Саламатсыздарбы форумчулар,
озубуз чет мамлекетте жашабыз. Биринчи жолу кой союп, опкосун алып калдык эле. Кичинемде сут куюп анан толук шишип аппак болгондо бышырып жечу элек. Ыраматылык Апам жакшы билчу. Мен эсимде калбаптыр. Озум бышырып коройун деп окшошпой калды. Болушунча эле сут куйдум. 8 литер окшойт. Бул жонундо маалымат болсо, болушунуздорду суранат элем. Алдыртадан ыраазычылык билдирем. Урматым менен,
Олобо Опкого канча литер сут куйуу керек?
#2 11 December 2013 - 12:43
Билгенимден,
ал өпкөнүн чоң-кичинекей экенине жараша болот. Бир сөз эсимде калыптыр: кускуча куюлат деп... Улам чаап да турушат, сүт куюулуп жатканда. Анан чындап эле кайра кускуча куюла берет го. Анан арасына сары май да кошуп ийишет.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 11 December 2013 - 13:47
Олобону жасаарда өпкөнү муздак сууга салдыңыз беле?Куярда өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, агарганча өпкөнү кустурат. Суу менен ичин тазалагандан кийин май салынып, тузу өткүл тартылган жылуу сүттү куя баштайсыз.Кустуруп жатканда өпкө канча литр суу жутса, сүттү да ошончо литр жутат.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#4 11 December 2013 - 15:10
Куярда өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, агарганча өпкөнү кустурат. Суу менен ичин тазалаган соң май салынып, тузу өткүл тартылган жылуу сүттү куя баштайт. Сүттү ар бир өпкөгө батышынча куят. Кустуруп жатканда өпкө канча литр суу жутса, сүттү да ошончо литр жутат. Болжолдоп айтканда ар бир өпкөгө 8литрден 12литрге чейин сүт батат. Сүткө жараша сары май куюлат. Тактап айтканда: 8литр сүткө 400-500г , 12литрге 1кг чейин сары май талап кылынат.
Өпкө сүткө каныкканда бир да жеринде темгили калбай агарып калат. Каныккан(толгон) өпкөнүн кекиртегине ылайыктап, ичкелеп эт кесип, кекиртекке сойлотот да 4-5 жеринен ичке жип менен кырча бууйт. Куюлган даяр өпкөнү кеңири баткыдай казанга салып, 45-60 мүнөткө чейин акырын кайнатат.. Жандыктын өпкөсүнө 8-10л сүт, 500-1000г сары май жана татырлык туз керек.

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#5 12 December 2013 - 10:40
Чон ыраазычылык билдирем. Алдыртадан суу куюп тазалап алуу керек экенин билчу эмесмин. Сары майды да биринчи жолу уктум. Эмкиде сиздер айткандай кылып жасабасам. Жасаарым менен суротун да илем буюрса. Кошумча маалымат болсо, Олобонун ден соолука пайдалары тууралу да жаза кетсениздер билип алууга жакшы болот эле. Билишимче, витаминге бай эле, бирок эмнеге кобуроок пайдалуу болчу так билбей жатам...
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
#6 13 December 2013 - 01:12
Буга чейин олобонун жасалаар жолун эмес, жасалышын да коргон эмес болчумун.Даамын коп эле жолу татып коргом жаккан. Маалымат учун баарыныздарга ыраазычылык!
#7 16 April 2014 - 09:55
Олобо
Кандай азыктар керек?
Опко: бир койдун
Сут: 10 л
Сары май: 100-150г
Калемпир, мурч,туз: татымына жараша
Кантип жасалат?
1. Кой союлганда Опкону кекиртек менен кошо бычак тийгизбей ич эттерден ажыратып аласыз да, муздак сууга 1-2 саат салып коесуз.
2. Андан сон ичине суу куюп чайкап, ичиндеги кандарды кетиресиз.
3. Сутту ысытып,ага сары майды, тузду, калемпир, мурчту салып аралаштырасыз.
4. Андан сон опконун устунон кол менен сыдырып, кекиртектен уйлоп сут куюуга даярдайсыз.
5. Даяр болгон опкого сутту куясыз, улам-улам опкону сыдырып, кекиртектен уйлоп турсаныз сут ошончолук коп батат да, кызыл опко апапак болгон кезде олобо бышырууга даяр болот. Эгер сут куюлгандан кийин опконун кызыл жери калган болсо, ал жерге сут жетпей жаткан болот. Анда опконун ошол тушун сыдырып, жакшылап уйлоп опкону кенейтсе, бардык жерине сут тегиз жетип, олобо ак тусто болот.
6. Жасалган олобону татымына жараша туз салынган сууга салып 2-2,5 саат кайнатасыз.

#10 25 December 2015 - 10:56
Бизде опко эле дешет,олобо десе кандай тамак экен деп кире калыпмын.Башкалар тамшанып жешет ко а мен такыр жей албайм.
#11 25 December 2015 - 12:20
кыргыздын жакшы тамактарынын бири,мага жагат бирок коп жей албайсын,конулго тез тиет
#12 25 December 2015 - 12:22
жогорку жазылган рецепт боюнча колго бышырып жеш керек,базардан алсан даамы жок эле бир нерсе
#13 25 December 2015 - 21:46
Олобо десе эмне тамак деп кире калыпмынгоо.
Бизде Опколе деген учун. Сооонун болоот. Эстеп жегим клип кеттигооо...
I hope to meet again ..
#14 25 December 2015 - 21:49
олобо деп окуп ии европейский тамак окшойт канча сут куят экен депмин
бизде анча желинбейт меймандарга дагы коюлбайт конковайлар гана мейманга келсе пышырат аны дагы айы боюнча атам катыны пышырып берет конковайда билет оздорункун
#15 26 December 2015 - 02:56
Бир кесимден ашык жей албайм, жасалышын кичинемден бери еле коруп келем азырга чейин, коп сут кетет, куюп жатканда тешилип калса капкурду ысытып басышчу беле? Бизде опко еле дейт кудааларга,
сыйлуу конокторго жасалып коюлат
#16 26 December 2015 - 18:11
Менин суйуп жеген тамактарымын бири.Бир топ жолу жасап да коргом.Бат конулго тийбоосу учун , чон энем унду 1 литрдей сууга жууп сутко кошуп опкого куйуп койот эле. Азыр да жасап берген адам болсо го...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#17 27 December 2015 - 19:08
Бизде кобунчо бышырып, андан ордок чыгарып кудаларга анан куйоо балдарга (ЗАГСта сыйлаганда) коюлат. Кече жакында эле кайнсиндими узатканда биринчи жолу кордум жасалышын, жана озум да жардамдашып уйронуп алдым. Сыйлуу тамак, бирок мен жей албайм. Негедир жакпайт.
#18 04 January 2016 - 18:32
Ууну да олобо дейт экен го ээ? Мен кичинемде эжелерден уккан элем. Кийин мектепте улуттук тамак-аштар дегенден олобону окуп калдым. Уу улуттук тамакпы деп башым каткан эле.)) Анан издеп таап, тушундум. Мага олло жагат, конулумо тийбейт. Той-аштарда жардамдашып коём, озум бышырып коргон эмесмин.))

Супер-Инфо
super.kg
видео