Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор
#701 01 Ноябрь 2015 - 20:58
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#702 01 Ноябрь 2015 - 21:41
aruuzat88 (01 Ноябрь 2015 - 20:58) жазган:
Чынын айтсам башыны окуган жокмун, бирок мен кайра жазган сайын адамдар кирип окуп жатат, балким пайдалуу болуп калаар деген мааниде жазгам.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#703 01 Ноябрь 2015 - 21:46
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#704 01 Ноябрь 2015 - 22:01
#705 01 Ноябрь 2015 - 22:27
100-жолу кайталап жазсанда кайра окуй беруучу, таасирлуу экен..
Билдирүүнү түзөткөн: Kaple: 01 Ноябрь 2015 - 22:36
#706 11 Ноябрь 2015 - 07:50
Билдирүүнү түзөткөн: FCMUKG: 11 Ноябрь 2015 - 07:51
#708 13 Декабрь 2015 - 03:28
#709 20 Декабрь 2015 - 22:32
Күндөрдүн биринде менин Куран жаттоо сабагыма бир жаңы бала келди.Мен андан:-Курандан жат алган сүрөлөрүң барбы?-деп сурадым.Ал:- Ооба, деп жооп берди.Анда мен:-Аммадан(30 пара,Курандын акыркы бөлүгү) билгениңди окучу,-деп сурандым.Жаш бала ынтызарлык менен окуп берди.-Табарак сүрөсүн(29 пара) билесиңби?Кичине бала жаштыгына карабай бул сүрөнү да билгенине абдан таң калдым.Бирааздан соң:-Нахл сүрөсүн(14 пара) окуп бере аласыңбы?-деп кайрылдым.Жаш кары мен айткан сүрөнү да мукам үн менен окуп бергенде менин таңыркоом андан да күчөдү.Акырында мен узун сүрөлөргө өтүп,Бакара(эң узун сүрө) сүрөсүн окуп берүүнү өтүндум.Зээндүү бала бул сүрөнү да катасыз окуп берди.-Балам, сен Куранды жат алган турбайсыңбы? -СубханАллах, МашАллах…..ооба! -деп уяла жооп берди.Мен баланы эртеси күнгө атасы менен келүүсүн сурандым.Мага ушундай уулду тарбиялаган атаны көрүү кызык эле.Кийинки күнү ал атасы менен бирге келди,сыртынан караганда анчейин эле сүннөттү бекем карманган кишиге деле окшошподу.Атасы менден мурун мен билбеген сырдын бетин ачты:-О,устаз! Мен түшүнүп турам сиздин таң калгандыгыңызга! Бул баламдын артында миң эркекке тете келген аял турат-ал баламдын апасы.Менин үй бүлөөмдө үч уулум тең Куранды жат алышкан,ал эми төрт жашар кызым Амманын жарымын жаттаган.-Бирок, мынчалык деңгээлге кантип жеттиңер?,-деп суролуу жүзүн карадым.-Аялым баладарынын тили чыкканда эле Куран окууга үйрөтүп,ар дайым аларды жаңы сүрөлөрдү жаттаганга дем берип турат.Мисалы, ким биринчи болуп белгиленген сүрөнү жаттаса-ал ошол кечиндеси кандай тамак даярдалуусуну тандайт,ким биринчи болсо-дем алышта кайда барып сейилдөөнү чечет,ким биринчи жаттаса-жайкы эс алууда кайда барууну өз чечимине коебуз деп.Кыскасы балдарымдын ортосунда атаңталашууну жаратып,ар дайым Куран жаттоо жана кайталап турууга түрткү болуп келет.
Чындыгында такыба аял-такыба перзенттерди тарбиялайт эмеспи….."
® ЫЙМАН НУРУ" группасынан
#710 20 Декабрь 2015 - 23:53
#711 21 Декабрь 2015 - 00:06
вызывает улыбку!
#712 21 Декабрь 2015 - 00:11
aiturgasha (21 Декабрь 2015 - 00:06) жазган:
Жок тууган,Баланы тил чыкканда эмес.Мумкун болсо тороло электе эле (жолдошунуз)же сиз куранды кобурок окуп,жакшы создорду айтсаныз жакшы болот.
#713 21 Декабрь 2015 - 08:05
e-vawa. (21 Декабрь 2015 - 00:11) жазган:
туура айтасыз. бирок азыр деле кеч эмес болсо керек.
вызывает улыбку!
#714 24 Декабрь 2015 - 13:25
#715 24 Декабрь 2015 - 14:40
Абдышукур Ажы Нарматов
Бир падыша үч кылмышкерди абака камоого буйрук берди. Арадан бир нече күндөр өткөн соң аларга өлүм жазасы чыгарылды. Кылмышкерлерди өлтүрүү үчүн баш кесер желдет кылычын көтөрүп башын чабууга даярданып жаткан кезде, боздоп ыйлап жаткан аялдын үнү угулду. Падыша аялды чакыртып, эмне үчүн ыйлап жатасын? - деп сурады. Аял: "Бул үчөөсү менин жакын адамдарым, бирөөсү күйөөм, экинчиси уулум, үчүнчүсү бир тууганым. Көзүмдүн кареги болгон уулумдан, таянар тоом болгон күйөөмдөн, бир боорум болгон бир тууганымдан ажырап жатып кантип ыйлабай коё алам?"- деди. Көз жашын көл кылып боздоп ыйлап жаткан аялды көргөн падыша аялга боору ооруп: "Ушул аялдын урматы үчүн үчөөсүнүн бирөөсүн өлтүрбөгүлө" - деди. Аялга: "Үчөөсүнүн кимисин тандасаң ошонусун өлтүрбөйбүз, кимисин тандайсын ?"- дегенде аял терең ойго батып калды. Баламды тандасамбы же кимисин..... Айлана жым-жырт болуп, бардык адамдардын көзү аялга тигилип кимисин тандаарын жана алардын кимиси тирүү калаарын күтүп жатышты. Аял ойлонуп бүткөн соң: "Бир тууганымды тандайм" - деди. Адамдардын бардыгы аялдын жообуна таң калып, эмне үчүн бир тууганыңды тандадың ? - деп сурашты. Аял: "Күйөөмдөн айрылсам башка адамга турмушка чыгып кетишим мүмкүн, уулумдан айрылсам башкага турмушка чыккан соң башка бала төрөп алышым мүмкүн. Бирок, ата-апамдын кайтыш болгондугуна байланыштуу башка бир тууганды таба албайм"- деди. Аялдын даанышмандуулук менен айткан бул сөзү падышаны жана айланадагыларды таң калтырды. Аялдын даанышмандуулугуна таң калган падыша үчөөсүн бирдей кечирип жиберди. Акылдуу аялдын себебинен үч эркек ажалдан бирдей аман калды.
Ага-ининин, эже-сиңдинин кадырын алардан ажыраган адам гана билет.
Бир туугандарың менен жакшы мамиледе бол, алардын кадырын бил! Анткени алар алтынга алмашкыс жандар....
#716 24 Декабрь 2015 - 14:44
МУХАММАДУ РАСУЛ АЛЛАХ.
“Бир жайда авто кырсык болгон эле. Карасам: тез жардам машинасы жана айланасында көп адамдар топтолуп туруптур.
Бир жеңил машинадан божомолдуу 25-26 жаштардагы өспүрүм жигитти чыгарып алышты.
Ал кара канга бөлөнүп жаткан эле, эзилип кеткен, буту болсо денесинен бөлөк көрүнүштө эле. Чыңырып, кыйкырып, титиреп-какшайт эле.
Бир убак ал өз агасына карады жана мындай деди:
- Өлүштү каалабаймын. .. Мухаммад байке! Муҳаммад байке, мен намаз окубас элемго, Валлаҳи, өлүштү каалабаймын.
Коркуп жатам… Өлгүм келбей жатат!
Майып болуп калсам да мейли, шал болуп, бир өмүр жүрө албай турган болуп калсам да мейли, ыраазымын.
Али намаз окуймун. Майыптыка, шалдыка, ыраазымын. Болгону өлүштү каалабаймын! --- деп чынырып жатты.
Адамдар көп эле топтолуп калган, мен да ошол адамдардын арасында турат элем. Карап, көрүп турам жана ушунчалык коркуп жаткан элем. Чындыгында да оңой эмес эле, үрөй учурган көрүнүш!..
Жанагы баладан дагы эле кан агып жатат эле, эч токтобой жаткан эле. Качан гана каны түгөп, акпай калганча…
Анын өңү–түсү барган сайын көгөрүп, гезерип барат эле. Жанындагы агасы болсо жалынып-жалбарар эле:
- Иним менин, шахадат келмесин айткын, айта койгун, суранам, келме келтиргин”, – деп тынбай жалыныш менен убара эле…
Жигит болгону кыйкырат, чыңырат, өзүн жоготуп койгон, мүнөздөп болгус бир акыбалда эле. Келме келтириш ал жакта турсун, керк болсо бир түшүнүктүү сөз айтышка да мүмкүнчүлүгү жок эле…
Бир маалда: Жаны учуп қетти окшойт, жым – жырт болуп калды. Аракет да кылбас эле. Ооба, ал өлгөн эле.
Доктурлар денесин атайы даярдалган краватка жайлап, жүзүн жабып коюшту. Кийин, жанындагы адамдарга көңүл айтышып:
- Колубуздан эч нерсе келбеди. Көп кан жоготкону жана көптөгөн сыныктары болгондугу үчүн куткарыштын мүмкүнчүлүгү болбоду, деп капалуу көрүнүштө кайраттуулук билдиришти.
Ошондо мен биринчи жолу адамдын өлүп жатканын өз көздөрүм менен көргөн элем. Ал болгону шахадат келмесин да айта албаган эле.
Өлүм күтүлбөгөндө келет. Фарз жана важибтерибизди казага калтырбашыбыз, эч көңүл кош болбостугубуз керек.
Сөздүн ачыгы да ушул: качан өлүшүбүздү эч кайсыбыз билбейбиз.
Ошол күнү мен эч уктай албадым. Жаш балдардай боздоп, ыйлап чыктым болгону…
Чынында билет элемго, бирок мына бул сөздөр эч кулагымдан кетпес эле:
“Валлаҳи, (Аллахка касам), намаз окуймун. Өлбөйүн, албетте окуймун. Убада берем! Болгону, өлгүм келбей жатат…”деп чынырган баланын үнү кулагымдан кетпей койду.
Ооба, бул орунда пикирлерине орун жок. Бирок, сиз пенделерден бир гана нерсени суранам:
Ар күнү акыркы күнүңүздө жашап жаткандай ыкластуу, такыбадар пенделерден болушту өзүңүзгө максад кылың. Мына ошондо ибадаттарыңыз да каза болбойт, жана кынтыксыз аткарасыз, ИншаАллаҳ… ”
#717 24 Декабрь 2015 - 14:48
болсун"
Бир кыз жигит болуптур. кызы 5
убак намаз окуп хиджап кийген
кыз эле. а жигит ыйманы жок
озунун максаты учун баарына даяр бала эле. Ошентип кызды алдады
сени суйом сага уйлоном деп ортого
Алланы кошуп журду. Кундо кызга
чалат суйуусун билдирет Ошентип
кундор отуп журду жигит
максатына жетиш учун ал кыздын колонкосу болду кай жакта
болбосун артында журду. акыры
кызда балага ишенип, уйронуп
калды. Жигит бир кун максатына
жеттуу учун кызды ээн таалага
копуронун тубуно жолугууга чакырды. кыз конбой жатып
акыры кызды кондурду. Ошол кун
келди жигит ошол жерге барып
кызды кутуп турганын айтты, кыз
макул болуп бара турганын айтты.
Жигит жакшылап ойлонуп телефонумду очуруп койсом айла
жок кыжалат болуп келет деп,
телефонун очуруштон алдын 3,4
досуна чалып ошол жерге чакырат
менин бир кызым бар эле азыр
менин жаныма келип жатат эгер кааласанар адрести айтып ушул
жерге келип коргуло аны силер
менен да болушом дейт. Торт досу
жетип келип кутуп турат а жигит
телефонун очуруп койот. кыз эч
нерседен кабары жок кетип атса апасы званок кылып тез доктор
канага келишин акеси авария
болгонун айтат кыз артка кетип
жатып жигитине чалса очук болот.
жолдо гурпалаш кызына жолугат
экоо чоогу окуган. ал кызда хиджап кийген намаз окуган кыз
болот. окуяны айтып жигитине
барып мени келе албашымды
айтып койушуну суранат. кыз
макул болуп дос кызы айткан
адреске барат. барганда ал кызды торт жигит тосуп алат. а жанакы
жигит бир жака барып келейин
деп кеткен болот. Торт жигит
кызды кыйнап акыры зордоп
кордоп бутушот. тиги жигит келип
эмне коздору менен карасын зордолгон, кордолгон кыз озунун
бир тууган карындашы болуп
чыгат. Ал жигиттерге эч нерсе дей
албайт. Ал досторун озу чакырган
учун. Унутпайлы жигиттер сиздер
алдап жургон кыздарда кимдин бироонун карындашы Аял киши
Аллахтын аманаты ал аманаттыка
эч качан кыянаттык кылбагыла.
#719 25 Декабрь 2015 - 23:53
Кыямат башталды. Чечүүчү Сурак Күн келди.
Бул күндүн кандай экендигин билесиңби?
Бул күн – адамдар кыпындай да соопко зар болгон күн.
Бул күндөгү коркунучту сөз менен айтып бүткүс күн.
Ата-эне өз баласынан безген күн.
Азаптан кутулуш үчүн жанындай көргөн адамын садага чаап жибере турган күн.
Коркунучунан жаш наристенин чачы агарган күн.
Бүгүн сенин тагдырың чечиле турган күн.
Адамдар баары бир тегиз тирилди. Арасында сен да барсың. Көзүңдү ачсаң эч
нерсе көрүнбөйт.
Айлана капкараңгы. Айгайлаган ызы-чуу, жаналекетке салган чуру-чуу кулак тундурат. Азаптуу үндөр, жан чыдасыз кыйкырыктар гана угулат.
Кайда бурулба, кудайлаган адам. Эми эмне болот деп өкүргөн адам.
Жашоомдо жаңылдым деп өкүнгөн адам. Жаным аман калсын деп жандалбастаган адам.
“Неге мени эскертпедиң? ” деп бири-бирине жалаа жапкан адам.
Караңгылыкта жол издеп кайсалактаган адам.
Аттиң, топуракка айланып жок болуп кетсемчи деп жер чапчыган адам. Азаптан кутулуулун жолун издеп жанталашкан адам.
Кайда качып кутулат? Бүгүн сурактан качып кутулуу мүмкүн эмес!
Жашооңдо Кудайдан качсаң да, бүгүн эч жакка качып кутулбайсың!
Кыямат башталды! Кыяматың башталды!
Бир маалда адамдардын арасынан кээ бирлеринин жүздөрү четинен жаркырай
баштады.
Баары эмес, саналуу гана адамдар.
Балким менин да жүзүм жаркырайт деп үмүт кылгандар андан көп.
Жүзү жаркыраган адамдардын сүйүнүчүндө чек жок.
Сага да жакындап калды. Саналуу гана адам калды. Кудайга ичиңден “Мага да нур бере көр” деп жалынып, жалбарып жатасың. Сенин да кезегиң жакындап калды.
Жаныңда тургандардан эч кимисинин жүзү жаркырабады. Мына сен күткөн учур да келип жетти.
Сага нур... Кандай ойлойсуң, сага нур берилеби?
Сен бул жашоодо Кыяматтагы нурга татыктуу эмне иш кылдың?
Эртеңки Кыяматка бүгүн кандай даярдык көрдүң?
Бул суроолорду өзүңдөн сурачы?
Мусулман бир тууганым!
Кыяматка бүгүнтөн даярдан, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
Бүгүнкү берилген мүмкүнчүлүк эртең болбой калышы мүмкүн.
Анткени мындай мүмкүнчүлүк бир эле жолу берилет, аны колдон чыгарба!
#720 27 Декабрь 2015 - 18:52
Хатам-и Таиден да өткөн жоомарт кедей
Жоомарттыгы менен тилдерге дастан болгон Хатам-и Таи айтат:
- Өзүңөн да өткөн жоомарт кишини көрдүң беле?
- Ооба көргөм.
- Ал ким?
- Жетим бир жаш жигиттин үйүндө конокто болдум эле. Бир кой союп, мени конок кылды. Койдун бир жери абдан жагып калды. Ант берип: "Койдун бул жери абдан даамдуу экен”, - дедим. Жаш жигит сыртка чыкты. Он кою болгон экен. Бирин мурдараак сойгон экен. Тогузун да жаңы союп, мен жактырган жерлерин бышырып, алдыма койду. Мен аны билген эмес болчумун. Кетип жатып эшиктин алдындагы кандарды көрүп, бираз нааразы болгонсуп сурадым:
- Он койдун баарын сойуунун кереги бар беле?
- Субханаллах, мында таң калыштуу эмне бар? Бир нерсе сизге жагыптыр. Муну кылууга да алым жетип турган. Муну кылбай, сизден кызгансам туура болмок беле?
Муну угуп турган достору кайра сурашат:
- Жетим жаш жигиттин жакшылыгына жооп катары сен дагы ага бир нерсе бердиң беле?
Хатам-и Таи мындай дейт:
- Бердим, бирок, маанилүү эмес.
- Эмне бердиң эле?
- Үч жүз төө менен беш жүз кой.
- Андай болсо сен андан да жоомартсың.
- Жок, ал жаш жигит менден да жоомарт. Анткени, ал колундагынын баарын берди. Мен болсом малымдын бир аз бөлүгүн бердим. Бир кедейдин жарым нанынын баарын конокко бергени маанилүүбү же бир байдын короосунан бир төөнү конокко