Суперстан: Кек - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кек

#41 Пользователь офлайн   baby_k   23 Декабрь 2015 - 21:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Озунун айтайын деп келген оюн Данияр да ойлоп жатканына суйунуп кеткен майор:
-Туура,туура. .ал сага азыр муктаж.Билгеним, Аскат байкеси окуган шаарга барышмак.
-Ооба,билем. Ал Нью-Йоркто окуйт.
-Макул анда,баатыр. Ден соолугунду жакшы чындап чык.Мен барайын-деп саламдашып сыртты коздой бет алганда,Данияр кайра токтотту.
-Жолдош,майор? -Аскалиев бурулуп карады.-Мени уурдап кеткен адамдарды эстедим.Айсулуунун айылдашы Урмат эсиниздеби? Дал ошол жигит болчу.
Майор Даниярды бир азга карап,жанына басып келди да,палатанын бир жагында жаткан эки адамга угузбай,
-Аны жакында эле,уйундо кылмыштуу топ олтуруп кетпедиби.Жанында дагы беш алты адам бар экен.
-Кимдер экенин билдинерби?
-Жок.Ал биз тарапка карабайт,бирок, дагы деле табыша элек экен.
-Мейли анда,Жакшы тур,баатыр-деген бойдон майор чыгып кетти.А Даниярды болсо ой басып "Урматты ким олтурду?Эмнеге олтурду болду экен?Кылмыш чойросундогу адамбы?"деген ойлорго суроо таппай жатты.

Айсулуу уй булоосу менен Калифорнияга келип конгондо,кундун ысыгы кайнап жатыптыр.Аларды аэропорттон Аскаттын эки дос баласы тосуп алып,атайын даярдап койгон уйго алып келишти.Жайланышып, кечки тамакка олтурушканда, Айсулуу соз баштап калды.
-Менин отунучумду угуп,сиздерге канчалык Туулган жерди таштап кетуу кыйын болсо да,созумду укканыныздарга ыраазымын.
Агалары менен женеси бири-бирин карашып,бирок, соз айтышпады.
-Менин дагы бир отунучум бар.Мумкун болсо Кыргызстандагыларга чалбай эле коюнуздар.Бизге азыр...
-Токточу,Аку. Кандайча байланышпай эле койгула?Биздин аман сообузду алар кайдан билет анан?
Азамат карындашынын созун боло,жинденип кетти.
-Бизге азыр алар менен байланышпай туруубуз ынгайлуу,коопсуздуу- деди Айсулуу козун бир чекиттен албай.
-Эмне биз бироодон качып келдик беле?Эмнеге жашырынышыбыз керек?
-Мен...
-Токтот.Жетишет ансыз да чет олкого атам апамдын ашы боло элек жатып кетип калганыбыз. Баардыгы сенин айындан!Сенин жумушундун, кок беттигиндин айынан,уктунбу! Азамат жиндене ордунан тура калып,кыйкырып жиберди.
-Азамат байке...-деген Аскатты да суйлотпой койду.
-Эмне,уксун созду Аскат.Эмне мен туура эмес айтып жатамбы?Жетишет болду!Эми баары мен айткандай болот,уктунбу!
Айсулуу акырын ордунан туруп,козунон аккан жашты суртту да,байкесин карады.
-Туура,баардыгы туура.Мен болгону жакын адамдарым силерден дагы айрылып калбоо учун ушул жолго бардым-деген бойдон озунун болмосуно кирип кетти.
Бир аздан кийин аркасынан Аскат байкеси кирди.Айсулуу болмодо тошогундо жаткан экен.
-Айсулуш..Аку. ..-ал тошогунун четине олтура кетти.-Айсулуу. ...келчи мага.Айсулуу бурула агасын кучагына кулады.-Сен акылдуу кызсын да.Азамат байкемдин созуно капаланбасан.
-Капаланган жокмун.Мен силерден да коркуп,атайын кетууго сунушту киргизгеним ушул болчу.
-Алтыным,биз сенин жанындабыз. Баары жакшы болот-деп карындашынын саамайынан опту.
"Ай байкем ай,мен адам олтуруп,колум канга боелгонун билбейсин да.Карындашындын сен билбеген канча сырлары барын билбейсин да,агатайым" оюнда ушуну ойлоп жатты.
-Мен эртен Нью Йоркко барып,эки уч кун журуп, окуумду бул жака которуп келейин,макулбу?
-Макул.
-Келгенден кийин жумуш издеп,жашообузду ары улантуубуз керек.
-Макул.
-Сен жакшы кыз болуп,Азамат байкем менен тил табыш,жинине тие бербегин.Ал дагы бизге окшоп кайгырып журот,Аку.Бири- бирибизге жолок бололу,жардам берели.
Экоо тун бир оокумуна чейин келечекке жакшы ой тилектерин, максаттарын коюп,бир топко суйлошуп олтуруп,анан уйкуга кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   baby_k   23 Декабрь 2015 - 21:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Эртен менен ойгонсо,Аскат байкеси тан эрте окуусуна кетиптир.Айсулуу болмосунон чыгып,тамак дагы ичпестен,сыртка чыгып,кун батышты коздой чуркап жоноду.Ал бийик-бийик болгон коп кабаттуу уйлордон отуп,озуно окшоп чуркап жургон адамдар жургон сейил бакка келип,чуркоосун улантты.Качан гана эси ооп,чарчагандан уйуно келди.
-Эже..эже...келди- деп озуно чуркап келе жаткан агасынын уулу Исламдын бетинен суйо,колуна алды.
-Сен тердеп келсен,кайра баланы кучактаганын кандай?-деп ашканадан кирип келген женеси колунан уулун алып алды.
-Жене,бул эмне кылганыныз? -деген суроосу жоопсуз калып,эшиктен кирип келген жеринде туруп калды.Ал женесинин бул кылыгына тан калып турду.Кече эле жакшынакай болгон женеси,минтип озгоро тушконуно кулкусу келсе,бир четинен маанайы тушуп калды.Ал куну уйго калгысы келбей,шаарды кыдырып,озунун машыгууларын улантууга машыгуучу жайларды издеп,озуно жаккан бироосун тандап алды.Жаштайынан мектепте жакшы окуп,кийин университетте, кошумча окуп жатып,чет тилин уйрондуктон ага бул шаарга жайгашуу кыйынчылык туудурган жок.Кечке жуук уйго кирип келгенинде, агасы уй булоосу менен телевизор коруп олтуруптур.
-Кайда журдун?-деди агасы,Айсулуу болмосуно отуп бара жатканында.
-Жумуш издедим.
Айсулуу башка соз айтпастан болмосуно кирип кетип,чыккан жок.Ал кочодон сатып алган газетаны барактай,жумуш менен биргеликте, чакан батир издей баштады.Ал баары бир бул уйдо тура албасын сезди.Бир куну жер кезип саякатка кетем деп жургон,бирок, кырдаалга карап иш кылуу туура эмеспи.

-Айсулуш,такыр эле болбой жатат.Которуу учун документтер коп керек экен.Мен дагы эки-уч кунго кармалып жатам.Озун жакшы элесинби?Азамат байкем менен табыштынбы?
Аскаттын уну акыркы суйломдо акырын чыкты.Айсулуу болмосундо сыртка чыгайын деп жатканда,Аскат чалып калган эле.
-Жок.
-Сен которумдуу болсон,макулбу? Мен буюрса барам жакында.Азамат байкем жумуш тапкан турбайбы.
-Билгеним жок аны.
-Мейли анда.Баары жакшы болот.Исламды ооп койчу менин атыман.
-Макул.Жакшы турунуз-деген Айсулуу телефонду коюп,жанында ойноп олтурган иничегин бетинен суйду.
-Эже..карачы. .деп колундагы оюнчугун корсотуп.
-Айиий,сонун оюнчугун бар турбайбы.
Ал ангыча женеси уулун чакырып калды.
-Ислам,бери келчи.
Бирок,кичинекей анын созун укмаксанга сала эжесинин жанында ойноп олтура берди.
-Ислам дейм,кел бери.Экообуз ойнойбуз.
-Жок,мен эже менен ойнойм
-Мен сага бас дебедимби.Ойнобойсун аны менен-деген энеси уулун колунан алганда,жанатан унчукпай олтурган Айсулуу 
-Барбайм дебедиби! Жайына коюнузчу,ойносун.
-Сен мага акыл уйротпо.Озум билем баламды эмне кылыш керек экенин-деген Гулназ уулун колунан каршылык корсотсо да тартып жатканында Айсулуу баланы колуна ала калды.
-Жене,сыйыныз менен чыгып кетиниз болмодон.
-Сен менин баламды талашкыдай кимсин.Гулназ колун которо Айсулууну чабууга аракет кылды.Бирок, Айсулуу чаптырбай,бир колу менен кармай калды.
-Эч качан мага кол которууго укугунуз жок-деп Гулназдын козуно тике карап,бир топко турду да,колун кое бере
-Азыр болсо болмодон чыгып кетиниз.
Дал ошол маалда болмого кирип келген Азамат экоонун кара тан кала туруп калды.
-Бул жерде эмне болуп жатат?Ал бирде Айсулууну,бирде Гулназды карады.Коптон кийин колун кармаган Гулназ
-Эч нерсе-деген бойдон болмодон чыгып кетти.Азамат карындашынан соз чыгат го деп карады.Бирок, Айсулуу да ун каткан жок.Бир гана кичинекей Ислам "Мама эжени урду"деди атасынын колуна барганда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   baby_k   23 Декабрь 2015 - 21:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Азамат аялынын артынан болмосуно кирип эле:
-Кызга эмне кол которуп жатасын?Кандай акын бар сенин?
Аялы унчукпай,керебетте отура берди.Азаматтын ого бетер жини келип,кыйкырып жиберди.
-Гулназ!Мен кимге суйлоп жатам?
-Эмне Гулназ,эмне? Менин туулган жерден кеткеним аз келгенсип,мага акыл айткан карындашындын айынан тентип журобуз.Мен ата-энемди,бир туугандарыма кабар бербей кантип журом?
-Байланыш уйлогулор менен.Сага ким тоскоол болуп жатат.Сен менин аялымсын,уулумдун энесисин,ошол учун мен кайда барабыз десем,ошол жакка барабыз.Экинчи Айсулууга каттуу суйлоп,конулун оорутуп кор,менден жаман соз угасын.Ансыз да аран журот.Сен эмес мен каттуу суйлогонум учун,жаман сезип журом озумду.
Алар урушуп жатканда,Айсулуу сумкасын алган бойдон уйдон чыгып кетти.

Тагдыр мынча эмне кыйнадын?Менде эмне очун бар эле?Кандай куноом бар эле?
Жашоондо отконго окунбой жаша деп атам коп айтчу.Омурду баалап жаша,озунду баалаганды уйрон,эч качан оной менен багынып бербе,башынды ойдо котор дечу эмес беле.
Бул чулгандуу,жоргомуштун желесиндей болгон жолдордон жаны жол тапкым келет.Бирок, кантип?Мага тааныш кочолордун баары эскирип калган,ал жолдорду менден башка адамдарда билет.Суранам, бир жол корсотчу мага,атаке!
Айсулуу чакан кофейняда ушуларды ойлонуп олтурду.Бир саат мурун ал машыгуу залына жакын жерден батир таап,ошол эле жерден ресторанга официант болуп кирген.Алдында турган кофени ичип,саатын карады.Саат кечки 9:15 минут отуптур." Дагы бир саат"деди ичинен.Айткандай эле,бир сааттан кийин кофейнядан чыгып,уйун коздой жоноду.Ал алгач,коп кабаттуу уйлордон,озулорунун уйунун терезесин карап,жарыктар очук тургандан,тепкичтерден акырын чыгып,уйуно кирди.Алдын ала даярдап койгон кийимдери салынган,чемоданын алып,кандай акырын уйуно келсе,ошол бойдон чыгып кетти.Эртен менен гана карындашы менен жумушка кеткиче суйлошууну каалаган Азамат киргенде,тошок устундогу
"Мен сиздердин алдынарда озумду куноолуу сезип,кыйналып кетким.Минтип жашагым келбейт.Силерден алыс эле болоюнчу.Камсанабагыла, жумуш да,батир да тапканмын.Издеп убара болбогула,суранам. Озумду озум кечирууго жардам бергиле.Мен силерди жакшы кором.Айсулуу. "деген катты окуду.

Бугун Айсулуунун учунчу иш куну болчу.Тан эрте сейил бактан чуркап келип,даярданып алып жумушка келди.Ал тасмалдарды ондоп,туздоп жургон жигитти корду.Экоо биринчи куну эле тил табышып,ынак болуп кетишкен.
-Салам,Айка! ?-деди ал конулдуу.
-Салам,Тревор. Бугун эрте келипсин го.
-Ай,сурабай эле кой-деп жигит колун шилтеди.-Суйлошкон кызымдын уйуно туногом,тан эрте урушуп кеттик.
А озунчу,эмне кылдын кечинде?
-Мен тек гана уйумо туз бардым.
-Койчу,сенин жигитин жокпу?Тревор тан кала жанына келди.
-Каза болуп калган-деди Айсулуу алдындагы идиштерди жыйнаштырып жатып.
-Ой...Айка...кечир, мен билген эмесмин.
-Эч нерсе эмес
-Бирок,сен билесин э мен дайыма жардамга келем-деп Айсулуунун кучактап койду. Жумуштан Тревор экоо чогуу чыгып,уйунун жанына келгенде экоо жылуу коштошту.Айсулуу дароо эле кийимдерин алмаштырып, машыгуу залына келди.Уч кун катары менен келип жургон аны кобу таанып калган.Машыктыруучу менен машыгып,ашыкча эч ким менен суйлошпогон аны,ал жердин жетекчиси байкап жургон.Бугун да адаттагыдай эч ким менен суйлошпой,машыгып жургон Айсулуу,жаны гана машыктыруучусу машыгуусун бутуп,сулгу менен моюнундагы сууну аарчып жаткан.
-Эй,сен,бери келчи?!-деген залдын жетекчисин карап,кыймылын уланта берди.Ал аны мурун да коргон.Дайыма, ал машыгып жатканда четирээкте туруп алып,ар бир кыймылын карап турганын коз кыры менен байкап калчу.Азыр да аны чакырып жатканын билсе да,"керекминби, кел озун"деп укмаксан болуп тура берди.Ал дагы оюн билдиби,жанына келип:
-Мен сага айтып жатам
-Эмне керек?Айсулуу анын коздоруно тике карады.
-Менин кабинетиме кирип суйлошпойлубу?
-Жок,айтчу созунду ушул жерден айт.
Тигил жетекчи эмне деп айтаарын билбейм,эки жагын каранды дагы,Айсулууга жакыныраак дагы келип,шыбырай суйлоду.
-Менин досумдун сендей кыйын мушташкан,спортко чындар учун бир кузоттук мекемеси бар.Сени сунуштайын барып корбойсунбу?
-Эмне кылыш керек ал жерде?
-Кузоттук кызмат корсотушот. Акчасы дагы жакшы.Мына сен кайда иштейсин?
-Официантмын.
-Мына,тарелка ташып жургондон коро,бул жумуш жакшы.Мына,бул байланыш телефону,ойлонуп кор-деп тиги кичинекей кагазды берип,озунун кабинетине кирип кетти.Айсулуу бир азга кагазды карап,чонтогуно салды.
Ал эртеси куну танкы чуркоосунда да,жумушта да тигил жетекчинин сунушун ойлонуп журду."Кандай кылсам?Кузоттук болсо,кесибиме да жакын.Балким, жанылыштык кылып алсамчы?" деген суроолорго жооп таппай убара.Ал жумушу бутуп,Тревор экоо сырткы чыгып,уйун коздой кетип бара жатканда,дал мандайынан Азамат,бир жигит менен келе жатыптыр.
-Айсулуу,Аку. ..мени сени издеп,кайда журдун?-деп кучактай калды.
-Мен издебегиле дебедим беле,Азамат байке.
-Кантип издебейбиз. Журу,уйго.Женен менен Ислам кутуп жатат.Сенин кетип калганына Гулназ да сарсанаа болуп жатат-деп колунан тартты.
-Жок.Мен барбайм.Мени издебегилечи. Жайыма койгулачы.Мен баарына куноолумун, силердин жанынарда боло албайм.Айсулуу колун тартып алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Bogotik   23 Декабрь 2015 - 22:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

jazyn avtor

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 00:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Админ,жөнү жок эле ыраазычылык комменттерди өчүрбөгүлө. Толгон токой меникинен башка чыгармалар толуп жатат,кашасы чыккан!

Билдирүүнү түзөткөн: baby_k: 24 Декабрь 2015 - 00:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   24 Декабрь 2015 - 02:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Кутобуз дагы да кооооооп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   mega777   24 Декабрь 2015 - 16:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения baby_k (24 Декабрь 2015 - 00:18) жазган:

Админ,жөнү жок эле ыраазычылык комменттерди өчүрбөгүлө. Толгон токой меникинен башка чыгармалар толуп жатат,кашасы чыккан!

"Адабият" болумундо башка окурмандарга тоскоолдук жаралбоо учун чыгармалардагы ашыкча билдируулор тазаланып турууга тийиш.Бул иш аракет чыгарма толук жазылып буткон сон колдонулат же ага чейин.Биринчи болумдогу ашыкча билдируулор тазаланды,экинчисин улай берсениз болот.Ал эми сын-пикирди чыгарманы толук жазып буткондон кийин окуйсуз.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Urmat-1989   24 Декабрь 2015 - 17:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

уландысын качан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   aianaaiana   24 Декабрь 2015 - 20:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2021 01:55

Дагы кутмой эххх.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

-Мен жумуш таптым,жашаган жерим да бар.Кам санабаныз-деген Айсулуу журогу ооруп турса да,байкесин сагынса да,тилин тишине катып кетууго аргасыз болду.
-Макул.Уйго каалаган кунундо келип кетип тур.Кечирип койчу мени,карындашым- деген мунайып карап калган Азаматтын жанына Айсулуу кетууго шашты.Азыр бир азга калса эле ыйлап жиберчудой болуп турду.Ал Тревор экоо жолун улап,бурчтан бурулганда гана,козунон аккан жашын суртуп алды.Аны коргон Тревор:
-Эй,досум,ыйлабасан. -деп кучактады.-Байкен окшойт э?Окшош экенсинер.
-Эмне ичесин?-деди Айсулуу экоо анын уйуно кирип келгенде.
-Мага шире болсо берчи,муздак болсун.
-Айка,уйун кичинекей болсо да,кооз жана кирген адамдын чыккысы келбейт экен-деди досу,Айсулуу ашканадан шире которуп келип,анын жанына диванга олтуруп жатканда.
-Тревор, "Рензи секьюрити" деген кузоттук мекемеси жонундо уктун беле?
-Ооба.Ал аябай белгилуу эле мекеме.Кобунчо, бизнесмендер, колунда барлар кайрылышат деп угам.
-Ошол мекеме мени жумушка чакырды.
Тревор Айсулууну "калп айтып жатасынбы же чынбы?"деп тан кала карады.
-Чын айтам.Ишенбесен, мына байланыш телефондору да бар.
Ал сумкасынан кагазды алып чыгып,жигитке сунду.
-Айка,бул жакшы мумкунчулук да.Ресторандан иштеп тапкан акчандан да коп аласын.Макулдугунду бердинби?
-Жок,ойлонуп жатам.
-Анда,бугун эле телефон чал-деген Тревор телефонду Айсулуунун колуна карматты.-Бол, чал.Мындай мумкундук бир жолу гана келет.Озун деле айттын го,мекенимде мент болчумун деп.
Айсулуу конулсуз кагаздагы номерлерди терип баштады.Бирок, телефондон чакыруу кете электе эле кайра өчүрүп,телефонду таштап койду.
-Мен бара албайм.
-Эмнеге?
-Баргым келбеди.Сени менен эле иштейинчи,макулбу!
Тревор андан башка соз айтпады.


Кларк Венс 49 жаштан отуп калса да,дайыма спорт менен машыгып,денесин дайыма туруктуу алып журот.Сыртынан караганда аны кинолордогу бир мафия же контрабанда менен иштеген адамдай корунгону менен жашоодо андай эмес.Ал таланттуу юрист.Юридикалык академияны буткондон кийин дароо эле "Рензи секьюрити" мекемесинде жардамчы болуп,такшалып, жетекчиси пенсия кеткенден кийин ордун ээлеген.Дал ошол муноттон баштап,мекеменин иштоо тактикасын башка нукка буруп,бир жылдын ичинде гана аны бут Калифорниядагы ири кузоттук мекемелерге айтланткан.
Мекеменин кардарлары болуп,кобун эсе мурунку кардарлар сунуштаган, ошондой эле атактуу бизнесмендер, уйун кайтарууга, же жанына жан сакчы алууга кайрылышчу. Дагы бир мекеменин милдети бул детективтик иш алып баруу.Бирок, бул тармакта чектелуу гана 3 адамдан ашык киши иштечу эмес.
Дал ошол тармакка детективти табуу менен,талапкерлерди тандамак.Ал алдында ото арыкчырай,чачы кыска кыркылган,капкара кийинген,озунон дээрлик 28 жаш кичуу Айсулууну коруп,анын бул кузоттук мекемеде иштоого алы бар экенине ишенбей кеткен.
Бирок,бир аптанын ичинде озунун байкамчылдыгы менен,жумушка татыкттуу экенин далилдеп койду.
Күн өткөн сайын Айсулуу да жумушка берилүү менен иштеп,берилген тапшырманы так аткарып жүрдү.Өзүнүн мекенинен алган билими,спорттогу жетишкендиктери, куралдарды колдонууну үйрөнгөн тажрыйбасына, бул жерден эң мыкты деген машыктыруучулардан сабак алып,күн сайын машыгууда болуп,бара-бара үй бүлөөсү менен да жакшы мамилеге келип,жашоосу өз нугуна түшүп бара жаткансыды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Бул учурда Данияр ооруканадан чыгып, сүйүүктүсүнүн аркасынан барууга ашыгып,документ жасоо менен алек эле.Ооз менен айтканда оңой болгону менен,керектүү кагаздар көп кетип,бирин даярдаса бири туура эмес болуп,арадан тез эле эки айдан ашып кетти.
-Уфф,тажадым. ...Билинбегени менен көп кагаздар керек турбайбы...-Данияр жанында олтурган досу Максатка карап.
-Ошону айтсаң,сени менен дүрүп мен чарчадым,дос.
-Бирок,мен барышым керек.Кандай болгон күндө да Айсулууну табыгууга милдеттүүмүн.
-Мен дайыма Айсулуу экөөңдүн сүйүүңө суктанып келгем.Дагы да суктанамын. Силердикиндей сүйүү чанда гана кезиксе керек,Данияр.
- Сүйүү деген кудум күн сыяктуу экен.Алыстасаң үшүп каласың, жакындасаң күйөсүң.Жашоодо төрт мезгил болгон сыяктуу сүйүү бирде муз болуп тоңот, кээде аптапта ысыйт, жаз болуп ээрийт, күз болуп берекесин төгөт. Дайыма сүйүүнүн ысыгында жүргөн эч бир адам жок го дейм.Күндүн нурундай ар бирибиз сүйүүнүн жарыгы менен жашап, анын нуруна жылынып келебиз. Сүйүүгө кабылган жүрөк сөзсүз оңолот жана жакшы жолду тандап алганын өзү байкабай калат.Бул алыстык,тоскоолдуктар да биздин сүйүүбүзгө болгон сыноолор,биз албетте жеңебиз.
-Буюрса,досум- деген Максат,досунун жонунан таптап койду.
Ошол күндөн аз өтпөй эле,элчиликтен жагымдуу кабар келип,Данияр сүйүүктүсүн издегени учуп кетти.
Америка Кошмо Штататына келип конгондо саат кечки сегизден өтүп калыптыр.Болжолдошкондой эле,Максаттын бөлөсү Болот аны аэропорттон жылуу тосуп алып,үйүнө алып барды.
-Кел,төргө өт.Өз үйүңдөй эле кабыл ал.
-Чоң рахмат,сизге. Тоскоолдуктар үчүн кечирим сурайм.
-Жок,кам санаба,кайдагы тоскоолдук? Максат менен тең болсоң,мени "сен" деп атай бер,тең эле экенбиз.
-Макул.Бул жакта жалгыз жашайсыңбы?
-Жок.Азыр иштегилер келе баштайт.
Айткандай эле,аз өтпөй эле эшик ачылып,бөлмөнүн ичине кыргыздар толо баштады.Баары тең биригишип тамак жазап,бири үйүн тазалап,ынтымыкта кечки тамак ичилгенден кийин,уйкуга кетишти.Эртеси эртең менен Болот бир саатка жумушуна барып, суранып келди да,Даниярды ээрчитип алып,ал айткан дарек боюнча Аскаттын окуу жайына жөнөштү.Алар окуу жайдын кабылдамасына келип Аскатты сураганда,Данияр күткөн жоопту алышпады.
-Дагы карап көрүңүзчү,жаңылышкан жоксузбу?
-Жок.Анын окуудан кеткенине эки ай болду.
-Кайсыл жака кеткенин билбейсизби?
-Мен аны билбейм-деген кырк беш жаштардан өтүп калган айым,сөз бүттү дегенсип эшигин жаап койду.
Экөө көңүлсүз сыртка чыгып эле,Данияр отургучтардын бирине олтура кетти.Баардык тээ мекенден бери артып келген үмүттүн жиби чорт үзүлүп кеткендей болду.Аскат байкесин тапсам,анан Айсулуумду табам деп келбеди беле.Эми минтип....Эми аларды бул чоң шаардын кайсыл жеринен издейт?Кайда барат?
-Башка тааныштарын билбейсиңби? -деп жымжырттыкты бузду Болот.
-Жок......Шаардан да туугандарына барып,дарегин сураганымда, кеткен бойдон байланыша элек экен.Бар үмүтүм ушул окуу жайда окуган байкеси болчу-деген Данияр,көңүлсүз ары бери өткөн студенттерди карап.
-Эрте күндү кеч кылбай,кыргыздардын батирлерине барып издеп көрөлү,жүрү анда.Балким, бир айласын табаарбыз.
Үзүлбөгөн үмүт менен Данияр Болоттун аркасынан ээрчиди.
Таңдан кечке чейин,билген жерлердин баарына барып,үйгө келип,чарчагандан сууй жыгылышты.Мындай көрүнүш дээрлик бир аптага чейин уланып,аргасыздан бар күчүн жыйнай,Данияр көңүлү суз,маанайы жок,жүрөктөгү сүйүүктүүсүнө айтылбай калган сагыныч,арман, махабат,сезиминин баарын жүрөгүнө каткан бойдон,мекенине жөнөп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

"Урматтуу, жүргүнчүлөр. Биздин учак "Манас" Эл аралык аэропортуна конду.Сыртагы абанын температурасы +15.Бишкек шаарына кош келипсиздер" деген стюардессанын жагымдуу үнүнөн кийин,Айсулуу кол сумкасын алып,элдин шары менен учактан түштү.Түшүп эле сагынып,куса тартып келген Туулган жеринин таза абасынан кере-кере дем алып алды.Беш жыл мурун өз мекенин,элин- жерин таштап,океандын ары жагына кетпеди беле.Бул жыл аралыгында анын турмушу кандай болду?Өзүн саякатка арнап,жүрөгүнүн түпкүрүндө "Ата-энем, Даниярым" деген ыйык адамдарынын өлүмүнө өзүн күнөөлөп,эл жер көрүү менен унутууга аракет кылбады беле.Бирок,айыкпас дарттай жабышкан бул жүрөк ооруну унута алган жок.Күн өткөн сайын күчөгөндөн күчөй берди.Аруу таза жан дүйнөсүн караңгылык каптап,канга коёлгон колу ага тынчтык бербеди.....Өзүн кечире албады....
Капкара көз айнегин тагына,элдерди аралап,күтүү жайына чыкканында негедир аны бирөө күткөндөй,элдерди кыдырата карап алды.Дал ошол маалда:
-Айка?Чын эле сенсиңби?-деген назик үндүү добуштан,артын бурула караса,өзүнө карай,жүктөрун сүйрөй келе жаткан,Берметти көрдү.Экөө,эки жыл мурун, Аскат байкеси экөө барган кечеден кокустан таанышып калышкан.Кези келгенде бири-бирине жардам кылып,кээде жөн гана курбулардай жолугуп турушчу.Берметтин да ата-энеси жок,агасы экөө гана жалгыз өсүп,бул жакка окуусу аркылуу которулуп келгенин билчү.Айсулуу ачылып болгон сырын айтпаса да,чет маилекетке чейинки жашоосун жашырып койгон.
-Сен дагы келдиңби?-деди жаркылдай.Экөө кучакташа учурашып,сыртты көздөй басышты.
-Ооба,шашылыш келип калдым.Сени күтүп алчу киши жокпу?-Бермет эки жагын карана бирөөнү издегендей.
-Жок..жок..Мен эч кимге айткан эмесмин.
-А анда жүрү,мени байкем күтүп турат.Сени жеткирип коёбуз-деген Бермет сыртка чыгышты.Кара түстөгү,кычыраган машинанын жанында ары бери басып,чылымын чегип турган жигитти көрүшкөндө, Бермет:
-Руслан байкееее...-деп кыйкырып,чуркаган бойдон агасынын кучагына бой урду.Анын артында келе жаткан Айсулуу,бет маңдайында дал Шрамдын өзүн көргөнүнө,турган ордунда катты."Бул эмне деген белегиң эле?Келе элек жатып,бул Шрамдын алдымда турганы кандай?"деп алды ичинен.
-Эй сен дагы деле чоңойбопсуң го-деген коңур үндүү Шрамдын үнүнөн,эсине келе түштү.
-Руслан байке,мына бул менин курбум,Айка. Ошондо гана Айсулууну байкаган Шрам аны карап,колун сунду:
-Руслан.
-Айка
-А тагыраагычы?
-Айка!
Руслан бир азга тигиле карап,оюна "Көздөрү мынча курч.Көптү көрүп,билген кыздардан окшойт"деп алды оюнда.Маңдайында мурдагы оң колу болгон Урматтын түбүнө жеткен адам турганын билген жок.Ананчы,беш жыл ичинде Айсулуу кыйла өзгөрүп кеткен.А Айсулуу болсо,Шрамдын көздөрүнөн өзүн тааныбасын байкап койду."Демек, Урматты жок кылуу операциясын так аткарыптырмын. Алардын өлүмүнөн бир нерсе тапса,ушул тапмак" деп алды.
Баары ээрчише машиналарга олтуруп,шаарга кирип барганда,Бермет Айсулууга кайрылды.
-Айка,сени кайсыл жерден түшүрөлү?
-Жакшы мейманканын алдынан токтотуп койгула-деди суз.
-Ой,сенин бул жакта туугандарың жокпу?Каап.. .балким биздин үйгө бараарсың?-деген Бермет,байкесин карады.
-Чын эле,биздикине жүрүңүз.Сиздей сулуу конокторду үйүбүздүн төрүндө көрүүгө кубанычта болобуз.
-Жок,рахмат. Менин туугандарым айылда турушат.Бүгүн эс алып,эртең жолго чыгам.
-Мейли,сиз каалагандай болсун-деди да,айдоочусуна кайрылды.-Ээ сары,жакшы мейманкананы көздөй айда!
Коп отпой эле,мыкты жасалгаланган, шаардын чок ортосунда жайгашкан мейманкананын алдына келип токтогондо, Айсулуу курбусу жанан байкеси менен жылуу коштошуп,чемоданын алып ичине кирип кетти.Ал ресепшенге келип,озуно ылайыктуу болмо алып,лифти коздой басканда,гулдордун далдоосунда турган капкара кийимген жигитти байкап калды."Кайран Шрам,андууну салган экенсин э.Мейли,ойносо ойнойлу"деп алды ичинен.Ал куну болмодон чыкпай,эс алды.Туулган жердин таза абасынанбы, эртен менен ойгонсо,кадимкидей конулу ачылып,сергип, озун женил сезип калыптыр.Дароо эле кийинип,шаарга чыгып,чакан кофейняга киргенинде да аркасында кечеки жигитти байкады.Америкада 5 жылдан бери Кларк Венстин колунда эн мыкты тынчы болуп даярдалган ал,айланасындагы ар бир кыймылды коз жаздымдан кетирбей турган эле.Кофе ичип,бир аз озуно келгенден кийин шаарды аралап,кычыраган заманбап дукондорду кыдырып,журо берди.Аркасында ээрчиген жигиттин чарчап баратканын коргон кыраакы кыз,туштордо гана дукондордун бирине кирип,колуна толо кийимдерди алды да,кийим которуучу жайына кирип кетти.
Убакыт 1 саат отту,2 саат отту,бирок,кирип кеткен дукондон чыкпаганда Шрамдын жигити ичине кирип эле Айсулууну таппай калды.А бул маалда Айсулуу колуна кучак гүлдөрдү көтөрүп,шаар четинде орун алган көрүстөндөрдү аралай басып,ата-энесинин күмбөзүнүн алдына келди.
-Кандайсыңар, берекелерим. Мага таарындыңарбы, келбейт деп?-Ал сумкасынан бет аачысын алып чыгып,күмбөздөрдүн чаңын сүрттү да,кыпкызыл болгон гүлдөрдү аярлай жерге койду.Көзүнөн буурчак буурчак жаштары агып кетти...
-Мен келдим,ата,апа. Силерди аябай сагындык.Азамат, Аскат байкемдер да жакында келет.Жумуштарынан бошоп,биротоло эми бул жакта жашайбыз." Эмнеге агаларың менен келбедиң?" деп жатасыңарбы? Мен силер мен жалгыз сүйлөшкүм келди.Мен дагы деле силер билген өзү билип,жазаган кызыңармын. Билем,атаке, сиз азыр "кызым мени тарткан"деп жылмайып турсаңыз керек э?А апаке,мен сиз каалагандай кичинекей бөбөктөрдүн мээримдүү энеси боло албадым.Мени кечиргиле,алтындарым. Жакшы адам боло албадым силер каалагандай, кечиргиле-деген кыз,бүк түшө кош күмбөздөрдүн жанында ыйлап жатты.
Бир аздан кийин гана,ата-энеси менен коштошуп,он чакты күмбөз алыстыкта жайгашкан сүйүктүүсү Даниярдын күмбөңүнө келип таңкала түштү.Анын ордунда таптакыр башка күмбөз турган эле."Адашып калдымбы?" деген Айсулуу,ошол катардагы баардык күмбөздөрдү карап чыкты,бирок, издегенин таппай,жүрөгү сыгыла озуно тааныш болгон,5 жыл мурун иштеп кеткен милиция болуму көздөй жөнөдү.
-Саламатсызбы? Майор ордундабы?
-Силер кимсинер?
-Карындашы.
Кузоттук кызматтагы лейтенант бир азга аны карап турду да,телефонун которду.
-Жолдош майор,сизге кардар келди.Кире берсинби?Карындашымын дейт.Жарайт- деген лейтенант Айсулууга карап,-Кире бериниз деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Майордун кабинетинин эшигине келгенде,Айсулуу эки жагын каранып алды да,эшикти акырын тыкылдатты.
-Кире бергиле!
Айсулуу эшикти ачып,бет маңдайында алдындагы кагаздарды карап олтурган майор Аскалиевди көрүп,өз агасындай болуп калган бул адамды аябай сагынганын сезди.
-Майор Аскалиев.Дээрлик, өңүнө тааныш үндү уккан,Тимур кагаздардан башын көтөруп,эшик алдында жылмайып карап турган Айсулууну көрдү.
-Айсулуу....Маликова? Чын эле сенсиңби?-деген ал столду айланып өтүп эле,Айсулууну кучактап калды.
-Тимур ага,сагындым сизди.
-Биз да сени аябай сагындык.Келчи, сени бир карайын.Кана, узун чачың?А бул кийимдер?Эй, эл журт,лейтенант Маликованы көрбөдүңөрбү? -деп тамашалай кетти.
-Сиз дагы деле ошол бойдон экенсиз го?А кана,ийниңиздеги жылдызчалар көбөйбөптүр го...
-Аа,мен өзүм баш тарттым.Азыр бир иштин аркасында жүрөм.Балким, ошондон жыйынтык кылсам,кайра сунушташаар. Кел,олтурчу- деп отургучтан орун алышты.-Аскат, Азаматтар кандай жүрүшөт?Жакшыбы? Азаматтын кайын журтунан телефонун суратсам,билбейбиз дейт.Аны сенин себебиңден деп билдим.
-Сиз мени өзүмдөн да жакшы билесиз го,Тимур ага.А сиздердечи эмне жаңылык?Нурбек кайда?
-А Нурбекпи,жумуштар менен кеткен,келет азыр-дегиче, эшик ачылып,шыңга бойлуу,келбетүү, бою узун Нурбек кирип келип эле,Айсулууну карап туруп калды.
-Айсулуу?Сени чын эле көрүп турамбы?-деген экөө кучакташып, эски тааныштардай көрүшүштү.
-Аябай өзгөрүп кетипсиң.Мен сени жакшы билбегенимде, балким, тааныбасам керек.
-Карачы,өзүң келишкен жигит болупсуң.Жакшысыңбы? Үйлөндүңбү?Келинчегиң кандай?
-Ал үйлөнө элек.Айтып атып тилим тешилди-деп майор сөзгө аралашты.
-Өзүң жакшы жүрөсүңбү?Кандай Америкадагы жашоо?
-Рахмат,жакшы буюрса.Ресторанда идиш ташып, иштеп жүрдүм.
-Азаматсың.Кандай дейсиз,жолдош майор,балким бир жакшы жерге барып,Айсулуунун келишин майрамдабайлыбы?
-Мен каршы эмес,жакшы ой.Кана кайда баралы?-деген майор стол үстүндөгү кагаздарын жыйнай баштады.
-Мен бир нерсе сурайынбы?-деди Айсулуу.
Тимур менен Нурбек бурула аны карашты.
-Мен бүгүн Даниярдын көрүстөнүндө болдум.Бирок, мен анын ордунан таппадым.Силер билбейсиңерби? -көздөрүнө жашы толо,ыйлап жиберчүдөй сүйлөдү.
Тимур Нурбекти карап,сөздү. эмнеден баштаарын билбей,Айсулууну колдон алды.
-Айсулуу.....алтыным. ...сен кеткенден кийин.....-Тимур сөз таппай,буйдала түштү.
-Тимур ага,айтыңызчы. Эмне болду?
-Данияр тирүү.
-Эмне? Ушул маалда Айсулууну бирөө жаактан ары чаап жибергендей болду.Анан кантсин ушул жыл аралыгында сүйүүктүүсүн жоктоп,жүрөгү ооруп,сыздап жүрбөдү беле.Демек,ал өлдү деген адам....тирүүбү? Чын элеби?
-Биз Даниярды тапканда анын жүзү таанылгыс болчу.Ата-энеси анвн калынае таанышкан эле жана дагы канын тобу окшош болчу.Көрсө, Данияр,бир табыптын үйүндө дарыланып жүрүптүр.Ал өзүнүн ким экенин да билбеген экен-Тимур эч токтоосуз сүйлөп жиберди.Нурбек болсо,өзүнүн жүрөгү менен сүйгөн кызды,азыр дагы да болсо бир жигиттин айынан жүрөгү канап,кыйналып турганын көрүп,Даниярды жек көрүп кетти.
Айсулуу эч үн дебей,майордун сөзүнүн бирин укса,бирин укпай,кулагы чуулдап чыкты.Бир заматтын ичинде эле мындай чоң жаңылыкты угам деп күткөн эмес.Жүрөгү кысылып,дем жетпей барып,жерге "шалак" этип тизелей,башын жерге сала отуруп калды да.Нурбек жанына тизелей отуруп,колдору менен Айсулууну кучактап өзүнө ыктады.Ал да ушуну эле күтүп тургансып,буркурап ыйлап жиберди.
Ыйлап алсын деген майор менен Нурбек да унчуккан жок.Тээ бир топтон кийин,көз жашын аарчып,башын өйдө кыла берген Айсулуу,ордунан турду.
-Мен аны көрүшүм керек-деп эшикке бет алды.Бирок,Нурбек аны колунан кармай,олтургучка отургузду.
-Токтосоң,Аку. ..Кандай десем...Данияр сенин аркаңдан издеп барды.Бирок, байкеңдин окуу жайынан чыгып кеткен деп,бир апта Нью-Йорктогу кыргыздардын үйлөрүн кыдырып,үмүтү үзүлүп келген.Анан. ..
-Эмне анан?
-Ал үйлөнүп,экиден ашкан кызы бар-деп айтып алып,Нурбек Айсулуунун көздөрүнөн өзүнүкүн ала качты.
-Чын элеби?-деди шыбырай Айсулуу.
-Ооба.
Кыз оор үшкүрүнүп алды.Баардыгына чыдап келип,эми минтип сүйүүктүсү башканын жары экени....." Дагы кандай белектериң мага,Жараткан. Дагы канча кыйнайсың мени?"деп кыйкырып алгысы келди."Кайдан гана келдим эле?Баарын билбей эле Америкада жашап жүрө берсем эмне?"Тамагына буулугуп келген жашын жутуп,өзүн колго ала,баятан бери андан көзүн албай карап турган Нурбекти карады.
-Мен аны баары бир көрүшүм керек.
Ал да ушуну күтүп турган беле,башын ийкей,Айсулууга ордунан турууга жардам кылды.
-Мен азыр,Даниярдын каякта экенин билейин-деген Тимур,телефонун алып,тез эле сүйлөшүп,Даниярдын сейил бакта,кызы менен жүргөнүн айтты.Нурбек Айсулууну колунан жетелеген бойдон,сыртка алып чыгып,машинага салып,сейил бакты көздөй бет алышты.Алар сейил бактын жанына келип токтогондо, Нурбек Айсулууга карап:
-Мен дагы барайынбы?-деди. Бирок,Айсулуу башын чайкай,эшиктен чыгып,сейил бакты көздөй басты.Кыздын караанын уңата караган Нурбек ушул татына кызды сүйүп күтүп жүрсө,анын жүрөгү дагы да бош эмесине жинденип алды.
-Сени көргөндөн бери өзүмө келе албай калдым.Баардык оюмдун баары сен жөнүндө...баардык оюмда сенсиң!Мен сени чын жүрөгүмдөн сүйүп калдым....
Ал күнү...сени биринчи күнү...Сендей сулуу,периште кызды көргөнүмө ишенген эмесмин.Уктап жатамбы?Балким, түшүмбү?дедим. Бирок,бакыракай, капкара көздөрүң,назик үнүң мени бул жашоого алып келген.Ошол күндөн баштап,көзүмдү жумсас-сени көрүп,ачсам- оюмдун баарын сен ээлеп,менчиктеп алдың.Аны сен кайдан билесиң,чынбы?
Коркоктук кылгам.Сүйүүмдү айта албай,дайыма сенин жаныңда шыңгыр күлкүңдү,көздөрүңдү көрүү менен жашай берип,акыры колдон учаарда сүйүүмдү айттым.А сен мен билгенден да акылдуулук кылыпсың.Баарын билипсиң....Кантейин, колуман келсе жүрөгүңдө оргуштап аккан баардык оору,арман,ыйдын баарын алып салбайт белем.Сени мендик гана кылып,бапестеп, алаканыма салып,бир тал чачыңды жерге түшүрбөй,бир да көз..жок...кубанычтын гана көз жашын агызып сүйөөр элем...Кантейин, колумдан келбейт.

Наристелердин кулкусуно толгон бул оюн зоок сейил багында,бугун эл коп.Ата-энесин жетелеп,ар кандай аттракциондорго тушкусу келген балакайлардын кулкулору,бактылуу балалыктан кабар бергенсийт.
-Ата,ата...карачы тигини-деген эки орум чачы бар,эки жарым жаштан өткөн кыз атасынын алдында чуркап бара жатты.
-Акырын,кызым. ...Айсулуу,жыгыласын, абайла-деген атасы да секелек кызынын аркасынан кадамын ылдамдай.
Сейил бакты аралап жургон кызы менен атасы,дал фонтандын жанында пианинодо ойноп жаткан жашы жыйырма бештердеги жигиттин жанына келгенде токтоп калышты.Кызы Айсулуу анын жанына чуркап барып,жай ыргактагы музыканы тыншап,аспапта ойногон жигиттин колдорун карап жатты.Музыка токтоп,чогулган элдер кол чабышып,тарап кетишкенден кийин,Айсулуу, жанындагы атасынын женинен тартты.Тизелей олтура калып,кызын караган атасы:
-Эмне болду,кызым?
-Ата....атакоу. ..мага да ушундай алып берчи....Менин дагы ойногум келип жатат.Айсулуу эркелей атасынын моюнунан кучактады.
-Кызым,сен али кичинекейсин да.Мектепке бара баштагандан кийин,уйроносун.
Айсулуу таарынгансып, бултуюп туруп калганында,
-Азыр дал ынгайлуу убак-деген айымдын унун укту.Атасы артын бурулуп караса,чачы кыска кыркылган,капкара кийинип,жузундо билинээр билинбес жылмаюусу менен,алгачкы суйуусу болгон айымды корду.
-Айсулуу?!
-Кандайсын,Данияр?
-Үйдөгүлөр жакшыбы?Толкунай кандай жүрөт?-деп сөз баштады Айсулуу,тынчтыкты бузуп.Алар чакан эс алуу жайынан орун алганда.Ал маңдайында берилүү менен тамшанып таттуу балмуздакты жеп жаткан,кичине кызды көрүп бир жылмайып алды.
-Рахмат,жакшы жатышат.Толкунай бир жыл болду турмушка чыккан,наристесин күтүп жатат.
-Кандай жакшы жаңылык.Бактылуу болсун.
-Ооба,буюрса жолдошу жакшы жигит.
-А сенчи..сен бактылуусуңбу? -деген Айсулуу Даниярдын көзүн тике карады.
-Кызым бар,бактылуумун- деди бир аздан кийин Данияр.-Айсулуу, мен...мен аркаңдан издеп барганмын.Мен сени издеп...
-Жок,Данияр, ашыкча сөздүн эми эмне кереги бар?Мен сенин чындап эле тирүү экениңди көрүү үчүн келдим.Үй бүлөөң бар,эң башкысы бактылуу бол.
-Сен да бактылуу болосуң-деди Данияр көздөрүн ала качып.
-Мен барайын,күтүп калышты.Жакшы тур.Атам,апамдар. ..ой,ата апа дейм да,эже байкелерге салам айт-деп ордунан турган Айсулуу,эки- үч кадам баскандан кийин,кайра артына бурулду-А баса,мына бул...-деп сумкасынан кызыл кутучаны алып чыгып,жигиттин алдына койду.-Бул эми мага кереги жок.Сен алгансың,сен андан аркысын өзүң чеч-деди да шарт бурула,кадамын тездетип,Нурбектин машинасын көздөй жөнөдү.
"Мен баарын жеңем.Баарына туруштук берем:сүйүүгө да,андан калган жүрөк ооруга да,ыйга да,анын башка жары бар экенине да,кичинекей секелек кызы бар экенине да,баарын көтөрө алам,болгону, Айсулуу,бир аз чыдачы.Азыр жыгыла көрбө,көз жашыңды төгө көрбө!
Мага кыйын экенин ал сезбейби?Жүрөгүм канап жатканын көрбөйбү?Тажадым. ...Баарынан тажадым...
"Эч качан эми сени таштабайм" дебеди беле,кана ал сөздөрүнө турганы?" Сенин сүйүүдөн көңүлүң калып,жүрөгүң жараланганын көрө алмак эмесмин...Сен ыйласаң,менин жүрөгүм сайгылашып, жайымды таппай калмакмын" деген эле го?А азырчы?Менин жүрөгүм алсырап,көз жашым он талаа болуп турса,ал эмне көзүн жумуп алды беле,баарын көрбөй?
Баарын жеңем...жеңишим керек...."деген Айсулуу машинага кандай жеткенин билбей калды.
-Мени алып кетчи бул жерден,тезирээк- деп суранып жиберди Нурбектен.Нурбек да ашыкча суроо бербестен,башын ийкей,шаар сыртында жайгашкан жакшы ресторанга айдап жөнөдү.Айсулуу болсо,терезени караган бойдон сүйлөгөн жок.Улам-улам, тынчсыздана карап коюп жаткан Нурбек,бир маалда анын көз жашын сүртүп жатканын көрүп,жүрөгү ооруп кетти.Акырын кыздын назик колдорун кармаганда, Айсулуу "дирт" этип алды,бирок,колун тартып алган жок.
Экөө үнсүз ресторанга келип,терезенин жанындагы столдон жай алышып,тамак заказ кылышты.Нурбек Айсулууну улам карап,анын кызарып калган көздөрүн көрүп,азыр эле барып,Даниярды сабап салгысы келет.Эмне деп сөз айтаарын билбейм,бир аз тынчтыктан кийин,Айсулуу өзү баштады:
-Мен кеткенден кийин бул жакта аябай өзгөрүү болуптур э?Эмне жаңылык болду?Эмне иштин үстүндө иштеп жатасыңар?Айтып берчи?
-Ааай,эмнесин сурайсың....Баягы эле кылмышкерлер аягы суубаган.Бирин кармасаң,бири чыгат.
-Кайда барба,кылмышкерлер толтура....анын бири мен.
-Сен кылмышкер эмессиң!Экинчи укпайын мындайыңды- деген Нурбек кабагын түйдү.
-Макул,макул. ..Менимче,майор деле билбейт окшойт ал жөнүндө,же билмексен болуп жатабы.
-Билбейм.Биз ал жөнүндө сүйлөшкөн эмеспиз.Анын үстүнө ал район бизге карабагандыктан.
-А сенчи?Качан үйлөнөсүң?Сүйлөшкөн кызың барбы?
Нурбек бир азга Айсулуунунун көздөрүнө карап:
-Мен сүйгөн кыз көп жыл Америкада жүрдү.Андан башка мага кереги жок эч кимдин-дегенинде, Айсулуу жалт карап алды да,кайра башын буруп кетти.Дал ошол маалда официант тамагын алып келип,алдыларына койду.
-Эмне менен алек болоюн деп жатасың?
-Билбейм.Эки айдан кийин байкемдер келишет.Ага чейин үйдү тазалап,даярдап коюум керек.
-Балким,кайра эле мурунку жумушуңа кирээрсиң?
-Балким....бирок, даяр эмесмин азыр.Бир азга убакыт керек дагы.
-Ооба,туура. Сен келсең,кайра мурункудай иштемекпиз чогуу-деп Нурбек жылмайып алды.
-А баса,майор кайсы ишти айтып жатат?Бир иш бар,ошону аягына чыксам,жылдызчаларым көбөйүшү мүмкүн дейт го?
-Эсиңдеби,крим- авторитет Шрам?Ошонун аркасынан дагы деле жүрөт.Орто жолдо жоголуп кеткен,баягы Урматтан кийин.Эми азыр кайра,Бишкекте жүргөнүн көргөн билгендер бар экен.Эч кандай жыйынтык чыгара албай жатабыз.
-Мдааа...иш чатак дечи.
Экөө кечти өткөн кеткендерди сүйлөшүп өткөрүштү да,түн жарымына чукулдап калганда,Айсулууну мейманканага Нурбек жеткирип келди.
-Эмнеге мейманканага? Үйгө эмне барбай жатасың?-деди таң калган Нурбек.
-Ал уңак окуя..кийинчерээк айтам.Азыр болсо,мейманканага жетпей эле токтотсоң,андан ары өзүм кетем.
-Маликова,сен мурункудан да табышмактуу болуп калыпсың.
-Жок,табышмактуу эмесмин,болгону баарын алдын ала билгенди жакшы көрөм-деген Айсулуу Нурбекти кучактады да.-Рахмат,бүгүнкү кечке.
-Сага рахмат.Эртең жолугабызбы?
-Билбейм,мен өзүм байланышам. Мейли,жакшы тур-деген бойдон мейманкананы көздөй басып кетти.
-Айка,саламатсызбы? -Айсулуу лифтти көздөй кетип бара жатып,өзүн чакырган үндөн артын караса,Шрам капкара костюм-шым кийип,мейманканын залындагы орундуктардын биринде олтуруптур. Колунда адаттагыдай эле чылым,чачы артка таралып,көйнөгүнүн үстүнкү топчуларын бир аз ачып коюптур.
-А Руслан?Сизди кайсы шамал айдап келди бул жака?
-Шамал эмес,жүрөгүм жетелеп келди,туруштук бергениме карабай-деген ал,ордунан туруп,Айсулуунун жанына келди.
-Айылга кеткен эмессиз го?
-Ооба,коруп турасыз го.
-А эмне иштериниз чыгып калдыбы?
-Бул сиздин ишиниз эмес.Кечиресиз, мен барышым керек.Чарчадым- деп бурула бергенинде, Шрам колунан кармай калды.Айсулуу бурула бир колун,бир Шрамды суролуу карады да,шарт колун силкип алды.
-Токтой турунуз,балким, бул кечте экообуз бир жерде олтуруп,жакындан таанышпайлыбы?
-Жок,мен чарчадым.
-Балким,эртен кечте?
-Убакыт корсотот-деген бойдон,лифттин эшиги ачылып,Айсулуу кирип кетти.


-Башка кыздардай эмес.Аябай сырдуу...а коздоручу,тим эле жеп жиберчудой, душманын карагандай карайт-деп Руслан суйлоно,машинасында кетип бара жатты.Эмнегедир, Айсулууну биринчи коргондо эле,кандайдыр бир тартылуу кучун сезген.Эми минтип анын башка кыздардай,озун биринчи коргондо жабыша калчу кыздардан эмес экенин билгенде,ого бетер Айсулууга жакындагысы келди.Анын сырдуу коздорундогу сырлардын баарын билгиси келип турду.
Ал уйуно жаны гана келгенинде, карындагы Бермет да уктабай кутуп туруптур.
-Бема,уктай элексинби?
-Ооба,сизди кутуп турганмын.Кайда бардыныз?
-Мындай эле жумуштарым менен.
-Мм..ушундай кычырап жасанып алыппы?Женеме бардыныз окшойт э?-деген Бермет кулду.
-Бема,Айка жонундо эмне билесин?
-Жагып калдыбы сизге?Кандай десем,ал аябай жакшы кыз.Экообуз, бир кечеден таанышканбыз. Ресторанда иштейт эле официант болуп.Уй булоосу да,Калифорнияда жашайт.Дагы эмне десем....мүнөзүнө келсем,адамдар менен бат тил табышат,ошол эле учурда сүрдүү дагы,бет айтат ойлогонунун баарын,жана ошондой эле жакын адамдары үчүн жанын берүүгө да даяр.А билесизби,бир досу бар Тревор деген,Калифорнияда, аны бир жолу машина сүзүп кеткенде,кадимкидей, бир тууганындай мамиле кылып,ооруканада караган.Жадакалса, сүйлөшкөн кызы жасабаган аны,а Айка аябай боорукер,кыскасы, идеалдуу кыз.
-Идеалууу адамдар жок,Бема-деп бурк этти
-Балким,жок болушу мүмкүн,бирок,Айкааябай жакшы кыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Эртең менен ойгонгон Айсулуу,адатын улантып,мейманкананын айланасына чуркап келди.Андан кийин тамактанып алып,Нурбекке чалып,кафелердин биринде жолугуусун сунуштады.Ал мейманканадан эрте чыгып,көп жерге чейин,жөн гана шаарды айланып жүргөн адам болду.Качан гана аркасынан кечеки Шрамдын жигити көрүнбөгөндөн кийин,болжошкон жерге жетип келди.
-Кандайсың,Нурбек?
-Жакшы,өзүң жакшы эс алдыңбы?-ордунан туруп,Айсулууну кучактады.
-Рахмат,жакшы. Мен сени менен сүйлөшөйүн дедим.Кече мейманканага келсем,Шрам күтүп олтуруптур.
-Эмне?-деп Нурбек ордунан тура калды.-Ал сага эч нерсе кылган жокпу?Тийбедиби?
Айсулуу аны колдон алып,орундукка тартты да,ага жакындай шыбырай сүйлөдү.
-Анын карындашы менен Калифорниядан таанышкам.Экөөбүз бул жака чогуу учакта келгенбиз,ал эми аэропорттон аны Шрам тосуп алды.Мен билген эмесмин ал анын карындашы экенин.Аэропорттон көрүп эле келмем оозума келди.Кызыгы, ал мени тааныган жлк,демек,экөөбүз мурунку операцияны таза иштегенбиз, эч бир нерсе таппаптыр.
-Анан ал сенден эмнени каалады кечинде?
-Эч нерсе,жолугушуп, таанышалы дейт.
-Айсулуу,сен аны кайдан билдиң тааныбаганын?
-Билдим.Сен андан кам санаба.Мен сүйлөшчү сөз бул эмес.Мына,силер аны кармай албай жатасыңарбы? Мен силерге жардам берем.
-Бирок,кантип?
-Сен аны мага кой.Болгону, сен бул ишке макулсуңбу? Мен азыр курал жагынан да,тааныш жактан да алсызмын,жалгыз иштей албайм.Ошондуктан сага кайрылып жатам-деген Айсулуу Нурбекти сынай карап калды.
-Маликова,сен Америкада чын эле тарелка ташып иштедиң беле?
Нурбектин бул сөзүнө Айсулуу күлүп жиберди.
-Макулсуңбу же жокпу?
-Мейли,көндүрдүң. Бирок,майор билсе...
-Майорго да айтабыз.Бирок, кечирээк.Азыр болсо мени үйгө алып барып келчи.
-Жүрү,кеттик. Экөө ээрчише машинага түшүшкөндө, Нурбек көңүлсүз үн катты.
-Демек,Шрам сени жактырып калыптыр дечи.
-Ким билет,балким, ал чынында эле менин Айсулуу экенимди билет
-Сынап жатат деп ойлойсуңбу? Эй,коё турчу,сен айттың го ал мени тааныган жок деп.
-Тамашаладым. Билбейт,мен бул жагынан ишенимдүүмүн.
-Анан кандай план?
-Азыр үйгө барам,андан кийин сен мага кичирайондордон батир таап бер.Мен болсо,чемодандарымды мейманканадан алып, ал жака барам.
-Макул,азыр эле таап коём.
Айсулуу ата-энесинин үйүнө келгенде,өзүн бир башкача сезимдер каптап чыкты.Жанында катарлаш келе жаткан,Нурбекти, жалгыз калтыруусун өтүнүп,короого кирди.
Бакчада чөптөрдүн бийик болуп өскөнүнөн,жадакалса, жолдор да көрүнбөй калыптыр.Бул көрүнүш Айсулуунун ичин муздатып жиберди.Дайыма атасы карап,гүлдөрдүн, жер жемиштердин түрүн айдаган бул бакчаны мындай көрүнүшү ар бир жанды эле капа кылмак.
Дайымкысындай ачкычты эшиктин жанындагы илгичке илип,бут кийимин чечти."Кичине кезимдегидей, бирок,азыр жылуу кучагы менен күлүп жайнап тосуп алчу ата-энем жок"деп алды Айсулуу.
Оң жактагы эшикти ачкандагы дайыма апасы таттуу,даамдуу тамактарды жасаган ашкана...Көз алдында балачагы келип,эки өрүм чачы,гүлдүү көйнөгү менен чуркаа келген Айсулууга,апасы өз колу менен жазаган таттууларын алдына коюп жатыптыр.
Андан кийинки бөлмөдө атасынын бөлмөсүнө баш багып,кичинесинен бери эле,өзү жасаган атасын газет-журналдарга берген интервью,баяндарын, сыйлыктарын бөлмөнүн бир дубалына илип койчу.Алардын баарына көз жүгүртүп,оозку үйгө чыкканында, кууш зал менен кеткен бакчага чыкты.Бул жерде дайыма жайлата сөөрүдө атасы экөө шахмат ойноп,же болбосо баштан өткөн окуяларын айтып берип,көп өткөрүшчү.Кээ убактарда экөө түн бир оокумуна чейин кобурашып,жаткан жерлеринде уктап калган түндөрү да болгон эле.
Айсулуу оор улутунуп алды.Андан кийин кайра үйгө кирип,баардык бөлмөлөрдүн терезелерин ачты да,Нурбекке барды.Ал болсо машинанын эшигин ачкан бойдон,орундукта чалкалай жатыптыр.
-Жакшы элесиңби?-деген Нурбек,ордунан тура калды.
-Ооба,жакшымын. Үйдү аябай чаң басыптыр,эгер, макул болсоң,керектүү оокаттарды алып келип,тазалабасам болбойт.Мени алып барып келчи,андан кийин жумушка кете берсең болот.
-Жок,мен сага жардам берем.Таштабайм жалгыз.
-Макул анда-деди да,үйдү бекитип,машинага олтурду.
Ээрчише керектүүлөрүн алып келип,кудум жаңы үйлөнгөн жаш жубайлардай, Нурбек менен Айсулуу үйдүн ичи сыртын тазалоого киришти.Биргеликте бири эшигин тазаласа,бири терезесин жууп,кээде жаш балдардай суу чачыша,кубалашып ойноп жатып,кеч киргенге чейин бүтүп коюшту.
-Уфф,бүттүк. Аябай чарчадым-деди Айсулуу,кооз оюлар менен жазалган шырдакка жата кетип.
-Бирок,жакшы тазалап койдум.Карачы, жаркырап эле калды.
-Үйдүн ээлери рахмат айтып жатса керек.
-Үйдүн ээлери?-деп кызга бурула карады жигит.
-Ооба.Сен билбейсиңби, ар бир үйдүн ээси бар да.
-Койсоңчу,Аку. Сен ошондойлорго ишенесиңби? -дейт күлүп,чалкалай, шыпты тиктеп.
-Албетте,ишенем. Кызык адам го.Бул үйдүн ээси менин атам,а сенин үйүңдүн ээси сенин атаң да-деген Айсулуу шыңкылдай күлдү.
-А сен ушундай маанидеби... .а мен...-Нурбек кошо күлдү.-Мен да бир бактылуу үй бүлөөнүн ээси болгум келет.Кыялданам. Мен жумуштан келсем,жаркылдаган жубайым,даамдуу тамагын даярдап,жылуу үйдө мени күтүп олтурган болот.Андан кийин экөөбүз биргеликте тамактанабыз. Кийин балдарыбыз пайда болгондо...элестетсең, эшиктен кирсең эле там-туң баскан уулум же кызым мени көздөй умтулуп," атаа"деп келе жатканын.Анда менден өткөн бактылуу ата жок болоор эле.Мен балдарыма,өзүм балачагымда көрбөй калган нерселердин баарын бергенге аракет кылмакмын.-Нурбек бир азга өз кыялдарына чөмүлүп кетип,бир маалда:-Айсулуу. ..Аку,кел экөөбүз баш кошуп алабыз?
Бирок,Айсулуудан жооп болбоду.Караса, жаткан ордунда уктап калыптыр.
-Сени жолуктурган тагдырыма ыраазымын.Ар дайым жанымда бар болсоң экен.Эми эч качан сени коё бергим келбейт-деген Нурбек анын чачтарынан сылай,саамайынан жыттап койду.Андан кийин ордунан туруп,кыздын назик денесин көтөрө,өз бөлмөсүнө алып барып,жаткырып, үстүнө төшөгүн жаап жатып,"Түнүң бейпил болсун,периштем" деп шыбырап алды да,бөлмөдөн чыгып,өзү оозку бөлмөдөгү диванга жатып,чарчагандыктан,дароо эле уйкуга кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

-Айсулууга барып келсеңчи.Үйгө чакырып-деди Кеңешбек,баардык үй бүлөө эртең мененки тамакка олтурганда. Жаңы гана чайды ууртап келе жаткан Данияр чакап кетип,бир атасын, бир жубайын карай калды.
-Эмнеге?-деди тамагын кыра.
-Ок,эмнеге дегени эмнеси?Сагындык кемпир экөөбүз.Канча жылдан бер көрө элекпиз.Анын үстүнө ага деле кыйын болду...Каякта экен?
-Билбейм,айткан жок.
-Анда Кара балтадагы үйүнө барып кел.Көнбөсө, кемпир экөөбүздү чакырды деп айт-деген Кеңешбек,сөз бүттү дегенчелик кылып,колундагы газетке үңүлдү.
Данияр көңүлсүз ордунан туруп,өз бөлмөсүнө киргенинде, аркасынан жубайын Мунара да кошо кирди.
-Сен эмне чын эле барып,алып келгени жатасыңбы?
-Уктуң го атамды-деп бурк этти.
-Деги биз ал кызсыз жашайбызбы? Мен келгенден бери эле,эч кимиң оозуңдан түшүргүң келбейт.Айсулуу мындай кылган,тигиндей кылган....Канчага чейин чыдоо керек?-деди Мунара көзүнүн жашын куюлтуп.
-Мунаш,алтыным, бери карачы-деген Данияр эки колу менен өзүнө каратты.-Мен сенин жаныңдамын го.Экөөбүздүн сүйлөшүүбүздү да айтып бербедим беле.Суранам, ашыкча эле кызгана бербечи-деп кучактады.
-Сен ал келгенден бери өзгөрдүң.Сүйлөбөйсүң ачылып,ойлонуп эле олтурасың...
-Чүшш...сен,кызым экөөң менин үй бүлөөмсүңөр. Азыр болсо мен барып келейин,макулбу? -деген бойдон,жубайынын саамайынан өөп,чыгып кетти.
Ал Айсулуунун үйүнө жанына токтоп,бир топко үйдү карап турду.Эсине, биринчи жолу ушул тамга,Айсулуунун ата-энеси менен таанышууга келгенин эстеди.
-Токтой турчу,жаным. Жакшы эле турамынбы?-деди Данияр короого кире берээрде.
-Сен...сен эмне коркуп атасыңбы?-дейт ансайын кыз күлүп.-Коркпо, ата-энем жеп албайт го.Анан да,мен жаныңдамын- деп колдон сүйрөп,үйгө алып кирген.
-Ата,апаке,кайдасыңар?
Айсулуу кыйкыра,Даниярдын колун коё бербей,үйдүн артына чыкты.Бак дарактар менен курчалган бул бакчанын,сол тарабында сөөрүдө чай ичип олтурган,көз айнекти тагынып,чачын буурул баскан,генералды көрүп,сүрдөгөнү ого бетер күч алып,буту тушалып,суйуктуусу жетелеген үчүн эле басып бараткан сыяктуу
-Мен силерге конок алып келдим-дейт Айсулуу жаркылдай.-Таанышып алгыла,бул болочок күйөө балаңар Данияр.А бул болсо-деп генералдын жанына барып,аны кучактай-менин аска зоом болгон атакем,генерал Маликов,а бул болсо,менин алтындай көргөн апакем,генерал Маликовдун генералы-деген ал каткырып алды.
-Ассалому алейкум,ата. Жакшысызбы?- Данияр колун сунуп,экинчи колундагы гүлдү,Айсулуунун апасына карматты-Бул сизге,апа.
-Рахмат,уулум. Кел өтө гой,төргө.Ай чунак кыз,бул конок алып келем деп айтып койбойт белең.Тамак жазап,күтүп алмак элек.
-Ой,апа,тамагыңызды кийин деле ичет
-Сен бул тентек кызга таарынбай эле кой-дейт анда генерал.-Эрке кыз-деп кызынын мурдунан чымчып койду.
"Ал кезде баары башкача болоорун билбеген экенбиз"деп улутунуп алды Данияр.Машинасынан түшүп,үйдүн жанына келгенд,короодон чыккан үндөрдү угуп,же кирээрин билбей туруп калды.Акыры, Айсулуунун тааныш үнүн укканда,дарбазаны ача берип,бир нерселерди айтып,каткырып күлүп,өзүн карай келе жаткан Айсулуу менен Нурбекти көрүп,ордунда катты.Биринчи болуп,Нурбек көрдү,андан кийин Айсулуу.
-Данияр?Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң?
Ал Нурбектен көзүн албай,ичинде кызганычтык сезим кайнап чыкты."Эмне болуп атам.Кызганга акым барбы?"деп алды.Ал да "Эмне кылып аласың?"дегендей тиктейт.
-Данияр?!Айсулуунун дагы кайталай чакырган үнүнөн,аны карап,сөз таппай,буйдала түштү.
-Мен...атам... сени...
-Тынчылыкпы? Атаңа бир нерсе болдубу?
-Жок,жок....Баары жакшы.Атам менен апам сени көрөт элек деп,үйгө конокко чакырып келгем.
-Чын элеби?Мен өзүм деле барайын деп жаткам,бирок, туура эмеч болуп калабы деп.
-Албетте,сени күтүп жатышат.А экөөң...-деп дагы Нурбекти карады.
-Экөөбүз кечетен бери үйлөрдү тазалап жүрдүк-Нурбек Айсулуудан биринчи озунуп жооп берди.Оюнда болсо"Айтчуңду айттыңбы?Бар эми кет.Бул кызга сенин эми эч кандай акың жок"деп кыйкырат.
-Аа...мен барайын анда.
-Мен бүгүн кечинде барам.
Данияр башын ийкей,машинасына жөнөдү.
-Экөөбүз да кетелиби?-деп Айсулуу Нурбекке карады.
-Жүрү.Майор жинденип атат го.
Экөө шаарга жетип калганында, Нурбек кызга карады.
-Батир даяр.Кааласаң азыр деле барсаң болот.
-Албетте.Сен мени мейманканага түшүрүп коёсуңбу?
-Мен сени жеткирейин дегем...
-Жок,Нурбек, кокус Шрамдын адаттагыдай жигиттеринен болсо,сени таанып калат.Сен болгону мага батирдин дарегин айтып,ошол жакта болуптур.А мен такси жалдап бара калам.
-Мейли.Сен айткандай болсун-деди Нурбек көңүлсүз.Баардык убактысын ушул периштедей кыз менен өткөргүсү келет.Аны мейманкананын жанынан түшүргөндөн кийин,кадимкидей жан дүйнөсү муздай түштү.
Айсулуу бөлмөнүн ачкычын тапшырып,таксиге олтуруп,чоң көчөгө чыкканда,күзгүдөн эки жагын,артын карап алды.Эч кандай аңдууну көрбөгөндөн кийин гана,эс ала түштү.Андан кийин телефонун алып,эски таанышы Эмилге чалды
-Эмил,кандайсың? Мен Айсулуу.Ооба, американка-деп күлдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Ал кичирайондордун бириндеги,көп кабаттуу үйлөрдүн жанына келип токтогондо, Нурбек жана анын жанында бир жигит бар экен.
-Эч ким ээрчиген жокпу?-Нурбек машинанын эшигин ачып жатып.
-Жок,көрбөдүм эч кимди.
-Таанышып ал,бул менин досум Эркин-жанындагы жигитти көрсөттү Нурбек.
-Айсулуу-деп колун сунду.
-Таанышканыма кубанычтамын. Сиз жөнүндө көп уккам.
-Жакшы нерселерди гана уккансыз деп ишене берейин э-деп күлүп,Нурбекке карады.
-Албетте,жакшы. Нурбектин сиз жөнүндө сөзү бүтпөйт-деп күлгөн,үйгө жол баштады.
Батир бир бөлмөлүү,эмеректери менен чакан экен.Айсулууга дароо эле жакты.Нурбек менен Эркин кеткенден кийин,душка чайканып чыгып,атайын ала келген белектерин даярдап,жакшынакай саркеч көйнөгүн кийип алып,көчөгө чыкты.
"Туңгуч" кичирайонуна келгенинде, беш жыл мурун көргөндөн да аябай өзгөргөнүн байкады.Заманга ылайыктап жазалган,балдарга ылайыктуу оюн-аянтчалары, жаңы кабат үйлөр....деги койчу,"Кыргызстаным өнүгүп бара жатыптыр" деди оюнда.
Ал өзүнө тааныш болгон үйдүн коңгуроосун басканында, кичинекей баланын ыйлаган үнүн угуп,таң кала түштү.
-Айсулуу?-деди эшикти ачкан Нурайымдын апасы.-Кагылайын, барсыңбы айланайын?Кел өтө гой,үйгө.
-Жакшысызбы, эже.Аяш атамдар,Нурайым жакшыбы?
-Жакшы,алдыңа кетейин.Мына, курбуң да уйгө келген.Нураааай, сен күткөн адам келди.-деп төркү үй жактан кызын чакырды.
-Ким,апа?-деп келе жаткан Нурайым,оозку үйдө жандай көргөн курбусун көрүп,кучактап жиберди.
-Алтыным менин,чын эле сен келдиңби?Сагындым сени
-Мен дагы сени сагындым,курбум. Эми кетпейм болду.
-Жакшы жүрөсүңбү?Аскат, Азамат байкеңдер кандай?Алар да келдиби?
-Жок,алар дагы эки айдан кийин келет буюрса.Өзүң жакшысыңбы?
-Ооба.Жүрү мен сени бир адамдар менен тааныштырам- деген курбусу,аны жетелей,төркү үйгө алып кирди.Төрдө кичинекей наристесин колго алып,жакшынакай, келишимдүү жигит олтуруптур.
-Таанышып ал,бул менин жолдошум Ильяз жана кичинекей уулубуз Арлен.А бул болсо менин курбум,Ильяз. Эсиңдеби,көп жолу айтып бергем,сүрөттөрдү да көрдүң эле го.
-Ооба,жаным, тааныдым-деп келинчегин кучактап,саамайынан өптү.Андан кийин,Айсулууга колун сунуп-Саламатсызбы, мен сиз менен таанышканыма кубанычтамын аябай.
-Рахмат,мен да кубанычтамын. Анан да "сизден" ,"сенге" өтө берели-деп күлдү.
-Анан сүйлө,кандай жүрдүң?Эмне кылдың?Америка кандай экен?-деген курбусу,аны колтуктай,диванга олтурушту.
-Жакшы буюрса.Иштедим, ресторанда.Калифорнияда жашап жаттык.Кел,уулуңду берчи-деп наристени колуна алып,колдорунан өп койду.-Ширин уулуң бар экен,курбум. Өмүрлүү болсун.
-Рахмат,айтканынң келсин.Айсулуу, сен...сен Даниярды билесиң да э?
-Ооба,көрүштүм.
-Демек,анын үй бүлөлүү экенин да билесиң да?
-Ооба,Нурайым, баарын билем.Анын кызы бар экенин,аты Айсулуу экенин да билем.Бүгүн конокко барам алардыкына.
-Сен баарына кош көңүл карап турасың го...-деди таң калган Нурайым
Оюнда,билсе аябай капаланып,ыйламак деп ойлоп жаткан.
-Анан эмне кылам?Баары өттү,кетти.Эми ал мурункудай эмес,үйбүлөөлү, бир кыздын атасы.Бактылуу болсун.
-Менимче,ал туура эмес кылган.Сени күтсө болот эле го.
-Мен ага капа эмесмин.Анын үстүнө өзүм да дарегимди эч кимге айтпай кетпедим беле-деген Айсулуу ийинин куушуруп койду.
Чындыгында, Даниярды апасы Салкые,курбусунун кызына зордоп эле үйлөнтүп койгон.Арадан эки жыл өтсө да,Айсуулудан үмүт үзбөй жүргөн,Даниярды Салкын,Мунара менен тааныштырып, курбусу менен кудагый болууга бел байлап алган.Энесинин көңүлүн кыйбай,таанышкан Данияр да,ошондо туура эмес кылып алганын сезген менен,кийин үйлөнүп,кыздуу болгондо гана жубайына жакындай түшкөн.А Мунара болсо бир көрүп эле Даниярды жактырып,анысы кийин сүйүүгө айланып,үйдө канча жолу "Айсулуу" деген атты укса да,кызынын ысымын да,"Айсулуу" деп атаса да,баарына чыдап,жолдошун сүйгөн үчүн көз жумуп келген.Азыр да,ашканада тамак жазап олтуруп,Айсулуунун жек көрүп турду.Бир маалда,эшиктин коңгуроосу басылып,аз өтпөй эле дарбазаны ачкан Даниярды жана анын жанында келе жаткан чачы кыска,узун боюна,жарашыктуу көйнөк кийген,сулуу кызды терезеден көрүп,"Баары сүйгүдөй эле кыз экен"деп суктанып алды.
-Мунаш-деп оозку үйдөн чакырган жолдошунун үнүнөн,ашканадан чыкты.Бет маңдайынды, билинээр билинбес жылмайып турган кызды көрүп:
-Мунара-деп колун сунду.
-Саламатсызбы, Айсулуу-деп ал да кол алышты.
-Кел төргө өт,кызым-Кеңешбек Айсулууну төргө отургузду.
-Билинбей эле беш жыл өтүп кетиптир.Убакыт деген зымырык куш тура.Кыйналбай жүрөсүңбү?
-Жок,ата...-деп көнүмүшдө айтып алган Айсулуу,сөзүн оңдоп.-Баары жакшы,байке. Толкунай турмушка чыккан турбайбы.Бактылуу болсун
-Рахмат,кагылайын. Наристесин күтүп жатышат,кудайга шүгүр.
Негедир сөздөрү да аз болуп,ыңгайсыздана, ар кимибиз өз ойлору болуп,анда-санда гана ооз ачышпача,убакыттын өтмөгү,Айсулууга тозок болуп кетти.Сыртка чыга берген ал,"оохх.. ."деп оор дем алып алды."Данияр жеткирип коёт"деген сунуштарына да макул болбой,жөө басып,шар аралай тээ түн бир оокумга чейин басып жүрө берди.Качан гана үйүнө келгенден кийин,бутунун ооруп чарчаганын сезип,төшөккө кулаары менен уйкуга кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Бул убакта Русландын үйүндө эски достору,жигиттери келип,майрам болуп жаткан.Карындашы Берметти эс алууга көлгө жибергенине бир күн өткөн.Агасынын иштерин билбеген Бермет,оюнда "агам ишкер"деп ойлойт.Ананчы, ал өзүнүн баардык муктаждыктарын, Калифорнияда бир бөлмөлүү үйү,машинасы, окуусунун баарын агасы камсыз кылып турат.Кереметтүү көлдүн жээгинде,классташ кызы менен эс алып жаткан Бермет,өзүнөн алысыраакта андан көзүн албай,ар бир кыймылын,телефон аркылуу тиешелүү жака кабарлап турган,чымыр денелүү жигитти байкаган жок.

-Иштер кандай болуп жатат?-деп жонуна таптаган досун караган Руслан,негедир бул кечте көңүлсүз эле.Оюнун баарын ээлеген Айсулуунун дайынын эки күндөн бери биле элек болчу.Ал кыз да жөн кзз эмес,аңдыткан жигиттерин байкап,кайра алар менен ойноп коюп жатканын деле билген үчүн,көбүрөөк кысым кылбай турууну көрдү.
-Буюрса, жакшы.Жаңы гана Германияга товар өткөзүп келдик.
-Аа демек,капчык кампайган турбайбы э.Кел ошол үчүн ичели-деген досу,колундагы шарапты көтөрүп,ичти. Руслан да аны кайталады.
-Бүгүн маанайың жок да,Шрам?-деди, экөө ээрчише,анын кабинетине киргенинде. Руслан үндөбөстөн, төрдөгү столуна барып жайланышып, чылымын түтөттү.
-Дос эмне үчүн керек,Шрам,жакшылыкта да,жамандыкта да бир болуп колдооо көрсөтүү үчүн.Эмне көйгөйлөр болуп жатат?-Руслан аны бир азга карай,"Айтсамбы же жөн эле койсомбу?" деди да,төш чөнтөгүнөн бир сүрөттү сууруп чыгып,алдына таштады.
-Бул мент дагы көйгөй жаратып жатабы?-деди досу бир топко сүрөттү тиктегенден кийин.Мындай сөздү күтпөгөн,Руслан.
-Мент?!-деп ордунан тура калды.
-Ооба,бул мент да.Эсиңдеби, Карышкырды кафеде аз жерден өлтүрө сабап коё жаздаган кыз,бул ошол да-деди тиги да жайбаракат.
Руслан ордуна шалак этип олтуруп эле,бир чекитти тиктеп туруп калды.
-Сен эмне билбейт белең?Кайра пайда болуп,сага тоскоол болуп жаткан го десе.
-Сен бул сүрөттөгү кыз дал ошол мент экенине ишенимдүүсүңбү?
-Ооба,жүз пайыз кепилдик берем.Болгону чачын кыркып койгон экен.Аябай жакшылап карасаң,таанылат. Кааласаш,азыр эле барып,таап келем...
-Жок-деди колун көтөргөн,Руслан. -Мен өзүм-деп колдору менен чачтарын сылады.
-Токточу,сен эмне бул кызды сүйүп калдыңбы?-деди досу каткырып.-Мдаа. ..досум,чындыгында сүйчү эле кыз экен.Бирок,абайла- деди сыртты көздөй баратып.
-Сен эмне бул кыздан мени коркот деп ойлоп жатасыңбы?-деди жиндене.
-Жүрөгүңө каттуу тепкен көрүнөт,демек, коркуш керек,Ромео- деп каткыра,эшикти жаап чыгып кетээри менен,Руслан стол үстүндөгү айнектен жазалган,кооз сувенирди ыргытып жиберди.
-Иттики...иттики. ...качан болсо эле мент..Оңбогог, майор,экөөңдүн тең түбүңө жетем.Азыр эле жер менен жексен кылам-деген ал,тартмада турган тапанчасын алган бойдон сырткы атырылды.
Ээрчишкен эки кара машина,шаардын көчөлөрүндө зуулдап,кайдадыр шашып бара жатышты." Жумушчулар шаарчасынадагы" көчөсүндө,чаңызгытта машинасын көпчүлүк үйдүн катарынан орун алган,майор Аскалиевдин үйүнүн алдына келип токтошкондо, кошуналардын ажылдап үргөн иттери угулуп турду.Баттан басып,дарбазадан секирип түшүп,эшикти ачкан жигит менен кошо,төртөө колдорундагы тапанчаларын даярдай,бакча менен үйдүн каалагасына келгенде,анда илинип турган кулпуну көрүп токтоп калышты.Алардын артынан келген шефи Руслан,"Ач! "дегендей, кулпуну жаңсады.Каалаганы сындыра тээп,үйгө кирген алар,бир да жандууну табышкан жок.Андан короо жайдын баарын кыдырып көрүп,эч кимди таппаган соң,Руслан сыртка чыкканда,машинанынын дөңгөлөгүн, сөгүнө тээп алды.Алар кандай каттуу ылдамдыкта келсе,ошошдой кетээрт менен,айлана жымжырт эле боло түштү.Бир гана орустардын кандектеринин үргөнү угулуп жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

Эртең менен ойгонгонуп, адаттагыдай чуркап келди да,түз эле майордун бөлүмүнө жөнөдү.Бүгүн күн дагы нөшөрлөп,жамгыр себелеп жатыптыр.Кадамын ылдамдатып, бөлүмгө кирээринде, бет маңдайынан майор Аскалиев да чыга калды.
-Кандай,Аку. Ден соолуктар жакшыбы?Көрүнбөй кеттиң.
-Жакшы,Тимур ага.Мен жүрөм ушундай эле.Сөздөр бар эле сүйлөшчү.
-Жүрү,отур машинага.Дал азыр шам-шум этип келейин деп бараткам.Кече жеңең менен балдарды айылга жеткирип түнү менен келгем.Үйгө барбай эле таң атпай,жумушка келип,бир аз эс алып алып чыгып бара жаткандагым болчу.
-Мен да үйгө барып келдим."Асанбайдан" бир бөлмөлүү батирге чыктым.А кече болсо "экс кайын журтта"конок болдум-деген Айсулуу күлүп жиберди.
-Айииий, сен анда чоң эрдик кылыпсың-деп, Тимур да кошула күлдү.
Экөө шаардагы кафелердин алдына келип токтоп,Тимур кол чаатырын алгыча,Айсулуу ага күлкүлүү окуясын айтып берип жаткан.Өйдө боло берген майор,терезеден каттуу ылдамдыкта келе жаткан,тааныш машинаны көрүп,
-Айсулуу!Абайла! -деп барып,кызды кучактап бара жатканында, "тарс,тарс, тарс"деген үндөр,айлананы жаңыртып жиберди.
Айсулуу эмне болуп кеткенин түшүнбөдү.Майор аны кучактап барып,экөө жерге кулап түшүштү.Бир гана өтүп бара жаткан машинанын В 6268 п деген номерин гана көрүп калды.
-Тимур ага-деп үстүндөгү майорго кайрылганында, андан жооп жок болду.
-Жолдош майор....Тимур ага...Айсулуу суйлөнө,майорду оодарганында, анын колдору шолоктой түштү.Чалкасынан оодарылган майордун көздөрү жумулуу,оозу- мурдунан кан чыгып калыптыр.
-Тимур ага-деп Айсулуу кыйкырып жиберди.Дароо эле,күрөө тамырын кармай,жүрөк согушун сезгенден кийин,калтыраган колу менен "Тез жардамды" чакырды.
-Суранам...мени таштап кетпеңизчи. Тимур ага,аччы көзүңдү.-деп ыйлаган Айсулуу,улам улам жүрөк согушун текшерип коёт. "Тез жардам" да ансайын кечигип жатты.Чыдамы түтпөгөн Айсулуу,бирин- экин чогулган элдерди жардамга чакырып,майорду көтөрө,машинага салышты да,зуулдаган бойдон ооруканага, каттуу ылдамдык менен айдап жөнөдү.Ал арада,кан болгон,калтыраган колдору менен,Нурбектин номерин чалып,ал алаары менен кыйкырып жиберди.
-Нурбееек! Суранам,ооруканага кел.Майор жарадар.Шрам. ..Шрамдын жигиттер...
-Айсулуу,сен жакшысыңбы? Азыр барам....азыр- деп телефонду койду.
Каттуу ылдамдык менен келген,машина оорукананын алдына,"кыйч" деп үн чыгарып барып,токтоп, Айсулуу дароо машинадан түшө,эшик алдында турган врачтарга кыйкырды.
-Жардам бергиле!Жарадар бар!-деген ал,машинанын арткы эшигин ачып,майорду колунан кармап:
-Мени таштабаңыз. Көтөрө албайм бул нерсени.Бул сураныч эмес,бул буйрук,жолдош майор-деп,жанына келген врачтар менен кошо,майорду операция бөлүмүнө алып жөнөдү.
-Сизге болбойт-деген медайымдын да сөзүн уккан жок.
-Жок,мен киришим керек.Мен жанында болушум керек-деп болбой кирүүгө аракет кылды,бирок, медайымдар болушпады.
-Күтө туруңуз.Сиздин ал жакта керегиңиз жок-деп каалаганы жаап жатканында, аларды көздөй чуркап келе жаткан,врачты көрүп,колунан кармай,токтото калды.
-Ал жашашы керек,уктуңузбу? !Тирүү калтырышыңыз керек!-деген Айсулуу колун коё бере,узун залда жалгыз калды.Тынымы жок,ары бери баскан Айсулуу,залдын башында пайда болгон Нурбекти көрүп,чуркап барыр,кучактай калды.
-Сен жакшысыңбы? Эч нерсе болгон жоксуңбу?-деген Нурбек,Айсулунун кан болгон кийимдерин карай.
-Жок,мен жакшымын.Алар Шрам болчу.Шрамдын жигиттери.Мен машинасынын номерин көрдүм.Дал сен айтып берген номерлер.Мени аны жок кылышым керек,Нурбек. Угуп жатасыңбы,жок кылышым керек.-деп тынымсыз сүйлөгөн Айсулууну,Нурбек бооруна кысты.
-Чүүш....азыр майордун ахыбалы маанилүү.Жок кылабыз аны дагы,Шрамды. Мага ишен-деди шыбырай.
-Токто,мен бирөөгө телефон чалышым керек-деген Айсулуу,телефонунан шашыла сандарды терип,кулагына такады.
-Эмил?Кызды алып кет,азыр.Жок болгула ал жерден,тезинен- деп телефондү чөнтөгүнө салды.
-Ким ал?
-Шрам өзү ойногусу келдиби?Мен да ал оюнуна,ал ойлогондон эрте эле кошулгам-деген Айсулуу орунтукка отура кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   baby_k   24 Декабрь 2015 - 23:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2016 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.

-Тап,кайда болсо тап.Эмне жер жутуп кеттиби?-деген Руслан,столду эки-үч жолу койгулап жиберди.
Жарым саат мурун,карындашы Берметти,шаарга тезинен алып келгиле деген буйругуна,көлдөгү жигиттери,пансионатка барып,Берметтин дайынын таппай калышканын айтышты.
-Жер жутуп кеттиби эмне?Айсулуу Маликова,сен өзүңө өтө коркунучтуу душманды тандап алдың-деди да,стол үстүндөгү турган буюмдарды дубалга ыргытып жиберди.Кантсе да,өзүнүн дал талуу жерине тийген бул периштедей сулуу кыздын барына,аны бир көргөндө эле жактырып,сулуулугуна арбала түшкөнүнө,өзүнө өзү жинденип турду.
Арадан бир саат өтүп,андан кийин эки саат өтсө дагы,карындашынын дайынын билбеген Русландын "эч бир изи жок,шеф"деген жигиттеринин сөзүнө ого бетер жини кайнап,бүт дүйнө жүзүн кырып салчудай абалда турду.

Бул маалда операция бөлүмүнүн каалгасы ачылып,жүзүнөн аккан терин,колу менен аарчый чыккан врачты көрүп,Айсулуу менен Нурбек ордунан тура калышты.
-Абалы кандай?
-Абалы анча жакшы эмес.Аркасына эки ок кириптир.Кудайга шүгүр,сөөкө тийген эмес.Операция ийгиликтүү өттү.Эми бейтаптын ден соолугунан көз каранды.
-Кирип чыксак болобу?
-Макул,бирок, бирөөң эле.
-Аку,кир сен-деген Нурбек залда калып калды.
"Түүт-түүт" деген аппараттардын жана майордун оор дем алуусу менен,бул жер салкын,күңүрт жай экен.Айсулуу майордун жанына келип,колун кармады.
-Буюрса,сиз ойгонгонуңузда баары жакшы болот.Сөз берем.Сиз күчтүүсүз,Тимур ага.Менин буйругум,тезирээк айыгып чыгыңыз-деп анын жанында бир азга турду да,сыртка бет алды.Артынан кошо чыккан врачка карап.
-Бул майордун тирүү калганын эч ким билбеш керек.
-Бирок,....
-Канча акча кааласаңар, ошону алып келип берем,болгону, аны баары "өлдү"деп билишсин.Билбейм, "операция столунда" дейсизби," ооруканага жетпей" дейсизби,кыскасы, тирүү экенин эч ким билбесин.
Оозун таптап,каршылык көрсөтүүнү каалаган врачты кайра токтотуп,бул жолу суранып жиберди.
-Сураныч.Майордун тирүү калганын билгендер кайра келишет.А майор менин жашоомдогу жакын адамдарымдын бири.
-Макул,мен аны өзүм карап көзөмөлдөйм.
-Рахмат,сизге- деп бурула берип,сыртты көздөй бет алган Айсулуу менен Нурбекке кайра кайрылды.
-Чоң кыз?-Алар бурула бергенинде. -Мага ашыкча каражатыңдын кереги жок-деди да,операция бөлүмүнө кирип кетти.

Бүгүн майор ооруканага түшкөн күндөн бери үч күн өттү.Айсулуу эртеден кечке машыгуу залында болуп,түнү менен Шрамдын үйүн,жигиттерин, кайсыл жерден чабуул койсом,кайсы убак туура келет деп изилдеп жүрөт.Нурбек болсо эртең менен бөлүмгө кирип,түнү чыкканы менен,үйүнө барбай,мейманканалардын биринде түнөп жүрөт.Сырттан караганда,өзүнүн иши менен алек болуп жаткан милициядай болгону менен,өзү менен курактуу мыкты оперлерди,Шрамдын аркасынан аңдытып койгон.Анын ар бир кадамын,Айсулууга айтып турат.
Айсулуу бүгүн да таң эрте,сейил бакта чуркап келип,жаңы гана үйдүн бурчуна бурула бергенде,өзү жашаган кабаттын алдында турган,машина менен жанында турган жигитти байкай,бурчка жашына калды.Аз өтпөй эле,эки жигит үйдөн чыгып,бирөөсү телефон менен кимдир бирөөгө телефон чалды.Көп сүйлөшпөй,баш ийкей телефонду койду да,баары тең машинага түшүп,айдап жөнөштү.Айсулуу чоң таштандынын челегинин артына жашынууга үлгүрдү.Машина узап кетээри менен,ордунан чыкты да,чуркаган бойдон үйгө кирди.Баардыгын чачып,сындырыр кетишиптир. Айсулуу дароо эле,ашканада илинген шам чырактын ичине каткан тапанчасын, андан кийин телевизордун артын ачып,АКШ долларлары менен дагы бир тапанчаны алып чыкты.Кийимдерин которуп,спорттук сумкасына,бир аз кийими менен акчаны,тапанчанын бирөөсүн салды,экинчисин болсо курткасынын ичине кыстарып койду.
Үйдүн алдында токтотуп койгон "БМВ"машинасына отуруп,күн батышты көздөй айдап жөнөдү.
Түз эле майор жаткан ооруканага барып,биричи эле врач менен жолукту.
-А Айсулуу келгениңиз жакшы болду.Буюрса, бейтап жакшы болуп калды.Бүгүн эртең менен бир аз бастырып көрдүк.Жыйынтык жакшы.
-Чооң рахмат,сизге. Ыраазычылыгымды билдирем.
-Бул биздин жумуш.Ал эми азыр болсо бара берсеңиз болот.Сизди күтүп жатат.
Айсулуу майор Аскалиевдин палатасына киргенинде, ал ойгоо экен.Айсулууну көрүп эле сүйүнүп кетти.
-Охх..сержант, келгениң жакшы болду.Мени бул жактан чыгарбасаң, тажап кеттим.
-Жоок,кайдагы чыкмай.Мына, сизге витаминдерди алып келдим.Качан айыгып,жакшы болгонуңузда, алып кетем.
-Жок,үйдө деле дарыланам.Алып кетчи.
Башын чайкай күлгөн,Айсулуу жер-жемиштерди жууганы,сыртка чыгып кетти.Ошол маалда курткасындагы телефонуна чалуу келип калды.Бирок, ага жетпеген майор Аскалиев,жооп бере албады.Чалуу кайрадан келгенинде, Айсулуу да сырттан кирип келип,колундагыны стол үстүнө коюп,эле телефонго жооп берди.
-Алло?
-Айсулуу Маликова?-деген үндөн жүрөгү "болк" этти.-Эмне сүйлөбөй калдың?Тилиңди жутуп алдыңбы?Таанысаң керек?-деди коңур үн.Айсулуу өзүн карап турган майорду караа,билинээр билинбеч жылмайып койду да.
-Ооба,тааныдым- деди.
-Тааныганың жакшы.Мобул ментти тирүү келгиң келсе,азыр келип кал.
-Макул,каякка?
Даректи уккандан кийин,Айсулуу телефонду өчүрүп,майорго карады.
-Кана,жер -жемиштен жейлиби?-деп анын алдына алып келди.
-Ким чалды?
-Ушул витаминди жесеңиз,тезирээк айыгып,алып чыгып кетем.
-Айсулуу!- деди майор колун кармай,көздөрүн тиктеп.
-Эч ким...мен үчүн эч ким.Азыр болсо мен барайын.Жумуштарым бар-деп майорду жүзүнөн өптү да,сумкасы менен курткасын алып,чуркаган бойдон ооруканадан чыкты.А майор болсо "Айсулуу, Айсулуу"деп кыйкырган бойдон кала берди.
Бир кезде Даниярды изздеп барган ээсиз калган имаратты көздөй,каттуу ылдамдыкта айдап бара жатты.
Ал имаратка жетпей,токтоп андан ары жөө чуркап жөнөдү.Дал имараттын алдында үч жигит туруптур.Үчөө тең куралданып алган.Айсулуу имараттын арты менен барып,сынып турган терезеден акырын ичкериге кирди.Саатын караса,туура жарым саат өтүптүр." Дагы он беш минут" ичинен.Калифорнияда дайыма убакыт менен иштөөгө үйрөткөн машыктыруучусу. Эки тапанчасын алып,үн чыгарбастарды тагып,андан кийин атууга даярдады да,ар кай жерде турган ящиктерге,станокторго жашынып,алдыга жыла баштады.Биринчи алдына эки далдайган жигит чыкты эле,байкатпай, "чып-чып" деген үн менен экөөнү жайлады.Алардын колтуктарында турган тапанчаларды алып,артына кыстарды.Андан кийин эшиктен чыга бергенинде, дал чоң залдын так ортосунда,Нурбек жана эки опер жигит жерде жатышыптыр. Шрам болсо,адаттагыдай чылымын түтөтүп,олтургучта олтуруптур. Жанында болсо беш жигит турат,бирден тапанча кармап.Айсулуу кайсыл жерден чабуул коём деп олтуруп,үстүдөгү, дубалга кадалган темир кабаттарды көрүп,тигилерге көрүнбөй,мышыктай тырмыша,улам бир темирди кармап чыкты.Акырындык менен кадамдарды таштап,экинчи залга өткөнүндө,дал тигилердин үстүнөн чыкты.Ыңгайлуу деп,Шрамды бет маңдайынан, аны качырып жиберүүгө мүмкүнчүлүк бербей турган жерди тандады.Саатын караса.Толук он беш минут өтүптүр." Эми концертти баштайлыбы? "деп жылмайып алды.Өзү чоң,калың темирдин далдоосуна жашында да,ылдыйда турган,далдайган жигиттерди экөөсүн атты.Күтүлбөгөн атылуудан,ок кайсыл тараптан атылганын билбей калган жигиттер,Шрамды тегеректей калышты." Мхм...далдайганыңар менен дарманыңар жок турбайбы?" деп туруп,бир көз ирмемдин ичинде,үчөөнү жайлап койду.Ал аңныча сырттан чуркап келе жаткан экөөнү да,атып таштады.Шрам болсо кайсалактап, эки жагын карап,эмне кылаарын билбей,тапанчасын алып,Нурбекке чуркап бара жатканыда,Айсулуу дал бутун койгон жерди атканында,тиги кулап кетти.
-Шрам,жигиттериң менен мынчалык оңой болоорун билген эмесмин-деп кыйкырды Айсулуу.Андан кийин,тепкичтер менен ылдыйга түшүп,анын жанына келди.Дал ошол маалда бутунан кармап тарткан Шрамдын күтүүсүз соккусунан, Айсулуу башы менен каттуу кулап түшүп,колундагы тапанчалары ыргып кетти.Айсулуунун ээси ооп жатканынан пайдаланган Шрам,үстүнө чыга калып,бетине эки-үч жолу уруп жиберди.Кыздын башы кеңгирей түшүп эле,көздөрү чыбырчыктап кетти.Бирок, кезектеги Шрамдын соккусун бир колу менен тосуп,тизеси менен жонуна тээп жиберди.Алдыга жүткүнүп,кулаа түшкөн Шрамдын бул абалынан,Айсулуу ордунан тура,мурду менен оозунан аккан канды,колунун сырты менен сүрттү.
Ордунан турган Шрам,костюмун чейип,ары ыргытып,Айсулууга жакындай келип,сокуусун күтүп калды.
-Сен билесиңби,мени бекер эле душман кылып алдың?
-Чын элеби?-деди Айсулуу каткыра.Экөө бири бирин айлана карап,ар бир кыймылдарын карап байкап турушту.
-Беманы кайда алып кеттиң?-деген Шрам,буту менен сокку ураарында,Айсулуу, бир колу менен кармап,бетине катары менен соккуларды берип алды.Тамтаңдай түшкөн Шрам,кайра келип,колу менен ураарында,Айсулуу, колун каттуу силке өзүнөн ашырып,Шрамдын артына кайрыды." Кырс"деген үн чыкканда,Шрам онтоп алды.
-Сен кыйын эмес белең,Шрам?Унуттуңбу? -деп туруп,тизе бүгүлүшүнө тээп,тизелетти.
-Мен сени баары бир өлтүрөм-деди, Шрам,колунун ооруганы менен кошо кыйкыра.Айсулуу аны угуп да койгон жок.Чөнтөгүнөн жип алып чыгып,колу менен кошо бутун бириктирип, байлап койду.Андан кийин маңдайына келип.
-Билесиңби,Урмат да ушинтип айткан.Мен аны дал ушундай сендей кылып байлаганымда, маңдайымда турган эле.Анда мен андан,жан курбумду кордогону үчүн кекигимди алгам.Бирок, өлтүргө эмесмин.Азыр өкүнөм ошого.Андан кийин аны өзү үйүндө,лейтенант Кошбаев менен олтурганында да,көз ирмебей аткан да менмин.Анда, ата-энем,жигитимдин өлүмү үчүн кекигимди алгам.Ал эми,сага келсек......сага келсек,сен өзүң оюнду баштагансың. Эсиңдеби,мени менен кошо мейманканага жигиттиңди таштагансың? Ошондо эле,көптөн бери издөөдөгү Шрамдын өзү оюн баштаса,эмнеге мен ойнобошум керек дедим.Байкуш жигит,бир күн кечке менин ойнотконума чарчаганында, уктап жаткан жеринен кетип калгам.Андан кийин,карындашыңдын артынан,жигит коюп,сен бизге ок атканыңда мен да,сенин талуу жериңе тийгим келди-деген Айсулуу ордунан туруп,Нурбектин колу бутун чечип,оозундагы скотчту алды.Андан кийин берки жигиттерди да бошоттурду.
-Айсулуу,келчи? Жакшы элесиңби?-деп Нурбек кучактады.
-Ооба,баары жакшы.Сенчи? Кайсыл жериң ооруп жатат.Жүрү,ооруканага баралы.
-Макул.Экөө ээрчише сыртка жөнөгөндө,Шрам кыйкырды
-Ээй,сен мени бул жака таштайсыңбы?
Анын сөзүнө күлгөн Айсулуу,жанына барып.
-Жоок,сени аябай жакшы көргөн адам өзү билет эмне кылышты.Анын мындай ырахатынан айрыган туура эмес го-деди күлүп.Анын сөзүнө түшүнө бербеген Шрам:
-Ким?Кимди айтып жатасың?
-Майор Аскалиев-деген бойдон,Нурбекти сүйөгөн бойдон сыртка бет алды.


Бүгүн эң кубанычтуу күн.Бүгүн эң бактылуу күн.
Бүгүн Айсулуу менен Нурбектин үйлөнүү тою.
Эки ай мурун майор Аскалиев,айыгып ооруканадан чыккандан кийин,Шрамга талап тоноо,уруулук, контрабанда, эки адамдын өлүмүнө карата кылмыш иши козголуп,түбөлүккө эркинен ажыратылган. Ал эми,Бермет болсо бул жаңылыктын баарын угуп,агасына таарына Америкага кетип калган.
-Биз күткөн күн да келди.Бактылуу бол,карындашым- деп эки агасы кучактап,бетинен өптү Айсулууну.
-Атам менен апам болсо эмне?-деди Айсулуу ыйламсырап.
-Чүүш...азыр алар биз менен.Мына.. -деп жүрөгүн көрсөттү Аскат.-Дайыма ушул жерде.
Айсулуунун көзүнөн аккан жашын аарчыган,агасы Азамат.
-Жүргүлө эми,коноктор күтүп калды-деди.
Айсулуу,демейдегиден да аябай сулуу болуп,ак үлпөт көйнөгү да,келишимдүү келбетине куп жарашып,жүзүнөн бактылуулуктун жылмаюсу кетпеген,Нурбектин жанында турду.
-Эми кегиңди алчу адамдар бүттү окшойт э?-деди акырын шыбырай,жубайына.
Жооп ордуна Айсулуу,чыканагы менее түртүп койду.
-Мен бактылуумун- деди,саамайынан өөп.
-Мен дагы бактылуумун, капитан Темиров.
Аларга суктана,бакыт тилеп караган коноктордун арасында,Данияр, жубайы жана кызы,ата-энеси менен да бар эле.


Аягы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Kenzhe_007   25 Декабрь 2015 - 00:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 96
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 11:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКШ

Аягы жакшы бутконуно суйундум,рахмат сизге baby_k
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: