шарифте: “Мүнөзүңөрдү жакшырткыла!
” - деп буюрулган. Ислам мүмкүн болбогон нерселерди буйрук кылбайт. Тажрыйбалар да ушундай экенин көрсөтүүдө.
(Тажрыйба - анык далилге кол жеткизүүгө себеп боло турган үч ыкманын бири. Бул ыкмалардын экинчиси, Мухбири Садыктын (ишеничтүү кабарчы-пайгамбардын) кабар берүүсү. Үчүнчүсү, эсептеп билүү.) Адамдардын өз мүнөздөрүн өзгөртө алуу таланты бирдей эмес. Мүнөздүн булагы, себеби - адамдын рухундагы үч кубат. Биринчиси, рухтун “идрак” (ойлоо) кубаты. Ал “нутк” жана “акыл” деп аталат. Нутктун көрөгөчтүк кубатынын орточо деңгээли “хикмат” (даанышмандык) деп аталат. Хикмат - жакшыны жамандан, туураны жаңылыштан ажыратуучу кубат. Бул кубаттын керектүү өлчөмдөн көп болуусу “жарбаза”,
б.а., акылдуусунуу деп аталат. Жарбаза болгон адам мүмкүн эмес нерселерди дагы түшүнүүгө аракет кылат. Муташабих (мааниси ачык болбогон) аяттарга маани берүүгө белсенет. Тагдыр маселесинде да ойлонбостон сөз козгойт. Жалган, куулук, сыйкыр сыяктуу зыяндуу нерселер менен алектенет. Бул кубаттын керектүү өлчөмүнөн аз болуусу “акмактык” деп аталат. Мындай адам жакшы менен жаманды айырмалай албайт. “Нутктун” амали кубатынын орточо деңгээли “адилеттүүлүк” деп аталат. Адилеттүүлүктүн азы көбү болбойт. Мүнөздүн экинчи булагы “гадаб” (ачуу, каар) деп аталат. Бул айбан мүнөздүү рухтун кубаты. Жактырбаган,
каалабаган нерсесине ачууланат. Бул кубаттын адамдын руху тарабынан тарбияланган орточо деңгээли “шажаат” (кайрат, кайраттуулук,
эрдик, жүрөктүүлүк) деп аталат. Керектүү, пайдалуу иштерге умтулууга себеп болот. Мусулмандардын өздөрүнөн эки эсе көп болгон капырлар менен согушуулары,
мазлумду залымдан куткаруулары мына ушуга жатат. Бул кубаттын чегинен артып кетүүсү “тахаввур” (агрессия) деп аталат. Андай адамдар кызуу кандуу болуп, тез ачууланышат.
Бул кубаттын чегинен аз болуусу “жубн” (коркоктук) деп аталат. Андайлар керектүү иштерди дагы аткаруудан тартынат. Рухтагы кубаттын үчүнчүсү “шахват” деп аталат. Айбан мүнөздүү рухтун өзүнө жага турган нерселерди каалоосу. Анын инсани рух тарабынан тарбияланган орточо деңгээли “иффет” (ар-намыс)
Ислам динин жаңы баштоочуларга. Илим алуунун пайдасы
#21 13 September 2015 - 12:09
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#22 25 November 2015 - 08:47
Абдышукур Ажы Нарматов.
1. Таң эрте багымдат намазын окуп таңкы зикрлерди калтырба, күнүң ийгиликтүү, тапканың берекелүү болот.
2. Шайтандын азгырыгына кабылып калбоон үчүн көп истигфар айт.
3. Дуа кылууну токтотпо анткени дуа ийгилике жетүүнүн эң оңой жолу.
4. Ар-бир айткан сөзүңдү периштелер жазып тураарын унутпа!
5. Кыйынчылыка кабылып, оор күн көрүп жатсаң башыңа түшкөн балээни жакшылыка жооруп, ар-бир кыйынчылыктын артында жеңилдик бар экенин эсиңден чыгарба!
6. Манжалардын кооздугу тасбих айтып биригип жаткан учуру. Дайыма таспих айтууну өзүңө адат кылып ал!
7. Кайгы-капа түйшүкө кабылган болсоң, " лаа илаха иллаллох " .- келмесин көп айт!.
8. Кедей-кембагалдардын, мискиндердин дуасын садака берип сатып ал.
9. Нафил намаздарда сажданы узун кыл, узун сажда кылуу жаркыраган сарайлардан абзел. 10. Ойноп сүйлөсөңда ойлоп сүйлө! Балким сен айткан сөз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюусу толук ыктымал.
11. Мазлумдун ( зулум чеккен адамдын )
дуасынан жана укугу тепселген адамдын көз
жашынан сактан!
12. Китеп, гезит же журнал окуудан мурда
Куран оку!
13. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңды кош!
14. Нафсиңе каршы күрөш, анткени нафс
жамандыка үндөйт.
15. Ата-энеңдин колун өөп кызматын кыл,
Алланын ыраазылыгына жетесин.
16. Сен эски деп кийбей койгон кийимиң
колунда жок адамга жаңы болуп көрүнөт,
кийбей турган кийимдериңди муктаж
адамдарга бер.
17. Болбогон нерселерге ачууланба, өмүр сен
ойлогондон кыска. Ачууга алдырсан жашооңдо
көп жакшылыктардан куру каласын.
18. Күчтүүлөргө күч берип күчтөндүргөн,
байларга байлык берген кудурети чексиз
Алла Таала дайыма сени көзөмөлдөп
тураарын унутпа.
19. Күнөө дубанын кабыл болбоосуна себеб
болот. Дуанын кабыл болуу эшигин күнөө
кылып жаап койбо!
20. Кыйынчылыктан чыгууга жана балээден
кутулууга эң жакшы жардамчы намаз. Намаз
окуп Жаратканга жалбарып дуа кыл,
кыйынчылыктан кутулуунун жолун көрсөтөт.
21. Алланын буйруктарын аткарбай таштап
коюу бактысыздыктын башаты жана түйшүкө
кабылуунун негизги себеби. Алланын
буйруктарына баш ийип ибадат кыл, тыйган
арам иштеринен алыс бол!
22. Парз намаздарынан сырткары нафил
намаздарды көп оку, кабырда жалгыз
калганыңда жолдошуң болот.
Уландысын эртең окуй аласыздар ин ша Алла
Жараткан жакшылыктарынан эч-кимибизди
куру калтырбасын, окуп окугандарыбызга
амал кылып башкаларга да жеткирүүчүлөрдүн
кылган болсун. Жакшылыктын жолун
көрсөтүүчү, сооптуу амалдарды үйрөтүүчүлөр
ошол жакшы ишти жана сооп амалдарды
аткарганга барабар.

#23 04 January 2016 - 11:06
~НАМАЗ~
Бир өзгөчө жол менен Аллахтын алдында өзүнүн кулчулугун көрсөткөнү намаз деп айтат:
ХАДИС:
Росуулуллоох саллаллооху ъалайхи ва саллам айтты!
Аллах Таалам беш убак намазды парз кылды. Кайсы адам жакшылап даарат алып ,намаздарды өз убагында,рүкүсүн жакшылап, хушуу хузуу ( коркуу жана жалбаруу) менен окуса,анда Аллах аны кечирүүгө убада берген.Ким андай кылбаса,Аллахтын ага убадасы жок,каласа кечирет каласа азаптайт (Абу Дауд)
~ЫЙМАН ЖАНА АДЕП-АХЛАК КИТЕБИ~

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#24 04 January 2016 - 11:08
АДАМДЫН ЖАРАЛУУ МАКСАТЫ АЛЛАХКА ИБАДАТ КЫЛУУ БОЛСО – ДЕМЕК, АЛЛАХ БИЗДИН ИБАДАТ КЫЛУУБУЗГА МУКТАЖБЫ?
Адамдын жаралуу максаты – Аллахка кулчулук кылуу.
Мына бул нерсеге Аллаһ бардык адамдарды буюрду жана мына ушул нерсе үчүн жаратты. Аллаһ Таала айтты: «Мен жиндерди жана инсандарды Өзүмө ибадат кылуулары (сыйынуу) үчүн жараттым» (Куран, Аз-Зарият 51:56).
Жогорку аятта сөз болгондой Аллах жин менен инсанды ибадат кылуу үчүн жаратты. Сен инсансың, демек бул аят сага да тиешелүү. Аллах сени жеп-ичиш үчүн же бул дүйнөдө ойноп-бийлеп кетиш үчүн жараткан жок. Айбандар антет. Адамдар болсо улуу бир максат үчүн жаралышкан. Ал эми айланаңдагы буюмдар, нерселер жашооңду улантыш үчүн, жаралган максатыңды ишке ашырыш үчүн гана жардам болсун деп сага кызматка берилди.
Аллах инсандарды ибадат үчүн жаратты. Алардан бир пайда көрүш үчүн же аларды иштетип кызмат кылдыруу үчүн жараткан жок. Аллах бул нерсеге муктаж эмес. Аллах – аль-Гоний (Бай) эч бир затка муктаждыгы жок. Ал тамак сурабайт, тамакты Ал берет. Ошондуктан айтты: “Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да каалабайм” (Куран, Аз-Зарият 51:57).
Аллах сениң ибадатыңа да муктаж эмес. Каапыр болсоң Аллахтын мүлкүнөн ийнедей да нерсе кемип калбайт. Тескерисинче ибадат кылууга сен өзүң кызыктарсың. Аллах Өз рахматы менен бизге ибадатты милдеттендирди. Бул нерседе өзүбүзгө гана пайда бар. Себеби кулчулук аркылуу биз Аллахтан сооп алабыз, дүйнө-акыретте сыйлуу болобуз. Ким пайда көрдү? Албетте пенде өзү. Ал эми Аллах – бардык нерселерден Беймуктаж.

#25 04 January 2016 - 11:10
АДАМ КАНТКЕНДЕ БАКТЫЛУУ БОЛО АЛАТ?
Адамзат - Аллахтын жаралган макулугу. Жиндер менен биргеликте алар ДИН деген аманатты көтөрүшүп бул дүйнөгө ИБАДАТ үчүн жаралган.
Адамзат - Аллахтын жаралган макулугу. Жиндер менен биргеликте алар ДИН деген аманатты көтөрүшүп бул дүйнөгө ИБАДАТ үчүн жаралган.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#26 04 January 2016 - 11:19
•Намаз окубаган Инсандын жазасы...
Аалымдар жалпы аят хадистердин далилдеринен
ушундай окумдор чыгарын айтышкан...
Эгерде Намазга конул бурбай, аны таштай турган болсон, бул дуйнодо 6 нерсеге дуушар болосун:
Аалымдар жалпы аят хадистердин далилдеринен
ушундай окумдор чыгарын айтышкан...
Эгерде Намазга конул бурбай, аны таштай турган болсон, бул дуйнодо 6 нерсеге дуушар болосун:
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#27 05 January 2016 - 16:50
Намаз ....
Намазым бар,
менин жашоом жарык болот,
Намазым бар,
жүрөгүмө ыйман толот.
Намазым бар,
Күнөөлөрдү тосуучу,
Намазым бар,
Кыяматта нурум болот.
Намазым бар,
Раббым Аллах себеп кылган.
Намазым бар,
Жаратканга сажда кылган.
Намазым бар,
эгер билсең бир тууганым,
Намазым бар,
Жаратканга сүйүү кылган.
Намаз менен,
Амалымды аруулаймын,
Намаз менен,
Жаратканга кайрыламын.
Намаз менен,
Ар бир таңды тосуп алып,
Намаз менен,
Жүрөгүмдү агартамын.
Намаз менен,
Жакшы амал жасап келем,
Намаз менен,
Жакшы ниетке жетем.
Намаз менен,
дуба кылып Жаратканга,
Намаз менен,
Бейиш төрүн сурап келем.
Намаз себеп,
Ашык болдум Жаратканга,
Намаз себеп,
Жакын болдум мен Аллахка.
Намаз себеп,
Адамдарды барктай билип,
Намаз себеп,
Бир тууганмын мусулманга.
Намаз себеп,
ыйман даамын татамын.
Намаз себеп,
Жакшы жолго кайтамын.
Намаз себеп,
Жаман жолго кирбестен,
Намаз себеп,
Каапыр эмес, мусулманмын.
Автор: Б Ибрагимова.

#28 05 January 2016 - 16:54
~ПАЙГАМБАРЛАРГА ИШЕНҮҮ~
������Пайгамбар – бул Алла Тааланын кабарын, мыйзам-эрежелерин инсаниятка жеткирүүгө милдеттүү элчи дегенди түшүндүрөт. Алгачкы инсан Азирети Адам ата ошол эле учурда биринчи пайгамбар болгон. Алла Таала аны ата-энесиз жараткан. Инсаният паигамбарлык менен, ырас, Алла үирөткөн нерселер менен башталган. Мусулман адам Азирети Адам атадан баштап бардык паигамбарларга ишениши керек. Паигамбарлар элди ыимандуулукка, Алланын ак жолуна үндөгөн. Акыркы паигамбар Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) болуп саналат. Инсаният паигамбарга жана ал апкелген туура жолдун ачкычына ар качан муктаж. Ыиман негиздери, ибадаттар рухании маселелер болгондуктан адамдар өздөрү тек акылдын жардамы менен буларды толук биле алышпаит. Ошондои эле паигамбарлар адилеттүүлүктүн, акыикаттын жана коомдук тартиптин негиздерин да элге жеткизишкен. Себеби бул багытта да адамдардын жаңылышы толук ыктымал.
Азирети Мухаммед Паигамбарыбыз бардык паигамбарлардын бир тууган болгондугун маалымдаган. Алла Таала паигамбарларга Өзүнүн ак жолун элге жеткизүү озуипасын жүктөгөн. Бардык паигамбарлар бир ишенимге үндөгөн.
Паигамбарлардын паигамбарлык далили мужиза-кереметтер болгон. Ар бир паигамбар өз үммөтүнө Алланын элчиси экендигине карата мужиза көрсөткөн.
->>Мужиза – бул, паигамбардан башка адамдын колунан келбеи турган иш. Маселен,
->>>Азирети Ибрахимдин алоолонгон от-жалынга жанбашы,
->>> Азирети Мусанын аса таягы менен деңизди экиге бөлүшү,
->>>Азирети Иса паигамбардын баткактан чымчык жасап, Алланын уруксаты менен жан киргизип учурушу сыяктуу.
Азирети Мухаммед Паигамбарыбыздын да көптөгөн мужизалары бар. Анын эң чоң мужизасы – Куран болуп эсептелет. Анткени Куран бул Алланын сөзү. Адамдар жана жин дүинөсү бириксе да, андаи китеп жаза албаит.
Паигамбарыбыздын дагы бир мужизасы түндүн өтө кыска мөөнөт аралыгында Меккеден Кудус шаарына барышы болгон. Анын жансыз сыяктуу көрүнгөн нерселер менен дил алышуусу, периштелер менен сүилөшүүсү, каисыдыр бир окуяны алдын-ала аитышы сыяктуу көптөгөн мужизалары жараян эткен.
Куран-ы Каримде аты аталган паигамбарлар төмөнкүлөр:
Адам (алеихис-салам),
Идрис (алеихис-салам),
Нух (алеихис-салам),
Худ (алеихиссалам),
Салих (алеихис-салам),
Ибрахим (алеихис-салам),
Лут (алеихиссалам),
Иссмаил (алеихис-салам),
Исхак (алеихиссалам),
Якуб (алеихиссалам),
Юсуф (алеихис-салам),
Аииуб (алеихис-салам),
Зулкифл (алеихис-салам),
Шуаиб (алеихис-салам),
Муса (алеихис-салам),
Харун (алеихис-салам),
Давуд (алеихис-салам),
Сулаиман (алеихис-салам),
Илияс (алеихис-салам),
Алясаа (алеихис-салам),
Юнус (алеихис-салам),
Закария (алеихис-салам),
Яхия (алеихис-салам),
Иса (алеихис-салам),
Мухаммед (алеихис-солаату вассалам).
������" Ислам илмихалы" китебинен.
Автор: Абдуррахман Хачкалы (Фикх илиминин доктору).

#29 05 January 2016 - 17:04
КӨКТӨ АХМАД, ЖЕРДЕ МУХАММАД (саллаллоху алайхи уа саллам)!
АЛЛАХ ТААЛА адамзаттын тупку атасы Адамды жараткан эле...
Адам (а.с.) башын көтөрүп, асмандан өтө көркөмдүү нур менен "АХМАД" деп жазылган бир ысымды көрдү. Кызыгып мынтип сурады:
-Оо, Жараткан! Бул эмне болгон нур?
АЛЛАХ ТААЛА айтты:
-Бул сенин урпагындан чыккан бир ПАЙГАМБАРДЫН НУРУ. Анын аты көктө АХМАД, жерде МУХАММАД (саллаллоху алайхи уа саллам). ЭГЕР АЛ БОЛБОСО СЕНИ ДА ЖАРАТПАС ЭЛЕМ.
Биз терең ыйманыбыз менен кабыл алган бул улуу чындыкты, ошондон миллиарддаган жылдардан кийин дүйнөгө келген ошол НУРДУН ЭЭСИ да анык айткан эле.
Күндөрдүн биринде , сахабалардан Абдулла бин Жабир (р.а.) мынтип сурайт:
"Оо, АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ, баарынан мурун АЛЛАХТЫН эмнени жараткандыгын айтып бересизби?" .
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (саллаллоху алайхи уа саллам) бул жоопту берет:
"Баарынан мурда, сенин ПАЙГАМБАРЫНДЫН НУРУН ӨЗ НУРУНАН ЖАРАТТЫ. Ал НУР АЛЛАХ ТААЛАНЫН кудурети менен каалагандай кезип жургон. Ал убакта ЛАУХ-КАЛАМ да, БЕЙИШ-ТОЗОК да, ПЕРИШТЕЛЕР да, АСМАН-ЖЕР да, КУН-АЙ да, АДАМ БАЛАСЫ менен ЖИНДЕР да ЖОК ЭЛЕ."
("Суйуктуу пайгамбарыбыз МУХАММАД саллаллоху алайхи уа салламдын өмүр баяны").
САЛЛАЛЛОХУ ЪАЛАЙХИ УА САЛЛАМ!
Аллах Таала бизге Кыямат Күнү Өзүнүн ырайымын, рахматын, мээримин жана сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алайхи уа саллам) шапаатын насип кылсын! Бизге бул дүйнөдө да жана акыретте да БАКТЫЛУУЛУКТУ насип кылсын!
Даярдаган: Абдусамат Абдукахар уулу.

#30 06 January 2016 - 12:47
~НАМАЗДЫН ФАЗИЛЕТИ~
Хазрет Хузайфа (разияллоху ъанху) айтат :
"Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) га кандайдыр бир кыйынчылык келгенде намазга кайрылчу эле ".
Пайдасы.
НАМАЗ - бул Алланын чоң рахматы. Ошондуктан ар бир кыйынчылык келгенде кайрылуу кудум Алланын рахматына кайрылгандай болот. Алла Тааланын рахматы бизде жардамда болсо башка кыйынчылык деле калбайт. Башка көптөгөн ( хадистерде) да ушуга окшогон мазмундар ар түрдүү болуп келген. Сахаба (радиаллаху ъанхумдар) Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) дын ар бир кадамына эргешүүчүлөр эле. Ошондуктан алардын да башына кыйынчылык келгенде намазды аткарган. Хазрет Абу Дарда (разияллоху ъанху) айтат :
" Качан катуу шамал жүргөндө Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) дароо мечитке барчу. Шамал токтомоюнча мечиттен чыкпайт эле ".
Ошондой эле күн, же ай тутулганда да Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) дайым намазга турчу. Хазрет Сухайб (разияллоху ъанху) Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) дан айтып кетет :
" Мурдагы Пайгамбарлардын адаты ушундай болчу - кыйынчылык келгенде алар да намазга кайрылышаар эле ".
Ибни Аббас (разияллоху ъанху) бир жолу сапар тартып бара жатканда баласынын дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар жеткенде, төөсүнөн түшүп эки ракат намаз окуп اِناَّ لِلَّهِ وَاِناَّ اِليْهِ رَاجعُونَ ду окуп айтты :
" Биз Алла Таала өкүм берген нерсени аткардык ". Анан ушул аятты окуду :
وَاسْتَعِيْنُوا باالصََّبْر وَالصَّلوت
Дагы ушул сыяктуу окуя айтылган. Хазрет Ибни Аббас (разияллоху ъанху) бара жатканда жолдо анын иниси Кусам ( рахматуллохи ъалайхи) нин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар жеткенде жолдун бир тарабына чыгып төөсүнөн түшүп, эки рахат намаз окуду. Аттахиятта отурганда көпкө чейин дуа кылды. Анан ордунан туруп төөсүнө минди да Кураандын бул аятын окуду
وَاسْتَعِيْنوا باالصَّبْر وَالصَّلُوةِ وَاِنَّهَا اكَبيْرَهٌ اِلاَّ عَلَي الْخَلشِعِيْنَ.
Котормосу : " Алладан жардам сурагыла сабыр жана намаз менен. Чындыгында намаз оор. Бирок кимдин жүрөгүндө хушуъ ( коркуу) болсо андайлар үчүн оор эмес".
Хушуъ ( коркуу) туурасында үчүнчү бапта кеңири түшүндүрмө берилет. Хазрет Ибни Аббас (разияллоху ъанху) нун дагы бир окуясы.
Пайгамбарыбыздын аялдарынын бирөөсү дүйнөдөн кайткандыгы туурасында кабар жеткенде дароо сажда кылды. Кимдир бирөө " Сиз эмне үчүн сажда кылдыңыз" деп сураганда Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) айткан :
" Силер бир кайгылуу окуя көрсөңөр саждага киришкиле ". Үммүл муьмининдин дүйнөдөн кайтуусунан да артык кайсыл кырсык болмок эле?! Хазрет Убада (разиаллааху ъанху) дүйнөдөн өтөөр мезгилде ошол жердеги келген кишилерге айтты :
" Мага ыйлагандарды тосомун, качан менин рухум чыкканда баардыгыңар толук, жакшылап даарат алып, мечитке баргыла да намаз окуп мен үчүн Алладан кечирим сурагыла. Себеби Алла Таала وَاسْتَعِيْنوا باالصَّبْر وَالصَّلُوةِ деп өкүм берген. Андан кийин гана мени мүрзөгө алып баргыла.
Үммүл Күлсүм(разияллоху ъанха) нын күйөөсү Абдурахман (разияллоху ъанху) катуу оору болчу. Бир жолу өлгөн сыяктуу болду, баары дүйнөдөн кайтты деп ойлошту. Хазрат Үммү Күлсүм (разияллоху ъанхаа) турду да намаз окууга ниет кылды. Намазын окуп бүтөөрү менен Абдурахман (разияллоху ъанху) өзүнө келди. Жанындагылардан : " Мен өлгөн сыяктуу болдумбу?" - деп сурады.
Адамдар : " Ооба!" деп жооп беришти. Аңгыча Абдурахман (разияллоху ъанху) айтты :
" Эки периште алдыма келип минтип айтышты : " Жүрү кеттик өкүм кылуучулардын Өкүм кылуучусунун алдына. Сага чечим чыгат!" . Экөө мени алып жөнөй баштаганда үчүнчү периште келип аларга айтты : " Силер экөөңөр кете бергиле! Бул энесинин курсагында эле бактылуу болуучулардан болчу. Азырынча балдары бул адамдан пайда көрөт. Андан кийин Абдурахман (разияллоху ъанху) дагы бир ай жашады.

#31 06 January 2016 - 12:48
❓Бизге маалымдалган 4 чоң периштелер кайсылар жана алардын аткарган кызматтары?
Жооп:☝
Жооп:☝
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#32 06 January 2016 - 12:58
~ЫЙМАН АДАМДЫ АДАМ КЫЛАТ, А ТҮГҮЛ СУЛТАН КЫЛАТ~
Ыйман – бул берекелүү жана мөмөлүү дарак сыяктуу. Анын өсүп өнүүсү үчүн атайын даярдалган жер жана суу келе тургандай жайы болуш керек. Ошондой эле анын тамыры, сөңгөгү, бутакчалары жана мөмөлөрү бар.
Анын отургузулган жери – муъмин адамдын жүрөгү. Мына ушул жерге анын данеги же көчөтү отургузулуп, ушул жерден өнүп жашылданат.
Ал эми суу ичкен жайы – Алланын адамзатка түшүргөн Кураны жана Анын Элчисинин Сүннөтү. Мына ушулар менен берекелүү дарак сугарылып, сууга каныгат. Ал суусуз эч качан өспөйт жана мөмө-жемиш да бербейт.
Ал эми анын тамыры – Ыймандын жети негизи: Алла Таалага ыйман келтирүү жана Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, Акырет күнүнө, тагдырдын жакшылык-жамандыгына жана өлгөндөн кийин тирилүүгө ыйман келтирүү. Аллага ыйман келтирүү – тамырдын өзөгү жана негиздердин негизи болуп саналат.
Ал эми бутакчалары – муъмин адамдын кылган жакшылык иштери жана намаз, зекет, ажылык, орозо ж.б.у.с. кылган ибадаттары.
Ал эми мөмөлөрү – муъмин адам жеткен бардык жакшылыктар жана эки дүйнөдөгү бактылуулук. Мына ушулар ыймандын мөмөлөрүнөн болуп эсептелинет.
«Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз». Нахл сүрөөсү (16:97).
Муслима ухти.

#33 07 January 2016 - 12:42
ТОЗОККО КИРҮҮ-АКЫ МЕНЕН,АЛ ЭМИ БЕЙИШ-АКЫСЫЗ!
Атасы баласына;
- Балам билесиңби, негизи адам
баласы Жаннатка бекер кирет. Ал эми тозокко
кирүү үчүн акча берет десе да болот.
Тан калган
баласы:
-Ал кандайча?-деп сурайт.
Атасы:
-Ооба, балам, тозок оту бекер эмес.
Мисалы:Ким кумар ойносо ал үчүн акча төлөйт, арак
ичсе да төлөйт, зына да бекер эмес, тамеки да акча
турат, кыдырсаң да баары бир төлөйсүң. Ал эми
Жаннатка кирүү балам бекер. Намаз окуу бекер,
орозо кармоо бекер, Алланы зикир кылуу бекер.
Алладан коркуп харамга көз салбоо бекер,
жадагалса Мечитке кирүү да бекер. Эми эмнеге
бекер Жаннат турганда тозокко акча төлөп
киришибиз керек.
Бул кабарды сен бекер алдын. Эми силер да бекер
таркаткыла. Ошентип Алладан бекер сооп аласыңар. Демек ар бир мусулман адам ар бир кадамын ойлонуп басуусу керек.
Ошондуктан биздин напсибизге жакпаса да ушул атын очкур Жаны жыл ,
23 февраль,8 март жб мусулманга туура келбеген майрамдарды майрамдабайлы, бул кудору жаштар акча толоп клубка киришет...ичишет, зына кылышат...
Аллахым туура жолунан адаштырбасын! Бизди таква солих жа солиха инсандардан кылсын омиин...

#35 07 January 2016 - 20:48
ТОЛУК КАНДУУ НИКЕНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#36 08 January 2016 - 11:27
★Ислам деген эмне?
Аллаху тааланын Жабраил периште аркылуу сүйүктүү жана акыркы пайгамбары Мухаммед алейхиссаламга жиберген дини Ислам деп аталат. Ислам - адамдардын дүйнөдө тынчтык жана эркиндикте жашап, акыретте түбөлүк бакытка жетүүлөрүн камсыз кылуучу эрежелердин жыйынтыгы. Эски диндердеги бардык жакшы касиеттерди Ислам дини өзүнө камтыган. Бардык бакыт жана жакшылыктар ошондо. Ислам - аң-сезимдүү адам сөзсүз кабыл ала турган негиздер жана руханий маанилүү нерселердерден турат.
Жаратылышында тазалык болгон адамдар Исламга душман болушпайт. Исламдын ичинде эч кандай зыяндуулук жок. Анын сыртында да эч кандай пайда жок.
Ислам адамдарды бири-бирин сүйүүгө, бири-бири менен жардамдашууга, бир туугандардай өмүр сүрүүгө чакырат. Мамлекеттерди өнүктүрүүнү, адамдардын руханий, дене жана пикир жагынан эркин жашоолорун каалайт. Аллаху тааланын буйруктарын урматтоону, бардык жандууларга мээримдүү болууну буюрган. Ислам жандуу-жансыз ар бир жаратылганга карата жоопкерчиликти жүктөнгөн. Ушуну менен катар, адам напсинин бардык ыпластыктардан арылуусун камсыздайт. Жаман көнүмүш адаттардан алыстап, напсини тарбиялоого чакырат. Жалкоолукка, убакытты текке кетирүүгө тыюу салып, билимге, техникага, өнөрчүлүккө, соодага, дыйканчылыкка, өндүрүшкө өтө чоң маани берет. Дини, мекени жана ишеними башка адамдарга каршы күч көрсөтүүгө тыюу салат. Жеке адамдын, коомдордун жана улуттардын укуктары жана милдеттерин так көрсөтөт. Тирүүлөргө, өлгөндөргө, туула тургандарга, баарына өзүнө тийиштүү укук жана жоопкерчиликтерди жүктөөдө. Ислам дини адамзаттын эки дүйнөдө тең бактылуу болуусун көздөйт.
Башка диндердин негизи өзгөртүлүп, диний өкүмдөрдүн ордуна адамдар ойлоп чыгарган пикирлер орун алган.
Аллаху таала адамдардын дүйнөдө тынчтык жана эркиндикте жашап, акыретте түбөлүк бакытка жетүүлөрүн каалайт. Ошондуктан, бакытка жеткире турчу пайдалуу нерселерди жасоону буюрган. Зыяндуу нерселерге тыюу салат. Динге ишенсин-ишенбесин, каалаган бир адам билип же билбей Аллаху тааланын буйруктарына моюн сунса дүйнөдө ыракат өмүр сүрөт. Азыркы учурда динсиз адамдардын жана улуттардын бир топ иштерде өнүгүүлөрүнүн себеби, Ислам дининде айтылгандай аракет кылгандыктарына байланыштуу болууда. Ал эми, акыретте бактылуу болуу үчүн Ислам динине ишенип, ыйман келтирүүлөрү да кажет.
Ислам үч негиз: илим, амал, жана ыкыластан турат. Б.а., Ислам тууралуу билим алуу, үйрөнгөндөрүнорундоо, кылган бардык амалдарын бир гана Аллахтыныраазычылыгы үчүнжасоокерек. Ислам-ыйман илими, фикх илими, калб (көңүл-жүрөк) илимдериболуп үчкөбөлүнөт. Мусулман адам ыйман илимин Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен үйрөнөт. Амал илимин төрт мазхабдын фикх китептеринен үйрөнөт. Ахли сүннөт аалымдары бул илимдерди сахабалардан үйрөнүшкөн. Ал эми, сахабалар Пайгамбарыбыздан үйрөнүшкөн.

#37 08 January 2016 - 17:01
Жин-шайтандардын ааламы
Жиндердин ааламы адамдардын ааламынан айырмаланып, башка ааламды түзөт. Бирок жиндер менен адамдардын ортосунда окшоштуктар дагы бар. Мисалы: ой жүгүртүү, каапыр- мусулман болуп, жакшы жол менен жаман жолду тандоо, тамак-аш жеп, суусундуктарды ичүүдө, эркек-ургаачы болуп, жыныстык жол менен кошулуп, тукумдарын көбөйтүүдө жана бир Аллахка гана сыйынып, ага шериктерди кошпоодо алар дагы адамдардай эле милдеттүү. Аллах айтат: "Мен жиндер менен адамдарды өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым" Зарийат:56. Бирок, алар адамдардан бир нече сыпаттар менен айырмаланат. Мисалы: жиндердин баштапкы жаралышы оттон, адамдар болсо топурактан, жиндер аркандай түзүлүштөргө өзгөрүлө алат, анткени аларда туруктуу дене жок, ал эми адамдар бир калыптуу. Аллах айтат: " Албетте, Биз инсанды шыгыраган кургак чоподон жараттык. Ал эми жиндерди андан (адамдан) мурун түтүнсүз кызыган оттон жараттык" Хижир:26-27.
Муслимдин хадисинде Аиша энебизден рибаят: Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айтты: "Периштелер нурдан жаралган, жиндер - түтүнсүз кызыган оттон жаралган, ал эми адам силерге кантип баяндалса, ошол нерседен жаралган" .
Жин деп аталып калгандарынын себеби:
Жин деген сөз арап тилинин (ижтинан) деген сөзүнөн келип чыккан, мунун мааниси - жалпы адамдардын көздөрүнө көрүнбөгөн зат дегенди түшүндүрөт. Ошентип алар бизди көрөт, бирок биз аларды көрө албайбыз Аллах айтат: "Ал (Иблис) жана анын (жин шайтандардан болгон) тобу силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдарга санаалаш-дос кылып койдук"
Аараф:27.
Жиндердин түрлөрү:
Пайгамбар Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айтты: "Жиндердин үч түрү бар: биринчи түрү - асманда учуп жүрөт, экинчи түрү- жылаандар менен иттер, үчүнчү түрү - ар жерлерде саякаттап жүрүүчү жиндер" Табрани, Хаким, Бейхакий: "Асма ва Сифат" деген китебинде баяндайт. Бул хадисти Албани туура деген "Сахих Ал-Жами"3 т, 85 б.
Бул хадисте жылаандар менен иттер деген сүйлөмдүн түпкү мааниси - сойлоп жүргөн жылаандар менен иттердин баардык түрлөрүн жиндер деп айтууга болбойт. Жиндерге гана тиешелүү жылаандар менен иттерди пайгамбар (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) сөз кылып жатат. Ошентип анын башка айтылган хадистери аркылуу жиндерден болгон жылаандар менен чыныгы жылаандардын жана ошондой эле жиндерден болгон иттер менен чыныгы иттердин бири-биринен айырмаланып турганын төмөндөгү хадистер менен ажыратып берейин. Пайгамбар (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айткан: "Израилдин уулдары
(жөөттөрдү) Аллахка баш ийбегендиктен, аларды чочколор менен маймылдарга айландырып койгондой эле, жиндерди да жылаандар менен иттерге айландырып койгон" Ат-Табарани, "Силсилат Ал-Ахадис сахиха" деген китебинде:4т. 439б. Ошентип Шейх Албани "Силсилат Ал-Ахадис сахиха" деген китебинде мындай деп эскертүү берип жатат: "Азыркы күндөгү көрүп жаткан жылаандардын баардыгы жылаандарга айландырылган жиндерден келип чыкты деп түшүндүрүлбөйт. Мунун мааниси - кантип Аллах Таала жөөттөрдүн кээ бир урууларын чочколор менен маймылдарга айландыргандай, жиндердин кээ бир түрлөрүн жылаандар менен иттерге айландырып койгон дегенди түшүндүрөт. Бирок жылаандар менен иттерге айланган жиндер жыныстык жол менен көбөйө алышпайт. Буга пайгамбардын (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) сөзү далил: "Албетте, Аллах айландырылган заттарына көбөйүп, тукум куудурганга уруксат берген эмес" " .
Андыктан, жиндерден болгон жылаан - үстүндөгү эки сызыгы, түтүктү үйлөгөндө сойлоп бийлөөсү менен чыныгы жылаандан айырмаланып турат. Эгерде түтүктү үйлөгөндө сойлоп бийлей турган болсо, анда ал жиндерден болгон жылаан. Себеби алар дагы биздей угат жана баардык нерсени түшүнөт, ошондуктан шайтандап бийлеп жатат. Ал эми чыныгы жылаандын кулагы жок, ошол себептен укпайт. Бирок ал тилин чыгаруусу менен кыймылдап жүргөн заттарды сезет. Буга пайгамбардын сөзү далил: " Албетте, Мадинада жиндердин бир тобу Ислам динин кабыл кылды, эгерде үйүңөрдө жылаанды көрсөңөр, үч жолу "Аллахтын аты менен айтам, чыгып кет" деп эскертсин, эгер кетпесе өлтүргүлө, анткени ал шайтан" Муслим:2/1757.
Эгерде хадистин маанисине көңүл бура турган болсок, бир нече пайдаларды алабыз:
1- Үйүңөрдөн жылаандарды көрсөңөр "Чыккыла, Аллахтын аты менен айтам" дегиле. Жиндерден болгон жылаандардын эки түрүн бул хадисте пайгамбар (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айтып жатат. Алардын биринчиси - мусулман, экинчиси - шайтан.
2- Үйлөргө кире турган жылаандар булар - бир гана жиндерден болгон жалаандар экендиги хадистин мазмунунда жатат.
3- Аларга (жиндерден болгон жылаандарга) "чыгып кет" деп үч жолу же башка хадисте үч күн бойу эскертүү бул шарт экендигин эстен чыгарбоо .
4- Эгерде аларга (жиндерден болгон жылаандарга) "чыгып кет" деп эскертүү бергенден кийин, чыкпай турган болсо, анда аны ошондо гана өлтүрүү уруксат экенин билүү.
5- Аларга (жиндерден болгон жылаандарга) бир гана Аллахтын аты менен гана эскертүү.
Жиндердин жашаган жерлери:
Кээ бир адамдар "жиндер жердин астында жашайт"- деп айтышат. Бирок чындыгында алар биз менен кошо жердин үстүндө жашашат. Көбүнчө алардын жашаган жерлерин айта кетсем:
1- Чөлдөрдө. Бул жөнүндө Ибн Масудтан рибаят: "Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун!) ошол жерлерге барып жиндерге дават кылып, аларды акыйкат жолгө үндөгөн".
2- Ашканаларда. Бул жерлерде шайтандар көп болгондугунун себеби, ар түрдүү тамак-аштар менен суусундуктар бар. Андыктан, түрлүү кафе-ресторандарда каапырлар айбанаттар сымал жеп-ичип, ырахат алып жүргөндөрүн көрөбүз. Ошол үчүн жин шайтандар бул жерлерге учуп келип, "Бисмиллах" деп айтпай сол кол менен жеп жаткан адамдарды көрүп, алар менен кошо жеп-ичет. Ошентип шайтан тойгондон кийин аларга арам ичимдиктерди ичүүгө түрткү кылат. Натыйжада бул жинди сууну ичкен соң адамдардын бири маймылга, бири чочкого, бири арстанга айланып, жаныбарлардын дүйнөсүн көрсөтүп жаткандарын көрөбүз. Ошондуктан, Аллах айткан: "Ал эми каапырлар болсо, мал сымал ырахат алып, жеп-ичишет. Алардын жайы - тозок!" Мухаммад:12 . Муслимдин хадисинде Ибну Умардан рибаят: пайгамбар Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айтты: "Эгерде ким тамак жей турган болсо, анда ал оң колу менен жесин, эгерде суусундук иче турган болсо, анда дагы ал оң колу менен ичсин. Анткени шайтан сол кол менен жеп-ичет" .
3- Ажатканалар менен мончолордо. Зейд Ибн Аркамдан рибаят пайгамбар Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айтты:
"Ажатканалар менен мончолорго кирээрде; Аллах Таала, мен сени менен жиндердин эркектери жана ургачыларынан сактанам"
деп айтыла. Абу Дауд, даарат бөлүгү.
4- Үңкүрлөр менен чуңкур, аңдарда. Катада Ибн Абдулладан рибаят: пайгамбар (Ага салам болсун!) айтты: "Чуңкурлар менен аңдарга заара кылбагыла! Катададан элдер сурады: - эмне үчүн чуңкурлар менен аңдарга заара кылбоо керек? Ал айтты: Албетте, ошол жерлерде жиндер жашашат" Насаий:1/33, бул хадисти Албани "Таргиб ва Тахзиб" деген китебинде туура деп айтты.
5- Адамдардын үйлөрүндө. Бул жиндерди "аамир" , көптүк түрү "ауамир" деп айтылат. Бул жөнүндө пайгамбардын (Ага салам болсун!) айткан хадиси: "Албетте, Мадинада жиндердин бир тобу Ислам динин кабыл кылды, эгерде үйүңөрдө жылаанды көрсөңөр, үч жолу "Аллахтын аты менен айтам чыгып кет" деп эскертсин, эгер кетпесе өлтүргүлө, анткени ал шайтан" Муслим:2/1757.
7- Төөлөр жаткан короолордо. Абдулла Ибн Макфалдан (Аллах Андан ыраазы болсун!) рибаят: Аллахтын элчиси айтты: "Койлордун короосунда намазыңарды окусаңар болот, бирок төөлөр жаткан жерлерде намазыңарды окубагыла, анткени алар (төөлөр) жин шайтандардан жаралган жана ар бир төөнүн жанында бирден шайтан бар" Ахмад, бул хадисти Албани "Ирва" деген китебинде туура деген (1/194).
8- Ээн талааларда . Көбүнчө көз ачык болуусу үчүн адамдар ээн талааларга чыгып кетет жана ал жерлерде бир нече түн жүрүп келип, ар нерселерди сүйлөп, натыйжада бакшы бүбүлөргө айланып кеткендери элдердин эсинде калса керек. Ошондой эле ээн талаага кеткен адамдардын арасында жинди болуп келип, бейтапканаларда жаткандар да көп кездешет. Ошол үчүн пайгамбар (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) сапарга чыксаңар жалгыз чыкпагыла, жолдошуңар шайтан болот деп айткан.
9- Мүрзөлөрдө. Жиндер көбүнчө мүрзөлөрдө жашашат. Бул жөнүндө шариатта көптөгөн далилдер камтылат. Ошол үчүн көз ачыктын максаты, адамдарды Аллахка эмес шайтандарга сыйындыруу. Натыйжада көз ачыкка барган адам акчасын тапканы менен ыйманын жоготот. Көз ачык мындай деп адамдарды арам ишке багыттайт: "Баланча олуянын күмбөзүнө барып андан сурангыла жана анын арбагына арнап курбанчылык чалгыла" Мына ошол жөнүндө имам Бухаринин хадисинде Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) мындай деген:
"Ким Аллахтан башкага курбанчылык чала турган болсо, анда ал Аллахтын каргышына калат" Бул жерде баланча олуя адамды канчалык жакшы көрбөйлү, аны Кудайдай ыйык тутуп, натыйжада ага сыйынуудан баш тарталы. Анткени Аллахка эч ким тең келе албайт. Аллах айтат: " Айт: Ал-Аллах жалгыз! Аллах-Самад (Беймуктаж) . Ал туудурбаган жана туулбаган! Ага эч ким тең эмес! "
Ихлас:1-4.
Эми ошол мүрзөлөрдү зыярат кылган адамдарга олуя эмес жиндер анын кейпинде көрүнүп, же түшүнө олуянын өңүндө келип ыраазычылыгын билдирип кетет. Өзүңүздөр ойлосоңуздар, тирүү адамга кантип өлгөн адам жардам берсин? Тескерисинче өлгөн адамдар, биздин аларга дуба кылууларыбызды тиленип турушат. Ошол себептен өлгөндөргө куран окуп, аларга дуба кылып жатабыз.
10- Базарларда . Бул жерлерде ар кандай адамдар бар. Ошол жерлерде арам иштердин түрлөрү көп жана ошондой эле арам нерселер дагы сатылат. Ошол себептен, пайгамбар (Ага салам болсун!) сахабага мындай осуят калтырып кеткен: "Эң биринчи болуп базарга кирбегенге аракет кыл жана эң акыркы болуп базардан чыкпаганга аракет кыл, анткени, ал жер шайтандардын согуша турган майданы жана ал жерде шайтандар байрактарын орноткон" Муслим, Мажму Ал-Заваид:4/77.
Бул хадистин мааниси - Ошол жерлерде шайтандар адамдардан болгон санаалаш досторун арам иштерди жасаганга түртөт. Аллах айтат: " Ким Мээримдүү Аллахты эстегенден баш тарта турган болсо, анда ага шайтанды жолдош кылып койобуз. Ошентип ал (шайтан) анын жакын санаалашы болуп калат" Зухруф:36. Ал эми арам иштердин арасына киргендерди санап кетсек; таразадан алдоо, арам эттерге адал деген жазууларды коюп алдап сатуу, уят дисктер, түрлүү шараптар ж.б. нерселер. Ошондой эле базарларда сатуучулар менен сатып алуучулардын көбүнчөсүн аял заты түзүп, ар түрдүү бузукулукка алып барат. Анткени шайтандын айла- амалы аял зат аркылуу таасирлүү болот. Аллах айтат: " Ошондо анын (Жусуп пайгамбардын) көйнөгүнүн арт жагынан айрылганын көргөн (Вазир: Жусуп пайгамбардын көйнөгүн айрыган аялдын күйөөсү) мындай деди: "Бул, аялдар, силердин куулугуңар. Чындыгында, силердин (аялдар) айла-амалыңар улук экен! " Юсуф:28
Бирок Аллах Таала шайтандын айла-амалдарын алсыз деген Аллах айтат: "Ыйман келтиргендер Аллахтын жолунда согушат. Ал эми каапырчылык кылгандар Таагуттун
(шайтандын) жолунда согушат. Силер (ыйман келтиргендер) шайтандын досторуна каршы согушкула. Албетте шайтандын айла-амалы (ар качан) алсыз". Ниса:76
(Уландысы кийинки санда)

#38 08 January 2016 - 17:58
Жубайлар ортосундагы адеп
Алла Таала пенделерин жубу менен жараткан. Ошондуктан Ислам дини да жуптукта өмүр сүрүүгө кызыктырат.
Алла Таала айтты: «Алла силер үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратып, жуптарыңардан силер үчүн балдарды, неберелерди жаратты жана силерди адал - таза ырыскылар менен азыктандырды. Анан алар жалганга (будтарга сыйынууга) ыйман келтиришип, Алла Тааланын жакшылыктарына каапыр болушабы?! ». (Нахл: 72)
Алла Таала айтты: «Анын аят - белгилеринин (дагы бири) - Ал силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо сүйүү жана мээрим пайда кылышы. Албетте мында пикир кыла турган коом үчүн аят - үлгүлөр бар». (Рум: 21)
Жуптук напсини кармоого жана туяк калтырууга себепчи болгондуктан, Ислам дининде эри - катындын ар биринин укуктары, милдеттери жана ар биринин ортосунда боло турган адептер бар.
Алла Таала айтты: «Жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар». (Бакара: 228)
«Адеп ахлак» китебинен алынды
Эркектин (күйөөнүн) милдеттери:
1. Махр берүү.
Алла Таала айтты: «Аялдарыңарга махрларын (алар никеңерге өтүү менен өздөрүн силерге тапшыргандарынын акысын) сөзсүз (чын көңүлдөн ыраазылык менен) бергиле». (Ниса: 4)
2. Абалына жараша аялын жана балдарын тамактандырып, кийиндирип жана турак - жай менен камсыз кылуусу.
Алла Таала айтты: «Бай - дөөлөттүү киши өз байлыгынан (т.а. байлыгына жараша) каржыласын. Кимдин ырыскысы кысылган (кембагал) болсо, ал убакта Алла өзүнө тартуу кылган нерседен (т.а. өз абалына жараша) каржыласын». (Талак: 7)
Алла Таала айтты: «Аларды (энелерди) абалына жараша кийиндирип - ичиндирүү - атанын милдети». (Бакара: 233)
Алла Таала айтты: «Аларга өзүңөрдүн турак - жайыңардан кудуретиңер жеткен жайдан турак бергиле». (Талак: 6)
3. Аялына диндин зарылдыктарын (эгер билбесе) үйрөтүүсү. Аны (аялын) намаз окууга ж.б. ибадаттарга буюруусу. Шариятта жабууга буюрулган денесин ачуудан, эркектерге аралашуудан ж.б. Ислам дининде тыюу салынган нерселерден кайтаруусу.
Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! силер өзүңөрдү жана үй - бүлөөңөрдү отуну адамдар жана таштар болгон тозоктон сактагыла». (Тахрим: 6)
4. Көп аялдуу болсо, алардын ортосунда каржылоо, багуу жана түнөө ж.б.у.с. нерселерде адилеттүү болуу.
Алла Таала айтты: «Эми эгер (алардын арасында) адилеттүүлүк кыла албастыктан корксоңор, анда бир аялга (үйлөнгүлө)». (Ниса: 3)
5. Аялына жакшы мамиледе болуу.
Алла Таала айтты: «Алар (аялдар) менен жакшы, ынтымактуу жашагыла». (Ниса: 19)
6. Аялынын төшөгүнө төрт айдан ашык убак жатпай койбоо. Кошулган учурда, шариятта көрсөтүлгөн жолдо кошулуу керек. Артына жана айыз (этек кир) мезгилинде кошулуу шариятта арам кылынган.
Алла Таала айтты: «(Оо, Мухаммад,)сенден ошондой эле айыз (этек кири) жөнүндө сурашат. Айткын: "Ал жийиркеничтүү (зыяндуу) нерсе. Демек айыз маалында аялдарыңардан оолак болгула жана тээ тазарганга чейин жакындашпагыла! Таза болгондон кийин гана аларга Алла буюрган тараптан келгиле». (Бакара: 222)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Аялынын артына кошулган киши, каргышталган». (Абу Давуд: 2162)
7. Бири - биринин сырын ачпоо жана айыптарын башкаларга айтпоо.
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыямат күнүндө Алланын астында адамдардын эң төмөн даражасы, ал бири-бирине кошулуп, анан а(ялы)нын сырын жайылткан киши». (Муслим: 1437)
8. Балдарды (Ислам тарбиясында) тарбиялоо ал экөөнүн милдети.
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ар бириңер кароочусуңар, ар бириң кол астындагыларга жоопкерсиңер. Аял күйөөсүнүн үйүндө (бала - чака жана мал - мүлкүнө) кароочу, жана ага жоопкер». (Бухарий: 893)
«Адеп ахлак» китебинен алынды
Аялдын куйөөсунун алдындагы милдеттери:
1. Алла тыйбаган жолдо күйөөсүнө баш ийүү. Барында да жогунда да анын абийирин сактоо. Күйөөсүнүн мал - мүлкүнө жана балдарына көз салып сактоо.
Алла Таала айтты: «Эркектер өз аялдары үстүндө жетекчи. Буга себеп Алла алардын бирөөлөрүн - бирөөлөрүнөн (эркектерди аялдардан) даражасын бийик кылганы жана эркектер (аялдары жана үй - бүлөөлөрү үчүн) өз мал - мүлктөрүнөн сарп - каражат кылгандыктары. Демек Алла Таалага кулчулук кылып, Ага жана эрлерине баш ийип, алар жокто Алланын сактоосу (жана жардамы) менен (эрлеринин мал - мүлктөрүн жана өз абийирлерин) сактоочу аялдар - жакшы аялдар». (Ниса: 34)
Алланын элчиси (ага Алланын салават - саламдары болсун) айтты: «Аял күйөөсүнүн үйүндө (бала - чака жана мал - мүлкүнө) кароочу, жана ага жоопкер». (Бухарий: 893)
2. Күйөөсүнүн үйүнөн анын уруксаты жана ыраазылыгысыз чыкпайт. Башка эркектерди карабайт. Эркектер арасында үнүн бийик көтөрбөйт. Жамандыктан колун тартат. Тилин жаман сөздөн сактайт. Күйөөсүнүн жакындары менен жакшы мамиледе болот.
Алла Таала айтты: «Момун аялдарга да айткын, көздөрүн (чоочун эркектерге кароодон) тосушсун жана абийирдүү жерлерин (арамдан) сакташсын. Ошондой эле көрүнүп тургандан башка кооздук - жасалгаларын (т.а. үстүлөрүндөгү кийимдеринен башка кооздук - жасалгаларын чоочун бирөөлөргө) көрсөтүшпөсүн». (Нур: 31)
3. Күйөөсүнө жакшы мамиледе болуу. Сөзүндө, кыймыл - аракетинде ж.б. нерселерде жумшак болуу.
Алла Таала айтты: «Жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар. Дагы эркектер үчүн (аялдар) үстүндө бир даража (артыкчылык) бар». (Бакара: 228)
4. Күйөөсү кошулууну кааласа, андан себепсиз тыйылбоо.
Алланын элчиси (ага Алланын салават - саламдары болсун) айтты: «Күйөөсү аялын төшөккө чакырса, аялы келбесе, аялына ачууланган абалда түнөсө, периштелер ал аялга таң атканча каргыш айтат». (Бухарий: 3237. Муслим: 1436. Абу Давуд: 2141)

#40 12 January 2016 - 18:28
~ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (СОЛЛОХУ АЛЕЙХИ ВАСАЛЛАМ)ДЫН УКТААРДЫН АЛДЫНДАГЫ СYННӨТТӨРY~
1) ДААРАТ МЕНЕН УКТОО:
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Барра ибн Аазибке (Алла андан ыраазы болсун) айтты: "Төшөгүңө жатаардан мурда намазга даарат алгандай даарат ал, андан кийин оң жагың менен жат".
2) УКТААРДАН МУРДА ОКУЛУЧУ СYРӨӨЛӨР:
Айша энебиз айтты: Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) ар түнү уктаардан мурда эки колун бириктирип "кул хуваллоху ахад", "кул ауузу бироббил фалак" жана "кул ауузу бироббин наас" сүрөлөрүн окуп, дем салып андан кийин эки колун башына, жүзүнө жана денесинин калган бөлүгүнө үч жолу сүртөт эле".
3) УКТААРДАН МУРДА АЛЛАНЫ УЛУКТОО:
Али (Алла андан ыраазы болсун) айтты: Фатима (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дан кызматчы сураган кезде Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) минтип жооп берди: "Экөөңө кызматчыдан да жакшыраак нерсени үйрөтөйүнбү? Төшөкө жатаардан мурда 44 жолу такбир (Аллоху акбар), 33 жолу тасбих (субханаллох) жана 33 жолу хамд (Алхамдулиллах) деп айткыла. Ушул силерге кызматчыдан жакшыраак " - деди.
4) ТYН ИЧИНДЕ УЙКУДАН ОЙГОНГОНДО:
Убаадата ибн Соомиттен риваят Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): "Ким түндө уйкусунан ойгонсо: лаа илаха иллаллох вахдаху лаа шариика лах, лахул мулку ва лахул хамд, ва хува алаа кулли шайин кодиир. Алхамду лиллах, субханаллох, валлоху акбар, ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллах - деп айтып андан кийин "Аллохумма игфир лии " (Аллахым күнөөлөрүмдү кечир) деп дуба кылса дубасы кабыл болот. Эгер даарат алып намаз окуса намазы кабыл болот" - деди.
5) УЙКУДАН ОЙГОНГОНДО ОКУЛУУЧУ ДУА:
"Алхамду лиллахил лазии ахйаанаа баьда маа амаатанаа ва илайхин нушуур" (Бизди өлтүрүп кайра тирилткен Аллага мактоо болсун).
6) ГУСУЛДАН МУРДА ДААРАТ АЛУУ...:
Айша энебиз айтты: Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) гусул алаардан мурда алгач эки колун жууп, андан соң намазга даарат алгандай даарат алып, андан кийин манжаларын сууга салат эле. Манжалары менен чачынын астына суу жеткирип, андан кийин колу менен башына үч жолу суу куюп, андан кийин бүт денесине суу куят эле".
7) ДААРАТ АЛЫП БYТКОНДОН КИЙИН ТАШАХХУД АЙТУУ...:
Умар ибн Хаттабтан риваят Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Силердин кимиңер дааратын толук алып, андан кийин: Ашхаду ан лаа илаха иллаллох, ва анна Мухаммадан абдуху ва росуулух деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылат кайсынысынан кааласа кирет.
Автор:Абдышүкүр ажы Нарматов.

Супер-Инфо
super.kg
видео