Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Кабарлар" сайты уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ысык-Көл облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Кабарлар" сайты уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ысык-Көл облусу)

#41 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Рахатбекова Ардак

«Я хочу, чтоб процветала Родина-Кыргызстан»
Наша страна необычайно красиво природой. Наш народ отличается простотой, гостеприимством. Наша страна маленькая, но в этой маленькой и чудной стране мы живем хорошо, имеем учебные учреждения, поликлиники и больницы, банки и др. Наша страна имеет семь областей: Нарынскую, Иссык-Кульскую, Чуйскую, Таласскую, Жалал-Абадскую, Ошскую и Баткенскую области. Каждая область имеет свои особенности. Например, Нарынская область имеет высокие горы, чистый воздух и красивую природу. Там в основном занимаются животноводством. Иссык-Кульская область- мое родное место. Оно имеет обворожительную природу и свою жемчужину озеру. Манит к себе своих уроженцев, туристов, альпинистов и спортсменов. Для приезда туристов надо соблюдать чистоту и порядок, особенно в местах для мусора. Чтобы не потерять красоту нашей местности, надо соблюдать порядок по экологии это касается не только экологов, а так же всего местного народа. Иссык-Куль кроме пансионатов имеет здравницы и санатории, где ллечат от разных болезней Жеты-Огуз, Кой-Сары, Ак-Суу, Тамга. Иссык-Куль опоясан вокруг горами северного и южного Ала-Тоо, который возвышаются до небес и придают красоту. Иссык-Куль ещё славится лыжный базой Каракол. В Чуйской области есть легендарная, старинная Бурана. В Чуйской области в основном занимаются земледелием. Из Таласа произошел великий Манас, который в 2012 году вошел в ЮНЕСКО. В Таласе выращивают разных сортов фасоль и экспортируют во многие зарубежные страны. В Жалал-Абадской области есть целебные источники и самый большой ореховый лес Арсланбоб. В Ошской области есть священная гора «Сулайман-тоо», где молятся за все, а так же это родина несравнимой «царицы» Курманжан датки. Баткенская область грандиозна единственным цветком «АЙГУЛ», которого больше нигде в мире нету, и славятся вкусным урюком.
Каждый человек хочет, чтоб процветала его страна. Этого хочу и я. Самое главное надо иметь знания, будь ты молод или стар, должны учиться, узнавать больше, а ни покупать оценки. Есть много профессии, а человек выбирает одну профессию, которая ему нравится. Получив одну профессию надо ее знать до последней точки. Если один выбирает профессию архитектора и будет ее знать на пять, то он сможет построить красивые высокие здания и различные парки. Пусть второй выбирает профессию учителя, и преподает детям и дает им знания. Только хорошие знания, прилежное поведение, а также хорошие качества человека помогут, процветанию страны. Каждый человек должен обладать чувством патриотизма, чтобы еще сильнее была моя страна. В нашей стране есть золото, нефть, уголь и тому подобные полезные ископаемые, и все это надо раскрыть и разработать, но для этого нужны опять же знания. Каждый гражданин своей страны должен задать вопрос: «Что я сделал для страны?», «Могу ли я что-то сделать для процветания своей страны?» и «Имею ли я хорошие знание и с какой стороны, моя профессия поможет процветанию моей страны?». И он должен дать, только правильные ответы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эркинбеков Эрмек

Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен Кыргызстанда, кичи мекеним болгон Боконбаев айылында төрөлгөнүмө сыймыктанам. Кыргызстанымдын, жаратылышы абдан кооз, суулары тунук, абасы таза, тоолору бийик жана асманыбыз көпкөк. Боконбаев айылы Тоң районунун борбору болгондуктан, көчөлөрүбүз кенен, жолу асфальттанган, мекемелер жана дүкөндөр ирети менен жайгашкан. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбызга эстелик орнотулган. Жыл сайын 9-май Жеңиш күнүндө парад болуп турат, окуучулар эстеликке гүл коебуз. Паркыбыздын ичине атайын балдар ойноочу селкинчек, каруселдер орнотулган. Кечкурун, ишемби,жекшемби күндөрү балдар паркка келип ойношот. Окуучулар үчүн спорт менен машыгуучу залдар жана фудбол ойноочу аянттар бар. Боконбаев айылында үч Т.Шамей, Алтымышбаев жана Боконбаев атындагы орто мектептер бар. Ушул үч мектептин окуучулары бош убактыбызда футбол ойнойбуз, спорттун ар кандай түрү менен машыгып, жарышабыз.Мен өзүм Токтобай уулу Шамей атындагы мектепте окугандыктан Шамей ата жөнүндө айта кетейин.
Шамей Токтобай уулу 1880-жылы азыркы Боконбаев айылынын түндүк-батыш жагындагы Боз-Бешик деген кыштоодо туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, бала кезинде жетимчиликти, андан кийин 1916-жылдагы Улуу үркүндү башынан өткөрдү. 1919-жылга чейин байларга, орус көпөстөрүнө малай болуп, жанын баккан. Окууну жана жазууну үйрөнүп, 1915-жылы жаңы метод мектебинде алты ай окуп сабаттуулугун бир аз көтөргөн.
1920-жылы Тосордогу Зындан деген жерден Абдыкасым Бекбоев менен Тоң жергесинде биринчи мектепти уюштурган, 1930-жылга чейин айылдык башталгыч мектепте мугалим болуп иштеген. 1930-жылы мектеп Кольцовка айылынын түндүк-батыш жагындагы “Булуң” деген жерге эл менен кошо көчүрүлүп кетет. Шамей адегенде “ШКМ”, андан кийин “Кеңеш”, М.Горький ысымы менен аталган мектептердин пайдубалын түзгөн.
1929-жылы Коммунистик партиянын катарына кабыл алынып, Шамей баштапкы партиялык уюмдун катчысы болуп иштеп, колхоздун курулушуна каршы турган тап душмандарга каршы аесуз күрөшкөн. 1935-жылдан 1938-жылга чейин жаңыдан уюшулган “Жалчы” колхозунун биринчи жетекчиси, партиялык уюмунун секретары болуп, кезегинде Ысык-Көл облисполкомунун төрагасынын орун басарлыгына шайланган. Өмүрүнүн 30 жылдан ашуун мезгилин В.И.Ленин атындагы колхозго арнаган. Өзүнө окшогон уста Аламанов Шакир менен биринчи суу менен иштей турган эгин сапыргычты (молотилканы) куруп, өндүрүшкө киргизген. 1954-жылы Москвадагы Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнө катышып келген. Шамей ыр чыгарууну эрте баштаган, Октябрь революциясынын жеңиши анын чыгармачылыгынын өсүшүнө кеңири жол ачты. 1919-жылы “Келди бизге нур заман”, “Кедей дыйкандарга” деген ырларды жазган. 1957-жылдан баштап СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон, бир нече китептердин автору “Шамей”, “Кербезим”, “Тоо ыры”, “Кыргыз көлү”, “Ырлар”. Бир китеби англис, немец тилдеринде басылып чыккан. Шамей Токтобай уулу “Улуу Ата Мекендик согуш” мезгилинде күжүрмөн эмгеги үчүн , “В.И.Лениндин туулган күнүнө 100 жыл” жана башка медалдар, Кыргыз ССринин Жогорку Советинин жана Кыргызстан жазуучулар Союзунун Ардак Грамоталары менен сыйланган. Шамей Токтобай уулунун ысымы Кыргыз Республикасынын энциклопедиясына жазылган.
Чет элдик туристерди суктандырган Ысык-Көлүбүз бар. Көлүбүздүн үстүндө ак куу, жапайы өрдөктөр сүзүп жүрүшөт. Жаратылышыбыз кооз, мекенибиздин гүлдөп өсүшүнө биз эмне кылышыбыз керек ?
Мугалим, айдоочу, врач ж.б. кесиптеги адамдар өздөрүнүн милдетин билгендей ,окуучулар да өзүбүздүн милдетибизди билсек деп ойлойм.
Парталарга чийбей, дубалдарды булгабай, жаңы отургузулган көчөттөрдү сындырбай көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Мугалимдин берген тапшырмаларын өз убагында так аткарып, сабакты жакшы окууга милдеттүбүз. Тартиптүү болсок , мектептин формасы менен сабакка келип, тазалыкты сактасак. Тазалык деп айтып жатканымдын себеби, окуучу кетип баратып балмуздактын, конфет, печеньелердин тыштарын атайын ташатанды салган урнага салбай туш келди ыргытып кетебиз, мына ошондон биздин айыл, көчө , айлана тегерегибиз булганып жатат. Менин үйүм чыгыш тарапта дөңдүн түбүндө болгондуктан, көбүнчө элдер таштандыларын ошол жакка төгүшөт. Ушул жылдын март айында Австралиядан Ноен атту турист биздин үйгө (таякем менен) келди. Биздин жаратылышка аябай суктанып, дөңгө чыккысы келди, бирок мен ыргытылган таштандылардан уялып чыпай эле койсо экен деп жаттым. Ноен мырза болбой эле дөңгө чыгып Ысык-Көлүбүздү көрүп жакшы деп башын ийкеп жатты, бир кезде артын карап таштандыларды көрүп башын аябай чайкады. Мен уялганымдан, жанына турбай кетип калдым. Ошондон баштап менде мындай ой калды , күндө ушунчадан таштанды төгүлсө, тоолорго, талааларга ташатанды батпай кетет го. Анда биздин айыл, шаарлар жана башка айылдар таштандыга көмүлүп калабы деп корком. Мен мектепти ийгиликтүү аяктасам,өрт өчүрүүчүнүн окуусуна тапшырып, өрт кырсыгынан элди, элдин байлыктарын сактасам деп ойлогом. Бирок таштандылар мени ойго салгандыктан, таштандыларды кайра иштетүүчү завод ачсамбы деп ойлойм. Ошондо менин кичи мекеним болгон Боконбаев айылы таза жана кооз болот деп ишенем.
Келерки жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүно 25 жыл болгону турат. Маалымат булактары билдиргендей 25 жыл ичинде Эгемндүүлүктү алганыбызга карабай канча деген жерлерибизди, жайыттарыбызды коңшу мамлекеттерге сатып жатабыз.чек араларыбызды бекемдеп, темирдей тартипти киргизсек. Келечектин ээси болгон биз жаштар кыргызыбыздын тилин, үрп-адатын, каада-салтын сактап, бизден кийинки урпактарга калтырышыбыз керек.
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө биз окучулар кандай салым кошо алабыз? Биринчиден биз жакшы окуп билимдүү (өнөрлүү өлбөйт), тартиптүү, ынтымактуу (ырыс алды ынтымак), акылдуу жана ыймандуу болуп, алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырыш үчүн аракет кылсак.

Тоң району, Боконбаев айылы, Токтобай уулу Шамей атындагы орто мектеби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Батабеков Кубаныч

«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»
Мен Кыргызстан дегенде жүрөгүм эмнегедир дүкүлдөп турат. Азамат Исмаилов байкебиздин «Кыргызстан» aттуу ырын укканда патриоттук сезимим күчкө алгансыйт. Кыргыз жеримдин башка өннүккөн чет мамлекеттердей өркүндөп өсүп кетүүсүн каалайт элем. Дзюдого машыкканы барганыбызда машыктыруучу агайыбыз : «Кыргызстан- силердин, биздин келечегибиз, андыктан күчтүү, акылдуу,эмгекчил патриоттордон бололук» деп кичинекей болсок да, алдыдагы келечегибизге өзүбүздү даярдап тарбиялап жаткансыйт. Мен Кыргызстанымды сүйөм. Мага ар бир ташы, Ысык-Көлүмдүн керемети, кооздугу,толкуну, куму,топурагы, абасы,тоолору чексиз кымбат. Кыргыз элимдин, ата-апамдын, бир туугандарымдын, досторумдун күнүгө жылмайып, токпейилдүү, бактылуу, кенен жашаса дейм. Кыргызстаным өз эле сулуу, кооз өлкө. Мындан дагы кооз болуп өнүгүшү үчүн мен дагы жакшы окуп, мекениме өз салымымды кошкум келет. Апам айтып калат ,«жаштын тилегин берет», жаш кезинде жакшы тилектерди тиле деп. Менин келечегим- Кыргызстандын келечеги, мен жакшы болсом чөйрөм да мыкты болот.
Өткөндө өлкөбүздө партиялар жөнүндө шайлоо болгондо мен да классташтарым менен « Достор-ынтымагы» деген партия ачтым. Досторум менен ар кандай ойлорду бөлүшүп мектептин коомдук иштерине катышканы аракет кылыбыз. Досторум менен ынтымагым бекем болуп кийин ушул« Достор-ынтымагы» деген партиябыз Кыргыз жериме гүлдөп өсүшүнө өз салымын кошот деген үмүттөмүн.
Дагы бир кыялым бар Кыргызстанда өзүбүз автобус, авто машина чыгарган завод курсак деген. Анан башка мамлекеттердей болуп нукура кыргыздын машиналарын айдап сыймыктансак. ..
«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм» деген темада «Кыргызстаным» деген кичинекей ыр жаздым:
Кыргызстаным деп ыр жазам,
Кыргызмын деп даңктанам.
Кыргыз элим күнүгө,
Өркүндөп өссүн арчадай.

Боёкторго боёлуп,
Гүлдөй берсин Кыргызстан.
Селкинчекке окшошуп,
Күүлөнө берсин Кыргызстан.

Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району,
Тосор айылы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жунусов Султан Нурланович

" Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Биздин мекенибиздин жер астын жарып чыккан булактардын шылдырап аккан үнүнө кошуп бүркүт учкан тоолордогу жайлоолордо өскөн ар түркүн гүлдөрдүн жыпар жытын жыттап Кыргызстандын аябагандай кооз жаратылышын карап тургандан өтөөр барбы? Кыргызстан кандай гана кооз. Кооздугуна суктанып бүтүүгө болбойт. Ошол биздин бейишибиз болгон Кыргызстанга менин сүйүүм чексиз. Эгерде дүйнөдөгү баардык суулар сыя болуп, жер бети аппак кагаз ал эми бак дарактар калем болсо да Кыргызстандын кооздугун жана ага болгон менин сүйүүмдү жазып бүтө албайт.
Акыркы күндөрү ошол Кыргызстан кара булут каптап келет. Кыргызстанда көптөгөн көйгөйлөр мени туңгуюкка салып, туюк жарга камап келет. Ансайын Кыргызстандын абалы оорлоп келүүдө. Кыргызстандагы жумушсуздуктун айынан канчалаган жараан чет өлкөлөргө бакыт издеп кетип жатат. Алардын арасында жаңы гана мектеп уяасынан учкандар да кездешпей койбойт.Жогорку окуу жайды диплом менен аяктаса да жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө барып курулушта же болбосо көчө шыпырып кетүүгө аргасыз болууда.Айрым кара-жумушка чыдабагандар же мындай оор тагдырды көтөрө албагандар ичип аракеч,алкаш же бомж кетсе кай бирлери өз жандарын кыйышууда.Ал эми жаш мектеп курагындагы окуучулар компьютер гаджеттерге жипсиз байланып , аркандай оюндарга, балдардын аң-сезимине зыянын тийгизүүчү согуш “боевик” кинолорго азгырылып окууга көңүл бөлбөй сабактарын начар окууда. Ал тургай орусча сүйлөгөндү мода көрүп өзүбүздүн эне тилибизде сүйлөй алышпайт. Кыргызстанда жашап өздөрү кыргыз болуп туруп Кыргызстандын аянтын билбеген окуучулар көп. Балдардын мындай болушунун бирден-бир себеби ата-энелер. Ата-энелер балдарына терс тарбия берүүдө. Балдары сөгүнсө же жаман жоруктарга барса аларга акыл айтып туура жолго салуунун ордуна тескерисинче мактап, кубанып сүйүнүшөт. Балдарынын жаман жолдо баратканы аларды ойлондурбайт. Балдарына кенедей кезинен компьютер, телефон, планшет алперип коюшат. А бардар болсо аларга азгырылып жаман гана окубастан жаш кезинен өз ден-соолуктарына зыян келтиришүүдө. Айрым жетишпеген үй бүлөөлөр үйлөрүнө мас абалында келип жаңжал чыгарып балдарын коркутуп , сабап баланын психологиясына чоң терс таасир тийгизүүдө. А ал балдар кийин коркок болуп чоңоёт. Кыргызстандын келечеги жаштар болгондуктан жаштарыбыз ушундай тарбияда чоңойсо кийин Кыргызстандын эмне болооруң ким билет? Ушунун баарын карап туруп зеениң кейип бийик жарга чыгып алып “Ээй Кыргыз элим эсиңе кел! Өзүңдү өзүң өнүктүрбөсөң сени бөтөн эл келип өнүктүрбөйт. Бөтөн эл келип сени өз пайдасына колдонот. Карарган түндүн артында агарган таң бар демекчи жанагы кара булут экинчи каптабас болуп чоңоёт. Кыргызым алга! деп катуу-катуу кыйкыргым келет.
Мен келечекте Кыргызстандын өнүгүп өсүшү үчүн президенттен баштап карапайым калкка чейинки баардык кызматтагы адамдар мамлекет үчүн ак иштеп берүүсүн каалайм. Атан энелер балдарына жакшы тарбия берүүсүн жана көзөмөлдөп туруусун каалайм.Мектептердеги билим сапаты жогорулап дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуу болуусун жана келечегибиз болгон жакшы окуп жакшы жүрүшүн каалайм. Ар бир кыргыз жарааны журөгүндө кыргызмын деп жашап Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылып жашаса мен ойлойм келечектеги Кыргызстан сөзсүз өнүгүп өсөт деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кудайбергенова Айдай
Кыргыз эли байыркы элдердин бири, түрк элдеринин эн байыркысы болуп саналат. Эгемендүүлүккө жеткенге чейин элибиз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келген. Байыркы Алтай жергесинен көчүп келип, кыргыз жергесине отурукташкандан кийин сырткы душмандардын кол салуусуна көп жылдар бою туруштук берип келишкен. Болжолуу түрдө V кылымда калмактардан, кытайлардан Манас бабабыз сактап, анын эрдиги дүйнө жүзүндөгү эн көлөмдүү эпос катары таанылып отурат. Андан сон Амир Темирдин, Чынгыз хандын жана анын балдарынын эзүүсүнө чыдап жүргөн кездери да өткөн. Кийин Кокон хандыгынын үстөмдүгү бир топ алсыратып жиберсе да, алар эркиндик үчүн көтөрүлүштөрдү уюштуруп, Тайлак, Мухаммед кыргыз, Байтик баатырлар сыяктуу эл алдындагылар өз элин душмандардан коргошкон. Бул баатырлардын эрдиги унутулбастан кийинки муундарыбызга үлгү катары калтырып, жеткиликтүү китеп нускалары аркылуу таанытууга милдеттүүбүз. Кокон хандыгы аз келгенсип кыргыздардын жерине, суусуна, тоосуна кызыккан орустардын кош бийлигине дуушар болушкан. Орус падышасынан жакшылык күткөн кыргыз эли катаал мезгил “Үркүнгө” туш болушту. «Үркүн» - бул сөздү жөн гана угуп, азыркы убакта ар бир адамдын оюна 1916 деген сан келет. Бул жөнөкөй сан эмес, ал өзүнө катаал окуяларды камтып турат. Орус падышасынын указынан кийин, өз жеринен качып, далай ашууларды ашып, далай тоолорду кесип өтүп, Кытайга жеткени жетип жетпегени жолдо курман болуп кала берген. Бөлөк жердеги ачарчылык, жокчулуктун айынан балдарын бир чөйчөк талкан үчүн кулчулукка сатып, кийин бошотуп кетебиз деген үмүт менен коштошкон ата-эненин көз жашын, ички сезимин сезе албайбыз жана элестете да албайбыз. Ушул сыяктуу оор кырдаалдарга туш болгон кыргыз эли социалисттик революциядан кийин бай манаптарды кулака тартып, жалпы эл бирдей тен укукка ээ болуп, Кара Кыргыз Автономиялуу областы болуп түзүлүп жаны жашоого кадамын ташташкан. Ошол кездеги карапайым элибиз түрлүү бийликтин мыйзамдарына баш ийип, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берип, ошол эле учурда элибиздин жаштары билимге, маданиятка умтулуп Ташкенттеги, Москвадагы жогорку окуу жайларынан билим алып мекенине ак кызматтарын кылышкан. Мисалга алсак, коомдук ишмерлер Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов, О.Сагымбаев, А.Сыдыков, К.Тыныстанов жана башкалар болгон. Бирок, бул кыргыздын чыгаан ишмерлери элине ак кызматын өтөсө дагы 1937-жылы эл душманы деген жалган жалаа менен репрессияланган.
Андан кийинки 1941-1945-жылдардагы экинчи дүйнөлүк согушта кыргыздын эр азаматтары аскер катарына күч кошуп, Кыргыз өндүрүштүк ишканалары женил өнөр жай тармагын кенен өндүрүп берген. Ошону менен бирге аялдары, 16 жашка чейинки жеткинчектери тылда күжүрмөн эмгек кылышкан. Буга Шопокова сыяктуу чыгаан аялдар мисал боло алышат. Ата-мекенин коргоо үчүн, өлкөсүнүн, балдарынын кийинкисин ойлоп ок изи менен баскан аталарыбыздын эрдиги менен гана азыркы өнүккөн заманга жетип отурабыз.
Кыргыздардын басып өткөн тарыхында далай ачарчылыкты, зордук зомбулукту, колонизаторлук бийликти көрсө дагы өзүнүн тилин, каада салтын, үрп адатын, улутун, элин, жерин, кооз жаратылышын башка жакыр мамлекеттерге салыштырмалуу экономикалык жактан өнүгүп жаткан өлкөсүн кийинки муундарга калтырып келет.
Акыркы беш жылдыкта элибиздин туруктуу башкаруу бийлиги ички жана тышкы саясатын туура жүргүзүүнүн негизинде, өнүккөн өлкөлөр менен кызматташтык кылып , жаны инновациялык технололгиялар мезгилине кадамын таштоодо. Ошондуктан, ар бир жаран ага тиешелүү болгон мыйзам жана этиканы туура сактап, аз болсо да өзүнө ишенүү менен мамлекет бийлигине жөлөк болуусу керек. Ал үчүн эн биринчи салыктарын жана мамлекетке төлөнүүчү төлөмдөрүн убак-убагы менен төлөп туруусу зарыл.
Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшү үчүн мындан кийинки убактарда завод фабрикалар курулуп иштетилсе, кичи ГЭСтер курулса, кайра иштетүүчү ишканалар ачылса, билим тармагы өнүксө, айыл чарбасы өнүгүп, элибизди сапаттуу азык-түлүк менен камсыздаса жана коррупция түп тамырынан бери жоюлса мекенибиз өнүгөт деген ойдомун.
Көп жылдар бою өлкөбүздүн өнүгүшүнө жол тосуп келе жаткан эн көйгөйлүү маселелерибиздин бири коррупция болуп эсептелет. Мамлекетте коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиктер иштесе дагы бул маселени чече албай келебиз.Мунун себеби мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянысынын аздыгы, элдин маселесин чечүүдөгү мамлекеттик кызматтардын бюрократиялык мамилелери жана бул кылмыш боюнча катуу жазанын жоктугу. Коррупцияны жою үчүн ар бир адам Конституциялык укуктарын билүүсү жана ар бир жаран өзгөрүүнү өзүнөн баштап коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө аракет кылышыбыз керек. Бул көйгөйгө каршы туруу үчүн өлкөнүн жарандары билимдүү болушу зарыл. Эгерде Кыргызстан башка өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктай турган болсо, биздин өлкөдөгү мектептерден баштап жогорку окуу жайларына чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керек. Ал үчүн мектептеги предметтик китептердин жеткиликтүү болушу, мугалимдердин сапаттуу билим берүүсу жана ЖОЖдордо сырттан окутуу бөлүмдөрүнүн факультеттерине чек коюлушу билим денгээлинин жогорулашына алып баруусу толук мүмкүн. Сапатуу билим алган жаш жеткинчектер жана студенттер келечектеги билимдүү адистерден болуп, ар кандай тармактагы профессионал кадрлардан чыгып өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошот . Андан тышкары чет мамлекеттерде окуп, жогорку денгээлде иш тажрыйбаларын алып жаткан жаштарыбыз патриоттук сезими менен, мекенине, элине ак эмгектерин өтөсө элибиздин жакшы жашоосуна жол ачылат.
Кыргызстан СССРдин курамында кезинде чон-чон ири заводдор иштеп, он беш союздук республикаларды продукциялар менен бүт камсыздап турган. Майлуу-Суудагы лампа заводу, Каджи-Сайдагы электрожабдууларды чагыруучу заводу, Фрунзедеги “Ленин” атындагы машина куруучу заводу, Балыкчыдагы оргтехникалык заводдор иштеп жана ошол эле учурда Кыргызстанда женил өнөр жайы абдан өнүгүп турган. Кийин эгемендүүлүктү алып, көз карандысыз мамлекет болгон сон, ал завод фабрикалар жергиликтүү тургундар тарабынан эле таланып талкаланып жок болгон. Ошону менен кошо жумуш орундары да азайган. Азыр Кыргызстанда жумушсуздар аз эмес, жумуштардын көбү оор жана айлык мыянасы аз. Эгерде ошол фабрикаларга жаны тетиктер алынса, кайрадан ондоп түзөө иштери жүргүзүлсө жумуш орундары көбөйүп, бизге импорттолуп жаткан товарлардын көбү өзүбүздө өндүрүлүп арзан жана ынгайлуу болмок. Бул экономикабыздын өнүгүшүнө бир топ салымын кошмок. Андан тышкары Кыргызстан сууларга бай өлкө. Кээ бир чет өлкөлөдө суунун тартыштыгынан улам суунун бир кубу 70$га барабар же андан да ашык. Биздеги кенен сууну, баалай албайбыз. Сугатка, таза ичүүчү сууга кенен берилгендиктен, бизде суу ачык ташталып,көчөлөрдө шарылдап аккан сууга эч ким көнүлүн бурбайт. Бул айрыкча айыл жергесине көнүмүш адат болуп калган. Сууну бир гана ичүүчү сууга жана сугатка эле эмес, кичи агын сууларды биз башка багытта дагы колдонсок болот. Мисалы кичи ГЭСтерди куруу менен биз ГЭС курулган аймактын элин сапаттуу жана арзан электро энергиясын берүү жана жергиликтүү калктын жумуш орду менен камсыз болушу, жергиликтүү бюджетке салыктын түшүшү менен аймактын экономикалык өсүшүн камсыз кылат.
Мени азыркы учурда эн ойлондурган чон маселе бул шаарларыбыздын, айылдарыбыздын таштандыга толуп, айланабызга эн жаман атмосфераны түзүп жатканы. Учурда Кыргызстандагы эн көйгөйлүү маселеси бул таштандыны кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Өлкөбүз кооз жаратылышка ээ, аны биз туура күтүп алуубуз керек экенин дээрлик баардыгыбыз жакшы билебиз. Бирок, ошол эле учурда ар бир Кыргызстандын жараны көчөгө күнүнө жок дегенде бирден таштанды ыргытып желим бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар жер астында жүз жыл сакталып жаратылышка жана адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Эгерде биздеги жеке ишкерлер таштандыны кайра иштетүүчү өнөр жайларын ачса келечектеги эн мыкты иштетилген ишкана деген денгээлге жетмек, ошону менен бирге калктын санитардык тазалыгын камсыз кылып, экологиялык коопсуздукту бекемдейт . Андан тышкары биз күнүмдүк турмушта пайдаланылуучу полиэтилен баштыктарын жөнөкөй экологиялык жактан таза кагаз баштыктарына алмаштырылса жаратылышка өтө терс таасирин тийгизген көйгөйлөрдүн биринен арылмакпыз.
Азыркы базар экономикасынын шартынын фундаменти болуп жеке менчик эсептелет. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан жайыт жана айдоо жерлерине бай келет. Айыл чарбасы өнүгүшү үчүн бош жаткан жерлерди ишкер адамдарга бөлүштүрүп, теплицаларды куруп, өлкөгө арзан жер-жемиштерди жыл бою камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ашкан продукцияны экспорттого бөлүү керек. Кыргызстандын айдоо жерлеринде эмгек кылган ишкерлердин демилгесин колдоп туруу да өтө зарыл. Анткени, алардын эмгеги менен алынган продукция өлкөдөгү токчулуктун жана бейпилдиктин тен салмактуулугун сактап турат.
Кыргызстанда баардык тармакта жетишкен жана жетишпеген жактары болгону менен ар бир кыргыз болуп төрөлгөн жарандын жүрөгү өз өлкөсү үчүн гана согот. Кыргыз эли Эгемендүүлүккө жеткен 24 жыл аралыгында Конституциялык өзгөрүүгө, мыйзамдардын жаныртылышына, ар кандай тармактагы реформаларга баш ийип, катаал бийликке каршы турган эки революцияны башынан өткөргөн күжүрмөн, адилеттүүлүктү сүйгөн, мекенчил, чынчыл, билимдүү эл экени дүйнө жүзүнө таанылып олтурат. Мен ушундай карапайым, колунда жок болсо дагы жардамын аябаган берешен жана баатыр элдин кызы экендигиме сыймыктанам. Келечекте мен дагы жеткиликтүү билим алып элимдин өнүгүп өсүшүнө салымымды кошууга баардык күч аракетимди жумшайм. Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүүсүн каалайм! Мен Кыргызстанды сүйөм! Кыргызстан, бул менин Мекеним, Мекеним мен үчүн ыйык., ата-бабамдан калган ыйык мурасым жана киндик каным тамган жерим. Мен башка өлкөгө баргым келсе да, башка тилди үйрөнсөм да, башка улуттун каада салтын, тарыхын окусам да, мен, эч качан Кыргызстандан башка өлкөнү артык көрбөйм, кыргыз тилин танбайм, өз элимдин тарыхын, каада салтын эч унутпайм!
Бул менин атуулдук милдетим.


Ысык-Кол областы, Жети-огуз району, Барскоон айылы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим беруучу мектеби




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Дөөлөтбекова Айжамал Шербековна

“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”
Кыргызстан ОртоАзиядагы жаңы өнүгүү жолуна түшкөн мамлекет. КыргызРеспубликасынын калкы жакында 6 миллионго жетпедиби?! Ошондой эле Кыргызстанда 80ден ашуун улуттар жашарын унутпаса. Ошол улуттар менен бирдикте Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн камсыз кылышыбыз керек. Мамлекеттик тилибиз кыргыз тили болгондугуна сүйүнүшүбүз керек. Ошондой болсо да жаш жеткинчектер (окуучулар) орус тилин, англис тилин өз эне тилиндей өздөштүргөнү кубаныч эмей эмине?! Кыргыз улутунун ар бир атуулу: “Канткенде өлкө өнүгөт, гүлдөп өсөт?”- деген ойдо болушу мүмкүн. Анткени мекениң гүлдөп өссө бай болсо жеке адамдардын турмушу да оңолору бышык да.”Жыргаганыбыздан жылкычы болдукпу”, дегендей жыргаганынан мекендештер жашоо издеп, акча издеп Россия, Казакстан, Туркия ж.б өлкөлөргө тентип кетиштиби? Жок жетишпеген көр тиричиликтин айынан кетишпедиби!
Мындан 24 жыл мурда өлкөбүздүн үстүндө кызыл туу желбиреп Кыргыз Республикасы көз жарды. Али да болсо өлкөдө саясий туруктуулук, тынчтык түбөлүк орноду деп эсептей албайм. Жаш жүрөгүм кээде өлкөнүн ичинде болуп жаткан террористердин коркунучтуу иштеринен улам “солк” этет. Али жаш болсом да “коррупция” деген түшүнүктү алдым-жуттум адамдардын мамлекеттин акчасын, ырыскысын уурдоо деп түшүнөм. Мамлекеттики, Элдики эмеспи?! Бул дагы өлкөбүздун өнүп-өсүшүнө кедергисин тийгизип жатпайбы?! Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин “Биз башка жерде,башка өлкөдө эч качан бактылуу боло албайбыз”- деген эгемендүүлүк күнүндөгү кайрылуусунда: “Сабырдын түбү сары алтын”, дегендей чачылганды жыйнап, алдыга кадам таштап отурганыбыз туура экенин эскертет.Элибизде “ырыс алды ынтымак” деген сөз бар. Биринчи кезекте өлкө тынчтыгын, ынтымакты бекемдөө турат”- дейт өлкө башчы өз сөзүндө.
Өлкө сен үчун эмне жасады деп сураба мен өлкө үчүн эмне жасадым деп сура деген сөз бар. Душмандардын чырагына май тамызып өзүбүз менен өзүбүз тытышып ынтымагыбыз ыдыраса,түндүк- түштүк, уруу-уруу болуп бөлүнүшсөң, анда кудуреттүү гүлдөп өскөн кыргыз мамлекетин кантип курабыз. Ата-эне баласын кандай жакшы көрсө, сүйсө биз дагы элибизди-жерибизди, мекенибизди дал ошондой сүйүшүбүз керек. Мекенибиздин жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына күйунүп, батыраак бутуна туруп гүлдөшүнө жардам беришибиз керек. Менин оюмча Кыргызстан өнүп өсүп кетиши керек. Мекенибизге кудай таза абаны, кооз жаратылышты, кен байлыкты деги эле адамга керектүүнүн баарын биздин өлкөгө топтогондой. Чын эле, мисалы Кумтөр алтын кенин алалы, Кумтөр биздин жашообузда чоң роль ойноодо. Абаны туура эмес иштеткендиктен ал дагы биздин атка минерлердин боштугунан жемкорлугунан пайдаланып бузуп жаткандай. Чындыгында алтын кендери Кыргызстан үчүн пайда болуп жатпайбы?! Мындай кенден бизде көп деп атышпайбы. Кыргызстан ошондой эле жаратылышы, жанга жагымдуу таза абасы, миң түркүн кубулган ажайып кооздугу менен дүйнө элин суктандырат. Ушул кооздуктун койнуна туристтерди тарткан бул дагы мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө жардам болмок. Менимче бул тармак да кандайдыр себептер менен аксап аткансыйт. өзгөчө сулуулугу табиятынын, абасынын тазалыгы жанга жагымдуулугу менен айырмаланган, суук көзгө көрсөтпөс, ыплас бутка бастырбас, керемет кооз көлдөрү бар. Кыргыз элинин пейилине жараша табият берешендик менен тартуулаган элибиздин байлыгы, сыйлыгы касиеттүү Ысык-Көл кышкысын тоңбогон дүйнөдөгү эң чоң жана терең көлүбүз бар .Бул көлүбүздү да жайкысын туристтерге толтуруп, азыркыдан да жакшы шарттарды түзүп, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө пайдалансак болот.
Көркөмү көздү уялткан Соң-Көл менен Чатыр-Көл дениз деңгээлинен 3-3,5миң метр бийиктикте турган көлдөр жөнүндө айтпасам болбос. Булар дагы кыргыз элинин байлыгы, адамдардын жашоосунун булагы болот.Жаратылыш Кыргызстанга жер казнасы марттык менен тартуулап ток пейил мейман дос, айкөл элдин керектөөлөрүнө жаратсын деп ченемсиз берген экен.
Асманында бүркүт шаңшыса, аска-зоолорун алгыр куштар мекендеп, анын этегин эчки-теке,аркар- кулжа куюлган, ак мөңгүлүү тоолордон сызылып агып чыгып дарыяга айланып таштан-ташка урунуп агып жаткан көк кашка суулар чет элдиктерди кызыктырып жылдан жылга көбүрөөк тартып жатат. Демек туристтерге шарт түзүп, кабыл алып элибиздин байлыгын көбөйтүшүбүз керек. Гүлдөтүугө шарт түзүу биздин ошондой эле кыргыз атка минерлердин колунда, алар иштеш керек! Ата мекен темасына кайсы акын жазуучулар кайрылбаган. Мисалы: кыргыздын Пушкини Алыкул ырдагандан:
Ата журтум тууган элим мекеним,
Жан кубатым сүйгөн жерим секетим.
Тоо ташыңдын турпагыңдын сууңдун,
Мен көрбөдүм пайдасы жок бекерин.

Сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.
ϴлгөндө да сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап.

Тууган жерим ата журтум бир боорум,
Мен өзүңдүн гүл багында төрөлдүм.
Заманыңдын мен ырыстуу акыны,
Дарбыз коон жүзүмү бар корооңдун.

Мендеги өмүр меники эмес сеники,
Менин ырым меники эмес элдики.
Ар бир демим ар бир соккон секунтум,
Өзүмдүкү алар эмес желдики.-
дегендей ата-журт үчүн баарына даяр болуш керек. Алыкул акын айткандай: мен да кыргыз жерине суктанбай коё албадым. Кыргыз элиме, кыргыз жеринин кооздугуна суктанып төмөнкү ыр саптарын чиймеледим.


Кыргызстан

Мен кыргызмын, чыккан кыргыз улуттан ,
Мен кыргызмын дүйнө жүзү тааныган.
Байыртадан Ала-Тоону жердеген,
Байыркы элден болгонбуз биз кыргыздар.

Кыргыздын жергеси Кыргызстан,
Кыргыздын мекени Кыргызстан
Жашыл токой, тоолор менен курчалган
Мындай кооздук көргөн эмес эч бир жан.

Ысык-Көлү тоо койнунда чалкалап,
Сулайман –Тоо бийик тоодо заңкайат.
Жашыл шибер, жаркыраган суулары,
Мээ сэргитип, адамдарды жыргатат.
Кыргызстан менин асыл мекеним,
Ар убакта сени сактоо милдетим .
Ар убакта ар кайда жүрсөм да,
Ааламда сендей жерди көрбөдүм.

Көрсөм дагы кооз-кооз жерлерди,
Сага жетпейт менин кымбат мекеним.
Ташын дагы алмаштырбайм алтынга,
Билип жүргүн сен кымбатсың мен үчүн.

Кыргызстандын келечеги жаштарда,
Жаштарга бериш керек тарбия.
Бир сөзүмдү айтар элем жаштарга:
Мекениңди коргогунуң дайыма.

Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы №11 гимназия мектеби

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чыңышбек уулу Наби
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн
каалайм.
Кыргызстан- ак мөгүлүү асман тиреген Ала-Тоолуу,
аскасын жарып чыккан мүрөк суусу бар,ажайып сулуукка бөлөнгөн жаратылышы менен айырмаланган өлкө.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери көптөгөн өзгөрүүлөр болду,бирок убакыт өткөн сайын Кыргызстан алдыга кадам таштап элдин жашоо-шарты өзгөрүп,алдыга максат коюп ,умтулуу менен жашап келүүдө.Кыргызстанда төрөлгөн ар бир жаран жана ошондой эле өспүрүмдөр кыргыз жеринин өнүгүп-өсүшүн каалайт.Мен да ошол жарандар сыяктуу эле мекенимдин келечекте эң алдыңкы мамалекеттердин катарында болушун каалайм.Мамлекетибиздин онүгүп-өсүшүнө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.Бул үчүн талыкпаган эмгек керек.Мамлектке салым кошуу үчүн биринчи орунда жакшы билим алуу менен Мекенге ак кызмат кылуу деп эсептейм.Келечекте мамлекеттеги эң кооз жерлерге туристтик эс алуу жайларын дүйнөлүк деңгээлде куруп,туристерди чакырып ,Кыргызстандын бюджетин көбөйкөнгө чоң салымыбызды кошсок жана ошондой эле айыл чарбасы боюнча биздин мамлекетте экологиялык жактан эң таза жер-жемиштер өскөндүктөн аларды чет өлкөгө чыгарсак.Мал чарбасын да өнүктүрүп,этти экспорттоо менен Кыргызстанга чоң киреше киргизсе болот деп ойлойм.
Азыркы айрым саясатчы депутаттар сыяктуу куру убада бербей келечекте Мекенибиз үчүн колубуздан келе тургандын баарын кылганга аракет кылабыз.
“Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда” дегендей эле ар бир кыргыз атуулу өз келечегин ойлобостон өлкөнүн клечегин да ойлой билиш керек.
“Ата Мекен мен мен үчүн эмне кыла алат” дебей,
“мен Мекеним үчүн эмне кыла алам”деп Мекен үчүн кайдыгерлик кылбай аракет менен умтулууну жашоонун манызы деп ойлойм.


Мен-кыргызмын, сатылбаган сатпаган!
Мен-кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата-Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын “чоң казатка” аттанам.


Мен-кыргызмын, асман жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин,максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм ,
кырчылдаган “кыргыз” деген жакшы аттын!


Мен-кыргызмын, асман жерге түгөнөрдө түтөгөн!
Мен-кыргызмын жок болоордо күчөгөн!
Мен-кыргызмын, тарыхым бар,тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.


Албетте жаштардын колунан көп нерсе келет Мекенчил жаштар Кыргызстанды жакшы жакка алып барат.Бизге чейинки инсандар да Ата Мекенге оз салымын кошуп келишкен.
Кыргызстандын түптөлүшүно салым кошкон инсандар абдан көп алардан К.Тыныстанов И.Разаков Т.Айтматов жана башкалар .
Аталган инсандар Кыргызстанга абдан чоң таасирин тийгизген залкар инсандардан болушкан.Бул инсандарды билбегендер өз атын билбеген адам катары да айтууга болот.
Бул инсандар мекнибиздин келечеги үчүн кан-жанын үрөп кызмат кылышкан.Алар түптөп кеткен мекенибизди өнүктурүү биздин,жаштардын, колунда.
Ал үчүн башка чет олкөдо билим алып жаткан жаштарыбыз өз өлкөсү үчүн сөзсүз эмгектенишибиз керек.Анткени көпчүлүгү кайтып келүүнү каалашпайт.
“Билимдүүгө дүйнө жарык” дегендей эле билим сени каалаган жака алып бара алат.Билимдүүгө турмуштун кандай жагдайы болсо да женилдик кылат.
мен келечекте алган билимди мекенге салым катары кошконго аракеттенем жана Менин азыркы окуучулук салымым мыкты билим алуу.


Ысык Көл областына караштуу
Балыкчы шаарындагы
№4 гимназия мектеби



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ишенова Жылдыз

Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм
Мекеним менин алтын энем
Энеме керек болсо жаным берем
Мекеним мени остургон улуу атам
Кубатым кубанычым сен уулум деген
Жашырып жаныланып алга басам
Жаным бир журогумбир мекен менен-деп Кубаныч Маликов акын жазгандай ата-мекенди коргоо ар бирибиз учун ыйык милдет.Мекенсиз адамуйсуз калган кангыраган иттен жаман-деген биздин ата-бабаларыбыз. Меймандар бул жерди экинчи Швецария-деп аташып менин жерим болуп калсачы деп тандай такылдатышат. Мунун себеби карагай кайынга,арча менен четинге,карагат менен кожогатка коюну толгон,чокусу кумуш монгусу,жайдын ысык саратанында салкынды тартуулаган тоосунун кереметтигиненби же мумкун кыштын ызгаар суугунда тонбогон табышмактуу Ысык-Колунонбу, же болбосо орушу малга,талаасы данга толгон ,элинин бейпилдигиненби айтор келген меймандардын саны жылдан-жылга арбууда.Баатырдын втын алыстан ук,жанына келсен бир киши дегендей,мен дагы келечекте олкомдун онугушуно салымын кошчу бир атуулумун.Ар бир олконун атуулу мекенинин гулдоп осуусун каалайт.Мен дагы оз олкомдун гулдоп осушун каалаймын жана оз мекенимди абдан жакшы кором.Мкенимди мен жаны ачылып келе жаткан гулго салыштырам. Себеби Кыргызстан азыркы учурда жаны баш которуп,онугуп келе жаткан учуру.Гул дагы акырындык менен ачылат эмеспи,ал ачылган убакта озунун жыпар жытын айланасына таратып ,сулуулугун коргозуп ,озуно арбатып алат.Кыргызстанды да азыр коптогон мамлекет таанып,келип- кеткен меймандар олкобуздун сулуулугуна арбалып калышууда.Аз убакыттан кийин мекенибизди буткул дуйно таанып калат.Ар бир жаран озуно «мен олкомо эмне кылып салым кошо алам жана эмне салым кошуп жатам»-деген суроону берип алдыга умтулуусу кажет жана мекенибиздин гулдоп осушуно кайдыгер карабашы керек.Эн башкысы олкобуздун онуктуробуз, зор салымыбызды кошобуз десек,биз билим алуудан талыкпастан жана тундук-туштук деп болунбостон баарыбыз биргеликте иштерди жургузуубуз зарыл.Бир гана президент,депутат, окмотторду кара полтура бербестен биз дагы кокурогубуздогу патриот сезимдерибизди ойготуп,акыл менен иштегенди уйронушубуз керек.Онугуу биздин жалпы мекендештерибизден да коз каранды.Биз корунуктуу шаарларга гана конул бура бербестен,айыл жергесине дагы кобуроок конул буруп,мектеп, фап,бала бакчаларды салып,жолдорду ондоп беришсе биз дагы бир тепкичке которулмокпуз. Эгерде депутаттар куру создору менен эмес,акылдары менен иштеп ,олкобузду да ойлоп жакшы иштешсе,биздин колубуздагы алтын,комур, сымап,сурьма сыяктуу кен байлыктарыбызды туура иштете алсак Кыргызстан жакынкы жылдары онуккон мамлекеттердин катарына кошулат.Кыргызстандагы эн ири алтын чыгарчу жерибиз бул кумтор.Учурда кумторду Канадалыктар иштетип жатышат.Себеби Канада онуккон мамлекет болгондуктан аларда оор техникалардын турлору чыгат жана алтын иштетуунун жолдорун билген тажырыйбалуу адамдар да коп.Келечекте Кыргызстан дагы оор техникалардын турлору чыгып,чет жерде коптон бери иштеп ,тажырыйбалары чон болгон мекендештерибиз келип кумторду озубуз колго алып иштете баштасак олкобуздун казынасына чон киреше тушуп,онугуу мындан дагы тез осот.
Жогоруда айтып откондой Кыргызстан жакынкы жылдары онуккон мамлекеттердин катарына кошулат.Ал убакта айыл жергесинде дыйкан чарбачылыкка керектуу техникалар онугуп,мекенибиздеги ар-бир жолдору онолуп,аэрапорттор да онолуп калат.Баардык жерге жетиштуу бала бакчалар, мектептер,коптогон ооруканалар салынат деген ойдомун.Ошондой эле майыптар башкаларга коз каранды болбостон ,озулорун коомдук жайлардан эркин алып журушу учун коптогон транспорттор жасалып,башкаларга коз каранды болбой калышат.Кыргыз элине ылайыктуу болгон жаны закондор чыгат жана коптогон фабрика-заводдор кобойуп,Кыргызстан азык-тулук жагынан озун-озу каржылап жана башка олколорго дагы сапаттуу азык-тулуктор менен камсыздап экспорттоп турабыз.Жогоруда айтып откондой коп мектептер салынса,баардык мектептерде жаны улгудогу аппараттар менен билим алышып ошону менен бирге ой жугуртуулору дагы окуучуларда кучтуу болмок.
Онуксок мекенибизде жумуш орундары кобойуп,тышта мигрант болуп иштеп жургон мекендештерибиз Кыргызстанга келип оз жеринен иштеп,айылдагылар дыйкан чарбачылык менен алектенип,шаар жериндегилер бизнестери менен алектенип калышат деп ойлойм.
Онугуунун катарына эне тилибиз дагы кирет десем жанылышпайм. Себеби учурда эне тилибиз унутулуп бара жатат.Шаар жергесинде кобу орус тилинде суйлошот.Башка тилди дагы уйронуу керек,бирок оз эне тилибизди унутуп калбашыбыз керек.Ошондуктан онуголу десек оз эне тилибиз менен онуголу.
Мен Кыргызстанымды жогоруда айтып откондой гулдоп-осот деген ойдомун.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Акынбеков Эдил

Мен кыргыз жеримдин гулдоп- осушун каалайм.
Мен кереметуу кыргыз жеримдин, элин-жерин суйгон уулу катары кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм, бул тилек баардык кыргыз элинин журогундо, жаш балдардан баштап ата-энелерибизге чейин болушун каалайт элем. Анткени ата-энелерибиздин эл-жерине болгон суйуусу азыркы убактагы Кыргыз мамлекетинин алдыга жылуусуна, осуп-онугушуно, келечектеги оздорунун эле осуп келе жаткан балдарынын бактылуу келечегине шарт тузуп берет го деген ойдомун, ал эми осуп келе жаткан балдардын эли-жерин суйуусу келечектеги гулдоп-оскон Кыргызстанды тузооруно ишенем. Биздин кыргыз жерибиз кандай кооз, кандай керемет жер- кыргыз жеринин бермети аталган Ысык-Колубуз, кок тиреген тоолорубуз, баа жеткис токойлорубуз, шаркыраган тунук сууларыбыз, жашоо шартка ынгайлуу климатыбыз айтор баары бар. Ушундай сулуу табияты, жаратылышы бар жерди суйбой коюуга, барктап, сактабай коюуга мумкун эмес. Мени ойлондурганы ушундай онугуп-осууго бардык жактан шарты бар мамлекетибиздин баркына жете албай, кооздугунун коркун ача албай, колдоно албай жаткандыгыбыз. Мен озум саякат тууралуу корсотуулорду коргонду, журналдарды окуганды жакшы коргондуктон, чолго айланып жаткан олколордун кандай гулдоп осуп жатканын, элдеринин жашоо шартын коруп абдан суктанам. А биз эмнеге кыргыз жериндей кереметтуу жерди жыйырма жылдан ашык убакыттан бери онуктуро албай, элибиз кыйналып жашап жатышат? Ошондуктан биз, осуп келе жаткан жаштар мамлекетибиздин осуп-онугушу учун терен билим алууга умтулуп, ан-сезимибизди ойготуп, эли-жерибизди суйууго уйронушубуз керек. Ушул максатта, осуп келе жаткан жаштардын ан-сезиминин кененирээк осушуно, башка онугуп жаткан олколорду коруп сабак алышсын деп, эгер барбай калсак дагы бизди азыртадан ушул темада ой жугуртууго уйротуп, мамлекетибиздин келечеги учун салым кошуп жаткан ага-эжелерибизге ыраазычылык билдирем.
Акырында айтаарым «жалгыз дарак бак болбойт» дегендей, бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып, баардыгыбыз кыргыз жерибиздин гулдоп-осушун каалап гана койбостон, ар бирибиз аракет кылышыбыз керек. Бул аракет созсуз эле чон нерселерди жасаш керек эмес, эн жонокой мисал келтирсем, жон гана кочодо жаткан ташатандыны алып, таштанды челекке таштап койгондугубуз, же мен таштабасам башкалар деле таштайт деп, таштандыны каалаган жерге ыргытып таштабастан, таштанды челекке салып койгондугубуз дагы мамлекетибиз учун кошкон салымыбыз деп билем, жана ошондой эле мага мекеним эмне кылды дей бербестен, озубуз дагы а мен мекеним учун эмне кылдым?- деп озубузго суроо берип, мамлекетибиз учун, озубуздун жаркын келечегибиз учун колубуздан келген жакшы иштерди жасашыбыз керек.
Ушул дил баянды жазып жатып, мекенимди мен кандай коргум келээри тууралуу оюмда бир ыр жаралды жана ушул ыр саптары менен оюмду жыйынтыктагым келди:

Мекенимди чептей бекем коргум келет,
ал чепти эр-азамат жигиттер деп билгим келет.
Мекенимден жуздоруно кулку толгон
бактылуу балалыкты коргум келет.
Кадырлуу карыларын барктай алган
акылдуу кыргыз элин тапкым келет.
Мекенимде бактылуу оскум келет,
Мекенимдин сыймыгы болгум келет!


Ысык-Кол областына караштуу Каракол шаарынын №2 мектеп гимназиясы

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кубанычбек кызы Бегимай
Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп ѳсүшүн каалайм
Мен Кыргызстанда туулуп ѳскѳнүмѳ сыймыктанам жана ѳзүмдү бактылуу сезем. Себеби, биздин жаратылышыбыз абдан кооз, шаркыраган суулары, кѳк тиреген тоолору, адамды ѳзүнѳ тартып турат. Ушундай кооз кыргыз жеримдин гүлдѳп ѳсүшүн каалайм. Мен келечекте кыргыз жеринин жаратылышын коргоогон, дайым кам кѳргѳн эколог болгум келет. Себеби; менин апам мектепте биолог-эколог мугалими болуп эмгектенет. Апам дайыма: «Жаратылыштын ажайып кооз жерлерин, ѳсүмдүк, жан-жаныбарларды кѳздүн карегиндей сактоо керек!»- деп, балдарга таалим тарбия берет. Апамда кѳптѳгѳн кыргыз жеринин кѳз жоосун алган айлана-чѳйрѳсүнүн абдан кооз сүрѳттѳрүн, китептерин окуп таасирленем, ушул себептен эколог болгум келсе керек.
Мен Ысык-Кѳлдүн дарбазасы болгон Балыкчы шаарында окуйм. Кѳптѳгѳн коноктор, туристер кѳлгѳ эс алууга келгенде, эӊ алгач Балыкчыны басып ѳтѳт эмеспи. Балыкчы шаарынын дайым айлана-чѳйрѳсүнүн таза, кѳрктүү болушун, келген коноктордун кѳӊүлү иренжибес үчүн, биз мектеп окуучулары байма-бай айлана-чѳйрѳнү тазалап, таштандыларды чогултуп, ар кандай тазалоо иштерин жүргүзүп турабыз. Шаарыбыздын табиятына кайдыгер мамиле кылган адамдар четтен чыгат. Адамдар кѳлдүн жээгине эс алганда, ѳзүлѳрүнүн тамак-аштардын калдыктарын, царафандарды, бутылкаларды туш тарапка таштап кетишет. Ушул таштандылар шаарыбыздын кѳркүн бузуп, абаны булгап жатаарын билсе да, билмексен болуп, кайдыгер мамиле жасагандары зээнди кейитет. Мен ушул жерден пайдаланып, аларга кайрылгым келет, ѳзүбүздүн жашаган жерибизди таза кармап, кѳлүбүздүн тегерегин ирээтке келтирсек жана ар бир адам экологиялык жактан маданияттуу болсок дейм. Бул да болсо биздин кыргыз жеринин гүлдѳп ѳсүшүнѳ кошкон салымыбыз деп ойлойм.
Адам баласы акыл эсинин жардамында эмгектенип, болуп кѳрбѳгѳндѳй жерди ѳздѳштүрдү. Демек, «Эр эмгегин жер жебейт» деген асыл сѳз бар кыргыз элинде. Күнүмдүк жашоону ойлоп, дүйнѳ кезип, океандын ары жагына чейин барбай, ѳзүбүздүн кеӊ жайык, алтын жерибизди иштетип, кыргыз жеринин элинин келечегин ойлосок, ошондо гана кыргыз оӊолот, жерибиз гүлдѳп, элибиз байыйт. Андыктан ар бир атуулдун жүрѳгү: «Элим- жерим»- деп согуп, кичине болсо да анын ѳнүгүшүнѳ салымдарын кошсо, турмуш оӊолуп, жашообуз ѳзгѳрѳт.
Мен ѳзүм ушундай касиеттүү, кооз, мартабалуу жерде тѳрѳлгѳнүмѳ сыймыктанам жана аны дайым айтуудан эч качан тажабайм.
Балыкчы шаары №1 Л.Толстой гимназия мектеби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нурлан кызы Назми
"Мен кыргыз жеринин гулдоп-осушун каалайм".
Мен Кыргызстанымдын келечекте,дуйнонун алдынкы мамлекеттеринин катарында болушун каалайм.Элибиз биринчиден ыймандуу,
ынтымактуу, билимдуу болушу керек.Мен Кыргызстанда Ысык-Кол обласында жашагандыктан озубуздун колубузду,тоолорубузду айткым келет.
Жайкысын дуйнонун бардык жерлеринен колубузго,тоолорубузга суктанып эс алганы туристтер келишет.
Кышкысын болсо Караколдогу лыжа тебуучу базасына келишет.Ал жерге дагы кышкысын ден-соолугун чындап,эс эс алуу чет олкодон
туристтер келишет.
Бирок азыр жаштардын кобу Кыргызстанда жумуштун ,айлыктын аздыгынан чет жактарга уй-булосун ,ата-энесин таштап,
жумуш издеп кетип жатышат.Ошондуктан Кыргызстандагы заводдор,фабрикалар кобурок иштесе,чет олколорго кетишпейт деп ойлойм.
Кыргыз элибиз жаман сапаттардан арылып,келечекке алдыга карай умтулуп тургандай сапатттарыбыз болушу керек.
Ошондой эле жерибиз таза болсо,бак-дарактарды, турдуу гулдорду отургузуп,жерибизди кооз кылууга аракеттенели.
Кыргызстаныбызда баажеткис жаратылыш кен-байлыктары бар.Ошолорду кайра иштетсек, Кыргызстан гулдоп онугуп осот.
Биздин Кыргызстаныбыз коп улуттуу олко,алар кыргыз болбосо да, биздин тилди уйронуп ,биздин салттарыбызды урматтап журушот.Алар да биздин жерибизге чон салым кошуп жатышат.Мисалы: КУМТОРду Канадалыктар иштетип,Кыргызстандын жаштарын жумуш менен камсыз кылып жатышат.
Мен келечекте окумду жакшы аяктап,жакшы бир кесиптин ээси болуп,элиме кызмат кылгым келет.Ошондой эле келечекте заманбап техникалары болушу тийиш.
Мисалы эгер мектептерде интерактивдуу доскалар болсо,мектептерде окуучулар жакшы билим алышат жана элине,жерине патриот болушат.
Ошондуктан баарыбыз Кыргызстанды гулдоп осушуно аракеттенип, чон салым кошолу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Асекова Алия

Мен Кыргызстанды онугуп – осушун каалайм.
Жайы-кышы кетпеген,
Монгусу бар Ала-Тоо.
Асман менен тирешкен,
Белгиси бар Ала-Тоо.
Балдан ширин туптунук,
Булагы бар Ала-Тоо.
Тукабадай кулпунган,
Туланы бар Ала-Тоо
(Ж. Боконбаев)
Тоолор. Бийик тоолор. Аппак каар жамынган, ак монгулу аска тоолор. Аппак сакал карыяларды элестетесин. Кайратынан жазбаган, айколдугу ашынган, акылдуу, нускалуу аталар. Булбул ундуу шаншыган апалар. Кыз-бурактай буралган кыздар. Тоолорубуз да аталардай бийик, солотту, доолотту. Коздун жоосун алган кызыл гулдор, шиберлуу чоптор, табиятты сулуулугуна корк кошкон гулдорду коргондо ажайып дуйного келгендейсин. Суулар. Туптунук суулар. Тоонун булактары наристенин кулкусундой молтур таптаза, туптунук. Шылдыр аккан суулар. «Ысык-Кол кээде тынч да, кээде толкун» дегендей тунуктугу коз жоосун алган Орто Азиянын бермети, кол боюнда тургандыгы мелжиген сулуулукту, бейкутчулукту эч жерден таппайсын да, корбойсун да. Мына ушундай сулуулуктан, жылуулуктан турган кыргыз жеримдин ушул сапаттар менен эле токтоп калбастан, дангыр жолго тушуп, Кыргызстанды онугуп-сушун каалаймын. Биздин мекенибиз онугу жолуна тушуп, дуйнолук денгелге чыгууга мумкунчулугубуз коп, мен Кыргызстанды Дубай олкосу менен салыштырам. Кайсы бир убакта Дубайда эч нерсе жок, болгону жонокой чол болчу. Дубайдын эмири талыкпас аракетти, каажыбас мээнети, элге болгон куйумдуулугу менен элинин жардамы менен ушул денгелге жетишти. Азыркы учурда Дубай эн бай, эн корктуу, таза, бейкутчулук орногон, коптогон элдин козун арттырган онуккон мамлекет. Мен дагы Кыргызстанды ушундай денгелге жетсе дейт элем. Кыргызстан туризм, маданият, улуттук кийим, тамак-аш жаатында дуйного даназаласак болот. дуйно элдери Ысык-Колубузго суктанып, жыл сайын Ысык-Колубузго келип, черин жазып, эс алып, курорттук зонага айлантып, Ысык-Колду дуйно бейиши кылууга аракет кылышыбыз керек. Ландшафтык дизайндын жардамы менен экопарктарды остуруп, табиятыбыздын кооздугуна дагы корк бергим келет. Дуйно жузуно белгилуу болгон сейил бактары, адамдын колунан жаралган Коста-Рикадагы Зерцеро сейил бактарына окшогон кыргыз онун корсоткон экопарктарында коркондо жарандар дагы тан калып, кыргыз жерине суктанса дейм. Япониянын сакурасынан биздин кыпкызыл кызгалдактардын эмнеси кем? Экотуризм менен кошо маданиятыбызды онугу жолуна тушурсок болот. муундан-мунга келе жаткан коонорбос уюткубуз-Манас. Биздин тарыхыбыз, ыйманыбыз, каада-салтыбыз –Манас. Манасты окуганда кыргыздын кыргыз экенин билебиз. Манасыбыз менен маданиятыбыздын бийиктигин корсото алабыз. Ал эми комузубузчу? Конур ундуу, мункайсан муунду, ырдасан ырды, кубансан шанды, кайгырсан ызанды, уч кыл аркылуу туясын, журок тупкурундогу сырды айтып, суроттоп берууго болот. адамдын журогун жибитип, ан сезимин ээлеген комуздун куусу экенин билебиз. Жана ошондой эле кыргыз кереметин улуттук калориттеги кийимибиз аркылуу данктасак болот. Дуйно жузуно таанымал «Гучи», «Dolce & Gabbana» фирмасынын кийимдери сыяктуу, биз озубуздун кыргыз колоретиндеги кыргыз кийимин «Даткайым», «Каныкей» аталыштагы фирмасын корктуулугу менен суктанаарлык, тан калтырган кыргыз оймо-чиймелери менен кызыктырсак болот. Ошондой эле канча деген элдер Американын гамбургерин, коласын тамшанып, ичип, жешет. Бул нерселерди дээрлик дуйнону баардык бурчунан тапса болот. Ал эми бизде болсо накта азык-тулуктон жасалган курутубузду, жармабызды, кымызыбызды тамшандырган беш-бармак менен борсогубуз Американы гамбургеринен, коласынан эмнеси кем? Биздин тамак-ашыбыз жуз эсе даамду, пайдалуу. Баалу улуттук тамак ашыбызды дуйнонун ар бир бурчуна таанытып, даназалоого милдетуубуз. Беш-бармак , борсок, кымыз, жарма, курут дегенде ар бир улуттун коз алдында кыргыз бермети, кыргыз керемети, кыргыз жери элес тушурушу керек. Биз ойлонуп корсок Кыргызстан онугууго мумкунчулугу аябай коп экен. Болгону алдыга умтулушубуз керек. Бизде эн негизги онугууго жардам болчу кылчайып карай турган тарыхыбыз, салт-санабыз, урп адатыбыз, байлыгыбыз болгон улуттук тилибиз бар. Биз аракет кылып, таалыкпас мээнетибиз, адал эмгегибиз менен дээрлик баардык нерсеге жетебиз.
Адам баласы ар дайым сулулуука суктанып келет, сезимдерге баш ийет. Бул нерселер бизде да бар. Жаратылышыбыздын кооздугу, маданиятыбыздын бийиктиги менен кыргыз элимдин, жеримдин гулдоп-осушун каалайт элем. Бир гана туура жолду тандап, ак пейилден, ак бата менен ак ниеттен ак иш баштасак, биз онугобуз, особуз. Элим учун, жерим учун, муундан муунга, укумдан-тукумга кала турган мурас учун ак дилден иш кылышыбыз керек. Кыргыз элимдин уулу, алп акыны Алыкул Осмонов ып сабында айткандай жашоодо эн ыйык бул-Ата-Журт. Биз ушул жерден жарык дуйного келгенбиз, ушул жерден керемет дуйнону тааныганбыз. Кыргызстан. Менин мекеним. Кыргызстан дегенде жрогумлу озгочо, айтып берис сезимдер ыроолойт. Менин алтын уям. Дуйнону бир керемети-бул менин олком Кыргызстан.

Жылуу кийин, жолун кыйын ушурсун,
Кышта катуу… бороон улуп, кар уруп….
Суугунду оз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Тундор жаман… Кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгини шарт буруп…
Азабынды оз мойнума алайын.
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Жазда башка….жел тийбесин абайла,
Копко турбас, мобул турган сур булут.
Бут дартынды оз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен оруюн, Ата-Журт!
(Алыкул Осмонов)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Каныбек кызы Ажар
Кыргызстан учурда оз алдынча эгемендуу мамлекет. Мекенге арналып чыгарылган желеги, гимни, герби башкача айтканда символикалары конкрустук негизде авторлору жаны чыккан. Ушул символикалар жондон-жон эле мекениме берилгенин толук билем: себеби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин сессияларында 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилинин статусу кабыл алынган. 1992-жылдын 18-декабрында гимн кабылданган. 1992-жылдын 3-мартында Жогорку кенештин 8-сессиясында кабыл болгон Кызыл туу. Кызыл тус кайраттуулукту, кундун шооласын, бейпилдикти байлыктын жана кыргыздын байыркы кырк урууларынын биримдуулугун, ал эми тундук уй-булонун ынтымактын белгисин билдирет.
Символикалардын бири герб, 1994-жылдын 14-январында Жогорку Кенеште кабыл алынган. Кыргызстандын гербинде буркут шарттыкты, кыраакылыкты, Ысык-Кол жаратылыштын сулуулугун жашоонун энергиянын булагын бийик тоолор кыргызстандыктардын таза, бийик ой-тилектерин, ниеттерин билгизет. Ушул мамлекеттик белгилерибизде абдан зор философиялык тарых издери камтылганы адамга кубанычтуу таасир берет.
Мен чонойуп, осуп келе жаткан тенелгис кудуреттери кучтуу, дарылык ферменттери бар жер алдынан чыккан суулар дагы коп. Элибиз меймандос, атактуу Кадыр аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Мойт аке аттуу аталарыбыз байыртан берки тартиптерди туудай тутуп, бийик кармап, озулорунун созу менен иштери элге тааныткан жолу, ушул кунго чейин улгу бойдон келе жатат. Жаратылышыбыз бейиштей кооз, оруштогу малдарыбыз коркуно чыгарып тоо болобу, озон сууларды бойлоп, жайлоолордо оттоп, жумурткадай аппак боз уйлор тигилип турганы кыргыздардын анык турмушун айгинелейт. «башканы коёп Манасты айт» дегендей Манас атабыздын кыргыз элине калтырып кеткен тарбиясы зор, журум-туруму, Каныкей энебиздин акылмандуулугу жаратылыш озу тандап алгандай болгон Манас атабыздын жоону чачып караган Кароол чоку Таластагы бул дагы бир тарыхый эстелик десем жанылбаймын деп ойлойм. Озунун меймандостугу менен Алмамбетти кыргыз элине кошкон Манас атабыз жакшы жактары, эрдуулугу менен бутундой ааламга таанылган. Мекенимдин сыймыктана турчу баатырлары абдан коп. «Ааламга жол айылдан башталат дегендей 11 жашта болсом да, азыртадан баштап татыктуу ата-эненин тарбиясын так алып, жакшы окуп, келечекти коздой жакшы кадамдарды шилтеп айылдагы атактуу адамдардын басып откон жолдорун окуп уйронуп жашагым келет. Окуудагы ийгиликтерди аркалабастан кичинкей кезимден эле манас айтуу аземдерине катышып айылымдын мектебимдин атын чыгарганга аракет кылып келем. Бул да болсо менин оз олкомо кошкон салымым деп тушуном. Анткени мекен бул менин киндик каным тамган жер. Учурда биздин мамлекетте козу карындай жайнап кеткен акча толончу коптогон окуу жайлар коп болуп кетти. Коррупция тамыр алды, ар кайсы мамлекеттерден келип жарандыкка ээ болуп, оз бизнестерин окмоттогулордун чонтогу менен капчыктарын толтуруп, жерлерди, иш каналарды менчикке чентен келген жарандар ээлеп алышкан. Майланган депутаттар акча таратып шайланышкан. Бакчага бала орноштуруу учун пара беребиз. Ишке орношсок соссуз уй, жылкы беребиз. Мектепти жакшы аяктап тест менен керектуу балдарды алсак, чон окуу жайларга шапка беребиз. Кимдерди куноолосок болот? Албетте, озулорунун балдарынын келечегине чыккынчылык кылышкан шайлоолордо бир тоголок самын, бир литр суу май, мин сомго алданган оз баласынын тагдыры беш жылга саткан кыргыз эли деп капа болом. 2015-жылдын 4-октябрында шайланчу депутаттар берген убадаларын унутуп, ак уйдогу уяларына кирип кетип унда, созда жок дымып жатып калышты. Шайлоого чейинки берген жарнамаларын шамал алып жок болду. Ушул учурга чейин 2 президентибиз мамлекет казынасын эки сапар уурдап жок болушту. Эми онолобуз десек, кундо теледен чон кызматтарда иштеген чиновниктер, дагы эле мамлекет казынасын тоноп жатышат. Бир карасан ЖКнын депутаттары соттолсун, жоголсун деп чечим чыгарышат. Бир айдан кийин баага озулору чыгарган чечими озгоротда оорусуна байланыштуу уй-булосуно чыгарылып бир аздан сон эле боштондукка чыгарылды деген чечим чыгарышат эл окулдору деле элге берген убадалары элге берген убадаларын аткарбай калышты. ЖОЖдордо студенттер Масквада, Якутяда иштеп жатат окуу жайга басып да келген эмес. Беш жылдан кийин диплом алып жатып калат. Эмне учун??? Анткени акчанын кучуно салып,билим албай акчаны гана контракка тогуп,агай эжейлерди акчага бологон да. Ушинтсек олкобуз гулдойбу. Олконун онугушуно биринчиден ыймандуу президент бир жарым жылдан кийин келсе деген тилек бар. ЖКдагы депутаттар ак уйдо отура бербей эл кадырын, угуп жетим баланы, жесир энесин корушсо, жалгыз багаар короору жок чал кемпирди корушсо,тошокто жаткан сокур,токор, чолокту корушсо,жетимдер карылар уйун кыдырып корушсо ушул Бакиевдин айынан жакшы жашоо коруш учун курошко чыгып каршылык кылган 80 баатырга 2010-жылдан бери, ата-энесинин, аял балдарынын ал абалын ким сурап, жок дегенде бир жолу ким барып алакан жайып куран окутту??? Ушул иштерди ойго албай аткарып койсо эмне болот эле? Ошондо болгон кыйынчылыктардын ак жолдору ачылат беле! Олкомдун гулдоп осушу учун, элдин турмушунун оорлугун оз башынан откоргон адамдар озулору келип, кокурогу ички дуйносу менен сезген журогу кайрылган эл менен бирге ооруган адамдар бийликке келсе кыргызстаным гулдоп осот деп ойлойм. Эл окулдору болуп Жетигенова Жыпар аттуу энем мындай деп жазган:
«Арбагыла депутаттар арбагыла. Ишеничин элинердин актагыла эски депутаттар катарга кошулуптур. Колунарды казынага салбагыла. Эй чиновниктер жашагыла биздей эле жашагыла кошулгула биздей эле элдердин катарына, асманга учуп кетпей тчамгарактап ылдый болуп жерде эле жашагыла.
Эс алып кайра келген бир кызматына
А балким келдинер силер акчанарга
Антынарды берип туруп, касам ичип.
Тизе бук элине да олкондун байрагына.
Элге да олкого да тизе буккон чиновниктер ишке келишсе, туристер эл жерибизди коруп, даназалашса, олкого жарандык алган чет элдиктерге озгочо бир тартип киргизишсе Манас атабыздай, элибизден чыккан акелердей инсандар тарбияланса олком онугот деп ишенем.
Мен азыр жаш оспуруммун. Менин колумдан эч нерсе келбесе дагы алдыма койгон чон-чон максаттарым бар. «Жаштын тилегин берет дегендей 9-классты бутуп президенттик академияга тапшырып, депутат, министр же олкомду башкарган президент болуп Кыргызстанымды гулдотуп остургум келет. Азыркы айтып кеткендей мен дагы бийликке азгырылып кетишим мумкун. Байлыгы бардын козу корбойт деген сыяктуу. Бирок ушуларга азгырылбоого аракет кылам. Аракет кылбасам дагы аны кылбоого мажбурмун. Кыргызстаным гулдоп осушу учун ар бир адам озун-озу тарбиялаш керек. Ошондо гана олкобуз гулдоп осот жана бийликке азгырылгандар жок кылынмак. Ар бир жаш оспурумдун боёо сезими аткарылыш учун кичинекей кезинен билим алууга умтулуш керек. Мен дагы кыргыз кызы болгондуктан Кыргызстанымдын гулдоп осушун каалайм !!!

Ысык-Кол облусу Тон району Кол-Тор айылы Ж.Айтикеев атындагы жалпы билим беруу орто мектеби

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Беккулов Нурбек
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Менин атым Нурбек. Мен Каракол шаарына жакын Маман деген айылда жашайм. Жакында биздин айылдын жолдору оңдолду. Мурда аябай чаңдачу, машиналар чуңкурлардан качып, биз баса турган жерлерден өтүшчү. Айылыбыздын чоң көчөсүнө кечкисин жарык берүүчү лампалар орнотулду. Кечинде көчөгө чыксаң шаардагыдай жапжарык болот.
Атам менен апам айтышат: - сен кичинекей кезде айылда таза суу жок, шаардан, кээде айылдын четиндеги саздан ташып келчүбүз, деп. Азыр ар бир үйдө таза суу агат, ысык суу да бар.
Бизге ата-энебиз, мугалимдерибиз таза сууну кор кылбай, үнөмдөгүлө деп үйрөтүшөт. Ии баса, биз былтыртан баштап эки кабат жаңы мектепте окуп жатабыз. Ичи жарык, жылуу. Мектептин жанына спорт зал салынып, бүткөнү аз эле калды. Эми биз кышкысын үшүп кардын үстүндө ойнобой калабыз. Ошентип биздин айыл кичинеден өнүгүп келе жатат.
Биздин айылга жакын лыжа базасы бар. Ал жакка ата-энем болуп бир жолу барганбыз. Аябай кооз жер. Туристтер көп келишет экен, анткени алардын акчасы көп да. Дагы Ак-Суу курорту бар кооз жерибиз бар. Ал жерде дары, жылуу суу агат. Жайкысын түркүн дары чөптөр, гүлдөр өсөт. Кыргызстанда мындай кооз жерлер көп болсо керек…
Телевизордон таза суусу жок, кир суу ичкен, эски ураганы жаткан мектепте окуган балдарды көргөндө, -биздин өкмөт батыраак эле бул балдарга да жаңы мектеп куруп, таза суу агызып берсе экен деп ойлоп кетем. Бирок анча көп акча таба албай жатышат го.
Мен азыр 6-класста окуйм, отличник болууга тырышам. Кружокторго катышып, бош убагымда айылдагы бокс залына барып машыгам. Келечекте учкуч болгум келет. Ошондо Кыргызстанды кыдырып, кооз жерлерин көрүп чыгам. Кыргызстан – менин мекеним! Мен ушундай кооз жерде төрөлүп, жашап жатканыма бактылуумун. Мен өз өлкөмдүн өсүп-өнүгүшүн каалайм.
Ал үчүн биз жакшы окуп, ыймандуу болушубуз керек. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө баардыгыбыз өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз!


Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району,
Ж. Ашубаев атындагы Маман орто
мектеби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Каныбекова Жибек

Кыргызстандын гүлдөп өнүгүп өсүүсүн каалайм
Өзү туулуп өскөн өлкөнүн гүлдөп, өнүгүп – өсүүсүн кимдер гана каалабайт? Ар ким каалайт, баардыгы каалайт. Мен дагы ошолордун бири катары өз оюмду билдирип, мындай демекчимин.
Гүлдөп өсүп тууган жердин турганы
Бейкуттукта болуп ар бир жылдары
Улуу – кичүү, чондор жана бөбөктөр
Болсо деймин тынчтык күүсү, ырлары
Ар биринин тындай турган сырлары.
Гүлдөп өнүгүүгө экинчи бир жагдай ынтымак. Көп улуттуу, ар кыл диндүү калктын «бир жакадан баш, бир женден кол» чыгарышы.
Ынтымагы бар элде,
Ырыскы турат төгүлүп.
Ынтымагы жок жерде
Ыр – чыры турат көрүнүп,
Улутка, динге бөлүнүп.
Өлкөбүздүн өнүгүп – өсүүсүнүн үчүнчү негизи – ар бир үй-бүлөөнүн, жалпы калктын иш менен камсыз болушу, кирешесинин көбөйүшү.
Ар бир үйдө турса ырыскы төгүлүп,
Ар бир адам өз ишинде көрүнүп,
Эмгегинен, өз ишинен бакыт таап,
Баардык элде бакубаттык бөлүнүп,
Өлкөбүз да кирешеге чөмүлүп.
Биз дагы ошол өнүгүүгө өз салымыбызды кошууга тийишпиз.
Жакшы окуп, билим үчүн умтулуп,
Ар бирибиз эртенкини ойлойлу.
Келечектин ээси дейт го жаштарды,
Окууда, иште биз да артта болбойлу,
Өлкөбүздү гүлдөтүүнү болжойлу!





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Талантбекова Үмүт


Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм
Асман тиреп Ала-Тоо,
Көздүн жоосун алат.
Мөңгүлөрдөн эрип чыгып,
Мөлтүр суулар агат.
Арчалуу жашыл аска тирелишет.
Бейиштин төрү бекен, атаганат! – деген саптарым менен дилбаянмды баштап, ушундай көркөм Кыргызтанымда ар бир адам өзүн бактылуу, эркин, ырахатка батып жашаса деген тилегимди жар салгым келет.
Өнүккөн өлкө деген эмне? Ал бардык система, мыйзамдар иштейт деген өлкө. Төрт жыл мурун менин атам жумушка чыгып кетип эле, жол тартибин бузгандардын айынан, мени үч бир тууганым менен таштап, тиги дүйнөгө аттанып кеткен. Ошондон баштап, мен мыйзамдары иштеген , элдер жол тиртиптерине көңүл бурган, бирин-бири сыйлаган, ар бир адам өмүрү бааланган өлкөдө жашоону каалайм. Башкалар да мендей болуп эң жакын адамдарын жоготуп алышын каалабайм. Ошондуктан мен өнүккөн Кыргызстанды каалайм.
Мекенимдин шаарлары менен айылдарынын ортосунда чоң айырмачылыктар болбой, баардык айылдардын көчөлөрү тегизделип, бийик кабаттуу мектептер курулуп, көчөлөргө жарыктар коюлуп, бактар тигилип, гүлбакчалар жайылып, мекенимдин адамдары боорукер, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, адилетүү болсо деп кыялданам. Кыялданып эле тим болбостон, мекенимдин ошондой болуп гүлдөшүнө колумдан келген салымымды кошкум келет.
“Коомдун өзгөрүүсүн кааласаң, өзүңдөн башта” деген сөздү алгач ирээт уккканымда эле кулагыма күмүш сырга болуп илинген болчу, ошондуктан мен азыртадан аракет кылып баштадым: мектепте тырышып аракеттенип мыкты бааларга ээ болуп, бош убактымда бүк түшүп ар кандай китептерди окуп, болушунча өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүүгө далалат уруп жатам. Анкени, коомдогу, өлкөдөгү ийгиликтүү өнүгүүгө болгон бирден бир ачкыч бул БИЛИМ деп терең ишенимин. Эгер мен жана менин тең туштарым, билимдүү-илимдүү болуп, дүйнөгө карай көзүбүздү чоң ачып чоңойсок, биз биргеликти көп нерсени өзгөртүп, каалаган нерселерибизге жетише алабыз деген ынануум күчтүү.
Жаш кезинде бардык адамдар мендей идеалист болуп, көп нерсеге жетише алам деп ишенишет, келечектен көп нерсени үмүттөнүшөт. Бирок көбүнчө адамдар жашоонун кар кандай агымына агып, жаш кездеги идеалдуу кыялдарын унутуп, күнүмдүк жашоо менен жашап калышат. Ал эми ийгиликтүү адамдар идеалисттик, максималисттик кыялдарын жоготпогон адамдар деп көп жерден окуп, укканмын. Мен дагы мекениме, өзүмө, үй-бүлөө, жакындарыма, элиме болгон тилектеримди, кыялдарымды жоготпой, бек сактап, ар дайым алдыга умтулууга аракет кыламын!


Тоң району, Кара-Коо айылы,
Р.Жангазиев орто мектеби
6-класс




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Уранбек кызы Чолпонай

Кыргыз жеримдин гүлдɵп ɵсүшүн каалайм.
Кыргыз жерим ɵз алдынча ɵнүгүүгɵ жаңыдан кадам шилтеп жаткан ушул тапта жарандык ар намыстын, улуттар аралык ынтымак, эл бириимдиги зарыл. Биз ɵз мекенибизге ишенимдүү, анык атуулу Ата – Журттун эртеңки келечеги үчүн күрɵшɵ билүүгɵ милдеттүүбүз.
«Эне тили болбой, эр болбойт» - дегендей кыргыз тили байыркы тилдердин бири. Тил – ар бир улуттун негизги улуттук белгилеринин бири. Кыргыз элинин улуулугу кылымдар бою ɵзүнүн улуттук тилин сактап келүүдɵ. Бул жɵнүндɵ кɵркɵм сɵз ɵнɵр чеберлеринин бири Н. Байтемиров мындай ыр жазган:
Кыргында далай беттешип,
Кыргыздар нени кɵргɵн жок.
Кырылып кɵбү ɵлсɵ да,
Кыргыздын тили ɵлгɵн жок.
Кылычын кайрап от чачып,
Кызыгып кимдер келген жол.
Кыргынды жанын берсе да,
Кыргызым тилин берген жок.
Кыргыз тили 1989 – жылдан баштап мамлекеттик статуска ээ болду. Азыр кыргыз тили эгемендүү кыргызстандын улуттук тили . Анын ɵз казынасы дүйнɵлүк тилдердин эч биринен кем эмес.
Кыргызстан жɵнүндɵ сɵз кылуу кыйын. Мекенибизди эң назик сɵз менен даңазалоого татыктуубуз. Ɵлкɵбүздүн сулуулугу бир гана табиятында бобостон, элибиздин ак дилинде ыр обонун да, комуз күүсүндɵ да болот.
Кыргыз жерибизде кɵк мелжиген улуу тоолору, асманда шаңшыган бүрүтү, кокту колоттогу миң түркүн куштары, кереметтүү кɵлдɵрү, жашыл ɵрɵɵндɵ түңкүсүн жылдыздан кɵп оттой жанган, кыштактар, шаарлары бар. Жаратылыш кооздугун жаратканыбыз бекеринен жаратпаса керек. Аларды пайдалана билүүбүз да зарыл.
Кыргыз жеримдин дагы да гүлдɵп ɵсүшүн, ɵнүгүшүн каалайм.

Зияш Бектенов атындагы Ысык-Кол Кыздар лицейи
7А-класс
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Дайырбекова Мирэли

Кыргызстан мен үчүн баа жеткис байлык. Кыргызгызстан дүйнө жүзүндөгү эң кооз тоолу өлкө.
Биздин өлкөбүздү бекеринен "Борбордук Азиянын жүрөгү "
деп айтышкан эмес.Мамлекетибиздин сулуулугуна суктанган адамдардын саны арбын. Ошол кооздукту көрсөтүү үчүн малекетибизди ого бетер өркүндөтүп өстүрүү керек. Мисалы: өлкө башчыбыз чет өлкөлүк өкүлдөргө биздин мамлекеттин кооздугун айтып,бизге конокго чакыруусу керек. Себеби,кээ бир элдер Кыргызстан деген өлкө бар экенин билишпейт чыгаар. Биз деле кээ бир өлкөлөрдү билбейбиз.Бул туризмдин өнүгүүсү.
Андан сырткаары өлкөбүздөгү корупцияны түп-тамыры менен жоготуу керек. Корупционерлерди эмгек "таажысынан" ажыратса, мындай адамдар азайып,чын дили менен иштесе "Корупция оорусу" жоголот.
Жана калайык калк үчүн жолдорду мыкты деңгээлде оңдоп,Нарындан Ошко багытталган тунел курса,тоолуу аймактагы жолу жок жерлерге жол салынса,эң жакшы болмок.
Баса белгилеп кетичүү нерсе президентибиз карапайым калк менен көп баарлашып кандай көйгөй бар,эмнени оңдош керек,эмнени жаңылатуу керек ошол нерселердин баарын билип оңдоого тийиш.
"Келечек жаштардын колунда" дешет.Ошол келечек муун өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн азыркы таптан баштап, аракетенүүсү керек.
Мисалы:тамеки чегип, алкоголдук ичипдиктерди ичип,баңгизаттын колдонуп жатышпайбы. Ошол "КЕЛЕЧЕКТЕР" үчүн андай жаман нерселерге барбаш үчүн,көптөгөн мүмкүнчүлүк түзүп берип,спортго үндөп,окууга стимул берип турса алар чыныгы ишенимдүү "келечек" болот эле.
Кийинчерээк ошол "келечектер" мамлекетибизди колдоп,өркүндөп өстүрөт деп ойлойм.
Дагы айта кетүүчү нерсе Кыргызстаныбызда таза суу жетпеген айыл-кыштактар бар.Ошол аймактарга суу насосторду орнотуп койсо жакшы болмок. Себеби,ал айылдарда кичинекей наристелер, улгайган чоң эне - чоң аталарбыз бар. Ал эми арыктан,сайдан ичкен суу зыян экенин баарыбыз билебиз.
"Мектеп - билим булагы". Мектеп дагы эң негизги нерсе,кээ бир жерлердеги мектептерде окууганга таптакыр шарт жок. Бузук мектептер,жылуулугу жок өлкөбүздө көп кездешет.Ошондуктан кээ бир жогорку кеңеште олтурган депутаттарыбыз ушул көйгөйлөргө көңүл буруп койушса,жакшы болмок!
Менин оюм боюнча жогоруда жазылып кеткен көйгөйлөр чечилсе,биздин сүйүүктү КЫРГЫЗСТАНыбыз өнгүп - өсмөк!!!
Ысык-Көл облусу,Балыкчы шаары 4-гимназия мектебинин 8 "А" - классынын окуучусу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Токтобаева Бегимай
Я Токтобаева Бегимай ,ученица шестого "А"класса, живу в селе Отрадное
,Ак-Суйского района,Иссык- кульской области,в республике
Кыргызстан. Кыргызстан-суверенное, независимое государство. Для каждого
человека Родина -это вторая мама .Кыргызстан -прекрасная горная страна
.Куда ни посмотришь- увидишь горы с белоснежными вершинами.В
Кыргызстане много рек,водопадов и озёр.Наша Родима-одно из красивейших
мест на Земле.Жемчужина озеро Исськ-Куль известное всему миру своей
красотой. Родина-это благословенный дар ,его нельзя продать или
обменять. Чтобы Кыргызстан процветал,нам нужно быть дружным не
ссориться, беречь животных,деревья, быть умным и образованным. Чтобы
быть умным и образованным нужно здоровье.Если будет здоровье,будет
всё.Мы можем сами превратить Кыргызстан в счастливый город.Нам только
нужно построить детские сады,дет домы,школы
,фирмы,фабрики, больницы.Природа Кыргызстана богата лечебными
растениями и мы должны этим гордиться.Друзья! Любите свою Родину.
Под ясным небом В снежных калпаках Величие восходит Ала-Тоо И
светиться лучи моих руках От радужного солнца золотого.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Январь 2016 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Джакшылыкова Мира
Я хочу, чтоб Кыргызстан ПРОЦВЕТАЛ!
С детских лет я восхищалась своей родиной. И в детстве всегда, когда меня спрашивали, кем ты хочешь стать в будущем, я гордо отвечала «Я буду патриоткой Кыргызстана». Хотя в эти года я толком не понимала, что это значит, но с детства я любила это слово. Став повзрослее, я поняла полный смысл этого слова. И была горда своим выбором детства. Но с каждым годом понимая значимость этого слова, я находила все больше и больше недостатков в нашей стране И из-за этого я начала рассматривать разные проблемы и думать о их решениях. В конце я нашла 4 самых главных причин по проблемам нашей страны и пути их решений по моему мнению. Итак, начну с нашей драгоценной природы. Я с ранних лет восхищалась и восхищаюсь уникальностью нашей природы. Ведь не во всем мире есть сразу все четыре времена года. И в некоторых только странах можно увидеть и лес, и горы и озеро и многое прекрасное в одном и том же месте. Но мы не ценим, то, что есть у нас, мы привыкли, что оно у нас есть. Из-за этого каждый человек должен начать с себя. Он должен делать хотя бы элементарное на взгляд вещи это - «не бросать мусор» и ценить окружающую среду. Из-за этого т.к. я местный волонтер в нашем городе, мы организовали акцию в сотрудничестве с SOS Детская деревня и убрали весь пляж. Т.к. там участвовали дети, чтобы было интересней, были разные конкурсы, и конечно же призы. Я считаю, мы с детства должны учить детей элементарному. Ведь с меньшего начинается процветание нашего Кыргызстана.
Во вторых у нас большинство население страны финансово не грамотные люди. Они даже не знают простых вещей в этой сфере. Они не знают свои права и возможности. И из-за этого мы, можно сказать отстаем в развитии во многих сферах. Чтобы как-то помочь исправить эту ситуацию, я летом была в лагере « Финансовая грамотность» и научилась очень многому и интересному. Ведь я сама думала, что я хоть немножко финансово-грамотный человек. Но как оказалось, я была в числе 98% населения нашей страны не финансово грамотных. По приезду в свой город, я начала проводить тренинги по этой теме в своей школе, детской деревне SOS г.Чолпон-Ата. Нужно, также, чтобы хотя бы и семья была грамотной. Ведь как говорится «какая семья, такая и страна».
Третья на мой взгляд столь незначительная проблема- это бюджет. В этом году начав изучать экономику, я столкнулась с этой проблемой. Чтобы сэкономить бюджетные средства, наше Правительство сокращает рабочих и потому возникает безработница. А этих безработных приходится обеспечивать. Так-что я считаю это не логично! Люди стоящие во главе государства должны быть честными и работать народу, а не народ на них. В наше время каждый ищет только свою выгоду. Из-за этого мы должны развивать патриотизм!
И наконец, последняя проблема, на мой взгляд это нехватка молодых профессиональных специалистов и бизнесменов. Каждый человек при выборе профессии должен точно знать свою профессию. Ведь многие незнающие своего дела или не любящие. Именно из-за таких мы и не развиваемся .А насчет молодых специалистов. Они видя, что здесь прогресса никакого не будет, зачастую уезжают за границу и развиваясь там же не возвращаются. Чтобы они улучшили нашу страну, нужно создать для них нужные условия, над которым Правительству нужно подумать.
Хотя это не все проблемы, но я постаралась найти и начать решать проблемы, которые мне под силу. Если каждый человек, возьмет на себя ответственность за развитие, хотя бы одного человека в этой среде. Я думаю, мы были бы в десятке лучших стран мира.
Я счастлива, что моя Родина это Кыргызстан! И я горжусь этим.
По сути, я разносторонний человек, и увлекаюсь всем, чем я заинтересуюсь и всегда добиваюсь результатов. Я являюсь губернатором в своем классе и являюсь отличницей с первого класса. Кроме того, я ходила и увлекаюсь следующими увлечениями как бисероплетение, оригами, квилинг, пемаше, танцы, баскетбол, английский язык. Все это я думаю, мне в будущем понадобиться. Также я являюсь местным волонтерем в ОсОО «New Way». У нас проводятся очень много акций и мы все это организовываем и сами активно участвуем. Например, последняя акция под названием «Мы за чистый пляж» проходила 18.04.2015г. где приняли участие 70 человек. Благодаря этой акции наш пляж стал чистым и прекрасным. Это было очень весело, после чего проводились конкурсы с призами и закончилось пикником у берега. Конечно, мы за собой все опять убрали.
Также я летом на каникулах помогаю своим родителям в организации туристического бизнеса на Иссык-Куле. Я собираю информацию по туристичеким обьектам и включаю в нашу базу данных. Мы предоставляем туристам информацию по туристическим объектам, и другим объектам. Наш центр называется «Иссык-Кульский информационный центр «Ак-Барс».
Я очень хочу провести зимние каникулы в Малайзии. Как я знаю, в данной стране развит туризм, а также производство техники. Посещение данной страны, я думаю, изменит еще больше мое мышление, мировоззрение, что отразится в моем будущем, где я смогу внести свой вклад в развитие нашей любимой страны.
И я хочу закончить свой рассказ великими строками Гельвеция К.- «Любовь к отечеству совместима с любовью ко всему миру. Народ, приобретая свет знания, не наносит тем ущерба своим соседям. Напротив, чем больше они сообщают друг другу идей и тем больше увеличиваются сила и деятельность всемирного ума!».
Заранее выражаю благодарность!




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 21:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: