Саламатсыздарбы форумчулар.
бул менин курбумдун башынан откон окуясы.кыска эле жазайын.Анын айтуусу боюнча мындай:Менин апам менен атам бири-бирин жакшы коруп турмуш курушкан.Бирок тагдыр экен экоо бир жылга жетпей ажырашып кетишиптир.
мени апам озу жалгыз АПА ордуна апа,ата ордуна ата болуп мени чонойтду.Мени деп апам турмушка да чыккан жок.Ушу мен болбогонумда апам башкага турмушка чыгып кооп балалуу болмок беле.Азыр мен окууну бутуп студентмин.
Атам ушунча жылдан бери келбей,Эми акча маселесинен жардам берейин деп атат.Бирок апам анын сага жардамы кереги жок.жалгыз кызды озум эле эптейм деп мени оло урушту.эмне кылсам атам менен катташайын десем апамды капа кылып албаймбы?сиздерден сураныыч кенешиниздерди берип коюнуздарчы.
- (2 )
-
- 1
- 2
Досумдун тагдыры Досумдун тагдыры
#2 25 December 2015 - 10:59
Албетте, капа кыласын да. Апан сен учун баардык жашоосун арнаса. Ушунча кыйналып чонойткондон кийин атам м.н катташам десен. Момпосуйун тарттырып жиберген жаш баладай эле болот го апан.
#3 25 December 2015 - 11:06
Кичине кезинде келбеген, эстебеген ата эми сени неге эстеп калды экен? сени ушу кунго жеткирген, бополоп остургон апандын кадырын бил. сага бир омурун арнаптыр. качандыр бир кезде керек эмес буюмдай таштап кеткен атанды деп алтындай болгон апанды капа кылып алба. Апандын ыраазычылыгы жок эч нерсе кылба!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#4 25 December 2015 - 11:26
Ушунча жыл жардам бербей журуп эми эстептирби?
Канткен кундо дагы жаманбы жакшыбы атан бирок, апан каршы болсо катташпай эле койгонун жакшы
Жашоо бир келет!
#6 25 December 2015 - 11:44
Кандай болгон жагдайда да, жакшыбы жаманбы атан, катташсан болот, бирок апан каршы болуп атса, апанды капа кылып алба, апана акырын айтып кор, эгер таптакыр эле каршы болуп туруп алса, катташпай эле койгонун он.
#7 25 December 2015 - 11:55
Бала деген балада, баары бир атасына барат. Негизи ар бир адам бул жашоодо ката кетирет, кечиримдуу болушубуз керек. Тушунуп атам, апаныз сизди жалгыз багым, чонойтуп, тарбиялады.
Апаныз каршы болот ал бетте, бирок озунун терен жан дуйносундо кайгырат жашоо ушундай болуп
калганына. Эми Атаныз Апаныздын алдына келип баары бир катуу кечирим сурашы
керек, озунун куноосун билип. Бат арада Апаныз кечирбесе дагы журогу жумшара
баштайт! Ошол учун бир нерсени кылаарда ойлонуп иш кылыш керек, кийин
окунбогондой кылып, бул кудайдын жазганы, бальким Ата Апаныз каарып калганда
чогуу болушат неверелерин багып суйунуп)
калганына. Эми Атаныз Апаныздын алдына келип баары бир катуу кечирим сурашы
керек, озунун куноосун билип. Бат арада Апаныз кечирбесе дагы журогу жумшара
баштайт! Ошол учун бир нерсени кылаарда ойлонуп иш кылыш керек, кийин
окунбогондой кылып, бул кудайдын жазганы, бальким Ата Апаныз каарып калганда
чогуу болушат неверелерин багып суйунуп)
#9 25 December 2015 - 12:38
Апаныз менен дагы бир жолу суйлошуп,жакшылап кенешкениниз он,албетте апаныздын каршы чыкканын тушунсо болот.
#10 25 December 2015 - 13:26
Кичиненде келбеген, карабаган даже кыйын болгон учурунда баштан сылабаган, атанын кийин чонойгонунда келгени не пайда ,андай Ата Ата эмесс.Андан коро апакениздин омурун тилеп ошол мн жашаныз ,сиз учун омурун арнап турмушкада чыкпаса эне Ата дагы, эже дагы ,бир тууган байке дагы баары боло алат а Ата бир гана Ата боло алат ал милдетинда аткарбаган сон кереги жок Апаныздын омурун тилеп жашаныз.
#11 25 December 2015 - 13:32
Катташа бер,студент болсон акчадан жардам береттир,апана кыйын албетте.Тушундур апана.Турмушка чыкканында да атан керек болот.Ажырашып кетишсе да тоюнда келгени туура болот.
#12 25 December 2015 - 14:12
Ушу досумдун тагдыры мага тийешеси жок деген темаларды от души окуй албайм да.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#13 25 December 2015 - 15:35
Мурун келбеген атан эми келиптирби деген сыяктуу нерседен алыс бол, бактыбы же баккан жокпу ал сенин атан, сен анын бел суусунан жаралганын чындык, анан анын бакканы, бакпаганы башка маселе, катыш атан менен озу келип жатканда, ага сенин акчандын же башкандын кереги жок, ага сенин бактылуу болушун керек, ага сенин жакшы адам болушун керек, ал эми сага анын батасы керек, ал копту тушунгондуктон шариятка тууралап жаткандыр. Атанын батасын алмайын бактылуу боло албайсын, атаныкы ок, эненики бок деген бар, сен атандын конулун оорутпа, ар бир адамдын козу откондо кимдин баласы делгенде атасынын аты аталып коюлат. Апан деле катыша бер деп уруксат берсе жакшы болмок да. Куру намыс таш жарат болуп жатат да. Атан менен катыша бер, кийин баары жакшы болот...Апан да туура кылыптырсын деп, онолуп кеткен куну келет, сабырдуулук менен мамиленди уланта бер. жардамын ала бер, туура эле болот, себеби ал сенин атан, башканыкы эмес, же башка атан барбы, ата де аны, улгайып калганында конулу которулуп калсын, анын мурда каякта жургону менен сенин ишин эмне, балким куноо апандадыр. Атан менен мамиленди жакшы кыл, сен утасын...
#15 25 December 2015 - 18:43
Катыша бериниз демекмин. Ушул сыяктуу эле окуя. Менин эжем эки кыздуу болгондо жолдошу менен эки айрылыш жолго тушушкон. Улуусу эки жашта, кичинекейи такыр эле кичине бобок болчу. Эки кызы мектепти буткончо турмушка да чыкпай, алимент да албай озу чонойтту. Кийин кайын журтуна озу барды кыздарым атасы менен катташсын. Тойунда ата журту дегенде оксубосун, силерден эчнерсе керек эмес бир гана тойлорунда атасы, чон энеси болуп катышып бергиле деди. Энеси козуно жаш алып, убагында ушул эки кызды ойлобой ажыраткан экенбиз деп окунушту. Айтаарым балким атаныз да эми окунуп тургандыр. Апаныз менен жакшы, жумшак суйлошконго аракет кылып корун. Ал барибир сиздин атаныз!
#18 29 December 2015 - 22:00
Убагында эмне болуп ажырашканын билбейсизда мункун апанда дагы куноо бардыр ата деген ата,атанын орду чон кечиримдуу болуу керек менин оюмча катташыныз апаныз бир куну тушунот азыр жон эле куру намыс кылып жана таарынып жаткандыр атаныз менен суйлошуп апамдан кечирим сураныз андан кийин катташам деп айтып корунуз,апанызга айттпай экоону бир кафеге чыкырыныз жолуксун чын журогунуздон апанызга айттыныз сиз аны кандай жакшы короорунузду уруксат сурап дегендей андан кийин коро жатаарсыз эмне болоорун
#19 02 January 2016 - 22:21
Балким мурда келгенге шарты болбой жургондур? Же сен жаш деп чоноюп эс кирип, турмуштун ак-карасын тушунуп чоноюп калганда келермин деп жургондур. Неси болсо да ал сенин атан. Атандын канынан жаралгансын.
Эртен турмушка чыксан ата керек болорун да унутпа.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео


















