Таарыныч.
Таарынычтан жол да, экиге бөлүнүп.
Бара жаттым ,көздөн жашым төгүлүп.
Булут мени аягандай карара ,түнөрүп.
Жаап баштады ,жамгыр дагы төгүлүп.
Ишенимин ак сүйүүмдүн ,жок кылдым.
Тагдыр мага таш боорлук сен кылдың.
Кечээ эле биз бактылуу бирге баскан.
Бүгүн калдык ,жубубуздан адашкан.
Аалам дагы курчап мени кайгырып.
Жаткандай жансыз турган бак дагы.
Шуудурашып турганстыйт аяшып.
Чартылган чагылдайдай жай айы.
- (2 )
-
- 1
- 2
Макбурат Кожош кызынын Ырлар жыйнагы.
#2 13 January 2016 - 19:57
Таарыныч.
Кездешүүбүз татаал болду билбедим.
Гүлдөй болуп ,соолуп барат ,илебим.
Калды жерде , калып кетти тепселип.
Сага деген сүйүүм,таза гана тилегим.
Жолуугубуз катаал өттү билбедим.
Күтүлбөгөн көрүнүшкө туш келдим.
Ак сүйүүнүн тазалыгын кирдетип.
Таарынычта сен кеттиң, мен кеттим.
Ортодо жалгыз гана гүл ташталып.
Жан дүйнөмдү, ый ээледи башкарып.
Коштошубуз, ушунчалык бат болуп.
Бара жатың, сен да көзгө жаш алып.
Кош дегенге жарабадык бирибиз.
Каректен сүйлөшкөндөй дилибиз.
Сен ай болуп ,а мен жерге айланып.
Алыстыкта чек жок болду ченемсиз.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү
Москва 09.01.2016
Кездешүүбүз татаал болду билбедим.
Гүлдөй болуп ,соолуп барат ,илебим.
Калды жерде , калып кетти тепселип.
Сага деген сүйүүм,таза гана тилегим.
Жолуугубуз катаал өттү билбедим.
Күтүлбөгөн көрүнүшкө туш келдим.
Ак сүйүүнүн тазалыгын кирдетип.
Таарынычта сен кеттиң, мен кеттим.
Ортодо жалгыз гана гүл ташталып.
Жан дүйнөмдү, ый ээледи башкарып.
Коштошубуз, ушунчалык бат болуп.
Бара жатың, сен да көзгө жаш алып.
Кош дегенге жарабадык бирибиз.
Каректен сүйлөшкөндөй дилибиз.
Сен ай болуп ,а мен жерге айланып.
Алыстыкта чек жок болду ченемсиз.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү
Москва 09.01.2016
#3 13 January 2016 - 19:58
Сүрөттүңө.
Сүрөттүңө көпкө турдум кадалып.
Жүрөгүмдөн жамалыңа арбалып.
Сүйлөп жатым, ак сүйүүнү билгизип.
Бирок аттиң жообун ала албадым.
Күлмүңдөгөн көздөрүң жылмайып.
Тиктешкен калыбында тынч алып.
Ирмеп жаттым ,кирпигим суулантып.
Атаганат эмне себеп, эмне айып.
Башкаларга ыраа көрбөй өзүңдү.
Көпкө карап мөлтүр кара көзүңдү.
Жүрөгүмө катып койдум жашырып.
Жылмайган жылуу гана жүзүңдү.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.10.01.2016
Сүрөттүңө көпкө турдум кадалып.
Жүрөгүмдөн жамалыңа арбалып.
Сүйлөп жатым, ак сүйүүнү билгизип.
Бирок аттиң жообун ала албадым.
Күлмүңдөгөн көздөрүң жылмайып.
Тиктешкен калыбында тынч алып.
Ирмеп жаттым ,кирпигим суулантып.
Атаганат эмне себеп, эмне айып.
Башкаларга ыраа көрбөй өзүңдү.
Көпкө карап мөлтүр кара көзүңдү.
Жүрөгүмө катып койдум жашырып.
Жылмайган жылуу гана жүзүңдү.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.10.01.2016
#4 13 January 2016 - 20:00
Башка жактан сүйүү изде.
Сүйүү деп ,сөз айтпачы суранарым.
Жүрөгүмдү ,башкара албай убарамын.
Таш болуп, эбаак эле, каткан туура.
Эритүүгө айласын эч таба албадым.
Махабат деп, сөз айтып угуузбагын.
Жүрөгүмдү , тумчуктуруп кыйнбагын.
Өрт болуп ,эбаак эле ,күйүп бүткөн.
Өчүрүүгө ,жамгыр болуп ыйлабагын.
Тагдырды ,татаалсын деп айта бербе.
Жүрөгүмө азаптап, сен кыйноо бербе.
Мен бүгүн башка болуп төрөлгөмүн.
Унут да башка жактан сүйүү изде.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
08.01.2016
Сүйүү деп ,сөз айтпачы суранарым.
Жүрөгүмдү ,башкара албай убарамын.
Таш болуп, эбаак эле, каткан туура.
Эритүүгө айласын эч таба албадым.
Махабат деп, сөз айтып угуузбагын.
Жүрөгүмдү , тумчуктуруп кыйнбагын.
Өрт болуп ,эбаак эле ,күйүп бүткөн.
Өчүрүүгө ,жамгыр болуп ыйлабагын.
Тагдырды ,татаалсын деп айта бербе.
Жүрөгүмө азаптап, сен кыйноо бербе.
Мен бүгүн башка болуп төрөлгөмүн.
Унут да башка жактан сүйүү изде.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
08.01.2016
#5 13 January 2016 - 20:01
Ак көгүчкөнүм.
Булуттардай апапакай татынам.
Канат каксаң бир өзүңө жарашкан.
Ынтымактын симолу деп аташып.
Адамдар айтып келет адаттан.
Ак көгүчкөнүм , ак көгүчкөнүм.
Окшоштурам сага дагы сүйгөнүм.
Көк асманда ,аба жиреп учканың.
Көпкө карап көз албай суктандым.
Таза сезим ,сенден алдым дүйнөмө.
Жашасам деп , менин дагы максатым.
Ак көгүчкөнүм , ак көгүчкөнүм.
Окшоштурам мен дагы сүйгөнүм.
Ак көйнөк кийип ,чыкса жарашып.
Көпчүктү көңүлүн турдуң талашып.
Мен өзүңдү окшоштурдум ошондо.
Ак көгүчкөндөй жамалыңа арбалып.
Окшоштурдум сага дагы сүйгөнүм.
Ак көгүчкөнүм ,ак көгүчкөнүм.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва .10.01.2016.
Булуттардай апапакай татынам.
Канат каксаң бир өзүңө жарашкан.
Ынтымактын симолу деп аташып.
Адамдар айтып келет адаттан.
Ак көгүчкөнүм , ак көгүчкөнүм.
Окшоштурам сага дагы сүйгөнүм.
Көк асманда ,аба жиреп учканың.
Көпкө карап көз албай суктандым.
Таза сезим ,сенден алдым дүйнөмө.
Жашасам деп , менин дагы максатым.
Ак көгүчкөнүм , ак көгүчкөнүм.
Окшоштурам мен дагы сүйгөнүм.
Ак көйнөк кийип ,чыкса жарашып.
Көпчүктү көңүлүн турдуң талашып.
Мен өзүңдү окшоштурдум ошондо.
Ак көгүчкөндөй жамалыңа арбалып.
Окшоштурдум сага дагы сүйгөнүм.
Ак көгүчкөнүм ,ак көгүчкөнүм.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва .10.01.2016.
#6 13 January 2016 - 20:02
Наристе.
Наристе, ар бир үйдүн жарыгы.
Ата- эненин, жүрөгүнүн жарымы.
Бакыт сунуп ,бактылуулук тартулап...
Бул өмүрдүн башкарган бир агымы.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
08.01.2016
Наристе, ар бир үйдүн жарыгы.
Ата- эненин, жүрөгүнүн жарымы.
Бакыт сунуп ,бактылуулук тартулап...
Бул өмүрдүн башкарган бир агымы.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
08.01.2016
#7 13 January 2016 - 20:04
Сырдуу гүл.
Көңүлүмдүү тартып турган өзүнө.
Гүл туруптур, татынакай бөлмөмдө.
Ким жөнөткөн түшүнө албай апкарып .
Суроо салдым ,жанымдагы бөлмөгө.
Билбеймин деп, айтышат күлмүңдөп.
Кээ бирлери , бул сенин сүйүүң деп.
Эгер болсо ,чындыгында ак сүйүү.
Издерсин дейм ,из суутсам сен издеп.
Көпкө карап, кыялдарга маалынып.
Көңүл чиркин ооругансып таарынып.
Көз алдымда , жомоктогу мырзадай.
Кеткенсидим өткөн күндү сагынып.
Сырдуу гул, катпачы сен сырыңды.
Себеп болдуң,жаздым ушул ырымды.
Сезимдерге бүлүк салдың туюлатып.
Ошондон да жазгандаймын чынымды.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
07.01.2016
Көңүлүмдүү тартып турган өзүнө.
Гүл туруптур, татынакай бөлмөмдө.
Ким жөнөткөн түшүнө албай апкарып .
Суроо салдым ,жанымдагы бөлмөгө.
Билбеймин деп, айтышат күлмүңдөп.
Кээ бирлери , бул сенин сүйүүң деп.
Эгер болсо ,чындыгында ак сүйүү.
Издерсин дейм ,из суутсам сен издеп.
Көпкө карап, кыялдарга маалынып.
Көңүл чиркин ооругансып таарынып.
Көз алдымда , жомоктогу мырзадай.
Кеткенсидим өткөн күндү сагынып.
Сырдуу гул, катпачы сен сырыңды.
Себеп болдуң,жаздым ушул ырымды.
Сезимдерге бүлүк салдың туюлатып.
Ошондон да жазгандаймын чынымды.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
07.01.2016
#8 13 January 2016 - 20:05
Сулуулук.
Назик болгон ,гүлдөр сулуу башкача.
Ыргалышып желге эркелеп жайкала.
Адамзатта ,дал ушундай сулуулук.
Жашаган го ,бала чакта таптаза.
Табийгатта суу да ,сулуу башкача.
Мөлтүрөгөн тунук чиркин кашкая.
Адамзатта ,дал ушундай сулуулук.
Жашаган го он сегиз жаш куракта.
Тоолор сулуу ,бир -бирине уланып.
Көк булутка ,тирөөч сымал суналып.
Адамзатта дал ушундай сулуулук.
Жаралган го баш кошкондо кубанып.
Жылдыз сулуу жымыңдашып караган.
Алтын казык, таң Чолпону баарынан.
Адамзатта, дал ушундай сулуулук.
Наристелүү болгон кезде жаралган.
Күн сулуу ,түн сулуу, алаам сулуу.
Жаратылыш кучагын камтыган.
Өмүр сулуу ,жашоо сулуу башатты
Адамзатты, адам кылып жашаган.
Өмүр сулуу ,жашоо сулуу башатты.
Адамзатка сыноо берип жашаган.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва 05.01.2016
Назик болгон ,гүлдөр сулуу башкача.
Ыргалышып желге эркелеп жайкала.
Адамзатта ,дал ушундай сулуулук.
Жашаган го ,бала чакта таптаза.
Табийгатта суу да ,сулуу башкача.
Мөлтүрөгөн тунук чиркин кашкая.
Адамзатта ,дал ушундай сулуулук.
Жашаган го он сегиз жаш куракта.
Тоолор сулуу ,бир -бирине уланып.
Көк булутка ,тирөөч сымал суналып.
Адамзатта дал ушундай сулуулук.
Жаралган го баш кошкондо кубанып.
Жылдыз сулуу жымыңдашып караган.
Алтын казык, таң Чолпону баарынан.
Адамзатта, дал ушундай сулуулук.
Наристелүү болгон кезде жаралган.
Күн сулуу ,түн сулуу, алаам сулуу.
Жаратылыш кучагын камтыган.
Өмүр сулуу ,жашоо сулуу башатты
Адамзатты, адам кылып жашаган.
Өмүр сулуу ,жашоо сулуу башатты.
Адамзатка сыноо берип жашаган.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва 05.01.2016
#9 13 January 2016 - 20:06
Ашыгым.
Кечтим сүйүү деңизинде чалкыдым.
Жер кыртышта, суюктукта балкыдым.
Бакыт издеп ,сени менен достошуп..
Ак куулардай болсо дедим ашыгым.
Уртап көрдүм ,сүйүү деген татымын.
Сезе албадым ,таттуулугун ,ачыгын.
Бирок согуп, жүрөк турат ,тыбырап.
Сен тарапка ,алып учуп ашыгым.
Мезгилдерди ,жашап баарын өтөмүн.
Арасынан ,жазды жакшы көргөмүн.
Биз таанышкан күнгө күбө болгонго.
Жаз айындай сени дагы сүйөмүн.
Биз таанышкан күнгө күбө болгондой.
Жаным сени түбөлүккө сүйөрмүн.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.05.01.2016
Кечтим сүйүү деңизинде чалкыдым.
Жер кыртышта, суюктукта балкыдым.
Бакыт издеп ,сени менен достошуп..
Ак куулардай болсо дедим ашыгым.
Уртап көрдүм ,сүйүү деген татымын.
Сезе албадым ,таттуулугун ,ачыгын.
Бирок согуп, жүрөк турат ,тыбырап.
Сен тарапка ,алып учуп ашыгым.
Мезгилдерди ,жашап баарын өтөмүн.
Арасынан ,жазды жакшы көргөмүн.
Биз таанышкан күнгө күбө болгонго.
Жаз айындай сени дагы сүйөмүн.
Биз таанышкан күнгө күбө болгондой.
Жаным сени түбөлүккө сүйөрмүн.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.05.01.2016
#10 13 January 2016 - 20:07
Конинин ырына жооп.
Умачтай көзүм ачылап.
Ой-санаам турду чачылып.
Кулагымда жаңырткан.
Ыр саптар го агылып.
Сүйүү деп ырдап бириси.
Жүрөгүмө кол салган.
Коштоп кетет экинчи.
Күлкү үнү жаңырган.
Издеп табат үчүнчү.
Заматта шыпылдап.
Адашты го атиң ай.
Жашы кичүү тыпыңдап.
Бул кечеге көрк болгон.
Акындыгын билдим бат.
Кимиңерди сүйөмүн.
Жигиттерге болдум мас.
Таш жүрөктү эритип.
Жылытканга от жок го.
Ырдай бергин, Кони эми.
Окуп чыгып бул жоопко.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва .05.01.2016.
Умачтай көзүм ачылап.
Ой-санаам турду чачылып.
Кулагымда жаңырткан.
Ыр саптар го агылып.
Сүйүү деп ырдап бириси.
Жүрөгүмө кол салган.
Коштоп кетет экинчи.
Күлкү үнү жаңырган.
Издеп табат үчүнчү.
Заматта шыпылдап.
Адашты го атиң ай.
Жашы кичүү тыпыңдап.
Бул кечеге көрк болгон.
Акындыгын билдим бат.
Кимиңерди сүйөмүн.
Жигиттерге болдум мас.
Таш жүрөктү эритип.
Жылытканга от жок го.
Ырдай бергин, Кони эми.
Окуп чыгып бул жоопко.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва .05.01.2016.
#11 13 January 2016 - 20:08
Жамалыңа көңүл тоюп узасын.
Кубат болчу ,минутталык өмүргө.
Кургап барат ,жашоо деми көрүнө.
Какшып гана, эч нерсиз кур калган.
Айлангансыйм ,кум Сахара чөлүнө.
Күтөм сени ,келбешиңди билсем да.
Күнөөлөймүн, ак сүйүүнү дайыма.
Карааныңа, кадалбастан карегим.
Күндөп ,айлап , күтө берем сагына..
Жеңилдим, турмуш эмес ,сынынан
Сүйүүсүнөн анан барып сырынан.
Айлангансыйм, алсыз гана пендеге.
Жазгандарым болду, арман ырынан.
Келип койгун, акыркы бир ирмемде.
Көрүп көзүм ,тойгончо бир суктансын.
Жалаң гана азап тартып өткөнчө.
Жамалыңа бир суктанып узасын.
Жашоодо кайгы тартып өткөнчө.
Карааныңа көңүл тоюп узасын.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.03.01.2016
Кубат болчу ,минутталык өмүргө.
Кургап барат ,жашоо деми көрүнө.
Какшып гана, эч нерсиз кур калган.
Айлангансыйм ,кум Сахара чөлүнө.
Күтөм сени ,келбешиңди билсем да.
Күнөөлөймүн, ак сүйүүнү дайыма.
Карааныңа, кадалбастан карегим.
Күндөп ,айлап , күтө берем сагына..
Жеңилдим, турмуш эмес ,сынынан
Сүйүүсүнөн анан барып сырынан.
Айлангансыйм, алсыз гана пендеге.
Жазгандарым болду, арман ырынан.
Келип койгун, акыркы бир ирмемде.
Көрүп көзүм ,тойгончо бир суктансын.
Жалаң гана азап тартып өткөнчө.
Жамалыңа бир суктанып узасын.
Жашоодо кайгы тартып өткөнчө.
Карааныңа көңүл тоюп узасын.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.03.01.2016
#12 13 January 2016 - 20:11
Кыш кечи.
Ааалам сулуу ,табиягат да эң сулуу.
Айта алгыс же табалгыс миң сырлуу.
Түйүнчөгүн түйүп каткан энемдин.
Сандыгындай кулпуланган бүт тулку...
Ай сулуу да ,аны жапкан түн сулуу.
Айланага тегиз чачкан бүт нурдуу.
Апакемдин мээриминдей бөлөгөн.
Чачыраган жебелери сыйкырдуу..
Тынчтык сүрүп өкүмдөдү ааламды.
Чарчагандан ,чаалыкандай талабы.
Жер беттинде, аппак кебез төшөлүп.
Бак-дарактар кийген бубак чапанды.
Көл көшөрүп мелмиледеген калыпта.
Жылгаяктуу көк муз басып жабыкса.
Асман тиктеп, күзгү болуп жалтырап.
Сулуулугун көрсөткөндөй булутка..
Кыштын кечи.. табийгаттын бир түнү.
Ызылдаган бороон айдап бүт суукту.
Жер кезип ,айланганча таң да атат.
Тартып бүткөн эбак бирок сулуулукту.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.03.01.2016.
Ааалам сулуу ,табиягат да эң сулуу.
Айта алгыс же табалгыс миң сырлуу.
Түйүнчөгүн түйүп каткан энемдин.
Сандыгындай кулпуланган бүт тулку...
Ай сулуу да ,аны жапкан түн сулуу.
Айланага тегиз чачкан бүт нурдуу.
Апакемдин мээриминдей бөлөгөн.
Чачыраган жебелери сыйкырдуу..
Тынчтык сүрүп өкүмдөдү ааламды.
Чарчагандан ,чаалыкандай талабы.
Жер беттинде, аппак кебез төшөлүп.
Бак-дарактар кийген бубак чапанды.
Көл көшөрүп мелмиледеген калыпта.
Жылгаяктуу көк муз басып жабыкса.
Асман тиктеп, күзгү болуп жалтырап.
Сулуулугун көрсөткөндөй булутка..
Кыштын кечи.. табийгаттын бир түнү.
Ызылдаган бороон айдап бүт суукту.
Жер кезип ,айланганча таң да атат.
Тартып бүткөн эбак бирок сулуулукту.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.03.01.2016.
#13 13 January 2016 - 20:12
Ойлон кыргыз жараны.
Кыргыз туруп,кыргыздыгын унуткан бар.
Кемсинтишип төмөн карай баскандар.
Оштук, төштүк, Бишкек ,чүйлүк болушуп.
Эхх ,атаганат биримдикти жуткандар.
Элим кыргыз,жерим кыргыз дегендер.
Баш көтөрүп биримдикке келиңер.
Ансыз деле сатып жатат чоңдору.
Акча үчүн канча жерди эрендер.
Толкуп агып, кыргыз кетти таралып.
Жат өлкөдө, жан багам деп сандалып.
Ансыз деле аз калдыңар мекенде.
Талашы жок жашасаңар ,тынч алып.
Бийлик калды, аз сандагы адамга.
Кичинекей бөбөктөргө, балдарга.
Жарамдусу кызмат кылар мекенге.
Аргасыздан чыгып кетти чет элге.
Ойлон кыргыз, ойлон кыргыз жараны.
Ырбатпачы жүрөктөгү жарамды.
Биз элбиз ,бир түндүктөй таралган.
Унуткаргыла убай салган санаамды.
Жаман айтып бир -бирибиз тилдешпейли .
Жакшынакай ынтымакта элдешейли.
Сыйлашып беш күнчүлүк бул өмүрдө.
Түндүк -түштүк болуп алып бетешпейли.
Мен кыргызмын, сен кыргызсын .
Керек болсо ал да кыргыз жараны.!!
Жүрөгүндө эне-тили жана дагы урааны.
Көкүрөктө түйүп алган кыргыз деген тумарды.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва 02.01.2016
Кыргыз туруп,кыргыздыгын унуткан бар.
Кемсинтишип төмөн карай баскандар.
Оштук, төштүк, Бишкек ,чүйлүк болушуп.
Эхх ,атаганат биримдикти жуткандар.
Элим кыргыз,жерим кыргыз дегендер.
Баш көтөрүп биримдикке келиңер.
Ансыз деле сатып жатат чоңдору.
Акча үчүн канча жерди эрендер.
Толкуп агып, кыргыз кетти таралып.
Жат өлкөдө, жан багам деп сандалып.
Ансыз деле аз калдыңар мекенде.
Талашы жок жашасаңар ,тынч алып.
Бийлик калды, аз сандагы адамга.
Кичинекей бөбөктөргө, балдарга.
Жарамдусу кызмат кылар мекенге.
Аргасыздан чыгып кетти чет элге.
Ойлон кыргыз, ойлон кыргыз жараны.
Ырбатпачы жүрөктөгү жарамды.
Биз элбиз ,бир түндүктөй таралган.
Унуткаргыла убай салган санаамды.
Жаман айтып бир -бирибиз тилдешпейли .
Жакшынакай ынтымакта элдешейли.
Сыйлашып беш күнчүлүк бул өмүрдө.
Түндүк -түштүк болуп алып бетешпейли.
Мен кыргызмын, сен кыргызсын .
Керек болсо ал да кыргыз жараны.!!
Жүрөгүндө эне-тили жана дагы урааны.
Көкүрөктө түйүп алган кыргыз деген тумарды.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва 02.01.2016
#14 13 January 2016 - 20:13
Апам жана сотка.
Кыйналып ,ыза тарткан кезимде.
Чалуу келди ,сотка деген немеме.
Арсар туруп, ала калсам апакем.
Айланайын, амансынбы дегенде.
Ачылтытып ,гүл өстүрдү демиме.
Муңканып мен ,ыйлап турган кезимде.
Ырдап кирди ,сотка деген тимеле.
Жетип барып,өчүрмөкчү болгомун.
Өчүрбөдүм ,ал апакем өзү эле.
Көз жашымды унуткарды бат эле.
Түйшүк тартып ,азаптанган кезимде.
Чыркырайт го сотка деген жөн эле.
Чыдай албай жетип бардым булкунуп.
Турдум ,калдым ,тиктеп алып жым эле.
Ал апакем ,ал апакем өзү эле.
Кайдан сезет, кыйналган күндөрдү.
Байкап алат, уктабаган түндөрдү.
Мээримне бөлөй берет дагы эле.
Ооруп калсам ,билет ,туят жүрөгү.
Сотка деген жеткирет го үндөрдү.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва .02.01.2016
Кыйналып ,ыза тарткан кезимде.
Чалуу келди ,сотка деген немеме.
Арсар туруп, ала калсам апакем.
Айланайын, амансынбы дегенде.
Ачылтытып ,гүл өстүрдү демиме.
Муңканып мен ,ыйлап турган кезимде.
Ырдап кирди ,сотка деген тимеле.
Жетип барып,өчүрмөкчү болгомун.
Өчүрбөдүм ,ал апакем өзү эле.
Көз жашымды унуткарды бат эле.
Түйшүк тартып ,азаптанган кезимде.
Чыркырайт го сотка деген жөн эле.
Чыдай албай жетип бардым булкунуп.
Турдум ,калдым ,тиктеп алып жым эле.
Ал апакем ,ал апакем өзү эле.
Кайдан сезет, кыйналган күндөрдү.
Байкап алат, уктабаган түндөрдү.
Мээримне бөлөй берет дагы эле.
Ооруп калсам ,билет ,туят жүрөгү.
Сотка деген жеткирет го үндөрдү.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва .02.01.2016
#15 13 January 2016 - 20:14
Туулган жер түштүң эсиме.
Таштак жолду, айыл түшүп эсиме.
Сагындырды ,ушул күнү кечинде
Балалыгым ,баёо кезим элестеп.
Тартып турду, туулган жер өзүнө.
Көзгө элестеп , тентектигим ,шоктугум.
Таңдар аткан ,аппак болгон шоокумуң.
Арык бойлоп, акчу эле суу шылдырап.
Киргилденип ,кайра тунуп толкунуң.
Шамал согуп, беттен сылап аймалап.
Жакын болчу, үй жанымда алма бак..
Курбуларым мен сыяктуу секелек.
Оюн курчук ,көңүл ачык салтанат.
Таза сезим ,бир өзүңдө калыптыр.
Турмушума ,чыйыр жолду салыптыр.
Сагынганда келип ,кеткин дегенсип.
Жүрөгүмдө уюптурсун, калыпсын..
Кулунчагың ат кылуучу күндөрүм.
Кулпурган гүлдөрүңдөй ,гүлдөттүң.
Бойго жетип ,талпынганча сен канча.
Боёкторго, боёлгондой түрлөнтүң.
Өмүр бүтүп ,өлүм алар кезимде.
Өзүңдөн ,мен узасам деп дилимде.
Тилек кылам ,бассам ,турсам дайыма.
Жаздансам деп жумшак гана төрүңдө.
Кыдырбеква Макбурат.
Москва.02.01.2016
Таштак жолду, айыл түшүп эсиме.
Сагындырды ,ушул күнү кечинде
Балалыгым ,баёо кезим элестеп.
Тартып турду, туулган жер өзүнө.
Көзгө элестеп , тентектигим ,шоктугум.
Таңдар аткан ,аппак болгон шоокумуң.
Арык бойлоп, акчу эле суу шылдырап.
Киргилденип ,кайра тунуп толкунуң.
Шамал согуп, беттен сылап аймалап.
Жакын болчу, үй жанымда алма бак..
Курбуларым мен сыяктуу секелек.
Оюн курчук ,көңүл ачык салтанат.
Таза сезим ,бир өзүңдө калыптыр.
Турмушума ,чыйыр жолду салыптыр.
Сагынганда келип ,кеткин дегенсип.
Жүрөгүмдө уюптурсун, калыпсын..
Кулунчагың ат кылуучу күндөрүм.
Кулпурган гүлдөрүңдөй ,гүлдөттүң.
Бойго жетип ,талпынганча сен канча.
Боёкторго, боёлгондой түрлөнтүң.
Өмүр бүтүп ,өлүм алар кезимде.
Өзүңдөн ,мен узасам деп дилимде.
Тилек кылам ,бассам ,турсам дайыма.
Жаздансам деп жумшак гана төрүңдө.
Кыдырбеква Макбурат.
Москва.02.01.2016
#16 13 January 2016 - 20:15
Сүйүү болсо көптүн бириндей.
Менде сүйүү болсо, көптүн бириндей.
Сүймөкмүн го, баарыңарды иргебей.
Жүрөгүмө батырмакмын таарынтпай.
Көңүлүңөр калар беле кирдебей.
Азган -тозгон болсо эгерде сүйүүдөн.
Аларды да арылтмакмын бул күндөн.
Аз болсо да, сүйүү даамын татайын.
Айткылачы, таткан барбы өмүрдөн.
Айтат баары ,сенде жүрөк жок дешип.
Жүрөк бар го, сүйүү кеткен жер кезип.
Же болбосо ,таарынканмын байкабай.
Ошондуктан менден кеткен ал безип.
Көпчүлүктө ,ырдап мага сүйүүнү.
Жооп кылып ,кайтаруумду өтүндү.
Ыңгайсыздык абалга мен кабылдым.
Сүйүү деген, кечпегенден көлүңдү.
Менде сүйүү болсо, көптүн бириндей.
Жооп бермекмин ар бир сөзүң иргебей.
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жай берип..
Жылуу ,жумшак күтөр белем тилдебей.
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жай берип.
Көңүлүңдү коёр белем кирдетпей.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.02 .01.2016
Менде сүйүү болсо, көптүн бириндей.
Сүймөкмүн го, баарыңарды иргебей.
Жүрөгүмө батырмакмын таарынтпай.
Көңүлүңөр калар беле кирдебей.
Азган -тозгон болсо эгерде сүйүүдөн.
Аларды да арылтмакмын бул күндөн.
Аз болсо да, сүйүү даамын татайын.
Айткылачы, таткан барбы өмүрдөн.
Айтат баары ,сенде жүрөк жок дешип.
Жүрөк бар го, сүйүү кеткен жер кезип.
Же болбосо ,таарынканмын байкабай.
Ошондуктан менден кеткен ал безип.
Көпчүлүктө ,ырдап мага сүйүүнү.
Жооп кылып ,кайтаруумду өтүндү.
Ыңгайсыздык абалга мен кабылдым.
Сүйүү деген, кечпегенден көлүңдү.
Менде сүйүү болсо, көптүн бириндей.
Жооп бермекмин ар бир сөзүң иргебей.
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жай берип..
Жылуу ,жумшак күтөр белем тилдебей.
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жай берип.
Көңүлүңдү коёр белем кирдетпей.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.02 .01.2016
#17 13 January 2016 - 20:16
Ыйлап жаттым.
Кулап түштүм ,жаздыгымдан туралбай.
Ыйлап жаттым ,толук сөзүң угалбай.
Биздин бакыт түгөнүптүр бул күнү.
Турмуш жолун, калдык аттиң улабай.
Алай -дүлөй шамал согуп ышкырып.
Кулагымда ызы -чуулуу кыйкырык..
Сен айтарда ,ойлондуңбу мени да.
Ушунчалык тез калдымбы унутулуп.
Айткан сөздөр ,желге учкан билинбей.
Аягансып бактар турган дирилдей..
Кол кармашып айлуу түндүн койнунда.
Баскан күндөр ,учту күздүн желиндей.
Ыйлап жатым, ыйлап жатым буркурап.
Карегимден бурчак-бурчак жаш кулап.
Бүгүн сенин күнүң болсо унутулгус...
Бүгүн менин ыйым болду ,эч унуткус.
Кыдырбекова Макбурат.
Моска кайрыктар мүчөсү.
Москва.02.01.2016
Кулап түштүм ,жаздыгымдан туралбай.
Ыйлап жаттым ,толук сөзүң угалбай.
Биздин бакыт түгөнүптүр бул күнү.
Турмуш жолун, калдык аттиң улабай.
Алай -дүлөй шамал согуп ышкырып.
Кулагымда ызы -чуулуу кыйкырык..
Сен айтарда ,ойлондуңбу мени да.
Ушунчалык тез калдымбы унутулуп.
Айткан сөздөр ,желге учкан билинбей.
Аягансып бактар турган дирилдей..
Кол кармашып айлуу түндүн койнунда.
Баскан күндөр ,учту күздүн желиндей.
Ыйлап жатым, ыйлап жатым буркурап.
Карегимден бурчак-бурчак жаш кулап.
Бүгүн сенин күнүң болсо унутулгус...
Бүгүн менин ыйым болду ,эч унуткус.
Кыдырбекова Макбурат.
Моска кайрыктар мүчөсү.
Москва.02.01.2016
#18 13 January 2016 - 20:17
Тилегим.
Мына бүгүн жакшы күндөр арыштап.
Жакшы үмүт ,тилектерди калыстап.
Жыл башталды ,жаңы гана сапарлап.
Өз кызматтын өттө үчүн жол улап.
Күткөн элим, бакыт сенден суранып.
Тосту элим ,ынтымактуу , кубанып.
Тилектерди орундатчы бул жылы.
Сургандар калысынчы дем алып.
Ата-энеге узаак өмүр, жаш берчи.
Сый-урматка бөпөлөчү сен элди.
Орууганга шыпаа бергин айыксын.
Армандууга жөнөтүп кой желиңди.
Айдап кетсин толгон жүрөк мууңдарды.
Айтышсынчы катылган бүт сырларды.
Жалгыздарга түгөй бергин бул жылы.
Барктап алсын алар дагы бактыны.
Баласыз көп түтөп, ыйлап сыздаган.
Кирпигинен төмөндөп жаш кулаган..
Наристенин үнүн жаңырт ал үйгө.
Мен ошондо бактылуудай кубанам.
Байлык эмес бакыт жылын жаадыргын.
Ыймансызды өз жолуна тайдыргын.
Элим сүрсүн бейпилдиктүү жашоодо.
Жамандыкты эски жылда калтыргын..
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.01.01.2016.
Мына бүгүн жакшы күндөр арыштап.
Жакшы үмүт ,тилектерди калыстап.
Жыл башталды ,жаңы гана сапарлап.
Өз кызматтын өттө үчүн жол улап.
Күткөн элим, бакыт сенден суранып.
Тосту элим ,ынтымактуу , кубанып.
Тилектерди орундатчы бул жылы.
Сургандар калысынчы дем алып.
Ата-энеге узаак өмүр, жаш берчи.
Сый-урматка бөпөлөчү сен элди.
Орууганга шыпаа бергин айыксын.
Армандууга жөнөтүп кой желиңди.
Айдап кетсин толгон жүрөк мууңдарды.
Айтышсынчы катылган бүт сырларды.
Жалгыздарга түгөй бергин бул жылы.
Барктап алсын алар дагы бактыны.
Баласыз көп түтөп, ыйлап сыздаган.
Кирпигинен төмөндөп жаш кулаган..
Наристенин үнүн жаңырт ал үйгө.
Мен ошондо бактылуудай кубанам.
Байлык эмес бакыт жылын жаадыргын.
Ыймансызды өз жолуна тайдыргын.
Элим сүрсүн бейпилдиктүү жашоодо.
Жамандыкты эски жылда калтыргын..
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.01.01.2016.
#19 13 January 2016 - 20:19
Кайтып келчи ардагым.
Арзуу айткан биздин күндөр алыстап.
Убакыт ,саат тургансыды калыстап.
Сагынычка бүгүн болдум мен туткун.
Кайтып келчи ардагым бир сапарлап.
Сүйүүбүз тунук жана таза болучу.
Кучагымда кызыл гүлгө толуучу
Капаланам мен өзүңдү сагынып.
Кайтып келчи ардагым бир жолукчу.
Издеп сени тапкым келет кыдырып.
Жар салсамбы жаным деп кыйкырып.
Жан дүйнөмдү ээлеп алды бир гана.
Бороонду кыштын кечи ышкырып.
Жай аптабы, бир өзүңдө кетиптир.
Жылуу гана канаттына жашырган.
Сенчелик сүйө албадым эч жанды.
Барбы деги өзүңдөй башка адам.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Арзуу айткан биздин күндөр алыстап.
Убакыт ,саат тургансыды калыстап.
Сагынычка бүгүн болдум мен туткун.
Кайтып келчи ардагым бир сапарлап.
Сүйүүбүз тунук жана таза болучу.
Кучагымда кызыл гүлгө толуучу
Капаланам мен өзүңдү сагынып.
Кайтып келчи ардагым бир жолукчу.
Издеп сени тапкым келет кыдырып.
Жар салсамбы жаным деп кыйкырып.
Жан дүйнөмдү ээлеп алды бир гана.
Бороонду кыштын кечи ышкырып.
Жай аптабы, бир өзүңдө кетиптир.
Жылуу гана канаттына жашырган.
Сенчелик сүйө албадым эч жанды.
Барбы деги өзүңдөй башка адам.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
#20 13 January 2016 - 20:20
Кусалык.
Сезим ооруп ,сен деп дегдеп чабылып.
Кусалыкка туткун болдум , кабылып.
Жүрөгүмдө жашап калды, коё бербей.
Өткөн күндөр, болуп мага сагыныч.
Бүгүн бөскө ,толбой чакам бакытка.
Ой чырмап ,санааркаймын бул тапта..
Жалгыз гана сен жашайсын жүрөктө.
Унута албай кыйналдым го мен канча.
Толкун болуп көк деңиздей чайпалып.
Токтоно албай ,алдас уруп шарпылдап
Менин жашоом тозок отко айланды..
Бакыт издеп, көл үстүндө калкылдап.
Сени сүйдүм ,сүйүүдөн мен чагылдым.
Эстеп сени кусаландым ,кайгырдым.
Бакыт бизге чачпаса да жылуу нур.
Бактылуу бол ,түбөлүк деп кайрылдым.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва 26.12.2015
Сезим ооруп ,сен деп дегдеп чабылып.
Кусалыкка туткун болдум , кабылып.
Жүрөгүмдө жашап калды, коё бербей.
Өткөн күндөр, болуп мага сагыныч.
Бүгүн бөскө ,толбой чакам бакытка.
Ой чырмап ,санааркаймын бул тапта..
Жалгыз гана сен жашайсын жүрөктө.
Унута албай кыйналдым го мен канча.
Толкун болуп көк деңиздей чайпалып.
Токтоно албай ,алдас уруп шарпылдап
Менин жашоом тозок отко айланды..
Бакыт издеп, көл үстүндө калкылдап.
Сени сүйдүм ,сүйүүдөн мен чагылдым.
Эстеп сени кусаландым ,кайгырдым.
Бакыт бизге чачпаса да жылуу нур.
Бактылуу бол ,түбөлүк деп кайрылдым.
Кыдырбекова Макбурат.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва 26.12.2015
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео








