Эх,десең...
Көздөрүңдөн сенин,
Сөздөрүңдөн сенин...
Карегимдин көлүнө,
Чөккөңүңдөн сенин...
Каштарыңдан сенин, Чачтарыңдан сенин.
Жүрөгүмдүн ачкычын,
Тапканындан сенин.
Ырларыңдан сенин,
Сырларыңдан сенин.
Тоом десем, жүрөккө Сыйганыңдан сенин...
Каттарындан сенин,
Саптарыңдан сенин.
Бардүйнөмдү сапырып,
Чачканыңдан сенин...
Күлгөнүңдөн сенин, Сүйгөңүңдөн сенин...
Жүрөкко жүк – сагыныч,
Үйгөңүңдөн сенин.
Эски дептерден
Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#142 03 Ноябрь 2015 - 08:06
Сен үчүн
Мен сен үчүн... келди өзүмдү карагым,
Жүрөгүмдү өзгөчөрөөк аядым.
Ооруп, чыдап... жүрдүм эле чыгынбай,
Эртең сөзсүз дарыгерге барамын.
Мен сен үчүн... Келди кирпик "тарагым" , Өңдөн азып кетиптир ээ, жамалым?
Көздөрүңдү кубантууга. .. сулуулук
салонуна эртең сөзсүз барамын...
Мен сен үчүн... келди бүгүн жашагым,
Көрпенделик, көңүлдүн жүк, азабын
жүрдүм эле көкүрөккө көтөрүп, Сүйүү менен жууп-чайып жатамын..
(Эски дептерден)
Ж.И
Мен сен үчүн... келди өзүмдү карагым,
Жүрөгүмдү өзгөчөрөөк аядым.
Ооруп, чыдап... жүрдүм эле чыгынбай,
Эртең сөзсүз дарыгерге барамын.
Мен сен үчүн... Келди кирпик "тарагым" , Өңдөн азып кетиптир ээ, жамалым?
Көздөрүңдү кубантууга. .. сулуулук
салонуна эртең сөзсүз барамын...
Мен сен үчүн... келди бүгүн жашагым,
Көрпенделик, көңүлдүн жүк, азабын
жүрдүм эле көкүрөккө көтөрүп, Сүйүү менен жууп-чайып жатамын..
(Эски дептерден)
Ж.И
#143 06 Ноябрь 2015 - 20:30
Сынган "көпүрө"
Кайчы жолдо капысынан кезигип,
Каалап турдук сырдашууну чечилип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Мезгил мерез... сурансак да кайталап,
Көрүнбөгөн тосмо менен калкалап
Бөлүп турду... Ортобузда эскирген
Экөөбүздүн көпүрөнү талкалап.
Жан дүйнөнү жанчкан менен кусалык,
Унчукпоонун мүнөттөрү узарып...
Үшкүрүктөн «тырс» үзүлүп үмүттөр, Жалгаша албай, жалт карашып узадык...
Кадырларды билген кезде кечигип...
Жолугуштук капысынан кезигип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Ж.И.
Кайчы жолдо капысынан кезигип,
Каалап турдук сырдашууну чечилип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Мезгил мерез... сурансак да кайталап,
Көрүнбөгөн тосмо менен калкалап
Бөлүп турду... Ортобузда эскирген
Экөөбүздүн көпүрөнү талкалап.
Жан дүйнөнү жанчкан менен кусалык,
Унчукпоонун мүнөттөрү узарып...
Үшкүрүктөн «тырс» үзүлүп үмүттөр, Жалгаша албай, жалт карашып узадык...
Кадырларды билген кезде кечигип...
Жолугуштук капысынан кезигип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Ж.И.
#144 07 Ноябрь 2015 - 22:15
Ички дуйномду сууруп келип жазып койгондой Жыпара эженин ырлары жакын сезилет негедир.. Талантынызга таазим эже.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#145 11 Ноябрь 2015 - 18:15
Кеч күздө
Кеч күз. Муздак... шамал бетти аймалап,
Карга айланып, жамгыр жаады майдалап...
Сен колумдан аяр кармап келаттың,
Шылтоо болуп “жолдо жаткан” тайгалак... Көздөрүмө тигилип да, тигилбей,
Ырдап бердиң коңур үнүң дирилдей,
Дир-дир эткен аспап болуп жүрөгүм,
Добушуңду коштоп барды билинбей...
Колумду үйлөп, жылытууга шаштың да,
Ысытам деп деп көкүрөккө бастың да, Ошол бойдон кетиптирсиң таштабай,
Жүрөгүмдү жүрөгүңө каттың да...
эски дептерден...
Ж.И.
Кеч күз. Муздак... шамал бетти аймалап,
Карга айланып, жамгыр жаады майдалап...
Сен колумдан аяр кармап келаттың,
Шылтоо болуп “жолдо жаткан” тайгалак... Көздөрүмө тигилип да, тигилбей,
Ырдап бердиң коңур үнүң дирилдей,
Дир-дир эткен аспап болуп жүрөгүм,
Добушуңду коштоп барды билинбей...
Колумду үйлөп, жылытууга шаштың да,
Ысытам деп деп көкүрөккө бастың да, Ошол бойдон кетиптирсиң таштабай,
Жүрөгүмдү жүрөгүңө каттың да...
эски дептерден...
Ж.И.
#146 11 Ноябрь 2015 - 22:42
Чачылып,
Миң сан жолу күкүмдөлүп,
Кайра анан
ойду топтоп, бүтүндөлүп! ..
Чарпылып,
санаа тарткан үчүн окшойт,
Түндө мен...
калыптырмын түшүмдө өлүп!..
***
Жылдыздай “жарк ” деп,
Жанармын дагы, өчөөрмүн! ..
Жаралуу жандай,
Жабыркап жүрүп өтөөрмүн?! .
Жашоодо бирок,
Бар үчүн жакшы адамдар,
Жашымды сүртүп,
Башымды келет көтөргүм! ..
***
Бир колумда – калемсабым,
Бир колумда – казаным.
Жондо – бала,
Жолдо – түйшүк,
көкүрөктө – казалым...
Миң сан жолу күкүмдөлүп,
Кайра анан
ойду топтоп, бүтүндөлүп! ..
Чарпылып,
санаа тарткан үчүн окшойт,
Түндө мен...
калыптырмын түшүмдө өлүп!..
***
Жылдыздай “жарк ” деп,
Жанармын дагы, өчөөрмүн! ..
Жаралуу жандай,
Жабыркап жүрүп өтөөрмүн?! .
Жашоодо бирок,
Бар үчүн жакшы адамдар,
Жашымды сүртүп,
Башымды келет көтөргүм! ..
***
Бир колумда – калемсабым,
Бир колумда – казаным.
Жондо – бала,
Жолдо – түйшүк,
көкүрөктө – казалым...
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 11 Ноябрь 2015 - 22:46
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#147 11 Ноябрь 2015 - 22:44
Мен такыр
ыйлабайын дедим эле...
Кечир мени?
Жаш менен жуулар бекен,
жүрөктүн эзилгени...
Болбосо,
өчүрө албай өкүнүчтү,
Жууй албай койдум такты
сезимдеги.
Мен такыр
ыйлабайын дедим эле,
Кечир мени?
Бу саам да жанга батты,
жүрөктүн эзилгени.
Өчүргүм келбей өрттү өзөктөгү,
Жууй албай турам такты
сезимдеги...
ыйлабайын дедим эле...
Кечир мени?
Жаш менен жуулар бекен,
жүрөктүн эзилгени...
Болбосо,
өчүрө албай өкүнүчтү,
Жууй албай койдум такты
сезимдеги.
Мен такыр
ыйлабайын дедим эле,
Кечир мени?
Бу саам да жанга батты,
жүрөктүн эзилгени.
Өчүргүм келбей өрттү өзөктөгү,
Жууй албай турам такты
сезимдеги...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#148 22 Ноябрь 2015 - 12:42
Кимсиң дебе...
Түнтсүң дебе, миң электүү сырым бар,
Сузсуң дебе, адамдык парс, сыйым бар.
Сараң дебе, тоого, сууга – баарына,
Окуп берээр эки сабак ырым бар.
Жашсың дебе, карып барат ойлорум, Массың дебе, аны да ичпей койгомун.
Кимди көрсөң, эмне көрсөң кыялкеч,
Ошолордун баарын мен деп ойлогун.
Жакшы дебе, айырмам жок эч кимден,
Бала дебе, балалыгым эскирген,
Акын дебе, боло элекмин чыныгы, Жөн гана бир тоолук кыз де, кеп билген.
Кимсиң дебе, кээде өзүм да билбеймин,
Чечилбеген түйүн менен бирдеймин.
Жакшы ыр жазып койгон кезде жадырап,
Анткен менен... кээде өзүмдөн сүрдөймүн.
1991. Ж.И.
Түнтсүң дебе, миң электүү сырым бар,
Сузсуң дебе, адамдык парс, сыйым бар.
Сараң дебе, тоого, сууга – баарына,
Окуп берээр эки сабак ырым бар.
Жашсың дебе, карып барат ойлорум, Массың дебе, аны да ичпей койгомун.
Кимди көрсөң, эмне көрсөң кыялкеч,
Ошолордун баарын мен деп ойлогун.
Жакшы дебе, айырмам жок эч кимден,
Бала дебе, балалыгым эскирген,
Акын дебе, боло элекмин чыныгы, Жөн гана бир тоолук кыз де, кеп билген.
Кимсиң дебе, кээде өзүм да билбеймин,
Чечилбеген түйүн менен бирдеймин.
Жакшы ыр жазып койгон кезде жадырап,
Анткен менен... кээде өзүмдөн сүрдөймүн.
1991. Ж.И.
#149 22 Ноябрь 2015 - 12:43
Сездиң бекен?
Жүрөгүң сезди бекен каттарыңды,
Сагынып, самап жазган саптарыңды,
Бирикпес кылып айрып, бириндетип,
Биликтей отко ыргытып жакканымды. ..
Күтүүнүн күндөрүнөн үмүттү үзүп, Чыдамды күкүм кылып чачканымды?
Сага да сезилдиби... кечир мени,
Жалындап турган отту сезимдеги,
Өчүрүп көнөктөгөн көз жаш менен,
Көлкүлдөп көңүлүмдүн эзилгени?..
Көөнөрүп көптөн берки сагынычтар, Көңүлдө көк асманым кетилгени...
(Эски дептерден) Ж.И
Жүрөгүң сезди бекен каттарыңды,
Сагынып, самап жазган саптарыңды,
Бирикпес кылып айрып, бириндетип,
Биликтей отко ыргытып жакканымды. ..
Күтүүнүн күндөрүнөн үмүттү үзүп, Чыдамды күкүм кылып чачканымды?
Сага да сезилдиби... кечир мени,
Жалындап турган отту сезимдеги,
Өчүрүп көнөктөгөн көз жаш менен,
Көлкүлдөп көңүлүмдүн эзилгени?..
Көөнөрүп көптөн берки сагынычтар, Көңүлдө көк асманым кетилгени...
(Эски дептерден) Ж.И
#150 22 Ноябрь 2015 - 17:49
Эгиз ыр
Төрөлүүдө -
Сен жыттанган ырларым!
Кубангандан…
Билесиңби, ыйладым!
Экөөбүзгө
окшош куюп койгондой -
Катар, бирок
кайчы өтүшкөн жолдордой!
Кудум сендей -
Жүрөгүнүн кагышы,
Сүйлөгөнү,
күлгөнү да, дабышы!
(Алда нелер удургууда ичимде,
Дагы калып
калган окшойт, ай ушу!)
Мына-мына,
Таптым да бир перизент!
О, Кудурет,
Экөө экен - эгиз, эх!
Эч кимде жок,
эч ким бербес бакытты,
Эми мага
мына ушулар беришет!
Жыттанышкан –
Жыргал, сүйүү жана арман,
Садагалар,
Сагынычтан жаралаган!
Жүрөгүмдөн ырдап,
ыйлап түшкөнгө,
Мага өмүрдүн
жыты келет алардан!
Башкаларга
жакпас, балким мүнөзү,
Ымыркайдын
жоктур анда күнөөсү?
Бири мынча
калбаат кагылайыным,
кудум мендей
романтик бирөөсү!
Ушакчылар
балким эми сөз кылаар:
“Ушу ырына окшобойт, - деп, -
күйөөсү...”
Төрөлүүдө -
Сен жыттанган ырларым!
Кубангандан…
Билесиңби, ыйладым!
Экөөбүзгө
окшош куюп койгондой -
Катар, бирок
кайчы өтүшкөн жолдордой!
Кудум сендей -
Жүрөгүнүн кагышы,
Сүйлөгөнү,
күлгөнү да, дабышы!
(Алда нелер удургууда ичимде,
Дагы калып
калган окшойт, ай ушу!)
Мына-мына,
Таптым да бир перизент!
О, Кудурет,
Экөө экен - эгиз, эх!
Эч кимде жок,
эч ким бербес бакытты,
Эми мага
мына ушулар беришет!
Жыттанышкан –
Жыргал, сүйүү жана арман,
Садагалар,
Сагынычтан жаралаган!
Жүрөгүмдөн ырдап,
ыйлап түшкөнгө,
Мага өмүрдүн
жыты келет алардан!
Башкаларга
жакпас, балким мүнөзү,
Ымыркайдын
жоктур анда күнөөсү?
Бири мынча
калбаат кагылайыным,
кудум мендей
романтик бирөөсү!
Ушакчылар
балким эми сөз кылаар:
“Ушу ырына окшобойт, - деп, -
күйөөсү...”
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#151 25 Декабрь 2015 - 03:21
Жүрөгүм, эх.
Тентегим эх,текебер жүрөгүм эх,
Башкара албай мен сени жүдөдүм, эх!
Мелт-калт толгон сүйүүнү катып турган,
Бирок сени ушунча сүйөмүн, эх!…
Тентегим эх,текебер жүрөгүм эх,
Башкара албай мен сени жүдөдүм, эх!
Мелт-калт толгон сүйүүнү катып турган,
Бирок сени ушунча сүйөмүн, эх!…
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#152 28 Декабрь 2015 - 19:28
Келиндер
Эки-үч келин жолугуша калышып,
Кайненени жамандоодо жарышып,
Колдорунда балканактай балдардын,
Ооздоруна улам упчу салышып.
Бири айтты: “Дудук болгон немедей,
Башына суу төгүп ийсең кенебей,
олтурат,эй! А баласы күйгүзөт,
Аңкоо энесин “даже” мага теңебей!.. ”
Экинчиси: “А меники какшанат,
Тээ азандан "таңкы радио" башталат.
Мени түгүл тууган-урук, кошуна,
Бүт баарынын келиндерин башкарат...”
“А меники, -дейт үчүнчү, -тапканын,
Ысык-суукта базарда нан сатканын,
Мен иштетпей койгон окшоп баласын,
Милдет кылат баарыбызды бакканын...”
Биринчиси кезекти алып кайра эле,
Айтат: “Мага жакпайт ушу кайнене!
Баласын да эки ортодо кууратпай,
Андан көрө өлүп калса пайда эле!”
Чындап эле келиндерди аядым...
Эх, келиндер, келме-кезек карагын!
Силер да эртең болосуңар кайнене,
Аялына алдагы эки баланын...
Бириңерден ашып түшүп бириңер,
Келин кезде ушунча узун тилиңер...
Болорсуңар даана “стерва” кайнене,
Ары жагын өзүң ойлоп билиңер...
Эки-үч келин жолугуша калышып,
Кайненени жамандоодо жарышып,
Колдорунда балканактай балдардын,
Ооздоруна улам упчу салышып.
Бири айтты: “Дудук болгон немедей,
Башына суу төгүп ийсең кенебей,
олтурат,эй! А баласы күйгүзөт,
Аңкоо энесин “даже” мага теңебей!.. ”
Экинчиси: “А меники какшанат,
Тээ азандан "таңкы радио" башталат.
Мени түгүл тууган-урук, кошуна,
Бүт баарынын келиндерин башкарат...”
“А меники, -дейт үчүнчү, -тапканын,
Ысык-суукта базарда нан сатканын,
Мен иштетпей койгон окшоп баласын,
Милдет кылат баарыбызды бакканын...”
Биринчиси кезекти алып кайра эле,
Айтат: “Мага жакпайт ушу кайнене!
Баласын да эки ортодо кууратпай,
Андан көрө өлүп калса пайда эле!”
Чындап эле келиндерди аядым...
Эх, келиндер, келме-кезек карагын!
Силер да эртең болосуңар кайнене,
Аялына алдагы эки баланын...
Бириңерден ашып түшүп бириңер,
Келин кезде ушунча узун тилиңер...
Болорсуңар даана “стерва” кайнене,
Ары жагын өзүң ойлоп билиңер...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#153 29 Декабрь 2015 - 11:21
Сени издеп сууда калдым, карда калдым,
Издөөнүн узак жолун тандап алдым.
Жана да жанга батты мунарыктай,
Кол жеткис алыстыкты жандаганың. ..
Издөөнүн узак жолун тандап алдым.
Жана да жанга батты мунарыктай,
Кол жеткис алыстыкты жандаганың. ..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#154 30 Декабрь 2015 - 18:50
Сени издеп...
Сени издеп сууда калдым, карда калдым,
Издөөнүн узак жолун тандап алдым.
Ансайын жанга батты мунарыктай,
Улам бир алыстыкты тандаганың. ..
Сени издеп отко түштүм, чокко түштүм,
Жолумдан жолукпадың, жокко түттүм...
Сенделип сезимимде селсаякка,
Дербишке, кайырчыга окшоп бүттүм.
Сени издеп жарга урулдум, талкаландым,
Бириктим, улам кайра кайталандым.
Сен болсоң жаңырыктай үмүт берип,
Чексиздик, жымжырттыкка калкаландың...
Сени издеп сууда калдым, карда калдым,
Издөөнүн узак жолун тандап алдым.
Ансайын жанга батты мунарыктай,
Улам бир алыстыкты тандаганың. ..
Сени издеп отко түштүм, чокко түштүм,
Жолумдан жолукпадың, жокко түттүм...
Сенделип сезимимде селсаякка,
Дербишке, кайырчыга окшоп бүттүм.
Сени издеп жарга урулдум, талкаландым,
Бириктим, улам кайра кайталандым.
Сен болсоң жаңырыктай үмүт берип,
Чексиздик, жымжырттыкка калкаландың...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#155 30 Декабрь 2015 - 18:51
Эмнеге анттим?
Эмнеге анттим?
Эркеледим, эзилдим,
Элжиредим,
эң бактылуу сезилдим.
Эс-акылым
келген кезде ордуна,
Эх, десенчи,
эңшерилдим, эшилдим!
Ээ-жаа бербей,
бирок суйгон журоктун,
Эскирбеген
эңсөөсү үчүн кечирдим...
Эмнеге анттим?
Эркеледим, эзилдим,
Элжиредим,
эң бактылуу сезилдим.
Эс-акылым
келген кезде ордуна,
Эх, десенчи,
эңшерилдим, эшилдим!
Ээ-жаа бербей,
бирок суйгон журоктун,
Эскирбеген
эңсөөсү үчүн кечирдим...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#156 07 Январь 2016 - 00:40
Өмүр деген каттамда...
Өмүр деген каттамда бара жатып,
Минген унаам - убакыт ала качып...
Өтүп кеткен экенмин Жаштык деген
Жашыл шаардан ойгонбой, кара басып...
Жомок дүйнө, түштөргө аралашып,
Калдыр-кулдур. .. жолдордо бара жатып,
Сүйүү, сени унутуп кетиптирмин,
Эми күндөр күлүүдө табалашып...
Сапарда ошол көңүлдү санаа басып,
Келатканда тоо ашып, талаа басып...
Канча өмүрдү уурдатып ийиптирмин,
Көңүл өксүйт көз жашын салаалатып...
Өмүр деген каттамда бара жатып,
Минген унаам - убакыт ала качып...
Өтүп кеткен экенмин Жаштык деген
Жашыл шаардан ойгонбой, кара басып...
Жомок дүйнө, түштөргө аралашып,
Калдыр-кулдур. .. жолдордо бара жатып,
Сүйүү, сени унутуп кетиптирмин,
Эми күндөр күлүүдө табалашып...
Сапарда ошол көңүлдү санаа басып,
Келатканда тоо ашып, талаа басып...
Канча өмүрдү уурдатып ийиптирмин,
Көңүл өксүйт көз жашын салаалатып...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#157 07 Январь 2016 - 00:40
Бир гана сен
(Байкелердин атынан жеңелерге)
Канчалаган сулууларды сүйсөм да,
Суукка тоңуп, ысыгына күйсөм да,
Бир гана сен сүйдүң мени тажабай,
Үстүңө үйдөй азаптарды үйсөм да...
Баары өттү, кетти... кайра табылбай,
Бир тутанып, жалп дей түшкөн жалындай.
Жалгыз гана калды сенин жарыгың,
Мен өчмөйүн өчпөчү оттун табындай.
Эстейм баарын, эстейм дагы көптөрүн,
Карегинен сүйүү издеп өзгөнүн,
Далай жолу “Титаниктей” быркырап,
Кайгы-азаптын тереңине чөккөмүн.
Азып, тозуп, калганда үч бүктөлүп,
А сен болсоң сүйүүң менен күчтөнүп,
Улам кайра сүйүп турдуң кечирип,
Мерезденбей, мээримиңди бүт төгүп...
Канчалаган сулууларды сүйсөм да,
Суукка тонуп, ысыгына күйсөм да,
Бир гана сен сүйдүң мени тажабай,
Үстүңө үйдөй азаптарды үйсөм да...
(Байкелердин атынан жеңелерге)
Канчалаган сулууларды сүйсөм да,
Суукка тоңуп, ысыгына күйсөм да,
Бир гана сен сүйдүң мени тажабай,
Үстүңө үйдөй азаптарды үйсөм да...
Баары өттү, кетти... кайра табылбай,
Бир тутанып, жалп дей түшкөн жалындай.
Жалгыз гана калды сенин жарыгың,
Мен өчмөйүн өчпөчү оттун табындай.
Эстейм баарын, эстейм дагы көптөрүн,
Карегинен сүйүү издеп өзгөнүн,
Далай жолу “Титаниктей” быркырап,
Кайгы-азаптын тереңине чөккөмүн.
Азып, тозуп, калганда үч бүктөлүп,
А сен болсоң сүйүүң менен күчтөнүп,
Улам кайра сүйүп турдуң кечирип,
Мерезденбей, мээримиңди бүт төгүп...
Канчалаган сулууларды сүйсөм да,
Суукка тонуп, ысыгына күйсөм да,
Бир гана сен сүйдүң мени тажабай,
Үстүңө үйдөй азаптарды үйсөм да...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#158 07 Январь 2016 - 00:41
Чыныңды айтчы?..
Ызгаарсыңбы, отсуңбу?
Же чычала, чоксуңбу?
Түсүң кандай – ак, кызыл,
жашыл, кара... бозсуңбу?
Акыл-эсти алар болсоң,
Душмансыңбы, доссуңбу?
Же күттүрүп бекерге,
Чыныңды айтчы, жоксуңбу?..
Ачуусуңбу, балсыңбы?
Жакырсыңбы, байсыңбы?
Дарегиң жок, даамың – суу,
Кыялың – кыш, жайсыңбы?
Көрүнчү бир! Көңүлдү ээлеп,
Көтөрдүң ээ баркыңды?
Сүйүү,айтчы, кайда дүйнөң,
Деги чындап барсыңбы?
Ызгаарсыңбы, отсуңбу?
Же чычала, чоксуңбу?
Түсүң кандай – ак, кызыл,
жашыл, кара... бозсуңбу?
Акыл-эсти алар болсоң,
Душмансыңбы, доссуңбу?
Же күттүрүп бекерге,
Чыныңды айтчы, жоксуңбу?..
Ачуусуңбу, балсыңбы?
Жакырсыңбы, байсыңбы?
Дарегиң жок, даамың – суу,
Кыялың – кыш, жайсыңбы?
Көрүнчү бир! Көңүлдү ээлеп,
Көтөрдүң ээ баркыңды?
Сүйүү,айтчы, кайда дүйнөң,
Деги чындап барсыңбы?
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#159 07 Январь 2016 - 02:06
Соонун саптар.... алып келгенинизге ыраазычылык Нурзида эже)))) унутпай кочуруп турунуз....)))