Суперстан: "Арбак куугунтуктаган адам" чыгармасын ким окуган - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Арбак куугунтуктаган адам" чыгармасын ким окуган Ким окуган.

#41 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   03 Январь 2016 - 01:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Камгакбай! - Кутпогон жерден аялымдын чучуктай кыйкырган уну кулагыма шак этти. Заматта тигини эсимден чыгара тышты коздой чуркадым. Эшикти ача берип, эмнегедир артыма коз чаптырдым. Бала жок! Башыма таяк тийгендей зын этти. Аттап-буттап аялыма жеттим. Дупуйгон бактын арасындагы кучак жеткис жангакка суйонуп турган экен. Энтелендеп чуркап келгенимди коруп чочуп кетти:
- Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы деги? - Суроолуу карады. Мен блокнотумду алып чыгып: "Мага эч нерсе болгон жок. Сен эмне кыйкырдын? "- деп жаздым.
- Мен кыйкырмак турсун ун чыгарган жокмун. Эмне, кулагына бир нерсе угулдубу? ,- деп кабатырлана тушту. Мен "анчейин, эч нерсе эмес " дегендей башымды чайкай нары бастым. Кандайдыр бир тупойул коога жан дуйномо жылаандай акырын жылып киргенсиди. Ошол туну аялым танга жетпей келбес сапарга журуп кете берди. Уч айга жетпей тестиер кызым апасынын аркасынан узады. Андан кийин чон уулум... Бул экооно тен баягы бала корунду. Анын мага каршыкканын, ошондуктан корунгон сайын жакын, боор этим менен тен буткон адамдарым олумго учурап жатышканын тушундум. Эми андан эмне майнап чыкмак. Колумдан эмне келмек. Тоо кыядан отуп кеткен эчак. Ошентип, бала-чакамдан кол жууп, кангыраган тамда коколой башым жалгыздыкты кучактап отуруп калдым. Адам оор кылмыш кылганда мыйзам боюнча олум жазасы берилет. Жазанын жеткен чеги ушу. Бирок андан да оор, адамды ичтен жеген сулук курттай азаптуу жаза бар экенин мен эн сонун билем. Ал- уй булоонон айрылып коколой башын соксоюп, же адамдарга кошула албай, же оз ажалын менен оло албай кангып калуу. Адам баласы учун мындан артык кордук, мындан откон бактысыздык жок. Муну менини кийинки коргон кундорум, кечирген ит турмушум далилдеп койду.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   03 Январь 2016 - 13:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бети колду чымырата чымчылаган ызгаар менени эзели кайратынан кайтпастай ыркыраган бороонду кыштын буту узонгудон тайып, оз ордун кошогодон жаны гана кылактай чыгып келе жаткан жаш келин сымалдаган жазга бошоткон. Мелтиреген талаа-туздордун бетине дасторкондой жайылган кардын этеги туруло, тээ адыр таяна ала-телек. Кундун эркелете сылаган жылуу нуруна дене балкыткан талаалардан кок буу которулуп, бир жагымдуу жыт канылжаарынды орттойт. Конулун ободогу таншыган торгойлордун канатына жармашып алгандай коколойт. Бирок менин гана конулумдо кетпеген кыш, эрибеген ат башындай муз. Куну-туну билинбеген ызгаар жан дуйномду кайрып, ааламымды тарытып, алай-дулой тушурот. Бул балээден аз да болсо озумду озум алаксытайынчы деген ниетте эртен менен талаага чыгып кеткемин. Сай жээктеп журуп отуруп, кыйла узап кетипмин. Булут туногон чокусунан эзели ак кар менен кок муз кетпеген Ит-Тиши тоосунун муздак шамалы бети-башымды аймалап, ичиркентип жибергенде гана башымды котордум. Жылдызы жылт этпеген тунт ойлордун жетегинде суйролуп, тоо этектеп калган экенмин. Ороонго караганда бул чолкомдо кыш илеби али сезилерлик. Колунду сунсан карга малунчудай. Андан ары басууга мойнум жар бербей кайра тарттым. Эстесем коп жылдардан бери мынчалык узакка жоо жол журбопмун. Тээ томондо , ороондо алаканга салгандай даана корунгон дупуйгон бак-дарактуу чон айылды карап туруп, кыйла чарчап калганымды туйдум. Айылды коздой откон машинага, же бир арабага илинермин деген ниетте нары барып чон жолго туштум. Ойлогондой эле бир аздан сон ат араба жетип келди. Колхоздо мал баккан аталаш инилеримдин бири экен. Аны коргондо негедир ичим ачыша, козум тунара тушконсуду.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   03 Январь 2016 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Саламалейкум аба! Кайдан журосуз жоо-жаландап? -Ал жайдандап тушо калып кош колун сунду. Мен адатымча блокнотту ала: " Жумуштап Шаршеге барып келатам", деп жазып ага сундум. Мейилдеп журом дегенге негедир дитим барбады. Балекеттин сейилдегениби, кайсы жыргаганыман сейилдемек элем.
- Кезиктинизби анан, мен аны эми эле изолятордон (олгон малдын этин сактоочу жай) кордум.
Мен "жок" дегендей башымды чайкадым. Ал атынын башын Кобургон-Суу тарапка бурду.
- Мен азыр жакага тушом, араба менен жетип алыныз. Уйго тие отолу. Кампага тапшыра турган кой эти бар эле. - Анын уйуно барышка табитим тартпай турса да унчукпадым. Жолдон калып калайын дегенге да батынбадым. Анвн устуно Кобургон-Суу анча деле алыс эмес эле. Ошентсе да ушу жол саатка созула тургансып конулум тупойулдоно, бир жамандыктын болоорун сезгендей кыйпычыктап журуп отурдум.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   03 Январь 2016 - 15:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Уйго кирип чай ичиниз аба. Мен азыр ...- Иним арабасын сарайды коздой айдап жоноду. Мен эшикти ачып, босогону аттай берип, ордумдан жыла албай каккан казыктац катып калдым. Колум каалганын туткасына каршып калгансыды. Тордо баягы бала. Менин келишимди эле кутуп отургандай, бакырайган коздору менен карап турду. Ал каргаша балам каза болгондон бери корунбой кеткен. Эми кайрадан... Эми ким учун, кимдин омур шамын жалп очургону келди кокуй? Эртен кимди угузушаар экен, инимдиби же келинимдиби? Журок ушун алган ой менен алпурушуп, танды тандай кирпик ирмебедим. Куткодой эле болду. Кундун мурду которуло электе инимдин каза болгонун уктум. Ошентип, мен учун, менин жасаган мыкаачылыгым учун дагы бир бейкуноо адам жарык дуйно менен кош айтышты. Анын олуму да менин мойнумда. Бироонун, айрыкча жакындарындын олумуно себепкер болуудан откон оор жук, азап жок белем. Андан коро озум корго кирип кеткенимде алда канча жакшы болбойт беле. Жок, Тенир мага такыр башкача жазаны жибериптир. Мындай балээге кирептер болгон дуйнодо жалгыз гана мен болсом керек. Инимди жерге бергенден кийин ай айланбай баягы бала дагы корунду. Бул жолу карындашым кетти. Эми туугандарга корунуудон коркуп, уйдон чыкпай калдым. Бирок тиричилик сенин оюн менен болуп, чалкандан тушуруп жаткырып коймок беле. Акыры тышка кубалап чыгып, эл аралоого, тияк-бичкка барууга, кыскасы кара курсактын камы менен кыймылдоого мажбурлады. Бир куну дукондон бир мушок ун алып, жол боюнда тургам. Жогортодон агамдын баласы араба менен келатыптыр. Ал уйго чейин жеткирип келди. Короодон чыгып бараткан арабада отурган баланы кордум. Тигил иним уйуно жетээри менен каза болгон экен. Унумду жеткирип бергенин энесине айтып калышка улгуруптур. Ошондон тартып айыл арасында жоо-тумандай чубалжыган создор тарады. Анын айрымдары узул-кесил боло кулагыма чалына калып да жатты. "Камгакбай арбак каршыгыптыр. Бирок озуно зыян кылбай уй-булоосуно корунуптур. Эми туугандарын бир баштан тере баштаган шекилденет. Минтип отурса далайлардын убалына калаары бышык". Ушу сыяктуу суук создон сон туугандарым эле эмес, айылдаштарым да менден жаа бою кача турган болушту. Кочодо баратканымда бет алдымдан чыккан ким болбосун артына бурулуп, же карышкыр коргон коендой булт эте четке чыга берет. Тез отуп кетишке далбастайт. Ушундай кырдаалда эр болсон озунду эркин сезип айыл аралап басып кор. Кен дуйного батпай калганын жакшылыкпы. Ооба, мендей пенденин тиричилиги да куруп кетсинчи. Тируу болуп элде жок, олуу болуп кордо жок дегендей олбостун кунун коруп, кыбырап журдум. Ошондой кундордун биринде эртен менен чайды кайнатып алып кургак чай таппай калдым. Акыркысын кечинде салганым эсимден чвгып кетиптир. Адамдардын козуно чалдыкпоого тырышып бак аралай далдаланып отуруп, дуконго бардым. Анда беш-алты эле киши бар экен. Мени коро сала он-он бир чамасындагы кыз бакырып жиберсе болобу. Мурда мен жонундо далай тири укмуш кептерди укса керек. Менин кирип келгенимди коруп, анан капысынан чыккан бакырыкты угушкан кишилер коз ирмемге нес боло тушту да, анан эврткыч коргон жаныбарлардай удургуп кача башташты. Тар жерде бирин бири жоолоп, ызы-чуу кулакты жаныртты. Бир жигит товар тизилген текченин наркы бурчунан отом деп атып кулатып жиберди. Ал барып катарындагы текчеге тийди. Катар-катар тизилген темир буюмдар калдырап, айнек буюмдар менен идиштер шангырап талкаланды, жерде жайнап жатып калды. Дукончу келин бир бурчка тыгылып алып унунун жетишинче: "Кетиниз, тезирээк чыгып кетиниз. Баардыгын булдурдунуз" деп кыйкырып жатты. Анын кимге кыйкырып жатканын тез тушундум. Башыма таяк тийгендей кенгиреп куру кол кайра тарттым. Мындан ары минтип жашоого чыдамамым жетпейт эле. Уйго келгенче бир чечимге бекип алдым. Келерим менен жоон арканды алып сарайга кирдим. Адатта олумдон коркпой, анын козуно тике караган жан ото сейрек болот дешет. Болсо болоор.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   03 Январь 2016 - 21:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бирок мен ошол коз ирмемде жарыкчылыктын ырахатынына кайрылып, олумдун туру суук илебинен сестенип коркконум жок. Деги эле олум жонундо коркунучтуу ой башыма келбегенине кийин тан калганмын. А анда бир гана ой, бир гана максат бар болчу. Болушунча тезирээк арканды устунга байлап илмегин мойнума салуу. Башка эч нерсе. Жок, жанылып жатам. Коз ирмем убакыт аралыгында дагы бир сезгеним-кандайдыр бир озум ачык тушуно албаган кубаныч бар эле. Чытырман токойдун арасында коп жылдар бою адашып кангып журуп, капыстан чон жолго чыга тушкондой сезимдин учкуну коодонумдо жылт-жылт эткенин коргонсудум. Ошол учкун озуно чакырып ашыктыргандай шашкалактап, аркандын бир учун устунга байладым. Экинчисин сыйрытмак кыла бекем байладым да, мойнума салдым. Дал ушул учурда бет алдыма бала пайда болду. Чекесинен мызылган канды, уурутунда уялаган жылмаюну даана кордум. "Тутулуу оной, кутулуу кыйын" деген ккнгуронгон унду уктум. Ал тээ алда кайдан, терен ункурдун ичинен угулгансыды. Тиги козун менден айрыбай карап турду. "Жолдон чыгуу кыцын" , деди дагы кунгуроно . Ушуга удаа мен баардык кучумду жыйнап туруп, бут алдымдагы устолду ыргыта тептим. Мына кызык, мойнумдагы аркан мени которуп, муунтуп калбады. Жок дегенде чарык жипчелик дагы тартылып, мойнумду кысканын сезбедим. Аны кун мурунтан бироо ортосунан кыркып койгон сымал сыйыртмак мойнумда калып жыгылып туштум. Башым менен дубалдын таштан тизилген жерпайына катуу тийдим. Тунара тушкон козум устунда байланып, кыймылсыз саландап турган арканга каралды. Ал эч узулбоптур, чорт кесилген экен. Муну коз ирмемге жетпеген убакыттын аралыгында андадым. Жер кочуп, кулагым чуулдап чыкты. Заматта козго сайса корунгус тун кирип келген сыяктанып, конулум карангылады. Анан кандайдыр бир алыстан, жер алдынан чыккансыган кунурт каткырыкты эшиттим. Ошо каткырыкты бут жан дуйном менен кубалап жоногондой, тубу жок карангы тунгуюкка кулап баратканымды чала-бучук сездим...
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   03 Январь 2016 - 21:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кун батып коз байланып калган маалда дарбаза такылдап калды. Меникине коптон бери киши-кара баш бакпай калган. Ал эми баягы дукондогу окуядан кийин кочого чыкканды койгом. Керектуу аны-мунуларды туугандар тун ичинде мага корунбой алып келип, дарбазадан кирбей терезенин тубуно эле коюп кетишет. Оз уйум озумо кулпуланбаган турмо. Жылаан жыттанбайт, бака мандабайт. Олуумунбу, тируумунбу- эч кимдин иши жок, башы оорубайт. Жалгыздык менен коюн колтук алышып конуп калган экенмин. Капыстан дарбаза такылдаганда селт эттим. Менин кимге керегим тийип калганына акылым жетпе тан кала, бир чети алда неден чочулап тышка чыкктым. Сыртта айылыбыздагы кадыр барктуу карыялардын бири туруптур. Салам айтымыш болуп башымды ийкедим. Уйго кириниз дегенге даабадым. Жалдырап карап турдум. Кыраакы карыя муну тушунду. Айттырбай атынан тушуп, чылбырды мага карматты. Калбаат басып уйго кирди. Чок тушо отуруп курандын кайсы бир узак суроосун кыраатын келтире окуду. Коп жылдар бою ар кандай кызматтарда иштеп жургон бул карыяны куран билет деп ойлобоптурмун.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   03 Январь 2016 - 23:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Уулум, беймаал келгениме тан калба. Шарт ушундай болуп калды. Аксакал, коксакал туугандарын суйлошуп отуруп мени жиберишти. - Ал созду эмнеден баштасам экен дегендей ойлонуп унчукпай калды. Жайма-жай отурду. Жузунон бул уйго келгенине чочулаганы же кооптнгону эч сезилбеди. -Сенин турмушундай турмушту пенде баласына бергилик кылбасын. Кечирген кунунду билип турабыз. Тушунуп турабыз. Таш туш, таалайынды кор дейт. Бирок ошол таалай деген нерсени адам пендеси ар кандай жоруп, ар кандай тушунот тура. Анан ошо тушунугуно, коз карашына жараша жол тандап алат. Анысы чыныгы таалайга алып барабы? Деги таалай дегендин озу эмне? Кеп торкуну мына ушунда. - Ал акыркы созуно басым жасап, буга кандай дейсин деген кыязда унчукпай калды. Эмне демек элем. Анын келгендеги мудоосун тушуно албай, оозун карап жалдырап отурам. Саамдан кийин узулгон кептин учугун кайрадан чубады: - Аял баланы торойт, бирок анын тагдырын кошо торобойт. Болбосо нечендеген тагдырлар бурун ачпай соолуган гулдой болуп, жарым жолдон жайрабайт эле. Конулуно алба уулум. Сен оз тагдырынды озун тандадын ошондуктан башкаларга таарынычын болбосун. Уругуна жараша тушуму болот. Чыдамын кетип отурганынды туюп атам. Андыктан соз торкунун чаргытпай ток этерине отойун. Эл оозунда элек жогу ырас, бирок калк айтса калп айтпасы да жондуу. Бир жылга аяк басты, сен тууралуу ар кандай кепайыл арасында, ал тургай башка жактарда жоо тумандай самсып, аягы тарабай келет. Алардын канчасы чын, канчасы жалган экенин ким билсин. Ошо кептерге кулак турсок сен кимдир бироонун канына забын болгон экенсин. Ал тогун адам эмес экен. Ошон учун анын арбагы сага кпршыгып, артындан сая тушкон тура. Бирок эмне себептен озуно тийбей , уй булоонду, туугандарынды зыянга учуратып жатканы тушунуксуз. Бул озу озгочо бир жазанын туру болсо керек. Уктук, оькондо оз жанынды кыйышка аракет кылып, акка моюн сунган экенсин. Бирок анындан эч нерсе чыкпаптыр. Жип которуп сарайына кирип кеткенинди кошунан коруп, жылчыктан караса жерде жатыпсын. Мойнуна салыган аркан узулуп кетпестен бычак менен кесилгенин кобубуз кордук. Жиптин анты болот. Адамдын колу менен кесилген учурда олуп калмаксын. Демек, бул да сырдын туйуну. Муну чечуу пенде колунан келе бербес. Суйлошуп ар кетип, бери кетип отуруп мындай бутумго келдик
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   04 Январь 2016 - 00:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ар кимдин корор куну ичээр суусу бар. Андыктан сенин залалын туугандарга тийбесин. Жер которуп кет. Бул чолкомдон алысыраак жур. Балким ошондо артынданкалбай такымдаган куугундан, арбактан кутулаарсын. Биздин мындан башка кылаар айлабыз, сага берээр кенешибиз жок. - Карыя созун бутуруп оор улутунуп койду. Кокурогун салмактанткан жуктон арыла тушту окшойт. Козго корунбогон ошо жук эми менин жан дуйномо жылып откондой, конулум карангылады. Ааламым таарыгандай, бир нерсе алкымыман кыса муунткандай демим кыстыкты. Киндик кан тамган жерине батпай , ынаалап коз ачкан уйуно батпай куулуп калсан... Буга ким айыптуу? Албетте озум.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   04 Январь 2016 - 00:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ошентип, туеэн каракчысы кебетеленип анча-мынча кор-жеримди жонума артып, жылдыздуу тунду жамына уйдон чыгып кеттим. Аялым кайтыш болоордон мурда шаардан сатып алган уйум бош эле. Ошо жалгыздык менен куйут ойногон ангыраган тамга баш калкаладым. Бирок жамандык жерде жатпайт тура. Мени тааныган айылдаштар ал жерде коп болуп чыкты. Аларлын бирди-жарымысынан угушса керек. Адегенде коншу-колондор, анан мени коргондо эле ойт берип кача турган болду. Озумчо эле бир желмогузга айландым. Эки айга жетип-жетпей мында турууга мумкун болбой калды. Зангыраган тамымды болор-болбос акчага сатып жибердим да, кокурогумокуну- туну тынчтык бербеген коогаландуу ойлорумд, улбулдопочуп жанган умутумду толтуруп алып Фрунзени коздой сапар тарттым. Бирок шаарда каттоом жок болгондон кийин кайдагы жумуш, кайдагы жатакана . Тентиреп журуп акыры шаарга жамаатташ жайшашкан алакандай айылдардын биринен куркулдайдын уясына окшогон бир болмолуу жер кепени батирге алдым.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   04 Январь 2016 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кор тириликтин койгойлуу арабасын кылдыратып, баткан кун менен аткан танга шугурчулук кылуудан болок туйшук жок. Адамдар менен тук байланышпайм. Кочого чыкканымда тааныштар, мени билген бироо капысынан кезигип калбаса экен деп сактанам. Аккан суудай билинбей отуруп жаз, анан толукшуган жай отту. Босогодо куз. Кудайга шугур, баягы жанымды кыюгуга аракет кылгандан бери баланы коро элекмин. Эми аны кайрадан коргулук кылбасын. Балким жер которуп кеткенимдин бир пайдасы тийгендир. Эмнеси болсо да санаам бир жансыл сыяктанып, конулум тынчып калган. Кун алыстан темир жол бекетине барам. Вагондо жук болуп калса он-он беш киши биргелешип тушуробуз. Кобунчо майдаланган шагыл менен таш комур алып келишет. Керээлдин кечке колдору курокко жоорутуп итендеп атып кечинде чонтокко он беш же жыйырма сом тушот. Багып жаткан катын балам болбогондон кийин бул мен учун апталык азык.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   04 Январь 2016 - 20:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Адаттагыдай эле тан ата бекетке келдим. Кечээ куну жугун тушуруп бутуро албай калган вагондун жанында жети киши туруптур. Кечээ булардан башка дагы жетоо болуп, он беш киши иштегенбиз. Вагондун эшиги ачылаары менен беркилерди кутпостон ишке кириштик. Акырын жылып, биринин артынан экинчиси тизиле баштаган машиналарга кандайдыр бир танылчактарды жуктоп жаттык. Мында эмне бар экенин ким билсин. Сары чийкил жигит "Акырын которгуло, жерге этияттап койгула", деп эле чебеленип журот. Анысына караганда сына турган баалуу нерсе окшойт. Ишти чамдап калганыбызда дагы эки шеригибиз кошулду. Тушко жуук буттук. Эми карала-торала болуп таш комур тушурмой. Жумуштун тозогу ушу. Кечке чейин кокурогуно ыш толуп, кышылдап дем ала албай каласын. Бирок ага карайсынбы, ачка кезээргенден коро дейсин да. Атандын кору-уу, деп арман кылам озунчо. Арам ишке малынып, адамдын канына забын кылганча, бутундой уй булоодун убалына калып, алардын олумуно тикеден тике себепкер болуп кара башым-как чокум минтип талаада тентиреп калганча омур бою ушинтип комурдун чанына чакап жургонум мин мертебе жыргал эмес беле. Аттин, мага берилген омурдун отоосу ушул беле? Анда эмне учун кара жанымды карч урам, эмне учун жашоо учун тырышам? Эмне учун Жараткан мага жок дегенде олумду ыраа корбойт? Эмне учун откондо мага тоскоол кылды. Болбосо эмдигиче соогум сопот, устуканым упат болбойт беле. Ичтен жеген ойдун сазына бата тушупмун. Минтип олбостун кунун коруп жургончо ошл мага сооп эле го. Бироо ийнимен турткондо селт эте туштум. Дима экен, шам-шум этип алып кыймылдайлы деп жатыптыр. Которо келген баштыктарыбыздагы аны-мунубузду ортого тогуп салып, бошогон вагондо уй-муйуз тарта отурдук. Ортого отор-кетер создор боло калганы менен маек кызуу уланбады. Бул демейдеги корунуш. Себеби бири-бирибизди жакшы тааныбайбыз. Бир кун, эки кун, ашып кетсе торт-беш кун чогуу иштейбиз да, тарап кетебиз. Кээде аттарыбызды деле билишке улгурбой калабыз. Бул жерге коп келгени эле мен окшойм. Кундо башка кишилер. Бет мандайымда отурган жыйырма бештер чамасындагы шырыктай узун бойлуу жигит бери энкейип колун суна берди да, мен жакты караган боюнча коздору алайып селейе тушту. Ону заматта купкуу болуп, анан аптыга бакырды:
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   05 Январь 2016 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Ап-па-аа-ааа! .. Ар-рр-ба-аак! ..
Отурганандар эч нерсе тушуно беришпей, делдейип калышты. Жигиттин жанында отурган Дима да уну буула кыйкырды:
О Господи, это же привидение! -Ал ордунан атып туруп, сыртка зуу койду. Артынан жыгылып туруп биринчи кыйкырган жигит жоноду. Мандайыраагымда токтолуп калган адам отурган. Ал да мен тарапка карап алып:
-О Жараткан Кудай, бу недеген тирукмушун, - деген боюнча ортодогу тамакьы аралай жоноду. Аны эле кутуп турушкансып калган адамдардын баардыгы чур эте тура калышып, бири-бирин жоолоп, жыга туртушуп тышка умтулушту. Соксоюп эле мен калдым. Эмне болуп кеткенин дароо тушундум. Айланамды карап, баланы издедим. Бирок ал жок. Бул эмнеси? Мага корунгондо башкалар корушчу эмес эле го. Дендароо боло тышка чыктым. Жанымдагылардын бири жок. Жылдызым тушуп, асманым туноргондой шылкыйып бир топ отурдум. Бир саат же эки саат оттубу, айтор бир маалда бекеттин начальниги, токтолуп калган киши экоо келтшти.
- Иним, сенин ким экенинди, кайдан келгенинди билбейбиз. Кандай сырын бар экени да бизге беймаалым. Бирок жанагы коргонубуз акылга сыя турган нерме эмес. Сенин жанындан кадимки эле арбакты кордук. Бирообуз, экообуз болсок да бир жон. Баардыгыз кордук го. Же эмне, массалык галлюцинациябы? Балким, бул жон гана сенин фокусун болуп журбосун?- деди биз менен иштеген адам маша суроолу карап. Мен "жок" дегендей башымды чайкадым. Чонтогумдон блокнотумду алып чыгып: "Сиздин козунузго ал кандай болуп корунду, суроттоп бере аласызбы?" деп жазып узаттым.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   05 Январь 2016 - 00:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Тестиер бала курактуу. Башы кадимки эле адам. Мойнунан томонку жагы бутундой кагыраган соок, склет. Бир байкаганым, чекесинде бармак басым кара тагы бар. Андан бет ылдый кан тамчылап турат. Ал сага тыгыз отуруп, башын ийнине жолоп алыптыр. - Ал мага ишенер бекен деген кыязда бир мага, бир бекеттин начальнигине карады. Баягы менин балам турбайбы деген ой конулумо кылт этти. Начальник созго аралашты:
- Дал ушундай нерсени корушкондорун тиги кишилердин баардыгы бир ооздон жарыша айтышты. Бул озу тушунуксуз нерсе. Эмнеси болсо да кеп мындай иним, мында иштегендер сенден коркуп жатышат. Сени менен иштегилери жок. Балким, бул окуяга, нары сырдуу, нары табышмактуу окуяга менин эч кандай тиешен жоктур, бирок сага корунбогону шектенууну туудурбай койбойт. Ошондуктан сенин мында калышына жол бере албайм. Жумуш токтоп турууга тийиш эмес.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   mega777   05 Январь 2016 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Ашыкча билдирүүлөр тазаланды.Теманы булгабай тургула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   briliant87   05 Январь 2016 - 22:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения mega777 (05 Январь 2016 - 11:41) жазган:

Ашыкча билдирүүлөр тазаланды.Теманы булгабай тургула.

АНАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   06 Январь 2016 - 00:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эмне дей алмак элем, кантип актана алмак элем. Кечээтен берки тапкан тыйынымды колума карматышты да, жолго салышты. Ындыным очуп уйго келдим. Дарбазадан аттай бергенимде оз болмосунон чыгып келе жаткан уйдун ээси Настья кемпир бир бакырып алып, эсинен тана чалкасынан тушту. Ага да корунгонун дароо тушундум. Козун ачып, эсине келээри менен мени уйдон кубалап чыкты. Ошентип, кангыган ит кебетесин кийип кочодо калдым. Эми бала мени башкача жазалай баштаганы белгилуу болду. Анда-санда жанымдан корунуп коюп, адамдардын журок ушун алып журду. Мени коргондор жаа бою качышат. Ташбаранга алып кубалагандары канча. Ал тугкл иттер бура бастырбай талап кетишет да, анан бир заматта куйруктарын кыпчый кыншылашып коздон кайым болушат. Бир жергн байыр алуу деген жок. Бугун бу айылда болсом, эртен башкасында. Автобуска да тушо албайм. Журуп баратканда коруно калса, андагы эл дурбоп кетсе эмне болоору белгилуу го. Кундуз бир конулга бекинип, кобунчо тункусун жоо журомун. Мындан башка аргам да жок.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   06 Январь 2016 - 01:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бала корунбосо ар кимден садага-кайыр сурайм. Айрымдары тыйын-тыпыр, айрымдары озок жалгагандай бир нерсе беришет. Ал эми айрымдары жек коро карашып тескери басышат. Кийинчерээк мен баланын кандай учурда корунуп, кандай учурда корунбосун билип алдым. Мен аябай ачка болгонумда корунбойт экен. Балким, ачкалыктан олуп калбасын дейби. Муну бир нече сапар сынап да кордум. Туура чыкты. Ачка учурумда кооптонбой эле эл аралачу болдум. Колго урунган нерсе менен озок жалгамыш эткен соң кишиге көрунбой жатыш керек. Бу ачылыш мага бир топ женилдиктерди, ынгайлуулуктарды алып келгенсиди. Мурда жалан тун жамынып жоо журсом, эми автобуска да тушо калчу болдум. Мелжеген багытым, коздогон мудоом болбогон сон баш оогон тарпка баса берип, акыры Казакстанга да жетипмин.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   06 Январь 2016 - 21:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Bermet_Kasymova (06 Январь 2016 - 20:11) жазган:

Кечиресинер, дукондо эмне болду эле?

Башынан окуп келсенер тушуносунор
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   07 Январь 2016 - 15:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Туш оогон маалда кундун турпоту бузулду. Асманда сур булуттар чогула калып тынч ала албай удургуп кирди. Ыркыраган шамал кайдандыр бир ункурдон чыга калгандай жетип келди. Кум учуруп, туйдоктой тугурукташкан камгактарды дыркырата кубалай баштады. Кай тарабынды караба-коз талыткан ээндик. Одур-будур тарткан майда адырчалар. Шыркыраган кум, ийрелендей оскон сөксөөлдөр. Шамал сапырган кум тоскоктору козго кирип, бетке тыз чабылат. Ага карабай талыган буттарымды суйроп алдыгы умтулам. Барган сайын шайманым кетип, сөксөөлгө чалынганым улам арбыйт. Өзогум карарып көзүм карангылайт. Тамчы суу коздон учат, тамагым кургайт. Кечээ эртен менен арт жакта калган айылдан бир сындырым нан жеп, бир кесе айран ичкем. Ошондон бери наар ала элекмин. Кун батканча бир айылга жетсем дегенде эки козум торт. Казактын ээн талаасында сайран курган шамалга жыгыла жаздап журуп отуруп, коз байланаарга чукулдаган маалда алакандай айылга келип жеттим. Болгону он чакты эле уй окшойт. Четки уйдун камыштан тосулган короосуна баш бактым. Апакай сакалы тошун жайпаган карыя төөсүн байлап жатыптыр. Мени коро койгон төө "буу-уу-уу" , деп алып ордунда бир тегеренди да, анан капысынан кутуруп кетеендей камыштан каланган тосмону былчырата тебелеп салып уруп жоноду. Карыя дегдендей тушуп колундагы жипти коё берди. Болбосо суйроп жоноору турган иш эле. Ал эмне болуп кеткенин тушунбой айланасына коз жугуртуп келатып мени корду. Дирт эте тушконун сакалынын кыймылынан сездим. Дел болгон немедей мени карап турду. Мен ал жакка умтула бергенимде "токто" дегендей колун жансады. Ордумда туруп калдым. Уйуно киргизгиси келбей жатат го деген ой кокурогумо урунду. Карыя турган ордуна чөк тушо отурду да, куран окуп кирди. Мен да отурдум. Сакалын шамал сербендетип нары-бери тынымсыз кыймылдатып жатты. Конур уну менен узакка окуду. Курандын мынчалык узун суроосу бар экенин билбептирмин. Алакан жая бата кылган сон ал мага бир нече кадам жакындады.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   07 Январь 2016 - 18:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Карагым ай, не болгон жансын өзү? Илээшкенин бар экен го. Бу айылга киргенин жарабайт. Бала-чакага залалын тийип калышы ыктымал. Кайт артына, - деди. Демек, ал баланы көргөн экен да. Бирок ал эмне учун азыр көрунду? Мен азыр ачкамын го. Көзум карангылап, ушу жерге өлгөн-талганда жетпедимби. Мындайда көрунчу эмес эле го. Балким, мурдагыдай мени өлумдөн сактабай, эми биротоло ачкалыктан өлсун дегендир. Андай кун кана, атаганат. Ит турмуштан оңой кутулбаймымбы анда. Негедир ушул ой буткөн боюма куч берген сымал, кайраттана туштум. Жыгыла тургансыган денем тузөлуп артыма бурулдум. Куугумдөнө баштаган асманды жамынып, кум учуруп дарылдаган шамалга төшумду тосуп, өзумө көрунбөгөн баланы жаныма караан кылып айталаада темтеңдеп багытым да жок, максатым да жок кетип бараттым. Жарыкчылыкка көз ачып келген кунумду, энемдин капчыгынан уурдап алган уч сомду, өзум тандап алган тагдыр жолумду, эки кулач карангы көрду мага ыраа көрбөгөн Кудайды, мен сыяктуу безерилерди кучагына кысып куну менен жылытып, туну менен салкындатып, абасы менен дем алдырып, суусу менен өмурду улантып келаткан кең Ааламды, азапка салып бучкактаган баланы жер-жеберине жеткире каргап-шилеп кетип бараттым. Ичимден боздоп, ичимден өксуп бараттым. Урунуп-беринип, сөксөөлгө, таштарга чалынып жыгыла берип танга жуук биротоло шайманым кетти. Баса албай калдым. Бир четинен ачкалык көзумду тумандатат. Көмкөрөмөн кеткен бойдон жатып, талыкшып уктап кетипмин.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 04:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: