Ажырашалы дегениме конбойт. Биринчи аялы менен заксы кыркыла элек. Ар шылтоону айтып журушот. Жообуму бербейт. Кээде ушунчалык жек коргонумон ичим куйуп, орттонуп кетейин дейм. Жалдырайм ажырашалы деп. "Олсом олом бирок ажырашпайм"
деп жанды кашайтат... Ата-энемин башын айлантырып алган. Баары аны мактай беришет, тил менен баарына жагынып алат. Колунан суйлогондон башка жакшы иш келбейт. Чыныгы жузун эчким билбейт. Ажырашпайт.
Кандай кылып кантип андан кутулам? Кээде оюма ар кандай жаман нерселер келет. Тообо келтирип алам ичимен. Бирок кундон-кунго жек коруум куч алып, чыдабай барам. Эч бир жанды бул дуйнодо аны жаман коргондой жаман коргон эмесмин...
Буулугуп кетем... тагдырбы же жанылышкан тандообу...?
#22 03 January 2016 - 20:23
Омур бою мынтип жашай албайсын.Ден соолугунду ойло,жек коруп жашап журок оорулуу болосун.Ажырашканын эле туура.Оозунун жели менен баарын омкоруп таштап,иш жузундо колунан эч нерсе келбеген,балан экоонду бага албаган,калпты коп айткан адам омур бою сени бактылуу кыла албайт.Эл эмне дейт дегениниз менен эл сизге жакшы эр болуп бербейт.Эненизге баарын айтып тушундурунуз,
ал сизди тушунот деген ойдомун.
#23 03 January 2016 - 20:39
Биринчи озундун характеринди ондошун керек. Былтыркы мен коргондой болсон анда сени туура тушунгон эркекти табыш кыйын...
#24 03 January 2016 - 20:40
Ажыраш деп айта беришет!Бул жер деген эн таала, ар ким ар кандай ойлорду айтып койуп чыгып кете бериши мумкун.Башка жолдорун издеп тапса болотко,кантип ошончо чыгармага жазууга жеткен башын ушуга келгенде токтоп иштебей калды.Тура конул иши оор маселе бирок,наристеге кийин кыйын болушун жана алда апасынан улгу албарын ким кепилдик бере алат!Аял жакшы эр жакшы деген макал самай айтылганда.
Баары оз колунда!Эн башкысы ата-эне созу чечет.Алар эмне десе ошонго карап чечишип алгыла.
#25 03 January 2016 - 20:47
Бул окуялар озундукубу ......
Ишенбей турам озундун отмушторун экенине .
Ишенбей турам озундун отмушторун экенине .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#26 03 January 2016 - 20:58
#27 03 January 2016 - 21:09
Баарына көз жумуп турмушка чыгыпсыз, эми баарына көз жумуп жашай бериңиз.
#28 03 January 2016 - 21:25
Ичпейт, чекпейт, 5 убак намаз окуйт. Бирок калптарынын учу тугонбойт...
Жок нерсесин бар деп оозу-мурду кыйшайбай туруп айта берет. Лолулорго окшош, адамдарга жагалданып "сиз" деп суйлоп куйдурот. Серьёзный эмес, жанында калп жасалма суйлоп атканын коруп туруп куйуп кетем... Тушунугу ото томон. Элементарный нерселерге мээси жете бербейт. Кээде коркуп кетем, окуп-чокуп албады бекен мени деп. Намазды менден башкача окуйт. Мен илимдуу бир таэжемен илим алганга озумдун окуганымды туура эле деп билем. Анын намазы башкачараак.
.. Жалганчысын неге ушундайсын деп ыйласам арабча суйлоп салат мен тушунбогон создорду... Айтсам соз коп, ажырашып кетейин десем баланы ойлойм ичимдеги, ата-энеми ойлойм, чыдап жашай берейин десем оорукчан болуп каламбы ушинтип журуп деп корком... Башым ман. Кыйналып кеттим.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#29 03 January 2016 - 21:52
не дейт элек бул жердеги адамдар,эгер ушул жерде айтылган кеңештерди туура деп чечсең кийин өкүнүп каласың...
ажыраш дейт
ажырап кетиш энесинин айраны эмес да ичип койгудай
ажырашсаң биринчиден уже эки эрге батпады же чыдабады деген сөздөр айтылат,ата энеңин бетин жер каратасың,тегеле эрге жарыбады деген сөздөр ...
экинчиден балаңы атасыз жетим калтырасың,
ошон үчүн 3-эр жакшы болот деп эчкачан ойлобошуң керек,сага эки эрден чыккан аялга эчкачан адамдар жакшы сөз айтышпайт!
сага айтаарым чыда чыда жүнүң жалтырак болот,күйөөңө акыл берип баласы төрөлсө иштеп силерди бакканы аракет кылса керек деген ойдомун.
ажыраш дейт
ажырап кетиш энесинин айраны эмес да ичип койгудай
ажырашсаң биринчиден уже эки эрге батпады же чыдабады деген сөздөр айтылат,ата энеңин бетин жер каратасың,тегеле эрге жарыбады деген сөздөр ...
экинчиден балаңы атасыз жетим калтырасың,
ошон үчүн 3-эр жакшы болот деп эчкачан ойлобошуң керек,сага эки эрден чыккан аялга эчкачан адамдар жакшы сөз айтышпайт!
сага айтаарым чыда чыда жүнүң жалтырак болот,күйөөңө акыл берип баласы төрөлсө иштеп силерди бакканы аракет кылса керек деген ойдомун.
#30 03 January 2016 - 23:11
Кемчилик ар бир адамда болот.Намаз окуп туура жолдо экенсиз ,бактылуу болом десениз эч качан бироонун кемчилигин издебениз.Жакшы ойлорду ойлоп,куйоонузду жакшы коргонго аракет кылыныз анткени бакытты эки адам жаратат.
#31 03 January 2016 - 23:18
Мен дагы анча ишене бербейм, бул кыздын фантазиясы ото кучтуу..
Мен да ошентип ойлойм.Жазган билдируундон эле озунду бироодон бийик койгону билинет.
Анан эле "намаз окуйм,ажырашкым келбейт,бирок андай-мындай" деп эзиле бересинер.Намазды ошончо окуп эч нерсе билбейсинер. Бироого корунуу учун окап жаткандай.Кыскасы озун деле кыйратып акылдуу эместейсин.
"Ыржын кызга тыржын куйоо"дегендей.
#32 04 January 2016 - 00:23
Тооба кылдым бул ойдон чыгарып эле соктура бериптир эрин коп суйлойт дейт озу андан ототко жазганына караганда тооба кыл намаз окусан сенин ниетин чатак экен жакшы нерсени ниет кыл ажырашсан ага бир катын бирок сага эр чыгышы кыйын болот
#33 04 January 2016 - 00:46
Карындаш капа болбо го. Бирок сен озуно терс энергия чогултуп алгансын. Чыгармаларын да жалан кайгылуу ("алиги"
жонундо жазгандарыны эске албаганда). Бир жазгандарында куйоом сасып жатат, ажырашсамбы деген элен. Эркек катары айтсам мен деле сасыймын. Бутум, тердеп иш кылганда башым дегендей. Андайда келинчегим айтат ачык эле тур бутун сасып жууп кел же суу ысытайын башыны жуу деп. Сага окшоп ичинен быкшый бербей. Азыркы теман жонундо айтсам. Отуз жаш эми жашоонун башталышы да. Сенин чалынын жашындагы кыргыздардын уйу жоктору коп эле кездешет. Уйу жок деп эле койнунда жаткан эрин кантип жаман коро берсин. Тооба десен. Сенин, чалындын алты саны аманбы. Калганын жасап аласынар.
#34 04 January 2016 - 01:48
Детканын фантазиясы кучтуу экени анык, бирок бул чыгарма эмесго озунун эле жашоосундай мурунку турмушунан бери жазып отуптур азыркы жашоосун билбеймго мурунку жашоосун жазганы чындык... Озу сени тушунгон жанга деле рахмат характерин бир аз чертовский.
..сабырдуу бол тийгенине жыл айланбай эле жакпай баштаса кыйынго , баары акырындан болот да дароо эле жомоктогу жашоо каяктан болмок эле, ажырашсан деле кыйын да жалгыз журуп балан мн оз уйуно батпагандай болуп журо бересин да сабырдуу бол балалуу болсонор озгорор жактырууга аракет кыл. Биз бул жакта ар нерсени айта беребиз чечимди озун чыгарасын бул сенин тандоон сенин жашоон!!
!
#35 04 January 2016 - 01:53
Кудай да ар бир адамга озуно жараша тугой берет.Уйу жок болсо,бир уй-було болгондон кийин чогуу иштеп уй алгыла.Кимге эле азыркы заманда уй даяр дейсин?Баары эле чогуу иштеп алып жатат.Университетте окугандар,окубагандардан бийик туруш керек деп каерде жазып койуптур?Сен озунду билимдуумун деп жатасын а эмне учун жолдошуну кемсинтип бул жерге баарына жарыя кыласын?Билимдуу адам ийри отуруп туз кенешип жолдошуна тушундуруп эле чечип койот.Озун таап тийипсин эми жаша.
#36 04 January 2016 - 11:30
Ар ким ар кандай билдируулорду,
кенештерди калтырыптыр.
.. Баары оз колунузда. Озунузду ойлоп, ажырашкыныз келсе ажырашып кете берин, бирок кийин ата-эненизди жер каратасыз, бунун кызы эрге тойбоду деген создорду угузуп. Ошондогу ата-энениздин,
озунуздун акыбалынызды коруп, азыркы абалыныз андан алда канча жакшы экенин тушуносуз, бирок анда кеч болуп калат. Ата-эненизди,
баланызды, озунуздун кийинки жашоонузду ойлосонуз, анда уйго кирип аял болуп, эшикке чыгып эркек болуп жашаныз. Тиричиликти оз колунузга алып, уй-жай кылганга аракет кылыныз. Идеалдуу эркек жок, акылдуу аялдар гана жолдошун элдин алдына идеалдуу кылып корсотот, чынына келгенде кээ бир эркектер тиричиликке умтулбайт, аялынын аркасынан уй-було башы болуп журот. Сиз азыр жон эле куйоонуздон тажап турасыз, ошого жек коруунуз кучоп турат, сиз 1-2 айга жолдошунуздан болок жашап корунуз, мумкун оз ойлорунузду таразалап, анан жыйынтык чыгараттырсыз.
Куйоонуздун онолушуна козунуз жетпей турса, адамдын озгорушуно ар нерсе туртку болот эмеспи, балалуу болгондон кийин ойлоноттур,
болбосо балдарыныз чонойгондон кийин, бала деле ата-энени тарбиялап коет. Турмуш биз каалагандай,
биз ойлогондой эмес, турмушка сына да билиш керек, турмушту жене да билиш керек деп чон энемден уккан создорумду жазып койдум...
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#37 04 January 2016 - 13:01
Жаман менен мин кор болуп жашаганча. Жакшы адамга бир ЖЫЛМАЙЫП откон артык
#38 04 January 2016 - 13:17
Саламатсызбы автор. Бул жерде ар ким оз тушунугу, оз ой жугуртуусу менен сизге пайдалуу кенешин берууго аракет жасап жатат. Мен сизге айтат элем: Жашоо сиздики, ата энениз учун сиз бактылуу болушунуз гана керек. Ким менен кантип экени маанилуу эмес. Бир киши мага мындай окуяны айтып берди эле: "Эжемдин эки жолу уйлонуп ажырашкан баласына, эки турмуштан чыккан кызды алып бердик. Келин келгенден бир канча убакыт откондо барсам , эжем айтат "бул келинди неге жонотушконуно тан калам, ошол мурдагы куйоолорун тапсам рахмат айтып, далысына таптайт элем азыр"-деп.
" Демек ар ким оз суйгон ашын ичет. Озун жаман окшойсун деген создорго мен такыр кошулбайм. Баарыбыз кудайдын пендесибиз.
Канча жолу турмушка чыгасыз ал сиздин мандайынызга жазылган тагдыр. Бир нерсени айткым келет. Бир уйдун жарыгы бир уйго эч качан кирбейт. Сиздин жашоонуз жаман болсо ата эне, бир тууганыныз капа болот, эзилет бирок колунан эч нерсе келбейт. Эгер турмушунуз жакшы болсо алардын да конулу тынч, кабатыр болбой жашайт.
#39 04 January 2016 - 13:52
Бироолордун кенешине эмес озундун журогуно кулак сал. Эмнени кааласан ошону кыл. Бирок эки эрден чыккандан кийин учунчу турмуш куруп кетуу абдан кыйын. Курсан да жакшы турмуш болооруна кепилдик жок. Турмушка чыкпай озун иштеп баланды чонойтом десен да ар кандай создор айтылат жалгызсырайсын.
Куйоон иштебесе ага жол корсот, кел мынандай кылайлы деп аны жакшы жолго салууга аракет кыл. Негизи баашында ойлонуп турмуш куруун керек эле. Куйоон иштебегени эле эмес озу да жакпайт окшойт сага. Билбейм билбейм, турмушун татаал экен.
#40 04 January 2016 - 14:00
Менин оюмча бул убактынча бойго бутткондогу жек коруу деп ойлоп койдум,себеби,
кообундо ошондой болот экенго женемдин айтуусу боюнча

Супер-Инфо
super.kg
видео
















