Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#721 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Декабрь 2015 - 18:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~~ХАЗИРЕТИ АБУ БАКРДЫН КЕПИНИ~~

Билал Хабеши хазреттери Расулуллахтын кайтыш болуусунан бир аз убакыт өткөн соң мусулмандардын энеси Айша энебиздин үйүнө барып эшигин какты. Ошондо Айша Сыддык энебиздин ичинен ыйлап туруп: «Ажыроо оту менен күйүп турган жүрөктүн эшигин каккан ким?» - деген үнүн укту.

-Расулуллахтын кызматчысы, Билалмын... Абалыңыз кандай?

-Эй, Билал! Суудан узакта калган балыктын абалы кандай болмок? Бүгүн түндө Расулаллахты түшүмдө көрдүм, периштелер менен жүргөн экен. Кайда бара жатканын сурадым. Атамдын рухун күтүп алууга бара жаткандыгын айтты.

Хазрети Билал дароо Абу Бакр Сыддыктын жанына барып Айша энебиздин түшүн айтып берди. Хазрети Абу Бакр ага:

-Аллаху тааланын аты менен ант беремин, түндө мен да ушул түштү көрдүм. Мен кызымдын жанына барайын, мени бир жолу болсо да көрүп калсын.

Айша энебиз атасын тосуп чыгып:

-Атакем! Сага керек болор деп таза кепин алып келдим.

-Кызым ал кепинди койо тур! Мен мусулман болгон күнү кийип жүргөн үстүмдөгү кийимимди мага кепин кылгыла! Анткен,и көп убакыттарымды Аллахты сүйүүдөн болгон коркунуч менен ыйлап, көз жашымды ошол кийимиме сүртчү элем. Аллаху таала ошол көз жаштарымдын урматына балким мага мээрим көрсөтөөр.

Хазрети Абу Бакр ошол түнү кайтыш болду.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#722 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   27 Декабрь 2015 - 18:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Кабыр аялдамасына кээ бирибиз бугун келебиз...


Тан эртен менен автобуска олтурдум. Түшө турган аялдамам "Бакыт" деп аталат. Муну айдоочуга эскертип койдум да, отургучка көчүк бастым. Кетип барабыз....Мына "Балалык" аялдамасы. Мында көп кызыктарым калган... Мында түшпөйм...

Ошентседа, терезеден кыйла карап, сагыныч менен өтө бердим...

"Кыз- жигит" аялдамасы... Чынын айтсам, бул жерге далайлар менен бир топ келгем, бирок, унутуп ал күндөрдү унута баштаптырмын. ..

Тээтигине "Намаз " аялдамасы. Бул аялдаманы көп адамдан уккам, бирок, эч түшкөн эмесмин. Негизи эле муну айткандар көп, түшкөндөр аз...

А бул болсо "Махабат" аялдамасы. Ооо, мына ушунда калып калгым келет. Бирок, мага "Бакыт" аялдамасы зарыл...

- А, булчу? Баса "Кызганыч" аялдамасы турбайбы?! Бул жерде далай кызыктар менен кайгылуу окуялар болуп өткөн. Мында кайрылып келгим келбейт...

"Мечит" аялдамасы... Өтө таза аялдама, бирок, түшүп калууга убакыт тар, батыраак "Бакытка" жетүү керек. Жүрөгүм таза, ниетим жакшы; азырынча зарылчылыгы жок....

Охоо, "Клуб" аялдамасы. Аттиң, түшүп калгым келип турат...

"Намаз" аялдамасы... Дагыбы?

"Сабыр" аялдамасы... Хмм, жок, азыр эмес...

"Байлык" , Оюн-күлкү" аялдамаларында көп түшүп калчумун убагында...

Аа, автобуста адам калбадыбы? Баары жетчү жерине жетип алган окшойт....

Айдоочунун жанына чуркап бардым:
- "Бакыт" аялдамасына жеттикпи?

- Тууганым ай, эртерээк айтпайт белең, ал үчүн сен "Намаз" , "Мечит" аялдамаларынан түшүп калышың керек болчу. Биз эми артка кайтпайбыз, кайта да албайбыз, акыркы аялдамага келип жеттик.

- Баса, кичи пейлдикке айтып койосузбу, бул эмне деген аялдама?

- Бул аялдама "Кабыр" деп аталат.

- Тушунуз...! !!

P.S Болушуп коюнуз
Прикрепленное изображение: image (3).jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 27 Декабрь 2015 - 19:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#723 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Декабрь 2015 - 19:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ЭНЕКЕ СЕНИ САГЫНДЫК.

Апаке, бизди таштап, көзүбүздү жашка толтуруп кайда кеттиңиз?! Сиз көмүлгөнүңүздө бизге төгүлүп туруучу мээрим кошо көмүлдү. Сизден айрылганыбыздан кийин жакшы сөз, жагымдуу эркелетуу, таза кийим, таттуу даамдан да айрылдык. Көйнөгүмдүн кичине жери кирдеп калса, дароо башкасын кийгизет элеңиз, ал эми азыр болсо көйнөгүмдүн кирдигинен курдаштарымдын шылдынына айлангам. Айла жок, өзүм кир жууганды үйрөндүм. Сизден кийин үйүбүзгө башка бир аял келди. Кичинекей уулу бар экен. Келген күнүнүн эртеси сиз сүйүп остуруучу карападагы гүлдөрдү алып чыгып, акыр чикир ташталуучу жерге ыргытты. – Эже, бул гүлдөргө апам ар куну суу куят эле. Апакем бул гүлдөрдү аябай жакшы көрүүчү. Акыр чикирге ыргытпаңыз, – дедим. -Апакен жакшы көрсө, мен жаман көрөм, түшүндүнбү? Бул үйдүн ээси апан эмес, менмин – деди. Атама карадым. Атам жүзүн алып качты. Эртеси карасам, сиздин жакшы көргөн көйнөгүнүздү алып тепшиге салды. Апам кирди бул тепшиде жуучу эмес эле, – деп айтуудан корктум. Эмне кылат экен деп күттүм. Тепшиге суу толтуруп карындашыма берди. – Фатима! Бул чүпүрөктү алып, ашкананын полун жууп чык, – деп буюрду. – Бул чүпүрөк эмес, апакемдин көйнөгү. Фатима пол жуушту билбейт, ал али кичине, полду мен жууймун, – дедим. – Болду жубармек, көп сүйлөбө! Сага болсо башка иш бар. Апандын көйнөгу пол жуугандан башка эч нерсеге жарабайт – деди. Сууга батырып-батырып Фатиманын алдына таштады. – Тезирээк бол, антпесен кечеги таяктан дагы жейсин – деди. Кийин билсем кечээ Фатиманы аябай уруптур. Фатима аябай коркок болуп калган. Өлгөнүнүздөн бери эч бир күлө элек. Өлгөнүңүздөн бери анын чачын кимдир бирөө жакшыраак жууганын билбейм. Фатима ашкананын полун жуушту баштады. Мен короо шыпырууга кириштим. Тирүү кезиңизде сизге жардам бербегенимди ойлоп, жүрөгүм эзилип кетти. Эшик ачылып, атам кирип келди. Колунда сумка бар эле. Алиги аял ырсайып келип, колундагы сумкасын алды. Сиз отуруучу бөлмөгө кирип кетишти. Сизден кийин ал уйгө биз кирбедик. Фатиманын кроватында алиги катындын баласы жатат. Фатима болсо мени менен. Бир аз убакыттан кийин уй ичинен күлкүнүн үндөрү угулду. Узак күлкүдөн кийин баягы катындын уулу сыртка чыкты. Бир колунда балмуздак, экинчи колунда печенье. Фатимага карадым. Эңкейип пол жууп жатыптыр. Сиз ар дайым: “Мына муну жеп алсан, балбан болосун”, деп оокат жедирүэлеңиз. Азыр Фатима экөөбүз бөлөк отурабыз. Атам жаңы катын жана уулу өзүнчө отурушат. Апаке, качан кайтасыз?! Апажан, качан бизди алып кетесиз?! Эх, жашоо мынча ачуусуң, жаш наристелердин көз жашы, алардын кордолгону, аларда эмне күнөө деп ичтен кейип кала бересиң. . . “Атасыз жетим -жетим эмес, Энесиз жетим чыныгы жетим “деп бекеринен айтылбаптыр. Сөзүмдүн аягында өгөй энелерге кайрылат элем. Силер да энесиңер го башканын баласын болуп калганында эмне айып, силердин деле жүрөгүңөр бар го, эмне үчүн жүрөгүңөр ташка айланып, мээримиңер муздай тоңуп калган, алар байкуштар апасынан айрылганы аз келгенсип, силердин азабыңар, аларга кайра бооруңар оорубайбы көп болбосо да бир аз көңүл буруп мээримиңди төгүп койсоң жакшы болмок. А аталарчы эмге үчүн балдарыңды коргобойсуң, сенде эмне бир аз болсо да аталык мээримиң жокпу, аялыңдан бадарыңды экинчи орунга койосуң, кантип чыдап турасың алар сенин балдарың го. . . . Эмне демекчимин эгер билсеңиз жетимдин көз жашы акса Аллахтын аршы титирейт. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) айтка: ” Кимде ким жетимдин башын сыласа бейишке кирет, ал эми кимде ким жетимдин кеп лдигин мойнуна алса ал мени менен бейиште сөмөйлөрүн көрсөтүп ушундай аралыкта жакын болот “деген. Эй, Өгөй энелер! Жетимдерди кыйнап кордосоңор, бир күн келет Аллах алдында жооп бересиңер! Аларды кыйнап тозоко отун болгуча, аларды сыйлап бейишке аттан! Бул жагын тандоо өзүңдөн, акыреттин бар экенин унутпа.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#724 Пользователь офлайн   Meruet84   28 Декабрь 2015 - 10:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~ЭНЕ АКЫСЫНЫН МААНИСИ~

Эски бир коомдо Журейж аттуу көп ибадат кылган бир жигит болот. Күнү-түнү ибадат кылчу. Бул жигиттин карыган апасы бир күнү:
-Балам, келип мына бул иштерде мага жардам бер! – дейт.

            Бул кезде баласы нафил ибадат кылып отуруп келген жок. Апасы буга өтө таарынып, «Жаман аялдардын жалаасына жем бол!» -  деп жаман дуба кылды. Алар менен кошуна турган бир аял бар эле. Бул аял бир күнү бир койчумандан никесиз боюна бүтүп калат. Ошол кездеги өкүмдар болгон окуянын чын-төгүнүн билүүгө буйрук берет. Аял башына түшө турчу жазадан коркуп, көп ибадат кылган кошуна жигитке жалаа жабат. Өкүмдар жигитти чакырып:

            -Эй, Журейж! Бир жактан ибадат кылып, молдо болуп көрүнүп, экинчи жактан зина сыяктуу чоң күнөөгө батып жүргөн экенсиң?

            -Мен мындай эч бир иш кылганым жок. Мага бул жалааны жапкан ким болду экен?

            -Сенин кошунаң баланча аял сени кылды деп айтты.

            Ушул кезде жигит катасын түшүндү. Апасынын жаман дубасына учураганын сезди. Өкүмдардан бираз убакытка уруксат алып, апасынын жанына келип жалбарат:

            -Апаке, мага «Жаман аялдардын жалаасына жем бол!» деп жаман дуба кылган элеңиз, Хак таала дубаңызды кабыл кылды. Баланча аял мага жалаа жапты. Өкүмдар эми мени жазалайт. Мени кечире көрүңүз апаке, жазадан кутулайын! Мындан кийин сизге кызмат кылуудан кемчилик кылбай турган болом.

            Апасы уулунун бул кыйын абалын көрүп чыдай албай мындайча дуба кылды:

            -Эй, Раббим! Эгер уулума кылган жаман дубам кабыл болгон болсо анын үстүнөн ал!

            Апасынын дубасын алган жигит өкүмдардын жанына кайтып келип ага мындай дейт:

            -Мага жалаа жапкан аялды кайра суракка алууңузду өтүнөм.

            Аялдан кайрадан суралганда бул жолу аял:

            -Мен ага жалаа жаптым. Бул кошунамдын күнөөсү жок. Жигит ушундайча жалаадан кутулат.

            Пайгамбарыбыз сахабалары менен сухбат кылып отуруп бул окуя тууралуу мындай деди: «Эгер Журейж фыкых илимин билгенде апасына кызмат кылуунун Раббине нафил ибадат кылуудан дагы жогору .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#725 Пользователь офлайн   Meruet84   28 Декабрь 2015 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

"ШАШЫЛЫШ YЙ САТЫЛАТ!! !"

Үйдүн аты: Бейиш.

Эшигинин саны: Сегиз.

Ачкычы: Лаа илааха иллаллох Мухаммадур Расулуллох!

Курулушу: Бир кирпичи алтындан, экинчиси күмүштөн.

Аянты: Асмандар менен жердин кеңдигиндей.

Баасы: Аллага шерик кошпоо, намаз окуу, орозо кармоо •••
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#726 Пользователь офлайн   Meruet84   29 Декабрь 2015 - 12:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан


Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 29 Декабрь 2015 - 12:52

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#727 Пользователь офлайн   Meruet84   29 Декабрь 2015 - 12:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан


СЕНИН ДАГЫ КАРЫНДАШЫН БАР У Н У Т П А

Бир жигит досторуна мактанып достор билисинерби бугун мен шоколадтай кыз менен таныштым ал ушунчалык чырайлуу. соз жок ошону илештирип максатыма жетишим керек деп досторуна айтып берип атат. эй досум кечеги кызга караганда бул кыз аябай жакты деп.кубанып атат. .досторунун бири койчу досум ар куну аркандай нерсени айтып башты оорутасын андан тообо кылып жаша досум сенин дагы карындашын бар деп соз баштады. дагы бир досу илештиралбайсын деп анын кыжырына тийди. Жанагы жигит Менби Менби ээ досум канча кызды торума илештирдим эми ушуну илештиралбаймбы деп озунчо бойун которуп жоон уну менен жооп берди. Мына коросунор муну дагы илештирип. Бир куну максатыма жетем деп жооп берди .арадан кундор отуп жанагы шоколадка деген кызы менен жолугуп. аны кыз жигит болуп журууну айтып ага оз суйуусун арнайт. Ошентип ал кыздын алгачкы суйуусу болчу кыз жигитти ойунан чыгаралбай койду кундо ал жонундо ойлойт болчу.эмне болсодагы кыздын алгачкы махабаты болчу. Кыз 18 жашка толо элек сулуу жылдыздуу назик болчу. Кундор ото берди. Бир куну жигит кызга ойнотуп келууну айты. Кыз байкуш макул жаным мен дайармын деп жооп берди. Ошентип экоо айланып журушту кечке кеч кандай болгонун кыз сезбей калган болчу. Анткени кыздын биринчи суйгону жана ал жигити келечектеги куйоом деп кыялданып журчу. Тун карангы кирип асманда жылдыздар жалтылдай баштайт. Анан кыз суроо узатат жигитке жаан карангы кирип калды уйго жеткенче саат 00:00 болот мени ата энем урушат Эртерек кетеличи деп кайырылат. Жигит бир аз кутуп жаным сен меникисин эн негизгиси сен менин жанымдасын деп жооп берет. Кайненеме озум тушундуром деп кызды кулдуруп жаты. .жур курсагым ачты тамактаналы деп бир кафеге кирип буйуртма беришет. Ошол кафенин кызматкерине. Эй дос бир шампански алып келуусун. Буйурат. Кыз мен спиртной ичпейм деп жигитине айтса. Жигити жаным бугун экобуздун эн бактылуу кунубуз. Биринчи жолу сени ойнотуп атам эсте каларлык кун болсун деп козун кыры менен карап. кулуп койот .
Жигит азыр мен колум жууп келейин сен зерикпей олтуруп тур деп. Ажат кана жака коздой жонойт. Байкуш кыз жигити келгенче озуну. Дуйнодо эн бактылуу сезип кузгуго каранып олтурат.жигит жанагы буйуртма алган балага барып шампанскийге арак кошуп алып келишин суранат. Ошентип жигит келип олтурат орундугуна. Кыз мынча кеч калып кеттин десе ?аа бир досум чалып калбадыбы деп кутулат. Ангыча болбой буйуртмадагы келип калат. Кыздын курсагы оло ач болчу. Кечке айланып журуп жанымда куйоом бар дегенсип кубанганынан эч нерсе жеген жок болчу. Жигити кел жаным экобуздун бактыбызга ушул шарапты алып койолук деп кызга узатты. Кыз жигитине карап туруп бир стаканды кандай ичип койгонун озу билбей калды. Жигит кайра куйуп дагы узатты кыз жок жаным жетет мен негигизи ичкен жокмун деп айтса. Келчи жаным мен учун алып койчу деп суранып экинчи стакандыдагы бошотуп койду кыз курсагы ач болгондуктан бат эле бутуну суу алып кетти. .Арадан 3 саат отту кыз мас болуп калган кафеден чыгышты. Жигит такси тосуп бир мыйманканага алып келип ошол жерде туноону чечти. Кызды которуп кирди. Акчасын толоп эки кишиге бир кызды алып кирип даткызды кыз уктап атат. Эми сен колго туштун шоколадым сени илештириш канчалык убакыты алды билесинби деп ичинде ойлоп жаты. .ошол туну ушунчалык журогу таза акылдуу сулуу назик он сегиз гулунон бир Гулу ачыла элек кызды. бир сааттын ичинде омур бойу кетпей турган ..жарага айланты. Жигит кылатурган ишин кылып уктап жатканда кыз озуно келип. Козун ачып паталокту карап мен кайердемин деген суроону озуно берип жатты. .аран туруп караса тошоктун ичинде жалан жатыптыр. Баары жогу булганган. ..чочуп кетип эле караса бардыгы буткон болот. ..карагатай коздоруно заматта жаш толуп шороктоп ыйлап баштайт. ..кийимдерин кийип жигитин бетине шапалактап чаап жиберет чочуп ойгонгон жигити эмне болуп атасын деп горондоп кыйкырат .кыз эмне кылып койдун десе жигит эч нерсе кылган жокмун деп мойнуна албай койот кыз байкуш. Ыйлап жолго тушту токтоп тур мендагы чыгам азыр деп жигит болмодо кала берет. Кыз бат бат басып кетип калат. ..такси кармап уйуночо келет. Келсе апасы атасы кайакта журдун деп каттуу урушат. .кыз бир досумдукуна элем. Телефонум заряды очуп калган болчу кабарлайын десем деп алдап ун чыкпай болмосуно кирип жатты кечке. .Арадан бир ай отту жигитинин кабары жок. Эки ай отту дагы деле кабары жок..бир куну паркка барып эс алып келууну ойлоп паркка барып олтурса жигити бир кыз менен жетелешип алып кулуп кетип атканын корот.козуно жаш толуп шок болуп коргон козуно ишенбей олтуруп калат ....уйуно барып эзилип ыйлап арманын эч кимге айталбай уч кун тамак аш жебей жата берет. .кыз бир чечимге келди озумду олтуром жаныга кастык кылууну чечти. ...сарайга кирип жипти алып оксуп оксуп ыйлап жатты. .эмнеге мени бул азапка таштадын мен бир озунду суйдум элего. Бир озуно конул бурдум элего деп аттин кеч болду. .кыз бир аз ойлонуп козундогу жаш токтоп колундагы жип колунан жерге тушуп кетти. Ойлоно баштады мен атамды апамды кантип таштап кетем. Бир туугандарымды жалдыратып кимге таштап кетем деп кайра козуно жаш алды. ..бир ой келди Аллах тарабынан ушунсалык омуру кылдын учунда турганда. Намаз оку намаз оку деп кулагына жаныла берди. ....столдон тушуп кыйла озуну женил сезгендей болуп калды. ...анткени АЛЛАХ ага кайра омур берди. Ыйман берди. .кыз беш убакыт намаз окуп баштады. ..арадан жыл отуп. .кыздан бактылуу киши жок болчу анткени ал эн бактылуу жолду тандаган болчу . баардыгын унуткан болчу. ..Бирок озунун ойунда мен турмушка чыкпайм дечу эле. ..эркек аттуудан конулу калган болчу. ..кундордун биринде кыз шаарда кетип атып светафорду кутуп калды ангыча ошол жерде авария болуп эки унаа сузушуп кетип чан туштун бозоруп кетти кыз аварияны козу менен коруп. Коркуп кетти. .кыз чуркап кырсык болгон жака барды бир женил унаадан 23 /27 жаштагы бир жигитти сууруп чыгышты тез жардам деп кыйкырып жатышты. Ал жигит кара канга боелгондой болчу. Баары жогу сыйрылып кеткен болчу буту сынып болок жатканын кордум . ушунчалык титиреп какшап жатты. Анын уну аран чыгып олушту каалабайм. Оо Аллах мен олушту каалабайм деп жатты.коркуп атам олгум келбейт менин деп козудон кан агып аткан болчу. мен аны коруп журогумон сыздап аттым. Ал жигит кайра суйлоп жатты э кудай мен олушту каалабайм .Мейли мени инвалид кыл мен ыразымын бирок олгум келбейт деп элдер кооп болуп чогулуп кеткен болчу мага жанагы жигит ушунсалык таныш корунот. Бирок менде андай таныштым жок деп озумду сооротуп аттым. Арадан 40 мунотой отту дагы деле жанагы жигиттен кан агып аткан болчу. Жигитин жузу когоруп кеткен болчу. Тез жардам келип. Жигити тошоко жаткызып биринчи жардамын берейин деп аракет жасап аткан болчу. Бир убакта бир даарыгер жанагы жигитин кан басып кеткен жузун спирт менен арчып калды. башын мен жака кылды эле. Дуйноо карангылй тушту. Ал жигит жанагы мени алдап азапка салган жигит экенин билдим. Козумдо жаш эмне кылайын. ...эч нерсе...Мени ой басып калган экен бир убакытта дарыгерлер тыпырчылап калыптыр туугандарына кабар бергиле деп. .Корсо менин козумчо жанагы жигит жан берген экен. ..ошондо мен омурумдо биринчи жолу адамдын олуп атканын оз коздорум менен кордум. .:'(
Ошол куну мен уктай албадым. АЛЛАХ биздин омурубузду алмаштырганын тушунуп жеттим.:'( кыздардан суранып кетеер элем. Мен баскан жолдорго барбагыла ишенчээк болбогула оа туура беш кол тен эмес баарыныздарга ыйман бактылуулук каалап кетем.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 29 Декабрь 2015 - 12:53

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#728 Пользователь офлайн   aiturgan2015   29 Декабрь 2015 - 15:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 276
  • Катталган: 26 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2017 14:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Имам Ахмад рахматуллохи алейхи кунумдук алек болгон иштеринен сырткары кунуно 300 рекет нафил намаз окучу Ошол замандагы падыша,Ахмад рахматуллохи алейхини озунун окумуно баш ийбей койгондугу учун сабаткан,ошонун себебинен алсыз болуп калып нафил намазын 150 рекетке азайтты.Ошол убакта анын жашы 80де эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#729 Пользователь офлайн   Meruet84   30 Декабрь 2015 - 10:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Акыретте намаз окубаган, бай, кедей,
оорукчан, 3 адамдан сурак алынат. Аллах
Таала бай жашаган адамдан сурайт, сен эмне
намаз окуган жоксун дейт, Мен абдан бай
элем ошого деп жооп берет. Аллах Таала ага
эн бай болгон Сулайман а.с Пайгамбарды
корсотот: Сулайман а.с абдан бай болсо да,
Мага ибадат кылып намаз окуган дейт Аллах.
Бай жашаган адамдан сурады Аллах, сен
ушундай бай белен деди ,ал жок деп жооп
берет. Аллах айтат анда сен тозоктуксун деп
тозоко ыргытат. Аллах кедей жашаган
адамдан сурады сен эмнеге намаз окуган
жоксун деп. Кедей жашаган адам айтты мен
эн кедей элем,ошого намаз окуй алган жокмун
дейт. Аллах кедей жашаган адамга, эн кедей
болгон Иса а.с Пайгамбарды корсотот ал
аябай кедей болгон суу ичкени бир гана
крушкасы болгон. Кедей болсо да Иса а.с мага
ибадат кылып намаз окуган деди Аллах. Сен
ушундай кедей белен деп сурады,кедей
жашаган адам жок деди. Аллах айтты сен да
тозоктуксун деп тозоко ыргыттырат. Аллах
оорукчан адамдан сурайт, эмнеге намаз
окуган жоксун деп. Оорукчан адам айтты мен
оорулу элем ошого намаз окуган жокмун дейт.
Аллах оорукчан адамга,эн оорукчан болгон
Абу Аюб а.с Пайгамбарды корсотту Аюб а.с
дын денеси курттап оор абалда болсо да мага
ибадат кылып намаз окуган. Аллах сурады
ооруган адамдан сен ушундай оорукчан белен
деп. Ал адам жок деди Аллах айтты сен да
тозоктуксун деп тозоко бети м,н ыргытат.
Намазга эч кандай шылтоо болбош керек.
Момун Мусулман бир туугандарым баарыбыз
Аллахтын раазылыгына жетиш учун Намаз
окуйлу. Биз да тозоктуктардан болуп
калбайлы Аллах сактасын
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#730 Пользователь офлайн   Meruet84   30 Декабрь 2015 - 10:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

"ООРУКЧАНДАРЫНАРДЫ САДАКА МЕНЕН ДАРЫЛАГЫЛА"


Бир жигиттин энеси ооруканага түшүп калат. Күндөрдүн биринде дарыгерлер жигитти чакырып: "Апаңдын айыгып кетээрине үмүт жок, абалы аябай оор жана бул жашоо менен кош айтышарына аз күн калды"- дейт.
Жигит апасынын жүзүнө карап көз жашын төккөн бойдон ооруканадан чыгып кетет. Эртеси энесинен кабар алганы келаткан жигит машинасына май куюп алуу үчүн токтоп, май куюп берүүчү жумушчуну күтүп турган кезде картондун астында ачка жаткан мышыктарга көзү түшүп калат. Жанындагы дүкөнгө чуркап кирип, консерваланган балык сатып алып кичинекей мышыктарга берет да ары карай жолун улайт. Ооруканага жетип энеси жаткан бөлмөгө кирсе ал жерде энеси жок болот. Коркуп эмне кылаарын билбей калат! Апамдан айрылып калдым деп ойлоп көзүнө жаш ала баштайт. Кайра тактап алуу максатында энесин караган мед айымдан: "Энем кайда?" - деп сурайт.
Мед айым: "Энеңиздин абалы жакшырып калды, ошол себептен кошуна бөлмөгө чыгардык" - дейт. Сүйүнүчү койнуна батпай чуркаган бойдон бөлмөгө кирсе энеси өзүнө келген болот. Энеснин колун өөп саламдашат да эмне болгонун сурайт. Апасы: "Эсим келбей жаткан кезимде мышыктардын колдорун көтөрүп Аллага дуба кылып жатканын көрдүм" - деп жооп берет. Жигит мышыктарга тамак бергендиги үчүн Алла Таала энесине шыпаа бергендигин түшүнөт.

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Курманын жарымын берип болсо да садака кылгыла". "Садака балээден сактайт". "Оорукчандарыңарды садака менен даарылагыла ""

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 30 Декабрь 2015 - 10:36

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#731 Пользователь офлайн   Meruet84   30 Декабрь 2015 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Жашым 65тен өтүп калган, кемпирим экөөбүз 35 жыл өмүр сүрдүк. Кемпиримдин өлгөнүнө быйыл туура он жыл болду. 7балам бар, 4 уул, 3 кыз. Баарысыжакшы иште иштешет, уйлуу жайлуу, чоң балам 40 жашында бул дүйнөдөн өттү.

Карыгандан баштап көп оорудум. Ар кайсы доктурга барып көрүнөм, бутум ооруйт, нервден деп эле жаткырып коюшат. Палатада жанымда жаткан аксакал киши жашы 67де экен, ал дагы башы ооруп жатыптыр.

Анын аты Жоробай, эки уулу, бир кызы бар экен. Кемпири дүйнөдөн жаш кезинде эле өтү, андан кийин такыр үйлөнбөптүр. Эки уулу күнүгө келишет, атасына башкача мээрим менен карашат. Балдары намаз окуган ыймандуу жигиттер, кызы да эки күндө бир келип турат, тез-тез звонок кылып, атасынын ал-акыбалын сурап турат.

Мына бүгүн кичине уулу келди, кирип эле баарыбызга: “Ассалому алейкум, аталар, жакшы жатасыздарбы? Аллах сиздерге шыпаасын берсин” деп жылмайып амандашат, атасына келип көрүшөт, атасынын жүзүнөн өөп, колунан жыттап койот. Тамагын берет, массаж жасап колу-бутун ушалайт, бүгүн атасынын бутун самындап жууп тырмагын алды, кийимин которду, атасы каршылык кылып, эки күн эле болду го алмаштырганыма, ботом тим эле койчу, келинди да убара кылып улам кир жуудуруп кыйнай бербей десе, баласы ага:

– Ата, өзү кир жууш да ишби, сиздин кириңизди жуубаса, анда мен аялды эмнеге алдым? – деп тамашалай күлөт.

Доктурдун узун каридорунда ары-бери жетелеп басат, андан келип жаткырып, ар кайсыны сүйлөшүп олтурат, атасы уктаса биздин идиш-табакты жууп келет. Биздин да колу-бутубузду укалап, массаж жасайт, рахматыңды айтсаң, “мага да бир дуба кылып бата берип коюңуз” деп турат.

Атасы турганда даарысын берип, тамагын ичирип, анан үйүнө кетет. Эртеси чоң уулу келет. Анысы өтө шайыр, баарыбызды каткыртып күлдүрөт, палатага келип эле жаркылдап салам берет, атасына жетип эле: “кубатым, күчүм, бейишим” деп кучактап эркелеп кетет. Атасы каткырып эле:
– Ой, сен бир шумсуң, өзүң балалуу болуп калдың, анан дале мага эркелейсиң, – деп койот.

Кызы келет, ал да жоолук оронгон, намаз окуган кыз, ал дагы атакелеп жаны тынбайт. “Атаке, эмне жегиңиз келди, эртеге жасап күйөө балаңыздан берип жиберейин, мени билесиз, үйдөгү кичине келинмин, күнүгө келе албай жатам, ата эмнеңиз кем, даары-дармек баары барбы, мен врач менен сүйлөштум, эки-үч күндө чыгат деди,– деп сүйлөп жатты.

Бул Жоробайдын эки уул, бир кызы болсо да күнүгө келишет, а менин алты балам бар, үч уул, үч кыз, доктурга жатканыма беш күн болгондо, бир уулум эки кызым менен келип кетишкен. Андан бери беш күн өттү, доктурда жатканыма он күн болду, бирок дале эч кимиси жок, кийимим кирдеп тер боло түштү, кичине уулума звонок кылып:
– Балам, менин кийимдеримди алып келип берчи айлайыйын,–дедим. Ал: “Канттиңиз, даары-дармек эмне болуп жатат, тамак-ашың кантти” деп да сураган жок.
– Ата, иштен бошоп эле алып барам деп телефонду өчүрдү.

Балдарыма чындап капа болдум, үйдөн бир ысык тамак жасап келишбеди, келип кабар да алышпады, жадагалса звонок кылып сураганга да жаарышбады, оорудум десем эле кабактары түйүлүп:
– Сиз эле ооруй бересиз, же чын же жалган экенин билбейбиз дешип сүйлөнүшөт, баарынын машинелери бар, а мен доктурга көрүнгөнү өзүм басып, кыдырып эптеп жолду таап келем.

Эртеси кичине уулуму келет деп күттүм, бирок анын ордуна жетинчи класста окуган небере балам келди, пакетке кийим алып келиптир. Кийимден башка эч нерсе жок, эч болбосо ысык атала да кылып бербептир, көзүмө жаш келди, өзүмдү кармай албай ыйладым, жанымда турган неберемдин турганын унутупмун, бир карасам ал таң кала тиктеп туруптур.

– Кийимди чечип берейин, алып кет. Апаң, жууп койор,– дедим.

Ошондо киймимди чечейин деп колумду көтөрө албай кыйналдым. Жоробайдын кичине баласы алмаштырганга жардам берди, эскилиги жеткен кийимимди элдин алдында алмаштырып жатып, намысымдан шолоктоп ыйладым, эмнеге өз балдарым мага мындай суук мамиле жасашат деп өпкө өпкөмө батпай ыйладым.

Көрсө, балага тарбия бергенде ниет, дуба кылганда, чоң иште иштесин, чоң депутат же аким болсун деп ниет кылбаш керек экен. Көзүм карайлап, ата болуп туруп талаага ташталган иттин кейпин кийгенде түшүндүм. Карайлап бактым эле го, каректеринен айланып, кагылайын деп, өзүм кийбесем, ичпесем да, ушулар ичсинчи, кийсинчи деп жаным бердим эле го?! Эми минтип карыганда өзүм тилеп жаткан балдарымдын колунда кароосуз калып, турмуштун кордугун көрүп жатам.

Карыганда , Кудайдан тилегенде баламды ыймандуу, ынсаптуу, Аллах жолунда жүргөн, ата-эне кадырын билген адам болсун деп ниет дуба кылыш керек экенин эми түшүндүм. Бирок эми түшүнгөнүм менен өткөндү
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#732 Пользователь офлайн   emilbek1   30 Декабрь 2015 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 376
  • Катталган: 02 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек

Журокту зыркыратат го бул окуя. Уул кыздарыбызды акыл естуу куйумдуу ыймандуу болушун Аллахтан тилейм Оомийин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#733 Пользователь офлайн   Meruet84   31 Декабрь 2015 - 09:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

АТАКЕ МЕНИ КЕЧИР.

БУЛ ОКУЯ МАГА УШУНЧАЛЫК ТААСИР БЕРГЕНИНЕН СИЗДЕР МЕНЕНДА БӨЛҮШҮНҮҮ КАЛАП ЖАЗДЫМ.АР БИРИНЕ САБАК БОЛСУН ДОСТОР.

Тээ илгери, өткөн бир доорлордо, ушу силер жана биз сыяктуу эле бир жигиттин картайган, оорукчан атасы болгон экен. Карыянын кемпири о дүйнө салып кеткен соң, жападан-жалгыз таянар тоосу ушул баласы болчу, ошондуктан, келини, неберелери менен чoогу бир үйдө жашашчу.
Уулунун аялы оорукчан кары адамды кароодон тажап, ар бир мүмкүнчүлүк болор замат күйөөсүнө: «Атаңдан тажап бүттүм. Балдардын түйшүгү жетишпегенсип… Мындан ары аныңды карай албайм – бир чечимге кел: же атаң, же мен. Эгер атаңды десең, мен үйдөн чыгып кетейин, мени дей турган болсоң, атаңдан кутулуунун бир жолун тап! Жетишет эми! Болду!» деп кулагынын кужурун курттай жей берчү.Жигит бул абалга ар дайым капа болоор эле. «Жаным, – дей турган ар бир жолу, – эмне кылайын. Ал менин атам да. Кимге таштамак элем. Мен карабасам, аны ким карамак эле. Мен корубасам аны менден башка ким корумак эле» деп жалбарып, аялын көндүрүүгө далалат кылчу.
Аялы айтканынан кайтчу эмес. Түшүнгүсү да келбечү. Жигит көпкө ойлонду, акыры атасын тоо башына алып чыгып таштап баса берүүгө чечим кылды. Арабасын даярдап, кичинекей уулун жанына алып атасына:
– Биз тоого баратабыз. Жүр сен да биз менен. Бираз айланып келесиң, – деп аны да арабага салып, тоо тарапка сапар тартышты. Алдыда эмне тагдыр күтүп турганын билбеген карыя жол бою небересин тамашалап, аны менен ойноп, чүрпөсүн да сүйүндүрүп баратты.
Тоодо чытырман токой бар эле. Ошол жерге жетишкенде жигит атасынын алдына төшөк салып, атасын жаткырып, жанына бираз суу жана тамак коюп:
– Ата, сен ушул жерге жата тур. Мен отун кесейин – деп, уулун жанына алып, карыяны ээн токойго жалгыз таштап, жашырынып келген жолго түшөт.
Эмнеге туш болгонун түшүнбөгөн карыя алардын артынан карап келе берет.
Арадан кыйла убакыт өтүп кетсе да жанына эч ким келбегинен ээн талаа, эрме тоодо жалгыз калганын аңдап-түшүнөт карыя. Түшүнгөн менен чарасыз, айласыз эле. Ыйлагандан башка эч нерсе кыла алмак эмес.
Чоң ата өз тагдыры менен гана бетме-бет калып, тоо башында томсоруп олтурганда уулу небереси менен арабада айылга кайтып келе жатышкан.
– Чоң атамды неге тоого жалгыз таштап салдың? Барып аны алып келбейбизби? – деди бала.
– Ал картайды. Эми ошол жерде калат. – жооп берди ата.
Бала эч нерсени түшүнө албады. Чоң атасын аябай жакшы көрчү, анткени ал небереси менен ойночу, сүйлөшчү. Чоң атасы анын эң жакын адамы эле.
– Анда, мен чоңойгондо, сен да чоң атамдай кары жана оорулуу болосуң да, ошондо мен да сени чоң атамды таштап кеткен жерге алып келип таштап кетем да ээ, ата?
Кандай чоң күнөө кылганын баласынын бул сөзүнөн кийин түшүнгөн ата, ыйлап жиберди да, аттардын башын артка бура тартып камчылап, камчылап алды күнөөсүз жаныбарды. Тоого чыгып, атасын таап, бутуна жыгылып, кечирим сурады. Карыя уулунун башынан сылап: «Ыйлаба, уулум. Сен атаңды тоого таштап кеткениң жок го, демек сени да балаң тоого таштабайт эми» – деди сабырдуу, токтоо.
Бираздан кийин, чоң ата, баласы, небереси болуп үйдү көздөй көңүлдүү баратышты. Жигит ичинде «Атамды тандадым! Миң аял таба алам, бирок эч качан өз атамды таба албайм» – деди.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#734 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Январь 2016 - 19:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ИЛИМПОЗ МЕНЕН КАЙЫКЧЫНЫН ОКУЯСЫ


Бир жолу тил илимин абдан жакшы өздөштүргөн илимпоз, аралга барып эс алып келүү үчүн жолго чыгат. Аралга чейин кайык менен үч саат жол жүрүүгө туура келчү. Жолду кыскартуу үчүн илимпоз кайыкчы менен маектешип кетүүнү туура көрүп, андан ар нерселерди сурап отурат. Бир канча убакыт маектешкенден кийин, кайыкчынын эч кандай илим албаганын билген илимпоз аны мыскылдап:

- Сен нахви (араб грамматикасы) илимин окугансыңбы? - деп, сурайт.
- Жок, менин андан түшүнүгүм жок, - деп жооп берет, кайыкчы.
- Аттиң, сенин буга чейинки өмүрүңдүн баары текке кеткен экен, - деп кайгырат илимпоз.
Кайыкчы унчукпастан калактарын шилтеп жумушун уланта берет. Арадан бир канча убакыт өткөн соң, кокустан асманды кара булут каптап, күн күркүрөп, жамгыр жаап, шамал жүрө баштайт. Нөшөрлөгөн жамгыр кайык ичине толуп, катуу толкунга туруштук бере албаган кайык оодарылып кетет. Кайыктын капталына жармашып, эмне кыларын билбей калган илимпозго карап:
- Сиз сууда сүзүү илимин алгансызбы? - деп сурайт, кайыкчы. Оозу-мурдуна суу кирген илимпоз:
- Жок, мен өмүрүмдө сууга сүзүп көргөн эмесмин, - дейт, кыйналып. Иштин жаман жагына айланып бара жатканын сезген кайыкчы:
- Аттиң, сиздин мындан кийинки өмүрүңүздүн баары текке кетти, - деген экен, өкүнүп.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#735 Пользователь офлайн   Meruet84   02 Январь 2016 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кабыр азабы........ жакын туугандардын 35жаштагы баласы каза болуп, олук коюу вазыйпасына катышып калдым. Кабырдын башына олукту алып келдик. Бир убакта кор казган киши мени четке чакырып, бир нерсе айтам деп корго тушушумду суранды. Олук койчу жайды коргозду, карасам эки кара чаар жыландар жатат. Шашып эле сыртка чыгып, баланын атасынан мен озум кирип коеюн деп сурандым. Ансыз да уулун жоготуп сыздап турган ата маакул болду. Кайрадан корго туштум да жыландарга кайрылып:- Аллах тааланын азап берчу периштелери, силер азыр олукту коюп буткучо бул жерди бошотуп тургулачы. Олукту койгондон кийин эмне кыласынар ал силердин ишинер. Аллахтын буйругу менен келдинер тушунобуз, олукту жайына койгуча бошотуп тургулачы деп кайрылдым. Экоо дароо эки жакка тешикке кире башташты. Бутумду тартып алгыча болбой бир жылаандын куйругу ботинкемдин сыртын сыйпап отту эле бутум шилтенбей калды. Ошондо ойлондум, эгерде киймимдин сыртынан сылап откондо ушундай ахвалда болсом, анткени буткул денем муздай тушкон эле, азыр олукту коюп кеткенден кийинки анын ахвалы кандай болот дедим да аран бутумду шилтеп сыртка чыктым. Кайра киргим келбей, атасына убада берип койгондон кийин айла жок олукту жайына койдум. Чыгып бара жатып, эптеп кучумду жыйнап кайрылып карасам жыландар олукко жакындап келе жатышыптыр. ..... Кийин олгон баланын кандай болгонун сураштырсам элди алдаган, калп айткан, арак ичип зыналык иштерге коп барчу экен. Аллахтын бар экенине, сыноо жашоодо жургондо ыйманыбызды бекемдейли, намаз окуйлу. Аллах кечирет кечирим сурайлы ката иштерибиз учун. Мен муну башкаларыбызга сабак болсун деп кочуруп алдым. Балким таасири коп адамга тиер!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#736 Пользователь офлайн   Nasirova.97   02 Январь 2016 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 07 Июн 2020 22:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан, Ош

~~ХАСАН ИБНУ АЛИ МЕНЕН ЖӨӨТТҮН ОКУЯСЫ~~

«Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздын небереси Хасан үйүнөн жуунуп чайынып, эң кооз кийимин кийип көчөгө чыгат. Көчөдө бараткан кезде анын алдынан териден тигилген кийими өтө эскирген, сыртынан караганда жашоодон ушунчалык запкы-кордук жеген, күнгө күйүп өң далеттен кеткен, желкесине бир чанач сууну артынган бир кембагал жөөт чыгып, Хасанды токтотуп:

– Эй, Пайгамбардын небереси! Менде бир түшүнбөгөн суроо бар? – дейт.

– Эмне суроо? – деп Хасан сурайт. Ошондо ал:

– Сенин чоң атаңдың мындай деп айтканы бар: «Бул дүйнө момун мусулман үчүн абак, ал эми каапыр үчүн бейиш сыяктуу» деген. Мына сен момун мусулмансың, а мен болсо каапырмын. Бирок сенин жашооңду карасам, бул дүйнө сен үчүн бейиштей эле, жыргалчылыкта жашап жатасың. А мен үчүн бул дүйнө абактай, ушунчалык запкы чектим, кедейчиликтин айынан далай кордукту көрдүм,– деп сөзүн бүтүрөт.

Ошондо Хасан ага карап:

– Эй, баланча! Эгерде сен Аллах Таала мен үчүн Акыретте эмнелерди даярдаганын ойлоно турган болсоң, анда менин азыркы абалым – Акыреттеги абалыма салыштырмалуу абак сыяктуу экенин анык билмексиң. А эгер Аллах Таала сен үчүн Акыретте эмнелерди даярдаганын ойлоно турган болсоң, анда сенин азыркы абалың – Акыреттеги адам чыдагыс азапка салыштырмалуу бейиш сыяктуу экенин билмексиң,– деп жооп берет». (“аль-Хасан уаль Хусейн”, 32-бет)

Хасан ибну Али ою курч көрөгөч адам болгон. Ал жөөттүн берген суроосуна көңүлгө толоорлук, экинчи сурабай тургандай жеткиликтүү жоопту айтты. Анткени ал жөөттүн азыркы кыйналган абалы – Акыретте каапырлар үчүн даярдалган жан чыдагыс азапка салыштырмалуу алганда жыргалчылык экенин түшүндүрдү. Ал эми Хасандын бул дүйнөдөгү бакубат жашоосу – Акыретте такыбалар үчүн даярдалган түбөлүк ырахатка салыштырмалуу алганда абак сыяктуу экенин баяндады.

Арабчадан которгон:
Эрланбек Кушчубек уулу
________________
© ИсламОнлайнKG
– [moderated]/islamonlinekgz
– Facebook.com/islamonlinekg


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#737 Пользователь офлайн   Meruet84   02 Январь 2016 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Келменин кучу
Оорукана реанимация болумундо 14 15 жаштагы бала палатада керебетте жатат. Аны болумундогу доктурлар ороп алышкан. Баланын энеси баланын денесин колу менен ороп ыйлап турду, окунучтуусу оорулууну кеч алып келген болчу. Доктурлардын бироосу баланын кулагына акырын шыбырап<< келме келтир, бейишке тушосун>> - бала унчукпаган болуп, козунон жашын агызып жата берди. Эне байкуш койполоктоп ыйлап жиберди. Дагы бир доктур келип" балам келме келтир, жанын бейиште болсун"-дегенде бала башын чайкап, жаздыкка жашын тогуп жата берди. Дагы бироосу эми бир нерсени айтмакчы болгондо, бала бар кучун жыйнап "Ля Илааха иллолоху, Мухаммаду расулуллох" -деп жан берди. Ошол тапта эненин ырааны купкуу болуп оксуп оксуп ыйлай баштады. Доктурлардын бироосу "эмне учун уулунуз келме келтир дегенде , унчукпай башын чайкады" дегенде, эненин жообуна баары ордунан туруп титиреп кетишти. Эненин жообу " менин уулум дудук болчу"- деген эле...
Котормо:А.Saparov
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#738 Пользователь офлайн   Meruet84   02 Январь 2016 - 19:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Эненин көз жашы.


Жаш кезинде күйөөсү каза болуп калган аял төрт баласын өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот. Эң улуу баласы күйөөсү каза болгон убакта араң гана 11 жашта болчу. Күйөөсү аябай камкор эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин күйөөсүнүн милдеттери аялына түшүп, бардык убактысын балдарын тарбиялоого, балдарына кам көрүүгө жумшады. Күнү-түнү иштеп, жалгыз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Күндүзү иштесе, түнкүсүн балдарына тамак жасап, түн жарымда араң уктачу. Кайрадан эрте менен эртелеп туруп, балдарынын тамак-ашын, кийим-кечесин даярдап, аларды мектепке жөнөтүп, кайрадан алардын мектептен келерин чыдамсыздык менен күтчү. Балдарынын эр жетип, мыкты уул болушу үчүн баарына чыдачу эле.

Түйшүктүү күндөр, айлар, жылдар өтүп балдары бой жетип чоңойду. Балдары баралына жетип, өз алдынча турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү болушса деле апасы балдарынын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алып жүрдү. Арадан жылдар өттү. 60 жашка келген апасы бапестеп өстүргөн уулдарына оор жүк болуп, жалгыз калды. Апасын карагылары келбеген балдары бир күнү чогулушуп, апасын кезектешип карай турган болушту. Апасынын ден соолугу начарлап, сүйлөй албай калды. Убакыттар өттү, апасы керексиз буюмдай бир баласынын колунан экинчи баласынын колуна өтүп, күн өткөрүп жатты. Келиндери да жаман сөздөрүн айтышып, орой мамиле жасашты. Ал мындай кордукка чыдады. Унчукпады. Төрөгөндөн үйлөнгөнгө чейин кам көргөн уулдарынан ушундай мамилени көрдү. Уулдары болсо, апасынын жоопкерчилигин алыштын ордуна бири-бирине түртө салышты. Апасын карагандан айынан бири-бири менен урушушту. Кароо кезеги кичүү баласына келди. Ал аялы экөө достору менен конокко бармак болушкан. Бирок апасын ким карайт? Жинденген уулу улуу агасына чалды.

- Байке, бүгүн менин аябай зарыл жолугушум бар, барбасам болбойт. Апамды сеникине алып барам, бүгүн менин ордума сен карап тур.

Агасы ачууланып инисине: “Алып келсең мени эшикти ачат деп ойлобо”-деп кыйкырып, экөө урушуп кетишти. Урушканына карабай иниси апасын агасыныкына алып жөнөдү. Дарбазаны такылдатты. Эч ким ачпады. Дагы такылдатты. Агасы дарбазаны ачмак турсун, кызыгып келип сурап койбоду. Такылдатып тажаган иниси: “Дарбазанын артында апаң отурат. Дарбазаңды ачып, апаңды үйүңө алып кирип ал”-деп кыйкырып, барчу жагына кетип калды. Апасы булардын баарын көрдү. Көзүнүн жашы көл болуп куюлду. Кыймылдаганга алы келбеди. Сүйлөй да албайт эле. Көпкө отурду. Эч ким дарбазаны ачпады. Бир тирүү жан апасын издеп чыкпады. Эч ким апам тамак жейт бекен, уктайт бекен деп ойлободу. Апасы уулдарына жасаган көп жылдык камкордугуна ушинтип таш боор жоопту алды. Уулдарынын жаш кездерин, уулдары үчүн тамак, кийим-кече издеп өткөргөн күндөрү элестеп жатты. Өзүнө-өзү: “Чын эле ушулар менин балдарымбы? !!!.... Мен буларды аздектеп сүйүп, ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп чоңойттум... . Түнкүсүн суу ичет элем, тамак жейт элем деп түн уйкумду канча бузушту... Ага жинденбедим. ... Оорушса кошо оорудум... Окуттум, үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу кылдым, бирок акырында жалгыз калдым, суукта калдым! Ачка калдым. Караңгы түндө жалгыз калдым! Апасы аябай ызаланды. Өткөн күндөрүн эстеп аябай ыйлады. Караңгы түндө кароосуз жалгыз калды.....

Эрте менен жумушка жөнөгөн уулу дарбазасын ачса, апасы дарбазанын артында өлүп калыптыр....

Ыйык Куранда айтылат: “Ата-энеңерге камкор болгула жана аларга эч качан “уфф” деп айтпагыла! Аларга мээримдүү сөздөрүңөр менен кайрылгыла! ”.

Ата-энеңерге жасаган жаман мамилеңер үчүн бул жашоодо жазаланышыңар мүмкүн! Ошондуктан, ата-энеңерге алар мындан ары силерге керек эместей мамилени сездирбегиле! Ата-энеңер менен бирге жашагыла! Аларга жылуулук бергиле, мээрим чачкыла, көңүл бургула! Алар ар дайым силердин жылуу мамилеңерге муктаж экендигин унутпагыла! Ата-энеңерди таштабагыла! Силер ата-энеңерге кандай мамиле жасасаңар, силер да балдарыңардан ошол мамилени көрөсүңөр! Ата-энеңерди карагыла!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#739 Пользователь офлайн   Meruet84   02 Январь 2016 - 19:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Атанын олооруно козу жетип калгандыктан баласын кашына чакырып акыркы керээзин айтууну туура корот.
-Балам ушунча жыл топтогон мал дуйном бир сага калат.Ал сенин баландын баласына да жетет.Эми сенден бир отунучум мен олгондон кийин он бутума байпагымды кийгизип кой,-дейт.
Баласы макулдугун берип чыгып кетет.Атасы айылдын имамын чакырып кат берет.Олгондон сон баласына берип коюсун суранат да ошол туну жан берет.Табытты жуунтуруп,кепинге орогон сон баласы атасын айтканын кылып байпак кийгизип коёт.Бирок буга имам мумкун эместигин айтып каршы чыгып ага атасы таштаган катты берет.Катта мындай баяндалат:
"Балам,мен да сага окшоп атамдын айтканын тушунбодум. Бул жалганда туболук жашачуудай доор суруп келдим.Мына кези келип Аллахтын амирине баш ийип,туболук жашоого бет алдым.Бирок топтогон малым калып кетти,Кордунбу уулум,ошол байлыгымдан кала берсе байпагымды да алып кете албадым,Аллахтын амирине баш ийип,дуйного ач коз болбо.Баары калып кетет,"-деген саптар бар эле.Чечим чыгарыныз эми!!!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#740 Пользователь офлайн   Meruet84   03 Январь 2016 - 00:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~~“Хырка-и шариф” (Пайгамбарыбыздын ыйык чапаны)~~


Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбарлыгын угар замат мусулман болгон Вейсел Карани ичинде айтып түшүндүргүс ашыктык менен күйүп-жана баштайт.

Анын ичиндеги ашыктык ушунчалык чексиз болгондуктан, акыры бул ыйык белек ага насип болду. Вейсел Карани хазреттери Пайгамбарыбызды көрүүнү абдан каалайт, бирок, көзү көрбөгөн, оорукчан апасы бар эле. Ага тамак жедирип, жуунтуп, бөбөк сыяктуу карап туруусу керек эле. Пайгамбарыбыздын жанына баргысы келет, бирок, жардамга муктаж апасын таштап кантип кетет? Жол узактыгы эрте чыкса кечинде кайтып келе ала турчу жерде эмес. Мына ушул чарасыздыктын ичинде өзүн ибадатка берет... Бир күн келет, пардалар ачылат, ал зикир менен алек болгон кезде караган мал-жаныбарларын периштелер кайтарышат. Сырттан карагандарга бечара чабан болуп көрүнөт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) ушул тарапка ыйык жүзүн буруп: "Йемен тараптан рахмет шамалы урууда” жана "Үммөтүмдө бир адам бар, кыяматта Ребиа жана Мудар урууларынын койлорунун кылдарынын санынчалык көп кишиге шапаат кылат...”, - дейт.

Сахабалар сурашат: "Эй, Расулаллах, ал киши ким?”

-Аллахтын кулдарынын бири.

-Биз баарыбыз кулбуз, анын аты ким?

-Увейс!

-Каерлик болот?

-Карн деген жерден болот.

-Ал сизди көрдү беле?

-Көзү менен көрө элек.

-Сизге ушунчалык ашык болуп туруп сизди көрүү үчүн, кызматыңызды кылуу үчүн кантип жүгүрүп келбейт?

-Анын келбегендиги менин динимди бекем кармагандыгынан улам. Карыган апасы бар. Көздөрү көрбөйт, колдору иштебейт. Уулу Увейс болсо күндүз чабандык кылат, тапканын апасына жумшайт.

Чапанымды ага жеткиргиле

Хазрети Абу Бакр Пайгамбарыбыздан: "Биз аны көрө алабызбы?” – деп сурайт. "Сен көрө албайсың”, - деп жооп берет Пайгамбарыбыз. Андан соң Хазрети Омар менен Хазрети Алини карап: "Алаканынын ичинде бир күмүш көлөмүнчөлүк агарган түс бар. Ал барас оорусунун ак түсү эмес. Ага жетип барганда саламымды айткыла, үммөтүмө дуба кылсын”. Расулуллах алейхиссалмдын акыретке көчү жакындаганда Вейсел Каранини эстеп: "Чапанымды ага жеткиргиле”, - деп буюрган. Хазрети Омар менен Хазрети Али Пайгамбарыбыздын саадат чапанын Вейсел Караниге (Увейси Карни) тапшыруу үчүн Карн деген жерге келишет. Сураштырып отуруп аны табышат. Намаз окуп жаткан болот. Салам берип, Хазрети Омар жанына барып сурайт:

-Атыңыз ким?

-Абдуллах (Аллахтын кулу).

-Кайсы Абдуллах?

-Бул аймакта мени Увейс деп аташат.

-Оң колуңдун ичин көрсөтө аласыңбы?

-Мына, караңыз.

-Пайгамбарыбыздын сизге саламы бар. Ыйык чапанын сизге жиберди, "Алып кийсин, үммөтүмө дуба кылсын”, - деп буюрду.

-Эй, Омар! Мен алсыз, күнөөкөр кулмун. Бул осуят башка бирөөгө айтылган болуп жүрбөсүн?

-Жок, Увейс! Биз издеген киши сенсиң. Пайгамбарыбыз сенин келбетиңди, өзгөчөлүгүңдү так билдирген. Вейсел Карани хазреттери өтө толкунданып, башын ыйын чапандын үстүнө коюп Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө дуба кылган эле.

Элдин зыяраты үчүн

Вейсел Карани хазреттери Пайгамбарыбызды ушунчалык сүйгөндүктөн Ухуд согушунда Расулуллахтын ыйык тишинин сынгандыгын угуп абдан кайгырат... Жерден бир таш алып: "Хазрети Пайгамбардын тиши сынган болсо мен тишти эмне клмак элем”, - деп өз тишин уруп сындыргысы келет. Бирок, Пайгамбардын кайсы тишинин сынганын биле албайт. Ошондуктан, өзүн кармана албай тиштерин таш менен бир-бирден сындырат. Бул кандай гана чексиз сүйгөндүк...

Арадан жылдар өтө. Увейси Карниге белек кылынган ыйык чапан Вейсел Карани хазреттеринин урпактары тарабынан сакталып, кийин Аббаси үй-бүлөсүнөн болгон Хаккари ооданына өкүмдарлык кылган Ирисан Бектеринин колдоруна өтөт. Ирисан Бектери бул чапанды Осмон султандарынан Султан II Осмонго белек кылышкан. II Осмон булардын урпагынан келген үй-бүлөдө аманат болуп калуусун жана ар Рамазан айында элдин зыяратына ачылуусун каалайт. Султан Абдулмажид Фатих ооданындагы Хырка-и Шариф Жами мечитин тургузуп, ар жылы ыйык чапан Рамазан айында дүйнөнүн төрт түпкүрүнөн келген адамдар тарабынан зыярат кылынууда.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: