Мени да ата-энем чонойуп, 14кө чыгып калганымда эле таштап Россияга кетишкен. Улуусу болгондуктан өзүмдөн кийинки бир туугандарымды карап, чон ата, чон энемдин колунда калдым. Азыр эстесем чон ата, чон энем көзүбүзгө карап эле турчу экен. Ошентсе да ата-энемдин орду башка экен да. Сагынып, буулукканда бироо мага же бир туугандарыма үнүн бир аз көтөрүп сүйлөп койсо да урушуп, ыйлап жатып калчумун. Колума сураган акчамды карматып, оозуман чыкканды алып беришчү. Бирок ошондо акча эч качан бакыт менен мээрим бере албашын түшүнгөм. Бири-бирибиздин кийимибизди кийип, үч эле бөлмө тамда жашасак да бир туугандарым, атам, апам баарыбыз чогуу өткөргөн жылдарым өмүрүмдүн эн бактылуу көз ирмемдери экенин түшүндүм. Азыр жашмын, келечекте дагы далай жакшы күндөр бар. Бирок балалыктагы ошол картина менин жүрөгүмдө, эсимде ташка тамга баскандай сакталып, эстеген сайын жүрөгүмө дем берип, эч качан унутулбайт.
Ата-энелерден өзгөчө эркектерден суранаарым: эгер силер үчүн байлык өтө маанилуу болсо аны балалуу болгуча түптөп алгылачы. Кийин балдарынарды жалдыратып, ар кимдин көзүн каратпай. Анан да балдарынар силерден акча эмес, мээримди көбүрөөк талап кылаарын унутпасанар экен
Билдирүүнү түзөткөн: s9zen098: 09 Январь 2016 - 01:28