F.C.Batken. (22 Декабрь 2015 - 10:22) жазган:
Ла лига,Испания кубогу,ЧЛсы, УЕФАнын Супер кубогу,Клубдар аралык дүйнө чемпиондугу. Луис Энрикенин кол астында ушул 5 титулду багындырган Барселона,бул жылды күйөрмандары үчүн эстен кеткис жылга айландырды.
Мадридтен Иокогамага карай
Керемет жылдагы алгачкы титул Мадридте колго алынган.Анда Ла лиганын 37-турунда,Атлетико Мадридке каршы беттеште Лионель Месси өз командасына жеңиш алып келет да Ла лига бүтөөрүнө бир тур калганда,Барселона мөөнөтүнөн мурда чемпион аталат.
Андан соң Испания кубогу колго алынат.Кеченин жылдызы кайрадан эле Лионель Месси.Ал финалда Атлетик бильбаого каршы беттеште жарым талаадан топту алат да,жол катар 5 коргоочуну жазгырып өтүп Керемет гол киргизип кетет.
Андан соң жеңиш даамы Берлинде уланат.Анда Ракитич,Суарес, Неймардын жардамы менен Ювентусду 3:1ге жер каратып,Барселона тарыхында ЧЛсынын 5-кубогун утуп алат.
Андан соң Тбилисте Севилья менен УЕФАнын Супер кубогу үчүн айыгышкан күрөш жүрөт.Жыйынтыгы 5:4 эсебинде Барселонанын жеңиши менен аяктайт.Жеңүүчү голду кошумча убакытта 115-мүнөттө Педро Родригес өз эсебине жазат.
Акыры аягы Иокомагого келдик.Бу сапар Барселонанын кезектеги курмандыгы клубдар аралык дүйнө чемпиондугу эле.Бул турнирде 5 гол киргизүү менен Луис Суарес Барселонага жеңиш алып келет.Финалда Либертадорес кубогунун жеңүүчүсү Ривер Плейтти 3:0 эсебинде утуп алат.Бул турнирде Барселона рекордтук көрсөткүч менен утуп алган жалгыз командага айланат.Ушуну менен Барселона бул турнирди 3 ирет утуп алат.
Бир гана багынбас Испания Супер кубогу болду.2-оюндун жыйынтыгында жеңишти Атлетик бильбаого тарттырып жиберет.
Бардык күйөрмандарды ушул унутулгуз,керемет жыл менен куттуктайм! 2016-жыл да Барселона үчүн жеңишке мол жылдардан болсун.
