Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар

#81 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Сыдыков Бакайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен Сыдыков Бакай Нарын шаарынын тургуну, өз мамлекетимдин гүлдөшүн каалайм. Гүлдөп өнүгүп-өсүү дегенге кандай маанини түшүнөбүз? Бул элдин жердин тынчтыгы. Ар бир кичинекей мамлекет болгон үйбүлөнүн куттуу жашоосу. Элдин ынтымагы. Кыйын кезеңде эзелтеген элибиз канча урууга бөлүнгөн болсо дагы бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бир бирине жардамга келген. Биздин элдин күчү ушунда деп ойлойм, канчалык бөлүнүп жарылбасын, биринин башына иш түшсө, экинчиси жардамга келет. Бүгүнкү күндө ошол ынтымак, ошол бири-бирине болгон боордоштук, биримдик ыдырап бараткандай. Ар ким эле өз көмөчүнө күл тартып, өз арабасын тартып калгандай. Бул кырдаал өзгөчө элибиз жаны заманга келгенде, өлкөдө рыноктук экономика күч алганда, ар кимдин жанына кыйын жашоо батканда, ар бир адам өз жон териси менен сезип нан табуунун, жан багуунун кыйынын, адеп ахлактык, жан дүйнөнүн бийиктиги көз жаздымда калгандай. Карап отурсаң таба эмес тобо, бирок жан дүйнөнүн жардылыгы, тайыздыгы бизге келгендей. Улам кийинки муун, майдаланып бараткандай. Кыргыз эли баатыр эл, канчалык башына иш түшпөсүн унчукпай, жаратканга нааразылыгын айтпай, жанын оозуна тиштеп, эрөөлдө сынган бутун-колун шакшактап ит уруш салып уланта берген. Канчалык жанына батпасын, оозунан көк буусу чыгып ата тегине кошулаар маалы жакындап калса да, - кандайсыз? Өзүңүздү кандай сезип жатасыз деген суроого, -ии балам жакшымын, кудайга шүгүр деп жооп берет. Бул элдин кайратмандуулугу эмей эмине??? Ырас ушундай баатыр, урпактарына үлгү болоор, башына иш түшкөндө ошол инсандардын эрдиктерин эстеп күч ала турган аталарыбыз да бар, уучубуз кур эмес. Кыргыз эли байыртадан келе жаткан эл, канча кылым өтсө да тарыхта баскан изи калып, кошо жашаган кошо көгөргөн канча империялар чачылып жок болсо да, кыргыз деген кичине эл өз атын, өз жерин сактап келе жатат. Элибиздин ушул күндөргө жетишине өз заманынын таанымал алп, миңдеген чыгаан, тайманбас баатырлары жанын үрөп аракет кылып, колунан келбесе ошол адал иш ой максат жолунда, кудай жолуна башын коюшкан. Алардын арасында Айкөл Манас атабыз, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, курамадан курап журт кылган, Мухаммед Кыргыз, Атаке баатыр, Кубатбий, эзелкилерден Барсбек каган, улуу Кыргыз Державасын кураган, өз мекенин аны менен бирге кыргыз элин душмандан коргоп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай ар кими өз заманында эли жери үчүн чеп болуп, жоголуп кетпесине баалангыс салымын кошкон. Аты аталган адамдар кырыз тарыхы дайра болсо ошонун бир кана тамчылары. Ар бир тарыхый инсан өз мекени үчүн каны жанын аябай элинин эртеңи үчүн күрөшүп, бизге мурас кылып калтырган. Алардын жолун жолдоп ар бирибиз намыстуу болуп мекенибизге ак эмгек өтөшүбүз керек. Ошол элди-жерди бизге ата мурас кылып калтырган жол башчы, кол башчылардан укумга тукумга өткөн элди жерди сүйүү, мекенге кызмат кылуу кан жаныбызга сиңген бойдон калса, ошол техника өнүкпөгөн, адамзат ачылыштарды жасай элек, тоо-тоодо көчмөн калк болуп жашаган учурдагы адамдык сапаттар, баатырлык мүнөз, өз жакынына кам көрүү, тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда девизи сакталып калса, өз керт баштын кана кызыкчылыгын ойлобой, мен элим үчүн, мен жерим үчүн эмне кылып бере алам, кандай жол менен биз бирге кой үстүндө торгой жумурткалаган заманга жетебиз, кандай аракет кылсак ошол мураска калган эли-жерибиздин жашоосу оңолот, гүлдөп өнүгүп-өсөбүз деген бийик ой максат болушу зарыл. Ошол ой максат баарыбызды бириктирсе, өз камын көрө билүү менен катар, мамлекеттин да камын көрүп, бири-бирибизден тү сүйрүбөй, чогуу чаран аракет кылуу менен, өз баалуулуктарыбызды сактап калуу менен гана 21 кылымдадагы кыргыз бойдон башыбызды бийик көтөрүп, намысыбызды алдырбай көз карандылыгыбызды сактап калабыз. Өмүрүбүздү бекер өткөрбөй тарыхта из калтырып мамлекет үчүн, эсте калаарлык улуу иштерди нерселерди жасоо менен, мамлекетибизди өнүктүрөбүз деп ойлойм.
Менин мекеним Кыргызстан, мен мамлекетимдин гүлдөп, өсүп-өнүгүшүн каалайм, ал үчүн мен өлкөбүзгө өз салымымды кошушум керек. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн эң эле биринчиден тартипти бекем сакташ керек, ал мыйзамга баардык жарандар баш ийиши керек. Кичинекей мүмкүнчүлүк болсо да, тартипти сактап бир аз да болсо анны бузбай, сактап кармоо керек.
Мамлекеттин келечеги жаштарда, ошондуктан жаңы муун билимди жакшы алып, өлкөбүзгө колубуздан келген салымды кошуп, гүлдөшүнө, өнүгүшүнө алып келишибиз керек. Азыркы жаштардын көбүнчсү жаман нерселерге барып жатат. Жаштар жаман сапат, жорук, адаттардан арылса, ошону менен бирге мекени үчүн эмгектенсе өлкө өнүгөт. Мекенибиздин азыркы абалы анча жакшы эмес, ошондуктан ар бир адам өзүн кана ойлобой мамлекеттин да кызыкчылыгын ойлосо, мыйзамга ылайык иштерди жасаса, өлкөбүздө стабилдүүлүк, тынчтык болсо, ар бир адам өз камын ойлобосо өлкөбүз өнүгөт. Мен өз мекенимдин өнүгүшун каалап бир нече сунуш киргизейин деп чечтим: биринчиден кыргыз жарандарын жумуш орун менен камсыз кылыш керек, себеби жумуштун жоктугунан мекендештерибиз башка өлкөлөргө мигрант болуп кетип кана эмес, ал өлкөнүн жарандыгын алганга чейин барып жатышат. Ал үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Биринчиден завод-фабрикалардыкуруп, ишке беришибиз керек. Жөн канна куруп койбой жумушка муктаж жарандарыбызды чакырып аларды жумуш менен камсыз кылышыбыз керек. Єзүбүздө тийиштүү завод-фабрикалар болушу керек. Металл иштетүүчү, машинаны топтоп чыгара турган, жеңил өнөр жайлары дагы иштеп баштоосу керек. Биздин өзүбүздө мындай чоң ишканалар жана мындай продукция чыгарган завод-фабрика жок болгондуктан, көп нерсе жетишсиз болуп, алардын баарын чет өлкөдөн кымбат баада сатып алууга муктаж болуп жатабыз. Эгер ошонун бары бизде иштелип чыкса, жашообуз, экономикабыз жакшырмак. Билимдүү күчтүү кыргыз дегенин сандар көп болуусу керек. Коррупцияны жоюш керек, ал көп максаттуу адамдардын мамлекеттен баш тартып, башка жактарга кетип жатканына себепкер деп ойлоймун. Мисалы, бир инсан окуусун эң жакшы аяктап, а экинчи бирөө пара берип бүтүрдү окуусун, ишке алуу учуру келгенде окуусун мыкты бүтүргөн бала жумушка кире албай калды, себеби анын ошол жумушка берүүгө акчасы жок, ал эми экинчисин ал жумушка жеңил эле алышты, анткени ал пара берди. Жумушка өтпөй калган бала өз мекенинде татыктуу жумушка орношконго акчасы жок өтпөсүн билип, баарына кол шилтеп ишенимдери талкаланып, башка өлкөгө барып билим сабаты мыкты болгондуктан, ал жерден таза жол менен жумушка орношуп, башка өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатат. Пара берип жумушка кирген бала, жумушка жеңил киргендиктен өзүн аракет кылуу менен убараланбастан, мамлекеттин акчасына жашап жатат. Мындан менин пикирим мындай ар бир адам коррупцияны жеңгиси келсе, акча талап кылганды токтотуп, билимдүү жаштарды жумушка алса, анда бул да анын мамлекетке кошкон зор салымы болот эле деп ойлойм.
Бул дил баянды жазууда оюма биринчи келген нерселер менен бөлүштүм. Мүмкүн азыр мен өз жашыма байланыштуу көп нерсени түшүнбөй же жаштык курч көз караш менен карап жаткандырмын. Бирок булар менин тааныш байке эжелеримдин пикирлерин угуп, көп окуялардан соң чогулган ойлорум, менин жазгандарым жаңылык деле болбосо керек деп ойлойм. Ушул жааттагы маселелер өлкөбүздүн өнүгүшүнө, жана биздин элдин жашообуздун жакшырышына абдан маанилүү. Келечектеги менин курдаштарым дагы ушул сыяктуу ак тилек ойлорду ойлошуп, бөлүшүп жана аракет кылышса мекенибиз үчүн көп нерсе жасай алаар элек, ар бирибизди ушуга чакырам. Ар бир инсан өз мекени үчүн күйүп жанышы керек, биз көппүз а мекенибиз Кыргызстан жалгыз. Мен өз мамлекетимди сүйөм!
Саламатсыздарбы менин аты жөнүм Сыдыков Бакай. Нарын областына караштуу Нарын районунун Жан-Булак айлынын А. Жутакеев орто мектебинин 9 классынын окуучусумун. Дил баянды өз күчүмдү сынап көрүү максатында жазып, сиздерге салып жатам. Менин жазган көз карашым, ой толгоолорум мааниге ээ болуп, ушул конкурста жеңиштүү окуучулардын катарына кирип калам деген үмүттөрүм бар.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Сыдыкова Алиланын дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

“Ала-Тоо көрсөң –кыргыз жери деп бил,ак калпакчан көрсөң –кыргыз эли деп бил”-дейт эмеспи элибизде. Чокусун ак шумкар айланган, кылым каарыткан улуу тоолорунан баштап, балтыр бешик балакайга чейин кыргыз эли илгертен кереметтүү, бир сыйкырдуу күчкө ээ ак калпагын башынан түшүрбөй келишкен. Кыздары-чачтарын тыкан кырк өрмөгө өрүп, көркөм оюга көмүлгөн үкү топуларын кийип жүрүшкөн. Ыймандуу келиндери башынан жоолук түшүрбөй, үйдөгү коломтону жылуу кармап, өздөрүнүн милдетин аткарышкан.
Көп жашаган эмес, көптү көргөн акылмандар көп чыгып, калың журтка салт айтып, мааниси терең сөз айтып, журттун ички биримдигин бекемдеп, урушканды элдештирип, элдин наркын сакташкан. Ак сакалын жайкалтып кыргыздын карыялары жаштарды акыл-насааты, маңыздуу сөздөрү менен сугарып, чырпыктын чынар болушун күтүшкөн. Ак сакалдуу карыялардын накыл сөзүнө сугарылган чырпыктар өз кезегинде эл-жерин коргоп, төбөсү менен тик туруп, чырм этип кирпик какпай Ата-Журтунун чегинде турган. Капыстан тийген жоонун кылычын бөлүп, мизин майтарышканынан кыргыз элимдин жигити баатыр экени далил.
Адамдын канаты болгон тулпарлардын мыктысы кыргыз элинде болгон. Алар тулпарларга күрүчтөн күрөп жем берип, күндө терин алып, арпадан аса жем берип, айда терин алып багышкан. Алышкан жоону тепсеген, көзүндөгү кайраты, көк жалын борлуп өчпөгөн кыргыз жигиттери-шамаал менен жарышкан, кулагынын учунан шамы жанган, ак- кашка тулпарларды минип жеңиш менен кайтышкан. Жадакалса “Баатырдын тулпарынан айрылганы, ажаалынын жеткени”- деп эсептешкен.
Кыргыз элимдин салт-санаасын, үрп-адатын, акылмандыгын, мүнөзүн айта берсек сөз жетпейт, жазалы десек китеп бети жетпейт.
Мына ушул кыраан кыргыз элинен, чыгаан уул-кыздар эрктүүлүгүн, баатырдыгын, адилеттүүлүгүн көрсөтүп тарых беттеринде калган. Жүз жыл, миң жыл өтсө дагы алар тарыхта сакталып, жадакалса айрымдары ооздон-оозго урпактан-урпака айтылып, узак жолду басып ушул күнгє жеткендери аз эмес. Негизинен кыргыз элинин ооз эки көркөм казынасы кереметтүү, сыйкырдуу жана урпактарга эң керектүү байлыкка толгон- булардын ар бири өзүнчө зор дүйнө, түгөнгүс байлык. Биз ушул казынадагы байлык менен ушул күнгө жеттик, өнүгүү жолуна түштүк. Башка нерсебиз менен сыймыктана албасак да биз ушул казынабыз менен сыймыктансак болот, себеби-бул биздин жан дүйнөбүздөн кеткис, түгөнгүз байлыгыбыз руханий дүйнөбүз.
Кыргыз элимдин казынасын-дүйнөдө жок эпостор, бөбөктөрдүн кара-акты таанып билүүсүнө чоң салым кошкон жомоктор жана тамсилдер, жан дүйнөңдү тыз эттирген, жүрөгүңдүн түпкүрүнө кирен улуу дастандар, ар бирибизди адептүүлүккө, тартиптүүлүккө, ыймандуулукка жетелеген макал-лакаптар- булар керектүү учурунда бутага дал тийген жана ушундай эле санат-насыят ырлары толтуруп турат. Бул байлыктарды биз аздектеп, көзүбүздүн карегиндей сактап кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Ушул жол менен биз гүлдөп-өсөбүз.
Кыргыз элинин оозеки көркөм казынасында орчундуу орунду ээлеген, кыргыз элинин туу чокусу болгон-бул “Манас” эпосу. “Манас” болбосо биз өзүбүздүн тегибизди, улуу санжырабызды билбей маңкуртка айланмакбыз. Биз “Манас” аркылуу өзүбүздүү-өзүбүз бекемдеп келечекке көз таштап, алдыга умтулабыз. “Манас” барда жер үстүндө кыргыз бар, кыргыз барда “Манастын” ыры да, сыры да бүтпөйт.
Кыргыздын тарыхы өрттөсө күл болбос, өчүрсө өчпөс кереметүү тарых беттериндеги сөздөр. Кыргыз эли нечен жолду баскан, жан кейиткен кыйынчылык отун кечкен. Кыргызстандын тарыхы- акылман эл башчыларынан, эр жүрөк баатырлардан жана акылдуу, баатыр кыз-келиндерден урагыс, бекем болуп куралган жана куралып жатат. Кыргызымдын тарыхынын өнүгүүсүнө жана эл-жеримдин гүлдөп өсүшүнө чоң салым кошкон инсандар көп. Алар: душманын кебез менен мууздаган, акылмандыгы менен жер жайнаган жоону куралсыз жеңген-Ормон- Хан, гүлдөй назик аял заты болсо да шамаалга сынбай, кайраттуулугун көрсөтүп, душмандын жүрөгүнүн үшүн алган, бүткүл кыргыз элине эле эмес,бүткүл орус элине таанылган Алай ханышасы-Курманжан Датка жана ушундай баатыр, эл-жери үчүн жанын берүүгө даяр Жаңыл мырзадай, Кыз Сайкалдай, Уркуядай кыз келиндер өткөн. Кыргыз элинин биринчи каганы Барс-Бек каган жана башка баатырларды жаза берсе түгөнгүс. Эгер булар болбосо биз эчак душмандын колунда, мекенибиздин кара топурагы душмандын таманынын астында тепселип жатмак. Бул баатырлар дагы кайталангыс эрдик жасап, мекенибиздин гүлдөп өсүшүнө чоң салым кошушту десем жаңылышпайм.
Дүйнөгө кыргыз деген мунараны тургузуп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда, ар түрдүү тилге которулуп, окурмандарын тапкан акын жазуучуларды айтса четинен чыга берет. Мен булардын баарын жөн жерден айтканым жок. Жогоруда айткан инсандар жеке эле алар эмес дагы көп башкарма-баатырлар, акын-жазуучулар жана башкалар Кыргыз Республикасынын гүлдөп өсүп-өнүгүшүнө, чырпык кезинде шамалга сынбай, төбөсү көккө жеткен чынар болушуна чоң салым кошушкан.
Элим-жерим деп күйгөндөр, мекенинин тынчтыгы үчүн Чолпонбайдай өз жанын берген чыгаан, эр жүрөк, намыскөй, убадасына болоттой бекем жигиттер кыргызымдан дагы чыгарына ишенем. Дүйнөнү сулуулугу менен багынткан, кымча бел, карагат көз, чийме каш, кундуз чач жана да Каныкейдей акылман, сарамжалдуу, ыймандуу, намыскөй кыздары көп экенинен үмүтүм бар.
Дүйнө элдеринин жүрөгүнөн орун алган Чынгыз Айтматовдой алп жазуучулар, ааламды ак боз аты менен айланып учуп жүргөн Алыкул Осмоновдой улуу акындар калем-кагазын колуна кармап, ааламга кыргыз адабиятын тааныткан инсандар дагы көп-көп чыксын.
Адамзаты бул жашоого бир келет. Мен ушул бир келген жашоодо акча,байлык, көр оокаттын артынан акактап жүгүрүп жүрө бербей, мекеним, элим-жерим үчүн жүгүргүм келет. Өзүм үчүн байлык топтобой мекеним үчүн байлык топтосом дейм. Эгер өзүң бай болуп, айланаңдагылар, мекениң кедей болуп турса байый аласыңбы? Ал эми мекениңде байлык болсо сенде да байлык болот. Менин ойумча ар бир адам туулуп өскөндөн кийин ата-энесинин, мекенинин,элинин жана мугалимдеринин алдында милдеттүү. Ошол мекенин сүйүп, мекени үчүн ак кызмат кылуу ар бир атуулга чексиз бакыт.Өзүнүн суу ичкен кудугуна түкүргөн, мекенинен ак кызматын аягандар элдин душманы.
Биринчи байлык ден соолук. Мекенде тынчтык өкүм сүрүп, ынтымак уялап, жарандардын ден соолугу чың болсо гүлдөп өсүшүнө эч нерсе тоскоол боло албайт, бут тоскондорго мүдүрүлбөйт. Мен ушул жолду тандап,мекенимдин ден соолугуна кам көрүп, ооруса айыктырып, алдыга умтулуусуна, өнүгүнү көздөй жылышына тоскоол болгондордун жолун тосуп, гүлдөп өсүшүнө өзүмдүн салымымды кошсом дейм. Элдин ден соолугу чың болсо, мамлекеттин дени сак болуп өсүп-өнүгүү жолунда тынымсыз жүрүп отура берет.
Кыргызстан тоолордун койнундагы, жаратылышы жаныбарлардын көп түрү жана алар жан багып жаткан өсүмдүктөр менен көрккө келип, көз уялтат жана да кайталангыз сулуулукка ээ өлкө.
Азыр Кыргызстандын экологиясы жарга такалып калган. Биз аны жардан алыс алып, кам көрүп бак-дарактарды көп тигип, полиэтилен баштыктардын ордуна кагаз баштык, пласмасса бөтөлкөнүн ордуна айнек бөтөлкөнү алмаштырсак эң жакшы натыйжа берет. Мамлекеттин экологиясы таза болсо-жарандардын ден соолугу да чың болот. Унаалардын ордун шайтан араба басса экологияга зыянын тийгизбейт, бир четинен ден соолукка да пайдалуу.
Заман алдыга жылат деген сайын замандаштар артка жылып жатат.Айтайын дегеним китеп окуган адам жок, баары эле интернеттен бошошбойт. Китеп окуган адамдын аң-сезими кеңейип руханий байлыгы көбөйөт жана ички дүйнөсү тазарып ичин боорукердик, сабырдуулук, сыйчылдык, сыпалык уялайт. Ойноп сүйлөсө да ойлоп сүйлөп калат. Элестетсеңер биздин мекенде жашаган адамдар сыйчыл, бири-бирине боорукер, сабырдуу жана түшүнүктүү болсо кандай жакшы. Бул да болсо мекенибиздин гүлдөп өсүшүнө жардам берет. Замандаштарды китепке тартыш үчүн ар кандай адабий китептер боюнча мелдештерди өткөрсө, мелдешке катышыш үчүн китептерди окуйт деп ойлойм.
Мекенибиздин гүлдөп өсүшүн кааласак, ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек.

Нарын облусу Кочкор району Ормон хан айылы
Сагымбай Орозбак уулу орто
мектебинин 8-классынын окуучусу: Сыдыкова Алила

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Сыдыкова Элизанын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Туулган жерим, сүйүктүү айылым, сыймыктанган Ысык-Кѳлүм жана мактанган Бишкек шаарым - албетте, башка улутта жок, менин байлыгым, биздин байлыгыбыз. Булар эле эмес, ар бир кыргыз айылы, шаары, облусу – биздин чоң байлыгыбыз. Демек, кыргыз жери, Кыргызстан – биздин байлыгыбыз. Бул жѳнѳкѳй байлык эмес,муну түшүнгѳндѳр да, тилекке каршы кѳп эмес. Бул «байлыктын» ичинде биздин тарыхыбыз, салтыбыз жана бизди башка улуттардан айырмалаган негизги белгилер камтылган. Адам үчүн ден-соолугу эн негизги байлык болуп саналса, ал эми жалпы эл үчүн жеринен артык байлык жок.
Кыргыз жеринин абалы кандай? Эгер ушул суроого мен жооп бере турган болсом: «Кыргызстандын эгемендүүлүктү алганына 24 жыл болду, менин билишимче, мамлекетибиз аябай деле чоң ийгиликке жете алган жок, ушул жылдар арасында кѳптѳгѳн жакшылыктар да, жамандыктар да болду. Жамандыктар ашыгыраак болду Элдин үй-бүлѳлүк бийликке нараазычылыгы – 1-революцияны, адилетсиз бийликке каршылыгы – 2-революцияны пайда кылды. Албетте, мунун себепчилери жана күнѳѳлүүлѳрү бар. Бизге эч кандай чындык да белгисиз. Бирок, булар азыр мааниге ээ эмес, болгону жогоруда айткандай биздин «байлыгыбызды» түшүнбѳгѳн адамдар жерибизге шек жана зыян келтиришти. Менин ишенимим боюнча, мындай маанисиз, жаман жылдар артта калды. Башка жылдарды билбейм, ушул жыл мени бир кыйла сүйүндүрдү. Чын эле ушул жыл Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болдубу, же быйыл эле бир аз эс тартып калганым үчүн ушундай сезилип жатабы, билбейм. Бирок, чындыгында эле ийгиликтер болду окшойт. Жылдын башында эле Кыргызстандын кедей мамлекеттердин арасынан чыгып, ѳнүгүп келе жаткандардын тизмесине киргенин уктум. Бул биз учун аябай жакшы жаңылык. Ал эми жыл аяктап калганда биринчи жолу таза шайлоо болду. Бул да жакшы жанылык. Андан кѳп ѳтпѳй калкыбыздын саны алты миллионунчу ымыркай менен толукталды . Кандай гана жакшы жаңылык?! Бир нече жыл мурун эле миллион адамга кем болсок, мына бүгүн ушинтип кѳбѳйүп отурабыз. Бул болсо бир гана жакшылыктын белгиси. Демек, кыргыз жери чындап эле ѳнүгүүнун жолунда!»
«Кыргызстан ѳнүкпѳйт, баары бир эле мурдагы абалына кайтып келет,буга баягы эле жогорудагыадамдар себеп»,- деген сыяктуу сѳздѳрдү кѳп угуп келем. Мен муну менен таптакыр макул эмесмин. Мүмкүн, Кыргызстандын 20 жылдан ашуун мезгил бою ѳнүгѳ албай келишине алардын күнѳѳлѳрү бардыр, анткен менен алар деле ѳзубүздүн арабыздан чыккан адамдар да?! Ошондуктан, жѳн сѳздѳрдү сүйлѳй бербестен, президентибизге жана анын командасына ишенишибиз керек деп эсептейм. Мунун себеби, жерибиздин ѳнүгүшүнѳ дал ушул адамдар эң маанилүү. Ал эми аларга дем-күч берген, алардын тиреги, жѳлѳгү жана ишеничи – биз, эл. Менин оюмча, мамлекетибиз азыркы замандын талабында жаш, келечиги али алдыда.
Кыргыз жеримдин ѳнүгүшү үчүн мен эмне кылышым керек? Эмне кыла алам? Адамгерчиликүү, билимдүү адамдык сапат жактан таза кыргыз жараны болуш – баарыбыздын милдетибиз. Ушул нерсе Кыргызстандын ѳнүгүшү үчүн эң керек. Ал эми биздин колубуздан келген мүмкүнчүлүктѳр жогорудагы милдеттерибизден да жогору. Азыртадан мектептен абдан жакшы окуп, аны ийгиликтүү аяктоо, университетте да сүйүктүү кесипке ылайык билим алып, аны да ийгиликтүү бүтүрүү. ѳлкѳбүздүн керегине жараган кесиптин ээси болуу – анын ѳнүгүшүнѳ чоң салым кошуу. «Кѳп түкүрсѳ – кѳл болот». Ушул менин оюмду окуучулар,жаштар түшүнсѳ, менин оюмча сѳзсүз жерибизде жакшы жакка ѳзгѳрүү болот. Ал эми мамлекетибиздин кийинки келечеги, албетте, жаштардын колунда.
Кыргызстан – бардык жагы менен суктандыра алган улуу ѳлкѳ. Жайгашкан жеринен баштасак - азиянын жүрѳгүндѳ, асман тиреген улуу тоолор, тунук, шаркыраган суулар, мемиреген сулуу талаалар – бардыгы кыргыз жери. Мындай баалуулуктар ар бир эле элде боло бербейт. Ошондуктан, мындай акыбалга ар дайым татыктуу болуу керек, болбосо, татыктуулар башка элден табылат. Ал үчүн жерибизди, ѳзүбүздү ар тараптан ѳнүктүрүшүбүз керек! Албетте,бул биздин колубуздан келет, жерибиздин гүлдѳп ѳнүгүшүн чын жүрѳктѳн каалайм! Автору: Сыдыкова Элиза.
Нарын облусу,Кочкор району, Ормон-Хан айылы, Орозбак уулу Сагымбай орто мектебинин 7-классынын окуучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Таалайбек кызы Анаранын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргыз эли байыркы эл. Кылым карыткан кыргыз эли башынан нечендеген түркүн окуяларды башынан өткөрдү. Элибиз согушчан келип, Ата-Мекен үчүн күрөшүп келишкен. Башка элдер кыргыздын жигиттерин сырттандай баалашкан. Эзелтеден элибиз согушчан, баатыр келишип, кол салган душмандын мизин кайтарып турган. Тарых барактарын карасак кезинде кыргыз эли Борбордук Азиядагы бүтүндөй элдин жүрөгүнүн үшүн алган эл болгон. Элибиз баатыр гана болбостон колунан көөрү төгүлгөн усталар, уздар, чечендер, даанышмандар, акылмандар, ырчы-чоорчулардан да учу кур эмес.
Элибиздин байлыгы муну менен гана чектелбестен абдан кооз жаратылышы бар. Асман тиреген аска-зоолору, шаркырап аккан суулары, мөлтүрөгөн булактары, токой-чери, жайлоолору анын ичинде жүргөн жан-жаныбарлары…. Кээде ойлонуп көрсөк жараткан бизден эч нерсесин аябаптыр. Кээ бир өлкөлөрдө ичээрге суу таппай, сатып алууга мажбур болууда, а бизде болсо бардыгы бар: жайлоо десең жайлоо, токой десең дүпүйгөн-дүпүйгөн токойлор, суу десең мөлтүрөп аккан туптунук булактар, шаркыратмалар, күрүлдөгөн сайлар, дарыялар, толкуп-ташып турган көлдөр баары бар. Дүйнөнүн жети керемети сыяктуу эле жергебиздин жети дубанында жети керемет бар. Мисалы, Нарын областында Таш-Рабат, Жалал-Абадда Арсланбаб жаңгак токою, Ысык-Көлүбүздө Кыргызсандын бермети болгон көлүбүз, үч миң жылдык тарыхы бар ордолуу Ош калаасында Сулайман Тоо, Чүй жергесинде Бурана мунарасы, Баткенде болсо дүйнөнүн үч гана жеринде өскөн Айгүл гүлү өсөт, ал эми Таласта болсо биздин туу туткан сыймыгыбыз, урааныбыз Манас атанын күмбөзү жайгашкан. Ар бир регион өзүнүн өзгөчөлугу, касиети, кооздугу, көркөмдүгү, элинин мейман достугу менен чет жерден келген меймандарды өзүнө тартып турат.
Кыргызстан тоолу өлкө, бирок жаратылышы абдан кооз жана туризмге ылайыктуу. Андыктан, биздин шартта туризм жагын өнүктүрсөк, абдан жакшы жыйынтыктарды ала алабыз. Алгач билимдүү болуубуз зарыл. Билими күчтүү бирди жыгат, билеги күчтүү миңди жыгат дегендей билимбиз күчтүү болсо, ошончолук мамлекетибиз да күчтүү болот.
Эзелтен эгемендүүлүкту эңсеп келген элибиз 1991-жылы эгемендүүлүккө жетишти. Эгемендүүлүктү алгандан кийин элибиз бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Эки жолу мамлекетибизде коогалаң болуп, мамлекет башчыларыбыз элдин мүлкүн чөнтөгүнө салып, кача берди. Кыргызстан эң кыйын күндөрдү башынан өткөрдү, экономикалык абалы кыйын кырдаалга кабылды. Канчалаган кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан Кыргызстан баары бир өнүгүү жолунда. Ар бир мен Кыргызстандын жаранымын деген инсан бир аз болсо да элге кызмат кылууга, жергесинин өнүгүп өсүшүнө салым кошуусу зарыл. Мамлекет мага эмне кылды дебестен, мен мамлекетиме эмне кылдым, канткенде өнүктүрө алам деген суроолорго жооп бериши зарыл. Мекенге кызмат кылуу үчүн эл көзүнө көрүнгөн иш кылуу керек эмес. Көчөдө жаткан таштандыны алып койсоң да, мекенине кылган кичинекей жардамың, кызматың. Маданияттуулук да өлкөнүн өсүп-өнүшүнө чоң таасирин тийгизет. Урааныбыз «Манас», улутубуз «кыргыз» деп үлгүлүү жүрүш-туруштарыбыз, кол өнөрчүлүгүбүз, салт-санаабыз, үрп-адаттарыбыз менен башка өлкөлөр менен тең тайлаша алабыз. Ошондуктан алдыга кадам таштап, элибиздин эркин, бейпил жашоосу үчүн күрөшүп, кыргыз жерин коргоого милдеттүүбүз. Менин деги эле кыргыз элине каалоом акыйкаттык, эркиндик, теңдик жана бейпил жашоо. Биз Кыргызстандын келечеги үчүн! Мен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүп- өсүшүн каалайм!


Таалайбек кызы Анара
Нарын областы, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы
Боогачы атындагы орто мектебинин 7-б классынын окуучусу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Талантбек кызы Азизанын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.



Кыргыз жерим, кыргыз элим, кыргызымдын каада-салты, тарыхы, тили менин көңүлүмдү толкутат. Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн ар бир кыргыз уулу , кыргыз кызы каалайт. Көптүн арасында мен да бармын .Менин жерим Нарын областынын Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылы. Жалпы кыргыз журтчулугун, жерин элестеткенде мен сөзсүз Кара-Мойнок айылымды элестетем. Анткени мен ушул жерде төрөлүп, ушул жерден тамга таанып, жашоону үйрөнүп, талыкпай эмгектенип келе жатам. Ар бир кыргыз өз Ата Мекенин, өз Ата – Журтун өз айылынан баштайт эмеспи.
Мен кыргызмын кымыз ичип чоңойгон,
Мен кыргызмын кыргыз жерде ойногон.
Каалайм мен да гүлдөп – өссүн өлкөбүз ,
Келечекте жаштар чыксын өз мекенин ойлогон.
Кыргызстан – бай өлкө. Биздин ичип жаткан cуубуз – таза. Тоолорубуз илгертеден бизди душмандардан сактап келген. Ичкен-жеген тамактарыбыз да дайым табыгый. Бардыгы жетиштүү. Биздин элдерибиз-меймандос. Келген кишини сыйлоо, урматтоо ар бирибиздин каныбызга сиңген. Ушул кылымдарды карытып, атадан- балага өткөн каада-салт, үрп-адаттарыбызды сактап урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз. Жерибизди гүлдөтүп өстүрүү үчүн көптөгөн адамдар ар кандай эмгектерди жаратып жатышат. Мисалы, Бишкек шаарын гүлдөтүү үчүн Иса Өмүркулов ар бир мекеменин алдына гүл өстүргөнүн көргөнбүз. Борбор шаарыбыз аз да болсо адамга жагымдуу маанай тартуулаган. Мамлекетибиздин гүлдөп өсүшү үчүн мен төмөнкүдөй долбоорду сунуштар элем:
Биринчиден- экономикабызды өнүктүрүү;
Экинчиден- завод, фабрикаларды ишке киргизүү керек. Мисалы, жеңил өнөр жайын, мал чарбачылыгы, туризм, тикмечиликти өнүктүрүү;
Үчүнчүдөн- элдерди жумуш менен камсыз кылуу;
Төртүнчүдөн, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү, таптакыр коррупцияны жоюу керек .
Адамдардын эмгегин жебей, туура, так иштеген адамдар бийлик башына келип, ушул маселелер менен иштесе деп ойлойм. Мага улуу президентибиз Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн бийлиги жагат. Ал улуу даражалуу, ойлору тунук, элге жасаган кызматы жаштарга, окуучуларга баалуу деп эсептейм. Кыргызстан үчүн көп эмгек жасады. Аны улантып, дагы коррупцияны жоюу үчүн аягына чейин кызмат кылса деп ойлойм. Ушул маселе чечилсе элдин маанайы да жакшы, ачык болот эле. Коррупция жоюлса жаштар билимдүү болуп, Кыргызстандын жаркын келечегин өздөрү түзүшөт эле. Себеби келечек жаштардын колунда деп коюшат элибизде. “Ар адамга туулуп–өскөн мекени кымбат”- деген кыргызда макал бар эмеспи.
Анын сыңарындай ар бир атуул өз мекенин ыйык экенин билип, ал үчүн ак кызмат кылса гүлдөп өсөрүнө шек санабайм. Айрыкча кыргыз жигиттери эрдик көрсөтүүнү туу тутуу керек.
“Эрдик билекте эмес, жүрөктө” болот. Жүрөгү менен элге кызмат кылуу керек. “Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан” же “Эмгексиз бакыт-тузу жок тамактай”- деп, кыргыз эли бекеринен айтпаса керек.
Сөзүмдүн аягында мен да кыргыз элимдин, жеримдин гүлдөп өсүшүн каалоо менен кыргыздан чыккан ушул азыр кыргыз эли үчүн, жаштар үчүн, биз үчүн эмгектенген уулдар бар экенин сыймыктанып жатам. Мен өз жерим менен ар качан сыймыктанам. Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Арсланбап токою, Ысык-Ата, Жети-Өгүз курорту деги койчу дем алып жаткан абам да мактанаарлык.
Улуу акын Алыкул Осмонов айткандай:
Кыргызстан- жашыл жери, жашыл бакча жергеси,
Жайыт төрү, дан талаасы, сан байлыктын энеси.
Кен казынасы, кол сулуусу тунук cуунун атасы ,
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси, -деп сыймыктанган экен.
Кыргызстаным - күндөн-күнгө өсүп-өнүгүп келе жатат. Мен дагы башка өлкөлөрдөй өнүккөн, жаштардын билим алуусуна жана иштерине шарт түзүлүшүн, экономикабыз өсүшүн каалар элем.
Мен, Кыргызстандын эң кооз жана бай мамилекет болоруна чын жүрөгүмдөн ишенем.

Дареги: Нарын областы Кочкор району Кара-Мойнок айылы Жуншалы көчөсү 26.
Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектебинин
8-классынын окуучусу Талантбек кызы Азиза

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Талантбек кызы Эмилинин дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Кудай талам жер энени жаратканда анны менен кошо адамды жана айлана чөйрөсүн бирдик кылып байланышта жараткан. Ошол күндөн бери күн сайын адам алдыга кадам жазап өнүгүүнүн жолунда жүрөт. Күн сайын дүйнө жүзүндө техника жана илим өнүгүп жатканын билебиз. Азыр ХХI кылым дүйнө жүзү боюнча чон онугуунун доору. Мен Талантбек кызы Эмили, Тянь-Шань тоолору менен курчап турган жети дубандын бири Нарын облусунан боломун. Азыркы убакытта Матен Сыдыков атындагы №7 мектептин окуучусумун. Менин жана курдаштарымдын олкобуздун онугушушуно кошо турган салымы- булл жакшы билим алуу жана журогубуздун тупкуруно патриоттук сезимди остуруу. «Туулган жердин топурагы алтын» демекчи, мен жашап жаткан Кыргыз жерим менен сыймыктанам, анткени биздин оз жерибиз,тилибиз жана ынтымактуу элибиз бар. Кундун нурлары менен чагылышып,ажайып кооз коргозгон берметтей Ысык-Колубуз, чокусунан муз кетпеген жеримди курчап турган бийик-бийик тоолорубуз, минералдык ресурстарыбыз, кендерибиз тоо-таштарыбыз менен суусу, абасы менен суктанган чет элдиктер коп.
Ушундай бейиштей болгон жерибиздин экологиясын таза кармасак деп каалаймын. Мектепте ишембиликке чыккан сайын жерде баштыкчалар, желим идиштер жатканын коробуз. Ушул таштандылар жер кыртышын жана абаны буза турчу нерсе деп биздин география сабагынан берген мугалимибиз коп айтат. Ошонун негизинде менин келечектеги максатым жогорку денгеээлде мектепти бутуп, физика сабагын жакшы окуп инженер болгум келет. Себеби, биздин технологиябыз дээрлик денгээлде онуго элек. Келечекте инженер болсом: мамлекетиме жаратылышка зыян келтирбеген жана таштандыларды иштетип чыккан завод курууга салымым кошоор элем.
Ошондой эле дыйкандарга жакшы шарт тузуп берип, айыл чарбага ылайыктуу станокторду жасап кыргыз жеримдин айыл чарбасын онуктургум келет. Айыл чарба дегеним, анткени биздин айыл чарбага ылайыктуу жерлерибиз коп. Ошондой эле азыркы убакытта ден-соолукка зыян химиялы ктурдо кошулуп жазалган азыктар коп. Бирок биз таза азык-тулук айдап булл азык менен оз мамлекетибизди камсыздап жана чет жерлерге экспорттолушун каалайм.
Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адамдын бирден-бир максаты оз элибизди, улутубузду, ата-бабалардын урп-адатын, тарыхын, салтын, бир туугандык жана мамлекеттик ынтымактуулугун урматтагандык, сактагандык жана аны онуктургондук болот. Ошондуктан биз олокобуздун гулдоп-осушуно эн биринчиден ар бирибиз мекенибизди суйуп, жаратылышыбызды сыйлап жана олкобуздун онугушуно озубуздун чон салымыбызды кошушубуз керек. Биздин тээ эзелки кылымдан бери ата-бабалардан нечен-нечен акылмандар, эллин душмандан коргогон эр журок баатырлар, жаратылышты сыйлаган, тынчтыкты суйгон, эл бакан азаматтар коп чыкканын билебиз. Мисалы айтсак: Манас баатыр, Балбай батыр жана башка коптогон эл-жери учун куйгон баатырлар, акылмандар, даанышмандар коп чыкканын билебиз. Азыркы замандын патриоттору деп Роза Отунбаева, Эльвира Сариева, Руслан Акун, Атай Омурзаков ж.б. биздин ушундай патриотторубуз коп. Биз булардан улгу алып алдыга умтулушубуз керек.
Азыркы кыргыз жергесинин биринчи байлыгы булл биздин жаратылышыбыз. Кыргыз жергеси жердин бир кереметтуу жаратылышы бар жерде жайгашкан. Биздин олкодо дуйно-жузундо жок, кызыл китепке кирген жаныбарлар, осумдуктор бар. Азыркы убакта жоголуунун устундо турган осумдукторубузду, жаныбарларыбызды сактап кобойтушун каалаймын. Бейиштей болгон жерибиздин жаратылышына ар бирибиз сылык мамиле кылып жана коргошубуз керек. Биздин кооз жана тарыхый жерлерибиз коп. Мисалы: Ысык-Кол, Чатыр-Кол, Сон-Кол, Нарын суу, Тянь-Шань тоолору, Арстанбап, Кок жайык жана Европа менен Азияны бириктире турчу копуро Жибек–Жолу, Таш-Рабат тарыхый толу жердеги музей, Бурана ж.б. тарыхый жана кооз жерелерибиз коп. Тарыхый жерлерибизди ондоп-туздо жана биздин олкобуз толу жер болгондуктан, кышында дуйнолук масштабда ылайыктуу кылып муз тебуучу база ачып жана чон стадион ачып, ал жактан озубуздун улуттук оюн-зоокторубузду озубуздун жаратылышыбызды сылап эко-туризм жана туризм жактан онугушун каалайм. Озубуздун улуттук кийимдерибизди, оюу кошулган идиштерибизди жана маданиятыбызды сыйласак, «Дуйно шаны билим, жашоонун шаны эмгек» демекчи, ар бирибиз илимдуу-билимдуу болсок, эмгекти суйсок жерибиз гулдоп осот.Биздин мамлекетири онуккон мамлекеттерден артта калбай алар менен чоогуу алдыга кадам жасап онугуусун каалаймын. Онуккон мамлекеттердин терс эмес, он жактарын алышыбыз керек деп ойлоймун. Келечекте мен олкобузду онуккон мамлекеттердин катарында кором.
Азыркы биздин онугууго бирден-бир чон салым электроэнергетика багыты. Мисалы айтсак биздин кунумдук жашоодо колдонуп жаткан уюлдук телефонубуз, компьютерлер мунун баары электроэнергетика менен туз байланышта. Биздин сууларда гидроэлектростанцияларды курууга ынгайлуушарттарыбыз абдан коп. Ошолучун мен олкобуздун энергетикасы онугушун каалаймын.
Жогорудагы онуугого болгон кыялдарым менин тулуп оскон Нарын шаарымда дагы болушун каалайм. Канчалык менин туулган шаарым онуксо, Россияга кеткен адамдар оз уй-булоосунун жанында болуп, балдары сагынычка батпай ата-энесинин жанында осот, анын аркасы менен Нарын дагы чоноюп осот.
Биздин мамлекеттин онугушу кыргыз жергесинде жашап жаткан ар бир адамдын колунда жана ар бирибиз олкобуздун онугушуно оз салымыбызды кошууга милдеттуубуз. Ошондуктан биз кайсыгана чет жерде болбойлу, биз кыргыз жерибиздин желегин туу которуп кыргыз экенибизге сыймыктанышыбыз керек. Мен кыргыз жеримдин, элимдин гулдоп-осушун каалаймын.


Нарын шаарынын №7 Матен Сыдыков атындагы мектептин 9 А –классынын окуучусу
Талантбек кызы Эмили

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Темирбекова Айдайдын дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Улут болуш үчүн улуттук негиздер керек. Ар бир улуттун жарык дүйнөгө келген таза наристеси ошол улуттук улуу негиздер менен оозанып, өмүрү өткөнчө алар менен аралашып өмүр өткөрүп, өзүнөн кийинки урпакка мурас кылышы абзел. Ушундай улуттук дөөлөттөрүн ыйык туткан эл гүлдөп өсүүнүн жолунда болот.Терезеде өсүп турган гүл өзүнө ылайык идиши, топурагы, жагымдуу чөйрөсү, убагында көңүл буруу болсо ал дүркүрөп гүлдөп өсөт. Эгер ушулардын бирөө эле кемчил болуп калса ал ойдогудай өсө албайт. Ошонун сыңарындай элибиздин гүлдөп өсүшї өз колубузда, бизге сырттан бирөө убактылуу гана жардам бериши мүмкүн, көтөрмөлөшү мүмкүн, бирок гүлдөтүп өстүрө албайт. Эмнеге? Себеби биздин өзүбүздүн каныбыздагы уктап (айрымдарда) жаткан данектерибиз өз кыртышыбызда жанданып, өз суубуздан суу ичип, дем алып бекем тамыр алышы керек.Үйүбїздү кандай карасак ,тышка чыкканда дагы, ошол көз карашыбызды сактап жакшы сапаттарды адат кылууну үйрөнсөк экен, атаганат. Кыргыз жериндеги кичинекей таштан баштап менин мекенимдин ташы деген деңгээлге жетишибиз өтө маанилүү. Мектептеги классыбызды, отурган партабызды, окуткан мугалимибизди, айлана-чөйрөбүздү ж.б таанып, (таанып дегеним-ак билим алган классыңды каалагандай бүлдүрбөй, парталардын үстүнө чыгып алып атайлап сындырбай, мугалимдин тилин албай койбой, аттарын мектептин ар кайсы көрүнүктүү жерлерине оюп жазбай ) ошолорду да менин мекенимдики деп, аларды мекендин башталышы катары санаса, андан ары чоң жолго түшкөн жаш адам жеринин гүлдөп өсүшү жөнүндө ойлонуп, колунан келишинче аракет кылат го ойлойм. Жаш күнүнөн майда деп маани бербегенге көнгөн адам, алдындагы мекенинин кадырман карыясына, “ат башындай” алтынына деле маани бербейт. Ошондуктан мекендин баалуулуктары бала-бакчадан башталат.
Биздин ата-бабаларыбыз кылымдан бери эле биз үчүн кам көрүп келген. Кыргыз улутунун түбөлүк улут болуп жашашына бири-бири толуктап турган улуу дөөлөттөрдү, түбөлүк баалуулуктарды мыйзам өңдүү түзүп коюшкан. Муну кыргыз дегенде жан дүйнөсү терең , акыл-эси тунук, жүрүм-туруму үлгүлүү, атуулдук парзы бийик, тарыхты танбаган, келечекке кам көргөн, улуу инсандарыбыз урпактан-урпакка өткөрүп кыргыз деген улуу элди сактап келишкен. Мындай түбөлүк түркүктөрүбүз адамдардагы улут деген канды дүргүтүп, кандай шартта болсо да эл үчүн канжыгага башын байлап, көөкөргө канын куюп, эл үчүн кан-жанын аябай кете берүүгө түрткү болуп, өзү алдыўкы сапта жүргөн.
Манас атабыз да кыргыздын укумдай жери үчүн да урушуп, токумдай жери үчүн токмоктошуп, элинин чегин бекемдеш үчүн ”Чоң казатка” барып, барганда да бар болгон жылкысын кошунга бөлүп берип эли үчүн мал-жанын аяган эмес.
Ала-Тоо үчүн каруусун казык, башын токмок кылып, кайран жанды курман кылып элинин эркиндигин сактагандыгы үчүн урпактары азыр да “Манастап” ураан чакырып, Улуу Бабабыздын жолун улайт.
Ооба сөзсүз улайт! Кантип улабасын, себеби биз Манас бабабыздын урпактарыбыз!
Кыргыз жерин гүлдөтүү үчүн кыргыз тилинин кудуреттүү күчүнө таянабыз. Биздин тилибиз уккулуктуу, таза, бай. Ооба, ошондой!
Биздин эне-эжелерибиздей колунан көөрү төгулгөн уз, акылман аялдар аз бул дүйнөдө. Алардан үйрөнөбүз. Акылына акыл, өнөрүнө өнөр кошобуз. Улуттук өнөрүбүздү, улуттук тамак-ашыбызды жоготпой улайбыз.
Бизди чектен чыгарбаган , чектен чыкса катуу жазалаган жазылбаган салттарыбыз бар. Башкалардан айырмалаган бата берип ,бата алган каадаларыбыз, салт –санааларыбыз бар. Биз ошолорго таянабыз .
Биздин жерибиз баарынан ыйык. Жерибизди сактайбыз, жерибизди сатпайбыз! Эли жерин коргогон эр азаматтарыбыз болуп келген, эми дагы боло бермекчи, жигиттердин колунан келбесе, Жаңыл Мырза эжеме окшогон кандан –бектен кайра тартпаган кыздарыбыз бар.
Биздин кайталангыз бай маданиятыбыз бар. Миллион сапты жатка айткан көөнөрбөс өнөрүбүз уланып келген, дагы улантабыз. Кол ойнотуп ойногон, уккан кишини ойго салган комузубуз бар.
Дагы биз биле турган келечекте көп көп нерселер бар. Келечекке ишениңиздер элибиз үмүт менен жашап, ал үмүтү акталып келген. Келечек кыргыз элинин кылымдар боюу куруп келген пайдубалын сактайт, кыргыз жерим гүлдөп өсөт, кыргызда жакшы сөз бар: “Жаштын тилегин берет”.
Мен “Манас”деген баатыр туулуп, Чыңгыз деген улуу жазуучунун киндик-каны тамган Кыргызстан деген жерде жашайм. Менин улутум кыргыз, мен кыргызмын, мен кыргыз болуп жаралып калганыма кубанам.

Нарын облусу, Нарын району, Учкун айылы, Эшбай Токсобаев орто мектебинин окуучусу Темирбекова Айдай. Туулган жылы 31-август 2000-жыл
2015.16.12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Тилек кызы Ажардын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен дайыма өз өлкөмдүн өсүп-өнүгүүсүн каалайм жана бул ар бир кыргыз атуулу үчүн эң биринчи орунда турушу керек. Биздин башка өлкөлөрдөн эмнебиз кем? Эч нерсебиз кем эмес, тескерисинче биздин башка жактан келген туристтерге мактанчу, данктанчу кереметтүү 7 облусубуздун ар биринин өзүнчө ажайып сулуулугу бар. Мурдагы ата-бабабыздан калган мурастарыбыз бар. Мисалы, Ошто кереметтүү Сулайман Тоо, Таласта үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган Манас атабыздын күмбөзү, Чүйдө илгертеден келе жаткан Бурана , Ысык-Көлдө болсо кыргыз жеринин бермети чалкыган ажайып көлүбүз бар, Нарында биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү Таш-Рабатыбыз бар. Биз эми өнүгүү үчүн эмнеден башташыбыз керек? Эң биринчи биз баарыбыз ичибиздеги пейлибизди оңдоп, ич күйүү дегенди жок кылышыбыз керек. Экинчи мамлекетибиздеги ички достукту оңдоп, эч ким менен урушпай, баары менен дос мамиледе болуубуз керек, үчүнчүдөн «сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» дегендей, каякта жүрбөйлү эч качан таштандыларды көчөгө таштабай, таза алып жүрүшүбүз зарыл. Төртүнчүдөн, ар дайым убадага бек болуп, бирөөнү алдабай, чынчыл болушубуз абзел. Ал эми бешинчиден, патриоттук сезимибиз күч болуш керек. Ар дайым мекенибизди коргоп, эч качан аны сатпашыбыз керек. Алтынчыдан, «билимдүү болсоң, миңди жыгасың» дегендей, азыртан баштап, билимге умтулуп, келечекте кол-бутубузга күч келтирип иштебей, акыл-эс менен иштөөгө умтулуубуз керек. Жетинчиден, өзүбүздө иштелбей жаткан завод-фабрикаларды иштетсек, башка мамлекеттерге кеткен мигранттар азайып, өз өлкөбүздө жумуш менен камсыз болуп калмакпыз. Булардан да эң биринчи маселебиз –бул түндүк-түштүк болуп бөлүнгөн маселебизди чечишибиз керек деп ойлойм. Анткени бөлүнүп жүрө берсек, анда биз эч качан өнүгө албайбыз. Эгерде Кыргызстаныбызды келечекте Малайзия, Америка, Кытай ж.б. өнүккөн өлкөлөрдүн катарында көргүбүз келсе, анда ар дайым ынтымак, биримдик, достук деген ураан ар бирибиздин жүрөгүбүздө болуш керек, анткени келечек биздин колубузда. Келгиле, достор, эч качан урушуп-талашпай, калп айтпай, биримдикте болуп, убадага бек турсак, анда биз сөзсүз өнүгүп-өсөбүз. Гүлдөй бер, эгемендүү кыргыз жерим!!!
О.Айбашов орто мектеби Нарын облусу
8А класс Кочкор району
Тилек кызы Ажар Шамшы айылы


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Тобокел кызы Астранын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Какой высокий смысл заложен в одном коротком слове – родина. И для каждого человека это слово содержит в себе что – то, своё, личное особенное и что то общее, более значительное. Думая о родине, мы думаем о той великой прекрасной стране, в которой родились, связываем понятие родины со сложной и интересной, насыщенной и иногда трагической историей родной земли. Мы чувствуем гордость оттого, что являемся частью этой страны, частью этого большого мира. Любовь к родине нам прививают с детства – родители, воспитатели, учителя.
Из поколения в поколение передаются рассказы о важнейших событиях, выдающихся личностей, об их подвигах и великих делах. Поэтому, думая о родине, мы думаем и о героях прошлого и настоящего, и об известных писателях, поэтах, музыкантах, художниках. Всё это – наша история, всё это- наша родина.
Наша родина – это и люди, которые нас окружают в повседневной жизни. Люди, которые родились в одном краю, всегда как – то ближе друг к другу, всегда лучше смогут понять друг друга, или легче найти общий язык и стать друзьями. Потому, наверное, что у них есть одно общее – та страна, в которой они родились, а это уже много! Не потому ли люди, оказавшиеся в другой стране, бывают так искренни рады встретить земляка - любого, пусть даже совсем незнакомо человека из родной страны, родного города.
У каждого человека на земле, есть страна, которую он считает своей Родиной. Для меня Родина это наш Кыргызстан и мы все этим очень гордимся.
мы живем, развиваемся в современном мире. Нас 5 миллионов и мы все считаем себя Кыргызами. Я родилась и живу в Кыргызстане, учусь в школе, ходила в детский сад. Мои родители и общество создали благоприятные условия для дальнейшее жизни. За свои 15лет, я уже дважды побывала в другой стране, но Кыргызстан это дом, «крепость» куда мы всегда торопимся вернуться.
Любовь к Родине – это чувство которое растет и укрепляется в течении всей жизни человека.
Мы должны быть не равнодушными, знающими и любящими свою Родину и всегда ценить наследие своих предков.
Государство разработало для своих граждан конституцию и законы, которые защищают нас, и мы живем полной жизнью.
Мы имеем права и обязанности. Государство в ответе за каждого из нас и мы должны это понимать и ценить.
Ведь мы живем в красивом, родном нам поселке,это наши одноклассники, учителя и это весь Кыргызстан.
Достижения наших предков вселяет надежду, что и наш собственный труд на благо Кыргызстана, приведут её к долгожданному процветанию.
С каждым днем я вижу что наша страна процветает и развивается но и вместе с ним развивается и криминализм и наш самый большой враг- Коррупция. С каждым днем я вижу до чего готов пойти человек ради денег ,рискуя даже самым важным для него-родиной. Я знаю что Коррупция это уже глобальная такая проблема,что она нас всячески окружает,даже в школе я вижу следы коррупции,но все таки я думаю стоит хоть попытаться сдвинуться с мертвой точки.
— Не думаю, что Кыргызстану надо стремиться быть лучшей по сравнению с кем-то — например, с соседними странами. Это не в характере кыргызов. Если кыргызы будут постоянно чувствовать уверенность в завтрашнем дне, а приезжающие сюда гости — видеть это, то это верная примета того, что мы движемся в правильном направлении.
Хотелось бы чтобы открылись новые возможности для нового поколения. Я верю что это было бы еще одним толчком к развитию нашей страны,например разбить языковые барьеры. Внести в школу другие еще более интересные языки.Но и при этом не стоит забывать про наш родной язык.Ведь это наш корень- наше начало. помимо нашего Кыргызского языка я хорошо знаю русский и английский языки.И мне бы хотелось изучать и языки других стран но к сожалению кроме этих двух языков у нас нет в программе другие языки.
Свою страну в будущем я вижу, в первую очередь, с без барьерной средой для людей с ограниченными возможностями, а также в будущем я вижу Кыргызстан стабильным, развитым, демократичным и комфортным для жителей государством. Очень хочется, чтобы хорошее настроение никогда не покидало кыргызов.
Я люблю свою родину,свой родной Кыргызстан за красоту. У нас очень живописная природа и открытые люди.
Я люблю свой Кыргызстан и мне бы хотелось увидеть ее в будущем полноценной и процветающей страной полной счастливыми и добрыми ,умными людьми.:)


Мен Тобокел кызы Астра. Нарын облусуна караштуу Ат-башы районунда орус мектепте 10 класста окуйм.
Мен азыр 15 жаштамын.
дарек:Батыш-8

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Токтобекова Айбийкенин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Здравствуйте !!!
Моё самое главное желанное мечта, чтобы Кыргызстан расцветал развивался. Я верю, что Кыргызстан будет одним из самых развитых стран, у нас в стране много одарённых, талантливых , умных детей, которые готовы вносить свой вклад в будущее нашего народа.
Все в руках у нас- у молодёжи. Но как известна сейчас молодёжь все свое свободное время проводят за компьютером, в интернете, этим показываем свое равнодушие, будто надеемся на кого-то, или на что-то. НЕТ… мы должны расчитывать только на себя, ведь именно мы КЫРГЫЗЫ можем повлиять на улучшение нашей страны.
Каждый человек трудится ради своего народа, ради своей страны. Многие наших умных, талантливых людей уезжают учится за границей, но там и остаются работать. Хотя могли бы трудиться для своего народа.
Я тоже хочу учится за границей, получить больше образования, поставить перед широкие цели на счёт своей страны получив опыт, реализовать их здесь в Кыргызтане.
Вот передают новостям, в интернете много информации о больших людях, депутатов, чиновников, которые в прямом смысле крадут, обкрадывают Кыргызстан когда много голодающих, во многих местах Кыргызстана не хватает школ, детских садиков.
Мы, КЫРГЫЗЫ, должны быть ответственны за свои земли.
Молодые лидеры Кыргызстана сделаем все за процветание нашей страны под названием КЫРГЫЗСТАН.
Я веру ,что через пару лет Кыргызстан будет не хуже процветающих стран.
У нас светлое будущее!! !

Токтобекова Айбийке, год рождение 15.04.2001
ученица 8-класса, г.Нарын,
№7 сред.школа им. Матена Сыдыкова.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Токтогул кызы Айдайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.



Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Токторов Нурказынын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргыз жерин кыргыз деген улутубузду биздин ата бабаларыбыз алмустактан бери Ата-Мекенибиз болгон ыйык жерибизди биздин келечек камыбызды терең ойлоп урпактарына татыктуу сактап келишти. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери алдыга чоң-чоң максаттарды койду, ар дайым ошол максаттарга жетүүгө умтулуп келет. Кыргыздын чыгаан уул-кыздары ар дайым өлкөбүздүн алдыга гүлдөп өсүшүнө зор салымдарын кошуп, керек болсо өмүрлөрүн кыйып келишкен.Тарыхка кылчайсак улуу МАНАС рухубуз баштаган баатыр бабаларыбыздын жолун улаган Тайлак, Шабдан, Курманжан, Жаўылмырза, Касым, Нуркул, Тоголок-Молдо, Токтогул, Алыкул, Исхак, Турдакун, Чыўгыз, Сїймєнкул, Шүкүрбек, Муса, Калый, Зууракан, Чолпонбай, Дүйшөнкул, Роза, Алмазбек, 7-апрель революциясынын баатырлары жана башка улуу инсандарыбыз менен сыймыктана алабыз. Мен өлкөбүздүн кичинекей атуулу катары өзүмдү бактылуумун деп ишеничтїї айта алам. Себеби менин өлкөм Кыргызстан эгемендүү өзүнүн желеги, герби, гимни бар өз алдынча көп улуттуу эли, кен байлыгы, баалуу токойлору, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек көлдөрү шар аккан мөлтүр суулары таза абасы бар ыйык өлкө. Менин өлкөм сөзсүз гүлдөгөн дүйнөдөгү эң алдыўкы мамлекеттердин бири болот деп терең ишенем. Ал үчүн баарыбыз ынтымакта ыймандуу мекенчил болуп терең билим алышыбыз керек. Билим алууну баса белгилегенимдин жөнү бар өлкөнү гүлдөтүп өстүрүүгө эң биринчилерден болуп билим керек деп эсептейм.
Мен Кыргыз Республикасынын эў алыскы аймагынын кичинекей атуулу катары кыргыз элимдин, жеримдин гүлдөп өсүшүн чын ниеттен каалайм жана башкаларды да үндөйм

Дил баян жазган Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев
атындагы орто мектебинин 6-б классынын окуучусу
Токторов Нурказы Майрамбекович.

2015-жыл 5-декабрь.
Ак-Талаа райондук администрациясы Баетов айылы


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Төрөбек кызы Жибектин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


7-классымды ийгиликтүү аяктап, жайкы каникулга тарадык. Ата-энем мени эс алууга айтылуу Солтон-Сары жайлоосуна жиберди. Жайлоонун таза абасы, сыдырым соккон жели, мөңгүдөн келип шылдырап аккан суусу көңүлүңдү көтөрөт. Ал эми гүлдөрүчү… Бах! Мындай назик, башка эч жерде кездешпеген тоо гүлдөрүн үзүүгө колуң барбайт.Түркүн гүлдөрдүн башы тоо желине ыргалып, кандайдыр бир обон салып шуулдагансыйт.
Улам бир гүлгө суктанып чуркап жүрүп аябай чарчагандыктан, тоо боорундагы көк шиберге асманды карап жата кеттим. Жайлоонун көгү бир керемет беле? Көпкөк асман. Каалгыган булуттарга колуңду созсоң, кармап алчудай жакын көрүнөт экен.
… Бир маалда асмандан көздү уялткан жарык көрүндү. Ал улам жакындап отуруп, тоонун этегиндеги түзөңгө келип конду. Учуучу аппаратты жакшылап карасам, сырты күзгү сымал, зор шар формасындагы нерсе экен, күндүн нуруна чагылышып, көздү уялтып жатыптыр. Ордуман туруп, тоодон чуркап түштүм. Аппаратты айланып, таңыркай карадым. Бул эмне?.. Күн чыгыш жак боорунда эшик сымал из турат. Колумду жакындатып, каалганы ачайын десем, шарт ачылды. Мына, ажайып кооздук… Анын ичине кантип киргенимди сезбей калдым. Кереме-ет… Көз алдымда кооз, заманбап жасалгаланган шаар турду… Улуттук оймо-чиймебиз түшүрүлгөн, таптаза тротуар менен шаарды аралай бастым. Асман тиреген көп кабаттуу үйлөр. Адамдар каршы-терши өтүүдө, кайдадыр өз жумуштарына бараткандай, жай, көңүлдүү. Алардын маанайын көрүп, өзүмдү жакшы сездим, менин да жүзүмө жылмаюу пайда болду. Жеңил автоунаалар ары-бери өтүп, тынган жок, биринин артынан бири чубалган троллейбус, трамвайлар эл ташып жүрүшөт. Арытан МЕТРО деген жазууну окудум. Автоунаалардан чыккан түтүндөр менен чаңдарды жол четинде орнотулган чаң соргучтар дароо соруп алып, кычкылтек бөлүп чыгарып турушат экен. Андан сырткары жол боюна бак-дарактар тигилген. Дагы бир нерсеге суктанбай коюуга болбойт эле. Шаар аралап жүрүп жерден таштанды көрө алган жокмун. Тротуардын жээктеринде фонтандар атылып, көңүлдү сергитет. Бир топ жүрүп, курсагымдын ачканын сездим. (Жол боюнда тамак-аш, жашылча жана башкаларды саткан сатуучулар көрүнбөйт.) Бара жатып тамак ичүүчү жайга кез келдим, ал жакка баш бактым. Бул жерде беш бармак, чучук, казы, карта, кымыз, сүт, айран сыяктуу улуттук тамак-аштарыбыз даярдаларын жана жадыраган кыргыз кыздар-балдар ар улуттун өкүлдөрүн тейлеп жатканын көрүп, ичимден ыраазы болдум, мен да алар сыяктуу сый көрдүм. Ал жерден шам-шум этип алып, жолумду андан ары уладым. Баягыдай оюу салынган тротуар менен бара жатып гүлгө оронгон паркка келдим. Парктын кооздугун сураба, кызыл-жашыл килем төшөп койгондой. Бак-дарак, карагайлардын арасынан куштардын сайраганы керемет музыканын ыргагындай кубулжуйт. Ушундай тынч, таза, өнүккөн, адамдары жайдары, кең пейил өлкөдө жашаганыма сыймыктандым.
… Аңгыча алдыман чыккан 5-6 жашар чамасындагы секелек кыз балмуздак жеп келе жатты эле, кокусунан балмуздагын колунан түшүрүп жиберди. Ошол замат эки робот киши даяр болду. Бири кызга жаңы балмуздак алып келсе, экинчиси узун шлангдан аккан суу менен чачыратып асфальтты жууп жатты…
… Көзүмдү ачсам, жайлоонун жамгыры (бетиме) себелеп жатыптыр.
Мен көргөн асман тиреген көп кабаттуу үйлөр – аскаларга; адамдар – тоо гүлдөрүнө; автоунаалар, троллейбустар, трамвайлар – тоо канаттууларына; ал эми метро – капчыгай аралап кеткен жолдорго окшоп кетти.
Мындай ажайып жер менин мекеним экени – бул менин бактым деп билем.


Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы, Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин 8-б классынын окуучусу Төрөбек кызы Жибектин фантастика- дилбаяны

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Тумарбек кызы Айперинин дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Ооба, өлкөбүз өнүгүү жолуна бет алууда. Ар бир адам эле гүлдөгөн эркин, кубаттуу өлкөдө жашоону каалайт эмеспи. Жашоонун кызыгы ушунусу менен сырдуу жана ажайып. Жаркыган күндүн, ачык асман алдында олтуруп жаратылыштын кооздугуна суктанып, андан энергия алууга эмне жетсин. Азыркы учурда дуйнөдө эмне деген гана нерселер болуп жатат, айланабызга көз чаптырып карай турган болсок эмне деген өнүгүү, техника өрчүп жатат, дагы бир жагынан апаат, согуш, кандуу бороон орун алууда. Бирок мен өлкөмдүн экономикасынын өнүгүүсүн каалайм, эч качан кандуу майдан болуусун каалабайм. Андай жосунсуз – жоруктарды көз алдыма элестете да албайм. Андай адам өмүрүн аябаган, ал адамдын жашоосун бир тыйын да көрбөгөн адам, адам эмес ач карышкырдан айырмасы болбой жатпайбы. Айтор, жер шаарында өнүгүп-өсүү да кандуу майдан да тентайлашып келе жаткан учуру. Канчалаган адам өмүрү өрт алдында калып, күлгө айланууда.
Ал эми кыргыз жери тынч, өнүгүү жолунда. Тарыхта не бир кыйын күндөрдү көргөн кыргыз эли азыр өз алдынча, эркин мамлекет. Ата – бабабыз бизге ушундай кооз мекенди мурас кылып калтырып кетти. Аны сактап, кийинки муундарга берүү – биздин милдет жана ата-бабанын керээзин аткаруу.
Өлкөнүн өнүгүүсү – бул жаш муундарда, башкача айтканда, биздин колдо. Өлко биз үчүн эмне кылды дебестен, биз өлкө үчүн эмне кылдык?-деп жашоо зарыл. Ар бир адам алдыга максат коюп, ага умтулуусу абзел. Ошол себептен, жакшы бир инсан болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон татыктуу адам болуп чыгуу.
Кыргыз жери кандай гана укмуштуудай кооз жер. Тоо арасында шаңшыган бүркүтү жана аркар, кулжа, бугу, маралдары кыргыз жеринин көркүнө – көрк кошуп турат. Кайгырсаң кайгыңды жаза турган куштары, черди жазып, адамга укмуштуудай энергия берет. Ушундай мекенди тартуулаган кудайга да миң мертебе рахмат.
Ал эми ушул жерди коргоп, тарыхта из калтырган аталарга түбөлүк таазим. Биз, тарыхта изим калсын дебестен,мен өлкөмдүн өнүгүп-өсүүсүн жардам берейин,келечек муун, мен көрбөгөндү көрсүн,менин атым тарыхта жазылбай калса да, менин неберелерим, балдарым жакшы жашоодо жашасын деп, алар үчүн болсо да өлкөгө салым кошуу керек. «Күч бирдикте» дегендей, ар бир адамдын өлкөгө кошкон салымы биригип келип эң бир керемет дүйнөнү түзөт. Ал эми ушундай керемет өлкөдө кимдин гана жашагысы келбесин. Ошондуктан, ар бир адам өлкөнүн бир кырына жардам берүү менен, анын ички дүйнөсү жакшы нукка өзгөрөт. Ал эми мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн ар дайым каалайм жана ар дайым кубаттуу өлкөдө жашоону эңсейм. Бул каалоомдон эч качан баш тартпайм. Анткени мен нукура кыргыз кызы. Менин өлкөм бейиштин төрү – Кыргызстан! .
Кыргыз эли ар дайым мейман дос эл
Каада – салты адамзатка сиңген жер
Канча ирет дастандарын окусаң да,
Жүрөгүңдөн орун табат ар дайым ал
Эпосуна тең келе албас бир да дастан,
Кыргыз эли бул нерсени мурун тапкан
Ырчылар деп манасчыны атап алып
Манасты даңктайлы деп калган анан.


«Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм»
конкурсуна дил баян.
Дареги: Нарын областына караштуу
Кочкор районундагы, Исакеев айылындагы
С. Исмаилов атындагы орто мектебинин
7- «а» классынын окуучусу Тумарбек кызы Айпери.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Турсунбек кызы Акактын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Албетте ар бир инсан эли жеринин гүлдөп өсүшүн каалайт эмеспи. Мен дагы төрөлүп өсүп келе жаткан кыргыз жергемдин өсүп гүлдөшүн каалап, кыргыз эли жеринин керегине жараган кыргыздын чыгаан кыздарынын бири болууну максат кылам
Кыргызстан болүнгүс, кол тийгиз, ыйык мекен болуп 1991жылы эгемендүүлүктү алган. Бирок ошол мезгилде кыргыз жериндеги завод фабрикалардын көбү жабылып элдер ачарчылыкка дуушар болушкан. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасы алыскы жана жакынкы өлкөлөр менен тыгыз байланышта болуп кээ бир өлкөлөр менен кен байлыктарды иштетүүдө. Кыргыз элинин турмушу абдан жакшы, элибиз тычтыкта бейпил жашоодо жашап жатабыз.
Өз жериңдин топурагы алтын деп коёт эмеспи. Менин жеримдин килемдей жайылган тулаң жайлоолору, дартка дабаа дары суулары, ак тасмадай созулган шаркыратмалары, асман тиреген , ак мөңгү баскан бийик - бийик тоолору, кен байлыктар жана жерде жок таза абасычы айтсаң соз жеткис, карасаң көз тойгус деги койчу айтып бүтүү мүмкүн эмес го. Жаш баланын таланты бар дегендей эле кыргыз жергесинин дагы таланты бар десек да туура болот. Табигый жаратылыш дагы кыргыз жергесин гүлдөтүп өстүрүү мына биздин жаш муундардын колунда эмеспи.
Ооба, кыргыз жергесинде да кемчиликтер көп. Эң биринчиден болуп тазалыкты колго алып, табигый жаратылышыбызды, таза абабызды сакташыбыз керек, бизге кереги дагы ошо эмеспи. Мисал эле алып кетсек, кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө жайкы эс алуу да көп кыргыз тургун дары чет жердик туристтер келип эс алышат. Бирок таштанды таштап жана көлдү заара менен булгап кетишет. Бул абдан жаман нерсе эмеспи. Ооба, бизге акча түшөт, бирок жаратылышка зыян келтирип жатпайбызбы. Тазалыкты биз коомдук жайларда жана көчөлөрдө да сактабайбыз. Таштандыларды таштабас керек экендигин билебиз, бирок таштай беребиз. Таштанды челеги турса дагы эринебиз, таштап кете беребиз. Өзүбүздүн ден соолугубузга терс таасирин берип жатканын билсек дагы түшүнбөйбүз. Пара алуу жана пара берүү жолу бизде өнүктү. Мамлекет пара алуу жолун жоюуга аракет кылат, бирок болбойт. Себеби бизде өнүгүп кетти. Биз кантип анан өнүгөбүз? Биз улууларды көрүп өсөбүз да, бул оңой жол ар бир адамда кездешет, ар бир адам кур намыска алдырбай чын намыстанса эле маселе чечилет деп ойлойм. Айылдарда бардык жагына мектептер жана медициналар жетиштүү эле жайгашкан, беш кол тең эмес дегендей, кээ бирлери кышкысын суук болот жана да медицина да аппараттар жетишсиз. Ал эми билим алыш учун жетиштүү класстар, жана китептер туура билим берүү үчүн татыктуу мугалимдер керек эмеспи.
Биздин кыргыз жергебизде кен байлыктар көп, бирок мамлекет иштете албайт, себеби экономика жактан аксоо бар. Мен ишенем Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайт деп. МЕНИН КЫРГЫЗ ЭЛИ ЖЕРИМДЕ ТАЛАНТ БАР!


Мен Турсунбек кызы Акак 2000-жылы 29-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында төрөлгөм. Молдокеев Асылбек орто мектебинде 9-класста билим алам. Мен бул сынака чын дилим менен катышып дилбаянды жакшы жазууга абдан аракеттендим жана чоң үмүтүм бар. Эгер өтүп кетсем ата-энем албетте жиберет.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Тууганбек кызы Бегайымдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.



Мекен өзү эле айтып тургандай кыргыз эли абдан кымбат, адам баласынын киндик каны тамган жер жана ажайып керемет кооздугу менен көздүн жоосун алат, биздин ыйык Ата мекенибиз Кыргызстан. Мекен жөнүндө көптөгөн легендалар, ырлар айтылып келет. Ата мекен жана Кыргызстан тууралуу айта берсек түгөнгүс. Ал эми улуу даанышман баатырлар дагы өз өмүрлөрүн мекенге арнашкан. Кыргызстан Жусуп Баласагындын, Курманжан датканын, акын Алыкул Осмонов, дүйнөгө таанымал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени, мекенибиздин эркиндиги учун күрөшкөн улуу инсандарыбызды эч качан унутпайбыз. Үй-бүлө мамлекеттин башааты болуп саналат, үй бүлөдө тынчтык, сүйүү, бейпил жашоо менен курчалса туулган жерибизде да ошондой абалды сактай берет. Кыргыз жерибизди биздин энебиз сыяктуу аны көзүбүздүн карегиндей сактоо ар бир атуулдун милдети. Чет өлкөдө жүрсөң да өзүң туулуп өскөн Кыргызстаныңдын эч бир өлкө алмаштыра албайт. Эл арасында биримдик күч алса, кыргыз элинин колунан баары келет, баарын жеңебиз. Мамлекеттин келечеги жаштардын колунда, билимге токтоло кетсек. Менин оюмча «Билим» билүү деген сөздөн алынса керек. Азыркы күндө билимди бүткүл дүйнө эли баалайт. Илим, билим күчтүү өнүккөн жерде элдин турмушу жакшы болот, маданият гүлдөп өсөт. Азыр билим, маалымат ар кандай заманбап электрондук маалымат сактагычтарда сактала баштады. Бириникин бири пайдаланып, улам билим өсүп келе жатат. Билимдүү болуш үчүн талыкпай эмгектенүү керек, көп окуганга туура келет. Мектеп жаштарга билим берип, аларга жол ачат. Билимдин тармактары көп. Ар кесипке ээ болуу да терең билим алууга шыктандырат. Мисалы: мугалим, врач, инженер, архитектор, сот жана башкалар өз кесибин сүйгөн адам терең билим алат. Билимдин жолу кенен, канча эмгектенсең ошончо билимдүү болосуң. Мен өзүм туулуп өскөн айылымды сүйөм, айылым асман тиреген тоолор менен курчалган тунук суулары, жашыл токою, таза абасы өзүнчө бир керемет. Мындай кооздук башка өлкөлөрдө кездеше бербейт. Мен он беш жаштамын, келечекте туризм тармагын аркалагым келет. Анткени чет өлкөдөн келген туристтерди Кыргызстандын ажайып кооздугун көрсөткүм келет. Жана Кыргызстанга туристтер көп келсе экен дейм, анткени мамлекетибиздин экономикасы өсөт.
Кыргыз тоолорунда табигый байлыктар абдан көп. Жер астында алтын, күмүш, жез, коргошун, темир, калай кендеринин жана көмүрдүн ири кору жатат. Жана жаратылышка кайрыла кетсек. Жаратылыш менен адам баласынын жашоосу тыгыз байланышта. Адам жаратылыштын бир бөлүгү. Ошондуктан табиятты коргоо – адамды коргоо болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө табиятты жана адамды коргоо боюнча атайын мыйзамдар кабыл алынган. Кыргызстандын табияттан тышкары руханий байлыктарга бай. «Манас», «Семетей», «Сейтек» булар эң көлөмдүү эпостор. «Манас» эпосунда мамлекеттик бийликтин негизги символдорунун бири болгон туу өзгөчө көркөм сүрөттөлгөн. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, биздин нукура таза кыргыз тилибиз. Биз Кыргызстанда жашагандыктан кыргыз тилин билүүгө тийишпиз. Кыргыз тил аркылуу ата-бабаларыбыздын салты, үрп-адаттары менен таанышабыз. Ошондой эле белгилүү адамдардын, жазуучулардын, баатырлардын өмүр баяндары, чыгармачылыгы менен таанышабыз. Андыктан кыргыз тилин билүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз. Мен кыргыз тилим менен сыймыктанам. Мен өзүм туулуп өскөн айылымды сүйөм, айылым асман тиреген тоолор менен курчалган тунук суулары, жашыл токою, таза абасы мындай керемет башка өлкөлөрдө кездеше бербейт. Мен он беш жаштамын, келечекте туризм тармагын аркалагым келет. Анткени чет өлкөдөн келген туристтерди Кыргызстандын ажайып кооздугун көрсөткүм келет. Өлкөбүздү башка өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине чейин жеткизүүгө аракет кылам. «Ырыс алды ынтымак» макалы өзү эле айтып тургандай, элибизде ынтымак болсо, күч бирдикте. Дилбаяндын аягын каалоо тилек менен аяктайын кыргыз жерибизде ынтымак, тынчтык, бакубат жашоодо жашаса деймин.


Нарын облусу, Кочкор району Когон-Сай Умут №29 жашаймын
И.Арабаев орто мектебинде 10-класста окуйм
Тууганбек к Бегайым 15 жаштамын
Атам: Кебекбаев Тууганбек
Апам: Стамова Созул


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Тургамбай кызы Алтынайдын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Урматбек уулу Бакдөөлөттүн дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Кыргызстан- биздин ата-бабаларыбыздан калган муундан-муунга мурасталып келе жаткан көздүн карегиндей ыйык сактай турган Ата-мекенибиз. Мен кыргызстандын өнүгүп өсүшүн каалайм. Келечекте кыргызстанымдын өсүшүнө чоң салым кошкум келет. Кыргызстан- өз алдынча эгемендуу-эркин мамлекет. Чет өлкөлөр менен байланыштарыбыз бар. Бизди бүт дүйнө эли тааныйт. Мен өзүмдүн мекенимди сүйөмүн жана мекеним менен сыймыктанамын. Анткени биздин Кыргызстанда Ала-Тоо, көк-асман, таза аба жана таза, тунук суулары бар. Бейпил мезгилде бары эле батыр, бары эле ооз жүзүндө патриот. А чыныгы патриот – мекен үчүн, намыс үчүн кыйынчылык башына түшкөндө билинет. Баары эле учурда өзүн өтө патриот көрсөткүсү келип, өпкө жүрөгүн мекенге чаап, эл мүшкүлүн башы менен көтөрүп алчудай болгондордун кээлери чечүүчү учурда баарын сатып ийиши мүмкүн. Ал эми ошонун эле катарында, демейки, тынчтык учурунда өзүнүн өтө эле көтөрө чаппай, патриотизмди оозуна байрак кылбай, тынч гана өз ишин куп бутуруп жүргөн басмырт киши чечүүчү учурда мекен, же намыс үчүн адамдык бийик абийири менен өлүмгө тик барып коюшу мүмкүн. Ошентип, өз мекенинин чыныгы уулу, ал чыныгы патриот. Мен дагы Кыргызстанымдын патриот уулдарынын арасында болгум келет. Мен келечекте көптөгөн пансионаттарды, ГЭСтерди, ар кандай керектүү деги эле Кыргызстаным муктаж болгон керектүү нерселерди куруп жана дагы жетим балдарга, карыялар үйүнө, кедей-кембагалдарга колуман келишинче жардам берем жана дагы кыргыз жеримдин өсүшүнө чоң салым кошом. Ошону менен токтоп калбастан дагы чет өлкөгө жөндөн жөн эле пайдаланбай агып жаткан сууларды иштетип, касиеттүү Ысык-Көлүбүзгө жана ар кандай кооз жерлерибизге чет өлкөлөрдөн эс алууга келген туристтерге ылайык жатакана жана ар кандай эс алуучу жайларды курам. Дагы мен чоң-чоң фирмаларды курам, анткени Кыргызстандагы фирмалардын көбү башка улуттарга таандык. Башка улуттардын байлары мындайча айтканда колунда барлары ар кандай фирмаларды куруп акча таап жатышат. Мен дагы келечекте чоң окуу жайларды, институттарды айылдарга жаңы мектептерди, бала-бакчаларды жана ар кандай спорттук мектеп, тренажерлорду курам жана ар кандай сынактарды өткөрөм, анткени сынактардын жардамы менен окуучулардын акыл-эсин, патриоттуулугун жана окууга болгон сезимин ойготот.
Урматбек уулу Бакдөөлөт. 9-б класс
Кочкор району, Кум-Дөбө айылы, К.Мырзабеков атындагы орто мектеби.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Усупов Бекжандын дил баяны.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм, анткени мен каалагандай ойноп, ата-энемдин колдоосу менен мектепте билим алып, досторду күтүп жашоо өткөргөнүмө мүмкүнчүлүк берет. Бирок менин айтайын дегеним ар бир адамга жашоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген Кыргызстандын мындан ары да гүлдөп өсүшү, дүйнөдөгү бейкут, кооз өлкөгө айланышы үчүн келечектин ээси деп эсептелген биз эмне кылышыбыз керек деп көп ойлоном.
Мекенибиздин гүлдөп өсүшү үчүн керек болгон, муктаждыктарды акыл-эстүүлүк менен, чымырканып, алдын-ала көрө билип, аны чечүүнүн жолдорун издеп табууга милдеткербиз деп эсептейм.
Жер шарында биздин Кыргызстан бармак басым гана жерди ээлейт. Бирок жаратылыштын төрт мезгили өз касиеттерин сактап ирети менен алмашып өз ырахатын тартууласа, дүйнөдөгү бардык жаратылыш комплекстери (тоо, көл, чөл, суу, арал, кар ж.б.) камтыган керемет жаратылышы адамдарга кызмат кылат. Мындай башка эч бир жерде жок өз мекенибиздин артыкчылыгын пайдалануу аркылуу мамлекетимдин өсүшүнө өз иш аракетимди жумшасам дейм. Менин муну ойлонуума жана кагаз бетине түшүрүшүмө буга чейинки ата-энемдин жасап келген иши түрткү болду. Ата-бабаларыбыздын негизги турак-жайы болгон боз үйдө улуттук тамак-аш менен жергиликтүү эс алуучуларды жана чет элдик жер көрүүчүлөрдү 4 жылдан бери кабыл алып иштеп келе жатышат. Ата-энемдин бул ишине мен кымыз даярдоодо жылкы айдап келип, кулун салып, сабаа бышып уй саадырып жардамымды берип келем.
Мени сүйүндүргөнү мен эс тартканда бул ишти кененирээк кылып өстүрөйүн деген оюм бар. Буга жанаша эле Кылычбек мырза аркылуу Малайзиянын тургундарын эс алууга чакырып Кыргызстанды аларга даңазалагым келет. Эң негизгиси Кылычбек агайдын интервьюсунан улам келечекте көздөгөн максатыма жетүү үчүн азыркы учурда мектепте окутулуп жаткан бардык предметтерди абдан жакшы дилгирлик менен окушум керек экендигин түшүндүм. Себеби Кыргызстандын кооз жерлерин, кен-байлыктарын, жаныбарларын айтыш үчүн география сабагын, каада-салт, үрп-адаттары менен тааныштыруу үчүн тарых сабагын, маданияты менен тааныштыруу үчүн адабият сабагын абдан жакшы билиш керек. Дүйнөдөгү элдер менен алака түзүү үчүн информатика сабагын жана баарлашыш үчүн чет тилдерин билүү зарыл экендигин түшүндүм. Мен азыркы учурда эң негизги милдетим болгон билим алууда талыкпас аракеттер менен зор ийгиликтерди жаратсам гана келечекте Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө өз салымымды туризм жаатында кошо аларыма ишенем.

Саламатсыздарбы урматтуу редакция,
мен Усупова Гульзада балам Усупов Бекжандын дилбаянын сиздердин сынакка Нарындан жөнөтүп жатам.
Усупов Бекжан 2000-жылы туулган.
Нарын областынын, Миң-булак айылында окуйт.

Сиздерге чоң рахмат!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2015 - 17:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка катышкан Элиза Темирболот кызынын дил баяны.


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Каждый из нас верит в то что Кыргызстан станет одним из лучших странов в мире. Нет. Кыргызстан уже стал таким. И мы все надеемся что он не остоновиться на своем пути, он еще поднимется. Иногда когда розговориваешь с туристами, они говорят, что не видели такой красивой страны, и еще говорят что они снова приедут. Они изучают культуру кыргызского народа, с удовольствием едят беш бармак и говорят что кыргызы очень гостеприимны. И в душе так тепло и я снова, все больше и больше влюбляюсь в свою страну. Я очень горжусь тем что являюсь кыргызом. Наверно все играют в шахматы. Тогуз-Кооргол это кыргызская- национальная игра, не много похожая на шахматы.Но к сожелению не все играют в эту игру. Если бы об этой игре узнали бы другие люди из других стран. То это игра несомненно стало бы очень знаменитой игрой в мире. Не даром говорят, что Кыргызстан страна талантливых людей. Есть много наших, и они покорили другие страны. Не которые поют, некоторые танцуют а не которые покоряют сердца людей своими силами удивляя всех. Сейчас у всех есть смартфоны и технология с каждым днем обновляется. Среди них есть наши братья которые изобрели современные гаджеты и я надеюсь что технология в нашей стране будет цвести. Самой глобальнай проблемой в нашей стране является коррупция. В этом году люди начали бороться с коррупцией и всем нам хочется верить что корупции не стало. Сейчас все молодежи в поисках работы покидают свою страну. И даже здесь, хоть не в городе, а в прекрасном селе можно найти работу или даже открыть свой бизнес. Все жалуются что денег не хватает. Да может и не хватает, но здесь свои, своя родина, своя еда и здесь жить намного легче чем жить в другой стране. Все дети и взрослые кидают мусор куда попало. Пожалуйста давайте ценить работу наших дворников, ведь они встают очень рано и делают это для нас. Давайте всем вместе сделаем наш Кыргызстан процветающей, красочной и чистой страной. Ведь это наша единственная, неповторимая, всеми любимая наша родина Кыргызстан! !!

Элиза Темирболот кызы
Нарынская область,Ат- Башинский район.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 22:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: