Суперстан: Арзып тапкан махабат - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арзып тапкан махабат Падишахан Султаналиева

#1 Пользователь офлайн   s9zen098   09 Январь 2016 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Биринчи сүйүү
1987-жыл. Кербенде училищада "Тракторист- машинист широкого профиля" деген кесип алып жаттым. 5-декабрь күнү окуудан чыгып, Дөң Кыштактан түшүп келе жатсам эки бала туруптур. Жол тар, бир адам өтө алгыс жерде, жакындап келсем жолду тосуп өткүзбөй тура беришти. Жакындап келип тыгылып экөөнүн ортосунан өтүп кетсем:

– Чоң кыз, саат канча болду? – деп сурады.

– 5ке 5 мүнөт калды, – деп башымы көтөрүп бирөөсүнө көзүм кокустан чагылып кетти. Тиммеле аппак, сопсонун бала экен, жүрөктөр тыпырап, дүпүлдөп сого баштаса болбу, тообо-тообо!

Өзүмү өзүм түшүнбөй калдым, жүрөк омпо-чомпо согуп. Кантип жылмайып жибергеними өзүм да билбей калдым.

– Таанышып алалы, атым Жаныбек, 1967-жылы 5‑апрелде туулгам, армиядан кече келдим, Германияда служить эттим, – деди. (ааа, эмнеге аппак десе армияда агарган экен).

Досунун аты Кубаныч экен. Ошентип адрес, телефон, эч нерсе айтпадым, таанышып кетип калдым.

Бир жума өттү – уйку жок, окугум келбейт, аппетит тартпайт, көз алдымда Жаныбек. Сезим ашкын-ташкын. Күндө күзгүдө бир саат жасанып баштадым, мүмкүн көрүп калам деп.))). Башкалар да байкап баштады:

– Эй, сен күндөн-күнгө эле сулуу болуп баратасың, деги эмне болду?! – дешип.

Жүрөк өлдү жабыркап. Жаңы жыл жакындап баштады.

20 күн өтүп, 25-декабрь болду. Арыктап кеттим ойлоно берип. Суббота күнү дем алышка кеттим ой басып, Итагарга. Базар күнү кечкери тынбадым, тонна-тонна кирлерди жуудум кол менен, тагара-тагара суу ысытып, тезектерди быкшытып жагып. Койлорду, уйларды, эчкилерди талаага айдап, атканаларды күрөп, акурларды тазалап, кечке чөп салдым малдарга. Кеч кирди, уйларды саап, челектерге сүт толтуруп келе жатсам, кошунанын баласы: "Сизди бир бала сурап атат, машина менен келиптир, биздин айылдан эмес" деди да кат берди. Окуп жүрөгүм жарылып кете жаздады: "Же адресиңди сурап албапмын, издеп сорго таптым, аябай алыс айылда жашайт экенсиң, уйку жок, аппетит тартпайт, жүрөгүм жанып кетти, себеби сен болушуң керек, көргөнү келдим, мүмкүнчүлүк болсо чык, күтөм" деп жазыптыр.

Кубанычым койнума батпай учуп кете жаздадым! Агаларыман коркуп, чыга албадым, түнү менен тынбай иттер үрдү, агаларым чыгып кирип:

– Бирөөлөр жүрү үйдү айланып, – дешти.))).

Таңга маал машиненин сигналы угулуп жүрүп кетти. Мен уктабадым, чыга да албадым.

Ошентип биринчи күнү Кербенге окууга келдим. Акыркы убакта өтө жасанып өзгөрүп кеткениме байланыштуу, өзүм теңдүү балдар да жактыра башташты. Бирок менин ойлорум, түштөрүм Жаныбек гана болду. Окуу аяктап үйгө кайттым: "Иииий эми таарынып, жолугушууга чыкпаганыма экинчи келбесе керек" деп. Бир маалда бир кыз артыман чуркап келип колума кат берди. Окусам кечинде киного чакырыптыр, ыйлап эле жибергим келди, анткени менин Шералы деген экинчи агам киного жибермек түгүл, күндүз көчөдө көп жүргүзбөчү. "Мен кат жазып берем, берип кой Жаныбекке" десем "майли" деди кат алып келген кыз. "Жаныбек, кечинде киного жибербейт мени, эртеменен саат 7.00гө кел" деп адрес жазып берип жибердим.

Уйку жок, ойлор учту сүйүү мекенине, жасанып светти жакпай көр келемиштей болуп 4тө туруп алып. Жүрөктөрдө майрам ажайып, сааттын секунддары токтоп калгансыды жылбай. 6.30да эле ыргып чыктым көчөгө, айткан жериме келсем туруптур Жаныбек нары-бери басып. Мени көрө калып көпкө турду мелтиреп. Анан:

– Саламатсыңбы, мен сени жакшы көрүп калдым, – деди түз эле. – Сен мени жактырбасаң керек, атайлап эрте менен чакырдың “келбей эле койсун” деп. Бирок мен келдим, – деди.

Менде сөз жок, үн жок, эки бетим кызарып, жүрөктөрүм соккону курткамын сыртынан кадимкидей билинип турду. Сүйлөп атат, сүйлөп атат, 20 күн мени издеп кыйналганын, Итагарга баратып сүйүнгөнүн: ‘Азыр көрөм’ деп. 40 мүнөттөй айтты, бир маалда токтой калып:

– Эй сен эмнеге сүйлөбөйсүң, өзүң жөнүндө бир нерселерди айтып берчи? – дейт.

Менде тил жок, үн жок. Байкуштун чый-пыйы чыгып кетти. Мен кантип айтмак элем: "Өлүп баратам, мен сени сенден мурда сүйүп калгам" деп? Кубанып ичимден үйлөгөн шардай, бомбага окшоп турум жарылайын деп, же билсе.))).

Орус класста окуган комплекси жок бала экен, армияда Германияда служит эткен, атасынын жалгыз баласы эркерээк экени да билинип турду.

Ошентип күндө эртеменен 6.30да окууга узатат, кайра саат 16.00дө окуудан үйгө узата турган болду.

Жаңы жыл бирге тосмок болдук. Мен дагы деле айтпадым ичимден өлүп сүйүп жүргөнүмдү, айтсам эле кетип калчудай корктум. Жакын жолосо калтырап титиреп:

– Омей, жапайысың! – деп уялтканын койбоду: – Эмне түшүнбөйсүң, үйлөнөм сага, окууду бүтпөй эле кой, үй даяр, баары дайар, багып алам, жаным!

"Жаным" дейт күндө, ансыз да айланып турган башты айлантып.

Жаңы жыл да келди, үйүнө чакырды, апасы, эжеси менен тааныштырды. Досторуна өтө сүйүнчүлөдү:

– Мен ушул кызга кудай буйурса үйлөнөм, өтө сонун кыз, бирок саал жапайыраак, – деп жылмайды.

Чоң дасторкон жайылды, музыка жаңырыгы ажайып. Абба, Джой, Ламбада, Алла Пугачева "Без меня тебе любимый мой, земля мала как остров" деп.

Менден көзүн албай Жаныбек отуру, башкалар байкап ырсаңдашып өлүшүп эле калышты, мен отурум кызарып Алматанын апорт алмасындай. .......

1988-Жаңы жылды тосуп Жаныбектин үйүндө отурдук, музыкалар жаңырып, жүрөктөр жалынга күйүп, кабынан чыгып кетейин деп. Бир маалда өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, свет өчтү, Валерий Леонтьев ырдап чыкты телевизордон "Исчезли солнечные дни, и птицы улетели" деп.

– Ииий энеңди! Өчүрчү Жаныбек, оногуну албарстыдай кылбай! – деп бир досуна жакпай.

Леонтьев телевизордо өчтү кап караңгы болуп. Кассетада Алла Пугачева "Жил был художник один, домик имел и холсты, но он актрису любил, ту что любила цветы" деп ырдап баштады. Колу иштен бошобой эки көзү мага кадалып мейман тосуп Жаныбек кыйналды. Бир досуна:

– Бар сен эшикке чыгып жардам берчи, мен али бир да жолу бийлебедим, – деп эшке чуркап кетти.

Свет бир өчөт, бир жанат, лүпүлдөп мен айнектин жанында эле турум соксойуп.

– Кечир, мен сени бийге чакырат элем, бирок Жаныбек “бирөөң кокустан бийлесеңер өлтүрөм” деди, – деп эч ким бийге чакырбады.

Бир маалда кассетада Эммануэль музыкасы башталды, желмогуздар кайдан таап алган, уккан кар да суу болуп агып кете турган музыка. Свет жок, капкараңгы, бирөө келип колуман кармап, кулагыма “мен Жаныбек” дейт, жүрөктү кабынан чыгарып. Белимен кармаса эки бетим эмес, кулагым да кызарып кетти.

– Ооууу расслабься, – дейт, же мен түшүнсөм, орусча эч билбечимин.

Өзүнөн өзү кыйналып:

– Жок дегенде кичине сүйөсүңбү мени, эй жапайы сулуу кыз? – дейт, тообо.

“Жапайы эмесмин” дейин десем же өбүшө албайм, же кыйратып бийлей албайм, эки көзүм эле мөлтүрөйт. “Мен да сени сүйөм” деп айтайын десем эч жарашпай тургансыйт. Таң атканча бийледик, бирок эч канбадык, тердеп-бышып канча энергия кетти. Эми укмуш сүйүү, түбүнө жете алгыз, колдор тиммеле чырмалып калды, тообо. Али эч нерсе боло элек, бийден эле ошончо сүйүү.

Эрте менен эрте баарыбыз топурап үйлөргө кайттык.

Сүйүү күчөгөндөн күчөп жатты, бир жыл өттү. 1989-жыл келип калды. Жаныбек жүдөп, арыктап кетти, мен дагы.

– Болду, үйлөнөм, башка чыдашка күч жок, – деди.

Жакын, тыгыз мамиле кылбагандыктан өтө кыйналып кеттик. Мен ‘жазда окууну бүтөрүп Москвага кетсем’ деген пландарды айттым эле, жаны чыгып кетти.



1989-жыл да келди. Март айы эле, бирок кар аралаш жамгыр жаап турду. Окуудан чыксам күтүп туруптур. Жылмаңдап бир балээни ойлоп тапкандай:

– Эх сулуу, эртең бактылуу болобуз, – деди. – Жүр, Кубаныч, Попон машинеде күтүп отуру. Бүгүн айлык алдым, шашлык жеп кайтабыз, макулсуңбу?

– Мен өзүм төлөйм, мен да стипендия алдым, – десем:

– Омейй, ушу сен күйдүрдүң, жапайысың, элестетсең кандай көрүнөт? Эми мен сага өмүр бою төлөйм, – десе болобу!

Эч элестете албадым, менин өлбөгөн кичинекей башымын ичиндеги төлөп бүтө алгыс пландарымы эмне кылар болду экен?.

– Өзүм төлөйм, болбосо барбайм, – дедим.

– Мейли-мейли, жапайы, – деди да, досторуна: – Эч таң калбагыла, муногу тоодон түшкөн жапайы өзүнө өзү төлөйт имиш, – деди.

Достору аябай күлүштү:

– Германияда служит эткенде көрдүң беле, немкалар да сенин жапайыңа окшоп кетет. бул жапайынын жанында эркек сезиш кыйын болду, балекет экенсиң тообо, кой кеттик, – деп шашлык жегени кеттик.

Шашлык жеп отуруп ар кандай кызык маек болду. Арак атпайды бири да ичпечи, ойлоруна да келбечи, же мен көрбөчүмүн.

– Эй, сен тракторист болбойсуң да, туурабы? Менин эжем үч айлык курс ачты швейный, окуп алчы, балакетиңди алайын. 60 сом турат курс, мен төлөйм, – деди.

Мен ага жаман көзүм менен:

– Эмне дедиң? Мен өзүм төлөйм, уят, сен менин эрим белең? – десем өлө күлүштү.

Попон:

– Лайлалалалай, балким бүгүн эриң болот, эх көздөрүң балбылдап сенин да жыргай турган күнүң жакындады, – десе болобу.

– Биз күндө сенин пловуна келебиз, жыргализм өмүрүңөргө күбө болгубуз келет, – деп, Кубаныч жыртылдады.

Кебек жеп бүттүк.

– Эми сени жеткизип койолу, – деп, машинени өзүнүн Ленин көчөсүнө карап зымырап жөнөдү.

Сразу түшүндүм ала кача турганын, ролго жабышып:

– Кой, али эрте, – деп жалдырадым.

Машинесинин кулучун сууруп алып бекем колумдан чыгарбай кармап отурдум.

– Мен сага чынын айтайын, ата-энем даярдык көрүп күтүп отуру, бүгүн үйлөнөм сага, болду бүттү! Уйку жок жададым жалгыз сенин сүрөтүң менен уктап, – деди.

Достору да:

– Эй эми сен профессор болмок белең, окуганың СПТУ жалаң көк мээлер окуйт. Өзүң тракторист. эй тообо, жапайы, сүйүнбөйсүңбү? ! Жаныбекте баары бар, машине, үй, жалгыз эле баласы, тайраңдап эле жашайсың, – дешти.

Жаныбек орус кыял, орусчалап:

– Блиииин, достала! – деп эки колу менен эки бетими кармап: – Шайтан, өллө мени сүйөсүң, көздөрүңөн билинип турат, менин кучагымда жатканыңды элестетип өлүп тирилип иттин жашоосунда жашайсың мага окшоп! – деп кыйкырып сөгүндү. Көздөрдөн кетти жаштар жамгыр болуп агып. эч качан ыйлаганымы көрбөгөн Жаныбек жаны кашайып: – Түш, жогол көзүмө көрүнбөй, сыйлаган ушунчалык жапайы. орус кызга үйлөнөм, закалибали дебилизм! – деп жүрүп кетти.

Жүрөгүмөн кан акты. Мозг “койчу ошону, баары жакшы” десе, жүрөгүм: “Жаныбектен башканын кереги жок, жашабайм! ” деп урушуп баратты. Мозг менен жүрөктүн ортосунда бир жума согуш болду, уйку жок. мозгдо оружиелер өтө көп экен, жүрөктү жалпайта чаап жеңди. Мозг айтты жүрөккө: “Бүгүнкү күндөн баштап сен менин кулумсуң, эмне десем ошону кыласың, кимди сүй десем ошону сүйөсүң, бүттү балалык” деп жүрөктү ордуна койду. “Тынч эштеңдебей сого бер, мен башкарам, мен жеңдим” деп МОЗГ башына таажысын кийип такка отурду.



Күндөр өтүп жатты зымырап. Мозг жүрөктү дем алышка жөнөттү: “эч бир пайдалуу жумуш кылбадың, жок дегенде дем ал” деп.))). Жаныбектен кабар жок, дайынсыз. Менден үмүт үзүлбөй, 3 айлык швеяны бүттүм, Жаныбектин суранганын эстеп. өтө көйнөктөрдү жакшы бычам, азыр да дүйнөлүк жарыштарга кызыма костюм өзүм тигем.

Жаз келди, окууду бүтүп чөпкө чыктык. Документтерди Бишкекке медициналык окуу жайынын, хирургия бөлүмүнө ырастадым. Жаныбек милициялык окуу жайында окуп жатканы белгилүү болду. Чөптө мен колхозчуларга повар болдум. Үч чооң палаткалар тигилди, бирөөсүндө балдар, бирөөсүндө кыздар, бирөөсүндө колхозчулар. Мугалимдер суранды: “Окууга кетердин алдында 20 күн иштеп бер” деп, мен макул болдум. Эртеден кечкери казан-аяк, суу ташып челектеп алыс жерден, тынымсыз жумуш, бир Авлетимдик от жаккыч жардамчы бала бар, шумдук тим эле, мотоциклы бар, тырылдатып нары бери чабат, куудул.

Бир күнү бир жаш мугалим кыз келди Кербенден: “СПТУнун келесоо кыздары тоодо бузулуп кетпесин, кайтарасың” деп директор жөнөтүптүр. Бишкектен окуу жайын жаңы бүтөрүптүр. Таанышып сүйлөшсөм, тообо, Жаныбектин таанышы болуп чыкты! Оозун көбүртүп баарын айтып берди, орусча кыргызча аралаштырып:

– керемет бала, төшөктө да сонун, – дейт, күйбөгөн жерими күл кылып.

МОЗГ жарылып кете жаздап, жүрөктү чакырды: “дем алдыңбы, иште эми бешене териң аккыча” деп. дагы балээ башталды. Шоркурап мен шоркенди бышылдап түнү менен ыйлайм акмагым чыгып. Мугалим кыздын жанында мен бир тупой, түшүнүгүм кап-караңгы, казандын xxxxx көбөсүндөй.

Бир күнү шортиктерди кийип жасанды мугалим кыз.

– ай, сизге эмне болду? – десем:

– лайлайлалалай, Жаныбек келе жатат! – десе болобу.

“Өлүп бир гана калбадың какбаш, шайтан!” деп капкир менен башына чапкым келди дейсиңер, араң эле жыртайып кычыраган төрт тишими көрсөтүп койдум.

Ииий, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп бир күнү Жаныбек келди. менин сүйүү тарыхымы билбеген адам жок училищада. Кычырап 100 доллардай жашыл көйнөк, ак шым кийип, бир досу менен агайлар менен учурашып столго отуруп калды, обед убагы бүткөн эле. Палаткалар өйдө түрүлүп секин-секинден ар түрлүү аңдыган баштар чыга баштады. Адамдардын эки көзү менде: “эмне кылар экен?” деп, моюндарын үзүлгүчө созуп чатырдын түбүнөн жираф сыяктуу.))). Мен карала-шарала казан менен алышып, кечки тамактын камын жеп, от жаккыч дос балам Ороз тырылдап мопеди менен келди продукту алып, түшө калып:

– эй Падыша, биздин жаш мугалимдин жигити келди дешти Бишкектен, кана? – дейт..

– Оногу отурган ак шым, жашыл көйнөк – Жаныбек, – десем:

– Ииииий энеңдииии, бул сенин сүйгөнүң эмес беле, эми мушташасыңбы? Мен сага болушам, – деп койот, байкушум.

Жанагы Мадонна кыска шортик кийип, ажайып буттары эми бир жооон вареный колбасадай, шилекейлери агып чатырдан башы чыккандардын. А менин буттарым ичке, өтүккө салган көзөөдөй, тообо. Тырталаңдап бир жумуштарды кылып жүрүм.

Бир маалда Жаныбек мен жакка басып келип, эки колун кыйгач чөнтөгүнө салып үнсүз-сөзсүз карап турду.

– саламатсызбы, – дедим да унчукпай Ороз экөөбүз сабиз, кортошка аарчып отура бердик.



Жашыл көйнөкчөн, ак шымчан Жаныбек:

– эй чоң жигит, атың ким? – деди.

– Ороз, – деди авлетимдик менин от жагарым..

– Картошкаңды анан арчыйсың, мен муногу кыз менен сүйлөшө турган сөз бар, пожалуйста, – деди кербендик, Бишкекте окуган шаардык жигит. Ороз:

– мен алыс кетпейм, сөзүңөр угулбаган жерде турам, бир нерсе болсо мага айт, – десе болобу! “иий жаным, от жагарым!” деп мен сүйүнүп кымыңдап калдым..

– Жүр, жок дегенде чатырдын артына өтүп сүйлөшөлү, – деп Жаныбек колумдан жетеледи эле, ангыча агайым кыйкырды:

– охуу мына мыняка столго отуруп сүйлөшкүлө, чатырдын артын айрып башын созот оногу желмогуздар, – деп, колунун сөөмөйү менен 50гө жакын жирафтарды көрсөттү, биздин группадагы мойнун чатырдан созгондорду. – Болду, баарың ишке жөнөгүлө, тез-тез! – деп аларды кууп жатты машинеге.

Бир маалда шортикчен мугалим келди:

– что случилось? Я что-то пропустила? – деп.

Уктап калган имиш, ак шымчан жигитин күтпөй.

– Ой Жони, биздин концерт саат кечки жетиде.

Каныкей Эралиева жана Алибек деген комузчу Авлетим айлына келген имиш, эки сүйүшкөндөр концертке барат имиш. Агай айтты:

– ой айланайын, чык машинеге, жумушуңду кыл, сандарыңды сары айры чагып, анан алпамыштай болуп дагы жоонойосуң, – деп каткырып күлүп көзүн кысып койду мага. – Жониң отурат, күтөт сени, муногу карала шараладан кызганбасаң отур машинеге, – деди.

– Ой жок агай, Падиша малышка, а Жони мужик, – деп койот албарсты.

Бул орус чалыш байкушума сүйүү тарыхын эч ким айтпаптыр, мен да айтпадым, агай да унчукпаптыр. Кетти калбасадай буттарына жоолук байлап, деңиз боюнда сейилдей тургансып. Сөз жок, үн жок отурум мелтиреп ак шымчандын оозун карап.

– Сагындым, өтө сагындым, билесиңби, Жапайы кыз? – деп сөзүн баштады. Көзүмдөн столдун үстүнө түшкөн жаштар тамып ага баштады эрте жаздагы тамчылардай. – Эжекең менен сүйлөштүңбү? Эмнелер айтып берди? – деди.

– Сүйлөшпөдүм, эч нерсе айтпадым, – дедим.

– Алдадың, сага эжекең мен жөнүндө баарын айтып бериптир, – деди. – Мен сени сүйөм, бирок экөөбүздө эч өмүр болбогудай, мен сени эч түшүнө албадым. сүйөсүң мени, байкалып турат, бирок турмушка чыкпайсың мага. Билбейм, – деди, – эгер кокустан окууга өтүп калсаң Бишкекте жолугушабыз, – деди, окууга өтпөшүмү билип. – Канчасына билет алдың, мен тосуп алам. Бишкек чоң шаар, мен карап жүрөм, шумдук балдар көп, сага сары айрыдай жабышышат. Беттериңи жуубай эле жапайы боюнча окууду бүтүп алсаң азамат болосуң, – деп, мага акыл айтып баштады.

Мен карала-шарала болуп кечки тамактарды бышырып жүрдүм колхозчуларга.

– Кел эми бир кучактап алайын, тоолордун жытындай жыттанасың, убакыт болду, кетем, – деди, – Жолугуунун мындан кийин кереги жок, пайдасы да жок. мүмкүн Бишкекте ата-энең жок, кытайдын солдаттарындай агаларың жок, штандарды жырайта тартып кубалай турган иттериң жок, дөңдөн ашкыча кубалап, – деп күлдү ырсаңдап, кыйратып койгонсуп. Көп шаар жөнүндө айтып берди, – Падиша, сен шабдаалынын данегине окшошсуң, өңгү-дөңгү, чукур-бийик, ташбакадай таштын түбүндө жашайсың, – деп күлүп жатты.

Чындыгында Итагардагы мен жашаган үй чоң адамга окшогон таштын жанында, эки көзү, мурду оозу бар аска.

Бир маалда

Жалын жүрөк Жаңы Жолдун жаштары,

Кайраттанып чын жүрөктөн чыңалган"

Тапшырма бер партия,

Аткарабыз талбайбыз!

деп ырдап үч машина толло балдар кыздар, колхозчулар келди.

– Жони, там разные твари, ужас-ужас! Извини, я плохо выгляжу, – дейт жанагы мугалим, менин көзүмө Мадоннадай аппак сонун боёнгон, тиммеле орусчаны кыргызчадан жакшы билет.

– Ороз, тамактарды салып бер, – дедим да, Мадоннаны карап отурдум жасанганын. Концертке Авлетимге кетип атат, жашыл көйнөк, ак шымчан экөөсү. ‘Өлсөмбү же жашасамбы’ деп ызама чыдабай өлүп бараттым. Бир чемодан кийимин кийип чечип, менден сурап, ‘малышка, муногу көйнөгүм кандай, оногу кандай?’ деп павлиндей куйруктары жайылып. Карап көзүмөн жаш чыгып кеткенин билбей калыпмын. Тиммеле сонун болуп кийинди, Жониси пипилдетип туру кашайып, кашайгыр. Мага карап:

– как я выгляжу? – дейт.

Түшүнсөм өлөйүн эмне дегенин.

– Зор, – дедим.

кетти чуркап ак машинеге түшүп. Мен калдым карала шарала, ичим күйүп оттой: “Өлбөгөн өмүр качанга чейин ит болом? Сүйөм сени, какбаш, сүйөм!” деп. Сыр бербей. Жирафтар колхозчулар баары түшүндү: жомок бүттү, мени Жаныбек таштап кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 12 Январь 2016 - 12:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   s9zen098   09 Январь 2016 - 15:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Падишахан Москвага кетти
Чөп чабык сезону да бүттү. Бир күнү Мадонна эжебиз мага келип:

– Как это возможно, господи?! – деди.

– Ииий, эмне болду? – десем:

– Он меня бросил, козёл! – деп бышылдап ыйлайт. – “Мен сен менен баарын көрдүм, төшөктү да, өзөктү да. Болду, бири бирибизге туура келбейбиз, мен лучше какмар шакмар жапайы Падышага чоңойсо үйлөнөм” деп айтты. Шутит он, дурак, нашел с кем сравнивать, – деп күйүп-бышып кетти, байкушум.

Түйүнчөктөрүбүздү жыйнап үйгө кайттык.



Бишкекке медициналык институттун хирургиялык факультетине тапшырып өтпөй калдым, жада калса жаман эле бир техникумдарга да өтпөдүм. Өтө жакшы ырдап конкурстарды жеңип жүргөнүмү билген жердешим:

– Ырчы бол, сага жарашат, жардам берем, – деди эле, болбодум. Ырчы болуу оңойго окшоп көрүндү:

– Койчу, ушуда кесиппи? – дедим. Өлгүсү келип кетти менин сөзүмө.

Ызама чыдабай эч жеке өтө албай:, "болду эми, кетем Кыргызстандан, экинчи кайрылып келбейм, алыс кетем, алыс, өтө алыс, бут жеткис, кол жеткис, ой жеткис!” деп паркка барып буркурап ыйладым.

Эртеси Аксыга кайтып келдим. Атам айтты:

– Асанга там салабыз, эртеңден баштап тынбай кыш куясыңар. Асан, Үсөн, Падыша, түшүндүңөрбү? – деп буйруду.

Биймырзанын бир сөзү жетишерлик ар дайым биздин үйбүлөдө (Асан-Үсөн 65-жылкы агаларым. Биймырза – атам, жаткан жери жайлуу болсун.)

Иииий, башталды азап күндөр, күн сызгырып мозгду куйкалаганына карабай кыштар куйулуп атты. Атам ара торо келип:

– Тездеткиле, балдарым, тездеткиле. күн ыссыгында кыштар кургасын, күзгө чейин бүтөрөбүз Асандын тамын, – дейт байкушум, аталык камкордук көрүп.

Мен өлдүм, адам санынан чыга баштадым. СПТУну бүткөн бир сүйрөткүгө айланып, эми кыш куйгуч, саман тебелегич, устага айландым. Күндө кирпичтерди жалпайта-жалпайта чабып жерге, күбүрөнүп-шыбыранып өзүм менен өзүм урушуп. баягы эле түбү тешик жыртык кепичим бутумда, кой кайтарганда кийип жүргөн, айла кеткенде картондон патек кыркып салып койгом. Өлгүдөй иштедик, атам, апам да тынбады (Апам Мөөркан таластык болгон, жаткан жери жайлуу болсун, алтыным.).

Бир күнү коңушум:

– Сүйүнчү, ырда же бийле, бир нерсе берем, – деп мага чуркап келди.

Өзбекче ырдап бердим: "Чилги кургур хам экан ярга ялганчи болдим" деп. Боору каткыча күлдү: “Подишохон [moderated]!” деп мени мазактап.

– Ой, мен чындыгында сартмын, саман тебелеп там салып, – дедим.

Бир маалда 5 шт. кат берди, баары Жаныбектен, почтада жата бериптир чогулуп. Иииий, сүйүнгөнүмдү айтпагыла! Жүрөктө майрам! "Интата, интата, лалалалай" деп ырдап, Айсара коңушум экөөбүз сырдашканы тамдын башына чыгып, шатыны тамдын башына тартып алдык. Эч ким көрбөсүн деп. Биринин артынан бирин окуп атабыз. Жаныбек мени издептир, Бишкектен таппаптыр, окууга өтпөшүмү мурун эле билген имиш, сүйүү маселеси бүтпөптүр: "Шаардагы кыздардан он эсе өйдөсүң, менин жапайым, какмар-шакмарым, сагындым! Этият бол, айылда допондор ала качып кетпесин! Сүйөм, сүйөм, жообун күтөм" деп мени асманга учурду. Айсара:

– Давай жообун жаз. айт: “мен да сүйөм-өлөм, тез кел да үйлөн, болбосо башкага тийем” деп жаз, – дейт, тообо.

– Кой, жазам бутуман туруп адам болгондо, азыр итке окшоп жүрүм, аны кызыктырбайт, – дедим да, каттарын сактап койдум.

Күз да жакындап, там да бүттү. Паспортуму учеттон чыгарып, документтерди ырастап, атама ыйлап айттым:

– Болду, кетем алыска, Москвага, өлсөм да окумайынча кайрылып келбейм, – дедим. – Сөз берем, Ломоносовдон эч жерим кем эмес, окуйм Москванын эң сонун университетинде! – деп ант бердим.

Күндө айта берип, байкуш атам чай иче албай калды. Агаларым да макул болушту, бир уйун сатып, акчасын колума карматты.

Бир жамаан чемоданга кийимдерими салып жөнөп кеттим белгисиз, өмүрдө көрбөгөн Москва шаарына, бир да орусча билбей. Андижанга барып, вокзалда акчаларымы ууруларга алдырып койдум. Чөнтөгүмдө 24 эле сом калды. 18 сомго билет алдым Андижан-Москва, 6 сом акчам калды. Эч кимге айтпадым, үйдөгүлөргө да. Бир жалгыз шанс келсе аны да жоготкум келбеди. (((((.






Падышахан Орусияда...
Ошентип Андижан-Москва деген поездде чөнтөгүмдө 6 сом акча менен Москвага жеттим. Жолдо бир кыздар менен тааныштым, Алар Павлово Пасад жоолук чыгарчу фабрикасында иштешет экен. Орехово-Зуево шаарындагы Индустриально- Педагогический Техникумду көрсөтүп койуусун сурандым кыздардан. "Мейли" дешти.

– Орусча билбейт экенсиң, иштеп тур, анан тапшырасың окууга, – дейт.

– Жок, мага акчанын кереги жок, эң жогорку билим үчүн келдим. Окуйм, тынбай окуйм, окубасам жогорку деңгээлге көтөрүлбөйм, – дедим.

Каткырып күлүштү.

Адрес менен техникумду таап бардым. Москвадан 90 км. электричка менен жүрөт экен. Тантырап эптеп-септеп документтерди тапшырдым. Мугалимге айттым:

– Эч орусча билбейм, чөнтөгүмдө бир тыйын акчам жок, уурдатып жибердим. Өлсөм өлүгүм ушул окуу жайында калсын. Шерменде болуп айылга кайтпайм, жардам бериңиз, – деп көзүмөн жаш чууруду.

– Уникально, – деп колуман жетелеп ректорго алып барды.

Бирдемелерди сүйлөшүп, директор телефон чалды бир жакка. Бир маалда бир сулуу мусулман бала келди суйкайган.

– Толик, переводи всё, что она говорит мне, – деди директор.

Болгон ботобайды айттым:

– кыскасы, аркага жол жок, – дедим.

Математика менен орус тилден экзамен экен, орус тилдин ордуна физикадан тапшыра турган болдум.

– Толик, жардам бер бул кызга, сен өтө акылдуу адамсың, сага ишенем, – деди директор.

Жатакана алдым, жайгаштым. Толик күндө бир-эки саат келип математика менен физикадан задачаларды берип кетет:

– Чыгар, текшерем, – деп.

Толиктин улуту аралашма экен: татар, каракалпак, түрктөр экен ата-апалары. Көп тилдерди билген, жаллаң бешке окуган, адептүү, супсулуу вундеркинд экен. Тообо кылдым, кудай берем десе берип койот этегин толтуруп.

– Толик, мен срочно жумушка киришим керек, жардам бер, иштеп окубасам болбойт, – дедим.

Ошол эле күнү нан заводго ишке кирдим, только түндө иштей турган болуп.

Экзаменде 7 мугалим, Толик котормочу отурду, көзмө-көз задачалар жамгырдай жаады биринин артынан бири, математика менен физикадан. Доскада калтырап-титиреп чыгарып турдум. Бир маалда директор:

– Достаточно, өттүң, – деди.

Жүрөгүмдө кирим жок, сүйүнгөнүмө чыдабай директорго чуркап барып:

– Спасибо! – деп бекем кучактап атамдай, баары каткырып күлүп жиберди. Толикке айттым:

– Директорго которуп бер, 3 айга чейин мени группага шерменде кылып ар мугалим сурай бербесин. 3 айдан кийин үйрөнүп калам, – деп сөз бердим. – Нан зоводдо только түнкү сменада иштерими да айт, – дедим.

Толик айтты, директор башын чайкап:

– Удачи Ломоносова, – деп чыгып кетти.

Күндөр, айлар зымырап өтүп жатты. Уйку жок: иш, окуу, иш, окуу. Тагарага крандан муздак суу куйуп үлгүрөп орус тилин үйрөндүм. 5 айдан кийин кышкы экзамендерди тырышып отуруп 5ке тапшырдым Толиктин жардамы менен. Жогорку стипендия 90 сомго чыкты. Нан зоводдо только түндө иштеген үчүн өтө көп алдым, айына 300 сом. Бир тыйын коротпой сберкнижка ачтым. Ойун-күлкү, танцы-шмансы, кино, туулган күн, жигиттер менен шыңкылдашмайга техникумду бүткүчө чооооооооооооооооң семиз точка койдум.

Аксыдан тынбай кат келип турду. Тааныштарымын баары, жада калса агайларым кат жазышты. Атаман кат алдым: "Техникумдан мактоо баракчасы келди, директордон кат алдык, чоң ырахмат, кызым, бүтсөң университетке жиберет экен, уят кылбай жакшы оку. Акча керек болсо пенсиямы салам, эч кысынба, сен менин кенже Падыша кызымсың. Апаңын суранычы, эркектерден алыс жүр, адам болгондо кудай өзү бешенеңи ачат" деп кат бүттү. Мен да үйдөгүлөргө кат жаздым: "Баары жакшы, жайында келип мен үчүн саткан уйуңузду алып берем, нан зоводдо иштеп окуп атам, кыйынчылык жок" дедим. Андижанда уурдаткан акчаларымы азырга чейин айтпагам. Бирок кудай сактасын, душманыма да каалабайм мен көргөн кыйынчылыктарды.

Уйку ширин экенин ошондо билдим, уйкуга зар болдум. Камыр жууруй турган чооооң казанда иштечимин, оңурайган бир трубадан ун түшөт күпүлдөп, бир трубадан суу агат шырылдап, калдыр-кылдыр деп бир темир аралаштырат, башыма балта менен дүпүлдөтүп ургандай үндөр чыгат. Күндөрдүн бир күндөрүндө Падыша эжеңер шылкыйып шилекейи агып уйкуга ‘ням, ням, няяяяяяяям’ деп өлүк болуп уктап калат. "Өлгөндүн үстүнө көмгөн" деген кыргыз макалынын маанисин ошондо түшүндүм. Падыша уктап жаткан кезде жанагы ун түшкөн тешиктен ун түшпөй калат. Суу эле ага берет. Падыша эжең түшүндө Сары Челектин көлүндө киринип, шыңкылдап жигиттер менен жыргап, жебегенди жеп, кийбегенди кийип өмүр сүрүүдө:)))). Падыша ширин түштөрдү көрүп көзүн ача калса чындап эле Ыссык Көлдө жатыптыр, потоп утопия, айлана цехтин баарын суу каптап, Падыша көзүн ачты, ХХХХХ суу тамчылап.)))))).

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 09 Январь 2016 - 15:49
Түзөтүүнүн себеби: Этика нормаларына көңүл бурууңузду эскерем!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   s9zen098   09 Январь 2016 - 15:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

озум окубай туруп ачып алыпмын. Админдерден суранам жаап койгулачы теманы. Арзып тапкан махабат десе эле суйроп келе калган экенмин ээлигип

Билдирүүнү түзөткөн: s9zen098: 09 Январь 2016 - 15:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   mega777   09 Январь 2016 - 16:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения s9zen098 (09 Январь 2016 - 15:49) жазган:

озум окубай туруп ачып алыпмын. Админдерден суранам жаап койгулачы теманы. Арзып тапкан махабат десе эле суйроп келе калган экенмин ээлигип


Тема жабык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   mega777   12 Январь 2016 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Автордун суранычы менен тема ачык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   BRILIANTTKA   12 Январь 2016 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Мар 2024 00:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балыкчы)))

Автор улантыңыз,абдан кызыктуу экен...
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Patrik   12 Январь 2016 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Кокууй :гезит: мынча кызыктуу баян окуп корбопмун. Автор улантаверин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   s9zen098   12 Январь 2016 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Четверг аягына чыгарам. Кече бүтүрүп койойун деп ачтырып алып, жетишпей калдым. Көчүрүп жатат элем, телефондон болбойт экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Ailyna   12 Январь 2016 - 15:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 20 Июл 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Уланта калыныз эмиии
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Автор руксат берсе мен бұтүрүп коёюн.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жардамчылар

"Ай эле ай, ой эле ой!" деп көтүмөн суу чууруп кыйкырып биринчи этажка түштүм. Саат 4.07 салдаттар нан бышырчы печкада иштешип атыптыр.

– Потоп, помогите! – десем, бир кайдан жайдан кыргыз салдат:

– Атым Садыр, Баткенден болом, эмне болду? – дейт.

– Ай, солдаттарды чогулт, жардам бергиле, эртең шаардагы элдер, солдаттар нансыз калат! – деп кыйкырдым.

Охранник Лёша мурда МЧСте иштеген экен, сууларды труба менен сордуртту. Садыр балдар менен челектеп ун ташып казанга төгүп жатты, казанда көлкүлдөп суу эле, мен турум:

– Бол эле, бол! – деп кара чооооң казандын башында кумурскадай, механический жол менен казанды аралаштырып.

– Эй салдат, атың ким? – десем, өлүп кал, өлөлбай жатып таанышкың келип жатабы))):

– Атым Валера, украинаданмын, – дейт хохол.

– Эки пачка туз берип койчу, мен түшө албайм, – деп потолокко жабышып мен турдум.

Өтө эски, ата мекендик согушта жоокерлерге фронтко нан бышырган нан зовод экен.

Валера:

– Тос, карма! – деп пачка туздарды потолокко мага ыргытты, кармап алсам – Ух, ты! – деп таң калды.

Асан деген агама там салганда кирпичтерди ыргыта берип опытный болуп калганымы билдирдим.

– Валера, эки пачка дрож ыргыт – деп өлалбай жатып приказ бере баштадым.

– Болгула, болгула, саат 8де технолог келгиче чики-пуки кылып ай маңкадай билмексен болуп отуруп калайын, – деп, чый-пыйым чыкты. – Эй салдатар, эки күндөн кийин айлык алам, баарыңарды кафеге чакырам кааласаңар, чоң ырахмат, – дедим. – Каалабасаңар бир айлыгымы баарыңарга тең бөлүп берем, – деп ырсаңдадым потолокто казандын башында, тиммеле эшегим ылайдан өткөнүнө курсант болуп.

Лёша:

– Мен акчасын алам, эч жакка барбайм, – деди.

– 300 сом 5 салдат жана Лёшага 50 сомдон тийет, – деп эсептедим.

3 сааттын ичинде таптаза камыр даяр болду. Садыр айтты:

– Падыша, жерге түшүп кийимдериңди сыгып жайып кой, өлөрсүң ооруп, – деди.

– Азыр кийерге эч нерсем жок, – дедим.

– Бизде увольненияга кийе турган кийимдер бар, – деп таза салдат кийим беришти.

Салдатча кийинип чыга калдым, көйнөктөрү тиземе жетип.

– Черпак, сделай чай, – деп каткырып күлдү Валера.

– Оозуңду жап, хохол, мен дедовшина көрсөтөм сага, – десем:

– А сен кайдан билесиң дедовшинаны? – дейт.

– Подъем, 50 оджимания, 50 пресс )))))) – деп өлөрчө күлдүм, орусчаны бир сонун үйрөнүп алган кербез.

– Сага жарашат экен салдат кийим, – дешти.

Баарыбызга бир чоң стакандан чай кылдым, ыссык нан, сливочный масло – кудайга шүгүр нан заводдо баары бар.

Тааныштык, бешөөсү беш башка улут болуп чыкты. Сонун аңгемелер айтылды, "айылды сагындык" дешти, баарынын армандары аттын башындай экен. Сүйгөн кыздары калыптыр айылда.

Бир гана Садыр отурду үшкүрүгү таш жарып, менден көзүн албай.

– Эхууу кыргыз, сага эмне болду? – десем, башка улуттун салдаттарына кайрылып:

– Падышага карасаңар, кандай сонун башкаруучу болсо болот экен, биздин командир ушундай болсо го справедливая. Айлыгын да бизге бөлүп берем дейт. Байкуш сонун кыргыз кызы экенсиң, сендей аялым болсо арман жок, – деп үшкүрүндү.

– Акчаны албайбыз, увольненияга чыкканга себеп табып заявление жаз. КППга келип командирге жок дегенде 3-4 саатка кафеге барып сен менен жыргап, отуруп кайтабыз, – дешти, мен да макул болдум.

Сөзүмдө турдум, айлык алдым, 50 сом Лёшага бердим. Калганын салдаттарга кафеде жок кылдым.

 

Жай айлары келди, биринчи курсту бүттүм. Толикке бир сонун саат алып бердим көп жардам бергенине, акча берсем албады. Аксыга 5 эле күнгө келип атама бир уй, бир торпок алып бердим. "Там салып берем апам экөөңөргө" деп сөз бердим.

Айтканыман 5 жыл өткөндөн кийин там салып бердим.

 

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Зымырап 3 жыл өттү. Индустриально- Педагогический техникумду бүттүм, практикага Грузияга тоодун башына бир мектепке мугалим кылып бөлүп жиберди. Эки ай күлкүлүү, мурдулары картошкадай кемпир чалдар менен адам баралгыс тоодун чокусундагы айылда өткөрдүм. Жаштар жок, мектепте 1-4 -класс. Айылда кемпир чалдар. Грузиндер менен тамашалашып, алар орусча начар билишет, мен Грузинче бум, бум. Кечинде Киндзморовли, Хванчкара винолорун ичип кемпир чалдар жаш кездеги сүйүүлөрүн айтышат. Ай асманда жанып тоого өтө жакын тийип кала тургандай жылат, тообо. Керемет жаратылыш, керемет кемпир чалдар, беттерине керемет турмуш жолдорунун сулуу сызыктары түшкөн. Жүрөктөрү жапжаш, көздөрү күлүңдөгөн. Менин мурдума эле кызыгышып: "Кыргыз мурду бытыкый сонун болот экен" дешип. "Эй кагылайын кудай" дедим ошондо, ушунчалык сонун эл грузиндер. Кыздары узун-узун ак көйнөктөрдү кийген байчечекейдей. Акыл куржунум толуп ашты кемпир чалдардан уккан сонун ой пикирлерге.

2 ай зымырап өттү, кайттым. Москвага келип Агро-Инженерный универиситет им. Горячкинанын Инженер-Педагог деген факультетке тапшырып өттүм. Тапшыргандардын баары техникумду Россиянын ар жеринен бүткөн эркектер болуп чыкты, тообо. Сразу 3-курстан баштап окуй турган экспериментальный группа болдук. 34 эркек, бир мен группада.Кызык эми башталды. Анткени Москвада технический факультеттерге кыздар кызыкпайт экен, кийин билдим. Сопрамат технических материалов деген ажайып чертёжу көп предмет бар экен, өлүп эле калайын дедим, универди бүткүчө. Инженерликти чагып, чагып мээни ачып, ичине куйуп, жаап кулптап койо турган мугалимдерге тап болдук. Профессорлор окута баштады тообо, "илим алган ийне менен кудук казгандай" дегенди анык түшүнүп, өтө кызыгып окудум. Эркектер жердеги жаныбарлардын эң сонундарынын бири экенин түшүндүм. Ушак-машак, ыйкы-тыйкы деген нерсе жок, эркекче окудук. "Пашка молодец" дегенден башка бир жаман мамиле көрбөдүм. Ар кандай улуттун эркектери окуду. Биздин техникумдан кызыл диплом менен мен жана Толик бүтүп тапшырып өттүк университетке “Өтө күчтүү, СССР өлкөсүнө керектүү Инженерлерди даярдайбыз, көңүл бөлүп окугула” деди профессор Красильников. 5-6 пар сабак эртеден кечкери мээге куйулуп кулптанып жатты. Оштон Абдулла деген бир кыргыз да окуду 1968-жылкы. Ошол эле кыйналып жатты:

– Пашка, кантип окуйсуң ушунча эркектердин арасында, башка факультетке которулуп ал! – деп.

– Жок, именно ушул жерде окуйм кудайдын салган мен үчүн жолунда, – дедим.

Жатаканада бир Лилия деген кыз менен жашап проблеманын баарын ошол катын түздү мага. Чуть жерден түрмөгө түшүп кала жаздадым. ((((

Уландысы бар, айтып берем.

 

 

СССР кулады...

Бир күнү жатып ажайып түш көрдүм. Түшүмдө Кыргызстанга кетип бара жатсам бутумун алдында жер жарылып айрылып кетти, айрылган жердин наркы жагында Жаныбек биринчи сүйүүм, үйбүлөм, агаларым, кыргыздар туруптур: "Падишахан, секир, өт!" деп кыйкырышып атышты. Секирип өтөйүн десем, жер айрылгандан айрылып чоңойуп, алыстап, кыйкырыктар угулбай, адамдар кичирейип, кол булгалап жок болуп кетти. Мен аңырайган аңдын ар жагында аңкайып өзүм калып калдым. Жаныма ар кандай улуттар быкырап толуп жайнап кетиптир. Тердеп бышып кыйналып чоочуп ойгондум. Турсам телевизордо "Союз бузулду, СССР жок болду" деген кабар берди. Ыйладым ызама чыдабай. Чындап өңүмдө жер жарылган экен, жарылган жердин аркы жагында азырга чейин жүрүм.

Ит азап башталды. Девальвация болду, акчаларды сорго сбербанктан чыгарып алып баарына ар кандай товарларды алып койдум. Золото, видео аппараты кетип, бир тыйын болуп калды. Адамдар кээ бирлери сумка-сумка акчалар менен сбербанктын эшигин сагалап “кезек меники, кезек сеники” деп мушташ, жаңжал. Акыр заман келип иттерге айланды.

Москвага ажайып заман келди, баарыбыз ала-була сумкаларды көтөрүп базарга чыга баштадык. Түшкө чейин окуу, түштөн кийин базар көнүмүш адатка айланды. Рекеттер, цыгандар, наркотик ачык саткан адамдар, проституткалар, кытайлар жатаканага толду, тообо кылдым. Рыночный өмүр башталды. Биржалар ачылды, долларлар пайда болду, СССР деген чоооң эшик аңкайып ачылды Западка, бар балээнин баары келди.

 

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чеченди башка чапканда

Университетте окуп жаттым высший инженерияны чагып. 34 эркектин ичинде бир өзүм. Оштук Токтобаев Абдулла деген дагы бир кыргыз окуп жатты. Эхуууууу азыр кайдасың Абдулла?.))))))))).

Мен жашаган этажда бир да кыз жок болгондуктан, башка факультеттин Лилия жана Надя деген украин кыздары менен жашап калдым. Алар 5 жылдан кийин бүтөт, мен 3 жылда бүтөм, анткени техникумду бүтүрдүм буга чейин.

Бул кыздар эми укмуш эки жашабай, билбегени жок сүйүү жагынан. Мен иштеп окуп жаттым. Максат 1996-жылы бүтүп унверди, квартира алуу Москвадан же Бишкектен. Үйгө келип жашоо мен үчүн уят сезилди "Чыккан кыз чийинден тышкары" дегендей.

Эми жанагы Лилия деген кыз жаман менин жанымы чыгарып жашап жатты, клуб, дискотека, жигиттер сабагын “окуп” жатты. Бир күнү келди түн жарымда. Чечен жигити сүйүп калган имиш.

– Эй кой, Лилия, өзүңүн хахол-орустарыңан өтөрү жок, – дедим, болбоду.

Жанагы чечен, эми тообо, түрүн көрсөң бир мразь, сүймөк түгүл сүйлөшүү кыйын. Чечендер Москвада ар дайым топ-топ болуп стаясы менен жүрүшчү. Ар түрлүү балээнин башынан чыгышып. Мен эрте жатып, эрте турам. Кечинде тусит эткендерди жактырбайм. Бир күнү окуудан кийин ишке кетип чарчап келсем, комната толло чечендер отуруптур, жүрөгүм шуулдап, температура чыкты. Кирип учураштым да эч сүйлөшпөй “чыгып кеткиле” деген көз караш кылып отурдум. Чыкпады. Ушундай көрүнүш кайталана берди. Лилия максатсыз жаш өмүрүн ар кимге тебелетти, иттей баасы түштү, дат баскан рубль болду. Жанагы какбаш чечендер мага тийише баштады.

Бир күнү дагы келишти топурашып. “Кой!” десем болбой, көтү кычышкан Лилия эшик ачты.

– Ислам менин атым, таанышалы, – дейт тообо, Лилиянын жигити чечен.

Аңгыча Лилия:

– Исламчик, она монашка, скоро монастырь уйдёт, – десе болобу.

– Ооо, монастырга барба, өзүм жайлайм, – дейт мразь.

Тишими кычыратып, күйбөгөн жерим күл болуп, кетишин күтүп отурдум чечендердин.

Бир маалда кетти топурашып.

– Надя, эшикке чык, биз Лилия экөөбүз сүйлөшөлү, – дедим, – мүмкүн болсо көбүрөөк жок бол, эшикке чыгып ойноп кел, – дедим.

Лилия:

– Хо хо хо, монашка, – деп койот.

Надя чыкты. Эшикти ичинен кулптап, ключту айнектен ыргытып жибердим. Кармап алып жалпайта-жалпайта тептим эле, дубалга уйдун жапкан тезегиндей болуп отуруп калды. Жаагын айра чаптым кыш куйган, кетмен чапкан, тонналап кир жууган катуу колдорум менен.

– Катынча каңкылдашып урушпайм, – дедим, – мындан кийин бир эркекке эшик ачсаң – айнекти ачып көрсөттүм – оногу жерде жаткан ключтун артынан ыргытып жиберем! – деп желкесинен жетелеп көрсөттүм.

Аңгыча Надя келди.

– Отур бул жерге, – десем отурду өңү бозоруп мурдулары канаган Лилияны көрүп. – Уважаемый кыздар, мындан кийин режим сактайсыңар. Комнатада секс, мекс, кексиңерди көрбөйүн, тойдум, түнү менен бышылдаганыңарды, онтогонуңарды, кроваттын кыйчылдаганы уйкуму качырды, – дедим. Бирок ичимден бир аз ичим күйүп, ))))))))))))

Мен деле ошентип жыргасам ким кой демек, антерге көңүл сүйгөн эркек жок болгондуктан тряпка болбой чыдап жүргөн кербезим, орустарга ичим күйүп, уахаха:))))))))))

Кандай сонун, чындык жазган.:))).

– Окуганы келдиңерби, окугула, окубай ата энеңерди алдаганы келсеңер тез ара жок болгула көзүмө көрүнбөй – дедим. – Кезек менен уборка, кезек менен тамак жасайбыз, билбесеңер үйрөтөм, комнатадан сырткары эмне кылсаңар өзүңөрдүн жумушуңар, мага дебесе чечендер кезекке турсун айныган пирожкиңерге! – дедим күйүп бышып. – Отузга чыкпай думбаңарди май басат" деп коркутуп койдум.

Москвада май баскандан өллө коркушат аялдар, кыздар, мен да.

Күндөр өтүп жатты, айлар өтүп жатты. Комнатада дедовшина, армиядай режим. Эки салдат, бир командир болгон жашоого Лилия да, Надя да көндү. Унвердеги эркек группалаштарыма да угулуп калды менин монашка экеним. Бир күнү латыш группалаш бала түз эле бетиме карап:

– Сен суп сулуу сонунсуң, жашап кал, жаткан жыргализм, – дейт.

– Хэ-хэ, осторожно, көрөсүң спид, сифилис, дагы толтура оорулар бар, таанышып ал, – деп эки китеп бердим, окуп төбө чачым тик турган китептерден.

Эртеси келди латыштын көзү алаңдап:

– Доктурга текшерилдим, кудайга шүгүр! – деп чокунуп.

Ажайып ооруулар жазылган китеп эле, денелери чирип баштаган сүрөттөр толтура, окуп сексиң сайда калгыр, жөн эле жашайынчы дедим азырынча.

Бир күнү түндө уктап жатсак эшик тыкылдап: "Лилия, я тебя хочу" деп, Лилияны качан эле таштап кеткен чечен Исламчик жигитинин үнү чыкты.

– Эй чык Лилия, бер пирожканы, Исламчик жети түндө сени каалап калган имиш, желмогуз, – деп аябай күлдүм.

Лилия калтырап титиреп сүйүүдүн жыргалын көргөн кыз, краваттарды кыйчылдатып:

– Жок, бербейм, – десе болобу.

– Ай эмне болду, арзанчылык эле го, кымбаттадыңбы? – десем:

– Пашка, сен билбейсиң, ал наркоман, мени досторуна сатып жиберген. Корком, болду бүттү, – дейт, тообо.

– Эй көк мээ, ал деген чечен, аллах үчүн деп сатып да, союп да, атып да жиберет, арасында чечендердин бар ошондойлор, – дедим.

Аңгыча эшикти секирип тээп сындырды, мен сковородканы колума кармап бурчта туруп калдым, караңгыда албарыстыдай чачтар жазылып. Лилия ордунан туруп үлгүрбөдү, Исламчик Лилияны басып жыгылды. Мас, тыткылап чечиндирип баштады. Өлүп каал, ушунчалык алсыз аялды кашайган көзүм көрүп айран таң калдым. Тырп этпей жатыры трупка окшоп!

– Ой Лилия какбаш, жок дегенде кыймылдасаң боло! – деп жиберипмин, өлүп кана калбадым, жөн эле тура бербейинби, менин оозуму ким тырмады?!

Исламчик үнүмү угуп мастыгы таркагандай караңгыда мени сыйпалап издеп кирсе тообо, тообо, эки этаж Надя жаткан краватка кантип секирип чыкканымы билбей калдым!

А Надя партизан да, үн жок, сөз жок бурчта потолокко тыгылып отуруптур:

– Ах ты хитрожоппая, сен бар белең бул жерде?! – дедим.

Аңгыча Исламчик колун арбаңдатып мен жакка келди. Караңгыда эки көзү көрүндү, мээлеееп туруп чоюн сковородка менен башына соктум потолоктогу люстраны бир колум менен кармап. Топ этип кулады Лилиянын үстүнө.

– Эй секс бомба, жак светти, – дедим Лилияга.

Жаксак жатыры көзү акшыйып.

– Өлдү эле өлдү, эми эмне болот? – дейт.

– Көрө жатарбыз кудайдын башка салганын, – деп көз алдыман түрмөнүн решёткалары көрүнө баштады. Жүрөк өлдү, кетти отпускка. МОЗГ иштеп жатты.

– Лилия, искуственный дыхание кыл, – десем:

– Сен кыл, мен билбейм, – дейт.

– Эй сүйрөткү, менин көзүмчө өлүп талып бышылдап өбүшүп өлчү элең го, азыр сага да тиет бир жериңе! – деп сковородканы көрсөттүм эле, өлүп-талып оозуна үйлөп жатты.

Түңкү саат үч жарым. Бир маалда

– Дышит, – дейт, кудай жалгап.

– Эй ак кол, түш беракка, – дедим потолоко башы тийип коёндой коркуп эки кулагы делдейип отурган Надяга.

– Азыр түн, эч ким көрбөйт, каридорго сүйрөп салып, айнектен бирөө жарымга кыйкырабыз “Эхуу, биздин этажда өлүк жатыры” деп, – десем:

– Өлүк эмес, дышит, – дейт Лилия.

– Кудай жалгасын, жашасын 100гө чейин, – дедим.

Алыс сүйрөп салдык үчөөлөп итти. Көзү аңтарылып мас наркоман калды. Эшикти жымсалдап жаап, кыздарга айттым:

– Көрбөдүк, билбедик, эшикти бирөө тепкиледи деп койгула, – деп.

Айнекти ачып кыйкырсак эч ким жок, өлсүнчү деп жатып алдык.

Бул разборка көпкө созулду. Лилия чеченди сотко берем деп, ата-энесин чакыртты Украинадан. Крутой адамдар экен. Мен каршы болдум, чечен акыркы курста окучу унверде.

Ислам өзүнө келгенде сүйлөштүм:

– Эй акмак, сени Лилия сотко бермек болду, туура кылат. Бирок сен окууңдан айдаласың, албетте түрмөгө отурасың за изнасилование, Чечнядагы аулуңа ит шерменде болосуң, ата энеңди айтпай эле койойун. Түрмөдө сага кезекке турат, петух болосуң. Эсиң барда төрт аяктап кечирим сура, болгон акча-макчаңды колуна карматып көр, мүмкүн кечирет, – дедим.

Лилиянын ата энеси заявление жазып милиция чакырды, эшиктердин сыныктарын көрсөттү.

Мен милицияга чынын айттым:

– Мирный путь менен чечилиш керек, анткени Ислам – Лилиянын сүйгөн жигити, – дедим.

– Чего ложь! – деп Лилиянын атасы бакырды. – Падыша мусулман, булар ушундай акмактар, – деди.

– Сиз өлгөндө да билбейсиз кызыңыз кандай экенин, – дедим. – Эки жылдан бери жүрөт, сүйөт, – дедим.

– Сүйбөйм! – деп Лилия бакырды.

– Ит, сүйгөн күндөрүң үчүн ким жооп берет? Ошонун себебинен келип чыккан окуя! – деп мен бакырдым.

Ислам

– Кечир эле кечир!!! – деп жатты, түрмөгө түшөөрүнө бир шаг калып турганын сезип.

– Мен чындыкты айтам, – дедим милицияга, бирок Исламдын түрмөгө ушул тряпка Лилия үчүн отурганын ыраа көрбөй.

Да, албетте күнөөлүү Исламчик, бирок Лилиянын да күнөөсү аз эмес эле. Тообо кылдым, ошондо билдим ар бир көз акты актай, караны карадай көрө албайт экен.

Тартышып талашып көп айлар өттү. Мирный путь менен чечилди бул окуя. Ислам түрмөгө отурбады, наркоман болуп кетпеди, окууду бүттү, чоооооң килейген акула болуп Москвада бир кызматта отуру чокчойуп, билмексен болуп. Ара торо телефон чалып койот.

Лилия Крымда жашачы эле азыр Россияга кошулган чыгар. Ушундай чындык. Жоголуп кеткен 10-бет.)))).

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Падишахан айылына келди

Союз бузулду, акчалар өзгөрдү. Горбачёв падыша болуп турду. Демократия, рынок, валюта, доллар деген сөздөргө көнө баштадык. Раиса Максимовна башы тасырайган Горбачевду башкарып жүрдү. Кыргызстанда Акаевди аңкайтып Майрам эжекебиз башына жүгөн салып байлап алды. Катын башкарган какбаш өмүрлөр башталды байкуш элдерде. Россияда уурдалып баары сатыла баштады, нефть, газ, элдин байлыктары, жада калса военный частдагы танктарды Черномырдин сатып жиберди. Эл көтөрүлүп согуш башталды Москвада. 1992-жылы адашпасам август айы болуш керек. Студенттер баарыбыз ак үйгө бардык, танктар ак үйдү талкалап тынбай атып жатты, Ельцин мас болуп аянтта калдырап шалдырап сүйлөп жатты. Руслан Аушов деген чечен бандит айланчыктап өз саясатын кылып чуркап жүрдү. Березовский оозу-мурдунан аккыча Россияны жеп жатты, биздин айрым депутаттардай. Абрамович Чукоткада акчанын саманына басылып жатты, жаш бала эле анда. Кирсан Илюмжинов, будуший президент Калмыкии, университетте окуп жүрдү шахматтын атасын окутуп, падыша болорун билбей. Анита Цой жүрдү Лужникиде, сотовый телефон менен торговли кылып, болочок жылдыз экенин билбей. Сергей Пенкин дворник болуп жүрдү эшиктерди шыпырып, ырчы болорун байкабай. Лужков жүрдү ЖЭК те начальник болуп, Москванын мэри болорун билбей. Лужники стадион "Ласкавый май", "Мираж" болуп кетти. Мен да жүрүм акча топтоп квартира, машина алмак болуп. Москвада үч күн, үч түн согуш болуп, Горбачев секин бандиттерге ордун бошотуп берди. Россияны Ельцин мас башкара баштады, Наина еврей катыны менен. Чет элге жолугууга барып мас болуп орустардын афтаритетин айрандай төгүп жатты. Американын падышасы Бил Клинтон жыргап калды Россияны башкарып. Казахстанга Назарбаев падыша болуп биринчи кезекте чек араларын бөлүп орустардан, документке кол койду эли жери үчүн. Кыргыздын падышасы Акаев жерин элинен бөлүп биринчи кезекте сатып жиберди.

Окууларды окуп иштеп жаттым, айлар-жылдар зымырап өтүп жатты. 1994 жыл келейин деп турду, акча көп саман, жаңы турмуш капитализм, демократия, самоуправления деген мага аябай жакты. Иштесең тиштейсиң, иштебесең багарга атаң жок.

"Аксыда кара ун жедик, азап өмүр башталды" дешти, жүрөгүм чыдабай учуп келдим кышында жардам берейин деп. Кычырап кийингем, кымбат баалуу саат Швейцарияныкы, сапог лакированный кожадан, ремень сөзсүз кожадан сапогумдай светде, норкадан куртка аппак, чачтар болсо кеткен чубалжып, керемет. Жок баягы эжеңер, казанды кепкир менен какыраткан. Көздөр ыйлабас болуп катты, көңүлдөр кирдебес болуп өзгөрдү, пландарда Унверди бүтүп, Ломоносовко тапшырмакмын эконом фак-тке. Келдим айдан түшкөн айсулуу болуп, өзүмөн өзүм уялып, ичимен "Ииий өлбөдүм да, эми мынча кычырап алдым, үйдөгүлөр көрсө эмне дейт?" деп да койдум.

 

Кербенге келип эле машине жалдап, кап-кап ун, шекер, чай, картошка, сабиз машинага толгуча жүктөтүп Итагарга кеттим. Келгиче түн болду. Кербендик шофер кайра-кайра сурады:

– Ким болосуң, кайда баратасың? – деп. Эч нерсе дебедим.

– Тилиме тибиртке чыккан, ооруп атам, – деп сүйлөбөдүм, чындап тибирткелер чыгып кетти. Болгону: – Жаныбек дегенди тааныйсыңбы? – десем:

– Тааныйм, – деди. Машинелерди технический обслуживаниеден өткөрө турган сонун специалист экенин билдирди.

“Шашпа, Жаныбек – деп ичимен кымыңдап койдум, – эртең оозуңдан шилекейиңди актырбасам Падышахан болбой эле койдум хи, хи, хи!” деп балалык таза ойлор келди.

 

Үйгө жеттим. Апам чыкты балбалактап ыйлап:

– Айланайын, сен кимсиң тфу, тфу! – деп түкүрүнүп, – Мынча өзгөргөнсүң? – деп.

– Оууууууу атаңдын көрү-үү, эми чыныгы Биймырзанын кызы, Султаналынын небереси Падышахан болупсуң! – деп атам чыкты түндө ак штандарын далбактатып.

Келем деп эч айтпай барчымын ар дайым. Анткени ата энем кары эле, күтө берип саргайып кетмек.

– Ооо кысталактын кызы! – деп Асан-Үсөн агам чыкты.

– Ой тынччылыкпы, жети түндө кайактан? – деп Бакай жеңем чыйпылыктады.

Жарты-журту кийинип, карала-шарала беш баласы Асан агамын биринин артынан бири чыкты чууруп.

– Машинадагыларды түшүрүп алгыла, эртең сүйлөшөбүз, чарчадым, мага азыр тийишпегиле! – деп бир бөлмөгө кирип кеттим "уктайм" деп.

"Мейли" деп баары түшүндү, жым жырт.

Жаныбекти ойлонуп, ширин уйкуга кирдим.

 

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаныбекти түш көрүп...

Түшүмдө бир жыргадым, элестетип Жаныбекти. Ширин уйкудан Пашайым деген апамын үнүнөн ыргып турдум. "Эмне балакет болду? Дагы 'уй саа, торпок эмгиз, кой кайтар, казан аяк жуу, сүт бышыр' башталдыбы? " деп коркуп кеттим.

– Тур чай ич, айыл апа менен учураш, – дейт тообо!

– Мен түндө келдим, силер эми турдуңар айылга ким айтмак эле, тообо? – деп эшикти ача койсом, иииий, таң азанда тизилип чабалекейдей кошуналарым отуру! Дасторкон жайылган, бири уй айдап баратып, бири эшек айдап, бири кой айдап, бири сууга баратып кокустан, биздин үйдө шыбырагандарды спутниковый антеннасы бар, өтө өнүккөн локаторлору менен угуп калыптыр.

Баары менен учурашып өзүм жөнүндө өзүм билбеген нерселерди да билгенине таң калдым.

– Иииий, баштагыла спутниковый антенналар! – дедим тамашалап каткырып.

Хор менен күлүп жатышты асканы жарып. Үйүбүз асканын түбүндө, Итагардагы.

– Таң атпай кайдан билдиңер күкүктөр, уктабадыңарбы? – десем, эң антеннасы өнүккөн дүйнөдөн маалымат алган кошунам:

– Кокуй көп деле билбейм секетим, айланайын ак жолтой, баленче дегендин кемпири, баленче деген алыс айылда жашайт эмеспи, ошол сени баленче дүкөндө, баленче нерселерди алганыңды көрүптүр, баленче дегендин баласы менен. Баленченин баласынан илгерки Жаныбек деген бала келчи биздин айылга сени издеп, иттер кубалап, ошону сурамжылаган имишсиң.))))))))). Көп деле кабарым жок, ушул эле билгеним, – деди, – сага төкпөй-чачпай айттым билгеними, – деп мени өлтүрдү, ичегим жыртылгыча күлдүм.

– Айланайыыыыыын, дагы барып дагы бир унвер бүтпөсөм, бул Итагардын кемпирлеринен караңгы болуп калат окшойм, – десем шыңкылдашып күлүштү, тиштерин ырсайтып бирөөлөрү, шамал кирип ышкырып сүйлөп, бирөөлөрү сары алтын тиштери байлыктын белгисин көрсөтүп. Бир кошунам жашы чууруп күлүп денеси эле былкылдап көзүнөн жашын этегине аарчып атты.

– Аиииий Падыша, сагындык сенин колдолоңдогон азап-азап тамашаларыңды, – дешти.

Көпкө отурдук тамашалашып күлүп.

– Баягыдай элесиң, эч өзгөрбөпсүң, кыргызча унутпапсың. Баленченин баласы армияда унутуп кыргызчаны, бир айдан бери орусча сүйлөп жүрү, – дешти.

– Мээси агып кеткен окшойт да армияда келтек жеп орустардан, – десем, бир кемпир:

– Хи, хи, хи, сен келтек жебепсиң анда, – дейт тообо! 80 ге чыгайын деп калган.

– Ииий чоң кыз, ушул сиз билесиз баарын, байкап турасыз, сөздүн учугу кайдан чыгып кайда киргенин, – деп күлдүм.

Тиммеле шыкырайып карап:

– Иииий, сен Падыша, Султаналынын атасы Жайчы бийдин бир жактан сатып келген сулуу кемпирине окшош экенсиң, – деди.

Жайчыбий Султаналынын атасы. Султаналы Биймырзанын атасы. Биймырза менин атам.

Сүрүштүрүп- териштирип тизмелеп кемпир айтып берди, мээме түйүп алдым. Ошентип түш оогондо:

– Иииий биртке эле отурдук, кайтайлы, – деп спутникалуу антеннасы бар, шип ширин, күлкүлүү, жароокер, маалыматтуу кошуналарым: – эхууу, белим, ушул карылык, – деп бирден-бирден эшикке чыгып кайтышты. – Тий эрге, тезирээк той жейли, сен эле калдың айылда, бизде отурган кыз жок, уят сассып отура берсе, – деп ийне менен көчүктү жырайта сайып сүйлөдү бирөөсү.

 

 

Үйбүлө талкуу – эрге...

1994 жыл келишине 3 күн калды. Жаныбекти көрбөгөнүмө 5 жыл болду. 5 жылда техникум бүттүм, унвердин 3-курсунан баштап окугандыктан акыркы курска өтөйүн деп турдум. Тынбай иштеп окугандыктан квартирага жетишерлик акча топтоп койдум.

Атам мени ачык сөзгө чакырды:

– Эмне пландар бар? – деп сурады. – 23кө чыктың, кызым, турмушка чыгышың керек, бардык балдарымы-кыздарымы жайлап бүттүм, сен калдың, – деди. – Участок Кызыл Алма деген жерден алып койдум. Кааласаң там салып аласың, огоротуңдун ортосунда шаркыратма суу бар, өтө сага ылайык жер, – деди.

Кагылайын менин ардактуу, акылман, ишмер, эпчил атакем. Мен айттым:

– Ата, ал участокту бериңиз Акпаралы чоң агама, анткени катар-катар 4 уулу бар. Мен азырынча турмушка чыкпайм, ата. университетти бүтүп, дагы университетке экономистке окуйм. 21чи кылым келет жакында, жаңы өмүр, жаңы жашоо, акыл куржуну боштордун ЗАМАНЫ бүтөт, – дедим. – Куру сөзгө мындан кийин эч ким ишенбес заман. Ала турган деле бала жок. Жай айларында Бишкектен квартира алып койгону келем, – десем, апам айтты:

– Жашың өтүп баратат, 18 жашыңда казандан башың чыкпаганда, короону айланган жигиттер көп эле, байкадыңбы? Азыр “аларга эркек жок” деп калыпсың. Иииий эмне болдуң, кыздык намысыңды сактап жүрөсүңбү же доктурга текшертейинби? Атаң экөөбүз бир шермендеси жок кыздарды чыгардык турмушка, уулдарды үйлөдүк. Бир сен үчүн картайганда башымды жерге салгым келбейт, ак жүрбөсөң чачыңды өрттөйм, – деди.

– Болду, жетишерлик, байбиче, акылы бардыгынан бизди кара нан жегизбейин деп жердин түбүнөн учуп келди, төбөсү менен жер казган үчүн Маскөөдөн жана Бишкектен там алмакчы, эмне кыргыз эркектери көр болуптурбу? Менин кызымы албагыдай тфу, тфу, тфу албай койсо коңушу казак элинен эр издеп балакет болобузбу, – деп оозунан чыгып кетти.

– Оозуңа таш сенин, кай жактын казагы, ийиниңде отурган шайтан угуп койду, түкүр эле түкүр! – деп апам чыйпылыктады, – кыргыз түгөнө элек, кудайга шүгүр.

Атам:

– Болду, болду, экинчи айтпайм казактарды, – деп ойдо-түштө жок казактарды сөз кылдык.

Мен да, отурган агаларым да күлүштү.

Атам:

– Сөзүң бүттүбү же дагы айта турганың барбы? – деп мага карады.

– Ата, мурдагыдай кыш куйуп, саман тебелеп жардам бере албайм, сиз отурган тамды оңдойлу, эртеңге чейин эсептеп акчасын айтың, материалдарына акча берем. Балдарыңыздын күчү менен салып алыңыз, болбосо эртең деле цемент, тыныке, эшик, терезе, полго жыгач, фанераларды өз колум менен алып берем, – дедим.

– Ошент, кагылайын, – деди апам эми эле "Чачыңды өрттөйм" деп аткан: – "кыз болбосоң" .))))). – Дагы 5, 6 кап ун сала кел, жазга чыгып алалы, – деди.

Баарына макул болдум.

– Менде бир эле сураныч бар, мындан кийин менин өмүрүмө кийлигишпегиле, мен чыгып кеттим бул айылдык өмүрдөн, кайрылып жашоо үчүн Кыргызстанга келбейм, Москвадан да алыс барып жашоом мүмкүн, мисалы Америка, Канада, Австралия.

– Иий, эмне мынча безетки түштү башыңа, – дешти.

– Мен үчүн жок жашоо экенин эч бир окууга өтө албай самтырап ыйлаганда түшүндүм. Кыргыз көрбөдү менин талантымы, башка элдер көрдү, значит судьба у меня такая, – дедим жаштык кылып.

– Сенин башың тоого жетсе да эч унутпа, кыргыз болуп төрөлдүң, кыргыз болуп өлөсүң, – деди апам.

– Силер да эч унутпагыла, мындан кийин эч бириңерге баш ийбейм, айрыкча агалар аңдыган бүттү.))).

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Үйбүлөлүк разборка кайнап жатты. Бир маалда:

– Ай Пашай, сен эч айтпайсың бизге, катка да жазбайсың, 5 жыл өмүрүң кандай өттү теги Маскөөдө? – деди апам.

– Сиздерге кереги жок менин чоң өмүрүм, мен үйрөндүм силердин кулагыңарга ырастап сүйлөгөндү, – десем күлүштү.

– Бала эле бойдон жүрү азамат кызым, билип эле, сезип эле турум. Атаңдын да барбаган жери, көрбөгөн эли калбады. Бир аз өмүр сүрдүк, бирок сенин кичине бешенеңе чоң дүйнө баткыдай башкача энергиялуусуң, төрөлгөндөн баштап байкайм, түгөнбөс энергия берген сага кудай, эркиндик жыттанып турасың, – деди.

Кайра кайра батасын берип туруп кетти.

 

 

Падышахан Жаңы Жылда

1994-жаңы жыл келди. Кербендеги досторум менен бирге тосмокчу болдук: "Машина жиберебиз Итагарга" дешти. Дасторкон табакка акчаны аябай бердим досторума, аямак белем бир кагазды. Үйдөгүлөр "койгула" десем болбой эжемин 10 жаш кичине кызын кошуп берди, тообо. Элестетсеңер, кандай ажайып үйбүлөдөн чыккам.

Айылдын баары мени аңдып тургандай сезилди. Мени ой басты: "Кантип жолугам Жаныбекке, эмне дейм?" 5 жылда МОЗГ өзгөрүлдү: билим, илим, жумуштардын ар түрүнө көз жетти. Жүрөк эле баягыыыыыы чабандын илгерки кызы болуп тура берди. МОЗГ качан эле билчи ЖҮРӨКТҮН ары жок, сөлдүр, бир адам үчүн эле соккон күйдүргү, келесоо экенин. Мозг канча сонун жигиттерди көрсөттү жүрөгүмө "Айииий, карачы сонун жигит" деп. Мозг отко айдаса, жүрөгүм бокко качты, ары жок акмак экен. Жүрөк сүйрөткү жүрдү 5 жыл көрбөсө да Жаныбектен үмүт үзбөй. Эмне зарыл, бир сонун жигиттердин бирөөсүн сүйө калса мен да жыргап калмакмын, жүрөккө шылтап койуп. Эрте туруп даярдандым, кайдагы баня, кайдагы душ Итагарда, чоң тагарага отуруп алып, ашканада кышында өлбөгөн көт калтырап.))).

Ошондогудай эч качан жасанбасам керек. Өзү деле жаш кезде кыздар сулуу болушат. Мен Москванын акыркы модасын кийгем. Кычырап сөз жок. Мозг мактап жатты: "Азамат Падиша, туура кыласың" деп. Жүрөк: "Мага баары бир, кийимге кызыкпайм, Жаныбек болсо болду" дейт. Мозг: "Койчу көк мээ, 5 жылда өзгөрбөдүң, тупой жүрөк" деди. Жүрөк: "Эч өзгөрбөйм, мен ушундаймын" деп күңкүлдөдү.

Түштө машина дүрүлдөдү, ал убакта машина жокко эсе эле Итагарда. Азыр ар бир үйдө чыгар. "Эл дарбыса элебайдын балдары да дарбыптыр" болуп эл да эшиктерге чуркап чыгышты, короолоруна асылып туруп калды жаш балдар. Кыздар челектерин ала калып сууга жөнөштү, суу болсо да төгүп жиберип, ))))) мени күтүп турган машинаны көздөй карала-шарала, узун-кыска, жашыл-кызыл гамаш, илгерки мага окшоп бир жыл бир жагынан кийе берип тизеси чыгып кеткен. Жаныбекке ичимен ыраазы болдум, мени ушундай кезимде "Таптаза жуунсаң сенден өткөн сулуу жок" деп, көмүлгөн сулуулукту көргөн көзүн сүйбөшкө айлам жок болсо керек.

Кошуна байкем кетмен көтөрүп:

– Охууууу Пашайым, бу сынайын-сынайын деп кычырап кайда? – дейт кызыгып, көздөрү бир жаңылыктан куру калгандай..

Күлкүм келип:

– Сиз бир ушакты билиш үчүн кышында кетмен чапканга ыраазысыз ээээ, эшикте күн кайнап, эгин чабыккабы? Ияяя, жол болсун, кетмен чапкылык кылсын! – деп аябай уялтып короосуна сөз менен киргизе койдум.)))))))).

Кар лапылдап жаап турду. Керемет сезим каптап бүткүл жан дүйнөмү. Жанымдагы карагул сиңдим менен машинеге отурдум. Дос балам аябай күлдү:

– Түшүнсөм, сенин охранаң – деп.

– Жаңы жылыңыз менен, апчи! – деп кол булгалап узун-кыска алтын айылдык, сүттөн ак сиңдилерим мотураңдашып калды узагандан узап.

Мукурга Сулуукан деген бир тууган эжемин үйүнүн жанына келгенде машинени токтотуп карагулду:

– Түш, эжемкинде кал, эртең келе жатып ала кетем – деп түшүрүп салдым.

Ушунча жылдан бери карагулу жок эле жүрүм го.

Кар аппак жаап, айлана жомок сыяктуу болуп турду. Досум:

– Ох, ох байчечекейсиң! Отурушка барбай эле, бир жактарга кетеличи! Вай, вай, вай кандай сонун, кинодогудай өзгөргөнсүң! – деп тамшанып бара жатты.

Баягы тантыраган, уялып беттери алмадай кызарган Падыша жок. Мактаган сайын жылмайып, өзүмдү бир укмуш сезип:

– Ырахмат жылуу сөздөрүңө, – деп, мактооду туура кабыл алдым. Досум экөөбүз Кербенде бирге окуган элек.

– эсиндеби? Сени Жаныбек каты сүйгөн, – дейт.

– Мен да сүйөм, – десем:

– Эй койчу, сен ким, ал ким? Азыр эч элестете албай жатам, отурушта шилекейлер агат баарыбыздын. Жаныбек да келет, уккан, – деди.

– Укса эмне келбеди? Итагарга келгениме бир канча күн болду.

– Өзү менен сүйлөшөсүң да себебин.

Мен сыр алдырбаймын, эч ким билбейт экен сүйгөнүмдү.

– Эй Падыша, сага эмне кайгы, любой бала сеники! Жада калса мен да, – деп жылмаңдады.

Эми жүрөктө жомок, айлана чөйрө да жомок, жымжырт, кар лап-лап деп жылуу жаап турду.

Кербен керемет, жаңы жылдык жогорку маанай. Эки саатта жеттик, жол татаал, жай жүрүп Кербенге. Досторум азамат шакекче, желекчелерди жолго чейин илип, короодогу арчаны да жасап койуптур.

– Эми түшпөй тур машинеден, – деп 3 жолу пипилдетти. Чоң дарбаза ачылып питарды атылды: Укмуш!

– Кош келдиң, ураааааа! !! – деп кыздар-балдар чуркап чыгышты.

Кубанычым койнума батпай, ар ким ар кандай белектерди беришип жатты.

– Ырахмат, акчаны аябапсың, сонун стол жайдык! – деп досум Гүлмайрам жылмаңдады. – Келиндер стол жасады, кыздар бүгүн тайраңдадык! – деп мени кучактап: – Аябай сагындым сени! – деди.

Мен да баарына Москванын "Вдохновение" деген шоколаддарын таркаттым.

Бир маалда 5 жыл күткөн Жаныбек көрүндү көз алдыма, бири бирибизди карап нес болдук, мага деген белеги колунан жерге түштү, бирөөсү көтөрө калып колуна карматты. Аңгыча:

– Эхууу, киргиле үйгө, киргиле! – деген үндөр чыга баштады.

Жүрөктөрдүн соккону сааттын жебесиндей угулуп турду бүт дүйнөгө. Мен жакка карап баскандан, жеткиче кылым карыгансыды. Эч чыдам калбады сагынганымдан, бирок бир шаг алдыга баспадым: мерез сүйүүбү же бийик сүйүүбү, өзүм да түшүнбөдүм. Балдар эле түшүнүп, аял-кыздарды:

– Эй тообо, киргиле үйгө, бир дос бир досту көргөнүн көрбөдүңөр беле?! – деп кууп киргизип атты.

Жаныма жакындаган сайын жааган кар башыма түшүп, эрип парга айланып, бууланып чыкты асманга. Көздөр бири бирине кирип, сөздүн-үндүн кереги да жок болду.

– Ииииий көз тийбесин, менин жапайым, кинодогудай өзгөрүпсүң! ! – деп бекем кучактады.

Азыр өлсөм арманым жоктой болуп турдум.

– Жүр кирели, – деп үйгө шашылды. (((((((.

Мен кирмек түгүл, ошол жерден кайрылып: "Кеттик, үйлөнчү мага!" дегим келип турду. Көздөрүм жайнап байчечекей болду. Досум да үйдөн чыга калып:

– Кир, төргө өт, бүгүн төр сеники! – дешип төргө өткөрдү.

– Ооо, бүгүн мен сыйлайм Падышаны, жаныма отургузгула! – деп бир чоңдун менден калышпай кийинген сулуу баласы сүйлөй баштады. – Таанышып алалы, менин атым Алмаз. Мен сени үч күн мурда магазинден көрүп калып уйку жок, үч күндөн бери разведкада жүрүм. Итагарыңа да барып кайттым, капа болбо ачыгын эле айтам. Кербенге күндө эле келе бербейт Кыргыздын Софи Лорени! – деп баштан ылдый мактады.

– Ырахмат, – деп төргө өтүп отуруп калдым, көзүм Жаныбектен башканы көрбөй жатты...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сүйүү менен коштошуу

Төрдө отурум кубанычым койнума батпай, ар ажайып нерселерди элестетип. 5 жыл мен үчүн зымырап бир айдай өттү. Досторум үчүн кыйын болсо керек же жаратылышы ошондойбу? Картайып кетиптир бир аз. Кыздардын баары турмушка чыгышыптыр жоолуктарды салынып. Мен эле калыпмын 23 жашта али ачылбаган бутон, дагы өзүмү секелек кыз сезип койгонума эмне бересиңер.

Алмаздын сүйүүсү күчөгөндөн күчөп баратты, ачык атака жасап.

– Бирөөлөрдүн ичине туз куйбай, тынчы! – деди Жаныбектин бир досу Алмазга оңурайып карап.

– Чуркаган калат, буйруган алат, – деди Алмаз калышпай.

– Чурка-чурка, биз чуркадык убагында, буйрубады, мүмкүн сага буйруп насип кылар, – деп Жаныбектин достору чын-тамаша аралаштырып күлүп сүйлөшүп атты.

Шампандар куюлду, Алмаз менин тарелкамы гүлдөтүп жасап эле ар тамактарды салды, эч нерсе жей албай койдум. Ойумда "Жаныбекке турмушка чыгып, балдарым төрөлдү, жыргализм өмүр сүрдүм..." Иииииий, ойдун шириндигине сөз жок. Бака-шака сүйлөшүп жаңы жыл тосулуп жатты. Оозуман бир сөз чыкпады, созулуп эле отурум ойумда керемет өмүрлөрдү жашап. Эх, эх, чексиз бакыт сүйгөн, Жаңы жыл бүтсө эле бир мүнөт күтпөйм дедим, акча кенен, высший образованием бар, баягыдай тракторист эмесмин "какмар-шакмар жапайы" деп күлгүдөй. Ойлорумда үй куруп, 2 метр кроватта жыргап да алдым тообо, тообо, миң мерте.

Чындыгында менин сүйүүмдү Жаныбектин жакын баягы алып качкан досторунан башка эч ким билбейт экен. Алмаз:

– Омеееей, иш чатак го, – деди баягыдан бери байкап отурган эпчил, өтө зирек, бир топ куулугу бар жигит. – Келгиле достор, мен жакшылап сөз айтып,тааныбагандарды тааныштырып. Жанымда отурган керемет Падышага жаңы жылды жакшылап тостуруу менин милдетим. Карагылачы куурчак, куурчак! – деп сөз баштады.

Менин бокалым мелтиреп толду шампанга. Мен да кичине ичип алып уялбагандай деңгээлде Жаныбектин жанына өткүм келип өлүп отурум, максатым жанымда турса ишке ашпай. Алмаз сүйлөп жатты "бла, бла, бла" – уксам өлөйүн, сүйүүгө дүлөй болуп отуруп.

– Падыша, Жаныбек досуңун эң сонун келинчеги менен таанышып ал, муногу, – десе болобу. – 3 күн мурда, мен сени магазинден көргөн күнү тою болду.

Жымжыт. Чымын да учпады, ээси ооп айнектердин ортосунда жатты эки буту асманды карап, көздөру аңтарылып. Карлар да жааганын токтотуп, айнекке жабышып карап турганы көрүнүп турду.

Жаныбектин эки досу гана көздөрүнөн жаш чыгып кетейин деп колдору менен ичип жибер деп бокал шампанды көрсөтүп жатты.

Жаныбек секин эки стакан тынчытып жиберди. Мурда эч көрбөгөн элем ичкенин. Алмаз колума бокалды карматты. "Кут-тук-тай- мммммм!! ! Бак-ты-луууу бол-гу-ла! !!" деген сөздү МОЗГ өтө акылдуу киши болуп ооздон зордоп чыгарды.

Жүрөк өлдү сыгылып ыйлап. "Үнүңдү чыгарба!" деди мозг. Мен мындай учурда только МОЗГду угам, анткени жүрөгүм жумшак. Мозг: "Жаңы жылын менен, Падишахан, кана эми алып жибер шампандан! Өлбөгөн МОЗГ досуң аман болсо, алтын аяктан суу ичерсиң, дүйнөнүн төрт бурчун айланарсың. Эркиндик! Эч ким эми кармабайт, эхуууу!! ! Жүрөк шордуу шоркенди, сен да бошсуң!" деди билимге толгон мозг.

Алмаз:

– Давай, кандай сонун, бактылуу болсун, алып жибер айтканың чын болсо, – деп сөз менен көгөртө чымчыды.

Алдым оптом, күйүтүмө чыдабай. Океан ичкендей бүтпөй, түгөнбөй койду бир бокал шампан...

Бийлеп жатты баары, ырдап жатты тынбай, чертмек, аккордеон.

Мага да кезек келди.

– Падиша, баары айтышты укмуш ырдайт деп, мен укпагам. Ырдап берчи мен үчүн, – деди Алмаз.

– Сен үчүн кантип ырдайм, менде тоок сүйүү жок, мен адаммын, – дедим, – биринчи көрө калып ыр арнамак белем. Жок.

– Жаныбек менен келинчегине белек тойунда болбодум, – деп баштадым аккордеондун коштоосу менен.

 

Жамгыр төгөт катуу нөшөрлөп.

Жүргөн кезде жалгыз көчөлөп.

Жүрөгүмдөн чыккан махабат.

Жамгыр болуп сага төгүлөт.

Сени издедим гүлдөр ичинен.

Таппайм эми сыздайм ичимден.

Кайдасың сен гүлүм кайдасың.

Келсен боло келчи тезиреееееееееек! –

 

деп бүттү 6 жылдык керемет сүйүү.

Эртеси үйгө келдим да тез чемоданымды жыйнадым. Атама гана айттым эмне болгонун, апам менен сүйлөшкүм келбеди. Атам эркекче баарын түшүндү. "Ай эле ай, ой эле ой" деп апам калды.

– Апа, кабатыр болбо, келип силерден менин колуму сурабаса эч бир эркекке тийбейм, – дедим.

 

Алмаз жүрдү акактап ээрчип, крутой машинени минип.

– Жеткир мени аэропортко Наманганга жакыныраак, тез учуп кетейин, – дедим.

Бир айдан кийин Алмаз келди артыман Москвага. Эч болбоду сүйүү, көңүл да чаппады.

Эркек атпайга жолободум 1996-жылга чейин. Иштер толтура болду.

1996-жылы Бишкектен керемет чоооң квартира алдым Чүй көчөсүнөн. алтын магазиндин үстүндөгү квартира меники эле, ЦУМдун жанында. Москвадан да квартиралуу болдум, Москва рекасынын боюнда.

Дүркүрөгөн Казак сүйүү келди 1996-жылы.

Кудай мага боору ооруп эң бийик сүйүү күчтөрүн берди, ажарлуу, сабырлуу, билимдүү, үйлүү-жайлуу, машинелүү, запас акчалары бар, болочок бала-чакасы үчүн аял болууга даярданып жүрдүм. Жок эле балдарымын келечеги каты ойлонто баштады. Кимден төрөйм, каерде төрөйм, кантип багам, канча төрөйм. Бир бала, эки кызга материалдык күчүм жетет экен бир кор кылбай багып чоңойтконго. Дүйнөнүн баарын көрсөтүп чоңойтконго. Азыр экөөсү бар. Кенже кызым төрөлө элек. Ойдо эле жүрөт, убакыт да жок, ташкындаган сүйүү да жок. Кызык өмүр.

 

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Путин келип түздөп койду

Москвага температура болуп ооруп кайттым. самолеттон түшүп туура 40 градус менен болницага жаттым, белгисиз ооруу менен. Үйгө "баары жакшы, жеттим, окуу башталды" дедим.

Өмүрүмдүн башка бөлүгү башталды. Окуу, торговля, окуу, торговля болуп өтүп жатты. Эмнелерди гана сатпадым базарда. Жемпер, кроссовка, куртка – колго эмне тийсе ошону саттым, акча эле болсо болду болуп калды. Сатылбаган өзүм, ички дүйнөм, жүрөгүм, адамдык сапатым, көз карашым эле калды.

Ииий, жатаканабыз кытайларга толуп кетти таракандардай тайталаңдашып, кумурскадай торговли кылып жатышты. Универдин студенттерин жин уруп кете жаздады, кээбирлери таштап кетти окууду.

Мен тынбай иштеп окуп, 1996-жылы бүттүм. 5 студент отчисление болду, 29 бала жана мен унверди бүттүк. Оштук Токтобаев Абдулла да жакшы бүттү, эки кыргыз аябай сүйүндүк.

2006-жылы он жылдыкка баарыбыз группалаштар чогулдук, аябай сонун өттү. Көпчүлүгү чет өлкөлөргө чыгып кетишиптир. 1996-жылы бүтүп эле.

Мен дагы тапшырдым университетке, Ломоносовко, экономический фак-тке. Экстернатом 2 жылда бүтөрдүм.

Базарларда иштеп омон деген эмне жаныбар экенин ошондо билдим. Элдер, айрыкча профессорлор, врачтар, ученыйлар чет өлкөгө оптом кача баштады, Россиядан мозгдор агып кетти западга. Анын ордуларын украиндер, молдовандар, таджиктер, өзбектер толтура баштады, эч кандай Москванын культурасын билбеген адамдар. Орустар ызасына чыдабай арак ичишти байкуштар, ‘биздин да көчөдө майрам болор’ дешип. Москва резинадай чойулуп эч ким билим издеп келбес болду. Көчөлөр какырып түкүргөн, ар кандай акча үчүн жанын берген, өзүн саткан адамдарга толо баштады. Көчөлөр козу карындай чайхана, кафе, эптеп-септеп курулган ашканаларга толуп кетти. Мен өзүмү орустардын ордуна койуп, ыңгайсыз абалда жүрдүм, кандай азап чегишкенин көрүп.

Путин келбегенде Россия жок болмок бардак болуп. Путин путь көрсөтүп Россияны эң кыйынчылыктар менен көзүнүн карегиндей сактап калды.

Ушунча билимди мага бекер эч ким бермек эмес Кыргызстанда. Киндик каның тамган жерде уругуң ким, урууң ким, жогоруда отурган агаларың барбы, жокпу. Жок болсо эч жерде эч кимге керегиң жок. Ачылбас эшиктерди кагып өмүр өтсө мекенге деген сүйүү өчөт, ыззат кетет. Жогорудагылар отура берсе төрт тууганы менен бөлүшүп, табакташып, баарлашып, тойлошуп – Мекен ирип чирип, мозг агып жок болот. Ой жүгүртсөң төө чачың тик турат. “Жаша, кыргызым, сенин да көчөңдө майрам болор” деп 1990-жылдагы орустардын сөздөрү эсиме түштү. Россия 25 жылда эң күчтүү державага айланды.

Мүмкүн кыргыздарга да жакшы, мекенин сүйгөн, сырткы, ички саясатты жакшы түшүнгөн, тууган-уруктары ач көз эмес эркек келер деп үмүт кылам, жакшы ойумда. Бирок депутаттардын сатылганын, коррупциянын гүлдөгөнүн көргөндө ички дүйнөгө адам эмес эшек түкүргөндөй сезим жашайт. Куру сөз, куру намыска толтура. Балким баарыбызда карма бардыр. Эмне үчүн сонун падыша келгенин кашайган көзүбүз көрбөй бул дүйнөдөн өтүп кетишибиз керек. Балким күнөөнүн баары өзүбүздө, закону жок ички кир дүйнөдө, тазалай албас айлана чөйрөдө, эч нерсеге эсеби жетпеген түзүгүрөөк билим албаган аялдарда, баласын көзүнүн карегиндей карабаган, кам көрбөгөн эркектерде, кыска ой, кыска максат менен жашаган элдерде.

Эхууу, “Бар бол, Кыргызстан, бешенең ачылсын!” дегенден башка сөз жок.

Исламды ит кылгандар... Өзбек-кыргыз согушу

Оштогу өзбек кыргыз согушу мага кандай таасир калтырды. "Коканд шаарындагы бир түн" кылым карытты. Дагы бир каникулдардын биринде жаз убагы Аксыга жөнөдүм Москва -Андижан через Наманган өтө турган поезд менен. Жакшы ойлорумда Наманган-Караван деген Лаз автобус менен үйгө жетмекмин. Үйдөгүлөргө айтпадым. Казанский вокзалга келип поездге отурсам, өзбек проводник:

– Кыргызсыңбы? – деди.

– Ооба, кыргызмын, – дедим.

– Якши, нима килип юрапсан, дадан, аян варми? – дейт, тообо.

– Уок, катта холомкина гидиор, – дедим шайтаным кыстап.

Өзбекче сүйлөгөнүмө курсант болуп отурдум поездге купеге. Поезд жүрүп кетти. Купеде бабушка Люба Коконд шаарынан, мен жана эки өзбек бала кетти үстүнкү полкада.

Эми гана түшүндүм: Ошто согуш болуп, кыргыз-өзбектер кырылышып, бири бирин союп жаткан кербез экен. Бабушка Люба:

– Кто по национальности? – деп кулагыман шыбырап сурады.

– Кыргызмын, – десем:

– Узбекский язык знаешь, – деди.

– Билем, – десем:

– Убактылуу өзбек болуп тур, оногу балдарга "кыргызмын" деп айтпа, – деди, – аябай согушуп атат кыргыздар өз жери үчүн, молодцы, – деп кыргыздарды мактады Люба (инвалид 1-группада экен). Сорго басат, өтө семиз.

Поездде жалаң өзбектер, анча мынча орустар экен. Бир маалда:

– Гяплашамизми эй гузаль, козларин асаль, – деп жогорку полкадан үн чыкты. – Өзбекларин кизлари гузаль-гузаль. Подишохон исминиз да гузаль, – десе болобу.)))).

 

Мен туалетке барып келгиче Люба баарын бажарып салыптыр. А мен үчүн бир секунд башка улут болуу – өлүм. Мен эгер сезбесем өзүмү өзүм экенин, асылып өлгүм келет. Унчукпай-сүйлөбөй жатып алдым. Эртеси күнү уйкуларын кандырып алып Ошко согушка барып кыргыздарды талкалайт имиш, угуп температура көтөрүлүп тиштерим кычырай баштады.

– Падишохон, чой ичемизми, гузальлардин гузаллари? – дейт бирөөсү.

Бирөөсү жакындап келип түйүлүп турган чачтарымы жазып жиберди. Шашылып түйө баштасам:

– Сочларин ойнайди шамолда. Эй гузаль созларин асаль, – деп сыйпалай баштады.

– Как чокуңу ич, ит. Ош биздин шаар, кыргыз ата теги калтырган бизге, какбаштар! – деп оозуман эч ойлонбой сөздөр чыкты.

Кыргыз экеними билип кыйкыртып колуман сүйрөп жөнөдү туалетке көздөй. Бабушка Люба билбей түшүнбөй калды эмне болуп кеткенин. Сүйрөлүп бараттым "ииий эми эки [moderated] жолдо белде изнасиловать этсе поезден боюму таштап өлөм" деп жыйынтык чыгарып. "Бирок какбаштар менен мушташам" дедим. Үнүмүн болушунча кыйкырдым "помагите! !!" деп орустарга.

Орустар бир паста жыйналды вагон боюнча. "Иттер, эки [moderated], өлтүрөм силерди!" деп кыйкырып аттым. Колдоруму кайрып туалетке камап койушту. "Азыр бир аз эл тынчыганда кезекке койобуз, катта холонкин танийсан" деди бетинен заары чыккан потриот өзбек.

Разборка болуп жатты, мен туалетте отурум. Орустар айтты "Падиша Москвада окуйт, биздин элдин адамы, эч акыңар жок тийишкенге" дешти. Өзбектер айтты "уок, биз якши адамлармиз" дейт орусчалап. Бири бири менен "союш керек мындай кыргызларди" деп ачык сүйлөштү, орустар түшүнбөдү. Бир маалда туалеттин эшиги ачылып мен чыктым "какбаш [moderated]!" деп. Ииий, өлө албай жатып. Люба жөрмөлөп келип кыйкырды "она человек, она виновата потому что не захотела врать" деп. Орустар, өзбектер жана бир кыргыз болуп психологический согуш башталды. Бабушка Люба "роднинкая Паша, иди с русскими другой вагон. Антпесең поездден ыргытып жиберет" деди.

Кеттим башка вагонго, самтырап. көгөргөн колдорум, буттарым, аябай тепкилегем эки өзбекти. Алар да мени аябады кыз деп, "изнасиловать этип поездден ыргытабыз! " деп кыйкырды. Мусулмандар шерменде болдук орустарга ит мусулман экенибизди түшүндүм. Орус проводник иштеген вагонго келсем кыргыздар толтура экен, бир кыргыз келип: "Эй галдир кыз, сен кимсиң, көтүңдү кысып отур биекке" десе болобу. Аң сезимим оңко-чоңко болду. "Биз өзбек поездинде унчупай келе жатабыз билдирбей кыргыз экенибизди" , деп төө чачымы тик тургузган тузу жок, эч менин характериме ылайыксыз жарды, кембагал, туруксуз акыл сөздөрдү сүйлөдү бир эркек кыргыз. "Какбаш" деп башына бир тепким келди өзбектерди тепкендей, чыдадым. Орус проводниктер мени чакырышты:

– Сага покушение болду, эмне кыласың?

– Границадан өткөрбөй түшүрүп жибериш керек эки өзбекти, – дедим. – заявление жазам, анткени кыргыздар менен согушканы келе жатыптыр.

 

Ошентип эки мага кол көтөргөн өзбек да кармалып, бир маалда уже үчөөбүздү бир купеге камады. Камаарда "башынан бир кыл түшсө өлөсүң, өзбек" деп желкесинен катар катар, көттөрүн жырайта-жырайта тепти эки 2 метр орус. Чилдаширдей бою бир карыш эки өзбек кечирим сурады, мен да айттым:

– Эй [moderated], эмне үчүн мен сенин поездиңде кетип баратып кыргыз экенимди унутуум керек, эй? Дүйнө чектешпейт Өзбекстан Кыргызстан менен, какбаштар, – дедим. – Билесиңерби, иттер, сен санда жок, мен санда жок ит мусулмандарбыз арылдашкан, хер түшүнөсүң, туппой! Ошко барып өзүңдүн братыңды сойгуң келди ит, мени сойгуң келди, ит! – дедим.

Орустарга айттым:

– Жараштык, – деп.

Аркаман аңдып алышты көбөйүшүп, акмактарга жакшылык жок экен.

Айла жок, Коконд шаарында орус диаспоралар коргоп калышты.

Сарттарды жайлаптыр ☺

Поезд түндө келип токтоду Коконд шаарына Люба жана орустар:

– Падиша, жашагың келсе түшүп кал. Любанын үйүндө жатып эрте менен Коконд-Наманган автобусу менен кетесиң. Бирок Наманган-Караван деген автобуста өзүңө өзүң жооп бересиң, – дешти орустар.

– Макул, – деп түшүп, бабушка Любанын туугандары тосуп алып баарыбыз кетип баратсак артыбыздан жанагы өзбектер да түштү. Топурап аркабыздан жетип келип:

– Кызды бергиле, силерге тийишпейбиз, – деди.

– Вагондо ортобузда тынчтык деп сүйлөшпөдүкпү? . Бир канча орус милициялардын алдында "жараштык" деп айттык ко, эркек болсоң сөзүңдү карма, болбосоң юбкамды чечип берем кийип ал, менде эркек шым толтура, – дедим.

Жада калса "мусулманбыз, урушпайбыз" деп тил кат жаздык поездде. Ошонун өзүндө сөзүнө турбай катындык кылып ээрчип түшүп калды поездден. Урушуп талашып жеттик Любанын үйүнө, өтө түшүнүп бараттым, жолдо иш чатак болду. Любага да зыян келтиргим келбеди.

– Кокондо орус тааныш милиционер барбы? – десем, Люба:

– Бар, – деди.

Чакыртып мени салып берди, аларга болгон-толгон чындыкты айттым. Бир маалда жанагы жан кечтилерди да таап алып камашты. 5 бала экен, карама-каршы темир решеткада бири бирибиздин иттигибизге иттей таң калып отурдук.

Өллө чарчадым, капкараңгы түшүнүксүз адамдардан. Бир маалда бешөөсү жата калып намаз окуй баштады, мен тиктеп отурум. Оозум ачылып, "мусулман балдар мусулман кыздын артынан 'өлтүрөбүз, намысын алабыз' деп кууп жүрүп решеткага камалып отуруп: 'ой аллах, бизге жардам бер' деп намаз окуп эңкейип-тонкойуп. ..

Бул эмне деген караңгылык. Ойлору толтура капкара, намаз окуса болобу?. Агарып тазаланып, ичпей, чекпей, ар кимге кол көтөрбөй, адамдык сапатка келип анан сыйынуу керек чыгар" деген ойлор мени түп тамырым менен жеп салды. Чала мусулман болгондорун өз көзүм менен кашайып көрүп турдум.

Улантам, бир аздан кийин тренировкага барам.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Коконд шаарында

Отурум милиция канада, беш бала кошунам темир решётка бөлүп ортобузду. Ойлору капкара, мээси качан эле агып түшүп калган 5 бала намаздарды шырылдатып окуп бүтүштү. Дагы өлө албай жатып резина шлёпкаларын чечип окушту, буттары капкара чоор, тырмактары ороктой жайында чөп оро тургансып. Тырмагынын түбүндө бир килодон капкара кир. Айуудай кышында бармагын соруп жатканга топтогонбу, түшүнүксүз. Сакалдарында биттер да бар болуш керек, бирок алыстан көрүнбөдү. Чаташкан өстүрүлгөн сакалдары өмүрү "шампун байкени, тарак эжекени, бальзам таганы көрө элекпиз деп шөмтүрөп салбырап тааныштырып койуңуз" деп жүдөгөн адам жүнү мага жалдырап карады. Менин жибектей чачтарыма көзү окшуйуп карап.

Бир маалда бүтүп тура калып, бирөөсү решеткага жакындап:

– Эмне бизден көзүңдү албайсың, акмак, биз Аллахка сыйынып жатабыз, – дейт, тообо.

– Кыйраттың, көрүп отурум, бейиштердин эшиги ачылып сени чакырып жатат, жөнө тезирээк рай толуп кала электе. Только жуунуп ал сассыбай тукумдун маегиндей, сакалдарың суу эжекесин көрө элек окшойт, тааныштырып койойунбу? – десем:

– Кайсы сулуу менен, мейли таанышам, – дейт тообо.

– Атаңдын чокусу! – Акылы тайкы, логикасы жок адамдар менен сүйлөшүү да бир тыйын. Бекер отурбай педагогдугумду колдонуп бар дүйнөнүн баарын түшүндүрдүм. – Ак терек, көк терек, ачык айткылачы, менден силерге эмне керек? – деп өлөөрчө тамашалап, темир решёткага ишенип адимен аштым.))). – Эй, силер мени киши колдуу кылып өлтүрүп, РАЙга жөнөткөнү жардам бергиңер келип жатабы? – десем:

– Сени тозоктун төрүнө жиберебиз, – дешти.

– Эй мени азыр бутон кезимде өлтүрсөңөр бир гүлүм ачылбай, туура ушул билимим менен Райга начальник болом, силердин келишиңерди чыдамсыздык менен күтөм ошол жакта, келгенде суракка мага келесиң, эмне себептен мени бузгуңар келди, өлтүргүңөр келди, сакалдарыңарды бирден жулуп өрттөп, тозоктун күйүп турган отуна таштайм, – деп айтсам, жан ширин да, ойлонуп калды.

Бирөөсү ыргып тура калып:

– Болду бүттү, жетишерлик, сени эч ким өлтүрбөйт да, бузбайт да, мен жооп берем, – дейт.

– Өлбөдүң да, райга баары бир кирбейсиң, мойнуңду печкенин морундай капкара кылбай жууп тазала, кулагыңдын ичинде кумурскаларга жем толуп кетиптир, адка барарың менен биринчи кезек кумурскалардыкы, анан кезекке сага окшогондор турат артыңдан чууруп. Ииий айткыла, дагы каалап туруңарбы мени, ойуңарда жыртып мени төрткө бөлүп? – десем бирөөсү:

– Жоооооооооок, эч каалабайм сени! – дейт.

Каткырып күлдүм:

– Кааласаң эле мен даяр тургансып. Штаныңда салбаңдап турган мокочонун өзүнүн теңи бар. Мокочо итке окшобой изде ошолорду, – деп аябай чындык менен сөз менен сабадым. – Силерге окшогон мокочолорго кудай да мени ыраа көрбөс, – деп окутуп жаттым.

– Кетчи, жоголчу! – деп бушайман жеп башташты.

– Жаш, жакшына сулуу балдар экенсиңер, бирок бетиңерди жүн басып гориллага айланып кетипсиңер, тарыхты аркага буруп. Баняда качан болдуңар? Кандай эне тууду? кандай ата, кайсы сассык тукумдардан жаратты? Ким тарбия берди? Эй, өмүрдүн отходдору! – дедим. – Чынын айта бергиле, уялыштын кереги жок, ансыз да орустар айбан жапайы экенибизди билип, бири бирибизди тытып жеп койбосун деп муногу темир решеткага отургузду! – деп даңгыратып тептим. – Билесиңерби, жаныбарларды дрессировка кылгыча темир решёткада кармайт. Билесиңерби, ит мусулманмын мен дагы, силер менен бирге темир решёткада отурум. Өзүм сурандым "отургуз таң аткыча" деп. Анткени бабушка Любаны бейкүнөө, мен үчүн кокустан өлтүрмөксүңөр, – деп жаным чыгып баратты.

Аңгыча темир эшик ачылды, орус милиция: "душ направо, туалет налево" деди. Жанагы балдарга карап: "аааа, вам не надо" деди.

– Мына көрдүңөрбү, адамга окшоп сакал мурутуңарды кыргыла газонокосилка менен, жуунуп тазаланып, тырмактарыңарды кетмен менен чапкыла, анткени кайчы өтпөйт. Билим алгыла, духилерден себинип келгилечи, шилекейим аксын, арманда өлөйүн ухххххх ушул мени чечиндирсе гоооо деп, – десем жанагы беш бала "хахахаха" деп каткырышты.

– Мына мага ачылды райдын эшиги, – деп темир эшиктен чыгып кеттим.

– Жуунуп кел, чай ичебиз экөөбүз, Зоя Космодемьянская, потом орус шофёрго отургузуп жиберем Наманганга, – деди милиция...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   ayka96   12 Январь 2016 - 16:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ала качышыптыр. ..

Өлгөндүн үстүнө көмгөн деген ушундай болот, Наманганга жеткенде ушул окуялар болду.

Намангандан такси жалдасам:

– Кыргызлар якка бормайман, өзбеклардин чек орасина тошайман да кайтоман, – дедилар.

– Якши, тамом, – дедим. Өлө албай жатып өзбекче гяпирляшип. )))).

Ошентип границага күүгүм киргенде таштап кетип калды. Турум белгисиз бирөөлөрдү күтүп, Итагарга такси кармайм деп. "Үйдөгүлөргө сюрприз кылам кокустан келип" деп эч кимге айтпадым эле.

Бир маалда келди, күткөн эшектерим, музыканы бийик койуп, сагыздарды чалпылдатып чайнап:

– Айииий, издегенибиз бул жерде турбайбы! – деп.

Тормозду зордоп чаңын асманга чыгарып, чыйылдатып токтотту кайран ата мекендик согушту көргөн Москвичти. Эми төрт эле дөңгөлөгү болбосо машине деп айтыш кыйын. Жвачкасын чойуп, чып этип кайра койуп жиберип:

– Эй чоң кыз, атыңыз ким болот? Менин атым Эргул, бүгүн үйлөнөм, кыз издеп жүрүм, – деди эле, жүрөгүм шуууу деди.

Мас экен 5 бала, атымы айтып үлгүрбөдүм, сүйрөгөн бойдон тытыратып, кагаздай үч төрт бүктөп, Москвичке тыгып салды. Музыка өкүрдү кассета жыртылгыча:

 

Сүйдүм гана бир, сүйдүм иииииий

сүйдүм чок! -

 

деп, төрт дөңгөлөк учуп баратат..

5 баланын ортосунда нары-бери секирип тооктой мен бараттым. Бешенем ачылып эрлүү болойун-болбойун деп. Ызама чыдабай күлсөм:

– Айиий Эргул, сонун кыз таптык, сүйүнүп атат күлүп жайнап! – десе болобу, тообо.

Падыша атаны көздөй баратабыз, чооң сууну бойлогон жол менен зымырап. Түркүн-түркүн ойлор келип. Бир маалда бирөөсүнүн сийгиси келип кетти:

– Токтот машинени, чоң кыз эч жакка качпайт, сүйүнүп баратат. Ох чиркин, сонун балага тийесиң, – дейт.))).

Эшик ачылары менен ыргып түшүп чууркап качып жөнөдүм.

– Ай энеңди шайтан, желмогуз, "шаарды көргөн эчкиден корк" дебеди беле! – деп бирөөсү каты чуркайт экен, кууп жетейин дегенде жаналакеттене далбастап, акыры "тобокел! " деп сууга секирип агып кеттим түндө.

 

Алиге чейин ичиме сактап келген элем. Ала качкан баланын атын өзгөртүп жаздым, анткени ал бала азыр эң сонун бутунан турган, сонун кыргыздардын бири )))).

 

 

Дырдай жылаңач...

Ошентип ала качкан балдардан качып сууга секирип агып кеттим. Өтө кеч, түн болуп кеткен эле. Агып баратып да мозг азамат, ар нерсени ойлонуп баратты. Өлүм келсе качып кутулбасымы акыйкат түшүндүм. Москвадан чыккандан баштап өлүм ээрчип алды артымдан. Кырсыктын артынан кырсык, проблеманын артынан проблема ээрчиди. "Сорго жол-жолдо өзбек туугандардан кутулуп, Кыргызстанга өтүп сүйүнсөм өз элим, өз жеримде да тынчтык жок экен мен үчүн" деп жаным кашайып, суу кирип турган убагы экен, ар таштарга урунуп агып бараттым. Айлана кап караңгы. Жылдыздар гана жымырап, ай толуп асманга көтөрүлдү. Жээкке эптеп тыпырап, кайрымакка түшкөн балыктай жеттим. Бирок тырмышып кармарга эч нерсе көрбөй кашайдым. "Держи меня соломенка, держи меня" деп дагы өлө албай жаткан жан чиркин Алла Пугачёваны да эстеп койду. Катып муундарым муздап, алым кете баштадым. Бир ой гана мени кыйнап баратты: "Кантип жаным чыгып кетер экен менден, өлүм келди, бирок анда эмне мен сезбей жатам? Кудай барсыңбы, айланайын, бар болсоң мен эмне күнөө кылдым?!" Бир күнөөм бар, тагдырыма баш ийбей ар дайым кыйналам. Башка күнөөлөрүмү акмактай эстей албай, мозг жарылайын деди. Жүрөгүм өлүмгө баш ийгендей эч нерсе сезбей, акыркы күчтөрү менен көңүлү жоктун көт беришиндей, илгерки патифондогу чийилген пластинкадай "туууук, туууууук, туууууук" деп жайлай баштады. Бир маалда башымы бешенеми бир чыбык каната чийип кетти. Ооруганына чыдабай ашатып, орусчалап үч этаж "мать твою" дедим. Жээкте ийилип талдар өсүп турганы көрүндү айдын жарыгына. Сүйүнүп кеттим "мына сага рай!" деп. Тырталандап ар кимисине асыла баштадым. Колдорумун күчү жок нес болуп муздап калган экен, сыйгаланып сыдырылып чыга баштады. Сорго бир талга баардык күчүмү жыйнап илинип токтоп, акпай калдым. Иииий, ит азап! Жөрмөлөп төрт аяктап, бешенемен кан агып жээкке чыксам, жээктеги талаанын баарына мака (жүгөрү) эгилген кең талаа экен. Өлбөй дагы деле жашап жүрүм башка түшкөн шартка ылайыктуу. Жөрмөлөп арасына кирип кеттим, кийимдеримен суу чууруп денеме жабышып, мупмуздак жанымы кейитип турду.

Баарын чечип сыгып жайып койуп дырдай жылаңач отурум сууга секиргениме өкүнбөй. Эң туура кылдым, мен кой белем? Каалаганда семиртип кайтарып, каалаганда короого камап, каалаганда быжыратып төлдөтүп туудурган. "Ит эркектер, эч качан тоготпойм силерди басымдуулук кылсаңар! " деп какшап ыйладым. "Кыз бойдон өлсөм да көңүлүм болбосо тийбейм, жатпайм, карабайм, сатылбайм, баш ийбейм эки дүйнөдө да, бала чака да төрөп бербейм зомбулуктаган эркекке!" деп жаным ачышып, эки көзүмө суу толду. "Айланып садага болуп кеткиле менин мөлтүрөгөн сонун балдарыман! " деп жобурадым, жок эле, туула элек эле балдарымы элестетип. Материалдык эркиндикке чыгып, өзүмө 100% ишенгенде гана турмушка чыгууну чечтим. Макалар да "туура, туура!" деп шамалга баштарын ийкешти. "Эч кандай расчет кылбайм, эч кимдин байлыгына кызыкпайм, сатылбайм, ит катын болбойм, бирөөдүн бир кашык бекер оокатын жебейм. Өзүм үчүн өзүмө ылайык өмүрдү ак жашап өтөм!" деп жаным, каным кайнады буркурап! !!

Таң да атты. Макалердин арасында шамаал өтпөй бир аз жылып калдым. Кийимдер бир аз кургады нымдалып, кийинип алып: "Ээхуууу макалер, бирөө жарымга айтсаңар башыңарды кайрыйм!" десем "Жжооооок! !!" дешип баштарын шамалга чайкады.

Айыл алыс экен, бир гана кичине жакын үйдөн түтүн чыгып турду.

 

Окуп тургула, өткөн күндү эстеп үшүп кеттим, тамактанып алып жазам.

 

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 05:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: