Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Билерман
• > Дин жана философия
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (59 бет)

• « 1

• 36
• 37
• 38
• 39
• 40

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#741 Пользователь офлайн   emilbek1   03 Январь 2016 - 18:10

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 376
• Катталган: 02 Октябрь 14
• Соңку аракети: 20 Окт 2016 10:15
• Жынысы:Эркек

MACKA. (03 Январь 2016 - 13:10) жазган:

< font color="#4b0082" >Али (РА) бир христян дининдеги адамдын үйүндө конок болду. Коноко жүзүм алып келип сунду. Али (РА) жеди. Анан жүзүмдөн жасалган шарап алып келишти.

< font color="#4b0082" >Али (РА) айтты:

< font color="#4b0082" >- Бул арам!

< font color="#4b0082" >Анда христян: Мен мусулмандарга таң калам. Жүзүм адал, ал эми жүзүмдөн жасалган суусундук арам...?

< font color="#4b0082" >Али (РА) айтты:

< font color="#4b0082" >- Аялың барбы?

< font color="#4b0082" >- Ооба, бар.< /font>

< font color="#4b0082" >- Кызың барбы?

< font color="#4b0082" >- Бар.< /font>

< font color="#4b0082" >- Ал экөөнү бул жерге ээрчитип кел.< /font>

< font color="#4b0082" >Көп узабай алар келишти.

< font color="#4b0082" >Аз. Али (РА) :

< font color="#4b0082" >-  Көрдүңбү? Бул кыз жана анын энесин. Энеси сага адал. Бирок анын кызы сага арам!

< font color="#4b0082" >Анда Христян :

< font color="#4b0082" >- Ант ичем! Аллах жалгыз! Мухаммед анын элчиси жана сен анын орун басарысың! !! - деп ислам динин кабыл алганын жарыялады.< /font>

Аллаху акбар!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#742 Пользователь офлайн   Meruet84   03 Январь 2016 - 18:52

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 308
• Катталган: 09 Март 15
• Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кыргызстан

Таасирлуу окуялар...
Болочок жубайларга сабак жана улгу :)
Сааттын боосу жана тарак
Күйөөсү менен аялы абдан кедей жашачу. Бирок, башка тартса бутка, бутка тартса башка жетпеген кедейчилик алардын ынтымагын буза алган жок. Алар абдан ынтымактуу жашоо кечирчү. Бир түнү аялы күйөөсүнө эркелей карап:
- Жаным, чачым чатышып аябай жүдөп кеттим, мага бир тарак сатып бере аласыңбы? – деп суранып калды. Күйөөсү оор үшкүрүп:
- Жаным, бир аз сабыр кыла тур, ал эмес саатыма боо ала албай жүрөм, - деп жооп кайтарды. Акылдуу аял сөзүн экинчи жолу кайталаган жок. Жубайлар өз ойлору менен көпкө алп урушуп жатып уктап кетишти.
Эртеси эртең менен күйөөсү жумушка кетти. Түшкө чейин жумушун бүткөрүп, шашып-бушуп базарга барды да, жарыбаган акчага боосу жок саатын сатып, жакшынакай тарак сатып алып, үйүнө шашылды. Үйүнө кубанычы койнуна батпай келген күйөөсүн аялы да кубануу менен тосуп турган экен. Бирок, экөө бири-бирин көрөр замат жүздөрү томсоро түштү. Аялы босогодо турат. Чачы түбүнөн кыркылган. Колунда саатка боо. Күйөөсү да босогодо. Колунда тарак. Экөө тең бир азга селейе катып калышты да, анан көз карегине айлана түшкөн көз жаштарын бири-биринен жашырып, кучакташып калышты. Дүкүлдөп соккон жүрөктөр бул эки жан бири-бири үчүн өлүмгө да даяр экенин айтып жаткансып дүкө-дүк, дүкө-дүк кагып жатт

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 03 Январь 2016 - 19:04

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#743 Пользователь офлайн   Meruet84   03 Январь 2016 - 18:58

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 308
• Катталган: 09 Март 15
• Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кыргызстан

Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху!

Арап мамлекетинде болуп откон окуя.

✨Бир залаалатта жургон Ата кантип Ибадатка киргендиги, кайсы жолдон озун ибадат жолуна буруп, жакшы Инсандардын катарына кошулуп, башынан откон кундорду озу икая кылат:

✨Мен озумун напсиме кул болгон бир зат элем. Майышат деген жайда, кумар деген жайда, ичкилик деген жайда озумду токтоталбас элем. Адамдардын аркасынан мазак кылыш, адамдарды талкуулаш, копчулуктун устунон кулушту жакшы корор элем.

✨ Бир куну улпотчулук кылып жоро жолдошторум менен айланганы чыктык, мас абалдамын, кайф тушап алган, ортодо шайтан бар. Кочого чыксам узактан козу кор, аягы чолок, аксак адамдын пайпастап келе жатканын кордум. Шайтан жолдон урдубу же кайфтик кучтуулук кылдыбы?

✨ Досторума карап, азыр бир тамаша корсотоюнбу? Тоюп-тоюп кулосунор деген кепти суйлодум.
✨ Жанагы келаткан бечара, чолондогон адамды аягым менен чалып жыгыттым. Жерге жыгылган козу кор, аксак, чолок адам ордунан туралбастан дубалды кармап пайпастап тургандыгын коруп МЫРКЫП - МЫРКЫП кулдук.
Тан атаарга жакын уйумо кайтсам, аялымдын толгоосу тутуп турган ай куну жакындашып калган экен.
Торотканага кеттик, 2-сааттан кийин уул торолду!

Кабар болду:

✨Уул кордунуз бирок кетишинизден алдын шыпаакердин алдына кирет экенсиз! Доктурлардын сизге айта турган создору бар экен!

✨ Доктурдун алдына кирдим, алдын куттуктап Аллах сизге уул атаа этти маарек болсун!

✨ Бирок бир жагымсыз кабар бар, торолгон баланыз тубаса чолок, эки козу кор абалда торолду деген созду айтышты.

✨ Оо Роббим, кечээ бир Инсанды бейакы кемсинтип, аягым менен чалып жыгыткан элем!
Бугун озумдун башыма кайтарып койдун.
Бир Инсандын устунон кулгон элем, бугун Озун ушул ишти перзентимден кайтардын дедим, дартым ичимде калды, бироого айта алганым жок!

✨ Бала саналуу кундон кундордон кийин уйго кайтып келди, торотканадан чыкты.

✨ Саалим деп ысым койдук!
Бирок бираар жолу ушул перзентим экен деп кучагыма кысканым жок, башка Аталарга окшоп перзентим эркелеп, кочолордо айландырган бир Аталарга окшоп колунан жетелегеним жок.
✨ Аталык мээримди бергеним жок!
Озумдун канымдан болгон баламдан озум жийиркендим! Чолондогон, аксак, козу кор баланы колума алганым жок.
Бала кундон кунго улгайды.
Дагы 2 - уул кордук, Умар жана Хаалык деген уулдарыма ысым бердик.

✨ Мен дагы деле залаалаттамын, дагы эле натууру жолдомун, аялым Аллахка ынтызаар кылат, Намаздарда ыйлагандары Жаратканым, ушул залаалатта жургон эриме ынсап бергин, Озун хидаятына баштагын, тууру жолго озун жетелегин, тууру жолду корсоткун деп Кудайдан сурайт!

✨ Акыры хидаятка чыга турган кунум башталды, бул Жума куну эле!

✨ Уулум Саалим аксак, буту чолок козу кор балам 10 - жашка толгон маалы болчу.

✨ Эртелеп уйкудан туруп адатымча улпотчулуко кетейин деп турсам, уулумдун журокту эзе турган даражада ыйлап тургандыгын уктум :
- Саалим, эмнеге ыйлап жатасын?
- Иним Умарды кутуп турат элем кечигип калды.
-Инин Умарды апан бираар бир жумуш менен бир жайга жиберген болсо керек, инин Умар не учун сага керек болуп калды? - деген кепти айтсам, жанагыдан да катуураак журокту эзгидей ыйлады.

✨Аркама кайтып дагы сурадым :
- Саалим, инин Умар эмне учун керек эле?

- Атаа, убакыт отуп калды, Умар кечигип калды. Мен бугун ниет кылган болчум!

✨Аллахтан сураган элем, Жума Намазына барып, биринчи сапка отуруп, биринчи саптын сообунан Аллахтан эге болушка умуткор болгон болчум!
Озум аксакмын, аягым чолок, козум кор! Мумкун болгондо озум журуп барган болоор элем, козум бул дуйнону корбойт.
Иним жетелеп алып барам деген эле, убада берген эле, бирок Умар кечигип калды!

✨ Оо Жаратуучум, бул баланы кор кылгансынбы же мени кор кылгансынбы?
- Козу кор болсо да, калбын ачып коюпсун го! Бечел бир бала, перзентим, каным, зуруятым озу аксак болсо да, буту чолок, козу кор болсо да, биринчи сапка барып, Жума Намазымын сообунан умуткор болуп, биринчи сапта Ибадат кылышты ниет кылып жатса, мен Атасы болуп, дунуйого келип, торт мучом саламат болсо, бутум соо, козум бутун болуп дуйнону коргонум менен эмне учун биринчи сап бул жакта турсун, акыркы сапта отуруш да дилиме келгени жок?
✨ Эмнеге мени мынча кайдыгер кылдын Жаратканым дедим!

✨ Баланы жалгыз калтырып кетишке коодонум кыйнады.
Ошондо ниет кылдым:
Саалим, азыр мен тахарат аламын, колундан жетелеп озум Жума Намазга алып барамын.

- Ата коюн, устумдон кулбон, Сиз Жума Намазга барбай турган Инсансыз, жок.

- Балам, мен колундан жетелеп, озум алып барамын - деп ниет кылдым.

✨Тааратты алып, Саалимди колунан жетелеп Мечитке бардык.
Барсак жамаат ичкериде да, тышкарыда да толгон абалда.

✨Субханаллах, мына ушу балага биринчи саптан жай таап бер. Биринчи сапка уулумду откоруп, аркасынан озум тизе бугуп Намазды окудук.

✨Карап турсам дубалдарга пайпастап болсо да эптеп ибадат кылып башын саждага коюп туруптур!

✨ Жума Намазы аягына чыккандан кийин, Саалим, ордунан тур эми уйго кетебиз десем :
- Ата, Куранды алып берин, Курандын Каьф суроосун ачып берин, мен Куранды тилават кылып ордуман турамын.

✨ Куранды алып Каьф суроосун ачып колуна бердим. Кор бала кандай кылып Куранды окуйт экен десем, жаттап буткон экен, Каьф суроосунун башынан акырына чейин, аятма аят окуп, Куранды акырына жеткизгенде, балам Куранды окуп турат, менин козумдон жаш тогулуп турат.

✨ Козун кор кылган болсон да, калбын ачып, калбына Кальамыны жай кылып кылып коюпсун! Мен салааматмын, козум ачып болсо дагы, качан Куранды акыркы жолу колума алганымы озум да билбейм. Ушшунчалык мени кор кылып, моор баскансынбы эй Роббим деп ыйлап турдум.
✨ Бир маалда козумду сылап тургам жумшак колду сезип калдым. Карасам Саалим, козумдон агып турган жаштарды колу менен арчып, мага кошулуп ыйлап тургандыгын сездим.

✨ Ошол куну Ата-бала бактыяр болуп уйубузго кайттык.
Менин залааттан хидаятка биринчи кадам койгон кунум! Башым саждага тийип адал менен арамды андаган кунум, мына ушул перзентим мага бир себепчи болгон кун!
Уй-булоом аялым, уйумдогу коом карындаштар баары курсант.

✨Эски жоролордон кол жууп, жаны достор арттырдым.
Ыймандын нурунан кубанычым койнума батпай, башымды саждага койдум.

✨Ушул балама Мээримим башкача болуп кетти. Жаштыгында бираар жолу балам деп койнума баспадым. Аталар сыяктуу эркелеткеним жок. Ушул балама эч бир карабаган элем.
Бирок ушул перзентим мени жетелеп хидаятка баштады.
Балага мээримим башкача болду.

✨ Мойнума сапар важип болуп, 3-айдан артык узаак бир мамлекетке кеттим.
Ар куну телефон аркылуу суйлошуп, уулум Саалим кандай деп сураймын, бирок Саалимдин добушун угалбайм.
Уй-булоом аялым, балдарым Саалим мектепте же Медресе деген кепти айтышат, бирок Саалимдин добушун угалбай эле койдум.
✨ Бир жолу болсо да унун уксам гана деп Аллахтан сурайт элем. Уйумо кайтышка бир апта калганда, дагы телефон чалдым. Аялым телефонду алып : Саалим жакшыбы? - деген суроого :

- Ин Шаа Аллах деп жооп берди го бирок маанайсыз айткан созунон кабатырда болдум.
Арадан бир канча кундор отуп, уйумо келдим.
Кочодо келе жатканда ынтыгып, "азыр эшикти тыкылдатсам, мени залаалаттан кайтарып, хидаятка баштаган Саалим эшикти ачса, тоюп-тоюп бир коюнумда, кучагыма бассам деген ниет менен келдим.

✨Эшикти аялым ачты. Умар, Хаалык уулдарым келип учурашкандарынан кийин Саалимди кыдыра баштадым.
Саалим кана деп собол кылсам :

- Ата укпадынызбы? Сиз сапарга кеткенинизден кийин агабыз Саалим амаанатын тапшырды, Туболук дуйного, кетти деген кепти айтканда, башымды чакмак чаккандай бир нерсе чарсылдап кетти!
Озумду ар жакка уруп ыйлай баштадым.

✨Жаратканым, бир перзент Саалихти мага атаа этип, мени залаалаттан кайтарып, хидаятка баштаган, Жаннатка каражат, Тозокко парда боло турган бир перзент атаа эткен экенсин мен анын кадырына жетпепмин.
Баламды бир короюн деп келсем бул балам да коз жумуптур.

✨ Оо Роббим, бул баланын аягын чолок кылып жараттын, бирок бул чынында чолок эмес!

✨ Ырас ыраста жургон, хидаятта жургон, Аллах буюрган тууру жолдо жургон адамдын буту чолок болбойт!

✨ Бутун чолок эмес кылып койсон бирок туура жолдон адашса, залаалатта журсо, жамандыкта журо турган болсо анын буту чыныгы чолок!

✨ Бул баланын коздорун жумуп койдун, кор кылып койдун, бирок чынында бул кор эмес кокурок козун ачып койгон элен Жаратканым! !!

✨Эки коз ачык болсо, арам менен адалдын айырмасына барбаса, коз ачык болсо, бирок кокурок козу жабык болсо, бул Инсан чыныгы кор болот!

✨ Уулума кыскача омур бердин, бирок мазмундуу жашоо бердин. Кыскача омур кечирди, бирок Инсандарга улгу боло турган омур кечирди!

✨ Жараткан Эгем, ушундай бир карангы болгон мендей Атаны кечиргин!

✨ Балам Саалим Аллах сени рахматына алсын!
Мендей Атадан ыраазы болгун деп буркурап тилеп ыйлайт...

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 03 Январь 2016 - 19:00

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#744 Пользователь офлайн   Mediziner   05 Январь 2016 - 00:18

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 816
• Катталган: 11 Апрель 15
• Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош

Мээрим жөнүндө...

Согуш убагында бир аскер согуш майданында калып кеткен, жараланган шеригин алып келмекчи болду. Ага капитаны ушундай деди:
- "Эми пайдасы жок! Досуң эчак өлгөн болсо керек"
Бирок аскер баары бир согуш майданына барды жана досун өзү менен алып кайтты.
Жансыз денени көргөн капитан, мындай деди:
- "Айткан элем го, ал өлдү деп. Бул өмүрүңдү кооп астына коюушуңа арзыбайт! "
Аскер көздөрү жашылданган абалда жооп берди:
"Жок мырза, арзыйт...
Анын жанына жетип барганымда, ал көздөрүн ачты жана жылмайды.. Акыркы сөзү "Мен келишиңди билгем" деген сөз болду....
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#745 Пользователь офлайн   love2016kg   06 Январь 2016 - 08:04

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 119
• Катталган: 21 Декабрь 15
• Соңку аракети: 12 Фев 2019 06:51
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Бишкек

КУУРЧАК
Бир куну дуконго кирип, азык-тулук
алып, сатуучунун алдына келсем, ал
5-6 жаштардагы бала менен
суйлошуп жатыптыр. Сатуучу айтат:
Окунучтуу, бирок бул акчан бул куурчакты сатып алууга жетпейт
деди. Анан ал бала мага кайрылып:
Байке, чын эле менин акчам
жетпейби? -деп сурады. Мен акчасын
санап чыгып: Алтыным, чынында эле
акчан бул куурчакты алууга жетпейт экен дедим. Кичинекей бала колунда
куурчакты кармаган бойдон туруп
калды. Мен озумдун алган
нерселеримди толоп бутуп, кайра ал
баладан, бул куурчакты кимге
берээрин сурадым..- Бул куурчакты менин карындашым аябай жакшы
корчу, сатып алгысы келип жургон. А
мен анын туулган кунуно белек
кылгым келди. Бул куурчакты апама
берсем, ал карындашыма барганда
ала барат эле!...Кайгылуу коздору менен ушуларды суйлоду. Менин
карындашым Жаратканга кетти. Мага
муну атам айтты. Дагы, жакында
апамды да кетет деди.. Ошондуктан
бул куурчакты апама ала барып,
карындашыма беришин ойлодум... Менин журогум бир саамга токтой
тушту. Кичинекей бала мени карап:
Мен атама айтып келдим, мен ойноп
келгичем апам кетпей турсун деп.
Андан сон ал, озу бактылуу кулуп
тушкон суротун корсотту. Мен бул суротту, апам карындашыма мени
унутуп калбаш учун, ала баруусун
каалайм. Мен апамды аябай жакшы
кором, апам мени таштап кетуусун
каалабайм, бирок атам, апамдын
кичинекей карындашымдын алдына кетиши керектигин айтты. Ал кайра
куурчакты капалуу коздору менен
карап алды.
- Мен чонотогумдон акча алып чыгып:
Кел, кайра баштан акчанды санап
королучу, эгер жетет деп ойлосон?. .- Ооба, ооба бул куурчакты алууга
жетет деп ойлойм! Ал балага
корсотпой озумдун акчамдан кошуп
койдум да, башынан санап кирдик.
Куурчакты алууга акча жетип, дагы
бир аз артып да калды. Кичинекей бала: Мага акча бергенин учун
рахмат, Жараткан деди! Мени карады
да: Кечээ, жатаар алдында кудайга
дуба кылып, ушул куурчакты сатып
алып, апамдан берип жиберуу учун
акча сураган элем. Демек, ал мени угуптур! Дагы бир аз акчам болуусун
тиледим эле, апама ак атыр гул алып
беруу учун. Менин апам ак атыр гулду
жакшы корот деди..Мен дукондон
ойлуу жана кызык абалда чыктым.
Анан мен, гезиттеги эки кун мурдагы болгон окуяны эстей кеттим. Ал
жерде, мас абалындагы киши
машинасы менен бир аял менен жаш
наристени уруп кеткени жазылган
эле. Наристе кыз ошол эле жерден
каза табып, апасы оор абалда болчу. Доктурлар, апасынын жанын сактап
турган апараттан очуруштору керек
болчу, анткени ал жаш аял комадан
чыгууга ото алсыз эле. Балким бул
куурчакты сатып алган бала, ошол
уй-булонун баласы болуп журбосун?..Эки кун откондон кийин,
ал аял каза тапканын гезиттен
окудум. Козумдун жашын токтото
албай ыйлап жибердим. Мен ак атыр
гул сатып алып, жерге берилип
жаткан жерге бардым. Жаш эне акка оролуп жатыптыр. Бир колунда
куурчак менен сурот, бир колунда ак
атыр гул..Козум толо жаш менен
кетип баратып, менин жашоом эми
озгорулоорун сезип жаттым...Мен эч
качан бул кичинекей баланын, апасы менен карындашына болгон суйуусун,
мээримин унутпаймын! Бир-
бирибизди тируу кезибизде
барктайлы, мээрим тоголу. Анткени,
жашоо ото кыска жана кырсык
айттырбай келет.
Которгон, У.АМИРАЕВА
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#746 Пользователь офлайн   Meruet84   06 Январь 2016 - 12:41

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 308
• Катталган: 09 Март 15
• Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кыргызстан

БАНКТА ИШТЕГЕН КАРЫНДАШТЫН БАЯНЫ

Түшкү тыныгууга аз калганда, мен иштеген банкка бир сакалчан байке келип калды. Мен бош болгон себебинен, менин алдыма келип отуруп “Россиядан акча келет эле, Юнистрим аркылуу” деп мага паспорту менен код жазылган кагазын сунду. Анан шаша “Эки перевод келет биринин коду аркы бетинде” деп сөзүн толуктады. Негедир анын сакалынан иренжий, көңүлүм суз, ага келчү акча каражаттарын компьютерден тактай баштадым. Билбейм эмнеге бирок сакалчан адамдарды көрсөм эле жаман көрүү сезими ойгонуп кетээр эле. Түшүнбөйм себебин, бирок ушундай бир жаман көрүү болоор эле.
Анын акча каражаттарын тактап, кагаздарды толтуруп баштаганда бир тааныш бала келип менден ага керек иш кагаздарын сурап калды, тиги сакалчан байкеге азыр коё турасызбы деп, таанышымды жөнөтүп, байкенин кагаздарын колуна карматып кассага барып акча алуусун айттым. Бир убакта эле кассада отурган Нуржан эже атымды атап “Бул жерге эмне доллар деп жазып койгонсуң?” деп кыйкырып калды. Ойго чөмүлүп отурган жаным, Нуржан эженин жанына чуркап барсам, “3000 доллар деп жазып коюптурсуң, байке рубль алат турбайбы.” деди. Эмне деримди билбей кагазга үңүлдүм, карасам чын эле 3000 доллар деп турат. “Рубль деп ондоп кел!” деп Нуржан эже кагазды мага карматты. Тез арада валютасын өзгөртүп жаны кагаз даярдап байкени кол коюуга чакырдым, ал келип кол коюп жатып “Абдан көп акча берип жатпайбы кассир, абдан чочуп кеттим” деп күлүп калды. “Рахмат байке” дегенге араң жарадым. Эгерде акчаны ал киши унчукпастан алып кеткенинде жумушумда кандай машакаттар башталарын элестетип, ичимен ага ушунчалык ыраазы болдум. “Оо Кудай рахмат. Кудай рахмат.” деп ичимен эрксиз кайталай баштадым. Тиги байке акчасын алып кетип бара жатканда үнүмдү катуу чыгарып “Байке рахмат.” дедим эле, ал мени карап жылмайып “Эч нерсе эмес. Аллах көрүп турат!” деп банктан чыгып кетти.
Түшкү тыныгуу убагында Нуржан эже эмне болгонун айтып берип отурду. “Эки “перевод” келген экен байкеге, биринде 4000 рубль, экинчисинде 3000 доллар деп турат. Анан байкеге кайрылып “Сом менен аласызбы?” деп сурасам “Ооба” деп жооп берди. Ичимен “доллардын курсу өсүп жатса сом менен алып эмне кылат?” деп ойлоп койдум да, кассадан акча алып, санап туруп анын алдына койдум. Байке мени бир карап, акчаны бир карап “Мен мынча акча албайм.” деп акчаны мага түртүп койду. Ичимен “Эмне мээни оорутуп жатат.” деп жиндене “Ай байке! 3000 доллар, анан 4000 рубль келет беле?” десем, “Жок, 3000 рубль анан 4000 рубль келмек. Ашып кетсе 10000 сомдой эле алам” дейт. Анан сага кыйкырбадымбы. Ушундай “честный” адамды биринчи көрүшүм, башка эме болсо жыргап акчаны алып кетип калмак да, туурабы? Тиги болсо акчаны кармабастан кайра мага түртүп жатпайбы. Ой тобоо! Анан сага эмне деди кетип баратып?” деп сурап калды. Ошондо мен ““Аллах көрүп турат!” деди эже.” деп, өзүмөн-өзүм эле туталанып, ыраазы болгондуктанбы же башка бир себептенби, айтор жылуу бир сезимдин кучагында: “Чын эле, Аллах барыбызды көрүп турат. Аллах көрүп турарына ишенген адамдар көбөйө берсин. Аллахым, Анын көрүп турарына ишенген адамдардан ыраазы болсун!”” деп ыйлап ийдим…
ЧЫНДЫГЫНДА УШУНДАЙ АДАМДАР КОБОЙО БЕРСИН,Ааминь

Банкта иштеген карындаштын баяны, турмушта болгон окуя
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#747 Пользователь офлайн   admin_portal   06 Январь 2016 - 15:34

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Супермодератор
• Билдирүүсү: 541
• Катталган: 19 Ноябрь 13
• Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:29

"жаш баланын кыялы" темасы менен бириктирилди.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#748 Пользователь офлайн   Meruet84   07 Январь 2016 - 20:41

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 308
• Катталган: 09 Март 15
• Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кыргызстан

~АЖЫРАШУУНУ КААЛАГАН АЯЛ~

Абу-Ханифага бир аял келип, “Эки жыл мурун күйөөм экөөбүздү никеге тургуздуң эле. Эми бизди ажыраштыр. Мен мындан ары күйөөм менен жашаганды каалабайм”- деди.

- Эмне себептен ажырашууну каалап атасың?

- Башкалардын күйөөлөрү үйлөрүнө күнүгө убагында келет. А менин күйөөм болсо, ар дайым кечигип келет. Ошондон улам үйүбүздө күнүгө жаңжал болот.

Абу-Ханифа: “Болгону ошол себеппи?”-деп таң калуу менен сурады.

- Ооба, ошол себеп. Мен мындай кемчилиги бар адам менен жашаганды каалабайм.

- Мейли, ажыраштырса, ажыраштырайын. Бирок, бир шарт менен гана ажыраштырам. Үйүңө барып, чоң таттуу нан бышырып, мага алып кел. Нанга кошула турган туз, суу жана унду үйүңдөн албай, кошуналарыңдан сурап, ошондон кошуп жаса. Аларды эмне кылуу үчүн сураганыңды жана күйөөң менен ажыраша турганыңды кошуналарыңа сөзсүз айткын.

Тиги аял үйүнө барып, нан бышырууга киришти.

- Оо, Марьям, мага бир стакан суу берип турчу?

- А эмне сууңар түгөнүп калдыбы? Кудуктан суу чыкпай калдыбы?

- Жок, суу чыгып жатат. Мен күйөөм экөөбүздү ажыраштыруу үчүн имамга бардым эле.

Сөзүн аягына чейин айтып бүтө электе кошунасы үшкүрүндү.

“Эх! Менин күйөөмдүн кандай экендигин билбейсиң да!”-деп кошунасы арызданды.

Ал кошунасынан суу алып, Асия кошунасынын үйүнө туз сураганы барды.

- Асия, мага бир эле кашык туз берип турчу?

- Үйүңдө тузуң түгөнүп калдыбы? А эмнеге бир эле кашык?

- Туз бар, бирок мен имамга күйөөм менен ажыраштыр деп бардым эле ...

Асия кошунасынын сөзүн угуп бүтө электе кыйкырып жиберди.

- Эх, менин күйөөмдүн кандай экендигин билсеңчи!

Кайсы кошунасына барбасын, баарынын күйөөсүнө болгон нааразычылыктарын айтып, арыздангандарын укту.

Наны даяр болуп, Абу-Ханифа имамга алып барды.

- Сага рахмат! Менин жасап келген нанымды балдарыңа алып барып бер. Бирок мени күйөөм менен ажыраштыруу жөнүндө ойлобо!

- Эмнеге? Сага эмне болду, кызым?

- Көрсө, менин күйөөм баардыгынан жакшы күйөө экен!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#749 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   09 Январь 2016 - 23:38

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 4 222
• Катталган: 24 Август 15
• Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Бишкек

Оку эй Мусулман бир тууганым!
Маанайың эмнеге жок?
Хз.Адам (а.с.) сыяктуу 200 жыл Тообо кылдыңбы?
Маанайың эмнеге жок?
Хз.Ибрахим (а.с.) сыяктуу отко ташталдыңбы?
Маанайың эмнеге жок?
Пайгамбарыбыз (с.а.в) сыяктуу Таифте таш бараңга алындыңбы, намаз кылып жатканыңда, башыңа жаман суу (мусор) төгүлдүбү, жүзүңө түкүрдүбү, сүйүктүүлөрүңдөн ажырадыңбы?
Маанайың эмнеге жок?
Хз.Хамза (а.с) сыяктуу мурдуң кулагың кесилдиби?
Маанайың эмнеге жок?
Мусаб бин Умайр (р.а) сыяктуу колдоруң кесилдиби?
Маанайың эмнеге жок?
Билал Хабаши (р.а) сыяктуу ысык кумга жаткырылып, үстүңө оор таш койулдубу?
Маанайың эмнеге жок?
Юнус пайгамбар сыяктуу деңизге ташталдыңбы?
Маанайың эмнеге жок?
Аюб пайгамбар сыяктуу денеңди жаралар каптадыбы?
Маанайың эмнеге жок?
Эмнени ойлоп жатасың, дүйнөлүк иштерби?
Маанайың түшө турган болсо, намазыңды каза кылганың үчүн, тахажудка тура албаганың үчүн, бирөөнүн жүрөгүн оорутканың үчүн, 1 - 4 күнү орозо кармай албаганың үчүн маанайыңды түшүр...
Маанайыңды түшүрө турган болсоң,
Аллах ыраазычылыгы үчүн эч нерсе кылбаганың үчүн, Аллах жана анын Расулу (с.а.в) ыраазы кылбаганың үчүн үзүл... Маанайыңды түшүрө турган болсоң, бир кедейге жардам бербегениң үчүн маанайыңды түшүр.....
Абдан таасирлүү экен..(((

لا اله الا الله محمد رسول الله

Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#750 Пользователь офлайн   emilbek1   10 Январь 2016 - 00:47

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 376
• Катталган: 02 Октябрь 14
• Соңку аракети: 20 Окт 2016 10:15
• Жынысы:Эркек

Азаматсыздар! Аллахым ыраазы болгон болсун сиздерден! Ыйманыныздар бекем болсун! Журокторунуздор агара берсин Оомийин!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#751 Пользователь офлайн   al-abu-kinesz   10 Январь 2016 - 00:50

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 314
• Катталган: 19 Апрель 14
• Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:15
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ala-Buka

Meruet84 (03 Январь 2016 - 18:58) жазган:

Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху!

��Арап мамлекетинде болуп откон окуя.

✨Бир залаалатта жургон Ата кантип Ибадатка киргендиги, кайсы жолдон озун ибадат жолуна буруп, жакшы Инсандардын катарына кошулуп, башынан откон кундорду озу икая кылат:

✨Мен озумун напсиме кул болгон бир зат элем. Майышат деген жайда, кумар деген жайда, ичкилик деген жайда озумду токтоталбас элем. Адамдардын аркасынан мазак кылыш, адамдарды талкуулаш, копчулуктун устунон кулушту жакшы корор элем.

✨ Бир куну улпотчулук кылып жоро жолдошторум менен айланганы чыктык, мас абалдамын, кайф тушап алган, ортодо шайтан бар. Кочого чыксам узактан козу кор, аягы чолок, аксак адамдын пайпастап келе жатканын кордум. Шайтан жолдон урдубу же кайфтик кучтуулук кылдыбы?

✨ Досторума карап, азыр бир тамаша корсотоюнбу? Тоюп-тоюп кулосунор деген кепти суйлодум.
✨ Жанагы келаткан бечара, чолондогон адамды аягым менен чалып жыгыттым. Жерге жыгылган козу кор, аксак, чолок адам ордунан туралбастан дубалды кармап пайпастап тургандыгын коруп МЫРКЫП - МЫРКЫП кулдук.
Тан атаарга жакын уйумо кайтсам, аялымдын толгоосу тутуп турган ай куну жакындашып калган экен.
Торотканага кеттик, 2-сааттан кийин уул торолду!

��Кабар болду:

✨Уул кордунуз бирок кетишинизден алдын шыпаакердин алдына кирет экенсиз! Доктурлардын сизге айта турган создору бар экен!

✨ Доктурдун алдына кирдим, алдын куттуктап Аллах сизге уул атаа этти маарек болсун!

✨ Бирок бир жагымсыз кабар бар, торолгон баланыз тубаса чолок, эки козу кор абалда торолду деген созду айтышты.

✨ Оо Роббим, кечээ бир Инсанды бейакы кемсинтип, аягым менен чалып жыгыткан элем!
Бугун озумдун башыма кайтарып койдун.
Бир Инсандын устунон кулгон элем, бугун Озун ушул ишти перзентимден кайтардын дедим, дартым ичимде калды, бироого айта алганым жок!

✨ Бала саналуу кундон кундордон кийин уйго кайтып келди, торотканадан чыкты.

✨ Саалим деп ысым койдук!
Бирок бираар жолу ушул перзентим экен деп кучагыма кысканым жок, башка Аталарга окшоп перзентим эркелеп, кочолордо айландырган бир Аталарга окшоп колунан жетелегеним жок.
✨ Аталык мээримди бергеним жок!
Озумдун канымдан болгон баламдан озум жийиркендим! Чолондогон, аксак, козу кор баланы колума алганым жок.
Бала кундон кунго улгайды.
Дагы 2 - уул кордук, Умар жана Хаалык деген уулдарыма ысым бердик.

✨ Мен дагы деле залаалаттамын, дагы эле натууру жолдомун, аялым Аллахка ынтызаар кылат, Намаздарда ыйлагандары Жаратканым, ушул залаалатта жургон эриме ынсап бергин, Озун хидаятына баштагын, тууру жолго озун жетелегин, тууру жолду корсоткун деп Кудайдан сурайт!

✨ Акыры хидаятка чыга турган кунум башталды, бул Жума куну эле!

✨ Уулум Саалим аксак, буту чолок козу кор балам 10 - жашка толгон маалы болчу.

✨ Эртелеп уйкудан туруп адатымча улпотчулуко кетейин деп турсам, уулумдун журокту эзе турган даражада ыйлап тургандыгын уктум :
- Саалим, эмнеге ыйлап жатасын?
- Иним Умарды кутуп турат элем кечигип калды.
-Инин Умарды апан бираар бир жумуш менен бир жайга жиберген болсо керек, инин Умар не учун сага керек болуп калды? - деген кепти айтсам, жанагыдан да катуураак журокту эзгидей ыйлады.

✨Аркама кайтып дагы сурадым :
- Саалим, инин Умар эмне учун керек эле?

- Атаа, убакыт отуп калды, Умар кечигип калды. Мен бугун ниет кылган болчум!

✨Аллахтан сураган элем, Жума Намазына барып, биринчи сапка отуруп, биринчи саптын сообунан Аллахтан эге болушка умуткор болгон болчум!
Озум аксакмын, аягым чолок, козум кор! Мумкун болгондо озум журуп барган болоор элем, козум бул дуйнону корбойт.
Иним жетелеп алып барам деген эле, убада берген эле, бирок Умар кечигип калды!

✨ Оо Жаратуучум, бул баланы кор кылгансынбы же мени кор кылгансынбы?
- Козу кор болсо да, калбын ачып коюпсун го! Бечел бир бала, перзентим, каным, зуруятым озу аксак болсо да, буту чолок, козу кор болсо да, биринчи сапка барып, Жума Намазымын сообунан умуткор болуп, биринчи сапта Ибадат кылышты ниет кылып жатса, мен Атасы болуп, дунуйого келип, торт мучом саламат болсо, бутум соо, козум бутун болуп дуйнону коргонум менен эмне учун биринчи сап бул жакта турсун, акыркы сапта отуруш да дилиме келгени жок?
✨ Эмнеге мени мынча кайдыгер кылдын Жаратканым дедим!

✨ Баланы жалгыз калтырып кетишке коодонум кыйнады.
Ошондо ниет кылдым:
Саалим, азыр мен тахарат аламын, колундан жетелеп озум Жума Намазга алып барамын.

- Ата коюн, устумдон кулбон, Сиз Жума Намазга барбай турган Инсансыз, жок.

- Балам, мен колундан жетелеп, озум алып барамын - деп ниет кылдым.

✨Тааратты алып, Саалимди колунан жетелеп Мечитке бардык.
Барсак жамаат ичкериде да, тышкарыда да толгон абалда.

✨Субханаллах, мына ушу балага биринчи саптан жай таап бер. Биринчи сапка уулумду откоруп, аркасынан озум тизе бугуп Намазды окудук.

✨Карап турсам дубалдарга пайпастап болсо да эптеп ибадат кылып башын саждага коюп туруптур!

✨ Жума Намазы аягына чыккандан кийин, Саалим, ордунан тур эми уйго кетебиз десем :
- Ата, Куранды алып берин, Курандын Каьф суроосун ачып берин, мен Куранды тилават кылып ордуман турамын.

✨ Куранды алып Каьф суроосун ачып колуна бердим. Кор бала кандай кылып Куранды окуйт экен десем, жаттап буткон экен, Каьф суроосунун башынан акырына чейин, аятма аят окуп, Куранды акырына жеткизгенде, балам Куранды окуп турат, менин козумдон жаш тогулуп турат.

✨ Козун кор кылган болсон да, калбын ачып, калбына Кальамыны жай кылып кылып коюпсун! Мен салааматмын, козум ачып болсо дагы, качан Куранды акыркы жолу колума алганымы озум да билбейм. Ушшунчалык мени кор кылып, моор баскансынбы эй Роббим деп ыйлап турдум.
✨ Бир маалда козумду сылап тургам жумшак колду сезип калдым. Карасам Саалим, козумдон агып турган жаштарды колу менен арчып, мага кошулуп ыйлап тургандыгын сездим.

✨ Ошол куну Ата-бала бактыяр болуп уйубузго кайттык.
Менин залааттан хидаятка биринчи кадам койгон кунум! Башым саждага тийип адал менен арамды андаган кунум, мына ушул перзентим мага бир себепчи болгон кун!
Уй-булоом аялым, уйумдогу коом карындаштар баары курсант.

✨Эски жоролордон кол жууп, жаны достор арттырдым.
Ыймандын нурунан кубанычым койнума батпай, башымды саждага койдум.

✨Ушул балама Мээримим башкача болуп кетти. Жаштыгында бираар жолу балам деп койнума баспадым. Аталар сыяктуу эркелеткеним жок. Ушул балама эч бир карабаган элем.
Бирок ушул перзентим мени жетелеп хидаятка баштады.
Балага мээримим башкача болду.

✨ Мойнума сапар важип болуп, 3-айдан артык узаак бир мамлекетке кеттим.
Ар куну телефон аркылуу суйлошуп, уулум Саалим кандай деп сураймын, бирок Саалимдин добушун угалбайм.
Уй-булоом аялым, балдарым Саалим мектепте же Медресе деген кепти айтышат, бирок Саалимдин добушун угалбай эле койдум.
✨ Бир жолу болсо да унун уксам гана деп Аллахтан сурайт элем. Уйумо кайтышка бир апта калганда, дагы телефон чалдым. Аялым телефонду алып : Саалим жакшыбы? - деген суроого :

- Ин Шаа Аллах деп жооп берди го бирок маанайсыз айткан созунон кабатырда болдум.
Арадан бир канча кундор отуп, уйумо келдим.
Кочодо келе жатканда ынтыгып, "азыр эшикти тыкылдатсам, мени залаалаттан кайтарып, хидаятка баштаган Саалим эшикти ачса, тоюп-тоюп бир коюнумда, кучагыма бассам деген ниет менен келдим.

✨Эшикти аялым ачты. Умар, Хаалык уулдарым келип учурашкандарынан кийин Саалимди кыдыра баштадым.
Саалим кана деп собол кылсам :

- Ата укпадынызбы? Сиз сапарга кеткенинизден кийин агабыз Саалим амаанатын тапшырды, Туболук дуйного, кетти деген кепти айтканда, башымды чакмак чаккандай бир нерсе чарсылдап кетти!
Озумду ар жакка уруп ыйлай баштадым.

✨Жаратканым, бир перзент Саалихти мага атаа этип, мени залаалаттан кайтарып, хидаятка баштаган, Жаннатка каражат, Тозокко парда боло турган бир перзент атаа эткен экенсин мен анын кадырына жетпепмин.
Баламды бир короюн деп келсем бул балам да коз жумуптур.

✨ Оо Роббим, бул баланын аягын чолок кылып жараттын, бирок бул чынында чолок эмес!

✨ Ырас ыраста жургон, хидаятта жургон, Аллах буюрган тууру жолдо жургон адамдын буту чолок болбойт!

✨ Бутун чолок эмес кылып койсон бирок туура жолдон адашса, залаалатта журсо, жамандыкта журо турган болсо анын буту чыныгы чолок!

✨ Бул баланын коздорун жумуп койдун, кор кылып койдун, бирок чынында бул кор эмес кокурок козун ачып койгон элен Жаратканым! !!

✨Эки коз ачык болсо, арам менен адалдын айырмасына барбаса, коз ачык болсо, бирок кокурок козу жабык болсо, бул Инсан чыныгы кор болот!

✨ Уулума кыскача омур бердин, бирок мазмундуу жашоо бердин. Кыскача омур кечирди, бирок Инсандарга улгу боло турган омур кечирди!

✨ Жараткан Эгем, ушундай бир карангы болгон мендей Атаны кечиргин!

✨ Балам Саалим Аллах сени рахматына алсын!
Мендей Атадан ыраазы болгун деп буркурап тилеп ыйлайт...

Allah yraazy bolsun! katyp baratkan juroktordu jumshartkanga sebepchi hikayalar eken, jazakallahu hoiron!! dagy da jaza bergile!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#752 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Январь 2016 - 01:10

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 816
• Катталган: 11 Апрель 15
• Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош

Бир алма жана Имам Азамдын атасы

Шемседдин Сивасинин Менакых-и Имам Азам аттуу эмгегинде мындай жазылган:

Имам Азамдын атасы Сабит (рахметуллахи алейх) кичине жашынан тарта ахлагы таза, такыбаа зат болгон. Жүзү абдан нурдуу болуп, диндарлыгы жана илими өтө жогору болгон.

Бир күнү бир дайранын жээгинде даарат алып жаткан эле. Сууда бир алманы көрөт. Даарат алып болуп, сууда чирип кете турчу бул алманы алып жейт. Бирок, түкүрүгүндө кан көрөт. Бул убакка чейин мындай абалга туш келбегендиктен түкүрүгүндөгү кандын ушул жеген алмадан улам болгондугун божомолдойт. Жегенине өкүнөт. Алманын ээсин таап, кечирим сурап ыраазылыгын алуу үчүн дайраны бойлоп басат. Акыры барып жеген алмага окшогон алма бакка туш келет. Ээсин сурайт. Бул заттын абдан жоомарт, жакшылыктуу адам экендигин, жада калса, бактагы алмаларды түгөл жыйнап алып кетсе да эч нерсе дебей тургандыгын, бир алма үчүн убара тартуунун мааниси жоктугун айтышат. Буга карабастан алманын ээсин табат, окуяны түшүндүрүп же акчасын алуусун, же акысын адал кылып, ыраазы болуусун суранат.

Алма бактын ээси бул жаш жигиттин абалын карап, такыбаалыгынын чын-жалганын билиш үчүн мындай дейт:

- Жеген алмаң үчүн эмне бересиң?

- Алтын-күмүш, эмнем болсо берейин.

- Мен алтын-күмүш каалабайм, бирок, эгер кыяматта сага доочу болуумду каалабасаң сага бир сунушум бар, аны кабыл кылышың керек.

- Сунушуң эмне?

- Орундай турган болсоң айтайын…

- Исламиятка туура келсе орундай алам.

- Сокур, дүлөй, тилсиз жана колу-буту шал болгон бир кызым бар, аны менен үйлөнүүгө макулдук берсең ошондо гана бул алманы сага адал кылам.

Сабит хазреттери акыретке кул акысы менен кетпеш үчүн бул сунушту кабыл кылат. Нике той даярдыктары көрүлөт. Сабит хазреттери биринчи түнү бөлмөгө киргени менен чыкканы бир болот. Дароо кайын атасына жүгүрүп барып: «Ата, бул жерде бир жаңылыштык бар сыяктуу, бөлмөдө сиз айткан сыпаттагы кыз эмес таптакыр башка бири отурат!» - дейт. Кайын атасы күлүмсүрөп: «Балам, ал менин кызым, сага адал болгон кыз. Мен сага аны сокур деп айткан болсом, ал эч качан арам нерсе көргөн эмес. Дүлөй деген болсом, ал эч качан арам нерсе уккан эмес. Тилсиз деген болсом, ал эч качан арам нерселерди сүйлөгөн эмес. Шал деген болсом, ал эч качан арам жерлерге барган эмес. Бар эми адал жубайыңдын жанына бар, Аллаху таала мубарек жана бактылуу кылсын.»

Мына ушул үйлөнүүдөн, б.а., ушундай эне-атадан Имам Азам Абу Ханифа дүнүйөгө келген.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#753 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Январь 2016 - 01:12

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 816
• Катталган: 11 Апрель 15
• Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош

Жаш бойдон калуунун сыры

70, 80 жана 90 жаштагы үч бир тууган болгон экен. Үчөө тең сыртынан 60 жаштагы үч эгиздер сыяктуу көрүнүшчү экен. 70 жаштагысынан жаштыкты сактоонун сырын сурашат. Ал болсо: "80 жаштагы агаман сурагыла, менден он жаш улуу болсо да мен сыяктуу 60 жаштагы адамдай жаш болуп турат”, - дейт. 80 жаштагы агасына барышат. Ал болсо 90 жаштагы агасын көрсөтүп: "Менден улуу болсо да 60 жаштагыдай жаш болуп турат, ошондон сурагыла”, - дейт. 90 жаштагы жигит аксакалга барышат. "Анда эмесе келгиле силерге түшүндүрүп берейин. Алгач бир нерсе жеп алалы, андан кийин айтып берем”, - дейт.

Тамактан кийин өзүнө окшогон тың кемпирине дасторконго дарбыз алып келүүсүн өтүнөт. Кемпири кампадан бир дарбыз тандап келет. Жигит аксакал дарбызды чертип көрүп жактырбай, мындан да жакшыраагын алып кел дейт. Кемпири барып кайра дарбыз алып келет. Биздин жигит аксакал аны да жактырбайт, кайра башка дарбыз алып кел дейт. Кемпири дагы бир дарбыз алып келет, бирок, аны да жактырбайт.

Конокторго: "Кемпирдин тандагандарынан жакшысы чыкпады, келгиле, бирге барып жакшысын тандайлы”, - дейт. Кампага барып карашса бир эле дарбыз турат. Кемпирдин бир эле дарбызды алып келип, кайра алып кетип жаткандыгын түшүнүшөт.

Жигит аксакал конокторуна: "Мына эми, жаш бойдон калуунун сырын түшүндүңөрбү? ” – деп сурайт. Алар да түшүнгөн жокпуз дешет. Аксакал: "Кампада дарбыз бирөө эле эмес беле? Кемпирим мени силердин алдыңарда уялтпаш үчүн ар келген сайын башка-башка дарбыз алып келип жаткансып көрүндү. "Кампада башка дарбыз бар беле, болгону бирөө калыптыр” деген жок. Ал мени эч капалантпады, мен дагы аны эч капалантпадым. Үй-бүлө ичиндеги эч бир нерсени сыртка, б.а., өз эне-атабызга да, башкаларга да эч качан билдирген жокпуз. Бири-бирибизди башка бирөөлөрдүн алдында жаман ахвалда калтырган жокпуз, уялткан жокпуз. Ушундайча, экөөбүз тең жаштыгыбызды сактадык”, - деп жаштыктын сырын түшүндүргөн экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 10 Январь 2016 - 01:13

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#754 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Январь 2016 - 01:14

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 816
• Катталган: 11 Апрель 15
• Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош

Менин күчүм ушунчалык

Бир күнү Немрут Ибрахим алейхиссаламды отко ыргытууга чечим чыгарат. Ушунчалык чоң от жаккандыктан өзү дагы отко жакындай албайт. Бир мубарек зат караса бир кумурска оозуна суу алып, отту өчүрүш үчүн алыстан алып келаткан болот. Бирок, жакын бара албайт, отко жакын бир жерге алып барып таштайт.

Олуя зат андан сурайт экен:

- Сен эмне кылып жатасың?

Анда кумурска айтат:

- Ошону сураба, Аллахтын Пайгамбарын өрттөгөнү жатышат. Отту өчүргөнгө аракет кылып жатам.

Олуя зат сурайт:

- Сен көтөрүп келген бир тамчы сууң менен бул тоодой болгон от өчмөк беле?

- Аллаху таала ар кимден күчүнө жараша эсеп сурайт. Менин күчүм ушунчалык.

Аркы тараптан бир жылан токтобостон отту тутандырып жаткан болот. Айтат:

- Сен эмнеге минтип жатасың?

Жылан айтат:

- Бүгүн майрам! Бир Пайгамбар өрттөнөт.

Жылан дагы күчүнүн жетишинче колунан келген жамандыкты кылууга аракет кылууда.

Демек, Аллаху таала айбандарды дагы кандайча эки топто жараткан болсо адамдарды дагы эки топто жараткан экен:

Бири отту тутандыргандар, экинчиси отту өчүргөндөр.

Аллаху таала бизди отту өчүргөндөрдөн кылсын!
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#755 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Январь 2016 - 01:34

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 816
• Катталган: 11 Апрель 15
• Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош

Көралбастыктын акыры

Илгери бир падыша бир аалымды өтө кадырлаган экен. Бул адам падышага ар дайым мындай деп насыйкат айтат экен: "Падышам, жакшылык кылган адамга жакшылык кыл! Жамандык кылган адамга жаза катары өзүнүн жамандыгы эле жетиштүү болот.” Бул аалымды вазирлеринин бири көралбай падышага арызданат:

-Падышам! Тиги аалым сиздин оозунузду сасык деп айтып жүрөт.

-Сөзүңдүн чын экендигине кандай ишенемин?

-Аалымды алдыңызга чакырыңыз, эгерде сизге жакындаганда мурдун жапса анда сөзүмдүн чын экени белгилүү болот.

Көралбас вазир падышадан мурда аалымды өзүнүкүнө тамакка чакырып, сарымсак кошулган тамак берет. Бираз убакыт өтүп падышанын алдына барганда падыша ага өзүнө жакындоосун айтат. Аалым жакындаганда оозунда сарымсактын жыты бар экени эсине түшүп колу менен оозун жабат. Аалымдын бул мамилесин көргөн падыша вазири айткан сөзгө ишенип калат. Бир кагазга "Бул катты алып келген адамдын башын ал!” деп кат жазып, оролгон катты аалымга берип, баш вазирге тапшыруусун жана андан бир сыйлык алуусун айтат. Аалым бул катты алып келе жатып жолдо баягы вазирди көрөт. Падышанын буйругу менен сыйлык алуу үчүн баш вазирге бара жатканын айтат. "Сыйлык” деген сөздү уккан вазир "катты мага берсеңиз, мен алып барсам” деп жалынганда аалым катты ага берет. Ошентип, катты алып барган көралбас вазирдин башы алынат.

Аалым адаттагыдай кайрадан падышанын алдына барат. Падыша аны көрүп таң калып, сурайт:

-Сен катты эмне кылдың?

-Катты алып бара жатсам сиздин вазирлериңиздин бири катты берүүмдү сурады, ошого бердим.

-Кече ошол вазир мага сенин "Өкүмдардын оозу сасыйт” деп айтып жүргөнүңдү айтты. Ушул чынбы?

-Андай эч нерсе айтпадым.

-Андай болсо эмнеге кече алдыма келгенде оозуңду жаптың?

Аалым ошол вазирдин аны тамакка чакырып, сарымсак кошулган тамак бергенин жана сарымсактын жыты менен падышанын тынчын албоо үчүн оозун жапканын айтат. Ошондо падыша аалымдын өзүнө айткан насаат сөзүн мындай деп кайталады: "Жаманга өзүнүн жамандыгы жетиштүү болот. Көралбаган вазир жазасын алды.”
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#756 Пользователь офлайн   jetinur90   10 Январь 2016 - 01:37

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 641
• Катталган: 15 Ноябрь 13
• Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:БИШКЕК

Эрким жетип аягына чыга албадым. Тагыраак айтканда абийирим чыдабады. Куноом опол тоодой экен. Бирок тообага негедир шашылбадым. Тон моюндугум акыл жолун бууп турат. Кулуп кирсен ыйлап чыкчу,чуркап келсен качып чыкчу жай экен.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#757 Пользователь офлайн   Meruet84   10 Январь 2016 - 22:13

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 308
• Катталган: 09 Март 15
• Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кыргызстан

jetinur90 (10 Январь 2016 - 01:37) жазган:

Эрким жетип аягына чыга албадым. Тагыраак айтканда абийирим чыдабады. Куноом опол тоодой экен. Бирок тообага негедир шашылбадым. Тон моюндугум акыл жолун бууп турат. Кулуп кирсен ыйлап чыкчу,чуркап келсен качып чыкчу жай экен.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#758 Пользователь офлайн   CEKPET   10 Январь 2016 - 23:33

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 115
• Катталган: 15 Май 15
• Соңку аракети: 12 Окт 2017 20:46

КЫЗЫКТУУ ОКУЯ

ЖУРОК СЫРЫ,ТУРМУШ САБАКТАРЫ, БАРКТАЛБАГАН ЖАР.
Шаардын ызы-чуусу эч качан түгөнбөчүдөй. Тиякты карасан да шашылган эл, биякты карасаӊ да. Күндөр аптага, айлар жылдарга алмашат. Шаарда кантип өмүрүн өткөнүн да билбей каласыӊ. Биз да жолдошум экөөбүз балдарды багалы, бутка туралы деп алгач кичинекей камок ачканбыз. Соодабыз жакшы болуп аны чоӊойтуп отуруп, килейген азык-түлүк магазинге айланттык. Жашообуз жакшы, эч нерседен кем эмеспиз. Соода жакшы болгондуктан кантип кеч кирип таӊ атканын билбей да калабыз. Биздин кардарлар абдан көп. Айланабыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын дээрлик бардыгы канча жылдан бери бизден соода кылгандар. Бардыгы менен учурашып, ал-жай сурашып турабыз. Кыскасы биздин магазин микрорайондогу эн чоӊ соода түйүнү десем болот. Кардарлардын ичинен бир жылдай болду жашы 40-45 чамасындагы жигит келип соода кылат. Тепкени кымбат машине, кийимдери таптаза, өзү да сулуу, бойлуу. Күнүгө келип чоӊ суммага азык-түлүк алып кетет. Күнүгө, күнүгө ….. жадакалса дем алыш күндөрү да. Акыркы күндөрү эмнегедир ага көнүл буруп байкачу болдум. Эмнегедир ага кызыга баштадым. Өзүм магазинге келбей калган күнү жолдошумдан жана балдарымдан сураймын: «Менин «иним» келдиби?!» - деп. Аны «иним» деп алгам. Кээде жолдошум тамашалап калат «иниӊ келди, салам айттым» -деп. «Кален, бул жигит күндө толтура азык-түлүк алат. Үй-бүлөсү ошондой эле чоӊбу?» - деймин таӊ калганымды жашыра албай «Оой, Күкүш, канча жыл магазинде отуруп, ушакчы кемпир болуп калыпсыӊ – деп жолдошум тамашалайт –сүйлөшүп, сурап көрбөйсүӊбү? » «Чындап эле, сурабаганда эмне, сураймын эле» - деймин кыйын болуп Бирок, жигит эч кимге көӊүл бурбай, товарын эсептетип, акчасын төлөп коюп чыгып кетип калат. Оозумду ырастап баратып сүйлөй албай калып каламын. Сүрдүүлүгүн айтпа Акыркы күндөрү: «Кандайсын, иним? Аманчылыкпы? » - деп саламдашчу болдум Кыргызда саламды алик албаса уят го. «Иним» да күндөн-күнгө мени менен саламдашчу болду «Абдан чоӊ үй-бүлөнү багат окшойсун ээ?» - дедим бир күнү товарды эсептеп жатып. «Иним» мостоё түштү. Ыӊгайсыз суроо берип койдумбу деп өзүм да буйдала түштүм. «Ушунча азык-түлүк алып барчу үй-бүлөм болгондо бактылуу болмокмун» - деп үшкүрүп койду Бул сөз андан бетер кызыгуумду арттырды. Бир четинен уялып да калдым. Чоӊ эле эже, абдан ушакчы окшойт деп ойлоп калдыбы деп. Үйгө келип жолдошума айттым: «Ай бай болгур, тиги инимдин тамырын тартып көрчү, бир сыры бар окшойт …» «Анын сырын билгенче өлдү эми – деп күӊкүлдөдү жолдошум –макул сүйлөшсө сүйлөшүп көрөйүнчү. Бир жылга чукулдап калды, же бир келинчегин ээрчитип жүргөнүн көрбөдүк» Күндөлүк түйшүк менен болуп, «инимди» унута түшүпмүн. Бир күнү жолдошум жумуштан келип, эшиктен кирип-кирбей жатып: «Байбиче сүйүнчү!» - деди «Болсун, болсун абышка» - деп утурладым «Иниӊдин сыры чечилмей болду – жолдошум жылмайып – эжем менен чогуу болгонуӊарда эрттеӊ кенен маектешели деди иниӊ» Эрттеси кечке жуук иним келди, керектүү бардык нерселерди алып: «Эже, байкем экөөӊөрдүн убактыӊарды албаймынбы» -деди «Жоок, жок, өтө кеч болуп кетти соода да токтойт эми» - дедим мен «Анда мен, колумдагыларды берчү жерге берип келейин» -деп иним чыгып кетти Бир саат өтүп өтпөй кайра келди. Элдер суюлуп калган эле. Жолдошум үчөөбүзгө жай даярдады, мен ыссык чай даярдай койдум. Үчөөбүз жайланып отурдук «Мага абдан кызыгып, таӊ калып жатыпсыӊар – деди иним жылмайып – сиздер менен бүгүн маектешип таанышып алсак болчудай» «Бул эжеӊ абдан сага сарысанаа болуп жүрөт – деди жолдошум адатынча тамашалап –таанышса таанышалы» «Айланайын, тепкениӊ кымбат машине, кийингенин болсо кычырайсын, элдер бир жума, бир айлык ала турган азык-түлүгүн аласыӊ. Бирок, үй-бүлөӊ барлыгына күмөнүм бар, анткени, ээрчиткен келинчегиӊ, балдарыӊ жок» - дедим мен канчадан бери айталбай жүргөн оюмду сыртка чыгарып. Иним оор үшкүрүп алды «Булардын бардыгы: машина, акча, байлык колдун кири. Адам баласына, аялга да эркекке да үй-бүлөлүк бакыт буюрбаса булардын бары бир тыйынга арзыбайт экен – деди иним –мен убагында колго конгон бакытты баалабаган көр пендемин…… Өзүм колунда жок, кедей үй-бүлөдө чоӊойдум. Айылда жүргөндө балалыгымда шаарда окусам, иштесем, жашасам деп кыялданчумун. Биздин жаштык катаал 90-жылдарга туура келди. Ошентсе да тырышчаагымдан улам өзүм окуп, кыйынчылыкка карабастан бат эле бутума турдум. Балалыгымда кыялданган нерселерге жеттим. Баягы айылдан бозурайып келген бала жок, кычыраган жигит болдум. Ичимдик ичпеймин, тамеки чекпеймин, кыскасы идеалдуу адам болчумун. Мага бир гана нерсе «жар» жетишпей жаткан. Анткени, байлыктын артынан кууп жүрүп жашым 30 га таяп калган. Бардыгы ата-энем, бир туугандарым, досторум «үйлөн» деп абдан асылышты. Көӊүлүмө жаккан кыз таба албагандан кийин, «убагы келсин» - деп гана кутулчу болдум. Алгач бул жөн эле тигилерден кутулуунун амалы болсо, акыркы күндөрү чындап эле үйлөнүш керектигине көзүм жетип, сарсанаа болчу болдум: «кимге үйлөнөмүн?» - деп. Тээ балалыгымда классташ кызымды жакшы көрүп, ошону аламын деп жүрчүмүн. Бирок, айылда кыздарды бат эле турмушка беришет эмеспи, ал классташым отуз жашында чооӊ байбиче болуп калган эле. Сезимдерим ошол классташыма гана козголгон болчу. Туура, кыздар көп эле, бирок, эч кимиси сезимимди козгой алган жок. Ошентип жүргөн күндөрдө болочоктогу жубайым менен таанышып калдым. Жумуштан кайтып келе жатсам, көчөдө гүл саткан жерде бир кыз гүл алып жатыптыр. Акчасы жетпей жаткан го, улам сумкасын аӊтарып жатты. Эмнегедир жүрөгүмө жакын адамдай, аны көргөндө кандайдыр бир сезим пайда болду. Көрсө жүрөк эч качан алдабайт турбайбы?! Көчөдө көргөн бардык кыздардай эле кыз, бирок, эски жакын таанышымдай сезилип кетти. «Немножко нехватает» - деди кыз гүл саткан орус кемпирге Анысы болсо бербеймин, мага да акча керек деп наалып кирди Жакын басып барып: «Сколько нехватает?» - дедим Тиги кыз жалт карады. Көздөрү ушунчалык сулуу экен, бир көргөндөн сүйүп калдым десем да болот. «Жөн эле коюӊуз, бул жакта арзаны бар ошону аламын» -деди ал сылык жылмайып «Ушул гүлдү алгыӊыз келгенин байкап турамын. Келиӊиз, мен сизге гүлдү сатып берейин, сиз мага атыӊызды айтасыз» -дедим мен да жылмайып Мен да кызга жактым окшойт, көндү. Ошентип экөөбүз тааныштык. Ысымы Гүлкайыр экен. Кандай сулуу ысым, ээсинин сулуулугун айтпай эле койойун. Мен таанышканда аны жаш деп ойлогонмун, андай эмес, менден бир эле жаш кичүү экен. Тагыраак айтканда 30 жашта экен. Иштеп жүрүп ал дагы турмушка чыкпаптыр. Экөөбүз бири-бирибизге жагып, сүйлөшө баштадык. Ал убакта мобилдик телефондор жаӊы чыга баштаган. Мен ага телефон белек кылдым. Ошентип экөөбүз күнү-түнү сүйлөшөбүз. Жакындарым билип, абдан сүйүнүштү. Качан той жейбиз дегендери канча. Ата-энем алып кел деп чыкырып жатышты. «Үйлөнөлү» - деп сунуш киргиздим. Гүлкайыр дагы макул болду. «Шаан-шөкөттүү той өткөрбөй эле коюлучу – деди Гүлкайыр –жашыбыз да өтүп калбадыбы» «Макул – дедим – айылга барып эле той беребиз, бул жакта жөн эле белгилеп коебуз» Гүлкайыр да, мен да июль айында отпускага чыгып үйлөнмөй болдук. Жазда таанышканбыз, жайда үйлөндүк. Гүлкайыр шаарда байкесинин үйүндө турчу, ошол жерге барып эле сөйкө салып алып кеттим. Экөөбүз да чексиз бактылуу элек. Айрыкча Гүлкайыр, үйдөн чыгып келе жаткандагы анын бактылуу жылмайып турганы азыр дагы көз алдымда. «Ай кыз, кичине көз жаш чыгарыӊыз, ырымы ушундай» -деген жеӊесинин үнүн чала була угуп калдым. Бул сөзгө маани да берген жокмун, ал күн, бул жашоо экөөбүзгө гана тиешелүүдөй, чексиз бактылуу элек. Ошентип үйлөндүк, экөөбүздүн бактылуу жашообуз башталды. Бизди куттуктап келгендер көп болду. Алардын ичинен чындап биз үчүн сүйүнгөндөрү да, тымызын кызгангандары да бар эле. Анткени, экөөбүз төп келишкен, бири-бирибизди толуктаган жубайлар элек Күлкү, бакыт кирген үйгө кайгы жана кызганыч да кошо кирет турбайбы?! Гүлкайыр күлкү жана бакыт алып келген болсо, мен кайгы жана кызганычтын булагы болдум. Колум конгон бактыма өтө эреркеп кеттип окшойт, мага баары мүмкүн деген куру эркектик намыс пайда болду. Ал аз келгенсип, арак иче баштадым. Мурда оозума да албаган жаным, үйлөнүп жаман жакка кеттим. Куттуктап келген досторум, тааныштарым шыкап жатып ичиришип, акырындап аракка көнүп бараттым. Гүлкайыр «ичпечи» - деп суранат. Анын жалдыраган көз карашына туруштук бере албай «макул» деймин да, көчөгө чыгып кайра эле ичип аламын. Стакандаш санаалаштарым көбөйдү. Мас болгондо алардын сүйлөгөн сөздөрү кулагыма кирет бейм, абдан өзгөрдүм. «Бул татынакай перини кайдан тапкансын?» - деген сөздөрдү угуп, бир эсе сыймыктансам, бир эсе кызганамын. Үйгө мас болуп келип, жаӊжал чыгарчу болдум. Менин темам ар кандай эле: кызганыч, тамак, жумуш. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болбой, бир күнү мас болуп келип, Гүлкайырга колум да тийди. Байкушум эрттеси абдан ыйлады. Кантип колум барды экен деп, өзүмдү-өзүм сөгүп, арак ичпешке сөз бердим. Бир ай араӊ чыдадым го. Бир досумдун туулган күнүндө кайра ичип алдым. Менин ичкенимди баарынан жашырган Гүлкайыр акырындап жүдөй баштады. Мурдагыдай жароокер жарым жок, чүнчүп, өзүнөн-өзү корунуп, өзгөрүп кетти. Мен болсо сөз укпаган жинди болдум да калдым. Досторумдун: «сулуунун суусу кургабайт, аялды башынан каттуу кармаш керек» - деген сөздөрү менин девизиме айланды. Алган жарым ушунчалык акылдуу, ушунчалык тартиптүү эле. Бактыма чычтым, анын сөзүн укмак тургай, көчөдө кетип жатып, сол жакты же оӊду карап койсо да ызырынып, ашата сөкчү болдум. Байкушум: «күнөөм кайсы?» -деп зарылдайт. Ал ансайын күчөймүн. Ичиме шайтан кирип алгандай, өзүмдү башкара албай чакчаӊдаймын. Жумуштан чыгып, жумушуна барамын. Үйгө келип: «жумуштагыларыӊдын кимиси менен жүрөсүӊ? Ойношуӊ кайсыл?» - деп жаӊжал чыгарамын. Акырындап, мас эле эмес соо кезимде да кол көтөрчү болдум. «Иштебе десеӊ иштебеймин, макул, эмне десеӊ макулмун» -деп жалдырайт байкушум Иштетпей кое албаймын. Анткени, кайынагаларым бардыгы чоӊ жумуштарда иштеген, интеллегент адамдар. Алардан айбыгам. «Боюна бүтсө ошондон ары иштетпей коемун» - деймин сокур оюмда. Бирок, Гүлкайырдын боюна бүтпөй жатты. Врачтарга барып, текшеринип да көрдүк. Баары жайында. Эмнегедир Жараткан Алла бизге наристе ыраа көрбөдү. Бул мага берилген жаза болсо керек. Гүлкайырдын боюна бүтпөгөнү дагы бир чоӊ шылтоо болду. Күндө көзүм ачылбай иччү болдум. Бирок, системага салып койгон бизнесим жакшы жүрүп жатты. Машина алдым, үй алдым. Көӊүлүм келгенде: «Жолдуу экенсиӊ! Сен менин бактымсыӊ! » - деп жарымды эркелетем. Бирок мас болгондо айтылган сөздөрүмдү эки эселеп чыгарып аламын. Ошентип, жылдар өтүп жатты. Жегенибиз алдыбызда, жебегенибиз артыбызда, сырттан караган адамга эӊ бактылуу адамдар элек. Кийинчерээк ойнош күтүп кеттим. Гүлкайыр ага да чыдады. Мага билдирбей ыйлап алчу. Көздөрү шишип, көөп калчу. Көрмөксөн, билмексен болуп коюмун. Бир дагы жоругумду төркүнүнө айткан жок. Алар келсе жаркылдап тосуп, мен тарапты да бирдей көрүп, акылдуу жар эле. Аны карап туруп көӊүлүм жылып, боорум ооруп кетет, бирок, ичимдеги шайтан дароо оюмду бузуп, жаман иштерге жетелейт. «Эмнеге менин бардык кылыгыма чыдайсыӊ? Кетип калбайсыӊ?» - дедим бир күнү Гүлкайырга «Мен сенин аялыӊмын – деди ал – бул үйдөн өлүгүм гана чыгат!» Аттиӊ, алтыным ай! Ушул сөздү эмнеге айтты экен? Азыр ойлосом жүрөгүм өрттөнөт. Балким ошондо: «Мен сени сүйөмүн! Кайтып кел! Мурдагыдай бактылуу бололу!» -десе баары башкача болмок беле, ким билет? Бирок, Гүлкайыр ал сөздөрдү айтпады. Азыр ойлосом менден чындап көӊүлү калып, намыс үчүн эле заӊгыраган чоӊ үйдө жалгыз жашаган турбайбы Улуу сөздө уят жок эмеспи; көрүнгөн аялды ойнош кылып, өзүмө ооруу жугуздум. Албетте, бул Гүлкайырга да жукту. Бир күнү жолдоштук милдетимди аткарайын десем эле, «оорубатат» - деп зарылдап, ыйлады. «Кайсы ойношуӊдан жугузуп келдиӊ? Соо эмессиӊ сен!» - деп койдой сабадым. «Кудай алдында акмын!» - деп чырылдайт. Билип турам, бул ооруу менден жукту. Ошентсе да куру эркектик намысым моюнга алууга жол бербейт. Ошондо Гүлкайырдын көӊүлү менден чындап калды. Мен болсо сыр бербей корстон боломун. Акыркы күндөрү ага жакындабай калдым. Үйгө видеокамераларды коюп, текшерем, өзүм болсо ойношум менен болуп калдым. Арадан жылдар өттү. Бир күнү жумушта отурсам, карындашым Асель телефон чалды: «Кайда жүрөсүз? Жеӊем ооруканага түшүп калды» - деп. Жүрөгүм бир жамандык сезгендей учуп жеттим. Гүлкайыр палатада жатыптыр. Өӊү кубарып, араӊ эле жаны бар. «Эмне болду?» - дедим карындашыма «Сиз кандай адамсыз?! – деп кыйкырган карындашым ыйлап жиберди – врачка кириӊиз!» Гүлкайыр менен ушул карындашым айрыкча жакын болчу. Менин бүт-бүт кылыктарымды билчү. Мен карабай койгондо да Гүлкайырга ушул эле барып жүрүптүр. Врачка кирип чыккандан кийин, дүйнөм тарып, башым айланып, жер айлан-көчөк болгондой болуп турду. Врачтын айткан сөзүнө ишенбей турдум. «Жубайыӊыздын диагнозу: «рак мозга». Операция жасайбыз. Андан чыкса чыкты, чыкпаса, кудайдын жазганы!» - бул сөздөр мен өмүрүмдө уккан эӊ жаман сөздөр эле. Палатага бардым, Гүлкайыр көзүн чылк жумуп жаткан экен. Жакын барып, чөгөлөп отурдум да, колдорун кармадым. «Берекем! » - тамагым буулуп, бул сөздөрдү араӊ айттым Гүлкайыр көзүн ачты. Анын ошондогу көз карашы эч качан эсимден кетпейт. Бул көз карашта: сүйүү, сагынуу, таарынуу, кайгы баары бар эле. Алсыз аялдын кичинекей жүрөгү ушунчалык чоӊ сезимдерди батыра алышына таӊ калдым «Мен сени ушунчалык сагындым! » - деди Гүлкайыр Ошондо жер жарылса мен кирип кетсем деп тиледим. Бирок, адамдын жаны иттикинен да бышык болот дегени чын окшойт, кылган кылыктарымды билмексен болуп жер жүзүндө басып жүрдүм. Гүлкайырды чет өлкөгө алып барып, дарылатамын деп да оолуктум. Бирок, ал көнбөй койду. Баарыбыз ошол жерде болдук. Байкелери, ата-энеси, менин туугандарым, ата-энем. Гүлкайырдын жакындары мага жасаган мамилеге татыксызмын деген ой мээмди жеп жатты. «Мен Гүлкайырды барктай албадым. Аны күн алыс сабаганымды, ак жеринен күнөөлөгөнүмдү, оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүмдү билер бекенсиӊер? ! Алаканыма салып багамын деп үйлөнүп алып, бутум менен тепсегенимди билер бекенсиӊер? ! Мен бул периштеге татыксыз экенимди, силердин сыйыӊарга, аяган сезимдериӊерге татыксыз экенимди билер бекенсиӊер? !» -деп кыйкыргым келди. Байкелери мени ортого алып, иттей кылып сабашын, мени өлтүрүшүн кааладым. Бирок, өзүмдү кармадым. Ортобузда болгон ызы-чуунун бирин да Гүлкайыр туугандарына айтпаганын билемин. Атүгүл менин ата-энем, туугандарым да билбейт болчу. Бир гана карындашым баарын билет эле. Чыккан киргенде мени жекирип, какшыктап жаткан карындашыма, унчукпай жер менен жер болуп турган мага таӊ калып карап жатышты баары «Койчу, Асель – деди Гүлкайырдын жеӊеси карындашыма – күйөө балада эмне айып?! Бул Жараткандын буйругу. Кызыке атанын үйүнөн күлүп кеткен, ошондуктан ушунча ый болууда» Тээ беш жыл мурда үйдөн кызыл гүлдүү татынакай көйнөк кийип, күлүмсүрөп чыгып келе жаткан Гүлкайырдын элеси көз алдыма тартылды. Ошондогу экөөбүздүн бактылуу мүнөттөрүбүз, жароокер жарымдын эркелегени, шыӊгыр күлкүсү, акылдуу, орундуу сөздөрү көз алдымдан чууруп өтө баштады. Ушунча жыл жубайымды сүйүп, бирок моюнга албай көрүнгөн менен көӊүл ачып жүргөнүм үчүн өзүмдү сөгүп жаттым. Ооба, адамзат колго конгон бакытты көп учурда билбей, барктабай калат турбайбызбы? ! Гүлкайыр менин ошол бул өмүрдө бир гана жолу берилген бактым экенин ушул дары жыттанган, суук, кунарсыз ооруканада билдим…. Операцияга Гүлкайырды даярдай баштаганда врачтан суранып жанына кирдим. Эмне деп айтышымды, өзүмдү кандай алып жүрүшүмдү билбедим, билемин күнөөм чоӊ, бирок, жарымдын жанында болууну чечтим. «Мени кечир, жаным! Мен сага татыксызмын! » - дедим «Мени сага жолуктурган тагдырыма рахмат! – деди Гүлкайыр жүзүмдөгү жашымды колдору менен аарчып – өзүӊдү күнөөлөбө, мен сага ыраазымын. Бардыгына мен күнөөлүүмүн, сени туура жолго сала албадым!» «Оо, Жараткан! Ушундай да асыл адам, акылдуу жар болобу?!» -менин акыркы ойлогонум ушул болду. Бардыгы түштөгүдөй өтүп жатты. Акылыма бир келсем, бир келбей айланада болуп жаткан окуяларды жинди болгондой карап отура бердим. Сарсанаа болуп жаткан адамдар, операциядан чыккан врач, ыйлап жаткан аялдар….. «Эсиӊе кел, акмак!» -жулкулдатып жаткан атамдын үнүнөн өзүмө келдим Көрсө карындашым Асель атам менен энеме бардыгын айткан экен. Энем Аселге ишенбей ыйлап жатты, атам болсо мени эч нерсемди калтырбай сөгүп жатат. «Эми өкүнгөнүӊүз бир тыйын!» -Асель заарын чачып мени карап туруптур Гүлкайырды менин айылыма алып барып жерге бердик. Ошол күндөн баштап менин жашоом өзгөрдү. Ичпей калдым. Бирок, менин эсиме келишиме Гүлкайырдын өлүмү керек болгонун эстегенимде жашагым келбей кетет. Башы ооруса да эч кимге айтпай жүрө берген турбайбы, байкушум! Же жанынан ушунчалык тойду бекен? Жакын адамымды өзүм өлтүрүп алганымды эстегенимде жинди болуп кала жаздаймын. Жашоо мага бир тыйындай азыр. Үйлөнбөймүн деп чечтим. Анткени, Гүлкайырдай жар эми табылбайт. Байлык деген колдун кири, а бакыт деген бир гана жолу берилет бейм адамга. Бирок, азыр үй-бүлөлүүмүн, Гүлкайырдай инсанды таппаймын го деп ойлогом. Апам, жеӊемдер болуп жатып бир келин менен тааныштырышкан. Ал байкуштун да күйөөсү көз жумуптур. Балалуу болушкан эмес экен. Үйлөнгөнүбүзгө көп жыл болду. Бирок, балалуу боло элекпиз. Мен эми тагдырыма моюн сунгам, бала да күтпөймүн. Антени, бул мага берилген жаза. Азыр дин жолуна түшүп, колунда жокторго күнүнө азык-түлүк таркатамын. Тапканымдын баарын Балдар үйүнө которгонмун. Гүлкайырдын туугандарына, өзүмдүн туугандарыма эч нерсени аябай жардам беремин. Атам менден таарынган. Мени менен мамиле кылбайт. Акыркы жолу айткан сөзү: «Мен апаӊа бир да жолу кол көтөргөн эмесмин! Кимди тарттыӊ акмак!» Мен бакытка татыксызмын. Менден башка баары бактылуу болсо деп тилеймин. Түшүмө Гүлкайыр көп кирет. Ошого ыраазымын. Кийинки жашоодо аркы дүйнөдө экөөбүз кайрадан жолугабыз. Мен ишенем ал бейиште!» Инимдин аӊгемесин угуп, жоолугумдун учу көз жаштан суу болуп, мурдумдан аккан сууну шуу тартып коюп отурдум «Дааа – деди жолдошум – ар кимге ар кандай сыноо жөнөтөт турбайбы Жараткан! Арты кайырлуу болсун жубайыӊдын» «Бир жолу сүйлөшүп жатып менин аялым бир гана жолу атасынын үйүнөн алып кеткенимде ыйлаган, андан бери бир дагы жашын агызганым жок дегениӊизди угуп, абдан жаман болдум – деди иним жолдошума кайрылып – биринчи жолу сиздердин магазинге келгенде ынтымактуу жубайлар экениӊиздерди көрүп, сиздерден гана соода кылайын деп чечкенмин. Колуӊуздарда береке, жүрөгүӊүздөрдө мээрим бар экен. Эӊ негизгиси сыйлашкан бактылуу жубайлар экенсиздер. Менин Гүлкайырым тирүү болгондо биз да сиздердей жубайлар болсок керек эле, балким» «Арты кайырлуу болсун, Гүлкайырдын! » - дедим мен эми араӊ өзүмө келип Иним жөн гана баш ийкеп койду Ошол күнү үйгө абдан кеч келдик. «Ай ий, эмне мынча кеч келдиӊиздер? » - деп үч уулубуздан кийинки жалгыз кызыбыз жолубуздан чыкты «Алтыным, бактылуу болсоӊ экен!» - деп мен кучактап туруп, саамайынан өөп койдум. «Ой деги эмне болду?» - кызым таӊ калып «Эрттеӊ айтып беремин, кызым» - деди жолдошум да кызын эркелетип Ушул күндөн баштап жолдошум экөөбүз бири-бирибизди андан бетер сыйлап, андан бетер бири-бирибизге байланып калдык. Анткени, экөөбүз ак никелүү, түбөлүктүү жубайларбыз да. Бул кыска жашоодо ден-соолук, акыл, мээрим, ынтымак, сүйүү гана керек! Калганын адам өзү жасап алат турбайбы?
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#759 Жолоочу_Nurzida-88_* 13 Январь 2016 - 01:26

• Тайпасы: Жолоочу
• Соңку аракети:

Бир жигиттин энеси ооруканага түшүп калат. Күндөрдүн биринде дарыгерлер жигитти чакырып: "Апаңдын айыгып кетээрине үмүт жок, абалы аябай оор жана бул жашоо менен кош айтышарына аз күн калды"- дейт.
Жигит апасынын жүзүнө карап көз жашын төккөн бойдон ооруканадан чыгып кетет. Эртеси энесинен кабар алганы келаткан жигит машинасына май куюп алуу үчүн токтоп, май куюп берүүчү жумушчуну күтүп турган кезде картондун астында ачка жаткан мышыктарга көзү түшүп калат. Жанындагы дүкөнгө чуркап кирип, консерваланган балык сатып алып кичинекей мышыктарга берет да ары карай жолун улайт. Ооруканага жетип энеси жаткан бөлмөгө кирсе ал жерде энеси жок болот. Коркуп эмне кылаарын билбей калат! Апамдан айрылып калдым деп ойлоп көзүнө жаш ала баштайт. Кайра тактап алуу максатында энесин караган мед айымдан: "Энем кайда?" - деп сурайт.
Мед айым: "Энеңиздин абалы жакшырып калды, ошол себептен кошуна бөлмөгө чыгардык" - дейт. Сүйүнүчү койнуна батпай чуркаган бойдон бөлмөгө кирсе энеси өзүнө келген болот. Энеснин колун өөп саламдашат да эмне болгонун сурайт. Апасы: "Эсим келбей жаткан кезимде мышыктардын колдорун көтөрүп Аллага дуба кылып жатканын көрдүм" - деп жооп берет. Жигит мышыктарга тамак бергендиги үчүн Алла Таала энесине шыпаа бергендигин түшүнөт.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Курманын жарымын берип болсо да садака кылгыла". "Садака балээден сактайт". "Оорукчандарыңарды садака менен дарылагыла" .
Аллахым ата-энелерибизди ар-кандай оору сыркоолордон сактасын.
(хадис)
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#760 Пользователь офлайн   Mediziner   14 Январь 2016 - 16:08

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 816
• Катталган: 11 Апрель 15
• Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош

Күмүш эшик жабылса алтын эшик ачылат

Илгери бир падыша жашап өткөн экен. Анын аябай акылдуу вазири бар эле. Бир күнү падышанын жакшы көргөн аты жоголуп кетет. Падышанын аты аз кездешүүчү породадагы ат эле. Падыша аябай кайгырат. Аны көргөн вазири: Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат Менин сүйгөн аргымагым жоголуп жатса, кайдагы жакшысы күтүп турат! Ошол убакта падышанын аргымагы башка үйүрдөгү жылкылар менен кошулуп кетип калган жактан табылгандыгы жөнүндө кабар келет. Аргымакты тапкан аскерлер падышанын атын бир үйүр жылкылар менен кошо айдап келишет. Аргымагынын арты менен көп жылкылуу болгон падыша туура эмес кылгандыгын айтып, вазиринен кечирим сурайт. Бул окуядан кийин падыша аңчылыкка барып, бир манжасын оорутуп келет. Натыйжада манжасын кесип салышат. Падыша буга аябай кайгырат. Анда вазири: Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат Падыша: “Мейли, аргымагым жоголгондо, кайра таап келишти. Эми манжамды кесип салышты, эми аны кайра таппайбыз. Мындан да эмне жакшылык күтүп турмак эле ! - деп вазирине ачууланып, вазирин түрмөгө каматып салды. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин падыша дагы аңчылыкка жөнөдү. Падыша менен аскерлери адам жегичтердин туткунуна түшүшөт. Алар качып кутула албайт эле. Алардын баарын адам жегичтер жеп баштады. Падышанын кезеги келгенде адам жегичтер анын бир манжасы жок экендигин көрүшүп, аны жебей коюшат, себеби адам жегичтердин салты боюнча бир мүчөсү кем жаныбарларды жешчү эмес. Аскерлердин баарын жегенден кийин падышаны кое беришет. Падыша хан сарайына кайтып келип, вазирин өзүнө чакырып,андан кечирим сурап, мындан ары ал менен талашып, тартышпай тургандыгын, камабай тургандыгын айтат. Анда вазир падышанын кечирим сураганынын зарылдыгы жоктугун, андан көрө аны түрмөгө камагандыгы жакшы болгондугун айтат. Себеби, падыша вазирди түрмөгө камабаганда, ал да падыша менен аң уулоого барып, адам жегичтерге жем болмок эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 14 Январь 2016 - 16:11

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Дин жана философия
• Кийинки тема →

• (59 бет)

• « 1

• 36
• 37
• 38
• 39
• 40

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 27 Июл 2025 13:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: