Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#981 Пользователь офлайн   jasgul   14 Декабрь 2015 - 22:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

-эки айлык экен, апа. Туулган куну, саат минутасына чейин жазыптыр. Окуюн, угуп турунуз. "Кымбаттуу Зыйнат эже! мени кечирип коюнуз. Бир курдашымдыкында туулган кундун улпотундо таанышкан жигитке алданып, ушундай уяттуу ишке кириптер болуп калдым. Аялым менен ажырашам, туубас аялым десе ишениптирмин. Корсо ал калп айтыптыр. Башка жакта балдары бар имиш. Алдырып салууга байкабай журуп кечигип калыпмын. Тороорун тороп алып, бироого берууго журогум даабады. Бир байбичеге акысын толоп эки ай аран бактырдым.Анткени алам деген атасы келип калабы деп кутсом келбеди. Артынан тушуп издоо салбадым. Бир жолу келип: "Эптеп чыда. Башымды аялыман кандай бошотсом, ошондой келем мени кут, - деген болчу. Бирок келген жок. Корсо алдаган экен. Мен баланын андан аркы туйшугуно чыдабай калдым. Озум студентмин. Сизидн Москвадан келгенинизди угуп, кызымды кор кылбай багып, эне болуп берет го деп сизид ылайык таптым. Балада эки дуйно доом жок. Сизге бекем ден соолук, узун омур, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Бул кызды сизге, сизди кудайга тапшырдым. Бетинизден ооп, кучактап, сизди терен урматтаган, бейтааныш кыз. "
-Куураган кыздар ай- деди Салия катты угуп, канырыгы тутоп -Азыр кыздар эмес эле балдар бузулду. Бир жагынан жанагы телевизор деген немеден абийирсиз кинолорду корсотуп жаман болду. Бала бакыра менен чогуу олтуруп кино коро албай калбадыкпы. Эротикалык чет элдик кинолорду коруп, делебеси козуган уландар ошол замат кочого атып чыгышып, кыз-келиндерди издоочу болгон тура. Жанагы кемпир зордуктоо, келин зордуктоо, кыз зордуктоо деген шумдуктар ошондой коргон осконунун жамандыгынан келип чыгып жатат да. Анан кыздардын убал сообун ойлогон эр азамат болмок беле. Козу бозоргон немелер бал тилин салып, жалынып-жалбарып : "Сенсиз менин кунум жок"- деп олуп тирилип турса жаш журок ишенет да.
-Туура айтасыз, тарбия болбогон жерде, тартип болмок беле. Ойлоп отурсан союздун убагында моралдык жактан тарбия-тартип деген укмуш эле экен.
-Эмнеси болсо да, кудай берди сага балам.
-Ыя апа, бул кыз мени да, менин баламдын жогун да билет тура. Ошондуктан. кор болбос жерин тандап, асырап багып алаар деген ишеним менен алып келип таштаган неме турбайбы. Кийин эне болуп, ээ чыкпаса эле болду.
-Таштанды балага ээ болуп чыккан энени коро элекмин, балам.
-Ошондой эле болсун. Баладан таалайы тайкы жаным бар эле, кийин шорумду катырбаса эле болду.
Ошентип Зыйнат ойдо жок жерден кыздуу болду да калды. Жентекти кийин беремин деп, кошуналарын чакырып, азан айттырып, "Абай" романынан алыа атын Айгерим койду. Бул жерде баланы кимдин фамилиясына жаздыруу чечилбеген маселе болуп калды. Зыйнат Толкунбектин фамилиясын берууну самап турса да "Жаман катын чыккан жерин торкунсуйт" болуп, кеткен эрине айтып суйунчулогондон намыс кылып турду. Анын фамилиясын алыш учун калыс бироо айтпаса Зыйнат озу эч качан ага озу телефон чалууну каалабады.
Жанылык жерде жатпайт дегендей Эсенованын Москвадан Делиге учаар алдында ооруп,калып оор операция болуп кайра келгени, ана дагы уйуно бир буту кирип, бир буту кире электе кимдир бироо Зыйнатты кутуп тургансып, эшигинин алдына бешенеси жылдыздай жанып, кокулу мандайына тушкон айдай болгон бир кызды таштап кеткени шаар ичине дуу дей тушту.
Бала тууп, бала багып, бала тарбиялапкорбогон, эби-сыны жок Зыйнатка озу убада берип, озу айткандай Салия апасы жардамга келди. Мурда эле санаадан уйкусу качып, жарым жан болуп жургон Зыйнат Айгерим уйуно келген муноттон баштап оюнан Толкунбек кандай алыстай тушконун озу да билбей калды. Кечээ эле уй ичин дулой тынчтык каптап, конулсуздук коодонду ээлеген жалгыздыкты ушул кол башындай болгон наристенин зери басып кетти. Толкунбек менен жашаган баякы бактылуу кундордо, башка бироонун баласына эрибоочудой болгон Зыйнаттын да журогу тез озгорду.
Зыйнат Айгеримди огеле кыял-жоругу чыгып, торолуп калган баладан бетер коргон сайын коргусу, опкон сайын опкусу, жыттаган сайын жыттагысы келип кумар кусасы тарабай, опко журогун чаап. журогу эзиле берет. Он ай которуп, омурткасы сыздап, журогун жарып чыккан, туу болуучу тун баладан ажыроонун, куйуту кучтуу мушкулун башынан откоргон Зыйнат Айгеримди торогон кызыд ойлоп,, боору оорудан ичи сыйрылып, эмне кылаар айласын таппай кетет. Эгер эшик алдына таштабай эле чын сырын айтып, озу келгенде анда кеп такыр башкача болмок. Ага каптап алтын берсе да баштан аяк кийинтип, колуна пул карматып, аттап-тондоп узатмак. Анан дагы Зыйнаттын журогунун башынан кетпеген жагымсыз соз кызыдн катында жазылган аялым туубас деп айткан жигиттин созу болду. "Бир уйдун муймзу сынса, мин уйдун муйузу зыркырайт" дегендей л создун адреси башкага багытталса да, Зыйнаттын бутасына тийген ок болду.
"Бала багып коргон жок элем, кантээр экенмин" - деп, адгенде журоксугону менен Айгеримди Салия апа бир эки жолу сууга тушуруп, бир эки жолу ороп бергенден кийин Зыйнат тез эле оз баласына озу камкордук кылып конуп кетти

Билдирүүнү түзөткөн: jasgul: 14 Декабрь 2015 - 22:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#982 Пользователь офлайн   aytunuk   14 Декабрь 2015 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

Дагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#983 Пользователь офлайн   jasgul   14 Декабрь 2015 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Айгеримди колуна алып, жаны эле шишеге куюлган суттун упчусун оозуна сала бергенде, эшиктин конгуроосу шынгырап, мукам добуш музыка ойной тушуп басылды. Салия апа деп ойлогон Зыйнат кызын которгон бойдон туруп келип, эшикти ачаары менен, мандайлары жаркып. кулку котоп турган аяштарын коруп, кыйкырып жиберди.
- оо менин алтындарым, мына кубаныч. Мархабат, келиниздер.
-Бешик боо бек болсун, - Галия экоо кучакташып кетишти.
-Айтканынар келсин, ырахмат. Ойдо жок жерден ушинтип кыздуу болуп калдым.
-Кут болсун, озун жакшысынбы деги? Ичин бек экен, суйунчулоп да койбойсун. Сенин кайра келгенинди да, балалуу болгонунду да туну конокко барган жерден уктук. Операция болгон турбайсынбы. Кудай чон сактаптыр. Кокустан самолетто бара жатып жарылса эмне болот эле?
-Ооба десен, Делиге учаар алдында ооруп калбадымбы. Операция оз убагында ийгиликтуу отту. Анча болбосо олуп калмак экенмин. Сокур ичеги жарылып кетиптир. Азыр жакшы болуп калдым.
Чай устундо отуруп Жакан минтип сурады:
-Баса аяш, кызынды кимдин фамилиясына жаздырдын?
-Метрика ала элекмин. Оз фамилияма эле жаздырам го.
-Жакан туйшоло тушуп, Зыйнатты карады:
-А Толокемчи: - деди жигит тынымдан кийиню
-Бизид уккан жок беленер:
-Уккам, сиз озунуз кат жазып калтырып кетиптирсиз го кетээринизде. Эри аялына "Колу жолун бош, кете бер" десе бир жон. Ал эми аялы эрин "бар кет" деген соз эр жигит учун оор соз го. Катты которуп алып мага келиптир. Катты окуп коруп. "Зыйнат жондон-жон эле мындай катты жазбайт эле. Болбой калган экен. Туболугун ойлогон го" дедик. Бошоном деди бошоттук. Бир жакшы жери, жаман -жакшы айтышкан жоксунар. Толкунбек деле "Зыйнат менсиз кантип жашап, кандай кун короор экен?"-деп санаалуу кетти. Жакшы коргон жарыныз да. Жок дегенде эстеликке фамлиясы кызынызда журсун, Толокемдин фамилиясына жаздырып коюнуз - деди Жакан.
-Ал озу эмне дээр экен?
-Эчтеке дебейт, коросуз го, кайра суйунот да. Мен суйлошойун суйунчулоп. Жыйынтыгын сизге айтам. Менимче. эч каршы болбойт.
-Зыйнат аяштарына сыр бербегени менен конулундо суйунуп калды. Эми толкунбектен эмне деген жооп болоор экен деп кутуп жаткан кундордун биринде, Чолпон Атадан Толкунбек озу телефон чалып турса болобу. Кутуусуз куйоосунун унун угуп Зыйнат эмне деп айтаарын билбей оозу ачылып, уну буула тушту.

Билдирүүнү түзөткөн: jasgul: 14 Декабрь 2015 - 23:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#984 Пользователь офлайн   jasgul   15 Декабрь 2015 - 21:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Толкунбек кайталап сурады:

-Зыйнат сенсинби?

-сиз кимсиз?-деди, куйоосунун унун таанып турса да ишенебербей.

-Мен, Толкунбекмин, кандай? Сак саламат жакшы турасынбы? Ооруп,Делиге учпай калган турбайсынбы? жакшысынбы эми?

Зыйнат эчен-эчен: “Эмне, сенден ажыраганда олуп калат депойлодун беле? – деп айтып жибере жаздап барып токтоду.

-Жакшы, деди кыска жооп берип.

-ай алтыным, бешик боон бек болсун. Мага Жакан айтты. Угупкубанып калдым.

-кубанып калдым, чын эле кубанып калдынбы?-Мыскыл кулду. –кандайдеги, оз уй булон, олон тошогуно барып жыргап эле калгандырсын, Асан менен Усондендери сак чоноюп жатышабы? Алар быйыл окууга барышат да.

-Ооба, барат экен. Сен эми ошол Алматыда эле болосунбу?

-Азырынча ал жонундо эчтеке ойлоно элекмин. Ошко барамжакында кором го.

-Баса, Зыйнат, Тураттын атасы ооруп жатат. Оорусу салмактуу.Эмил аялы экоо келип кетти, -деп уктум. Атам ооруп биз да бул жердебиз.

-аяш атам ооруп жатса, ырас эле болгон экен сенинкеткенин. Алар учун коктон тилегени жерден табылгандай эле болгондур дейм.

-Чынында ошондой эле болду. Кокустан Тураттын атасы арыкарап кетсе, келесинби?- Жакандан уктум баарын. Кызына фамилиянды бересинби депсурады менден. Кечирип койчу мени Зыйнат. Озун тушунгондой, сенин махабатынататыктуу жар боло албадым.. Жатсам да, турсам да эсимден кетпейсин. Кантейин ,кызын менен бактылуу бол. Эгерде менин атымды бергин келсе, озун эле чеччужумуш да. Сенин ал тилегине каршы эмесмин. Кое бер.

Зыйнат Толкунбектин “Жатсам да, турсам да эсимденкетпейсин” –деген созун угуп мууну бошопя. Коз жашы озунон озу тогулуп кетти. Кардыккануну менен кытмыр сурады.

-кокустан сенин фамилиянды Айгеримге бергенимди уксаЖайнагул капа болбойбу?

-Капа болбойт го деп ойлойм. Менимче, ал сен жонундо жаманпикирде эмес.

-Ошондой дечи – бет ылдый аккан коз жашын суртуп, мурдунтартып алды.

-Ошондой. Эмне ыйлап жатасынбы?

-Эмнеге ыйламак элем. Ырахмат эсине салып телефончалганына. Мен сени минтет деп ойлогон эмесмин.

Экоо тенбир оокумга чейин унчгушпай калышты.

-болуптур Зыйнат, жакшы кал. Окундук эмне, окунбодук эмне,тагдыр деген ушундай татаал нерсе турбайбы. Башканы ойлобой озунду кара.

Зыйнатжылуу созго эрээркеп кетти. Озун кармай албай, трубканы рычагына шак илип,диванга барып озун куп таштады. Ал тээ оокумга чейин оксоп, опко-опкосунобатпай ыйлап жатты. Ушул маалда Айгерим бака-шака тушуп ыйлап, уйдун ичинебутундой баланын уну толуп кеткендей болду. А Зыйнат болсо тээ бир ооокумгачейин эчтеке укпаган, эч нерсе туйбаган керенден бетер боорун жерден которо албайбулкулдап жатты.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#985 Пользователь офлайн   jasgul   15 Декабрь 2015 - 21:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз



Ал оо бироокумдан кийин эшигинин конгуроосунун баласынын ыйы менен аралашып, озунчо элебир алаамат болуп жаткандай болгон жагымсыз сезимден башын салмактуукоторду. .....

Зыйнат Толкунбек менен суйлошкондонкийин кызынын метрикасын “Толкунбек кызы Айгерим” деп жаздырып, бир сапарындасанаасы тына тушту. Ана дароо Ошко учуп кетти.

Артынчык уртунчогу менен боорундакоторгон баласы бар Зыйнат короогобаштап кирип, бирдеме-ардемелерди ташып киргизип жаткан козго толумдуу жашжигитти бир карап, бала которуп турган Зыйнатты бир карап алып сорудон учуптушчудой болгон Ырыс, чалынан мурда ордунан томолонуп туруп, апкаарый суйлопминтти:

- Оо, кудай, Зыйнатсынбы сен!? Кагылайын каралдым, алдагы которуп турган озбаланбы, же бироонун баласыбы? Бизге эч нерсе айткан жок элен го? Сени бизИндияда журот го деп жатпадык беле. – Ырыс Зыйнатты коздой басып келе жатам депойлогону менен калтандап сорудон тушкон жеринде турду. Токтогул отурганжеринде, байбичесине кучоно суйлоп, тандана сурады:

- -Ой байбиче. Бул кайсыл балдар?

- Мен Зыйнатмын таяке –деп кызынжанындагы шоферго кармата берип, таякесин кучактай жыгылды. Учоо чырмалышыпкалды.

- Мен дагы ким десем, сен белен балам – Токтогул чекесинен опту.

- Ат колун аман-эсен келдинби? Бул козу кургур жакшы укорбой, кулагым жакшыукпай, сени кара козум кашайып тааныбай жатпаймынбы – Зыйнатты кайрадан ооп,кайрадан чачтарынан жыттап алды. – секет кетейин каралдым, сени биз жакындакелбейт го деп жаттык эле. Деги канча кун журдун ал жакта. Коргозмон жакшыоттубу? Делиге учканы жатам деп “тилипон” берин эле, аман-эсен барып келдинбидеги?

- -Ооруп учпай калдым, таяке, сокур ичеги болдум.

- “апараз” болдунбу, кагылайын? Эми жакшысынбы деги? Кудай сенинжамандыгынды корсотпосо экен.

- Жакшымын таяке.

- Тигил сени менен келген балалуу жигит ким?

- Суйунчу таяке. Мен балалуу болбодумбу, тигил жигит шофер. Аэропорттон бериушул бала менен келдим. Которуп турган бала меники таяке.

- Анан бая эле ошентип айтпайсынбы. Баландын балакетин алайын. Сенин баланабербеген суйунчуну кимге бермек элем. Ой байбиче. Угуп жатасынбы, алып чык арыжакта Зыйнаттын озуно арнап байлап жаткан кара козуну, кудайга жалыналы. Мен которуптурса, ушул баланын баласы экен деп турбаймынбы.

-Ырыс баланы алып бетин ачып,мурдунан чымчып ооп, Токтогулга карады.

–коросунбу, жээниди? Тигил балагакорундугунду бер.

-И бербей анан, кана бери жакын алып келчи. Оо секет кетейин, аман бол, ак жолтой балабол. Толкунбек кеткенине жараша ажайып иш болуптур. Кубанычын кут болсун балам.Уулбу?

Жок, кыз таяке.

-Босун, болсун, кыздай кызыл алтынтурбайбы. Бул кызды кайдан алдын? Же алиги бала саткандардан алдынбы? Азыр аркандай жерде оз баласын озу таштап, оз баласын озу саткандар кобойуптур го.

-жок, сатпай эле биздин эшиктиналдына кимдир бироо таштап кетти. Багалбайм го деп ойлоп, бироого берип салайындесем, кошуна байбиче “багып ал” деп болбой койду.

-Жакшы кенеш бериптир. Багып алганынажеп болуптур, балам.

-Толкунбек экообуздунажырашканыбызды кайдан уктунар?

-Толкунбек озу айтты.

-Ага кайдан кезигип журосунор?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#986 Пользователь офлайн   jasgul   15 Декабрь 2015 - 21:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

менде 168 бет жок экен, кимде бар болсо жазып койгула, калганын улап жазып кетем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#987 Пользователь офлайн   Aliya2015   07 Январь 2016 - 23:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кимде китеби болуп, бул жакка жазганы убактысы жок болсо, мага ват саптан жиберип койгулачы, көчүрүп жазып коём, менде убакыт көп)))
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#988 Пользователь офлайн   jasgul   08 Январь 2016 - 09:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Aliya2015 men jazain desem takir ishten boshoboi jatam. Nice.love jonotkon maga da vatsaptan 159-225 betke chein. Birok okulushu kyiynyraak bolot. Men jasam dep kitebin da aldim. Birok ortosunda 184-245 chein betteri jok eken. Almashtyrganga da ubaktym jok. Chudasan baaryna men da saga jonotom

Билдирүүнү түзөткөн: jasgul: 08 Январь 2016 - 09:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#989 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 10:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

jasgul Купуя катка жазып койдум

Билдирүүнү түзөткөн: Aliya2015: 08 Январь 2016 - 10:26

Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#990 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 21:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

168-бет
- Биз менен учурашканы өзү келиптир. Баякы сени менен жашап турган кезиндей эле ал-жайды сурап жаны калган жок. Сенин Маскөөгө кеткениңди, сен өзүң сүйлөшөлекте эле Толкунбектен укканбыз. Абышка экөөбүз сенин жалгыз калганыңа капа болуп кайгырып жүргөнүбүздө бир жакшы кабар угуп жатабыз. Сүйүнчүнү чоң бересиң го.
- Берем тажеңе, каалаганыңыз болсун, айтсаңыз ал эмне кабар?
- Билесиңби, баякы Мансурдун эшигинин алдына таштап "Киши көрбөй тоңуп өлдү" деген балаң, өлбөй-этпей эле тирүү дейт го.
Зыйнаттын кирпиктери ирмелбей, көздөрү алая түштү.
- Коюуңузчу, аны ким айтты?
- Бул эле өзүңдүн Самат деген кошунаңдын аялынын Чолпон-Атада иштеген Айганыш деген догдур бөлөсү бар экенин билчү белең?
- Ооба, билем.
- Ошол келин айтты сен жөнүндө сөздөн-сөз чыгып отуруп.
- Качан келди эле?
- Самат той бербедиби. Ошондо келди. Жайнагүл менен учурашканы барып, эгиз уулдарын карап отуруп Үсөн деген баласынан шек санап калыптыр. Балдардын төрөлгөн мезгилин айтып отурса, эгиздерди Айганыш өз колу менен кабыл алган эмес тура.
- Анан ким кабыл алыптыр?
- Эч ким кабыл албайт. Догдурду атайын эле кеч чакырышкан болуш керек. Айганыш келгенде, кайненеси келинин үйдөн төрөтүп, балдардын киндигин кесип, эки баланы эки башка ороп койгон дейт. Айганыштын айтымында Үсөндүн айрым түзүлүштөрү сага окшош имиш.
- Мен өзүм деле сизге айтып жүрбөйүмбү, баланын тоңуп өлгөнүнө бир ишенип, бир ишенбей кетем деп. Ар качандан бир качан жүрөгүм бир нерсени сезгенсип, эки баланын бири меники болгонсуп, көргүм келип, сагынам да турам. Бирок эгиздин бири сеники деп жабыктагы жашыруун сырды ашкерелеп ким маган ачыгын айтып бермек эле. Уурулук жол менен никесиз, жашыруун төрөлгөндүгү үчүн тил кыска болуп, шордоп калбадымбы, тажеңе. Эгерде Айганыштын андай эле шектенгени чын болсо, чындыктын бетин ачып, моюндарына салып бералат бекен? Жок, бералбайт...
Зыйнаттын балалуу болуп келгенин уккан кошуна-колоң, жакшы санаалаштары басып калды. "Мал ээси менен, баш мээси менен" дегендей, көптөн бери мынчалык опур-топур болуп, ашык келим-кетимди көрбөй, серейген бай-байбиче менен комсоо жашаган бул короого Зыйнат менен Айгеримдин келиши менен дароо айланага жан киргенсип жетпегени жетип, толбогону толгонсуду да калды. Самоордун үстүнө самоор коюлуп, казандын үстүнө казан асылып, кадим эле той.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#991 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 22:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

169- бет
Зыйнат мурда Толкунбек деп, чыгарма деп түйшөлүп, түн уйкусун үч бөлүп, кеч жатып эрте турса, бир уктаса башка чапса ойгонбой сутка бою уктоочу адаты Айгеримдин келиши менен өзгөрүп кетти. Баланын кың деп түйшөлүшү менен ойгонуу Зыйнат үчүн адат болду. Баякы эсинен кетпеген Толкунбек деген кусалыктын ордун Айгерим кандай ээлеп баратканын ал өзү да байкабай калды.
- "Бала деген балакет ушундай таттуу, ушундай ысык неме беле", ыя тажеңе? Ата-жотосу башка, каны башка бирөөнүн таштанды баласына ушунчалык эзилип кетем деп эч ойлогон жок элем. Кокустан өзөгүм менен өзөгү бир, жүрөгүм менен жүрөгү бир өз балам болуп калса кантмек болдум экенмин? - деп, кымындай болгон кызыл эт ымыркайды бооруна кысып, ичи элжирей берет. Зыйнаттын балага адамдан башкача толуп-ташып, эбедейи эзилип, дүнүйөсү түгөл болуп турганын көрүп туруп Ырыс минтти:
- Ой, курган кыз ай, ошол кызыл эт неменин эмнесине ушунчалык эзилесиң? Өтө эле баласаак экенсиң го. Минтип көп эле эзиле бербей, арыраактан берирээк эле болчу, кагылайын.
Зыйнат күлдү.
- Билбейм, тажеңе, арыраактан берирээк боло албайт окшойм. Эгерде баякы сиз айткан сөз чын болуп калса, менин баламды да Жайнагүл ушул менчилеп жүрөгү менен сүйүп асырады го дейм.
Зыйнат менен Ырыс Айгеримди жаңы эле сууга чөмүлтүп бүтүп калган кезде, тыштан колуна бир барак кагаз кармап Токтогул кирди:
- Сага " дилгирем" келиптир Зыйнат.
Айгеримди астына алып, шейшепке ороп кургатып жаткан Зыйнат жалт карады:
- Магабы? - Колун сунду. - Кимден экен?
Эмилдин кайнатасы оору деп жаттың эле, ошол киши кайтыш болгонбу, кандай? Окуп көрчү? - Зыйнат телеграммага көз жүгүртөөр-жүгүртпөстөн эле чочуп кетти.
- Оо, кайран киши, чын эле Касымбек кудаң жүрүп кетиптир, таяке. Бүрсүгүнү коёт экен.
- Ыйманы жолдош болсун. Бул жалган дүйнөнүн машакаатчылыгынан кутулуп жаны тынган экен.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#992 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 22:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кечиресиздер, жазып жатканда абзац менен жазып жатам, бирок жөнөткөндө эле абзацтар жок болуп кетип жатат
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#993 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 22:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

170- бет.
- Билбейм, эмне кылайын? Барсам жакшы болот эле, Айгеримди кантем, - деди Зыйнат.
-Айгеримди кантем деген да сөз болобу, - Токтогулдун көзү чекчээ түштү. - Эмчек эмбегенден кийин, Ырыс багып турат да.
- Ооба, багып турам, балам. Сенин балаңды бакпаганда атамдын башын багамбы. Тажеңең өлбөй тирүү турса балаң багуусуз калмак беле, бара бер кылчаңдабай.
- А сизчи, таяке, барасызбы?
- Мен да барайынбы?
- Анан сиз барбаганда ким барат. Жээндериңиздин сизден башка ишенээр кимиси бар, - деди Зыйнат.
Ошентип эртеси эртең менен тажеңесин кудайга, Айгеримин тажеңесине табыштап, Токтогул экөө Чолпон-Атага учуп кетишти. Зыйнат жолдо катар ойлогон оюнун баары өлүктө эмес эле, көбүнчө Толкунбек менен Жайнагүлдүн айланасынан алыстай албай, аларды бир ойлосо Үсөндү миң ойлонот. Көңүлдөгү көп санаасынын бири, алар менен кантип беттешип, кандайча учурашардын айласын таппай, "уят" деген бир улуу журт ар-намысын курчутуп, көңүлү чалды-куйду болуп келатып, самолеттун кандай конгонун да билбей калды.
Зыйнаттын келиши бул жердеги эл үчүн өзгөчө бир жаңылыктай болду. " Жамандык жерге жатпайт" дегендей, Толкунбектин Зыйнатты таштап, балдарына кайрылып келишин укпаган адам калбаган сыяктуу болуп туюлду Зыйнатка. Бул келинди билген адамдар, билбегендерге анын таржымалын тактап айтып, чоң сөз кылып, ал бир мамлекеттик чоң ишти бүлдүрүп салган эл бузарлардан бетер күбүр-шыбыр көбөйүп кетти. Сан көздөр жаанын огундай болуп өзүн атып турганга окшоп туюлду. Көпчүлүктүн сүрүнөн боз үйгө кирүүчү жолдун эки жагына тактайдын узатасынан бет маңдайлаштыра коюлган орундуктун ортосу менен такасын такылдата басып бараткан Зыйнат түз жерден өз бутуна озү чалынып жыгылчудан бетер, боз үйгө өлгөн-талганда жеткендей болду.
Анык атак-даңкын мурун угуп, бирок өзүн көрбөгөн адамдардын ооздору ачылып, аңкая тиктешет. "Тобо, атагына жараша заты бар, сын- сыпаты келишкен айдай болгон келин турбайбы. Толкунбектин, бул периште үчүн тозоору да, жоголоору да эп экен" деген ой ар кимисинин көөдөнүндө удургуп, сулуулукка суктанып, ичтери жылып турду.
Үсөндүн тирүүлүгүн эч ким ага айтпаса да көңүлүндө шекшип жүргөн Толкунбек, атасынын өлүм алдында жатып Зыйнатты кайра-кайра сурап, аны чыдамсыздык менен күтүп жатышы өзүнчө бир табышмак болду. Ушуларды ойлоп, жаңы эле Касымбекке барып көз көрсөтүп келип санаага батып турган уулуна Кына минтти:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#994 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 23:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Ай бала, сен шашпай эле, Зыйнатты күтүүң го. Эгер келип калса чакырып кел, угуп жатасың го атаңды. Кайра-кайра сурап тынчы кете баштаганына караганда, Зыйнатты күтүп жатабы дейм.
- Аны эмнеге күтмөк эле?
- Зыйнат келип калса угасың да эмнеге күтүп жатканын. Барчы, балам, кайра келсе тез алып кел.
- Түз эле алып кел дейсиң да. Ал мен чакырсам эле, келе коёбу?
- Айт келсин. Атам өлгөнү жатат. Сүйлөшө турган сөзү, айта турган керээзи бар окшойт де.
- Эмне сөз, эмне керээз!? Менден эмне деген сырды жашырып жатканыңарды билбейм...
Ата-энесинин ушундай сөздөрүн угуп, Зыйнатты күтүп делөөрүгөн Толкунбек Тураттыкына кайра тез эле кандай келип калганын өзү да билбей калды. Ар жактан келаткан Гүлүш аяшын көрүп токтой калды.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#995 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 23:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Аяш атам кандай?
- Кечекисиндей эле, арбактар менен аралашып жүргөнсүп өлгөндөр менен сүйлөшүп коюп жатат. Билбейм, жаны кай жерде турганын. Колу- буту муздай баштады. Оозуна наар албаганына эки сутка болду. Шайы бош. Бирок акыл-эси кадимкисиндей, жүрөгү каттай бойдон.
- Күткөн кишиси жокпу?
- Кимди күтөт эле? Зыйнатты эле күтпөсө. Келдиби деп ошону эле сурап жатат.
Гүлүш үйгө кирип баратып, Зыйнаттын келгенин айтпай калганын эстеп, "кап" деп ичинен өкүнүп койду.
Толкунбек сөөк койгон үйдүн жанында кимдир бирөө менен сүйлөшүп туруп, аялынын боз үйдөн чыгып келатканын көрүп жүрөгү блок дей түшүп, аз жерден "Зыйнат" деп кыйкырып жибере жаздап барып токтоду. Ал ага атасынын күтүп жатканын кандай кылып айтаарын билбей селейип турду.
"Кудачаңдын келгенин неге айтпай жашырдың" - деп Толкунбек таарынып калбасын деп ойлоп, Гүлүш Зыйнатка минтти:
- Ыя, Толкунбек менен учурашасыңбы, ал сени күтүп жатат?
- Мен аны менен учурашам деп өзүм барбайм. Учурашууну кааласа келсин өзү, -деди Зыйнат. Бирок көңүлүндө Асан менен Үсөндү ойлоп, Мансурдун ден соолугун шылтоолоп, Толкунбек макул болсо, барып көргүсү келип турганын эч ким билген да, ойлогон да жок.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#996 Пользователь офлайн   Aliya2015   08 Январь 2016 - 23:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Гүлүш кудачасын чайдан алып чыкканда, Толкунбек эшикке чукул жерде, Зыйнатты акмалап күтүп турганын эч ким билген да жок. Ал: "Кеткен катыны менен көрүштү"- деп эл сөз кылат экен деп ойлонбостон, жарданып турган адамдардын ортосун жара басып келатып: "Зыйнат! "- деп кыйкырып жиберди. Жигитти уккан Зыйнат капысынан чыккан үндү угуп: "Толкунбек! "- деп апкаарый түшүп жалт карап токтоду. Ошол замат Толкунбек аттап-буттап келип кол алышты. Экөө бир демге бирин бири үнсүз тиктешип турду. Зыйнаттын көздөрүнө жаш айланды. Анан оо бир оокумдан кийин оозуна биринчи кирген сөз Мансур болду.
- Аяш атамды бул жерден ооруп жатат деп уктум. Кандай, жакшыбы?- деди кардыккан үн менен (Ал тээ өз атасы Эсендин тирүү кезиндегидей эле, Мансурду аяш ата дечү).
- Начар эле ал киши. Өз ден соолугуң кандай? Жакшыбы?
- Түзүк элемин.
- А баса, Зыйнат бешик бооң бек болсун.
- Рахмат. Өзүңдүн уулдарың кандай, чоңоюп жатышабы?
- Адам болуп калышты. Кызың кимге окшош, ыя?
- Сага!- Зыйнат күлдү. -Байбичең кандай?
- Жакшы. Атамды барып көрө кетпейсиңби?
- Койчу тамаша кылбай! Мен силердикине барып жүрчү белем. Сени менен жашап турганда бир жолу да "жүрү" деп койгонго жараган жок элең. Эми түштөн кийин. - Мыскыл күлдү.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#997 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 00:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Барбайм дечи. Барсаң менимче чеки болмок эмес.
- Кызык экенсиң, эмнеге бармак элем. Барбайм дедим, барбайм. Мени жөнү жок шакаба чекпечи, Толкунбек.
- Бул шакаба эмес.
- Рахмат сыйыңа. Жайнагүл менен жарашып алып, эми ал экөөбүздү беттештирейин деген экенсиң да. Мени ал үйдө сүйүп турган эч ким жок. Билем да.
- Түшүнсөң андай көз караштын баары өтүп кетти. Энем менен Жайнагүлдүн жакшы кабыл алаарын билип турам. Төлгөгө деле ишенет экен го. Ташка караганда мен тирүү турбайымбы. Ишенчи мага.
- Ишенип бүткөмүн эчак.
- Таарынсаң аларга таарынбай мага таарын. Менин кетишимди өзүң каалап, өзүң чечтиң. Кете бер дедиң, кеттим. Итти кет десе деле кетет турбайбы. Сени ушундай кылат деп ойлогон эмес экенмин.
- Болду, ал жөнүндө эске албай эле коёлу. Эгерде, аяш атамды барып көрүп, ден соолугун сурачу жолдо болсом, сага айттырбай эле эбак өзүм бармакмын.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#998 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 10:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Эми ошондой болсо да, бир өтүнүчүмдү кабыл алып, макул болуп койсоң эмне болмок эле. Атам сени өзү сурап,Зыйнат келиптирби деп жатат. Мен ошол үчүн айтып жатам. Болбосо, жөндөн-жөн эле жинди болуптурмунбу, сени чакырып.
Зыйнат ойлоно түштү.
- Чын айтып жатасыңбы?
- Ай, алтыным ай, калп айтып жүрүүчү белем сага.
- Макул,андай болсо эртеңке чейин ойлонуп кабыргам менен кеңешип, таякеме айтып көрөйүн. Айтып коёюн, эгер мен бара турган болсом аяш атам үчүн эмес, Асан менен Үсөн үчүн барам.
- Мейлиң, ким үчүн барсаң да, эртең дебей эле бүгүндөн калбай бар. Эртең кеч болуп калышы ыктымал. Чыны атам орто жолдо жатат. Азыр ал киши тирүү кишилер менен сүйлөшпөй эле, эбак көзү өтүп кеткен арбактар менен сүйлөшүп калды, - деди сөздүн акырында. - Мен эми үйгө барайын. Атамдын өтүнүчү боюнча атайы сен үчүн, сенин келгениңди билейин деп келгенмин. Атама эмне деп айтып барайын? Айт, келесиңби?
- Билбейм. Таякем менен сүйлөшөйүн, ал киши эмне дээр экен?
- Антпей эле, ачык жообуңду айтчы. Барам десең таякең, жок, барба демек беле?
- Болуптур Толкунбек, аяш атам мени күтүп калса барайын эми.
Толкунбек келгенде, Кына тышта турган болучу. Уулун көрүп капааттана сүйлөп минтти:
- Ии, эмнеге мынчалык көпкө жүрдүң. Атаң тигинтип орто жолдо жатса, ойлонсоң боло. Эмне болду, келдиби Зыйнат?
- Келди. Айттым, келбейт го. - Энесин кантээр экен деп чаргытып жооп берди.
- Анан ошол "келбейм" деген бир ооз сөздү угуш үчүн ушунчалык узакка сүйлөштүңбү? Ал шуркуянын келсе келгенин, келбесе келбегенин угуп келе бербейсиңби. Ансыз эле, ошол жерде элдин баары экөөңдү көрүп таң калып, тарс жыгылып жатат дейт.
- Аны сага ким айтты?
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#999 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 10:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Уктум. Эсендин кызы менен ажырашты дединер эле. Толкунбек экөөнүн мамилесине караганда ажырашпай-этпей эле жашап жаткан немелер го деп жатышыптыр. Сен бир күнү басып кете берүүчү немесиң го, катыгүн.
- Ушакка жакын киши экенсиң. Жок сөздүн кереги эмне. Мени Зыйнатка өзүңөр жиберип коюп, эми кайра эмнеге күнөөлөп жатасың мени. Учураштым, сүйлөштүм. Ал экөөбүз урушуп-талашып ажырашкан жокпуз да. Мен аны менен кезигишип сүйлөшпөй туруп кантип чакырат элем. Мындай арам ойлой турган болгондон кийин, мени коюп эле өзүң барууң го. Ал силерге окшоп митаамдыгы жок, ак көңүл неме. Кокустан келип калса деги сыр көрсөтпөй жумшак кабыл алаар бекенсиңер, - деди Толкунбек.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1000 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 11:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Жумшак кабыл албаганда мушташмак белек. Бирок айтып коейун эскертип, Зыйнат келе турган болсо көзүңдү карап, байкап мамиле кыл. Кокустан "Өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып, Жайнагүлдү капа кылып алба.
- Кызык, "Өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып, дегениң эмне деген сөз.
- Эмне сөз экенин угасың.
- Түшүнсөм кудай урсун силерге. Деги Зыйнат менен сүйлөшпөй койсом кутуламбы!
Кына уулунун сөзүн угуп жумшара түштү...
А Зыйнат болсо, Толкунбек кетери менен Эмил менен таякеси Токтогулду чакырып алып минтти:
- Аяш атамдын оорусу катуу экен. Чогуубуз менен барып көрүп коёлу, силерге ылайык келсе.
Карындашынын сөзүн угуп, Эмил таңдана түшүп сурады:
- Кайсы аяш ата?
- Мансур деген аяш ата.
- Кудай урду, эмнеге барасың?;
- Эмне болот экен барса. Ал киши мени өзү каалап чакырып жатыптыр. Силер бул жерде болгондон кийин, өзүм жалгыз барбай, чогуу барганыбыз оң болоор деп ойлоп айтып жатам. Акыркы сапарга кетер алдында бизге айта турган кандай сөз, кандай керээз-мурасы бар экенин угуп коюу тирүүлөрдүн парызы го, таяке.
Токтогул бирдеме айтуучудай болуп, оозун камдап келетканда, Эмил озуна сүйлөп корс этти.
- Ой, мээси жок, Толкунбек сени бозала кылып талаага таштап үй-бүлөсүнө баса бердиби, баса берди. Кандай эле Толкунбектен көңүлү калбаган немесиң. Эми өлүк үстүндө, эл көрсүн дегенсип, аны менен шыйпакташып кайра эмнеге сүйлөшүп жатканыңды билбейм. Ал жоругуң аз келгенсип, эми кайра ооруп жаткан атасын барып көрүп келели дейсиң. Билбейм мен, эмне максат менен Мансурду барып көргөнү жатканыңды. Мен барбайм. Андай эле баргың келип ич оорулу болуп турсаң барабер өзүң. " Жаман катын чыккан жерин төркүнсүйт" деген ушул. Мансур-Сансур, Толкунбек-Молкунбегиңди уруп койгонум жок. Мен билген иш болсо эч кимиң барбайсың. Таяке сиз дагы угуп коюңуз. Адамда намыс деген болуш керек да.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 16:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: