ААЛЫМДАР КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ КАРА-СУУ РАЙОНУНДА
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн "Абу Ханифа" мечитинде эл менен жолугушту. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жарандарга ынтымак, биримдик, адеп-ахлак, аракечтиктен кайтаруу маселелери жана пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ) өрнөктүү өмүр жолу жана ата-энени кадырлап сыйлоо жөнүндө баян жасап, жергиликтүү элдин кызыккан суроолоруна жооп берди.
Эскерте кетсек, Аалымдар Кеңешинин мындан аркы жолугушуусу эртен 1-январь күнү Ноокат районунун борбордук мечитинде өтмөкчү.
Исламий жаңылыктар...
#321 01 January 2016 - 19:33
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#322 01 January 2016 - 19:34
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ КР ӨКМӨТҮНҮН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев менен жолугушту. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда облус казысы жыл ичинде дин жаатында аткарылган алгылыктуу иштер боюнча маалымат берип, КРнын Коргоо Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерин аткарууда жергиликтуу бийлик өкүлдөрү менен бирге аткарылылуучу иш пландардын жүзөгө ашырылышына токтолуп, жетишкендиктерди белгиледи.
Ал эми Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дин жаатындагы аракеттер үчүн облус казысына ыраазычылык билдирип, облустук казыяттын ишине ийгилик каалады.
Мындан сырткары облус жетекчилери 2016-жылы аткарылуучу диний иш-аракеттерди биргеликте талкуулашып, губернатор Таалайбек Сарыбашов облус казысына жылдын башталышынан тартып эл менен жолугушууларды бирге өткөрүп, дин кызматкерлери ысырапкерчиликтен арылуу боюнча эл арасында терең түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүнө чакырды.

#323 01 January 2016 - 19:35
ААЛЫМДАР КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ӨЗГӨН РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн 31-декабрь 2015-жылдын акыркы күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Ош облусунун Өзгөн районундагы борбордук мечитте эл менен жолугушту. Бул туурасында казыяттын басма сөз катчысы кабарлады.
Эл менен жолугушуу иш чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынан сырткары аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Тажидин ажы Байтейитов, Сайдамир ажы Джээналиев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана райондук баш имам хатип Акжол ажы Козубаевдер катышышты.
Аталган жолугушуунун алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов райондун элине ынтымак, биримдик, адеп-ахлак, аракечтиктен кайтаруу маселелери жана пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ) өрнөктүү өмүр жолу жана ата-энени кадырлап сыйлоо туурасында маселе айтып, келишкен өкүлдөр жергиликтүү элдин кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Эскерте кетсек Аалымдар бүгүн Кара-Суу районунда, ал эми 2016-жылдын 1-январь күнү Ноокат районунун элдери менен жолугушмакчы.

#324 01 January 2016 - 19:37
ОШ ШААРДЫК КАЗЫЯТЫ МЫКТЫ ДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АНЫКТАДЫ
Ош шаардык мусулмандар казыяты үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында дин кызматкерлери нин жылдык жыйынтыгынын негизинде мыкты дин кызматкерлерин аныктады. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Үлгүлүү жүрүш-турушу, мыкты адеп-ахлагы жана окуу иштерин жүргүзүүдөгү кошкон салымдары үчүн Ош шаардык мусулмандар казыяты «Качыбек» мечитинин имам хатиби Орозмаматов Бекмамат, «Бадр» мечитинин имам хатиби Махмудов Рустам ажыга мактоо баракчасын тапшырды.
Ал эми Ош шаарынын 7-12 кичи шаарчаларынын баш имам хатиби Рыскели уулу Кыялбек имамдар менен тыгыз байланышта болуп, өз ишиндеги тактыгы үчүн шаардык казыяттын ыраазычылык баракчасына ээ болду.
Быйылкы ажылык иштерин уюштуруудагы мыкты ккөрсөткүчтөргө жетишкендери үчүн Ош шаардык казыятынын иш башкармалыгынын ажылык боюнча адиси Жанарбек Матиев ыраазычылык кат менен сыйланды.
Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхужаев улуттар аралык ынтымакчылыкты бекемдөөдө, уюштуруу иштеринде жетишкен ийигиликтери үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.
Ош шаарындагы имамдар менен болгон жыйынында Ош шаардык мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жылдын мыкты дин кызматчысы болуп табылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана ЖМКнын катышуусунда атайын сертификатка ээ болду.

#325 01 January 2016 - 19:38
БИШКЕК ШААРЫНЫН КАЗЫСЫ АШЫКЧА ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТЕН АЛЫС БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ
Бишкек шаарынын казысы Садирдин ажы Маджитов бүгүн 31-декабрь күнү “Бешим баянында” жалпы жамаатка “Жаңы жыл” күнүн майрамдоодо ар кандай жаман иштерден оолак болууга чакырды.
Шаар казысы бул күнү ар кандай бузуку иштерден, ашыкча ысырапкерчиликтен оолак болуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги үчүн жалпы мусулмандарды дуба кылып, Алла Тааладан тынчылык суроого чакырды.
Маалымат: Бишкек шаардык казыятынын маалымат кызматы.
Бишкек шаарынын казысы Садирдин ажы Маджитов бүгүн 31-декабрь күнү “Бешим баянында” жалпы жамаатка “Жаңы жыл” күнүн майрамдоодо ар кандай жаман иштерден оолак болууга чакырды.
Шаар казысы бул күнү ар кандай бузуку иштерден, ашыкча ысырапкерчиликтен оолак болуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги үчүн жалпы мусулмандарды дуба кылып, Алла Тааладан тынчылык суроого чакырды.
Маалымат: Бишкек шаардык казыятынын маалымат кызматы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#326 01 January 2016 - 19:39
БИШКЕК КАЗЫЯТЫ МАВЛИД КЕЧЕСИНДЕ КОЛУНДА ЖОК ЖАРАНДАРГА 20 МИҢ СОМГО СЫЙ ТАМАК УЮШТУРДУ
Бүгүн 31-декабрда Бишкек шаарындагы борбордук мечитте пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айына карата мавлид кечеси өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарынын казысы, борбордук мечиттин баш имам хатиби Садирдин ажы Маджитов бул күнү мавлид кечесине чогулган жамаатка сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед ((ﷺ) төрөлгөн куттуу айда кайрымдуулук ишин көп-көп жасоо керектигин айтып, жалпы эли журтка тынчтык тилеп дуба кылды. Ошондой эле облус казысы жалпы журтту ар кандай ысырапкерчиликтен оолак болууга чакырып, мамлекетибиздин бакубат жашоосун, тынчтыгын тилеп өттү.
Бул күнү казыят кызматкерлери колунда жок 60 адамга атайын сый тамак уюштуруп, ага 20 миң сом сарпталган.

#327 01 January 2016 - 19:40
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСУНДАГЫ 4 РАЙОН, ШААРДА МЕЧИТТЕРДИН КАТТООСУ 100 ПАЙЫЗ АЯКТАДЫ
Жалал-Абад областынын мусулмандар казыятынын мечит бөлүм башчысы Жунусалиев Давранбек ажынын билдирүүсү боюнча КМДБнын буйруктарынын негизинде Жалал-Абад областында 2015-жыл ичинде мечиттерди каттоо боюнча бир топ алгылыктуу аракеттер, иш-чаралар уюштурулду. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Учурда Аксы районунда 60 мечит болсо, баардыгы мамлекеттик каттоодон өткөн. Кара-көл шаарындагы 4 мечит, Жалал-Абад шаарындагы 26 мечит, Чаткал районундагы 9 мечиттин мамлекеттик каттоосу 100 пайызга өтүп аяктагын. Ал эми Базар-Коргон районунда 105 мечит болсо, анын 103 мечити каттоодон өтүп, 98 пайызы бүткөрүлгөн.
“Учурда 1 мечиттин документтери толугу менен казыятка тапшырылып, 1 мечиттин документтери даярдалууда. Ошондой эле калган райондордо да каттоодон өткөрүү боюнча бир топ аракеттер жасалууда”, -деди казыяттын басма сөз кызматынан.

#328 01 January 2016 - 19:42
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 2015-ЖЫЛ ИЧИНДЕ 333 ДИН КЫЗМАТКЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТТЫ
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы чечимдерин ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлдерин жогорулатуу КМДБнын № 64-буйругунун негизинде Жалал-Абад шаарындагы “Айти” мечитинде ачылган “Даават курсунда” 31 дааватчы, Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде КМДБ тарабынан уюштурулган имамдык курста 24 мечит имамы, ОшМУнун теология факултети тарабынан уюштурулган атайын окуу курсунда 18 дин кызматкери, Ош шаарында “Ыйман” фондунун окуу курсуна 145 имам жана Бишкек шаарындагы окууга 8 райондун, 4 шаардын баш имам хатибдери катышып, окуудан өтүшкөн. Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу багытында уюштурулган Түркия мамлекетинде өткөн 40 күндүк окуу курсунан 2 имам, Москва шаарында 2 имам катышып, тажрыйба алмашып келишти. Муну менен катар эл аралык уюмдар тарабынан имамдарды ар тараптуу өнүктүрүү багытындагы окуу семинарларына 10 ашуун имамдар катышышкан. Жалпысынан алганда 2015-жылы Ош облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы 333 дин кызматкерлери жана мечит имамдары диний билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу окууларынан өтүшкөн.
Ыманали Матраимов өз сөзүндө аталган окуу курстарын улантуу максатында «Ыйман» фонду тарабынан 2016-жылдын 2-январынан тартып февраль айынын ортосуна чейин Ош облусунун 822 мечитинин имамдары үч этап менен 12 күндүк окуу курсунан өтүшмөкчү. Аталган окуу курстары имамдардын диний билимин гана жогорулатпастан, компьютердик технологияларды пайдалануу жана интернет менен иштөөнү үйрөтүү багытын да камтыйт,- деп кошумчалады Ыманали Матраимов.
Маалымат: Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#329 01 January 2016 - 19:43
БАТКЕН КАЗЫЯТЫНЫН ФАТВА БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ БОЛУП АБДИРАВШАН ДҮЙШӨЕВ ДАЙЫНДАЛДЫ
Баткен облустук мусулмандар казыятынын фатва бөлүм башчысы Кадырбердиев Абибилла ажы Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүм башчысы кызматына которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажынын буйругуна ылайык Абдиравшан Дүйшөев казыяттын фатва бөлүм башчысы кызматына дайындалды. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы кабарлады.
Дүйшөев Абдиравшан Ганыевич 1973-жылы 13-июлда Лейлек районунун Кулунду айылында туулган. 1980-жылы “Коммунизм” орто мектебинин босогосун аттап, 1990-жылы орто мектепти аяктаган. 1991-1995–жылдары Баткен районундагы Карабак айылындагы мечитте жергиликтүү молдолордон билим алган. 1995-жылы Ош облусундагы “Абдужапар” атындагы ислам институтуна тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2001-жылы тулуп өскөн Кулунду айылындагы мечитте имама хатиб. 2002-жылдан 2005-жылдары Кулундудагы Таир медресесинде мугалим. 2005-жылы Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” ислам институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы. 2006-2012-жылдары аталган институтта мүдүр. 2013-жылы КМДБнын уламалар кенешинин мүчөсү болгон. 2014-жылы Лейлек районунун баш имам хатибинин орун басары кызматтарын аркалаган.
Үй-бүлөлү, беш баланын атасы.

#330 01 January 2016 - 19:44
ААЛЫМДАР КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ОШ ОБЛУСУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШАТ
31-декабрь 2015-жылдын акыркы күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облусунда 2 күндүк иш сапары менен келишип, коомчулук менен жолугушууларды өткөрүшмөкчү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Эл менен жолугушуу иш чарасына Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы менен бирге аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Марс ажы Ибраев, Тажидин ажы Байтейитов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы, аалымдар кеңешинин жоопту катчысы Жоробай ажы Шергазыевдер катышуусу күтүлүүдө.
Аталган жолугушууларды өткөрүү боюнча Ош облустук казыяты учурда тиешелүү даярдыктарды көрүшүүдө. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин айтуусунда Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү менен облустун элинин жолугушуусу 31-декабрь күнү саат 11:00дө Өзгөн районунун борбордук мечитинде, 31-декабрь күндүн экинчи жарымында Кара-Суу районунда, ал эми 2016-жылдын 1-январь күнү Ноокат районунун элдери менен жолугушмакчы. Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү облус тургундарына ынтымак, биримдик, жана пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ) өрнөктүү өмүр жолу жана терс көрунүштөрдүн алдын алуу маселелери боюнча пикир алышып, эл арасындагы бардык суроолорго жооп беришмекчи.

#331 01 January 2016 - 19:45
ОШ ОБЛУСУНДА 2015-ЖЫЛЫ ИЧИНДЕ 333 ДИН КЫЗМАТКЕРИ ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТКАН
Мындай маалыматты Ош облусунун мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана билим берүү адиси Ыманали Матраимов билдирди. Анын айтымында 2015-жылдын ичинде Ош облусунун аймагынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан “Аль-Бухарий Алай” атындагы мечитинде уюштурулган атайын даватчылар үчүн ачылган окуу курсунан 60 даватчы, “Сулайман-Тоо” борбордук мечиттинде имамдардын билимин жогорулатуу үчүн уюштурулган окуу курсунан 24 мечит имамы, Ош мамлекеттик университетинин теология факултети тарабынан уюштурулган атайын окуу курсунда 25 мечит имамы, Бишкек шаарында өткөн “Ыйман” фондунун окуу курсуна 7 райондун баш имам хатибдери жана медресе мүдүрлөрү катышып, окуудан өтүшкөн. Мындан сырткары дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу багытындагы дин кызматкерлери үчүн уюштурулган Түркия мамлекетинде өткөн 40 күндүк окуу курсунан 3 имам, Москва шаарында уюштурулган окуу курсуна 2 имам катышып, тажрыйба алмашып келишти. Муну менен катар эл аралык уюмдар тарабынан имамдарды ар тараптуу өнүктүрүү багытындагы окуу семинарларына 200дөн ашуун имамдар катышышкан. Жалпысынан алганда 2015-жылы Ош облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы 333 дин кызматкерлери жана мечит имамдары диний билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу окууларынан өтүшкөн.
Ыманали Матраимов өз сөзүндө аталган окуу курстарын улантуу максатында «Ыйман» фонду тарабынан 2016-жылдын 2-январынан тартып февраль айынын ортосуна чейин Ош облусунун 822 мечитинин имамдары үч этап менен 12 күндүк окуу курсунан өтүшмөкчү. Аталган окуу курстары имамдардын диний билимин гана жогорулатпастан, компьютердик технологияларды пайдалануу жана интернет менен иштөөнү үйрөтүү багытын да камтыйт,- деп кошумчалады Ыманали Матраимов.
Мындай маалыматты Ош облусунун мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана билим берүү адиси Ыманали Матраимов билдирди. Анын айтымында 2015-жылдын ичинде Ош облусунун аймагынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан “Аль-Бухарий Алай” атындагы мечитинде уюштурулган атайын даватчылар үчүн ачылган окуу курсунан 60 даватчы, “Сулайман-Тоо” борбордук мечиттинде имамдардын билимин жогорулатуу үчүн уюштурулган окуу курсунан 24 мечит имамы, Ош мамлекеттик университетинин теология факултети тарабынан уюштурулган атайын окуу курсунда 25 мечит имамы, Бишкек шаарында өткөн “Ыйман” фондунун окуу курсуна 7 райондун баш имам хатибдери жана медресе мүдүрлөрү катышып, окуудан өтүшкөн. Мындан сырткары дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу багытындагы дин кызматкерлери үчүн уюштурулган Түркия мамлекетинде өткөн 40 күндүк окуу курсунан 3 имам, Москва шаарында уюштурулган окуу курсуна 2 имам катышып, тажрыйба алмашып келишти. Муну менен катар эл аралык уюмдар тарабынан имамдарды ар тараптуу өнүктүрүү багытындагы окуу семинарларына 200дөн ашуун имамдар катышышкан. Жалпысынан алганда 2015-жылы Ош облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы 333 дин кызматкерлери жана мечит имамдары диний билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу окууларынан өтүшкөн.
Ыманали Матраимов өз сөзүндө аталган окуу курстарын улантуу максатында «Ыйман» фонду тарабынан 2016-жылдын 2-январынан тартып февраль айынын ортосуна чейин Ош облусунун 822 мечитинин имамдары үч этап менен 12 күндүк окуу курсунан өтүшмөкчү. Аталган окуу курстары имамдардын диний билимин гана жогорулатпастан, компьютердик технологияларды пайдалануу жана интернет менен иштөөнү үйрөтүү багытын да камтыйт,- деп кошумчалады Ыманали Матраимов.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#332 01 January 2016 - 19:46
ОШ ОБЛУСТУК КАЗЫЯТЫ ӨНӨКТӨШТӨРҮ ТАРАБЫНАН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
Ош облусунун мусулмандар казыяты жыл ичинде өнөктөш катары иш алып баргандыгы үчүн бир топ ишканалардын ыраазычылык баракчалары менен сыйланды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Коомчулук арасында ынтымак, биримдикке чакыруу жана тынчтыкты куруу иш-аракеттеринин алкагында өткөрүлгөн иш-чараларда өнөктөш иш алып баргандыгы үчүн жана экстремизм, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму жана “Кызыл жарым ай” коому тарабынан Ош облустук казыятына ыраазычылык баракчалар тапшырылды.
Эскерте кетсек, Ош облусунун мусулмандар казыятынын натыйжалуу иш алып баргандыгы жана коомчулук менен тыгыз иш алып барууда кошкон салымы үчүн “Ош шамы” гезити Ош облус казысы Самидин кары Атабаевди “Жылдын мыкты жетекчиси” наамы менен сыйлаган.

#333 01 January 2016 - 19:49
КАРА-СУУ РАЙОНУНДА МАВЛИД КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу “Жалгыз-Бак” мечитинде пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына карата мавлид кечеси өткөрүлдү.
Кечеге Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Камалов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дин иштери боюнча кеңешчиси Тотктосун ажы Жапаров жана райондордун баш имам хатибдери менен жергиликтүү тургундар катышышты. Мавлид кечеси Куран окуу менен башталып, облус казысы Самидин кары Атабаев пайгамбарыбыздын (ﷺ) жашап өткөн өрнөктүү өмүр таржымалына токтолуп, анын бүт ааламга үлгү экендиги боюнча хадистерден баян кылды.
Ал өз сөзүндө; “Пайгамбарыбыздын (ﷺ) жетимдерге жасаган камкордугуна жана мээримдүүлүгүнө өзгөчө басым жасап, бүгүнкү турмушта бардыгыбыз бири-бирибизге камкор болуп, мусулмандык жылуу сезимдерибизди ойготуу менен өнүккөн коомду түзө алабыз”,- деген пикирин билдирди.
Эскерте кетсек, Мавлид кечелери Ош облусунун башка райондорунда да өткөрүлүүдө.
Маалымат: Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#334 01 January 2016 - 19:50
ОШ ШААРЫНДАГЫ «ФАЙСАЛ» МЕЧИТИНДЕ ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (ﷺ) ӨМҮР БАЯНЫ БОЮНЧА БАЛДАР АРАСЫНДА СЫНАК ӨТТҮ
Ош шаарынын Амир Темир кичи районунда жайгашкан «Файсал» мечитинде пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васалламдын) өмүр баяны боюнча өспүрүмдөр арасында бир айлык мөөнөт берилип, бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн.
Сынактын жүрүшүнө Ош шаарынын «Файсал» мечитинин имам хатиби Мазгардинов Назим, мечит кызматкерлери, мечиттин жамааты жана өспүрүм уландар катышышты.
Иш чараны уюштруу боюнча «Файсал» мечитинин имам хатиби Назим ажы Мазгардиновдун айтымында балдар өспүрүм курагынан тартып пайгамбарыбыздын (ﷺ) өмүр баянынан кабардар болушса, ар кандай терс диний агымдардын азгырыктарынан оолак болушат.
Пайгамбарыбыздын (ﷺ) өмүр баяны боюнча балдар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белек-бечкектер берилип, мындай саамалыктар уюштурулуп турулаары маалым болду.

#335 01 January 2016 - 19:53
КИУДА МАВЛИД КЕЧЕСИ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн Кыргызстан ислам университетинин жыйындар залында пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына карата мавлид кечеси өтүүдө.
Кечеге КИУнун ректору, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, КИУнун проректорлору жана мугалимдер жамааты, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Тажидин ажы Байтейитов, Марс ажы Ибраев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы, аалымдар кеңешинин жоопту катчысы Жоробай ажы Шергазыев катышууда.
КИУнун 4-курстары тарабынан уюштурулган мавлид кечеси Куран окуу менен башталып, алгачкы сөз, ректор Абдишүкүр ажы Нарматовго берилди.
«Жападан жалгыз үммөтүн ойлогон пайгамбарыбызды (ﷺ) кантип сүйбөйлү. Ар бир эне пайгамбарыбыздын (ﷺ) хадистеринен балдарына окуп берсе, канчалаган инсандар анын өмүр жолунан кабардар болмок»,-деди ректор өз сөзүндө.
Ал эми КИУнун проректору Марс ажы Ибраев 4-курстун бүтүрүүчү студент кыздары тарабынан даярдалган мавлид кечесине келген конокторго ыраазычылыгын айтып, пайгамарыбызды (ﷺ) сүйүү менен жашайлы деген пикирин билдирди.
Мавлид кечесинин катышуучуларына бул күнү атайын даярдалган пайгамарыбыздын (ﷺ) өмүр жолунан, мусулман үммөтү үчүн жасаган баа жеткис эмгектеринен слайд көрсөтүшүп, катышуучулардын жүздөрүнө жыйлмаюу жаратты.
Майрамдык кеченин уюштуруучулары тарабынан атайын таттуулар жана пайгамарыбыздын (ﷺ) насааттары жазылган баракчалар даярдалган.

#336 10 January 2016 - 10:33
КАРА-СУУ РАЙОНУНУН “СҮРӨТ-ТАШ” МЕЧИТИНДЕ МАВЛИД КЕЧЕСИ УЮШТУРУЛДУ
Кечээ Кара-Суу районунун Кызыл-Кыщтак айыл өкмөтүнө караштуу “Сүрөт-Тащ” мечитинде пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына карата мавлид кечеси өткөрүлдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мавлид иш чарасына Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Анарбек ажы Жусупов, аталган мечиттин имам-хатиби Масатов Жахангир ажы жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мавлид кечеси Куран окуу менен башталып, облус казысы Самидин кары Атабаев пайгамбарыбыздын (ﷺ) жашап өткөн өрнөктүү өмүр таржымалына токтолуп, анын бүт ааламга үлгү экендиги боюнча хадистерден баян кылды.
Ал өз сөзүндө пайгамбарыбыздын (ﷺ) жетимдерге жасаган камкордугуна жана мээримдүүлүгүнө өзгөчө басым жасап, бүгүнкү турмушта бардыгыбыз бири-бирибизге камкор болуп, мусулмандык жылуу сезимдерибизди ойготуу менен өнүккөн коомду түзө алабыз,- деген пикирин билдирди. Андан соң мавлид окулуп, иш чара улантылды.
Эскерте кетсек, учурда мавлид кечелери Ош облусунун башка райондорунда да өткөрүп жатат.

#337 10 January 2016 - 10:34
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ ОШМУНУН ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛТЕТИНДЕ ОКУП ЖАТКАН ИМАМДАРГА МАСТЕР-КЛАСС ӨТТҮ
Бүгүн Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев ОшМУнун теология факултетинде дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу курсунда окуп жатышкан Баткен жана Ош областынын имамдарына "Мечит иштерин уюштуруу" аталышындагы сабак өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз катчысы Нургазы Каримов кабарлады.
Облус казысы сабактын жүрүшүндө мечиттин ишин уюштурууда бекитилген жободо кандай укуктар бар экендигин жана аталган маселелерди уюштурууда имамдын орду боюнча кеңири түшүндүрмө берип, имамдарга практикалык мастер-класс көрсөттү. Эскерте кетсек, аталган окуу курсу “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” алкагында өтүп, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкаралыгы тарабынан уюштурулууда.

#338 10 January 2016 - 10:35
МУРЗАКУЛ КАРЫ ОСМОНОВ БАТКЕН ОБЛУСУНУН ИМАМДАРЫНА "КУРАН"
БОЮНЧА САБАК ӨТТҮ
Ош шаарындагы имам Аль-Бухари атындагы «Алай» мечитинин имамы Мурзакул кары Осмонов ОшМУнун теология факултетинде өздөрүнүн билим деңгээлдерин жогорулатып жатышкан Баткен областынын имамдарына "Куран" боюнча сабак өттү. Аталган долбоор “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” алкагында өтүп, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкаралыгы тарабынан уюштурулууда.
Имамдар үчүн уюштурулуп жаткан эки жумалык семинар Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде жана ОшМУнун теология факултетинде өтүүдө.
Ош шаарындагы имам Аль-Бухари атындагы «Алай» мечитинин имамы Мурзакул кары Осмонов ОшМУнун теология факултетинде өздөрүнүн билим деңгээлдерин жогорулатып жатышкан Баткен областынын имамдарына "Куран" боюнча сабак өттү. Аталган долбоор “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” алкагында өтүп, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкаралыгы тарабынан уюштурулууда.
Имамдар үчүн уюштурулуп жаткан эки жумалык семинар Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде жана ОшМУнун теология факултетинде өтүүдө.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#339 10 January 2016 - 10:37
БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮНҮН КАТЫШУУСУНДА ЖЫЙЫН ӨТТҮ
Бүгүн Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жыйын болуп, ага Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы жана айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы, айыл тургундары катышышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйындын алкагында экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана бул жаатта жергиликтүү тургундар арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экендигин айтышып, аялзатынын орду туурасында бир катар маселелер айтылды. Ошондой эле аялзатынын арасында дагы бир катар туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды.
Бүгүн Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жыйын болуп, ага Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы жана айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы, айыл тургундары катышышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйындын алкагында экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана бул жаатта жергиликтүү тургундар арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экендигин айтышып, аялзатынын орду туурасында бир катар маселелер айтылды. Ошондой эле аялзатынын арасында дагы бир катар туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#340 10 January 2016 - 10:38
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК ХАТИБИЯТЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЮТС ТЕЛЕКАНАЛЫ МЕНЕН ЖЕТИ ЖЫЛДАН БЕРИ КЫЗМАТТАШАТ
Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Кызыл-Кыя шаардык хатибияты коомчулукту жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтаруу жана элибизге туура диний маалыматтарды жеткирүү максатында жергиликтүү “ЮТС” телеканалы менен жети жылдан бери кызматташып келет. Аптанын жума күндөрү “Дин жана Инсан” телеберүүсү эфирге чыгарылат. Телеберүү аркылуу коомчулукту ыймандуулукка, адептүүлүккө, биримдик, тынчтыкка чакырган ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана облустук казыят тарабынан берилген буйрукка ылайык темалардын алкагында баяндар айтылып келет.
“Улуттардын арасында биримдикти, тынчтыкты, сакттоодо жана ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алууда жалпыга маалымадоо каражаттарынын орду чоң. Мына ошондуктан жети жылдан бери “ЮТС” телеканалы менен тыгыз кызматташып келебиз, 2016-жылдан тарта “ЮТС” телеканалы жана облустук казыяттын маалымат кызматы менен биргеликте жаңы пландарды ишке ашыруу максатыбыз бар”,- дейт Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукаддас ажы Кожониязов.
“ЮТС” телеканалында “Дин жана Инсан” теберүүсүн эфирге даярдаган Азат Айткуловдун айтымында бул программа ал телеканалга кызмат ордуна келгенге чейин эле эфирге чагылдырылып келген. Албетте коомчулук күтүп көргөн маанилүү, пайдалуу телеберүү деп эсептейм,- дейт өз сөзүндө.
Ал эми “Дин жана Инсан” телеберүүсүнөн сырткары Кызыл-Кыя шаардык хатибиятынын жаңылыктарын коомчулуктун көнүлүнө жеткирүүдө ЮТС телеканалы жакындан кызматташып келет.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Супер-Инфо
super.kg
видео