Кенеш сурап келип калдым.... Мен универде 2-курста окуйм. Зирек, мамилелеш, чыйраак болгонум учун тез эле универден оз ордумду таап, Жаштар Комитетинде иштеп калдым. Тааныш , дос арттырдым. ЖКнын торагасы болуп Бека деген бала жаны шайланып калды. Аябай келишимдуу жигит болчу. Мен ал менен чогуу иштешкениме аябай суйунуп журот элем. Суйлосо, кулсо ушундай да сулуу адам болобу деп тиктеп отура берчуумун. А мен болсо ээн жонокой эле кызмын. ЖКда 2 кыз 4 бала иштейт элек. Болушунча Бека айткан иштерди убагында жасап, анын конулунон орун табууга аракет кылат элем. Албетте суйгон айымы катары эмес, жакын адамы, сырдашаар досу катары. Ушундай кундордун биринде универде сулуулар конкурсу болот деп биз даярдык коро баштадык. Мен Айка деген дос кызым менен чогуу жашачуумун.
Ал группанын атынан сулуулар конкурсуна катышып калды. Чынында сулуу кыз болчу. Биз конкурска билет, сахна даярдап жургондо, Айка конкурска даярданып журду. Буткондо мага келип , кеттикпи деп кутуп турчу. Анан экообуз ээрчишип алып уйго кетчуубуз. Мен уйго барганда Айкага , мен бироону жактырып калдым деп айта берчуумун. Бирок атын айтчу эмесмин. Ал Бека болчу. Ал деле атын айтпаганыма конуп калган. Беканын суротун ватсаптан карап эле отура берчуумун. Жазгым келип , кайра кой, кыз биринчи жазса уят эмеспи, балким девушеасы бардыр деп ойлоп жазчу эмесмин. Ал болсо " паран буткондо кабинетке кел. Бугун чогулуш эсинен чыкпасын"
ушинтип эле ватсаптан жазчу. Кыскасы мен аны ичимден жактырчуумунБир куну дагы Айка келип калды " кеттикпи?"
деп. Мен азыр деп, Бекага кетип атканымды айтып чыгып кеттим. Уйго барсам : дос мага бир жакшынакай жигит керек, сахнага чогуу чыкканга - деп калды. Курсташтардан тандап королу дедим. Эртеси Бека : сен кетпей тур чогулуштан кийин, сенде созум бар- деди. Озумчо толкунданып,
суйунуп алгам , эмне созу бар экен депчи. Же убакыт отпойт, чогулуш бутпойт. Бир маалда чогулуш да бутуп бары кетти. Кабинетте Бека экообуз эле калдык. Угуп атам эмне созунуз бар эле - десем. Кел, берегирээк отурсан деп озунун жанындагы столду корсотту. Унчукпай барып отурдум.
Оюм онго, санаам санга болунот...г кенеш керек..коркуп турам...
#2 06 January 2016 - 21:27
Ойлобонуздар суйом куйом не кылайын деп кенеш сурайт деп. Урушпай , от души кенеш бериниздерчи эжелер, акелер. мага кыйын кез болуп турат.
#6 06 January 2016 - 22:05
Сезим Айка деген кыз группалаш досунбу?- деди. Ооба, эмнеге?- десем. Мага жагып калды ошо досун, жигити барбы жокпу?- дебеспи. Кызыкча боло туштум. Такыр башка соз кутуп аткан элем. Ошого да унчукпай копко тура бердим. Ооба, жигити жок- дедим. Жакшы го, мени тааныштырчы досун менен -деди. Макул деп созубуз бутуп чыгып кеттим. Уйго баргыча ар нерсени ойлоп бардым. Озумчо ыйлагым келди. Барып барып мени эмес же башка кызды эмес именно досуму жактырганы учун. Маанай жок уйго кирдим. Адатта быдылдап суйлоп, бир ырды кынылдап ырдап кирип барчуумун. Аны дароо Айка сезе койду. Не болду маанай жок дедиле, башым ооруп атат деп жатып алдым. Тескери карап, жатып алып: Айкага Беканын созун айтпайм. Бекага болсо , таанышпайм жактырганым бар деди- деп коем дедим. Айка тынбай келип, дары иччи, турчу доос, анегдот айтып берем, кулчу дос- дей берди.
#9 06 January 2016 - 22:14
Анан кантип мен анын суйуусуно тоскоол болом, мага боору ооруп бир тууганымдай куйуп жанып турса. Оюмдан кайтып, барын айтуу учун ордумдан туруп, анын жанына отурдум. Айтсам ойлонуп калды, жакшынакай жигит ээ?- деп. Анан бир чечимге келип макул болду. Экоону тааныштырдым.
Алар тез эле тил табышып кетти. Бека Айка мн сахнага чогуу чыкмай болду. Кундо кечке маал Айка жолугууга чыгып кетет Бекага. Мен уйдо жаалгыз калам. Кедээ кадимкидей ичим тарып жаман коруп кеткен кундорум да болду. Бирок озумо озум соз бердим аларга тоскоол болбойм деп. Бека мага мурункудан да жакын болуп кетти. Айка тууралуу сурап турчу. Кээде учообуз чогуу тамактанып да журдук. Алардын жанында озумду бир топ эле ынгайсыз сезип журдум.Конкурс да болду. Айка женип чыкты. Кечкисин ар бир катышкан сулуу мырзасы менен ресторанга барышмай болуп, Бека мн Айка кетишти. Дагыле жалгыз калдым. Ватсапта ар ким менен жазышып отуруп, бир курсташ балам жазып калды. Тамаша чыны аралаш ар нерсени жаза берчу. Эмне кылтасын? Эмнеге? Эмне учун? Деп ар бир нерсени сурай берчу. Экообуз тен бири- бирибизди жакшыле тааныйбыз. Ошого менда тамашалап жазып койчуумун
#11 06 January 2016 - 22:22
Бир жолу курсташтар менен 1-курста чогуу отуруп калдык. Эсепке келгенде 30 мин болуп кетиптир. Ал кечени уюштурган мен жана курсташым Улан болчу. Биздин эсеп боюнча 15мин болуш керек эле. Анан эле Улан официантка кыздар мн урушуп, согушуп кетти. 30мин болбош керек деп. Ошентип чон уруш чыгып, кафенин килейген охраниктери Улан экообузду колубуздан кармап кетишти. Мен аябай коркуп Уланга урушпайле акчасын топтоп берип коелучу десем, жок тушуп калыптырбы буларга ашыкча акча деп когорур туруп алды. Охраниги муштап бир урду, не кыйынсынасын деп. Бирок Улан бош келген жок. Колундан келгенин кыл брат коокпойм и ашыкча акча толобойм. Ар бирин эсептешем деп алар мн согушуп журуп акыры женип акыры жаны тынган. Корсо алар бизди перваштар, булар балээни билеби деп эсепке 15минди кошуп коюптур. Ошондо Уланга тан бергем. Такыр айтканынан кайтпаган, ожоор, жини келсе эч кимди аябаган адам экенине. Ошондон кийин Улан экобуз жакшы тааныш болуп калганбыз.
#12 06 January 2016 - 22:31
******************** Айка менен Бека кыз жигит болуп суйлоошуп журушту. Биз ЖКда иштегендер балдар уйуно кайрымдуулук иш откоробуз деп, чакан концерттик программа тузуп, ошол боюнча даярданып калдык. Бека озу катышкан номерлердин барына мени да кошуп коюптур. Экообуз биргеликте аткарып жаттык . Жактырган адамым жанымда, бирок ал мендик эмес....окунучтуу эле... Айка конкурска катышкандан кийин телефону тынбай калды. Ашыктары кобойду.Мага да ал тургай Бекага да мамилеси озгорду. Акыркы кундору Бека экоо коп урушчу болду. Кызганыч, чалуулар, смстерди деп. Мен бир нерсе деп суйлосом эле , дос койчу аныны. Мынаны карасан, жакшынакай жигиткен а деп фотолорду коргозо берди. Беканы айтсам, уфф ал жадатты кызгана берип, жакпай баратат деп айтат.
#15 06 January 2016 - 22:41
Аралашпайле коеюн деп унчукпадым.
Бека экообуз кайрымдуулук иш чара боюнча откоруп жаткан концерттик программага форма, балдарга оюнчук алууга базарга бардык. Эрте менен эрте барганбыз, аябай кеч келдик. Форма таппай, тапсак жакпай ошентип журуп кеч кирди. Ал кун мен учун эн соонун кун болду. Бирге басып, бирге тамактанып.
Озумчо суйунуп уйго келдим. Айка жок экен. Бекага чыгып кеткенго деп отурсам Бека чалып калды. Айка албайтат деп. Уйдо жок десем аны муну айтып экообуз копко суйлошуп калдык. Сен жакшы кызсын, карындашымдай кором деп айтып калды. Унчукпадым.
Эмне дейтлем...мен сизди суйом демек белем...Айка кееч келди. Корсо бироого жолугуп келиптир. И ал бала жагып калыптыр. Мен Беканы жактырам, а Бека Айканы жактырат, а Айка болсо башканы....
#19 06 January 2016 - 22:55
Бир куну парадан чыксам Улан чалып калды жолугалы уйундун жанында кутуп турам деп. Барсам кенеш сурайын дегем , сени мн как дос катары жакын болуп калдыкго деди. Айта бер , акылым жетсе кенеш берейин дедим. Сезим мен черныйларга кошулайын деватам. Аларда акча коп болот. Каалаган жагына кенири басып тура аласын, менин характеримди билишип, сендей жигиттер керек деп сунуштап жатышат деди. Эмне акчан жокпу? Эмне жетпей жатат, тынч эле журчу десем. Эч кимге айтпа, акча олуп кетсин, мен озум кызыгып атам бирок кошулгандан кийин кайра чыкканга болбойт. Жердин тубунон болсо да таап корсото турганын корсотушот деди. Мынча коркунучтуу адамдар. Апанды ойлочу ушу ишке кошулаардан мурун десем. Билбейм не кылышты кайра кайра чакырып атат деди. Мен ушуп кеттим. Бул тууралуу сага кенеш бералбайт экем десем. Колуман тартып: не кийимин жокпу? Ушу да курткабы? (курткам жукараак болчу) бас мен сага кийим алып берем- деди. Кое берчи, озум атайы ушинтип кийингем, рахмат боор оорубайле кой десем, мен сага атайын келдим кенеш сураганы не кылайын айт деп кыйкырып жиберди. Коркуп кеттим. Козумон жаш тегеренип кетти. Кечирип койчу, жиним келсе кармана албай калам. Сени жакын адамым катары кором макул уйуно кир деди. Артымы карабай тез тез басып кирип кеттим.

Супер-Инфо
super.kg
видео











