Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#701 Пользователь офлайн   aruuzat88   01 Ноябрь 2015 - 20:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Кайра— кайра окшош баяндарды жаза берүүдөн тажабадыңарбы, башынан карап чыксаңар бул баяндар эки— үч жолудан кайталанып көчүрүлгөн.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#702 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 21:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения aruuzat88 (01 Ноябрь 2015 - 20:58) жазган:

Кайра— кайра окшош баяндарды жаза берүүдөн тажабадыңарбы, башынан карап чыксаңар бул баяндар эки— үч жолудан кайталанып көчүрүлгөн.

Чынын айтсам башыны окуган жокмун, бирок мен кайра жазган сайын адамдар кирип окуп жатат, балким пайдалуу болуп калаар деген мааниде жазгам.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#703 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Ноябрь 2015 - 21:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Screenshot_2015-11-01-19-56-15.png

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#704 Пользователь офлайн   able179110   01 Ноябрь 2015 - 22:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2016 16:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Аллах разы болсун озгочо аялдын куйосуно жазган каты таасирлентти
Айгерим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#705 Пользователь офлайн   Kaple   01 Ноябрь 2015 - 22:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Аллах ыраазы болсун Периште кыз!
100-жолу кайталап жазсанда кайра окуй беруучу, таасирлуу экен..

Билдирүүнү түзөткөн: Kaple: 01 Ноябрь 2015 - 22:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#706 Пользователь офлайн   FCMUKG   11 Ноябрь 2015 - 07:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Бир сүт сатуучу бар эле. Ал акчасын чогултуп жүрүп, кобойгөн кезде ажыга барууну максат кылды. Кемеде кубанычы койнуна батпай ажылык сапарга баратты. Ал түшкөн кемеде толтура эл ар түрдүү улуттагылар жана ар түрдүү кесиптегилер бар эле. Алардын арасында бир маймыл үйрөтүүчү адам жана анын желкесине чыгып, түшүп ойногон кичинекей маймылы да бар эле.Сапар уланууда биздин каарманыбыз улам ычкырындагы тыйын салынган баштыгын өз ордунда бекен дегенсип улам-улам кармалап койчу. Бир убакта кеменин бурчунда жатып көзү илинип кетет. Чочуп ойгонуп эле бир шумдукту сезгенсип, баштыгын кармаласа жок. Ал дамам ордунда эс учун жоготуп, ордунда катып калды. Өмүр бою чогулткан тыйыны заматта жок болуп кеткенине кыжалат болду. Бир азга эсин жоготуп кайра өзүнө келди. Ал адам кыялында ууруну тапкансыды. Ал маймыл деп ойлоду. Ошол убакта акчасын жоготкон адам маймылды издей баштады. Ал убакта маймыл болсо эчак эле кеменин парусунун чокусуна чыгып, чочоюп олтуруп алган болчу. Акчасын жоготкон адам маймылдын ээсин тапды да жанынан чон канжарын сууруп чыгарып, анын кекиртегине такады.Акчасын жоготкон адам:- “Менин тыйынымды сенин маймылын гана алды. А сен болсо ага акчаны урдоого үйрөткөнсүн. Тез менин акчамды кайтарбасан ушул жерде мууздап салам”,- деди ал.Маймыл үйрөтүүчү:- “Тыйынын менде эмес, ишенбесен тинтип көр капчыгымды” ,-деди.Акчасын жоготкон адам : -” Сенде болбосо маймылында. Айт ага тыйынымды кайтарып берсин”,- деп канжарын дагыда кекиртегине батыра такап турду.Маймыл ээси “Болду болду токтот. Алып беремин анда болсо”,- деп жалдырап ийди. Анан чокуда тыйын салынган баштыкты кармап ойноп олтурган маймылга кожойуну ылдыйда туруп дагы бир баштыкты көрсөттү. Чокудагы маймыл да баштыгын кожойуну көрсөткөндөй кайталады. Анткени маймыл, ээсин тууроону үйрөнгөн болчу. Маймылдын кожойуну баштыктан бир акчалык тыйынды чыгарып жерге таштады. Маймылда так ээсиндей кылып баштыктан бир тыйынды алды да кемеге таштады.“Алхамду лиллаах”,- деди муну көрүп турган сүт сатуучу. «Акчам кайра колума тийгидей болду»,- деп кубанды. Маймыл ээси баштыктан экинчи тыйынды алып жерге таштады. Маймыл да баштыктан экинчи тыйынды алды да бирок, аны кемеге эмес, денизге таштады. Таң калаарлык окуя болду. Маймыл бир тыйынды кемеге, бир тыйынды денизге таштай берди. Акыры баштыкта тыйын түгөндү.Сүт сатуучу адам муну ан-тан болуп көккө карайт эле. “Оо Жараткан кудуретинен айланайын. Ушунчалык адилеттүү белен”,- деп көз жашын тыялбай окүрүп ыйлайт эле. Себеби, ал сүткө тең барабар суу кошуп сатчу.Ал адам: -“Мына эми сууңдуку сууга, сүттүкү жанга калды”,- деп боздоп атты…

Билдирүүнү түзөткөн: FCMUKG: 11 Ноябрь 2015 - 07:51

Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#707 Пользователь офлайн   Urmat-1989   11 Декабрь 2015 - 16:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

Аллах ыраазы болсун рахмат кочуруп жазгандарга
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#708 Пользователь офлайн   FCMUKG   13 Декабрь 2015 - 03:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

Бир адам шейхтен сураптыр:  - Йаа Шейх, мен үйлөнгөнүмө көп убакыт болду, балдарым да бар, бирок акыркы учурда менин аялым мени кызыктырбай калганын сезип жүрөм,- деп. - Эмнеге? Аялыңды бир жеринде кемчилиги барбы?- Жок, аялымдын баардыгы жайында эле ...- Аялың кырсыкка кабылып, же дагы башка себептер болуп, жүзү бузулуп калдыбы?- Жок, баардыгы жайында эле...Анда шейх сурайт:- "Анда башка аялдар кетип бара жатса карагандан көзүңдү тыя албайсың го? Аялдарды атайлап теше тиктейсиң го?"Анда киши сурайт:- Ооба, кантип билдиңиз аны?Шейх жооп берет:- Качан силер харамга батканда, харамды сүйгөндө, харам менен тамактанып, баскан турганыңар, дем алганыңардан бери харам болуп калса, Аллахым халал кылган нерсеси силерге сүйкүмсүз болуп калат эмеспи",- дептир.
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#709 Пользователь офлайн   FCMUKG   20 Декабрь 2015 - 22:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

~БИР ХАФИЗДИН ОКУЯСЫ~

Күндөрдүн биринде менин Куран жаттоо сабагыма бир жаңы бала келди.Мен андан:-Курандан жат алган сүрөлөрүң барбы?-деп сурадым.Ал:- Ооба, деп жооп берди.Анда мен:-Аммадан(30 пара,Курандын акыркы бөлүгү) билгениңди окучу,-деп сурандым.Жаш бала ынтызарлык менен окуп берди.-Табарак сүрөсүн(29 пара) билесиңби?Кичине бала жаштыгына карабай бул сүрөнү да билгенине абдан таң калдым.Бирааздан соң:-Нахл сүрөсүн(14 пара) окуп бере аласыңбы?-деп кайрылдым.Жаш кары мен айткан сүрөнү да мукам үн менен окуп бергенде менин таңыркоом андан да күчөдү.Акырында мен узун сүрөлөргө өтүп,Бакара(эң узун сүрө) сүрөсүн окуп берүүнү өтүндум.Зээндүү бала бул сүрөнү да катасыз окуп берди.-Балам, сен Куранды жат алган турбайсыңбы? -СубханАллах, МашАллах…..ооба! -деп уяла жооп берди.Мен баланы эртеси күнгө атасы менен келүүсүн сурандым.Мага ушундай уулду тарбиялаган атаны көрүү кызык эле.Кийинки күнү ал атасы менен бирге келди,сыртынан караганда анчейин эле сүннөттү бекем карманган кишиге деле окшошподу.Атасы менден мурун мен билбеген сырдын бетин ачты:-О,устаз! Мен түшүнүп турам сиздин таң калгандыгыңызга! Бул баламдын артында миң эркекке тете келген аял турат-ал баламдын апасы.Менин үй бүлөөмдө үч уулум тең Куранды жат алышкан,ал эми төрт жашар кызым Амманын жарымын жаттаган.-Бирок, мынчалык деңгээлге кантип жеттиңер?,-деп суролуу жүзүн карадым.-Аялым баладарынын тили чыкканда эле Куран окууга үйрөтүп,ар дайым аларды жаңы сүрөлөрдү жаттаганга дем берип турат.Мисалы, ким биринчи болуп белгиленген сүрөнү жаттаса-ал ошол кечиндеси кандай тамак даярдалуусуну тандайт,ким биринчи болсо-дем алышта кайда барып сейилдөөнү чечет,ким биринчи жаттаса-жайкы эс алууда кайда барууну өз чечимине коебуз деп.Кыскасы балдарымдын ортосунда атаңталашууну жаратып,ар дайым Куран жаттоо жана кайталап турууга түрткү болуп келет.

Чындыгында такыба аял-такыба перзенттерди тарбиялайт эмеспи….."

® ЫЙМАН НУРУ" группасынан
Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#710 Пользователь офлайн   e-vawa.   20 Декабрь 2015 - 23:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 256
  • Катталган: 03 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 20 Апр 2020 18:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кооз жер...

Азамат ука жаза бер бекеренинен айткан эмес да,аял уйдун куту деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#711 Пользователь офлайн   aiturgasha   21 Декабрь 2015 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Мен дагы балама куран окуп берет окшойм. тили чыкканда жаттата баштайм буйруса. аябай таасирдуу экен жогорудагы окуя
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#712 Пользователь офлайн   e-vawa.   21 Декабрь 2015 - 00:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 256
  • Катталган: 03 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 20 Апр 2020 18:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кооз жер...

Просмотр сообщения aiturgasha (21 Декабрь 2015 - 00:06) жазган:

Мен дагы балама куран окуп берет окшойм. тили чыкканда жаттата баштайм буйруса. аябай таасирдуу экен жогорудагы окуя

Жок тууган,Баланы тил чыкканда эмес.Мумкун болсо тороло электе эле (жолдошунуз)же сиз куранды кобурок окуп,жакшы создорду айтсаныз жакшы болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#713 Пользователь офлайн   aiturgasha   21 Декабрь 2015 - 08:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Просмотр сообщения e-vawa. (21 Декабрь 2015 - 00:11) жазган:

Жок тууган,Баланы тил чыкканда эмес.Мумкун болсо тороло электе эле (жолдошунуз)же сиз куранды кобурок окуп,жакшы создорду айтсаныз жакшы болот.


туура айтасыз. бирок азыр деле кеч эмес болсо керек.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#714 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Декабрь 2015 - 13:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

«Кабыр абалдары» - Өлгөндөр кабырда төрт абалда болушат. Кээ бири таманы менен отурат. Көзү чыгып, денеси ысып, денеси топуракка айланганга чейин ошол бойдон турат. Андан соң руху Периштелер ааламына чыгат. - Кээ бирине Аллах Таала уйку берет. Биринчи сур үйлөнгөнгө чейин эмне болуп жаткандыгынан кабары болбойт. Биринчи сур үйлөнгөндөн кийин ойгонуп, анан кайра өлөт. - Кээ бири кабырында эки же үч ай турат. Анан руху Бейиш кушуна минип, Бейишке барат. Муну билдирген хадиси шарифтер сахих хадистер болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам : "Мусульмандын руху куш менен бирге болот. Бейиш бактарынын биринде конуп турат" - "Шейиттердин рухтары жашыл куштардын ичинде болуп, Жаннат бактарына конуп турат" - деп жооп берген. - Кээ бир адамдар каалаган учурда орундарынан көтөрүлөт. Кээ бирлери сур үйлөгөнгө чейин ошол жерде калат. - Төртүнчү абалда боло тургандар - набилер менен олуялар. Алардын кээ бири Кыяматка чейин учуп жүрөт жана көпчүлүгү түнү көрүнөт. Абу Бакр Сыддык жана Умар - уль Фарук ошолордун бири болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам : "Адамдар уйкуда, өлгөн кезде ойгонот"- деп айткан. Бул хадис үчүнчү өмүрдү, башкача айтканда Кабыр жашоосун билдирет. - Кабыр жашоосундагы жагдайлар өлгөндөрдүн акыйкаттары менен сыпаттары ачыла турган кезиндеги жагдайлар болуп саналат.  - Өлгөндөрдүн кээ бири бир орунда калат. Кээ бири кыдырып жүрөт. Кээ бири катуу азапка тартылат. Буга далил : "Мумин" сүрөсүнүн 46 -аяты : "Нар күнөөкөрлөрдүн үстүнө таңда жана кечинде берилет. Кыямат күнүндө да Тозокто милдет аткаруучу периштелерге Фараонго ээрчигендерди азаптын эң коркунучтуу жерине таштагыла деп буйрук берилет" . - Өсүмдүктөр көмүртек диоксиди газын жана топрактан суу менен тузду алып, аларды бириктирет.  Ушунун негизинде органикалык заттар калыптанат. Жылдар бою улана турган химиялик реакциянын катализатор аркылуу бир заматта жүзөгө аша тургандыгы белгилүү. Мына ошол сыяктуу эле Аллах Таала мазарда суу, көмүртек диоксити жана топурак заттарын бириктирип, органикалык заттарды, жандуу мүчөлөрдү бир заматта жаратат. Ушул сыяктуу тириле турганыбыз тууралуу Мухаммед (алейхиссалам) кабар берет. Табият таануу илимдери анын бул дүйнөдө да жүзөгө ашып жаткандыгын көрсөтүп турат. - Жаратылган жандуулардын бардыгы Махшарда жыйналат. Ар бир адамдын амал дептери учуп ээсине келет. Аларды Аллах Таала жүзөгө ашырат. Ушулардын боло тургандыгы тууралуу Аллах Тааланын Расулу кабар берген. Анын айткандары туура. Алардын баары милдеттүү түрдө жүзөгө ашат. - Жакшы адамдардын амал дептерлери оң жагынан, жаман адамдардын амал дептерлери аркасынан же сол жагынан берилет. - Жакшы, жаман, чоң, кичине, ачык, жашыруун кылынган бардык амалдар дептерге жазылган болот. ~ Киромин, Катибин " Асманда, жерде эмне кылдыңар? - деп, Пайгамбарлардан:  "Аллах Тааланын буйруктарын анын Пенделерине кандай жеткирдиңер? - деп суралат. - Махшарда жакшылык кылган адамдар сый - урматка бөлөнүп, жамандык кылган адамдар оор азапка учурашат.  Аллах Таала каалаган Ыймандуулардын күнөөлөрүн кечирүүсү мүмкүн.  Аллахка шерик кошуу жана куфурдан башка бардык күнөөлөрдү кааласа кечирет. Кааласа кичинекей күнөөлөрдөн улам да азап берет. Мушрик жана капырларды эч качан кечирбей турганын билдирген. Китептүү, китепсиз капырлар башкача айтканда Мухаммед (алейхиссалам) дын бүткүл адамзаттын Пайгамбары экендигине ишенбеген, ал билдирген өкүмдөрдүн бирөөсүн болсо да жактырбаган адамдар ошол абалдары менен өлө турган болсо, милдеттүү түрдө Тозокто түбөлүкө азап чегет. Кыямат күнүндө амалдарды өлчөй турган, биз билбеген өлчөө куралы - "Мийзан" (тараза) бар. Жер да, асман да бир тарабына бата тургандай өтө чоң болот. - Сооп жагы жарык, Арштын оң жагында, Бейиш тарабында. Күнөө жагы караңгы, Арштын сол жагында, Тозок тарабында. Дүйөдө жасалган иштер, айтылган сөздөрдү, ой-пикир, көз караштар ошол жерде көз менен көрүлүтургандай абалга келтирилет.  Сооптуу иштер жарык, ал эми күнө карангы, жийиркеничтүү түс алып, таразага тартылат. Бул тараза дүйнө таразага окшобойт. Оор жагы жогору көтөрүлөт. Женил жагы төмөн түшөт деп айтылган. Ахли сүннөт кээ бир аалымдары бир нече тараза болот деп айтышкан. Көпчүлүгү таразанын канча жана кандай тартыла тургандыгын динде ачык билдирилбегенин айтып, бул тууралуу ойлонбоо керек экенин билдиришкен. Кыргызча диний жана хадистер группасынан алынды.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#715 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Декабрь 2015 - 14:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

"АЖАЛДАН YЧ АДАМДЫ АЛЫП КАЛГАН АКЫЛДУУ АЯЛ"
Абдышукур Ажы Нарматов

Бир падыша үч кылмышкерди абака камоого буйрук берди. Арадан бир нече күндөр өткөн соң аларга өлүм жазасы чыгарылды. Кылмышкерлерди өлтүрүү үчүн баш кесер желдет кылычын көтөрүп башын чабууга даярданып жаткан кезде, боздоп ыйлап жаткан аялдын үнү угулду. Падыша аялды чакыртып, эмне үчүн ыйлап жатасын? - деп сурады. Аял: "Бул үчөөсү менин жакын адамдарым, бирөөсү күйөөм, экинчиси уулум, үчүнчүсү бир тууганым. Көзүмдүн кареги болгон уулумдан, таянар тоом болгон күйөөмдөн, бир боорум болгон бир тууганымдан ажырап жатып кантип ыйлабай коё алам?"- деди. Көз жашын көл кылып боздоп ыйлап жаткан аялды көргөн падыша аялга боору ооруп: "Ушул аялдын урматы үчүн үчөөсүнүн бирөөсүн өлтүрбөгүлө" - деди. Аялга: "Үчөөсүнүн кимисин тандасаң ошонусун өлтүрбөйбүз, кимисин тандайсын ?"- дегенде аял терең ойго батып калды. Баламды тандасамбы же кимисин..... Айлана жым-жырт болуп, бардык адамдардын көзү аялга тигилип кимисин тандаарын жана алардын кимиси тирүү калаарын күтүп жатышты. Аял ойлонуп бүткөн соң: "Бир тууганымды тандайм" - деди. Адамдардын бардыгы аялдын жообуна таң калып, эмне үчүн бир тууганыңды тандадың ? - деп сурашты. Аял: "Күйөөмдөн айрылсам башка адамга турмушка чыгып кетишим мүмкүн, уулумдан айрылсам башкага турмушка чыккан соң башка бала төрөп алышым мүмкүн. Бирок, ата-апамдын кайтыш болгондугуна байланыштуу башка бир тууганды таба албайм"- деди. Аялдын даанышмандуулук менен айткан бул сөзү падышаны жана айланадагыларды таң калтырды. Аялдын даанышмандуулугуна таң калган падыша үчөөсүн бирдей кечирип жиберди. Акылдуу аялдын себебинен үч эркек ажалдан бирдей аман калды.

Ага-ининин, эже-сиңдинин кадырын алардан ажыраган адам гана билет.

Бир туугандарың менен жакшы мамиледе бол, алардын кадырын бил! Анткени алар алтынга алмашкыс жандар....
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#716 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Декабрь 2015 - 14:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ЛА ИЛЛАХА ИЛЛА АЛЛАХ
МУХАММАДУ РАСУЛ АЛЛАХ.

“Бир жайда авто кырсык болгон эле. Карасам: тез жардам машинасы жана айланасында көп адамдар топтолуп туруптур.
Бир жеңил машинадан божомолдуу 25-26 жаштардагы өспүрүм жигитти чыгарып алышты.
Ал кара канга бөлөнүп жаткан эле, эзилип кеткен, буту болсо денесинен бөлөк көрүнүштө эле. Чыңырып, кыйкырып, титиреп-какшайт эле.
Бир убак ал өз агасына карады жана мындай деди:
- Өлүштү каалабаймын. .. Мухаммад байке! Муҳаммад байке, мен намаз окубас элемго, Валлаҳи, өлүштү каалабаймын.
Коркуп жатам… Өлгүм келбей жатат!
Майып болуп калсам да мейли, шал болуп, бир өмүр жүрө албай турган болуп калсам да мейли, ыраазымын.
Али намаз окуймун. Майыптыка, шалдыка, ыраазымын. Болгону өлүштү каалабаймын! --- деп чынырып жатты.
Адамдар көп эле топтолуп калган, мен да ошол адамдардын арасында турат элем. Карап, көрүп турам жана ушунчалык коркуп жаткан элем. Чындыгында да оңой эмес эле, үрөй учурган көрүнүш!..
Жанагы баладан дагы эле кан агып жатат эле, эч токтобой жаткан эле. Качан гана каны түгөп, акпай калганча…
Анын өңү–түсү барган сайын көгөрүп, гезерип барат эле. Жанындагы агасы болсо жалынып-жалбарар эле:
- Иним менин, шахадат келмесин айткын, айта койгун, суранам, келме келтиргин”, – деп тынбай жалыныш менен убара эле…
Жигит болгону кыйкырат, чыңырат, өзүн жоготуп койгон, мүнөздөп болгус бир акыбалда эле. Келме келтириш ал жакта турсун, керк болсо бир түшүнүктүү сөз айтышка да мүмкүнчүлүгү жок эле…
Бир маалда: Жаны учуп қетти окшойт, жым – жырт болуп калды. Аракет да кылбас эле. Ооба, ал өлгөн эле.
Доктурлар денесин атайы даярдалган краватка жайлап, жүзүн жабып коюшту. Кийин, жанындагы адамдарга көңүл айтышып:
- Колубуздан эч нерсе келбеди. Көп кан жоготкону жана көптөгөн сыныктары болгондугу үчүн куткарыштын мүмкүнчүлүгү болбоду, деп капалуу көрүнүштө кайраттуулук билдиришти.
Ошондо мен биринчи жолу адамдын өлүп жатканын өз көздөрүм менен көргөн элем. Ал болгону шахадат келмесин да айта албаган эле.
Өлүм күтүлбөгөндө келет. Фарз жана важибтерибизди казага калтырбашыбыз, эч көңүл кош болбостугубуз керек.
Сөздүн ачыгы да ушул: качан өлүшүбүздү эч кайсыбыз билбейбиз.
Ошол күнү мен эч уктай албадым. Жаш балдардай боздоп, ыйлап чыктым болгону…
Чынында билет элемго, бирок мына бул сөздөр эч кулагымдан кетпес эле:
“Валлаҳи, (Аллахка касам), намаз окуймун. Өлбөйүн, албетте окуймун. Убада берем! Болгону, өлгүм келбей жатат…”деп чынырган баланын үнү кулагымдан кетпей койду.
Ооба, бул орунда пикирлерине орун жок. Бирок, сиз пенделерден бир гана нерсени суранам:
Ар күнү акыркы күнүңүздө жашап жаткандай ыкластуу, такыбадар пенделерден болушту өзүңүзгө максад кылың. Мына ошондо ибадаттарыңыз да каза болбойт, жана кынтыксыз аткарасыз, ИншаАллаҳ… ”
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#717 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Декабрь 2015 - 14:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

"Жигиттерге сабак 
болсун" 
Бир кыз жигит болуптур. кызы 5 
убак намаз окуп хиджап кийген 
кыз эле. а жигит ыйманы жок 
озунун максаты учун баарына даяр бала эле. Ошентип кызды алдады 
сени суйом сага уйлоном деп ортого 
Алланы кошуп журду. Кундо кызга 
чалат суйуусун билдирет Ошентип 
кундор отуп журду жигит 
максатына жетиш учун ал кыздын колонкосу болду кай жакта 
болбосун артында журду. акыры 
кызда балага ишенип, уйронуп 
калды. Жигит бир кун максатына 
жеттуу учун кызды ээн таалага 
копуронун тубуно жолугууга чакырды. кыз конбой жатып 
акыры кызды кондурду. Ошол кун 
келди жигит ошол жерге барып 
кызды кутуп турганын айтты, кыз 
макул болуп бара турганын айтты. 
Жигит жакшылап ойлонуп телефонумду очуруп койсом айла 
жок кыжалат болуп келет деп, 
телефонун очуруштон алдын 3,4 
досуна чалып ошол жерге чакырат 
менин бир кызым бар эле азыр 
менин жаныма келип жатат эгер кааласанар адрести айтып ушул 
жерге келип коргуло аны силер 
менен да болушом дейт. Торт досу 
жетип келип кутуп турат а жигит 
телефонун очуруп койот. кыз эч 
нерседен кабары жок кетип атса апасы званок кылып тез доктор 
канага келишин акеси авария 
болгонун айтат кыз артка кетип 
жатып жигитине чалса очук болот. 
жолдо гурпалаш кызына жолугат 
экоо чоогу окуган. ал кызда хиджап кийген намаз окуган кыз 
болот. окуяны айтып жигитине 
барып мени келе албашымды 
айтып койушуну суранат. кыз 
макул болуп дос кызы айткан 
адреске барат. барганда ал кызды торт жигит тосуп алат. а жанакы 
жигит бир жака барып келейин 
деп кеткен болот. Торт жигит 
кызды кыйнап акыры зордоп 
кордоп бутушот. тиги жигит келип 
эмне коздору менен карасын зордолгон, кордолгон кыз озунун 
бир тууган карындашы болуп 
чыгат. Ал жигиттерге эч нерсе дей 
албайт. Ал досторун озу чакырган 
учун. Унутпайлы жигиттер сиздер 
алдап жургон кыздарда кимдин бироонун карындашы Аял киши 
Аллахтын аманаты ал аманаттыка 
эч качан кыянаттык кылбагыла.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#718 Пользователь офлайн   hadiya   24 Декабрь 2015 - 15:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 100
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 13 Дек 2018 15:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Лейлек Жергем....

маа шаа Аллах...Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#719 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Декабрь 2015 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ЭЛЕСТЕТ...
Кыямат башталды. Чечүүчү Сурак Күн келди.
Бул күндүн кандай экендигин билесиңби?
Бул күн – адамдар кыпындай да соопко зар болгон күн.
Бул күндөгү коркунучту сөз менен айтып бүткүс күн.
Ата-эне өз баласынан безген күн.
Азаптан кутулуш үчүн жанындай көргөн адамын садага чаап жибере турган күн.
Коркунучунан жаш наристенин чачы агарган күн.
Бүгүн сенин тагдырың чечиле турган күн.
Адамдар баары бир тегиз тирилди. Арасында сен да барсың. Көзүңдү ачсаң эч
нерсе көрүнбөйт.
Айлана капкараңгы. Айгайлаган ызы-чуу, жаналекетке салган чуру-чуу кулак тундурат. Азаптуу үндөр, жан чыдасыз кыйкырыктар гана угулат.
Кайда бурулба, кудайлаган адам. Эми эмне болот деп өкүргөн адам.
Жашоомдо жаңылдым деп өкүнгөн адам. Жаным аман калсын деп жандалбастаган адам.
“Неге мени эскертпедиң? ” деп бири-бирине жалаа жапкан адам.
Караңгылыкта жол издеп кайсалактаган адам.
Аттиң, топуракка айланып жок болуп кетсемчи деп жер чапчыган адам. Азаптан кутулуулун жолун издеп жанталашкан адам.
Кайда качып кутулат? Бүгүн сурактан качып кутулуу мүмкүн эмес!
Жашооңдо Кудайдан качсаң да, бүгүн эч жакка качып кутулбайсың!
Кыямат башталды! Кыяматың башталды!
Бир маалда адамдардын арасынан кээ бирлеринин жүздөрү четинен жаркырай
баштады.
Баары эмес, саналуу гана адамдар.
Балким менин да жүзүм жаркырайт деп үмүт кылгандар андан көп.
Жүзү жаркыраган адамдардын сүйүнүчүндө чек жок.
Сага да жакындап калды. Саналуу гана адам калды. Кудайга ичиңден “Мага да нур бере көр” деп жалынып, жалбарып жатасың. Сенин да кезегиң жакындап калды.
Жаныңда тургандардан эч кимисинин жүзү жаркырабады. Мына сен күткөн учур да келип жетти.
Сага нур... Кандай ойлойсуң, сага нур берилеби?
Сен бул жашоодо Кыяматтагы нурга татыктуу эмне иш кылдың?
Эртеңки Кыяматка бүгүн кандай даярдык көрдүң?
Бул суроолорду өзүңдөн сурачы?
Мусулман бир тууганым!
Кыяматка бүгүнтөн даярдан, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
Бүгүнкү берилген мүмкүнчүлүк эртең болбой калышы мүмкүн.
Анткени мындай мүмкүнчүлүк бир эле жолу берилет, аны колдон чыгарба!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#720 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Декабрь 2015 - 18:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~~ЖООМАРТ ЖЕТИМ БАЛА~~

Хатам-и Таиден да өткөн жоомарт кедей
Жоомарттыгы менен тилдерге дастан болгон Хатам-и Таи айтат:

- Өзүңөн да өткөн жоомарт кишини көрдүң беле?

- Ооба көргөм.

- Ал ким?

- Жетим бир жаш жигиттин үйүндө конокто болдум эле. Бир кой союп, мени конок кылды. Койдун бир жери абдан жагып калды. Ант берип: "Койдун бул жери абдан даамдуу экен”, - дедим. Жаш жигит сыртка чыкты. Он кою болгон экен. Бирин мурдараак сойгон экен. Тогузун да жаңы союп, мен жактырган жерлерин бышырып, алдыма койду. Мен аны билген эмес болчумун. Кетип жатып эшиктин алдындагы кандарды көрүп, бираз нааразы болгонсуп сурадым:

- Он койдун баарын сойуунун кереги бар беле?

- Субханаллах, мында таң калыштуу эмне бар? Бир нерсе сизге жагыптыр. Муну кылууга да алым жетип турган. Муну кылбай, сизден кызгансам туура болмок беле?

Муну угуп турган достору кайра сурашат:

- Жетим жаш жигиттин жакшылыгына жооп катары сен дагы ага бир нерсе бердиң беле?

Хатам-и Таи мындай дейт:

- Бердим, бирок, маанилүү эмес.

- Эмне бердиң эле?

- Үч жүз төө менен беш жүз кой.

- Андай болсо сен андан да жоомартсың.

- Жок, ал жаш жигит менден да жоомарт. Анткени, ал колундагынын баарын берди. Мен болсом малымдын бир аз бөлүгүн бердим. Бир кедейдин жарым нанынын баарын конокко бергени маанилүүбү же бир байдын короосунан бир төөнү конокко
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: