Канча бир жылдан кийин аргасыз жолукмак болдук.Көрөйүн деген көзүм жок, бирок жолугушубуз керек. Ал ишке чекит коюшубуз керек... Кирпик какпай таң аткыча ойлонуп чыктым. Сенин мага карата кылган жоруктарың,
ишенимге кирип алып тагдырымды талкалап,үй-
бүлөмдү бузганың- баардыгы көз алдымдан өттү.Кызык?.
.. Сага деген кек сактоо,ызалануу,
жинденүү менде калбаптыр. Убакыт дарылаптыр.
Жүрөгүм жамандыкты туткундап албай, бошотуп коё бериптир. Мен ыраазымын сага! Эгер сен үй-бүлөмдү бузуп кетпесең, мен дагеле баёо ишенчээк, маңыроо боюнча “оозумду ачып” жүрө бермекмин. Эже-инидей болуп ээрчишип чогуу жүргөнүңөрдө түк арам ой саначу эмесмин,башкалар экөөңөрдүн өзгөчө жакындыгыңардан шектенишип кеп козгошсо да аларды четке кагып койчумун.Себеби ортодо 9 жаш айырма бар эле да. Ак нанымды коюп,берээрге ашымды таппай калаар элем үйгө келсең. Экөөң үй-бүлөңөрдү,
эл эмне дейт деп ойлогон жоксуңар. Канчалык бул ушак деп актанып жашырууга жандалбастасаңар да акыры баары белгилүү болуп ачыкка чыкты. Анда да кабагым кашым дебей кайын-журтумдун алдында какшанып турдуң,кудайдын жазганы ушу экен, мени эми эжеси эмес аялы катары тааныгыла деп... Сөз жетпейт сенн кылык-жоругуңа.
..Мен ыраазымын сага! Ак жеримен жаманатты болуп, "эрин тарттырган,
эри таштап кеткен аял" атка конуп, көз жашымды көлдөтүп жүрүп чыйралдым.Кенедей эки балам м-н жалгыз калганда түнү м-н көз ирмебей "эртең балдарыма кантип тамак таап келем"- деп ойлонуп далай таңды атырдым,Жетишпегендиктин айынан бели ката элек балдарым, каникул учурунда бири автомойкада,
бири Ош базарында тачки сүйрөп иштешти. Бир күндүк таап келгендери 20-30 сом болсо дагы, бул биз үчүн чоң киреше эле. Жарыбаган мугалимдин акчасын карап отура бербей, акырындык менен кирешенин жолун тапканды үйрөндүм. Кошумча сабак бере баштадым.Балдарым-
менин туу туткан медерим,кеңешчим,
жардамчым болушту. Кыштын узун түндөрү жарык өчүп калганда баарыбыз жатып алып “Надежданы” ырдачубуз. Бул ыр биздин үй-бүлөнүн девизине айланды.
Сен гана эмес сага кошулуп башы айланган балдарыңды,
көрүп билип турушса да кой-ай дегенге жарабаган өзүңдүн апаңдын, бир туугандарындын,
өз атасын кууп чыгышкан эрезеге жеткен уул-кыздарындын кылган кыянатчылыгы,
эки жүздүүлүгү-
ушундай да адамдык сапаттар болоорун далилдеп көзүмдү ачты.Бул жашоодон мен өз ордумду таптымбы?-деген суроо көп түйшөлттү.Көп изденип окудум, тренинг семинарларга катыштым..Мурда күйөөмдүн оозун тиктеп көнгөн жаным, жалгыз бойлук турмуш, эми максат коюуну,чечимди өзүм чыгарууну,бүйрө болууга, сарамжалдуулукка,
үй-бүлөлүк бюджетти туура пландоого үйрөттү.Шаарда чоңойуп, курулуш иштеринен алыс болгом, “башка түшсө байтал жорго болот”-дегендей,
уулдарым м-н бирге ылай тебелеп дубал тургуздук. Бул менин алгачкы Жеңишим эле.Кошуна-колондор келип көрүшүп мактап кетип жатышты.Бул мени аябай шыктантты.Баягы кичинекей там эми оңдолуп чоң тамга айланган. Адамдарды тике карап талдоону, мамиле кылууну, ак караны ажыратып билүүнү үйрөндүм. Мен ыраазымын сага! Турмуш бизди такшалтты, бышырды.
Бирок, сен балдарымдын атасына татыктуу жар болуп бере алган жоксуң. Анын тапкан–ташыганын өзүңө каттатып алып, кууп көчөгө чыгарып койдуң. Ал аз келгенсип уулуңдун ордуна милицияга салып берип каматтың.Бир кезде далай кыз-келинди суктантып керилген жигит, эми чачы жыдыган, жумушу жок, эптеп жатаканада күн көрүп жүрөт. Мен ыраазымын сага! Жашообуз өз ыргагы менен өтүп жатат. Уулдарым бой жетип татыктуу билим алышты. Мен ыраазымын сага! Сен минтпесең, менде мынчалык Өсүү! Өнүгүү! Жетишкендик!
Ийгилик!
болмок эмес.
Сен болбосон... Сен болбосон менде өнүгүү болмок эмес.
#6 02 January 2016 - 14:48
Менин апам жаздыбы деп тан калып кетим ушунчалык окшош тагдыр экен жакшы аталар негизи ото аз
#7 02 January 2016 - 17:36
Кээде кээ бир адамдардын кылган жамандыгы да пайдалуу экен. Эже сыяктуу мени дагы кимдир бироолор басмырлаган.
Колундан эч нерсе келбейт, сени окуучулар тебелеп кетет, иштей албайсын, оокат кыла албайсын деген адамдардын созунон чыйралып, турмушка бышкам. Андыктан ошолорго кээде рахмат дегим келет.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.

Супер-Инфо
super.kg
видео










