Экинчи турмуш. Бул азыр копчулук деле тан калбай, чоочубай эле угуп калган корунуш. Учурда баш кошуулар коп, ажырашкандар андан коп... Кечээ эле "уйлонуп жатышыптыр"
деп уккандарыбызды кайра эле жыл айланбай "ажырашыптыр"
деп угуп калабыз. Окунучтуу. Албетте окунучтуу. Бирок азыркы жаштар турмушка коз карашыбыз ото эле ар тараптуубу,
же ушунчалык турмушту оюн коруп женил сезип калганбызбы?
Турмуштан жанылышып, жаштык кылып, адашып-ажырашкандардын катарын мен да толуктайм...
Суйуп-куйуп журуп, ата-энеми уккум келбей так секирип, ыйлап-сыктап суйгонумо турмушка чыктым. Кээ бироолор айткандай биздин суйуу никеден кийин башталбай эле, тескерисинче соолуп калды. Доркурогон чон тойдун таасири копко жетпей таркап, 1 айдан кийинки жашообуз, мамилебиз оорлошуп акыры сабырыбыз 6 айга гана жетти. Оз-озубуздун эркелигибизден экообуз тен ата-энелерибизгк арызданып журуп душмандрга айлантырып алдык. Кудай кошкон куда-кудагыйлардын сыйы копко узабай биз учун жаман-жакшы айтышып, жек корушуп бутушту. Акыры экообуз оз буюмдарыбызды болушуп, ажырашып тындык. Ажырашкандан кийин озунчо конушо албай кыйла азап тарттык. Сагыныштык.
Жолугушуп журдук. Ажырашкан менен нике бузула элек болчу. Жашыруун жолугушуулардын аягы да уруш-талаш, тушунбостуктор менен бутчу. Кайра эле таарынышмай,
коштошмой, номерлерди очурмой... Кайдаан... Бири-бирибиздин номерлерибизди жатка билет элек го чиркин...! Бара-бара мурдагыдай тартылуу деле жоголду. Байланыш деле суздап барып узулгонсуду.
Ажырашканыбызга толук 3 жыл болгондо мен башкага турмушка чыгып кеттим. Ал да жакында уйлонду. Кыскасы китептин биринчи тому сонуна чыкты.
Негизги максат мурунку нерселерди жазуу эмес. Азыркы турмушум мени сыгат. Эзет. Коп ойлонтурат.
..
Интернет аркылуу тааныштык. Жакшы создорду жазып, чалып копко жакшы нерселерди айтып берип журду. Мен жактырган деле жокмун. Суротун коруп эле айныган элем. Бирок жармашып алды. Суйуп калганын айтып, омур бою алаканына салып жашаарын айтып эле безилдейт. Ошол эле учурда дагы бироо менен тааныштым. Уйу да биздин уйго жакын экен. Ал жолугушууга чакырып, достору менен олтурган жерлерге алып барып журду. Ал эми телефондогу "геройум"
созго чечен эле. Тилинен бал таматго чиркин... Бара-бара мамилелер эки тараптан тен олуттуу болуп баратты. Турмушка чыгуу керек. Биринин 4 жашар кызы бар. Биринин 2 баласы бар. Бири Москвада иштейт. Бири убактылуу иштебейт. Бирок иштебесе да уйлуу-жайлуу,
ата-энеси менен жашайт. Келбеттуу. Келишимдуу.
Тартынбаган адам эле. Уйго келип ата-энем менен да таанышты. Биринчи турмуштан жолу болбой калган кызына куйуккон апам эртеси эле сураштырып анын оорукчан экенин угуптур. "Жакшылап ойлон, жашай турган сен" дешти. Ал эми беркинин ата-энеси баласы коро элек кызга себетин туйуп уйго келип алышты. "Уй-жайын жок" десем "ин ша Аллах баары болот" деди, "билимин жок" десем "эн башкысы акыл, тарбия" деди, "кызын бар да" десем "ата-энем багып алган бизге зыяны тийбейт" деди, "айылда жашай албайм" десем "шаардан уй салып берем" деди, кыскасы ар бир созумо жароо жооп табып конулумду жайгарганга аракет кылып калчу. Ишендим. Чындыгында ишендим. 3-класстан кийинки билими жоктугуна коз жумдум, акылына кирип калган кызы бар экенине коз жумдум, колунда коко тыйыны жоктугуна коз жумдум, коргонду бир аз чоочута турган туру суук келбетине коз жумдум, теги алыскы, ото алыскы айылдан экенине жана уй-булоосу бут окубаган карангыр адамдар экенине да коз жумдум... Эмнеге баарына коз жумганыма озум дагы тушунбойм. Мактанайын дебейм, бирок чындыгында менин теним эмес. Ата-энем, бир туугандарым баарыбыз жогорку окуу-жайларын окуп билимибиз кудайга шугур. Элдин алды болбосок да башкалар суктанчудай турмушубуз бар, барчылыкта осконбуз. Жокчулукту тээ балалыгыбызда коруп жакшы деле билбей калдык. Эмнеге тандап келип-келип ушуга макул болуп тийип калдым озум эч тушунбойм. Никеден кийин деле жактыра албадым. Конулум айланат корсом. Дек кором. Мага берген убадаларынын бири жок. Тескерисинче караандай калптарын карындашы чукуп айтып берип эсими оодарды... Корсо мага айткан неоселеринин бири да жок, мен ойлогондон алда канча начар экен баары. 'Кыйратам'
деп кеткен, жарытып бир иш бутуро элек. Атугул биринчи турмушунан заксы кыркыла элек экен. А менин ичим кун санап осуудо. Балам торолсо куболукту кандай алам заксыбыз жок? Качанга чейин оз ата-энемин уйундо жашайм? Ал бир жаш жигит болсо бир жон, 30 жашында же уйу жок, же малы жок, же бир тузугуроок кийими жок устундо... Ата-энеси жардам бермек турсун тескерисинче суранышат. Бир туугандары суранышат. Кызын багат. Мен торосом кимге жалдырайм? "Эчнерседен кем кылбайм" деген созу ооздун жели болуп эле калган. Биринчиси макул-жаштык кылыпмын. Экинчисинде да адашып калганыма окуном. Бирок ажыраша албайм. Ата-энеми дагы элге уяткаргым келбейт. Бир гана ата-энем учун аны жек корсом да чыдап келем. Жаза берсе соз толтура, кайсы бирин арман кылам... Ушунчалык буулугуп кеттим. Келечегимди элестете албайм... Сабыр кылып келем, бирок кээде ушунчалык жаным кашайып кетет. Оз жанымды кыйып баарын таштап кетким келет. Бирок ата-энеми аяйм, ичимдеги томпойгон аз убакытта жарыка келе турган баламды аяйм... Кандай кылып аны ондойм? Каратып туруп жалганды урдура берет. Чындыкты козуно сайып турсан деле калп айтып туруп алат. Ойлонбойт. Турмушубузду ондоого аракет деле кылбайт. Ото коп суйлойт. Суйлой эле берет. Суйлой эле берет. Суйлой эле берет... Курук убадаларды беруудон чарчабайт. Жек коргон сайын андан бетер конулуму калтыра берет. Канткенде кандай болот? Кенеш кутом...
Буулугуп кетем... тагдырбы же жанылышкан тандообу...?
#2 03 January 2016 - 14:19
Ал жактагы чыгарманды аягына чыгарып баштасан жакшы болмок экен .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#3 03 January 2016 - 14:24
Ал жактагы чыгарманды аягына чыгарып баштасан жакшы болмок экен .
Чыгарма жазууга да таптакыр конул жок болуп жатат. Сыгылып кеттим. Баштабай эле турбапмын ошол чыгарманы деле. Куттургонуму тушунуп эле журом, жазганга эч маанай болбой туруп албадыбы...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#5 03 January 2016 - 14:33
Кечиресин, чыгарма окшойт депмин.. абалын ото оор экен. жаш болгонум учун кенеш бере албайткем...
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#6 03 January 2016 - 14:34
Эмне дешимди да билбей калдым.Эмнеге экинчи жолу турмушка чыгууга шашылдыныз?
Сутко оозу куйгон адам айранды да уйлоп ичет дейт го.кандай чечим кабыл алсаныз да кийин окунбогондой болун.
Сутко оозу куйгон адам айранды да уйлоп ичет дейт го.кандай чечим кабыл алсаныз да кийин окунбогондой болун.
УМУТТУН ШООЛАСЫ ОЧПОЙТ.
#9 03 January 2016 - 14:57
Шашылып чыгып алдым дейин десем тузук эле журдум. Турмуштан ажырашкан келин копко жалгыз бой журсода болбойт экен. 3 жыл менимче шашканга деле кирбейт. Тагдырбы, насиппи? Жаман тажап кеттим баарынан...!
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#11 03 January 2016 - 15:03
Эххх... Жашоо эмнеге мынча оор? Турмуш эмнеге мынча татаал? Жашоого бир жолу жаралган сон, кана ар бир адам татыктуу жашап отсок... Менимче омур бою арман кылып, окунуп жашагычакты ажырашып эле кеткениниз он го. Жакшылап ойлонуп озунуз чечим чыгараарсыз.
..
#12 03 January 2016 - 15:08
Жек көрсөң мындан аары жашооң кандай болот?. Жок дегенде сыйлоо,жактыруу ,сүйүүнү айтпай эле коеюн сезимдери болгондо,чоогу бутуңарга туруп,жашооңорду алып кетет элеңер да. Ал адам да жашоого жеңил караган,күнүмдүк жашоо менен жашаган бир кокуй күн окшойт да. Калп айткан адам жарыбайт дейт. Билбейм эмне дешти. Өзүң билип өзүң чечесиң да. Жашоо сеники. Жакшылап сынап,байкап туруп анан турмушка аттансаң болмок экен. Башында ле жактыруу сезими болбогондон кийин. Бактылуу бол автор...
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
#13 03 January 2016 - 15:21
Чыгарма жазууга да таптакыр конул жок болуп жатат. Сыгылып кеттим. Баштабай эле турбапмын ошол чыгарманы д еле. Куттургонуму тушунуп эле журом, жазганга эч маанай болбой туруп албадыбы...
Мен улантсам болобу .Бирок менде китеби жок эле да.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#14 03 January 2016 - 15:21
Ажырашып эле кеткениниз он. Аракет кылбаса ал деген кийин мындан бетер окунуп кеч болуп кала элегинде нары же бери кылсаныз демекмин. Бир келген жашоодо азап тартпай адамча жакшы коргон адамын менен жашаш керек. Жашы деле чон экен башынызга тартасызбы андай эрди. Жашында иштебеген карыганда иштемекби. Биринчи аялы бекеринен ажырашып кетбесе керек козу жеткенго бирболсо.
#15 03 January 2016 - 15:36
Мен улантсам болобу .Бирок менде китеби жок эле да.
Улантсаныз улантып коё бериниз, китеби менин ойлорумда... Фантазиянызга карап жаза берсениз болот... Рахмат.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#16 03 January 2016 - 15:39
Ажырашып эле кеткениниз он. Аракет кылбаса ал деген кийин мындан бетер окунуп кеч болуп кала элегинде нары же бери кылсаныз демекмин. Бир келген жашоодо азап тартпай адамча жакшы коргон адамын менен жашаш керек. Жашы деле чон экен башынызга тартасызбы андай эрди. Жашында иштебеген карыганда иштемекби. Биринчи аялы бекеринен ажырашып кетбесе керек козу жеткенго бирболсо.
Ата-энеми кантем? "Эки эрден чыкты" дешет да эл... Ичимдеги баламы кантем?((((((
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#17 03 January 2016 - 16:19
Ата-энеми кантем? "Эки эрден чыкты" дешет да эл... Ичимдеги баламы кантем?((((((
Ата энен тушунот болуш керек,ал эми эл эмне дейт дегенин эмнен?Эл айтып айтып калат,эл жаман кунундо сени менен болмок беле?Жалган суйлогон адам онолбойткоо. ..А ичиндеги баланы торо,озун эле багып аласын буюрса.Дагы озун ойлон,качанга чейин ушинтип жашай аласын?!
Ооба баары акылдуу...
#18 03 January 2016 - 17:15
Автор,андай адам менен омур бою кантип жашайсын,элден эч уялба,эл айтып калат.Кийинки жашоонузду ойлонунуз,ушундайда эле ажырашып кетин,эртен дагы боюнузда болуп калсачы,анда омур бою кантип жашайсыз,балага байланып.Бир баланы озунуз бакканга кудуретиниз жететтир,эми мындан кийинки жашоонузга бактылуулук каалайм,коп кыжалат боло бербениз.
#19 03 January 2016 - 17:31
Лучще быть голодным чем что попала есть, лучще быть один чем с кем попала быть! ( Омар Хайям ) Жети олчоп бир кесиниз. Омур бою кыйналгандан коро.
#20 03 January 2016 - 19:18
Салам! Кандайсыз? Ватсапп барбы? Болсо ват номериниз калтырып коюнчу, купуядан. Ошол жактан кенири суйлошот элек. Кутом.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















