Аял өзүнүн назиктиги, мээримдүүлүгү,
ыйбаалуулугу,
жана жылуу-жумшак мүнөзү менен эркектен өзгөчөлөнүп турат. Мына ошол себептен үй-бүлөнүн куту болуп саналса керек. Эркек эч бир жерде таба албаган мээримдүүлүк менен ыйбаалуулукту андан таап, өзүнчө бир бейпилдик менен ыракатка, мээрим менен сүйүүгө бөлөнөөрү шексиз. Бул жагдай Ыйык Куранда: "(Алла Тааланын) аян-белгилеринин дагы бири - ыракатка бөлөнүүңөр үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарда мээрим менен сүйүүнү пайда кылып койгону..."
- деп айтылат. Ошондой эле, аял киши да өзүнүн жолдошу менен мына ушундай ыракат менен бакытка, мээрим менен сүйүүгө бөлөнөт. Анткени, "Момун эркектер менен момун аялдар бири-бирине өз ара көмөктөшкөн ынак достор". Мына ошентип, Ислам дини үй-бүлөнү бейиш бакчаларынын бири катары санагандыгы да жөн жеринен эмес.
Мусулман аялзаты үчүн зарыл китеп Ш.Маматкулов, Ч.Жалилов, А.Осмон уулу
#41 03 January 2016 - 17:40
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#42 03 January 2016 - 17:59
"
Аял деген ким?" Аял деген бейиш анын таманынын астында болгон эне. Аял- бул үй-бүлөдө баары сый-урмат менен мамиле кыла турган, жароокер жубай, балдардын алгачкы табылгыс тарбиячысы.
Асыл маданияттын,
учугу узүлбөгөн үрп-адат менен баасы бийик нарк-насилдин башаты, жашоонун угуту. Бул дүйнодөгү өзүнүн милдеттерин талаптагыдай так аткаргандан кийин бейиштин каалаган эшигинен кире турган өзүнчө эле бир периште.
Албетте, Ислам дининде аялзатынын баа-баркы тууралуу айта берсе сөз көп.
Албетте, Ислам дининде аялзатынын баа-баркы тууралуу айта берсе сөз көп.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#43 03 January 2016 - 18:12
2) Аялдын укуктары менен жоопкерчиликтери
2.а.Аялдын укуктары
"Эгерде алардын бирөөсүнө кыз перзент(көргөнү) жөнүндө "сүйүнүч кабар" келе турган болсо, ачууга буулугуп, жузү карарып чыгат..." Бул аятта Ислам дини келгенге чейин жахилия(караңгылык ) доорундагы адамдардын аялзатына болгон көз карашы айтылган жана андай көз караштын туура эмес экендиги да белгиленген. Ал эми чындыгына келгенде: "Алла Таала каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине кыз перзент берсе, каалаган кулуна уул бала берет" .
Аял да эркек сыяктуу эле төрөлөт, жашайт жана акыр аягында Кудайдын алдына кайтып барат. Анткени, аял менен эркек экөө тең адам. Ата-эне да кыз болобу, уул болобу бардык перзенттерине бирдей мамиле кылуусу зарыл. Эгерде пендечилик кылып кайсы бирин экинчисинен өйдө тутса, же жакшы көрсө, анда мына ошол жасаган мамилеси тууралуу суракка тартылары бышык. Анан да, Ардактуу Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи вассалам) насааты менен буйругун аткарбагандыгы үчүн Анын насааттынан куру жалак калышы толук мүмкүн. Мына ошол себептен кайсы бир ата-эненин Ислам дини келгенге чейинки жапайы жорук-жосундарга орун бербөөсү үчүн кыз перзенттердин таалим-тарбиясына өзгөчө басым жасаган жана "Үч (эки, керек болсо бир) кыз перзентин жакшылап тарбиялап чоңойткон адам бейиште өзү менен чогуу боло тургандыгын" , - айткан.

#44 03 January 2016 - 21:05
Кыз бала төрөлгөндө да, уул бала төрөлгөнү сыяктуу Алла Таалага шүгүр келтирүү максатында акика(бала төрөлгөндө чалына турган курмандык) курмандыгы чалынат. Ага жакшы ат коюлат. Ата-энеси ага жакшы таалим-тарбия берүүгө милдеттүү. Албетте, алзатына таандык маалыматтар менен адеп-ахлакты энесинен үйрөнөт. Куран менен сүннөттө илим алууга үндөгөн аят-хадистердин эч биринде кыз баланы, уул перзенттен бөлүп караган эмес. Тескерисинче,
аялдардын илим-билим алуусун баса белгилеп, алардын акы-укуктарын корголуусу керек экендигин айткан. Пайгамбарыбыздын(салаллоху алейхи вассалам) доорунда эле мужтахид(ислам динин эң көрүнүктүү,
жетик аалымдарына берилген ат) аялдар чыккан.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#45 03 January 2016 - 21:26
Ал эми бой жетип, турмуш кура турган куракка келип калган кыз өз колун сурап келген болочокто күйөө боло турган жигитти көрүүгө, тандоого укуктуу жана бул сүннөт иш-аракеттерден болуп саналат. Эгерде ал жигитти жактырбаса,
ага макул болбой койгонго акысы бар. Ата-энеси менен колун сурап келген тараптын акидей асылуусу да, анын чечимин жокко чыгара албайт. Ошондой эле бул маселеде эч кимдин эч кимге кысым жасаганга укугу жок.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#46 04 January 2016 - 19:58
Кудай буйруп, баш кошуп, бүлө күтө баштаганда күйөөсүнөн өзү каалагандай таризде, же суммада махр(үйлөнүп жаткан учурда эркектин өзүнүн ак никесине алып жаткан аялга (макулдашылган өлчөмдө) берүүсү керек болгон мал-мүлк, акча ж.б.у.с. нерселер болуп эсептелет. Махр бул аялдын өздүк акысы. Эркектин сөзсүз түрдө аялына махр берүүсү шарт.)алганга укугу бар. Албетте, махр жаш жубайлардын каржылык жана коомдук абалдарына жараша болуусу зарыл. Махр- бул аялдын Алла Таала тарабынан белгиленген табигый укугу жана жашоо кепилдиги. Ал эми махрды жеке өзүнүн башка мал-мүлктүн(эгерде бар болсо) кайда жана кандайча жумшай тургандыгын аял киши өзү чечет. Анткени, өзүнүн коомдук кепилдиги күйөөгө тиери менен кепилдикке алынат. Үй-бүлөнү камсыздоо, көр оокат жана аял үчүн зарыл болгон бардык буюм-тайымдар менен каржылоолор автоматтык түрдө эркектин мойнуна жүктөлөт. Эркек аялына: "Өзүңдүн кийим-кечеңди жана өзүңө керектүү жасалгаларыңды өзүңдүн акчаңа алгын!"
- деп айта албайт. Кандай шартта, кандай күндө болсо да, үй-бүлөсү менен аялынын нафакасын камсыздоого толук түрдө эркек милдеттүү. Эгерде камсыздай албай турган болсо, үйлөнбөөсү керек. Ал эми үйлөнгөндөн кийин камсыздай албай калса, анда аялы аны менен ажырашуу талабын коюуга толук укуктуу.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#47 15 January 2016 - 14:35
Бисмилляхир Рохмаанир рохиим.
СЫЙЛУУ КОЖОЙКЕ БОЛУШ УЧУН. . .
Сарамжалдуулукту жана уй жумуштарын жакшы билбеген аял издеген эркек эч качан наадан,атыгул "Ихлас" суросун да билбеген,ушак менен убактысын откозуучк,тигишинен бир аз согулгон кийимди да тиге албас,палоону шавладан айрымалай албаган,эки турлуу тамак бышырууну да билбеген,кыскасы колунан эч бир иш келбеген аял менен турмуш курууну каалабайт.Мындай кыздарды наадан бироо анын байлыгына карап гана аялдыкка алуусу мумкун.
Дээринде адам-пенде ар дайым мал-мулкту пайдалуу жолго жумшоону каалайт,пайда келтирбесе, жоголуп кетти эсептейт.Кээ бир кишилер уй тиричилигин абдан чебер дуйно параздык менен башкарат,уномчулдук алардын табиятына каршы келет.Бирок, сарандык акыр тубу байлыкка эмес,жакырлыкка алып келет.Тескерисинче, садагага коп акча жумшаган адамдардын байлыгы берекелуу болот.
Ошондуктан уномчул, сарамжалдуу болуу,ысрапкерчиликен сакануу,ар бир аялдын милдети.Анткени жумуш кылуу аркылуу акча иштеп табуу эркектин, ал эми куйоосу алып келген ар бир тыйынды сарамжалдуу, уномдуу пайдалануу аялдын мойнундагы милдет.
Жакшы кожойке болуш учун аял киши томондогулорго назар салуусу кажет:
1) Жашылча - жемиштердин чирип кетуучуно жол бербоо..
2) Тамактарды ачып - айнып кетуудон сактоо..
3)Катып калган нандарды да кандайдыр бир акмалар менен(мисалы сухарик кылып) тамак катары колдонуп кукумду да таштандыга таштабоо..
4) Кийингенде мода куубастан,бирок ар дайым таза кийинуу..
5) Акылман Умама да оз кызына ушуларды насят кылган

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#50 23 January 2016 - 07:26
Чоон рахмат сизге Нурзида эже! Жараткан, Мээримдуу,Кудуреттуу Аллах ыраазы болсун сизден! Кандай гана керемет создор! Ар бир кызга "Бактылуу Аял" болуу насип кылсын! Ошолордун катарында сизге, мага дагы! Омин!
Сен ушундай күл, адамдар сени ыйлатуудан уялсын.
#51 26 January 2016 - 14:42
Урматтуу мусулман бир туугандар аялдарга тиешелүү шарият маселелери жөнүндөгү электрондук форматтагы китептен жөнөтүүнү туура көрдүм.
#52 26 January 2016 - 14:43
[14:22, 26.01.2016] ibragim: Пайдалуу китеп
Сыр эмес, заманыбызда үй-бүлө, жубайлардын ортосундагы мамилелер коомубуздун эң орчундуу маселелеринин бирине айланды. Ажырашуулардын саны көбөйгөн, перзенттердин “тирүүлөй жетим” калуу учурлары аз эмес. Үй-бүлөнүн куту, балдардын тарбиясына жоопкер, үй-бүлөнүн чырагы болгон аялдар базар экономикасынын себебинен көчөгө чыгып, соода-сатык менен алектене башташты. Кээ бири муктаждыктан ага мажбур болсо, башкасы өткөөл кызыгуулар, каниетсиздиктен бул жолго түшүп жатышкандыгы анык. Бул туурасында эркектердин көңүлкоштугу да чоң себептерден бири.
Бирок булардын баарынан да таасири күчтүү, акыбети өтө жаман болгон башка бир себеп да бар. Ал Аллаh Таалага баш ийбестик, илимсиздик. Эркек да, аял да өзүнүн алдындагы шаръий милдеттерин жакшы билбейт, аткарбайт.
Натыйжада үй-бүлө мүчөлөрүнүн башы жаңжалдан чыкпайт.
Балдардын тарбиясы жарым-жарты, кемчиликтүү болуп калат. Алар мээримсиз, мерез болуп бой тартышат.
Кудайга шүгүр, кийинки жылдарда ушул маселелерди үйрөнүү, жаман натыйжалардын алдын алууга көңүл буруу күч алды. Ошондой эле, түрдүү жылдарда “Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери”, “Мусулман аялдын күйөөсүнүн алдындагы милдеттери”, “Аялдарга тиешелүү маселелер” сыяктуу китептердин басып чыгарылышы бизди кубандырат.
Бүгүн болсо дагы бир кубанаарлык окуя үстүндөбүз:
“Аялдарга тиешелүү эң зарыл шарият маселелери” атуу китеп басмадан чыгып олтурат.
Бул китеп башка китептерден бир нече тараптан айырмаланат.
[14:23, 26.01.2016] ibragim: Биринчиден, китептин кенен корутундусун айтып өтмөкчүмүн. Темага тиешелүү эң чакан, эң назик маселелер да этибардан четте калбаган. Мазмунуна назар салган киши дароо бул нерсеге ишенич пайда кылат.
Экинчиден, китептин ишеничтүүлүгү маселеси. Дээрлик ар бир өкүм мазхабыбыздын эң таанымал шарият китептеринен алынгандыгы анык көрсөтүлгөн.
Үчүнчүсү, китепте бүгүнкү турмушта адат болуп жаткан айрым учурларга тиешелүү маселелер боюнча да негиздүү өкүмдөр берилген. Китептин “Даарат жана гусл”, “Исламдагы эмчектештик”, “Намаз жөнүндө керектүү маселелер” сыяктуу темаларында мына ушундай “эң заманга жараша” темалардагы суроолорго да негиздүү жоопторду таба аласыз.
Төртүнчүдөн, бүгүнкү күндө бир тайпа инсандар батыш маданиятынын таасиринде адеп-ахлак сыяктуу маселелерде бир топ алсызданып калды. Аллаhтан коркуунун суздашы, ар-намыстын жоголуусу себебинен, үй-бүлө очогунда айрым кооптуу учурлар жүзөөгө чыгып жаткандыгы сыр эмес.
“Хурмати мусахара” (“Арамдыктын пайда болуусу”) темасына тиешелүү ушул китепте берилген өкүмдөр (71-75, 81-85-беттерге көңүл буруңуз!) кишини сергек тарттырат, эскертет.
Демек, колуңуздагы китептин пайдалары эсепсиз.
Жараткан Аллаh аны баарыбызга насип кылсын.
Аллаh Таала өзүбүзгө, бала-чакабызга пайдалуу илим, такыбалуу жашоо, үй-бүлөбүзгө мээрим береке-кут берсин, түз жолдон адаштырбасын. ..
Анвар Турсун

#54 26 January 2016 - 14:50
[14:25, 26.01.2016] ibragim: Даарат жана гусл
Аялдар кайсыл жерде даарат алышат?
Эркектер ар бир таза жайда даарат ала беришет. Ал эми аялдар чоочундар көзү түшпөй турган жайда даарат алышат жана муну менен Исламдын жамынуу жөнүндөгү буйругун аткарган болушат.
Аял мисвак колдонобу?
Мисвак колдонуу бекемделген сүннөт. Эгерде мисвак колдонуунун мүмкүнчүлүгү болбосо, тиш шёткасы же колдун манжалары менен тиштер тазаланат.
Аллаhтын элчиси (САВ) айткан: “Эгерде үммөтүмө оор болбогондо, аларга ар намаздын алдында мисвак иштетүүнү буйраар элем” (Абу Давуд: 1/12); “Мисвак өлүмдөн башка ар бир дартка даба” (“Кашфуль-Хафа”: 1/457).
Кээ бир шарият китептеринде “Аялдар мисвакты такай колдонсо, тиштери алсыздайт, ошондуктан аларга мисвак колдонуу сүннөт эмес, мустахаб болот, сагыз анын ордуна өтөт” деген сөздөр учурайт. (“Маракуль- Фалах”: 20).
Бирок ыйык хадистерде мисвак эркектер үчүн гана сүннөт деген нерсе жок. Тескерисинче, Азирети Аиша (Аллаh андан ыраазы болсун) энебиз мындай деген:
“Расулуллоh (САВ) мисвак колдончу, анан аны жууш үчүн мага берчү. Мен оболу аны тутуп (колдонуп), анан жууп, өзүнө кайра берчүүмүн” (Абу Давуд: 1/13).
Имам Тахтавий болсо аялдардын сагыз чайноого буйрулбагандыгын, мында эч кандай сооптун жоктугун айткан. (Tахтави: 38). Негизи, мисвак үчүн буйрук бар. Сообу жана көп тараптуу пайдасы бар экендигин Пайгамбарыбыз (САВ) билдирген. Шыпаакерлер тиштин жемирилишинин, үстүндө сары каттам пайда болушунун, мүлк жана ооздогу жаралар жана сезгенүүлөрдүн алдын алуу, тамырлар, көздөр, дем алуу жана тамак сиңирүү жолдорундагы түрдүү дарттарды жөнгө салуу үчүн мисвак колдонууну кеңеш кылышат. Ал тургай эске тутуу жана зээн алсыздыгы
[14:25, 26.01.2016] ibragim: кемчиликтерди жана жаман мүнөздү түзөтүүдө, оңдоодо да мисвак чоң курал. Мынчалык сооптон, бүтүндөй, рухий жана ден-соолук пайдаларынан куру калуу туура эмес.
Эркек-аял бири-бири менен кучакташып- өбүшсө, даарат бузулабы?
Кийимсиз, жылаңач абалда же жылуулукту, дененин табын бири-бирине өткөрө турган даражада жука, жибек кийимдеринде бири-бирин дүүлүгүү менен кучактап-өпкөндө эркектин мүчөсү козголсо, эркек менен аялдын даараты бузулат (Тахтави: 74). Бирок дененин табын тосо турган калың кийимде болушса жана мазий деген суюктук чыкпаса даарат бузулбайт. Эгерде бул суюктук, нымдык келсе даарат бузулат. (Тахтави: 51).
Жыныстык мүчөнү кармаса, даарат бузулабы?
Аял же эркек өзүнүн гана жыныстык мүчөсүн кармаса даарат бузулбайт. (Тахтави: 51). Бирок мында колду жуумак мустахаб болот.
Тырмак боёлгон болсо, даарат толук болобу?
Даараттын толук болушу үчүн суу дааратта жуула турган мүчөлөрдүн ар бир жерине жетиши шарт. Жуулушу керек болгон мүчөлөрдө суунун жетишине тоскоол боло турган эрин боёгу, тырмак боёгу, май, сагыз сыяктуу нерселер болсо, даарат болбойт. (“Фатава’и Хиндиййа”: 1/84; “НиъматульИслам”: 45).
Улама (же кеп)чач үстүнөн масх тартууга болобу?
Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Жасалма чач такканга жана тактырганга, денесине чийгенге жана чийдиргенге Аллаhтын каргышы болсун!” (“Тухфатул Ахвази”: 8/68). Жасалма чач башка бир аялдын чачынан жасалган болбошу керек, ал эми химиялык жолдор менен жасалган чач буга кошулбайт.
Улама чач тагуу жахилият (Исламдан мурунку) доордон калган жаман адат. Жасалма чач чыныгы чач[14:26, 26.01.2016] ibragim: анын үстүнөн масх тартуу – башына масх тартуу ордуна өтпөйт.
Байпакчан абалда даарат алса болобу?
Даараттын парздарынан бири бутту жуумак. Бир зарылдык себебинен аял байпакчан абалда буттарын жууса, даараты жарайт. Ханафий мазхабында буттун томуктан төмөн тарабы аврат (уят жай) эсептелбегендиктен байпакты чечип бутту жууш керек. Ошондой болсо да аялдын бутуна атайын караган (чоочун) киши күнөөкөр болот. (“Gunumiz Mes’elelerine Fatvalar”: 2/27).
Көкүрөк жана кулактан келген кан дааратты бузабы?
Бир оору себебинен көздөн аккан суу же көздүн сууланышы, эмчек, кулак сыяктуу мүчөлөрдөн кан, ириң сыяктуу суюктуктардын агып чыгышы дааратты бузат.
(Билман. “Ислам Ильму-Хал”: 66).
Жоолуктун үстүнөн масх тартууга болобу?
Чоочундардын аялдын чачын көрүү ыктымалы болсо жана аял жоолугунун үстүнөн масх тартканда суу ичине өтсө, анда анын үстүнөн масх тартса болот. (“Фатава’и
Хиндиййа”:1/ 9).
Жаткан орунда маний (урук) болсо, кимге жуунуу милдет болот?
Эр-аялдын жаткан орундарынан манийди көрүп, түшүркөгөндөрүн эстей албай, бири экинчисине тиешелүү экендигин айтса, экөөнө тең жуунуу милдет болот. (Ибн Абидин: 1/154).
Гуслдан кийин аялдан маний чыкса, жуунуусу керекпи?
Гуслдан соң аялдан келген маний өзүнүкү болбостон, эркектики болсо, кайрадан жуунбайт, даарат алса жетиштүү.
Аял маний өзүнүкү экендигине каниет кылса, тактап
[14:27, 26.01.2016] ibragim: да маний саргымтыл жана назик болсо, (кайрадан) гусл кылат. (Ибн Абидин: 1/154).
Чач боёгу жана майы гуслга тоскоолдук кылабы?
Эгерде боёк чач талдарынын үстүндө катталган болсо, гуслга тоскоолдук кылат. Дарыгерлердин пикири боюнча, чач талдары үстүндө чач боёгу катталып турат. Ошондуктан чач боёгунун гуслга тоскоол болушу тастыкталган. Кынадан башка бардык боёктор катмар пайда кылгандыгы себептүү аларды колдонууга болбойт. Чач майы чачтын түбүнө суу жетпей турган даражада калың сүртүлсө, гуслга тоскоол болот. Эгерде чачтын түбүнө суу жетсе жана калың сүртүлбөсө анда гуслга тоскоол болбойт.
Жылаңач абалда жуунууга болобу?
Кишинин көзү түшпөй турган жайда жуунуу үчүн же башка бир себеп менен чечинүү мубах (эрктүү иш) (“Сахихул Муслим” (Ибн Давуд): 2/1080). Жуунуп жаткан жай (мончо) беш квадрат зираъ (3,5м 2 )жана андан кеңирээк болсо, гусл кылып жатканда аврат (уяттуу) жерди жабуу сүннөт. (“Жавхара”: 1/14).
Зираъ – узундук болуп, 0,7 м.га тең жана ал эки түрдүү болот – шаръий жана уърфий боюнча. Шаръий зираь – чыканактан ортонку манжанын учуна чейинки өлчөм болгон узундук. Уърфий узундук – желкеден манжанын учуна чейин болгон узундук. Экөө тең өз ордунда этибардуу.
Гусул кылбастан, жеп-ичүү жана уктоого болобу?
Жуунбаган абалда жеп-ичүүнү кааласа, биринчиден колдорун, анан оозун жуйт, анан тамактанса болот .(“ Сахихул Муслим” (Ибн Дауд) 2/1006).
Жуунбаган абалда уктоону каалаган киши эгер намаз убагын өткөрүп жибербестен ойгонооруна ишенсе, уктаса болот.
Расулуллоh (САВ) айткан: “Чынында, ичинде ит, сүрөт жана жуунбаган киши болгон үйгө периштелер кирбейт”
(“Сахихул Муслим” (Ибн Дауд) 2/1000).

#57 26 January 2016 - 22:30
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#59 27 January 2016 - 14:43
[14:25, 27.01.2016] ibragim: Бул хадисте жуунбаган абалда жүрүүнү адат кылган, бир нече убак намазды өткөрүп жибергендер назарга алынган.
Демек, катнаштан соң канчалык тезирээк жуунса, ошончолук жакшы. (“Сахихуль- Муслим” (Ибн Дауд):2/1000).
Булганган кишинин уктаардан мурда даарат алганы ылайыктуу. Кээ бирөөлөр мустахаб деп айтышкан (“СахихульМуслим” (Ибн Давуд): 2/1005).
Булганган аял баласын кандайча эмизет?
Эмизүүчү аялдын баласы ыйласа, жуунуга убакыт болбосо, көкүрөгүн жууп, баласын эмизсе болот.
Жунуб (булганган) абалда түктөрдү жана тырмак алуу
Жуунбаган абалда киндиктин алдындагы түктөрдү тазалоо жана тырмак алуу макрух (“Фатава’и Хиндиййа”:5/ 357).
Бул иштерди жуунгандан соң аткаруу керек (“Фатава’и Хиндиййа”:3/ 358). Этеккир жана нифастагы аялдардын өкүмү да ушундай.
Имам Газзалий “Дин илимдерин жандандыруу” аттуу китебинде мындай дейт: “Жунуб (булганган) кишинин тырмак алышы, түктөрүн кыруусу, киндик алдындагы жана колтуктун түктөрүн тазалашы, кан алдырышы же денесинен ар кандай бөлүктү, үзүшү, сыйрышы дурус эмес. Анткени бардык мүчөлөр, бүтүндөй дене кыяматтка тирилгенде, жуулбай калган же жунуб (булганыч) болгондо жуулбастан кырылган ар бир түк жунуб (булганыч) абалда болот”
(“Mугнил-Мухтажа”: 1/75).
Спираль гуслга тоскоолдук кылабы?
Гуслда жуулушу парз болгон жерлер дененин сырты.
Жатын дененин сыртында болбогондуктан, жуунун зарылдыгы жок. Спираль жатындын ичинде болгондуктан гуслга тоскоолдук кылбайт.
Жин менен катнашта болгонго гусл кылуу милдетпи?
Жиндер мага жакындашат, мени менен катнашта болот жана адаттагы жыныстык катнашта сезе турган туйгуну
[14:26, 27.01.2016] ibragim: табам, деген сөздөрдүн өзү гуслду шарт кылбайт. Бирок аял киши мындай катнаштан маний көрсө, ихтиламдан
(булгангандыктан) жуунуусу керек (“Фатава’и Хиндиййа”:1/ 15).
Аял гуслда чачынын өрүмүн жандырышы керекпи?
Аял өрүлгөн чачтарын гуслда жандырууга милдеттүү эмес (“Дураруль- Хуккам”: 1/17). Өрүлгөн чачтын түбүнө суунун тийүүсү жетиштүү. Мындан максат жеңилдик. Ал эми чачтары жандырылган абалда болсо, ар бир жерин жуумак парз. Эгерде өрүмдөр атайын колдонуучу нерсе менен бирибирине жабыштырылып, чачтын түбүнө суунун жетишине мүмкүндүк болбосо, чачты жандыруу керек. Умму Салама (розияллоху анха) энебиз: “Я Расулуллаh (САВ), мен чачтарын өрүп, байлаган бир аялмын. Жунуб же айыздан кийин гусл кылып жатканымда чачтын өрүмүн жандыруум шартпы?” деп сураганда, Расулуллоh (САВ) минтип айткан:
“Кош кочуштап башыңдан үч ирет суу куйсаң, жетиштүү болот” (Субутус-Салам”: 1/91).
Эгерде эркектин узун жана өрүлгөн чачы болсо, аны жандырып, чечип жуумагы шарт (“Дурарул-Хуккам”: 1/17).
Аял киши жыныстык катнаштан соң айыз көрсө, гусл кылуу зарылбы?
Эгерде аял түшүркөп же эркек менен катнашып булгангандан соң айыз көрсө, гусл кылуу ага ыктыярдуу – кааласа жуунат же болбосо айыздан бошонгондо жуунат.
Анткени гусл бул намаз окуу үчүн. Ал эми намаз окуу – айыз абалдагы аял үчүн каны токтобостон мурда мүмкүн эмес. Ошого карабастан, намаз окубаган айыз учурунда болсо да, жуунган артык (“аль-Мабсут: 1/170). Анткени денени таза суу менен жуумак кан айланууну жакшыртат. Айыз мөөнөтү бүткөн аял жуунбастан мурда жыныстык катнашта болгон болсо, андан соң бир гана ирет жуунуусу жетиштүү[14:27, 27.01.2016] ibragim: Гуслда жыныстык мүчөнү жууш керекпи?
Айыз, нифас жана катнаштан соң гусл кылып жатканда аял жыныстык мүчөсүнүн сыртын жуумагы важиб. Ичин эмес. Көздүн сыртын, кулак жана мурундун тешиктерин да жуумак важиб. Аял гусл кылып жатканда жыныстык мүчөсүнүн сыртын жууйт, бирок ичине манжа салбайт
(“Дураруль- Хуккам”: 1/17).
Тырмак боёгу сыяктуу нерселер гуслга тоскоолдук болобу?
Гусл толук болуу үчүн суу териге жана тырмакка жетиши керек. Аял гусл кылып жатканда тырмагынын астында, үстүндө же дененин башка бир жеринде суунун жетүүсүнө тоскоолдук кыла турган камыр, эрин жана тырмак боёктору сыяктуу нерселелер болсо, аларды кетирүү милдет. Кетирбесе, гуслга эсеп болбойт. (“Жавхара”: 1/12).
Тырмак боёгу гусл же даараттан соң коюлган болсо да кийинки дааратка жана гуслга тоскоолдук кылат.
Ошондуктан, тырмакка боёк сүртүлгөн болсо, эч бир ибадат толук болбойт.
Гуслда “Бисмиллаh” айтылабы?
Гуслду баштаарда “бисмилла” айтуу сүннөт. Анткени Расулуллоh (САВ): “Ар бир жакшы иш “бисмилла” менен башталбаса, демек ал иштин аягы кесилүү (тактап айтканда жок)”, деп айткан. (“Mаракул фалах”: 31; “Жавхара”: 2/12). Гусл белгилүү жана парз ибадаттардан болгондуктан “бисмилла” менен башталат.
Өзгөчө учурлар
Аялдын мүчөсүнөн үч түрдүү кан чыгат:
1. Айыз (этеккир) каны 2. Нифас (төрөттөн кийинки) кан.
3. Истихаза (оору себептүү келген) кан.
[14:27, 27.01.2016] ibragim: АЙЫЗ
“Айыз” сөздүктө “агуу”. Шарияттагы мааниси “балагат жашына жеткен жана төрөт жашынан өтпөгөн аялкыздардын жатынынан маалым күндөрдө келе турган кан.
Муну бизде “этеккир”, “айлык мөөнөт”, “адат” деп да айтылат. Аялдардын айыз учурлары дин өкүмдөрүнө байланыштуу болгондугунан өтө көңүл бура турган маселелерден.
Эң биринчи айыз көргөн аял ким?
Эң биринчи айыз көргөн аял – энебиз Азирети Хава (Обо). Бул абал ошол күндөн баштап бардык аялдардан келип турат. Кээ бирөөлөр биринчи айыз бани Исраилде көрүлгөн дешет. Бирок бул жөнүндө Пайгамбарыбыздын (САВ) куттуу сөзү болгондуктан Имам Бухарий бул кийинки пикирди четке каккан. Аиша розияллоху анха энебиз айткан:
“Ажылык ниетинде Мадинадан чыктык. Сарифа деген жерге барганыбызда айыз көрдүм. Мен ажылык парздарын өз ордунда аткара албай турган болуп калдым деп ыйладым.
Расулулулоh (САВ) жаныма келип: “Эмне болду? Дааратсыз болуп калдыңбы” деп сурады. “Ооба” дедим. Ал айтты:
“Айыз – Аллаhтын Адам кыздарына тагдыр кылганы.
Ажылар аткарган парздарды сен да аткар, бир гана Каъбаны айлануу парзын каның токтогонго чейин күт” (“Тажрийду Сарих”:
1/118).
Азирети Обо энебиз бейиштен чыккандан соң айыз көрө баштаган, бейиште айыз көрбөйт эле. (“Файзуль-Барий”: 1/370).
Эмне үчүн? Анткени бейиште төрөбөйт эле. Бейиште бойкат болуу, бала төрөө жок эле.
Айыз аялдарга жазабы?
Кээ бир китептерде ушундай туура эмес пикир кездешет: “Обо эне Адам атага кошулду, ага бейиш жемиштеринен жедирди. Бул окуя экөөнүн тең бейиштен[14:28, 27.01.2016] ibragim: чыгарылуусуна себеп болду. Ошондуктан Аллаh Таала айыз жана кош бойлуулукту Обо энебизге жаза катары берди”.
Ислам дини келгенден соң, жөөттөр жана христиандардын аялдардын дарегине түрткөн мындай каргыш тамгасын жөнгө салды. Адам алайхис саламдын бейиштен чыгуусуна себеп болгон айыпты аялга гана жүктөбөдү. Экөөнү тең жоопкер тутту. Исламда аял жамандыктардын жана шайтан азгырыктарынын куралы болуп саналбайт. Ислам акыйдасында (ишениминде) Адам атаны аялы жолдон азгырды, деп ынанылбайт. Ислам бул бузук ишеним жана түшүнүктөрдү бүтүндөй жокко чыгарган.
Аллаh Таала айтты:
“Демек, аларды шайтан жолдон азгырып, орундарынан (бейиштен) чыгарды” (Бакара сүрөсү, 36-аят).
Курани карим Адам жана Обо жөнүндө мындай маалымат берет:
“Анан шайтан аларды бекитилген авраттарын (уят жерлерин) ачып жиберүү үчүн васвасага (азгырыкка)
салды” (Аъроф сүрөсү, 20).
Курани карим алардын тооболору жөнүндө мындай дейт: “Алар: “О Жараткан, биз өз жаныбызга жабырзулумдук кылдык. Эгер бизди кечирбесең жана бизге ырайым кылбасаң, күмөнсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз”, дешти...” (Аъроф сүрөсү, 23-аят).
Куран ал тургай кээ бир аяттарда жоопкерчиликти Адам атага жүктөйт: “Анан шайтан ага азгырык салып: “Эй Адам, мен сага түбөлүктүү даракты жана жок болбос мүлкдөөлөттү көрсөтөйүнбү? ” деди... Адам Роббисине күнөөкөр болуп, жолдон азды.” (Тоха сүрөсү, 120-121-аяттар).
Тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн таткандык айыбын Обо энебизге жүктөгөн, аялдарды кор жана төмөн деп эсептеген жөөттүк, христиандык жана буддалыкка тиешелүү мындай түркөй көз караштарга Куран чекит койгон. Ыйык хадисте да: “Айыз Аллаhтын Адам кыздарына тагдыр
[14:28, 27.01.2016] ibragim: кылганы”, деп айтылган (“Tажрийду Сарих”: 1/118). Аллаhтын тагдыры жаза эмес.
Айыз жөнүндө медицина илими эмне дейт?
Кыздар балагат жашына киргенде көңүлдөрүндө, денелеринде сезим өзгөрүшү менен бирге, дене тараптан да өзгөрөт (түктөнүү, көкүрөктүн чоңоюусу, айыз көрүүнүн башталышы сыяктуу). Денелик өзгөрүүлөрдөн бири бул айыз. Илимий тил менен кыскача айтканда: айыз каны гормоналдык аракеттин таасири менен тукумдар жана жатындын бойкаттуулукка ар айда бир ирет даярдануусу жана бойго бүтпөгөндүгү үчүн, белгинин сыртка чыгышы.
Балагатка жеткен кыздарда, аялдарда бул абал кош бойлуу болгонго чейин айына бир жолу келип турат. Айыз мөөнөтүнүн өлчөмдөгүсү ар жыйырма беш менен отуз беш күн аралыгында бир ирет, кеминде үч күнгө созулат. Бир күндө үч-төрт ирет кан келиши өлчөмдүү болуп эсептелет.
Жети күндөн ашык – ар күнү алты иреттен көп кан келсе, шыпаакер аялга кайрылуу пайдалуу (“Saglik Elkitabi”: 11).
Качан айызга эсептелет?
Кан жатындан жыныстык мүчөнүн сыртына чыкса айыз
болот. Жыныстык мүчөнүн ичинде калса айыз эмес (Ибн Абидин: 1/263).
Айыз көрүү жашы
Аялдар комарий жыл (354 күн) эсеби менен балагат жашынан, тактап айтканда тогуз жаштан төрөттөн калуучу (элүү беш) жашка чейин айыз көрүшөт. Ушул жаштан мурда же кийин келген кан оору себебинен келген болуп эсептелет.
Жаш кыз айыз көрмөйүнчө балагатка жеткен болуп эсептелбейт. Балагатка жеткенден соң гана ага Исламдын бардык өкүмдөрү парз болот. Эркек бала ихтилам болмоюнча (тактап айтканда, түшүркөп, же башка себеп менен уругу чыкмайынча) балагатка жеткенге саналбайт.
Айыз көрүү жана ихтилам (түшүркөп же башка себеп менен булгануу)[14: 29, 27.01.2016] ibragim: өз учурунда пайда болбосо, анда балагат жашы он беш жаштан эсептелет. Карылык жашы туурасында аят жана хадис болбогондуктан түрдүү пикирлер бар. Эң сахих
(ишенимдүү) пикир боюнча элүү беш жаш. (“Маракуль- Фалах”: 42/).
Аялдар балагат чагынын башталышы тогуз, акыры элүү беш. Буга караганда, тогуз жаштан мурда, элүү беш жаштан кийин келген кан айыз каны эмес. Кээде элүү бештен соң да кездешет. Бул темага кийининирээк кайрылабыз. Бойго жеткен кыз “балига” айыз көрүү жашынан өткөн аялды “Айиса” деп аталат. (Тахтави:75).
Айыз канынын түсү
Айыз учурундагы аялдардын каны алты түрдүү түстө болот: кара, сары, топурак түстүү, сыя түстүү, жашыл, киргил түстүү. Айыз мөөнөтү ичинде кандын үзгүлтүксүз келиши шарт эмес. Бул мөөнөт ичинде кез-кезде келип акса да, үзгүлтүксүз өкүмүндө. Толук агарганча аккан ар бир кан айыз каны. Мисалы, беш күн келсе, анан эки күн токтоп он күнгө чейин келген кан айыз каны, он күндөн ашса, истихаза (оорудан келген кан) болуп эсептелет.
Кара жана сыя түстүү кан айыз каны. Азирети Фатима (р.а.) кан көргөндө Расулуллоh (САВ) айтты: “Эгерде айыз каны болсо, маалым жана сыя түстө болот, мындай учурда намаз окуба, башка түрдүү түстө болсо, даарат ал жана намаз оку, анткени ал жабыркаган тамырдан келет” (Абу Давуд; Насаи).
Айыз канынын түсүн бузулган тамактар өзгөртөт.
Жашыл түстүү кан жашы улгайып калган аялдардан келет
(“Наййиуль- Автар”: 1/406). Адат күндөрү келген бул кандар айыз кандары экендигине далил сүннөттө бар. (“Фатхуль-Кадир”: 1/12).
Бул жөнүндө Азирети Аиша розияллоху анхадан риваят кылынган хадис кийинирээк келет...
Айыз канын билдирүүчү негиздер
Айыз каны жыт жана суюктук тарабынан төрт түрдүү болот:
[14:31, 27.01.2016] ibragim: 2. Сасык, коюу эмес кан.
3. Коюу гана, өтө сасык болбогон кан.
4. Коюу да эмес, өтө сасык болбогон жана кирдебеген кан (“Фатхуль-Кадир”: 1/12).
Айыздын бүтүшүн аныктоо
Айыздын токтошу түстөрү өзгөргөн кандардын токтошу менен аныкталат. Тунук ак келген учурда айыз бүтөт. Бул дегени айыз бүтүү арасында мурундун суусуна окшош бир түрдүү суунун келиши жана же аял өз абалын аныктоо үчүн койгон матанын ак боюнча калуусу дегендик. Аялдар Аиша (р.а.) энебизге айыз канынан сарыга булганган пахталуу матаны көрүп берсин деп жиберишет. Аиша (р.а.) энебиз, бул мата акиташтай агармайынча шашылбагыла, деп жооп берет. “Агаруудан максат – ошол мата кирдебестен түсү өзгөрбөстөн же саргайбастан ап-апак бойдон калышы” (Ибн Абидин: 1/27). Пахтанын ар кандай түс менен булганбастан ак бойдон болушу айыз мөөнөтү бүткөндүгүн билдирет жана ушул учурдан баштап гусл кылып, намаз окушу, орозо кармашы жана башка ибадаттарды аткаруусу шарт болот.
Түсүн аныктоодо биринчи убактагы зарылчылыктар
Коюлган матада биринчи алынган убакта андагы кандын түсү эске алынат. Ошол учурда кан кайсы түстө болсо, ага каралат. Мисалы, андагы ным тунук ак болуп, бир мөөнөт өтүп ным саргайса, ал акка эсеп болот. Ал эми башта сары болуп, анан агарса, сарыга эсептелет. (Ибн Абидин: 1/226).
Айыздын мөөнөтү
Айыздын эң аз мөөнөтү үч күн, үч түн б.а. жетимиш эки саат. Эң узак мөөнөтү он күн, он түн т.а. эки жүз кырк саат.
Үч күндөн аз, он күндөн көп келген кан айыз каны болуп эсептелбейт, оорунун натыйжасы. (“БидаятулМужтахид”: 1/114; (Ибн Абидин: 1/226).

#60 28 January 2016 - 14:44
[14:29, 28.01.2016] ibragim: Далил: “Айыздын бүтүн кыз ошондой эле жубан үчүн да эң аз мөөнөтү үч күн, үч түн, эң көбү он күн”, деген хадис. (“Насбур-Роя”:
1/191).
Айыз жана тазалык мөөнөтүнүн узак же кыскалыгы дене түзүлүшүнө, ден-соолугуна, шартка, жеп-ичкенге тамактын денеге болгон таасирине жараша болот
(“Хужжатуллохиль- Баалига”: 1/172).
Эки айыз аралыгындагы тазалык мөөнөтү
Эки айыз аралыгындагы тазалык мөөнөтүнүн эң азы он беш күн, он беш түн, эң көбүнүн чеги жок. Кээ бир аялдар өмүрүнүн акырына чейин айыз көрүшпөйт. Мындай үзгүлтүксүз тазалык абалында болгон аял “мумтаддатут- тухр – тазалыгы узарган” деп аталат. Кээ бир аялдардын адат күнү тактап айтканда, айыз мөөнөтү белгилүү. Мисалы, ар айда үч, беш же жети же тогуз күн айыз көрүшөт.
Эки кан аралыгындагы тазалык учуру он беш күндөн аз болсо, оорунун себебинен экендигин билдирет. Кан токтогон соң тазалык учуру он беш күн же андан ашыкча уланса, тазалык мөөнөтү катары кабыл алынат. Эки айыз арасындагы тазалыктын азы же көбүнүн чеги жок.
Үзгүлтүксүз кан көргөн аял, ар айдын он күнүн айызга эсептеп, калган күндөр тазалык мөөнөтү катары эске алынат
(Ибн Абидин: 1/229).
Адат бир айыз менен белгиленет. Тактап айтканда, эми гана биринчи ирет айыз көрө баштаган кыз биринчи жолу жети күн айыз көрүп, жыйырма эки күн таза жүрсө, адат мөөнөтү жети күн деп белгиленет (“Фатхуль-Кадир”: 1/111; АльБадаи: 1/39).
Белгилүү күндөрдө айыз көрө турган аялдар
Кээ бир аялдардын айыз көрүү күндөрү маалым болуп, мисалы, ай сайын беш же жети же тогуз күн айыз көрүүгө адаттанган. Бул күндөр аларга адат. Мындай аял “мутада” – адаты белгилүү” деп аталат. Адаты белгилүү кыз биринчи жолу сегиз күн кан көрүп, жыйырма эки күн таза жүрсө,
[14:30, 28.01.2016] ibragim: ыз мөөнөтү сегиз күн болот. Андан кийин бир оору себебинен үзгүлтүксүз кан келсе, анын айыз күндөрү жана тазалык күндөрү баштагыдай абалда эсептелет (Билман, “Ислам Илмухал”:69).
Адат күндөрү ар түрдүү аялдар
Кээ бир аялдардын адат күндөрү анык эмес, алмашып турат. Мисалы, биринчи айда беш күн, кийинки айда алты күн айыз көрөт. Бул орунда акыл жүгүртүү керек. Мындай аял алтынчы күн болгондо гусл кылат, намаз окуйт, орозого дал келсе кармайт., анткени алтынчы (кийинки) күн истихаза (оору) каны болуу ыктымалы бар. Бирок эртеңки күн өтмөйүнчө жыныстык катнаш кылбайт. Ажырашкан болсо, иддасы (талактан кийинки эсептелүү мөөнөт) бүткөн болуп саналбайт. Анткени бул кийинки күн аялдын айыз каны болушу мүмкүн (Билман, “Ислам Илмухал”:69).
Адат күндөрү кантип өзгөрөт?
Аялдардын белгилүү адат күндөрү кээде өзгөрөт. Адат өзгөргөн болуусу үчүн ошол учурга чейин көрүлгөн адатына каршы эки жолу айыз көрүүсү керек. Мисалы, ар айда беш күн адат көргөн аял кийин эки жолу төрт күн же эки жолу алты күн кан көрсө, анын адаты беш күндон төрт күнгө же алты күнгө алмашып, өзгөргөн болот.
Демек, адаттын белгилениши бир келүү менен болсо, анын өзгөргөнү эки келүү менен билинет. Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча адат бир келүү менен да өзгөрүшү мүмкүн. Бул абал жаңы адаттын эскини бузуп, анын ордун ээлөө маанисиндеги “Фасхи адат” деп аталат. (“Mанхалул-
Вааридин”:88).
Адаттын өзгөрүшү эки көрүнүштө болот:
1. Убакытта өзгөрүү
Кандын эски адат убагын өзгөртүп, табигый мөөнөттө келүүсү. Мисалы, бир аял баштагы айларда беш күн кан көрөт, учурдагы айда ошол беш күндүн убагы келгенине карабастан, эч нерсе көрбөйт, ал тургай бул айдын калган[14:31, 28.01.2016] ibragim: күндөрүндө да кан көрбөйт же айдын калган күндөрүндө беш күн кан көрөт – бул адат мөөнөтү өзгөрүп, башка учурга көчкөндүгүн билдирет.
2. Эсепте өзгөрүү
Аялдын баштагы айыз жана тазалык күндөрүнө караганда кем же көп кан көрүшү. Мисалы, бир аялдын баштагы адаты беш күн айыз, жыйырма беш күн тазалык болуп, учурда жети күн айыз, жыйырма үч күн тазалык болсо, адаты өзгөргөн болот. (C.Ogul. “Kadin Ilmihali”:142).
Адат маалым күндөрдөн ашса, бирок он күндөн ашыкча уланбаса да адат каны болот. Бул учурда адат өзгөргөн болот. Мисалы, ай сайын жети күн кан көрүп келген аял кийин он күн кан көрсө, баары айыз каны болуп эсептелет, болгону адаты жети күндөн он күнгө көчкөн болот. Бирок маалым күндөрдөн кийин келген кан маалым күндөргө кошулганда он күндөн ашык болсо жети күндөн кийин келген кандар айыз каны болуп саналбайт, истихаза (оору себебинен келген) кан болуп эсептелет. Ушул абалда жети күн кан көргөн аял кийин он бир же он эки күн кан көрө баштаса булардан адат саналган жети күндүгү айыз каны болот. Кийинки төрт же беш күнү оору каны болот. (“ФатхульКадир”: 1/12; “Насбур-Роя”: 1/191).
Ар айдын башынан баштап беш күн адат көргөн аял, бул адатынан кийин дагы кан көргөнүндөй, мындан эки күн же үч күн же беш күн мурда да кан көргөн болсо, алардын баары адат саналат, анткени адат мөөнөтү баары он күндөн ашпаган. Бирок кан көрүү күндөрүнүн баары он күндөн ашса, адаты болгон мурдагы беш күн гана айыз каны болуп эсептелип, адат болгон күндөрүнөн ашыкча келген бардык кандар оору каны болуп саналат.
Адат көрүп жаткан аялдан оору себептүү үзгүлтүксүз кан келе турган болсо, анын кийинки айыз жана тазалык учурлары башкы маалым күндөрүнө карап өкүм кылынат.
Мисалы, ар айдын башынан баштап он күн кан көрүп, жыйырма күн жана алты айдан азыраак убакка чейин таза жүргөн аялдан үзгүлтүксүз кан келе баштаса, анын баштагы
[14:31, 28.01.2016] ibragim: учурундай ар айдын башкы он күнү айыз, калган жыйырма күнү же алты айдан кемирээк күнү тазалык күнгө саналат
(“Насбур-Роя”: 1/192; Билман:70).
Кыздын балагатка жетүү белгилери
1. “Айыз көрүү”: Тогуз жашар кыз баланын биринчи ирет канга окшоп келген суюктукту көрүшү.
Кыздардын балагатка жеткени кээде жаш менен, кээде белги менен билинет. Кыздарда балагаттын эң кеми тогуз жаш, эң көбү он эки жаш. Эркек балдарда болсо балагатка жетүү эң кеми он эки жаш, эң көбү он беш жаш. Ушул эки мөөнөт аралыгында балагат белгиси пайда болсо, балагат жашы ошол чактан башталган болот. Бул мөөнөттөрдөн мурда пайда болгон белгилер балагат белгиси болуп эсептелбейт. Бирок башта белги көрүлбөсө да жашына жеткенден кийин кыз жана эркек бала балагатка жеткен деп өкүм кылынат, (шарияттын буйруктарын аткарууга) милдеттүү болот.
Мисалы, үч күн менен он күндүн аралыгында келген кан токтогондон кийин эң кеминде он беш күн таза жүрүп, ушул абал кийинки айларда өзү үчүн бир адат түсүн алса, ал кыз балагатка жеткен болот.
2. Боюнда болуу: Балагатка жетпестен турмушка чыккан кыз боюнда болсо, мурда айыз көрбөгөн болсо да балагат жашына кирген болуп саналат (“Насбур-Роя”1/ 192;
Билман:70).
Медицина илими боюнча биринчи айыз
Өлкөбүздө биринчи айыз көрүү орточо он эки жашка дал келет. Түндүктө чоңураак жашта айыз көрүшөт, он беш жашка чейин кечигүү учурлары да кездешет. Биринчи айыз көрүүнүн чеги он жети жашка чейин. Андан кийин да кан келбесе шыпаакерге кайрылуусу керек. Адат канынын акыркы бүтүү чеги элүү жаштын айланасы (“Saglik Elkitabi”:11)[14:32, 28.01.2016] ibragim: Кыздын айыз мөөнөтүн аныктоо
Биринчи ирет айыз көргөн кыз бала беш күн кан көрсө, он беш күн таза болуп, кийин дагы кан келсе, анын адаты беш күн болот, калган таза күндөрү намаз окуйт.
Биринчи ирет айыз көргөн кыз он күн кан көрсө, он беш күн таза болуп, дагы кан келе баштаса анын адаты он күн болуп эсептелет. Намазын ушуга карап окуйт.
Биринчи ирет айыз көргөн кыз он төрт күн кан көрсө, он төрт күн таза болсо, кийин дагы токтоосуз кан келе баштаса, анын адаты биринчи кан көргөн күндөн баштап он күн.
Башка айлардагы тазалык күндөрү да жыйырма күн. Он беш күн кан келип, анан он төрт күн таза болсо да өкүм ушундай.
Кыз биринчи ирет он төрт күн кан көрсө жана он төрт күн таза болсо, кийин дагы кан келе баштаса, анын адаты он күн, айдын калган күндөрү тазалык мөөнөтү. Намазын ушуга карап окуп, орозосун да ушуга карап кармайт.
Кыз биринчи ирет үч күн кан көрүп, он беш күн таза жүрсө, анан дагы бир күн кан келсе, эки күн таза турса анан кайрадан кан келе баштаса, анын адаты үч күнү айыз деп кабыл кылынат. Калган жыйырма жети күнү тазалык күнү.
(“Фатхуль-Кадир”: 1/12; “Насбур-Роя”: 1/92; Ибн Абидин: 1/263).
Биринчи ирет айыз көргөн кыз төрт күн кан көрүп, он беш күн таза жүрсө, анан бир күн кан келип, эки күн таза болгондон соң дагы кайра кан келе баштаса, адаты төрт күн болот.
Биринчи ирет айыз көргөн кыздан он күн кан келсе, анан он беш күн таза жүрсө, кийин бир күн кан келип, үч күн келбесе, анан дагы үзгүлтүксүз кан келе баштаса, анын адаты он күн; адатын ушуга карап эсептеп, ушуга карап намазын окуйт.
Биринчи ирет айыз көргөн кыз үч күн кан көрүп, он беш күн таза жүрсө, анан төрт күн кан көрүп, он алты күн таза жүрсө, анан кайрадан кан келе баштаса, анын адат күндөрү беш күн болот.
[14:33, 28.01.2016] ibragim: Биринчи ирет айыз көрүп жаткан кыз үч күн кан көрсө, он беш күн таза жүрсө, дагы үч күн кан көрүп, он беш күн таза жүргөндөн соң кайрадан кан келе баштаса, анын адаты үч күн. Экинчи кан келгенден соң үч күн намазын калтырып, он беш күн окуйт.
Биринчи ирет үч айыз көрүп жаткан кыз он беш күн тазалык, анан төрт күн кан, он алты күн тазалык, кийинки айда беш күн кан, он жети күн тазалык көрсө, булардан кийин кан келе баштаса, орточосу айыз күндөрү болуп эсептелет, тактап айтканда төрт күн адат, он алты күн тазалык мөөнөтү болот.
Биринчи ирет айыз көрүп жаткан кыз, үч күн кан, он беш күн таза, кийинки айда дагы үч күн кан, он беш күн таза, кийинки айда төрт күн кан, он алты күн таза тургандан соң дагы кан уланса, анын адаты үч күн болуп эсептелет
(Тахтави:393;“Насбур- Роя”:1/193; “Ал-Бадаи”: 1/39).
Кыздын биринчи ирет көргөн каны үзгүлтүксүз акса эмне болот?
Жаңы айыз көрө баштаган кыздын адаты аныкталбастан, каны үзгүлтүксүз акса, ар бир айдан он күнү адаты болуп эсептелет, жыйырма күн тазалык мөөнөтү саналат (Билман:70).
Жаңы айыз көргөн кыз эмне кылуусу керек?
Балагат жашына кирген кыз жаңы айыз көрө баштаган кан себептүү дароо намазын калтырат, орозо болсо, орозосун казага (кийинкиге) калтырат. Турмуш курган болсо, жыныстык катнаш кылбайт. Бул кан үч күн ичинде, тактап айтканда үч күнгө жетпей токтосо, айыз каны эмес. Ал учурда калтырган намаздарын каза кылып окуйт. Имам Аъзамдын пикири боюнча жаңы башталган бул кан үч күнгө уланса да айыз каны экендиги аныкталмайынча намазын калтырбайт, орозосун да улантат (Тахтави: 394; “НасбурРоя”: 1/192; “Аль-Бадаи”:1/70).

Супер-Инфо
super.kg
видео