-Куураган кыздар ай- деди Салия катты угуп, канырыгы тутоп -Азыр кыздар эмес эле балдар бузулду. Бир жагынан жанагы телевизор деген немеден абийирсиз кинолорду корсотуп жаман болду. Бала бакыра менен чогуу олтуруп кино коро албай калбадыкпы. Эротикалык чет элдик кинолорду коруп, делебеси козуган уландар ошол замат кочого атып чыгышып, кыз-келиндерди издоочу болгон тура. Жанагы кемпир зордуктоо, келин зордуктоо, кыз зордуктоо деген шумдуктар ошондой коргон осконунун жамандыгынан келип чыгып жатат да. Анан кыздардын убал сообун ойлогон эр азамат болмок беле. Козу бозоргон немелер бал тилин салып, жалынып-жалбарып : "Сенсиз менин кунум жок"- деп олуп тирилип турса жаш журок ишенет да.
-Туура айтасыз, тарбия болбогон жерде, тартип болмок беле. Ойлоп отурсан союздун убагында моралдык жактан тарбия-тартип деген укмуш эле экен.
-Эмнеси болсо да, кудай берди сага балам.
-Ыя апа, бул кыз мени да, менин баламдын жогун да билет тура. Ошондуктан. кор болбос жерин тандап, асырап багып алаар деген ишеним менен алып келип таштаган неме турбайбы. Кийин эне болуп, ээ чыкпаса эле болду.
-Таштанды балага ээ болуп чыккан энени коро элекмин, балам.
-Ошондой эле болсун. Баладан таалайы тайкы жаным бар эле, кийин шорумду катырбаса эле болду.
Ошентип Зыйнат ойдо жок жерден кыздуу болду да калды. Жентекти кийин беремин деп, кошуналарын чакырып, азан айттырып, "Абай" романынан алыа атын Айгерим койду. Бул жерде баланы кимдин фамилиясына жаздыруу чечилбеген маселе болуп калды. Зыйнат Толкунбектин фамилиясын берууну самап турса да "Жаман катын чыккан жерин торкунсуйт" болуп, кеткен эрине айтып суйунчулогондон намыс кылып турду. Анын фамилиясын алыш учун калыс бироо айтпаса Зыйнат озу эч качан ага озу телефон чалууну каалабады.
Жанылык жерде жатпайт дегендей Эсенованын Москвадан Делиге учаар алдында ооруп,калып оор операция болуп кайра келгени, ана дагы уйуно бир буту кирип, бир буту кире электе кимдир бироо Зыйнатты кутуп тургансып, эшигинин алдына бешенеси жылдыздай жанып, кокулу мандайына тушкон айдай болгон бир кызды таштап кеткени шаар ичине дуу дей тушту.
Бала тууп, бала багып, бала тарбиялапкорбогон, эби-сыны жок Зыйнатка озу убада берип, озу айткандай Салия апасы жардамга келди. Мурда эле санаадан уйкусу качып, жарым жан болуп жургон Зыйнат Айгерим уйуно келген муноттон баштап оюнан Толкунбек кандай алыстай тушконун озу да билбей калды. Кечээ эле уй ичин дулой тынчтык каптап, конулсуздук коодонду ээлеген жалгыздыкты ушул кол башындай болгон наристенин зери басып кетти. Толкунбек менен жашаган баякы бактылуу кундордо, башка бироонун баласына эрибоочудой болгон Зыйнаттын да журогу тез озгорду.
Зыйнат Айгеримди огеле кыял-жоругу чыгып, торолуп калган баладан бетер коргон сайын коргусу, опкон сайын опкусу, жыттаган сайын жыттагысы келип кумар кусасы тарабай, опко журогун чаап. журогу эзиле берет. Он ай которуп, омурткасы сыздап, журогун жарып чыккан, туу болуучу тун баладан ажыроонун, куйуту кучтуу мушкулун башынан откоргон Зыйнат Айгеримди торогон кызыд ойлоп,, боору оорудан ичи сыйрылып, эмне кылаар айласын таппай кетет. Эгер эшик алдына таштабай эле чын сырын айтып, озу келгенде анда кеп такыр башкача болмок. Ага каптап алтын берсе да баштан аяк кийинтип, колуна пул карматып, аттап-тондоп узатмак. Анан дагы Зыйнаттын журогунун башынан кетпеген жагымсыз соз кызыдн катында жазылган аялым туубас деп айткан жигиттин созу болду. "Бир уйдун муймзу сынса, мин уйдун муйузу зыркырайт" дегендей л создун адреси башкага багытталса да, Зыйнаттын бутасына тийген ок болду.
"Бала багып коргон жок элем, кантээр экенмин" - деп, адгенде журоксугону менен Айгеримди Салия апа бир эки жолу сууга тушуруп, бир эки жолу ороп бергенден кийин Зыйнат тез эле оз баласына озу камкордук кылып конуп кетти
Билдирүүнү түзөткөн: jasgul: 14 Декабрь 2015 - 22:41