. Анткени мен кыргызстандыкмын.


Жийдебаева Нуриза. 6-класс. Б.Бекжанов мектеби. Нарын району, Орто-Нура айылы, 6-б класс Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектеп.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жолдош кызы Мираждын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм!! !

Мен, 15 жаштагы Кыргызстандын кичинекей жараны, 9-класстын окуучусумун. Бирок, менин азыр колумдан өлкөбүздү өнүктүрүүгө салым кошуу келбесе дагы, мен каалоом, кыялым, жүрөгүм менен мамлекетибиздин дүйнө жүзүндөгү эң өнүккөн мамлекеттердин бири болушун каалайм. Анткени, биз китеп-журналдардан, теле көрсөтүүлөрдөн бизден башка өлкөлөрдүн кандай өнүгүп жатканын көрүп, суктанып, биз дагы келечекте ушундай гүлдөгөн өлкөлөрдө жашасак деп кыялданабыз. Мисалы, бизден абдан эле көп сандагы калкы бар Японияны, миллиарддан ашык адам жашаган Кытайды же Европанын Германия, Австрия, Италия жана Англия сыяктуу өлкөлөрдү интернеттен же телевизордон көргөндө "эмнеге биз деле өнүгүп, асманга карай узарган үйлөрдү, кооз имараттарды сала албайбыз, эмнеге биз ансыз да кооз жаратылышыбызды ого бетер көрктөндүрүп, колдорубузду кооздукка бөлөп, башка элдерди чакыра албайбыз" деген суроону өзүмө бере берем. Анткени, биздин кыргыз элинин тарыхы да абдан узун, кылымдарды карыткан улуу элдердин бирибиз да. Маданиятыбыз, адабиятыбыз жагынан да башка элдерге караганда абдан эле бийик турабыз. Бирок, биздин элдер мамлекетти өнүктүрүүгө караганда аны алсыратууга көбүрөөк иштеп жаткандай көрүнгөнү мени абдан капа кылат. Анткени, биздин жаңылыктарды уксаңыз адамдардын кыйкырып митинг-пикеттерге чыкканы, бирин-бирин өлтүргөнү, балдарына зордук көрсөткөнү, ошондой эле мамлекеттин акчасын уурдап камалгандар, түрмөгө соттолгон болуп чыгышат. Чынын айтсам, мен ушундай жаңылыктарды такыр уккум келбейт.
Андан көрө мен жалгыз отуруп алып же жаратылыш коюнуна чыгып, өзүмдүн кыялдарым менен жашаганды жактырам. Кыргызстан өлкөсүндө Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарлар бар, атактуу Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек көлдөрү бар. Ар дайым ак мөңгүсү эрибеген тоолору, жашылча-жемиштер өскөн талаалары бар. Бардык жери кооз, бардык жерине эс алып, cейилдеп жүргүң келет.
Мисалы, мен Кыргызстандын эң кооз аймагында, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы эң алыскы Казыбек айылында жашайм. Айлыбыздын аты улуу акын, чечен, казалчы Казыбек Мамбетимин уулунун атынан коюлганына, анын китептериндеги жазгандарын окуп сүйүнөм. Биздин айылдын, жайлоолордун кооздугун айтып отурсам, сөз жетпейт. Ушул убакта айлана аппак карга чулганып, жер бетин толук ак түс курчап калат да, күндүн нуруна чагылышып, укмуш көрккө бөлөнөт. Тоо этегине жылгаяк тепкени барганыбызда мен спорт каналдарынан көргөн чет өлкөлөрдөгүдөй лыжа спортун өнүктүрсөк, биздин акчалуу, бай бизнесмен байкелер биздин тоолорго лыжа тебүүчү жайларды куруп, лыжа сатып берсе, биз токойлорду аралап тээп, келечекте дүйнө чемпиондорунан болсок деп кыялданам.
Ал эми жазында болсо Казыбек айылынын тоолору жапжашыл болуп, куштар, чымчыктар сайрап, талааларга малдар мотурайган балдарын ээрчитип чыгышат. Тал теректер бүрдөп, сайларыбыз сууга толуп, мектепке барбай эле талаада кызыл-тазыл гүлдөрдү терип, айлананы жаңыртып ырдап жүргүң келет.
Жайында болсо биздин Ат-Башы жайлоолору менен белгилүү болот. Атайын алыстан, ал тургай чет өлкөдөн да туристтер, коноктор Арпа, Аксайдын кымызын ичкени, Ат-Башыдагы Босого, Таш-Рабатты көргөнү келишет. Биз тоого барып гүл терип, таянебиз менен бээ саап, уй саап, жайлоодо курут жайып эс алабыз.
Күзүндө болсо биз үй-бүлөбүз менен жакынкы коктуларга барып, карагат, четиндин мөмөлөрүн жыйнайбыз. Ошондо тоонун бир капталы кызыл, бир капталы сары, бир капталы көк түскө боёлуп, укмуш сүрөттөгүдөй болуп калганын көрөм.
Ушундай кооз жана кызыктуу жерде жашап жатып, мен Кыргызстандын өнугуусун жана элдердин жакшы жашоосун, адамдардын маданияттуу жана көп тил билген адамдардан болушун каалайм. Өзүм дагы колумдан келген милдетим катары орус жана англис тил сабактарын мыкты окуп, келечекте элиме пайдам тийсе деп аракет кылам. Улуттук спорт болгон тогуз-коргоол оюну боюнча мектептен сынактан утуп, облустан да жеңишке жетишип, бир нече жолу Бишкекте да сынактарга катышкам. Биздин мектептеги улуу эжелер Казакстанга, андан ары чет өлкөгө да барып ойноп келишти. Буюрса, мен дагы тогуз-коргоолдон чемпион болуп, Индия, Монголияга чейин барууга аракеттенем.
Эгер, биздин чоң агалар, аталар менен апалар мамлекетти оңдосо, борборубуз Бишкектеги жаңы конуштар, жалпак тамдардын баары көп кабаттуу тамдарга айланса, айылдардын көчөлөрү дагы асфальтталып, Ысык-Көлүбүз азыркыдай кирге, таштандыга булганбай, көл жээгине чет өлкөлөрдөгүдөй бийик үйлөр курулса, айылдын элдери маданияттуу болуп, бири-бирин сындабай, аңдыбай ынтымакта жашаса мен абдан кубанам. Буюрса, чоң окуу жайдан чет тилдерди мыкты үйрөнүп, дүйнөнү кыдырсам, ошол өлкөлөрдөгү досторумдун баарын Кыргызстанга конокко ээрчитип келмекмин. Аларга "жүргүлө, силерге жер шарындагы эң кооз жерди, эң мейманчыл элди көргөзөм" деп айтмакмын. Аларга биздин Чыңгыз Айтматовдун, Шайлообек Дүйшеевдин ырларын, "Манас" эпосун которуп айтып берип, аларды кызыктырмакмын.
Жыйынтыктап айтсам, ар бир эле бала өз мекенин сүйөт, өз мекенинин өнүгүүсүн каалайт деп ойлойм. Бирок, мен бул кыялым качандыр бир убакта ишке ашат деп ишенем. Анткени, биздин айылда да жаңы нерселер пайда боло баштады. Мектебибизге интернет класс ачылган, үйүбүздө да компьютер бар, айылга жаңы футболдук аянтча, жаңы оорукана, күрөш залы салынды. Жакшы жаңылыктар бар. Ошон үчүн мен ишенем, Кыргызстан дүйнөдөгү эң кооз, өнүккөн Японияга окшош өлкө болот!

Жолдош кызы Мираж
Ат-Башы району, Казыбек Айылы, Нааматбек Үсөналиев мектебинин 9-"а" классынын окуучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жолдошбек кызы Айсезимдин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.



Мен Жолдошбек кызы Айсезим алыскы Нарын өрөөнүндөгү Ат-Башы районундагы Ача-Кайынды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 7А - классынын окуучусу болом.
Менин мекеним Кыргызстан. Мен Кыргызстанымдын жаранымын. Биз өз өлкөбүздү кантип өнүктүрүп мекенибизге кандайча салым кошуп гүлдөтө алабыз - деген суроо мени ар дайым түйшөлтүп келчү. Мен бул суроого жооп берүүнүн алдында, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине терең ыраазычылык билдирип кетем. Анткени мен оюмду ушул «Сынак» аркылуу айтып берип жатканым үчүн чексиз кубанычтамын.
Ар бир адамдын өз мекени бар. «Мекен деген сөздү» мен - ата-бабабыздын туулуп өскөн жери деп түшүнөм.
Кыргызстан менен сыймыктануу үчүн бизге - Улуу Манас баштаган тарых, кыргыздын адабияты, маданияты, арламенттери, жаратылышы, суусу, кен байлыктары жетиштүү.
Кыргызстан - Орто Азиянын түндүк-батыш жагында жайгашкан. Батыш тарабынан Өзбекстан, түндүгүнөн Казакстан, түштүгүнөн Таджикстан жана Кытай менен чектешет. Чек арасынын жалпы узундугу 3878км. Өлкөнүн эң бийик чокусу Тянь-Шань тоо кыркаларындагы «Жениш» чокусу. Негизги дарыясы - Нарын, ири көлү - Ысык - Көл.
Биздин мекен тарыхый Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыктан, байыркы шаар калдыктары абдан көп. Алардын катарына Токмокко жакын жайгашкан Бурана, Өзгөндөгү Мунара, Оштогу Сулайман тоо, Ат-Башы районундагы Таш-Рабат комплекси кирет.
Кыргызстанымдын дагы бир керемети болгон Сары-Челек - бул кооз көлдөрдүн бири, токою, тоосу кенен сонун көл. Бул жерге дагы көптөгөн туристтер келип эс алып суктанып кетишет.
Мен жетинчи класста окуганыма карабай мекенимде болуп жаткан көйгөйлөргө көнүл кош мамиле жасап кое албадым. Кечээ жакында эле парламенттик шайлоо болду, ошондо мен - бизге үлгү болчу, башкача айтканда мамлекеттин каймактары десе дагы жарашчу болуп турган урматтуу депутаттарга таң калдым. Ооба, шайлоо да бүттү, биздин айылыбызга чейин келип менин оюмча "куру убадаларды" берип, ушунчалык элдин ишенимине кирип кеткендерине эмне дейбиз? Болбосо айылдарда дегеле мекенимде көйгөйлөр четтен саналат (суу маселеси, электр жарыгы, жумушсуздук ж.б.). Мындай жорук «Ата-Мекендин эртенки келечеги Жаштарда деген» өсүп келе жаткан чыныгы патриот жаштар аларды көрүп кандай үлгү аларыбызды билбей калдым.
Кыргыз телеканалында жүрүп жаткан «КТРК Кербени» көрсөтүүсү жакында Нарын облусунун Жумгал районундагы жөнөкөй бир айылдын турмушун чагылдырганын көрүп капаландым. Себеби ошол айылдын болгон жашоосу чырак менен өтөөрүнө ишене алган жокмун. Аттин ай! - ушундай көптөгөн нерселер өнүгүп келе жаткан заманда жарыгы жок жашоону элестетүү болобу? Бизге келген депутаттар бир жолу ошол жерге барган болду бекен, эмне үчүн адамдар бир келген жашоодо мынчалык байлыкка, бийликке умтулушат болду экен? Болбосо кудайга шүгүр башка баа жеткис мурастарыбызды айтпаганда - бизде асман тиреген тоолорубуздун ак калпак кийген сыяктуу мөнгүлөрүнөн ташын жарып аккан сууларыбыз бар эмеспи.
Мен Мекенимдин гүлдөп өсүшүн каалайм, келечекте мекенимди бекеринен Швецарияга салыштыргандай өлкөдөй болуусуна ишенем. Жаратканымдын сүйгөн жери аталган мекенимдин эртенки келечегин ойлогон, башкаларга кор болбогондой дүркүрөп гүлдөп өсүшүнө салым кошкум келет, ушундан улам мага төмөнкү ыр саптары эске түштү.
Мен кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен кыргызмын баба, наркын сактаган!
Ата-Журтка жасасам деп бир эмгек.
Ар күн сайын чоң казатка аттанам!
Мен кыргызмын, асман жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын,
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм,
Кырчылдаган кыргыз деген жакшы аттын.
Эгерде келечекте котормочу болом деген максатым орундалса Кыргызстанымды башка дүйнөгө тааныткым келет. Мекенимдин тарыхый эстеликтерин, салт-санааларын, урп-адаттарын, Кыргызстанымдын кооз-кооз жерлерин, башка журтка, дүйнөгө таанытып, Кыргызстанымдын желегин бийик көтөргүм келет. Биздин өлкөгө туристтер көп келишет. Көбүнчө жайкы эс алууда туристтер Кыргызстандын керемети болгон Ысык-Көлгө келип эс алышат. Эгер ушул кесипти аркалап калсам, туристтерди Кыргызстандын ыйык жерлерине алып барып алардын тарыхын айтып, которуп бермекмин. Мындан чогулган акчанын азыркы учурдагы балдар үйүнө, майыптарга, карылар үйүнө, адамдарга жардам берип кайрымдуулукка жумшамакмын.
Мен кыргызмын. Мен кыргыздын урпагымын, менин атым чыкпаса да жалпы кыргыздын атын ааламга чыгарууга кыргыз бойдон калып, өз өлкөмдү сүйүп, өз тилимде сүйлөп жалпы улут атынан чыгарууга милдеттүүмүн.
Менин бир гана тилегим Кыргызстандын өнүгүшү, гүлдөшү жана Кыргызстандын үстүндө иштеп жаткан депутаттардын онолушун, айткан убудаларына бек туруп аткарышса экен, ошондо гана Кыргызстан өнүгөт беле? - мен дагы далай Кыргызстандын желбиреген Желегинин бийик болуп көтөрүлүп, өсүп-гүлдөшүн чын жүрөктөн каалайм жана болгон күч аракетим менен жакшы окуп өз салымымды сөзсүз түрдө кошом! Мекенимде тынчтык болуп, дуйнодо болуп жаткан ар кандай кырсыктар (согуш) Кыргызстанга зыянын тийгизбесе экен! Мекеним менин Кыргызстан!

Рахмат Шаиста эже.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жоро уулу Ыйманбектин дил баяны.

Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Менин жүрөгүмдө бул дүйнөгө жаралганымдан бери эле жашап келе жаткан, алтындан ардактуу нерсе бар, ал мен сүйгөн, мен эле эмес мен кыргызмын дегендердин баардыгы сүйгөн, ар бир мекенчил инсан үчүн кымбат болгон, аскасы асман тиреген Кыргыз жери. Менин мекеним, кандай иш жасабайын ар дайым жүрөгүмдүн түбүндө шамдай жанып, алоолонгон отунун ысык илеби менен жан дүйнөмдү, ар бир саат, ар бир мүнөт сайын жылытып турат! Кыргыз эли көз ачкандан баштап сыйлап, урматтап жашап келген жерибизди, ардактуу мекенибизди унутууга, аны ар кандай нерселерден артка таштоого менин дагы, ошондой эле киндик каны Кыргыз жеринде тамган ар бир инсандын акысы жок. Эгерде биз мекенибизди сыйлабасак, урматтап туу тутпасак анда ата-бабаларыбыздын арбагы кечирбестир. .. Биз жаштар, баардык кыргызстандыктар, өз мекенибизди өзүбүз сыйлабасак башка бир дагы улуттун өкүлү биздин мекенибизди эч качан сыйлап бере албайт. Мен дагы Кыргыз катары эс тарткандан баштап элим-жерим үчүн күйөм, мекенимди чын дилимден сүйөм.Эгер мен шумкар болсом, канатыма калкалап мекенимди бийик көкөлөтүп өнүгүүгө карай талпынып учкум келет.
"Өнүгүүгө карай учкум келет" дегеним дагы жөн жерден эмес, себеп жыл сайын дүйнөдө жаңы ачылыштар болуп жатат, башка мамлекеттер ошол ачылыштардын, мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында өнүгүп-өсүп келе жатат. Албетте өзүбүздүн Кыргыз мамлекети да артта калган жок, элибизден билимдүү, акылдуу адамдар суурулуп чыгып өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатышат.
"Өлкөбүз канткенде өнүгүү жолуна түшүп, тез өнүгө алат" деген суроого мен кыйналбастан жооп бере алам! Кантип? Албетте мекенибизде ынтымак болсо, илимдүү, билимдүү, эмгекчил, акылдуу адамдар көп болгондо гана. Мындай асыл сапаттарга ээ инсандардан уучубуз куру эмес. Мен көп ойлорду ойлонуп отуруп, мекенибиздеги тазалык жөнүндө дагы көп ойлоном, себеп дегенде, биздин бир кемчилигибиз тазалыкты сактабагандыгыбыз. Мен Баардык Кыргыз элин тазалыкты сактабайт дей албайм, бирок, тазалыкты, тартипти сактабаган жарандар жок эмес.
Ошондуктан мен, элди тазалыкка, биримдикке, эмгекчилдикке, билимдүүлүккө умтулгула дегим келет!
Неге дегенде бизде ушул төрт гана сапат болгондо өнүгүүгө карай канат кагып уча алабыз, ушундай жакшы сапаттар бизди өнүгүүгө жетелейт!

Жоро уулу Ыйманбек,9-класс, Нарын областы, Кочкор району,Кара- Тоо айылы

Фамилия аты: Жоро уулу Ыйманбек.

Туулган күн, ай, жылым: 28.04.2000

Туулган жерим: Нарын обл. Кочкор рай. Кара-Тоо айылы.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жумабекова Айдайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Адам баласы кай жерде жашабасын, туулган жерин сыймыктануу менен "Ата Журтум-алтын бешигим"- деп атап келет. Менин киндик кан тамган ыйык жерим – Нарын аймагы. Айылымдын арча жыттанган, акыл сергиткен таза абасы менен дем алып, мөлтүр тунук суусун ичип чуркап чоңойгонума бактылуумун жана ар убакта сыймыктанам. Кылымдар бою кыргыз элинде калыптанып калган «Ата Мекен», «Туулган жер» деген түшүнүктөр жашоодогу бардык нерсенин эң ыйыгы катары туюлуп, ал тууралуу «Туулган жердин топурагы алтын», «Ата-журтум – алтын бешигим» деген макалдар айтылып калган. Акын Жеңижок «Эли-журтуң болбосо, ай-күнүңдөн не пайда» дегендей, бийликке, байлыкка алмашпай турган да, намыскөйлүк, атуулдук милдет, майтарылбас эрк сыяктуу сезимдерди жаратуучу да улуу күч мекенди сүйүү сезими аркылуу пайда болот деп ойлойм. Анткени кайсы жакка барбайлы, ким менен бир болбойлу, эў негизгиси жүрөгүбүздө Ата-Журтубуздун эў ыйык, кооз жерлери жана эў асыл, айкөл элдери ар дайым демге-дем, күчкө-күч кошуп турат. Ошондуктан дагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов канча жерге бардым, көп эл араладым, бирок туулган жерим Кыргызстандын абасы менен суусуна, эли менен журтуна эч бир жер жетпейт деп көп учурда айтып келген.
Кыргыздын жер менен, табият менен, жан-жаныбар менен жуурулушуп кеткен сергек жаратылышы, айыпсыз макулуктарга ак санап, агынан жаралган гуманизми «Куйругу жок, жалы жок кулан байкуш кантти экен, же сойлоорго буту жок жылан байкуш кантти экен» деген улуу Асан Кайгынын толгонуулары аркылуу ачык кєрүнөт. Асан Кайгы-кыргыздын экологиялык маданиятынын, экологиялык акылмандыгынын символу.
Табиятты ыйык санаган ата-бабаларыбыз адам баласынын жер менен киндиктеш экенин, табият менен коюн-колтук алышкан улуу биримдиктин зарылдыгын туюнуп, эгерде ким табиятка каршы барса Кожожаштай аскада калып, апаатка учурарын адамзат балдарына эскертип кеткен.
Бир кезде кыргыздын туңгуч президенти Аскар Акаев: «Кыргызстан экинчи Швейцария болот»- деген жакшы үмүт-тилегин элге жарыялаган эле. Бүтүндөй кыргыз журтчулугу президенттин үмїт-тилегине зор ишеним арткан. Бирок эмнегедир андай тилек аткарылган жок. Азыр да болсо бул ой-тилекти ишке ашыруу кеч эмес. Жашоо, өнүгүү, өсүү дагы да болсо алдыда.
Албетте, кыргыз жеринин гүлдөп-өсүшүнө биринчи кезекте мамлекеттин ошол эле учурда карапайым калктын таасири чоң.
«Канткенде адам улуу адам болот?»- деп Чыңгыз атабыз тынчсыздангандай, мен дагы кыргыздын эң жөнөкөй, айылдык окуучу кызы: «Канткенде кыргыз жерим келечекте гүлдөп-өсөт» деп тынчсызданып убайым жейм. Менин ой толгоомдо кыргыз жери келечекте болуп көрбөгөндөй бутак-тамыры жайылып, өнүгүп бийик өсөт.
Эгерде мындан он кылым мурда жаралган Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанындагы каармандар жашообузга аралашса анда ондой берди болуп, гүлдөп-өсүү оң жагына багыт алат.
Кандайча?
Куттуу билим дастанындагы адилеттүүлүктүн символу болгон Кїнтууду эликтей мамлекет башында турган адам бийликти ак өтөсө, ак жолду жаза баспаган адилет өкїмдар болсо, Дөөлөттїн символу болгон Айтолдудай мамлекет башында турган өкїмдарга ырыс, дөөлөт берип, агынан жарылып кеңешин берген вазирлери болсо, акылдуулуктун символу болгон Акдилмештей ак караны туура ылгаган, иш билгиликтүү Акдилмештей жаштар, адамдар болсо. Каниеттүүлүктүн символу болгон Өткүрмүштөй сабырдуу баарына топук адамдар болсо, кыргыз элим, кыргыз жерим гүлдөп, өркүндөп өсөрүнө толук кепилдик берээр элем.
Демек, бүгүнкї күндө, бүтүндөй кыргыз журтчулугу биринчи кезекте ата-бабаларыбыздын осуятын өздөштүрүп, жаратылышыбызды көздүн карегиндей сакташыбыз абзел.
Ата-бабабыздан бери сакталып келген салт-санаабыз, үрп-адаттарыбыз, тилибиз, динибиз жана эў негизгиси айкөлдүк менен гумандуулук бул пейили кеў, дили таза кыргыз элибиздин эў негизги байлыгы менен мурасы. Өзгөчө, таў агарып атканда туулган жеримдин кооздугуна көўүлүм толот. Анткени эрте менен эрте туруп терезеден супа салып агарып бараткан таў менен кошо ак мөўгүсү көк тиреген аска зоолорубуз, көгүлтүр түскө ээ болгон Ысык-Көлүбүз жана жазда жашыл, кышта аппакай айлана, айтор, булардын баардыгын бир гана менин алтын бешигим, туулган жерим Кыргызстандан гана учуратууга болот. Айтып бүткүс табийгаттын ажайып кооз көрүнүшү кандай болсо, элибиз дагы мына ушундай меймандос жана абдан сый-урматты жогору баалаган калк болуп саналат. Ошондуктан дагы ар дайым элимдин амандыгын, жеримдин бажырайып- гүлдөшүн жана дагы тынчтык болушун тилеп келем. Анткени ар дайым кыялданып, ал кыялыбызды орундатыш үчүн, жашоого максат кылып, ага жетиш үчүн, жумурай журтубузга ак эмгек кылып, адамдык касиетти жогору коюп жашаш үчүн бир гана тынчтык керек. Ошондуктан дагы мен ар дайым Кыргызстандын ар-тараптан өнүгүп, экономикасы бай жана ар бир замандашыбыз татыктуу турмушта жашаган заманга жетишине тилек кылып, кыялданып келем.
Ак-Сай, Арпа, Каркыра жайлоосу бар, Улуу Нарын дарыясы, көп жерлерде кездешпеген дарылык касиети күчтүү минералдык суулары, аскасы асман тиреген Ала-Тоонун койнундагы түгөнгүс кен-байлыктары, дүйнөдө сейрек кездешүүчү Арсланбап токою, көгүлтүр Ысык-Көлї жана башка бир нечелеген дїйнөнүн жети кереметинен кем калбаган тарыхый эстеликтери бар.
Асыл өлкөм Кыргызстанда технологиянын бир нече бутактары дагы жогорку деңгээлде өнүксө деп тилек кылам. Жарандарыбыз жогорку сапатта билим алып, заманбап жашоонун агымынан калбай, ыңгайлуу шартта өмүр сүрүп, бирок ошол эле учурда табиятты булгабай, ага таттуу, аяр мамиле жасай билсек деп, келечекке так максат коюп келем.
Келечекте жердештериме маданиятыбызды өнүктүрүп, жаман сапаттарыбыздан арылып, эркин, активдүү коомдо жашасак деп кайрылам. Жазылган, кабыл алынган мыйзамдарыбызды сыйлап, эч нерседен коркпой, бейкуттукта өмүрүбүздүн ар бир барагын ачып, татыктуу өткөрсөк деп ак дилимден каалайм.
Улуу кыргыз жеримди экинчи Швейцария, туристтик мамлекетке айландырып гүлдөтүп, өркүндөтїп, дүйнөгө даңазалоо биздин жаш муундардын колунда.
Мен кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөй алам, мектептин жана облустун деңгээлинде уюштурулган баардык иш чараларга активдүү катышып келем. Көптөгөн ардак, мактоо баракчаларынын ээси болуп, олимпиада жана Манас таануу боюнча республикалык конкурстун жеңүүчүсү аталдым. Азыркы учурда мен 9-класста билим алуудамын, келечекке карай арыштуу кадам таштоо алдында турам, жана ишенимдүү түрдө эртеңки келечегиме зор максаттар менен ишенип жашап келем. Кыргызстандын келечекте өнүгүп, гүлдөп, өсүшү үчүн өлкөмө пайдам тийип, жемиштүү ийгиликтерди жаратсам дегенде ак эткенден, так этем. Акыркы демим калганча, кыргыз элинин бейпил жашоосу, тынчтыгы жана жеримдин бейиштин төрү сымал гүлдөп, өнүгүшүнө салым кошуп, жан дилим менен аракет кылам.
Мен Кыргыз Республикасынын жараны болгонума сыймыктанам. Кооз аймагыбыз, айтып бүткүс тарыхыбыз бар экендигине кубанып, асмандагы бактылуу куш сымал көкөлөп учам.
Кыргызстан – Азиянын жүрөгү.
Кыргызстан – Алтын күн алдындагы асыл өлкө!
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп - өсүшүн каалайм.
Жумабекова Айдай Жумабековна.
Нарын облусу, Нарын району, Казан Куйган айылы.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин 9 – классынын окуучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жылдызбек кызы Айтунуктун дил баяны.

Мен кыргыз жеримди гүлдөп өсүшүн каалайм!

Мен Жылдызбек кызы Айтунук Кыргызстандын жаранымын. Төрөлгөндөн баштап өзүмдүн сүйүктүү өлкөм Кыргызстанда жашап келем. Биздин мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүн каалаган патриот кыздарынанмын.
Менин өлкөм Орто Азиядан орун алган жана аны Орто Азиядагы Швейцария деп аташат. Жаратылышы көз жоосун алып абдан кооз, суусу мол, абасы таза, эли меймандос жана жерибиздин 80% тоолор ээлейт.
Бабам Манастын урпактары болгон кыргыз уул, кыздары Кыргызстаныбызды өнүктүрүүгө чоң салымдарын кошуп келишет. Алардын эмгектеринин натыйжасында кичинеден болсо да өлкөбүз өнүгүп келе жатат. Албетте жетишпеген жактарыбыз да бар. Мисалы: Маданият жана спорт тармактарына мамлекетибиз көп көңүл бөлсө деп ойлойм. Балким бул тармактарга көңүл бөлүнсө дүйнөлүк олимпиадаларга, эл аралык жана дүйнөлүк сынактарга бат-баттан катышып көптөгөн жеңиштерге жетишип, Кыргызстаныбызды дүйнө жүзүнө таанытмакпыз деген ойлор келет.
Бабаларыбыз Манас, Кошой, Бакай, Алманбет, Сыргак жана Чубактын жолун жолдоп мекени үчүн кан жанын аябаган Тайлак, Байтик, Атаке батыр, Барсбек кагандар эли жерин коргоп келишкен. Ал эми өз элинин тынчтыгы үчүн өз баласын өлүмгө кыйган Курманжан Датка энебиз өңдүү инсандарыбыз өлкөбүздү коргоп келишкен.
Андан соң Совет бийлиги орноп ал 70 жыл өкүм сүргөн. Совет бийлиги чачырап 15 республикалар өз алдынча мамлекет болуп бөлүнө башташканда, биз да алардан кем калбай 1991-жылы 31-августта өз алдынча мамлекет болгонбуз. Эгемендик алгандан бери кыргыз элим кандай гана кыйынчылыктарды башынан өткөрбөдү. Бирок бул нерселердин баары артта калды. Эми биз алдыга гана умтулушубуз керек. »Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деп Исхак Раззаков атабыз айткандай, ар бирибиз мекенибиз, элибиз үчүн ак эмгегибизди өтөшүбүз керек. Жакында эле алты миллионунчу жараныбыз жарыкка келди. Бул кабарга баарыбыз кубандык, демек биздин мамлекетте алты миллион адам жашайт. Элибиздин мындан да көбөйүшүн каалайм!
Тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазылып калган, кыргыз маданиятына эмгектери сиңген инсандарыбыздын жолун жолдогон жарандарыбыздын көп болушун тилеймин!
Ал эми мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарыбыздын мурдагыдай жашыл шаар аталып, дүйнөдөгү эң кооз шаарга айланышын каалайм! Ошон үчүн баарыбыз ынтымактуу болуп шаарыбызды таза кармообуз керек. Ар бирибиз мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө кайдыгер карабоого тийишпиз. Өзүбүздүн жакшы жактарыбызды көрсөтүп чет өлкөлөрдөн инвестиция тартууга аракет кылышыбыз керек, туризмди өнүктүрүүгө да салымыбызды кошолу. Мисалы: Асман тиреген тоолорубузга кышкы спорт оюндарын өткөрүүгө шарт түзөлү. Керемет Ысык-Көлүбүздү көзүбүздүн карегиндей карап, булгабай, таштандыларды ыргытпай, тазалыкты сактап, жаман сөздөрдү сүйлөбөй, маданияттуу болууга тийишпиз. Жана башка көптөгөн тарыхый кооз жерлерибизде да ушундай эрежелерди сактап көптөгөн туристерди тартып, элибиздин кандай меймандос, маданияттуу экенин көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Мына ушул туризм тармагы менен да өлкөбүздүн өсүшү түздөн түз себепкер.
Ал эми өлкөбүз гүлдөп өнүккөн, кооз, баардык шарты бар жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет деп терең ишенем! Мен уюткулуу улуу Кыргыз элимдин урпагы болуп жаралганыма сыймыктанам жана кереметтүү, асыл жеримдин гүлдөп, өсүп, өнүгүшүн каалаймын!!!
Нарын облусу, Ат-Башы району, Терек-Суу айылы, А.Чортеков орто мектебинин 7-классынын окуучусу Жылдызбек кызы Айтунук.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Жыргалбек уулу Кайраттын дил баяны.

Мен кыргыз жеримди гүлдөп өсүшүн каалайм!



Мен силердин гезит бетине жарыялаган дилбаян жазуу сынагы жонундогу билдируунорду окугандан бери,олконун гулдоп осуусу учун эмне кылуу керек деп,куну-туну ойлонуп журдум.
Бугун мен «кой кесуу» кайтарып тоонун башында,айланага коз чаптырып отурдум.Асман тиреген ак монгулуу бийик тоолор,андан кийин кой жайганга ылайык боксо тоолор.Тээ ойдо менин айылым.Теребел озунчо эле ажайып сулуу. Жайында жайлоодо кой кайтарып жургон кезимди эстедим.Бийик тоонун башында отуруп тегерегимди карасан:Мелтиреген тоолор,ар бир тоонун бетинде жыш карагайлар, кокту сайын аккан суулар,арчалар, гулдун турлору!Деги койчу табийгат бизге эмнелерди гана тартуулабаган. Гул жыттанган таза абадан кере дем алып,апам куюп берген кымыздан жутуп,тоо жаныртып ырдап жургон кезимчи.Жерибиз кандай кенен,кандай кооз.
Ошол эле онуккон олколордо:Газ жыттанган абасынан дем алып,КОКА КОЛА,ФАНТА,ПЕПСИ ичип,ээн суйлой албай жургондордун энсегени ушул эмеспи.
Эгер табийгат бизге болгон байлыгын бут тартууласа: молтурогон таза суусун,тунук булактарын, монгусун,абасы таза болсун деп арча-карагайларын, малын кенен жайсын деп тоолорун аябаса,анан биз жарды олкобузбу.
Он беш кундон бери кантип гулдоп-особуз деп башымды катырып жургонумо кулкум келди.Корсо, мен «эн бай» олкодо жашайт экенмин.

Нарын областы, Нарын району,Жерге- Тал айылы.
Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин 7-а классынын окуучусу Жыргалбек уулу Кайрат

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Замирбек кызы Сезимдин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Илгертеден эле кыргыз жери берекеси төгүлгөн, тоолорунда байлыгы мол, эли эбегейсиз меймандос келген. Коомдун өнүгүшү менен кыргыз жери да өз табити менен өнүгүп келет.
Бирок мени түйшөлткөн бир маселе – элибиздин ден соолугу. Медициналык тармак жакшырып, дары-дармектердин түрү көп болгону менен оорунун да түрү көбөйүп, кары адамдар гана эмес жаштардын, жеткинчектердин да ден соолуктары жабыркаганы көбөйүп келүүдө.
Менин сексен жаштагы чоң энем айтып калат “Биз бала кезде кийим-кече тартыш, тамак-аш ченемдүү болсо дагы ар кандай оору сыркоодон алыс болуп чоңойдук. Ал эми азыркы учурда кийимди жыртмак тургай эскиртүүгө чамабыз келбей, тамак-аштын түрлөрүнөн дасторкон ийилип, эмне кааласаң баары бар. Бирок ошенткен сайын бала-бакыранын ден соолугу жок, туруктуулугу, чыдамкайлыгы аз, сабырдуулугу, сөз көтөрүмдүүлүгү жок болуп баратат. Эми кудай өзү жар болуп, жардам бере көр”- дейт.
Чоң энемдин сөзү мени көп ойлонтот. Чын эле дүйнө жүзүндөгү ар кандай өзгөрүүлөр технологиянын өнүгүшү адамдардын мүнөздөрүнүн өзгөрүшү жаратылышыбызга терс таасирин тийгизип келет.
Мен өз жеримдин жаратылышы таза, кооз, көрктүү болушун каалайм. Анын ичинде ата-энем, бир туугандарым, мугалимдерим, досторум жана жалпы эли журтумдун ден- соолугу чың болушун тилейм. Себеби, дени таза адам билим алууга, ойлонууга, изденүүгө, чыгармачыл болууга, илимпоз болууга, узак өмүр сүрүүгө жөндөмдүү болот да.
Келечекте дарыгер болсом деген тилегим бар. Оорулууну гана дарылаганды өздөштүрбөстөн, ошол ооруну алдын ала болтурбай коюунун жолун изденсем деген тилегим бар. Мен сыяктуу өсүп келе жаткан жаш муундардын ар бири өзүбүздүн колубуздан келген салымыбызды кошуп турсак, кыргыз жерибиз гүлдөп өсө берет деп ишенем.

Кочкор районун караштуу Ак-Кыя айылынын Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Замирбек кызы Сезим

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 14:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Зейнептин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин өсүп-өнүгүшүн каалайм.

Ар бир өсүп келе жаткан өспүрүмдүн тилеги, өзүнүн киндик кан тамган жери, Ата-Мекенине чоңойгондо, «Көптөгөн салымды кошом деген» ой максаты бар эмеспи. Албетте, алардын катарын мен дагы биринчилерден болуп толуктайм деп ишенем. Мен Кыргызстанымды өз үй-бүлөмдөй жакшы көрөм. Азыртадан мекенимди жаман деп айтып, текебер сүйлөгөндөрдү өзүмдүн душманым деп эсептейм. Ар баскан кадамымда Кыргызстандын келечегин ойлойм, кыялдарым өз чачымдан көп. Азыр мектеп окуучусу болсом дагы тегерегимди курчап турган чөйрөнүн таза, тыкан, жайында гүлдөр өсүп турушун каалайм. Мен кыргыз жеримде, кыргыз кызы болуп төрөлдүм, азыр жашым он беште, эс тарткандан баштап баарына кызыкчумун, ошондой эле кыргыз жерине түбөлүк кызмат кылам дечүмүн. Азыр дагы ал кыялдарым андан эки эселенип чоңоюп, ар дайым мени жандап жүрөт. Ооба, менин кыялдарым орундалып келе жатат, Кыргызстан улам сайын, бирден кадам сайын алдыга жылып өнүгүп келе жатат. Ага албетте, Кыргызстандын жаштары, мен сыяктуу кыялданып чоңоюп, ошол кыялына жетип, аз болсо да, көп болсо салымдарын кошкон адамдар. Мен үчүн буга чейин, мен төрөлгөнгө чейинки Кыргызстандын башынан өткөн кыйынчылыктарды мен көрбөсөм дагы тарыхтан, адабияттан окуп баарын көргөндөй болом. Тарыхтагы залкарларды окуп, алар менен таанышкандан кийин аларга ушунчалык жүрөгүм менен ыраазы болуп, терең таазим кылып, алардын көзү өтүп кетсе дагы мен алардын арбагына «Мен дагы силердин ордуңарды Кыргызстанга жоктотпой, сөзсүз толуктайм деп убадамды берем». Менин келечегим алдыда, азыр ата-энемдин колунда, алардын таалим-тарбиясын алып, бойго жетип келе жатам, албетте ата-энемдин, мени Кыргызстанымды сүйүүгө көкүрөгүмдө сакталып келет. Алар дагы Кыргызстанды сүйүшөт, салымдарын кошуп келишет.
Кырыгызстаным жети облустан турат. Ар биринин өзүнчө бейиштей болгон кереметтүү жерлери бар. Алар Бишкек, Ысык-Көл, Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен. Бишкек бул Кыргызстандын борбору эң кооз кереметтүү жери, Ысык-Көл бул Кыргызстандын бермети, сыймыктанчу башка өлкөлөргө тааныткан жерибиз, Ошто эң ыйык болгон Сулайман-Тообуз жайгашкан ал жакка көптөгөн адамдар зыярат кылып турушат. Жалал-Абадда жайында Кыргызстанды камсыз кылчу өтө көп жер-жемиштер, өсүмдүктөр өсөт, Баткен өрүктүн мекени болуп эсептелет, Таласта биздин рухубуздун туу чокусу болгон Айкөл Манас бабабыздын күмбөзү жайгашкан, дагы биздин жерибизди дүйнөгө тааныткан атабыз Чынгыз Айтматов да төрөлгөн. Нарын болсо менин кидик кан тамган жерим, ал жактан дага өтө көптөгөн чыгаан кыргыздын уул-кыздары чыккан.
Азыркы учурда мен өнүккөн бардык жагынан жетишкен, кереметтүү көөз жерлерди көрүп аябай кыялданам. Менин үмүтүм Кыргызстан алардан дагы жакшы өнүгөт деп ишенип, алдыга таштаган ар бир кадамымда кандай салым кошсом, кандай кылсам чыгаан кыздардан болсом деп кыялданам.
Дүйнөдөгү эң кооз олкөлөрдүн бири Кырыгзстан деп эсептейм. Анткени бир жерине барсаң, суктанып бүтө албайсың. Төрт мезгил өз убагында келип, ар бири бирден кереметин көрсөтүп кетет. Бул Кыргызстандын өнүгүшүнүн ар бир кадамына шарт түзүп берет. Кийин мен Кыргызстандын ар бир бейиштей болгон жерлерин кыдырып, өзүмдүн салымымды кошуп, өнүгүүгө жардам берем. Кыргызстандын ар бир өспүрүмүнүн кыялы ушундай болсо гана, алар патриот болушса кыйын адамдар чыгарына шек жок. Мен кыргыз жеримдин өсүп-өнүгүшүн кыялданып, алдыдагы жашоо шартыбызга кыйынчылыктардын келишин четке кагып, элибиздин жыргап-куунап, көйгөйлөрү жок жашашса экен деп үмүттөнүп жашап, болгон аркетимди жумшап, чоңоюп келе жаткан учурум. Кыргызстанда мал, дыйкан чарбачылыгы, базар экономикасы аябай жакшы өнүккөн. Мал чарбасына өтө ылайыктуу бейиштей болгон, шибер чөптүү, кең жайлоолуу, ак мөңгү Ала-Тоосу керилип жаткан, бир көргөн адамды суктандырган кыргыз жериндеги Нарын облусу ыйгайлуу. Ал жактын суусу мол, абдан кенен. Дагы сыймыктанчу нерсебиз- өлкөбүздүн таза абасы, баарына ылайыктуу төрт мезгили, мол суусу, кен пейилдүү кыргыз эли, көптөгөн элдин көзүн артырып турат. Дыйканчылыкта азыркы учурда Кыргызстанда тропикалык өсүмдүктөрдөн башкасынын баары өстүрүлөт. Жерибиз дагы кен байлыктарга өтө бай. Бизде азыркы учурда демократиялык өлкө болгондуктан ар бир адамдын өз укугуна жараша жашаса болот. Мекендештерибиздин канчалык өсүп -өнүгүп, байышына дагы чек коюлган эмес. Ошондой эле өлкөдө жашаган бардык жарандар өздөрүнчө иш, бизнес кылышып, ар тараптуу каалагандай салымдарын кошо алышат. Мектептердин көптүгү менен келечектин үмүтү болгон өспүрүмдөрдү ыймандуу, акылдуу, зирек адамдардан өсүшүнө шарт түзүлүүдө.
Мен Кыргызстанымды эч качан айтып түгөтө албайм. Кыргызстаным менен сыймыктанам. Мен кыргыз жеримдин өсүп-нүгүшүн каалайм жана тилейм. Кыргызстанда жашаган адамдардын жүрөгүндө «Кыргызстан жашасын» деген ыйык сезимдер болушун каалайм.

Кайда жүрсөм Кыргызстаным барарымсың,
Алыс кетсем күн-түн сени самарымсың.
Жашабайын кайсы жерде, кайсы өлкөдө,
Жөө жүрсөм да, издеп сени табарымсың.

Ата-Журтум капаланба, кайгырбачы,
Ыраазы болчу, күнүң келет алыс эмес,
Өнүгөсүң, өркүндөйсүң, келечегиң алдыда,
Жаман күндөр өтүп кетип, эми артта калды да.

Сыймыктанчу алты миллион элиң бар,
Сыймыктанчу кен байлык толгон жериң бар.
Ала-Тоолор, мөлтүр булак, шибер жайлоо,
Кереметтүү, бейиш, алтын жериң-ал.

Кыргызстаным өркүндөп-өсө бергин,
Жаным берем сен үчүн мага келгин.
Бир да тамчы канымды аябаймын,
Анткени мен намыстуу кыргыз элмин!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Советбек кызы Нуржандын дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин өсүп-өнүгүшүн каалайм.


Мен кыргыз жеринин гүлдөп - өсушүн каалайм. Анткени, бул - менин жерим. Кыргыз жергеси азыркы болуп жаткан бардык нерселердин да көбүнө татыктуу. Тээ илгертен ата-бабаларыбыз урпактарыбыз үчүн деп алып берген мекенибизди душманга тебелетпөөгө жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Биз да Малайзиядагы элдер сындуу өз өлкөбүзгө туристтердин санын арттырууга жана сабатсыздыкты жоюуга аракет кылышыбыз керек. Анткени, сабатсыздыктын айынан көптөгөн жаштар өз оюн эркин айталбай калган учурлар болот. А балким, алардын арасында жергебизге керектүү бир сунуш бардыр. Жыйырма биринчи кылымдын жаштарынын баары жогорку билимдүү болуш керек. Ошол эле учурда да көйгөйлүү маселе бул адамдардын кайдыгер мамилеси жана караңгылыгы. Законго баш ийүүнүн ордуна пара берсем бүтөт деген ойлор өлкөбүздү аксатууда. Келгиле, кыргыз жергебиздин жаштары өз өлкөбүзгө өзүбүз кайдигерлик кылбайлы. Мекенибиздин келечеги өзүбүздүн колубузда. Азыркы учурда көптөгөн үй-бүлөлөрдүн чет өлкөгө барып эс алууга мүмкүнчүлүгү жок. Биздин кыялыбызды орундатам деген Кылычбек агабызга рахмат. Мен кыргыз жеримдин гүлдөп - өсүшүн каалайм жана аз да болсо аракетимди жасайм.
Кыргызстанга көптөгөн жаңы жана бийик имараттар жетишпейт. Менин архитеторлукка шыгым жок, бирок мен архитектор болууну кыялданган бирөөнү билем, анын ою абдан кызыктуу. Бир кемчилиги, ата-энеси аны юрист бол дешет экен. Мына көрдүңүздөрбү, биз байкабаган нерселердин айынан Кыргызстан бутуна тура албай жатат. Биз кыргыздар башкага сынды жакшы айтабыз, бирок өзүбүз ошол эле катаны кетирип жатабыз, балким биз өзубүздүн эле бөбөктөрүбүзгө же балдарыбызга ошол эле сыяктуу бардык өзүбуздөн кичинелерге кызыккан бир тармагына чек коюп жаткандырбыз. Биздин мурунку замандарда кыздарга, аялдарга өз оюн эркин айтууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бирок, азыр бардыгы өнүктү, бардык адамдарга тең укуктуу заман болуш керек. Аялга да, эркекке да, балага да бирдей укук берилиш керек. Демек, бул бала ырга, бийгеби же салтты билүүгөбү кызыкса, ата-эне аны чектебеш керек. Айтмакчы, салт жөнүндө азыркы жаштардын көбү салт-санааны, тилибизди, тарыхыбызды унутуп бара жатат. Балким, мектептерде, окуу жайларда атайы сабактар өткөрүлүшү керек. Тилибиз, салтыбыз бул бизге мураска калтырылган эң керектуу нерсе болсо керек. Ким билет, даты 15 жылдан кийин баары кыргыз деген ким экенин унутуп калса эмне болот?. Ошол учун кары адамдарыбызды сыйлап, алардын санжырасын сактап калалы. Кыргыз эч качан өчпөй, тескерисинче өнүгүш керек.
Кылычбек агай айткандай, мен сабактарды кызыгуу менен окугум келип калды Ар бир предметти кызыгып окусам, кийинки пайдасы тиет экен да. Биринчиден, кругозорум кең болсо, экинчиден, эч жерде кыйналбай билимимди пайдалана алам.
Демек, мен терең билим алуу менен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө салым кошо алам.
Ооба, салым кошо алам өлкө өсүш үчүн кошуш керек, кемитпестен.
Өсө бер, менин сүйүктүү өлкөм!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 19:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: