Нооруз да Жаны-жыл да мусулмандардын майрамы эмес туура. Муну илгертен майрамдап келишкен. Эми гана кенири тушунук кире баштады. Тыюу салган менен эле майрамдабай отуруп калбайт адамдар, майрамдап келишкен илгертен и майрамдаша беришет. Качан гана элдин баары Исламдын бут негиздерин уйронуп бутушкондон кийин гана токтошу мумкун. Ага дейре талашып тартышыштын кереги жок.
Жаңы Жыл мусулмандардын майрамы эмес. демек майрамдоо күнөөбү?
#322 22 December 2015 - 15:39
майрамдабагыла,
харам деген плакаттар козуно корунбой атса анда козду чон ачкын!ой жугурт!Сирияга кетип калба анан)))
Сен совсем эле тушунбойт экенсин го,айткым деле келбей калды.
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу,
чексиз ырайымдуу!
#323 22 December 2015 - 16:32
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#324 22 December 2015 - 18:45
#325 22 December 2015 - 19:17
Нооруз да Жаны-жыл да мусулмандардын майрамы эмес туура. Муну илгертен майрамдап келишкен. Эми гана кенири тушунук кире баштады. Тыюу салган менен эле майрамдабай отуруп калбайт адамдар, майрамдап келишкен илгертен и майрамдаша беришет. Качан гана элдин баары Исламдын бут негиздерин уйронуп бутушкондон кийин гана токтошу мумкун. Ага дейре талашып тартышыштын кереги жок.
31-декабрь,илгертеден майрамдалып келе жатат деп ким айтты? А ноорузду биздин ата-бабалар майрамдашкан. 31-декабрь,кече орустар Кыргыз жергесине келгенден бери майрамдалат.
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.
Abuxanifa
Abuxanifa
#326 22 December 2015 - 23:22
чала молдо дин бузар болуп интернетке кирип алып акча короткон да харам, молдокелер же неттеги даават бул адал дейсинерби!
#327 22 December 2015 - 23:55
чала молдо дин бузар болуп интернетке кирип алып акча короткон да харам, молдокелер же неттеги даават бул адал дейсинерби!
Чала молдо болгудай эмне,оюнан чыгарып же ойго келгенин эле жазып жатышыптырбы? Адалдын дааватка эмне тиешеси бар? Силер биринчи билбей туруп тополон сала бербегиле да.
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу,
чексиз ырайымдуу!
#328 23 December 2015 - 09:10
чала молдо дин бузар болуп интернетке кирип алып акча короткон да харам, молдокелер же неттеги даават бул адал дейсинерби!
Озун айткандай интернеттеги даават харам деп ким айткан ?
Ким айтканын же каерден окуганыны айталасынбы .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#329 23 December 2015 - 13:29
31-декабрь,илгертеден майрамдалып келе жатат деп ким айтты? А ноорузду биздин ата-бабалар майрамдашкан.
31-декабрь,кече орустар Кыргыз жергесине келгенден бери майрамдалат.
ошол ата баба майрамдашкан Ноорузду тынч койуштубу?Жок! Нооруз майрамы десен тенирчи атка кондуруштуго, биздин майрам эмес дешип.
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#330 23 December 2015 - 13:36
Чала молдо болгудай эмне,оюнан чыгарып же ойго келгенин эле жазып жатышыптырбы?
Адалдын дааватка эмне тиешеси бар? Силер биринчи билбей туруп тополон сала бербегиле да.
Оюнан чыгарып ашынган диний фанатизм кучонуп эле баратат,диний экстремизмдин саркындылары коп эле болуп кетти,анан "адал" деп эмес,силер "халал" деп оригиналын айтчу эмес беленер))))
Диний экстремизмге каршы тушундуруу иштерин
кучотуу зарылчылыгы келди озу!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#331 23 December 2015 - 13:56
Оюнан чыгарып ашынган диний фанатизм кучонуп эле баратат,диний экстремизмдин саркындылары коп эле болуп кетти,анан "адал" деп эмес,силер "халал"
деп оригиналын айтчу эмес беленер))))
Диний экстремизмге каршы тушундуруу иштерин
кучотуу зарылчылыгы келди озу!
Диний экстремизмге каршы тушундуруу иштерин
кучотуу зарылчылыгы келди озу!
Ээ Аллахым,ушундай тушунугу тайкы,колун менен такап корсотуп турсан да тан албаган,чынды калп деген,билбей туруп куноологон, айтсан эки жуздуулук кылган,мусулманмын деп,мусулмандарды шылдындаган, адамдарга озун журогуно ыйман,хидаят бер. Ушундай ыйман бер,кийин ушул жазгандарын окуп ыйлагыдай болсун. Озун туура жолуна сал. Журогун тазала. Ушундай тушунук бер,экстремисстер, террористерге каршы чыгып,даават айткыдай. Ыйлап,ыйлап намаз окуп,дуа кылсын. Ооомиииййн(амииинь десем тушунбой калба дагы,оригиналын айтпадым). Сага башка соз жок!
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу,
чексиз ырайымдуу!
#332 23 December 2015 - 14:14
Озун айткандай интернеттеги даават харам деп ким айткан ?
Ким айтканын же каерден окуганыны айталасынбы .
Ким айтканын же каерден окуганыны айталасынбы .
оо баягыда Чубак ажы айтпады беле интернетке кируу бул харам акчаны текке кетирбегиле деп, ошону айтыватам эгер харам болсо эмнеге молдолор акчасын кетирип, ар ким менен акыйлашып жатат?бизго тушунугубуз жоктур, тушунуктуулор не эле болуп жатат?
#333 23 December 2015 - 14:28
оо баягыда Чубак ажы айтпады беле интернетке кируу бул харам акчаны текке кетирбегиле деп, ошону айтыватам эгер харам болсо эмнеге молдолор акчасын кетирип, ар ким менен акыйлашып жатат?бизго тушунугубуз жоктур, тушунуктуулор не эле болуп жатат?
Чубак ажынын инетте сайты бар. Антип айтканынын себеби башкадыр. Чубак ажы Жалиловдун интернетти колдон,бул заманга жараша,технологиянын онуккон заманы азыр,бирок чеги менен,озуно пайдалуу нерсени алышын учун,билишин учун деп ушундай таризде айтканы бар. Анан совсем эле запрет кылып,харам дегендерин укпаган экем. Чубак ажы илимдуу,билимдуу аалымыбыз. Аллахым узууун омур берсин.
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу,
чексиз ырайымдуу!
#334 23 December 2015 - 14:42
ЖАҢЫ ЖЫЛ ДАГЫ КЕЛДИ, ЭМИ ЭМНЕ КЫЛАБЫЗ?! Жыл сайын так ушул учурда декабрь айы аяктаарда телевидение,
радио жана басма сөз аркылуу “Жаңы жылды” тосууга карата ар кандай үгүт иштери күч алганын байкабаган адам жоктур. Азыркы күндөгү кыргыз үчүн жаңы жылды тосуу жаңылык деле болбой калды окшойт. Жаңы жыл жеке эле Кыргызстанда эмес, жадагалса мусулман өлкөлөрүндө да салттуу майрамга айланып баратат. Кайсыл жерге барбагын, кимисине жолукпагын,
жашы-карысы дебей жаңы жылды тособуз деп жанталашып жүгүрүп жүргөнүн көрөсүң. Көчөгө чыксаң да, автобуска отурсаң да түрлүү-түрлүү “жаңы жылдык” жаңырыктарды уга берип тажайсың. Муну менен эле чектелип калбастан, жаңы жылдын шылтоосу менен атайын майрамдык шан-шөөкөттөр уюштурулуп,
алдын ала ресторан-кафелер брондолуп, өмүрү кооздолбогон көчөлөр, үйлөр кооздолуп калат. Бүгүнкү күндө кыбыр эткен кыргыздын бири да калбай жаңы жылга ушундай денгээлде даярданганын көрүп, бул майрам кайдан келген, ата-бабаларыбыз да майрамдашты бекен, дегеле кылымдар бою Ислам динин тутунуп келген кыргыз элине бул майрамдын канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроолор ойлондурбай койбойт. Же кыргыз элинин муундан-муунга өтүп келген диний ишеними, салт-санаасы,
үрп-адаттары азыркы учурдун адамдарын кызыктырбай калганбы?!
Же ата-бабаларыбыз кылымдар бою көздүн карегиндей сактап тутунуп келген Ислам динин, руханий байлыктарын,
үрп-адаттарын бир кылымга жеткирбей эле чанып кетебизби?!
ИСЛАМ ДИНИ ГАНА Ислам дини – адамзат жашоосундагы ар бир суроого толук жооп бере турган жер бетиндеги жападан жалгыз акыйкат дин. Канчалаган кылымдар өтсө да, канчалаган муундар жаңырса да, анын универсалдуулугу жана адам баласынын табиятына төп келгендиги ар тараптан далилдене берет. Алла Таала адамды Өзү жараткан соң, анын жашоосуна эмне пайдалуу, эмне зыян экендигин жакшы билет. Демек, кимде-ким Ислам дини менен жашаса, анда ал эки дүйнө бактылуулугуна жетишет. Алла Таала айткан: «Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз».
Нахл сүрөөсү (16:97) Ошондой эле Ислам дини Алла Тааланын алдында кабыл боло турган жалгыз дин. Алла Таала бул туурасында мындай деп айтты: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге неъматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым».Маида сүрөөсү (5:3) «Албетте, Алланын алдындагы (кабыл боло турган) дин - Ислам».Аалу Имран сүрөөсү (3:19) Ибну Касир бул аяттын тафсиринде мындай деп айткан:«Алла Таала:«Албетте,
Алланын алдындагы кабыл боло турган дин - Ислам»деп айтуу менен адамдардан Исламдан башка эч бир динди кабыл кылбастыгын билдирди. Ал эми бул – Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, жана ага чейинки бардык замандагы Алла Таала (шарият) менен жиберген элчилерге ээрчүү дегенди билдирет. Алла Таала Өзүнө карай бүткүл жолдорду тосуп бир гана Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, тараптан келген жолду гана ачык койду. Кимде-ким Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, жиберилгенден кийин Алла Тааланын алдына анын шариятынан башка дин менен келсе, андан кабыл кылынбайт. Алла Таала айтты:«Кимде-
ким Исламдан башка динге умтулса, андан эч качан кабыл кылынбайт».
(Тафсир Ибну Касир) «Кимде-ким Исламдан башка динге умтулса, андан эч качан кабыл кылынбайт жана Акыретте зыян тартуучулардан болот».Аалу Имран сүрөөсү (3:85) Имам ибну Жарир ат-Табари айтты: «Алла Таала бул сөзү аркылуу кимде-ким Исламдан башка динди тутунса, анда Алла Таала андан эч качан кабыл кылбастыгын билдирди. Жана Акыретте ал адам зыян тартуучулардан болот». (Тафсир ат-Табари) ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МЫНДАЙ БОЛООРУН 14 КЫЛЫМ МУРУН АЙТЫП КЕТКЕН Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге анын үммөтүнөн бир топ адамдар жөөттөр менен христиандарды ээрчип, аларды бардык нерседе туурашат деп алдын ала айтып кеткен. Абу Саид аль-Худри риваят кылды, Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, чыканагын чыканактай сөзсүз ээрчийсиңер.
Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да киресиңер».
Биз сурадык:«О Алланын Элчиси! Жөөттөр менен христиандарды айтып жатасыңбы?».
Ал айтты: «Алардан башка ким болмок эле».(Сахих аль-Бухари) Имам ан-Навави айтты:«Бул хадистеги мисал катары айтылган карыш, чыканак жана кескелдириктин уясынан максат – аларга окшошуу жана ашыкча ээрчүү. Мындагы окшошуу – куфурлукта эмес, күнөө иштерде жана карама-каршылыктагы окшошуу. Бул хадисте Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, ачык муъжизасы камтылган. Анткени бардыгы анын айтканындай болду». (Шарх Сахих Муслим) Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, 1400 жыл мурун айткан бул сөзүн бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Кээ бир адамдарга таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок чыныгы мусулман үчүн бул жаңылык эмес. Анткени ал чын жүрөктөн Аллага ыйман келтирип, кыйынчылыктарга карабастан Анын динин бекем карманат. Балким мындай сөздөр анын Алла Таалага жана Мухаммад пайгамбарга болгон ыйманын жана сүйүүсүн күчөтөт. Мусулман адамдын ыйманы тоодой бекем жана адамзаттын табиятына каршы келген негизсиз идеологияларды тутунуудан дайым алыс. Ал эми коомдун агымына туруштук бералбай, өзүнүн диний милдеттерин аткармак турсун аны билүүгө да аракет кылбастан башкаларды тотукуштай туурап өзүнүн динин, ыйманын, ар намысын, уяттуулугун жарыбаган дүнүйөгө саткан мусулмандарды кандай мүнөздөсөк болот?! Же базар экономикасы деп эле ыйманыбызды да сатып жиберебизби?
! Же бүгүнтөн баштап өзүбүздүн мусулман деген атыбызды жаманатты кылбай Ислам динин терең окуп үйрөнүп, аны менен жашоого умтулабызбы?
! Пайгамбарыбыз,
саллаллаху алейхи уа саллам, башка хадисинде мындай деп айткан: «Жакындап калган жамандыктан (бейкапар) араптарга балээ болсун! (Акыр заман жакындаганда) түндүн караңгы бөлүктөрүндөй фитналар болот. Адам эртең менен ыймандуу болсо, кечинде кафир болот. Кээ бир адамдар динин арзыбаган дүнүйөгө сатышат. Ошол күндө динин карманып жашаган адам – кызыган чокту кармаган адам сыяктуу болот».(Имам Ахмад) Ал эми башка хадисте айтты: «Чындыгында,
силерден кийин сабырдуулукту (талап кылган) күндөр келет. Ошол күндө сабыр кылуу кызыган чокту кармаганга барабар болот жана (динине) амал кылган адамга так ошондой кылган элүү адамдын сообундай сооп жазылат. Сахабалар сурашты: «О, Алланын Элчиси! Ал адам ошол кездеги элүү адамдын сообундай сооп алабы?». Ал айтты: «Жок, силерден элүү адамдын сообундай сооп алат».(Имам Абу Дауд) МУСУЛМАНДАР ДА МАЙРАМДАШАТ Биз билишибиз керек, Исламдагы майрамдар ибадат болуп саналат. Мусулмандар аларды майрамдоо менен Алла Таалага сыйынып жакындайт. Баарына белгилүү болгондой Ислам дининде үч гана майрам бар.Алар Орозо айт менен Курбан айт жана ар Жума күнү. Анас ибну Малик, радыяллаху анху, айтты: «Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Мединага келгенде алардын оюн уюштурган (майрамдык) эки күнү болгон. Ошондо ал: «Бул эки күн эмне күндөр?»,– деп сурады. Алар: «Биз жахилият учурунда бул күндөрү ойночубуз»,
– деп жооп беришти. Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында,
Алла Таала силерге бул эки күндү алардан да жакшы Курбан айт жана Орозо айт күндөрүнө алмаштырды».
(Имам Абу Дауд) Имам аль-Манави өзүнүн "Файдуль Кадир" китебинде мындай деп айтты:«Бул хадис каапырлардын майрамдарында аларга окшошууга тыюу салынгандыгын билдирет. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жахилият майрамдарын майрамдоого уруксат берген жок жана аларды ойной бергиле деп салтка ылайык таштап койбостон«.
..силерге алмаштырды»деп айтты. Ал эми алмаштыруу деген алмаштырылган нерсени таштоону талап кылат. Анткени алмаштырылган нерсе менен алмашылган нерсе эч качан бирдей болбойт». Ал эми Жума күндүн майрам экендиги туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты: «Алланын Элчисинин мындай деп айтканын уктум:«Чындыгында,
Жума күн – майрам күн. Майрам күнүңөрдү орозо күн кылып албагыла, а эгер анын алдынкы же кийинки күндөрү орозо тутсаңар, (анда орозо кармай бергиле)».(Имам Ахмад)
#335 23 December 2015 - 14:44
ЭМИ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТУУРАЛУУ Эгерде мен сизден “жаңы жыл” деген эмне майрам деп сурасам, сиз мага таң калышыңыз мүмкүн. Же мени акыл-эсиң ордундабы же тоодон түштүңбү же такыр эле артта калгансың го деп табаңыз канганча тамашалооңуз мүмкүн. А бирок ошол эле учурда сизден жаңы жыл качан пайда болгон, ким тарабынан киргизилген,
кандай максатта жана кимдер майрамдашкан деп сурасам, сиздин жообуңуз дайынбы же мен да сизди “Мени тамашалап койосуз, көрсө өзүңүз билбейт турбайсызбы?
!” деп уяткарып жатсам, кандай абалда болосуз. Чын эле жаңы жыл деген майрамдын кыргыздарга,
дегеле жалпы мусулмандарга канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроо туулат. Жаңы жылдын качан, кайда, эмнеге жана ким тарабынан түзүлгөндүгү туурасында “дүйнөлүк энциклопедияда” мындай деп жазылган:«Жыл башы 1-январдан башталат деп биздин заманга чейин 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь тарабынан киргизилген.
Байыркы Римде бул күн – тандоонун, кириш чыгыштын, башталыш бүтүштүн кудайчасы Януска арналган. Январь айы Янус кудайчасынын атынан аталган. Анын эки жүзү болгон, бири – алдын, экинчиси – артын карап турган...». (The World Book Encyclopedia, 1984; Т. 14; с. 237) ИСЛАМ ДИНИНДЕ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН ӨКҮМҮ Ислам дининде жаңы жылды тосуу – бирден бир чоң күнөөлөрдөн жана ширкке алып баруучу себептерден болуп саналат. Алла Тааладан башкага сыйынуу ширк болот жана аны кылган адам Тозокко түшөт. Ал эми өзүн мусулманмын деп эсептеген адам ширктен эле сактанбастан,
ага алып баруучу себептерден да сактанат. Азыркы күндө диний илим алган же мечиттин имамы болгон кээ бир адамдардын бул майрамга шериктеш болгондорун көрүп таң каласың. Мусулмандар үчүн каапырлардын майрамын майрамдоого жана аларды ээрчүүгө кескин тыюу салынган. Бирок тилекке каршы көпчүлүк мусулмандардын бул айтылган сөздүн маани-маңызын түшүнбөстөн жаңы жылды майрамдаганы жана анысы аз келгенсип ак дасторкон үстүндө арак-шараптар суудай агып, жашы-карысы дебей уят сыйды жыйыштырып таң аткыча бийлешип, тойлошуп күнөөгө батканы кейиштүү. Бир эле жаңы жыл үчүн канчалаган ресторан-кафелер алдын ала брондолуп, ал эми ресторанга акчасы жетпегендер үчүн телевидение аркылуу “көгүлтүр от” телеберүүсү көрсөтүлүп,
жадагалса бала бакчаларда,
мектептерде конкурстар уюштурулат.
Алардан эмнеге мындай кылып жатасыңар деп сурасаң, эмнеге кылып жатканын өзү деле билбейт. Сааттын жебеси 12:00 болгондугу үчүн эле ушунчалык аракка тоюп, таң аткыча бийлеп-тойлоонун себептүү жөнү барбы?! Мындай кылык-жоруктар ыйманды, абийирди, уят-намысты биринчи орунга койгон мусулманга жарашабы?!
Дегеле жаңы жылдан кандай пайда бар?! Балким алар “жаңы жыл мурдатан майрамдалып келаткан салт болуп калган” деп жооп бериши мүмкүн. А салт дегендин өзү эмне? Мейли, бул майрам каапырларга ата-бабаларынан салт болуп муундан-муунга өтүп келе жаткандыр, а мусулмандарга бул салттын кандай тиешеси бар?! Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн хадисинде мындай деп айтты: «Кимде-ким өзүн кандайдыр бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон».
(Имам Абу Дауд) Ибну Касир айтты:«Мусулман үчүн каапырлардын мындай майрамы болобу же салттуу майрамы болобу же алардын ибадаттарында болобу, аларга окшошууга болбойт. Анткени Алла Таала Пайгамбарлардын мөөрү болгон Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, аркылуу бул үммөттү урматтуу кылды жана ага кемчиликсиз,
туура жана баарын өзүнө камтыган улуу динди Шарият кылды». (“аль-Бидаяту уа ан-Нихая”) ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨР 1)Ширк келтирүү • Алла Тааладан башкага дуа же тилек кылуу Азыркы ата-энелер балдарын тили чыккандан баштап Алла Тааладан башкага тилек кылууга үйрөтөт. Мисалы, адамдар ойлоп тапкан аяз атага же санта клауска кат жаз же ичиңден тилек кылсаң, ал сага каалаган белегиңди алып келет деп жаштайынан ширк кылууга жана жалган айтууга үйрөтөт. Ушуга окшогон себептерден улам наристенин ыйманга негизделген табияты Аллага болгон ыйманга эмес, кичинесинен жалганга же бутпарастык ырым-жырымдарга толот. Көпчүлүк ата-энелер балдарын Алла Таалага ыйман келтирип, Ага гана ибадат кылууну, чынчыл жана ыймандуу болууну үйрөткөндүн ордуна, кайдагы жомокко айланган, жонуна кап артынган кызыл мурун аяз аталарын айтып алдашат. Ал эми мектептерде жана бала бакчаларда болсо алардан мажбурлуу түрдө чогулткан акчага белектер алынып, ошол эле акчага аяз ата, аяз кыз жалдашып, жаш балдарды балатыны айлантып “аяз ата келиңиз, бизге белек бериңиз!” деп кыйкыргыла деп тилек айттырат. Эгерде жаш наристени чындык менен жалганды айырмалабаган курагынан күнөө кылууга үйрөтсөк, анда келечекте андан кандай адамды күтүүгө болот. • Каабадан башканы таваф кылуу Жаш балдардын жаңы жылдык балатыны айланып ырдаганы, бийлегени жана тилек кылганы – аны таваф кылганга барабар. Мындай кылуу мурдагы бутпарас диндерден калган ырым-жырымга жатат жана Алла Таала жаман көргөн иштерден болуп саналат. Ислам дининде Каабаны гана таваф кылууга уруксат берилген. Каабадан башка нерсени таваф кылуу чоң күнөөлөрдөн.
Алла Таала Ыйык Куранда айтты: «Алар Эски Үйдү (Каабаны) таваф кылышсын».Хадж сүрөөсү (22:29) Каабадан башка кабыр болобу же дарак болобу же балаты болобу, таваф кылуу ширк болуп саналат. • Бутпарастык ырым-жырымдарды аткаруу Жаңы жылдык шаан-шөкөткө даярдык көргөн адамдын кылган иши сырттан караган адамга бутпарастардын кылган ырым-жырымдарына окшоп кетет. Мисалы, балатыга илинген жылдызча, оюнчуктар же кооздуктардын баарысы тоо-ташка жана бак-дарактарга сыйынган бутпарастардан калган ырым-жырымдар.
Балатыдагы илинген беш жылдызча болсо жөөттөрдүн жана сатанисттердин белгиси болуп саналат. Ислам дини келгенге чейин араптарда да ыйык дарактарга чүпүрөктөрдү байлап, алардан тилектерин кабыл кылышын сурап сыйынышкан.
Курма дарактарынан күйөөгө тийүүнү же балалуу болууну сурашкан. Кыргызстанда да көптөгөн жерлерде кызыл-тазыл чүпүрөк байланган дарактар көп кездешет. Балатыны кооздоо да ушул сыяктуу бутпарастык ибадаттардан болуп, Алла Таалага ширк келтирүүгө жатат. • Көзү ачыктарга, астрологторго жана гороскопко ишенүү Жаңы жылдын алдында жана жаңы жыл түнү телевидение,
газета, радио жана интернет аркылуу астрологтордун келерки жылга түзгөн гороскоптору чыгат. Келечекти жана кайыпты жалгыз гана Алла Таала билет. Эгерде ким көзү ачыктык кылып келечекти айткан болсо, анда ал динден чыгат. Ошондой эле алардын айтканына ишенүү, айткандарын угуу же жазгандарын окуу чоң күнөө болуп саналат. Кимде-ким тагдырга ишенбей, алардын айтканына ишенсе, анда ал Алла Таалага ширк кылган болот. Ал эми Аллага ширк келтирүү кечирилгис күнөөлөрдөн.
Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айтты: «Айткын: «Бир Алладан башка асмандар менен жердегилердин эч кимиси кайыпты билбейт».Намл сүрөөсү (27:65) Ал эми Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким көзү ачыкка келип, анын айткандарына ишенсе, анда ал Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, түшкөн нерсеге куфурлук кылды».(“Мажмаъ аз-Заваид”) «Кимде-ким көзү ачыкка келип бир нерсе тууралуу (жөн эле) сураса, анда анын кырк күнгө чейин намазы кабыл болбойт».(“Мажмаъ аз-Заваид”) 2)Мал-мүлктү себепсиз ысырап кылуу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү Жаңы жыл жакындагандан баштап пайдасыз соода кылган жана базарлаган адамдар көбөйөт. Ушул күн үчүн эле канчалаган акча сарпталып, балаты, маскарад кийимдери, оюнчуктар, жардыргычтар жана башка убактылуу керексиз нерселер сатылып алынат. Жаңы жылдын эртеси ошол алган нерселердин сынганы сынып, жараксызын ыргытып, калган-катканын жыйнап кийинки жаңы жылга чейин сандыкка салып коюшат. Ошондой эле аяз ата жалдоого, майрамдык шаан-шөкөттөргө пайдасыз сарпталган каражаттарды айтпаса да белгилүү. Ал эми Ислам дининде ашыкча ысырап кылуу тыйылган иштерден. Алла Таала Ыйык Куранда ысырапкорлук туурасында мындай деп айтты: «Чындыгында,
ысырапкорлор шайтандын бир туугандарынан».
аль-Исра сүрөөсү (17:27) «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Чындыгында,
(Алла) ысырапкорлорду жакшы көрбөйт».Аъраф сүрөөсү (7:31) Ошондой эле дүйнө жүзүндө жаңы жыл үчүн эле канчалаган ийне жалбырактуу токойлор кыркылып экологияга зыян келтирилүүдө.
Жаңы жыл жеке эле экологияга зыян келтирбестен коомчулуктун да тынчын бузат. Жаңы жылга чейин жана жаңы жылдан кийин бир нече жума бою ар тараптан жардыргычтардын үнүнөн кулагың тунат. Жадагалса, жаңы жылдык тарсылдактардын айынан айылдагы иттер дагы итканасына түнөбөй талаалап калышат. Бул эле эмес, жаңы жылдын эртеси жардыргычтын айынан канчалаган адамдар бир жери күйүп же ден соолугуна байланыштуу оор абалда ооруканаларга түшөт. Же мас болгон абалда мушташып, бири ооруканага түшсө, бири милициялап жүргөнүн көрөсүң. Ошондой эле жардыргычтардын себебинен өрт чыгып, көптөгөн материалдык чыгымдарга алып келет. Түнү бою ичилген арак-шампандардан канчалаган адамдар ууланып, эртеси биринин башы ооруса, экинчиси ишине баралбай жумалап ооруп жеке эле өзүнө эмес, жалпы мамлекетке зыян келтирет. Жаңы жылдагы кырсыктардан,
уулануудан же суукка калып тоңуп бул дүйнө менен кош айтышкандар да аз эмес. Демек, жаңы жыл жеке эле чөнтөккө эле зыян бербестен, жаратылышка,
физикалык жана психикалык жактан адамдардын ден соолугуна жана коомчулукка көптөгөн зыяндарды алып келет.
#336 23 December 2015 - 14:46
Алкоголь, тамеки жана маңзат Кээ бир үй-бүлөлөр жаңы жылды тосуу үчүн жашиктеп арак алышат. Жаңы жылга карата арак-шарапты өндүрүү эселеп көбөйөт. Ушул сыяктуу эле тамекинин, маңзаттын сатыгы да күч алат. Мына ушуга окшогон харам нерселерге дасторкондор толуп, арак-шараптар суудай куюлат. Жадагалса балдарына да шампан, пиводон ооз тийдирип, алардын көзүнчө арак ичип, аларды тырнактайынан “культурный алкаш” болууга даярдайт. Үй ичи тамакенин, арактын жытына толот. Ал жерде отурган ата-энесинин,
коноктордун,
туугандарынын,
коңшуларынын аракка кызып алып кылган иштерин, сүйлөгөн сөздөрүн, жүрүм-турумун көргөн балдары – бул көрүнүштү адаттагыдай көрүнүш катары кабыл алат. Балким кээ бир үй-бүлөлөрдө ашыкча мастыктын айынан мушташ чыгып, майрам арты ыйга айланган учурлар да жок эмес. • Музыка, бий ж.б. Ислам дининде музыкага тыюу салынган. Бул туурасында көптөгөн аяттар жана хадистер айтылган. Эгерде музыкага тыюу салынган болсо, анда анын коштоосундагы бийлөө туурасында айтпаса да белгилүү. Мындай кылуу күнөө болуп саналат жана көптөгөн күнөөлөрдү кылууга түртөт. Жаңы жылда акчалуулар үчүн эсепсиз концерттер уюштурулат.
Демейде энеси жалгыз жибербеген кызын жаңы жылдык концертке жиберип, ал кызы таң атканга чейин кимдер менен жолугуп, кимдер менен отурганы менен такыр иши жок. Жаңы жыл жашоого олуттуу карабаган кыз-жигиттер үчүн чогулуп отурууга бирден бир чоң себептерден.
Эгерде кыз-жигит жалгыз калып, анысы аз келгенсип арактан ууртап алган болсо, анда алардын арасын шайтан аралап зынаа кылууга азгырат. Азыркы күндө зордуктоолор,
никесиз төрөлгөн балдар, таштанды ымыркайлар,
аборт кылдыргандар күн санап көбөйүүдө. Балким мунун көбөйүүсүнө жаңы жыл дагы өз салымын кошуп жаткандыр. Ал эми жаңы жылда концертке баралбай үйүндө отургандар да унутта калбайт. Алар үчүн телевидение аркылуу 24 саат бою адамдарды жеңил ойлуулукка,
уятсыздыкка жана бузукулукка түрткөн ар кандай телеберүүлөр,
түз эфирден алынган концерттер көрсөтүлөт.
Сиз “жок, андай эмес, баары сонун” деп айтышыңыз мүмкүн, бирок эмне үчүн азыркы коомчулукта терс көрүнүштөр көбөйүүдө. Мурда кыргыз үчүн жат көрүнгөн көрүнүштөр,
азыркы күндө кадимки көрүнүш катары эсептелинип калды. • Убакытты пайдасыз кетирүү Адамдын жашоосу убакыттан түзүлгөн. Анын ар бир кетирген убактысы, анын өмүрүнүн бир бөлүгү кетти дегенге барабар. Ал эми кеткен убакытты эч качан кайтаруу мүмкүн эмес. Алла Таала Куранда убакыт менен ант берип ыйман келтирген, жакшылыктарды кылган жана сабыр кылып, бири-бирин жакшылыкка чакырган адамдардан башкасы өздөрүнө өзү зыян кылууда деп айткан. Жаңы жыл – убакытты пайдасыз кетирүүнүн жолу. Түнү бою көчө таптоо же мас болуп алып шарактап жүрүү же үйүндө таң атканга чейин пультту колунан түшүрбөй каналдан каналга которуп убактысын пайдасыз өткөргөн адамды акыл-эстүү деп айта алабызбы?!
Ошол убактысын жакшылык кылууга кетирсе, же Куран, намаз окуп өткөргөн болсо, анын жашоосуна да, Акыретине да жакшы болмок. Ойлоп көрүңүз, жаңы жыл күнү канча адам таң атканга чейин уктабай сагалап жүрөт, а канча адам Кадыр түндү уктабай ибадат кылып өткөрөт?! • Убакытты Алланы зикир кылбастан өткөрүү Алла Тааланы зикир кылууга түртпөгөн бардык нерселер Андан алыстатат. Ал эми шайтандын ишине жана бузукулукка чакырган иштердин баарысы тыйылган иштерден. Адамдын жүрөгү эч качан бош калбайт. Эгерде жүрөк жамандыктарга толгон болсо, анда жүрөктө жакшылыкка орун калбайт. Адамдын табияты ушундай. Эгерде сиз жүрөгүңүздү Алланы зикир кылуу менен толтурбасаңыз,
анда жүрөгүңүз Алланын динине тиешеси жок күнөөлөргө толот. Ислам динине тиешеси жок бардык нерселер, адамды Алланы зикир кылуудан алаксытып, өз каалоосун ээрчүүгө жана күнөөлөрдү кылууга алып барат. Адам баласынын жашоосу ар түрдүү жана ар кылдуу. Бирок анын ар кылдуулугуна карабастан адам баласы бардык нерсеге жаман же жакшы деген эки түшүнүк менен карайт. Жаңы жыл да көпчүлүктүн жүрөгүндө толбогон боштукту жана өчпөс кара такты калтырат. Мисалы, Рамазандан кийин орозо туткан адамдын сезими такыр башкача болот. Жүрөгү ыйман нуруна толуп, Аллага болгон үмүтү жанып, жүрөгү буга чейин болуп көрбөгөндөй бакытка бөлөнгөндөй болот. Ишенбесеңиз,
жаңы жыл менен Рамазандагы болгон иштерди салыштырып көрүңүз, ошондо сизге кимиси Аллага жакындап жакшылыктарды кылганын, кимиси шайтанга азгырылып күнөөгө батканын көрөсүз. • Балдарды алдоо, аларды ширк кылууга жана Алладан башкага сыйынууга үйрөтүү Балдарды жаштайынан Алладан башкага үмүт кылууга жана тилектерин башкадан суроого тарбиялайт.
Көпчүлүк балдарда аяз атадан бир нерсе сурасаң, ал сенин каалаганды берет деген түшүнүк калыптанып калган. Кээ бирлери алдын ала кат жазышып, андан тилектерин сурашат. Бири апама ден соолук бер десе, бири атам кайтып келсин же бактылуу кыл деп сурашат. Аларга ата-энеси аяз ата бизге окшогон эле адам экендигин түшүндүрбөстөн,
ага тилек кылууга жана үмүт байлоого үйрөтүшөт. Андан көрө тилегиңди Алладан сурагын, кыйналсаң Аллага кайрылгын, сураганыңды бир гана Алла Таала берүүгө кудуреттүү деп анын жүрөгүн ыймандуулук жолуна тарбиялабайт.
• Кылмыштуулуктун көбөйүүсү Жаңы жыл түнү акылы кеткенче арак ичкендин айынан канчалаган кылмыш иштери катталат. Бул кылмыш иштерин жашырбаса деле баарына белгилүү. Мастыктын айынан өлтүрүү же зордуктоо же массалык муштаж же жол кырсыгына кабылган учурлар жаңы жыл түнү өзгөчө көп болот. Мына ушунун баары салттуу жакшынакай жаңы жыл майрамында болот. Жаңы жыл түнү көчөгө чыгуу ар бир адам үчүн коркунучтуу.
Анткени көчөдөгү сөзгө-кепке келбеген жаштар, мастар өтө көп. Ал эми борбордук аянттагы балатынын айланысында маал-маалы менен себепсиз мушташтар, чыр-чатактар чыгып турат. Адамдардын арасынан балатыга үймөктөшкөндөрдүн үстүнө жардыргычтарды ыргыткандар да чыгат. Мунун айынан жарат алгандар да жок эмес. ЖЫЙЫНТЫК Жогоруда айтылгандар чыныгы жашоодо болуп жаткан жаңы жылдык көрүнүштөрдүн кыска гана бөлүгүн камтышы мүмкүн. Жаңы жылда биз билбеген мындан башка канчалаган күнөөлөр кылынганы жалгыз гана Аллага белгилүү. Адам баласына өмүр бир гана жолу берилет. Эгерде азыр туура ой жүгүртүп, акыйкатка кайтам, туура жолго түшөм десеңиз, дагы да болсо кеч эмес. Алла Таала кечиримдүү.
Эгерде пенде чын жүрөктөн ыйман тилеп, мындан ары күнөөдөн алыс болуп жашаймын деп Аллага кайткан болсо, анда Алла Таала анын жашоосун жакшы жолго салып койот. Ошондуктан ар бир адам өмүрүн Алла Таалага ибадат кылып, жеке жана айланасындагы адамдарга пайда алып келе тургандай денгээлде өткөрүүсү зарыл. Ислам дини гана жашоонун бардык тарабын камтыган жана адам баласына эмне пайдалуу, эмне зыян экендигин ачык көргөзгөн акыйкат дин. Эгерде ким дин менен жашаган болсо, ал жеке эле өзүн бактылуу кылбастан, анын айланасындагы адамдарга көптөгөн пайдаларды алып келет. Алла Таала Өзүнүн ыйман келтирген пенделерине диний жана дүйнө иштеринде жардам көргөзүп, аларга зыян тийгизген иштерден тыйып, эки дүйнөдө бактылуу болушуна шарт түзөт. Ислам дини – Алла Тааланын адамзатка көрсөткөн ырайымы, жакшылыгы жана берекеси. Кимде-ким Алланын динин ээрчип, туура жолду тандаса, анда ал эки дүйнө бактылуулугуна жетип, чыныгы бактылуулукта жашайт. Бул туурасында Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айткан: «Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз».
Нахл сүрөөсү (16:97) Ал эми Курандын башка бир аятында Алла Таала мындай деп эскерткен: «Ким Менин эскертмемден (Курандан) баш тартса, анда албетте ал үчүн машакаттуу тар жашоо болот».Таха сүрөөсү (20:124) Эгерде ар бир адам Алла Тааланын улуулугун жана адамзатка көргөзгөн чексиз ырайымынын түшүнүп билсе, анда дайыма Анын буйруктарына баш ийип жашамак. Кимде-ким чыныгы бактылуулукту издесе, анда ал үчүн жалгыз гана жол бар. Ал Алла Тааланын дини менен жашоо. Ал эми ким динсиз эле жашайм деген болсо, анда ал адам бул дүйнөдө эле эмес, Акыретте да өзүнө өзү зыян кылгандардын катарында болот.
#337 23 December 2015 - 14:56
оо баягыда Чубак ажы айтпады беле интернетке кируу бул харам акчаны текке кетирбегиле деп, ошону айтыватам эгер харам болсо эмнеге молдолор акчасын кетирип, ар ким менен акыйлашып жатат?бизго тушунугубуз жоктур, тушунуктуулор не эле болуп жатат?
Ммм.Тушунуктуу .Балким эки катындын ушагын айткандай болбой так даана мааниси менен жазаарсын
.Айнанайындар туз жолго тушкуло намаз окугула , ыймандуу болгула деген создорду кулактын сыртынан кетирип .Анан эле жаза тайып суйлоп калса ,бышык кармап антпеди беле , минтпедибеле деп келе калабыз жугуруп .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#338 23 December 2015 - 15:17
Самарбек -Нурелим мен жеке сенин беделине доо кетирип калпычы,эки жуздуу,тушунугу тайкы деген жокмун,ыйманына,
тарбияна береке!сен мага кудайдан бир нерсе тилегиче озуно тиле!
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат болбой жур!Кыздын сыры торкунуно маалым!
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат болбой жур!Кыздын сыры торкунуно маалым!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#339 23 December 2015 - 15:41
бул майрам батыштан келгени үчүн мен молдолорго ынандым, бирок нооруздун алдында да чыга келбегиле нооруз мусулмандын майрамы емес деп!
#340 23 December 2015 - 16:06
Самарбек -Нурелим мен жеке сенин беделине доо кетирип калпычы,эки жуздуу,тушунугу тайкы деген жокмун,ыйманына,
тарбияна береке!сен мага кудайдан бир нерсе тилегиче озуно тиле!
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат болбой жур!Кыздын сыры торкунуно маалым!
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат болбой жур!Кыздын сыры торкунуно маалым!
Кыздын сыры торкунуно маалым деген бул жерге эч эле коошпой калыптыр. Сен озундун жазган создорунду окуп корчу,экстремисске каршы чара корулуш керек болуп калды дегенди эмне максатта мага айттын экен? Же ошондой жака угуттоп жатамбы? Ыйманым м.н тарбияма асылбай эле койсон болот же эмне ата энемдин бешигин терметип койдун беле,тарбияма асылгыдай. Сага окшоп далилсиз шылдындабай элемин бироолорду. Мени кыз деп аткан экенсин,озун эркектей бол. Капле аганын эн сонун жазгандары турат,окуп озуно керектуусун синирип ал.
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу,
чексиз ырайымдуу!

Супер-Инфо
super.kg
видео













