ДИЛ-БАЯН.
~СУТКОРДУК~
- (2 )
-
- 1
- 2
Сүткордук б.а. пайызга акча берүү жана алуу
#26 12 January 2016 - 18:29
~ПАРА АЛУУДАН САКТАНУУ~
✏ Омавилердин эн белгилуу халифасы Умар ибн Абдулазиз болгон. Адамдардын акысына ото этият мамиле кылган падышанын бир улоосунан башка малы жок, ашыкча дунуйо топтогон эмес. Бир ирет ага жакындарынан бироосу бир алманы тартуу кылды. Халифа алманын жыттап туруп, кайра аны алып келген кызматчысына кайтарып берип :
-Ага алма ордун тапты деп айтып кой, -деди.
-Оо, момундардын падышасы, Алланын элчиси да тартууну кабыл алат элего, анын устуно бул алманы сизге жакын досунуз тартуулап жатпайбы? - деп кызматчысы кыйла туруп кылды.
- Туура бирок, Алланын элчисине берилген нерсе белек болот эле, а бизге берилген нерсе пара болот,-деди халифа, кызматчысын тынчтандырып.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#27 15 January 2016 - 22:11
СҮТКОРДУК (РАСТОВЩИЧЕСТВО,
ПРОЦЕНТ, КРЕДИТ)
Сүткордук Ислам дининде эң коркунучтуу, эң жаман күнөөлөрдүн бири. Алла Таала сүткордукту арам кылган. Өкүнүчкө карай көптөгөн мусулмандар сүткордук менен алектенип ага камаарабастык менен мамиле кылып жатышат. Мүмкүн алардын кылып жатканы алардын илимсиздигинен же болбосо анын канчалык күнөө экендигине баа бербегендигинен болуп жатат. Же болбосо Алланын алдындагы коркуу сезимин жоготуп койгон. Алардын Алланын алдындагы коркунучу жоголгон. Бул Исламдагы эң чоң күнөө.
Урматтуу туугандар биз азыр ушундай заманда жашап жатабыз дин өтө аз, акча, мал дүйнө көп. Эмнеге? Буга эмне себеп? Себеби адамдар динин ушул арзыбаган акчага сатып салышкан. Адамдар бул дүйнө үчүн жашап калган. Бул дүйнө үчүн уктайт, жейт, ичет. Бул дүйнө үчүн гана кийинет. Бул өтө чоң зулумдук. Алар көңүл бурбай калган, бул нерсе уруксат берилгенби, уруксат берилбегенби, адалбы, арамбы. Эң негизгиси материялдык нерсе пул, акча, байлык болсо болду калганын уруп ойнобойт. Биз жашап жаткан коомдун көпчүлүгү сүткордукка кирип кеткен. Бирөөгө карыз сурап барсаң акчам жок деп карыз бербейт. Процентке сурасаң дароо берет. Адамдардын жашоо ыкмасынын көпчүлүгү сүткордук болуп калган. Бул өтө чоң көйгөй. Биздин бул нерсени айтуудан максат, ушул сүткордукка кирип кетүүнү токтотуу. Келечекте ошол нерседен алыс болуп, андан кутулуу жолдорун коомчулукка билдирүү.
Урматтуу туугандар ушул сүткордук темасында үч негизги бөлүккө токтолобуз.
1) Сүткордуктун зыяндары.
2) Шариятта Куран жана Сүннөттө арам болгондугу жөнүндө далилдер.
3) Сүткордуктан кутулуунун жолдору.
Сүткордуктун зыяндары.
Жакшылап көңүл бургула! Сүткордуктун күнөөсү өтө чоң жана коркунучтуу. Зыяндары чексиз. Алла Таала бир нерсени арам кылса, ошол нерседе сөзсүз түрдө зыян жана чоң бузукулук болот. Же зыяны менен бузукулугу пайдасынан көбүрөөк болот.
1. Пайыз жеген адам Кыямат күнү жинди сыяктуу тирилет.
2. Сүткордуктан пайда болгон байлыктын берекесин Алла Таала алып коет.
3. Пайыз жеген адам Алланын каргышына калат.
4. Сүткор адамдын садакасын Алла Таала кабыл кылбайт.
5. Пайыз жегендер Алла Таала менен Пайгамбардын согушуна дуушар болот.
6. Сүткордук коомдун бузулуусуна алып келет, ыпыластыкты жайылтат.
7. Үй бүлөлөрдү бузуп, наристелердин көз жашын агызат.
8. Процентке акча бергендер(мисалы; банк, ломбард ээлери ж.б), процент жегендер(процентке акча алгандар), күбө болгондор(банкта иштегендер ж.б),каттап жазгандардын(нотариуста иштегендер, катчылар ж.б) баары бирдей күнөө алышат.
9. Сүткордуктун күнөөсү сойкулуктан да күчтүү, оор.
10. Пайыз жеген адамдын жүрөгүнөн мээримдүүлүк кетет, кайрымдуулук жоголот.
11. Сүткордук менен алектенген адам өзүн кыйроого учуратып жок кылат, үй бүлөсүн кыйынчылыкка, кайгы капага дуушар кылат, малы мүлкүн чачыратып жок кылат.
12. Адамдарды бөлүп, жүрөктөрдү алыстатат.
13. Адепсиздикке алып келет.
14. Жалкоолукка алып келет.
15. Адамдардан бири-бирине болгон ишеничи кетет.
16. Жумушсуздуктун көбөйүүсүнө алып келет, себеби бекер пайыз жеп көнгөн адам жумуш иштегиси келбей калат.
17. Мусулдандардын байлыгын каапыр мамлекеттеринин банктарына коюу менен мусулмандарды күчсүздүккө алып келет.
18. Адамдар жалганчы боло баштайт, оферисттер көбөйөт.(биринин шапкесин бирине кийгизе баштайт).
19. Жаман өлүмгө алып келет.
Ыйык Куранда сүткордук туурасында мына булар айтылат:
Куранда сүткордук тууралуу 12 аят келген. Бул аяттардын түшүүсү арак жөнүндө түшкөн сыяктуу даража-даражасы менен түшкөн. Арактын арам болгондугу үч тепкич менен түшкөн болсо, сүткордуктун түшүүсү төрт тепкичте болгон.
Аракты жахилият учурунда арабтар өтө көп ичип, ага берилип кеткендиктен бир жолу айтуу менен аны токтотуп койуу мүмкүн болгон эмес. Себеби алардын жүрөктөрүнө ыйман нуру толук орной элек болгон. Дагы алар көнүп калган нерсесин бир дегенде таштап салуу кыйынга турган. Эң биринчи: Арактын зыяны пайдасынан көбүрөөк деген аят түшкөн. Алла Таала айтты:
((يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ قُلْ فِيهِمَا إِثْمٌ كَبِيرٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَإِثْمُهُمَا أَكْبَرُ مِنْ نَفْعِهِمَا)) [البقرة: 219]
«Сенден арак жана кумар тууралуу сурашат. Айткын: “Ал экөө – чоң күнөө жана пайдасы да бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан чоңураак». Бакара (2:219)
Пайдасы арактын өзүндө эмес, аны сатып акчасын пайдалангандыгында болуп жатат.
Экинчиси:Мас абалыңарда намазга жолобогула деген буйрук келген. Алла Таала айтты:
((يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لَا تَقْرَبُوا الصَّلَاةَ وَأَنْتُمْ سُكَارَى)) [النساء: 43]
«Эй, ыйман келтиргендер! Силер мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! ». Ниса (4:43 )
Үчүнчүсү:Арак бул нажас, арам деген аят түшкөн. Алла Таала айтты:
((يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ))[المائدة: 90]
«Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар? !». Маида (5:90)
Бул аятты укканда мусулмандар колундагы кармап турган арагын жерге койгон. Ушул аракты сатып алдым ичип жиберейин пулум текке кетип кабасын- деп ичип жиберген эмес. Кампаларындагы бочка-бочка болгон арактарын көчөгө төккөндө Мадинанын көчөлөрүндө арак сел болуп аккан- деген кабар келет. Мына бул арактын даража- даража болуп үч тепкичте келгендиги.
Ал эми сүткордук болсо төрт тепкичте келген. Бул деген нерсе сүткордук арабтардын түп тамырына чейин кирип кеткендигин далилдейт. Буга далил Арабтар чогулуп Каабаны жаңыдан курабыз дегенде шарт коюшкан; Алланын үйүн жалаң адал болгон акча менен курабыз- деген. Ошондо адал байлыктарын чогулта келгенде Каабанын курулушуна байлыктары жетпей калган. Ошондо чогулткан акчаларына Каабаны кичирейтип курушкан.
Эң биринчи сүткордук туурасында Меккеде Рум сүрөсүнүн 39- аяты түшкөн. Ал аятта мындай деп айтылат:
((وَمَا آتَيْتُم مِّن رِّباً لِّيَرْبُوَ فِي أَمْوَالِ النَّاسِ فَلَا يَرْبُو عِندَ اللَّهِ وَمَا آتَيْتُم مِّن زَكَاةٍ تُرِيدُونَ وَجْهَ اللَّهِ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْمُضْعِفُونَ)) [الروم: 39]
«Силер адамдардын мал-мүлкүнө (өз байлыгыңарды) көбөйтүү үчүн кошконуңар – Алланын алдында көбөйбөйт. Алланын ыраазылыгы үчүн берген зекеттериңер – мына ушулар эселенип көбөйүүчүлөр». Рум (30:39)
Бул аятта Алла Таала сүткордукту арам кылган жок, бирок бул жерде сүткордуктан көбөйтүлүп табылган байлыктардын эч кандай пайдасы жана берекеси жок экендиги баса белгиленип кеткен.
Экинчиси:Мединада түшкөн аятта Курани Карим мындайча баяндайт:
((فَبِظُلْمٍ مِّنَ الَّذِينَ هَادُواْ حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ طَيِّبَاتٍ أُحِلَّتْ لَهُمْ وَبِصَدِّهِمْ عَن سَبِيلِ اللّهِ كَثِيراً .160 وَأَخْذِهِمُ الرِّبَا وَقَدْ نُهُواْ عَنْهُ وَأَكْلِهِمْ أَمْوَالَ النَّاسِ بِالْبَاطِلِ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ مِنْهُمْ عَذَاباً أَلِيماً )) [النساء: 160 1-16]
«Биз жөөттөргө заалымдыктары жана көпчүлүктү Аллахтын жолунан адаштыргандары, тыйуу салынганына карабай алган сүткорлугу жана адамдардын мүлкүн мыйзамсыз жегендери үчүн уруксат берилгендерге тыйуу салдык жана алардын каапырларына азаптуу кыйноолорду даярдадык». Ниса (4:160-161)
Бул аятта жөөттөргө сүткордук кылуу арам болуп тыйылгандыгы айтылат. Бирок алар ал тыйууну тоготпой, баш ийбей койгондугу себептүү Кыямат күнү жан чыдагыс азапка дуушар болгондугу айтылат.
Үчүнчүсү:Мусулмандарга карата эң биринчи сүткордуктун арамдыгы Аль Имран сүрөсүнүн 130- аятында айтылган;
((يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَأْكُلُواْ الرِّبَا أَضْعَافاً مُّضَاعَفَةً وَاتَّقُواْ اللّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَوَاتَّقُواْ النَّارَ الَّتِي أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ)) [آل عمران: 130]
«Эй, момундар! Сүткорлуктан көп эселеп жебегиле жана Аллахтан корккула –балким ийгиликке жетээрсиңер жана каапырлар үчүн даярдалган Оттон корккула! ». Аль-Имран (3:130-131)
Бул аятта карызга үстүнө пайыз кошуп берүү тыйылгандыгы айтылат. Ошол убакта мындай практика тарап кеткен учур болгон. Сүткордук өтө көп болуп тарап кеткендиктен, кедейлердин жашоосу жан чыдагыс болуп көтөрө албай калышкан. Бирок бул аятта да сүткордуктун кескин түрдө арам болгондугу айтылган жок. Бир нече убакыттан кийин сүткордуктан табылган пайданын кандай гана түрү болбосун катуу тыйылгандыгы жөнүндө аят түшкөн. Бул Бакара сүрөсүнүн 275-281 аяттары. Алла Таала айтты:
((الَّذِينَ يَأْكُلُونَ الرِّبَا لاَ يَقُومُونَ إِلاَّ كَمَا يَقُومُ الَّذِي يَتَخَبَّطُهُ الشَّيْطَانُ مِنَ الْمَسِّ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُواْ إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا فَمَن جَاءهُ مَوْعِظَةٌ مِّن رَّبِّهِ فَانتَهَىَ فَلَهُ مَا سَلَفَ وَأَمْرُهُ إِلَى اللّهِ وَمَنْ عَادَ فَأُوْلَـئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ .275 يَمْحَقُ اللّهُ الْرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ وَاللّهُ لاَ يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ .276 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُواْ وَعَمِلُواْ الصَّالِحَاتِ وَأَقَامُواْ الصَّلاَةَ وَآتَوُاْ الزَّكَاةَ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ وَلاَ خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلاَ هُمْ يَحْزَنُونَ .277 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اتَّقُواْ اللّهَ وَذَرُواْ مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ .278 فَإِن لَّمْ تَفْعَلُواْ فَأْذَنُواْ بِحَرْبٍ مِّنَ اللّهِ وَرَسُولِهِ وَإِن تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُؤُوسُ أَمْوَالِكُمْ لاَ تَظْلِمُونَ وَلاَ تُظْلَمُونَ .279 وَإِن كَانَ ذُو عُسْرَةٍ فَنَظِرَةٌ إِلَى مَيْسَرَةٍ وَأَن تَصَدَّقُواْ خَيْرٌ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ .280 وَاتَّقُواْ يَوْماً تُرْجَعُونَ فِيهِ إِلَى اللّهِ ثُمَّ تُوَفَّى كُلُّ نَفْسٍ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لاَ يُظْلَمُونَ .281 )) [البقرة: 275-281]
«275. Сүткорлор Кыяматта акылдан азган адам сыяктуу тирилтирилет. Бул алардын: "Соода деле сүткордук сыяктуу " – дегени үчүн! Аллах сооданы адал, сүткордукту арам кылган. Ал эми, кимге Роббиси тарабынан насаат келгенде токтотсо – өткөндөгүсү өзүнө адал жана келечеги Аллахка тапшырылат жана ким сүткордукка кайтса – ошолор гана тозокулар жана анда түбөлүк калышат!
276. Аллах сүткордуктун пайдасын курутат жана садагаларды пайдалуу кылат. Аллах күнөөкөрдү, каапырды сүйбөйт.
277. Ыйман келтирип, жакшылык жасаган, намазды аткарган жана зекет бергендер үчүн Роббисинин алдында сооптору даяр жана аларга коркунуч болбойт, кайгыга да батышпайт.
278. Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана эгер момун болсоңор, мурда алып жүргөн сүткордук пайдаңардын калганын кечкиле.
279. Эгер андай кылбасаңар, Аллах жана анын элчиси силерге каршы жарыялган согушту билип койгула жана эгер тооба кылсаңар пайыз кошулбаган мүлкүңөр өзүңөргө. Ошондо бирөөгө да зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт.
280. Эгер карыз алуучу начар жашаса, байыганга чейин күткүлө. Эгер карызыңарды садага кылып жиберсеңер өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер.
281. Аллахка кайтарыла турган күнүңөрдөн корккула! Кийин ар бир жан ээси өзүнүн ишине жараша толук натыйжасын алат жана аларга зулум кылынбайт». Бакара (2:275-281)
Бул аяттарда сүткордуктун кандай ыпылас, арам экендиги ачыктан-айкын көрүнүп турат. Сүткордук менен алектенген адамды Алла Таала Кыямат күнү тирилткенде шайтан жин ургандай болуп тирилтет. Акыл эси жок жинди сыяктуу кылып тирилтет. Алла Таала Куранда сүткордуктан башка чоң күнөөлөрдүн эч бирөөсүнө согуш ачкан эмес. Кимге Алла Таала жана Анын Элчиси согуш ачкан болсо, же ким Алла Таалага жана Анын Элчисине согуш ачкан болсо бул дүйнөдө да акыретте да ташталканы чыгып акыбети жаман болот. Кимдин Алла Таалага согуш ачканга күчү жетет. Бул өтө чон жоготуу.
Алла Таала ушул сүткордук(риба) аяттарын Курандагы эң акыркы болуп түшүрүлгөн аяттары кылды. Куран китебинин тыянагы сүткордук аяттарынын акыркысы болду. Бул сүткордук аяттарын бүтүргөн аят;
((وَاتَّقُواْ يَوْماً تُرْجَعُونَ فِيهِ إِلَى اللّهِ ثُمَّ تُوَفَّى كُلُّ نَفْسٍ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لاَ يُظْلَمُونَ)) [البقرة: 281]
«Аллахка кайтарыла турган күнүңөрдөн корккула! Кийин ар бир жан ээси өзүнүн ишине жараша толук натыйжасын алат жана аларга зулум кылынбайт». Бакара (2:281)
Сахих Бухариде Ибн Аббас Алла андан ыраазы болсун айтты:
عن ابن عباس رضي الله عنهما قال آخر آية نزلت على النبي صلى الله عليه وسلم آية الربا[رواه البخاريُّ: 4544]
«Пайгамбар алейхис саламга акыркы түшкөн аят сүткордук аяты». (Бухари)
Пайгамбарыбыз алейхис салам сүткордук, пайызга акча алуу, берүү туурасында мындай дейт:
1. Пайыз жегендер Алланын жана Алланын Элчисинин каргышына калат:
عنجابر قال: ( لعن رسول الله صلى الله عليه وسلم آكل الربا وموكله وكاتبه ، وشاهديه ،و قال هم سواء) قال الشيخ الألباني رحمه الله في الإرواء (1336) أخرجه مسلم (1598) وإبن الجارود (646) و البيهقي (5/275) وأحمد (3/304)ابن ماجه (2277)
«Алланын Элчиси ага Алланын салават-саламдары болсун, Пайыз жегендерди(мисалы: сүткордукка акча алгандар), пайыз жедиргендерди(банк ээлериж.б.), (документтештирип)жазгандарды(нотариуста иштегендер, катчылар), алардын бул иш чарасына күбө болгондорду(банкта иштегендер) каргыш кылды(лаанаттады)» (Муслим)
2. Сүткордуктун күнөөсү никесиз жыныстык катнаштан(зынадан), сойкулуктан да жаман.Жөн эле зына эмес, Алла Таала сактасын өзүнүн энеси, эжеси, карындашы менен зына кылгандан да жаман. Пайгамбарыбыз айтты:
عن عبد الله بن حنظلة رضي الله عنه أنه قال: قال رسول الله صلّى الله عليه وسلّم
درهم ربا يأكله الرجل وهو يعلم أشدُّ من ستٍّ وثلاثين زنية)قال العلامة الالباني في السلسلة الصحيحة:-1033 - رواه الطبراني في " الأوسط " (1 / 142 - 143) والدارقطني (295)
«Адам билип туруп сүткордук-пайыз менен табылган бир дирхамды жесе, отуз алты жолу зынаа кылуудан да оор» (Табарани)
Бир дирхамды азыркы пулга салыштырсак 200 сомдун тегерегинде болот. Азыркы күнүбүздө миңдеген, миллиондогон акчаларды сүткордукка сарптап жаткандардын абалы эмне болот. Үй бүлөсүн аялын, бала чакасынын баарын сүткордук менен багып жаткандардын абалы кандай болот. Пайгамбарыбыз айтты:
عن ابن مسعود رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال
الربا ثلاثة وسبعون شعبة أيسرها مثل أن ينكح الرجل أمه) رواه الحاكم وصححه وقال الشيخ الألباني: صحيح. انظر صحيح الجامع الصغير 1/633. ابن ماجه 2274
"Сүткордуктун жетимиш үч эшиги бар. Эң жеңил эшиги бир адам өзүнүн энесине үйлөнгөндөй болот"(Хаким).
Бул эң жеңил сүткордук болуп эсептелет. Ал эми сүткордуктун түр-түрүн кылып жаткандардын абалы кандай болот.
3. Сүткордук менен алектенген адам-бул бей бечара, кедей-кембагалдардын канын ичкен адам.Чыныгы кан соргучтар мына ушул сүткорлор, алар адамдардын канын соро берет, иче берет. Кедей кембагалдардын көз жашын агызып, жүрөктөрүн сыздатып, малы мүлкүн тартып алат. Кыяматка барганда адамдардын канында сүзүп жүрөт. Пайгамбарыбыздын кабыр азабы жөнүндө келген хадисинде:
وعن سمرة بن جندب رضي الله عنه قال
إنه قال ذات غداة إنه أتاني الليلة آتيان وإنهما ابتعثاني وإنهما قالا لي انطلق وإني انطلقت معهماقال فانطلقنا فأتينا على نهر حسبت أنه كان يقول أحمر مثل الدم وإذا في النهر رجل سابح يسبح وإذا على شط النهر رجل قد جمع عنده حجارة كثيرة وإذا ذلك السابح يسبح ما يسبح ثم يأتي ذلك الذي قد جمع عنده الحجارة فيفغر له فاه فيلقمه حجرا فينطلق يسبح ثم يرجع إليه كلما رجع إليه فغر له فاه فألقمه حجرا قال قلت لهما ما هذان.قالا: وأما الرجل الذي أتيت عليه يسبح في النهر ويلقم الحجر فإنه آكل الربا) بتصرف (رواه البخاري.7047)
«Түндө эки адам(түшүмдө)келип "кеттик" деди. Кетип жатып кан сыяктуу кыпкызыл дарыяга жеттик. Ал дарыяда бир сүзүүчү адам сүзүп жүргөн экен. Ал эми дарыянын жээгинде бир адам өзүнүн алдына көп таштардычогултуп койгон экен. Тиги сүзүүчү адам сүзүп сүзүп жүрүп таштарды чогулткан адамга келет да оозун ачат. Оозуна таш салып берсе(Башка хадисте;" Оозуна таш менен урат"-деп келет) сүзүп кетип калат. Кайрадан кайтып келет, кайтып келген сайын оозун ачып берет. Тиги таш салып коет. Эки шеригимден: Бул эки адам ким?-деп сурадым. Ал дарыяда сүзүп жүрүп оозун ачып, оозуна таш салынган сүткордук жеген адам-деп айтышты.». (Бухари)
4. Азыр дүйнөнүн баарысы сүткордуктун кулу болуп калган.Адамдар адал байлыкты арам байлыктан ажырата албай калышат. Бул Пайгамбарыбыздын алдын ала айтып кеткен кереметтеринин бири. Пайгамбарыбыз айтты:
وعن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلّى الله عليه وسلّم قال
ليأتين على الناس زمانٌ لا يبالي المرء بما أخذ المال أمِن الحلال أم مِنَ الحرام) رواه البخاري (2083)
«Адамдарга ушундай заман келет, байлыкты адалдан алып жаткандыгын же арамдан алып жаткандыгын билбей калат». (Бухари)
عن ابن مسعود عن النبي صلى الله عليه وسلم فذكر حديثاً وقال فيه:"ما ظهر في قوم الزنا والربا إلا أحلوا بأنفسهم عقاب الله".رواه أبو يعلى وإسناده جيد.الكتاب : مجمع الزوائد ومنبع الفوائدللحافظ الهيثمي6581
Пайгамбар айтты:"Кайсы бир коомдо зына жана сүткордук ачыкка чыкса, өздөрүнүн жандарына Алланын азабын дуушар кылышат" (Хайсами 6581)
Пайгамбар айтты:
عن أبي هريرة رضي الله عنه: عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: ((اجتنبوا السبع الموبقات))، قالوا: يا رسول الله وما هن؟ قال: ((الشرك بالله، والسحر، وقتل النفس التي حرَّم الله إلا بالحق، وأكل الربا، وأكل مال اليتيم، والتولي يوم الزحف، وقذف المحصنات المؤمنات الغافلات)) رواه البخاري برقم (2766)، ومسلم برقم (145).أبو داود (2874)
«Жок кылып, балакетке учуратуучу жети нерседен сактангыла! …1.Ширк келтирүү, 2.Сыйкырчылык, 3.Бейкүнөө адам өлтүрүү, 4.Жетимдин малын жемек, 5.Сүткордук кылып пайыз акча жемек,….». (Бухари)
Пайгамбарыбыздын бул жетөөсүн өлтүрүүчү, кыйратуучу күнөөлөр дегенинин өзү жетиштүү болот. Алла Таала сүткордукту эч качан көбөйтпөйт. Сен ойлошуң мүмкүн прцентке акча алсам бизнесим болот, акчам, байлыгым көбөйөт деп. Жок, тескерисинче процент баарын ташталканын чыгарып жок кылат. Сүткордуктун пайдасы канчалык көп болбосун, акыр аягында бары бир кедейликке, жокчулукка, боштукка алып келет. Сүткор адам проценттен канчалык байыбасын чогулта берет, чогулта берет күндөрдүн биринде толук банкротко айланат. Эч нерсеге ээ болбой калат. Биз бул нерсени өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз. Канчалаган сүткор адамдар ооруп калып арамдан тапкан байлыгынын баарысы дары дармекке кетти. Канчасынын байлыгы, үй жайы өрттөнүп кетти. Канчасын өлтүрүп кетишти. Алла Таала сактасын.
Сүткордуктан кутулуунун жолдору:
1. Сүткордуктун арам экендигин адамдарга эскертүү.Көпчүлүк адамдар сүткордуктун арам экендигин билбегендиктен же болбосо билсе да, ага баа бербей кайдыгер карагандыктан пайызга акча алып, берип жатышат. Эгер аларга эскерте турган болсок арам жолдон тыйылып, адал ырыскыга аракет кыла баштайт. Эскертүү адамдарга пайда берет.
2. Сүткордуктун зыян-залакаларын айтуу.Сүткордуктун зыянын айтуу менен, анын артында кандай балээ балакеттери жатканын айтуу менен сүткордуктун пайызын бир канча деңгеелге азайтса болот.
3. Адал соода-сатык менен алектенүү.Берекенин токсон пайызы соодада. Алла Таала сүткордукту арам кылганда бекеринен сооданы айтып кеткен эмес. Адал соода менен ар бир жаран, мамлекет өнүгөт.
4. Процентсиз карыз берүү программасын иштеп чыгуу. Мисалы;Анти кредит, адал карыз ж.б.Процентсиз карыз берүүдө эч ким утулбайт. Ишкер адамдарга карызга акча берип жатып шарт коюу керек. Эгер Алла Таала ишиңе береке берип, жумушуң алга жүрүп, байлыгың арта турган болсо, башкаларга да процентсиз карызга акча бересиң- деп. Бул системаны мамлекеттик деңгээлде колдонсок эч ким пайызга акча албай калат. Адамдар бири-бирине процентсиз карыз берип бири- бирине болгон ишеничтери күчөп, бир туугандык мамилелер көбөйөт.
5. Карыз берүүнүн пазилетин айтуу.Пайгамбарыбыз алейхис салам айтты:
فعن أبي أمامة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «دخل رجل الجنة فرأى مكتوبا على بابها: الصدقة بعشر أمثالها، والقرض بثمانية عشر». (أخرجه البيهقي في السنن والطبراني في الكبير، وصححه الشيخ الألباني في السلسلة الصحيحة 3407).
«Бир адам бейишке кирип анын эшигинде:" Садака он эсе, карыз он сегиз эсе көбөйтулөт- деген жазууну көрөт». (Байхаки Табарани)
6. Окуу жайларда пайызсыз карыздын экономикага, коомго жана жеке адамдарга кандай пайда алып келе тургандыгын окутуу.Окуу жайларга пайызсыз карыздын пайдаларын окута турган болсок, экономиканын өсүшүнө көп салым кошоор элек. Окуу жайларда "Финансы жана Кредит" деген сабактар бар. Кредит алуу, берүүнүн жолдорун үйрөтөт. Кантип адамдарды культурно алдаштын жолдорун үйрөтөт. Эгер адал карызды үйрөтө турган болсо адамдар оңолот, коом оңолот, мамлекет оңолот. Башка мамлекеттерге көз каранды болбой калат элек.
7. Алланын динине кайтуу.Эгер мусулманмын деген адамдар Алла Тааланын динине кайта турган болсо, аң-сезимдери оңолуп Алла Тааладан гана коркуп калышаар эле. Бирөөнү алдайын деп жатканда; кой мени Алла Таала көрүп турат, бул жолго барбайын. Тиги дүйнөгө барганда мени азаптап коет- деп коркуп арам тыйылган нерселерден тосулат. Алла Таала бактылуулукту динге койгон. Дин менен өнүгөбүз. Куран менен гана дүйнөдө адилеттүүлүктү тынчтыкты тургузуу мүмкүн. Себеби Куранда гана сүткордук туурасында чыныгы маалыматты билүүгө болот. Куран гана адамзаттын көйгөйүн чечип келген жана чече берет.Куран гана адамзатты туура жолго баштайт.
Даярдаган: Максат Айтбаев.

#28 17 January 2016 - 11:14
СУТКОРЛУКТУН КУНООСУ КОП
ПАЙЫЗ АЛУУ ОЗУНУН ЭНЕСИ МЕНЕН ЗЫНА КЫЛГАН МЕНЕН БАРАБАР
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Суткорлуктун жетимиш куноосу бар, эн аз даражасындагы оз энеси менен зына кылуу".(Ибн Маажа 174)
Коптогон риваяттарда суткорлукту энеси менен зына кылуудан да жаман деп айтылган. Аллах сактасын! Кандай каргышка калган нерсе!? Ошондуктан, эч качан мындай жолду ыктыяр кылбоо керек.
ПАЙЫЗ АЛЛАХТЫН АЗАБЫНА СЕБЕПЧИ
Ибн Масъуддан (р.а) риваят:"Кайсы аймакта суткорлук жана зына кобойуп кетсе, ошол жерге Аллахтын азабы алардын устунон келуусу адал болот". (Канзул уммал 4/107)
Суткорлук ушундай каргышка калган нерсе - Аллахтын азабы адал болот. Б.а Аллахтын азабынын тушуусуно себепчи болот. Бул коомду, элди жок кыла турган нерсе! Бугунку кундо коптогон адамдар ушунун себебинен кыйынчылык, машакаттарга дуушар болуп жатышат. Кырсык жана башка аапаттарга учурап жатышат. Ырахат табуунун бардык аспаптары турса да, ырахаттан алыс журушот. Бул Аллахтын бир азабы, мунун бардыгына суткорлук жана зынанын (никеден тышкары байланыш) кобойуп кетуусунун тиешеси бар.
ПАЙЫЗ (ПРОЦЕНТ) МЕНЕН АКЧА ЖЕГЕН КИШИ БЕЙИШТЕН КУР КАЛАТ
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Торт турдуу адамдарды Аллах Таала бейишке да киргизбейт жана бейиштин даамын да таптырбайт:
1 Арак ичкенди адат кылуучу
2 Пайыз алып жеген киши
3 Жетимдин мал-мулкун акысыз жеген киши
4 Ата-энесине баш ийбеген". (Жаамиус сагир 1/62)
Аллах сактасын! Кандай коркунучтуулук жана бактысыздык! ? Дуйнонун бир аз пайдасы корунот, бирок Акыретте ото катуу коркунучка дуушар болот.
АКЫР ЗАМАНДА СУТТУН ФИТНАСЫ
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат, Пайгамбарбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Бир ушундай заман келет, ар бир адам суткор болот (эч ким андан сактанып кала албайт) Эгер сут жебесе да, анын тутуну жана чаны созсуз жетет"(б.а андан сактануу ото кыйын болуп калат) (Абу Дауд 473, Ибн Маажа 2/165)
Бул Пайгамгамбарыбыздын (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтканы азыркы кундо корунуп жатат. Шаарларда, соода чойролорундо бул нерсе жалпы корунуш болуп кетти. Сооданын ар кандай турлорундо коп пайда коруу максатында суткорлук ыкмаларын ыктыяр кылып жатышат. Мындан сактануунун бир гана жолу бар, ал суткорлукту ыктыяр кылбоо зарыл. Мал-дуйнонун кобойушуно караганда такыбалыкка жана Акыретке басым жасоо керек. Жонокой эле жашоону ыктыяр кылуу керек. Ошондуктан, анын чандарынан озунуздун этегинизди сактап, дуйнонун пайдаларын курман кылып, акыретте ырахат табуу учун бул жашоодо жонокой жашоо откозунуз.
Ибн Масъуддан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Кыяматка жакын зына кобойот". (Тибрани, Жавхарул фикх 99)
Карап корунуз бугунку кундо шаар чойросундо зына канча коп жана соода болуп жаткан жерлерде суткорлук да кобойуп кетти. Аллах Таала гана диндин тушунугун берсин!
СУТКОРЛУККА БАЙЛАНЫШТУУ БОЛГОНДОРДУН БАРДЫГЫНА АЛЛАХТЫН КАРГЫШЫ
Жабирден (р.а) риваят:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) суткорлук кылып жегендерге жана жедиргендерге, жазгандарга жана куболорго каргыш айтты жана "Куноодо бардыгы барабар"- деп айтты:"(Мишкат 244)
Суткорлук мамилелеринде канча элдер шерик болушса, бардыгына Аллахтын каргышы болот. Арам, куноодо да шерик болушат.
СУТКОРДУН КУРСАГЫНДАГЫ ЖЫЛАН
Абу Хурайра (р.а) айтат:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Мен меражда болгон туну ушундай бир жамааттын алдынан оттум, алардын курсагы уй сыяктуу жана аларда толуп алышкан жыландар сырттан корунуп турат. Мен Жабраил Аминден (а.с): "Булар кимдер?"-деп сураганымда, ал:"Суткорлук менен пайда таап жегендер" -деп жооп берди.(Мишкат 246)
Аллах сактасын кандай катуу азап! Окунучтуу нерсе дуйнонун бир аз пайдасы учун Акыреттин коркунучтуу азабына дуушар болот.
СУТКОРЛУК ИШТЕРИ
Убада бин Самиттен (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Алтынды алтынга, кумушту кумушко, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга барабар кылып, нак, колдон-колго саткыла. Албетте, аларды башка нерселердин ордуна сатсанар кандай кааласанар сата бергиле. Бирок баары нак болсун".(Мишкат 244)
Эске ала турган нерсе-жогоруда айтылган нерселерди озуно окшош нерселерге алмаштыра турган болсо, барабар, нак болуусу керек. Эгер бир жагы коп, бир жагы аз жана насыя болгон болсо, суткорлуктун куноосу коп. Эгер алардын жынсына каршы мамиле кылынса, бир тарабын коп, же аз кылса болот. Бирок насыя дурус эмес. Ошондой эле бугунку кундо алтын, кумушту насыя сатып алышат (озгочо аялдар), бул дурус эмес, суткорлуктун куноосу болот. Бир сом, эки сомду дагы насыя калтырып кийин беруу дурус эмес.
Суткорлук мамилеси ото назик. Мындан башка нерселерде да анын суроттору табылышы мумкун, ал жонундо фикх маселе китептеринен, же аалымдардан суроо керек. Аллах Таала суткорлуктун катуу азабынан сактасын!
АЛТЫН,КУМУШТУН НАСЫЯ СООДА САТЫГЫ-АРАМ
Убада бин Самиттен (р.а) риваят:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) алтынды алтынга сатуудан тосту. Бирок, барабар тен болсо, ашыкча болбосо, насыя болбосо анда болот"(Ибн Маажа)
Алтын, кумуштун соодасы насыя кылуу - эртенге чейин болсо дагы дурус эмес. Тагынчактары сатып алууда озгочо аялдар насыя саьып алышат. Кобунчо тагынчактарды сатып алышып, акчаны кийин беришет, бул дурус эмес. Канча тагынчак алып жаткан болсо, бугун ала албаса, эртен ошончо акчаны алып келип, аны эртен алсын. Бир сом дагы насыя кылуу дурус эмес. Эгер кайсы бир алтын сатуучудан сатып алса, бир аз акчасын бере албай калган учурда карыз алып ага берсин. Мындай кылгандан соода нак болот. Андан сон каалаган учурда карызын берет. Ото конул коюп мамиле кылуу керек, куноодон сактаныш учун маселени билген кайсы бир аалымдан сураш кажет.
СУТКОРЛУКТАН ПАЙДА БОЛУУЧУ МАЛ-МУЛКТУН АКЫЙКАТЫ
Абдулло бин Саламдан (р.а) риваят:"Ким суткорлук менен бир дирхам алса, Аллахтын алдында 33 жолу зына кылгандан да кобуроок чон нерсе (жаман)".(Тибрани, Канзул уммал 2/9781-хадис)
Канча катуу коркутуу! 33 жолу зына кылгандын куноосунон да жаман. Бир дирхамды суткорлуктун жолу менен алганга ушундай коркутуу болсо, Аллах сактасын, ал жол менен жашоо откозуп жаткандардын абалы кандай болот?
Булак:Мухаммад(саллалооху ъалайхи ва саллам)дын сунноттору

#30 23 January 2016 - 09:33
⭐ЖЕТИНЧИ ЧОН КУНОО.
⭐СУТКОРДУК МЕНЕН АЗЫКТАНУУ.
⭐Аллах Таала айтты:
" Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана эгер момун болсонор ( мурун алып жургон) суткорлук пайданардан калганын албагыла. Эгер ( суткордук менен азыктанууну) таштабасанар, Аллах жана анын элчиси тарабынан ( суткорлукка каршы) ачылган уруш бар деп билгиле". ( Бакара: 278-279).
⭐Аллах Таала айтты:
" Суткорлук кылгандар ( кабырларынан) жин-шайтан даарыган инсандар кеби тирилишет" . " Эми ким ( суткорлукка) кайра кайтса, демек алар тозок ээлеринен болуп, тозокто туболук калышат". ( Бакара:-275).
⭐Тозокто туболук калуу, ото чон коркунуч! Коптогон эскертуулорду уккандан кийин да суткордука кайтып кеткен адамдын абалы кандай болоорун озун кордун. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам: " Оор болгон жети куноодон алыс болгула" алардын бири суткордук менен азыктанган адам деп эскерди.
⭐Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: " Аллах Таала суткордук менен азыктанган адамды жана анын окулун каргыштады" . ( Муслим)
Ал эми Имам Тирмизий бул риваятка кошумчалап: " Аларга кубо болгондорду жана алардын жазуучуларын да каргады"- деген.
⭐Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: " Суткордук менен азыктангандар, алардын окулдору жана жазуучулары, суткордук экенин билишсе алар да кыямат куну пайгамбарыбыздын тилинде каргышка калышат". ( Насаий).
⭐Имам Захабий
ЧОН КУНООЛОР китебинен сабак.

Супер-Инфо
super.kg
видео