Сынакка катышкан Эмилбек уулу Темирландын дил баяны.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Мен Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында туулгам. Учурда 7-б классынын окуучусумун.
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде окуйм. Мен кыргыз болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам.
Биздин Кыргызстандын кооздугуна бүт эл суктанышат.
Асман тиреген бийик аска тоолорубуз килем төшөгөн жашыл арча кайың жыты аңкыган гүлдөрүбүз бар. Кыргыз тоолорубуздун арасындагы жан-жаныбарларыбыз өзүнчө эле айтып бүткүс. Биздин жерибиздин тоосунун ташы көлдөрүбүздүн суусунан бери өзүбүзгө дары сыяктуу. Менин келечекте алдыга койгон максатым грек-рим күрөшү боюнча машыгып жүрөм. Келечекте ушул күрөштү улантып Кыргызстан атынан чыгып Кыргызстанымды дүйнө жүзүнө тааныткым келет. Менин кыялдарым орундалат деп ойлойм. Биз жаштар жерибиз үчүн талыкпастан эмгектенип,
Бишкегибиз гүлдөп өсүп таза болуп, келечекте башка өлкөлөрдөй метро, трамвай жолдору курулуп бардыгы адамзаттын ыңгайына туура келсе дейм. Япониядагыдай жолдор курулса эч бир эреже бузулар болбосо дейм. Менин тилегим өзүбүз жашаган Кыргызстандын таза коомун көргүм келет. Биздин чек арабыз бек болуп, эч ким кол сала албашын тилейм. Кыргызстандын жерлери сатылбаса дейм. Келечекте көптөгөн пландар менен этаж үйлөр, завод фабрика, фермалар курулат. Жаш муундардын тилеги орундалып, көптөгөн спорт сарайлар, бассейндер футбол сууда сүзгөн секциялар курулса деп тилейм. Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө ар бир патриот адамдар керек. Мен сизди кумир тутам. Сиз Кылычбек Султанов Малайзияга барып элчи болуп ал жер менен биздин элдин салтын үрп- адатын салыштырып биздин өлкөнүн да өсүшүн чын жүрөктөн каалайсыз. Бизде деле заводдорубуз фабрикаларыбыз иштеп, элибиз жумуш менен камсыз болсо бизде да машина-трактор чыкса экономикабыз көтөрүлсө деген тилегибиз бар. Менин максатым жакшы окуп билим алып спорт менен машыгып ошол ой-тилегимди ишке ашыруу. Кийин Бишкекке барып Жанарбек Кенжеевдин спорт залына барып машыккым келет. Ар бир кыргыз атуулу Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу үчүн жашасак.
Эмилбек уулу Темирлан.
7-б класс.
Нарын облусу.
Нарын району, Куланак айылы.
11.12.2015-жыл.
КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити уюштурган окуучулар арасындагы сынагына Нарын облусу боюнча келген дил баяндар
#102 21 Декабрь 2015 - 17:37
Сынакка катышкан Эрнисбек уулу Аргендин дил баяны.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Ар кимдин туулган жери – Мисир делет. Киндик кесип, кир жуугар жериң – сенин ыйыгың. Бир акылман айткан экен «Ата Мекеним менсиз жашаса жашаар, бирок мен Ата Мекенимсиз жашай албайм» деп. Ушул Ала-Тоо мекенимде «ыңаалап» жарык дүйнөгө келгем. Киндик кан тамган жериңдин көйкөлгөн көк чөптөрү,буруксуп буралган гүлдөрү, көк-жашыл арча кайыңдары,көк ала шагыл таштары, көктүн көркүн ачып, көкөлөп учкан куштары, көк мелжиген аска-зоолору, көк кашка тунук суулары,ободо шаңшыган бүркүттөрү менен өрүштө кишенеген жылкылары мекенимдин көркүн чыгарат. Киндик кесип, туулган жери ар кимдин ыйыгы болот. Ошондой эле Кыргызстан дагы мен үчүн ыйык жер. Ала Тоо мекенимде жарык дүйнөгө келгенмин. Ушул кереметтүү жерибиздин абасын жутуп, суусун ичип чоңойдум. Көк шибердин үстүндө чуркап, көпөлөк кууп ойногон балалык күндөрүм ушул ак элечек тоолордун арасында өттү. Кыргыз жери кандай гана кооз, керемет жер. Кыргыз элибиз ынтымактуу байыртан бери меймандосчулукта келе жатат. Кереметтүү кыргыз жергебизге кимдер гана суктанып келбеген. Чет жерлерден ар улуттуу элдер биздин жерибизге келип суктанып кетишет .Биздин мекенибиз башка өлкөлөрдөн кооздугу менен айырмаланат. Өлкөбүз тоолуу жер, шаркырап аккан тунук булактары, мөлтүрөгөн колдору жүрөктүн бир бөлүгүн ээлеп калат.
Ата-бабаларыбыз байыртан бери кыргыз элин-жерин душмандардан коргоп келишкен .Ар бир эр жигит өзүнүн эли-жерин өз жанын аябай коргошу керек. Эгер сенин колуңдан чоң иш келбесе, анда айланадагы жакындарың үчүн бир жакшы иш жасоого аракет кылуу керек.
Кыргыз элибиз көчмөн эл болгон. Жерден жерге көчүп конуп тоолуу жерлерди байырлашкан. Ата Мекен алдында биз баарыбыз карыздарбыз. Мен өз Ата Мекеним үчүн дайыма өз колумдан келишинче жардам берууго даярмын. Келечекте кыргыз жери учун кичине болсо да окуумду жакшы окуп мектепти аяктап жакшы окуу жайга отуп мекенимдин онугушуно салымымды кошомун.
Кыргызстандын ар бир жараны өз мекени үчүн жанын да аябайт деген ниеттемин.Келечек биздин колубузда. Бүткүл дүйнөдө Кыргызстандай кереметтүү жер жок. Кыргызстан бейиштин бир бөлүгү дейт эмеспи. Биздин жергебиз өзүнчө эле бир керемет.
Кыш мезгилинде да Кыргызстан ажайып кооз болот. Чет жактагы альпинисттер биздин жергебиздин бийик тоолоруна кызыгып келип турушат. Биздин аска-зоолорго чыгып, ошондой эле кышкы спорт менен алектенгендер да келип турушат. Кыргызстанда лыжа тебүү үчүн ыңгайлуу жерлер көп. Ал жерлерге кышкы спортко кызыккан адамдар көп барышат. Чет жерлерден да лыжа тебүү үчүн көптөгөн элдер келишет.
Жаз, жай мезгилдери да Кыргызстандын кооздугуна көрк кошот.Талааларда гүлдөр кызыл, көк түстө болуп кыргыз жеринин көркүн ачат.Ошондой кооз жерлерге туристтик компанияларды көп ачуу керек. Ушундай жол менен өлкөбүздү өнүктүрө алабыз.
Кыргызстан менин жүрөгүм. Мен кыргыз жеринде туулуп өстүм. Кыргыз элимдин ар биринин жүрөгү «Кыргызстан» деп согот. Мен ушундай ынтымактуу, меймандос элимде жана ушунчалык кооз, кереметтүү кыргыз жеринде туулуп өскөнүмө сыймыктанамын.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшү үчүн жакшы окуп, келечекте элимдин керегине жараган кесипке ээ болуп, өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошом.
Ак-Талаа, Кара-Ой, 8-класс
Аткарган: Эрнисбек уулу Арген

#103 21 Декабрь 2015 - 17:39
Сынакка катышкан Эшбаев Алмаздын дил баяны.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Мен кыргызмын… Мен кыргыздын кыраан уулумун… Менин эң негизги максатым элиме-жериме кызмат кылуу, бул менин жүрөгүмдүн эң түбүндө жаткан максаттарымдын бири. Ар бир инсан бул жашоого пайда болгондо кандай биринчи кадамын таштаса, ошондой эле акыл-эси жеткенде алдыга максат койгонду үйрөнөт. Мен дагы кичинемден сезимтал болуп, жүрөгүм ушундай бир ойлорго чумкуганду өтө жакшы көрөт. Ар дайым көп нерсени ойлоп, тилектенип, алдыга бийик максаттарды коюу менен чоңоюп келе жатам. Мен өзүмдү сезимтал деп айтканымдын себеби жан дүйнөм ар дайым уйгу-туйгу боло берет, ичимдеги сезимдеримди ыр жазуу аркылуу, же ырдоо аркылуу сыртка чыгарып, бир аз эс алып алам. Кичинекей кезимден бери эле үй бүлөөнүн кандай болуш экенин өзүм жакшы билем, көп балалуу үй бүлөдө төрөлгөм, ата-эңем, бир туугандарым менен сыймыктанам. Ошондой эле бир туугандарыма кең келечек каалайм, ал эми ошол кең келечек биздин мамлекетибиздин келечеги менен түздөн-түз байланыш. Албетте, азыркы убакта өлкөбүз оор кырдаалда турат, муну бир гана өлкө аппаратында иштеген адамдар гана сезбестен, карапайым калк да ушунун таасиринен кыйынчылыктарды көрүп жатышууда. Ар дайым айылымдын, мектебимдин активисти катары айылдагы көйгөйлүү маселелерди репортаж кылып, шаардык каналдарга жиберип турууга аракет кылабыз, бул да болсо биздин үзүлбөгөн үмүттөн кабар берет. Мен азыр жаш өспүрүммүн, жаңы байлап келе жаткан бүчүрмүн, менин келечегим кең, мен буга ишенем. Баары өзүмдүн колумда, келечекте кандай инсан боло алсам, ошол менин өзүмдүн тандоом, өзүмдүн эмгегим жана өзүм тандаган жол. Ушунун баарын түшүнө билүү менен, мен ойлойм элимдин, жеримдин керегине жараган азаматтардан болуп, ата-энем сыймыктанган уулдардан болсом дейм. Эмнегедир кичинемен эле саясатчы болгум келет, саясатка абдан кызыгам, өзүм терең урматтаган саясаттагы адамдар да аз эмес. Эмнегедир кичинемден элдин, өлкөнүн келечегин саясатчы жана бай гана адамдар оңдой алат деп ойлой берчүмүн, азыр деле андай ойлорум кала элек. Бирок эжемдин сөздөрүнө ишенсем, баары мен ойлогондой эмес. Эжем айтат, эгер мен кааласам, ар бир нерсе кичине кадамдардан башталат деп, себеби эч бир нерсе биринчи таштаган кадамында эле жыйынтык бере бербейт, бир нерсеге жетиш үчүн талыкпас эмгек жана көптөгөн кадамдар керек. Мисалы, биз деле айылдан картошка же мөмө-жемиш айдаганда эң биринчи анын үрөнүн себебиз, анан айдайбыз, сугарабыз, отойбуз анан көп , кылдат эмгектен кийин гана түшүм алабыз. Эгер ушул нерселерди ойлоп, салыштырсам чын эле айтылган кеңеш туурадай. Мен азыр болгону 14 жаштагы өспүрүм, мектеп окуучусумун, дагы эле ата-энемдин карамагынан чыга элекмин , эгер терең ойлонуп көрсөм мен чоңоюп анан саясатчы болгончо дагы көп убакыт бар. А менин мекениме жардамым азыр керек, азыртан баштап салымымды кошо баштасам, кийинкиге чейин көп нерсени кылып жетишем. Себеби менин мекенге болгон сүйүүм, ишенимим өтө бийик, өтө терең. Биз кандай гана керемет өлкөдө жашайбыз. Айтып бүткүс сулуулук, кандай гана жаратылыш , а элибизчи… ушунчалык кичипейил, меймандос, ачык мүнөз, шайыр, ал эми тарыхыбызчы? Манас баатырыбызчы? Ушунча сыйкырды ичине камтыган Манас атабыздын өлкөсү кантип өнүкпөй койсун, албетте өлкөнү өнүктүрүү өзүбүздүн колубузда, биздин жасаган ар бир кадамыбыз, ар бир ишибиз эл үчүн, өлкө үчүн болсо албетте биз өнүгө алабыз. Баары өзүбүздүн колубузда, эң негизгиси эч качан үмүтүбүздү үзбөй, мекенге болгон сүйүүбүздү жаш өспүрүмгө таратып, патриоттор, жүрөгү элим-жерим деп соккон азаматтар көп болсо, биз баардык кыйынчылыктарды жеңип , өлкөбүздү ушул абалдан чыгара алабыз. Ал эми мен ар дайым ошол азаматтардын катарында болуп, Манас, Чолпонбай атабыздай эрдик кыла албасам да, Чыңгыз атабыздай болгон өзүнүн алтын калеми менен дүйнөнү дүңгүрөткөн инсан болууга болгон күчүмдү жумшайм. Себеби ар бир кыргыз бул дүйнөгө өзүнүн керемети, таланты менен төрөлгөн, эгер ошол нерсени өзүбүздө өркүндөтүп алып кетсек, бул да өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон чоң салымыбыз болмокчу. Мен буюрса чоңоюп, окуумду ийгиликтүү аяктап алсам , сөзсүз азыркы убакта жөн гана тилек болуп жаткан ойлорумду ишке ашырам. Эң биринчи кадамым, өлкөмдүн аксап турган бутун түзөп, чалынып баратканда жөлөнүүчү таягы болом. Энелердин көз жашын төгүп, кырчындай өмүрлөрдү кыйган көтөрүлүштөрдү болтурбоого болгон аракетимди жумшайм. Кыргызстанда жашап жаткан ар бир инсандын жүрөгү мекен деп согуп, кыргыз болуп төрөлгөнүнө сыймыктанып жашашына бар аракетимди жумшайм. Өлкөбүздөгү айлык акынын аздыгынан чет өлкөдө аргасыздан иштеп жүргөн ага-эжелерибиздин өз өлкөсүнө кайтып келип, бир туугандарынын жанында жашашына да көмөк көрсөткүм келет. Бул да болсо азыр менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө жаткан ойлор, мүмкүн жаштык кылып мындан терең жаткан көйгөйлөрдү билбей жаткандырмын, бирок өзүм жазып кеткендей баары алдыда. Кудайым буйурса, Кыргызстан дүйнөдөгү эң бир алдынкы орунда өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктап, ошол эле убакта жаратылыштын кооздугун, элинин керемет мүнөзүн сактап калган өлкөлөрдүн катарын толуктайт, ар бир кооз жерибиз, жаныбарларыбыз кызыл китепке кирип, Ысык-Көл туристтер эң көп келген эс алуучу жайга айланат. Мен муну өзүмдүн мекенге болгон сүйүүмө, ишеничиме терең ишенүү, көзүм жетүү менен айта алам. Себеби мен кыргыздын уулумун, мен сыймыктанам, мени апакем элине-жерине кызмат өтөгөн эр жигиттерден болсун деген терең максат менен өстүрүп келе жатат. Азыркы убакта кичине кадамдарды жасап келе жатам, былтыр Манас таануу боюнча республикалык сынакка катышып, байгелүү орунга ээ болдук. «Тарыхын билбес эр жигит болбойт» дегендей, кичинемден тарых сабагынан олимпиадага катышып келем, ал эми азыр болсо окуунун отличнигимин, өзүм окуган мектеп чоң атамдын атынан болгондуктан, атамды уят кылбайын деп ар дайым алдыда болгонго аракет кылам. Быйылкы жылы да ошондой кадам таштап мектептин Ажосу болдум. Бул болсо да мен үчүн чоң сыймык, алдыга таштаган маанилүү кадамдарымдын бири. Келечек кенен, баары алдыда, талыкпас эмгектин артынан өлкөбүздүн ажосу болуп, элим үчүн кызмат кылган инсан болуу менин балалык тилегим, чоң максатым жана кадам жасоодо мага дем берген тилегим. Ал эми менин Кыргызстаным кандай абалда болбосун, баары бир мен үчүн ар дайым эң сүйүктүү, эң кооз болуп кала бермекчи. Канча өлкөгө кызыксам дагы, баргым келсе да , бул сүйүүм түбөлүк, баары бир мекениме кайтып келип, өмүрүм өткөнчө мекен деп кызмат кылган инсан боло алсам, бул менин жашоодогу эң чоң жетишкендигим болмокчу. Сиздерге ушундай мүмкүнчүлүк үчүн чоң рахмат. Эгер мен кудай буйруп жеңишке жете алсам, башка өлкөнү коруп келүү да мага абдан чоң дем бермекчи. Себеби мекенге болгон чыныгы сүйүү башка жакка чыкканда анык билинет деп уккам. Мен да ушул сезимдердин даамын таткым келет. Ар дайым өркүндөп-өсө бериңиздер.
Терең урматтоо менен Нарын облусуна караштуу, Нарын районунун Учкун айылынын жеткинчеги Эшбаев Алмаз.

#104 21 Декабрь 2015 - 17:44
Сынакка катышкан Уланбек уулу Бекназардын дил баяны.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

#105 21 Декабрь 2015 - 22:23
Баарына +5 деген бааны бергим келет. Анткени, эн туура жазышкан, озулору жаш болсо да жазгандары эн мыкты! Мен ишенем биргеликте Кыргызстанды созсуз онуктуробуз!
!!
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#108 30 Декабрь 2015 - 09:26
erketaiko (22 Декабрь 2015 - 15:08) жазган:
9 окуучу жениш керек эле го?
Саламатсызбы!
Тогуз окуучу жеңди, бул темада Нарын облусунан келген дил баяндар гана жарыяланган:
http://www.super. kg/...showtopic=91575
#109 30 Декабрь 2015 - 09:45
Анан,жанылыктарга 9-окуучудан да коптой корунду эле го.Же калгандары башка жака барабы?

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .