Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар

#41 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Иманбекова Айперинин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин өсүп-өнүгүшүн каалайм.


Мен кыргыз жеримдин өнүгүшүнө өзүмдүн чоң салымымды кошкумкелет. Мен кичинемден бери сүрөт тартып келем. Келечекте белгилүү сүрөтчүболуп, сүрөт аркылуу кыргыз жеримди кооз жаратылышын, жаныбарлардын эзелтеденкеле жаткан салт санаасын, улуттук маданиятын башка мамлекеттерге тааныткымкелет. Баардык адамдар эли үчүн, жери үчүн тынбай иштеп адилетүү акэмгектенишсе Кыргызстаныбыз гүлдөп-өсүшүнө ишенем.

Биздинмамлекеттин келечеги жаштар. Мамлекетке биздин көрсөтө алчу жардамыбыз жакшыокуу, адептүү болуу, мекенчил болуу менен жаркын келечекке умтулуу. Азырынчабиздин колубуздан эч нерсе келбесе да ар кандай сынакка катышып, олипиядаларгакатышуу менен алдыўкы оорундарды ээлеп жергебиздин атын чыгарып, элибиздин ыразычылыгыналууга күчүбүз жетет.

Кыргызстандынминистирлери депутаттары баш болгон өлкөнүн бай адамдары бизнесмендери аркандай акцияларды кайрымдуулук иштерин мүмкүн болушунча көбүрөөк уюштуруптурушса болот. Өлкөбүздө мектептер, үйлөр, имараттар, ооруканалар, заводтор,фермалар, бала-бакчалар, мүмкүнчүлөрү чектелген адамдарга турак жайларкурулушун каалайт элем. Кайрымдуулук иши өлкөбүздү жакшы тарапка тартып турат.

Кыргызстаныбызгүлдөп өсүшү үчүн Кыргызстан экономикасы өнүгүшү керек. Азыркы учурдаэкономиканы өнүктүрүү мамлекет башында турган адамдарды адилеттүү, карупциясызмыйзамдарга ылайык таза иш алып баруусунда деп ойлойм.

Өнүгүүнүндагы бир жолу тазалык жаратылышка зыян келтирбөө. Кызыл китепке киргенжаныбарларды браконерлерден сактоо. Мендей өсүп келе жаткан жаш муунга кааларымКыргызстаныбызды таштандылардан арылталы. Бул биздин өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнөкошкон биринчи кадамыбыз болсун.

Нарын шаары

№10 Жапар Чолпонбаев мектеби

6 в класс, Иманбекова Айпери

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Иманканов Султандын дил баяны.

Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм
Ар бир адамдын туулуп-өскөн жери болгон сыяктуу эле, менин дагы туулуп-өскөн жерим бул-кыргыз жери болуп саналат. Кыргыз жери мен үчүн баа жеткис байлык түгөнбөгөн кенч, дем алсам абам, суусасам кана-кана ичкен мөлтүр булагым деп эсептеймин. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей эле, ар бир адам үчүн анын киндик каны тамган жери өзгөчө бир айтып бүткүс дастан деп ойлоймун. Ушул эле макалдын өтмө маанисинде карай турган болсом анда, биздин жердин топурагы чындыгында эле алтын. Анткени биздин топурактарда эмне деген мөмө-жемиштер жетишпейт. Топуракка эмне экпе мол-мол түшүм ала аласың. Ал эми жаратылыштын кооздугу, көз жоосун алган тоолорубуз, жайлоолорубуз деги койчу, сөз менен түшүндүрө албаган, өзгөчө бир баалуулук. Борбордук Азиянын бермети болгон Ысык-Көлүбүз, жараткандын бизге ыроологон өзгөчө бир белеги деп эсептеймин.
Мына ушундай жерде жарык дүйнөгө келгениме Жаратканыма миң ирээт шүгүр кылсам дагы аздык кылаар жана албетте, ушундай жердин кулуну болгонум үчүн абдан сыймыктанамын. Ар бир мекенчил атуул катары мекенимдин гүлдөп-өсүүсүн чын дилимден каалаймын жана келечекте бул өнүгүү үчүн сөзсүз түрдө өз салымымды кошомун деп ишенемин. Мекендин өсүп-өнүгүүсү үчүн ар бир “мен кыргызмын” деген жаран аз да болсо өз салымын кошуп, талыкпай эмгек кылуусу абзел. Ата-Журтту гүлдөтүү үчүн бизден талап кылынган нерсе бул-татыктуу билим, илим жана тарбия алуу деп ойлоймун. Ар бир билим алып жаткан жаш досум өз ишин жакшы билип, эң мыкты адис, элдин керегине жараган адам боло алса, ал мекенинин өнүгүүсүнө кошкон эң зор салымы мына ушунда жатат.
“Келечек жаштардын колунда” демекчи, элдин, жердин гүлдөп-өнүгүүсү да жаштардан көз каранды. Мына ошондуктан мекенибиздин эртеңин ойлогон жаштар туура билим алып, өзүн туура жолдо өнүктүрө алышса, ошондо гана Ата-Журтка болгон сүйүүсүн, ишеничин, сый-урматын иш жүзүндө далилдей алат деген ойдомун.
Мен дагы мекенимдин атуулу катары өлкөмдүн келечеги үчүн талыкпай кызмат кылууга, керек болсо жанымды да берүүгө даярмын. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот” деп улуу агартуучубуз Исхак Раззаков атабыздын бул кеби эки мааниде, түз жана өтмө мааниде да, азыркы учурдагы абалыбызга дал келет деп ойлоймун. Анткени азыркы күндө карасаң эң жөнөкөй, бирок ошол эле учурда эң маанилүү болгон өлкөбүздүн тазалык маселеси. Мен жерибиздин өнүгүүсүн дал ушул нерседен баштаар элем. Ар бир адамды биринчиден өзү үчүн таза болушун, экинчиден жери үчүн таза болушуна үндөөр элем. Таза адамдан бекем үй-бүлө курулат, бекем үй-бүлөдөн дени сак күчтүү, келечеги кең, бакубут мамлекет курулаары шексиз.
Нарын областы Кочкор району Кочкор айылы Сагынбай Орозбаков көчөсү 206
Иманканов Султан
Ишенаалы Арабаев атындагы гимназия мектеби 10 _в класс

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Исабек кызы Аселдин дил баяны.


Кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүн каалайм.

Мен Исабек кызы Асел 2000-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келгем. Кош-Дөбө айылы Республикабыздын борборунан 600км ,ал эми райондон 96 км алыстыкта жайгашкан. Эң алыскы айыл болгондуктан, мен айылымды өнүгүдөн такыр артта калды деп айта албайм. Ушул мезгилдин талабы менен заманбап техникалар менен жабдылган. Мисалы, компьютер класстар бар, уюлдук телефондор менен байланышабыз, ж.б. Мен өз айылымдын мындан да гүлдөп өсүшүн каалайм.
Кыргызстан –бул биздин ата-бабаларыбыздан калган муундан-муунга мурастап, көздүн карегиндей сактай турган ыйык Ата Мекенибиз. Республикабыздын экономикасын көтөрүүдө алтын орчундуу роль ойнойт. Кумтөр кенинин чалгындалган запасы-316т, акчага айландырганда- 11 млрд. доллар. Азыркы учурда Кумтөр кенин чет өлкөлүктөр иштетип жатат, алтындан түшкөн насыялар чет жакаларга кетип жатат. Эгерде кенибизди өзүбүз иштетсек, иш орундарын өзүбүздүн атуулдар ээлешмек. Пайдасы көбүрөөк болмок. Биз сууларга бай келебиз. Эгерде гидроэнергетиканы өнүктүрөлү десек анда шар аккан чакан агын сууларды пайдалануу керек. Калкы жана ишканалары аз бийик тоолуу жерлерде өндүрүү керек. Жабылып калган кээ бир ГЭСтерди калыбына келтирүү максатка ылайыктуу, анткени алар дизелдик станцияларга караганда арзан жана экологиялык жактан таза болот. Кыргызстандын башка өлкөлөр жана райондор менен экономикалык байланыш түзүүсүнө темир жол транспорторунун мааниси чон. Кыргызстандын түндүгүндө, түштүгүндө курулса. Бул коңшу республикалардын темир жолдору аркылуу транзисстик жүк ташуу чыгымын азайтмак. Ошондой эле азыркы учурда жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорторунун иш көлөмү кенейүүдө, эгерде бул тармак
техника менен жабдылса анда анын өндүрүмдүүлүгү жогору эле. Республикабызда туризмдин келечеги чоң. Ошондой эле ылайык. Эгерде туризмди өнүктүрсөк эс алуунун башка тармактарын дагы кошо өнүктүүрүгө шарт түзмөк. Келечекте тоо туризимин, суу туризимин, улуттук аңчылык туризимин, курорт-саноторий туризимин ж.б туризимдерди өнүктүрүүгө болот. Жогорку Кенештин бир эле депутаты жылына 7 миллион алат. Анын жок дегенде жарымын кыскартып, элге жардам берилсе жакшы болот эле.
Тарыхта Манас атабыз Көкөтөйдүн ашында алган байгесин элге таратып, ал эми Каныкей энебиз жетим балдарга муштумдай алтын берген. Тарыхтан үлгү алсак дейм. Манас атабыздын 7 осуятынын биринде «Табигат менен таттуу мамиледе болуу» деп айтылган. Адам баласы бала өстүрүп тарбиялаган сыяктуу , бак тигип өстүрүү парз. Ар бир адам өзү жашаган айлана-чөйрөнү жакшыртышы, жашылдандырышы керек.Элибизде «Жакшыдан бак калат», «эртең кыямат кайым болсо да бүгүн бир түп бутак
сайып кой» деген насыятар менен жашап, аларды ишке ашырсам дейм. Мен өз айылымды, көчөмдү, короо-жайымды, үйүмдүн тегерегин кантип көрктөндүрө алам- деген суроону чечсем, жашоодо кошкон чон салымым болот. Улуу Чыңгыз атабыз айткандай «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей. Кыргызстандын өнүгүшүн айылдан баштайлы. Азыркы учурда токой аянтарынын азайышы, казылып алынган көмүр жана күйүүчү майды өртөө, иштелип чыгарылган газ көлөмүнүн көбөйүшү. Мына ушулардын натыйжасында парник газдарын түзүү менен, жер кыртышынын кошумча ысышына алып келчү парник газдары атмосферага бөлүнүп чыгып, аба ырайынын кескин ысышына алып келүүдө. Ошондой эле бизди зыяндуу нурлардан коргогон озон катмарлары тешилип, экологиялык бузулушту пайда кылып жатат. Натыйжасында сел жүрүүлөрдүн, бийик тоолуу көл ташкындарынын негизги себеби болуп мөңгүлөрдүн ээриши саналат. Азыркы 30-40 жыл аралыгында мөңгүнүн аянты 15% кыскарган,
2100-жылдары алардын аянттары 64% тен 95% ге кыскараары болжондонууда. Эгерде адам жаратылышты коргой албаса, жаратылыш адамды коргой албайт. Мен өз салымымды кошсом, сен өз салымыңды кошсоң, башкалар да өз салымын кошсо, өлкөбүз өсүп өнүгөт.«Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» биримдикте, ынтымакта болсок, баары болот деген ойдомун.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Кадыракунова Жыпаранын дил баяны.

Мен Кыргызстанымдын гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен өз мекенимди сүйөм жана мекеним менен сыймыктанам. Биздин өлкөбүздө көптөгөн кооз жерлер бар. Биз ошо кооз жерлерибизди сактап калышыбыз керек. Биз өлкөбүздүн өнүгүшүн кааласак президентибиз же депуттатар гана эмес, Кыргызстаныбыздын ар бир жараны аракет кылышы керек. Биз деле башка өнүккөн өлкөлөргө окшоп өнүгө алабыз. Биздин алардан эмнебиз кем? Биз деле аракет кылсак каалаган максатыбызга жете алабыз. Биздин өлкөбүздө көптөгөн кооз жерлерибиз бар, алардын кооздугун сөз менен айтып бүтпөйсүң. Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө көптөгөн жолдор бар алардын бири ТУРИЗМ. Биз туризимди өнүктүрсөк өлкөбүз да өнүгөт. Кыргызстанга туристтер эмнеге келишет?

1. Кыргызстанга кириш үчүн визанын кереги жок. 2. Анткени Кыргызстан Жибек жолунун четинде жайгашкан. 3. Кыргызстан СССРдин 15 өлкөсүнүн бири болчу 4. Же башка жерге баратып эле кире кетишет. Эң башкысы Кыргызстанга бай туристтер келбейт. А биз аларды бай деп эле Мисалы соодагерлер 250 сомдук буюмду 500 сом деп айтышат. Туристтер келээрдин астында канча акчаны эмнеге сарптарын план түзүп алып келишет. Эгерде биз аларга ушундай мамиле кылсак, алар кайра келгиси келбей калат же болбосо досторуна же жакын туугандарына кыргызстанга келүүгө кеңеш бербейт. Туристтер көп келиш үчүн биз кооз жерлерибизди, конок үйлөрдү каякта сейилдөөгө ат берилет же лыжа берилет, тартып ал жөнүндө информация жазып интернет булактарына киргизип коюш керек. Мисалы: Бишкектен Таш-Рабат же Буранага чейин канча километр, туристтер таза абада велосипед менен сейилдөөнү жакшы көрүшөт. Ошондуктан велосипед менен канча саатта жетишет же болбосо жөө барганда канча саат экенин так так жазып карта чыгарсак. Азыр баары эле интернетке кирет. Атайын сайт ачып койсок туристтер интернет аркылуу баарын билип алышат. Алар келгенде аларды өзүбүздүн каада-салттарыбыз менен тосуп алып кооз жерлерибизди көрсөтүп майрамдарыбызды көрсөтүп жакшы тоссок алар да ыраазы болуп калышат. Биздин Кыргызстаныбызда кооз жерлер көп, ошо кооз жерлерибизди таза сактап калалык. Мен таза болсом сен таза болсоң коом таза болот дегендей, өлкөбүздү таза сактап калалык. Биздин өлкөдө мен мен деген эле кишилер жашайт а элдин камын ким ойлойт. Азыр соттор, мугалимдер, доктурлар деле койчу жада калса бала бакчадагы тарбиячылар дагы пара алышат ушундайыбызды токтотуп эл үчүн кыргыз жерибиз үчүн ак кызмат кылып КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫ чогуу өнүктүрөлүк!

Кадыракунова Жыпара 7-“д” классынын окуучусу

Нарын облусу, Ат-Башы району,

Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Калмурзаев Артыктын дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Мен Кыргыз жеримди сүйөм. Мен Кыргызстанды элестетсем мен жана менин ата-энем, бир туугандарым жана кыргыз калкым төрөлгөн. Ата-Журтум эсиме түшөт. Себеби кыргыз эли кылымдарды карыткан байыркы кыргыз элинин бири болуп эсептелет. Бул жерде биздин "Манас" атабыз баштаган Кыргыз элинин улуу инсандары жашап өткөн жана Кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өсүшүнө өз салымдарын кошушкан. Ушул күнгө чейин Кыргыз жерин душмандардан коргоп, биздин жаркын жашообузду ойлоп көптөгөн аталарыбыз, апаларыбыз, баатырларыбыз курман болушкан. Бизге ушундай жаркын келечекти түзүп берген ата-бабаларыбызга биз терең ыраазыбыз. Жеке эле мен эмес баардык кыргыз калкы өз мекенинин, туулуп өскөн жеринин өнүгүп-өсүшүн каалайт деп ойлойм. Мен да ошолордун бири катары Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүн каалайм. Мен Кыргызстанды келечекте экономикасы күчтүү, көптөгөн мамлекеттер менен өз ара кызматташкан, карапайым калкка жумуш ордун түзүп, жумуш менен камсыз кыла алган өлкө катары элестетем. Ошондой эле Кыргызстан бай өлкөлөрдүн катарына кирип дүйнө жүзүнө байлыгы менен гана таанылбастан, тарыхый мурастары, туристтик зооналары менен таанылышын каалайм.
Кыргыз эли байыртадан меймандос калк, келген конокту даам ооз тийгизмейинче кайтарып кетирген эмес, ал эми душмандарын дос катары тосуп алышкан. Кыргыз эли жаратылышка жана табигый ресурска бай жер болуп саналат. Ушул ресурстарды кылдаттык менен жана калкка пайдасын тийгизгидей кылып пайдаланса, кыргыз жерине көптөгөн пайдасын тийгизмек. Кыргыз жеримдин абасы таза, суусу тунук, тоолору
бийик, ак мөңгүлүү, келген коноктордун эле эмес кыргыз элинин да көз жоосун алат. Чет элден келген туристтер кыргыз жеринин канчалык кооз, элдери меймандос экенин айтып түгөтө алышпайт. Кыргыз жеринде жашаган элдер биринчиден кыргыз тилинде сүйлөшсө, экинчиден биздей болгон окуучуларга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлсө, карапайым калкты чет-өлкөлөргө чыгарбастан өз мекенинде жумуш орундарын түзүп беришсе, табигый ресурстары калктын пайдасына пайдаланылса, кичи айылдардан баштап шаарларга чейин билим булагын өнүктүрүп көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берсек, кичине даражадан тартып чоң чиновниктерге чейинки паракорлукту жойсок гана Кыргызстан өнүгүп-өсөт деп ойлойм. Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Калмурзаев Артык, 2002-жыл, Нарын шаары, Ленин к.17, кв 64 #7
Матен Сыдыков атындагы орто мектеп.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Калыбекова Адинайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Менин жерим Кыргызстан. Бул өлкөдө киндик каным тамып, ушул бейиштей болгон жерде жарык дүйнөгө келгем. Кыргыз жеринин кооздугуна чек жок, аны дүйнө жүзүндөгү бардык кооз сөздөр менен баяндап берсем да, аздык кылар. Бул жерде төрөлгөн ар бир адамдын эч бир нааразычылыгы жок болсо керек, анын ичинде мен дагы бармын. Ушул өлкөмдө же болбосо Кыргызстан деген чакан үйдө өзүмдүн досторум, үй-бүлөм, элим менен бирге өмүр сүрүп келем. Менин мекенимде таянаар эки тирегим бар. Ак калпагын башынан түшүрбөгөн аталарым, байкелерим. Мен бул мырзаларды жергебиздеги асман тиреген аска зоолорго салыштырам. Бул аска зоолор бизди душмандардан коргоп, кыргыз жерин өзүнүн көркү менен да, бийиктиги менен да көз арттырат.
Ооба, мырзалардан да кем калбачу энелерим, эжелерим да бар. Мен айымдарыбызды ошол тоонун этегиндеги шаркырап аккан сууларга окшоштурам. Ушул аска зообуз менен сууларга, шаркырап аккан өзөндөргө сый мамиле кылып, алардын ортосундагы мамилеси курч болсо, ошондо өлкөбүз тынч болот. Менин келечегим алдыда, өзүмдүн жашоом бейпил болушун каалайм. Бул үчүн бардыгына даярмын. Ар бир жаран өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүн кааласа жана ага салымын кошсо, анын ичинде мен дагы бармын. Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм!

Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 7-Б классынын окуучусу Калыбекова Адинай

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Каныбеков Сыймыктын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Менин атым Сыймык. Мен Азиянын жүрөгү болгон Кыргызстанда жашайм. Кыргызстан тоолору көк тиреген бийик, суулары тунук жана улуу тарыхы бар мамлекет. Кыргызстандын жаратылышы кышы-жайы көрктөнүп кулпуруп турат. Менин жеримде баардыгы бар: таза аба, тунук суу, кен байлык, бирок эмнегедир өсүп өнүгүү жай. Эмне үчүн деген суроо оюма келет. Менин оюмча булл маселени үч жол менен чечүүгө болот : билим, эмгек жана ынтымак.
Ар бир өлкөнүн күчү булл мамлекеттин билимдүү жана акылдуу адамдары. Ал эми биздин күчүбуз кайда? Кыргызстан да билимдүү инсандардан уучу куру эмес. Бизде да илим билимдүү, өз ишин мыкты билген адистер, мыкты делген окуу жайларды бүткөн адамдар көп. Бирок тилекке каршы көпчүлүгү чет мамлекеттерде иштешет. Буга себеп өтө аз өлчөмдөгү айлык маяна жана мамлекет тараптан колдоонун жоктугу деп эсептешет. Менин оюмча кеп маянада же колдоонун жоктугунда эмес, кеп ар бир адамдын өзүндө. Ар бир адамдын жүрөгүндө патриоттук сезим жана өлкөнү өнүктүрөм деген каалоо болуш керек. Ушул сезимер ар бир инсандын жүрөгүндө болгондо биздин мамлекеттин күчү болгон билимдүү инсандар эч жакка кетмек эмес. Андыктан, ар бир баланы кичинекейинен эле өзүнун өлкөсүн сүйүүгө, патриот болууга тарбиялаш керек.
«Адамды адам кылган - эмгек» дегендей , кээ бир окуучулар жалкоолуктун айынан сабак окушпай, убактысынын көбүн оюн менен өткөрүшөт. Убакыт өтүп алар да чоң адам болгондо мамлекетке эч нерсе кыла алышпайт. Себеби алар убагында жалкоолукту жеңе алган эмес. Ошондуктан мамлекеттин, өнүгүшүнө жалкоолуктун да таасири чоң.
Ал эми элдин ынтымагы жөнүндө айта кетсем. Биз окуган «Ырыс алды-ынтымак» деген жомокту эстейм. Ошол жомоктогудай баарыбыз биримдикте, ынтымакта, достукта болсок бизди эч ким сындыра да албайт. Канчалык биз ынтымакта болсок, алдыга жылып, мамлекетти өнүктүрөбүз. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак Кыргызстан гүлдөп өнүгөт.
Мен айтпаймын мамлекеттин өнүгүүсү үчүн завод, фабрикалар курулушу керек деп. Биздин мамлекет сиз, мен жана бүткүл элибиз өзгөрмөйүнчө өнүгүүгө болгон үмүтү аз. Эгер элибизде ынтымак болбосо, окуучулар жалкоолонуп билим албаса эчкандай завод же фабрика жардам бере албайт. Мамлекетти өнүктүрөм деген ой ар бир кыргыздын жүрөгүндө болушу керек, ошондо гана Кыргызстан өнүгүп өсөт. Менин алдыга койгон ой максаттарым чоң. Мен мектепти жакшы окуп, чет мамлекеттен билим алып, тажрыйба топтоп, ал жерде калып калбастан Кыргызстанга келем. Анткени мен Кыргызстандын өсүп гүлдөөсүн каалайм.

Саламатсызбы. Мен Каныбеков Сыймык, Нарын шаарынын №7 орто мектебинин жетинчи классынын окуучусу болом. Берилген тема боюнча өз оюмду билдиргенге аракет кылдым. Дил баянымды окуп, баалайсыздар деп ишенем. Конкурстун шарттары менен таанышкам. Чет өлкөгө чыгуучу документтерим да колумда. Жооп күтөм.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Каныбекова Каныкейдин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Менин атым Каныкей. Мен 14 жаштамын. Мен Нарын шаарында жашайм. Мен Кыргызстанды сүйөм. Анткени мен ушул жерде Нарын шаарында төрөлдүм, бала-бакчага бардым, мектеп босогосун аттап билим алып жатам. Мага менин Кыргызстанымдын сулуулугу жагат. Биздин шаар эки тоонун ортосунан орун алып, узатасынан Нарын дарыясы агып өтөт. Мектепке мен дарыяны жээктеп кетем. Азыр кыш мезгили болгондуктан дарыяга муз тоңо баштаптыр, суунун агымы менен агып жаткан кооз формасы түшүрүлгөн шыргалаң муздарына суктанам. Эгер мен аяз кыз болгондо, ушул муздарды башыма кийип алар элем! Ээх, бирок ал эрип кетет да. Мына күндүн нуру да бетиме тие баштады, сол жагымды карадым .
Оо, Ала-Мышыктын тоосу эчак эле ак кар жамынып алыптыр, ак кар көзүмдү уялтып жиберди, оң жагымды карадым, кылым карыткан тоолор кышкы уйкуга кеткендей кыймылдабай жатат. Бизде Нарында кыш өтө суук болот эмеспи. Ошондуктан дарыяда бөлүнүп чыккан бууга бөлөнгөн жээктеги дарактар кудум эле жомоктогудай көрүнөт. Кол менен жабыштырып койгонсуп аппак бубактар жылтылдап көрүнөт.
Мектепке да жете келдим. Сабак башталды. Тарых сабагынан берген эжебиз бизге сабакты кызыктуу өтөт. Ал бизге Кыргыз жеринин, кыргыз элимдин басып өткөн жолун айтып берет. Биз кыргыз эли, улуу эл экенибизди, салт-саналуу, эл жерибизди өз эне тилибизди унутпашыбызды окутат.
Мен китеп окуганды жакшы көрөм. Адабият сабагынан бизди мугалимдер интернеттен окубай, китеп окугула дейт. Ооба, мен көп адабий китептерди окуганга аракет кылып атам. Анткени ар бир китеп окуган сайын мага билимдин терезелери ачылгансыйт.
Апамдын «Китеп –билим булагы», «Көп окусан –көпту билесиң», «Билимдүүнүн жүзү жарык», «Бийике чыксаң көзүң ачылат – билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат», «Илим –окуу булагы, билим –өмүр чырагы» илимдүү –билимдүү болосуң, келечекте мекенинди тааныткан кыздардан болосуң деп айтканы дайыма кулагымда. Демек мен дагы көп китептерди окушум керек, ачылбай жаткан көп илим терезелерин ачышым керек. Мектепти аяктап, жогорку билимге ээ болуп, өз туулуп-өскөн Кыргызстаныма көптөгөн бийик имараттарды, ишканаларды, бала-бакчаларды, мектептерди заманбап ооруканаларды, жана балдар чоңдор үчүн кооз ыңгайлуу эс-алуу жайларды кургум келет .
Кыялымда Кыргызстан коңшу мамлекеттердей кооз мамлекет болгонун элестетем. Мен азыр жөн гана мектеп окуучусумун, бирок менин оюм, кыялым Кыргызстанымды, өз жеримди гүлдөтсөм , мен сыяктуу балдар-кыздар өз жерин гүлдөтсө , Кыргызстан кантип гүлдөбөсүн. Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм. Мен Кыргызстанымдын өз желеги, гимни, герби бар болгонуна сыймыктанам!
Мага окшогон жаштар, окуучулар, жерибизди, элибизди, мекенибизди ыйык тутуп сыйлап турган патриоттордон болушубуз керек. Мамлекетибизде завод, фабрикалар иштеп, жаштар иш менен камсыз болсо, салыктар өз учурунда чогулуп, агай-эжейлер, дарыгерлер, пенсионерлер, жетиштүү өлчөмүндөгү пенсия, айлыктарды алып. өлкөдө тынчтык болуп, кичинекей бөбөктөр бала-бакчадан тарбия алып, чоңдор тарабынан мээримдүү мамиле менен камсыз болушса, бөбөктөр эч качан зордук-зомбулук көрүшпөсө деп ойлойм.
Балдар базарларда «тачки» араба сүйрөбөй, кайыр сурабай мектептерде окушса алар келечекте ыймандуу, билимдүү, патриот адамдар боло алат. Мамлекетибиздин гүлдөп-өсүшү бул жөн эле гүлдөрдү бак-дарактарды өстүрүү, шаарларды куруу , жолдорду салуу гана эмес, Мамлекетибизди гүлдөтүү, бул жерибизде айлана чөйрөнүн кооздугун, тазалыгын сактоо деп ойлойм.
Жердин эң негизги кооздугу бул – адам. Эгерде бардык адамдар акылдуу, билимдүү, чынчыл, эр жүрөк, адептүү болушса мекенибиз Кыргызстанды гүлдөп жана жашоонун кооздугун сактап турмак. Элибиз руханий жактан бай болуп Мамлекетибизди гүлдөп-өсүшүнө ишенем. Мен Кыргызстандан сыртка чыгып көргөн эмесмин, бирок кинолордон, китептерлен көрүп окугандай Германиядай, Япониядай, Малайзиядай ж.б мамлекеттердей Кыргызстанымдын гүлдөп-өсүшүн каалайм
МЕН КЫРГЫЗСТАНЫМДЫ СҮЙӨМ! КЕЛЕЧЕГИҢ КЕҢ БОЛСУН МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН! !!

Каныбекова Каныкей
Урматтуу редакция, менин жазган дил баянымды Сиздердин карооңуздарга жөнөттүм.
Урматтом менен, Каныбекова Каныкей, Нарын шаары


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Касеинов Айдардын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» газетасы!!!
Мен силердин ар-бир жума сайын чыккан гезеталарды окуганга аракет жасайм, анткени сиздерден көптөгөн маалыматтарды биздин гана эмес, башка мамлекеттерде эмне болуп жаткандардын бизде кандай өзгөрүүлөр болгондугун дегеле саясаттан баштап тамак-ашка кызыгып окуйм. Сиздердин тамак-аш бурчун апам кызыгып чогултат. Эң негизгиси мага кыргыз балдар-кыздардын чет-жерде билим алып кандай ийгиликтерге жеткендиги өз билими күчү менен башка жерди багындырып келе жаткан макалалар абдан жагат. Окуп жатып өзүм дагы ошондой болсом деп кыялданам. Өзүм жашап жаткан айылда газета сатпайт, ошондуктан апам менен атам жума сайын Чаекке барганда гана сатып келишет. Ошондой күндөрдүн биринде газетаңыздарды окуп жатып Кылычбек Султановдун окуучуларды «Билим алууга шыктандыргым келет» деген макаласын окуп чыктым. Мектеп окуучулар арасында «Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» деген аталыштагы дил баян сынагына көзүм түштү. Чоң апам, атам, апам менен кеңешип өз күчүмдү сынап көрүүнү чечтим.
Менин максатым Малазияга баруу эмес, балким, менин кыргыз жерим жөнүндө жазган дил баянымды келечекте мен ишке ашырганга аракет жасайм. Өзүм жөнүндө кыскача айтсам Мен 2000-чи жыл Нарын облусунун Жумгал районундагы мен үчүн эң кымбат болгон Беш-Терек деген кичинекей кооз айылда жарыкка келип, ошол айылдын Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектептин 8 -классынын окуучусумун. Өмүрүмдүн эң бир таттуу жомоктогудай кооз көз ирмемдери, ошол айылда ата-энемдин маңдайында эркелеп өтүп жатат. Ар бир адам, адам болуп жаралгандан кийин өзүнүн элин жерин ойлойт. Кыргыз болуп төрөлүп ажайып кооз Кыргызстанда жашап калганыма сүйүнөм. Мен «Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм» Сыналгыдан сиздердин газетаңыздардан ар түрдүү маалыматтарды угуп кээде сүйүнөм, кээде төбө чачым тик турат. Бирок азыркы убактарда кыргыздардан чыккан чыгаан ага-инилер бар. Кыргызстанга салымын кошуп, башка жерде жүрсө дагы биздин желекти көтөрүп жүргөн эжелерге, ага-инилерге таазим этем. Ушундан бир көйгөй пайда болот. Эмне үчүн? Бизден чыккан балдар-кыздар башка жерде жүрүшөт. Бизде аларды камсыз кылышпайбы? Ушул өңдүү суроолор жаралат.
Мейли. алар өзүнүн билимин, күчүн өркүндөтүп жатышат дейли, А бирок жумуштун акчанын, кредиттин, карыздын айынан үй-бүлөсүн багыш үчүн чет жерде жүргөн кыздарчы. Чон атам айтып калат. «Совет учурунда завод фабрикалар бар болчу. Элдер жумуш орду менен камсыз болушчу, бош жүргөнү адам болчу эмес» - деп ойлойм, биздин чоңдор завод фабрикаларды иштете алышпайбы деп. Жеке менчик завод ишканалар бар, бирок ага дагы тааныш менен алат. Мен ойлойм бажы союзуна киргенден кийин чечилет деп. Жапониядан, Кытайдан кем калбай биздин агалар, робот, машина, телефон ойлоп жасап жатышат. Алардын ишин алга жылдырсак жакшы болмок. Биздин президент жакшы иштерди жасады. Апалардын пенсиясы көтөрүлдү, аскер кызматкерлерине үй берилди. «Кыргызстандын улуттук байлыктары, анын эли үчүн колдонулушу керек» - деп айтты. Мени кызыктырган нерсе эмне үчүн өзүбүздүн суу, свет өзүбүзгө сатылат. Мейли сатылсын, бирок эмнеге кымбат. Үйдөгүлөр айтып калышат, шаарда квартирада жашагандан көрө жер тамда жашаш керек, анткени ысык сууга, светке, газга төлөш керек деп. Менин Кыргызстаным оңолуп өсүп келе жатат. Анткени парламентте жана башка мекемелерде жаштар көбөйүп жатат. Жаштар демекчи бизде жогорку окуу жайлар абдан көп, саны бар сапаты жок. Мен азыртадан ойлонуп корком. «Мен ким болом?» - деп азыркы сөз менен престижный окуну тандасам акчасы көп. Ата-энем кыйналат. өзүм саясатка жокмун, бирок маалымат алганга кызыгам. Бизде канчалаган кыргыздын бермети болгон кооз жерлерибиз бар, Мисалы: Ысык-Көл, Соң-Көл. Тарыхый эстелиги бар жерлерибиз, Мисалы: Сулайман тоо, Чатыр-Көл, Сары-Челек, Бурана Өзгөн мунарасы ж.б канчалаган туристер бизди таза суубузга, жерибизге тоолорубузга жадакалса бизден чыккан кен байлыктарга кызыгып келишет. Алардан түшкөн акча каражаттарды толугу менен биздин экономикабыздын өнүгүшүнө жумшасак болот беле деген ой келет. Сиздердин газетаңыздардан окуп калам, Жанагы кичинекей бөбөктөрдү зөөкүрлөр кордогону, жөнүндө, оор кылмыш кылган кишилерди эмнеге жөн эле камашат. Бизде эмне үчүн башка мамлекеттердей болуп. өлүм жазасын кабыл алышпайт. Ушул көйгөй менин жүрөгүмдү оорутат. Кудайым буюрса, балким, мен чоңойгондо жок дегенде Кырыгзстаным үч үн жанымды аябай иштеп берем деп ойлойм. Биздин дагы бир сыймыктанчу «Манас» эпосу бар. Манас б үт кыргыз эллин бириктирген. Кыргыздарга айтар элем; т үнд үк-т үшт үк деп б өл үнб өйл ү.
Б өлүнбө кыргыз бөлүнбө
Б өлүнсөң бөрү жеп кетет
Б өлүндү ушул кыргыз деп
Бөтөн элге кеп кетет – деп бекеринен айтылган эмес. Бүгүнкү күндө да ар бирибиздин ыйык кыргыз мамлекеттибизди сактоо. Тилибизди динибизди дагы сакташыбыз керек. Кыргыз болгондон кийин кыргызча сүйлөшүбүз керек. Азыркы жашоо шартыбызга ылайык башка тилдерди дагы үйрөнсөк болот. Бирок кыргыз жерибизди эч качан унутпайбыз.
Тунук болсом, тилим менен тунукмун
Улук болсом, тилим менен улукмун
Улут болсом, тилим менен улутмун
Анткени ар улуттун, улуттугун аныктаар

Паспорту да, мандаты да, метиркасы да улуттун
Атым кыргыз, затың башка
өзүң кыргыз, сөзүң башка
Башкаларга шылдың болгуң келбесе
Жыйындарда, курултайда, чогулушта
Ажоң баштап, кожоң коштоп
өз тилинде сүйлөгүн – деп Э. Ибраев атабыз бекеринен айтпаса керек. Мен өзүм математика адабият жана англис тилине кызыгам. 6-классымда көп тил үйрөнүү үчүн жана билимимди жогорулатуу үчүн Түрк лицейине тапшырып өтүп кеттим. Бирок тилекке каршы каражаттын тартыштыгына байланыштуу кыялым орундалбай калды. «Билим түндө алдыдагы шам чырак. Билим алсаң мандайдагы жарык жаркырап» дегендей билим берип жаткан мугалимдериме таазим этем. Кыргызды кыргыз кылып дүйнө жүзүнө тааныткан Чыңгыз Айтматов атабыздан таалим тарбия алабыз жана сыймыктанабыз. Эмне дейбиз жогоруда айткандай канчалаган кыргыз балдар-кыздар чет жерде врач илимпоз болуп эмгектенишет. Алар бизде эмгектенишкенде канчалаган пайда болот эле деп ойлойм. Алысты албай эле. Жумгалда көптөгөн атактуулур чыккан, миаслы: Татыбүбү Турсунбаева, Мидин Алыбаев, Калык Акиев, Бүбүсайра Бейшеналиева ж.б баатырлардан Тайлак баатыр, Ажыбек баатыр, Байзак баатыр, Маалике баатыр. Ушундай кишилер болгон үчүн биз азыр жашап жатабыз. Жаза берсең сөз көп бирок кыскартайын. Сиздерге Кылычбек Султановго ушундай сынак жарыялап жаштарды колдоп койгонуна чон ыраазычылык билдирем. Биздин Кыргызстандын келечеги кең. Дүйнөдө тынчтык болсун, мамлекетибиздин иши алдыга жылсын, жаштар патриот болсун. Өз мекенин коргоп кызмат кылышсын.
Касеинов Айдар Нарын областы Жумгал району Беш-Терек айылы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Койчуман кызы Самаранын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Кубанычбек кызы Элизанын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Кыргызстан абдан кооз, тоолуу, кен байлыктарга бай ѳлкѳ.Мисалга алсак: алтын, кѳмүр, таза суу, данга , малга жана ошондой эле дарычѳптѳргѳ бай. Мен мекенимдин гүлдѳп-ѳсүшүн, дүйнѳдѳгү эң ѳнүккѳн мамлекеттердинбири болушун каалайм. Ал үчүн ар бирибиз ѳзүбүздүн салымыбызды аябастан биргана мекенибиз үчүн ак эмгегибизди, адал ишибизди, маңдай терибизди жумшашыбызкерек. Ошол үчүн мен да келечекте аз да болсо салымымды кошуп, ѳлбѳс-ѳчпѳскесиптин ээси болуп, мугалимдик жолду жолдогум келет. Бул кесип менен бир ганабалдарга билим берүү менен эле чектелбестен, ар бир келечектин муунуна ѳзмекенин сүйүп, урматтоого, элдик каада-салттарды сактоого, жаратылышты кѳздүнкарегиндей коргоого багыт кѳрсѳтѳѳр элем. Адам баласына бир багыт менен эле ишалып баруу туура эмес, ал үчун менин дагы бир кыялым «Адамдагы эң биринчибайлык – ден соолук» демекчи, ѳлкѳбүздѳгү эң чоң кѳйгѳйлѳрдүн бири медицинатармагына кѳңүл бурат элем. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей,мекенибиздин дары сууларын иштетүүгѳ лаборатория курулушу абзел. Анткени биздинмекендештер ар кандай оорулардан жабыр тартышып, чет ѳлкѳдѳн дарылануугааргасыз, бирок ага ар бир адамдын акча каражаты жетишсиз. Демек, ѳз ѳлкѳбүздѳмедицина тармагы талапка ылайык заманбап ѳнүксѳ элге да , мекенибизге дапайдалуу болот эле. Ошондуктан баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарыпбиримдикте бололу.

Нарын району

Достук орто мектеби

7-класс

Кубанычбек кызы Элиза



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Курманбеков Аксайбектин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Менин келечекте чоң максатым бар. Мен кыргыз элимди дүйнө жүзүнөтааныткан, жаңы көптөгөн закондорду ачкан чоң физик болгум келет. Андан тышкарыменин дагы бир чоң максатым бар. Ал максат кыргыз жеримдин гүлдөп–өнүгүшүнө эмнекылуу керек? Ал үчүн биз, окуучуулар жакшы окуп, окуну бүткөндөн кийин чоң,жогорку окуу жайга тапшырып, жогорку билимдүү болуп, андан кийин өзүбүзгө ылайыктуужумушка орношууну көздөп жүрүшүбүз керек. «Аракет кылсаң берекет» - деп биздин ата-бабаларайткан. Андыктан аракет кылмак бизден жана келечекте ийгиликтүү адамдар чыгат.Жадакалса депутат да боло алабыз. Бирок кыргыз жерибиз гүлдөп –өссүн десек, сөзсүзэле депутат болуунун кереги жок. Менин оюм боюнча биз жөн гана жерибизди,элибизди сүйгөн, алар үчүн өз жаныңды берүүгө даяр болгон патриот болуп чыксак элежетиштүү.

Мен ардайым кыргыз жеримдин гүлдөп–өсүшүн көздөп жүрөм. Анткени мен бизден кийинки муундардынжакшы келечегин каалайм. Мен бизден кийинки муундарды тура жолго салып, аларга өзгөчөүлгү калтыргым келет. Биринчиден мен аларды ынтымакка үндөмөкмүн. Анткени элдинынтымагы жок болсо жерибиз, элибиз эч качан өнүкпөйт. Биз ынтымактан качып, бөлүнүпкетсек жалгыз чырпыктай сынып калабыз. Кыргыз элим эч качан бөлүнбөстөн кыйынчылыктардыбирге жеңип, бири-бирибизди түшүнүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак ошондогана кыргыз жери алдыңкы өнүккөн өлкөболот деп мен толук ишенем. «Ырыс алды ынтымак»- деп биздин ата-бабалар бекер жериненайткан эмес.

Адамдаркөчкөн журтунун баркын конгон журтунда билерин жакшы түшүнөм. Ар бир адам үйүнөналыстаган сайын анны сагынып, кайтып келгиси келет. Эгер мага бирөө келип: «Четөлкөдө жашагың келеби?»- деп сураса мен жок деп жооп берет элем. Анткени мен үчүнКыргызстандын, өз жеримдин топурагынан артык эч нерсе жок. Кыргызстан гүлдөп –өссүндесек эң биринчиден өзүбүз өнүгүшүбүз керек. Анткени эл өнүксө жер дагы өнүгөт.

Кыргызстан– биздин Ата – мекенибиз, ата – бабаларыбыздын ыйык журту, кыргыз элинин орток үйү.Аны ак эмгек жана адамкерчилигибиз менен гүлдөтүп – өнүктүрүү жана жүрөгүбүздөгүатуулдук сезим менен барктап, сактоо биздин бирден бир ыйык милдетибиз.

Ошондуктан, мен кыргыз эли сыймыктан эр азаматтан болуп, жакшы окуп, келечекте кыргыз жеримдин,элимдин өнүгүп –өсүшүнө болгон күч-аракетимди жумшап, бирден – бир салымымды кошкумкелет.



Нарынобласты, Нарын району,

Кара-Кужурөрөөнү, Лахол айылы,

Кылыч Рысмендееватындагы орто мектебинин

8-классынынокуучусу

Курманбеков Аксайбек Курманбекович

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Кылычбекова Шириндин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен өзмекенимди сүйөм. Кыргыз болуп жаралгандыгым үчүн Аллахка миң мертебе шүгүр. Андыктантуулуп өскөн жерим мен үчүн ыйык жана жылуу-жайлуу жерим. Биздин жерибиз көзарттырган кооздугу, суусунун молдугу жана бийик-бийик ак мөңгүлүү тоолору мененкөрктүү.

« Ар бир инсанмекеним мага эмне кылды?»-деп эмес, мен мекеним үчүн эмне кылдым деген суроонукоё билсе дээр элем. Өлкөбүз үчүн колубуздан келген салымыбызды кошуп, мекен үчүнак дилден кызмат кылуу биздин атуулдук милдетибиз болуп саналат.

Мен мекенимдибашка өлкөлөрдөй ар тараптан жетишкен мамлекеттердин катарында көргүм келет. Көпкабаттуу үйлөр, мекемелер, ишканалар курулса, ар бир кыргыз өз эне тилинде сүйлөсө,коррупция жоюлса, эң башкысы өзүбүздү кичине кезибизден тарбиялап, тура жолгобагыттасак келечекте өз ишин мыкты билген инсандар жаралат. Мына ошондо гана өлкөбүзөнүгөт деген терең ишеничтемин. Азыркы учурда бардыгыбыз даяр оокатка көнгөнбүз.Мисалы: даяр жасалган машинелер, деги эле жаңы чыгып жаткан технологиялардын түрлөрүчет өлкөлөрдөн алынып келинет. Эмнеге? Алар бизден өзгөчөбү же эки-үчтөн мээлери барбы? Жок. Алар делебиздей болгон жөнөкөй адамдар. Биз болгону жалкоолонуудабыз.

«Жаштын тилегинберет»- дегендей, эгер мен келечекте президент же депутат болсом, жетим-жесирлергекамкордук, көчөдө калгандарга үй алып берип, карылардын пенсиясын көбөйтүп,мигранттарды Кыргызстанга алып келип иштетүүгө шарт түзүп, мектеп, бала-бакчажана башка жетишпеген жактарынан камсыздамакмын. Мына эмесе өлкөбүздө менинкыялымдагылар орундалса бардыгы ойдогудай болот. Анда эмесе сөзүмдүн аягындаКыргызстандын жаштарына кайрылаарым ар бирирбиз өз күчүбүз менен жакшы окуп, ата-энебизгекаяша айтпай, аларды угуп, сайттарга көп кирбей, аны дагы пайдалуу жактаргажумшайлы деген сунушум жана тилегим.



Нарынобласты Нарын району Эмгекчил айылы

ТоктосунБайбураев атындагы орто мектеби

9-а классКылычбекова Ширин

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Майрамбек кызы Сезимдин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Кыргызстан абдан кооз өлкөлөрдүн бири. Кыргызстандын кооздугукөп адамдардын көңүлүнө батып, ырахаттандырып, суктандырып жадакалса ич тарытат.“Кыргыз жери эмнеси менен кооз?”- деген суроо берсеңер, Кыргызстан табигый кооздуккаээ. Кыргызстан акчага, алтынга эмес, жаратылышына сыймыктануучу керектүү байлыктаргабай.

Ар бир адамдын дем алганабасы таза, таштан-ташка урунуп, шаркырап аккан суубуз тунук, жаратылышыбыз ойлонупкөрбөгөндөй кооз деп мактана алам. Ал эми ушундай байлыкка жете албаган өлкөлөрдүнсаны көп эле болсо керек. Тунук сууга жетпеген элдер ылай сууну тундуруп ичишет.Албетте, мындай сууну ичкен адам ооруга чалдыгат. Бул кандай гана аянычтуу. Ушундайжүрөк сыздаткан сөздөр жаныбызды кейитет. Анткен себеби, өлкөбүздү сыйлабаган, барктабаганадамдарды кездештиребиз. Ушундай байлыгыбызды биз барктап сыйласак өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнөчоң салым кошобуз. Ошондуктан сиздерди кайрымдуулукка, патриоттуулукка, тазалыккажана өлкөбүзгө болгон сүйүүгө чакырат элем. Мен Кыргызстанымды абдан жакшы көрөм.Тик туруп алдыга талпынган кыргызым менен сыймыктанам жана да кыргыз деген аттыалып жүргөнүмө сыймыктануу, мактануу менен башымды өйдө көтөрүп, душманыма тик карайалам. Ошондуктан кыргызыма болгон сүйүүмдү жүрөгүмдөн чыккан ырым менен далилдепөтөйүн.

Кыргызстан,

Сен өчпөйсүң жүрөгүмдөн.

Билемин,

Кооздугуңду эстеп жүрөм.

Көркүңдү ого бетер чачыратып,

Аласың орундарды көңүлүмдөн.

Өткөн, баатыр бабам

Душмандардан сени сактап,

Өткөн, өткөн бабам

Ар бир жерден сени барктап.

Бабамдын жолун жолдоо

Бул жашоомдо

Албетте, милдетим да

Сени коргоо.

Келечек биздин колдо,

Биздин ойдо.

Курашып биргеликте

Бакыт жолдо.

Өнүгүп өркүндөй бер,

Тайманбастан.

Алдыңа максат коюп,

Кадам ташта!- деген ырсаптары менен Кыргызстаныма дем кошкум келет.

Биз кооз десек эле албетте, бийик-бийик имараттарды, ар кандайдизайндагы ресторандарды, эс алуучу жайларды элестетебиз. Чындыгында мындай курулушар бир адамдын көңүлүндө ойнойт. Бул өлкөнүн гүлдөп өркүндөп-өскөнүн далилдейт.Бул ой ошол адамдын өлкөсүнө кошкон салымы болуп эсептелинет. Ал адам өзүнүн фантазиясыменен өз өлкөсүн өнүктүргүсү келген. Ушундай патриоттуулук ар бир адамдан чыга келбейт.Мындай мааниде айтканымдын себеби, ар бир кыргыздын жаш муунду изденүү менен өлкөбүздүнөнүгүшүнө салым кошуусун суранат элем. Дүйнө жүзү боюнча кичине орунду ээлеседа, жүрөгүмдө чоң орунду ээлейт. Кыргызстанымдын ордун эч бир өлкө ээлей албайт.Ушундай сөздөр менен Кыргызстаныма күч кубат кошуп, гүлдөп өсүшүнө жол ачып бергимкелет.

Илгери ата-бабаларыбыз элибиздин ынтымакка чакыруу иретинде “Бөлүнгөндү бөрү жейт”- деп айтыпкелишкен. Биз ынтымактуу болсок өлкөбүздүн чыңалышына жол ачып беребиз. Кыргыз жарандарыөлкөбүздүн чыңалышын, башка мамлекеттер менен биргелешип иштешин, гүлдөп өсүшүнкаалашат. Мен дагы кыргыз жеримдин өнүккөн мамлекеттердей гүлдөп-өсүшүн каалаймжана жакшы окуп, келечекте элимдин керегине жарагым келет. Өлкөбүздүн өркүндөп-өсүшүүчүн ар кандай жолдорду ойлойбуз. Ар бир адамдын ою баалуу эмеспи. Мен да өз оюмдукошкум келет. Биздин экономикабыз өнүккөн эмес. Жерибиз кооз болсо да бизжерибиздин кооздугун колдоно албайбыз. Башка элдер бир кичине жерди эле абданкооз кылып, шаар курушмак болуш керек. Жерибизди тазалап, жолдорду кандайдыр бирфантазия менен салса ыйык жерибиз Ысык-Көлүбүздү туристтерди кызыктырып тургандайкылып кооздоп, көркүнө келтирсек, башка өлкөлөрдүн бай адамдары келип мамлекеткечоң көлөмдөгү акча кошулуп бюджетибиздин калыңдашы күчөмөк. Нарыныбыздагы сапсарыболуп басып жаткан куурай, чөптөрдүн ордуна жер айдап же ал жерге адам кызыгып карайтурган кооз курулушту курса өнүккөн өлкөлөрдөн артта калмак эмес деп ойлойм. Ушулэле курулушка токтолбостон медицина жагынан, сапаттуу товарларды чыгаруу жагынанбашка мамлекеттерден айырмаланып турган буюмдарды чыгарсак балким биз көп өлкөлөргөтаанылмакпыз. Ушул ойдун баардыгы аткарылса мамлекетибиз артын карабастан гүлдөп-өсмөк. Американын өнүгүшүнүн себеби андагы жолдор, имараттардын кооздугу ашып-ташып турат.Билим- сапатын жогорулатып туруучу атайын каражаттарды чыгарышат. Ошондуктан алардынбилим сапаты жогору. Көп адамдар ушул жерге барып окугусу келет.



Кочкор районун караштууАк- Кыя айылынын Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Майрамбеккызы Сезим.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Макебаев Тамерландын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.



Ата Мекеним менин ата-энемдин мекенинен башталат. Атам, апам жана мен төрөлгөн айыл-атакем айткандай, кичи мекеним-Кочкор жергеси. Ал Нарын облусунда.
Дил баянымда берилген темада айтылгандай, кыргыз жеримдин гүлдөп өнүгүшү ошол азыр мен жашап окуп жаткан айылымдан башталса дейм. Себеби атам мага ар дайым: «ата-энеңди, айылдашыңды сыйла, урууңду бил, улутуңду сүй» деп айтып турат.
Айылым жөнүндө айтсам, Кочкор районунун Исакеев атындагы айыл, эски тарыхтагы аты Үкөк. Үкөк деп аталышын айылдагылар айылыбыздын жанындагы тоо чокусунун ортосунда үкөккө окшоп жайгашкан көл бар, ошонун атынан деп айтып жүрүшөт. Абдан кооз жер дешет. Ошол Үкөк көлүнө акыркы жылдары чет өлкөлүк туристтер көп келип жүрүшөт. Туристтер суктанган тоолорубуз, таза сууларыбыз менен абдан сыймыктанам. Ошондой кооз жерлерибизге туристтер көп келсе алардан түшкөн кирешеге айылыбыз өнүксө деп кыялданам.
Андан башка биздин Кочкор жергеси аркылуу Соң-Көл жайлоосуна жол кетет. Ал жайлоодогу көлүбүз да туристтердин мекени. Бирок бизде чет өлкөлүк конокторду кыдыртып кооз жерлерибизди көрсөткөнгө шарттарыбыз жок, ошого өкүнөм.
Сүйүнгөнүм Бишкек шаарынан келчү жолубуз Нарын шаары андан ары Кытайга чейин оңолуп калганы. Азыр мен мектеп окуучусу, өспүрүм катары табиятыбызды сүйүп, бак-дарактарды багып, сууларыбызды булгабай досторум менен бирге кудай берген жаратылышыбызды коргоо менен мекенге болгон сүйүүмдү далилдегим келет.
Адамдарга кайсы Мекени кымбат? Ал кичинекей айылыбы, чоң шаарыбы айырмасы жок бирдей болушу керек. Ата Мекенди жөн эле сүйбөй, аны менен тагдырлаш болуу, тарыхын билүү, эне тилинде сүйлөө, салт-санааны сактоо.
Кыргыз жеримдин гүлдөп өнүгүшү үчүн мен эмне кылышым керек?
Эгер Мекенге сыноо келсе коргоого даярмын. Гүлдөп өнүгүшү үчүн таза иштеп, билимдүү болуп, айылга, айылдаштарга камкордук кылсам, мага окшоп досторум аз-аздап салымын кошсо кандай жакшы. Кыргызстан деген гүлдөгөн кооз мамлекет барын жер жүзүндө жашагандардын баары билсе, мен гүлдөгөн, көз карандысыз улуу Кыргызстандын жараны болсом, Сириядагыдай согуш болбосо деген тилегим зор!


Макебаев Тамерлан Токтосунович, туулган жылы 2000-жыл, 3-декабрь. Нарын облусунун Кочкор районунун Исакеев атындагы айылдын Үкөк орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Мирбек кызы Айжамалдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Ооба,ар бир адам өзүнүн жашоосунун жакшырышын, оңолушун жана өзү тилеп каалаганчегине, бактылуулукка жетишин каалайт.Андыктан мен дагы ар бир адам сыяктуу өзүм үчүн бардык жакшы нерселерди каалайм.Мисалы: кичине кезимде кооз тыштуу дептерлерди, жакшы калемдерди, “5” алууну,көп дос күтүүнү каалачумун. Азыр делеошондой ойдомун... бирок азыр мектепте бир аз авторитетим бар... Алыска кетпейайтайын, жазайын дегеним азыр мен жогорудагы нерселерди ушул убакка чейин каалап келсем, эми бир аз дагы көбүрөөк акылкирип, чоңдордон, улуу адамдардан мекен жөнүндө, аны оңдоп өстүрүш керекэкендигин уга баштагандан бери, сыналгыдан башка мамлекеттердин жерлерин,андагы кооз имараттарды, бизнесстин өнүгүшүн,жакшы машинелерди көрүп, Мекенимдин өсүүшүн, кыргыз элимдин гүлдөпөнүгүшүн, кыргыз атуулдарынын кыйналбайжашашын, эне тилибиздин так, туурасүйлөнүшүн, элибиздин тынчтыкта жашоосун, Кыргызстан дагы ошол белгилүүмамлекеттер сыяктуу элге таанылуусун каалап, мекенимдин келечегин ойлонобаштадым.

Дүйнө жүзүндө миңге жакын , улут, эл жашайт.Кээ бири суусу жок чөлдө жашаса, кээ бири күн тийбеген муздак жерде жашайт. Бирок жашаган жерине карабастан ар бирэл өзүнүн мекени менен сыймыктанып, анын келечегин ойлоп келет.

Ар бир адам баласы үчүн өз айылы, мекени, туулган жери, АтаЖурту эч бир башка элдикинен кем эмес. Мен дагы өз мекенимди башкамамлекеттерден кем көрбөй: “Канткенде Кыргызстан гүлдөйт?”- деген суроону өзүмөкоюп, ойлонуп көрдүм..

Сүйүүнүн көп түрлөрү бар. Апага болгон сүйүү, эжеге болгонсүйүү, баланы сүйүү, мамлекетти сүйүү. Менин оюмча ар ким өзжашаган жерин сүйсө, ага аяр мамиле жасап, таштандыларды таштабай, зыянкелтирбесе, жекече кызыкчылыгын ойлобой, мекенди ойлоп, патриот сезими ойгонсо анда ал сүйүүдөн айылыбыз, мекенибиз коозболуп, көркүнө келет, байый түшөт, күчүнө толот. А биздин Кыргызстаныбыз абдан кооз мамлекет, анда асман тиреген зоолор, чалкыган берметЫсык- Көл, жапжашыл тоолор,жайылган талаалар, шаркырап аккан суулар бар. Бизушул сулуулукту туура колдонуп, аныбузбай, андан ары өркүндөтүп, туура пайдаланып, туристтерди алып келсеканда мамлекет бир аз өнүкмөк.Бирокмекенимбиздин гүлдөп өнүгүшү үчүнанын табигый сулуулугу гана каралбастан ,кыргыз элимдин жан дүйнө сулуулугу, анда жашаган адамдардын ниетине, оюна дажараша болот. Ошондуктан мекенимдин өсүп-өнүгүшү үчүн ар бир инсан мекенинсүйүп, өзүнүн жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүп, жөнгө салыш керек.

Буюрса.. кийин арадан көп жыл өткөндөн кийин мениндилбаянымдай Кыргызстаным гүлдөп, кыргыз элим ынтымакта жашап, таза, аруу сезимменен мекен үчүн күйүп бышкан жарандар болот деп ойлойм. Келечекте дүйнө картасынан чоң тамга менен жазылган КЫРГЫЗСТАН деген өлкөнү көрөрүмө ишенем.Ал эми мен өз кезегимде жакшы окуп, ата-энемдин, мугалимдердин эмгегин актап аз болсо да мекениме,өз кичи мекеним Нарындын өнүгүшүнө салым кошконго аракет кылам!


Нарын облусу,Нарын шаары ,№2 В.П.Чикалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу Мирбек кызы Айжамал

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Мирлан кызы Айгеримдин дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен Мирлан кызы Айгерим Нарын областынын Кочкор районунун Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин 6 «в» классынын окуучусумун. Жашым он экиде.
Биз баарыбыз жерибиздин гүлдөп өсүшүн каалайбыз.Менин Кыргыз жерим бул эң кооз жерлердин бири деп санайм. Кыргыз жеримдин кооздугу эч кайдан табылбайт, анткени асман тиреген аска-зоо, ак мөңгүлүү чокулар, ден соолукка пайдалуу суулары эч алтынга теңелгиз. Мен бөлөк шаарлардын кооздугуна өзүмдүн жеримди салыштырбайм, анткени менин жерим кооз. Менин каалааганым ушул кереметтүү, асыл жерибизди көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Кыргызстанда боорукер адамдар көп. Биздин өлкө өтө тездик менен болбосо дагы акырындык менен ийгиликтерге жетишип келе жатабыз. Мисалга алсам, биздин районубузда парктарыбыз өзгөрүп жаш балатылар, арчалар, бак-дарактар, гүл бакчалар тигилип көздүн жоосун алган кооздукка бөлөнүүдө. Ар бир жерде таштанды челектери орнотулган, түнкү шам чырактар коюлуп, жолдорубуз асфальтталууда. Менин оюмча ушундай жетишкендиктер Кыргызстанымдын өнүгүүсүнө чоң салым болуп жатат деп ишенем.

Мирлан кызы Айгерим

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Молдогазиева Назминин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен кыргызмын! Кыргызстадын эрке кызы катары мекенимдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.Бул үчүн адамкерчилик керек. Албетте тазалык да керек. Эгер биз таза болсок, коом да таза болмок, мекенибиз да өнүкмөк. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”-деп таасын айтылган сөз баарыбызга сабак болсо деп ойлойм. Ар бир адам өзүнүн кемчилигин сезе билсе, башка адамга жакшы мамиле жасоого үйрөнөт эле.
Мен до чоңоём. Ошол кезде кереметтүү мекенимдин башка өлкөлөрдөн артта калып, чабал экендигин карап тура албайм. Чоңойгондо жакшы адам болуп, мекениме өз салымымды кошкум келет. Ал үчүн азыртадан жакшы окуп, өзүмөн кичүүлөргө жакшы үлгү болушум зарыл. Кичүүлөргө жакшы тарбия берүү менин пенделик парзым, ал эми улуулардан тарбия алуу милдетим.
Өнүккөн бир топ мамлекеттерди карап туруп Кыргызстандын алсырап баратканына эмне себеп болуп жатат деген суроо жүрөгүмдү өйүйт. Мунун себеби элибизде мансапкор, жалкоо адамдардын көп болушу. Албетте, өз мекени үчүн жанын үрөп иштеген мекенчил адамдар да аз эмес. Бирок, элибиз аларга маани бербестен куру убадаларга алданып калышат.
Мекеним өнүгө бер талыкпастан,
Жамандык жокчулукту артка таштап.
Сенин да атың чыгаар күндөр келет,
Салт-санаа, нарк-насилиң дүйнө мактап.

Жокчулукту, азапты кыйла тарттын,
Бирок дагы ыдырап бөлүнбөдүң,
Ынтымакты сактагын кыргыз калкым,
Ар тарапка чачылып төгүлбөгүң.


Кыргызбыз, душмандарга бел чечпейбиз,
Максатыбыз жерибизди өнүктүрүү.
Кылым бою отко күйүп, суу кечкенсиң,
Бизге парз сени коргоп, өмүр сүрүү.

Кыргыздар жашап келген тээ илгертен,
Баш ийип душмандарга жеңилбеген.
Акыл-эстүү уул-кыздар чыгып элден,
Эл-жерин коргоп, сактап, колдоп келген.

Каада-салтың көөнөрбөс байлык өңдүү,
Жашадың мекен кылып канча жерди.
А бирок, зор Ала-Тоо касиеттүү,
Колдогон сактап келген кыргыз элди.

Манас баатыр, Тайлак баатыр жердеген,
Алар дагы айтылуу го эл менен.
Бөлүнгөндү бөрү жейт, деп айтылат,
Бөлүнбөйлү бир ууч кыргыз теңме-тең.

Каалаймын мен жеримдин өнүгүшүн,
Мекендеш эл-жер үчүн кош үлүшүң.
Дайыма жакшылыктан үмүт үзбө,
Сен өзүң мекениңдин тирегисиң.


Керекке жарап элимде,
Жашасам деймин жеримде,
Үлгү болом кичүүгө,
Бардыгы бар дээримде!
Жүрөмүн дайым эл менен,
Жүрөгүм дайым сен менен.
Улуумун кыргыз эл менен,
Сулуумун туулган жер менен!
Кыргыз жерим менин бакыт-таалайым,
Сен өнүгүп-өсүшңдү каалаймын.
Жакшылыкты, токчулукту ыроолоп,
Мекенимди ыйык тутуп баалаймын!

Тарыхка баам салсак, Каныкей энебиз, Жаңыл мырза, Курманжан Датка, Уркуя апаларыбыз баш болуп, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшү үчүн чоң салымдарын кошушкан. Мен дагы ошол энелеримдей болуп, кыргыз элимдин гүлдөп өсүшү үчүн өз салымымды кошуп, элимдин жаркын жашоосун, келечегин түптөгөн кыздарынан болууну эңсейм.
Алдыда 2016-жаңы жыл келе жатат. Жалпы кыргыз элимди жаңы жыл майрамы менен куттуктайм!


Молдогазиева Назми. 6-класс. Нарын району, Орто-Нура айылы, 6-б класс Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектеп.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Моңолдоров Нурболоттун дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Ар бир адамдын өзүнүн сүйүктүү мекени бар. Жана ар бир патриот адам мекени алдынкы өлкөлөрдөн болуусун каалайт. Мен да өз мекеним Кыргызстан алдынкы өлкө болуусун каалайт элем . Ал бетте өз мекенин алдынкы кылуу оңой эмес , ал үчүн азыркы жаштар , өлкөбүздун келечеги жакшы окуп ,өлкөбүздү алдыга жылдырууга аракет жазашыбыз керек . Жана өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн 5 маанилуу кадамды өтүш керек.
1 кадам-Үйбүлө;
Үй бүлө бул баарыбызга маанилүү жана кымбат, эгер биз мекенибиздин өнүгүп-өсүүсүнө салым кошкубуз келсе, анда биз эң биринчи өз үй-бүлөбүздү бекемдөөбүз керек ,себеби үй-бүлө өзүнчө мамлекет болуп эсептелет ,эгер биз үй-бүлөбүздү бекемдесек анда биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай биринчи кадамды шилтеген болобуз. Үй-бүлөнун баркын кыргыз эли байыртадан жакшы билишет жана акын-жазуучулар үй-бүлө жөнүндө көптөгөн ыр-саптарын жазышкан.
2 кадам- Чек ара;
Ар бир жигит өз мекенин коргошу керек ,мекенин коргоо менен жигит өз парзынан кутулат. Жигиттер өз каалосу менен аскерге кетишсе анда ал мекенинин өнүгүүсүнө өз салымын кошушат , аскерге барып чек ара тосуу менен жигит мекенинин коопсуздугун мойнуна алат .Эгер жигит аскерге барса анда экинчи кадам жигит тараптан шилтенет .

3 кадам –Карупцияны жою
Негизинен биздин мамлекет мурда эле гүлдөп-өсүп өнүгүп жетилмек ,бирок буга карупция бут тосуп койгон ,азыр деле тосот. Карупция –бул уурулуктун синонимии.Өлкөнүн бюджети 100% болсо анын 60-70%карупцияланып кетет . Мисал келтире кетсем ,биз жаркын келечеке түз жол менен барабыз , ал жол түп-түз бирок ал жолго карупционерлер чоң аң каза башташат жана ал аңга кишилер тушуп кете беришет жана ал аңга аң казган кишинин бир туугандары, балдары жакындары достору да ал аңга тушуп кетишет жана ал аңдан ал бетте эч ким чыга албайт керек болсо аңды казган киши да, жана алардын калган жашоосу караңгы аңда өтөт.
Карупцияга каршы көп күч колдонулууда , телевизордо көп телешоулар болуп жатат .Жада калса карупцияга каршы 2 ревалюция болуп өттү24 март жана 7 апрель кыргыз эли үчүн кайгылуу күндөрдүн бири болуп эсептелет анткени көптөгөн эр-азаматтарыбыздын каны төгүлүп көбү майып болуп калышкан ,жана ушунун бары карупцияга каршы иштер болгон . Эгер биз карупцияны жеңип чыксак анда биздин 3 кадамыбыз оңой эле шилтенет.

4 кадам- Инвестиция, экспорт
Инвестиция;Биздин Кыргызстаныбызда кең байлыктар өтө көп,бирок аларды өндүрүү үчүн мамлекеттин бюджети жетпейт ошондуктан чет өлкөлөрдөн инвестиция тартылат.
Экспорт; Биздин өндүрүштөрүбүз экологиялык жактан таза, көп мамлекеттер биздин өндүрүшүбүз менен өтө кызыктар мисалы бизде таза эт,кымыз,сүт, бал өндүрүлөт, жана дүйнөлүк дэнгээлде эң таза жана даамдуу болуп эсептелет . Эгер биз чет өлкөлөрдөн инвестиция тартып,өз азыктарыбызды ийгиликтүү экспортосок анда 4 кадам шилтенди деп эсептесек болот.

5 кадам; Туризм. Туристтерди тартуу ;
Биздин Кыргызстаныбыз эң кооз өлкөлөрдүн бири. Туристтер биздин өлкөнү экинчи Швецария деп атап коюшат , чындап эле бизде Швецариядан да кооз жерлерибиз бар. Бизде туристтерди кызыктыруучу көп жерлерибиз бар, мисалы биздин Ала-Тоо, Тянь-Шянь,Памир, Алай,Ленин чокусу жана эң бийик Жеңиш чокусу туристтерди таң калдырбай койбойт. Бул тоолорго далай экспедициялар барып изилдешип,аларды кызыктырган суроолор дагы деле бар болууда.
Кыргызстандын сыймыгы болгон Ыссык-Кол анын тереңдиги 668 метр,суусу таза жана тунук Ыссык-Көлдүн алдында илгээрки Чигу шары бар, жана Ыссык-Көл мындан башка көптөгөн сыр катып жатууда .
Туристтерди таарыхый табылгалар кызыктырат ,а алар болсо бизде өтө көп мисалы Өзгөн буранасы,бурана, таш-рабат,сулайман тоо , манастын күмбөзү ж.б. Эгер биз буларды бүт дүйнөгө таанытсак жана мыкты абалда кийинки урпактарга таштасак анда биз 5 кадамды шилтеп автоматикалык түрдө өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулабыз.
Бул беш кадамды ийгиликтүү өтүш үчүн биз сабатсыздыкты жоюп,өз салт-санаабызды сакташыбыз керек ошондо кана
Өлкөбүздүн гүлдөп-өсүүсү биздин өз колубузда болмокчу.

Моңолдоров Нурболот 2001 год рождения Нарын ш. 8 орто мектеби 8б класс

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Нарынбек кызы Бегимайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен азыр эмне жөнүндө ойлонуп олтурам? Бул башкаларга гана эмес, өзүмө да табышмак. Анткени мени Кыргызстанды кантип өнүктүрүүм керек деген ой катуу курчап, коё бербегендей. Азыркы учурда мени Кыргызстан жана аны өнүктүрүү терең ойлондурат. Себеби, мен кийин дүйнөнү колуна алуучу улан-кыздардын биримин. Ошондуктан мындай ойлор, максаттар көп ойлондурат. Мекенимдин баалуулугун айтып өткүм келет. Ырас, ар бир адамга киндик каны тамган жери ыйык болот. Дүйнөдө миңге жакын улут жашайт. Бири мээ кайнаткан ысык чөлдө мекендесе, бири борошо кары сапырылыган ак бурганак аймакта жашайт. Көз кайкыган көк жашыл түздүктөрдү Ата-Журтум деп аздектеген калктар дагы аз эмес. Салкын соккон деңиз, дайра бойлорунда эзелтен тор салып, балык кармап күн көргөндөрү канча? Ал эми көйкөлгөн көлү бар, белден буралган бетеге чөбү бар, көк мелжиген улуу тоолору, кебез булут оронгонун, асманда бүркүт шаңшыган ак элечек шаңкайган аска тоолордун койнунда жашаган элчи? Албетте, бул баарыбызга белгилүү «Биздин мекенибиз Кыргызстан». Атам замандан бери шамалдай ат минип, касташкан жоону сүрүп, кызыл кереге боз үйдө күпүлдөтө «Манас» айтып, касиеттүү эне тилин жыйырма бир кылым аралатып, биздин күндөргө жеткирген түптүү журттун урпактары экенибизди унутпашыбыз керек. Бул дагы өзүнчө улуу эрдик, улуу сыймык! Ар бирибиздин бүткүл адамзаты билгидей, кызыккыдай, суктангандай татыктуу айылыбыз, Ата Мекенибиз бар. Менимче, ар кимибиздеги Ата Журтту таануубуз, сүйүүбүз адегенде айылдан башталат деп ойлойм жана да төмөнкүлөрдү эч ким эсинен чыгарбашы керек. Ар бир адамдын айылы, Ата Журту эч бир элдикинен кем эмес экенин билүү, ал эми жогоруда айтылган мекен өнүгүүгө татыктуубу? Арийне ким эле өз мекенинин гүлдөп-өсүшүн каалабасын. Ар бир жаран жадакалса кичине баладан эмне кааларын сурай турган болсоң мекенинин гүлдөп-өсүшүн каалайм деп жооп берери айдан ачык. Кудайга шүгүр, мурункуга салыштырмалуу мамлекетибиз тез болбосо дагы, аз-аздан өнүгүүгө болгон дилгирлиги күчтүү. Биз мурда болуп көрбөгөндөй социалдык, маданий жана техникалык революциялардын доорунда жашап турабыз. Ошол себептүү мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн ар бирибиз колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек. Ал үчүн адам өзүндөгү мекениндеги бардык кымбат, асыл нерселерди сүйүүнү билиши, урматташы ошону менен тим болбостон ал үчүн күйүшү, күрөшүшү керек. Ар бирибиздин мекенибизге болгон сүйүүбүздөн мекенибиз, айылыбыз кооз болот, көркүнө келе түрлөнөт, ажарланат ошону менен күчүнө келет. Андыктан мекенибиздин өнүгүүсү үчүн элибизде ынтымактын, жергебизде тынчтыктын болуусу керек. Ар кандай иш ирегеден башталат эмеспи, андыктан мамлекетибиздин гүлдөп-өсүүсүн кааласак, элибизде ынтымак, жерибизге тынчтык орнотуу керек. Андан соң коррупциянын бутагын жоюу. Гүлдөп- өскөндөн кийинки менин көргүм келгени элибиз бири-бири менен ынтымакта алардын өмүрүн мөлтүр кашка сууга салыштыргым келет. Себеби: суунун аягы жок, эч кири жок аруу нерсе. Шаарыбыздын тазалыгын, башка мамлекеттер сыяктуу фабрика, заводдордун курулушун «Эйфел» мунарасындай бийик жана элди суктандырган кооз мунаранын курулушун жана келечектеги бөбөктөрдүн тунук күлкүсүн уккум келет. Эгер мен «Аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык» деп залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, мен да келечекте өнүккөн Кыргызстаным аркылуу элестетким келет. Сөзүмдүн соңунда ар бир жаран патриот жүрөгү элим жерим деп соккон жаштардан бололу. Гүлдөсүн мекеним Кыргызстан!
Нарын облусу, Ат-Башы району, Казыбек айылы,
Н.Үсөналиев атындагы орто мектеби, 9-“б” класс,
Нарынбек кызы Бегимай.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 00:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: