Башым айланып чаташып кетим.
Жүрөк сырлар жыйнагы
#162 23 December 2015 - 23:00
Деген эл дей берет. Козу жетсе,жандуйносу ошону тандаса,анда эч экиленбей эле баш кошуу керек. Анан калса убал-сооп,акырет деген темалар да бар...
#163 24 December 2015 - 16:08
Келиниме кат
Бул кат сага жетет, билем, анткени гезит барат үйүңө. Бирок ичимди өрттөгөн эскерүүлөрдөн жазсам гана арылчудай сезип жатам. Сен мындай сезимдерди деле түшүнбөйт болушуң керек деп ойлойм.
…Ошол күнү атамды ээрчитип айылга жөнөдүм. Алгач оолугуп үйгө кетем деп жаткан атам айылга жакындаганда негедир тынчсызданып, башкача боло баштады. Үйгө жетип кирсек, сен эптеп учурашып, термосдо муздап калган чайды коюп, анан кошунаныкында той болуп жатканын, барбасаң болбостугун айттың. Бара бер, атамды өзүм карайм деп, кайра өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Атам сени жал-жал карап үнү чыкпайт. Эки ай шаарда жүрүп үйүн сагынган эмес беле деп ичимден ойлоном. Сен той болчу үйгө чыгып баратып кызынды жуун деп суу берип, отургузуп кеттиң. Чоң эле кыз отургандан баштап ыйлады, сооротсом эч басылбайт. Атам кошулуп аны сооротуп, жуунтуп үйгө алып кирдик. 5 бала төрөп, өзүңчө кериле басып, үйгө кожоюн болуп, атамды батырбай, сүйлөнүп, кагынып-силкинериңди кошуналардан ошондо уктум.
Бир күнү баласын чыбык менен сабап кубалап урду. Атаң артынан ээрчип, урба деп жалдырап жүрөт. Ого бетер күч алып, бир топко ызы-чуу, болду деди кошуна эне. Атам кан басымы көтөрүлүп такай дары иччү. Сен аны жакшы билет элең. Билип туруп, күндө уруш баштачу экенсиң. Иним бир нерсе десе, атамды жамандап, жек көрсөтүп да коюпсуң. Дагы каякка жөнөдүңүз, отуруң үйдө деп кыйкырчу деди кийин атам. Күнүгө ызы-чуу балдарын башкарган болуп сабап, атаң кошуналарга чыгып кутулат дешти. Иним бечара Бишкекке каттап, күн-түн жолдо жүрөт. Чарчап келет да кайра кетет. Атамдын абалын көрбөйт да, түшүнбөйт да эле. Анан атам отуруп-отуруп, ооруп калып, ар кимдикине кетип калат тура. Атам сага эмес, балдарыңа үнүн көтөрүп сүйлөдү беле бир жолу, эми чыныңды айтчы? Алдынан тоок өтсө, күтүп туруп анан өтчү, койдон жоош момун киши эмес беле, же жалганбы? Бул сөздөрдү ичимден айтып, сени менен сүйлөшө берем. Түндө да түшүмдө сага айтып, ыйлап жатыптырмын. Өпкөм толуп ойгондум. Атамды эстеп сагынып, бук болуп жатам азыр.
…Өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеп, намаз окуган адам апам өткөн соң, жетимсирей түштү. Өз үйүндө чоочун болуп жашап, жатсырап, сенден жалтактап турчу. Канча жолу аны байкасак да, сени актап, балдар менен жүдөп жатат да деп түшүнүп келдик. Бирок атам жылуу сөздөн башка эмне талап кылды эле? Тынымсыз тамак тандап кыйнадыбы? Бир тамак кылып, аны 3-4 күн ысытып бергениңди да уктук.
Ошо той болгон күнү келбедиң. Мен атамды карап, балдарыңа кошо тамак берип тынбадым. Телефонуңду унутуп кеткен экенсиң, чырылдаганынан карасам, апаң бир нече жолу чалыптыр. Негизи сенин колуңдан такыр телефон түшпөйт эле, азыр кантип жатасың. Мени не деп сактады экен деп көз жүгүртсөм, атым чоң болуп жазылып туруптур. Эже деп кошуп койсо эмне деп таң кала түштүм. Эртеси келип, кызыңды бир нерседен улам дагы уруп кирдиң. Жинденип, «дарымы бер, бол бат» деп кыйкырып жаттың. Кызың бир дары апкелип, сен ичтиң. Карай койсом, йодомарин экен! «Ушул дары сени тезинен тынчытмак беле, баарыбызды келесоо ойлойт окшойсуң» деп ичимден кыйкырып жаттым! Инимди коркутуп, зобум бар экен, кысып атат деп ыйлап, догурунуп жүрүп эле 5 ти төрөп алдың го? Мейли аман болушсун, ошолор үчүн иниме сен жөнүндө бир ооз кеп айтпадым.
Эртеси жөнөйүн деп жатсам, атам жаш баладай ээрчип, кошо кетем деп туруп алды. «Качасыз эле качасыз, каякка барасыз» деп дагы кыйкырдың. Кызы келип уруш баштап кетиптир дебесин деп, сөз айтпадым. Атамды жетелеп, берки инимдикине жөнөдүк.
Ошону менен атам ал инимдикинде жашап, коңшу айылдан сөөгүн алып келдик, туурабы? Элдер наалат кылып жатышты сени батырбады деп…
…Атам быйыл экинчи жыл кышты көрбөйт. Кышты, карды жакшы көрчү, кар көп болсо, нан мол болот дечү. Өлөөрүндө үйгө кетем деп аябай кыйнаптыр. Сага өчөшкөн иним алпарбай өзү карап, өлүгүн айла жоктон гана алпарды.
… Азыр да кар жаап жатат. Атам карды көргөндө жаш баладай кубанчу. Анан үшүкчөөл эле. Бир жолу меникине келип, көпкө туруп калды. Өзүнчө бөлмөгө төшөк салып берип, чыгып кеткем. Кайра бир нерсе издеп кирсем, жыйылган жүктөн бир төшөктү алып жатыптыр. Үшүдүңүзбү, дагы жабайынбы десем, мени көрүп чочуп кетти. Уурдаган жокмун, мен партиянын мүчөсүмүн… деп титиреп, калчылдап жатат. «Алыңыз, айланайын ата, ала бериңиз, баарын» деп ыйлап жаттым. Анан эстээр бекен деп, кайсы партияга мүчөсүз деп койсом, «коммунисттик партиянын мүчөсүмүн, коммунисттер төшөк уурдабайт» деп актанып, жүрөгүмдү эзди. Төшөгүнө жаткызып, «сиз жакшы адамсыз, кудайдын эле момунусуз, Алла сүйгөн адамына гана дарт берет, айыгасыз» деп колун көпкө кармап отурдум…
Айтчы, менин атамдан да момун, ак көңүл, жөнөкөй, жаш бала пейил, ичи таза барбы? Сен деле азыр муну моюнга аласың, туурабы?
Неберелерине кошулуп таттууларды жеп, чогуу телевизор көрчү. Ким кирип келсе ордунан ыргып туруп, жалтаңдап турчу. Өз үйүнөн бездиргениң үчүн, жүрөгүн зырылдатып жалтак кылып койгонуң үчүн, мен сени эч кечирбейм.
Апаң жакшы аял эмес экен деп калдым. «Эмнеге силер карабайсыңар, менин кызым өлүп кетсинби» деп баарыбызга чалып кыйкырчу…
Карадык, баарыбыз кезектешип карадык, бирок өлөрдө өз үйүнөн кетпегени өмүр бою өкүндүрөт…
… Апаң өтүп кетиптир, чалбадым, таба эмес, тобо, эми сен атаңа тамак жасап, нан жаап алып каттап жатыпсың. Келиниң менен иниң башка айылда экен, атаң өзү бир үйдө жалгыз калыптыр. Колуңдан келишинче кара, ата, апа деген конок эле, бүгүн бар да, эртең жок.
ХХХХ ХХХХ

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#164 24 December 2015 - 16:12
Мен бул катты окуп , баардык нерсе колесодой болуп айланаарын жана кайтар дуйно болуп келээрине ынандым да сиздер менен болуушуну туура кордум.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#165 24 December 2015 - 16:31
Кимдин башына оор кун салсан ,ошол кун озунун башына тушмойунчо Кудайда жанынды албайт... Бул жонле дуйно эмес.Эсеп кысабы бар дуйно. Бугун бироону уттум дейсин.. аа эртен озун да утуласын...
#166 24 December 2015 - 16:32
Уурдаган жокмун, мен партиянын мүчөсүмүн… деп титиреп, калчылдап жатат. «Алыңыз, айланайын ата, ала бериңиз, баарын» деп ыйлап жаттым. Анан эстээр бекен деп, кайсы партияга мүчөсүз деп койсом, «коммунисттик партиянын мүчөсүмүн, коммунисттер төшөк уурдабайт» деп актанып, жүрөгүмдү эзди.
Жүрөктү эзет го.
Жүрөктү эзет го.
#167 24 December 2015 - 16:57
Кайталанма тема. Тиги "Ата-энени көзү барда сыйлай жүрөлү" деген темада дагы жүрөт бул кат.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#168 24 December 2015 - 17:03
Эх бирөөлөр кастарлап батасын алганга кары таппай жүрсө бирөөлөр ырыс дөөлөттү ушинтип тебишет.Карыбай коймок белек.Мындан жаман жаман күн башыбызга түшүп калышы мүмкүн.Же ушундай кыйкымчыл,мерез,
боору таш болуп жүрүп кайнатасынын жашына жетеби да жетпейби.Атаңа эмнени кылсаң балаңдан ошону көрөсүң дейт.Жер тоголок.Эртең эле алган келини өзүндөй чыгып батырбай отурса эмне кыла алат.Өзүнүн жасаганын эстеп бармагын тиштейт.Бирок баары кеч болуп калат.Ошонүчүн бир күн менен жашабай эртеңкибизди да ойлойлучу.Кечигип,
өкүнүп калбайлы.
#172 24 December 2015 - 18:27
Кайерден окуган болсонор да унчукпай окуп койо бербейсинерби деймда.
Жоок болбойт, тилибиз кычышып, колдорубуз титиреп кетет)))
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#173 24 December 2015 - 18:36
Ушул эле темага кочурууну эп кордум. Башка тема ачпай.
Эненин көз жашы.
Жаш кезинде күйөөсү каза болуп калган аял төрт
баласын өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот. Эң улуу
баласы күйөөсү каза болгон убакта араң гана 11
жашта болчу. Күйөөсү аябай камкор эле. Ал
дүйнөдөн өткөндөн кийин күйөөсүнүн
милдеттери аялына түшүп, бардык убактысын
балдарын тарбиялоого, балдарына кам көрүүгө
жумшады. Күнү-түнү иштеп, жалгыз көп
кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Күндүзү
иштесе, түнкүсүн балдарына тамак жасап, түн
жарымда араң уктачу. Кайрадан эрте менен
эртелеп туруп, балдарынын тамак-ашын, кийим-
кечесин даярдап, аларды мектепке жөнөтүп,
кайрадан алардын мектептен келерин
чыдамсыздык менен күтчү. Балдарынын эр
жетип, мыкты уул болушу үчүн баарына чыдачу
эле.
Түйшүктүү күндөр, айлар, жылдар өтүп балдары
бой жетип чоңойду. Балдары баралына жетип, өз
алдынча турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү болушса
деле апасы балдарынын бардык түйшүктөрүн өз
мойнуна алып жүрдү. Арадан жылдар өттү. 60
жашка келген апасы бапестеп өстүргөн
уулдарына оор жүк болуп, жалгыз калды. Апасын
карагылары келбеген балдары бир күнү
чогулушуп, апасын кезектешип карай турган
болушту. Апасынын ден соолугу начарлап,
сүйлөй албай калды. Убакыттар өттү, апасы
керексиз буюмдай бир баласынын колунан
экинчи баласынын колуна өтүп, күн өткөрүп
жатты. Келиндери да жаман сөздөрүн айтышып,
орой мамиле жасашты. Ал мындай кордукка
чыдады. Унчукпады. Төрөгөндөн үйлөнгөнгө
чейин кам көргөн уулдарынан ушундай
мамилени көрдү. Уулдары болсо, апасынын
жоопкерчилигин алыштын ордуна бири-бирине
түртө салышты.

Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
#174 24 December 2015 - 18:38
Апасын карагандан айынан
бири-бири менен урушушту. Кароо кезеги кичүү
баласына келди. Ал аялы экөө достору менен
конокко бармак болушкан. Бирок апасын ким
карайт? Жинденген уулу улуу агасына чалды.
- Байке, бүгүн менин аябай зарыл жолугушум
бар, барбасам болбойт. Апамды сеникине алып
барам, бүгүн менин ордума сен карап тур.
Агасы ачууланып инисине: “Алып келсең мени
эшикти ачат деп ойлобо”-деп кыйкырып, экөө
урушуп кетишти. Урушканына карабай иниси
апасын агасыныкына алып жөнөдү. Дарбазаны
такылдатты. Эч ким ачпады. Дагы такылдатты.
Агасы дарбазаны ачмак турсун, кызыгып келип
сурап койбоду. Такылдатып тажаган иниси:
“Дарбазанын артында апаң отурат. Дарбазаңды
ачып, апаңды үйүңө алып кирип ал”-деп
кыйкырып, барчу жагына кетип калды. Апасы
булардын баарын көрдү. Көзүнүн жашы көл болуп
куюлду. Кыймылдаганга алы келбеди. Сүйлөй да
албайт эле. Көпкө отурду. Эч ким дарбазаны
ачпады. Бир тирүү жан апасын издеп чыкпады. Эч ким апам тамак жейт бекен, уктайт бекен деп
ойлободу. Апасы уулдарына жасаган көп жылдык
камкордугуна ушинтип таш боор жоопту алды.
Уулдарынын жаш кездерин, уулдары үчүн тамак,
кийим-кече издеп өткөргөн күндөрү элестеп
жатты. Өзүнө-өзү: “Чын эле ушулар менин
балдарымбы? !!!.... Мен буларды аздектеп сүйүп,
ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп
чоңойттум... . Түнкүсүн суу ичет элем, тамак
жейт элем деп түн уйкумду канча бузушту... Ага
жинденбедим. ... Оорушса кошо оорудум...
Окуттум, үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу кылдым, бирок
акырында жалгыз калдым, суукта калдым! Ачка
калдым. Караңгы түндө жалгыз калдым! Апасы
аябай ызаланды. Өткөн күндөрүн эстеп аябай
ыйлады. Караңгы түндө кароосуз жалгыз
калды.....
Эрте менен жумушка жөнөгөн уулу дарбазасын
ачса, апасы дарбазанын артында өлүп
калыптыр....
Ыйык Куранда айтылат: “Ата-энеңерге камкор
болгула жана аларга эч качан “уфф” деп
айтпагыла! Аларга мээримдүү сөздөрүңөр менен
кайрылгыла! ”.
Ата-энеңерге жасаган жаман мамилеңер үчүн
бул жашоодо жазаланышыңар мүмкүн!
Ошондуктан, ата-энеңерге алар мындан ары
силерге керек эместей мамилени сездирбегиле!
Ата-энеңер менен бирге жашагыла! Аларга
жылуулук бергиле, мээрим чачкыла, көңүл
бургула! Алар ар дайым силердин жылуу
мамилеңерге муктаж экендигин унутпагыла! Ата-
энеңерди таштабагыла! Силер ата-энеңерге
кандай мамиле жасасаңар, силер да
балдарыңардан ошол мамилени көрөсүңөр! Ата-
энеңерди карагыла!

#177 24 December 2015 - 21:47
Кудай сактасын!
Келиндерге ыйман берсин!
Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
#178 24 December 2015 - 22:27
Башка менен өбүшкөнұм үчүн жолдошум мага өлүмгө өзүм барчуу жаза берди деген Айнура эженин баяны.башкаларга да сабак болсун деген ниетте сиздер менен бөлүшүп кетейин деп жаздым.
.– Биз борбордо турабыз. Эки кызыбыз бар. Материалдык жактан да баары тегиз. Мындай жашоого акыл токтотуп калганда баш кошкон жолдошум менен бирге жеткем. Күйөөм Сабыр атына заты жарашкан мүнөзү менен менин жүрөгүмдү багындырып алган. Сабыр менен алгач таанышканда эле оор басырыктуу, токтоо, сылык мүнөзүн жактыргам. Экөөбүз тең ак-караны ажыратып калган кезде табышып, турмушка сүйүү эле эмес, акыл менен аттанганбыз. Баш кошкондон кийин эки кызым удаа төрөлдү. Сабыр өзү жалгыз иштеп бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Күйөөмдү таң эрте ишке узатам, күн бою саат санап жолун карап күтөм, кечинде конок күткөндөй жаркын маанай менен тосуп алам. Бул мага бакыт болчу. Бирок күнү бою аны сагынып күткөнүм акталбай ал келгенде шаабайым сууп отуруп калчумун. Анын келип алдына койгон тамагымды үн-сөзсүз ичип, телевизор көрүп же гезит окуп, анан уйкуга кеткени мени туталантчу. Мен болсо ал келген соң шашпай тамактанып, анан үй-бүлө катары жай маек куруп отурууну, ага эркелөөнү кыялданып, бирок эч ага жетпей койдум. Жумуштан чарчап келди го деп аны түшүнүүгө аракет кылып уктап эс алуусуна шарт түзүп бергеним менен өзүмчө буулугуп ыйлап да алчумун. Башка бирөөсү бар го деп ойлойт чыгарсыз, бирок мен ага жүз пайыз ишенем.
Кичүүбүз чоңоюп калганда бала бакчага берип, ишке кирдим. Жолдошума ооз ачпаганым менен анын бул мүнөзүн өзгөрткөнгө, биздин мамилени оңдогонго аракет кылып өз алдымча жолдорду издеп келдим. Өзүмө жакшы көңүл буруп, формамды бир калыпта сактап, жалаң жолдошума карап кийимдин жакшысын кийип, күзгүгө күйөөм үчүн карандым. Бирок ал менин мындай аракеттериме баам салып, кызыгып да койгон жок. Анын көңүлүн бурдурсам деген аракетте чачымды жасатып, сулууланганымды ал аялдардын кадимки кыла жүргөн иши катары кабыл алчу. Мындай аракеттерим үч жылдай созулуп, деги эле өзүм күткөндөй мамилеге жетпедим… Күйөөмдө болсо баары жакшы: жакшы акча табат, аялы менен кыздарын эч нерседен кем кылбайт, жакындарынан да жакшы жардамын аябай, аларга ар дайым кадырлуу. Негизгиси үйүн таза кармап, ар дайым аны сүйүп карап турган мен бармын.
Бир ирет ойлонуп отуруп эркек бала төрөп берсем күйөөм кубанып, мага аял катары көңүл бурабы деп боюма бүтүрүүнү чечтим. Бул тууралуу күйөөмө айтсам: «Макул, кыздар чоңоюп, кичине болсо да сага жардам кылганга жарап калышты. Бүт шарт турат», - деп басымды жашоонун барчылыгына коюп, сезим, сүйүү тууралуу ойлонгон да жок.
Күткөнүбүз менен мен кош бойлуу боло албай жаттым. Мурда аял катары гана анын эркектик мамилесин күтсөм, эми бала темасынан кийин анын бул милдетин эки эсе күтүп, каалап калдым. Бирок жолдошум баягы бир калыбынан жазбаганы-жазбаган болду. Ошондой күндөрдүн биринде курбуларым менен шаардагы чоң мончолордун бирине барып эс алууну чечтик. Атайын бир күнүбүздү арнап, ал жактын болгон кызматын көрүүнү пландаган элек. Сулуулук кызматтарын алган соң жогорку кабаттагы караоке барга бардык. Астыңкы кабаттардан айырмасы: бул жерде атайын форма кийип кирген аялдар, эркектер аралаш жүрө беришет экен. Эл аз катардагы караокеде чер жазып ырдап жатканбыз. Бир маалда биздин катарга бизге жашташ 3-4 мырза келип ырдап калышты. Келгенде эле тамашалай учурашышкан. Заматта тамаша тамашага уланып, тил табышып кеттик. Алардын арасынан орто бойлуу, денеси чымыр, тармал чач жигит өзгөчө шайыр экен. Сөзү эмес, турушунда эле эркек катары өзүнө бекем ишенгени билинип турат. Мен тандаган ыр ага да жагарын айтып, суранбай эле жаныма катар туруп бирге ырдап калды. Ырдын ыргагына термелип турганымда ийнимден кучактап алды. Алгач чочуп, ыңгайсызданып кеткеним менен анын музыка бийиктеген сайын мени өзүнө ыктап кысып койгону чындыгында мага жагымдуу болду. Мен көз ирмемде канча жылдан бери күтүп жүргөн нерсем ушундай бекем кучак экенин билдим. Биз кетерде телефонунун номерин салфеткага жазып колума карматып: “Кандай эс алганыңды, үйүңө кандай жеткениңди билдирип кой”, - деди. Каршы болбой алып койдум.
Үйгө келип кыздарым менен алаксыгым келгени менен аны оюмдан чыгара албай кыйналдым. Күйөөмдүн алдында кечирилгис иш кылгансып кысынып, өзүмчө күйпөлөктөп аттым. Оюмдун ага берилишин каалабай жана кыска мүнөттө бейтааныш жигиттен туйган кубатты күйөөмдөн тапкым келди. Бирок ал дагы деле менин ичимде болуп жаткандарды байкамак турсун, байкаса экен деп атайын кылган аракеттериме түшүнбөй ыза кылды. Ал уктаган соң эмнегедир чечкиндүү турдум да, ашканага кирип жанагы жигитке «салам, мен жакшы жеттим. Жакшы эс ал» деген билдирүү жазып жибердим.
Эртеси иште отурсам ал чалды. Тартынбай дароо телефонду көтөрдүм. Акыбалымды сурап, жакшы ырдарымды билдирип, анан чайга чакырды. Чын дилимден бардым. Мени тосуп алганда эле абдан чырайлуу болуп кеткенимди айтып, жакшы комплименттер менен кубандырды. Ушул жолугушуудан кийин бат-баттан кезигип ар нерседен кеп козгоп отуруу адат болуп кетти. Биз эч кандай деле маселе чечпейбиз, бирок жеке мен аны менен жолукканда өзүмдү абдан жакшы сезип, анын мага болгон камкор мамилесинен ырахат алам. Бир жолку жолугушууда ал мага бир тал роза сунду. Үйгө алып баруу канчалык кооптуу болсо дагы жолго таштагым келбей вазага салып койдум. Бир эсе аны көрүнөө жерге коюп күйөөмдүн мени кызгануусун кааладым. Жумуштан келген Сабыр бир далайга барып үйдө гүл турганын байкап: «Кайсы бир майрам келип калдыбы?» - деди бейкапар. Мурда камдап алган кебим жок болгондуктан шашкалактап калдым да: «Жакшы гүл экен. Сатып алдым», - дей салдым. Сабыр башка кеп козгобой ишенип калды. Анын мындай мамилеси мени бир эсе таң калдырса, бир эсе чындап жинимди келтирди.
Эртеси мен ага биринчи жолу өзүм телефон чалдым. Ал адаттагысындай комплименттери менен кеп баштап: «Үнүңдөн сага капалануу жарашпай турганын сезип атам, жакшы маанай табуу үчүн жолугалы», - деди. Адатта дем алыш күндөрү үйдөн чыкпай жалаң кыздарымды жуунтуп, тарантып, кир жуу менен алек болгон мен бүгүн эч нерсеге карабай бир күнүмдү аны менен өткөрүүгө макул болдум. Заматта күн түштөн ооп кайтууга убакыт келди. Ал мени жеткирип коёрун билдиргенде ансыз да күйөөмдүн мени тосуп чыкпасын эске алып каршы болгон жокмун. Машинасын үйдөн обочороок токтотуп, дароо коштошуп кете албай туруп калдык. Ал мени өзүнө тартты. Анын карылуу колдоруна каршы боло алган жокмун. Түртүп салуу канчалык ыңгайлуу болуп турса да антким келген жок. Анын башкаруусу менен болуп, алсырап туруу жаныма жагып турду. Көз ачып жумганча бири-бирибизге оролуп, эриндерибиз чапташа кетти. Биздин бул мүнөттөрдү машинанын токтобой басылган сигналы бузду. Бурулуп көргөн көзүмө ишенбей нес болуп калдым. Күйөөм!
Өңүм кумсарып, дароо калтырап чыкканымдан бизге тоскоол болгон адам ким экенин ал дароо түшүндү. Алдыда эмне болуп кетерин элестете албай туруп калганыбызда күйөөм машинасынан түшүп, жай басып айдоочу тарапка келди. Жанымдагы да ага тирешкендей машинанын айнегин шашпай ачты. Сабыр деги эле кебелбей туруп: «Дос, канча тыйының бар, берчи», - деп колун сунду. Ал чөнтөгүн сыйпалай калып бат эле тыйын кармата салды. Күйөөм эңкее мени карады да, унчукпай басып кетти. Түшүп артынан жөнөдүм. Бутум тушалып, бүт денем калтырап, башым чыңалып бараттым. Босогого жеткеним менен кирип бара албай буйдалып тура бердим. Ичкериден кыздарымдын атасы менен учурашканы, эч нерседен санаасы жок күлкүлөрү угулат. Канча турдум, билбейм, алардын дабышы басылганда акырын кирип бардым. Кийимимди илип, дароо күзгү алдына баруу адатым эле. Бул жолу да ошентип күзгүгө каранып анын бетинде скотч менен чапталып турган 3 сомдук тыйынды көрдүм. Эмнеге бул жерге чапталганын түшүнбөсөм да, ал жана күйөөм тигинден алып кеткен тыйын экенин билдим. Ал күнү эми кандай болорун элестете албай ашканада тиземди кучактап отуруп таң атырдым. Таң эрте турган күйөөм ашканага кайрылбай эле сыртка жөнөдү. Кийинип чыгып баратып: «Муну алчу болбо, бул сенин бааң», - деп кесе айтты да, эшикти тарс жаап жөнөп кетти.
***
Менин 3 тыйын чапталган күзгүгө каранып келе жатканыма жыл айланып баратат. Ушунча убакыттан бери ичкеним ирим, жегеним желим болуп жашап келем. Күйөөм болсо мага жологонун биротоло токтоткон. Мен да унчуга албайм. Аны менен ошол күндөгү өбүшүүдөн өткөн ишке барбаганымды түшүндүрүүгө аракет кылганым менен майнап чыккан жок. Мени «кет» деп да, өзү «кетем» да деген жок. Кыздарыбыз үчүн гана бир дасторконго отуруп, бир төшөк жамынып жатканыбыз болбосо, эрди-катын катары мамиле анын оюна да келбей калгандай. Уулдуу болууну мен эми кыялданбай да калдым.
Азыр күн сайын күзгүгө карануудан заарканып жашайм. Үйгө келген-кеткендердин ал тыйынга кызыгуу менен берген суроолорун жоопсуз калтырабыз. Тыйынды алып салууну ойлогонум менен андай кылсам, күйөөм мындан жаман кордук көргөзөбү деп корком. Күзгүгө каранган сайын жүзүмдү майда бырыш басып, мурунку сулуулугум жок болуп баратканын байкайм. Ансайын жаным кейип, жүрөгүм ооруйт. Кыздарым али кичине, алардын алдыдагы жакшылыктарын көргөнгө жетер бекем деп да ойлоп кетем. Мендеги бул маселелердин жаралышына күйөөм чоң себепкер экени сизге белгилүү болду го, окурман. Бирок ал мени бир жактуу күнөөлөп келет. Мен эми ажырашып кетүүм керекпи? Андай чечимиме Сабыр жол бербей коюшу толук мүмкүн. Анда ушундай убайым менен жашай берүү мага зарылбы?..

#179 24 December 2015 - 22:36
Башка темаларда барын карабадым, жон кана сиздер менен болушуш учун кочуруп келдим.Балким баарыбызга сабак болоор деген умут менен .Жашоодо жанылбаган инсан жок , бирок жанылганын сезип тобоо кылуу анын эн чон ийгилиги деп ойлойм.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين

Супер-Инфо
super.kg
видео