Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка кел

#41 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Самадов Баястан


Я хочу чтобы мой Кыргызстан процветал
Во первых чтобы Кыргызстан процветал нужно избавиться от коррупции.
«Там где существует коррупция, там и нет прогресса». Так как государственные чиновники берут деньги с государственного бюджета на свои личные затраты, то естественно ухудшается стабильность общества. Ослабляются следующие: правоохранительные органы, государственный аппарат, социальные цели и индустриальные промышленности. Во-вторых надо улучшать соблюдение экологии, разрушение ресурсов, природных зон. Наш Кыргызстан очень богат природными ресурсами и мы должны их хранить! Наши прекрасные места: Сары-Челек, оз Ыссык-Куль, Арсланбап и другие. Ведь уникальность и красоту Кыргызстана нигде не увидишь! Надо остановить: пилить деревья, пожар в лесах и так далее. И не загрязнять окружающую среду.
Надо держать нашу страну в чистоте и в порядке. Устраивать общественные собрание на тему «Мы за чистый город». Еще один способ процветание нашей страны это развитее золотодобывающих компаний, к примеру ЗАО «Кумтор Голд Компани». Ведь у нас много полезных ископаемых. Но чтобы получить полный, достаточный прибыль надо его национализировать. Ведь всего лишь 33% акций от добытого золота принадлежит КР, а остальные 67% к канадскому компанию «Сентерра Голд». Почему мы получаем меньше если все эти богатства наша ведь она и находятся на территории Кыргызстана. И еще надо обращать внимание и улучшать образовательную систему. Ведь не у всех есть возможность получить качественное образование, не могут его получить дети с ограниченными возможностями. Надо вести гуманитарную и моральную помощь интернатам. Что касается историко-культурных ценностей. Надо поставить памятники и почтить их память тем людям которую внесли большой развивающий вклад в истории Кыргызстана. Например: Жоомарт Боконбаев, Чынгыз Айтматов, Алыкул Осмонов. И многие задают вопросы зачем же ставить памятники мертвым людям? Потому что, именно благодаря им Кыргызстан стал лучше. Они образцы подражание для юных патриотов. Многие граждане Кыргызстана не соблюдают простые нормы этики. Поведение себя в общественных местах, транспортах. Ведь страны Европы отличаются от нас именно этикой, морали. И еще в Кыргызстане есть множества международных организаций ООН: Юнисеф, Юсаид и так далее.
И в одном из них работает мой отец. По предоставленным отчетам они построили: 37 детских сад, 34 общественных учреждений в горных и слаборазвитых регионов Кыргызстана. Посольство Кыргызстана должен вести активные связи с ООН. А что касается СНГ, я думаю что Кыргызстан должен вести экономические и социальные сотрудничество с соседними странами. И дипломатические соглашения, так как это поможет избежать от межгосударственных конфликтов. И еще отношение к пенсионерам и пожилым людям. Надо поднять их пенсию так как они уже не способны физически работать. А также составить максимально качественные и удобные условия для них. Как говорил великий человек Искак Раззаков «Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот» что в переводе «Если ты будешь чист, если я буду чист то и общества будет чистым». Эти прекрасные и мотивирующие фразы великого человек означают: если исправишься ты, если исправлюсь и я, то и общества исправится, так как каждый должен начать с себя.


Самадов Баястан Асылбекович. Ошская область, город Ош
13 лет адрес: ул Исанова 29\35
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эрали кызы Сайкал
Мен Кыргыз жеримдин гулдоп онугушун каалайм.
Кыргызстан дуйнодогу эн кичинекей мамлекеттердин бири. Ар улуттуу олко. Басымдуу болугун кыргыз улутундагы элдер ээлейт. Жери ар турдуу кен байлыктарга бай, кооз, тоолуу олко. Копчулук эли мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенсе аз гана болугу жеке ишкерлер болуп эсептелет. Кыргызстан тоолуу олко богондуктан тоо чокусундагы монгулор коптогон суулардын запасын сактап турат. Бул суулардын электр энергиясы ондурулуп калктын копчулук катмарын электр энергиясы менен камсыздайт.
Менин оюмча жер астындагы канча миндеген кен байлыктарды кыргыз эли озу ондуруп,озу иштетсе Кыргызстандын эканомикасынын онуккону байкалар эле. Тилекке каршы бизде бул кендерди иштеткидей техника жана каражат жок.
Мисалы кендерди иштеткенге техниканы башка техника жагынан онуккон мамлекеттер менен алака тузуп керектелуучу буюмдарды алуубуз зарыл. Ал эми экономика жагынан озубуздун жергебизден чыккан «кумтор» кени алтын 100 пайыз болсо ошол 100 пайыздын 30 пайызы мамлекеттин казынасына кошулат. Ал эми алтын кенинен 100 пайызынын 70 пайызы олкобуздун казынасына кошулганда башка мемлекеттер менен келишим тузуп олкобуздун казынасынан техника сатып алуу менен камсыздасак анда биздин олкодон темир, сурьма, сымап, кукурт ж.б. ушул сыяктуу кендер алынып башка олколорго экспорттосок андан тушкон каражат элдин жакшы жашоосуна шарт тузулмок.
Ал эми Кыргызстандын онугушуно терс таасирин тийгизип жаткан окуялар жана жем корчулуктун коп болуп жатканы олкобуздун осуп-онугуусуно канчалык денгээлде терс таасирин тийгизип жаткандыгы баарыбызга маалым.
Биринчиден бул жашы жетелек оспурум курактагы балдарды,кыздардын зордук зомбулукка кабылуусу жана алардын укугунун тепселенуусу болуп жатат.Биздин мамлекетте балдарды коргоо кодексинин 4-беренесинде айтылгандай балдарды расасына,жынысына, тилине,динине, мулктук абалына,ден соолугуна жана башка белгилери боюнча басмырлоого жол бербестик принциби,экономикалык пайда табу максатында балдардын эмгегин эксплуатациялоого жол бербестик принциби ушул беренеде айтылгандай эч качан балдарды сатып оз кызыкчылыгын ойлобошу керек.Азыркы тапта коп уй-булоодо жетишсиздик орун алган, ошол себептен жашы жете элек этабында мындайча деп айтылган менчигинин туруно карабастан ишканаларда, мамлекеттик мекемелерде, дыйканчылык жана чарбаларда балдардын мажбурланган эмгегине тыюу салынат.
Экинчиден бул коррупция болуп эсептелет.Биз биргеликте иш алып барсак гана аны женебиз деп ойлойм.Жемкорчулук кенен кулачын жайган мамлекеттер коп бирок Кыргызстанда акыркы учурда аябай коп онугуп кетти.Мисалы бир жумушка орношуу учун канча миндеген акча сарпталат.Ал эми окуучулар жогорку окуу жайына тапшыруу учун коп суммадагы акча каражаты кетет.Ошол себептен окуучулар чет олколорго кетууго аргасыз болуп жаткандыктан миграциянын агымы кобойуудо.
Учунчудон биз Кыргызстандын райондоруна завод-фабрикаларды куруу зарыл.Ар бир айылдын топтолгон продукциянын кайра иштетип чыгаруу зарыл.Ошондо Кыргызстандын бардык аймактары таза жана талапка жооп берген табигый продукцияны колдонобуз.
Тортунчудон биздин тышкы саясатта онугуулор озгоруулор болот.Биздин коншулаш жана тышкы саясий оноктошубуз Кыргыз Республикасынын жеке кызыкчылыктары да бар экендигин жана аны менен эсептешуу керек.
Куралдуу Кучторду кайрадан уюштурууга олуттуу киришуубуз жана чек ара маселелерин чечуудо жигердуу кадамдар керек.20-жылдан бери биз коншуларыбыз менен тил табышып жана чекит коё албай келе жаткан маселелерибизди чечишибиз керек.
Ошондо гана Кыргызстаныбыздын гулдоп онукконун коро алабыз.Келечек ар дайыи биздин колубузда,ошондуктан жаштар ар дайым биримдикте жана ынтымакта болуп талыкпаган эмгек менен олкобузду онуктуро алабыз деп ишенем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Таалайбек кызы Аймээрим
Кыргыз жеримдин гулдөп өсүшүн каалайм.


     Кыргызстан биздин эң сүйүктүү, эң кымбат, эчнерсеге   алмаштыргыс мекенибиз. Кыргыз жери абдан кооз, жаратылышы эң сонун, сулуулугуна эч тойбойсуң, көркүнө баа жеткис.


   Кыргызстанды бизге   ата-бабаларыбыз калтырып кеткен, биз да кийинки муундарга калтырышыбыз керек.


     «Туулган жердин   топурагы алтын» дегендей ар кимдин туулган жери өзүнө ыйык.


   Кыргызстандын эртеңки келечеги жаштарда, ошондуктан жаштар татыктуу билим алып, мекенине аз болсо да өз салымдарын кошуусу керек.


   Мекенибизге суктанган чет өлкөлүктөр да арбын, алар мекенибиздин кооздугуна, сайраган куштарына, гүл оронгон талааларына, тунук булактарына, таза абасына, салкын желине жана көптөгөн   кооз жерлерибизге суктанышат. Кыргызстан   бейиштин төрү экен дешет. Биздин байлыгыбыз ак мөңгүлөр, агын суулар, көк тиреген тоолор, жапжашыл болгон токойлор, жайкалган жайлоолор. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл   да, мекенибиздин көркүнө көрк кошуп турат. Кыргыз жеринин сулуулугу жөнүндө ыр саптары абдан көп.


      Жайлоолору жашыл боёк төккөндөй,


      Шамалы сүйкүм бетти сылап өткөндөй.


     Абасынан Жаннат жыты буркурайт,


      Кыргызстандан миң периште өткөндөй.


   Кыргызстан   акыркы жылдары тез өсүп, өнүгүүдө, калкыбыздын саны да көбөйүүдө.


    Кыргызстан абдан сонун өлкө, биз болгону мекенибизге аяр мамиле жасап, көзүбүздүн карегиндей сактап, өнүгүшү   үчүн чын дилибизден аракет кылышыбыз керек.


   Кыргызстан ак көнүл, кичи пейил, боорукер, кең пейил, меймандос, эр жүрөк кыскача айтканда абдан бактылуу   элдердин мекени.


      Мекеним кандай кооз керемет,


     Мөңгү, булак, сууларына эч бир өлкө тең келбес.


      Кыргызым кылымдарды каарыткан,


      Калкы бар акыл эстүү даанышман.


    Тилеген тилектериме жетип, жогорку окуу жайын бүтүп бир кесиптин ээси блолсом кыргыз элимдин жаркын келечеги үчүн, мекенимдин өсүп, өнүгүшү үчүн өз салымымды кошуп, болгон күчүмдү жумшайм.


   Кыргызстандын жаштары билимдүү, чечкиндүү, ынтымактуу, ыймандуу, кайраттуу болсок, баарыбыз биригип бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып Кыргызстанды өнүктүрөбүз. Келечекте өлкөбүздө завод фабрикалар, иш каналар курулса, жердештерибиз башка өлкөлөргө кетпей өз мекенинде иштеп калат эле. Мисалы; Ысык-Көлгө эс алуучу жайларды ыңгайлуу, кооз, абдан жакшы шартта түзүп, беш жылдыздуу мейман каналарды куруп, келген меймандарды өзүбүзгө тартуу керек.


   Кыргызстанга киреше берет турган дагы бир булагы Кумтөргө да иш каналарды көбөйтүп, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүп, элибизди жумуш менен камсыз кылса болот.


   Өзгөн районундагы Кара-Шоро жайлоосунда табийгый дары булак суусу бар. Ал суу адамдардын ден соолугуна абдан пайда. Келечекте дары сууга иш кана ачып экспорттоп дүйнөлүк денгээлге жеткириш керек. Кыргызстанда алардан башка дагы кен байлыктар көп,аларды да дал ушундай жол менен туура пайдалануу зарыл.


Мекенибиздин архитектурасын өнүктүрсөк, Кыргызстанга абдан кооз, чоң жана сапаттуу имараттар, иш каналар түшөт. Мына ошондо мамлекетибиз гүлдөп өсөт, өнүгөт.


     Мекен өтө кымбат, баа жеткис. Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп эч качан төмөн түшүрбөшүбүз керек. Мен Кыргызстандыкмын деп сыймыктануу менен айтам. Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм. Кыргызстандын келечеги кең, мындан ары да гүлдөп өсөт, анткени келечегинде биздей жаштар бар.


      Кыргызстандын желегин даңктайлы,


Жергебизди башка элге сатпайлы.


Урпагың ким? Атагың ким? деп сураса,


Манас бабам, Датка энем деп мактайлы.


Ош областы, Өзгөн району, Мырза-Аке, Төлөнбай МАшрапов атындагы №34 орто мектеби, 8-класс Таалайбек кызы Аймээрим 2001-ж.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сатыбаева Айдана
Кыргызстан 1991-жылы Эгемендүүлүккө ээ болгон. 31-августту кыргыз элибиз Эгемендүүлүк күнү деп майрамдашат. 5-май Кыргыз Республикасынын Конститутциясын кабыл алган күн. Кыргызстан демократиялык өлкө.


Кыргызстан менин мекеним. Биздин өлкөбүз аябай кооз, абасы таза, салкын, тунук булактары көп жер. Кыргыз жеримдин көркүн, сулуулугун, баалуулугун канча аракет кылсаңда, сөз менен эч качан сүрөттөп бере албайсың. Мен Кыргызстанымдын эң кооз жерлеринин бири болгон, улуу Даткалар жашап өткөн, Алай жергесинде туулгам.Менин кичи мекеним-менин сыймыгым. Айрыкча жайындасы бул жер өзгөчө шаңга бөлөнөт. Бийик-бийик тоолордун кучагында жайгашкан жайлообуз бейиштин төрүндөй болуп сезилет. Бээ сааган чоң апалар, курут жайган жеңелер, жайытта оттоп жүргөн мал-жандыктар, ойноп-күлгөн эс алуучулар жайлообуздун көркүнө көрк кошуп турат. Абасы салкын, асманы ачык, күрпүлдөп көбүк чачкан булактары тынбай агып турган, күн нуру тегиз тараган жерде туулганыма сыймыктанам. Келечекте Алай жергемдин шаар деңгээлине жетип өнүгүшүн каалайм жана өз салымымды туулуп өсүп жаткан жериме, мекениме кошкум келет. Кыргызстандын келечегин өнүп өскөн Япония, Франция, Малайзия, Дубай, Россия, жана башка кооз өлкөлөрдүн катарында көргүм келет.Азыркы учурда биздин өлкөбүз өнүгүү жолунда. Кыргызстанда техника секунд сайын өнүгүп жатат. Ош шаарыбызда көп кабаттуу үйлөр курулууда. Бирок менин кыялымда келечектеги Кыргызстан такыр башкача сүрөттөлөт. Кыргызстанда Бурдж Халифа, Empire State Bildin. Shun Hing Square, Сирс Тауэр сыяктуу мега курулуштардын курулуп жатканын көргүм келет. Эгерде ар бирибиз жакшы окуп, келечекте жакшы кесиптердин ээси болуп, мыкты инсандар көбөйүп өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошушса, биздин мекенибиз тез эле өнүгүп кетет деген ишеничтемин. Келечекте мен хирург болсом деп кыялданам. Анткени азыркы учурда ар түрдүү оорулар көп болуп жана Кыргызстанда көптөгөн адамдарды операция жасаганга мүмкүнчүлүк жок болгонуна байланыштуу, кээ бирлери чет өлкөлөрдөн операция жасатып келишет. Ошондуктан мен чет өлкөдөн билим алып, Кыргызстанымдын медицинасын өнүктүргүм келет.
Ош облусу Алай Району Гүлчө айылы
Тапык Отунчиев атындагы № 2 мектеп-гимназиясынын 9 А-классынын окуучусу Сатыбаева Айдана Камиловна
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нурдин уулу Темирлан
Мен Нурдин уулу Темирлан 2002-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулганмын. Мен 1 жашка чыкканда атам менен апам ажырашып кетишкен. Таенемдин колундамын, апам Новосибирск шаарында иштейт.2 жаштан 6 жашка чейин Гүлчө айылындагы №4 балдар бакчасында тарбиялангам. Азыр Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы орто мектебинде 8-класста окуйм. Мен дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдыргым келет. Чонойгондо турист болом. Мен Алматы, Новосибирск шаарларын көргөм. Эгер мен Малазияга барып калсам өмүрүмдөгү эн биринчи каалоом аткарылмак. Ал жакка барууну абдан самайм.Сиздерден көптөн көп суранам мени сынактан өткөрүп коюнуздарчы.
Мен Кыргызстандын гүлдөп осүшүн каалайм.
Мен Кыргызстанды абдан кооз гүлдөр менен өнүгүп –өсүшүн каалайм. Кыргызстандын жайлоолорунда абдан көп жана кооз гүлдөр өсөт. Ошондуктан башка өлкөлөрдөн туристтер келип кооз гүлдөр жана таза аба менен дем алып кетишет. Жай мезгилинде тоолордо абадан кооз гүлдөр өсөст. Мен досторум менен тоого чыгып кооз гүлдөрдү терип келип таенеме, апама, инилериме берем. Менин үйүмдө да абдан кооз гүлдөр бар. Ушундай эле гүлдөр ар бир өлкөдө, ар бир үйдө өсүшүн каалайм.
Эгер биз акылдуу болуп, жакшы окуп өз жашаган жерибизде таштандыларды таштабай таза кармасак, бизден кийинки окуучулар да үйрөнөт да Кыргызстаныбыз таза өлкөгө айланып өнүгүп өсөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Таштанбек кызы Феруза
Мен Кыргызстанымдын гүлдөп өнүгүшүн каалайм!


Эгер өзүңдүн жериң, өзүңдүн мамлекетит, өзүңдүн Ата-Мекениң болбосо калдайган калкын, карапайым элим мусаапыр. Мен кудайдан мамлекетибиздин бекем болушун, элибиздин кылымдарды карыткан улуу эл болушун, жана гүлдөп өнүгүшүн экономикабыздын алдыга жылып, элибиздин жашоо турмушу жакшырып, элибизде бай жашаган адамдар көп болушун каалайм. Мамлекетибиз бекем болуп, элибизде тынчтык болсо буюрса жакшы күндөр алдыда. Ылайым элибизде Разаковго. Ибраимовго. Масалиевке. Исановго. жана Курманжан Даткага окшогон ушундай эли жери үчүн жанын аябаган ак ниет адамдарыбыз көп болсо экен. Жерибизде бир да бекер жүргөн адам болбосо деп тилейм. Элибиз иш менен камсыз болгондо, илимге, билимге, сугарылып билимдүү, илимдүү маданияттуу, адамдарыбыз өлкөбүзгө чоң чоң салымдарын кошкондо гана экономикабыз өнүгүп, казынабыз акчага толуп, элибиз бай жашап, жашоо турмушубуз жакшырып өлкөбүздүн инфраструктурасы жакшырып, жолдорубуз оңолуп, бийик имараттар курулуп гүлдөгөн бай шаарлар, бай областар, район, кыштактар пайда болот. Ал үчүн өкмөт бай ишенимдүү инвесторлорду таап бирге иштешүүгө тартуу керек. Ал үчүн элибизде тынчтык болуп, инвесторлорго толук шарттар түзүп берүү керек. Кыргыз жерибиз кенге бай, сууга бай, токойлорго, тоолорго бай пейлибиз да кең ак көңүл элбиз. Жергебизде тынчтык болуп мамлекеттүүлүгүбүз кудай буюруп бекем турса, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымакта аракеттенип эмгектенсек кыргыз жерибиз гүлдөп өсүп өнүгөт. Ылайым заманыбыз тынч болсун арасында кошуна элдерибизде тынчтык болсун анын арасында кыргыз жеринде тынчтык болуп гүлдөп өсүп өнүгө берүүсүн кудайдан сурайм. Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп өнүгүшүн ак ниетимден калайм!
Таштанбек кызы Феруза


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ахмадбек кызы Уулбу


Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм .
Менин кубанычым ,суйунучум койнума батпай ,коп кабатту соода туйунунун эн чокусуна чыгууга шашып жатым . Асман тиреген имараттар ,алардын ар турдуу тузулушу ,шаардын корунушу асмандагы кунго чагылышып козду уялтат .Бул шаардын занкайган имараттары элэ эмес,бири бирине жылмаю менен караган , эч бир туйшугу жоктой корунгон жашоочулары ,бир жерде да таштанды корунбогон тазалыгы ,жогорку денгээлдеги автоматташтырылган тейлоолор тан калтырды .Жошоочулардын маданияты, каалаган жерде ынгайлаштырылган акча алуу,акча салуу кызматтары ,туристердин коптугу суктандырат . Кокусунан –«кызым,окууудан кеч каласын» , деген апамдын шаштырган уну кулагыма жанырды. А мен болсом бул туштон ойгонгум келбей ,козумду ачкым келбей жаттым .Шаша -буша кийинип мектепке шаштым .Сабакта олтуруп тушумдогу корунушту эстеп жаттым .Эх ушул шаар менин олком болсо э,албетте оз туулган жеримдин жаратылышын ,айрыкча Ыссык-колуму, сыйынган Сулайман тоому,Абшыр- Ата ,Сары Челегибизди эч кимге алмаштырбайм дечи,бирок ушул кооз олкомун мындан да онугушун каалайт элэм. Бул учун жаштардын айрыкча окуучулардын мектептен алган терен билими ,ой жугурто билуусу,башка малекетердин маданиятын тилин уйронуусу зарык деп ойлойм .Азыркы кезде оз мекенибизден иш таба албай,башка олкого кетип жаткан кыргыз жаштары ,анын ичинде менин эжелерим менин туугандарым ,менин классташтарымын апалары ,аталары меин журогуму оорутат.Чонойсом олкомун онугушно салым кошууну ойлойм.Онор жайдагы чакан кийим тигуу ишканалары менен , кыргыздын улуттук кийимдерин акыркы заман бап улгудо тигуу менен ,кыргызымдын кымызын ,курутун , Баткендин оругун ,Озгондун куручун дуйнолук базарга алып чыгууну максат кылам. Мындан башка да жер иштетуу биринчи орунда ойлондурат .Дыйканчылыкты ондуруу учун жерибиз да суубуз да бар.Дыкандардарга куйуучу май ,урук менен жардам беришибиз керек . туризимди онуктуруу аркылуу ,башка олколорду коз суктанткан кооз жерлерибизге тартуу зарыл. Ал тургай шаар менен айыл ортосундагы айырмачылыкты жоюп,бардык ынгайлуу банк кызматтарын ,транспорттук тейлоолорду эн мыкты денгээлде шарттарды тузсок болот. Биздин Кыргызыстаныбыз онугуп чет олкого кеткен апаларыбыз ,эжэ агайларыбыз кайтып келип ар бир бала ата энесинин жанында бактылуу осушун каалайт элэм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кубанычбек уулу Амантур
«Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм».
Мен өзүмдүн туулуп өскөн жерим Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүн каалаймын. Анткени, биздин жерибиз эң кооз жаратылышка, түгөнгүс кен байлыктарга, табышмактуу, ыйык жерлерге бай.
Чет өлкөдөн келген туристтерге мактана турган Кыргызстандын ар бир бурчунда касиеттүү ыйык жерлерибиз бар. Мисалы; Ош шаарынын Сулайман-Тоосу, Жалал-Абаддын ыйык суусу, Таластагы Манас атабыздын күмбөзү, берметибиз болгон Ысык-Көлүбүз, бийик тоолору бар Нарын, Чүйдөгү табышмактуу Бурана, конокторду тамшандырган өрүкзарлуу Баткен, күндөн-күнгө чонойуп жаткан Бишкек шаары. Мындан башка да Кыргызстанда ыйык жерлер абдан көп. Аны сөз менен айтып бүтө албайбыз.
Мен өзүмдүн мекенимдин өнүгүп-өсүшү үчүн жер астында жаткан кен байлыктарды туура иштетип, эли-жерибиздин өнүгүшүнө жумшасак дейм.
Жергебизде, элибизде ынтымак болсо, бири-бирибизди сыйласак, улууну урматтап, кичүүгө ызат жасасак.
Ынтымагы бар элдин,
Таалай багы ачылат.
Ынтымагы жок элдин,
Тапканы бекер чачылыт-деп бекеринен айтылбаса керек.
Элибизде жаман адаттар уурулук, ушак, кылмыштуулук, бирин-бири көрө албастык жоголсо.
Мисалы: Японияда унунтуп калган буюмун бир жумада келсен, ордунда тура берет экен. Мен ушуга таң калдым, бизде эмнеге андай эмес.
Биз келечекте Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө салымыбызды кошобуз деп кыялданам. Анткени мен мектепте мыкты билимим, жакшы журум –турумум келечекке максат коюп, ага жетууго аракеттенишим кийинки коомго болгон үлүшүм деп ойлойм.
Менин мекеним Кыргызстан бир кезде өнүгүп-өскөн жаркылдаган, жетишкен мамлекеттердин катарына кирет. Мекенимдин өнүгүшүнө салымын кошкон эр азаматтар бизде көп.
Гүлдөп өнүгүп-өсө бер менин мекеним – Кыргызстан.
Ош областы Алай району Гүлчө айылынын Ленин көчөсүнүн № 69 үйүнүн жашоочусу № 2 Т.Отунчиев атындагы гимназия-мектебинин 6 б классынын окуучусу Кубанычбек уулу Амантур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Султанов Саламбек
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм
Кыргыз жери географиялык жактан торт та- рабы топ келишкен бейишке тен гулдогон олко. Бирок ушул сулуулуктарды, тилеке каршы, сактай албай турган даражага жетип калдык. бул нерсе айласыздан эмес жон гана жалкоолугубуздан болуп жатат. Кыргызда жакшы соз бар: "Ааламга жол айылдан башталат," -демекчи айылда жон гана жата бербестен эки карыш жерибизди жашылдандырып арыктарыбызды тазалап таза сууларыбызды коздун карегиндей сактасак эн сонун болот. Озубуздун эки карыш жерибизге жер-жемиш момо-чомону эгип ошол жерден алып азыктансак дени сак улан-кыздар осуп жетилмек, дени сак улуттун келечеги кен болоор эле. Ал эми шаар жерине коптогон айылдыктар барып окушат ал жерден окууну бутушуп чет жака барып алардын эшигин тазалагандар четтен чыгат.Биз окууну буткон учурда кызыл дипломду колго алып айлык маянасы аз болсо да кыргыз жерин онуктурууго арекет кылсак экономикалык абалыбызды ондосок болот. Азыркы учурда 1000000дон ашык кыргыздар башка олколордо оокатын кылууда ал эми бул жактагылар болсо оюн зооко берилуудо бироо той кыла турган болсо бир айылдын эли 6 кун ошол тойдо. Кыргыз той бергенде аябай асмандатып откоробуз ошол тойго миллиондогон акча сарптайбыз. Ушундай тойлордун экономикалык ээн жолдо калган кыргызстанга кереги барбы деген ой туулат?Андан коро ошол тойду аз саз кылып откоруп озунун айлын онуктуруунун жолунда сарптаса ошол акчаны,кыргыз жери эмнеге онукпосун?
Кыргыз жери климаттык жактан корктондурууго жакшы олко болуп саналат.Айыл эли оздорунун жеринде жакшы корктонуучу жакшы житилуучу момо-жемиш, жер-жемиштерден коктотуп башка жактарга экспорттосо финансы жагынан онукмокпуз. Эгер биз ушул темпте бара турган болсок 15-20 жылдан кийин кыргыз жерин элестете албайм.Ошондуктан биз уюшумдуу болуп онугуу жолуна тушпосок болбойт.Ошондо гана биз кыргыз жеримди гулдоп-остуро алабыз.Менде аттын тизгини болгондо жогорудагы иштерди аткарып кыргыз жерин дуйно жузуно таанытмакмын. Жана жаштарды окуу мезгилинен патриоттуулука тарбиялоону мектеп программасына киргизет элем.Мен бул создорду жон гана кагаз жузундо айтып жатам кудайым буйруса эл башында туруп калсам жогорудагы ойлорумдуу иш жузуно ашыраар элем. Кыргызстандын тагдыры биздей жаштардын колунда.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 17:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чолпонбай уулу Тыныстан

«Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»

Ак чоку ай ааламга арыш керген,
аскасын бүркүт, илбирс ээлеген.
Арасы кең-байлыкка толуп ташкан,
Ала-Тоо менин ыйык кең мекеним.

Мен Ала-Тоонун, кыргыздын кулуну экенимди чексиз сыймыктануу менен айта алам. Анткени кыргыз жеримдей кооз, берекелүү жерди эч кайдан таба албаспыз.Адам баласын таң калтырган тарыхый жайлар. М: «Бурана» мунарасы, «Таш-Рабат», «Шах-Фасим» сыйынуучу жайы, «Сулайман-Тоо», «Манастын күмбөзү», «Балбал таштар», жана башкалар. Булардын ар бири өзүнчө бир тарыхты, мезгиди камтыган сырдуу жайлар. Ал эми Кыргызды дүйнөгө тааныткан, улуу оозеки эпосубуз «Манас» да баалуу мурас. Башка эч кайсы элде мындай оозеки эпос кездешпейт. Ошондуктан мунун баалуулугун билип, Кытай эли талаш жаратты.
Көркүнө көз тойбогон, дүйнө жүзүнүн саякатчыларын багындырган Ыссык-Көлүбүз да өзүнчө бир керемет. Жайкысын эс алууга, кышкысын кышкы спортко ыңгайлуу бул жай саякатчылардын сүйүктүү мекенине айланган.Алыска атагы кеткен өрүкзарлуу Баткен жергебиз да саякатчыларды кызыктыра баштады. Себеби ыйык « Айгүл» тоосу да Айгүл гүлү менен саякатчыларды өзүнө тартып келет. Түштүктүн борбору болгон Ош шары да көңүлдөн сырт калбайт. Андагы ыйык «Сулайман Тоо» комплекси да көптөргө маалым. Жаңгактын мекени Арстанбаб, күркүлдөп электр энегиясы менен камсыз кылган Нарын дарыясы биз үчүн түгөнгүс байлык.Ушул ыйык жайларды, түгөнгүс жаратылыштын кооздугун, байлыктарын туура пайдаланып, кийинки муундарга көздүн карегиндей сактап өткөрүп берүү ар бир жарандын парзы деп эсептейм.
Тилеке каршы кен байлыктар, ыйык жайлар туура пайдаланылбай келаткансыйт. Ал үчүн ар бир жарандын атуулдук аң-сезими жетилгенде гана ишке ашат.
Биздин өлкө демократиялуу, эгемендүү эркин өлкө. Ушундай эркиндикти туура пайдаланбай, көтөрө албай ар түрдүү баш аламандыкка жол берилип жаткандыгы жан кейитет. Террордук кыймылдар, коррупция, мектеп окуучулар арасындагы кылмыштуулуктар, ыймансыздыктан келип чыккан ар кандай жийиркеничтүү окуялар менин ,Кыргызстанымдын келечегине болгон тоодой бийик, булактай таза максатыма бүлүк салат.
Ошентсе да кыргызды дүйнөгө дүңгүрөткөн, аттын кашкасындай таанымал: Чыңгыз Төрөкулович Айтматов, Салижан Шарипов, Курманжан датка , Алымбек датка, Барсбек каган, Саякбай Каралаев, Токтогул Сатылганов.
Спортчуларыбыз: К.Бегалиев, Р.Санатбаев, ж.б. маданият адамдары: С.Чокморов, С.Күмүшалиева, Б.Кыдыкеева, Ж.Сейдакматова жана дагы жаштар арасынан жалындай жанып чыккан, заманбап конкурстардын жеңичүүлөрүн атасак көп. Бул инсандарыбыз менен тебетейди көккө ыргытып сыймыктанабыз.
Өнүккөн өлкөлөр эң биринчи негизги маселеге эне жана баланын ден-соолугун коет экен. Медицина тармагын көздүн карегиндей карап, замнбап жабдуулар менен камсыз кылары белгилүү болду.
Акыркы жылдары биздин өлкөдө ден-соолугу начар адамдар, айрыкча жаңы төрөлгөн наристелер ар түрдүү оорулар менен төрөлүп жатат. Мындай ден-соолугу начар адамдар көбөйө берсе, адамдардын тапкан акчасы турмуш тиричилигине эмес ооруканага, дары-дармекке гана сарпталмакчы. Анан кайдан гүлдөп, өсүп өнүгөбүз? Ата-энелер акчасын балдарынын келечегине эмес ден-соолуктан ашыра албай жатса. Биздин кыйын иш билген мыкты медик агай-эжелерибиз чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Теледен маектешкенде, заманбап жабдуулар, эмгек акынын канаттандырыл-
баганын айтышат.
Албетте ден-соолук болуш үчүн туура, таза тамактануу жана спорт менен машыгуу керек. Анан эң негизги курч маселе бул – экология , чөйрө таза болуп суу, аба булганбаса да ден-соолук үчүн чоң өбөлгө. Мунун баарына себепкер кен байлыкты казуу жана иштетүү. Бул маселе мамлекет үчүн бир жагынан пайдалуу болсо, экологияга терс таасирин берүүдө. Кендерди казып иштетүү менен жердин салмагы да азайууда. Жердин салмагы азайган сайын тартылуу күчөп (физикалык кубулуш), күн менен жер жакындап, мөңгүлөр эрип суу ташкыны болууда. «Мунун аягы кайсы бир жылдары кургакчылыкка алып барат»,-деп окмуштуулар далилдешүүдө.
Кантсе да кыргыз жери сууга, мөңгүгө да бай. Мунун жолдорун изилдеп чыгуу үчүн албетте чоң илимди талап кылат. Ал үчүн эл, жерге кайдыгер эмес жаштар мээ коротсок айласын тапсак керек. Ал мээ өзүнөн өзү штебейт, ага башкаруу, мээни толуктоо керек. Япон мамалекетинде окуучулардын аң-сезими жакшы өрчүш үчүн, күнүгө жакшына карап 3 - 4 төн бөдөнөнүн жумуркасы берилет экен. Эмне үчүн биз ушул жөнөкөй нерсени, ушул күнгө чейин билген эмеспиз? Али да убакыт бар. «Билим алуу ийне менен кудук казгандай»- болсо , « Алган билимди пайдалануу - кылычты туура чапкандай» болуш керек.
Мен кыялданам – келечекте өлкөбүз жемкорлуктан арылышына !

Мен кыялданам – окуучулар сапаттуу билимге ээ болоруна !

Мен кыялданам – кайдыгер ,ташбоор адамдардын жүрөгүнө Аллах жылуулук , ыйман , адептүүлүктү мүлк саларына !
« Мен кыялданам – кедей адамдарыбыз бай болоруна !» - деп Америкалык мырза Мартин айткандай , мен дагы Мартиндей бийик кыялдарымды ишке ашырууга бел байлап ; Султан Сулеймандай чечкиндүүлүккө , Манас бабабыздай айкөлдүккө , Семетейдей берешендүүлүккө , Барсбектей кагандыкка , Кожомкулдай балбандыкка умтуламын !
Ош областы Чоң – Алай району Жекенди айыл өкмөтү Кара – Мык айылы «Ленин» орто мектеби Чолпонбай уулу Тыныстан 9 Б класстын окуучусу

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Батырова Айымжан
Саламатсыздарбы “Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм “ аттуу дилбаяндар сынагын уюштуруучулары !!!
Мен өзүмдү тааныштырып кетсем.
Мен Батырова Айымжан Кайратбековна 2001-жылы 3-июльда Араван районуна караштуу Мангыт айылынын №2 орто мектебинин 9-б классынын окуучусу болом. Кыргызстан - бейиштин төрү.Анткендигибиздин себеби жаратылышы абдан кооз.Шаркырыап аккан суулары, жап-жашыл болгон жайыттары, көк тиреген тоолору, мемиреп турган Ыссык-Көлү жаратылыштын көркүнө көрк кошуп турат.Кыргыз жергесиндеги ар бир областын, ар бир шаардын өзүнүн кереметүү,ар түрдүү сырга бай болгон жерлери бар.Мисалга алсак, борбор шаарыбыз Бишкектен кийинки борбор шаарыбыз ордолуу Ош.шаарыбыздын 3000-жылдык тарыхы бар.Так ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоо, анын жанында шаркырап аккан Ак-Буура дарыясы шаарыбыздын бермети болуп эсептелинет. Дагы бир область бул- Баткен.Бул область кен байлыктарга бай .Эн кооз, дүйнөнү айланып таба албай турган Айгүл гүлү да ушул жерде.Ар жети жылда бирден коңгуроо кошкондуктан, бара-бара жоголуп кетип жаткандыгынан атайын корукка алынган.Азыркы мезгилде Айгүл гүлү коопсуз жерде өстүрлүүдө.
Өлкөбүздүн тарыхы жөнүндө сөз кылсак.Биздин эл кылымдарды каарыткан улуу эл. Канчалаган жоо душмандарды жеңип, кыйынчылыктарга чыдап келишити, кантсе да кыргыз жери ак ийлип бирок сынган жок.Бул тарых тууралуу көптөгөн акын жазуучулар өздөрүнүн чыгармаларында баса белгилеп кетишкен.Кыргыз жеринин башынан өткөн окуяларды бир чыгарма кылып жазуу да оной иш эмес. Мындай акын жазуучулардын катарына Ч.Айтматов М.Элебаев Ж.Турусбеков жана башка жазуучуларды кошсок болот.Бул жазуучулардын чыгармаларын окуу менен бирге, өз мекенибиздин тарыхын, басып өткөн жолун билсек болот .Кыргыз элинен чыккан ар тараптуу таланттар биздин мамлекетти дүйнө жүзүнө таанылтууда. Мисалга алсак,спорт чеберлери,музыка ышкыбоздору. Бул жаштар өздөрүнүн талантын өркүндөтүү менен бирге,кыргыз жеринин өсүп өнугүүсүнө өз салымдарын кошуп жатышат. Каада салттары да өзгөчө.Ар бир кыргыз жарааны каада салттарга өзгөчө көнүл буруп, так аткарышат. Конок келсе, эч аянбай турушуп, дасторкондорун жазып, жакшы маанайда тосуп чыгышат.Бул да болсо элибиздин бир өзгөчөлүгү болуп саналат.
Кыргыз мамлекетин өсүп өнугүүсүнө ар тараптан туртку беруучу бул- биз келечек жаштары болобуз. Эмне себеп мамлекетибиз жакшы өнүгүү жолуна тушө албай жатат?- деген суроо пайда болушу мумкун.Мунун бирден бир себеби Кыргызстан тундук- туштук деп болунгондугу. Кыргызстан алакандай ,өнүгүү жолунда турган мамлекеттердин катарында.Эгерде бир эл, бир жер боло туруп бөлүнсөк, мамлекетибиз кантип онүгөт? Ошондуктан өлкөбүздүн өсүп өнүгүүсүн кааласак өз салымыбызды кошолу, ар дайым биримдикте, ынтымактуу бололу .Биз бир өлкөбүз, бир эл, бир жер деп куйолу.Ошондо гана биздин өлкө кубаттуу өлкөгө айланат.Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн, биз жаштар терен билим алып биримдикте бололу.
Өлкөбүздүн бай тарыхы,табигый шарты жана климаты,туризм тармагын кенири өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар өлкө.Туризм десе эле жайды гана элестетпей, кышкы туризмди,тоо лыжасын,жайында жайлоо туризмин да жандандыруу керек.Бирок туризм тармагында бир катар көйгөй жана кемчиликтер бар экенин белгилей кетсек болот.Бул жааттагы эн башкы көйгөйлөр катары туристтердин коопсуздугу, тейлөө,кызмат көрсөтүүнүн деңгээли төмөн экендиги эсептелинет. Биз ушул кемчиликтерди калыбына келтирип,меймандос, маданиятуу болсок,ошондо гана Туркия менен Египетке окшоп экономикабыз көтөрүлүп,жумушсуздук маселеси чечилмек.Бир гана туризм жаатында эмес,ар тармактуу өнүгүүгө болот.Женил өнөр жайын,айыл чарба багытындагы кайра иштетүүчү ишканаларды курууга жана иштетүүгө донорлорду тартып,арзан жана сапаттуу кыш,темир,башка материалдарды чыгаруучу цехтерди курууну пландаштырсак, көп ийгиликтерге жетишебиз.Келечекте жүндү,терини жана башка буюмдарды кайра иштетүү менен өлкөнүн экономикасына салым кошуу биздин колдо. Өлкөбүздүн тагдыры өзүбүздүн колдо.Колдогу нерсени учурбай кармап урпактан- урпакка өткөрүү биздин милдет болуп саналат.Ар дайым бир жакадан баш,бир женден кол чыгарсак чон-чон ийгиликтерге жетишебиз!
Дил баянды жазган Арван районунун тургуну Мангыт айылынын №2 А.Эгенов орто мектебинин 9-б классынын окуучу Батырова Айымжан Кайратбековна




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мирлан уулу Мухаммед
«Мен кыргыз жеримдин гулдөп -өсүшүн каалайм»
Менин оюмча Мекендин гүлдөп өнүгүшүн ар бир кыргыз атуулу кааласа керек. Ойлонуп көрсөм бир эле каалоо жетишсиз экен, ар бирибиз өз мүмкүнчүлүгүбүзгө ылайык аракеттенип, жеке салымыбызды кошсок туура болот.
Мен мектепте жакшы окуп, жакшы жүрүш-турушум менен классташтарыма үлгү болуп, азыркы катаал заманда ата-энеме кол кабыш кылып, алардын алкышын алууга аракет кылам. Заманга ылайык мен да компьютерге кызыгам. Компьютерди өркүндөтүп, Билл Гейтстей миллиардер болсом өлкөмдүн, үч миллиард тышкы карызын жеке өзүм төлөмөкмүн деп кыялданам.
Билеги күүчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат демекчи жашыңдан көп окуп билимге умтулуп кызыксаң, дүйнөнү башкача көз краш менен карай баштайт экенсиң. Мен адабиятка, тарыхка өзгөчө кызыгып, тарыхта байыркы Египет, Греция сыяктуу эле биринчилерден болуп эскерилүүчү байыркы Кытай жазмаларында Кыргыз мамлекети жөнүндө эскерилгенин окуп,Орто Азиядагы эң байыркы эл болуп, саныбыз аз болсо да мамлекеттүүлүгүбүздү жоготпой сактап келген бабаларым менен сыймыктанам. Кыргыз деген кыйын элибиз бир мык какпай үй курган, миллиондогон саптан турган Манас сындуу эпосторду оозеки сактап келген зеендүү элбиз. Жараткан жаратылышы кооз жерди тартуу кылган бизге Африкада жыл бою куйкалаган ысык болсо, түндүк элдеринде кыш узакка созулат, бизде анчалык ысык да,анчалык суук да эмес. Дүйнөдөгу чоң алтын кендин бири болгон, Кумтөрдү карыз алып болсо да, өзүбүз иштетсек, 3миллиард карызыбыз да болбойт беле. Жетим Тоо деген жердин темир кени 3 триллион долларга бааланат деп окуганым бар. Кен байлыктын көп түрлүрү, таза суунун көптүгү да чоң байлык эмеспи. Жакынкы эле жылдарда таза суу алтындын баасы менен бааланат дап жазып жатышпайбы окумуштуулар менимче бизди артка тарткан жалкоолук менен кайдыгерликтен арылсак тез эле өнүккүдөйбүз. Былтыр жайда Токмок шаарына туугандардыкына барып, базардан картошка алайын десем дунган туугандар болушпады, кийинчереек алар какыраган сайга топурак төгүп дыйканчылык кылганын өз көзүм менен көрдүп-эмнеге өз баасынан арзан сатпаганын түшүндүм. Картошканын сабагын менин боюмча топурак менен көмүшүп, 1гектар жердеги картошкадан бир тал отоо чөп көрбөдүм. Чындыгында биз алардай мээнетке чтикке жетише элекпиз, айылдагы 10 сотых огоротубузду да жөндүү карап койбойбуз. Бирок заманга жараша жыл өткөн сайын жалкоолугубуз калып бара жатат.
Туулган жерим Кара-Кулжада айылдыктар Тоо боорлоруна суу чыгарып, өздөштүрүп, картошка, пияз өстүрүп, жатышат. Өз чоң атам он гектардай таштак жердин ташын терип, гүлдөгөн бакчага айландырган. Майрам күндөрү төмөнкү айылдыктар ушул жерге келип, эс алып кетишет. Мен да жайкы каникулда бак бутап, таш терип кол кабыш кылам. Мен окуган мектеп менен мечит катар жайгашкан. Мечитке даваат кылып келдик дешип жаш жигиттер жүзүн бүт жапкан сакал өстүрүшүп, сүдүрөлгөн узун чапан кийишип, буттарына калош,баштарына ала-була топу кийишип, үймө-үй кыдырышып мечитке баян уккула деп чакырып жүрүшөт.
Аларды карап туруп ойго батам ушул жол менен өлкөм келечекте өнүгүп-өсүп гүлдөгөн мамлекетке айлана алабы? Жок, анын ордуна мектепке спорт зал куруп берсе, биз машыгып, эл аралык мелдештерге катышып,өлкөбүздүн атын чыгармакпыз. Ансыз да кичинекей айылымда торт мечит бар, спорт залыбыз жок. Айылыбыздын так ортосундагы чоң көчөнүн бир тарабынан арыктагы суу ашып, кээде адам өткүс болуп калат.Биз классташтар кеңешип айыл башчыга айтсак труба алып берди. Биз акча чогултуп,ата- энелердин жардамы менен труба коюп, асфальттап койдук.Биз өзүбүз шатыра-шатман иштеп жатканыбызды көрүп айыл аксакалдары алкоолорун жаадырды. Мен аракеттенсем сен аракеттенсең ал аракеттенсе ушинтип ишибизден натыйжа чыгаарына ынанып калдым. Келечек- жаштардыкы дешет. Келгиле достор намысыбызды ойготолу да бир муштум болуп биригип кыргыз жерибизди гулдөтүп өнүктүрөлү.
Ош облусу Ноокат району Кайрагач айылы Ой-Талаа орто мектеби 8-б класс Мирлан уулу Мухаммед
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алмазбекова Калипа


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Менин Кыргызстаным. Менин өлкөм кооз,айланасын тоолор курчаган. Кереметтүү, жердин берекеси төгүлгөн,түшүмү мол, абасы таза, ошондой эле жайы-кышы тоңбогон көл бермети Ысык-Көлү бар табышмактуу өлкө .Табышмактуу дегенимдин себеби,байыркы ата-бабаларыбыз жашап өткөн кылымдардан бери изилдеп бүтө албаган сыйкыр кереметтерге ,казып бүтө албаган кен байлыктарга бай.Өзүмдүн ушундай кереметтүү жана касиеттүү кыргыз жергесинде, кыргыз болуп төрөлгөнүмө , өзгөчө тоолорго бай Алымбек датка атабыз,Курманжан датка энебиз мекендеген Алай жергесинде төрөлгөнүмө чексиз кубанычтамын. Менин кичинекей мекеним Алай жөнүндө айтып берсем:айланабыз курчалган тоолор ,арчалар,ак кайыңдар,туптунук мөңгүлөрдөн агып кошулган ичсен тиш какшаткан булак суулары,абасы таза,кере-кере дем алсаң дүйнө тазарып,жашоого болгон кызыгуунду арттырып,дагы- дагы жаңыланууну, өнүгүүнү туудурат. Биздин кыргыз тоолору тууралуу улуу акыныбыз Алыкул Осмонов да суктанып ыр жазган: Тоого тоолор курамалап, курашып, Узун тартып , уламалап,улашып, Алда кайда кебез тартып келеткан, Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып. Кара зоолор ар кай жерде каркайып, Катмарлашып, калың тартып заңкайып, Алмаз сындуу көккө тийген миздери Арстандын азуусундай арсайып. Мөңгү кетпей чокулары жалтырап, Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап Ар жагынан бер жагынан куш эмес, Араң гана бороон өтөт калтырап . Кыргыз тоосу , элдин сүйгөн тоолору, Мындай сонун асыл тоолор болорбу, Асман тиреп, жеңе билет ар качан, Өлкөбүзгө кас санаган жоолорду. Өлкөбүздүн сулуулугунда , кереметтигинде кеп жок. Эми ошол кооз өлкөбүздү кереметтүү жерлерибизди жана кен-байлыктарыбызды кантип сактап, кантип коромжуга учуратпай колдонуп, мүмкүн болсо кантип өнүктүрүүнүн жолун издөөбүз зарыл. Ата-бабаларыбыз бизге сактап, өткөрүп берген мурастарыбызды асырашыбыз керек.Бирок, кантип биз мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо алабыз? Биз өлкөбүздүн кичинекей тургундары күчүбүз жеткен нерселерден баштасак болот .Мисалы; ата – эненин , мугалимдердин сөзү н угуп , окуп жаткан китептерди таза колдонуп, тытылган жерлерин жамап, бир китеп кандай кыйынчылыктар менен жасаларын кичинекей ини-сиңдилерибизге үйрөтүп , отурган парта , столдорубузду сындырбай, чийбей таза колдонсок , бул дагы биздин, мамлекетибизге кошкон кичинекей салымыбыз болуп эсептелет.Жаратылышты коргоп , сейил бактарда да таштандыларды атайын челектерге таштап,бак-дарактарды сындырбай , жаз келген сайын жаңы көчөттөрдү отургузуп кам көрүшүбүз зарыл. Бул да болсо өнүгүү , алга жылуу болуп эсептелет. Союз мезгилинде Бишкек шаары – эң жашыл шаар болуп эсептелген. Кийинки убакта көптөгөн бак – дарактар кыйылып, жаратылышка зыян келүүдө . Ошондуктан, жаратылышты сактап, ага кам көрүү зарыл.


Мен да орто мектепти аяктап, өзүм сүйгөн кесиптин ээси болгум келет. Ар бир кесип ардактуу . Мен кыялымда эңсеген кесибим –дизайнерлик .Мен кыргыздын унутулуп бараткан байыркы оюуулары түшүрүлгөн кийим – кечектерди ,элечек ,чепкендерди жана башка кооз буюмдарды жасагым келет. Азыркы заманга ылайык заманбап,саркеч кийим-кечелерди ойлоп табууну каалайм. Мен бул эмгегимдин артынан Кыргызстанды бүтүн дүйнө элине таанытып, ошондой эле даңазалоону самайм. Кыргызстандын ички жана сырткы соода базарын өнуктүрүүгө салымымды кошом деген ойдомун.
Кыргызстандын келечеги - жаштардын колунда! Кыргызстан саны жагынан,башка өлкөлөдөн аз болсо да,мекенибизде патриоттук сезими бийик, Манас атабыздан калган айкөлдүк сезими өнүккөн, эли-жери, Ата-Мекени дегенде даяр болгон тайманбас жараандар жашап, мекендешет. Бизге канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөргөн ата-бабаларыбыздын рухтары дем, куч берип, жол көрсөтүп турушат.
Айланабызды карасак, канчалаган өнүккөн өлкөлөрдө согуш болуп, жашоочулары ачка, уй-жайы жок, ар жерледе тентип жүрүшөт. Канчалан балдар ата-энесинен ажырап, ыйлап, сыздап калышты.Ошолорду көрүп ,ата-энелерибиздин маңдайында, жаркыраган мектепте билим алып жатканыбызга, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиз жаштарга окуп, билим алуусуна, билими менен чоң-чоң шаарларды багындыруусуна ошондой эле каалаган кесиптин ээси болуусуна шарт түзүп берип жатканына ушунчалык шүгүр келтирип, ыраазы болосуң.
Бизге жаркыраган келечекке жол көрсөткөн, алдыга умтулууга дилгирленткен мамлекет башчыларына да чоң ыраазычылык билдиребиз. Мен дагы башка жаштардын арасында сиздердин үмүтүнүздөрдү актап, мамлекетибиздин өсүп-өнугуүсүнө салымымды кошом деген ойдомун.


Жылуу кийин,жолуң кыйын ушурсуң, Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп... Суугуңду өз мойнума алайын. Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин, Наалат келип ат тизгинин шарт уруп... Азабыңды өз мойнума алайын, Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Жазда башка... жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын. Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!


Жашасын Кыргызстан! Өркүндоп өсө бер!


Алай району Т.Отунчиев атындагы мектеп - гимназиясы
Алмазбекова Калипа 8 – б классынын окуучусу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Исакова Айгерим


Мен кыргыз жеримдин гулдөп-өсүшүн каалайм.
Мен Кыргызстандын атуулумун. Мен Кыргызстандын жараны болуп, Кыргызстанда туулуп, өскөнумө абдан сыймыктанам. Кыргызстан Орто Азиянын так ортосунда жайгашкан. Анын борбор шаары - Бишкек. Кыргызстанда 7 облус бар. Кыргызстан кооз тоолорго, сууларга, кен байлыктарга бай өлкө. Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Мен келечекте Кыргызстанды гулдөгөн, эн бай өлкөлөрдүн катарында көргум келет. Ал үчүн биз, Кыргызстандын жаш муундары, татыктуу билим алып, өзубуз суйгөн кесиптин мыкты адиси болушубуз зарыл. Акыйкат үчүн курөшуп, келечекте Кыргызстанды бардык жагынан-экономикалык, маданий, медицина, билим берүү тармактарында дүйнө жүзүнө тааныткым келет. Кыргызстандын келечеги бул - жаштар. Келечек биздин колдо, андыктан Кыргызстанды гүлдөтүш учун, талыкпастан билим алып, жалган айтпай, ааламда жо ката-энелерибиздин, мөмөлүү дарак болгон мугалимдерибиздин, сөздөрүн эки кылбастан аткарып, терс көрүнүштөн алыс болсок, албетте бейиштин төрү болгон Кыргызстаныбыз, өнүгүп, дуйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктайт жана ошондой эле ак калпак кыргыз элибиз бейкуттукта өмүр сурөт деп ишенем.
Кыргызстандын кооз жерлери жана кен байлыктары көп. Аларды санап бутпөйсуң. Арсланбаб, Жети-Өгуз, Бурана, Таш-Рабат, Сары-Челек көлу, Сулайман-Тоо, Сөң-Көл жана башка кооз жерлерине суктанууга эмне үчүн болбосун? Албетте болот. Мисалы: Ысык-Көл-Кыргызстандын бермети. Дуйнө жүзүнүн калкы көз арткан, суктанган аймак, эс алуучу жай. Жайындасы миңдеген туристтер келип, эс алып кетишет. Жаратылыштын кооздугу, суунун жылуулугу, атыр жыттуу абанын салкындыгы, тазалыгы, көл жээгиндеги кумдун жылуулугу, ары ден соолукка пайдалуу. Дарылыгы бар кереметтүү жерибиз көлүбүздүн көркүнө көрк кошот. Ысык-Көл-Кыргызстандагы эң чоң көл.Суунун деңгээли Ысык-Көлдө циклдер боюнча өзгөрүп турат (бирде көтөрүлөт, бирде түшөт). Ысык-Көлдун суусу туздуу (суунун минералдашуусу- 5,90%). Суунун көлөмү 1738 километр тузөт, көлдун бети-6236километр, жээгинин айланасы-688 километр, орточо тереңдиги-278 метр, эң терен жери дээрлик 2,5 эсе болуп, 702 метрге барабар. Ысык-Көл тунуктугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орундатурат.
Ысык-Көл толкундары убап-чубап,
Шарпылдап жээкке карай добуш салат.
Жээгинде жакшы тилек ойлор менен.
Жаш талант толкундарга колун сунат.
Кыргызстанда тарыхый-маданий, эстеликтерди сүйүүчүлөргө дагы таң каларлык нерселери бар. Мындай сүйүктүү жайлардын бири - ыйык Сулайман-Тоо. Бул тоо ыйык касиетке ээ болгон үчүн, бала тилеп, бакыт тилеп, ден соолук тилеп көптөгөн жарандар зыярат кылууга барышат. Кыргызстанда Арсланбаб жаңгак токою бар. Арсланбаб бул - жаңгактуу токой. Бул грек жаңгагы өзүнүн дарылык касиети менен Кыргызстанга эле эмес, Азия мамлекеттерине да белгилүү. Грек жаңгагы Кыргызстанда эле сатылбастан, башка чет мамлекеттерге сатылып, мамлекетке көптөгөн кирешелерди алып келип жатат. Кыргызстандын ушундай кооз жерлери, жаратылышы, кен байлыктары көп болсо, Кыргызстандын экономикалык абалы өнукмөк.
Кыргызстаным канткенде гулдөп-өсөт? Кыргызстандын көптөгөн жарандары башка чет мамлекеттерге кетип жатышат. Мунун баары жумушсуздуктун айынан. Кыргызстандын экономикалык абалы элдин турмуш шарты, начар болгондуктан көптөгөн жаш мекендештерибиз, башка өлкөлөргө барып, иштеп келүүгө муктаж болуп жатышат. Менин оюмча, Кыргызстанда көптөгөн ишканалар, завод-фабрикалар курулуп, ар бир адамга жакшы жумуш табылып, көптөгөн бийик кабаттуу үйлөр салынып, ар бир шаарда бала бакчалар көбөйүп, кыргыз элимдин саны көбөйсө, Кыргызстаным гүлдөп-өсөт деп терең ишенем.
Кыргызстандын кооз жаратылышын Швейцария мамлекеттерине салыштырышат. Өлкөбүздүн бийик тоолуу аймактары, көк тиреген бийик тоолорунан жайы кышы мөңгүлөр эрибей, качан болсо жаратылышка ажайып көрк кошуп турат. Кыргызымдын бабалардан бизге мураска белекке калган, ак кар, көк муздуу, бийик тоолуу чокуларында кызыл китепке кирген, коргоого алынган элик, аркар-кулжалар, улар, кекилик, карышкыр жана башка көптөгөн жаныбарлар ушул тоолордо мекендешет. Бул жаныбарлар жаратылыштын кооздугуна ан сайын көрк берет. Ошондой эле, дал ушул тоолордо арча, карагай, кайың жана көптөгөн көп жылдык дарактар, медицинада көп колдонулуучу, дары чөптөр арбын. Жаратылышыбыздын дагы түгөнбөс кен байлыктарынын бири-жети кабат жер астынан оргуп чыккан, суулар, булактар.Алардын да дарылык касиети абдан чоң. Жаратылыштын дагы бир түгөнбөс байлыгы, мөңгүлөрдөн сарыгып, булактардан чогулуп, чоң дайрага айланып, таштан ташка куланып, тазалыгы, тунуктугу менен шаркырап аккан суулары менен да мактанам.
Кыргызстандын жаратылыш байлыктары кенен болуп, электр жарыгы өзүбүздөн чыгат. Айта кетсем бир эле Нарын дарыясында нечен ГЭСтер курулган. Мени кейиткени, кээ бир жарандардын, жаратылышка таш боор мамиле кылганы. Ар бирибиз жаратылышты көздүн карегиндей сактап, аяр мамиле жасасак,өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө өбөлгө болмок. Мекенибиз жайы салкын, кышы жылуу. Жайкалган жашыл шибер, жайлообузга кимдер гана көз артып, кимдер гана суктанбайт. Ал гана эмес, атыр жыттуу абасы да пайдалуу. Элибиз үйүр-үйүр жылкылары, төрт түлүк малдарды өстүрүү менен күн кечиришет. Кыргыз калкы-эзелтен көчмөн калк. Тоолорду мекендеп, суусун кандырган, даамы оозуңдан кетпеген кымыз ден соолукка өзгөчө пайдалуу. Айран, сүт, сүзмө, курут-булардын баары табигый азыктар. Кыргызстан эмне үчүн 24 жылдан бери өнүгүп-өспөй келе жатат? Менин оюмча, биздин ата-бабаларыбыз, канчалаган согуштарды жеңип, канчалаган адамдар каза болушуп, бизге калтырган ата-бабаларыбыздын мурастарын сарамжалдуу колдоно албагандыктан Кыргызстан өнүгүп өспөй жатат. Эгерде биз ата-бабаларыбыздын, бизге калтырган мурастарын жакшы колдонгонубузда, балким, азыр Кыргызстан гүлдөп-өскөн мамлекеттердин катарында болмок. Бийликтегилер канчалаган кооз жерлерибизди, кен байлыктарыбызды башка өлкөлөргө тарттырып жиберишкен. Ошол мезгилден бери акыл-эстүү башчыбыз болсо, мекенибиздегижаратылыш кен байлыктарын, туура пайдалансак, мамлекетибиз экономикалык абалы жакшырып, элибиздин турмуш шарты да жакшырмак. Бизде закон жакшы иштебейт, адам укугун тебелөө көп. Таза адамдар аз. “ Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”-, деген И.Разаковдун сөзү унутулгандай. Менин оюмча, биз кооз жерлерибизди, кен байлыктарыбызды, башка өлкөлөргө тарттырып жибербешибиз керек. Кыргызстандын бош жерлерине, эгин айдап, бак дарак тигип, ар бир жараныбыз талыкпастан эмгектенсе, элибиздин жашоо турмушу оңолоруна ишенем. Элдин жашоо турмушу жакшырса, мамлекеттин абалы жакшырат. Бул да болсо, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө салым кошот. Кыргызстан биздин Ата-Мекенибиз, андыктан анын гүлдөп өнүгүүсү үчүн, баарыбыз бирдикте, ынтымакта күрөшөлү жана ошондой эле көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Мен Кыргызстандын гүлдөп-өсүп, дүйнө жүзүндө эң бай өлкөлөрдүн бири болушуна толугу менен ишене
Алай району
Гулчо айылы
Т.Отунчиев атындагы мектеп – гимназиясы
Исакова Айгерим 8 - б класс

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 11:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Фархатова Кишимжан


Кыргыз жеримдин гүлдөп өнүгүшүн каалайм.


Менин мекеним – Кыргызстан. Кыргызстан Орто Азия деп аталган борбордук Азияда жайгашкан. Калкынын саны жакында 6 миллионго жетти. Жартылышы аябай кооз. Кышкысын жылуу, жайы салкын. Көк мелжиген тоолору, бийик аска зоолору, мөңгүлөрү, сууга бай көлдөрү айтып бүткүс байлык. Айрыкча кереметүү Ысык-Көл өзүнүн таза суусу жана таза абасы, жаратылышы менен дүйнө элдерин таң калтырып келет. Мекенибиздин өсүп-өнүгүүсүнө адамзат жашоосу үчүн негизги байлык болгон суу жана таза аба, кооз жаратылышы биринчи кезекте турат. Өлкөбүз суугу, айрыкча таза сууга бай. Мекенибизде Адам жашоосу үчүн керектүү азык-түлүктөрдүн баары өстүрүлөт. Кыргызстаныбыздын түндүгү менен түштүгүн бириктирип аккан Нарын дарыясына курулган жана келечекте курула турган ГЭСтер мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүчү негизги күч. Келечекте ГЭСтерди куруп, электр энергиясын жана сууну жакынкы жана алыскы коңшу өлкөлөргө экспортко чыгаруучу болсок, Кыргызстаныбыз Борбордук Азияда лидер өлкө болот деп ойлойм. Бүт өлкөбүздү электрлештирип, мунайзатка жана газга болгон көзкарандылыгыбыздан арылсак өлкөбүз гүлдөп өнүгөт.
Ысык-Көл, Сөң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек сыяктуу көлдөрүбүзгө, Жети-Өгүз Арстанбап сыяктуу кооз жаратылышыбызга, экинчи борбор болгон Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Сулайман Тоонун керемети, Өзгөн мунарасы, Бурана мунарасы, Баткен облусундагы Айгүл гүлү өңдүү жерлерибизди көргөнү келген туристерибиздин келүүсүн оң жолго салсак, жакшы кызмат көрсөтүп, кооз жерлерибиздин баалуулугун билип, булгабай, бүлүндүрбөй баркына жетсек келечекте Туркия, Малайзия, Таиланд ж.б. өлкөлөр өңдүү бизге да көп келүүсү күтүлөт. Туристердин келүүсү Мамлекеттин экономикасына зор салымын кошот деген ойдомун.
Өлкөбүз кен байлыктарга бай. Алтын, күмүш, жез, темир, көмүр ж.б. Кен байлыктарды казып иштетүү өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө алып келет.
Өлкө жетекчилерибиздин келечекти көрө билип, туура багыт алгандыгыбыздан улам, биз жаштар кеңири билим алып, демократиялуу өлкөдө сөз эркиндиги, билим эркиндигинен улам, чет өлкөлөрдөн каалаган өлкөсүнөн, каалаган билимин алышууда. Заман талабынан артта калбай Интернет, кибернетика, деги эле техника илиминен артта калбай келүүдө. Бул жаштар өлкөбүздүн гүлдөп өсүүсүнө зор салымын кошот.
Өлкөбүздө өндүрүлүүчү бардык азык-түлүк товарлары: ак-алтын, жүн, тери, эт, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү завод-фабрикалар курулса, экологиялык жактан таза болгон продукцияларыбызды экспортко чыгарсак деп ойлойм.
Элибиздин аң-сезими жетилип, кооз жаратылышыбыздын баркын билип, айлана-чөйрөнү булгабай, таза шаарда, маданияттуу жашоосун каалайм.
Мен мекенибиздин гүлдөп-өнүгүүсүн, башка өлкөлөр сыяктуу дүйнөгө таанылуусун каалайм, ишенем жана өз салымымды кошом.
Кара-Суу району Ж.Турусбеков атындагы орто мектеби.
Фархатова Кишимжан .
Туулган жери: Савай а/өкмөтү, Ынтымак айылы
Туулган жылы: 2000-жыл 13-февраль.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 11:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эсен кызы Асель
"Кечеки кун тарых,бугунку кунбелек,эртенки кун табышмак" -дил баянымды ушушул соз менен баштоону туура таптым.Тарых демекчи кыйырдын кырын ашкан кыргыз Эли эчен кылымды артка таштап,азыркы кезде онугуу жолунда бара жатканы жалпыга маалим.Олконун онугушу учун ар бит жараан оз салымын аябоо зарыл!Ошону менен бирге ар бир кыргыз журогундо мекенчилдик, улутмандык патриоттук сезимдин бар болуусу абзел! Адам баласы онугуунуну озунон башташы керек.Онугуу- созсуз эле экономиканын осушу эмес ,Жан дуйнонун онугуусу да катарда.Томондогу жазылгандарды аткаруу менен гана Кыргыз Республикасы онуго алышы мумкун.ПЛАН, КААЛОО АРАКЕТ мекенди гулдотуудо план,аткарууда каалоо,ал нерсени ишке ашыруу учун талыкпаган аракет керек. Жамандын да жакшы жагын алса болот.Кытай элинин банкрот болсо да ишин кайра нолдон башташы,омурунун сонуна чейин иш озгортпой иштеши буга далил,бизге улгу! Аракеттин алдында онор бар.Кандай гана онор болбосун аны таптоо керек.Ар бир адамга Жараткан озгочо онор тартуулаган эмеспи,даяр таланты колдонбоо жок кылгандык! Мейли сенде алтын ун болсун,балким колунан коору тогулгон устадырсын? Спортчу чыгаарсын? Айтоор ким болбо сны тапта.Онордун да олконун онугушундо салымы зор.Онорлуу адамдар олкону онуктуруп гана Тим болбостон ,башка мамлекеттердин алдында мекендин керегине жарап аброюн Алда канча жогорулатат. Булардын баарынын устундо илим-сабак баалуу турат.
Илим-мээ кайнаткан ыссык чолдо дос,турмуш жолунда таяныч,жалгыздык мезгилде жолдош,бактылуу кундордо обок,адамдардын арасында Корк,душмандарга каршы курошто курал.(Мухаммад с.а.в) Бул хадисте баардык ой камтылганы бышык.Илимди алып,аны практикада жасап корку,башка олко менен тажрийба алмашуу,кийнки муунга жеткируу бул илимдин эрежеси.Илим алууда окуучу устатка муктаж.Ийгилик бар жерде мыкты устат бар.
Булар Кыргызстандын онгуусуно туртку берет.Биз башка элдерден эмне уйронушубуз керек? Ботон элден жакшы нерсе уйронуу уят иш эмес.
1)Кытай элинен-эмгекчилдикти
2)Орус-ачыктыкты
3)Немец-тактыкты
4)Япон-тартипти
5)Француз- буйролукту Эгерде ар бир кыргыз жараанында ушул сапаттар,ошону менен бирге тааныш- билиш болбой иштин бутушу,жоопкерчиликтуу болуп Коррупция менен курошкондо Кыргызстан эбак эле онугуп кетмек.
Буйролукту мыйзамга да кошсо болот.Япондор бул нерсени колдонуп кереги жок таштанды калдыктардан коз жоосун алган жаны Японияны курушту.Жадагалса жасалма арарлды да япон Эли жасабадыбы. А бирок кыргыз элинде андай нерсе жоктугуна байланыштуу канчалаган нерселерибиз иштетилбей чирип жок болгондугу окундурот. Эми кудай кааласа ал нерсени келечек муундары биз иш жузуно ашырабыз.
Демек ,бирдемени жасаганга дилгирленген Адам учун колдон келбес эч нерсе жок.Эми мен Кыргызстандын онугуп осушун каалайм эмес Кыргызстанды гулдоп онуктуром!
Ким оз келечегин пландаштырбаса, анын ордуна башка пландаштыра тургандыгына баш ийиши керек.Ошондуктан келгиле келечек ээлери,патриоттор мекенибиздин онугушун озубуз пландайлы! Кумторго окшотуп башкага тарттырып жибербейли. ..
Кумтор дегенде эле саясат эске тушот.Бир акылмандын мындай созун эстеп кеттим: Кедей олкодо саясатты, бай олкодо маданиятты суйлошушот. Азыркы тапта олкобуздо 7даштан 70 жашка чейинки адамдардын оозунда саясат.Бул ачуу бирок чындык! Андан коро маданиятты кеп кылуу ырахаттуураак. Келгиле олкобузду ар тараптан онуктуролу!
Ноокат раионуна караштуу Н.Исанов айыл окмотундогу Чеч-Добо айылындагы А.Осмонов атындагы Отто мектебинин 8- б классынын окуучусу Эсен кызы Асель.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 12:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Медербек к Элиза


Мен кыргыз жеринин гулдоп-осот деген эшеничтемин. Келечек биздин колубузда болгон сон онуктуробуз жана гулдоп-осот. Мынтип ишеничтуу айтып жатканымдын себеби: биз азыркы учурда билим алуу менен эле чектелбей ар кандай иш-чаралардан ийгилик жаратуудабыз. Бул иш-чаралардын откорулуп жаткандыгы, жаны заманбап техника менен камсыз болуп тургандыгыбыз, озу эле айгинелеп турат.Биздин олко онугот,осот жана биздин келечек алдыда.
Мен Алыкул Осмонов орто мектебинде окуйм.Мен биздин мектептин ушул эле декабрь айында жетишкен ийгиликтерин айтып биз кыргыз жеринин келечеги учун кантип даярданып жаткандыгыбызды далилдоону туура деп кордум.
2-декабрь- Чуркоо боюнча кыздар арасында мелдеш болуп мен 3-орунду багындырдым.
8-декабрь- сегиз мектеп бул куну билимин сынап биздин мектеп эн коп 24- орун багындырдык. Мен география сабагынан барып 2-орунду алдым.
10-декабрь- кыздар арасында волейбол боюнча жарыш отту.Он мектеп катышып 2-орунду алдык.
12-декабрь -балдар арасында волейбол оюну журуп,биздин мектеп биринчи орунду ээлешти.
18-декабрь -районого жолдомо алышкан 24 окуучу обласка отууго,билимин сынашат.Албетте, атаандаштарыма ийгилик,озумо женишти каалайм.
27-декабрь- жаш балдар учун "Балаты майрамы" болот.Бобоктор оз онорлорун тартуулап Аяз атадан жана Аяз кыздан белек алууга ашыгып кутушуудо.
29-декабрь- 5,6,7,8,9,10,11-класстар учун "Балаты майрамы" болмокчу.Бул куну 9-10-11- класстар Жаны-Жылга карата,Жаны- Жылдык консерт болот.
31-декабрь- бул куну кыргыз эли тынчтыкта,бейпилдикте 2016-жылга сапар тартабыз.Кыргыз элиме,жериме киндик каным тамган Мекениме бейпилдикти, тынчтыкты,токчулукту, кубанычты бул келе жаткан 2016-жыл жалан гана жакшылыктарды ала келсин.Кыргыз жеримди онуктуробуз.
Кыргызым
Кыргызым сенин сууларын тунук,
Ала-Тоом сенин ак монгун улук.
Асманда турган жылдызым сенсин,
Ак конул пейил кыргыз элим сенсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кудайберди кызы Кымбат
"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм."
Жылуу кийин, жолуң, кыйын үшүрсүн, Кыш да каттуу... бороон улуп, кар уруп... Суугунду өз мойнума алайын, Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Түндөр жаман кырсык салып кетпесин, Наалат келип ат тизгинин шарт буруп... Азабынды өз мойнума алайын, Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Жазда башка... жел тийбесин абайла, Копко турбас,мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруйун, Ата-Журт!- деп акындын мөлу Алыкул атабыз айткандай, баарыбыз ынтымакта, биримдикте болушубуз керек. Алакандай кыргыздар бир муштумдай бир болсок, бизге эч ким кол салбайт. Кыргызстандын бардык жарандары мамлекетибиздин күч-кубатын чындоого, аны коргоого даяр болушу керек. Мен кыргызмын, ошондуктан туулган жеримди өтө ыйык көрөм жана ал үчүн өз өмүрүмдү да аябайм.
Байыркы замандан бери ата-бабаларыбыз көчмөн калк болгон, жердин баркын билип, Ала-Тоодой кооз жерге келип, конуш тандашкан. Ата-бабаларыз кооз жерибизди жат душмандарга алдырбас үчүн коргоп келишкен.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм. Чоңойгондо президент болом деген оюм бар. Президент болсом Роза Отунбаевадай акылдуу, кучтүү, мыкты президент болом. Кыргызстандын кен байлыктарын, шаркыраган суусун, тоолорун, жан-жаныбарларын, өсумдүктөрүн баарын жакшы көрөм. Ошондуктан ушулардын баарын сактап калууга сөз берем. Кыргызстанды дүйнөдөгү эң, кооз, таза жана эң, мыкты деген өлкөгө айландырам. Кыргыз элинин каада-салтын, урп-адатын, меймандостугун, ынтымактуулугун, биримдүлүгүн жана ушундай мыкты сапаттарын өзүмдөн кийинки муунга өткөрүп берүүго аракет кылам.
Өлкөнү башкарардан мурда, адам өзүн башкарууну билиш керек. Ошондуктан мен өзүмдү башкарып жана мектебимдеги коомдук иштерде өз салымымды кошууга аракет кылам. Мектепте премьер-министр болуп иштейм. Мектебимдеги ар бир окуучу мыкты окушуна түрткү берип, окууга болгон кызыгуусунун өсүшүнө түздөн түз таасир этүү-бул менин милдетим деп эсептейм. Бул нерсе аткарылышы үчүн биз сабактарга активдүү катышып,өзгөчөлүк киргизип турабыз. Мектептен сырткары спорт оюндарын, ыр, бий конкурстарын, индивидуалдык жарыштарды өткөрөбүз. Буларга катышкан баланын билимге болгон көз карашы өзгөрсө керек деген ойлоймун. Өлкөдө да ушундай өзгөрүүлөр болсо, элибиздин жашоо турмушу мындан да жакшыраар деген ойдомун. Эркиндикти суйгөн элибиз эч качан башка элге баш ийбеген жана эч качан ийбейт! Эч качан өз тилин, дилин сатпайт!
Мекенимди ар тараптант өнүктүргүм келет, чындап! Албетте, бардык эле адам өз мекенинин гүлдөп өсүшүн каалайт деңизчи, бирок ар адамдын көз карашы ар турдүү. Менин көз карашым боюнча кыргыз эли биримдикте болуп, эне тилин унутпай, мекенге болгон суйүүсү күчтүү болсо, ошондо гана биз өсүп өнүгөбүз. Мисалга ала кетсек, сүттөн: каймак, айран, быштак, сары май, курут, кымыз, сыр жасап башка өлкөлөргө экспорттосо, мамлекетибизге киреше түшөт. Өлкөбүздүн завод, фабрикаларын иштетип көптөгөн керектүү буюмдарды чыгарып мамлекетибизди өнүктүрсөк болот. Анан да шаарыбызды таза кармасак, сууну үнөмдөсөк, бак-дарактарды кыйбай, аларды көбүрөк отургузушубуз керек. Кыргызстанда көптөгөн жаныбарлардын түрлөрү азаюда. Анын себеби бак-дарактар кыйылууда. Ошондуктан аларды сактап калуу үчүн баарыбыз биригип бак-дарак отургузайлы. Таза аба-ден-соолукка пайда. Көздүн жоосун алган бийик имараттар, завод-фабрикалар, таза шаар, буйруса, бизде да болот. "Кыргызстандын келечеги-жаштардын колунда."
Билим денгээли кучтуу окуучулар өз алдынча эле Малазия, США, Япония, Франция,Германия, Кытай жана башка өнүккөн өлкөлөргө барып, билим алып жүрүшөт. Алар өз Мекенине салымын кошпой, башка өлкөнүн өсүп өнүгүшүнө салым кошуп жатканы мени аябай өкүндүрөт. Эмнеге алар өз Мекенине күйбөйт? Эмнеге өз Мекенинин өсүп өнүгүшүнө салымын кошпойт? Ушул суроолорго жооп алуу мага аябай кыйын. Ошого мен азыркы учурдан эле сабакты мыкты окуп, Кыргызстандагы мыкты окуу жайга тапшырып, өзүмдүн жакшы көргөн кесибимди тандап, башка жаштарды да өзүбүздүн окуу жайларыбызга тапшырышса деген чоң, үмүтүм бар. Өзүбүздүн элге, жерге, кызмат кылсак Кыргызстан ошондо гана өнүгөт.
Кудай буйруса, 2020-жылы Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп калат. Кыргызстандын гүлдөп осүшүнө ишенем!
Алай району, Гулчө айылы №2 мектеп - гимназиясы
9- в классынын окуучусу Кудайберди кызы Кымбат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 12:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Шакирова Гулзина

Дилбаян

Тема: «Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»

Мен бул дилбаянды жазаар алдын учкай Кыргызстандын фундаментин түптөгөнтарыхына кайрылып кетейин. Кыргыз жерим ата – бабаларыбыздан калган, муундан –муунга мурастап, суук сөздөн, жаман көздөн сактап келген. Кыргыз элин атагыналыска тааныткан «Манас» эпосун, дүйнө элине даңкыбызды чыгарган атактуужазуучубуз Ч. Айтматовду жана кыргыз жерибиздин бермети болгон Ысык-Көлүбүздүкантип жазбай кете алам. Залкар акын жазуучуларыбыз жазып да, айтып да түгөтөалбаган аскасы асман тиреген ак карлуу тоолорубуз, арасында жаткан түгөнбөс кенбайлыктарыбыз, абасынын тазалыгы, суусунун молдугу, жеринин кеңдиги жана өрөөнүмалга толгон талаасы, данга толгон, элибиздин мейман достугу менен кыргызжеримдин гүлдөп өсүшүнө зор салымын кошот.

Мен Кыргызстанды мындан ары өнүккөн өлкөлөргө теңдешип завод, фабрикаларкурулуп, улан – кыздар, чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиз өз жерибизде жумушмене камсыз болсо экен. Саны менен эмес сапаты менен жогору турган жогорку окуужайлары да парасыз, терең билим берип, заманбап технологиялар мененкамсыздандырылса, келечегибиз болгон жаштарыбыз мекенибизди гүлдөтүп өстүрүшөт.Кыргызстаныбызга көптөгөн туристтер келет, алар жерибиздин кооздугуна, жаратылышыбыздын сулуулугун даңазалашат. Биз аларга бардык шарттарды түзүп берүүбүзкерек.

Биздин мекенде жүздөн ашуун ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашашат. Аларменен достук, ынтымак мамиле кылып кыз алып, уул үйлөп улуттар аралык достуктубекемдөө.

Медицина тармагында көптөгөн илимий ачылыштарды жасап чет өлкөдө жасалыпжаткан операцияларды өзүбүздүн мекенибизде жасасак көптөгөн адамдардын өмүрүнсактап калмакпыз. Дене тарбия тармагы өнүгүп, жаштарыбыз дүйнө чемпиону болупжелегибизди дүйнөгө таанытып, желбиретсе деп тилейм. Кыргызстандын эң тоолуучет жактагы айылдарына электр жарыгын жеткизип, жолдорун куруп элдерге жакшыжашоо шартын түзуп берсек дейм.

Өлкөдө күчтүү мыйзам болсо, коррупцияга бөгөт койулат. Ошондой эле менкелечекте Кыргызстанда балдар үйү, карылар үйү жок болуп, анын ордунамектептер, бала-бакчалар, спорт аянтчалары, жолдор, элибизди ыйманга чакырганмечиттер жана маданият үйлөрү курулса деп элестетем.

Мен кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам жана мекенимди сүйөм. Кыргызкалкымдын кичи пейилдүүлүгү жөнөкөй мүнөзү,адамгерчиликтин эң жогорку сапаты менен башка элдерден өзгөчөлөнүп турат. Чекарабыз бекем болуп, эли жерибизде тынчылык болуп, кыргыз жеримдин гүлдөп өсушункаалайм.

Кара-Суу району, Эшме айылы

№109 А. Муратов атындагы

орто

мектебинин 6-классынын

окуучусу: Шакирова Гулзина



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 12:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Маматжалилова Бермет


«Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм»
Кыргыз жери ото кооз жер,мен кыргыз жеринин гулдоп-осушун каалайм.Азыркы кезде Кыргыз жери онугуп осуп келе жатат.Мындан да осуп онуксо эн алдынкы олколордун бири болот деп ишенем.
Кыргыз жери мындан ары дагы осуп онугот .Кыргыз жеринин жети обласы бар.Ошол жети областы кыргыз эли ыйык кармап келе жаткан эн сонун жерлер абдан коп.Мисалы:Кыргыз жеринин бермети болгон Ыссык-Колу.Бул колго жыл сайын миндеген туристер ар кайсы олколордон келип эс алышат .Анткени Ыссык-Кол абдан кооз кол.Кыргыз жеринде ыйык жерлердин ар биринин тарыхы жана уламыштары бар.Областардан мисалга алсак биз жашаган Ош шары. Ош шаарынын 3000 жылдык тарыхы бар.Быйыл Ош шаарына 3015-жыл толду.
Мына жакында эле кыргыз жеринин калкынын саны 6 миллионунчу жараны торолду.Демек кыргыз жери онугуп-осуп, калкынын саны кобойуп келе жатат.
Мен ойлойм мындан ары саналуу жылдар откон сон кыргыз жеринин калкынын саны жети миллион болот.
Кыргыз жеринде да коптогон мектептер имараттар жана башка нерселер курулуп келе жатат Ош шаарындагыв эн чон жана эн бийик мунара курулду жана «Достук»копуросу курулуп буту.Ош шаарындагы эн бийик мунара ош шаарынын эли жашоочу коп кабаттуу уйлордон болуп калды.
Кыргыз жеринде дагы да коптогон кооз имараттар жана кыргыз жерине керектуу башка нерселерди куруп берсе дейм.
Кыргыз жери мындан ары да онуго берет деп ишенем жана башка онугуп келе жаткан олколордон да алдыга отуп,эн алдынкы олколордон болот.
Албетте,кыргыз жеринин гулдоп-оспой жатат деп айтууга болбойт,кыргыз жергеси осуп келе жатат.Бирок мен мындан ары да гулдоп осушун каалайм.

Ош областы ,Кара-Суу району,
Каарман айылы
№40 Б.Азизов ат.орто мектеби
6 классынын окуучусу
Маматжалилова Бермет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 00:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: