Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#1221 Пользователь офлайн   ryzhak   16 Июль 2009 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 31 Май 09
  • Соңку аракети: 25 Сен 2020 08:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкектин кычык-пычыгы да?!

Дагы суроолорунар барбы, ыя?!
Тамашоудо Позитифф - демек позитивде Тамашоу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1222 Пользователь офлайн   kom   19 Август 2009 - 09:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Албетте бар, бирок кечиреек болуп калды окшойт ээ...
Рыжак мырза. Эгер мен сценарий тузуп берсем кино тартууга кудуретин жетеби азыркы учурда(дегеним: Спонсорун барбы же таба аласынбы ж.б.у.с.)?
-Жана кайсы жанрдагы кинолорду тартууну каалаар элен?

Алдын ала рахмат.
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1223 Пользователь офлайн   ryzhak   19 Август 2009 - 09:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 31 Май 09
  • Соңку аракети: 25 Сен 2020 08:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкектин кычык-пычыгы да?!

Ассаляму алейкум! Албетте тартам, эгер сценарийин оригиналдуу болсо... идеясы менен темасы конкретно бири-бирин толуктап дегендей... Ошондой болсо ойлонуп кормокмун, а спонсор табылат.... Вообще мен озум сценаристмин да?! Рахмат!
Тамашоудо Позитифф - демек позитивде Тамашоу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1224 Пользователь офлайн   Барс   19 Август 2009 - 10:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Урматтуу Рыжак! Эгер сен сценарист болсоң, даяр сценарийиң ден бирди форумга илбейсиң би? Сценарий жазууга ышкылуу жаштарга үлгү болор беле дейм да. Эгер көлөмдү ү болсо, үзүндү болсо деле боло бермек... Алдын ала ырахмат.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1225 Пользователь офлайн   USSR   19 Август 2009 - 10:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кечирип коесунар туугандар... . бул тема 1-сентябрга чейин жабык...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1226 Пользователь офлайн   ryzhak   19 Август 2009 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 31 Май 09
  • Соңку аракети: 25 Сен 2020 08:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкектин кычык-пычыгы да?!

СССР ава, акыркы суроого жооп берип коёюнчу, ээ?!

Цитата

Урматтуу Рыжак! Эгер сен сценарист болсоң, даяр сценарийиң ден бирди форумга илбейсиң би? Сценарий жазууга ышкылуу жаштарга үлгү болор беле дейм да. Эгер көлөмдү ү болсо, үзүндү болсо деле боло бермек... Алдын ала ырахмат.


Мынакей:

Менин бөлмөм жөнүндө .

Азыр саат 18:15 болду. Мен өз бөлмөмдө музыка угуп олтурам. Жаңы эле кошуналарды узаттык. Эмнеге келишкенин билбейм, иши кылып чай ичип кетишти.
Эмне кылсам... Ммм... Та-ак, туугандар, келгиле мен силерге өз бөлмөм жөнүндө айтып берем, кандай дейсиңер, ыя?! Анда кеттик! Менин бөлмөмдү н чоңдугу кудум эле бокс рингиндей. Кире бергенде эле көзүң ө оң тарапта турган чакан сервант көзүң ө урунат, ал жанагы орустардын базарга алып чыгып саткан мебелдеринен, бирок жаңы. Өзү ак болсо, кырлары көккө боелгон. Акты көк басып эле жарашып калат. Үстүндө болсо кызыл кытай чайнек-мискей курамы. Анан дагы матрешкалардай болгон чоң-кичине термостор. Чынын айтсам булардын үстүлө рүн кат-кат чаң бачып кеткен. Эми өзүң өр түшүнү п койгула балдардын бөлмөсү . Карындашым жакшы эле шыпырып-жыйнагансыйт, бирок сервант өтө бийик болгондуктан бою жетпейт го... Мейли ал го ал, ал эми серванттын ичинде ооо, Дастан экөөбү здүн мектептен ушул күнгө чейинки жазган дептер, китеп... иши кылып архив да, ошол архивден баштап майлык, идиш-аяк жана башка көп нерселер бар. Серванттын жанында жерде Дастан экөөбү здүн байпактарыбыз жатат. Айтып коеюн алар таза!

Сервантты айтып оозду жыйгыча үйдүн тепкичтеринен бирөө чыгып келип калды. Бул менин таэжем. Ал ар дайым ушул бөлмөнү н эшигине маңдаң -тескей турган терезеге келип сайылып эле калат. Эмнеге? Анткени ошол терезеде көп күндөн бери багып келе жаткан лимон багы турат. Жалгыз. Андан дагы чооң күрөң челекте. Эмне болгонун билбейм, бирок лимондун ачылып калган гүлдөрү күбүлү п ошол челектин айланасына түшүп калган.
- ”Аркынын (музыканын) үнүн кичирейтип алчы?!” – деп койду да, өсүмдү гүнө
куйчу суусун куюп жатты. Мен унчуккан жокмун. Ушул таэжем өзү лимонду жакшы көрөт, же доктурлар же дегенби, айтор базардан алып келип алып ар кандайынан жей берет: чайга салып, туурап, тамагына кошуп, иши кылып түшүндү ңөр да. Анан баягүнү , кайдан тапканын билбейм, килейтип көтөрү п келиптир. Анысына болсо ушинтип эстеп кеткенде суу куюп турат. Гүлдөрү ошол үчүн түшүп калган го. Куйган суусу дагы жөн суу эмес, бир башкача жыттанган атайын суу экен го... Анан гүл түшпөгө ндө мен түшөмбү ?!
Мына, таэжем болсо ишин бүтүрү п бөлмөдө н чыгып кетти.

Мен болсо жатам. Колумда дептер, ручка. Бөлмөнү н оң капталында дагы терезе жайгашкан, бул терезеде болсо менин ыйык китептерим, китепчелерим, жана түгөнү п калган атырдын идиштери турат. Эки терезе тең ак түскө боелгон, экөөнө тең көк түстөгү заманбап пардалар тартылган. Ал эми ушул эки терезенин ортосундагы бурчту ээлеп биз жата турган жууркан-тө шөктөр тизилип турат. Аны бизди тизди дейсиңерби? Жок, биз Дастан экөөбү з эртең менен туруп кетээр менен карындашым жыйнап коет. А кээде ал дагы эрте кетип калса, жаткан жер ошол бойдон калат уйпаланып. Чынын айтсам көп эле калат эй, уйпаланып. Бүгүн карындашым деле чогуу туруп жатты эле, бирок кудай жалгап төшөк жыйналуу. Апей, анткени кошуналар келди да, анан жыйналбаганда эмне, ээ? Ойлобопмун ушуну...

Та-ак, андан ары уласам. Сол капталдагы терезе менен эшиктин ортосунда бурчта компьютердин мониторундай чакан телевизор турат. Анан албетте азыркы заманда телевизор DVD ойноткучсуз телевизор эмес да, туурабы, ким кошулат? Алар атайын жасалган эки орундуу тумбочкада турат. Телевизордун жанында чоң колонка турат. Бирөө эле, негизи экөө болот го, а биздики бирөө эле. Ушундай! DVD ойноткучтун үстүндө ар кандай адреси жок, жылаңач дисктер жатат, адреси жок. "Колонкалар" жаңырып, DVD ойноп, телевизордо орустун музыкалык клиптери. Аларга кошулуп мен дагы созуп коем...
”Кундо жаныраааат! ”

Оппа, жыргап ырдап жатсам карындашым кирип келип:
- ”Телевизор көрүп алайынчы, ”Папины дочки” баштадып калды!” – деди. А мен
каршы эмесмин да, а бирок карындашым лимон турган терезеге эмнеге барды дейм да. Ал жакта жанагы таэжем куйган суусу челектин түбүнө н агып, жерге көлдөп калыптыр, ошону кечип алып жини келе түштү. Суу болуп калган байпагын жанагы Дастан экөөбү здүн байпактарыбызга кошуп койду да, жер төшөк салып телевизор көрө баштады.

Эшиктин оң капталында, серванттан бери жагында эки эшиктүү ак тумбочка турат. Анын үстүндө , астында, ичинде Дастан экөөбү здүн видеотекабыз жайгашкан. Башкача айтканда DVD дисктер. Тумбочканын жанында табуреткада биздин кийимдерибиз бүктөлү п, тизилип турат. Аны да карындашым бүктөп, тизип койгон да...

Ал эми ушул тумбочка менен эшиктин оротосундагы бурчта бөлмөнү н көркү болгон чоң, граниттен жасалган меш жайгашкан, камин да. Ага качан от жагылганын өзү деле билбейт болуш керек, анткени анын ошол от жакчу тешигин гезиттер, сүрөт- альбомдор, журналдар ээлеп алган. Үч кырдуу мештин үстүң кү бөлүгү ндө атайын чегилген калай орнотулган. Анда илбирс менен алышып жаткан баатыр чегилген. Баатырдын бир колунда кинжал болсо, экинчи колу менен илбирсти кекиртектен мыкчып турат. Сүрөт тирилип кетсе эмне болот деп ойлоно берем. Баатыр илбирсти өлтүрө бү, же тескерисинен илбирс баатырды жайлап коебу, же кандай болот... Ии анан ошол мешти менин үч күн мурун кийген ак көйнөгү м (көпөлө к сүрөттү ү) кучактап турат. Мен илген бойдон турган экен.

Та-ак шыпта (потолок) болсо үч лампочкалуу кичинекей люстра салаңдап турат. Ал эми жерге кадимки кызыл килем төшөлгө н, ар кандай оймо-чиймелери менен. Ал эми килемдин үстүндө телевизор көрүп жер-төшө ктө карындашым жатат. Дубалдарда көк түшүнү ксүз сүрөттө рү бар кагаз (обои) чапталган. Эми ушунун баарына ориентир берген эшик тууралуу. Эшигибиз чоң, түсү ак, эки терезеси бар. Ошол! Жок, жана дагы эшиктин түбүндө чубалжып электр шнурлар жатат. Ошол, мен болсо барып намазымды окуюн, ээ?! Дегичекти болбой атам чакырып калды:
- ”Актан, сени телефонго чакырып жатат?! Жооп берип койчу?!”
- ”Мына баратам!”

Билдирүүнү түзөткөн: ryzhak: 19 Август 2009 - 14:06

Тамашоудо Позитифф - демек позитивде Тамашоу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1227 Пользователь офлайн   USSR   19 Август 2009 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Оп бали.... азаматсын! Эми теманы бузуп жазбай турушунарды суранам...... Рыжак,эреже боюнча уч кун эле берилиши керек эле....дагы сценарийлерин болсо "Бытыгый ангемелер" темасына жазсан туура болгудай... Дагы кайталайм... тема убактылуу жабык....
Р.S. Же созсуз эле АrCHеr'ге айтып жаптырышым керекпи?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1228 Пользователь офлайн   kom   28 Август 2009 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Теманы го жаапсын... Бирок ачпастан кетип калганын жаман болуптур да...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1229 Пользователь офлайн   kom   07 Сентябрь 2009 - 09:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Мына мен даярмын...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1230 Пользователь офлайн   Женижок   07 Сентябрь 2009 - 09:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 247
  • Катталган: 17 Февраль 09
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 23:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Урматтуу форумчулар!
Бул теманы ачкан USSR досубуздун форумдан чыкканы аябай өкүнү чтүү. Мен терең ишенем автордун кайтып келээрине. Ошондуктан, ал кайтып келгиче теманы уланта бербейлиби. Анткени, ММКларда иштеген журналисттер деле бир интервью алган кишиден убакыт өткөн соң кайра-кайра интервью ала беришет эмеспи. Акындар айтышы деле тур-тур болуп уланып келе жатпайбы эмигече.
Биз деле жаңы сезондо мурда интервью берген инсандардан дагы бир жолу, анан форумга жаңы кошулгандардан интервью албайлыбы - мурда берилген суроолорду кайталабай, жаңы суроолорду берип. Учурдагы саясий, адабий, илимий жана башка маселелердин тегерегинде.
PS: СССР өзүмү н укам болгондуктан, ал кайтып келгиче, теманы мен алып барсам, эгер каршы болбосоң ор.
Анан, интервью бергендерге убакытты бир аз узартып, эми аларга календардык эмес, жумушчу 10 күндөн берсек (ишемби, жекшемби - дем алыш).

Ассаламу алейкум
убакытты азыраак кылсак кандай дейсиз ? убакыт ото эле коп эмеспи ?
Вы можете судить о мощи нации по женщине, которая стоит позади мужчины.
Бенджамин Дизраэли
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1231 Пользователь офлайн   adalsvards   07 Сентябрь 2009 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Salamatsyzby Kom myrza!
1. Уруксат болсо, башында таанышып алууга Чын атыныз, жашыныз, жердигиниз жана жумушунуз, албетте реалда?

2. Форум сизди эмнеси менен кызыктырат?

3. Саясатка кызыгасызбы?

Алдын-ала ыраазычылык билдирип, Эльвира
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1232 Пользователь офлайн   cholpon_b   07 Сентябрь 2009 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 221
  • Катталган: 29 Март 07
  • Соңку аракети: 21 Апр 2019 20:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан :)

ооо суроо берейинчи эээ ???
1. орозо кармап жатасынбы (кармап жатсан орозон кабыл болсун )
2. 7 атанды атай кетсен ???
3. ой максаттарындын канчасын ишке ашырып ийдин ????
чон рахмат дагы суроом пайда боло калса эле жазып коем !
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной, имею наглость быть счастливой! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1233 Пользователь офлайн   azalove   07 Сентябрь 2009 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 321
  • Катталган: 30 Январь 07
  • Соңку аракети: 24 Фев 2021 20:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кош келипсин Ком.
Менин суроолорум:
1. "Заман бузулду" дегенге кандай карайсын?
2. Акча менен ден-соолуктан башкасын сатып алууга болобу?
3 Супер форумга алгач киргенинди эстей аласынбы?
4. Чарчаганда ойногонду жакшы коросунбу? ( Оюн-кулкунун чанын чыгарасын го :crazy-girl: )
5. Аялдын чачы узун, акылы кыска экенине кошуласынбы?
6. Кыргызстандын онугуп кетишине козун жетеби?
6. Эркек дегенге татыктуу болуу учун кайсы 3 сапатты айтаар элен.
Азырынча ушу эле :crazy-girl:
Жоопторун учун алдынан рахматымды айтам. Ишине ийгилик, аманчылыкта бол деп МЕН.
Эн мыкты сот-абийирибиз! (Н.И.Гнедич)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1234 Пользователь офлайн   adalsvards   07 Сентябрь 2009 - 16:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Мен дагы бир суроо бергим келип жатат Кымбатбек! !!

"Советтиктер кыйын, алар бышык болушат" дешет эмнеге?
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1235 Пользователь офлайн   kom   07 Сентябрь 2009 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Интервьюга кош келипсин kom мырза. Кызыктуу суроолор, андан ашса - ашкан, кем калбаган жооптордун берилишин каалап, суроолоруму берейин:
1) Никтин (kom) сырын чечмелеп берсең;
2) Байкашыма караганда, "сөз баккан" жайың бар экен. Эмне себептен же кимден жуккан жана качантан бери?
3) "Акылың башкалар менен бөлүшкө ндөн ....". Улантып кетчи.
4) Мугалим болуп иштеп жаткандар жөнүндө кандай ойдосун?
5) Кандай кыздар жагат?



Ассаламу алейкум Jeka мырза:
Чындыгында ото кызыктуу суроолорду берипсиз, эми ошого жараша жооп бергенге аракет жасап коройун. Купулунузга толбой калса алды ала кечирим сурайм...

1. 7-класста классташ балдар мени японго окшошсун дешеер эле, кийиниреек китептен бир ангеменин каараманынын аты ким болот... Бул нигимдин тамыры ошо жактан чыккан. Башында "Ким" болуп журуп кийин озум "Ком"го озгортуп алгам.Анын себеби компьютерди суйуп калгандыгыма байланыштуу. ..

2. Менин оюмча Тагажуртумдан жуккан болушу керек. Себеби Таятам тамашага бай, созмор киши болчу. Жана апамын да копчулук жаман адамды муюлтуп суйлойсун деп калат...10-класста журок байкуш "суйуу" деген кыйынчылыктын эшигин байкабастан ачып алгандан бери ыр жазып коймой адатым бар...

3. "Акылың башкалар менен бөлүшкө ндөн... (кандай мааниде улаарымды да жаза кетсениз жакшы болмок, мейли эми улап кое берейин) ырахат гана алууга болот, Себеби акылдуу болуунун озу эле чон эмгек...

4. "Мугалим" - кесиптердин энеси деп билем. Жана бул кесипте иштеп жаткандарды сыйлайм.Ал эми азыркы убакта мамлекет дагы да жакшыраак конул бурулушун каалайм.

5. ммм... Кашы-козу капкара, узун бойлуу, кырдач мурундуу, кундуз чачтуу...бул суроттолушун бир чети... Ал эми муноз жактан алган болсок: сырткы сулуулугуна ички сулуулугу топ келишкен, нукура "Кыргыз" кыздары жагат...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1236 Пользователь офлайн   kom   07 Сентябрь 2009 - 17:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

ооо суроо берейинчи эээ ???
1. орозо кармап жатасынбы (кармап жатсан орозон кабыл болсун )
2. 7 атанды атай кетсен ???
3. ой максаттарындын канчасын ишке ашырып ийдин ????
чон рахмат дагы суроом пайда боло калса эле жазып коем !


Маакул, мен да колдон келишинче жооп берейинчи эээ...

1. Иншалла бугун 18 кунун кармап жатам.(Рахмат)

2. Атам - Самсали, Чон атам - Сартмамет, Бабам - Сатылган, Бубам - Ак баш, Кубарым - Сопу, Жетем - Токтош, Жотом - Сары Баргы.( Аталыштарын эстен чыгарып ийипмин, адаштырып ийдим окшойт :crazy-girl: )

3. Кудайга шугур, секин-секин аткарылып келе жатат...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1237 Пользователь офлайн   kom   07 Сентябрь 2009 - 17:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Кош келипсин Ком.
Менин суроолорум:
1. "Заман бузулду" дегенге кандай карайсын?
2. Акча менен ден-соолуктан башкасын сатып алууга болобу?
3 Супер форумга алгач киргенинди эстей аласынбы?
4. Чарчаганда ойногонду жакшы коросунбу? ( Оюн-кулкунун чанын чыгарасын го :crazy-girl: )
5. Аялдын чачы узун, акылы кыска экенине кошуласынбы?
6. Кыргызстандын онугуп кетишине козун жетеби?
6. Эркек дегенге татыктуу болуу учун кайсы 3 сапатты айтаар элен.
Азырынча ушу эле :crazy-girl:
Жоопторун учун алдынан рахматымды айтам. Ишине ийгилик, аманчылыкта бол деп МЕН.



Рахмат...

Менин жоопторум:

1. Заман бузулбайт, болгону ошо заманга карай оноло албастан бузулуп, артка кетип жаткан адамдардын ич куйду создорунун бири катары карайм...Заман бузукка-бузук, онго-он, кыйшыкка-кыйшык, тузго-туз деп тушуном... Себеп дегенде Замандын бузулушу да онолушу да адамдардын озунон эле болот...

2. Акча менен сатып алчуу нерселер ото эле коп, бирок сатып аал албаган нерселер да бар. Алар: Ден-соолук, суйуу, убакыт, ж.б.

3. ...Ооба ал маалда Internet Explorer колдоноор элем, негедир ушу сайтка кирсем эле жооп жазганга жетиштирбей эле "ошибка" деп чыгып калаар эле... Ошондо кыйналып шашып кирип жооп бергендерим эсимде...

4. Жок. Мен оюн-кулкуго чарчагандан эмес маанайым жокто коп кирем, анан зээригип чыкканда...

5. Жок, толугу менен кошула албайм, себеби беш кол тен эмес.

6. Ооба жашоо, заман дайыма прогрессте болот. Ошол сынары эле убакыттын отушу менен Кыргызстандын онугушуно толук козум жетет.

7. Эркекке таандык болгон сапаттарга: Намыскойлук, Оптимисттик, Айколдукту айтаар элем. Бул менин жеке оюм...


Суроолорун кызыктуу экен, сага да рахматым менен Мен. :crazy-girl:
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1238 Пользователь офлайн   kom   07 Сентябрь 2009 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Мен дагы бир суроо бергим келип жатат Кымбатбек! !!

"Советтиктер кыйын, алар бышык болушат" дешет эмнеге?


Билбедим, мага да коп айтышат. Бирок бышык деле эмесмин, ситуацияга карап кичинеее-кичинее эле бышык болбосом... :crazy-girl:
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1239 Пользователь офлайн   adalsvards   07 Сентябрь 2009 - 17:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Дагы бир жолу салам!!!

1. Келечекке жана жакынкы жылдарга койгон пландарын кандай?
2. Капа болбо, бирок, эгерде кокусунан эртен олорунду билип калсан, бир кундук омурунду эмнеге арнамаксын?
3. Кассир болсон, "биттин канын чыгарат" турбайсынбы. .. Биринчи там саласынбы, же аял аласынбы?
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1240 Пользователь офлайн   kom   08 Сентябрь 2009 - 08:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Дагы бир жолу салам!!!

1. Келечекке жана жакынкы жылдарга койгон пландарын кандай?
2. Капа болбо, бирок, эгерде кокусунан эртен олорунду билип калсан, бир кундук омурунду эмнеге арнамаксын?
3. Кассир болсон, "биттин канын чыгарат" турбайсынбы. .. Биринчи там саласынбы, же аял аласынбы?



Салам. Кутман таныныз менен!


1. Биринчиден жакшы ата болуу :ninja: , анан алла ден-соолукту берип турса калган пландарымдын баарын жакынкы жылдарда ишке ашыруу...

2. Ойго келбеген суроо экен...Менимче жакындарыма, уй-буломо арнамакмын го...

3. Негизи там салайын деп журдум эле, бирок жан шеригимдин "сени кыйнагым келбейт, мен сага жардам беришим керек, Экообуз биргеликте там салабыз"- деп эле кундо кайталай бергенинен аял алып алгамын :dance: .
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 03:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: