Акынмын деп,
Милдетин алып акындын,
Аттансамда камчыланып,
Башын буруп атымдын,
Жыргатаарлык ыр саптарын жаза албай,
Мен өзүмдүн талантыма таарындым.
Жамандын жаман саптары. менин деле, менин деле өзүмдүн темам болсунчууу))
#1 01 January 2016 - 11:04
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#2 01 January 2016 - 11:06
Байдыкемдин изи менен.
Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери,
Э-эх Байдыкем сен айткандай боло албадык,
Төрөсө да кыргызымдын энелери.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери,
Чокудай боло албай Байдыкем ай,
Таштак болдук шагыраган сеңирдеги.
Бычака сап бирөөбүздөн жарабады,
Чыкпады чартылдаган чагылганы,
Басынтып бара жатат кыргызымды,
Ичтен чыгып ийрелген жыландары.
Биз башта уруу болуп бөлүнчү элек,
Карманып ар кайсыбыз ар кыл желек,
А азыр майдаланбай аңдуу болуп,
Жөн гана түндүк түштүк болгон кезек.
Түндүктүн чыкты далай "чыгаандары" ,
Түштүктүнда бар экен "кыраандары" ,
Кыргыз деп куу кыйкырык салып жүрүп,
Кыргызды мына ошолор уйпалады.
Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери,
Э-эх Байдыкем сен айткандай боло албадык,
Төрөсө да кыргызымдын энелери.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери,
Чокудай боло албай Байдыкем ай,
Таштак болдук шагыраган сеңирдеги.
Бычака сап бирөөбүздөн жарабады,
Чыкпады чартылдаган чагылганы,
Басынтып бара жатат кыргызымды,
Ичтен чыгып ийрелген жыландары.
Биз башта уруу болуп бөлүнчү элек,
Карманып ар кайсыбыз ар кыл желек,
А азыр майдаланбай аңдуу болуп,
Жөн гана түндүк түштүк болгон кезек.
Түндүктүн чыкты далай "чыгаандары" ,
Түштүктүнда бар экен "кыраандары" ,
Кыргыз деп куу кыйкырык салып жүрүп,
Кыргызды мына ошолор уйпалады.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#3 01 January 2016 - 11:09
Ушундайда болуп турат экен))
Суктанып алдым көргөндө сени,
Күчөп бир турду жаштыктын деми,
Эстеп бир алдым ээлигип турган,
Жаштыктын гүлү бойдоктук кезди.
Ээх анда болчук аптаптуу оттой,
Бизден башка бозойлор жоктой,
Чиренип турчук кычырап дайым,
Мына, мына атылчу октой.
Бойдок кез кетти, алыстап менден,
Ата болдум бактым бар экен,
А бирок сендей сулууну көрсөм,
Бойдок кезди эңсеп ий кетем.
Жоок ойлобойм сүйүү деп муну,
Кетпесин ээ сүйүүнүн куну?
Бар болгону ырдаткан мени,
Сулуулардын жүзүнүн нуру.
Абайлап калдым, көп ырды жазбай,
Бекитип жүрөм ырларды далай,
Анткени барда жанымды койбой,
Текшерип турчу өмүрлүк жубай.
Суктанып алдым көргөндө сени,
Күчөп бир турду жаштыктын деми,
Эстеп бир алдым ээлигип турган,
Жаштыктын гүлү бойдоктук кезди.
Ээх анда болчук аптаптуу оттой,
Бизден башка бозойлор жоктой,
Чиренип турчук кычырап дайым,
Мына, мына атылчу октой.
Бойдок кез кетти, алыстап менден,
Ата болдум бактым бар экен,
А бирок сендей сулууну көрсөм,
Бойдок кезди эңсеп ий кетем.
Жоок ойлобойм сүйүү деп муну,
Кетпесин ээ сүйүүнүн куну?
Бар болгону ырдаткан мени,
Сулуулардын жүзүнүн нуру.
Абайлап калдым, көп ырды жазбай,
Бекитип жүрөм ырларды далай,
Анткени барда жанымды койбой,
Текшерип турчу өмүрлүк жубай.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#4 01 January 2016 - 11:26
Өзүмдүн "кызганчаагыман"
таяк жебесем болду эми))
Көздөрүң күлүмсүрөп,
Махабат отун чачат,
Отуна кандай жүрөк,
Эрибей коё алат.
Ууртуңан күлкү төккөн
Жароокер жан экенсиң,
Мерезди ээритчүдөй,
Табы күч күн белемсиң.
Жадырап сүйлөп турсаң,
Жан эргийт авазыңа,
Кайсы жан тойор экен,
Жан эргиткен жыпарыңа.
Бозойлор боздоп жүрсө,
Артыңан калбай ээрчип,
Тандайсың кайсынысын,
Жыргатып бакыт берип.
Жарым бар так өзүңдөй,
Дебесмин аттиң арман,
Суктанып тим боломун,
Жигитке сени алган.
Жар болгун жаркылдаган,
Кыргыздын мырзасына,
Ишенем жаратканым,
Башка улутка кыйбасына.
Көздөрүң күлүмсүрөп,
Махабат отун чачат,
Отуна кандай жүрөк,
Эрибей коё алат.
Ууртуңан күлкү төккөн
Жароокер жан экенсиң,
Мерезди ээритчүдөй,
Табы күч күн белемсиң.
Жадырап сүйлөп турсаң,
Жан эргийт авазыңа,
Кайсы жан тойор экен,
Жан эргиткен жыпарыңа.
Бозойлор боздоп жүрсө,
Артыңан калбай ээрчип,
Тандайсың кайсынысын,
Жыргатып бакыт берип.
Жарым бар так өзүңдөй,
Дебесмин аттиң арман,
Суктанып тим боломун,
Жигитке сени алган.
Жар болгун жаркылдаган,
Кыргыздын мырзасына,
Ишенем жаратканым,
Башка улутка кыйбасына.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#5 01 January 2016 - 14:21
Зарыкпай күт ардагым.
Сен ал жакта, мен бул жакта,
Азабын тарттык жашоонун,
Сагынычтын туткуну болуп,
Жалыны болдук алоонун.
Жүргөндүрсун азап тартып,
Жете албай элесиме зарыгып,
Менда жаным менда,менда так озүңдөй,
Жүдөп бүттүм сагынычтын баткагына малынып.
Ардагым ай азап тартпа,
Күндөр келер жолугушчу, сагынычтар жазылчу,
Билем,билем тагдырыбыз таш боор эмес,
Көпкө бизди зарыктырып, кайгы менен кыйначу.
Кучакташып ойной турган,
Күндөрүбүз алыс эмес билемин,
Ниет тузда,жараткандан эч жадабай,
Сурануучу ушул менин тилегим.
Сен ал жакта, мен бул жакта,
Азабын тарттык жашоонун,
Сагынычтын туткуну болуп,
Жалыны болдук алоонун.
Жүргөндүрсун азап тартып,
Жете албай элесиме зарыгып,
Менда жаным менда,менда так озүңдөй,
Жүдөп бүттүм сагынычтын баткагына малынып.
Ардагым ай азап тартпа,
Күндөр келер жолугушчу, сагынычтар жазылчу,
Билем,билем тагдырыбыз таш боор эмес,
Көпкө бизди зарыктырып, кайгы менен кыйначу.
Кучакташып ойной турган,
Күндөрүбүз алыс эмес билемин,
Ниет тузда,жараткандан эч жадабай,
Сурануучу ушул менин тилегим.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#6 01 January 2016 - 14:52
...
Эх ушу сен желмогузкам,
Неге мынча кыйнадың,
Сүйөм жаным.Сүйөм, сүйөм,
Дагы канча?Канча жолу сүйөмүн деп айтайын?
Жагат баарың бүт турпатың,
Магдыратып мас кылатда жыпарың,
Чын сырымды айтып жатам,
Жалган эмес укканың.
Жакпайсын да жаным мага, кантип сени жактырам?
Жактырбастан СҮЙҮП турсам махабатка магдырап,
Түшүндүрчү кантип анан бир жүрөкө,
Эки сезимди батырам.
Билем сени күткөн элен "принцти" ,
Апапакай Ролс Ройс айдаган,
Ээх алтыным сабыр кылсаң,
Байыганда мен өзүңө Ролс Ройс айдатам.
Эх ушу сен желмогузкам,
Неге мынча кыйнадың,
Сүйөм жаным.Сүйөм, сүйөм,
Дагы канча?Канча жолу сүйөмүн деп айтайын?
Жагат баарың бүт турпатың,
Магдыратып мас кылатда жыпарың,
Чын сырымды айтып жатам,
Жалган эмес укканың.
Жакпайсын да жаным мага, кантип сени жактырам?
Жактырбастан СҮЙҮП турсам махабатка магдырап,
Түшүндүрчү кантип анан бир жүрөкө,
Эки сезимди батырам.
Билем сени күткөн элен "принцти" ,
Апапакай Ролс Ройс айдаган,
Ээх алтыным сабыр кылсаң,
Байыганда мен өзүңө Ролс Ройс айдатам.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#7 04 January 2016 - 14:39
***
Жаратканым жардамыңды аябачы,
Жазылсынчы калкымын кабактары,
Жакшылыкты күтүп жүрүп өчпөсүнчү,
Үмүттүн учкундаган чырактары.
Соолбосунчу кыргызымдын урпактары,
Өчпөсүнчү улуулугу тарыхтагы,
Калбасын тарпы чыгып аздектелген,
Кыргызды кыргыз кылган каада салты.
Жаратканым жардамыңды аябачы,
Жазылсынчы калкымын кабактары,
Жакшылыкты күтүп жүрүп өчпөсүнчү,
Үмүттүн учкундаган чырактары.
Соолбосунчу кыргызымдын урпактары,
Өчпөсүнчү улуулугу тарыхтагы,
Калбасын тарпы чыгып аздектелген,
Кыргызды кыргыз кылган каада салты.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#9 05 January 2016 - 10:22
Ашык болдум))
Ашык болдум жүз долларга,
Жапжашыл экен өң түсү,
Карап турсам көп сулуудан,
Ошол экен жөндүүсү,
Жаш кары дебей ага ашык экен,
Аны издеп көбү кыр ашып кеткен,
Айтышат баары жеткендер ага,
Бакыттын даамын татышат экен.
Башкаларга көрбөстөн ыра,
Өлүптүр көбү кыр жондо калып,
Мен дагы аны элдердей эле,
Издесемби ашууну ашып...
Ашык болдум жүз долларга,
Жапжашыл экен өң түсү,
Карап турсам көп сулуудан,
Ошол экен жөндүүсү,
Жаш кары дебей ага ашык экен,
Аны издеп көбү кыр ашып кеткен,
Айтышат баары жеткендер ага,
Бакыттын даамын татышат экен.
Башкаларга көрбөстөн ыра,
Өлүптүр көбү кыр жондо калып,
Мен дагы аны элдердей эле,
Издесемби ашууну ашып...
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#10 05 January 2016 - 10:24
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#11 05 January 2016 - 14:47
Жакшы эле саптарыныз бар экен го,ийгилик!
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#12 06 January 2016 - 09:36
Жашаймын сени сыйлай.
Мен сени сүйө албайм башкалардай,
Ырысбайдай обон созуп атыңды атай,
Сен үчүн жарата албайм дастандарды,
Бир гана жашайм сага өзүмдү арнай,
Мен сени сүйө албайм башкалардай,
Олжобайдай жомокто айтылгандай,
Ал анткеним каалабасмын өмүрүмдө,
Тагдырды Олжобайдын тагдырындай,
Мен сени сүйө албайм башкалардай,
Ырларымда атыңды атап миң кайталай,
Бир гана нерсени так айтамын,
Жашай алам бул өмүрдө сени сыйлай.
Мен сени сүйө албайм башкалардай,
Ырысбайдай обон созуп атыңды атай,
Сен үчүн жарата албайм дастандарды,
Бир гана жашайм сага өзүмдү арнай,
Мен сени сүйө албайм башкалардай,
Олжобайдай жомокто айтылгандай,
Ал анткеним каалабасмын өмүрүмдө,
Тагдырды Олжобайдын тагдырындай,
Мен сени сүйө албайм башкалардай,
Ырларымда атыңды атап миң кайталай,
Бир гана нерсени так айтамын,
Жашай алам бул өмүрдө сени сыйлай.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#13 06 January 2016 - 09:50
"Жамандын жаман саптары" деп турса эмне болгон саптар экен деп кире калсам, өзүмдүн эле жамакчы иним экен. Турмуштун ачуу-таттуусун чагылдырган жакшы саптарды жарата бер. Ийгилик!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#15 06 January 2016 - 13:12
Мына ушинтип кээде,кээде ыр жазам,
Уйкаштырып, учкаштырып сөздөрдү,
Ыр кылууга ашыгамын ар дайым,
Бул жашоодо анча мынча көргөндү.
Аалы эмесмин мен албетте кыргызда,
Алыкулдай жаза албасмын чынында,
Көкөлөбөй, уча албай калатго,
Канаты жок, кашаң аттай ырымда.
Акылы тунук бабаларым илгертен,
Бара, бара көч түзөлөт дешчү эле,
Жазып жатам үмүт кылып ар дайым,
Такшаламын башкалардай мен деле...
Уйкаштырып, учкаштырып сөздөрдү,
Ыр кылууга ашыгамын ар дайым,
Бул жашоодо анча мынча көргөндү.
Аалы эмесмин мен албетте кыргызда,
Алыкулдай жаза албасмын чынында,
Көкөлөбөй, уча албай калатго,
Канаты жок, кашаң аттай ырымда.
Акылы тунук бабаларым илгертен,
Бара, бара көч түзөлөт дешчү эле,
Жазып жатам үмүт кылып ар дайым,
Такшаламын башкалардай мен деле...
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#16 06 January 2016 - 15:41
Ээх
Азабыңды тартайын,
Чынымды азыр айтайын,
Ыйлабаган жан элем,
Сен үчүн көзүм жаштайын.
Сагындымоо өзүңдү,
Арнагамго өзүмдү,
Таштагым келди чынында,
Өзүңсүз өткөн өмүрдү.
Алсырап турам ал кетип,
Сагыныч деген дарт эзип,
Кантейин калдың алыста,
Жүрөмүн жалгыз жол кезип.
Билбейсинго алымды,
Өзүңсүз дүйнөм тарыды,
Кээ кээде кетем жемелеп,
Ажыраткан тагдырды.
Кантейин ай алсызмын,
Жандуу жүрүп жансызмын,
Оо дүйнө салып кетемби,
Түбүнө түшүп кайгынын.
Азабыңды тартайын,
Чынымды азыр айтайын,
Ыйлабаган жан элем,
Сен үчүн көзүм жаштайын.
Сагындымоо өзүңдү,
Арнагамго өзүмдү,
Таштагым келди чынында,
Өзүңсүз өткөн өмүрдү.
Алсырап турам ал кетип,
Сагыныч деген дарт эзип,
Кантейин калдың алыста,
Жүрөмүн жалгыз жол кезип.
Билбейсинго алымды,
Өзүңсүз дүйнөм тарыды,
Кээ кээде кетем жемелеп,
Ажыраткан тагдырды.
Кантейин ай алсызмын,
Жандуу жүрүп жансызмын,
Оо дүйнө салып кетемби,
Түбүнө түшүп кайгынын.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#17 10 January 2016 - 12:48
Салкын жел сылап саамайды,
Эркелеткен сыяктуу,
Жел менен кезип ааламды,
Ыр издейт ойлор ыргактуу.
Жазсам деп жакшы ыр кыргызга,
Камчылап үрөйм талантты,
Устазым болсо жакшы эле,
Ача турган сабатты,
Ойлорум онго бөлүнүп,
Ыр жака такыр жолобойт,
Ушинтип жүрүп ар дайым,
Калабы талант оңолбой.
Мактоого такыр татыбай,
Койкойгон жаман аталып,
Калабы жазган ырларым,
Көмүскөдө чаң басып.
Эркелеткен сыяктуу,
Жел менен кезип ааламды,
Ыр издейт ойлор ыргактуу.
Жазсам деп жакшы ыр кыргызга,
Камчылап үрөйм талантты,
Устазым болсо жакшы эле,
Ача турган сабатты,
Ойлорум онго бөлүнүп,
Ыр жака такыр жолобойт,
Ушинтип жүрүп ар дайым,
Калабы талант оңолбой.
Мактоого такыр татыбай,
Койкойгон жаман аталып,
Калабы жазган ырларым,
Көмүскөдө чаң басып.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...

Супер-Инфо
super.kg
видео











