Суперстан: Даарат, гусул тууралуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Даарат, гусул тууралуу келиндерге суроо?..

#1 Пользователь офлайн   arimle90   17 Ноябрь 2015 - 10:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 23:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Куйоонор мн кошулгандан кийин гусул аласынарбы, дааратпы же жон эле жуунуп коёсунарбы? Айрыкча бала эмизип жаткан мезгилде. Анан дагы жууна элек мезгилде баланар ыйлап калса эмне кыласынар? Эмизе бересинерби?

Мен озум гусул алмайын баламы эмизе албайм. Гусул албасам озумо жийиркеничтуу боло берем. Берген сутум адал болбогонсуп. Кообунон сурасам даарат алам же жон эле жуунуп коём дешет. Анан эгер иш болуп жаткан мезгилде балам ойгонуп калса Кудайым озу кечирсин деп эмизип коём. антпесем уйдогулордун баарын ойготуп 《эмне болду?》деп кирип келишет.

Билдирүүнү түзөткөн: arimle90: 17 Ноябрь 2015 - 10:26

Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   17 Ноябрь 2015 - 11:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

arimle90 , негизи гусул, даарат тууралуу көп эле сөз болгон. Кошумча дагы суроолоруңуз бар болгону үчүн темаңызды калтырууну туура көрдүм. Мындан ары маңызы окшош тема ачуудан алыс болуңуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   orhidea   17 Ноябрь 2015 - 17:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 99
  • Катталган: 26 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Фев 2016 17:34
  • Жынысы:Аялзаты

Биздин никебизди кыйган молдо нике кыйып буткондон кийин экообуздон башкасынын баарын чыгарып жиберип 1сааттай гусул жонундо, мусулманчылыкта жубайлардын мамилеси, орду жана милдеттери жонундо айтып берген . Ошентип айтып берип турушса кобуроок эл билет беле дегеним.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   rnurzida   19 Ноябрь 2015 - 05:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ушул темага байланыштуу көзүм түшүп окуп калган маалыматтар менен бөлүшө кетейин. Балким, кереги тийип калаар.

«Гусул» сөзү «бир нерсени суу менен жуу» деген маанини туюндурат. Ал эми фикх
илиминде «гусул – бул ооз менен мурунга суу алып, тулку бойду толугу менен жуу»
дегенди түшүндүрөт.
Ыйык Куранда: «Эгер жунуп болсоңор, толук тазалангыла (жуунгула)! » (Маида
сүрөсү, 6) деп буюрулат. Бакара сүрөсүнүн 222-аятында аялдардын этек кири токтоп, таза болмоюнча алар менен жыныстык катнашта болбоого буйрук кылынган. Ошондой эле бул
аятта аял кишиге этек киринен кийин гусул алуу зарылчылыгы белгиленет.
А. ГУСУЛДУН ПАРЗДАРЫ:

1. Мазмаза: оозду тамакка чейин чайкоо.
2. Истиншак: мурунга каңылжаарга чейин суу алуу.
3. Тулку бойду бир да кургак жер калтырбай жуу.
Гусул алууда суу чач, сакал, мурут жана каштын астына чейин жетиши керек.
Аял киши да өрүлгөн чачынын түбүнө чейин суу жеткириши керек. Өрүлгөн узун
чачты жандыруунун кажети жок.
Гусул алуу учурунда тигил же бул мүчөгө таңылган таңуу чечилген чакта, ооруга
(м: жарага) зыян алып келе турган болсо, таңууну чечпей тазаланып жуунууга уруксат
берилет.

Б. ГУСУЛДУН АЛЫНЫШЫ ЖАНА АНЫН АДЕП-ТАРТИБИ:

Тигил же бул ибадаттын толук кандуу кабылданышы үчүн аны адеп-тартибине
ылайык аткаруу зарылчылыгы бар. Сүннөт-адептери менен аткарылган ибадаттарда кемтик
болбойт. Бул учурда мусулман адам ибадат милдетин так жана толук орундатып, анын
жоопкерчилигинен кутулган болот. Ал эми адептерине ылайык аткарылбаган ибадаттардын
парз-важиптеринде кемчилик кетиши ыктымал. Ошондуктан ар бир ибадатты адептерине
ылайык аткаруу абзел.
Гусул ниет кылуу менен башталат. Ниет кылган соң купуя (ичтен) «Бисмиллахир-
Рахмаанир-Рахиим» деп айтып, колду жана аврат (уяттуу) жерлерди жуу керек. Андан
кийин кадимкидеи даарат алып, андан соң башка, алгач оң, андан кийин сол ийинге суу
төгүп жуунуу зарыл. Дененин бир да жеринде кургак жер калбашы кажет. Ошондуктан
өзгөчө буттун манжаларынын салааларын, киндикти, кулакты, аял киши кулакка тагылган
сөйкө тешиктерин жакшылап жууганга аракет кылуу керек.
Гусул алуу учурунда сууну ысырап колдонбоо зарыл. Бул учурда аврат жерлерди
жабык тутуу дурус.
Мончо, көлмө, көл сыяктуу коомдук (адамдар көп жүрчү) жайларда авратты жаап
жүрүү парз болуп эсептелет. Ошондуктан мындай жайларда авратты жаап, ачылып кетүү
ыктымалынан улам башка бирөөнүн аврат жерлерин карабоо кажет. Эгер бул жайларда
адамдар жылаңач түшсө, ал жерге барбоо зарыл. Айрыкча эркек-аял аралаш жүргөн
пляждардан мусулман баласы оолак болууга тийиш. Мусулман адам арам ишке барбаганы
сыңары, арам иштер жүзөгө ашкан жерлерге да жакын жолобошу кажет.
Гусул алуу жери таза болушу керек. Мончо, көлмө сыяктуу жайлар санитардык
эрежелерге толук жооп бериши кажет. Сууну микропторго каршы дарылоо зарыл.
Жугуштуу оорусу бар адамдар мындай жайларга келбеши керек. Анткени эч ким башка
бирөөнүн ден-соолугуна зыян келтирүүгө укугу жок.

В. ГУСУЛ АЛУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР:

Төмөнкү жагдайлар гусул алуу зарылчылыгын талап кылат: жунуп болуу, этек кири
жана нифас абалдарынын аякташы.

1. Жунуп болуу;
Жунуп болуу – бул жыныстык катнаш же дүүлүгүү менен бел суусунун (спермдин
атылып) чыгышы аркылуу пайда болгон ыпластык абал болуп эсептелет. Мусулман адам
мындай учурда айрым бир ибадаттарды аткара албайт. Шариятта жунуп болгон адамдын
денеси, оозу, түкүрүгү жана ал ичкенден кийин артып калган суу таза болуп эсептелет.
Жыныстык катнашта болгон аял-эркектен мани (б.а.сперм) келсе да, келбесе да
экөө тең жунуп болушат. Эркектен же аялдан дүүлүгүү менен манинин (сперм) чыгышы аларды жунуп кылат.
Бул абал (дүүлүгүү менен спермдин чыгышы) уйку маалында болсо да, ойгоо учурда болсо
да жыйынтыкты өзгөртпөйт.
Уйкудан ойгонгон кезде денесинен бел суу көргөн адам гусул алышы кажет.
Ошондой эле түшүндө жунуп болгонун көргөн адам ойгонгон кезде денесинен бел суунун
эч кандай белгисин (нымдуулук же так) көрбөсө, анда гусул алуунун кажети жок.

Жунуп болгон адамга уруксат берилбеген иштер;

Жунуп болгон адамга парз же напил намаз окууга, тилават саждасына жыгылууга,
Куранды колго алууга, Куран окууга, себепсиз мечитке кирүүгө жана мечитте отурууга
уруксат берилбейт.
Жунуп болгон адам мүмкүнчүлүгүнүн болушунча эртерээк гусул алганы дурус.
Тигил же бул намаздын убагы чыкканга чейин гусул албоо арам болуп эсептелет.

2. Айыз же нифас абалынын бүтүшү.
Айыз (этек кири) же нифас (төрөттөн кииинки) абалдарынын бүтүшү менен же
болбосо бул абалдар үчүн белгиленген эң узун мөөнөттүн аякташы менен аял киши гусул
алышы зарыл.
Имам Азам агымы боюнча, айыздын эң узун мөөнөтү 10 күн, ал эми нифас
абалынын эң узун мөөнөтү 40 күн. Мына ушул мөөнөттөрдүн аякташы менен аял киши
үчүн гусул алуу парз болуп эсептелет. Бул мөөнөттөр аяктаса да, токтобогон кан
«истихаза» (ооруу, үзүрлүү) деп аталат. Мындай абалдагы аял үзүрлүү адамга тиешелүү
болгон өкүмдөргө баш ийет.
Айыз же нифас абалындагы аялга байланышкан өкүмдөр жунуп болгон адамга
байланышкан өкүмдөр менен бирдей (окшош).
Айыз же нифас абалында болгон аял намаз окуй албайт, орозо да кармабайт.
Айыз же нифас маалында жыныстык катнашта болуу арам болуп эсептелет.

Г. ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШКАН МАСЕЛЕЛЕР
Шейиттерден сырткары көз жумган мусулман маркумдарды жуу парз-ы кифая
болуп эсептелет. Бул адам баласына көрсөтүлгөн урмат-сыйдын белгиси.
Жаңы мусулман болгон адам эгер жунуп болсо, анын гусул алышы парз. Бул
багытта бардык Ислам аалымдары бир пикирде. Ал эми жунуп болбосо, анда Имам Азам
агымы боюнча, ал үчүн гусул алуу мандуп болсо да, ар кандай күмөн-шектерге карата ал
адамдын гусул алышы керек.
Жума жана айт намаздарына гусул алып баруу, ошондой эле ажылыкка же умрага
ниет кылып ихрамга кирээрде жана Арафатта туруу (вакфа) үчүн гусул алуу сүннөт болуп
эсептелет.
Ыйык жерлерге барганда куттуу түндөрдү ибадат менен өткөрүү, тооба кылып
кечирим тилөө сыяктуу жакшы иштерден мурун гусул алуу мустахап.
Демек, береги мисалдардан байкалгандай мусулман баласы гусул алуу талап
кылынбаган учурларда да гусул алып, жуунуп-тазаланып турушу керек.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Allahtynkulu   20 Ноябрь 2015 - 22:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 03 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Мар 2017 13:39

Торт балалуу эже мен моюнумдан ылдыйын эле жууп коём, ато эрте менен жумушка баратканда башыма суук тиет дейт. Анан жакында куйоом билип калып аябай урушту дегеничи. 4 балалуу болгуча аялына гусулду толук жеткиралбаган кандай эркек дейм. Менин куйоом эмне тез жуундун, баардык жерине колун тийдиби, суу тийдиби деп созсуз сурайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Allahtynkulu   20 Ноябрь 2015 - 22:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 03 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Мар 2017 13:39

Анан да жууна турган суунун бети жабык болуусу шарт. Анткени куюнуп жаткан суу чачырап кетсе жарабай калат. Чачыраган суу колдонуп буткон суу болот дагы, идиштеги суу булганган болуп калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kaple   22 Ноябрь 2015 - 19:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ханафи мазхабында гусулдун үч фарзы бар: 1-Ооздун ичин жуу.Ооздун ичинде ийненин учундай да сууланбай калган жер калган болсо, тиштин үстү же тиштин тешиги сууланбай калса гусул алынган болуп эсептелбейт. 2-Мурунду жуу.Мурундагы кургак кирдин астына же ооздогу чайналган нандын астына суу кирбесе гусул кабыл болбойт. Ханбали мазхабында ооз менен мурунду жуу дааратта да, гусулда да фарз. Ал эми Шаафи мазхабында гусулда ниет кылуу фарз. 3-Дененин бардык жагын жуу.Киндиктин ичин, мурут, каш, сакалды жана алдындагы терини, чачты жуу фарз. Тырмак, эрин, көз сурмасы же дененин кайсы бир бөлүгүндө суу өткөрбөгөн заттар болсо (тырмактагы лак), гусул алынган болуп эсептелбейт.
Гусулдун сунноттору.
1- Алгач колдорду жуу. 2- Жыныстык мүчөлөрдү жуу. 3- Денедеги бардык кирден тазалануу. 4- Гусулдан мурун даарат алуу, бетти жууп жатканда гусулга ниет кылуу. Шаафи мазхабында ниет кылуу фарз. 5- Тулку-бойду үч жолу жышып жуу. 6- Денени толугу менен жуугандан кийин эки бутту жуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Kaple   22 Ноябрь 2015 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Гусулга байланыштуу маалыматтар.
1- Жунуп кезде аялына жакындоо күнөө эмес, жаиз. Даараттуу болгон жакшы. 2- Туалетте гусул алууга болот. Мончого оң бут менен кирилет. 3 – Шафииде дарат алууда тартип фарз. Жунуп болгон Шафии мазхабындагы адам гусулга ниет кылып деңизге кирип чыкса, ошол бойдон намаз окуй алат. Анткени, гусулда дене бир орган болуп саналат. 4 – Гусулда аврат жерлери жабык кезде кыбыланы кароо макрух эмес. 5 – Гусул албастан намаз убактысын өткөрүп албоо шарты менен уктоого болот. 6 – Адам бир түндө эки жолу ихтилам болсо, жада калса, он жолу ихтилам болсо дагы бардыгы үчүн бир жолу гусул алуу жетиштүү. 7 – Түнү жунуп болуп ойгонгон адам багымдат намазынын убактысынын чыгуусуна аз калганын көрсө күнөөгө кирбөө үчүн убакыт чыгып үлгүрбөй кала турган болсо да дароо гусул алууга аракет кылат. Баары бир үлгүрбөй калам депкүндүн чыгышын күтүүсү туура эмес. 8 – Аялдар гусул алып жатканда алдына жана аркасына манжасын тыгып тазалоолору керек эмес. Мындай нерселердин эч кандай негизи жок. Ансыз деле дененин ичинде нажасат болот. Көрүнбөгөн жерлерди эмес, көрүнгөн жерлер гана жуулат. 9 – Эгер аял жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болууну каалаган кезде шприц менен жатынга урук салынып бойго бүтсө гусул алуусу керек. Эркектин жыныс мүчөсү аялдын жыныс мүчөсүнө эмес анын сыртына сүртүлүп сперма чыкса жана ошол сперма кийин аялдын жатынына кирсе аял гусул албайт. Эгер ушундайча боюна бүтө турган болсо гусул алат жана ошол күндөн берки окуган намаздарынын казаларын окуйт. Сууда чөгүп өлүү Суроо: Жунуп кезинде деңизде же көлдө чөгүп өлгөн адам жунуп бойдон өлгөн болобу? Жооп Жок, даараттуу өлгөн болот. Сууга киргенде бүт жерине суу тийип, оозуна, мурдуна суу киргендиктен гусул алган болуп саналат. Ыйманы бар болсо шейит болуп өлгөн болот. Мончого кирип баратканда Суроо: Мончобузда унитаз бар. Мончого кирип баратканда оң бут менен кирүү керекпи же сол бут мененби? Жооп Жуунуу максатында кирип баратканда оң бут менен, туалетке кирип баратканда сол бут менен кирилет. Чыгып баратканда болсо тескериси кылынат. Жылаңач жуунбаш керек Суроо: "Мончодо жылаңач жуунуу макрух” деп айтылууда. Кандай кылганда макрухтан кутулган болобуз? Жооп Киндик менен тизенин арасын жаап турган пештамал (ороно турчу кездеме, материал) менен жуунуу керек. Пештамал табылбаса хашама (сууга түшкөндө кийилген купальник) колдонуу керек. Ханбали мазхабын таклид кылып, бир гана алдынкы жана арткы аврат жерлерди жапкан бир шорты менен жуунуу керек. Пештамал же хашама болуп туруп Ханбали мазхабын таклид кылып, шорты менен жуунууга болбойт. Экө тең жок болсо гана таклид кылынат. Мазхаб таклиди бир зарылдык болгондо гана кылынат. Зарылдык болбосо кылынбайт. Жунуп адам көлгө кирсе Суроо: Жунуп адам деңизге же көлгө кирип чыкса гусул алган болобу? Жооп Бассейн, көл, дарыя, деңизге кирип чыккан же жамгырда бүт жери суу болгон жунуп оозун жана мурдун дагы жууса гусул алган болот. Деңизге башы менен кирип, бирок, оозуна суу кирбеген болсо, чыкканда суу ичсе гусул алган болот. Тактап айтканда суу ичкенде оозу дагы жуулган болот. Бирок, жунуп кезде оозду жуубай суу ичүү макрух. (С. Эбедиййе) Көлгө кирген же түшкөн жунуп колу-бутун кыймылдатып, суунун ичинде бираз күтсө, гусулдун сүннөтүн дагы орундаган болот. Ханафиде ниет фарз болбогондуктан көлгө, деңизге түшкөн адамдын оозуна жана мурдуна да суу кирген болсо гусул алган болот. Шафииде болсо эгер сууга кирип баратканда жана суунун ичинде гусулга ниет кылса гусулу сахих болот. Маликиде болсо ниет дагы, дененин бүт жерин делк кылуу (жышуу) керек. Жунуп чакага колун салса Суроо: Жунуп адам даарат албай чакадагы сууга колун салса суу мустамел (колдонууга жараксыз абалга келген) болобу? Жооп Жок, мустамел болбойт. Жада калса, чакадан колу менен суу алып даарат алса дагы чакадагы суу мустамел болбойт. Мончонун курнасынан дагы ошол сыяктуу колу менен суу алып, даарат алса дагы курнадагы суу мустамел болбойт. Бул суу менен даарат жана гусул алууга болот.(С. Эбедиййе) Гусулда дуба окуу Суроо: "Гусул алып жатканда даарат дубалары окулат, кыбыланы караса дагы болот”, - деп айтылууда. Аврат жерлерибиз ачык кезде ушуларды кылууга болобу? Жооп С. Эбедиййе китебинде айтылат: "Гусулдун сүннөттөрү мустахабдары, даараттын сүннөттөрү жана мустахабдары сыяктуу. Бир гана гусулда тартип б.а., кезеги менен жуу сүннөт эмес. Гусулда кыбылага каралбайт жана дуба окулбайт. Бир гана бисмиллах жана келиме-и шахадат окулат.” "Эгер киндик менен тизенин арасын жаап турган пештамал, хашама сыяктуу бир нерсе бар болсо ошондо гана кыбыланы кароого болот.” (Радд-ул мухтар) Аврат жери жабык болгон адам дуба дагы окуй алат. Жунуп болбосо аврат жерлери жабык бойдон Куран дагы окуса болот. Бирок, өзүнүн аврат жерлери ачык кезде жана аврат жерлери ачык болгондордун жанында Курани карим окуу макрух.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Kaple   22 Ноябрь 2015 - 19:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Суроо: Даарат же гусул алып жатканда бир жерин жууну унутуп койгон адам даараттан, гусулдан кийин же бир канча күндөн кийин эстесе эмне кылат? Жооп Эстегенде бир гана унутуп койгон жерин жууса жетиштүү болот. Малики мазхабын таклид кылган адам болсо унутуп койгон жерин эстегенде дароо жуусу зарыл. Окуган намаздарын кайра окуусу керек эмес. "Жуудум беле же жуубадым беле" деп шектенсе бул васваса болот, жуусу керек эмес. Гусул алгандан кийин бир жеринде суу өткөрбөй турган бир нерсени көрүп калган адам ал нерсени тазалап алып салып, ошол жерин жууса жетиштүү болот. Кайра гусул алуусу керек эмес. Маликиде дагы ушундай.

Билдирүүнү түзөткөн: Kaple: 22 Ноябрь 2015 - 19:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Kaple   22 Ноябрь 2015 - 19:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Суроо: Жума күнү гусул алуу важиб деп айтышууда. Бул маселеде хадис дагы бар экен. Бул чынбы? Андан башка, жума түнү жунуп болгон адам гусул алса жума күнү гусул алгандын сообун табабы? Жооп Хадиси шарифтерди мужтахид аалымдардын түшүндүрмөсүсүз окуу жаңылыштыктарга себеп болот. Жума күнү гусул алуу муаккад сүннөт болуп саналат. Ал хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: "Жума күнү гусул алуу важиб [б.а., зарыл].” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, И. Ахмед, И. Малик, Табарани, Дайлами, И. Хиббан, Абу Нуайм] Башка бир хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй: "Жума күнү гусул алуу мага фарз, силерге нафил [сүннөт].” [Дайлами] Бул хадиси шариф биринчи хадиси шарифти түшүндүрүүдө. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын фарздан башка орундаган амалдарынын бардыгы нафил деп аталат. Ал орундагандыктан биз үчүн сүннөт болууда. Беш маал намаздын сүннөттөрү жана башка бардык сүннөттөр нафил болуп саналат. Жума күнү гусул алуу өтө маанилүү. Расулуллах алейхиссаламдын бул маселеде бир канча хадиси шарифи бар. Айрымдарынын маанилери: "Жумага келген адам гусул алсын!” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Несаи] "Жума күнү гусул алуу бир жумалык күнөөлөргө кафарат болот. Үч күн ашыгы менен.” [Табарани] "Бир жума кийинкисине чейин, беш маал намаз да башка намазга чейин кылынган күнөөлөргө кафарат. Жума гусулу да ушундай. Жумага баруу үчүн басылган ар бир кадам жыйырма жылдык амалга барабар. Жумадан чыккандан кийин да 200 жылдык амалдын сыйлыгы берилет.” [Байхаки] "Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Табарани] "Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү тазаланат, ага "Амалыңды жаңыдан башта” деп айтылат.” [Байхаки] "Жуму күнү ахлине жакындык кылган адамга эки сооп берилет. Биринчиси өзүнүн, экинчиси да жубайынын гусулунун сообу.” [Байхаки] "Ким жума күнү гусул алып, мечитке эртерээк барса, хутбаны тыңдап, унчукпай отурса, анын баскан ар бир кадамы үчүн бир жылдык [нафил] орозо, жана бир жылдык [нафил] намаздын сообу жазылат.” [Табарани] "Жума күнү гусул алып, алгачкы сааттарда барган адам бир төөнү курмандыкка чалып, садага кылып тараткан сыяктуу соопко ээ болот. Бираз кечирээк барган адамга бир уйду, андан кечирээк барган адамга бир кочкорду, андан да кечирээк барган адамга бир тоокту мууздап, садага кылып тараткан сыяктуу сооп берилет. Эң акырында келген адамга бир жумуртканын садага сообу жазылат. Имам хутбага чыкканда периштелер дагы сооп жазууну токтотуп, хутбаны тыңдашат.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Несаи] Жума түнү жунуптуктан гусул алган адам жума күнү гусул алгандын сообун табат. Бир иш үчүн үч ниет Суроо: Жунуп болгон киши жума түнү гусул алса, эртеси күнү ошол эле учурда айт болсо, бул киши жунуптуктан тазаланууга жана жума күнүнө да, айтка да гусулга ниет кылса бардыгы үчүн бөлөк-бөлөк сооп алабы? Жооп Ооба, баарына ниет кылган болсо баары үчүн сооп ала тургандыгы "Нимат-ы Ислам” китебинде жазылган. "Жунуптуктан жуунган адамга дагы сооп берилеби?” дегендер кездешүүдө. Жунуптуктан гусул алуу фарз. Фарзды орундаган адам абдан чоң соопко ээ болот. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Гусул алуу үчүн ордунан турган адамга үстүндөгү кыл санынан көп сооп берилет. Ошончолук күнөөсү кечирилет. Бейиштеги даражасы жогорулайт. Гусулу үчүн ага бериле турган сооп дүйнөдөгү бардык нерседен кайырлуу. Аллаху таала периштелерге: «Бул кулумду карагыла! Түнүчүндө эринбей туруп, менин буйругумду ойлоп, жунуптуктан гусул алып жатат. Күбө болгула, бул кулумдун күнөөлөрүн кечирдим”, - деп айтат.” [Гунйа] Жума күнү үчүн гусул алуу сүннөт жана сообу көп. Жада калса, бул гусулдун маанилүүлүгүн билдирген хадиси шарифтерден улам фарз деген аалымдар да бар. Эки хадиси шарифтин мааниси: "Жума гусулу ар бир мусулманга важиб.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, И. Ахмед, И. Малик, Таберани, Дайлами, Абу Нуайм] "Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү тазаланат, ага " [Кана, күнөөсүз бойдон] амалыңды жаңыдан башта” деп айтылат.” [Байхаки] Гусулда ниет Суроо: Жунуп болгонун унуткан адам жума намазы үчүн гусул алса тазаланган болобу? Бул гусул менен намаз окуй алабы? Жооп Ооба, тазаланган болот. Анткени, Ханафиде ниет фарз эмес, бирок, фарз сообун ала албайт. (С. Абадиййа) Жума гусулу Суроо: Бейшемби күнү түштөн кийин гусул алса жума күнү гусул алгандын сообу пайда болобу? Жооп Ооба, сүннөт сообу пайда болот. (Нимат-ы Ислам)

Билдирүүнү түзөткөн: Kaple: 22 Ноябрь 2015 - 19:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ainaz.ainaz   24 Ноябрь 2015 - 19:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 10 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Апр 2016 10:05

Сизге ыраазычылык! !! Алла ыраазы болсун. Озумо жетиштуу маалымат алдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   02 Январь 2016 - 18:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Гусул алууну талап кылган шарттарда аялдардын эркектерден айырмаланган жагдайлары бар. Маселен, этек кирдин, же нифастын(төрөттөн кийинки кан) токтоосу. Ихтилам(түшүркөө, уктап же түш көрүп, кумардануу менен бел суунун чыгып кетүүсү) болгон аял да, эркек да гусул алуусу керек. Анткени, Пайгамбарыбыз (салаллаху алейхи вассалам): "Ким түшүндө жыныстык катнашта болгондугун көрүп, ойгонору менен (ич кийиминин) нымданып калбагандыгын көрбөсө, анда ал кишинин гусул алуусунун зарылдыгы жок. Эгерде кимде-ким ойгонгон кезинде нымдуулукту көрсө, анда анын сөзсүз түрдө гусул алуусу керек" - деп айткан.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   sezim1111   09 Январь 2016 - 15:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 26 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:54

сиздерден сураныч "иш" кылып буткондон кийин гусул алгандагы ниетти жазып койсонуздар мага женем кагазга жазып берди эле жоготуп алдым жаттай элек болчум алдын ала рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Woman.   09 Январь 2016 - 16:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 23 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2019 12:39

sezim1111 (09 Январь 2016 - 15:55) жазган:

сиздерден сураныч "иш" кылып буткондон кийин гусул алгандагы ниетти жазып койсонуздар мага женем кагазга жазып берди эле жоготуп алдым жаттай элек болчум алдын ала рахмат




Бизге да бирөө жазып берген бирок аны тажикче деп айтты бирөө. А молдокеден сурасак, ушул дуба өтөт, окуй бергиле деген.


Навайту ани агата гусулманин жаннавата, рафайил хаддаси истибихаттан тахваттан аюл бадаанин, такрубимин Алооху талоох, Алооху акбар.
Денемди суу актады, ичимди дуба актады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Woman.   09 Январь 2016 - 16:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 23 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2019 12:39

Уй бүлөлөлүү айымдардын, колу бутуна лак коюп жүргөнүн көрсөм таң кала берем, алардын гусулу өтпөйт, кантип жүрөт деп.


Гусул албаса кандай жийиркеничтуу, кандай чоң күнөө экенин билишкенде, өтө катуу берилишмек гусулга.
Бир эже айткан. Пайгамбарыбыз кошулуп болуп, сууга бара жатып (аралыгы жакын эле жер) кокус гусулсуз өлүп калбайын деп коркуп 3-4 метр жерге чейин дагы колу менен курук даарат алып барчу экен.

Өзум гусулсуз такыр эчнерсе кармабаганга аракет кылам. Чарчыкты да колумдун учу менен кармайм. Баламды жакшы уктатып коём ойгонбогудай кылып. Кокус ойгонуп калса "Кудай өзу кечирсин деп" соскасын чекесинен кармап оозуна салып, төшөктүн устүнөн таптап коёмда, кайра ойгонуп калбасын деп ваннана карап чуркайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Meruet84   09 Январь 2016 - 16:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Гусулдун ниети:
НАВАЙТУ АН АЛГАСИЛА ГУСЛАН МИНАЛ ЖАНААБАТИ РАФЬАН ЛИЛХАДАСИ ВА ИСТИБААХАТАН ЛИССАЛАТИ ВА ТАХААРАТАН ЛИЛБАДАНИ ВАТАКАРРУБАН МИНАЛЛААХИ ТАЬААЛАА АЛЛААХУ АКБАР .ЛА ХАВЛА ВАЛАА КУВВАТА ИЛЛАА БИЛЛААХИЛ ЬАЛИЙЙИЛ ЬАЗЫЙМ.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Begim_4   09 Январь 2016 - 19:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

sezim1111 (09 Январь 2016 - 15:55) жазган:

сиздерден сураныч "иш" кылып буткондон кийин гусул алгандагы ниетти жазып койсонуздар мага женем кагазга жазып берди эле жоготуп алдым жаттай элек болчум алдын ала рахмат

Негизи гусулда ниет суннот болуп эсептелет. Бирок коптогон жаш жубайлар ниетти фарздай корушуп, "Ниетти жаттай элекмин" деп, гусул албай журушот. Ошол женелери жазып берген ниеттердин баарын кыргызча; " НИЕТ КЫЛДЫМ АЛЛААХ РААЗЫЧЫЛЫГЫ УЧУН, ГУСУЛ АЛМАКА" деген ниет ичине камтыйт. Шариятта "Созсуз гусул дуасыны жаттагыла" деген далил жок. Бирок; "Созсуз гусул алгыла" деген далилдер бар. Сиз "Гусул алам" деп ойлонгонунузда эле ниет кетти" дейт аалымдар. Ошон учун гусул дуасын жаттайм деп кыйналбай, гусул кантип алынуусун жаттагыла. Жогорудагы кыргызча ниет жетиштуу...

Билдирүүнү түзөткөн: Begim_4: 09 Январь 2016 - 20:01


Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Begim_4   09 Январь 2016 - 19:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Ишинерди кыла электе эле уже гусул алуу оюнарга келет, ошондо ниетинерда кошулуп кетти. Иштен кийин барып, ичинерде "Бисмиллаах" деп гусулду баштай бересинер!

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   asman88   10 Январь 2016 - 11:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 15 Март 15
  • Соңку аракети: 31 Янв 2016 21:46

Мен да гусулу жок бир нерсени кармагандан жийиркенем. Бирок кээ учурда балам ойгонуп калганда эмизчу элем айла жок.Аны жаныма ыйлатып коюп жууна албайм,атасына конбойт.Анан киндикти атайын жуубайт экем.Азыр окуп тан калып жатам.Биз жаны уйлонгондо айылда куйоом даарат алып эле журо берет эле.Бир самынданып чайканып ал,кантип машинага отурасын-деп эле журчумун.Азыр гусул алат.Озум гусул алганда чачымын кургабаганы жакпайт.Фен колдонбойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   sezim1111   10 Январь 2016 - 17:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 26 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:54

Баарыныздарга чоон рахмат!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 20:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: