Мага 8 жума болду частный клиникага коруном да ошого уже 2 жолу узиге туштум зыян эмесби
Узи күчтүү ультразвук болуп эсептелет. Ар бир узиге түшкөн сайын, нур ткандардан, клеткалардан өтүп баланын ички органдарына да таасир бериши мүмкүн. Бирок азыркы кезге чейин олуттуу зыян келтиришин эч ким далилдей элек. Ал тургай Америкалык бир айым төрөгөнгө чейин, күндө эрте менен узиге түшүп наристесине кутман таң айтчу экен. Ошого карабай дени сак бала төрөлүптүр.
Ал эми түйүлдүк жаңы эле пайда болуп, бөлүнүү процесстери жүрүп жаткан убакта узиге түшүүгө болбойт, ультразвуктун таасиринде клеткалар туура эмес бөлүнүп, бала кандайдыр бир кемчилик менен төрөлүшү мүмкүн.
Негизи узиге 10-14-жумалыктан баштап түшсө болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео















