Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Фабула" гезити уюштурган сынакка келген дил баяндар (Талас облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Фабула" гезити уюштурган сынакка келген дил баяндар (Талас облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Фабула" гезити уюштурган сын

#1 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 11:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Талас облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 12 жаштагы Нурэл Абасканов табылды.

Нурэл Абасканов Талас шаарындагы "Манас Ата-Себат" лицейинин 6-“б” классынын окуучусу. Окуучу дил баянында кыргыз элинин ынтымагын, тарыхын, каада-салттарын сактоо боюнча көз карашын жазган. Сынакты Талас облусу боюнча "Фабула" гезити жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

"Мен бул сынак тууралуу телеканалдан берилген жарыядан улам билдим. Андан кийин апам эч ойдо жок жерден "Супер-Инфо" гезитинин 2015-жылдын 4-декабрында чыккан санын алып келди. Гезитти окуп жатып: "Балам, сен айтып жаткан дил баян сынагынын шарттары бул санга чыгыптыр" ,- деп калды. Өзгөчө сынак экен деп катышууну чечтим. Жыйынтыгын чыдамсыздык менен күн санап күттүм. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине, мени жеңүүчү кылган гезиттин жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз" ,- дейт Нурэл.

Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

"Мекенимдин гүлдөп-өсүшүн каалайм же бир кумурсканын тилеги"

"Эмне үчүн кумурска? Кандай тилек?" деп таң калып турасызбы? Анда четинен жооп берип өтсөм.

Мен апама бул сынакка катышарымды билгизгенде, ал "сенин дил баяның, биринчиден, кызыктуу, экинчиден, жөнөкөй, үчүнчүдөн, кайталангыс болушу керек" деди. Мен дил баянга киришүүдөн мурда өз өлкөм тууралуу да, Малайзия тууралуу да кененирээк билгенге далалат кылдым.

Алгач кумурсканы каарманым катары тандап алганым тууралуу жазып өтсөм. Биринчиден, кумурскалар абдан ынтымактуу келишет экен. Мен көп ойлоном, эмне үчүн кыргыздар жамандыкта гана биригишет? Ал эми өнүгүүгө келгенде, ар бир адам, ар бир үй-бүлө өз багынын гана гүлдөшүн каалайт. Ар бир облус “биз алдынкыбыз” деп мактанат. Бул көрүнүш өнүгүүгө алып келбейт. Ар бирибизди “Мен - кыргызмын! ” дегенге сыймыктануу менен караганга чакырат элем. Экинчиден, ал абдан эмгекчил. Бул жактан караганда, алар бизге үлгү.

Эми кумурска досум менен кыялымдын канатында көк тиреген Ала-Тоонун бооруна конуп, Малайзияга көз чаптырайынчы. Кыргызстан менен окшоштук жактарын издейинчи.

1. "Малайзия" сөзү “тоолуу өлкө” дегенди билдирет.

2. Гибискус гүлү беш желбирчектен турат, мусулманчылыктын беш эрежеси катары өлкөнүн символу болуп эсептелинет. Куала-Лумпурда бул гүлдүн эки жүздөн ашык түрү өстүрүлүп, ал жыл бою гүлдөйт экен. Ошондой эле гибискус гүлү - Малайзиянын Улуттук учак компаниясынын символу.

3. Малайзия кызгылт-күрөң бүркүтү менен сыймыктанат. Ал эми биздин Ала-Тообузду бүркүттүн ондон ашык түрү мекендейт.

4. Малайзия да эгемендүүлүк күнүн 31-августта белгилейт.

Кумурска досум, карачы, өнүккөн мамлекеттер гүлдөрү менен да сыймыктанышат. Кыргызстандагы айгүл гүлүн эстечи, гректер талашып келген кыргыз жаңгактарычы, мөлтүр сууларычы. Бул асыл нерселер өлкөбүздүн жүзү болуш үчүн аны дүйнөгө туура тартуулаганды билиш керек экен. Билим менен сеникиндей эмгекчилдик, талант, тапкычтык негизги талаптар тура. Мен ишенем, кыргыз эли - таланттуу эл.

Кумурска досум, кайра Малайзияга сапар алалы. Малайзия - Сингапурдан кийинки эле Азиядагы эң өнүккөн ири мамлекет.

Мен өнүгүүнү кандай түшүнөм? Өнүгүү - бул компьютерди бешке билип, өз тарыхыңды унутуп, башка улуттарды тууроо эмес. Жок. Тарыхыңды түбүнөн бери билүү, салт-санааларды турмуштук эрежелер катары колдонуу, өз тилиңде таза сүйлөө, чет жакка чыкканда өз өлкөңдү даңазалай билүү!

Кумурска досум, кел, эми Куала-Лумпурдагы заманбап Петронас, 88 кабаттан турган эгиз мунарасына чыгып, элди карап көрөлү. Кумурска досум, бийиктиктен эл кумурскадай эле көрүнөт экен! Анан бул жердин эли абдан эмгекчил деп айтышат.

Тээтиги Лангкавидеги “SKY Bridge" көпүрөсүн карачы, ал эми Куала-Лумпурдагы үч миңден ашык куштары бар “Куштар багычы”. Борнео шаарындагы “Нефть” музейичи. Мен бул мамлекет тууралуу окуп жатып бул нерсени түшүндүм. Кайсы өнүккөн мамлекет болбосун, “эң” деген нерсеге умтулат экен. Эң ири шаар, эң чоң мечит, эң узун көпүрө, эң даамдуу балмуздак же ушул сыяктуу. Биздин Кыргызстаныбыз да Орто Азиядагы гүлдөгөн, эң ынтымактуу мамлекет болсо экен деп тилейм!

Ооба, кумурска досум, буюрса, ушунун баарын жакындан көрөбүз! Бөлөк мамлекеттердин жакшы жактарын үйрөнүп келип, Ата Мекенибизге кайтып келгенде асыл ойлорубузду ишке ашырабыз! Анткени мен да, сен да Кыргызстандын бир кайталангыс бөлүгү экенибизди унутпашыбыз керек!

Нурэл Абасканов, Талас шаарындагы "Манас Ата-Себат" лицейинин 6-“б” классынын окуучусу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Медина Умоталиева

Мен кыргызстандын гулдоп осушун каалайм.

Менин олком- кыргызыстан. Ал дуйнодогу эн кооз олколордунбири. Евразия материгинин орто ченинен оорун алып, аянты 198,5мин км2.Калкыбыздын саны 6 млн. Олкобуз кичинекей болсо дагы, коп кыйынчылыкты башынаноткоргон, тарыхы тугонгус, кооз жер. Эс алып кеткен, ар бир туристин эсиндекала турган, суйунуп эстеп журчу жерлер, дал ушул кыргыз жеримде.

Олкомдун оз гимни, герби, туусу, желеги,улуттук волютасы бар. Албетте, биз булар менен чексиз сыймыктанабыз. Себеби, арбиринин чечмеленишинде озгочо сыр, тарыхы бар. Биз онугуп келе жаткан олкобуз.Биз онугобуз! Олкомдун символикалары ар бирибизге дем куч берип турат.

Туулган жердин топурагы алтын демекчи , алыста журсон сагынып, кусакылып, озуно тартат. Озгочо абасы таза жайлоолору, суулары, боз чан басканжолдорун, кичи пейил элдерин сагынасын.Илгертеден ата-бабам омурун дээрликжайлоолордо откоргон. Чоп жыттанган, абасы таза, асманды тиреп занкайган бийиктоолору, куркуроп агышы алыстан угулган, тунук кок кашка таза суулары, ар бир жерде тигилген кыргыз боз уйлору ,аркайсыл жерде жайылган малдар коргон адамды озуно тартып турат. Эже женелерибизкыткылыктап кулушуп, кийиз жасап, энелерибиздин онорун уйронуп, оз колдоруменен кооз-кооз кийиз, шырдак, ала кийиз,корпочо жасап олтурушкандарын коргондо азыр эле алыпучуп барып, катарына кошулуп уйронгун келет. Ал эми ошол шырдакка тушурулгон арбир кооз, кереметтуу оюлар чебердин тажырыйбалуулугун, мыкты кол онорчулуктуоздоштургонун айтып турат. Тилекке каршы учурда кыргыз шырдактары четолколорго сатылбайт, ал тургай уйго дагы салышпай калышты,колдон келсе биздинчеберлердин эмгектери чет олколордо сатылса аз да болсо кайсы олкодон чыгаарын“кыргыз” деген улут бар экенин билишет беле..

Ал эми жайлоодогу муздак, тунук суулардагы адамды озуно чакырат.. Жети кабат жер астын,

жарып чыккан аккансуу

жер ааламдынбаарысын

багып чыккан аккансуу-деп улуу акын Женижокбекеринен ырдаган эмес тура . Тунук суу жердин козу ысык-кол кыргыз элининбактысына жаралган беле.сон-кол, чатыр-кол куудум сулуу кыздын бакырайганкоздоруно окшошуп, нурун чачып сулуулук берип турат. Ушундай сулуу колдорубуздутаза, аяр сактасакю алар биздин жашообуз, турмушубуз. Келечегибиз. Ал эми ошолкелечекти сактай билели.

Дагы бир керемет болгон тоолоручу.Тээ учуна омур бою тонуп турган монгулору куудум бакай атанын ак калпагыөндөнөт. Алар бийик жана кооз.

Бирок, ушундай кичинекей, кооз,табышмактуу олкодо паракорлук,

Кылмыш, оз ордун таап келуудө.керек болсо азыр сыртка чыккандан дагы коркосун. Мен кылмыштуулукжоюлушун, балдарга карата зордук зомбулуктун азайышын каалайм. Балдар биздинкелечегибиз. Ар кимибиз мекен учун кызмат кылышыбыз керек. Ата-энебиз мекенибизбизден копту умуттонот биз аларды аткарышыбыз керек!

Жазган: Умоталиева Медина
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG


Альмира Канатбекова

1991- жылы 31-августта Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган. Ошол күндөн тарта Кыргызстандын жарандары өз өлкөсүнүн өнүгүшүн үмүт кылып келишет.Бирок азыркы учурда үмүттөнүү менен бирге ошол ойлогон максатыңа жетүү менен алдыга кадам жасоо зарыл.Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм,анткени мен бул өлкөдө туулуп,өскөм. Мен өлкөмдүн өсүп өнүгүшүн каалаймын,себебин айта берсем бул нерсеге байланыштуу көп себептер бар.Биз өлкөбүздү өнүктүрүүдөн мурун,биз бул нерсени кантип ишке ашырабыз,кандай жол менен өлкөбүздү өнүктүрөбүз деген суроону өзүбүзгө берүү зарыл.Чындыгында эле өлкөбүздү кантип өнүктүрөбүз? Биз Кыргызстандын жарандары өлкөбүздү өнүктүрө албайбыз деп айта албайбыз,антип айтсак,биз туура эмес айткан болуп калабыз.Себеби Кыргызстан баардык жагынан топ келишкен бай өлкө.Кыргызстандын жаратылышын карасак бир укмуштай,сырдуу. Кыргызстанда эмне гана жок:көл десең көл,тоо десең тоо,мөңгү десең мөңгү деги эле койчу, Кыргызстанда эмнени гана көрүүгө мүмкүн эмес.Бул биздин өлкөбүз,биздин байлыгыбыз. Келечек жаштардын колунда демекчи Кыргызстанды өсүп келе жаткан жаш муун өнүктүрөт.Ал үчүн Кыргызстандын жаш муундары бир гана "Окуу"- деген ураан менен өз милдеттерин аткаруу зарыл.Биз окуудан баш тартсак анда өлкөбүз түбү менен жок болот.Бирок андай нерсеге барууга биз эч качан жол бербейбиз."Өлкөнү өнүктүрүү-мектептен башталат"- демекчи окуучулар мектептен тарта эле жакшы окуп,терең билим алып,чет өлкөгө чыгуу зарыл.Азыр жашоо мурункудай эмес,азыр баардыгы өнүккөн,биз чет мамлекеттерге чыгып ал жактан терең билим алып келип,өлкөбүзгө кайтуу менен бирге өз тажыйырбабыз менен болүшүү зарыл.Мен өлкөмдүн экологиясын сактап,ал эми экономикасын көтөргүм келет.Мен келечекте бир кесиптин ээси болуп Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет."Ааламга жол айылдан башталат"- деп бекеринен айтылбаса керек.Баардык белгилүү адамдар айылдан чыгышкан.Биз дагы "Айылда жашайбыз,айылда шарт жок"- деген сөздөн алыс болуп,окуубуз зарыл.Ынтымак болгон жерде ырыс да бар,андыктан ынтымактуу болсок бирге иштесек баарысы болоруна шек жок.Ар бир жаран өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуусу зарыл.Өлкөбүздүн кең байлыктарын өлкөбүздүн өнүгүшүнө жумшап атка минээр чоңдорубуз жакшылап иштесе зор болот.Өлкөбүздү башка өнүккөн мамлекеттерге салыштыруу зарыл.Мен өлкөмдү келечекте эң бай,эң мыкты өлкөлөрдүн катарында көрүүгө үмүттөнөм.Мен мекеним үчүн баарына даярмын.Мекен үчүн ар бир атуул кызмат кылууга милдеттүү.Ар бирибиз колубуздан болушунча келген жардамыбызды берип,мекенди коргосок биздин өлкө бир нече жылдан кийин алдынкы тепкичтердин биринен орун алып,өсүп,өнүккөн өлкө болот деп ишенем.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Азема Усеналиева
Мен Кыргызстандын осуп-онугуусун каалайм.
Кыргызстан- менин кооз мекеним. Киндик кан тамган жеримдин таза абасынан дем алып, жаратылышына суктануу менен мамиле жасап, балалыгымды Манас районунун Покровка айылында откоруп келе жатам. Мен 6 класстын окуучусумун. Келечегим тууралуу коп кыялдана баштадым. Менин келечегим Кыргыстандын келечегине байланыштуу болот. Жакшы окуп ,улгулуу болуу, жаратылышка аяр мамиле жасоо, адамдарга жардам беруу менен мен мекенибизге салым кошо алам.
Биз,Кыргызстандын жаштары, мекенибиздин осуп-онугуусун каалайбыз. Мамлекетибизден чыккан кен байлыктарды, айыл-чарба продукцияларды, мал-чарбачылыгын остуруп, иштетип экспортко чыгарсак, андан тушкон каражат экономиканын онугушуно чон салым кошот.Биздин жерибизде коп деген завод-фабрикалар курулуп, элдердин жумуш менен камсыз болушун кыялданам. Ар бирибиз чет олколордо эмес,мекенибизде иштеп, кучтуу, бекем мамлекет курсак кандай керемет!
Менин оюмча Кыргызстандын онугушу учун билимдуу жаштар керек. Билим бардык нерсени башаты болот. Кучтуу билим менен гана биз чон ийгиликтерге жетишип, коп озгоруулорго жетишебиз. Айыл жериндеги мектептерге китеп берип, балдарды окууга кызыктыруу керек.
Биздин мамлекет абдан кооз жана бай деп ойлойм. Биздин элибиз да жонокой, карапайым жана эмгекчил. Онуккон мамлекет учун бизге туура багыт керек. Президентибиз, депутаттар элдерге жакшы шарт тузуп, баарын ак ниеттен иштоого чакырыш керек.
Биздин олко абан кооз, бизге коп деген туристердин келуусун каалайм. Жонокой эле нерсе менен олкобузго чон жардам кылсак болот. Мисалы ар кандай таштандылырды ар жерге таштабай, аларды чогултуп , айланабызды таза кармоо баарыбыздын атуулдук милдетибиз. Асман тиреген имараттарыбыз аз болсо да, кок тиреген тоолорубузду корууго коп туристер келет деп ишенем. Ошондуктан биз жаратылышыбызды, айланабызды таза кармашыбыз керек.
Дуйнону озгортом десен, озорууну ар ким озунон башташ керек. Демек, биз дайыма мамлекеттен эле жардам кутуп отура бербей, ар бирибиз аз да болсо аракет кылып, мен мекениме кантип жардам бере алам деп ойлонушубуз керек.
Биздин мамлекеттин осуп-онугушуно ар бирибиз салым кошо алабыз! Биз келечекте онугуп- оскон мамлекетте жашайбыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Элдар Шекербаев

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен Шекербаев Элдар Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында туулгам. Биздин айыл кышы-жайы чокусунан кар кетпеген Манас тоосунун этегинде жайгашкан. Манас атанын ак кар көк муздуу тоосунан агып түшкөн Күркүрөө суусу айылдын жанынан агып өтөт. Айылыбызда Кыргызстандын атагын дүйнөгө тааныткан алп жазуучу Чынгыз Айтматов,Манас эпосун кара сөз менен жазган жазуучу Ашым Жакыпбеков, СССРдин эл артисти наамын алган Капар Медетбеков жана башка көптөгөн белгилүү инсандар чыккан. Мен ушундай алп адамдар менен жердеш болгонума сыймыктанам деги эле мен Кыргызстандык болгонума сыймыктанам. Биздин өлкөдө эмне деген сөз менен айтып жеткизе албай турган кооз жерлерибиз бар. Кыргызстанда жети керемет бар булар жөнүндө айтып бүтө албас кооздугу жана тарыхтары бар. Көркүнө көз жеткиз Ысык-Көл,өрүк зарлуу Баткен,Айгүл гүлү,Ордолуу Ош шаарыбыздагы Сулайман тоосу,Нарындагы Таш-Рабат,Жалал- Абаддагы Арсланбап токойлору бар,Таласта болсо Манас ордо,борборубузга айланган Сары-Өзөн Чүй кандай сонун жерлер.Мен чет өлкөлөрдүн кинолорун көрүп жатып эмне үчүн буларда биздикиндей асман тиреген тоолор,шырылдап аккан булак же кызгалдак өскөн талаалар жок деп ойлой берем. Мисалы Корея,Кытай мамлекеттеринде баары бар бирок баары эле жасалма ушунчалык өнүккөн мамлекет болгону менен климаты биздикиндей эмес. Кыргызстандын жайы салкын,кышы жылуу кооз жерде жайгашкан.
Кыргызстандын туусу ылдый түшпөй дайыма желбиреп турушуна ар бирибиз салым кошушубуз керек. Биздин өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө ар бир жаран салым кошкусу келет. Биз мамлекеттин өсүшүнө салым кошушубуз үчүн бизге татыктуу билим керек. Биз жакшы билим алышыбыз үчүн мамлекет да көңүл буруусу зарыл. Бирок билим берүү биздин өлкөдө акыркы орундарда турат. Мисалга алсак дүйнөлүк олимпиадалардан биринчи орундарды Америка,Японияга окшогон өлкөлөрдүн окуучулары алышат. Анткени ал өлкөлөрдө билим берүү алдыңкы орундарда турат. Муглимдердин айлык акылары жогорку деңгээлде. Ал өлкөлөрдө ЖОЖдорду бүтпөй жатып диплом сатып алуу жокко эсе. Бизде болсо ЖОЖдорду бүтпөй туруп диплом сатып алып коррупция жолу менен өзүнүн дагы башкалардын дагы келечегин талкалаган жарандарыбыз көп. Азыркы учурда Сириядагы согушка кетип жаткандардын дээрлик баардыгын билими жок жаштар түзүп жатат.
Кыргызды кыргыз кылып кармап турган бул кыргыз тили “Улут болсом тилим менен улутмун” деген жакшы сөз бар. Азыр бизде жаштардын баары орусча сүйлөшүшөт. Кээ бирлери кыргызча сүйлөгөндөн уялышат. Ошон үчүн бала бакчадан баштап кыргызча үйрөтүлсө жакшы болмок.Бизде кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөй албаган мамлекеттик адамдар бар. Депутаттар орусча сүйлөшүшөт. Билимдүүдөй эле көрүнүшөт кыргызча үйрөнүп алышса болот да. ЖОЖдордо эмне үчүн орус тилинде окутат.Кыргыз тили өнүксө кыргыз жери өнүкмөк. Көптөгөн завод-фабрикалар курулмак. Мисалы кайра иштетүүчү завод курулса көптөгөн жумуш орундары ачылмак жана шаардын ичтери таштандылардан тазаланмак. Ушулардын баары аткарылса биз Кытай,Кореяга окшогон мамлекеттерден да жакшы мамлекет болобуз
Мен үч бир тууганмын. Агам жана карындашым бар. Ата-энем карапайым айыл чарба менен алектенишет. Биздин айылда жер суу кенен. Жерлерибизге төө буурчак,буудай, картошка жана башка жашылча жемиштерди айдайбыз. Салыктарды убагында төлөп турабыз. Каникул болоору менен талаага чыгабыз. Өзүбүздүкүн бүткөндөн кийин элдикине иштеп ата-энеме бир аз болсо да акча таап жардам берем. Мамлекет үй-бүлөдөн башталат дегендей эч убакта бирөөнүн байлыгына көз артпай ынтымактуу жашайбыз. Ар бир үй-бүлө ынтымактуу жашаса биздин өлкө алдыга жылат.
Мен келечекте архитектор болгум келет. Чет өлкөлөдөгү бийик имараттарга кызыгам мен алардан да бийик имараттарды кургум келет. Эң жакшы проекттерди чийип дүйнөдө жок мектеп,ооруканаларды курам деген тилектерим бар. Ал үчүн мен билим алышым керек. Мектепти жакшы бүтүп чет өлкөдөн билим алууну каалайм. “Ааламга жол айылдан башталат” Ч.Айтматов атабыз айткандай залкар адамдар чыккан жерден мен дагы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкум келет. Кыргызстандын желеги желбиреп турушун,гүлдөп өсүшүн каалайм жана салым кошом. Ар бирибиздин жүрөгүбүз Кыргызстан деп согушун каалайм.
Аты-жөнү:Шекербаев Элдар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айбек

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм!

Албетте мен кыргыз элимдин,жеримдин өнүгүшүн каалайм. Каалайм деп айтуу мага ооз учунан айтылган жөнөкөй эле сөздөй сезилет. Ошондуктан сүйүктүү, кымбат кыргыз жеримдин өсүп-өнүгүшүнө мен милдеттүүмүн жана өнүктүрөм деген мекенчил адам болушум керек. Анткени, кыргыз жери мен үчүн керемет. Кыргызстан кичинекей мамлекеттердин бири болсо да, мен кыргыз жеримде кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Ала-тоо койнундагы алакандай элимдин салты, маданияты, тили жана тарыхый окуясы өзгөчө. Башка жерди көрбөсөм да, бөтөн элдин балдары менен дос болуп, баарлашып турам. Жеринин чоңдугу , элдин көптүгү ,байлыктары жөнүндө сүйлөшүп калганда, баары бир биздикине эч теңеле албасын сезем.
Жеримдин абасы адамга ылайыктуу, кышы жылуу, жайы салкын, кең байлыкка жык толгон ,асман тиреген Ала-Тоолору, ар бир чөбү, суусу, бак-дарактары, малы , баары өмүргө өбөлгө болгон дарылык касиетке ээ. Көп улуттун көзүн арттырган Ысык-Көлүмдү күнү-түнү карасам да көзүм тойбойт. Башка мамлекеттин элдери кең-байлыгыбызга суктанышып , Кыргызстан менен жакшы кызматташтыкта иш жүргүзүп келе жатышат.
Мен Кыргызстан үчүн болгон бүт салымымды кошуп, алдыга умтулуудамын. Кыргыз жерим гүлдөп-өсүшү үчүн кыргыз элимдин өсүп-өнүгүүсу зарыл деп ойлойм. Анткени кандайдыр мамлекет болбосун, малекети билимдүү адам өнүктүрөт. Азыркы убакта кыргыз элимдин жаштары алдыга умтулуп келе жатышат. Биз ушул ылдамдык менен алдыга умтулуп, өзүбүздү өнүктүрсөк, келечекте Кыргызстанды дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн биринчилеринен болобуз деп чын жүрөгүмөн ишенем. Ал үчүн биз азыртан баштап алдыга максат коюп, ушундай конкурстарга көп катышып, терең билим алышыбыз керек. Башка өлкөлөрдүн өсүп-өнүккөндөрүн көрүп, ал жактан чоң тажрыйба алып, ал тажрыйбаларды өз өлкөбүзгө келип колдонсок, өзүбүзгө да, мамлекетибизге да пайдалуу болот. Өзүң билбеген көп нерселериңди билип алып, өзүңө чоң тажрыйба топтоп алсаң кандай гана сонун.
Учурда мен өзүмө пайдалуу тажрыйбаларды топтоп жүрөм. Мындай тажрыйбаларды мен өнүгүп калган чет өлкөлөрүнөн алып, өз өлкөмдү алдыга алып чыгам. Башынан коюлган максатым Америкага баруу. Америка сыяктуу өнүккөн өлкөнү көрүү мен үчүн чоң тажрыйба болот. Ушул максатыма мүмкүнчүлүк түзүлүп калганына аябай кубанычтамын. Азыркы убакта америкалык “FLEX” деген программага катышып, үчүнчү турунун жыйынтыгын күтүп жатам. Азыр өзүмдү биринчи Малайзияда, экинчи Америкада жүргөнүмдү элестетем. Бул өнүгүп калган мамлекеттерден мен терең билим алгым келет. Ушундай конкурстарга көп катышып, кийин тажрыйбалуу жана билимдүү болгондо, кыргыз жеримди буюрса сөзсүз өнүктүрөм.
Чоңдордун катачылыгын сынагандан көрө, мен жерим үчүн , элим үчүн эмне кыла алам деп көп ойлоном. Жерим үчүн ата-бабаларыбыз согушуп, бизди ушул күнгө жеткизди. Эми келечек биздин колубузда дегендей, ар бир замандашым жеримдин байлыгын туура пайдаланып, көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Мен өз ресурстарыбызды, кең-байлыгыбызды туура колдонуп, туристтерге ыңгайлуу шарт түзуп берип, элим үчүн, жерим үчүн жанымды берүүгө даярмын.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн чын жүрөктөн каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чолпонкул кызы Алима

“Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм”

Кыргызым кызыл туубузсун
Корор кун ичер суубуссун
Улгайып кайра жашарып
Улууда кичуу муунсун
Кыргызым бутпос ырымсын
Кыйарбас кызыл туубузсун
Сан жагын чакан болсода
Сапатын менен улуусун
Элибиз ушул жердеги
Тенесек сага эмнени
Манастай эпос жараткан
Бар бекен сендей эл деги
Туболук бутпос ыр болуп
Туболук батпас нур болуп
Эскерип эски кылымдай
Жашай бер бутпос ыр болуп

Улуу того чыгабыз
Тенир унун угабыз
Сыймыктан кыргыз сыймыктан
Намыстан кыргыз намыстан
Сары изибиз саналып
Бой боксоргон.
Санаабыз камалып ой боксоргон
Торун ээлеп тобосу корунбой
Эл боксоргон.
Басчу жер бар алдыда
Озгочо озду таанытып
Кыргызым кылым майрамы,
Атчу тан бар алдыда

Кыргыз жери жаратылышытын сулуулугу менен дуйнодогу эн бир кооз олконун бири. Мен кыргыз жеримде тулуп осконумо абдан сыймыктанам. Ар бир адам баласы оз олкосун онугуп, гулдоп жетиштуу жашоо турмушта жашаганын кааласа керек, менда олкомдун гулдоп, кыргыз элимдин жетиштуу заманда жашаганыбызды каалайм. Кыргыз жери жаратылыштын бизге берген белеги. Биз жашаган кыргыз жери ар турдуу касиеттуу жерлерге бай келген. М: кен байлыктарга, жан жаныбарларга, орууга шыпаа болгон касиеттуу жерлери ж.б.у.с Азыркы учурда биз кендерди иштетууго каражаттарыбыз жетиштуу эмес, себеби биздин каражаттарыбыз жетиштуу болсо, анда, мамлекетибиз онугуп-осуп, ондуруш жайларын, чон,чон, кооз имараттарды, жолдорду ондоп,жарыктарды орнотор элек.Мен келечектеги Кыргызстанды кандай элестетем?-деп озумо озум суроо бердим. Мен дагы созду мындайча баштагым келди, Кыргыз жери ансыз деле кооз олко, табиятынын кооздугуна не жетсин, озгочо аска зоо тоолорубуз, шаркырап аккан сууларыбыз, таза абасы деги койчу айтып буткус байлыктырыбыз коп. Кыргызстанда 7 облусубуз бар. Ар бир облустун мактанаарлык жерлери коп. М: Ысык –кол, Сон-кол, Манастын кумбозу, Ташрабат, Бурана, Сулайман-тоо, Сары-Челек, жайлоолорубуз дагы мен бмлбеген кооз жерлерибиз коп. Мен тулуп оскон Талас облусун айтып кетсем, дуйно жузу тааныган улуу баатыр Манас атабыздын жердеген жери ''Манас' ' ордо комплекси, ыйык кумбозу, музейи жана ошондой эле кырк чоронун эстеликтери орнотулган. Кээде барып зыярат кылып, жакындан карап, куран окутутканды адатка айлантканбыз.
Бирок, башка олколор менен салыштырсам бир кыйла ылдыйкы баскычтабыз. Биз башка олколордой болуп онуго албайбыз, биз аларга жете албайбыз, алар бизден ойдо деп тим болуп калбастан, мындын аркы жашоону, келечекти кандай жол менен онуктуро алабыз деп ойлонуп, аракет кылып, талыкпай эмгектенишибиз керек. Менин оюмча бул нерсени ойлонуу ар бир адамдын милдеттеринин бири болуп саналат. Кудайым буйруп, келечекте эн жакшы окуп, татыктуу илим, билимге ээ болуп, экс-президент Роза Отунбаевадай акылдуу, адилеттуу, адамгерчилуктуу, элди, жерди ойлогон, эр азамат кыздардын бири болгум келет.
Эми келечекке отсом, мен чонойуп кыргыз элинин керегине жараган инсан болууну, акылыма кирип оз алдынча ой жугурто алгандан тартып самап, тиленип келем. Келечек жаштардын колунда эмеспи, биз жаштар буйруса акылыбыз, ыйманыбыз менен болуп, кудайдан коркуп, адал эмгектенип коп нерсени озгортуп, онуктуруп алып кетууго кудуретибиз жетет деп айта алам. Ошого адам биринчи онолууну озунон башташы керек. Куч биримдикте, ынтымакта. Менда кыялданам, олкобуз онугуп, осуп, калайык калкым кыйналбагандай жашоо откорорун. М: жолдорду тегиз кылып ондоп, кечкисин кочолорго жарыктарды койуп, кооз, кооз имарат, эстеликтерди орнотуп, авто унаа отуучу жолдорго видео козомолун орноттурар элем. Милиция кызматкерлерин жолго тургузбай, парасыз, акыйкат мыйзам иштелет деп ойлойм. Ошондой эле ИИМ кызматкерлерин катуу тартипте карар элем, анткени азыркы учурда коп кылмыш иштери болуп жатат жана ошондой эле заманыбыз коркунучтун ортосунда тураары айдан ачык корунуудо. Болуп откон окуяларды газит, журналдардан, телеберуулордон окуп, жомок окугандай болуп, кээде ишенип, кээде ишенбей отуруп ойума бир нерсе тушот. Эгерде,менин колумдан келсе, жогорку бийлик кызматкерлерине бир мыйзамды коштураар элем. Ал ''олум жазасы'' ушул беренени кылмыш жаза кодексине киргизээр элем. Албетте, бул менин жекече оюм. Эгерде биз мындай чара корбосок, кылмышкерлер, террористтер кобойуп элибиздин тынч жашоосун бузуп олкобузго зыян алып келип жатат. Негизинен эле олкобуздун осуп онуугусуно терс таасирин тийгизип жатат. Ошондой эле экономиканы ондоп, жакырчылык жашоодон арылтып, кайрымдуулук фонддун ачат элем. Азыркы заманда баанын осушу элибизди кыйнап жатат. Биз эми азыркы жаш муундар шаарыбызга чон,чон зоводдорду, фабрикаларды куруп, иштеттирип, жумушчулардын санын кобойтуп, мамлекетибизге пайда келтириш керек. Азыркы учурда биздин уул, кыздарыбыз чет олкодо иштешип, жан багышууда. Чет олкодо мигрант десе, кыргыздын жарандары. Менин айтаарым алакандай кыргыз эли тундук, туштук болуп болунбой ынтымакта, барчылык, токчулукта жашаарын чын дилимден, чын журогумдон каалайм. Негизинен эле Кыргызстандын онугуусун биз абдан баалайбыз жана биздин олколордун оз ара бекем кызматташуусун улантуу ниеттебиз. Азыркы учурда 11,12 жаштагы окуучулар оз келечегине умуттуу карашат. Кыргызстандык окуучулар келечекте жакшы ишке орношууга, элин, жерин коргоого олкобузду онуктуруп остурууго умут кылышат. Азыркы учурда кыздар котормочу, мугалим, дарыгер же ырчы, актриса болууга умтулушат. Кыздардан айрымаланып балдар депутат, саясатчы, министр же спортко байланыштуу кесиптерди каалашат. Ар бир баланын тилегин элиме керегим тийсе экен деген умут, кыял менен жашап келет.Менин оюмча балдарга караганда кыздар китепти кобуроок окуса керек.Ушул эле балдар келечекте жогорку окуу жайга барып билим алууга окууга тапшырышат. Биздин олкодо эн негизги койгойлуу нерсени жою зарыл. Ал нерсе мамлекетибизди онугуусуно бут тозуп,артка тартып турган коррупция.Бул корупцияны жойбосок олкобуздун онугуп осуусуно жол тозот,азыркы учурда жогорку окуу жайдан билим алып жаткан жаштар окуусуна барбастан акча менен бутуруп койгондору аз эмес.Бул нерсе биздин олкодо кенири орун алып жаштардын келечегине балта чаап жатат. Азыркы жаштар окуусуна коррупцияны аралаштырбай эл оз кучу, оз деми менен бутсо болбойбу?! Албетте болот. Кийин эгерде мугалим болуп калса окуучуларга билим беруудон эч кыйналбайт. Оз оюн эркин айтып,эркин тушундуро алат. Ал эми окуусун акча менен буторуп, окуусуна барбай эптеп дипломго ээ болду дейли, а ал баланын келечектеги орду, кесиби кандай болот?, окуучуларга татыктуу билим бере алабы, баарын эркин тушундуро алабы деген суроо пайда болот. Жок, мындай болуусу мумкун эмес. Ал анда окуучулардын убалына калат. Ошондуктан биз мындай нерседен алыс болушуубуз керек. Себеби ал сагада жакшы, жана балдардын келечегинеда жакшы. Биз коррупцияны биргелешип, биримдикте жок кыла алабыз. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын калкынын саны 6 млн. Саныбыз аз болсода, сапатыбыз менен, кыргыз эли мейман дос, берешен, намыстуу калктардын бири. Мен ишенем Кыргызстан онугуп осот,дуйнодогу белгилуу,атак данктуу элдердин бири болот буюрса.
Жаштардын жашоодо бийик максаттары бар М:ар бир баланын онору болот.Кыргызда жакшы нускалуу макал бар онорун болсо орго чап онорду эч убакта ичке катпаш керек.Мейли спорт жагынан болобу,мейли билим жагынанбы Кыргызстандын намысын коргоп желегин желбиретип дуйного таанытсак бул дагы болсо Кыргыз элибизге кошкон салымыбыз болор эле.Мен кээде телеберуудон коруп калам,дуйно жузундо эмне деген биз корбогон кооз жерлер бар экенин М:Америка.Малайзия, Япония,Россия ж.б бул олколордун ар биринин озунчо керемети ,кооздугу, сулуулугу бар эмеспи.Экономикасы онуккон,баардык жагы онугуп оскон олколор.Кооз имараттар,чон кабаттуу уйлор,эстеликтер, бийик мунаралар ж.б.у.с нерселерди коргозду.Мендагы кичинемден бери кооз олколорго баргым келет.Бул менин кыялым гана болбостон мен бул нерсени иш жузуно аткаргым келет.Мен чындыгында олкомдун онугуп осушун чын дилимден каалайт элем
Талас облусу Бакай-Ата району Оро айылы


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Максатбек кызы Барчын

«Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм»

Алыста жургондо куса болуп, булбул кушунун сайраганын, кун ичинде адамзатынын тынымсыз кыймылын, андагы жашоо агымын, анан калса тунку жымжырттыгын, таза абасын, деги койчу, бутун баарын сагынган жерибиз – бул албетте Кыргызстаныбыз. «Кыргызстан», «Кыргыз жери» дегенде, биз тээ ата-бабаларыбыздан, муундан-муунга мураска келе жаткан жерибизди, улуу Ата Мекенибизди тушунобуз. Олкобуздун жаратылышы кандай сонун, керемет мисалы : асман тиреген бийик-бийик тоолору, кен байлыктарга бай, сууга мол, абасы таза болгон, ыйык жерибиздеги ушул кен байлыктарды туура пайдаланып, мындан бир канча жогору жашоодо жашасак болот. Мейли, башка олколор сыяктуу ото онуккон шаарлары болбосун, мейли экономикалык абалы орто болсун, бирок мекенибизде кандай болсо ошондой жакшы кором. Анткени менин киндик каным тамды, ушул олкодо торолуп остум, тарбия алып, илим-билимге ээ болуп жатам. Анан кантип суусун ичкен, таза абасында эркин жашоонун ырахатын татып чонойгон олкомдун келечегин ойлобой кое алам? Кыргызстандын келечеги-менин келечегим. Оз келечегиме кандай жандалбай эмгектенсем, мекенимдин келечеги учун да ошондой жан уроп мээнет кылам,онугуусуно салым кошом. Ал эми анын осуп онугуусуно жасаган алгачкы кадамым андагы бир эле таштандыны жерден алып урнага салып коюмдан башталат. Бул дегеним, мекенге салым кошуу созсуз эле мекениме чон жардамым тийсин деп чон кызматты самагандан эмес, учурда кандай статуста, кандай кызматта болсок, ошол ишти мекен учун, эл учун, олконун келечеги учун деп чын ниет менен жасоодон башталат.
Жергебиздин гулдоп –осушу учун бугунку кундон баштап, келечек муундарды туура тарбиялап, улуулар кичуулорго улгу болушу шарт. Бирок, «балык башынан» дегендей баланын жан дуйносун кирдеткен паракорчулук, ичкилик жана башка терс корунуштор уй-булодон башталып жатпайбы! . Андыктан уй-булодо ата-эненин суйлогон созунон баштап, баскан турганына чейин баласына улгу болушу зарыл. Бул терс сапаттарды жана коррупция илдетин жок кылуунун жолу уй-булого жана мектепке коз каранды. Дагы бир айта кетчу койгойлордун бири, бугунку кундо мугалимдин баалуулугунун жок болуп бараткандыгы. Себеби, мектепке жаны келген, жаш мугалимдердин копчулугу билими жактан тайкы болууда, оз кесибин жакшы билбеген мугалимдер келе бере турган болсо, келечек эмне болот?. Адамдын ан сезимин, кыргыз элинин руханий баалуулуктары аркылуу мекенчиликке, эн жакшы асыл сапаттарга тарбияласа болот. Бул аракеттер мектепте да аткарылышы керек. Бул иште мугалимдердин эмгеги зор. Мугалимдердин билими жогорку окуу жайларда да чон мааниси бар экендигин билем. Азыркы студенттер женил жол менен окуп жаткан сыяктуу, айылда журо беришет. Ал адам бироонун баласы, бироонун акеси же эжеси, Албетте, аны коргон жаш муундар, жаш келечек биз дагы ушинтип окусак боло берет экен деп тушунушот.
Мындай терс корунуштор менен барабар эле жакшы иштер да жасалбай калган жок. Мисалы, биздин Кыргызстан айылыбыздын , мектепти мындан он жыл мурун бутургон уландарды айтсак болот. Алар айылыбыздын жалгыз бой энеге эски уйдун ордуна жаны уй салып беришти. Ал эне андай уйду сала алмак эмес. Буга чейин башкалар оздорунун кызыкчылыгын аткарып келишкен. Бул жылдын он жылдык бутуруучулорунун жасаган иши кичине болсо да патриоттук сезим ойгото алды. Бул эн жакшы иш болду. Жалгыз бой эне азыркы учурда абдан ыраазы. Ушундай жакшы иштер олкобуздун онугуусуно жардам болот.
Кыргызстандын осуп онугуусу учун андагы койгойлордун чечилишин да каалоо керек. Ага ылайык, ар бир кыргыздын алдында Кыргызстандын койгойун коро билуу милдети турат. Менин жаш жаран катары койгон эн жонокой бир ниетим – таштандыны кайра иштеп чыгуучу фабрика курулса да, таштандылар топтолуп, иштелип чыкса дейм. Фабрика учун орун жок деп маселе жаратпайлы. Анткени бир эжейимдин башка олколордогу тоонун ичинен фабрика жасап, таштандыны кайра иштетип чыккандыгын айтып бергени бар. Демек, биз кааласак колубуздан келет, жасай алабыз. Дагы бир жонокой корунгону менен кепке алынбай, каралбай келаткан келгин куштар, дегеле канаттуулар маселеси бар, аларга ото деле маани бербейбиз, бирок осумдуктордун чандашуу процессин жакшырткан же тескерисинче зыян берген жандыктар ушул куштар да. Анан эмнеге олкобузго кандай куштар келип, кайсылары учуп кетип жаткандыгына маани бербешибиз керек? Кыргызстаныбыздын абасын тазалап, жаратылыш кырсыктарынан коргон осумдукторубуздун азайып жаткандыгы ушундан болуп журбосун?
Урматтуу достор, жогоруда берилген мисалдар журогумду ойугон маселелер. Менден башка миллиондогон кыргызды кыжалат кылган жуздогон маселелер турат. Келгиле , ал койгойлорду ортого салып, талкууга алалы, андан чыгуу жолдорун табууга аракет кылалы. Эч кимибиздин арманыбыз болуп ичибизде калбасын. Мен да олкомдун гулдоп-онугуусун самагандыгым учун пикиримди жазып олтурам. А сизчи? Сиз эмне кылаар элениз?..
Талас облусу Бакай-Ата району
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жөкөн кызы Эльнура

«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»

Менин Кыргызстаным дүйнөнүн эң бир сонун жеринен орун алган, абасы таза, тоосу бийик, суусу тунук. Жылдын төрт мезгили өз нугу менен өтөт, баардык жер жемиштдин түрү өсөт жана бышат, экологиялык жактан таза. Мал чарбасына да шарттар сонун, Суусамыр деген кең жайлоосу бар ошондой эле мал кыштай турган кыштоолору бар. Чөп жем камдап алганга да эспарцет, беде, шалба чөптөрү бар. Ал эми Арсланбоптогу дары чөптөрчү…
Бир дагы гүлдөгөн өлкө болуш үчүн кемчилик таба албайсың.
Ал эми элибиздин акылмандыгы, айкөлдүгү, кең пейилдигичи! !!
Манас жердеген жер, Саякбай – манасчы, Чыңгыз дүйнөлүк жазуучу, Чолпонбай эр жүрөк баатыр өткөн, Бүбүсара – бийчи, Сүймөнкул – актер, Таттыбүбү – актриса, Даркүл, Сабира, Муратбек, Бакен сыяктуу залкар искуство адмдар чыккан жер. Болот Миңжылкыев, Атай, Муса деген ырчылар, Карамолдо, Токтогул, Ыбрай деген комузчулар, ал эми бүгүнкү кол ойноткон комузчуларга таң берем. Обондуу ырлар жүрөктү козгойт, Рысбай Абдыкадыров, Асангалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков агайлар кыргыздын сыймыктары, өлбөс өчпөс обондорду жаратышты.
Бирок ушундай атактуу адамдардын көбүн биз көзүбүз менен көргөн жокпуз, китептен окуп кинодон гана көрүп калдык. Аларга эмнеге элди аралаганга шарт түзүлгөн жок? Мына арман...
Ушул жагы эске алынса сонун болбойт беле!
Ысырапчылык жөнүндө
Пейлибиз кенен, ошол себептенби, мааниси жок, пайдасы жок иштерге жол беребиз. Мисалы тойдун түрлөрү: бир жаш, отуз, элүү, алтымыш, жетимиш жаш, үйлөнүү той, келин алганда кууп келгендерди таң атканча кармоо, кусака батпай калса да дастарконду жайнатып көп нерсени коюп коюу, арак, винону сөзсүз аралаштыруу, керексиз кийим кечени белекке берүү сыяктуу. Мунун баары маданиятсыздыкка эле жататко. Өнүккөн мамлекетте мындай нерсе жокко эсе экен. Ушул боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери көп жүрсө.
Жамандыкта да обу жок нерсе көп болот. Эки, үч күн үйдө өлүктү кармоо эмнеге жатат? Конок тосуу болуп кетет, өлгөнгө кейибей эле. Атам өлгөндө мен 4 жашта элем, апамдын мени караганга шарты келбей калган, кечинде чарчап суй жыгылчы киши кара тосо берип. Кечинде эчким жокто ыйлап отурчубуз. Дин иштерин туура жолго салган, аракет кылган адам жоктой.
Анан, жашоонун эрежеси барда ошонун ар бир бутагын талдап кодекс жазылса сонун болмок.
Бала бакчадан баштап окууну бүткөнгө чейин бир топ илим алып чыксак, 8-9 класс менен эле орто билим чектелсе, 10-11 класс ашыкча эле го.
Илимий даражасы барлар абдан көп Кыргызстанда бирок алардын илиминин шарапаты эмнеге тийип жатат? Ордубуздан жылбай эле тургандйбыз. Алар илимий эмгегине көп акча алатко деп ойлойм. Жетекчи тандоо конкурстук жол менен өтсө. Биздин областка келген чоңду мектеп окуучулары тааныбай да калабыз. Алар бизге келишпейт, жумуштарын бири-бирине өткөрүп берип, эмне жумуш жасады, эмнеге жетишпей калды айтылбайт окшойт. Кеткенден кийин келип эмне болуп жатат деп көңүл буруп кетишпейби?
Менин акылым көп жетпейт ушуга.
Менин Таласымда курорт, дачалар жокко эсе, болсо болбойт беле!
Бизди артка тарткан гүлдөгөн өлкөгө айлантпай жаткан эл эмес, эл башына келген туура эмес адамдар, ЭЛ БАШЫНДАГЫЛАР оңолсо эле гүлдөгөн өлкөгө айланмакпыз.
Коңшу Казахстан гүлдөгөн өлкө болуп кетти. Мен футбол ойноп ал мамлекетке барып көргөм, ойго батып капа болуп келгем, эмнеге алар бизден алда канча сонун жашайт деп.
Баардыгын АДАМ чечет. Бизде акылмандар көп, бирок алар бийликке келе албай жатышат. Жаман адамдар – өнүкпөгөн, кедей мамлекет кылып койот экен. Жакшы адамдар келишсинчи башчы болушуп. КУДАЙДАН, ЖАРАТКАНДАН УШУНУ СУРАНАМ!
Талас областы,
Талас шаары,
Бердике баатыр көчөсү 67,
№5 орто мектеби 9-а классынын окуучусу


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мирлан уулу Эрлан

“Мен кырыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”

Мындан кичирээк кезимде теледен, сүрөттөрдөн көрүп калган оюнчуктарды өзүмө алып алгым келчү. 11 жашымда ден соолугума байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барууга туура келди. Дарыланууга кеткен 4-5 ай ичинде ал шаардын кооздугу, мамлекеттин жетишкендиги суктандырды. Баягы теледен сууруп алгым келген кыял ошондо башкачараак формага айланды окшойт. Ал өлкөнүн маданияттуу деп аталган шаары бизге салыштырмалуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү кыйла аз экенин таятам айтып берди. Тагыраагы аларга салштырмалуу бизде табигый ресурстар көп экенин, аларды туура пайдалансак, элди бакканга жана жерибиздин гүлдөп-өсүшүнө толук жетерин уктум.
Мен эки мамлекетти салыштыргым келген жок. Биз албетте керемет жерде жашайбыз. Бирок кээде жакшы нерсени өзбүзгө жугузуп алсак, зыяны болбосо керек. Жерибизде тынччылык болуп турса, ар бир күндү өзүбүздү өнүктүрүүгө жумшасак жакшы болмок. Мисалы, табиятка аяр мамиле жасап, жашаган айылыбызды же шаарыбызды таза кармап, маданий иш-чараларга көбүрөөк каттап, бири-бирибизге сылык мамиле жасап, муктаж адамдарга кайрымдуулук кылсак, Мекенибиздин өсүшүнө ар бирибиз себепкер болот элек. Менин, сиздин аракет жаркын келечекке алып барат.
Мен окуган лицейде 1-класстан баштап окуучуга өзгөчө мамиле жасалып, түрдүү ийримдерге катышабыз. Ар бирибиз жөндөмүбүзгө жараша спорт, тил, кол өнөрчүлүк сыяктуу багыттарды тандап алганбыз. Ийримдер бекер болгону үчүн калтырбай барып, окуучулар арасындагы сынактарда алдыңкы орундарды алып келебиз. Мындай системаны орто мектептерге да киргизсе, утуштар жаштарга стимул болуп, Кыргызстандын желеги башка жакта көбүрөөк желбирейт беле? Мени менен куракташ балдар-кыздардын көп максаттары бар. Ошол кыял, ойлор эртеңки күнү планга айланып, андан кийин ишке ашарына ишенем. Бизде, бизден улуураак ага-эжелерде идея көп. Колдоо болсо, Кыргызстаныбызды ар бирибиз кыялыбыздагыдай кылып өзгөртө алабыз.

Мирлан уулу Эрлан
Талас шаарындагы “Манас Ата Себат” балдар түрк лицейинин 6-классынын окуучусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кудайбергенова Алия

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Кыргызстандын жаратылышы бай, сулуу жана көрктүү. Анын көпчүлүк аймагын бийик тоолор жана мөңгүлөр курчап турат. Биздин жерибиз башка жерлерден шаркырап аккан таптаза мөлтүр суулары, керемет көлдөрү, талаалары, табигый жайлоолору менен айырмаланып турат. Өлкөбүздүн ар бир аймагында сыймыктана турган жерлерибиз бар: Ошто – «Сулайман –тоо», Нарында – «Соң-Көл», Көлдө – «Ысык-Көл», Таласта – «Манас-Ордо», Чүйдө – «Бурана мунарасы», жана башка биз сыймыктана турган жерлер көп.
Жерибиздин сулуулугу көпчүлүк чет өлкөдөн келген меймандарды суктандырат. Элибиз меймандос, кең пейил, ата-бабадан калган салтты бек сактаган байыркы элдердин бири. Кыргыз элинин салтында ата-энени сыйлоо, барктоо, бир туугандарды ызаттоо, туугандарың менен бирге болуу, байыркы ата-бабаларыбыздан калган мурас болгон, ошонун негизинде кыргыздын салт-санаалары түптөлгөн. Кыргыздар салтын, мурастарын азыркы заманга чейин сактап келе жатат. Үйгө келген конокко жакшы мамиле жасоо, дасторконду кенен жайуу, аксакалын төргө өткөрүү жана башка салттар азыркы убакка чейин сакталып, ыймандын негизин түзөт.
Кыргыздын кулк мүнөзү байыркы кылымдардан бери негизделип келген, алсак Манас атабыздын доорунда кыргыз жерин душмандардан коргоо деген мекенчилдик сезимдер жана намыскөйлүк атадан-балага берилген. Кийинки муундарда деле бул мүнөз кала бергени байкалып турат. Алымбек датка жана Курманжан датканын образында элин-жерин сүйүү жана эли үчүн эң кымбатын курмандык кылууга баруу көрсөтүлгөн. Курманжан датканын элдин тынчтыгы үчүн жасаган эрдиги түбөлүк тарыхта калгандыгы буга күбө.
Дүйнө элине кыргыз элин тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө айтпай кетүүгө да болбойт. Анын каармандары – күрөшчүл, темирдей эрктүү, айтканынан кайтпаган, жалаң идея үчүн жаралган адамдар: Жамийла, Толгонай, Сейде, Ильяс, Дүйшөн, Алтынай, Танабай, Султанмурат, Эдигей, Бостон … Бул каармандардын тагдырлары ар башка, жамандыкка, адилетсиздикке күрөштөрү бөлөкчө, бири-бирине окшошпойт. Бирок ошондой болсо да, аларды бириктирип турган бир нерсе бар – алар айтканынан кайтпайт, максат-тилектерин аткармайын жандары тынбайт, эгер керек болсо идея үчүн курман болуудан тартынбайт. Жазуучунун эң негизги темасы – адам фактору. Бул анын сөзүнөн далил: «Адамга эң кыйыны, күнүнө адам болуу». Чыңгыз Айтматовдун аты менен бүгүн ар бир кыргыз сыймыктана алат.
Кыргыз эли эгемендүүлүк алгандан бери жетиштүү деңгээлде өнүктү деп айта албайм. Буга себеп айрым адамдардын, тагыраак айтканда падышалардын жана бийлик башында турган атка минерлердин пейили бузулганы, ыйманы кеткени, байлык мансаптан көздөрүн май басканы, адилетсиздиги, жемкорлугу, «Пулуң болсо кулуңмун» деген принцип өлкөнү ар тараптан курчап алгандыгында. Бирок эл арасында мындай терс көрүнүштөрдү жоюуга күчүн жумшаган эр-азаматтарыбыз аз эмес. Ошондой мекенчил уул-кыздардын аракети кийинки муундарды келечекке болгон үмүтүн жандандырып турат. Элибиз эки революцияны башынан кечирип үй-бүлөлүк башкаруучулукту түп-тамырынан кесип, адилетсиз падышаларды өлкөдөн кууп чыкты.
Кыргызстандын келечеги – анын жаштарында. «Асыл таштан, акыл жаштан» дегендей жаштар чет өлкөлөргө чыгып билим алып, тажрыйба топтоп, кайра кайтып келип өзүнүн өлкөсүнө ошол тажрыйбаларды туура колдонсо, биздин өлкө жакшы өсөбү деген ой болот эле. Тилекке каршы, азыр жаштар билимге кызыкпай эле, күнүмдүк көбүрөөк акча табуу, үй-бүлөсүн багуу максатында чет өлкөлөрдө жүрөт. Ошол себептен ар бир адам оңолууну өзүнөн баштоосу керек. Өзүнүн жумушун так аткарып, тартипти бекем кармап, өз кесибине жоопкерчилик менен мамиле жасап, чеберчиликтүү иштесе, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салым кошоор эле.
Мен дагы кыргыз элиме, кыргыз жериме пайдалуу инсан болгум келет жана ишеничин аткарууга аракет кылам. Менин максатым сапаттуу билим алуу, анткени билимдүү адамдын көкүрөгү ачык жана келечеги кең болот деп ойлойм. «Билим – бул өмүр булагы», «Билим алуу – ийне менен кудук казгандай» деп элибиз айткандай, талыкпаган эмгек аркылуу гана өз максатыма жетем. Мен окууну аяктагандан кийин, билимимди чет өлкөдөн улагым келет. Башка өлкөдөн жогорку билим алгандан кийин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, элимдин социалдык жашоосун оңдогум келет. Ошол алган билимди кыргыз жеримдин жана элимдин пайдасына колдоном. Биздин жаратылышка суктанган чет өлкөлүк жарандар көп, ошолорго жакшы шарттарды түзүп, туристтик базаларды чыңдап, мамлекетке салым кошот элем. Кыргызстанга керектүү жана пайдалуу долбоорлорду жазып, эл үчүн пайдаланат элем.
Сөзүмдүн соңунда кыргыз жеринин өнүгүп-өсүшү жаш муундардын жана ар бир жарандын колунда, ошондуктан баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, өлкөбүздүн келечеги үчүн кам көрөлү демекчимин.
Кудайбергенова Алия. 15 жаш
Талас шаарынын
№2 орто мектебинин окуучусу


Я за процветание и развитие кыргызской земли.

Земля Кыргызстана богата и разнообразна. Она великолепна не только красотой, но и обилием природных богатств. На территории республики размещены высокие горы с вершинами, покрытыми снегами и ледниками, хрустально- прозрачные воды, несущиеся вниз со склонов гор, озера, луга, леса и степи, естественные пастбища, полезные ископаемые.
В каждой области нашей страны имеются места, которыми мы гордимся: в Оше – гора Сулайман, в Нарыне – озеро Сон-Куль, на Иссык-Куле – озеро Иссык-Куль, в Таласской области – Манас Ордо, в Чуйской долине – башня Бурана и другие красоты нашей земли.
Зарубежные гости восхищаются красотой земли и гостеприимством нашего народа. Кыргызский народ сохранил обычаи и традиции предков до наших дней: почитать, уважать старших, особенно родителей, родных и близких, жить в мире и дружбе. Наследие предков стало основой для сохранения обычаев. В правила кыргызов входит приветливо встречать гостей, быть с ними обходительными и толерантными, приглашать их к столу, пропускать старших на почетные места. Издревле закалялся характер кыргызского народа. В эпоху Великодушного Манаса формировались такие патриотические чувства, как любовь и преданность к Родине, защита отечества от нашествия врагов. Кыргызы из поколения в поколение следовали семи заповедям Манаса:
1. Гуманизм, великодушие и терпимость
2. Единство и сплоченность нации
3. Укрепление и защита кыргызской государственности
4. Национальная честь и патриотизм
5. Гармония с природой
6. Через кропотливый и неустанный труд и знание к процветанию и благосостоянию
7. Межнациональное согласие, дружба и сотрудничество
Из уст в уста передавались эти заповеди и претворялись в жизнь.
Эти черты характера кыргызского народа наблюдались во времена правления Алымбека датки и его супруги Алайской царицы, матери нации Курманжан датки, которые ради сохранения мира и предотвращения кровопролития своего народа жертвовали самым дорогим и ценным.
Кыргызстан преодолел долгий и очень трудный путь ради независимости. Этот путь пропитан кровью и потом наших предков. Их труд и заслуги перед отечеством ни в коем случае не должны пропасть зря. Развитию страны мешает коррупция, которая укоренилась благодаря недобросовестным правителям и чиновникам. Свободолюбивый кыргызский народ на своих плечах перенес две революции, боролся против семейного клана, против коррупции, которая изнутри разъедала общество и тормозила развитие экономики страны. Но все же страна не без добрых людей, есть люди, заботящиеся о светлом будущем. Это патриоты, которые вкладывают усилия для процветания и развития нашей земли.
Молодежь – это будущее Кыргызстана. Хотелось бы, чтобы молодежь имела возможность получать качественное образование, как в своей стране, так и за рубежом, правильно применяла бы полученные знания и опыт в реальной жизни во благо Кыргызстана. Но большой процент молодежи живет сегодняшним днем, ради каждодневных финансовых интересов, многие молодые люди подрабатывают за рубежом. Для развития Кыргызстана нужно очень многое: наличие образованных специалистов, знающих свое дело, отлаженная система образования, доступная всем, культурное воспитание жителей, но самое главное сохранение культурного наследия и традиций.
Я тоже хочу быть полезным и нужным гражданином нашей любимой страны. Я знаю, что у образованного человека огромные перспективы. Например, Чингиз Айтматов был образованным человеком с огромным кругозором. Благодаря ему, наша маленькая страна стала известна во всем мире. Герои его произведений мужественные, отважные, не отрекающиеся от своего слова, живущие для идеи люди: Жамиля, Толгонай, Сейде, Ильяс, Дуйшон, Алтынай, Танабай, Султанмурат, Эдигей, Бостон… Судьбы этих героев разные, борьба за справедливость не похожа друг на друга. Но их объединяла единая идея, за которую они могли бы пожертвовать своей жизнью. В центре внимания писателя всегда был человеческий фактор, известны его высказывания: «Человеку самое трудное - быть каждый день человеком». Именем Ч.Айтматова может гордиться каждый кыргызстанец. А добился таких высот наш соотечественник во многом благодаря своему характеру. Мы же живем в двадцать первом веке, пора пересмотреть в масштабах человеческого отношения к талантливой молодежи. Молодых, одаренных надо поощрять.
По окончании средней школы, мне хотелось бы получить знания за рубежом. Полученное образование применяла бы для процветания и развития своего народа, приложила бы все усилия для развития экономики и улучшения социального положения народа. Учитывая красоту нашей природы, необходимо привлекать туристов, а для этого нужно создать сервисные условия для них. Кроме того, я бы создавала полезные и нужные проекты для страны и обязательно внедряла бы их.
Процветание и развитие кыргызской земли - дело рук каждого из нас. Наша Родина, традиции даны нам с самого рождения и беречь их это не только наша обязанность, а наш долг перед предками и отечеством.
Кудайбергенова Алия, 15 лет
учащаяся СШ №2 города Талас
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жолдошбекова Мырзайым

Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.

Кыргыз жери тунук суулары, токойлору, кендери жана ажайып кооз Ысык-Көлү, жайлоолору, меймандос элдери жана көрүнүктүү акын, жазуучулары менен белгилүү. Кыргыздар өз мамлекетинин эркиндигине карай нечен кылымдар бою татаал жол баскан. Ошондой эле, эң байыркы элдерден экендиги карт тарыхтан белгилүү жана кылым карыткан кыргыз эли көп чайналып бирин жоготсо, башкасын таап, кээде толуп, кээде бөксөрүп жүрүп отуруп азыркы ушул таптагы мезгилине жеткен. Өткөн тарыхты эске салып, Ашым Жакыпбеков мындай деп жазган:
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө,
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.
Ушул төрт сап ыр элдин кыйынчылык менен эркиндикке, эгемендүүлүккө жеткенин айгинелеп турат. Эгемендик демекчи, Кыргыз мамлекети 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүккө, эркиндикке жеткен. Ошол мезгилден тарта, өлкөдө көп өзгөрүүлөр болду жана айрым көрүнүштөрдү эске албаганда баары жакшы нукта келе жаткандай туюлат.
Коңшу өлкөлөргө көп жакпаган биздин өлкөдө ишканалар түзүлүп, кен байлыктарды өздөштүрүүгө, айрыкча биргелешкен ишканаларды түзүшүп, кен байлыктарды өздөштүрүүгө бел байлашып жатышат. Бизде пахта, төө буурчак, жүгөрү жана башкалар эгилет. Өсүмдүктөрдөн алма, алмурут, алча, курма, жүзүм жана башкалар өстүрүлөт. Кыргызстандын кен байлыктары, күйүүчү кен байлыктар, металлдар, металл эместер, тоо-кен өнөр жайдын чийки заттары, асыл жана кооз таштар, курулуш материалдары, минералдык суулары бар. Күйүүчү кен байлыктарга биринчи кезекте көмүр кендери кирет. Кыргызстан көмүрдүн запасы боюнча Өзбекстан, Тажикистан жана Түркмөнстандан алдыда. Кыргызстан сууга бай өлкө. Суусу мол, таза. Ушундай көрүнүштөргө көз кызартып, башка мамлекеттерден туристтер келишет. Биз аларды көлдөрүбүз, тоолорубуз, сууларыбыз, коруктарыбыз менен суктандырып турабыз. Алар Кыргызстандын ушунчалык кооз мамлекет экендигин сөз менен айтып жеткире алышпайт. Комуздун күүсүн кайра-кайра жадабастан угуп, өз элине барганда ак калпакка окшогон ак кар баскан Ала-Тообузду, шарпылдаган суубузду, меймандос элибизди жана ошондой эле комуздун добушун айтып берип, өз эли, өз жери менен салыштырып, башкаларды да кыйла кызыктарса керек. Биздин жаратылыш аларды ушунчалык кызыктырып, дагы барсак, дагы көрсөк экен дедиртип, жылдан жылга эс алууга келген туристтердин санын арттырууда. Бул айтылгандардын баары мен өлкөнүн жетишкендиги, ата-бабалардын мурасы деп билем. Бирок...
Жаратылыш демекчи, жаратылыштын кайталангыс белектеринин бири-тоо-токойлорубуздун келечеги каңырыкты түтөтүп, кейишке салып келүүдө. Кыргыз тоолорунун көркү болгон арчанын айрым бир түрү ар кандай кырсыктарга учуроодо. Алар миңдеген жылдар жашап, кылымдардын бороонуна баш ийбей, түбөлүк жапжаш болуп жашап келет. Тоолуктар арчадан бешик жасап, боз үйдүн түндүгүн жасашкан. Кышкысын бул шумдуктуу дарак отун чатырап күйүп, коломтонун табын басаңдатпай, очокто күйгөн. Жаңгак дарактары деле арчанын бир түгөйү. Арсланбаптын жаңгак токою бүткүл дүйнөгө белгилүү. Александр Македонскийдин жоокерлери аны кыргыз тоолорунан байыркы Грецияга чейин жеткирип, бул кийин “Грек жаңгагы” деп аталып кеткен. Адамдын иш аракетинин таасири менен мында да коркунуч күн сайын күч алууда. Чочулаган бугулардын үйүрүндөй болуп, улам тоо чокуларын көздөй бийиктөөдө. Соңку жылдардагы кыйып, жок кылуууларды эске алганда, элестүү айтканда өзүбүз отурган бутакка балта чаап бара жаткандайбыз. Мурдагы чытырман токойлордун калыңы суюлуп, асылдуу жерлердин кунары качууда. Өзүнүн “Токой ханышасы” деген ат менен белгилүү болгон Арсланбап, азыркы учурда жүдөгөн тайлактай. Арсланбаптын, Ысык-Көлдүн жана башка кыргыз тоолорунун тагдыры адамзатты терең ой жүгүртүүгө, түпкүрдөн угулган коңгуроонун муңдуу жаңырыгына кулак төшөөгө чакырат. Антпесек, бул коңгуроо көлдөрдүн, токой-тоолордун тагдырында акыркы чыккан аянычтуу жаңылык болуп калышы мүмкүн.
Ушундай ойлор жан дүйнөгө тынчтык бербей, бүлүк түшүрүп, эртеңки күндүн тагдырын ойго салат. Эртеңкибиз бизге эмнелерди алып келээр экен?, Күн кызарып батса, таң агарып атат, күн ачык болот дешет элибизде. Ак таңда кутман келечектин купуя жарчысы болсун дегим келет.
Ал эми, өзүм жөнүндө айта турган болсом, Мен Кыргызстандын жараны экендигиме абдан кубанам жана келечекте өз өлкөмө салым кошкум келет. Азыр 7-класста окуйм жана буйруса окууну бүтүп, медициналык окуу жайда окууну кыялданам. Аталган окуу жай баардык адамдарга бирдей, улутуна, кызмат абалына карабай, кары-жаш дебей бирдей жардам бере турган кесип ээлерин чыгара тургандыгын уккан жайым бар.
Элибизде “Ата-журтту бааласаң, туу кадырын билээрсиң,
Жер-энени бааласаң, суу кадырын билээрсиң.” деген сөз бар. Өлкөнүн ар бир жараны жогоруда аталган туу кадырына, суу кадырына жетсе гана биздин өлкө дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, тынчтык, токчулуктун очогу болот деп ишенем. Кыргыз жери мындан дагы кулпуруп, гүлдөп-өсүшүн каалайм жана баардык окурманды өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө салым кошууга чакырам.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Токсумаков Сыймык

Кыргыз жери торт тарабы тоолор менен курчалган, суусу мол, жери кооз, кен байлыктарга бай олко.Ушул тапта жараткан берген кооз жерди элибиз барктай албай жаткан учур. Азыркы учурда мамлекетибиз жана элибиз кыйын абалда турган кези. Кыргызстан кен-байлыктарга бай кооз олко болсо да азыркы учурда онуго албай аксап жаткан убагы.Учурдагы саясатчыларыбыздын биринин да оюнда кыргызстанды онуктуролу деген ой жок, баары эле оз курсагын ойлогондор, алар так иштеп таза саясат жургузушсо олкобуз эчаак гулдоп оркундоп осмок.Кыргызстандын келечегин ойлобой, шаардын ичиндеги бактарды кыйып, оз кызыкчылыгы учун чон чондогон имараттарды салып иштетип жаткандар аз эмес.Ошондуктан келечек жаштардын колунда дегендей, мен келечекте айылдарга бала-бакча, татыктуу билим, таза, заманбап мектептерди салып, элди таза суу менен камсыз кылып, жана колунда жокторго жардам бергим келет.Мен дагы Кыргызстан ды башка олколордой болуп гулдоп-осушун каалайм.Бизге окшогон жаштар келечекте Кыргызстанды гулдоп-остуробуз деп терен ишенем.
Кудайым эл тилегин береер бекен.
Акылдуу калыс ажо келер бекен?
Оз жерин озголорго болуп жарбай.
Кыргызым гулдоп-осуп оноор бекен.
Токсумаков Сыймык
Талас району
Ш.Нурбаев орто мектеби

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эсенбекова Айзат

«Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм»

Саламатсыздарбы!
Мен Эсенбекова Айзат Эсенбековна. азыркы убакта Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Бакай-Ата айылындагы Баратбай Жунусов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусумун. Созумду баштардын алдында «Кудайым буйруса» деген соз менен баштагым келет. «Жаштын тилегин берет»- деп коюшат эмеспи, ансыгарындай мен дагы жаштайыман баштап, кыргыз элимдин патриот кызы катары, кыргыз жеримдин гулдоп –осушуно озумду эбегейсиз чон салымымды кошом деп максат кылып келем.
Мен кыргыз жеримдин желегин желбиретип, данктап, даназалап, оркундотуп, остуруп, кыргыз жеримди туу тутуп, башка жерлеге эч убакта алмаштырбай, сатпай, ак ниетим менен кызмат кылгым келет. Албетте, бул менин озумдон чечилет. Эгерде мен акылдуу, ыймандуу, илимдуу, билимдуу, эмгекчил, таза адам болсом, ойлогон ой-максаттарыма да жетем деп ойлойм. Менин эн негизги максаттарымдын бири Кыргызстаныбызды башка олколордукундой кылып, жадакалса башка олколордукунон да аша тургандай кылып чон-чон завод, фабрика, имарат, чон уйлорду куруп оркундоткум келет. Анан дагы азыркы убакта кыргыз жарандары башка чет олколорго мигранттап кетип жатышат. Мына Биз ошол мигрант болуп кетип жаткан жарандарга озубуздун Кыргызстаныбызда иштегенге чон шарт тузуп берсек деген оюм бар. Ошондо кыргыз жарандары башка чет олколорго мигранттап кетпей, тескеринче башка чет- олколордун адамдары кыргызстанга мигранттап келет тургандай кылып жана Кыргызстан аябай кооз, онуккон, оскон, таза олко деп , эс алганы да келет тургандай кылып олкобузду онуктургум келет.
Мен дагы бир максатым ушул Кылычбек Султанов агайыбыздай болуп кыргыз элимдин жаш оспурум балдарына окуу жонундогу коп нерселерине шарт тузуп бергим келет. Мисалы окуу куралдарды жомок китептерди ж.б. камсыз кылгым келет. Ошондо балдардын билимге болгон кызыгуусу оркундоп, осот. Ошондо биздин Кыргызстаныбызда билимдуу, илимдуу, акылдуу, оз эл жерин коргой билген, кырыгз жерине, элине оздорунун салымдарын кошкон патриод эр азамат уул-кыздар чыгат деп ойлойм. Созумдун аягында Кыргызстандын гулдоп- остуруу биздин келечек муундун колунда. Ошондуктан мен кыргыз элимди ынтымакка, ыраттуулука, адептуулуко чакырат элем.
Конул бурганыныздарга чон рахмат!





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка келген дил баян (автору жок)

Кыргызстан аска зоо тоолору менен, берметей Ысык-Колу менен эн кооз мамлекеттердин бирине кирет. Кыргызстан жети областка болунот.Ар бир областын, озунчо кооз жерлери бар.Алар мифтерге, легендаларга ото бай.
Кыргызстандын онугушу учун биз коптогон салым жасаш керекбиз. Башка нерселердей эле биз туризм жагын онуктуро алабыз. Кыргызстанда туризмдин бардык турлорун онуктурууго жагымдуу шарттар бар. Мисалы: тоо туризм, альпинизм, спорттук туризм ошондой эле фолклор туризм: улуттук оюндар менен, салттар менен, жана эпос, легендалар менен тааныштырууга.
Мен Кыргызстандын осуп онугушун каалайм, анткени коптогон мекендештерибиз чет-олкого кетип калып жатат. Анын биринчи себеби жумушсуздук. Эгерде завод, фабрикалар курулса, чакан бизнестер ачылса анда жумушсуздук аз болуп калмактыр. Алыскы олколордон мекендештерибиз келмектир кантседа "туулган жердин, топурагы алтын".
Кыргызстандын онуго албай жатканына мамлекети куноолой берген туура эмес. Ар бир адам Кыргызстандын онугушун кааласа, жок дегенде кунуно жолдон бир таштанды алып койсо, же болбосо озу ыргытпай койсо. Мына мумкун ошол жерден башталаттыр Кыргызстандын онугушу!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бектен уулу Эрлан

Мекеним. Менин мекеним Кыргызстан! Асман тиреген көпкөк тоолор, тоо
боорунан агып келген мөлтүр тунук суулар, асманда айланып учкан ак
шумкар... Ак калпакты баса кийип, аны менен бирге кымыздан кере жуткан
айбаттуу, намыскөй жана меймандос кыргыз эли... Мунун баары
Кыргызстан. "Өлкөм мен үчүн эмне кылды эмес, мен өлкөм үчүн эмне
кылдым?" деген суроону өзүбүзгө берип көрсөк. Жер жүзүндө өз өлкөсүнө
толугу менен ыраазы болгон адам табылаар бекен? Баары эле камкордукту
өз өлкөсүнөн талап кылат. А өлкөбүзгө, жерибизге камкордукту ким
көрөт? Жанды жанчып, жообу табылбаган суроолор көп. Эх, ар бирибиз
өлкөбүздү кантип өнүктүрөбүз деп ойлонсок гана! Менин оюмча, бул суроо
менен ойлоно турган болсок, жаңыдан өнүгүп келе жаткан
Кыргызстаныбызга тынчсыздансак анда эң биринчи кезекте өз өлкөбүздүн
патриоту болушубуз керек. Патриоттуулук - бул өлкөбүзгө болгон сүйүү,
Мекен алдындагы өз милдетибизди аткаруу. А биздин милдетибиз -
жергебиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу деп ойлойм.
Эгерде Кыргызстандын келечеги тууралуу сөз кыла турган болсок, анда
биринчи кезекте чоң окууда окуп, турмушка олуттуу кадамдарды жасай
турган, кийин ата-эненин жана чоң ата-чоң эненин ордун басчу жаңыдан
өсүп келе жаткан жаңы муун, башкача айтканда мен сыяктуу улан-кыздар
тууралуу айтышыбыз керек. Алар окууну бүткөндө коомго болгон
көз-карашы өзгөрөт жана жаңы эмоциялар менен өнүгүп келе жаткан
Кыргызстанга өз салымын кошот деп ойлойм. Андан сырткары, биз бир гана
нерсе менен өнүгө алабыз. Бул - биримдик. "Манас' та" да айтылган жакшы
саптар бар:
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө,
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп калды кыргыз деп.
Бөтөн элге кеп кетет, - дегендей биз биримдикте болсок гана өнүгөбүз.
Эми кыргыз жерибизди кантип гүлдөтөбүз? Ушул нерсеге токтолсок.
Өнүгүп-өскөн жана гүлдөгөн өлкө/жер дегенде эле ар бирибиз бийик-бийик
имараттарды, жаркыраган шаарды элестетсек керек. Бирок гүлдөгөн өлкө
сөзсүз эле ошондой болуш керек деп ойлобойм. "Өнүгүүнү өзүңдөн башта"
дегендей, ар бирибиз өзүбүздүн жан дүйнөбүздү гүлдөтүп, андан кийин
ошол гүлдөгөн нерселерди өлкөбүзгө жумшасак. Улуттук
баалуулуктарыбызды сактай билеличи! Кыргызстаныбыз үчүн мен бир нерсе
жасай алсам өзүмө ыраазы болмокмун! Жана аман болсок келечекте өлкөм
үчүн чоң нерсе жасайм деп силерге сөз берем! Достор, силердин да
мындай кадам жасооңорго тилектешмин жана силер үчүн кубанычта болом!
Мен Кыргызстанымдын гүлдөп-өсүшүн каалайм!
Талас облусу
Бакай-Ата району
Кең-Арал айылы
Аман Арыстанов атындагы орто мектеби
8-А класс
Бектен уулу Эрлан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Койчубек кызы Мээрим

Мен абасы таза жаратылышы ажайып кооз,асман тиреген тоолору,агымы бүтпөгөн суулары,жаратылышка көрк берген өсүмдүктөрү, ыйык жерди мекендеген жаныбарлары бар,ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашаган тагыраагы Кыргызстанда жашайм.Ар бир адамга өзү жашаган жер кымбат болсо керек,бирок мен өзүмдүн өлкөмдү,киндик каным тамган жерди өзүмдүн жаныман артык көрөм.Так ушул Кыргызстанда төрөлүп жашап калганыма ушунчалык ыраазымын.Туулган жеримдин бир ууч топурагы алтын.Келечекте өз өлкөмдун дагы гулдөп-өсушун каалайм.Биздин өлкөнүн дагы кемчиликтери бар,бирок биз мурдагыдан бир топ эле өнүктүк ,биз 5 миллион адам элек 6 миллионго жеттик, эгемендүү өлкө боло алдык.Кыргызстан 50-жыл мурун кандай эле?азыр такыр башка,тагыраагы өнүгүү жолунда бара жатабыз.Мен дагы Кыргызстандын ар бир жараны сыяктуу өнүгүп-өскөн ,келечеги кең,жарык,коопсуз Кыргызстанда жашагым келет.Биздин өлкө өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин арасында,бирок ошого карабай биз дагы Малайзия жана башка өлкөлөр сыяктуу ар тараптан өнүккөн өлкөгө айлануусун каалайт элем.Албетте бизге өнүгүү үчүн чоң-чоң ишканалар,асман тиреген имараттар деле керек эмес себеби Кыргызстандын биринчиден айыл чарба жер иштерин өнүктүрсөк, нефть,газ,көмүр жана башка табигый ресурстарын туура колдонсок,жана биздин жаратылышты анын ичиндеги байлыктарды сактап кала алсак бул чоң жетишкендик болот.Кыргыз жеринин жаратылышын сактап аны менен татуу мамиледе болуу керек бул Манас атабыздын осуятында айтылган.Кыргыз жеримдин калкы меймандос,айкөл ,кичи пейил ушундай сапаптарыбызды сактап калсак, өз тилибизде Кыргыз тилинде сүйлөсөк өнүгөбүз ! Кыргыз эли кылым карыткан эл!Өз каада-салтыбызды сактап,тамырын бекемдеп кыргыз атыбызды өчүрбөй ушул күнгө чейин жашап келебиз.Алакандай мекенибиздеги ата-бабалар басып өткөн жолдорду,тарыхыбызды билип унутпайлы.Түндүк- түштүк бөлүнбөшүн каалар элем,эң башкысы ынтымак,ынтымагы биримдиги жок элдин эртеңки келечеги болбос.Ошондуктан ойлонуп алдыга ишенимдүү кадам таштап,ынтымакта биримдикте акыл менен Кыргызстанды өнүктүрөйлү, күч бирдикте. Мен өз өлкөмө келечекте салым кошсом дейм мен үчүн бул милдет,себеби келечек жаштарга таандык.Андыктан жаш өспүрүмдөр азыртадан алдыга умтулуп татыктуу билим алсак, өз мекенибизге кайдигер карабасак,өз жерибизге аз да болсо салым кошуубуз абзел.Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн кааласак өнүгүүнү өзүбүздөн баштайлы!
Койчубек кызы Мээрим,Талас шаары
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алия

Мен Кыргыз жеримдин гулдоп-онугушун каалайм.

Кыргызстан – булл уникалдуу мамлекет. Ал ээлеген кичинекей аянтынын кичинекей болгонуна карабастан, жаратылыштагы бут кооздукту озуно камтып алгандай. Мындай жанга жагымдуу жерди бардык эле элдин бактысына табигат тартуулаган эмес. Эн башкысы байыртан мекенибизге коз артып талашып-тартышкандарга олжотпой, сары майдай сактап келген ата-бабаларыбызга ырахмат айтып, таазим кылгым келет.
Мамлекет озунон-озу эле осуп-онукпойт. Анын осушу – мекенге ал кызмат кылган атуулдун колунда. Мындай атуулдар ойлонуп оюнан коруп, конулунон чыгарбай, илим-билимди, технологияны остурууго жан уроп кам коруу зарыл.
Онуккон олколордун ичинен Японияны алсак, ал жарым кылым мурда онуккон олколордун катарында жок болчу? А азыркы Америка, Германия, Англия сыяктуу мамлекеттер менен тен таймашууда. Мындай ийгиликке мамлекеттик масштабда илим-билимге кам корулуп, идеалдуу жолго коюлушу болуп эсептелет. Ошондой эле бизде экономикабыздын алсыздыгы кээ бир жагдайларга кедерги болууда. Айрым уй-булолордо ата-энеси толук кандуу жумуш менен камсыз болбогондуктан, мектепке, чон окуу жайларга балдарын окутууга шарттары жок. Ушундан улам жаштар чет жерде мигрант болуп журот. Ал жактан аларды козомолдогон эч ким жок. Каалаганын жасашып, кулк-муноздору озгоруп, пейли бузулуп, анча-мынча тапкан акчасынын кызуусуна кирип , туруктуу кесиптен жок же алган келечектуу билимден жок талаанын баласы болуп саналат. Эгер ата-энеси иштеп, айлык алып, уй-булосу менен жайдары жашаса баланын осушуно оболго тузулот эле.
Азы эмне коп – жумушсуз жургондор коп. жумуш жашына да, карысына да табылбайт. Табылса да, жарыбаган айлык алышат. Жаштардын кобу бекерпоз журушот.
Мамлекетибиз экономикалык жактан бутуна туруп, элдин турмушу онолсо, олкобуз онукмок. «жетим жетилет» - демекчи, мамлекетибиз жетиле турган мезгили да келээр, умутубузду узбойлу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 15:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Раманкулов Алишер

Мен кыргыз жеримдин гулдоп, осушун каалайм.

«Кыргыз деп келгем дуйного,
Кыргыз деп отом дуйнодон»
Ооба, кыргыз эли дуйнодогу эн улуу улуттардын бири. Элибиз нечен кылымдарды карытып, улуу жолдорду басып, издери карт тарыхтын буктомдорундо калды. Канчалаган душмандар элибизди жок кылып, бейиштей болгон жерибизге ээ болгусу келди. Бирок кыргыз эч кимге, эч качан баш ийбеди. Мен кыргызды «кыргыс» башкача айтканда, кырса да тугонгус, тугонгон сайын тутогон, кырган сайын кобойгон калк деп билем. Муну биздин эл 2010-жылы 7-апрелде дагы бир жолу далилдеди.
Кыргыз байыртадан бери келе жаткан ата салты, урп-адаты, элдин ынтымагы, биримдиги, ыйык жана улук болгон. Анткени бул сапаттар бизге гана тиешелуу кут деп билем.
Кыргыз эли – намыской, эр журок, достукка бекм, калыс, жоомарт, шамалдай сызган эркин, канында манастын каны ойногон баатыр эл. Ошондуктан мен кыргыз жеринде торолуп, осуп жатканыма кубанам жана сыймыктанам! Ушул жерден дагы бир айта кетчу нерсе, биздин олко эн берешен жыйырма олконун катарына кирди.
Биз эгемендуулукко ээ болгонубузга жыйрма беш гана жыл болду. Жыйырма беш жылдын ичинде Кыргызстанды башка жолго бурдук. «Жашасын Ленин» деген ураандын ордуна, «Манас! Манас! Манас!» деген ураан менен жашап жатабыз.
«Манас» эпосу – бул кыргыз элинин сыймыгы, куту. Улуу эпостон алынган осуяттарды туу тутуп, «бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып», «арыбас мээнет алдынкы онор, билим аркыуу», «улуттар аралык ынтымак, достукту, кызматташтыкты» бекемдесек, кыргыз элинин онугуусуно, экономикабыз чындоого кошкон салымыбыз болот.
Мен келечекте онуккон мамлекеттерге саякаттагым келет. Ал жактан тажрыйба топтоп, Кыргызстанды алардын катарына кошсом деген тилегим бар.
Себеби, келечек жаштардын колунда дегендей, эртеби – кечпи олкону онуктуруу тизгини биздин колубузга тиет. Ошондо азыркы алган билимибиз озубузго эн жакын жолдош болот.
Бугунку кундо жаштарыбыздын копчулугу билимдерин чет олколордо пайдаланып жатышат. Бул мен учун абдан окунучтуу. Билими кучтуу ошол байке-эжелерибиз Кыргызстандан деле оздорун иш менен камсыз кылса болотда! Анткени биздин олко кен байлыктарга бай. Андан тышкары касиеттуу дары сууларыбыз, чопторубуз да мол, жетиштуу. Мен чонойгондо ушул нерселерге конул буруп, элибиздин ден соолугуна, жашоо-турмушуна кам коргум келет. Себеби, дени сак улуттан онуккон мамлекет жаралат.
Мен оз элимдин гулдоп, осушун каалайм. Дегеле олкону онуктурууу- мектептен башталат деп ойлойм. Ошон учун биз бардык сабактардан жакшы окуп, окуунун алдынкылары болсок, жан дуйнобуз, ниетибиз таза болсо, жалкоолонбой эмгекчил болсок, анда Кыргызстанды гулдогон мамлекеттердин катарынан коро алабыз.
Ар бир уй-було жашоо-турмушун ондосо, жакшыртса олкосуно кошкон зор салымы болуп бере алат, ал демек оз олкосунун чыныг атуулу!
Мен кыргыз элимдин сонун асыл сапаттарын коруп, жерибиздин табиятынын кооздугуна суктанам, башка элдерге айтып мактана алам! Сыймыктанам! Манас атабыз айткандай: « Калкым кыргыз сен учун курман болуп кетейин» - деп, эл-жер учун жашасак, анда биз олкобуздун мекенчил инсандарыбыз деп ишенимдуу айта алам. Анткени, мен Айкол Манас баатырдын урпагымын! !!
Талас облусу, Бакай-Ата району, Кен-Арал айылы
Аман Арыстанов орто мектебинин 7-классынын окуучусу
Раманкулов Алишер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Седеп Мадиева

Албетте, ар бир эле жаран оз жеринин гулдоп осушун кааласа керек. Мен алардын арасындамын. Мен Кыргызстанымдын" дуйнонун эн мыкты олкосу"деп аталганын каалайм. Кыргызстаным мен учун суу,аба,ата- эне баардыгы. Ата-эне баласын мээримге болоп остурот. Кичинебизде коргоочу , бой жеткенде коргоочу болот. Ал эми баардык нерснин жашоодо оз оорду болот . Ошол сынарыКыргызстан менин журогумдун тупкурундо темирдей ьекем орун алган.
Ар кимдики озуно ай корунот аозуно дегендей ар ким оз олкосу менен сыймыктанат. Мен Кыргызстанымдын бийик тоолору,тунук суулары,кооз жаратылышы, элибиздин меймандостугу, каада-салты, урп-адаты,маданияты эн негизгиси ЮНЕСКОго кирген "Манас" эпосу менен сыймыктанам. Мына ушулардын баардыгын коздун карегиндей сакташыбыз керек.
Кыргызстанда мер озумду бактылуу сезем. Ал манга жашоону тузуп берди.
"Жанымдын жарымысын Кыргызстан,
"Омурумдун жарымысын Кыргызстан.
Бул жерде киндик каным тамган менин
Ошондуктан ал мен учун кун,жер,асман.
Бул ыр менин журогумдон чыгарылган. Биздин мекенибиз кичине болсо дагы, ага болгон суйуубуз чон.
Мен азыр 14 жаштамын. Келечегим али алдыда. Чонойгондо Кыргызстандын экономикасына зор салым кошсон кыздардан болсом деген тилектерим бар. Эгер мен депутат болсом, кыргыз тилибизди онуктурот элем.Азыркы жаштар ,саясатчылар, жада калса жаны тили чыгып келе жаткан бала да орус оозанып жатышат. Мен кыргыз тилиндеги маданий иш-чараларды коп-коп откоруп,элимди оз тилинде суйлоого чакырат элем. Мен оз тилин билбегендерге арнап ыр жаздым
"Кээ бирлердин каны кыргыз тили башка,
Кээ бирлердин жаны кыргыз дили башка.
Туу тутуп суйлоп журсон башка тилди,
Суйлогун оз тилинди азыр башта.
Мен бул ырымда мекендештеримди оз тилине чакыргым келди. Келгилечи кыргызым оз тилибизди суйлойлучу, Манастын урпактары экенибизди далилдейли.
Азыркы учурда биздин каада-салттарыбыз унутта калып баратат. Биз комускодо жаткан каада-салттарыбызды элге жайылтышыбыз керек. Себеби биздин каада-салттарыбыз кыргыз экенибизди далилдейт. Биз ошол нерселерди эч качан унутпайлы.
Биздин гулдоп осушубузго терс таасирин тийгизген бул-коррупция. Азыр он тарабын да ,сол тарабын да ,алдын да,артын да коррупция болуп калды. Эмнеге биз элибиз учун иштебейбиз? Азыркы учур оз комочуно кул тарткандардын мезгили болуп калды. Карапайым калкты эч ким ойлобойт. Коррупцияны биргелешип туп тамыры менен жойбосок анда Кыргызстандыр келечегин элестетуу кыйын. Ошондуктан коррупцияга жол бербейли,Элим!
Балдар биздин келечегибиз. Балдардын тарбия алуусу учун эн биринчи бала бакчага баруусу керек. Бирок кээ бир айылдарга бала бакча жетишсиз. Баардык жерлерде бала бакча болсо дейм. Ошондуктан келечегибизди ойлоордон мурда балдарыбызды ойлойлу.
Кыргызстандын 7 облусунун баарынын бири-бирине окшобогон касиеттуу жерлери бар.Оштун Сулайман тоосу,Таластын Манас кумбозу,Жалал- Абаддын жангак токою,Баткендин орукзары,Чуйдун коон дарбызы,Нарындын Таш-Табаты,Ысык- Колдун касиеттуу колу сырттан келген конокторубуздун мактоосуна арзыйт.
ОшондуктанКыргыз жерибиздин гулдоп осушуно салым кошууну унутпайлы.
Акыркы айтаар созум, гулдой бер,оркундой бер, Кыргызстаным, куностуу тоонун боорунда.
Бакай-Ата району, Кыргызстан айылы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 20:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: