Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар

#61 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Ниязбек кызы Каныкейдин дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен Ниязбек кызы Каныкей 2000-жылы 29-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында туулгам. Учурда Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде 9-класста окуп жатам.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм. Себеби мен Кыргызстанда жашайм. «Homo Sapienzstin (акыл-эстүү адам) өмүр сүрүшүндөгү өрнөктүү белгиси, анын өзү жашап турган айлана-чөйрөнү жакшыртууга умтулуусу» деген жакшы кеп бар. Мен ушул принципти туура деп эсептейм.
Мен берметтей көлү бар, кереметтүү жери бар, Эр Манастай айкөлү бар, ак калпагы менен белгилүү, Ала-Тоонун этегин байырлаган кыргыз кызымын. Ак калпактуу аталардын, ак элечектүү энелердин тарбиясын алган, ата- бабалардын мурасын урпактарга жеткире билген , сөз баккан элдин кызымын.
Мен кыргызмын.
Байыркымын жана дагы жапжашмын,
Бабалардан калган тилек максатмын.
Бата менен илгертеден көгөрүп,
Баатырларды канча жоого атказдым.
Кыргыз изин тапса болот капкайдан,
Кытайдан да, же тээ Саян, Алтайдан
Саймалуу таш сайрап турат тили жок,
Кыргыз жолун, эл тарыхын кашкайган.
Эгер В. Шекспир, Вальтер Скотт сыяктуу улуу адамдар жаралбаганда, «Англиянын тарыхын чет элдиктер гана эмес англичандардын өздөрү да мынчалык сүйүп окушпайт болчу»-деп жазган Гончаров.
Мен ойлойм , кыргыз адабияты жетишээрлик деңгээлде өнүккөн. Бирок , кыргыз тарыхы канчалык терең, канчалык ойго чөмүлдүрсө да, адамдардын баардыгын өзүнө тарта албайт. Себеби тарых саясий тилде жазылган. Эгерде ал адабиятташтырылып, көркөмдөлсө жана ошону менен бирге эле так, түшүнүктүү болуп, бир эле окуялар кайра-кайра кайталанбастан, миф да, уламыш да эмес, бирок ошол сыяктуу кызыктуу болуп жазылса, окурмандар арасында өзгөрүү болооруна шегим жок. Мисалы, кыргыз чыгармалары кандай кызыктуу! Эгер тарых да ошол сыяктуу жазылса, балким, биздин тарых англичандардыкынан да өтүп кетет.
Кыргыз элинин баа жеткис байлыктары, дөөлөттөрү - бул мурастары. Мен аларды: түгөнбөгөн, түбү жок улуу Манас эпосун, көөнөрбөгөн тилибизди, каада-салтыбызды, кен-байлыктарыбызды, Бурана, Өзгөн сыяктуу мунараларыбызды, Таш-Рабатты, саймалуу ташты жана башка ушул сыяктуу ата- бабаларыбыздан калган эстеликерди өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастары деп эсептейм. жана ошондой эле Кыргызстандын атуулу ирээтинде, мекенчил кыз катары мурастарды сактоого, урпактарга өткөрүп берүүгө милдеттүүмүн жана аны менен бирге эле муну сыймыктануу менен аткарам.
Билимдүүнүн түнү- күн, жолу жарык. Билим алууну эч качан унутпайлы. Билим – баардыгынын башаты. Ал түгөнгүс байлык. Менин максатым да жеткиликтүү билим алуу. Билимибизди тереңдетүү үчүн китепти көп окушубуз керек. Мисалы, адабий чыгармаларды, эпосторду, окуубуз зарыл. Адабий чыгармалардын туу чокусу болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жана Орто Азияга белгилүү болгон Манас эпосун түбүнө чейин, сүңгүп кирип окусак, сүйлөө маданиятыбыз өркүндөп, акылыбызга- акыл кошулат. Көптөгөн кылымдардан бери оозеки сакталып келген, табышмактуу, сыйкырдуу күчкө ээ болгон, көлөмү жагынан алдына эч бир чыгарманы салбаган, теңдешсиз эпосто эмнелер гана жок!
Билимдин түбү жок. Ошондуктан өзүбүздүн чыгармалар менен гана чектелип калбастан башка элдин чыгармаларын да окушубуз керек. Мисалы Шекспирдин, Баласагындын, Руставелинин жана башка ушул сыяктуу улуу инсандардын чыгармаларын окусак ашыкча болбос. Мындай кездерде патриотмун деп , чет элдин чыгармаларын окубай коюудан алыс бололу. Тескерисинче алардан тажрыйба топтоп өз мекенибизге салым кошолу. Мен дагы өз өлкөмдүн келечеги үчүн жан үрөп, талыкпастан эмгектенишим керек. Мен келечекте элчи, котормочу, журналист сыяктуу көп тармактуу кесиптин ээси болгум келет. Ынтымакты сактап, башка элдер менен алака түзүп, колдон келсе бардык элдердин тилин билгим келет. Мен жер кыдырып тажрыйба топтоп, маданиятыбызды байытып, өстүргүм келет. Топтогон тажрыйбаларым менен өлкөмдүн өнүгүшү үчүн жаңы ойлорду, жаңы мыйзамдарды киргизем.
Кыргызстан өнүгүшү үчүн облустар да өнүгүш керек. Мен ойлойм башка мамлекеттердей эле Кыргызстан да борборун алмаштырып турса өнүгүүгө карай жол кеңири ачылмак.
Азыркы учурда илим менен техниканын өнүгүшүнө байланыштуу жаратылышка терс таасир берүүчү ишканалар көбөйдү. Мисалы, кен чыгаруучу жерлерде, ар кандай пластмасса чыгаруучу жерлерден чыккан уулуу түтүндөр абага терс таасирин тийгизип, озон катмары тешилип калу коркунучунда. Албетте, кыргызстан өнүгүшү үчүн завод – фабрикаларды көбөйтүшү керек . Бирок ошол эле учурда жаратылышка терс таасири тийбегидей кылып жазасак болот . Мисалы: түтүндөрдү абага чыгарбай , түтүкчөлөр аркылуу жердин асты менен эл жашабаган, климаты туура эмес жерлерге кетирсек болот деп ойлойм. Андай жерлерге мисал катары түндүк , түштүк уюлдарды айта алам. Себеби ал жактарда эл жашабайт. Бул жашоодо бардык шарттар, жаратылыш комплекси бүтүндөй адамдын жашоосу үчүн гана жаралган. Эгер жаратылыш таза болсо, адамдардын ден- соолугу чың болот. А жаныбарлар адамдарга азык, унаа, жаратылыш санитары катары кызмат кылат. Биз ошол нерсени туура пайдалануубуз керек .
Сөзүмдүн аягында айтаарым бардык мекендештеримди биримдикке, ынтымакка чакыруу менен ар бирибиз аракет кылып элибизди алга сүрөшүбүз зарыл.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Нурбек кызы Айдананын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен өз өлкөмдүн өсүп--өнүгүшүн көргүм келет. «Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин» - деп Манас атабыз кан-жанын аябай Мекенин коргоп келген. Манас атанын чачылган кыргызды жыйнап, Ала-Тоого алып келгени кыргыздын баатырдыгын, эрдигин даназалап турат.
Кыргыз элинин бүгүнкүдөй гүлдөп өсүшүнө жетиш үчүн, канчалаган баатырлардын каны төгүлбөдү...
Кыргыз эли байыркы - эл. Алардын түптөлүп, эгемендүүлүктү алганга чейинки басып өткөн жолу оор жана татаал. Эгемендуулукту алгандан кийинки жолубуз да оңой болгон жок. Эки жолу революция болуп, көптөгөн жоготуулар болду.
Мындан кийинки кыргыз жеримдин, элимдин жашоосу кандай болот? деген суроо ар бирибиздин жүрөгүбүздү өйүп келет...
«Туулган жердин топурагы - алтын» - деп бекеринен айтылбайт. . Ооба, башка эң бир сонун мамлекеттерге баралы, бирок Кыргызстандай жерди таба албайбыз. Манастай баатыр чыккан, кымыз жыттанган абасына, меймандос элине, көк-мелжиген тоолоруна эч ким тең келе албайт. Атуул көтөргөн жүк чоң-кичине, оор-жеңил болушу мүмкүн. Бирок «Баары Мекенине зор пайда алып келет» деп эч ким айта албайт. Албетте, мени Кыргызстандын эртени, өз келечегимди кандай ойлосом, ошондой эле ойлондурат. Өлкөбуздүн келечеги жаштардын колунда. Биздин биримдиктүү демилгебиз Мамлекетибизди алга үндөмөкчүбүз.
Ал учун:
1. Завод-фабрикаларды ишке киргизсек.
2. Экономиканы чындасак.
3. Экологияга көңүл бурсак.
4. Туризмди енуктурсек.
5. Эт, сүт-азыктарын экспорттосок жана башка көптөгөн
нерселерди ишке ашырсак Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргизмекпиз.

Нурбек кызы Айдана, К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 9г классынын окуучусу.
Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы, Ч.Тулебердиев көчөсү №7

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Нурбек кызы Жибектин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен кыргызмын! Кыргызстан деген кичинекей мамлекеттин ичинде жашаган бир жупуну үй-бүлөнүн кызымын. Кыргыз экениме сыймыктанып жашайм. Мен бул дил баянга өз оюмду жазууну чечтим. Канчалаган карт тарыхты башынан кечирип улут болуп сакталып келе жаткан элибиз 2200 жыл тарыхы бар эл жөн эл болбосо керек деп ойлойм. Тарыхта айрым элдер кумга сиңген суудай жок болуп кеткенин билебиз. Бизде дүркүрөп гүлдөп-өсүп, толкуп-ташып улуу мамлекетке айланса , кээде чабылып-чачылып эскиси унутта калып, аз жерден маданияты, каада-салты жоголо жаздап, бирок өсөр эл өткөнүн унутпай дейт эмеспи. Биздин ар бир тармакта кандай гана улуу инсандар эмгек кылып келишкен. Мисалы; Айтматовдун чыгармаларын айтсак Жаратылыштын кооздугун көркөм сөз менен кандай гана соонун жеткирип берген. Саякбай, Сагынбай манасчыларыбызды ким унутат. Улуу эпосту муундан муунга өткөрүп, адабиятта өз ордун тапкан улуу инсандар. 1991-жылы 31- авгутта эгемендүүлүк күндү өз келечегибизди өз колубузга алдык. Эгемен мамлекет болгондон бери жыйырма төрт жылдын жүзү болуптур. Ушул мезгил ичинде кыргыз эли өзүнүн туусун, гербин, гимнин-мамлекеттик атрибуттарын негиздеди. Кыргыз тили-мамлекеттик тил,-деген статуска ээ болду. Башка өлкөлөр менен экономикалык карым- катнаш түзүлдү. Адамдар жашоо үчүн өз алдынча күрөшө башташты-Россия, Турция, Америка деген чоң- чоң өлкөлөргө жумуш издеп кетип жатышат. Бул бир жагынан жакшы болгону менен экинчи жагынан үй-бүлөсүн таштап алыс жакта акча табуу балдары үчүн кыйын болууда. Кыргызстан- тоолуу өлкө болгондуктан бизде турмуш тармагын өстүрүүгө болот. Себеби: таза аба,таза суу, жаратылыштын кооздугу келген туристерди таң калтырып, кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Кен байлыктарга бай жаратылышыбызды туура пайдалансак экономикабыз да өсүүгө муктаж болмок.
Байыртадан мал киндиктүү эл болгондуктан мал чарбасына дагы көбүрөөк көңүл бурулса, жакшы болот эле. Өзүбүздөн чыккан продукцияларды эл аралык талапка ылайык даярдап экспортко жөнөтсө болот беле дейм. Өлкөнүн экономикасы оңолсо пенсиялар көбөйүп, мугалим, доктурлардын айлыгы көбөймөк,элдин жашоосу оңолмок. Кайыр сурап, көзүн жалдыратып турган адамдар, иш иштеп үй-бүлөсүн өз маянасы менен багат эле деп ойлойм.
Тарбия үйдөн башталат демекчи ар бир окуучу билимди жакшы алууга умтулуусу керек. Патриот болуп мекендин өсүшүнө салым кошуу ар бир адамдын, окуучунун милдети болуш керек. “Туулган жердин топурагы алтын ”,-деген макал бекер жерден айтылбаа керек. Алыс жерде иштеген мекендештер канча акча тапса дагы баари бир кыргызстанды сагындык деп телевизордон айткандарын угуп калам.
Биздин мекенибизге кошкон салымыбыз жакшы окуп чоң окуу жайларды жакшы окуп, алган билимибизди турмушта колдонуп, өз элибизге кызмат кылсак жакшы болот. Мен мисал үчүн чоңойгондо банкир болгум келет. Математика сабагына кызыгам, жакшы окуйм. Келечекте банкир болуп эл үчүн кызмат кылгым келет. Азыркы мезгилдин эң көйгөйлүү маселеси бул адамдар бири-биринен акча талап кылуу же болбосо пара берүү. Окуу жайлардагы пара берүү студенттердин окууга болгон кызыгуусун жок кылып баари бир акча берем да, деген ойду пайда кылат. Ана ошондой студенттерден кантип жакшы адистер чыгат. Баардык эле адамдардын жаман деп айтуудан алысмын. Арабызда өз ишин мыкты билген, “адам” деген улуу атка татыктуу адамдар коп болуш керек.
Дил баяндын башында айткандай бизди туризм тармагын кышында да, жайында да өнүктүрсө болот. Кышында кар баскан тоолордо лыжа чана жана башка кышкы спорт оюндарын өткөрүүгө бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми жайкысын Ысык-Көлгө абдан көп туристер келет эмеспи. Ал гана эмес өзүм жашаган Ат-Башы айылынан көп туристерди көрөм. Биздин тоолордун кооздугу,ар кандай тарыхый жерлерди көрүүгө келишет. Мисалы: Кошой коргон, Ташрабат деген тарыхый жерлерин көрүп кыргыз элинин меймандостугуна баа беришет. Азыр техниканын заманы болуп, баардыгы жаңыланууга дуушар болуп турат, ошентсе дагы биз өз тилибизди, дилибизди, каада-салтыбызды, үрп-адаттарыбызды унутпай сактап, кийинки муунга да өткөрүп берүүнү унутпасак. Биздин ата-бабалар эч кандай техникасы жок эле баарын өз колдору менен жасап эле көп баалуулуктарды бизге чейин жеткиргени тарых барактарында сакталып жүрбөйбү.
Ырыс алды ынтымак дегендей, мен эли-журтумду ынтымактуу болууга чакырат элем.
Ынтымагы бар элдин таалай багы ачылат.
Ынтымагы жок элдин ырыскысы чачылат дейт эмеспи элибизде.


Кыргыз республикасы, Нарын областы, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 5-«Д» классынын окуучусу Нурбек кызы Жибектин жазган дил баяны.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Нурдинова Гүлзананын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Менин өлкөм Кыргызстан. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз. Көптөгөн кен байлыктарга ээ. Алардын эң негизгиси Кумтөр алтын кени. Бирок өкүнүчтүүсү мен ушул кумтөр алтын кенин чет-элдиктерге таандык деп сыналгыдан сүйлөгөн ага-эжелерибизден угуп келем.
Бой жетип чоңойгондо мен да бул маселеге кызыкдар болом деп ойлойм. Мындан сырткары Макмал, Жер-Үй алтын кендери бар. Мына ушуларды туура иштетип пайдалансак Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө эң чоң таасири тиет. Кыргызстан негизинен тоолуу өлкө болгондуктан мал чарбачылыгы да өнүккөн.
Мен Кыргызстандын тоолуу, эң катаал климаты болгон Нарын облусунун Нарын шарында жашайм. Биздин жергебизде негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет.
Туулган жердин топурагы алтын деген макал жөн жерден айтылбаса керек. Ошол сыңары мен дагы Кыргызстандын, анын ичинен кичи мекеним болгон Нарын шаарынын гүлдөп өсүшүн каалайм. Келечек жаштардыкы дейт. Келечекте билимдүү жаштар көбөйүп, бирөөнүкүнө көз артпай, өзүбүздүн колдо бар кен байлыктарды, айдоо жерлерибизди туура иштете билсек Кыргызстан сөзсүз башка өлкөлөрдөй өнүгүп өсүп бүт дүйнөгө таанылат деп ойлойм. Өзүм дагы билимге ээ болуп, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө салымымды кошом.
Менин келечекте максаттарым көп. Окууну бүткөндөн кийин медициналык билимге ээ болуп доктур болгум келет. Доктур болуу менен дагы мекенимдин алдыга карай өсүшүнө салымымды кошо алам деп ойлойм . Себеби алыскы райондордо, кыштактарда доктурлар жетишсиз. Келечекте алдыга койгон ой-максаттарым ишке ашса, айылдарга барып иштейм. Бизге окшогон жаштар барда Кыргызстан сөзсүз өнүгөт!


Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 6-г классынын окуучусу
Нурдинова Гүлзана

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Сейталиев Нуржигиттин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргыз жерибиздин гүлдөп-өсүшүн ар кимибиз ар башкача элестетебиз. Бишкегибизде башка мамлекеттердикиндей кооз-кооз имараттардын, Ысык-Көлүбүздө заманбап пансионаттардын, облустарыбызда дагы бийик-бийик курулуштардын курулушун каалайбыз. Шаарларыбызды поезддер бириктирип, самолеттор учса дейбиз. Жаратылышыбыздын кооздугун айгинелеген, туристтерди өзүнө тарткан эс алуу жайларыбыз көп болушун тилейбиз.
Мен деле дүкөндөргө кирсең бары арзан болуп, өзүбүздөн чыккан экологиялык таза продуктылар сатылса деп ойлойм. Россияга жана башка мамлекеттерге жумуш издеп кетпей, алардыкындай курулуштар, заводдор, ишканалар өзүбүздө болсо, баардыгыбыз чоңойгондо кайда иштейбиз дебей, окуну бүтөрүбүз менен каалаган окуубузга бекер тапшырып, бүтөрүбүз менен жумуш таап кетсек ошондо өнүктүк деп билээр элем.
Бирок, менин дагы бир башка оюм бар. Ал чек ара маселеси боюнча. Баткенде өмүрү болбосом да ал жактагы бат-баттан болуп жаткан окуялар тынчсыздандырат. Түштүк облустарыбызда коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймактарында тактала элек талаш, чыр жерлер көп эмеспи. Ошолор такталып, кылымдардан бери бир тууган элдерибиздин достук мамилелеринин бекем болушу- Кыргыз жеримдин гүлдөп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизээр эле деп ойлойм. Эгемен элбиз, тынчтык болсо бат эле өнүгөрүбүзгө ишенем.
Өзүм курсагым ток болуп, эч кандай проблемасыз мектепке ойноп барып келгеним менен Баткендеги айылдарга уят-сыйытсыз, зөөкүрлөрчө кирип келип мектептердин чатырларын, терезелерин талкалап, ар кандай шылтоолор менен кыргыздарга кол салып жаткан тажик туугандардын кылыктары ойдон кетпейт. Телевизордон көрүп азыр эле ат минип алып баргың келет.
Мен, ушул тактала элек чек аралар такталса, бир айлыбыздан экинчи айылыбызга баруудагы анклав жол маселеси толук чечилсе Кыргыз жерим өсүп-өнүгөт деп элестетем жана тезирээк ишке ашышын каалайм.

Нуржигит Сейталиев. Нарын облусу, 12 жашта.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Нуркалиева Нураиданын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргызстан- биздин ата-бабаларыбыздан калган муундан-муунга мурастап, көздүн карегиндей сактап турган мамлекет. Аны коргоо душманга аяк бастырбоо, аймагынын бүтүндүгү үчүн керек болсо кан-жанын аябай курмандыкка баруу, ар бир атуулдун милдети.
“Өз элинин тарыхын билбеген адам- наристе балага окшош”,- деп айткан экен илгерки адамдар. Анын сыңарындай биз дагы өз тарыхыбызды унутпай, сактап, барктап, баалап, өркүндөтүшүбүз керек.
Кыргыз эли кандай калк экенибизди тарыхыбыз тастыктап турат. Биз өз мекенибизди сүйөбүз жана коргойбуз. “Мекенден айрылганча, өмүрдөн айрыл”- деген жакшы сөз бар эмеспи элибизде. Аны менен бирге Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүн каалайбыз. Биз өз мекенибиздин өркүндөп өсүшү үчүн эмне кылышыбыз керек? Азыркы учурда Кыргызстан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирет. Мен дагы келечекте өз жеримдин гүлдөп-өсүшүн, башка чоң мамлекеттердин катарында болушун каалайм. Ал үчүн биздин эл ынтымактуу, биримдиктүү жана эң башкысы билимдүү болушубуз зарыл. “Ынтымак жакшы, ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы”- деп, бекеринен айтылбаса керек. Келечек жаштардын колунда, андыктан эч талбай, улам сайын келечекке умтулуп, жакшы билим алсак, Кыргызстан оңолот деген оюмдан күмөн санабайм. Анткени, азыркы жаштардын ыркы бузулду, көпчүлүгү жаман иштерге барып, өзүлөрүн ыпылас нерселер менен курчап жатышат. Ал эми кээ бирлери окуюн, издейин, иштейин, өз өлкөмдүн атын чыгарып, кымындай иш болсо да жасайын деп умтулуп жаткандары да арабызда аз эмес. Чоңдор болсо баягыдай эле уят- сыйыттан кетип, байлык, бийлик деп жашап калышкан. Билем, алардын баарынын эле көзүн май баскан эмес. Арасынан билимдүүлөрү, аракетчилдери суурулуп чыгат. Кээ бир инсандарыбыз мекенимди көтөрөйүн, өркүндөтөйүн дегени менен, анын артынан көптөгөн аракечтер, бекерпоздор чыкпай койбойт.
Мисалы, кыргыз жерибизден Чыңгыз атабыз сыяктуу, дүйнөнү дүңгүрөткөн атуулдар көп эле чыкты. Бирок алар менен бирге терс жолдо жүргөн адамдар жок деп айта албайбыз. Деги эле Кыргызстаныбыз канткенде жана качан оңолот? Мына ушул суроону мен кыргыз элиме бергим келет. Эгерде жакшылап ойлонуп туруп, жакшы билим алсак эле баары өз нугунда болот деген терең ишеничтемин. “Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу”- деп Чыңгыз атабыз айткандай, ар дайым, күн сайын жакшы адам болууга аракет кылалы! Азыр элибизде “жаштардын кыйын, алар эң мыкты иш жасап жатышат, азыркы жаштар азамат” деген сөз бир да ооздон чыга элек. Мамлекетибизде болуп жаткан окуялар жүрөк оорутпай койбойт. Кээ бири коррупция менен алышса, кээ бири ар кандай кылмыштуулукка барып жатышат. Мына ушундай окуяларды болтуруп жаткан адамдар кайрадан ойлонуп иш жасаса эле оңолобуз да. Анткенге неге болбосун. Билими жок деле акыл менен жакшынакай жашап жаткан адамдарыбыз жок эмес. Баарын башынан ойлонуп туруп бир жакшы иш баштап, аны менен алектенип кетсе болот да. Бирок кээ бирлери ойлонбой туруп эле уурулук же талап- тоноочулук жана башка терс иштер менен алектенип жүрүшөт. Мындай туура эмес иштерди жасоо менен биз өлкөбүздү гүлдөтүп остүрө албайбыз. Кээ бир жаштарыбыз колунан келбесе да ак ниеттик, эмгекчилдик менен достошуп алып, жакшы иштерди жасоо менен бирге мекенине салымын кошуп атат. Мисалы, менин мындай иштерге көз карашым жакшы. Анткени, алар билими жок болсо да, тырышып, келечекке умтулууда. Ал эми менин максатым эң жакшы деген көрсөткүч менен окуумду аяктап, чоң окуу жайларына тапшырып, ал жактан дагы жакшы, тырышып окуп, окууларымды аяктаган соң, чет өлкөлөргө чыгып, көп тил билип, башка өнүккөн мамлекеииерге барып, ал жактан жакшы тажрыйба топтоп, аны менен кайра бул жактан бөлүшүп, мекенимдин гүлдөп- өнүгүшүнө салымымды кошуп, болгон күч, аракетимди жумшап, андан ары өз жашоомду улантууну каалайм.Ар бир Кыргызстандык жаш жарандын жүрөгүндө мына ушундай жакшы сезимдер бар деп толук ишенем. Азыркы кезде жаштар билим алуусу керек. “ Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деген кыргыз элибизде жакшы макал бар эмеспи. Менин оюмча, билимдүү гана эмес тартиптүү болсоң да, сен өз жашоонду өзгөртө аласың. Канчалык сенин тарбияң болсо, анда сенин билимге болгон шыгың дагы көтөрүлөт, өсөт. Биз Кыргызстандын жаштары, азыркы кезде бизге аба, суу, нан кандай керек болсо, билим дагы, анын ичиндеги маданияттуулук, ынтымак, биримдүүлүк дагы ошончолук деңгээлде керек деп ойлойм. Мен үчүн эң башкысы- жакшы, татыктуу билим алуу “ Окуу, окуу жана окуу” дегендей, ар дайым билимге умтулгула, татыктуу билим алууга шашылгыла демекчимин. Биз билимдүү болсок Кыргызстан өнүгөт, өсөт. Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өнүгүшүн каалайм.
Нарын обласынын Нарын районундагы
Алыш орто мектебинин 7-классынын окуучусу
Нуркалиева Нураиданын “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” аттуу конкурска жазган дил баяны.
Алыш айылы,Нарын Областы 722900
Эсенаманов Ыбырай 47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Нурланова Курманжандын дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Дарыя - миңдеген булактардан, көк кашка тунук суулардан куралган сымал адамзаттын тарыхы да далай доорду, кызыл кыргынды өз башынан кечирип, күркүрөп аккан улуу дарыя сымал эч качан артка акпайт, мезгил агымына баш ийип алдыга гана кадам таштайт. Мейли кылычыңды сууруп алдынан тосуп чык, мезгил ага карабайт, тарых өз нугунда кете берет. Кана артка кылчайчы, сенин басып өткөн жолуң, кечээки эле күнүң бүгүн тарых. Азыркы абалын, дем алып жатканын да тарыхка айланат.

Мына ушул миңдеген жылдарды өз башынан кечирип, далай кылымды артка таштап, көптөгөн окуяларга күбө болуп, көзү менен көргөнү менен асманды тиреп Ала-Тоо мелтирейт, унчукпайт. Дал ушул Ала-Тоонун койнунда күн кечирип жүргөн алакандай кыргыз эли бар. Кыргыз элинин пейилине жараша өлкөбүз да кооз, көрктүү. Асман тиреген тоолору, ак мөңгүсү, көк кашка тунук суулары, ажайып кооз жайлоолору, көз тайылткан көлдөрү дегеле койчу айтып отурсаң түгөнгүс. Бирок кыргыз элиме алмустактан бери колуна эркиндик тийбей, киндик кан тамган жеринен далай ирээт сүрүлүп кетсе да "Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык"- деп эсептеген кыргыз элим эркиндикти самап, ал үчүн жанын берүүгө даяр эле.
Эң биринчи өз алдында, эч кимге көз карандысыз кыргыз мамлекети тогузунчу кылымда түптөлгөн. "Улуу Кыргыз дөөлөтү" деген ат менен тарыхта калган кыргыз мамлекети 843-жылы негизделип, анын карамагына Чыгыш Монголия, Ысык-Көл, Жети-Суу жана Сибирден Улуу Кытай дубалына чейинки зор аймак кирген. Көктөн тилегени, жерден табылып кыргыздардын колуна "Эркиндик" тийет. Ошентип кыргыздар биринчи жолу тарыхта өз алдынча мамлекет түптөшөт. Бирок ич ара согуштар Улуу Кыргыз дөөлөтүн алсыратып бир кылымдык өмүр сүрбөй кыргыз мамлекети урап калат. Ошондон кийин кыргыздар канчалаган кылымдарды башынан өткөрсө да, колубузга эркиндик тийбей, ар кимге түртүкүнчөк болгон жетим баладай, курсагыбыз толо тамак ичпей, ийинибиз кубана кийим кийбей жашап, тирүү жүргөнүбүзгө тобо деп күн көрүп жүргөн кезибизде капысынан көптөн күткөн эркиндик колго тийди. Мына ошол эркин замандын жыйырма төртүнчү жылын жашап, чейрек кылымга кадам таштап жаткан учур. Жыйырма төрт жыл айтканга оңой болгону менен ушул жылдар аралыгында эмнелерди гана көрбөдүк?!! Совет мамлекети качандыр бир күнү урап таш-талканы чыгып калаарын ойлодукпу? Жок андай оюбузга да келген жок. Көңүлүбүзгө карап, көкүлүбүздөн сылаган Совет бийлиги урагандан кийин атасынан ажыраган балага окшоп жетимсиреп, боз-ала болуп отуруп калганыбызды ким танат? Мына ошол учурда өлкөбүздү өнүктүрөм деп, эл-жерибизге көз баш болгон А.Акаевден эч майнап чыкпай, кайра өз элине жек көрүндү болуп, Орусияга баш калкалап калды. Андан соң президент болсом эле Кыргызстанды гүлдөтүп салам деген К.Бакиев элин кара кийгизип, кан жуткуруп коюп, жанын сактап, чет өлкөгө качып кетти. Ошентип мамлекетибиз өткөөл мезгилге туш келгенде, мамлекеттин тизгинин колго алган азыркы замандын "Курманжан даткасы" Р.Отунбаеваны айта кетпесе болбос. Мен бул окуяларга токтолуп жатканымдын да өзүнчө бир себеби бар. Айтышат го "өткөндөн сабак алып, башкалардын катачылыгын кайталообоону үйрөнүү керек" деп. Азыр мен болгону он төрт жаштамын. Кээде өзүмө суроо берем. "Канткенде кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошо алам "деп көпкө ойлондум. Акыры жообун таптым. Эгерде мен жакшы окуп, кесипти туура тандап, өз кесибим менен иштесем бул менин мемлекетке кошкон салымым болот. Балким силер ойлойсуңар бир адамдын иштегени эмнеге жетмек эле деп. Бирок мен жалгыз эмесмин. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей мен теңдүү өспүрүмдөрдөн миңдир же андан да көптүр. Биз ар кайсы кесиптин ээси болуу менен катар бирибизге-бирибиз арка-жөлөк болуп, бирибиздин кемчилигибизди бирибиз толуктап турсак өлкөбүз сөзсүз өнүгөт деп ишенем.

Айта кетчү нерсе жакында жаңы жыл. Ал эми кыргыз элиме берилген эң чоң белек бул 6 миллиончу жараныбыздын жарык дүйнөгө келиши. Бул ымыркай кыргыз элиме акжолтой болсун! Кыргыз элин касиеттүү Манас Атанын арбагы колдоп жүрсүн!

Кыргыз Республикасы, Нарын обласы, Кочкор району, Эпкин айылы. Асыранбек Мааткеримов атындагы 9-а классынын окуучусу Нурланова Курманжан.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Осмонова Касиеттин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Ооба, ар бир жүрөгү кыргыз деп соккон атуул өз мекени Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалайт. Ар бир инсан өз мекенин сүйүп, мекенинин келечегине кайдыгер карабаса ал албетте өз мекенинин тарыхын, ү рп адат каада-салтын билүүгө тийиш. Өз элинин тарыхын уңгусун билбеген атуул келечекке кандай кадам таштаары белгисиз. Ошондуктан келечекке кадам басып өткөн жол аркылуу кетет эмеспи. Анда сөз башынан болсун.

2. Кыргызстандын тарыхынан кыскача маалымат.

Мен кыргыз болуп калганыма кубанам. Анткени, тилим кыргыз, дилим кыргыз.
Кыргыз улуту сыймыктанып, көкүрөгүн көтөрө мактана турган, башка эч бир улутка окшобогон биздин улуу дөөлөттөрүбүз, ата-бабабыз аздектеп бизге жеткирген «Манас» эпосу, боз үйүбүз, комузубуз, кымызыбыз сөз кылууга арзыйт.

3. IX кылымдын ортосунда пайда болуп, Х кылымдын башына чейин Борбордук Азиянын ири ээликтерине бийлик жүргүзгөн орто кылымдагы кыргыз каганатын тарых илиминде алгачкы жолу академик В.В.Бартольд «Кыргыздар. Тарыхый очерк» деген 1927-жылы басылып чыккан эмгегинде «Улуу Кыргыз Державасы» деп атаган.
Байыркы кыргыздар болжол менен азыркы Сонголиянын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Кол аймагында жашаган. Хункулардын кысымынан б.з. алгачкы кылымдарында кыргыздардын негизги бөлүгү Эне-Сай тарапка оогон, жергиликтүү динлиндерди кыргыздар өзүлөрүнө сиңирип алган. 6-кылымда өз алдынча мамлекет – Кыргыз кагандыгы болгон. 840-жылы кыргыздар Борбордук азиядагы Уйгур кагандыгын талкалаган жана Чыгыш Туркестанга качкан уйгурлардын артынан кууп келип, Теңир-Тоо аймагында туруп калышат. Кыргыздар чыгыштан Тенир-Тоого кара кытайлардын, наймандардын жана монголдордун жортуулу учурунда да оошуп келген. Санжыра боюнча кырк уруудан куралган. Ошондуктан, «кырк уруулуу» эл деп аталган.

Байыркы кыргыздардын мекени
Б.з.ч. III к. Байыркы кыргыздардын Мекени тууралуу тарыхый жазма булактарда ар башка айтылат. Кыргыздардын мекени Эне-Сай дешсе, башкалары Хыргыз-Нур (кыргыз көлү) көлүнүн райондору, азыркы Тундук-Батыш Монголиянын территориясы деп эсептешет.

Эгемендүү Кыргызстан
1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карансыздыгын атайын Декларацияда билдирип: «Кыргыз республикасынын бүткүл аймагында мамлекеттик эгемендүүлүгүн салтанаттуу түрдө жарыялайт» - деген чечим кабыл алынган Кыргыз Республикасы – Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 180 мамлекетинин ичинен анча чоң эмес евразиялык мамлекет. Эгемендүүлүккө жетишкен Кыргыз Республикасын 135 мамлекет таанып, 100го жакын мамлекет менен дипломатиялык байланыш түзүлгөн. Кыргыз Республикасы Конституция боюнча эгемендүү, унитардык, демократиялык укуктук мамлекет. Кыргызстан – тынчтыкты сүйгөн, демократиялык, укуктук мамлекет болууну көздөгөн өлкө.

«Манас» - кыргыз рухунун өчпөс жылдызы
Дүйнөдө акылмандык менен бүткөн кандай керемет болсо, ошонун бири – «Манас». Башынан бери акыйкат белгилеп жүргөндөй, ал элибиздин улуттун сыймыгы, ата-бабабыздан келе жаткан алтын мурас, кыргыз рухунун туу чокусу, элдин оозеки поэзиянын чексиз океаны.
«Манас» - элдик акылмандыктын жемиши. Ал кылымдардын тарыхы катылып жаткан чоң сыр, өтө баалуу кенч.

Кыргыз Республикасынын тили.
Кыргыз тили – кыргыз элинин улуттук тили, анда кыргыз улутунун өткөндөгү тарыхы, асыл-нарктары, рухий байлыгы, келечектеги күткөн тилеги, айкөл пейили – ушунун бары сакталат. Ошон үчүн биздин ата-бабаларыбыз эзелтен бери эле сөз өнөрүн жогору баалашып, «өнөр алды – кызыл тил» - деген көөнөрбөс осуяттарын айтып келишет. Дегинкисин айтканда, кыргыз маданиятынын туу чокусу «Манас» эпосу да кыргыз тилинде жаралып, ушул тилде жашап келе жатат жана жашай бермекчи. Чынын айтканда, кыргыз улуту үчүн кыргыз тили – көөнөрбөс улуу байлык. Эне сүтү менен кошо жан дүйнөбүзгө берилген мындай улуу нерсени урматтап, анын өнүгүшү үчүн камкордук көрөлү.

Эне тилим
Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим,
Кылымдын азиз энем күткөн тилим.
Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,
Жаралып, жаным менен бүткөн тилим.

Сүйүктүү, татынакай сулуу тилим,
Мээримдүү, жүрөгүмө жылуу тилим.
Ширелген жакут менен көркү чексиз,
Тамшанткан, такылдаткан балдай ширин.

Бул тилден кылдат, кымбат сырын ачам,
Канымды сыя кылып китеп жазам.
«Таң эртең тил өмүрү бүтөт» десе,
Күн менен уккан кечте кошо батам.

Эне тилим
Сен барда кыргызым бар, эне тилим,
Ала-Тоо, ак калпагын, элечегиң.
Боз үйүң, комуз күүсү, чоор үнү,
Жаңырып үмүт коштоп келечегин.
Тил улуу адам затка ыйгарылган,
Тилин сүй Токтогулдун, Жээренченин.
Улутумдун белгиси эне тилим,
Урматы сен, атакемдин, энекемдин.

Чыңгыз Айтматов
Дүйнөгө белгилүү кыргыз эл жазуучусу даанышман, акылман, ойчул 21-кылымдын бирден-бир көрүнүктүү жазуучусу, руханий эмгеги кыргызга гана эмес, бүт дүйнөлүк маданиятына сиңген инсан, чыгармачылыгы кылымда сейрек келүүчү феномен бул Чыңгыз Айтматов.
Айтайын сөздүн чыныгын,
Азалуу болду бул кылым.
Манастан кийин кыргызым
Мактаныч кылчу Чыңгызым.
Айтматов Чыңгыз жаркыган,
Ак таңыбыз дечү элек.
Айтылып бүтпөс дүйнөдө,
Дастаныбыз дечү элек.

Чыңгыз кайда?

Күттүк элек, күттүк элек сагынып,
Теңиримден тиленип да, жалынып.
Келсе экен деп, элдин куту сакайып,
Биздин санаа өзүң жакка агылып.

Келбей калды биз тилеген ак тилек,
Сокпой калды ааламда кең алп жүрөк.
Жүрөк сызат, жан дүнүйөм зыркырап.

Ыйлайм, ыйлайм, жер жаңырта чыркырап,
Аалам уулу, улуу адам кулады.
Жарык жылдыз өлбөстүккө зуулады,
Бүт дүйнөлүк орду толгус жоготуу.
Өтпөй турган адам болбойт турбайбы,
Айтматов ааламы кыргыз барда.
Кылымдарга келбес кенчтүү дүйнө катары урпактарга үгүт, кыргыздын келечек муундарынын мухитинде калгандай келсе болору бышык эмеспи.

Боз үй
Ак өргөө – бул кылымдардан бери келаткан бакыт жөнүндөгү кыялдын символу. Өткөн убакта Ак өргө, Ордо үй хандын, көчмөн элдин мыктыларынын хан сарайы, ак чатыры болгон. Боз үй – элдин тарыхы, үй-бүлө ыйык туткан эстелик, ар бир кыргыз баласынын бала чагынын образы. Ошондуктан ак өргө кыргыздардын чыныгы үйү. Ак өргө – бул кыргыздын оймо – чиймесинин үйү. Кыргыздарда мал чарбасы өнүккөн. Ошондуктан, кыргыз баласы боз үйүн дайыма дөнсөөгө тигет. Себеби ал жерден малга көз салууга, корктуу тоорлорду көрүп турууга ынгайлуу. Жайлоодо боз үй тоонун ажырагыс бөлүгү сыяктуу. Ал туу чокудагы кардай аппак.

Комуз
Комуз – кыргыз элинин музыкалык аспабы. Комуз – эң байыркы музыкалык аспап. Ал жыгачтан жасалат. Комуз өрүктөн, алмуруттан, карагайдан, алчадан жасалат. Ал алмурут формасында чабылат жана моюну ичкерип кетет. Комузда күүлөр чертилет жана оркестрде ойнолот. Комуз менен ырдашат.

Улуттук тамак-аш
Ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап жеп жүргөн улуттук тамак-ашы бар. Эзелтеден бери кыргыз эли дагы өзүнүн тамак-аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген. Кыргыз эли көбүнчө эт жана сүт азыктары менен тамактанган. Бүткүл улуттук шаан-шөкөттөр, түркүн конок күтүүлөр муздак этсиз, айран, кымызсыз, куурдаксыз өткөн эмес. Жылдап сакталган чучук, катылган сүр, курут, сүзмө, гүлазык, ташкордо сыяктуу муздак тамактар колдонулган. Кыргыздын ысык тамактары малдын, кайберендин, өсүмдүк азыктарынан, илбээсиндин, үй канаттуулардын этинен жана балыктан жасалат. Ашты кыргыздар кууруп, кайнатып, демдеп, буулап жана оттун табына кактап бышырып келишкен. Аш, той берип, же мейман күтүүдөгү тамак берүү салтынын эң бир сыйлуу жери устукан тартуу. Улуттук сый оокаттын эн аземи беш бармак болуп эсептелет. Ал майда тууралган этке кесме, пияз, шорпо, ар кандай татымдар кошулуп даярдалат. Мындан сырткары быжы, жөргөм, чучук, күлчөтай, кесме, шишкебек, пало жана башка тамактарга өтө бай. Кыргыздардын аш тойго арналган сый оокаттарынын бири боорсок, каттама, куймак болуп эсептелинет.

Кымыз
Кымыз - дүйнөдөгү эң байыркы суусундук. Ал кыргыздын жарма, максым, бозо, айран-сүт, чалап өңдүү улуттук суусундуктарынын ичинен эң баалуусу. Кымыз бээнин сүтүнөн жасалып, чаңкоону гана кандырбастан организмге пайдалуулугу, жагымдуулугу жана дарылык касиети менен да баалуу. Кымыз бээнин сүтүнөн ачытылып жасалган кычкыл суусундук. Аны кечки жаз мезгилинен даярдай башташат. Кымыздын төмөнкүдөй түрлөрү бар. Ууз кымыз – эрте жаздагы кымыз, сөөк кымыз – кеч күздөгү кымыз, тунма кымыз – эң алгачкы бышылбай даярдалган кымыз.

Кыргызстандын жаратылышы
Ысык-көл – Кыргыз жаратылышынын бермети.
Кыргыз жеринин жаратылышы абдан кооз. Көк тиреген чокусу ак мөңгүлүү, этеги жапжашыл тоолор ар түркүн дарактуу токойлор, шаркырап аккан тунук кашка суулар жердин көркү начат. Мына ушул кооз жерлердин ортосунан орун алган Ысык-Көл ажайып көркөм көрүнөт. Сакчылардай тегерете курчаган тоолордун этегинде асман менен жердин бириктиргендей, көтөрүңкү болуп, көгөрүп мелмилдеп жаткан Ысык-Көл адамга укмуштуудай таасир калтырат. Бекеринен аны биздин ата-бабабыз «Ыйык» деп атабаса керек, себеби байыркы түрк тилинде ыйык деген сөздүн бир варианты ысык деген сөз болгон. Ысык-Көл Тянь-Шандын Тескей жана Күнгөй Ала-Тоолорунун ортосундагы кеңдикте созулуп жатат. Кыргызстанагы эң ири көл, ошондой эле дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринен болуп эсептелет. Ысык-Көл тоңбойт. Көл өрөөндүн климатын жумшартып турат. Ошондуктан Ысык-Көлдүн климаты мелүүн, деңиздикине окшош келет.

Арсланбоб – дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Жыш токой жамынган тоолору, шылдырап аккан мөлтүр тунук суулары, көңүл сергиткен таза, салкын абасы, буруксуган жыттуу гүлдөрү , айлананы көркүнө чыгара кубулжутуп сайраган түркүн куштардын үндөрү Арсланбобко ажайып көрк берет. Мына ушундай табигый кооз ажайып жана жана Кыргызстандын Фергана тоо кыркаларындагы Бабаш-Ата бийик тоосунун түштүк этегинен орун алган. Арстанбоб – дүйнөдөгү эң табигый жаңгак токою. Арстанбобто түрдүү жаныбарлар жана канаттуулар мекендейт. Элик, аркар, кулжа, суусар, чил, кекилик жана күрөң аюу, илбирс, сүлөөсүн, кундуз, ылаачын, шумкар, тоодак, кыргоол, безбелдек уялап, асманда бүркүттөр шаңшып учат. Булардын көпчүлүгү Кызыл китепке жазылган.

Кыргызстандагы туризм
Кыргызстандагы туризм – Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Реалдык сектордун келечектүү тармагы. Кыргызстандын жери туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан кыйла потенциалга ээ. Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жер жүзүндө саналуу. Мындай дүйнөдөгү тоолуу жерлердин ичинен эң ажайып кооздукту көрүүгө болот.
Кыргызстандын табияты ар түрдүү: мында кар мөңгүлүү залкар тоо тилкесинен көк шиберлүү альп, субальп, карагай арча, жаңгак мөмө жемиштүү, токойлуу, шалбаалуу талаадан чөлдөргө чейинки ландшафттар кездешет.


Кочкор району, Исакеев айылы, С.Исмаилов атындагы орто мектеби
Осмонова КАСИЕТ
9б класс


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Азис Өмүрбек уулунун дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен туулуп өскөн мекеним Кыргызстаным менен абдан сыймыктанам. Элибизде «Туулуп өскөнжердин топурагы алтын » деген накыл сөз бекеринен айтылбаса керек. Киндик каныбызтамган мекенибизди көзүбүздүн карегиндей сактообуз абзел. Илгертен ата-бабаларушул бейиштин төрү болгон кыргызстанды бизге, урпактан-урпакка мурас кылыпсактап келишкен. Ак кар баскан ак мөңгүлүү ала-тоолору, көздүн жоосун алган көгүлтүркөлдөрү, суудай таза абасы деги койчу чалкайып жаткан жайлоолору, жапжашыл чөптөрүменен кимди да болбосо өзүнө тартып турат. Кайда барбагын жүрөгүн Кыргызстандеп согуп турат. Анткени; улуу инсандар «келечек жаштардын колунда» деп сыймыктануу менен айтышууда. Себеби мамлекетибизди алдыга сүрөп,өстүрүпөнүктүрүүгө салымыбызды кошуубуз керек. Эң биринчиден жаратылышыбызды сактообузабзел. Токойлорду кыйбастан, жаңы токойлорду тигип өстүрсөк жанажан-жаныбарларды кырып жок кылбастаналарга аяр мамиле кылып көбөйтүүбүз керек. Азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдүнпрезиденттери жаратылыш атмосферасынын өзгөрүүлөрүнө тынчсызданууда. Учурдаилимдүү илимпоздор чоң-чоң завод фабрикалардан чыккан түтүн, бак-дарактардын өсүүсүнөчоң таасирин тийгизип жатканын далилдеп айтышууда. Мындай темп менен аба-ырайыдагы өзгөрүп турса жер планетасы жок болуп кетүү коркунучун айтып, тынчсызданыпотурушат. ошол эле учурда илим изилдөөчүлөр жаратылышты коргоо үчүн жаңы бак-дарактарды отургузуп, жашылдандырып, өнүктүрүп, өстүрүп мамлекетибизге зор салымыбызды кошсок деген ниеттемин.“Жаштын тилеги берет” демекчи ар дайым жакшы тилек - жарым ырыс дегендейжакшылыктан үмүт үзбөй, Алга карай кыргызстанымды гүлдөтүп өстүрүүгө дайымдаярмын!

Тарыхы бар неченынтымагы дайым бекем,

Уча бер оболооп, бардыгы оңолот

Кыргызстаным оой-Кыргызстаным керекпи

Бир өзүңө арнаймжаным аябай тамчы

каны-ым

-деген ыр саптарында айтылгандай, мен буюрса өзүм тандаганчоң институтка тапшырып, ийгиликтүү бутуруп, элимдин, жеримдин керегинежараган бирден бир зор салымымды кошконинсандардан болсом деп «ак эткенден, так этип самап келемин».

Улутум Кыргыз,

Урааным Манас.

Ыйыгыбыз Ата-Мекен

Сыймыгыбыз Кыргыз элимдеп сыймыктануу менен айтар элем.

Кечиресиз, Кыргызча тамагалары жок болгондуктан туура эмесжазылып калды, телефон дон жазылды.Менин атым Азис

Нарын областнакарашту Кочкор районунда жашайм.

Азис Өмүрбек уулу.


Нарын обласына каршту Кочкор району




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Өмүрбекова Гүлнүрдүн дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

«Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп- ѳсүшүн каалайм»
«Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кышта катуу, бороон уруп, кар уруп,
Суугуңду ѳз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу- Ата-Журт!

Жазда башка жел тийбесин, абайла,
Кѳпкѳ турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды ѳз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн-Ата-Журт! »-
деп улуу акыныбыз Алыкул Осмонов мекен жѳнүндѳ абдан кеңири ой жүгүрткѳндүгү байкалат.
Чындыгында, Мекен- деген эмне? Мекен-бул адамдын тѳрѳлүп, алгачкы кадамын шилтеп, биринчи жолу «апа» деп айткан жери.Мына ошол күндѳн тартып, ар бир инсандын жүрѳгү «мекен» деп согушу абзел. Ал үчүн мекенчил жаштарды тарбиялоо, ѳстүрүп чоңойтуу үй бүлѳдѳгү, коомдогу жүрүм-турум адебине кѳз каранды эмеспи.
Бүгүнкү күндѳ кыргыз элинин эркиндиктин желегин желбиретип жатканына себеп болгон «Манас» атабыздын ордун баса белгилеп айтпасак болбос.
Эпосто негизги идея-кыргыз элинин бир туунун астында дайыма биримдикте, ынтымакта болууга үндѳп келгендигинде.

Улуу кѳсѳм Манастын кошчусу
Бакай атанын:
«Бѳлүнбѳ кыргыз бѳлүнбѳ,
Бѳлүнгѳндү бѳрү жейт.
Бѳлүнүп кетти кыргыз деп,
Бѳтѳн элге кеп кетет»,
деген сѳзүнүн терең маанисин түшүнүү менен мамлекет атайын тандап алган идеологиянын үстүндѳ терең ой жүгүртүү керек. Демек, «Манастын» дал ушул идеалары биздин таяна турган тообуз болуп жатпайбы.Ошону менен катар биз «бир жакадан баш, бир женден кол чыгаруу » менен ѳлкѳбүздүн ар кандай тармактары аркылуу ѳнүгүүгѳ бел байлообуз керек.
Ѳлкѳнүн тиреги ким? Албетте, жаштар.Алар калктын таянар тоосу, сыймыгы жана келечеги болуп келерин унутпай, Мекендин гүлдѳп ѳсүшүнѳ ѳз салымдарын кошуп, мамлекеттин келечеги үчүн «мекенчил атуулдардан» болуулары зарыл.
Жаштарыбыз кандай жолдо бара жатат? Бул суроого жооп берүүдѳ бир аз кыйналып турам.Себеби, социалдык тармактардын кѳбѳйүүсүнѳн ѳспүрүмдѳрдүн ой жүгүртүүсү замандын талабына карай бурмаланып келүүдѳ деп ойлойм.Албетте, интернет булактарынын пайдалуу жактарын карап, ѳздѳрүнѳ жакшы маалыматтарды топтогон улан-кыздарыбыз аз эмес экенин эске сала кетким келет.

Ал эми коомчулуктун чордонундагы терс кѳрүнүштѳрдүн бири «террорчулук» кѳңүл борборундагы кѳйгѳйгѳ айланып, айрым жаштар акча табуу үчүн Ата-Журтун ойлобостон, кур намыстын курмандыгы болушууда. Ѳлкѳбүздүн экономикасында олуттуу ѳзгѳрүүлѳргѳ кадам шилтенбей, кѳп тармактарда алсыздык байкалып келет. Буга себеп:
-« калк камын ойлобой, казына чачкан ѳзүмчүл жетекчилердин эл башында турганынан кѳрѳ, чым жазданып кара жер алдында калганы жакшы.Мындай башчылар-калайыктын шору, элдин чекесине чыккан чыйкан ,» - деп улуу ойчул Арстанбек атабыздын айткан ойлору азыркы күнгѳ туура келчүдѳй.
Ар бир атка минер «ѳз кѳмѳчүнѳ күл тартпастан» Мекен чегиндеги кѳйгѳйлѳрдү чече билсе, бул дагы ѳнүгүүгѳ карай жол болмок.
Азыркы убакта чечилбей жаткан маселелердин бири экологиялык проблемалар. Серепчи экологдордун айтымында, кыргыз элинин байлыгы болгон мѳңгүлѳр 50-60 жыл ичинде таптакыр жок болуп кетүү коркунучунда тургандыгын баса белгилешет. Мындай ѳзгѳрүүлѳрдү адам ѳз колу менен токтото албастыгы баарыбызга маалым.Ал эми таштанды маселеси да, кѳңүл бурдурбай койбойт. Бул иш ар бирибиздин колубуздан келе турган нерсе экенин ѳз мойнубузга алалы.
Ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүндѳгү бутактарга дагы эмнелер кирет? Бул багытка маданият тармагы да кирери шексиз. Орус жазуучусу Максим Горький «маданиятты ѳнүктүрүү процесси- кыйынчылыкты жеңүү процесси» дегендей эле, азыркы убакта маданиятты ѳнүктүрүүгѳ кѳңүл коюп, аны ар тараптуу колдоо менен руханий байлыгыбызды кастарлап, мындан дагы ѳнүктүрүшүбүз зарыл болуп жатканын туйсак жакшы болоор эле.
Ооба, муну менен катар «ѳз камыңды да ойло,алсызга жардам берип, жакшы иш жасоого, тынымсыз эмгек менен эл камын ойлоп, жүрѳгүңдѳ Мекен деген шам ѳчпѳсүн», дегим келет. Аттын кашкасындай таанымал акындарыбыздын бири Жеңижоктун айткан асыл сѳзу менен сѳзүмдү жыйынтыктаймын:
Тогузу болгун жылдыздын,
Туйгуну болгун кыргыздын.
Жетиси болгун жылдыздын,
Жетиги болгун кыргыздын!
Учу болгун кылычтын,
Учкуну болгун кыргыздын,
Сабы болгун кылычтын,
Сазы болгун кыргыздын!

Нарын облусу, Нарын району,
Эмгекчил айылы Т.Байбураев атындагы орто мектеби
9 «а»-классынын окуучусу Өмүрбекова Гүлнүр Тынчтыкбековна

Бирок, «ѳздѳн чыккан жат жаман, ѳзѳктѳн чыккан ѳрт жаман» дегендей эле, ѳз элин ойлогон атуулдар аз чыгып жаткандыгы ѳкүндүрѳт.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Өсүков Бектурсундун дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргыз дегенде биринчи шаңкайган Ала-Тообуз, чалкыган Ысык-Көлүбүз, атабыз Манас жана бизди бүт дүйнөгө тааныткан Чыўгыз атабыз ойго келет. Адам төрөлгөн жери мазар. Мен кыргыз атуулумун. Кыргызстаным мен үчүн ыйык мазар. θз мекениме менин да салымым зор. Азыр 15 жаштамын. Мен келечечекте дипломат болуу максатым. Азыр XXI кылым билимдин, техниканын ѳнүгүп жаткан убагы. Окусам иштесем өз өлкөмө салымымды кошсом дейм. Кыргызстанымдын жашыл өлкө, жарык шаар болушун каалайм. Жол жээгиндеги арыктарды, сууларды, акыр-чикирлерди тазалап, ар бир атуул бирден чырпык тиксек келечекте чынар болот. Кайдыгерлик болбой, мекенибиздин гүлдөшүнө баарыбыз бир колдой беш манжабыз бир муштумдай болсок жаркыраган Кыргызстаным баарына үлгү болот. Жаратылышыбыз абдан кооз жана кайталангыс. Сууларыбыз эў таза. Ошол ресурстарыбызды кѳздүн карегиндей сактасак келечегибиз жарык болот. Шаарлар, райондор, айылдарыбызга ѳнүгүүнүн жолун ачсак дейм. θз аймагыбыздын таштандыларын тазаласак, экологияга тийгизген таасирибиз зор. Кыргызстанда жашаганыма сыймыктанам. Кыргызстаным түндүк-түштүк болуп бөлүнбөсөк. Бакай атамдын айткан сөзүндөй: Бөлүнбө Кыргыз-бөлүнбө, Бөлүнсөў бөрү жеп кетет, бөлүнгөн Кыргыз экен деп. Бөтөн журтка кеп кетет. Бизге дагы тынчтык керек! Азыркы болуп жаткан терроризмдин бизге кереги жок. Кыргызстаныбыз жаштардын колунда.

Нарын областы

Кочкор району

Арсы айылы

Θсуков Бектурсун Жолдошбекович 10-класстын окуучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Райымбек кызы Айсулуунун дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө дегендей, канчалаган кооз,атагы дүйнө жарган өлкөлөрдү угуп, билип жүрсөм да, Кыргызстан эң бир ажайыпкооз сезилет. «Колдо бар алтындын баркы жок» деген сыңары суусу мол, эли кең пейилжерде жашап, биз анын баркын билбейбиз.

Анткени,Кыргызстанга келген башка улуттар көбүнчө арап эли кыргыз жергебизди бейиштинбир үзүмү катары кеңири баалайт экен. Ак алтын, кара алтын, сары алтындынмекени болгон өлкөбүздү азыртадан «жакшы окуп жакшы жүрүшүм элиме кошкон үлүшүм»дегендей, «эң мыкты» деген бааларга окуп, келечекте дүйнөдө жок кездешкисшаарга айлануусун тилеп да, каалап да келем.

Мен көкмелжип, асман тиреген ак карлуу тоолорубузга альпинисттер келип, жайкысын абасысалкын, тулаң чөп басып, гүл жайнаган жайлоолорубузга чет өлкөлөрдөн туристтеркелип, рахаттанып эс алып кеткендей заманбап шарттар түзүлүп, кыргыздынэтникалык буюмдарын жаңылап, атайын сайттар аркылуу дүйнө элине жарыялап,кыргызстаныбыздын ар тараптуу өнүгүшүнө биз бүгүнкү окуучулар ойлонушубузабзел.

Мен өлкөмдүнөнүгүшүн каалайм анткени кыргыз эли түптүү нускалуу эл. Эгер, биз жакшы окусак,бир учурда Россия, Америка, Япония сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн, өлкө болоруанык деп ишенем.

Кыргызстаныбыздынкелечеги жаштардын колунда. Ошондуктан жаш кыз, уландар өзүбүздүн мекенибизди дүйнөжүзүнө танытуу үчүн, көптөгөн эмгектенүүшүбүз жана аракеттенүүбүз абзел.Кыргызстан жаштары канчалык билимдүү болсо, Кыргызстаныбызды дүйнө жүзүнөошончолук даңазалайт деп ойлойм.

МенКыргызстанымды сүйөм! Кыргызстанымдын гүлдөп өсүшүн каалайм! Келечекте менинмекеним эң мыкты өлкө болоруна толук ишенем.



Райымбек кызы Айсулуу Кочкор району, Көк-Жар айылы,

Көк-Жар орто мектеби 6а-класс.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Рахатбек кызы Айжандын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Эх, кыргыз жерим кандай гана чоң жана кооз. Мен кыргыз жеримди сүйөм. Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм. Ал үчүн эмне кылыш керек? Биринчиден, кыргыз жерибиз гүлдөп-өсүшү үчүн өзүбүздөн баштасак. Биз илимдүү, билимдүү кыз-уулдардан болсок ынтымактуу, биримдиктүү эл болобуз жана өзүбүздүн ар кандай таланттарыбыз менен кыргыз элибиздин атак даңкын чыгарышыбыз керек. Биздин Кыргызстандын тургундары ар кандай кылмыштарды жасаса, албетте, кыргыз жерибиз гүлдөп-өсө албайт. Бирок азыркы тапта кыргыз элибиз жакшы гүлдөп-өсө элек. Биз өзүбүз кыргыз жерибизге ак ниет менен кызмат кылуубуз керек. Эч качан акчага, байлыкка кызыкпоо керек. Мен дагы Алмазбек атам сыяктуу президент же министр болсом анда мен кыргыз элимди ак ниет, ак кызмат кылгыла дегенге аракет кылмакмын. Ошондуктан кыргыз элиме айтарым Кыргызстанга чың дилиңер менен кызмат кылгыла дээр элем. Ошондо гана кыргыз элим гүлдөп өсөт.
Рахатбек кызы Айжан.
Ат-Башы району Ой-Терскен орто мектебинин 5-б классы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Рысбекова Асельдин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен Кыргызстанда жашаймын. Кыргызстан сулуу, тоолуу өлкө. Кыргызстандын борбор шаары Бишкек. Кыргызстанда жети област бар. Алар Ош, Баткен, Чүй, Талас, Жалал- Абад, Нарын жана Ысык-Көл. Ар бир облуста мектептер, үйлөр көп. Эгер баардык шаарларга, айылдарга ыўгайлуу шарттарды түзүп, жолдорду оўдоп, мектептерге, үйлөргө жаңы жана жакшы курулуштарды жүргүзсө жакшы болмок.
Мен чоңойгондо режиссер болуп иштегим келет. Мен биздин өлкө жөнүндө, кантип өнүктүрүш керек деген кино тарткым келет. Шаарлардын, айылдын тургундары тазалыкты сактап, бири-бирине жардам берип иштесе биздин өлкөбүз өнүгөт.
Кыргызстанга келген туристтер сулуулугу, тазалыгы менен суктанып кетишет. Андан сырткары мен башка тилдерди окуп, башка өлкөлөргө барып Кыргызстан жөнүндө айтып бергим келет. Эгерде биз өзүбүздүн өлкөбүзгө кам көрүп жашасак, биздин өлкө өнүгүп мындан да сулуу жана белгилүү өлкөлөрдүн бири болуп өнүгүшүнө мен ишенем!


Рысбекова Асель, Нарын шары, Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектептин 7 «Б» класстын окучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Рысбекова Эльнуранын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен Кыргызстанда жашайм. Кыргызстан менин туулуп өскөн жерим, ошондуктан мен Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм. Кыргызстан аябай өнүккөн жана таза болушуна үмүттөнөм. Кыргызстан өнүксүн деп көптөгөн жумуштар иштелип жатат. Биздин өлкө дүйнөгө таанымал болушун каалайм, жана Кыргызстанда туризм өнүксө деп үмүттөнөм. Ар кайсы мамлекеттерден туристтер келип биздин кооз-кооз жерлерибизге эс алып, кыргыз эли жана Кыргызстан бар экенин билип, таанып калса дейм. Бул кыргыз эли үчүн аябай пайдалуу, ошондой эле Кыргызсандын өнүгүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк алып келет деп ишенем.
Кыргызстан коррупциясыз өлкөлөрдүн бири болушун каалайм. Анткени, ар бир киши чын эмгегин ишке салып, таза жана өзү иштеп тапкан ырыскысын алса, өзүнө гана жакшы болот деп ойлойм. Коррупцияны жоюш үчүн, ар бир мекеме парасыз иштеш керек. Мисалы: милиция, дарыкана, жол кызматкерлери, өкмөт ж.б.
«Күмүштү ишке салсаң, бүтүп калат, сөзүңдү ишке салсаў күмүш табат» дегендей биз дагы таза жана чын эмгектенишибиз керек. Кыргызстандындагы жер байлыктарын жакшылап иштетип, көптөгөн фабрика, заводттор курулса абдан жакшы болот деген ой бар. Биз кошуна өлкөлөрдөн кем болбой жана эч нерсе сатып албай жашайбыз деп үмүт кылам.
Мен Кыргызстанды таза мамлекет болот деп элестетем. Баары өзүбүздөн башталат. Эгерде биз артыбыздан жыйнап турсак, башкалар да өзүлөрү жашап жаткан тегере-чөйрөсүн тазалап, жыйнап калат деп ойлойм. Таза шаар өзүбүзкө пайда алып келет. Анткени жашап жаткан жерибизде таштанды көп болуп, кир болсо биз ар кандай ооруларды жугуштуруп калыбыз ыктымал. Мисалы: гүлдү жакшылап өстүрүп, күнүгө суу куюп турса бажырайып өсүп чыгат, ошондой эле биз дагы Кыргызстанды өз жаныбыздай көрүп турсак, Кыргызстан да гүлдөп чыгат. Мен Кыргызстанды сүйөм. Буйурса Кыргызстаныбыз өнүккөн өлкөлөрдөн болот деп ишенем.
Рысбекова Эльнура, Нарын шаары, Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектептин окучуусу. 9 «А» кл.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Рыскалый уулу Ажыбектин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен кыргызмын. Кыргызстан деген кичинекей мамлекеттин ичинде жашаган бир жупуну үй-бүлөнүн баласымын. Кыргыз экениме сыймыктанып жашайм. Мен бул дил баянга өз оюмду жазууну чечтим. Канчалаган карт тарыхты башынан кечирип улут болуп сакталып келе жаткан элибиз 2200 жыл тарыхы бар эл жөн эл болбосо керек деп ойлойм. Тарыхта айрым элдер кумга сиңген суудай жок болуп кеткенин билебиз. Бизде дүркүрөп гүлдөп-өсүп, толкуп-ташып улуу мамлекетке айланса, кээде чабылып-чачылып эскиси унутта калып, аз жерден маданияты, каада-салты жоголо жаздап, бирок өсөр эл өткөнүн унутпайт дейт эмеспи. Биздин ар бир тармакта кандай гана улуу инсандар эмгек кылып келишкен. Мисалы; Айтматовдун чыгармаларын айтсак Жаратылыштын кооздугун көркөм сөз менен кандай гана сонун жеткирип берген. Саякбай, Сагынбай манасчыларыбызды ким унутат. Улуу эпосту муундан муунга өткөрүп, адабиятта өз ордун тапкан улуу инсандар. 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк күндү өз келечегибизди өз колубузга алдык. Эгемен мамлекет болгондон бери жыйырма төрт жылдын жүзү болуптур. Ушул мезгил ичинде кыргыз эли өзүнүн туусун, гербин, гимнин-мамлекеттик атрибуттарын негиздеди. Кыргыз тили-мамлекеттик тил деген статуска ээ болду. Башка өлкөлөр менен экономикалык карым- катнаш түзүлдү. Адамдар жашоо үчүн өз алдынча күрөшө башташты-Россия, Турция, Америка деген чоң-чоң өлкөлөргө жумуш издеп кетип жатышат. Бул бир жагынан жакшы болгону менен экинчи жагынан үй-бүлөсүн таштап алыс жакта акча табуу балдары үчүн кыйын болууда. Кыргызстан- тоолуу өлкө болгондуктан бизде турмуш тармагын өстүрүүгө болот. Себеби: таза аба, таза суу, жаратылыштын кооздугу келген туристтерди таң калтырып, кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Кен байлыктарга бай жаратылышыбызды туура пайдалансак экономикабыз да өсүүгө муктаж болмок.
Байыртадан мал киндиктүү эл болгондуктан мал чарбасына дагы көбүрөөк көңүл бурулса, жакшы болот эле. Өзүбүздөн чыккан продукцияларды эл аралык талапка ылайык даярдап экспортко жөнөтсө болот беле дейм. Өлкөнүн экономикасы оңолсо пенсиялар көбөйүп, мугалим, доктурлардын айлыгы көбөймөк, элдин жашоосу оңолмок. Кайыр сурап, көзүн жалдыратып турган адамдар, иш иштеп үй-бүлөсүн өз маянасы менен багат эле деп ойлойм.
Тарбия үйдөн башталат демекчи ар бир окуучу билимди жакшы алууга умтулуусу керек. Патриот болуп, мекендин өсүшүнө салым кошуу ар бир адамдын, окуучунун милдети болуш керек. “Туулган жердин топурагы алтын”,- деген макал бекер жерден айтылбаса керек. Алыс жерде иштеген мекендештер канча акча тапса дагы баары бир Кыргызстанды сагындык деп телевизордон айткандарын угуп калам.
Биздин мекенибизге кошкон салымыбыз жакшы окуп чоң окуу жайларды жакшы окуп, алган билимибизди турмушта колдонуп, өз элибизге кызмат кылсак жакшы болот. Мен мисал үчүн чоңойгондо банкир болгум келет. Математика сабагына кызыгам, жакшы окуйм. Келечекте банкир болуп эл үчүн кызмат кылгым келет. Азыркы мезгилдин эң көйгөйлүү маселеси бул адамдар бири-биринен акча талап кылуу же болбосо пара берүү. Окуу жайлардагы пара берүү студенттердин окууга болгон кызыгуусун жок кылып баари бир акча берем да, деген ойду пайда кылат. Ана ошондой студенттерден кантип жакшы адистер чыгат. Баардык эле адамдардын жаман деп айтуудан алысмын. Арабызда өз ишин мыкты билген, “адам” деген улуу атка татыктуу адамдар көп болуш керек.
Дил баяндын башында айткандай бизди туризм тармагын кышында да, жайында да өнүктүрсө болот. Кышында кар баскан тоолордо лыжа чана жана башка кышкы спорт оюндарын өткөрүүгө бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми жайкысын Ысык-Көлгө абдан көп туристтер келет эмеспи. Ал гана эмес өзүм жашаган Ат-Башы айылынан көп туристтерди көрөм. Биздин тоолордун кооздугу, ар кандай тарыхый жерлерди көрүүгө келишет. Мисалы: Кошой коргон, Ташрабат деген тарыхый жерлерин көрүп кыргыз элинин меймандостугуна баа беришет. Азыр техниканын заманы болуп, баардыгы жаңыланууга дуушар болуп турат, ошентсе дагы биз өз тилибизди, дилибизди, каада-салтыбызды, үрп-адаттарыбызды унутпай сактап, кийинки муунга да өткөрүп берүүнү унутпасак. Биздин ата-бабалар эч кандай техникасы жок эле баарын өз колдору менен жасап эле көп баалуулуктарды бизге чейин жеткиргени тарых барактарында сакталып жүрбөйбү.
Ырыс алды ынтымак дегендей мен эли журтумду ынтымактуу болууга чакырат элем.
Ынтымагы бар элдин таалай багы ачылат.
Ынтымагы жок элдин ырыскысы чачылат дейт эмеспи элибизде.


Кыргыз республикасы Нарын областы
Ат-Башы району, Ат-Башы айылы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 7-б классынын окуучусу Рыскалый уулу Ажыбектин жазган дил баяны.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Садырбекова Курманжандын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен келечекте Кыргызстанды өнүккөн мамлекет катары көргүм келет. Биздин өлкө аянты боюнча кичине болгону м.н жаратылышы абдан кооз ж.а ошондой эле кен байлыктарга бай. Табигый кен байлыктарыбызды туура пайдаланып өлкөбүздүн экономикасын көтөргөнгө жумшашыбыз закрыл. Чет мамлекеттерге жерибизди кен байлыктарыбызды тарттырып жибербей, туура чечим кабыл алышы абзел. Кыргызстан- таң каларлык тоолуу өлкө. Өлкөбүздүн аймагында ар түрдүү кооз жерлери тарыхый эстеликтери абдан көп. Кыргыз жеринин жети керемети катары: Ысык-Көл,Соң- Көл, Сары-Челек, Арысланбаб, Бурана,Таш-Арбат, Сулейман тоону айтсак болот. Бурана,Таш-Арбат, Сулейман тоону тарыхый ж.а маданий мурас катары чет өлкөгө таанытып кыргыз жеринде да, канча кылымдан бери сакталып келаткан тарыхый эстеликтер бар экендигин белгилеп көрсөтүшүбүз керек. Ошондой эле кереметибиз болгон Ысык-Көлдү айта кетпесек болбос. Ысык-Көлдүн шартын жакшылап түзүп өлкөбүзгө туристтердин көп келишин камсыздасак дагы экономикабыздын өсүшүнө жакшы шарт түзүлмөк. Ал үчүн өлкөбүз тынч ж.а бардык шарты болушу зарыл. Артыбызды бир кылчайып тарыхыбызга көз жүгүртсөк биздин ата-бабаларыбыз канчалаган душмандардан, жоодон кыргыз жерин элин коргоп баштарынан көптөгөн азап-тозокту отклика бизге азыркы жаркын келечекти, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын түзүп бере алышты. Эми мындан аркы жолду биз да, улам кийинки келечек жаш муундарына татыктуу жол көргөзүп беришибиз керек. Биз азыркы жаш муундар кыргызстандын келечеги болуп саналабыз ж.а өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүн колубуздун келишинче акылыбызды эмгегибизди аянбай салымыбызды кошушубуз керек. Сөз м.н гана айтып койбостон, жасаган ишибиз м.н өлкөбүздү өнүктүрө алабыз. Быйыл мамлекетибиздин эгемендүү болушуна 24 жыл толуп отурат. Бирок 24 жылдын ичинде эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Кыргыз жерибизге улуу муундар өзгөртүү киргизе албаса анда жаштарыбыз күчтүү чыгып өлкөбүздү бир канча деңгээлде өзгөртүшүбүз абзел. Түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй ынтымактуу болуп өлкөбүздү дүйнө жүзүнө таанытышыбыз керек. Жаштарыбыз билим, маданият, спорт жагынан болобу мамлекетибизди алдыга сүрөп рухун духун ойготушубуз керек. Билим сапатын чет мамлекеттен жогорулатып бирок ошол жерде калып калбай өз өлкөсүнө келип мамлекет үчүн эмгектенсе жакшы болор эле. Мекенчилдик сезимди ойготуп Кыргызстан дегенде жанын канын аябаган адамдар көп болсо ошондо гана мамлекетибиз өнүгө алат. Азыркы учурда ар кандай жагдайларга туш болуп жатабыз . Ошондуктан ар бир кызматкер болобу өз милдетин так аткарыш керек. Кыргыз жеринин жаратылышын айтып сөз м.н жазып жазуулар аркылуу да жеткире албашыбыз белгилүү. Биздин өлкө дагы чет мамлекеттердей болуп заманбап техникаларды пайдаланып айылдар дагы жолдору медициналык каражаттар м.н камсыз болсо дейт элем. Жаркырап бийик-бийик имараттар ар бир жаранды жумуш м.н камсыздап башка өлкөлөргө мекендештерибизди азап тартырбай иш м.н камсыздашыбыз керек. Өз мекендерине кайтып келип жашоосун өз өлкөсүндө туугандарынын жанында өткөрүшсө. Мамлекетибиздин гүлдөп-өсүшүнө ар бир жаран эртең дебей бүгүнтөн баштап аракет жазашыбыз зарыл.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Садырбекова Курманжан

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Самара Рыскелди кызынын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Ала-Тоом бийик чоку асман тиреп,
Ак калпак кыргыз элим кийип келет.
Асманда түрлүү куштар сайрап турса,
Кыргыз жерим тынч уйкуда өкүүм сүрөт.
Суулары,талаалары, адыр- кырлар,
Түгөнбөс кен-байлыгы малы да бар.
Түбөлүк калкым жашап жай турмушта,
Кыргыз жерим алга жылсын тээ алдыга.
Менин мекеним Кыргызстан. Мекен деп биз төрөлгөн, өсүп өнгөн, жаратылышы кооз аймакты айтабыз дүйнө жүзү кең, аалам чексиз, Кыргызстан бирөө, ар бир жаран өз мекенин ыйык тутуп, ага аяр мамиле жасап, өлкөнү коргоого, сүйүүгө, мекенинин гүлдөп өсүшүнө, конституцияга жазылган мыйзамдарга баш ийүүгө жана мекенди көздүн карегиндей сактоо зарыл. Биздин өлкө тынчтыктын жана достуктун шаары.Эгер сен өз мекениңди сүйбөсөң, кадыр-баркын кетирип сыйлабасаң, кыргызча билбей, сүйлөгөндөн уялсаң, анда сен кыргыз эмессиң!
Биздин элде мекен үчүн көптөгөн мыкты иштерди жасаган, кыргыз жерин дүйнө жүзүнө тааныткан патриотторубуз арбын. Алар Кыргызстан үчүн талыкпай иштеп келишет. Булардын катарында дал ушул дилбаяндар сынагын жарыялаган Кылычбек Султанов агайыбыз да бар. Бул инсандар мекенибиз үчүн чоң салым кошуп келишет.
Мен дагы жогоруда айтылган патриотторубуз сыяктуу мекеним үчун бардык жакшы иштерди жасагым келет. Чындыгында мен Кыргызстандын туризм жагынан аксап келээрин билем. Эгер мен жакшы окуп, мыкты кызмат орундарына отуруп калсам биринчи ирээт туризм жагына көңүл бурмакмын. Анткени биздин мекен эмне деген кооз жерлерге бай. Аска тиреген ак мөңгүлүү тоолор, шибери белден буралган жайлоолор, шакырап аккан көк кашка суулар, карагай черлүү токойлор жана көз жоону алган кереметтүү Ысык-Көлүбүз кыргыз жеринин бермети болуп саналат эмеспи. Булардын баарын айта берсең сөз түгөнбөйт, жазсаң барак түтпөйт, санасаң сан жетпейт. Биздин мекен мына ушундай сыйкырлуу жерлерге бай болгону менен, туристтерди кабыл алуу өтө жогорку деңгээлде эмес. Ошондуктан менин эң алгачкы кыялдарымдын бири бул –Ыссык-Көлдүн ортосуна айнек менен салынган, кеменин сөлөкөтүндөй болгон көп кабаттуу мейманкана куруу. Мейманкананын астында кооз балыктар, дельфиндер сүзүп жүрсө кандай гана керемет!!! Ал гана эмес көлдүн үстүндө машина жүрүүчү жолдор да болсо, демек туристтер биз жакка гана агылып келээри бышык. Туристтер биздин мекенибизге суктанып келип жатышса, тескерисинче биз аларга жагымсыз маанай тартуулап жатабыз. Анткени мунун себеби бизде мыйзамдын жана тартиптин жок экендигин айтышат алар.
Бизде кен байлык деген мол.Кыргызстандын бюджетин дал ушул кен байлыктар көп эсе толуктап келет. Алтынды өлкөбүздүн бардык аймактарында бар деп айтууга болот. Бирок алтын иштөтүү өнөр жайы жокко эсе. Биздин мамлекет туризм менен бирге өнөр жай тармактары, завод- фабрикалар тез арада курулуп, өнүгүүсү зарыл. Олкөбуздүн өнүүсүн, мамлекетибиздин келечегин,кыргыз жерибиздин гүлдөп өсүшүн кааласак, мунун баары биздин колдо,бир гана алдыга карай умтулуубуз керек. Анткени бул биздин атуулдук милдетибиз.
Мен кыргыз жеримди сүйөм!!!
Самара Рыскелди кызы 19.12 2000-ж
(2000-жылдын аягы)
Нарын шаары Куланак айылы.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Сарыбаев Жаңыбайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргызстан расположен в центре, самого крупного материка Евразия.И является стратегической точкой в важных путей, соединяющий Европу с Китаем и сельскохозяйственным экспортером в регионе.
Официальной столицей моей страны является город Бишкек ,который считается одним из красивейших
городов в Центральной Азии. Кыргызстан богат полезными ископаемыми, природными источниками и
богатой флорой и фауной. В 1991 году 31 августа Кыргызстан получил суверинитет после развала
Советского Союза. И с того времени наша страна ведет сомостоятельную независимую демакратическую политику.
Сегодня можно отнести Кыргызстан к развивающимся странам и с нами октивно сотрудничают
многие страны мира.Но Кыргызстан остается одним из опасных терористических регионов Азии,
ведь все помнят событии 1999-2000 годов на юге Кыргызстана в Баткенской области,когда вооруженые
до зубов боевики терорис тических организаций без приглашений буквально вторглись на територию
нашей страны.И хотели развизать свои законы крови и огня невинным гражданам Кыргызстана.
Но к большому счастью идею терористов разрушили наши Вооруженные силы вступив в сражение
с иноземными захватчиками. Тогда против терористов всплаченна стали все жители страны,тогда
в местных селах создавались отряды ополчения и самообороны. Но все таки главный урон терористам
нанесли наши Вооруженные силы которые выбили их из територии нашей страны.Нам подержку
оказывали наши союзники по ОДКБ ,ряд европейских стран и ООН.Поэтому нам надо модернизировать
наши вооруженные силы и государственную границу.Надо модернизировать военную технику,
улучшить жизнь военнослужащих, обеспечить жильем,зарплатой и поднять статус армии.Что касается
государсвенных границ в каждой заставе должно быть не менее 10 единиц высоко проходимых
бронемашин, укрепленные пограничные заборы,видеокамеры и хорошую связь со штабом.А что касается
корупции в стране то она приобрела большой масштаб и проникла во многие государственные
и частные учереждении. По моему мнению надо создать молодежную антикорупционную организацию
в котором будут работать образованные, талантливые, интелегентные молодые люди.Которые не будут
иметь ничего общего с корупцией и которые будут работать только во благо и ради процветания
нашей страны.И только вместе мы можем уничтожить корупцию в нашей стране.Кыргызы являются
одним из древних народов мира славишимся своими традициями, обычиями,историей, природой и
миролюбием. Кыргызы упоминаются в древних персидских, арабских,китайских, тюркских и других
древних летописях.А история кыргызкого народа это отдельная тема,кыргызы входили в состав многих
государств начиная от Гунского государства до Советского союза,но не смотря на все это кыргызкий
народ сохранил свой язык и менталитет. Что касается исторического наследия то Кыргызстан занимает
лидируюшие позиции,у нас в стране очень много исторических сооружений и памятников например,
Бурана,Таш- рабат,мовзолей Манаса и других очень древних наследий наших предков.Природа
Кыргызстана очень красивая и чистая, особенно озеро Иссык-куль,Чатыркуль, Сон-куль и конечно же
озеро Сары-Челек,а также гора Ала-тоо кототая изображена на государственном гербе Кыргызстана.
Я люблю мою родину я очень хочу чтобы расло и процветала моя любимая страна.И я все сделаю
для достижения этих целей.Я настояший патриот своей страны и я люблю мой Кыргызстан.

Здраствуйте меня зовут Сарыбаев Жаныбай я ученик 8 класса.Я решил принять участие в вашем
конкурсе чтобы проверить свои способности , расширить свой кругозор и доказать многим что, я не равнодушно отношусь к проблемам моей страны. В этом сочинении по моему мнению я написал только маленькую часть проблем нашей страны,еще много мыслей просто не поместилась в сочинению. Кстати я поздравляю вас с наступаюшим Новым 2016 годом,будьте счастливы я желаю вам всего наилучшего в этом мире. Надеюсь что вы по настояшему прочитаете и оцените мое сочинение.

Спасибо за информацию

Жаныбай Сарыбаев.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Султанбек кызы Айгеримдин дил баяны.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Кыргызстаным асманды тиреген бийик, аппак карлуу, көк мөңгүлүү тоосу бар, кен байлыктарга өтө бай өлкө. Ары кооз, ары көркөм көлдөрү менен дүйнө жүзүнө таанымал. Ал көлдөрү: Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл. Ысык-Көлгө жайында дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер келип эс алышат. Кыргыз Республикасы жети областтан түзүлгөн. Алар: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад. Ар бир областтын өзүнө тиешелүү көрүнүштөрү бар. Мисалы: Чүйдө касиеттүү Бурана, Ошто Сулайман-Тоо, Нарында Таш-Рабат, Таласта Манас ордо, Жалал-Абадда элди электр-энергиясы менен камсыз кылуучу Токтогул ГЭСи бар. Өлкөбүздүн мындай таңыркаткан сулуулугуна суктанбай коë албайсың. Өлкөбүз кен иштетүү жагынан да өнүгүүнүн жолунда бара жатат. Айта кетсек: сурьма, сымап өндүрүүдө Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө алдыңкы орунда турат жана келечеги зор. Мындан сырткары дагы көп жетишкендиктердин ээси. Чындыгында, кыргыз жерибизге көз арткандар көп. Бул көрүнүш илгертеден бери келе жатат. Канча деген душмандар Кыргызстанды өз карамагына каратып алууга аракет кылышты. Бирок кыргыздын патриот, намыскөй, эр жүрөк эрлеринин мекенине болгон, элине, жерине болгон сүйүүсүнүн таасири менен кыргыздан чыккан кыраандар кыргыздардын тарап, жок болуп кетүү коркунучунан алыстатты. Ошондой чыгаандардан мисал кылып кетпесек болбос. Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган, айкөл, кабылан Манас атабыз кыргыздардын башын бириктирип, душмандан коргоп, ’’бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу’’ деген осуяты менен элди алга сүрөп, кыргыздын кыргыз атын сактап келген. Алай ханышасы аталган Курманжан датка энебиз дагы элинин эркиндиги үчүн өз канынан жаралган баласын өлүмгө кыйган. Андан кийин да кыргыздарды көп эле хандар, бийлер башкарып келди. Албетте, ошол эле учурда көп эле тоскоолдуктар жаралды. Үркүн убагын алып карасак: элибиз кандай гана оор кыйынчылыктарды башынан кечирди. Ачарчылык, жардылык уюткулуу элимди жей берди. Канча деген кан төгүүлөр болду. Энелер жесир калып, балдарынан айрылып жүрөгү жараланса, кээ бир жаш жеткинчектер эрте жетим калып ыйлап-шорлоп кала беришкен. Анча болсо да сабырдуулук кылып санжыралуу элим азаптардан кутулуп чыкты. Акыры эгемендүүлүккө да жетти. Бул да болсо мамлекетибиздин бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүшү. Эми Кыргызстанды жакшы адам башкарып мурункудан кыйла оңолуп калды. Ушундай кереметтери, өзгөчө касиеттери менен мекенибиз мындан ары да өнүгө бермекчи. Ооба, өлкөнү өнүктүрүү биздин, жаштардын колунда эмеспи. Эгерде өлкөбүздү өнүктүрөбүз десек, өзгөртөбүз десек, анда өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы, достор. Адам өзүн өзгөртмөйүнчө коом да өзгөрбөйт. Анын сыңарындай өзүбүздүн жаман сапаттарыбызды өзгөртүү менен коомду да жакшы жагына тарбиялай алабыз. Адам баласы өзүн жакшы сапаттары менен алып жүрсө, жасаган ар бир иштери менен башкаларга үлгү болсо, коомчулукка пайдасы тийген болуп саналат. Адамдын бир эле жакшы жагынан эмес, жаман сапаттарынан да туура тарбия алууга болот. Ал үчүн адамдын жасаган ар бир ишине талкуу жүргүзүүсү керек. Башканын жасаганын көргөндө өзүнө ’’Aнын эмгеги элге жагат, демек мен да ушундай ишти жасашым керек экен да. Ал эми тигинин жасагандары жаман көрүнөт, эл да жактырбайт, демек ал жасаган нерселер туура эмес’’,- деп ой жүгүртүүлөрү керек. Биз мамлекетибиздин ѳнүгүшүнѳ жардам беребиз. А кантип? Президент болуп, министр, депутат же чоң бизнесмен болуппу? Жок, андай эмес. Балким, андан да жакшы иштер бардыр, изденүү керек. Мисалы: куруучу, дарыгер, мугалим, тарбиячы, багбан жана башка көп эле. Мунун баары мамлекеттин керегине жарайт. Маянаңа караба, эгер сен чыныгы потриот болсоң, элиңди ойло. А күнүмдүк кѳр оокатыңды эмес, курсактын камын эмес. Азыр көп эле кезиктирип жүрөбүз го турак-жайсыз, кѳчөдѳ тентиген, ичкиликке азгырылып, ’’бомж’’ деген атка конуп жүргѳн адамдарды. Же болбосо ата-энесиз, томолой жетимдер, мээримге ѳтѳ муктаж, кимдир бирѳөнүн жылуу сөзүнѳ зар балдарчы. Баладан дагы ѳзгөчѳ мээримди талап кылган гүлдөр, бак-дарактар. Ошолорго жардам берсең мамлекетиңдин чыныгы азамат, потриот атуулу сенсиң. Бул колуңдан келбесе, башкаларга ѳзүң билген жакшы нерселерди үйрөт, ал да колуңдан келбесе жаман сапаттарыңды эч кимге билгизбе, ѳзгөлѳрдөн ар дайым жашырууга аракет кылгын. Себеби: кээ бир түшүнбөгѳн адамдар тура эмес сапатыңды да өзүнө тартып алышы толук мүмкүн. Өзүңүдү оңдо, кийин чөйрѳң оңолот, мына ушинтип, акырындык менен коом да оңолот. Мамлекет да ѳнүгѳт. Кээ бир ѳлкѳлѳрдү карап турсаң ушунчалык ичиң ѳрттѳнѳт. Эмнеге япония жасаган автомат, роботту кыргыздар жасай алышпайт? Жалкообуз, мээни иштетпейбиз, ар нерсеге кайдыгер карайбыз, ой жүгүртүүбүз начар, мына ошон үчүн. Бул ачуу, ѳтѳ ачуу чындык. Болгону аны мойнубузга алгыбыз келбейт. Кыргызстанда баардык мүмкүнчүлүктѳр бар. Логиканы ѳстүрүү керек. Жаштардын кѳбү эле башка пайдасыз иштер менен алек болуп калган. Эми гана китеп окуп, ой жүгүртүүнү кеңейтүү менен алышууда. Ушул калыптан тайбасак ѳлкө кѳп тараптуу ѳнүгѳт деп ишенем. Бул үчүн эң негизгиси окуу жана окуу. Терең билим менен алысты кѳрө аласың, күчтүү билим менен бирди эмес миңди багынтасың. Мен өз өлкөмдүн таза, тыкан, ыймандуу болушун каалайм жана кыргыз жеримдин келечегин жаркын, кооз , таза, бай өлкө катары элестетем. Заңгыраган үйлөр, бийик-бийик имараттар, саны жагынан эмес, сапаты жагынан өнүккөн ар кандай окуу- жайлары, ар кандай мекемелери көп, көчөдө бассаң айланасы гүлзарлар менен, бак-дарактар менен курчалган аллеялар, гүлдөргө жык толгон, тап-таза сейил бакчалары. Адамдары абдан сылык-сыпайы, бири-бирине болгон сый-урматын жылуу көз-карашы менен билдиришет. Деги эле койчу адамдары эң жөнөкөй, кайдыгерлик, текеберчилик деген сапаттар алар үчүн жат көрүнүш.
Арийне, бул азырынча кыял гана. Качан гана адамдардын ичине биримдик, ынтымак уялаганда, кыялдарыбыз ишке ашат. Менин оюмча , азыркы жаштарга Кыргызстандын келечегин ишенип тапшырууга болот. Себеп дегенде жаш жеткинчектер өз мекенине тамчы каны калганча кызмат кылууга максат коюп чоңоюшту. Бирок, беш кол тең эмес да, арасында кайдыгерликтин кулу болуп ’’өнүксө мага пайдасы тиймек беле, өнүксө Кыргызстан өнүгөт,мен байымак белем,’’- дегендер да жок эмес, бар, бирок, саналуу гана. Азыр мекениң үчүн жериңдин өнүгүүсү үчүн кантип жардам бересиң деп ар бир жаштардан сураштырсаң беш-он пайызы гана ’’өлкөгө эмес, өзүм араң жүрөм ’’,-деп жооп берсе, калган токсон-токсон беш пайызы өзүнүн келечектеги ой- максаттарын сыймыктануу менен айтып беришет. Эгерде, менден келечекте ким болосуң деп сурашса, анда мен ’’Кыргызстандын керегине жараган кыз-уландарды тарбиялаш үчүн мугалим болом’’,- деп жооп бермекмин. Мугалимдик кесип- өтө ыйык кесип.
Мен ишенем өнүгөт мекеним
Жакшы жакка тарбиялайт мектебим
Келечекте тарбия берип балдарга
Мугалим болсом деген тилегим.
Мен өз жеримдин гүлдөп –өсүшүн каалайм. Мен Кыргызстанды сүйөм!
Өсө бергин гүлдөй жайнап Кыргызстаным,
Эркин учкун талыбастан канаттарың,
Алга элим, ак жолуңдан эч адашпа,
Келечекте, өз жолуңду туура танда.
Мен ишенем өнүгөт кыргыз жери,
Мен ишенем оңолот кыргыз эли,
Өзү жасайт, өзү иштетет техниканы,
Мен ишенем ай-ааламга тарайт даңкы.
Биз Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн
Алга! Жаш канат !
Нарын району, Эмгекчил айылы. Токтосун Байбураев орто мектеби Султанбек кызы Айгерим 9-а класс.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 22:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: