Суперстан: Кыргызча статустар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (54 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызча статустар

#581 Пользователь офлайн   Naku01   31 Декабрь 2015 - 09:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 048
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 09 Апр 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайым ыйман,ынсап берген жер

Сооонун статустар экен
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#582 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Эгер бир инсанды чын журогундон суйуп калсан, коздоруно андан болок бирда жан корунбой калат. Ал инсандын кубанычы сенин кулкун, анын кайгысы болсо сенин коз жашын. Махаббат деген ушундай улуулук...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#583 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 10:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Убакыт эн улуу мугалим, эн улуу калыс! Биз адашат экенбиз - убакыт озу бизге кандай жашоону, кантип кечирууну, кандайча унутууну, кимге ишенууну, кимди суйуп жашоону уйротот экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#584 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 10:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Эч качан унутпашыбыз керек дуйнодо эч бир жаза жоопсуз калбайт,бул дуйно кайтар дуйно, ал барибир бир кун кайтат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#585 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 10:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Сенин кыялын, каалоон журуп олтуруп чыныгы жашооно айланат. Анткени ой-ааламдын башааты. Андыктан кыялындан эч качан жазба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#586 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 10:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

"Жашоодо эмнеден корксон ошол нерсе созсуз орундалат" - дешет. Эми суйгонумо турмушка чыккандан,коп балалуу болуп бактылуу жашагандан, элдин сыйына татыктуу,кадыр барктуу адам болгондон аябай корком!:79:

Билдирүүнү түзөткөн: Nurmatova.: 31 Декабрь 2015 - 10:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#587 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 10:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Көпкө чыдаган адам эр жүрөк адамдан артык, өзүн кармай билген адам шаарды басып алган адамдан артык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#588 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 10:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Жашоо турмушубузду озгортуу учун кичинекей эле кадам таштоо жетиштуу болот! Даана так МАКСАТ КОЙ да буткул акыл эсинди аны менен толтур!


Башкалар учун майда нерсе жасагандан эч чарчаба, Кээде ошол майда нерселер бироолордун журогунун чон болугун ээлеп калат экен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#589 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 11:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Бугунку ыйдын артында кулку бар,бугунку кулкунун артында ый бар! Бирде дениздин толкуну жээке суруп чыкса, эртен оз толкунуна кошуп ала салдырып кетет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#590 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 11:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

"КОЛ ЖЕТКИС деген нерсе ЭМНЕ?-АЛ болгону сенин ӨЗҮҢДҮН анча каалабаган жана ишенбеген НЕРСЕҢ."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#591 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 11:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

"Кекейип бой которуу белге байлаган таш сыйактуу: аны менен сузууго да, учууга да мумкун эмес"


Аялды акылына карап ал.
Эркекти намысына карап тий.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#592 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 11:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Соз -дары сыяктуу ,ашыкчасы денеге зыяндуу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#593 Пользователь офлайн   Nurmatova.   31 Декабрь 2015 - 11:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Мыкты инсандар - Ар убакта жопжонокой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#594 Пользователь офлайн   aytkulova   31 Декабрь 2015 - 12:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

●Ийгиликсиз никеде жылдарыңды короткончо,
татыктуу түгөй издөө менен жылдарыңды
коротконуң жакшы.

●Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба
албаган эркектер бар.

●Мени чындык менен соксоң сок, бирок эч
качан жалган менен аяба.

●Эч ким сенин көз жашыңа татыктуу эмес,
татыктуулар сени эч качан ыйлатпайт.

●Аркаңа карап кылчайба. Ар убак алдыда жүр.
Сага керек адамдар, өздөрү сени кууп жетет.

●Сенин бирөөгө берген эң баалуу белегиң - бул
убактың. Анткени, сен эч качан кайтарып
алалбас мүнөттөрүңдү берип жатасың.

●Жубайлар, бирине көз, бирине кол болуусу
керек. Колуң ооруганда көзүң ыйлайт. А көзүң
ооруганда, колдоруң жашыңды аарчыйт.

●Сени сатып кеткендерге дагы бир жолу
мүмкүнчүлүк берүү, биринчисинде ата албаган
адамга, экинчи жолу ок берген менен барабар.

●Жүз жолу жардам берсең да унутуп коюшат.
А бир жолу баш тартып койсоң, өмүр бою
эстеп жүрүшөт.

●Мени жек көргөн адамдар бар, жек көрө
беришсин. Мени жакшы көргөн адамдар бар,
жакшы көрө беришсин. Арада мени жаман
көрүп, бирок жакшы көрүмүш болгон адамдар
да бар. Мына ушундай адамдарды жек
көрөм.

●Улуу адамдар кээде жаш балдардан да ашып,
жомокко муктаж болушат.

●Баткакка түшкөн алтын, баары бир алтын
бойдон калат, а чаң канчалык бийикке
чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат.

●Эч нерсе эрте же кеч болбойт. Баары өз
убагында гана болот.

Билдирүүнү түзөткөн: aytkulova: 31 Декабрь 2015 - 12:05

♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#595 Пользователь офлайн   aytkulova   31 Декабрь 2015 - 12:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

-Төрт нерсе сени алдап койбосун:
Падышанын ызаат-сыйы
Душманыңдын күлкүсү
Аялдардын чырайы
Адамдын даражасы.
●○●○●○●○●○●○●○●○●
-Үч түрдүү кишинин кыйналганы сыйлаганга
татыктуу:
Сыркоологон адамдын
Орозо туткан адамдын
Мусаапырдын.
●○●○●○●○●○●○●○●○●
-Төрт нерсе жүрөктү карартат:
Көп күлүү
Көп тамактануу
Көп уктоо
Көп сүйлөө.
○●○●○●○●○●○●○●○●○●
-Үч тайпа кишинин эркин пикири болбойт:
Карды ачтын,
Текебердин
Коркоктун.
●○●○●○●○●○●○●○●○●○●
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#596 Пользователь офлайн   aytkulova   31 Декабрь 2015 - 12:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

◆Дүйнө мисалы деңиз суусу сыяктуу.
Чаңкаган адам канчалык ичкен сайын
чаңкоосу күчөйт. Натыйжада, ушул шор
себептүү ажалын табат.
◆Адамдардын эң жакшысы пикир
келишпестигин өз-ара чечишип алганы.
◆Жашырылган сырлар инсан ичиндеги кымбат
баалуу акак таштай.
◆Эч нерсени өзүндө сактай албаган идиштин
пайдасы тийбегендей эле, сыр сактай албаган
адамдан да жакшылык күтүп болбойт.
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#597 Пользователь офлайн   aytkulova   31 Декабрь 2015 - 12:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

“Адам жакшылыкты жерден таап албайт,
адамдан үйрөнөт”
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#598 Пользователь офлайн   airada   31 Декабрь 2015 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Маска Эже лайк берген статустардын мааниси терен, сонун статустар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#599 Пользователь офлайн   aytkulova   01 Январь 2016 - 07:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

◆Тар жолдо баратканда токтой калып алдыңан
келаткан жолоочуга жол бер. Бул дүйнөдө
дайыма бактылуу болуп жүрүүнүн сыры ушул.


◆Бул турмушта ийгиликти көксөбө. Жолдон
адашпасаң – ушунун өзү эле ийгилик. Элден
мактоо күтпө. Элге жек көрүнбөсөң ушунун
өзү эле мактоо.


◆Ылдый жакта турганда гана бийликке
тырмышып чыккандан соң коркунучтуу экенин
байкайсың. Караңгыда турганда гана күндүн
нуру кандай жарык экенин сезесиң.
Кыймылсыз олтурганда гана басып жүргөндөр
канча күч сарптаарын байкайсың. Унчукпай
турганда гана көп сөздүүлүк кандай
жагымсыз экендигин билесиң.


◆Эгер сооп иш жасап атып өзүң жөнүндө да,
өзгөлөр жөнүндө да ойлосоң, берген бир ууч
буудайың миң пуд нанга тете. Эгер бирөөлөргө
жардам бергенде мактанып, элден алкыш
талап кылсаң, тараткан жүздөгөн алтын
теңгеден сары чакалык пайда жок.


◆Көңүлүң жарык болсо караңгы жертөлөдөн да
чайыттай ачык асман көрүнүп турат. Көңүлүң
караңгы болсо, күн жаркырап көрүнүп турса
деле көзүңө жин-шайтандан башка эчтеке
көрүнбөйт.


◆Бак-таалайды эч кандай жандалбас менен
таба албайсың, кубанычты турмуштан
тапканды үйрөн – бактылуу болуунун эң
жакшы жолу ушул. Кырсыктан эч кандай амал
менен кутула албайсың. Ачуудан арыл –
кырсыктын оолак болуунун эң жакшы жолу
ушул.


◆Күн жылуу болсо тирүү жандын баары көгөрүп
өсөт, аязда болсо – өлөт. Эгер көкүрөгүңө муз
толуп турса, кубаныч эмне экенин билбейсиң.
Жүрөгүндө оту бар кишилер гана чексиз
бакыт, түбөлүк сүйүү эмне экенин сезе
алышат.


◆Кайгы менен кубаныч дайыма бири-бири
менен таймашта болот. Экөө кагылышып,
таптакыр кыйрап жок болушканда бакыт
жаралат. Андай бакыт туруктуу болот.
Күдүктөнүү менен ишеним бири-бирин оңдоп-
түзөп турат. Экөө качан гана бири-биринен
кемчилик таппай калганда билим пайда болот.
Бул – нагыз билим.


◆Ким майда-барат иштерди ынтаа менен
жасаса, ким караңгыда калп айтпаса,
кыйынчылык күндө да көңүлүн чөгөрбөсө
ошол чыныгы адам. Эгер сага ишенсе жаман
адамды да алдаба. Күчтүү болсоң
башкалардын айыбын чукуба. Эгер эпсиз
болсоң башкалардын жөндөм-шыгына көз
артпа.


◆Башкалардын каталыгын кечире бил, а
өзүңдүн кемчилигиңди кечирүүгө болбойт.
Өзүңдүн жоготууңа эптеп чыда. А
башкалардын жоготуусун көрүп туруп чыдоого
болбойт.


◆Эгер бул жалгандын ачуу – таттуусун толугу
менен татып көргөн болсоң айланаңды топон
суу каптаса да кабагым-кашым дебейсиң.
Эгер адамдардын жүрөгүнө тереңдеп сүңгүп
кире алсаң сени ит, эшек десе деле таарынбай
баш ийкеп тура бересиң.


◆Бала төрөлгөндө эненин өмүрү кылдын учунда
турат. Акчаны көп жыйнасаң үйүңө ууру кирет.
Артынан кайгы-муң ээрчип келет, кубаныч
болбойт. Жардылык, азга каниет кылганга,
оору-сыркоо ден-соолугуна кам көргөнгө
үйрөтөт. Арты жакшылык менен бүтпөгөн
жамандык болбойт. Ошондуктан акыйкатты
аңдап-билген киши бул кубаныч, бул кайгы
дебейт.
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#600 Пользователь офлайн   Geran   04 Январь 2016 - 14:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

* Аралыктар,жаш- курагындын айырмасы,ата- энендин пикири,керек болсо ядерлуу курал да эч нерсени булгабайт.Баарын биз адамдар озубуз булгайбыз.

*Жан дуйносу кандай терен адамдар бар,алардын терендигине чомулгун келет.Жан дуйносу ылайка адамдар да бар,алардан булганып калбаш учун айланып качасын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (54 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: