Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#1001 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 14:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Менден мурун эле Толкунбек экөөң дос эмес белең, - деди Зыйнат.
- Мурда менин колумда барында дос болчу ал.
Агасынын сөзүн угуп Зыйнат какшыктай сүйлөп, мыскыл күлдү.
- Ооба, ооба, баягы жылы апам каза болгондо кара ашына казысы карыш бээлерди союп, катарлап кийим илип, хан кызындай кадырлап, энеге кылган кызматыңызга күбө болгон ушул эле Толкунбек эмес беле. Ошондогу сизден көргөн сый-сыпатты Толкунбекти унутпайт го дечү элем. Кантесиз кудайга коюңуз. "Мал арыгын сактаса ооз майлайт, адам арыгын сактаса төбө кандайт" деген сөз ошол, байке.
Карындашынын какшыгын угуп, Эмилдин өңү өчө түштү.
- Барбасаң машинаңды берип тур.
- Ким айдайт аны?
- Өзүм айдайм.
- Баргың келсе, ушул кысыр катын сийсе сийдиги жете турган жерге машиналабай эле жөө барбайсыңбы. "Катындын чачы узун, акылы кыска" деген ушул экен да. Ар-намысың жок турбайбы. Сен үчүн мен уялып жатам.
Зыйнат тырчый түштү.
- Мен үчүн уялбай эле коюңуз. Өзүңүздүн маңдай тер, таман акыңыз менен алган машинеңиз болсо каратмак эмес экенсиз. Биз болбосок сизге машина эмес, эшек араба жок болучу. Келе ачкычты бериңиз.
- Машина мингиң келсе "Волганы" эмнеге кеткен эриңе бердиң?
- Ал менин ишим, байке. - Машинанын ачкычын сөөмөйүнө салып ары-бери тегеретип ойноп турган Эмил, Зыйнаттын кандай илип кеткенин билбей калды. - Казакстанга айдап кетпейм, байке.
Эмилдин оозуна сөз кирбей, машинанын артынан ээрчий караган калыбында жолдун ортосунда, көчтөн калган итке окшоп ормоё тиктеп туруп калды. Ал эми Зыйнат болсо, эки жагын карабай түз эле чоң кара жолго түшүп, шаардын чок ортосуна салынган "Айкөл" коммерциялык магазинин көздөй бурулганда Токтогул минтип сурады:
- Эмне, Мансурду көргөнү барбай калдыкпы?
- Жарыктык, "Куру келген күйөөдөн, куурай терген күң өйдө" дегендей, куру кол кантип барабыз. Бетибизге кармап, аяш атага "Башыңызды куттуктаганыбыз" деп, бир нерсе ыроолоп барбасак болобу?
- Ооба, ооба, куру кол барган болбойт.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1002 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 15:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Зыйнат атасы Эсенди тартып, жөн билги, колу ачык жоомарт келин болучу. Дүкөнгө киргенде, майда-барат көйнөк-көнчөккө көңүл бурбай, өңчөй эркектердин улуттук сырт кийимдери сатылган бөлүмгө келип карап туруп минтти:
- Чепкениңердин баары бирдейби?
- Жок, бирдей эмес. Товарына, анын жасалышына, көлөмүнө жараша баалары да ар түрдүү. Сизге кандайы керек эле?
- Жакшысы керек. Тетигил четте өзүнчө илинип турганын көрсөтүңүзчү?
- "Бакай чепкен" деген ошол. Келген кишилердин баары ошол чепкенди сурашат кызыгып. Бирок эч ким албайт.
- Эмне үчүн?
- Атына жараша баасы да кымбат.
- Мейли кымбат болсо, бериңизчи көрөйүн. - Зыйнат колуна алып, ары салып, бери салып карап туруп, көздөрү жайнай түштү. - Тү-ү, аябай сонун экен. - Ал дароо эле таякесине да алгысы келип кетти. - Дагы барбы?
- Бар болгону экөө болучу. Бирөөнү бир жазуучунун юбилейине деп бирөөлөр алып кетишти.
- Кап, - деди Зыйнат акчасын берип жатып.
Зыйнат мындан тышкары Асан менен Үсөнгө окшош костюм, Жанатка көйнөк, анан таттуу-паттуу алды. Эмелеки Мансурдукуна баруу жөнүндө оюнда анчалык этибарга албаган Зыйнат, чын-чынына келгенде эмне үчүндүр корккону же сүрдөгөнү экени билинбей өзүнөн өзү эле жүрөгү оозуна тыгылып, муундарын майда калтырак баса баштады. Машинада мурда ойлобогон ойду ойлоп, эстебегенди эстеп, эмне үчүндүр көр оозунда жаткан Мансурдун бул чакырыгы өзүнчө эле жандырмагы жок табышмак болуп келатты. "Мен Толкунбек менен эрди-катын болуп бир чамгарактын алдында жашап турганда, ата-бала сыяктуу бир жолу да бет алышпаган бул кишинин мени менен сүйлөшүп, мени менен бүтүрө турган кандай орчундуу жумушу чыгып калды экен?"- деген суроолор көңүлүндө миң кайталанып, башы маң болуп келатып, Мансурдун үйүнө кандай келип калганын Зыйнат жеткенде эле бир билди.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1003 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 15:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Машинадан түшүп жаткан чоочун адамдарды көргөн Жанат түрүлүү турган боз үйдүн эшигин кылчая карап кыйкырды:
- Эне-е-е, машина менен кишилер келди.
- Келсин! - деген үн менен удаалаш үйдөн галошун оң-тетири кийип, шашып чыккан Кына машинадан түшүп жаткан адамдарды бир демге бүшүркөй тиктеп туруп, серпиле түштү.
Саламды Зыйнат биринчи айтты.
- Саламатсызбы, аяш эне!
Кына калтаңдай түштү. Мурда оюнда Зыйнат келип калса, бул бейбактын жүзүн кантип көрөр экенмин деген аял, шашкалактап эмне кылаарын билбей калды. Дароо оюна Эсен менен Аккыз түшүп кетти. Анан оозуна эмне келгенин да байкабай калды. Айткандан эле:
- Кагылайын, Зыйнатсыңбы? - деп жиберди.
- Ооба, Зыйнатмын.
Кына күтүүсүздөн Зыйнатты кучактап, кандай өөп жибергенин өзү да билбей калды.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1004 Пользователь офлайн   Aliya2015   09 Январь 2016 - 15:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Үйгө киргиле, бул киши ким?
- Таякем.
- Саламатсызбы, байбиче? - деди Токтогул.
Булар ушинтип жаңы эле таанышып жатканда, аш үйдө Мансурду көргөнү келгендерге чай бергени жаткан Жайнагүл Зыйнаттын келгенин көрүп жүрөгү болк дей түштү. Ал отургандарга сыр бергиси келбей, өзүнө жардам берип жүргөн абысын келинге шыбырай сүйлөдү:
- Тышка атамды көргөнү кишилер келди. Буларга жакшылап чай берип өзүң узата бер.
- Жарайт, жеңе, бара бериңиз,- деди келин.
Ал эми чайга отургандар Жайнагүлдүн эмне үчүндүр, өңү кубара түшкөнүн көрүп аңкая түшүштү. Тышка чыгар чыкпастан эле Зыйнатты көрүп, Жайнагүл калчылдап кетти. Анан оюна азыр эле Үсөндү машинага салып алып кетүүчүдөй болгон бир суук ойдон түз жерден бети менен кетүүчүдөй көздөрү алачакмак болуп келатты. Жайнагүлдүн келатканын көрүп, күнөөнүн эң оорун көтөрүп тургандай болгон Зыйнат капысынан ток басып алгансып бүткөн бою дүрт дей түшүп, маңдайынан муздак тер чыга түшкөндөй болду.
Ушул саамда Зыйнаттын да, Жайнагүлдүн да оозуна сөз кирбей, бирин бири карап туттугуп калгандарын көрүп туруп Кына чыдабай кетти. Ошол саамда Жайнагүлгө "Меймандарыңды киргизбейсиңби" дейин дегенче болбой, ар жактан Мансурдун үзүл-кезил алсыз үнү чыкты.
- Э байбиче, ким келди?
- И, аяш кызың, Зыйнат келди.
- Зыйнат келди дейсиңби? Келсе кирбейби? Жайнагүл кайда?
- Мен мындамын, атаке!- Жайнагүл Зыйнат менен Токтогулга карады, - Сиз экөөбүз акыры ушундай күндө, ушундай трагедиялуу шартта кезикмек турбайбызбы. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген ушундай болучу неме турбайбы.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1005 Пользователь офлайн   mega777   10 Январь 2016 - 03:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Aliya2015 (10 Январь 2016 - 00:59) жазган:

Акыркы жазылган беттер жок болуп кетти го, админ карап коесуздарбы? Көчүрүп ушул жакка киргизгем, азыр ачсам жок(((((

Техникалык катачылыктар болуп турат.Тиешелүү адистерге кабарлап койобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1006 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 19:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Үйгө киргиле, бул киши ким?
- Таякем.
- Саламатсызбы, байбиче? - деди Токтогул.
Булар ушинтип жаңы эле таанышып жатканда, аш үйдө Мансурду көргөнү келгендерге чай бергени жаткан Жайнагүл Зыйнаттын келгенин көрүп жүрөгү болк дей түштү. Ал отургандарга сыр бергиси келбей, өзүнө жардам берип жүргөн абысын келинге шыбырай сүйлөдү:
- Тышка атамды көргөнү кишилер келди. Буларга жакшылап чай берип өзүң узата бер.
- Жарайт, жеңе, бара бериңиз,- деди келин.
Ал эми чайга отургандар Жайнагүлдүн эмне үчүндүр, өңү кубара түшкөнүн көрүп аңкая түшүштү. Тышка чыгар чыкпастан эле Зыйнатты көрүп, Жайнагүл калчылдап кетти. Анан оюна азыр эле Үсөндү машинага салып алып кетүүчүдөй болгон бир суук ойдон түз жерден бети менен кетүүчүдөй көздөрү алачакмак болуп келатты. Жайнагүлдүн келатканын көрүп, күнөөнүн эң оорун көтөрүп тургандай болгон Зыйнат капысынан ток басып алгансып бүткөн бою дүрт дей түшүп, маңдайынан муздак тер чыга түшкөндөй болду.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1007 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 20:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ушул саамда Зыйнаттын да, Жайнагүлдүн да оозуна сөз кирбей, бирин бири карап туттугуп калгандарын көрүп турган Кына чыдабай кетти. Ошол саамда Жайнагүлгө" Меймандарыңды киргизбейсиңби" дейин дегенче болбой, ар жактан Мансурдун үзүл-кезил алсыз үнү чыкты.
- Э байбиче, ким келди?
- И, аяш кызың, Зыйнат келди.
- Зыйнат келди дейсиңби? Келсе кирбейби? Жайнагүл кайда?
- Мен мындамын, атаке, - Жайнагүл Зыйнат менен Токтогулга карады. - Сиз экөөбүз акыры ушундай күндө, ушундай трагедиялуу шартта кезикмек турбайбызбы. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген ушундай болучу неме турбайбы.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1008 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 20:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  - Сиз мени кечирип коюңуз, Жайнагүл Казиевна. Сизге өзүм жөнүндө, Толкунбек жөнүндө жазганмын. Бул да болсо тагдыр экен да.
   - Ооба, боолору болуп, өтөөр иш өттү. Эми аны эстешпей эле коелучу. Бул карыя ким? - деди Жайнагүл.
   - Таякем.
   - Момун, нускалуу киши көрүнөт жарыктык.
    - И, ырас Толкунбек да келатат, -деди Кына. - Эми үйгө киргиле. Абышка күтүп жатат силерди.
     Зыйнат Толкунбекти көрүп турса да көрмөксөн болуп көңүл бурган жок. Келгенден бери көңүлүндө издеп, эстегени да, ойлогону да Асан менен Үсөн болуп турду. Зыйнат үйгө кирери менен, түз эле өңүнө өлүктүн сыны кирип, кан-сөлү качып, арыктап эти кетип, сөөгү калып, жумган көзүн ачпай, сунган бутун тартпай көкүрөгү менен бат-бат оор дем алып чыкпаган жаны жаткан Мансурдун баш жагына келип чөгөлөй калып, карыянын маңдайынан жумшак сылап минтти:
   - Аяш ата, кандай жакшысызбы?
   - Жакшы, айланайын! - деди алсыз үн менен. - Сен кимсиң?
   -  Мен Эсендин кызы Зыйнатмын, ата, келип кетсин деп чакырткан турбайсызбы.
      Мансур көзүн ачып, нуру өчүп, кареги жайылган тумандуу көзү менен Зыйнатты көңүл бура бир карап алды.
    - Ооба, чакырган элем. Ырас келиптирсиң. Атаң Эсен, энең Аккыз менен бир туугандай элек. Алар менден мурун кетти. Эми алар барган түбөлүк жайга мен кеткени отурам.
     - Кетпей эле коюңуз, ата. Ал жакка кеткендер эмне тааптыр. Уул-келиниңиздин чайын ичип, рахатын көрө туруңуз. Али карылыкка моюн сунуп, бакма болуп олтуруп кала элексиз, - Зыйнат карыянын абалынын оордугун көрүп, өзү көтөрө келген сумкасын ачып, ичинен "Бакай чепкенди" сууруп чыгып, жакасынан силке кармап минтти:
- Аяш ата, мен сизди оору десе эле катуу деп ойлоптурмун. Карап турсам мен ойлогондой эмес экенсиз. ( Зыйнат бул сөздү оорулуунун көңүлүн көтөрүп коюу үчүн айтты ). Бир-эки күндө жакшы болуп калаарсыз. Аяш ата, "Жоолук да болсо жолго ийги" дейт. Мына бул чепкенди башыңызды куттуктаганым болсун. Аман-эсен сакайып дайым тойго кийип жүрүңүз. - Карыянын үстүнө жапты.
    - Ырахмат балам, аман бол.
    - Оо-у, бай, сонун чепкен тура, - деп жиберди Кына. - Аман-эсен сакайып, кийсең экен. - Кармалады. Таза баркыт тура, саймасын келиштириптир. "Бакай чепкен" деп атаганчалык баага татыктуу кийим туура. Жаның бек болсун, чепкениң морт болсун, бай.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1009 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 21:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  Зыйнат балдардын костюмун Жайнагүлгө сунду.
    - Бул уулдарыңыздыкы! - Өңү өчүп жылдызы жерге түшүп, көңүлү бөксөрүп, санааркап отурган Жайнагүлдүн кебетесин көрүп, Зыйнаттын денеси жыйрыла түштү.  Канткен менен насилибиз аял экен да. "Күнүлөштүн күлү жоо" дегендей, менин келишим күнүлөшүмө жакпай калган экен, - деп ойлоду. Кийимден бошогон пакетти ичиндеги таттуу-паттуусу менен Жайнагүлдү көздөй түртүп койду. Анан бул жерден тез эле чыгып кетүүнү ойлоп, аркы дүйнө менен бул дүйнөнүн ортосунда, көргө буту салаңдап турган бул адамдын өзүн чакырткан себебин билгиси келип минтти:
       - Аяш ата, жаштык менен мастыктан, ортодо көп эле жагымсыз иштер болуп кетти, кечирип коёр бекенсиз?! "Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң" дегендей, азыр уулуңуз үйдө, кылыгыңыз түздө. Мен шашып турам. Касымбек кудага келгенмин. Сизди чакырып жатат деп угуп келип калдык, аяш ата.
   - Ырахмат балам, келгениңе. Көп сөздүн кереги жок. Ток этер сөздү сүйлөшөлү. Жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө аттанаарыма аз калды. Алланын алдына ыйманымды жеп калп айтып, карөзгөй сүйлөбөй, жамандык менен арамдыктан арылып, ыйманым менен кетейин деген эле бир тилек калды менде. "Дүнүйө жыйып нетесиң, бир күнү таштап кетесиң " дегендей, тирүүлүктө пенделик менен колуң менен кылган күнөөңдү өлүм алдында мойнуңа алып, жандүйнөңдү тазартып Алланын алдында ак кетүүдөн башканы ойлобой калат экенсиң. - Мансур жаздыктан башын көтөрө албай, бир айтканын кайра-кайра айтып, көңүлү айнып онтоп жиберди. - Атаңдын көрү ай, дарманым болбой калган турбайбы. Баса, эстегенде айтып коёюн, байбиче. Илгээри баягы согуш жылы, кошунабыз Токтобай аскерге кетип, кызыл чиедей беш баласын багам деп жанын жанга уруп жүрүп, Асылкан кара тумоодон кайтыш болду. Балдары чоң энеси Баалкан байбиче менен калды. Анда менин бүгүн, эртең аскерге кетем деп камынып турган кезим эле. Бизде деле өлчөлүү турмуш болучу. Ошентсе да бир чыны талкан болсо да чогуу ичип, ачкачылык менен жокчулукту чогуу тартып, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн күндөр али эсте. Мага аскерге бүрсүгүнү жөнөйсүңөр, ар бириң беш күндүк азык аласыңар деген повестка келди. Үйгө келип энеме айтсам, үйдө азык камдоого эч нерсе жогун айтып ыйлап жиберди. "Азык албай кантип куру кетесиң. Биз эптеп суу ичсек да күн көрүп турабыз. Алыска кетип жаткан сеники кыйын болбодубу " - деп тегеренип турду. Анын үстүнө Баалкан чоң энемдин беш баласы беш жерде солуп жатканын көрүп, заманам куурулуп кетти.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1010 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 22:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Оюма келгени бүгүн түнү ууруга барып бир нерсе таап, эки үйгө күнүмдүк болсо да азык камдап берүүнү максат кылып койдум. Энеме сырымды айтпай үйдөн чыгып кеттим. Тоого барып өзүмдүн Садыбакас деген теңтушумдун атасы Сарыбайдын короосунан бир токтуну уурдап, ошол жерден муздап алып мойнума арта салып жылаңаяк, таң атып кетпесин деп тоону тоо, зоону зоо, ойду ой дебей, таманымды ташка тилдирип жанымды оозума тиштеп жүгүрүп келатам, жүгүрүп келатам. Токтунун салмагынан акырегим качырайт. Ошентип, үйгө таң жээк салганда жетип, бетим менен кетиптирмин. Энем менин алып келген коюмду көрүп, сүйүнөт экен десем, сүйүнүнүн ордуна, алаканын шак коюп, кокуй-алатын коштоп, чалкасынан кетсе болобу. "Кудай жолуна кетип баратып, ууру кылат деген кантип жакшылык болсун. Каргышка калган адам оңбойт. Сен ушундай ою кара, колу туткак бала белең, кокуй Мансур. Өлүм менен өмүр тирешип турган кандуу майданга аттанып жатып кантип ушундай ишке бардың. Мындай шумдукту ата-бабаң жасап көрбөгөн иш эмес беле, балам. Биздин тукумга арамдык жакпайт, - деп боздоп, өз башын өзү муштап, өзүнчө эле жинди болгон немедей өкүрүп-өксөп боздоп жатты. Ушул маалда эртең мененки намазга даарат алганы турган Баалкан чоң эне, энемдин үнүн угуп, кумганын көтөргөн бойдон биздин үйгө кирип, энем экөөбүздүн ортобузда жаткан койду көрүп делдее түштү.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1011 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 22:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Эмне болду, балам, тынчылыкпы? Сенин үнүңдү угуп кирдим. Бул эмне болгон кой?
   - Мансур уурдап келиптир.
   - Ой, эмне дейт? - деди байбиче чочуп. - Кайдан уурдап келиптир?
   - Сарыбайдын короосунан, -дедим өзүм жооп берип.
   - Кайра жеткирип бер!- деди энем калчылдап.
   - Болоору болгон тура. Жокчулук деген ушул. Болбосо Мансур бирөөнүн жабылуу аягын ачпаган бала эмес беле. Бизге карады го, катыгүн. Эмне кылабыз эми, киши укпасын деги.
      Ошентип ошол токтунун этин жемегибизден артыгыбыз чыккан. Анткени жалгыз эле энем эмес, тишинин кирин соруп беш небереси менен ачка олтурган Баалкан чоң энеме да, менден башка дагы кызыл чиедей болгон үч баласы бар энеме да жаккан жок уурунун эти. Бул менин биринчи да, акыркы да уурулугум болду. Энеме мындай ишке экинчи жолу баспоого убада бердим.
      Ошол күндөн ушул күнгө чейин,  Сарыбай атанын көзү өтүп кетсе да Садыбакаска айтып кечирим сурайм деп жүрүп эле, оозум батып айталбай убакыт өтүп кетти.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1012 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 23:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Оорум күчөгөндөн бери ушул иш оюмдан кетпей койду. Азыр да кеч эмес, өзү бул жерде болсо айтайын десем, ал кудай урган Бишкекке балдарына кетип келелек тура. Короодон тандап туруп бир соолук берип, менден салам айтып, кечирип сурап, ыраазы кылып койгула, угуп жатасыңбы, Толкунбек?
    - Ооба, угуп жатам, макул ата.
    - Баса Садыбакасты кайра-кайра сурап жатканыңдын себеби бар экен да. Дагы кимге кандай бересең бар, айт баарын? - деди Кына.
    - Мындан башка эч кимге бересем жок, байбиче. Кокустан мен алып, кайра бербей унутуп калган аласа-бересем болсо өздөрү айтышаар. Өлүк карызы кылбай куткарып койгула.
   - Олда айланайын падышам ай, башканы коё туруп, жаныңда шашып олтурган Зыйнатты узатпайсыңбы, айтуучуңду айтып, берүүчүңдү берип, - деди Кына кош карегинен аккан жашты сүртүп.
  - Жайнагүл бул жердеби? - деди башын көтөрүүгө аракет кылган Мансур, эки жагын тегерете карап алып. - Байбиче айланайын келиниңе айтчы, Үсөндү ала кирсин.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1013 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 23:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Жайна тышта бошобой жатса керек. Мен азыр чакырам бай. Кына короого чыгып, ар жакта бактын ичинде Асан менен Үсөндүн ортосунда балдарын эркелетип отурган келинин көрүп, кайнененин каңырыгы түтөп, өзөгү өрттөнө үшкүрүп алып минтти:
   - Жайнаке, алдыңа кетейин, Үсөндү алып үйгө кирчи, атаң чакырып жатат.
   - Азыр, энеке.
   - Үйгө ким келди ыя, мама? - деди Үсөн.
   - Конок келди, балам! - деди Жайнагүл каргылданган үн менен көз жашын сүртүп.
    - Эмнеге ыйлап жатасың? - Үсөн апасын чочулай карап, мостоё түштү.
      Жайнагүлдүн өпкөсү көөп, өзүн кармай албай, тигилердин үстүнө киргиси келбей кежигеси кер тартып турду.
     Кына келининин кейиштүү кебетесин көрүп: "Отолотсо, отолотсо экен, отолотпосо музоомду кайтарат элем" дегендей, айтса айтып, берсе берип баласын, ары-бери кылса болот эле деп ойлоп, кайра абышкасынын жанына кирип олтуруп жатып минтти:
     - Ой, айланайын, падышам! - Мансурдун ачасы чыккан арык колун кармалап. - Акыретке кетээрде аласа-бересеңди тактап, аябай камындың го, ыя мусулманым.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1014 Пользователь офлайн   Aliya2015   11 Январь 2016 - 23:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  Кына Зыйнатка карады. - Бул кишинин кулагы жанына жакын барып катуу айтмайынча укпай калган болучу. "Өлөөр алдында адамдын кулагы ачылып кетет" десе, ишенчү эмес элем, чын экен тобо. Эки күн болду кулагы шырп эткенди угуп, ырас болду. Деги, мурунку күндөргө караганда кечээтен бери аябай эле акыл-эси ордуна келип, жакшы болуп калды. Бой түзөп жатабы, же ушул бойдон жакшы болуп кетеби ким билсин. Жок дегенде дагы бир беш жыл туруп берсе, жакшы болбойт беле.
    Зыйнат шыбырай сүйлөдү:
    - Бой түзөп жатат, аяш эне. Бул убактылуу.
    Зыйнат бул үйдүн босогосун аттап киргенден бери Толкунбекти тааныбаган, билбеген бейтааныш адамдан бетер, ага сүйлөмөк турсун көз кырын салып карап койгон жок. Ал эми Толкунбек болсо андан бетер үңкүйүп, бир китепти кучактап баш көтөрбөй окуп жаткандан бетер мелтиреп үнсүз. Бир сөз менен айтканда, энесине берген убадасын аткарып койду. Баятан бери бул экөөнүн мамилесин байкап кантип кетишер экен деп алдыртан сынап олтурган Кына, бул экөөнүн чыны менен эле мамилеси болбой калган экен деп ичинен тымызын санаасы тынып олтурду.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1015 Пользователь офлайн   Aliya2015   12 Январь 2016 - 01:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

  Зыйнатты минтип баатырлык кылып баса келет экен деп ойлобогон Жайнагүл, күнүлөшүн көрүп өзүн жоготуп койду. Ал Үсөндөн анык ажыраарына эми чындап көзү жетип, кара көзү караңгылап, бир колуна Асанды, бир колуна Үсөндү жетелеп боз үйгө кирип келаткан келинин көргөн Кына Мансурдун колун аста кармап, кулагына шыбырай сүйлөп минтти:
- Үсөн менен Жайна келди, бай.
Карыя көзүн сергек ачты.
- И, келдиби?
  Балдарды көрүп, Зыйнаттын жүрөгү дүпүлдөй түштү. Ал дароо Асан менен Үсөндү өзүнө чакырды.
  - Келгиле, өөп коёюн. Экөө бирдей Зыйнатты көздөй кыйыла басышты. Аял, кирпик какпай, бир демге балдарды алмай-термей тиктей берип минтти:
  - Сен Асансыңбы? Кантсе да сен Үсөнсүң го? - Экөөнү биринин артынан бирин кучактап, беттеринен алмак-салмак өптү.
  Көзүнүн кыйыгы менен алдыртан карап, акырын сөз тыңшап сак олтурган Толкунбек таң кала түштү. Тобо, Асан менен Үсөндүн атын тааныгандай таап айтты. Ошон үчүн эненин жүрөгүндөй сезимтал жүрөк болбосо керек. Анан баякы ботодой боздоп: "Эки баланын бири меники. Өз баламды өзүмө алып бер" деген сөздөрү эсине түшүп кетти.
  Ушул саамда Мансур тамагы менен мууна сүйлөп, үнү каргылданып минтти:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1016 Пользователь офлайн   Aliya2015   12 Январь 2016 - 01:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Зыйнат балам, мен сени ушул Үсөн үчүн чакырткан элем. Кудайга да, анан маркум Эсен менен Аккыздын арбагына убада берип койгон сөзүм бар эле. Алланын алдына Үсөн экөөңдүн убал-сообуңарды аркалап, өзүм менен көрүмө ала кетпейин дедим. Үсөн мурда менин балам эле, эми сенин балаң болот.
- Сенин балаң болот дейсизби? Үсөн чыны менен эле менин баламбы ыя, аяш ата! - Эриндери титиреп, жүрөгү кулундай туйлап кетти.
- Ооба, Үсөн сенин балаң, Зыйнат.
- Менин балам тоңуп өлгөн жок беле ыя, аяш ата! - Эки көзү жашка толуп, мөлмүлдөп баратты.
- Жок, тоңуп өлгөн эмес, Үсөн сеники.
- Ошондой деңизчи! Кандай оозуңуз жакшы адам элеңиз, аяш ата! - Зыйнат Мансурду кандай кучактап жыгылганын билбей калды. - Мен сизге ыраазымын. Менин аз айып, көп күнөөмдү кечире алаар бекенсиз?  -Мансурдун бети-башынан туш келди өпкүлөп, көз жашы көл болуп төгүлүп, араң жаткан адамдын жүзүн жууп жатты. - Сиз ушундай эки дүйнөнү тең билген айкөл, адамкерчилиги күчтүү, боорукер адам турбайсызбы, аяш ата.
      Тургандар Зыйнатты Мансурдун үстүнөн араң өйдө кылышты. Ошол маалда Мансур алсыз үн менен минтти:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1017 Пользователь офлайн   Aliya2015   12 Январь 2016 - 01:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Үсөн мындабы?
- Ооба, мында, ата, - деди үнү өчкөн Жайнагүл.
  Бала Жайнагүлдүн алдынан туруп, чоң атасынын маңдайына келип токтоду.
- Ата, мен мына.
- Бери бол мага жакын. Колунан кармап өзүнө тартып, бетинен өөп минтти: - Сен түшүнүп жатасыңбы, бул жерде эмне болуп жатканын? Мына бул Зыйнат деген сенин апаң болот. Сени төрөгөн ушул келин. Мындан ары сен ушул апаңдын баласы болосуң. Түшүндүңбү?
- А менин өзүмдүн мамамчы?
- Өзүңдүн мамаң да болот.
- Мамам да, апам да болобу менин?! - Үсөн көздөрүн жалжылдатып өзүнчө эле бир кызык болуп, бирде Жайнагүлдү, бирде Зыйнатты алаңдай тиктеп элейип карап турду. А Зыйнат болсо, олтурган ордунан турам деп туралбай, кубанычтан кулагы чуулдап, көздөрү алачакмактап минтти:
- Кагылайын эл-журт, менин балам чын эле тирүү экен ээ, - деди. Оозуна башка сөз кирбей, анан Үсөндү көздөй кучагын жайып, кош карегинен аккан жаш бети ылдый салаа-салаа болуп төгүлүп кетти. Ушул маалда, бул бейтааныш чоочун аялга түшүнүгү жетпей, чоң атасы Мансурдун айткан сөзүнүн өзүнө кандай тиешеси бар экенин билбей, кандайдыр бир жагымсыз окуядан жыт алып, коркок көздөрүн алаңдаткан Үсөн, өзүнө кучагын жайып, жакындап келаткан Зыйнатты көрүп, мойнун буруп:"Мама- а!"- деп бакырып алып Жайнагүлдүн алдына өзүн таштады. Ошол саамда кимдир бирөө жыга койгонсуп, бети менен жер кучактай жыгылган Зыйнатты көргөн Толкунбек ушуну эле күтүп тургансып ордунан учуп туруп:
     
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1018 Пользователь офлайн   Aliya2015   12 Январь 2016 - 01:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Талмасы кармады! - деп жиберди чочуган үн менен.
- Кокуй, эмне дейт? - деди үрпөңдөгөн Токтогул, өзүн Зыйнатты көздөй уруп. Кагылып кетейин каралдым, кубанычты көтөрө албай кетти го.
   Жайнагүл ошол замат Үсөндү алдынан тургузуп, Толкунбекке карады.
- Эмне кылыш керек, сен билесиң го, - деди Зыйнаттын башын жөлөп отурган күйөөсүнө.
- Унчукпагыла, эс алат өзү.
   Зыйнат оо бир оокумда көзүн ачып, жанында тегеректеп турган адамдарды бүшүркөй тиктеп туруп, өзүн кучактап отурган Толкунбекти көрүп минтти:
- Мен кайдамын?
- Эсиңди жый, Мансурдун үйүндөсүң! - деди жигит.
- Аа, - деди дароо эсине келген Зыйнат, Толкунбекти бир карап алып башын көтөрүп, - катуу толкунданып кеткен турбайымбы.
    Жайнагүлдөн ычкынбай, желкелеп турган Үсөн минтти:
- Чоң атам калпычы экен, ээ. Бул чоочун эжени апаң дейт мага.
    Үсөнгө Жайнагүлдөн мурда Кына жооп берди.
- Чоң атаң калп айтпай эле чындыкты айтып жатат. Эми сенин эки апаң болот, каралдым, - деди көз жашын сүртүп.
    Ушул жерде Зыйнаттын көзүнө чоктой урунган Жайнагүл болду. Ал акыл-эсинен ажыраган чала жан адамдан бетер өңү өчүп, кырып алар кызылы жок, бозала болуп, бир күйүмдүү адамы өлгөндөн бетер кош карегинен аккан жаш алдына тып-тып таамып жатканын көрүп эсине келе түшкөн Зыйнат Жайнагүлдү колунан кармай калды.
- Бирөөнү сүйүнтүп, бирөөнү күйүнткөн тагдыр ай! Мен жүрөгүмдө өз балам тоңуп өлсө да, Жайнагүл Казиевна сиздин Асаныңыз менен Үсөнүңүздүн тилегин тилеп, ошол экөө аман болсо экен деп жүрбөдүм беле. Силер менин өлгөнүмдү тиргизип, өчкөн отумду тамызып бактылуу кылдыңар. Өзгөчө, бул жерде сиздин эмгегиңиз баа жеткис экенин билемин. Үсөнгө берген ак эмгек, ак сүтүңүздү эмне кылып актаарымды да билбей калдым. Ырахмат сизге, Жайнагүл Казиевна.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1019 Пользователь офлайн   Aliya2015   12 Январь 2016 - 01:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Келгенден бери кеп-сөзгө аралашпай үнсүз, сөзсүз момурап отурган Токтогул карыя кубанганынан ордунан тура калып, курун мойнуна салып "Баабедиң" деп бакырып, айтаарга сөз таппай тегеренип кетти.
- Кудай берет деген ушул. Бешик бооң бек болсун, балам. Мансур сизге, Жайнагүл балам сизге, баарыңа ырахмат. Бул бала жөнүндө айтпай койсоңор ким билет эле. Ойдо жок жерден кубанычтуу кабарды угуп, сүйүнгөнүмдөн эсим ооп калды. Кудай деген ыймандуу, жакшы адам турбайсыздарбы. Ылайым жамандык көрбөгүлө, укум-тукумуңар өсүп, чырпыгыңар чынар болсун. Жайнагүл балам, Үсөн үчүн сага бирибиз эмес, баарыбыз ыраазыбыз. "Баланын ырайына карап ат кой" дегендей, түзүңө жараша түптүү элдин туу тутуучу Акылкарачачы турбайсыңбы. Ыйлаба, балам.
    Ансыз эле баласынын тирүүлөй күйүтүнөн күйүп күл болуп, ичине бычак салаалбай араң отурган Жайнагүл Токтогул атанын сөзүн угуп, Зыйнаттын кубанычтан төгүлгөн көз жашын көрүп, өзүн кармай албай жарылып кетти. Өпкө-өпкөсүнө батпай ботодой боздоп коё берди. Анан тээ бир оокумда эсин жыйып, булактай төгүлгөн көз жашын жутуп минтти:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1020 Пользователь офлайн   Aliya2015   12 Январь 2016 - 01:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Үсөн сеники, Зыйнат. Арты мындай трагедиялуу окуяга айланарын ким ойлоптур. Бул табышмактуу жашыруун сырдын түйүнү сенде экенин билбей калбадымбы. Ошол убагында билгенимде башкача болот беле ким билсин. Үсөн үчүн сенин кандай кара кийип, кан жутуп жүргөнүңдү айтпасаң да түшүнөмүн. Эми мен ошол сен жуткан канды жутуп кала турган болуп калдым. "Элик сүтүн бербей, эне сүтүн берген" перзентим эмес беле. Кантип ажырап, кантип көнөм. Башка балдарым бир тең, Үсөнүм бир тең болучу. Эми эки балам жерде, Күкүк менен Зейнептей болуп, бирин бири таппай, бирин бири сагынып, бирин бири издеп кусалыктан куурашат турбайбы. Каралдымдан ажырап, күйүтүн кантип көтөрө алар экенмин!
   Адамдын өзөгүн өрттөп, тула боюн титиреткен Жайнагүлдүн бул сөзү Зыйнатты баш кылып олтургандардын баардыгын дем чыгарбай муунтуп турду.
   Зыйнат үчүн бул үйгө келип абышка-кемпир менен беттешүүдөн күчтүү трагедия Жайнагүл болсо да, ошол армандуу эне жүрөгүн бул үйгө калбаат сүйрөп кирген күч чындыгында эки баланын зери болбодубу. Мени Толкунбек менен жашап турганымда өлтүрбөгөн, эми өлтүрүшмөк беле. "Чакыргандан калбагын, өзүң басып барбагын" деген элибиздин акылман сөзүн туу тутуп, эгиздерди бир көрсөм деп батына басып келген себеби да ошол болучу. Эми минтип тоңуп өлдү деп эбак түңүлүп бүткөн баласынын тирүүлүгүн көрүп, кубанычтын күчтүү толкунунан жүрөгү калкылдап, каны көтөрүлүп турду. Кулагы чуулдап, жүрөгү көөдөнүн жарып чыгуучудан бетер тынымсыз туйлап, анда-санда кекиртегине тыгыла түшүп тынчы кетип баратканынан чочулаган Зыйнат : "Талмам аз келгенсип, эми жүрөгүмдүн пристубу кармап ит болбосом экен" - деп ойлонгончо болбой, колу-буту муздап, денесин бүтүндөй бир толкун каптап баратканынан, Токтогулга минтти:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 00:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: