Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Фабула" гезити уюштурган сынакка келген дил баяндар (Талас облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Фабула" гезити уюштурган сынакка келген дил баяндар (Талас облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Фабула" гезити уюштурган сын

#21 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Султан кызы Акзыйнат

Кыргызстан красивая страна!

Каждый человек который живет в Кыргызстане восхищается и гордится своей страной. Процветание Кыргызстана зависит от детей новых поколении, депутатов.
Некоторые депутаты обманывают народы. А народ голосует за них, потому что они обещают помочь народу, как только приобретёт власть. Но, когда приобретёт власть, депутаты не выполняют обещания народу. Этих депутатов можно сказать, что они не служат родине и народу. И другие депутаты которые не получили власть, они работают на своих работах и занимаются со своими бизнесами. Среди них депутатов ходят на работу (Жогорку Кенеш) сидят ни чего не делают, и за этого они получают заработную плату.
Все депутаты жадные, ленивые думают только о себе. Народ в депутатов уже не нуждаются. Они знают что депутаты не помогут. Если будет сильное землетрясение дома кружатся. Люди обращаются депутатом, но депутаты не помогут. Депутатов народ уже ненавидят. Потому что депутаты не выполнили обещание народу.
В Кыргызстане везде в покупочных пищах находятся химикаты. Особенно в городах много химикатов. В городах люди обычно пищу, еду покупают в магазинах. В этих пищах находятся химикаты, микробы. В селах тоже находятся химикаты, но мало в основном чисто экологически. Когда прозвенит звонок ученики придут в магазин и купят для себе что-то кисленькое. Например: чипсы, кирешки, кукси и другие. Это все вредно для здоровья. Шоколадку тоже есть нельзя в ней тоже находятся химикаты. Но всем хочется есть шоколадку вдень надо есть четыре кирпича. И по этому в шоколадке выделены линии. Химикаты находятся в покупочных магазинах. И нельзя есть пищу с химикатами это очень вредно для здоровья.
Если в Кыргызстане все люди будут дружными, трудолюбием, добрыми, мудрыми и стойкими, спокойными терпеливыми, тогда народ Кыргызстана добьётся своей цели и быстро развивается!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

автору жок


Бул дуйнодо адамга жолок-таяк болгон, "Ойдо чыкса обок ылдый тушсо жолок" дегендей, ар дайым кайда журсо эсинен кетпеген нерсе бар. Ал- туулган жер. "Туулган жердин топурагы -алтын" демекчи менин да аскалары бийиктикти тиреген, тоолору кербенчинин тоолорундой бири-бирине улашкан, асмандагы булуттары аскаларга илинип, суулары таштан-ташка урунуп, абасы таза болгон менин киндик каным тамган жер. Ал- Кыргызстан.
Илгертеден эле кыргыздар биримдиктуу болуп, бакубат жашоодо жашап келишкен. "Ырыс алды- ынтымак" деп бекеринен айтылып калбаса керек. Эл-жер биримдикте болсо, олко дагы онугот. Бирок убакыттын отушу менен Кыргызстандын онугуусу озгоду.Анын жашоодогу ак жана кара нерселер сыяктуу жакшы жана жаман жактары бар. Канткенде биз , кыргыз эли, терс жактардын ордуна жалан гана жакшы нерселер менен онуктуро алабыз? Бул нерсеге мен болгон кучумду пайдаланып, оюмду онго, санаамды санга болуп ойлондум.
Биринчиден, бул нерсе олкобуздогу адамдардын кайдыгердигинен келип чыгууда. Мисалы, жолдо таштанды жатса, аны корсо да кормоксон болуп отуп кетуу. Эгерде ал адам энкейип алып койсо, олкобуз шыр эле онугуп кетпесе да бираз жардамын бермек. Себеби ал адамды коруп, башка адамдар да сапаты жагынан озгоро баштамак.
Экинчиден, "Билими кучтуу минди жыгат, билеги кучтуу бирди жыгат" дегендей, биз бироого ийгиликтин ачкычы жылмайса " Оо, азаматсын! Андан ары да ушул калыбындан жазбай эмгектене бер!" дегендин ордуна шыйрактан кармап артка тартабыз. Бул биздин чон катабыз. Тескерисине, бири-бирибизди колдойлу. Ошондо гана жакшы натыйжаларды алабыз деп ойлойм.
Учунчудон" Алтын жерден, баатыр элден чыгат" демекчи кыргыз жергесинде турдуу-тустуу кен-байлыктардын ээси. Мисалы, Ыссык-Колдун алабында жайгашкан Кум-Тор алтын кенинен жылына 316т алтын казылып алынат. Аны акчага айландырсак 11млрд доллар болот. Кичинекей жерден гана ушундай киреше болсо, Кыргызстандын келечеги алдыда. Баарыбыз билгендей эле азыркы учурда келчекке коптогон пландар бар. Мисалы, ГЭСтерди куруу. Азыр жергиликтуу калк светке клв/с 2сомдон толойт. ГЭСтерди иштетсек, клв/с 18тыйындан толойт экенбиз. Бул жергиликтуу калктын жашоосун жакшыртмак. Ошентип олкобуздун онугуусуно туртку бермек. Ошондой эле фабрика-заводдорду куруу дагы жакшы прогресске алып келет. Бул нерсе менен биз эч бир олкого коз каранды болбой, жашай алабыз.Бирок заводдордун чыккан нерселер бизге абдан зыян. Аларды бир чункур казып, ошол жакка таштасак зыяны коп болбойт.
Тортунчудон, "Келечек жаштардын колунда" дегендей, Кыргызстандын келечегин биз ойлошубуз керек. Ошол эле учурда уйу жокторго, жетим-жесирлерге, карыларга жардам беруубуз кажет. Ал учун коптогон уюмдарды тузушубуз керек. Жылына болбоду дегенде 4 жолу барып, жалан гана материалдык жактан эмес, моралдык жактан да жардамыбызды беруу биздин чон парзыбыз.
Натыйжада Кыргыз эли кылымдарды карыткан,
Эч ким аны очуро албайт тарыхтан.
Кыргыз аты бул тарыхтан очоордо,
Кыраан Манас кыргызымды сактаган!
деген сыяктуу кыргызымда кыраан баатыр Айкол Манас болгон, дуйнону калеми менен багынткан Ч.Айтматов болгон. Алардан улгу алып,келечекте Кыргызстанды онуктургон патриоттордон бололу.
Ошентип, Кечээкиден улгу алып, бугунку кун менен жашап жана ар дайым келечекке максат кое билели.Себеби мен, сен жана жалпы коомчулук кыргыз жергебиздин осуп-онугушун каалайбыз! Ал учун ар дайым кажыбас кайрат менен аракеттенебиз! Ар дайым келечекке умтулалы! Кыргызстанды онуктуруш биздин колдо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бактыгул кызы Айзат

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм

Оюмча кыргызстандыктардын бардыгы эле өлкөнүн өнүгүп-өсүшүн каалайт. Бирок, кеп каалоодо гана эмес, мамлекетти өнүктүрүү үчүн кандай салым кошо алам деген ой чабытта болсо керек.
Мендей өспүрүмдөр Кыргызстандын келечеги болгондуктан, мен мектепте мыкты окуганга бардык аракетимди жумшап келем. Быйыл сегизинчи класста окуп жатам, сабактарымдын бардыгынан беш деген баага ээмин. Муну айтып жатканымдын себеби, сүйүктүү Кыргызстанымдын өнүгүп-өсүшүнө азырынча жакшы окуу менен гана салым кошо алам.
Келечекте мен врач болсом дейм. Кыргызстандын жарандарын бекер дарылагым келет. Апам “Кудай жаштын тилегин берет” деп айтып калат, демек тилегим келечекте орундалат деген ишеничимтемин.
“Өлкөнүн башкы байлыгы-тынчтык” деген дүйнөлүк аңгемеде айтылгандай, биздин өлкөдө тынчтык болсо бардыгы жакшы болот. Телевизордон адам өлтүрүү, коррупция сыяктуу жаман жаңылыктарды укканда зээним кейийт. Мындай көрүнүштөр азаюусу үчүн мага окшош жаштар билимге илимге кызыгуусу керек деп ойлойм. Себеби, “Билимдүүгө жарык дүйнө, билимсизге караңгы үйдө” дегендей билимсиз болсоң жашоо ар качан караңгы. Билимге эмгек менен гана жете алабыз. Демек, оку, оку жана оку болсо, эмгек, эмгек жана эмгек менен өнүгөбүз.
Орус улуттук маданияты XIX жана XX кылымдарда өнүгө баштаган. Адабият, музыка, көркөм сүрөт жаатында жылыштар болгон. Бул үчүн А.С.Пушкин, М.Ю. Лермонтов сыяктуу залкарлар салым кошкон. Мындай өнүгүүлөр Кыргызстанда да бар, Ч.Айтматов, Т. Сатылганов, С.Каралаев ж.б. залкарлардан кур эмеспиз. “Манас” эпосу, “Эр Төштүк”, “Кожожаш” сыяктуу маданий байлыктарыбыз бар. Маданияты, тили сакталган элдин келечеги бар. Демек, Кыргызстан дагы кылымдарга жашайт. Билем, тилибиз жетишээрлик деңгээлде баркталбай жатат. Бирок, мен келечектин кеңдигине, Кыргызстанымдын кылымдар бою жашаарына ишенем!

Талас областынын, Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы, “Кашка-Жол” орто мектебинин 8-классынын окуучусу Бактыгул кызы Айзаттын мектеп окуучулар арасындагы сынак үчүн жазган дил баяны.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кубандык уулу Эрлан

“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм”

Курч ой лазер сыяктуу. Ал кай жакка багытталса да шылып түшөт. Бирок, мен өз ойлорумду бүгүнкү курактык абалым, дүйнө таанууга болгон көз карашым менен курч деп айтуудан алысмын. Ошондой болсо да, өз ойлорумду ак баракка түшүрүп көрөйүн.
Убакытты өлчөп болбойт. Анын аягы да, башы да жок. Жерди айлангандай аны бардык жагынан да айланып чыга албайсың. Өздөрүнүн иштерин, жашоо турмуштарын, тарыхын, болгон маанилүү бир нерселерди билип, көңүлдөрүнө түйүп калыш үчүн адамдар убакытты учурлар менен белгилешет. Ал эми азыркы учурда Кыргызстан кандай абалда тургандыгын айтпаса деле баарыбыз көрүп, сезип турабыз. Андыктан, мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Азыр Кыргызстанга ар ким ар кандай мамиле кылат. Коңшулары жей турган жем катары, саясатчылары сата турган буюм катары, жөнөкөй жарандары Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршруту" катары көрүшөт. Менин жүрөгүмдө башка Кыргызстан жашайт. Ал менин башым менен кошо жатат. Касиеттүү кыргыз жерим – азырынча менин кыялымдагы Кыргызстаным.
Мен кыргыз жеримди - эч ким жаман сөз айта албай турган, башкаларга жем эмес, башкалар менен тең абалдагы күчтүү мамлекет катары элестетем. Ошондой эле эли менен жери үчүн өлүп бере тургандардын, билимдүүлөрүнө шарт түзүп, чабалдарына камкордук көрө тургандардын мекени болсо деп тилек кылам.
Ал эми эмгекчилердин, илим менен өнөргө кызыккан жаштардын, намыстуу жигиттердин, кыялкеч кыздардын, нарктуу карылардын, ойноок балдардын Ата журту катары көргүм келет. Анан дагы илим-билимдин чордонуна айланган шаарлар менен баба дыйкан тапкан түшүмүн өз баасына сатып, эмгегинин акыбетин көрүп бапыраңдап отурган берекелүү айылдардын гармониясы катары элестетем.
Болочокто Ата Журтумда бийлик башчылары эл тагдыры үчүн керт башы менен жооп беришет жана экономика өлкөнүн өз жарандары үчүн кызмат кылып, өлкөнүн өз өндүрүшүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук менчик, мамлекетчил философия, өлкөнүн өз жарандары түзгөн ишканалар, адамгерчилик менен адилеттик басымдуулук кылат деп ойлойм.
Ал эми кыргызы, орусу, өзбеги, англичаны, казагы - баары бири-бири менен кыргызча сүйлөшүп, бардык булуң-бурчтарда кыргыз музыкасы жаңырса деп курсанттанам. Дагы да, кыргыздар өз мамлекетин түптөөчү негизги улут болуп саналып, анын жоопкерчилигин өз мойнуна алып жана өлкөдөгү басымдуу көпчүлүккө ээ болуп, Кыргызстандын теле каналдарын башкалар талашып көрүшсө деп үмүттөнөм.
Кыргыз жеримдин өнүгүүсүнө тоскоол болгон коррупционерлердин күнөөсү элдин көзүнчө мойнуна коюлуп, элдин көзүнчө жазаланып жана алар эч жерде кызматка алынбай, кайрадан баш көтөргөнгө жол берилбеген өлкөгө айланат деп билем.
Ажайып Ала-Тоонун бүтүндүгүн сактагандар сый-урматка ээ болуп, жарандардын укуктары алардын кызматына эмес, өтөгөн эмгегине жараша бааланып жана жигиттер кыздарга мамиле кылганды үйрөнүп, кыздар ошонун баркын сезишет деп ишенимдүү айткым келет.
Өнүккөн Кыргызстанда кыргыздар эч кайда кетпей өз жеринде иштеп, өз мекенинен бакыт таап, башка улуттар үчүн Кыргызстандын жараны болуп ушул жерде жашаган сыймык болгон абалга жетсе деп тилек кылам.
Башка улуттун кыздары кыргыз жигиттерине турмушка чыкканды ийгилик санашып, армия ар бир коркок, чабал өспүрүмдү баатырга айландырыш үчүн колдон келгенин жасап, духун өстүрүп, акыры Кыргызстандын ар бир жоокерин жеңишке жеткирет деп терең ишенем.
Асыл жергемде эл ичинен өнөрү, билими менен суурулуп тандалып чыккан балдар-кыздар университеттерде ийне менен кудук казып окушуп, алар өлкөнүн келечегин аныкташат деп үмүттөнөм.
Келечекте кооз жерлерибиз бир келип эс алып кеткен чет элдиктер үчүн эле эмес, кыргыздардын өздөрү үчүн да чоң сыймык болуп калаарына шек санабайм.
Мекенимдин улуттук дөөлөттөргө карата "ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар" деген кылдат мамиле сакталып, Манастын аты эч качан унутулбай, анын ыйыктыгын ар бир кыргыз жан дүйнөсүндө сезип, Каныкейдин Тайторуну чапканын укканда ар бир кыргыз баласы көзүн жаштап, мурунку менен кийинкини байланыштырган улуу жолдун баркын сезген келечек муун чоңоёт деп айта алам.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чынарбекова Жамиля

Мен кыргыз жеринин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Кыргызстан ааламды кооздугу менен тамшандырган, көптөгөн табигый ресурстарга бай жер. Жаратылышынын ажайган кооздугу, көз жобосун алган тоолору, мөлтүр суулары, берекелүү талаа жерлери менен мекенибиз дүйнө жүзүнө белгилүү.Жаратылыш биздин негизги байлыгыбыз. Биз биологиялык жандык болгондуктан аны менен тыгыз байланыштабыз. Ошол себептен биз жаратылышты коргоп, анын кереметтүү байлыктарын артыруу максатында көп эмгетенишибиз керек. Демек, өсүп келе жаткан жаш муун кыргыз жеринин жаратылышын коргоп,мекендин өсүп-өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүшү зарыл.Кыргыздар өз мамлекетинин эркиндигине карай кылымдар бою татаал жол арткан эң байыркы элдерден. Кыргыз эли көп кыйынчылык менен ушу таптагы эркиндикке, эгемендүүлүккө жетишкен. Азыркы учурда Кыргызстан өсүп-өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирет.Менин оюмча мекенибиздин келечеги ар бир эле жаранды ойлондурат. Жаштар өлкөбүздун келечеги болгондуктан, алар мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымдарын кошо турган негизги фигуранттар. Ар бир жаш муун коомдо өз ордун табып, инсан катары калыптангандан кийин өлкөнүн келечегин чагылдырган маселелерди ишке ашыра баштайт. Мамлекетти өнүктүрүүдөн мурун ар бирөөбүз руханий жана социалдык жактан өнүгүшүбүз зарыл. Жеке мен Кыргызстанды өнүктүрүүдо төрт негизги багыт менен иштешет элем:
1.Кайрымдуулук менен иш алып баруу, жетим балдар уйун финансылык жактан колдоо.
2.Коррупцияны жойуу.
3.Айыл жергесин техника менен жабдуу.
4.Билим берүү тармагына басым жасоо.
Эми төмөндө жазылган нерселердин ар бирин тактап айтып кетейин.Эң биринчиден мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдарга социалдык,финансылык жактан жардам берүүгө үмүттөнөм.Коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук фонддорду тузөм. Көптөгөн проекттерди жаратып,чет элдик инвесторлор менен иштешкенге аракет кылам. Экинчиден азыркы учурдагы Кыргызыстандын эң көйгөйлүү маселеси коррупцияны жоюу боюнча иш-чараларды алып барам.Үчүнчүдөн Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл жергесин техника менен жабдып, мал чарбачылыкты өнүктүрүү, техникалык өсүмдүктөрдү жана дан чарбасын жайылтуу.Төртүнчүдөн окуучуларга билим берүү системасын жаңылантуу, жаштарга чет өлкөлөрдөн билим алуусуна материалдык жактан колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берүү.Ушул максаттарым келечекте орундалса, мен кыргыз жеринин гулдөп өсүүсүн өз салымымды коштум деп эсептээр элем.Кыргызстандын өнүгүүсүнө таасир этүүчү эң негизги факторлордун бири бул – эл достугу жана биримдиги.Жашаган элдердин баары биригип, жалпы Кыргыз Республикасыннын калкын түзөт.Менин оюмча биздин негизги максаттарыбыз: улуттук идеологияны түзүү,ар бир адамга камкордук көрсөтүү, экономиканы көтөрүү, элдер арасында достукту чыңдоо,рынок мамилесине өтүү, тең укуктуу мамлекетти түзүү жана аны өнүктүрүү.Эгер биз калкты улутка, расага, жергиликтүү, келгендерге, өз эл, башка эл деп бөлбөсөк Кыргызстанды өнүктүрөбүз. Бүгүнкү күндө мени чочуланткан, ойлондурган нерсе диний башаттардын көбөйүшү.Көпчүлүк учурда жаштар динди жамынып, билим алуудан баш тартуусу коомдун көйгөйлүү маселесине айланып бара жатат. Негизинен дин билим менен чогу журөт, ал аркылуу өнүгөт, экөөнү бөлүп караганга болбойт.Дил баянымдын жыйынтыктап жатып жаштарга кайрылыр элем, Урматтуу жаш муун сиздер Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаңыздар! Биз ынтымакта, биримдикте, достукта жашасак мекенибизге кут даарыйт деп ойлойм.
Чынарбекова Жамиля. Талас шаары.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жумабекова Гүлзада

Мен кыргыз жергесин гүлдөп өсүшүн каалайм.

Мен Жумабекова Гүлзада окуучу катары окурмандар менен өзүмдүн жекече оюмду бөлүшүүнү туура көрдүм. Төмөндөгү ойлор мага быйыл 9-класс болгонума баайланыштуу « КРнын социалдык экономикалык географиясы» предметин окугандан кийин келди.
Кыргызстан жашыл жери, жашыл бакча жергеси,
Жайыт төрү, дан талаасы сан байлыктын энеси.
Кен казынасы, көл суусу, тунук суунун атасы,
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.
Алп акын Алыкулдун бул саптарындагыдай күнөстүү Кыргызстаныбыздын жаратылышы кооз жана жарашыктуу. Ал аска тоолордун , агын суулардын, кеӊири жайлоолордун , калыӊ токой менен түркүн жаныбарлардын, гүлдөгөн өрөөндөр менен тоо көлдөрүнүн өлкөсү. Мөмө жемиш, карагай, арча, жаӊгак токойлору жана да анда жашаган жаныбарларыбыз жергебиздин көркү. Мекенибиз жаратылыш ресурстарына өтө бай. Бирок биз колубузда турган мүмкүнчүлүгүбүздү колдоно билбейбиз . Кийинки сөз эмне жөнүндө болмокчу? Албетте, Кыргызстаныбыздын экономикасы жөнүндө .
Кыргызстандын экономикасын Япондордун мисалында өнүктүрсө болчудай. Анткени Японияда деле биздегидей газ жок, нефть жок, темирди да сатып алышат. Бирок Япон экономикасы дүйнөдө экинчи орунда турат.
Ырас, экономикабыздын көтөрүүлүшүнө Казакстан, Түркменстандай кара алтын, нефть, газыбыз жок экен, же Россиядай улуу держава болбосок, бирок акыл менен бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү орунду иштете, таба билсек, аз сандуу өлкөбүзгө жетээрлик, керек болсо өзүбүздөн ашып кайра казынабызга каражат алып келе турган кереше булактарыбыз көп болмок.
Ойлоштурсак, бизде деле экономикалык оӊолуштун мүмкүнчүлүктөрү бар. Жер жетиштүү калкыбыздын санына салыштырмалуу ашык да келет. Климатыбыз жагымдуу, суубуз мол, жерибиз түшүмдүү, тообуз малга жайлуу, жайыты кенен. Совет доорунда койдун өзү эле 12 миллионго жеткен. Азыр анын теӊи да калбады. Мал чарбасынын тукумун асылдандырып, төрттүлүк малды көбөйтүү керек. Ал үчүн мал күтүүгө, тукум көбөйтүүгө элеттиктерге колунан келүүчүлөргө милдеттендирип 5-10 жылдык пайызын азайтып насыя берүү керек. Ошондо мал жандуу элибиз туягын санап тезирээк байып өздөрүнө да жакшы, мамилекетке да пайдасын келтирет эле деп ойлойм. Эл ашыкча малынын баасын чыгарып коӊшулаш мамлекеттерге продукция катарында соодалашып өткөрүүгө неге болбосун. Элет жеринде ар кимдин үлүшүнө тийген жерлерди, дыйкан-фермерлер айдоо жерлерин өндүрүмдүү пайдаланууга, салыгын төлөп пайдасын келтирүү үчүн көмөк көрсөтүү мамлекет тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруусу керек.
Экономикабыздын көтөрүлүшүнө салымын кошуучу дагы бир булак – туризм. Жергебиздин бардык тарабы туризмге ылайык жана ал жерлерге туристтик база уюштурсак болот. Ысык Көл өрөөнү көл аймагы туризм үчүн жаралгандай. Көлдүн аймагын тазалап, толук иштетсек улуттук экономикабыздын 20-30 пайызын түзөөр эле. Климаты катаал Нарын дубаныда туристик база болчудай. Соң Көл, Арпа, Сандык жайлоолоруна боз үйлөрдү тигип аяк-башын жасалгалап, желе тартып, кулун байлап, кымыз берип, кыргыздын улуттук тамактарын даярдап, кайырмак карматып балык улатып, ат миңгизип , жүрүш жасатып, эс алдырууга эмнеге болбосун? Дагы башка керемет жерлерибиз көп. Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин туристтик база үчүн «мен», « мени» деп даяр турат. Менин оюмча кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө туризм чоң салымын кошот.
Экономикабызды жогорулата турган бирден бир булак электрэнергиясы.
Кээ бир мамлекеттер ичүүчү сууга таңсык. А бизде суу кандай гана кенен. Мамлекет тарабынан электрэнергиясы сыртка сатылат. Бирок сыртка сатканыбыз менен, өзүбүздө тартыш болуп, кез-кез өчүрүлүп жатканы кызык. Сыртка саткан баага салыштырмалуу өзүбүзгө кымбат болгону түшүнүксүз.
Биздин аргымактай жулкунган, таштан ташка урунган суу дарыяларыбызга көптөгөн ГЭСтерди куруп, өзүбүзгө жетишээрлик электэнергиясын колдонуп, калганын келишим баада саптса болотко.
Экономиккабызды көтөрүүгө көмөк жеребизден чыккан табигый кен байлыктарыбыз, өзгөчө киреше алып келүүчү алтын запастарыбыз. Бул бизден көп эле жерден чыгат. Кумтөр, Жер үй, Сары Жаз, Талды Булак жана башкалар. Азыр өзүбүздө каражат жок иштетүүгө «Кумтөрдү» канадалыктарга, «Жер-Үйдү» орустарга берип коюп, эми «мага да берчи» деп алакан жайып жүрөбүз.
«Өткөндү билсең келечегиңдин жолу ачылат,
Эскини туурасаң азыркыдан арта калбайсың» - деген бабалардын нарктуу сөзү бар. Накыл кептин учун уласак биз кыргыздар жерибиз тоолорго сууларга бай деп корстон болуп жүргөнүбүз менен малекетибиз жарды. Эмнеге жарды? Анткени өкмөтүбүздүн артында «ач карышкырлар» турат. Албетте баары эмес көбүнчөсү кылган иши жок мамлекетибизди мите курттай соруп, өздөрүнүн кызыкчылыктарына жумшап жатышат. Дагы биздин коррупция өнүгүшүбүзгө бут тосуп жатат. «Сен таза болсон мен таза болсом коомда таза болот» дегендей ар бир адам өзүнүн абийиринин алдында таза болушу керек. Бардык нерсе өзүңдөн башталат.
Мен, гүлдөгөн Кыргызстанда окугум келет, жашагым келет!!! Мен, өзүмдүн келечегим үчүн окуйм, Мен, Кыргызстанымдын келечеги үчүн окуйм!!! Мен мыкты экономист болом.
Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылы, Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Жумабекова Гүлзада.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 16:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Муктарбекова Аделя

Кыргызстан бейиштин тору дегендей. Мен Кыргызстанды абдан жакшы кором. Анткени мен кыргызмын! Кыргызстанымдын молтуроп аккан суусун ичип, абасын жутуп жатам жана Кыргыз тилинде суйлоп жатам. Мен 9 класстын окуучусу болуп ушул дил баянды баштоодо оюма бир канча ойлор келди. Бул маселени чечуу учун ойлонсом ойюм жетпейт, жазсам жазуум жетпейт. Бирок ушундай сонун олкодо жашап жаткандан кийин сонун олком кулап, кыйралбаш учун ар бир атуул ойлонуп, кичине болсо да ойун жеткирип, колунан келгенин аябаш керек деп биллем. Мен оз элимдин патриотумун жана оз мекенимди чексиз суйомун. Ошол себептен кыргызстанымдын онугуп осушун каалаймын. Кыргыз элим азыркы учурда онугунун процессинде. Мен Кыргызстан онуккон олко болгонун каалаймын, дуйно жузундогу. Белгилуу онуккон олколор катары мис:АМЕРИКА, РоССИЯ, КЫТАЙ ушул олколор сыяктуу дуйного таанымал болсо деген максатым бар. Биздин олкобузду билгендерден да билбегендер коп. Онугуп осуш учун экономикалык тарап жетишсиз. Онугуш учун экономикалык ж/а руханий жактан онуккон олко болушубуз керек. Албетте, эч бир руханий байлыгы же акыл ой байлыгы жок коомдо тура максаттарды кою мумкун эмес. Мен булл дил баянымда эки койгойлуу маселелерди айткым келет ж/а анны чечилиши жонундо да оз пикирим менен болушкум келет. Эгер азыркы экономикабыз жонундо соз кыла турган болсок. Анын абалы абдан жаман кыргыз республкасында эч кандай экономикалык онугулор болбой жатат. Анткени КР чон маселеге айланган "КОРУПЦИЯ" деген бале. Мээсинде эч нерсеси жок адамдар корупциянын аркасында бийликти колуна алып, кара башын ойлон а элин, жерин ойлогон адам жок. Мис: бизде канча деген кен байлыктарыбыз бар алтын, кумуш, нефть ж.б ошолордун бары иштеп кетсе канна ото жакшы болмок. Дагы борборубузда коп болбосо да завод, фабрика, рестаран, кафе, чон магазиндер (торговыйцент) ж.б нерселер коп алардын ар биринин озунун кожойуну бар, башкача айтканда оздоруно мамлекеттин жерин менчиктештирип алган. Эгер ошонун жарты улушун мамлекетибиздин казынасына тушсо анда канча деген нерселер бутуп калмак. А бирок тилекке каршы азыр баары 92% коррупция менен жашап калган.
Муктарбекова Аделя талас областы,манас району



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 17:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бекжан кызы Аруужан.

Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм!

Мен Бекжан кызы Аруужан. Талас областынын Талас районунун Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин 7-классында окуйм.
«Супер-инфо» гезитин үзбөй окуп келем. Андагы конкурс тууралуу окуганда эле менин көптөгөн кыялдарымдын бири орун алчудай толкундандым. Мен өзүмдү кыялкечмин деп ойлойм. Себеби, менин атам да кыялкеч, өтө таланттуу сүрөтчү. Мени тааныгандардын көпчүлүгү атама окшоштурушат. Мен да сүрөт тартканды аябай жакшы көрөм. Хоббим десем да болот.
Келечекте чонойсом сүрөтчү же модельер –дизайнер болгум келет. Өзгөчө кооз жаратылыштар, кооз имараттар, кооз буюмдар жана жасалгалар мага абдан кызык жана таң калычтуу.
Ооба, мен дагы келечекте мамлекетибиздин гүлдөп өсүп-өнүгүүсүн каалайм. Биздин өлкөдө да чет мамлекеттердегидей кооз-кооз имараттар, балдар жана чоңдор үчүн эс алуу бактары курулса дейм. Элибиз бакубат жакшы жашап, өзгөчө жарашыктуу кийинишип жүрушсө дейм. Ошондуктан, менин кыялдарымдын бири ошол өнүккөн өлкөлөргө барып ал жактын жаратылышын, шаарларын, элдеринин жашоосун көргүм келет. Башка жактын элдеринин мамилеси, улуттук кийимдери, тамак-аштары кызыктырат. Алар кантип өнүгүп жатышат!?
Албетте, биздин өзүбүздүн улуттук кийимдерибиз, тамак-аштарыбыз эң баалуу деп эсептейм. Ошентсе да, келечекте, биздин өлкөгө суктанып, келгиси келген чет элдиктер көп болсо экен дейм. Биз ошого татыктуу өлкөнү курушубуз керек. Ал үчүн ар бирибиз азыртан жакшы окуп, келечеке карай терең ойлонгон, мамлекет үчүн жан дили менен берилген, билимдүү инсандардан болушубуз зарыл.
Мен мектепте бардык сабактарымды “эң жакшы” окуйм. Кудай буйруп, өтүп калсам мен өзүмдү эң бактылуу кыздардын биримин деп эсептейт элем. Сөзүмдүн акырын төмөндөгү ыр саптары менен аяктагым келет:
Чокулары колун сунуп – Улуу Көккө,
Керилгенин карачы кыргыз жердин.
Кере таштап жашоого кадамдарын,
Темингенин карачы кыргыз элдин.
Урааным – Кыргызстан,
Турагым – Кыргызстан.
Теңирим энчилеген,
Тумарым – Кыргызстан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бердикул кызы Тахмина

Мен кыргыз жеримдин гулдоп- осушун каалайм.

Мекенчил болуу,ар намысты коргоо,мекенчилдик сезимди остуруу – бул ар бир кыргыз жаранынын милдети эмеспи.Ошондой эле биздин мекенибиздин осуп - оркундошуно салымын кошуп келе жаткан биздин жаштарыбыз коптогон конкурстарга катышып,коптогон мамлекеттерге атыбызды таанытууда. Биздин келечегибиз- бул жаштар.Алардын окушуна, билимдуу болушуна жардам беруу бул маселени биринчи орунга коюшубуз керек.Анткени биз билимдуу болсок Корея, Кытай,Япония, Малайзия сыяктуу онуккон олколордун катарына киребиз.Алар да билим жана эмгектин аркасынан ушундай акыбалга жетишкендер. Кытай жергесинде бир адам айткан экен:” мен чириген бай болсом да озумду баймын деп эсептебейм анткени олкомдун бай болушу бул менин бай болушум”- деп.Демек ал адам сыяктуу биз да оз олкобуздун байышына салым кошсок олкобуздун онугушуно бир таасирин тийгизээр эле.”Оз кызыкчылык мекендин кызыкчылыгынан кийин туруш керек”-деп айтылгандай биринчи мекендин кызыкчылыгын ойлошубуз керек.Биз кыргыз эли тазалыкка жок элбиз,бирок баарын озубуздон баштап,адамдарды тазалыкка чакырып,аны сактасак мекендин онугушуно таасири чон болоор эле.Биздин дагы бир кемчилигибиз жалкоо элбиз.Жалкоо эч нерсеге жарабайт эмеспи.Андыктан бул убакытка чейин онукпой келе жатабыз. Бирок биздин онугууго мумкунчулугубуз бар.Ал учун билим жана талыкпаган эмгек гана керек.Бизин кыргыз деген атыбызды тааныган мамлекеттер саналуу гана. Биз качан онукконубуздо бизди баардык олко таанып калат.Бизди илгери Манас атабыз бириктирип “Кыргыз” атыбызды тушурбой келген.Эми биз биригип элди тазалыкка, биримдикке, билимге жана эмгекке чакырып баарыбыз бирдикте кыргыз жеримдин гулдоп –осушуно чон таасирин тийгизсек.”Биз буга чейин олкобуз деп келгенбиз,онугуп келе жатабыз,келечекте созсуз онугобуз”.Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм.
Аты жону: Бердикул кызы Тахмина
Талас шаары/Талас району/Кок-Кашат айылы



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айзада Куттубекова

Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм!
Абалтадан ар бир эл озунун ой-тилегин умутун келечегин элге жерге болгон суйуусун эркиндикке тендикке умтулуусун бактылуу заман учун курошун айтып келген «ар бир элдин ар бир мезгилдин озуно таандык озгоруулору болот эмеспи.азыркы кундо заман болуп корбогондой озгоруудо деп –чон апам айтып калат.кыргызстан- коп улуттуу олко.биздин айылда мындан 5-6 жыл мурда немецтер жашачу.талас районундагы «октябрдын 40-жылдыгы»совхозунда. алар менен биз ынтымактуу элек. Азыр алар менен алыш-бериш кылым барып-келип жургон адамдарыбыз да коп.бири билбегенди бири уйротуп бирибизге бирибиз жардам берип коп улуттуу эл бир уй-булоодой болуп ынтымакта жашаса ал элдин онуусу кенейип ырысы артпайбы «ынтымак бар жерде ырыс бар»-деп бекериненг айтпаса керек.болок улуттар кыргыз элинин бир туугандары да.
Кыргызстан ар ьир областынын озунун кооз жайлары бар го.
Жээгинде суусу шар аккан
Токойун бойлоп келетсан
Коргону келген адамдын
Кеткиси келбейт таластан
(Ш.Шеркулов)
Кыргыз чомучунун формасындай кооз чойчоктой болгон ороон-талас. таластын кооздугу жонундо каныкей апабыздан артык ким айта алат.кошой бабабыз бул жерди бекеринен манаска тандап бербесе керек.
ак шумкар учуп сызган жер
Атагын дуйно уккан жер
Чокусу бийик таластын
Чолпой чынгыз чыккан жер.
Деп шекерьек комузчу агай ырдагандай таластын б.а менин туулган жеримдин кооздугун айтып берсе тугонгус.
Менин мекенимдин гулдоп-осуушу дагы беш жылдан кийин мындан да башкача элестетем.азыркы президентибиздей А.Атамбаевичтей ар бир инсан ак таза иштесе мекенибиздин гулдоп осуусуно шек санабайт элем.азыр мен болгону 6»а» класстын окуучусумун. мен да мектепти ийгиликтуу аяктап эл керегине жараган мекениме ак кызмат кылган жарандар болсом экен деп ак эткенден так этип ойлойм.
Айылда жашагандыктан айылыбыз шаар менен айрымасы болбосо.ар бир инсан создон ишке отсо.кочодо мектептен келе жатсан саясатты эле суйлогон апаларды эже-агайларды коросун.анын ордуна мен мамлекетке эмне жардам бердим канткенде жардам бере алам деп умтулушса кандай жакшы болоор эле деп ойлоном.
Чет мамлекеттерге кетип жаткан билимдуу эже-агайларды укканда ойлонуп кетем.кетпей эле оз олклсундо аз да болсо салымын кошуп иштесе кандай жакшы болоор эле.
Буюра тилегиме жетем мен эч качан башка мамлекеттерге барбай эле озубуздун ажайып кооз олкобуздо калмак элем.мен коншу казакстанга апам иенен мейманга 3 кунго барганда кайра эле оз киндик каным тамган айылыма кетким келип кетти. Себеби ичейин десен суусу киргин экен.а таластын суусунун тунугун салыштырып кеттим.
Кыргызстандын 7 облусунда ыйык жерлер бар .ата-бабан мекендеген жер ата-журтун кандай ыйык.соз менен даназалап жеткире албайсын.кыргызстанды бутундой дуйно сыйлагандай абалга келуусун-каалар элем. Озум тендуу жеткинчектердин атынан колдорубуз таза келечекке кайдыгер карабаган жаш жеткинчектер ойгонгула ойлонгула жакшы окугула кыргызстандын гулдоп осушуно ощ салымыбызды бирдикте кошолу деп ойлоор элем .
Журогубуз менен тутуп кокурогубуз менен сезсек замандын талабына ылайык кучтуу онуккон мамлекетти курардеп элестетем.мекеним ала-тоо арасында тынчтык болуп ынтымак болуп бейпил эмгектин добулбасы кагыла берсин!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 17:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бегимай Дыйканбекова

Сүрөт

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 18:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Акинай Маликова
Сүрөт




Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 18:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айтунук






Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 18:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Разана Темирбекова



Сүрөт


Сүрөт



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 18:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Элиза Алымсеитова


Сүрөт

Сүрөт


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Январь 2016 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нуржан кызы Саадат





Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: