Бенитес кеттиби? Кызык эми кайра ким келет экен дагы 5-6 оюн кызыксыз болот сыягы
Реал Мадрид! Мадридисттер бул жакка!!!
#7843 05 January 2016 - 00:58
#7847 05 January 2016 - 02:40
Бенитести адам катары сыйлайм, жакшы адам. А машыктыруучу катары - башка кеп. Ооба, ал деле мыкты машыктыруучу,
бирок... Менин бир агайым айтмакчы, "ар бир адам озунун мумкунчулугуно гана жараша иш кыла алат". Бенитестин денгээли ачык айтыш керек, орто же ортодон жогору. Футболчулар да денгээлине карап иш кылгандай.. Зидан келди, аны баары сыйлайт. Темирдей тартипти орното алат. Бирок анын деле минус жактары бар.Туура, жаны машыктыруучу,
тажрыйба аз, бирок, мен ишенем, "Реалды"
алып кете алат. Алга, Зидан! Алга, "Реал"!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#7849 05 January 2016 - 03:26
Ал эми Зизуга келсек туура ал Мадридист эмес,анын эн жаркын оюндары Франциянын Бордосунда,
Туриндин Ювентусунда откон.Ал эми Реалга келгенде озунун мумкунчулугунон томон ойногон..А тренер катары бир нерсе деп айтуу кыйын.Бирок ишенебиз..Бироо айткан экен "Эгер Зизу Реалды озу ойногондой машыктырса,
анда Реалды чон сыймыктар кутуп турат" деген экен.Бирок Бенитес жаман эмес жакшы эле иштеди.Не болсо да ийгилик Бенитеске..Кызык эми бараар жери кайсы клуб болду экен..
#7850 05 January 2016 - 03:33
Бирок мындай ойлооп карасам Реал бул сезондо топ-клуб менен ойногондо женуу ызасы эмне экенин билбептир..Же утулат же тен чыгуу...
#7851 05 January 2016 - 04:09
Зидан урмат-сыйга татыктуу.Иштерине ийгилик!Эх Бенитес аянычтуу акыбалда калды.Команда колдобой койду.Фанаттарданда колдоо таба албады.Өкүнүчтүү.
Мени ойлондурганы сезондун аягында Зидан да Бенитестин тагдырын кайталап калбаса экен.Бир көз ирмемде баары өзгөрүп кетпейт.Убакыт бериш керек.
"Пусть лучше меня ненавидят за то, кто я есть, чем любят за то, кем я не являюсь."
#7852 05 January 2016 - 09:05
Рафанар азыр кетпесе да кышкы сезондо айдалышы мумкун деп ойлойм.
Божомолум туура чыкты. Негизи Бенитес келгенде эле Реалдын оюнчулары аны жактырган эмес, аягы мынтип клубдан айдалуу менен бутту. Зиданды башкы тренер кылып туура кылдыбы же ката кылдыбы анысын билбейм. Мумкун Реал учун жаны доордун башталышыдыр. Себеби Мадридисттер аны жакшы корот, оюнчулар толук айтканын кылат деп ойлойм. Экинчи жактан алып карасак, Зидан ушул убакка чейин коп деле тажрыйба топтой албады деп ойлойм. Билсенер керек бир жолкусунда Реалды машыктырганга азырынча даяр эмесмин деп айтканы да бар. Убакыт корсотот.
#7854 05 January 2016 - 14:39
Перестин "мен чарчадым. Жакшы калгыла" деген интервьюсун да окуп калаарбыз.) Анан ордуна Рауль келсе, сонун болот.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#7855 05 January 2016 - 14:43
Азар жайкы трансферде "Реалга"
келип калышы мумкун. Анткени, биринчиден,
Азарды эч жакка кетирбеген Жозе "Челсиден"
кетти, экинчиден, "Реалга"
Зидан келди, а Азар Зидандын жакшы коргон футболчусу.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#7856 05 January 2016 - 14:49
"Зидандын "Реалды"
мыкты алып кеткенин абдан каалайм, бирок ага кыйын болот. Эгерде Зидан июнга чейин эч нерсе утпаса, анда команданы Моуринью колго алаарына ишенем", - дейт "Реалдын"
экс-президенти Рамон Кальдерон. Кошумчалай кетсек, Зидан "Реал" менен 2018-жылга чейин келишим тузду.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#7857 05 January 2016 - 14:52
Аа, баса, Зидан Погбага да коз артып жургон.)
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#7859 05 January 2016 - 17:37
"Зидандын "Реалды"
мыкты алып кеткенин абдан каалайм, бирок ага кыйын болот. Эгерде Зидан июнга чейин эч нерсе утпаса, анда команданы Моуринью колго алаарына ишенем", - дейт "Реалдын"
экс-президенти Рамон Кальдерон. Кошумчалай кетсек, Зидан "Реал" менен 2018-жылга чейин келишим тузду.
Зиданга убакыт бериш керек.1сезон кубок утпаса эле кетирип жибербей.
Буйурса,баары жакшы болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео

















