Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка кел

#61 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 12:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Табакелова Наргиза


Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм
Менин өлкөм… Адамзат жаралгандан бери канчалаган элдер өз мамлекетин калыптандырып, өнүктүрүп-өстүрүп, асыл мурастарын ошол өз өлкөлөрү аркылуу кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүүнү максат кылып келишкен. Бирок, тагдырдын буйругу – нечендеген дүркүрөгөн империялар тыптыйпыл болуп, аты, изи жок калган учурлар да болгону тарых чындыгы. Биздин бүгүнкү Кыргызстаныбыз – ата-бабалардын көптөгөн кылымдар бою кыйын кезеңдерди басып өтүп, жан тынбастан тер төгүп, керек жерде канын, ал түгүл жанын да аябай бизге жеткирген, эч нерсеге алмаштыргыс улуу байлыгыбыз эмеспи. Жаш муун үчүн өзгөчө акыркы 5 жылдагы тарыхыбыз мамлекеттин коопсуздугу, эл, жердин бүтүндүгү келечек үчүн канчалык манилүү экенин эскертип кетти деген ойдомун. Негизгиси өткөн тарыхтын сабактары келечекке кандай кадам таштай турганыбызды көрсөткөн шам чырак экенин ар бир атуул көңүлгө ала жүрүүсү зарыл.
Бүгүнкү Кыргызстаныбыз. .. Ким эмне деп мактабасын, ким эмне деп жамандабасын, бирок биз өз көзүбүз менен көрүп, жон терибиз менен сезип турган реалдуу көрүнүш - өлкөбүз өз алдынчалуулуктун алгачкы кыйын күндөрүн эми гана артта калтырып, алдыга кадам таштаган учуру. Бизде, учурда кол жеткистей көрүнгөн, дайыма өз сөзүбүздө мисал келтирип сүйлөгөн дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулууга толук шартыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн элибиз терең билим алууну, ыймандуулукту, эмгекчилдикти сүйгөн элге айлануусу жетиштүү го деп ойлойм.
Дүйнөдө эмне деген гана кооз, көргөндүн көз жоосун алган табигый керемет жерлер бар. Алардын бири биздин Кыргызстаныбыз деп сыймыктануу менен айта алабыз. Ал эми адамзаттын эмгекчил колу менен жаралган дүйнөнүн керемет жайлары, гүлдөгөн маданият, алдыңкы билим берүү, саламаттыкты сактоо системалары, дүркүрөп өскөн экономика бизде бар деп айтууга али эрте. Бирок ар бир патриот кыргызстандыктын жүрөгүндө жогоруда айтылган нерселер биздин өлкөдө да болсо экен деген аруу тилек бар экени талашсыз.
Өлкөнүн келечеги – анда жашаган ар бир атуулдун, өзгөчө жаш муундун алдына койгон максатынан көз каранды, ошондой эле өлкөнүн келечегине кам көрүү ар бир атуулдун милдети эсептейм. Ошондуктан, биз, азыркы жаш муун эгер келечекте бардык тармагы өнүккөн өлкөдө жашап, терең билим алууну, өз өлкөбүздө иш менен камсыз болууну, өзүбүз каалаган чет жерлерге чыгып билим алууну, эс алууну, башка өлкөлөр менен теңата кызматташууну кааласак алдыбызга чоң максаттарды коюп, тынымсыз аракетте болуубуз керек. Мен бардык мекендештериме өлкө менен жеке атуулдун келечеги ажырагыс, тыгыз байланышта, өзүбүздүн келечекке кам көрсөк – өлкөбүздүн келечегин ойлогон болобуз, өлкөбүздүн келечегин ойлосок өз алдыбызга чоң максаттарды коюп, аны ишке ашыра алабыз деп айтат элем. Мен өлкөбүздүн бир кезде бардык тарабы төп келишкен, өнүккөн өлкөгө айланарына терең ишенем!
Табакелова Наргиза Мамашариповна, Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин 10-классынын окуучусу. Дарек: Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 12:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кубаныч кызы Жазгул


Мен мекенимдин гүлдөп өсүшүн каалаймын.
Парижди эйфель мунарасыз элестете албаган сыяктуу эле, Кыргызстанды аска зоолор, ала тоолорсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Кайда барбагын ак мөнгүлүү, ала тоолорду көрөсүн, шаркырап аккан көк кашка сууларга, карагайлуу токойлорго туш келесин. Ушундай кооз сөз менен айтып түгөтө албаган улуу мекенимди жердеген Кыргыз элим гүлдөп өскөн жерибизде жашоого татыктуу. Ал үчүн кыргыз жарандары, президент баш болуп ар тараптан салым кошуп жатканы баарыбызга белгилүү. Ал эми жаны өсүп келе жаткан жаштар, алардын арасында мен, Кыргызстанды мындан ары кантип гүлдөп өсүп кеткени тууралуу көп ойлорду ойлоном. «Мекенине кошкон үлүшүн, жакшы журум турумун» дегендей, мен дагы алдыма чон максаттарды койдум. Мектепти жакшы окуп, келечекте өзүм сүйгөн кесибим Врач болгум келет. Врач болуу ардактуу, жоопкерчиликтүү кесип. «Мамлекеттин байлыгы ден сак эл» демекчи Калкымдын ден соолугу үчүн жан дилим менен кызмат кылмакмын. Ар дайым кыргыз элимдин дени сак болушун каалаймын. Улуттун ден-соолугу эненин жана бѳбѳктүн ден-соолугунан башталат. Демек, алар мамлекеттин камкордугунда болуусу абзел. Мен сыяктуу эле Кыргызстандын баардык жерлеринде билим алып жатканмектеп окуучулары алдына чон-чон максаттарды койуп, ошол максаттарына жетүүгө талыкпай эмгектенип, жакшы окуп, арекет кылса эле, кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө эч кандай күмөнүм жок.
Качан гана мамлекетибизде адилеттүү, элди алдабаган, мамлекеттин акчаларын жебеген, жумуш орундарына күчтүү кадрлар тандалганда гана мамлекет жакшы жагына өзгөрүлөт. Бизде эмне баары коррупция болуп кеткен. Ар бир кыргызстандык жана ар бир айыл, ар бир эмгек жамааты ыйманды бекем тутканда гана ыймандуу Кыргызстанды кура алабыз. Ыймансыз коом – келечексиз коом.
Биздин айылга келген партия мүчөлөрүнүн алдыга койгон максаттарын карап корсок:
-Улуттук медициналык борборлорду чечкиндүү колдоо жана заманбап медициналык технологиялар менен камсыз кылуу – мамлекеттин негизги стратегиясы.
-Спорт сабагы мектептерде гана окутулбастан, ар бир эмгек жамаатынын спорттук командасы болушу шарт. Улуттук спорттун түрлѳрү болгон кѳк бѳрү, ат чабыш ж.б. – биздин байыртадан туу тутуп келген сыймыгыбыз.
-Кыргызстандын эӊ зор байлыгы – бул анын билимдүү жаштары. Бала-бакчалар дын санын көбөйтүү.
-Тоо-кен байлыктарын азыркы коомдун жана келечек муундун кызыкчылыктарын эске алуу менен экологияга кесепеттерин тийгизбей туура пайдалануу баарыбыз үчүн парз
-Суу жана энергетикалык зор мүмкүнчүлүктѳрдү үнѳмдүү, максаттуу жана кирешелүү пайдалануу.
-Биз, кыргызстандыктар, ЕАЭБ ѳлкѳлѳрүнѳ экологиялык жактан таза эт, сүт, мѳмѳ-жемиш азыктарын рынокко чыгарууга жетише алабыз. Ал үчүн пайызы тѳмѳн кредиттер, үрѳөнчүлүк жана уруктандыруу чарбаларын мамлекеттик денгээлде колдоо, заманбап лабораториялар менен камсыз кылуу.
-Биздин жаратылышыбыз ажайып кооз. Кыргызстандын керемет кооз табиятын жана меймандос элин кѳрѳбүз деп тѳгѳрѳктүн тѳрт бурчунан кѳксѳгѳндѳр кѳп. Эң ириде, бизге келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, айрыкча жол жана инфраструктураларды жаңылоо менен гана бизге келе турган туристтердин санын кѳбѳйтүү.
-Чек ара күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот.
Дагы ушул сыяктуу көп пландарды койушкан, бул жеке партиялардын эле максаты эмес, ар бир мен кыргызмын деген атуулдун милдети болуп саналат. Ушул пландарды ишке ашыруу үчүн сапаттуу кесип ээлери керек.
«Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот» деген Ы.Раззаковдун айтканын туу тутуп журогубузго жакын алып, онолууну, гүлдөп өсүштү өзүбүздөн баштоо керек. Ошондой эле ар бир эмгекти баалай билип, натыйжалуу жыйынтык чыгара алганды билишибиз керек. Жөн эле убакытты өткөрө бербей. Жүрөгүбүз эмнени кааласа ошону жасаганга үйрөнүшүбүз керек.
Биздин мамлекетибиздин гимнде келтирилген ар бир ыр саптарына маани берип, мисаалы: өркүндөй бер өсө бер өз тагдырын колунда дегендей, баардыгы өзүбүздүн колубузда. Ыйык сактап урпактарга берели деген сөздөн эле көп нерсени түшүнсө болот.
Кыргызстан – толук кандуу, суверендүү жана ѳзүнүн улуттук ар-намысын коргой ала турган кубаттуу жана келечектүү ѳлкѳ.
Элим, жерим – Кыргызстан. Түбѳлүк бол, касиеттүү Кыргызстан!

Ош областы, Кара-Кулжа району, Чалма айылы.
Б.Исаев атындагы №10 орто мектебинин окуучусу
Кубаныч кызы Жазгул 12 жашта.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Январь 2016 - 12:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жолборсов Баяман

Т.Исмаилов атындагы орто мектебинин 7-б классынын окуучусу Жолборсов Баяман. “Кыргыз жеримдин өнүп өсүшүн каалайм”. Мен үчүн ыйык, эч нерсеге алмаштыргыз нерсе бул албетте туулуп өскөн жерим.Өз ата-мекенде туулганыма жана кырыгыз баласы болуп жаралганыма Ала-Талаага чексиз шүгүрдү билдирем.Кыргызстан жаңыдан өнүгүп келе жаткан жаш мамлекеттердин бири болуп саналат.Мекенибиздин өнүгүүсүнө ата-бабаларыбыз чоң салым кошушкан.Туулган жердин ушунчалык абасы таза жана,кооз өлкө .Биз жашаган өлкөнүн байлыктары абдан көп,алар көмүр таш сурьма, сымап, нефт жана башка кен байлыктар.Патриоттор кыргыз жерин гүлдөп өнүүгүсүн каалайт.
Ошондой эле өзүбүдүн мектепттерде күрөөкү теннис, шахмат жана башка предметтерде эң жакшы баага ээленди.Өлкөбүздүн өнүп ,өсүшүн каалайм.Баарыбыз чоңойуп мекенибизге салым кошобуз деген аруу тилектерибиз бар. Мен өлкөмдүн өнүп өсүшүн жана бейиштей болушун каалайт элем. Мен да , чоңойуп жакшы окуп бир кесипке ээ болуп Кырыгызстанга салым кошууга даярмын.
Кыргызстаным
Эх! Кыргызстан мынча кооз жергесин
Бүт дүйнөнү кыдырсамда, ойдон сен кетпейсин.
Сага жетпей эч бир улут эч бир калк,
А дегенде сен менин мекеним.
Башка өлкөдөн келгендер суктанышкан,
Кыргыздар күлүп жайнап тосуп алган,
Кырыгыздардын кооздугун коргон сон,
Таң калып суктанып карап калаган.
Кыргызстаным өркүндөп өсө бергин,
Ынтымакта дайым жашап жүрө бергин ,
Ар улуттар сага келип суктанышсын,
Суктандырган өлкө болуп жүрө бергин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бекболот кызы Элиза


Кыргызстан! Ооба, мен дал ушул олконун атуулумун, ушул олкодо жашап, жеримдин гулдоп-осушу учун аракет кылган жаш жеткинчекмин. Кыргыз дегенде эле мал багып, кочуп конуп нечен жер кезген ата-бабаларыбыз козумо урунат. Кыргыз демекчи, кыргыздын жерин да айта кетпесек болбостур. Жерибиз таза абага, таза сууга, кооз жаратылышка, кен байлыкка бай. Анын устуно Кыргызстан - тоолуу олко.Биздин тоолор - улуу тоолорго кирет. Чокусунан монгу кетпеген тоолорубуздан биз эн пайдалуу, эн таза сууларды ичебиз. Эх, кыргыз жери кандай гана кооз,сулуу. Таза абаны, таза сууну, кооз жаратылышты баалабагандар канча! Дал ушулар жерибиздин гулдоп-осушуно тоскоол болуп жатпайбы! Кыскасы, кыргыз жеримдин сулуулугун суроттоп да айтып буто албайбыз. Мен ойлойм, кыргыз жеримдин сулуулугуна тен келген олко жокко эсе. Албетте, беш кол тен эмес. Олкобуздогу адамдардын дээрлик бардыгы мен ойлогондой ойлобошу мумкун. Балким аларга Кыргызстандан башка мамлекеттер эн кооздур...Бирок мен учун андай эмес.
Мен жаш болсом дагы, журогум "кыргыз" деп согот, Кыргызстанымдын гулдоп-осушун, дуйнону дунгуроткон мамлекет болушун чын журогумдон каалайм. Кыргызстандын гулдоп-осушу мен учун баарынан маанилуу.
Биринчиден мен учун тил маселеси. Ар бир кыргызстандык озунун эне тилинде гана суйлошу абзел. Ар бир улуттун озунчо энчилуу тили болбой, улут боло албайт. Энчилуу тили жок улут маданияттан, агартуудан куру каларында шек жок. Албетте, кыргыздын кыргыздыгын аныктаган улуттук жузубуз болгон эне тилибиз сакталып калган учун бугун минтип оз алдынчалыкка, эгемендуулукко ээ болуп, "Кыргызстан" аталып жашап жатабыз. Андыктан биз улуттук ар-намысыбыз учун дилибизди тазартып, тилибизди онуктуруп, ага кам коруубуз парз.
Экинчиден, олкобуздогу терс корунушторду азайтуу, коррупцияны жоюу, чындык учун курошуу, замандын талабына ылайык татыктуу билим алуу ж.б. Ар бир терс корунуштор, окуялар кун санап кобойуп бара жатат.Анын устуно азыркы тапта чындык да жоголуп бара жатат. Эмне учун? Дал ушул нерселер жаш болсом да зээнимди кейитет. Журогумдун тупкурунон чыккан дилбаянды жазып жатып да, чындыкка ишенбей кетем... Эгерде так ушулар жоюлса, мамлекетибиздин гулдоосуно чон оболго тузулот.Ошондой эле гулдоп-осуунун негизги себептери болуп билим алуу саналат. Ар бир Кыргызстандын атуулу замандын талабына ылайык татыктуу билим алыш керек. Билим -келечекке жол ачат. Мыкты билим алуу - олкобуздун онугуусу учун кошкон салымыбыз!
Учунчудон Кыргызстаныбыздын экономикасы. Ырас, мамлекетибиздин которулушуно Казакстан, Туркмонстандай кара алтын, нефть, газыбыз жок экен, же Россиядай каражат алып келе турган туркун-дуйум булактарыбыз жок экен, бирок акыл менен бардык мумкунчулугубузду орундуу иштете, таба билсек, аз сандуу олкобузго жетерлик, керек болсо озубуздон ашып, кайра казынабызга каражат алып келе турган киреше булактарыбыз коп эле болчудай!
Ойлонуштурсак, бизде деле болсо экономикалык онолуштун мумкунчулуктору бар. Жер жетиштуу, калкыбыздын санына салыштырмалуу ашык да келет. Климатыбыз жагымдуу, суубуз мол, жерибиз тушумдуу, тообуз малга жайлуу, жайыт кенен. Мал жана дыйкан чарбасын оркундотсок олкобуз онугуп-осот эмеспи.Бул оркундотуудон башка туризмди онуктуруубуз керек. Жергебиздин бардык аймагы туризмге ылайык. Ысык-Кол ороону, кол айланасы туризм учун жаралгандай. Колдун аймагын толук пайдаланып, туризмдик базада иштетсек, касиеттуу колубуз эле олконун улуттук кирешесинин 20-30%ын тузоор эле.
Туристтик базаны тоолуу, климаты катаал деген Нарын дубанына да уюштурса болот. Сандык, Ак-Сай, Арпа жайлоолоруна жуз, сексен баштуу боз уй тигип, ичи-тышын жасалгалап, желе тартып, кулун байлап, кымыщ берип, эт, суттон тамак-аш даярдап, ат токулап мингизип журуш жасатып конулдорун ачып, эс алдырууга эмнеге болбосун!
Экономикабызды жогорулата турган биздеги бирден-бир булак - электро энергиясы. Мунун да негизи - кудай берген тоо-тоодон, адыр-жылгадан агып тушкон монгу, булак суулары. Ал эми ошо монгу сууларынан куралган электростанциялардан алынган электр энергиясын сыртка баасын чыгарып сатуу менен киреше тапсак болот. Бирок сыртка сатканга жеткен электрибиз, озубузго тартыш болуп, уномдолуп жатканы кызык...
Экономикабызды которууго комок жергебизден чыккан табигый кен байлыктарыбыз эсептелет. Алардын бири - Кумтор алтын кени.
Булардын баары кыргыз жеримдин гулдоп-осушуно эн сонун оболго тузот.Мен ойлойм, ар бир кыргызстандык оз мекени учун патриот болуп, олкобуздун гулдоп-осушу учун аракет кылыш керек.
[size="3"][color=" #000080"] Ал эми биз жаш жеткинчектер мыкты билим алып, келечегибиздин мыкты адамы болууга аракет жасайлы, олкобуз учун колубуздан келген жардамыбызды аябайлы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 11:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кайрат Кенжебек уулу


Aр бир адам оз омурундо кыялданат,энсейт, самайт,жана башка нерселердин озундо жана озунун айланасында болшун,ишке ашышын каалайт.Ошондой эле ар бир адам мамлекетинин озунун кыялындай,оюндай болушун каалайт эмеспи.Ал эми мен да оз олкомдун,Кыргызстандын, гулдоп осушун каалайм.Бирок бул каалом ишке ашып,олкобуз Лондон,Париж, Швецариядай болуп онугушу учун Кыргызстанга кандайдыр бир чектеги убакыт талап кылынат.Онукту деп, шаарларга уйлор курулуп,жолдорго асфальт тошолуп,шам чырактар орнотулуп калуусун гана тушунбошубуз керек.Ал эле эмес олкобуздун келечеги болгон жаштардын,биздин, билимибиз жогору болуш керек.Ошондуктан озубуздун келечегибизге кайдыгер карабастан азыртадан баштап билим алып,жакшы окушубуз керек. Мен келечекте адам тан калаарлык курулуштардын чиймесин чийген архитектор бокгум келет.Бул кесипти тандагандыгымдын да себеби бар.Азыркы учур XX1 кылым.Ал эми XX1 кылымда илим менен техника онугуп,асман тиреген уйлор курулуп,турлуу- турлуу нерселер ойлоп табылып жатат.Ар бир адам оз омурундо кооз,адам суктандырган уйдо жашагысы келет.Ал эми адамдардырдын мындай каалоолорун ишке ашышын,аны менен бирге олкобуздун гулдоп осушуно салымымды кошсом деген каалом бар. Азыр мен 9-класста окуйм.Кийин окуумду бутуп,архитекторлук кесипке ээ болуп,эн кооз олколордогу уйлордун чиймесин коруп келип,андан да сонун чиймелерди жаратып,олкобузго ошондой курулуштарды курдурсам деген кыялым бар. Ысык-Кол кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса толкунуна тен ортокмун. Турмушта канча жолдош кутсом дагы, Бир сырдуу сендей жолдош куткон жокмун. дегендей алдыга карай умтулууну Ысык-Колубуздон башташыбыз керек.Анткени колго коптогон туристтер эс алганы келип турушат.Ал эми алардан тушкон акча бюджетке тушуп,мамлекетибиздин гулдоп осуусуно жумшалат.Эшигини коруп анан торуно отот демекчи,туристтерди колго тартууну биринчи эле кезекте колдун айланасын,суусун тазалап,ынгайлуу шарттарды тузуп,кооз пансионаттарды курушубуз керек. Ошондо гана колубузго туристтер агылып келип турмак. Эгер баарыбыз чoгуу бир жакадан баш,бир женден кoл чыгарып,жапа тырмак киришсек, Кыргызстаныбыз аз убакыттын ичинде онугуунун туу чокусуна жетет.Мен дагы онугуп оскон Кыргызстанда жашагым келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 11:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Асель Аманкулова


"Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм"
Уч улуттун оспурум балдары бир болмодо отуруп калышат. Бириси озунчо сурот тартуу менен алек болуп олтурат, ал эми берки экоо бирге китеп окууну чечишет. Китепти барактап олтуруп, бир кызыктуу жерин таап алгандай болушат. "Орто Азиянын тундук-чыгышында жайгашкан. Борбор кааласы-Бишкек шаары. Аянты-198 500км кв. 80ден ашуун улуттардын окулдору жашайт. Калкы-6 000 000. Жети областтан турат. Тоолу олко. Ото кооз жерлери жана табияты менен озгочолонуп турат. Оздук тили-кыргыз тили. Туусу кызыл жана сары тусту камтыйт"- деген маалыматтарды кызыгып окуп чыгышат. О-оо сонун мамлекет тура. Тоо десе бийик тоолору, суу десе тунук колдору бар экен. Коз карандысыз олко. "Мен бул мамлекетке барууну каалайм . Деги бул олконун адамдары кандай келет экен"-деп ойлонуп калышканда, озунчо сурот тартып отурган бала ордунан тура калат. Колундагы бийик аска зоолорду, жапжашыл токойлор жана шаркыраган сууларды камтыган, чет жагында кызыл тустун ортосун сапсары кундун , кундун ортосунда боз уйдун тундугунун суроту тартылган суротту ойдо которуп, "Бул менин жерим, менин элим -Кыргызстан" -деп жылмайып коёт.
Адамдын колунан келбеген нерселер ото аз болсо керек деп ойлойм. Ар бир адам , келечекке максат коюу менен, жашоосун улантат. Ал эми менин биринчи максатым -келечекте жакшы жерден билим алуу, экинчиси-жакшы бир кесиптин ээси болуу жана учунчусу-оз олкомдун онугуусуно салым кошуу. Мунун баары ото жонокой нерселер эмес. Коптогон кыйынчылыктарды, сабырдуулукту жана билимди талап кылат. Андыктан мен оз кучумдун баарын жумшап, тилеген максаттарыма жетууго аракет кылам.
Менин жерим коптогон баа жеткис, коргондо коз уялткан байлыктарга бай. Дегеле, биздин олко-кичинекей олколордун бири. Ошондой болсо да асман тиреген тепкичке, ар бир тепкич аркылуу, секин-секин чыгып бара жатабыз. Жана азыркы учурда коптогон мамлекеттер онугуп жатышат. Алар окууга же жумушка барып , кайра кайтканда эле мындай даражадагы натыйжаларга жетишип жатышпайт да . Алар озу менен озу болбой,ой-пикирлерин бири-бири иенен болушуп, ынтымак менен иш алпарып жатышат деп ойлойм. Мен да олкобуздун жарандарын ынтымак, биримдик жана адилеттик менен иш алып баруусун каалар элем. Негизи, адамдардын баарында баш, баарында акыл, ан-сезим бар. Эмне учун алар колунан келген нерсе биздин колубуздан келбейт. Эмне учун алар жетишип жаткан чон ийгиликтерге биз жетише албайбыз. Ай , Кун жана Жылдыздар бардык мамлекетке бирдей жарык чачат го. Жок, биз кыла да, жетише да алабыз. Бирок биз аракет кылбайбыз. Озубузду гана ойлоп, озубузду гана онуктуруу менен алек болобуз. Албетте, беш кол тен эмес . Бирок озун гана ойлогон жарандарыбыз коп. Коп сандагы мамлекеттердин климаты , адам жашоосу учун кыйынчылык туудурат. Кээ бир мамлекеттерде оз козун менен корсон да ишене албай турган , сейрек кездешуучу кырсыктар коп болуп турат. А бизде баары жакшы . Абабыз таза, суубуз тунук. Анда эмне учун башка олколордун бизге окшогон оспурумдору бардык шарттагы окуу-жайларда окуй алышат , а биз жок. Эмне учун алар балалыгын кооз, таза шаарларда откоро алышат. А биз жок. Бирок отуруп алып эле мынтип нараазы болууда да пайда жок. Жакшы окуп, билим алып , келечекке умтулуубуз зарыл. Эгер онугууну кааласак, биринчи озубузду жакшы нерселер менен онуктуруп, анан башкалардын дагы онугуусуно жардам беруубуз керек. Кийин уй-булобуз да онугот. Андан сон ал айыл, барып-барып шаарыбыз , ынтымактуу, илим-билимдуу болсок олкобуз Кыргызстан онугот. Убакыт-учкан куш эмеспи, эч качан артка жылдыра да , токтото да албайсын. Андыктан достор, оз элибизди, оз жерибизди тилибизди кордобойлу, олкобуздун гулдоп онугуусуно тоскоол болбойлу, элибизди жерибизди сатпайлы, туубузду тебелеттирбейли, улутубуздун тилин унутулуп кетуусуно жол бербейли. Жакшы жашоо учун умтулалы. Биздин колубуздан баары келет жана бизге биримдик, ынтымак, илим-билим жардам берет!
Аманкулова Асель 2001.02.09. Адрес:Ош областы, Кара-Суу району.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 11:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кубаныч кызы Жазгул
Мен мекенимдин гүлдөп өсүшүн каалаймын.
Парижди эйфель мунарасыз элестете албаган сыяктуу эле, Кыргызстанды аска зоолор, ала тоолорсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Кайда барбагын ак мөнгүлүү, ала тоолорду көрөсүн, шаркырап аккан көк кашка сууларга, карагайлуу токойлорго туш келесин. Ушундай кооз сөз менен айтып түгөтө албаган улуу мекенимди жердеген Кыргыз элим гүлдөп өскөн жерибизде жашоого татыктуу. Ал үчүн кыргыз жарандары, президент баш болуп ар тараптан салым кошуп жатканы баарыбызга белгилүү. Ал эми жаны өсүп келе жаткан жаштар, алардын арасында мен, Кыргызстанды мындан ары кантип гүлдөп өсүп кеткени тууралуу көп ойлорду ойлоном. «Мекенине кошкон үлүшүн, жакшы журум турумун» дегендей, мен дагы алдыма чон максаттарды койдум. Мектепти жакшы окуп, келечекте өзүм сүйгөн кесибим Врач болгум келет. Врач болуу ардактуу, жоопкерчиликтүү кесип. «Мамлекеттин байлыгы ден сак эл» демекчи Калкымдын ден соолугу үчүн жан дилим менен кызмат кылмакмын. Ар дайым кыргыз элимдин дени сак болушун каалаймын. Улуттун ден-соолугу эненин жана бѳбѳктүн ден-соолугунан башталат. Демек, алар мамлекеттин камкордугунда болуусу абзел. Мен сыяктуу эле Кыргызстандын баардык жерлеринде билим алып жатканмектеп окуучулары алдына чон-чон максаттарды койуп, ошол максаттарына жетүүгө талыкпай эмгектенип, жакшы окуп, арекет кылса эле, кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө эч кандай күмөнүм жок.
Качан гана мамлекетибизде адилеттүү, элди алдабаган, мамлекеттин акчаларын жебеген, жумуш орундарына күчтүү кадрлар тандалганда гана мамлекет жакшы жагына өзгөрүлөт. Бизде эмне баары коррупция болуп кеткен. Ар бир кыргызстандык жана ар бир айыл, ар бир эмгек жамааты ыйманды бекем тутканда гана ыймандуу Кыргызстанды кура алабыз. Ыймансыз коом – келечексиз коом.
Биздин айылга келген партия мүчөлөрүнүн алдыга койгон максаттарын карап корсок:
-Улуттук медициналык борборлорду чечкиндүү колдоо жана заманбап медициналык технологиялар менен камсыз кылуу – мамлекеттин негизги стратегиясы.
-Спорт сабагы мектептерде гана окутулбастан, ар бир эмгек жамаатынын спорттук командасы болушу шарт. Улуттук спорттун түрлѳрү болгон кѳк бѳрү, ат чабыш ж.б. – биздин байыртадан туу тутуп келген сыймыгыбыз.
-Кыргызстандын эӊ зор байлыгы – бул анын билимдүү жаштары. Бала-бакчалар дын санын көбөйтүү.
-Тоо-кен байлыктарын азыркы коомдун жана келечек муундун кызыкчылыктарын эске алуу менен экологияга кесепеттерин тийгизбей туура пайдалануу баарыбыз үчүн парз
-Суу жана энергетикалык зор мүмкүнчүлүктѳрдү үнѳмдүү, максаттуу жана кирешелүү пайдалануу.
-Биз, кыргызстандыктар, ЕАЭБ ѳлкѳлѳрүнѳ экологиялык жактан таза эт, сүт, мѳмѳ-жемиш азыктарын рынокко чыгарууга жетише алабыз. Ал үчүн пайызы тѳмѳн кредиттер, үрѳөнчүлүк жана уруктандыруу чарбаларын мамлекеттик денгээлде колдоо, заманбап лабораториялар менен камсыз кылуу.
-Биздин жаратылышыбыз ажайып кооз. Кыргызстандын керемет кооз табиятын жана меймандос элин кѳрѳбүз деп тѳгѳрѳктүн тѳрт бурчунан кѳксѳгѳндѳр кѳп. Эң ириде, бизге келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, айрыкча жол жана инфраструктураларды жаңылоо менен гана бизге келе турган туристтердин санын кѳбѳйтүү.
-Чек ара күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот.
Дагы ушул сыяктуу көп пландарды койушкан, бул жеке партиялардын эле максаты эмес, ар бир мен кыргызмын деген атуулдун милдети болуп саналат. Ушул пландарды ишке ашыруу үчүн сапаттуу кесип ээлери керек.
«Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот» деген Ы.Раззаковдун айтканын туу тутуп журогубузго жакын алып, онолууну, гүлдөп өсүштү өзүбүздөн баштоо керек. Ошондой эле ар бир эмгекти баалай билип, натыйжалуу жыйынтык чыгара алганды билишибиз керек. Жөн эле убакытты өткөрө бербей. Жүрөгүбүз эмнени кааласа ошону жасаганга үйрөнүшүбүз керек.
Биздин мамлекетибиздин гимнде келтирилген ар бир ыр саптарына маани берип, мисаалы: өркүндөй бер өсө бер өз тагдырын колунда дегендей, баардыгы өзүбүздүн колубузда. Ыйык сактап урпактарга берели деген сөздөн эле көп нерсени түшүнсө болот.
Кыргызстан – толук кандуу, суверендүү жана ѳзүнүн улуттук ар-намысын коргой ала турган кубаттуу жана келечектүү ѳлкѳ.
Элим, жерим – Кыргызстан. Түбѳлүк бол, касиеттүү Кыргызстан!

Ош областы, Кара-Кулжа району, Чалма айылы.
Б.Исаев атындагы №10 орто мектебинин окуучусу

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 12:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мамут кызы Максуда

«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнкаалайм»

Дүйнөнүн төрт тарабын кыдырсамда, Кыргызстандай асыл жерди таба албасмын.Касиеттүү мекеним,менин өлкөм…

Дүйнөдө көптөгөн өлкөлөр бар.Алардын ар бирисулуулугу, керемет кооздугу, баа жеткис орду, эли, тили менен айырмаланатэмеспи. Ошондой эле мен жашап жаткан сүйүктүү мекеним, баа жеткис кенчим, эчнерсеге алмаштыргыс байлыгым, бүтпөгөн дастаным, киндик кан тамган жерим булменин Кыргызстаным. Мекенимдин кооздугун сөз менен жеткире албасмын.Балким, бул менинсөз байлыгымдын жардылыгынандыр. Төрт тарабын айланчыктаган учтарын мөңгү басканбийик аска зоолору, асманда учуп шаншыган мукам үндүү канаттуулары, ооруга дабамиң түркүн өсүмдүктөрү, шаркыраган агын суулары, дем-күч берген тазаабасы,керемет кооз жайлоолору, касиеттүү жерлери, жашыл нурданган айлана чөйрөсү,мейман дос эли, мекенимдин көркүнө-көрк кошуп,ачык асманын айгинелептурат. Кыргызстандын бир эле борбор шаары кооз эмес айылы да өзүнчө бирэстетикалык мааниге ээ.Мисалы мен жашап жаткан Чоң-Алай районундагыДароот- Коргон айылында баалуу нерселер өчпөс тарыхка ээ Кулдатканын коргону,кооз жаратылышы кудум эле мыкты сүрөтчүлөр кыл калемдин учу менен көркөмдөп кагазбетине түшүргөндөй.

МенКыргыз жергесинин өсүп-өнүгүүсүн каалайм.Кыргыз эли кылымдар бою душмандарменен салгылашып, көптөгөн кан төгүүлөргө сабыр кылып, тилин, дилин сактап ошонуменен бирге эле «Кыргыз» деген атын тарыхтан өчүрбөй келген.Ошондой болсода,Кыргызстан эмне үчүн алдыңкы өлкөлөрдөн боло албайт? Канткенде биз өнүгөбүз?деген суроо ар бир патриот мекендештеримдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн оруналып,тынчсыздандырып келет.Чын эле биз канткенде өнүгөбүз?

Биздинбашка өлкөлөрдөн айырмабыз албетте бул тилибиз.

Тээбайыртадан келе жаткан ата-бабаларыбыздын таамай айткан кебинде «Улут болсомтилим менен улутмун», - деген учкул сөзүндө терең мазмундуу сыр жатат.Эгер бизтилибизди, дилибизди унутпасак өлкөбүздүтилин сыйлаган урматтаган эл экен деп тааный алат.

Үстүбүздө кара булут болуп турганкоррупцияны жоюшубуз керек ! Эгер коррупцияга жол бербесек анда өлкөдө таза адилет бийлик орноп өлкөнүн туруктуулугукүчөйт.

Жаратылышты коргошубуз керек. Агынсууларга көлмөлөргө, дарыяларга таштанды таштабай бак-дарактардыарча- кайындарды кыйбасак, Кыргызстан кооз жап - жашыл гүлдөгөн өлкө боло алат.

Биздин өлкөдө кен-байлыктар өтө көп.Бирок аларды туура пайдалана албайбыз. Эгерде биз мыйзам чегинде колдонупчыгашадан да көбүрөөк киреше кылып, өлкөнүн керегине иштетип мисалы:Завод- фабрикаларды, имараттарды кайра иштеп чыгуучу заводду курсак ошондо жумушсуздук да азаят.Баардык мекендештерибиз өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошуп чет элде мигрант болбойбаарыбыз биргеликте Кыргызстандын өнүгүшүнө түрткү берип күчтүү жана алдынкы өлкөлөрдүнкатарына кошо алабыз.

Азыркымезгилде баары бийликтеги адамдар жакшы болсо Кыргызстан өнүгөт деп ойлойт. Менбул нерсени колдобойм. Себеби бийликтеги адамдарды жаман, таза иштебейт деп аржыл сайын төңкөрүш жасасак, экономика жактан өлкөбүз солгундайт, ушундай көрүнүштөрболо берсе кантип өлкөбүз өнүгүп алдынкы мамлекеттерден боло алмак эле.Ошондуктан ар бир атуул өзүнү артараптан өнүктүрүп башташ керек. Бир элебийликтеги адамдар эмес баарыбыз биргеликте чогуу иш алып барсак мен ойлоймошондо гана өлкөбүз өнүгө алат.

А, мен жеке өзүм өлкөмдү кантип өнүктүрөалам? Мен келечекте мугалим болууну самайм. Азыркы учурда татыктуу мугалим болууучун мыкты окуп жатам. Келечекте мугалим болуп өз ишимди мыкты аткарып мен айылда боломбу же шаарда болобу мага бул манилүүэмес, эн башкысы мекениме күч-кубатболо турган профессор, академик, врач өлкөнүн намысын коргой турган жоокерлерди, техниканы өнүктүрүү үчүн мыкты инсандарды өлкөбүз үчүн баарына даяр болгон,керек болсо өз өмүрүн да аябаган, жоопкерчиликтүү, адилеттүү,күчтүү, айкөл,тайманбас патриот жана эн башкысы жөнөкөй адистерди тарбияласам, анда кыялымишке ашып, бул менин сүйүктүү өлкөмө кошкон салымым деп эсептейм.

Баарынардан суранам билимди теренказып окуп, аз да болсо өлкөмдүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу. Келечекжаштардын колунда. Биз да улуулардын жолун жолдоп Кыргызстан дегенде көкүрөктосуп ,төш кагып, жаныбызды да аябайлы. Мен мекеним менен сыймыктанам жанаишенем, убагы келсе төрт тарабы төп келишкен, көз жоосун алган азыркы күчтүү куралданган Америкадай, экономикалыкжактан бай Кытай, Швецария, Япониядай болуп өнүгө алат. Бирок эч бир өлкөжаратылышы кооз бейиштин төрү Кыргызстандай боло албайт.

Оюмду жыйынтыктап жатып айтаар сөзүм, өлкөбүзүчүн талыкпай иштейли мандай тер менен адал акча таап адилеттүү жана чынчылболсок өлкүөбүздө бейкутчулук жана токчулук орноп жыргал жашоодо жашап калабыз.Мен өлкөмдүн келечеги кең болуусункаалайм. Келечегин кең болуп гүлдөп өнүгүп өсө бер менин Кыргызстаным!



«Мекеним менин Кыргызстан»



Сыймыктанамөлкөм менен дайыма,

Даярмынмен кыйынчылык баарына.

НамысындыКыргызстан ыйык сактап,

Өзсалымым кошомун мен талпына.



Гүлдөйөскүн өсө бергин мекеним,

Сенүчүн мен өз өмүрүм беремин .

Талпынабер алга карап тайманба ,

Өнүгөбер өсө бергин алдыга.



Ыйыкболот Ата Мекен кадыры ,

Бийикболот Ата Мекен тагдыры.

Коргойлумекенимдин намысын,

Керекболот Ата Мекен байлыгы.



Эйдостор мекенимди коргойлучу ,

Мекенимдинкелечегин оцлойлучу.

Тынчтыктажүрүп эч урушпай ,

Улуулардынжолун биз да жолдойлучу.





Мекенимдеп бүт дүйнөгө айткым келет,

Канымдансыя кылып жазгым келет.

Өзтилин өз мекенин саткандарга,

Ыссыкчоктон мандайына баскым келет.

КыргызРеспубликасы
Ошоблусу
Чоң- Алайрайону
Дароот- Коргонайылы
Алайчыуулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби
10- классынынокуучусу Мамут кызы Максуда
Туулганжылы: 2000-жыл 01-апрель


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 12:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Медетбек кызы Элида
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Гулдуу, кучтуу тендеши жок мекеним!
Тынчтык учун бут дуйненун жетегин.
Ишенимдуу таалай колго тапшырып,
Канатына калкаладын неченин.
О,мекеним- энем, багым кубатым!
Керек десен мен садага кетейин! - деп Аалы Токомбаев бекеринен айтпаптыр. 0з элинин патриоту болуп, эли-жерин суйуп, элине ак кызмат кылууга эмне жетсин: «Атанын уулу болуу урмат, элдин уулу болуу баардыгынан кымбат». Ар бир адам ез мекенинин патриоту болсо гана, мамлекет гулдейт, есет, енугет куч кубатуу елке болот.
Кыргызстандын Ала-Тоосуна, мелтур таза суусуна, таза абасына жана тугенгус кендерине кызыккан елкелер арбын. 0згелердун кезун арттырган елкебуз башка элдерден кеенербес тарыхы, ата-бабаларыбыздын салты урп адаты, кез жоосун алган жаратылышы менен езгечеленуп турат.
«Манас» эпосунун училтиги, кыргыз боз уйу, кыргыз шырдагы ЮНЕСКОнун тизмесине чон куч менен катталгандыгын билебиз. Ошон учун кыргыз элин кыргыз мамлекети катары тааныта турган баалуулуктарыбыз дуйнелук мурастардын катарынан орун алып,дуйне елкелеру тарабынан таанылууга тийиш.
Кыргызстан суктанарлык тоолуу елке болгондуктан анын аймагында ар туркун кооз жерлер кеп. Алсак:Ыссык- Кел, Сулайман-Тоо, Бурана, Ташрабат, Жети-0гуз, Сары-Челек. Булардын арасынан Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дуйнелук мурастар тизмесине кирген. Бул жерлер азыркы учурда кептеген туристтердин кызыгуусун арттырып жаткан кези. Келечекте да бул бейиштей кооз жерлерибизди керктендуруп туризм жааты енуккен мамлекеттер Франция, Малайзия, АКШ сыяктуу кооз елкеге айландырсак болот. Ал учун турисстерге заманбап беш жылдыздуу мейманканалар курулуп, кооз жерлерибизди кыдырууга шарт тузулушу зарыл.
Жанада Кыргызстандын баардык шаарларында заманбап имараттар, кеп кабатуу турак жайлар, завод фабрикалар курулуп, кептеген адамдар жумуш орду менен камсыз болушу керек.
Жогорудагылар менен чектелип калбастан эгемендуу мамлекетибиз учун, элибиздин ден-соолугун жакшыртуу, чыноо негизги багыттардын бири.
"Акчанды жоготсон-эч нерсенди жоготкон жоксун, убактынды жоготсон- кепту жоготконун, ал эми ден-соолугунду жоготконун баарын жоготконун" - деп коомда ден-соолук жана спортко ете зор маани берип келет.
Азыркы убакта дагы елкебуз спорт боюнча кептеген ийгиликтерди багынтып жатат. Дагы да кептеген ишчараларды еткезҮп, спортту енҮктҮPҮҮ эн маанилҮҮ. Себеби эч нерсе мамлекетти спортчолук дҮЙнеге тааныта албайт. Биз жаштарга дагы-дагы чон мҮмкҮнчҮЛҮктердҮ жаратып берсе, Кыргызстандан да кептеген дҮЙне чемпиондору, дҮЙненҮ багынткан спортчулар чыгат деп ишенем.
0нуккен-ескен мамлекетке айланыш ҮЧҮн дагы, биринчи кезекте елкеге тынчтык, туруктуулук керек деп эсептейм. Экинчи кезекте экономикабызды алдыга CҮрей турган тоо кен, энергетика, айыл чарбасы, финансы тармактарыбызды колдоп, енҮктҮрсек деп кыялданам.
Кен байлыктарыбызды езҮбҮЗДҮн кҮчтҮҮ адистер изилдеп, иштетсе жана елкенҮн капчыгын толтуруп, кен байлыктардан курулуш матриалдарын ендҮPҮп, курулуш тармагын кошо енҮктҮрсек болот.Жаны технологиялардын жардамы менен экологиялык таза продукталарды, ошондой эле завод- фабрикалардан чыккан товарларыбызды миллиондогон калкы бар "Евразиялык экономикалык биримдикке" кирген мамлекеттерге сатышыбыз зарыл. Туризм елкебуздун келечеги.
Кыргыз элинин тарыхы бай, эли адамгерчилим^, жери бейиш. Айланага кез чаптырып карап керсек улуу ата-бабаларыбыз ар бир сезҮнде кыргыздын бейишиндей болгон жерлерин, керемет жаратылышын мактап отурушат. Ушунун баарын угуп отурсак да "Чет елкеге кетем, езге элден, чет жерден ез келечегимди курам, бактымды ошол жактан табам" деп кыялданып, чет элге кетҮҮ ҮЧҮн аракеттер кылабыз. Мындай ой максаттар бактылуулукту каалаган ар бир секелектин, ар бир боз уландын оюнда десем жанылышпайм. Жаштар арасында айтылып келе жаткан бул сездердҮ угуп алып адамда суроо туулбай койбойт.
-Эмне учун Кыргызстан жаштары ошол бактылуулукту ез элинен, ез жеринен издешпейт. Ар бир адам енҮГҮҮHҮ езҮнен баштаса,аракет кылса жана ага умтулса, ез мекенибизди биз бакыт издеген чет елкелерден дагы кҮчтҮҮреек енҮктҮре алмакпыз. Мен кичинемден дҮЙненҮн жети кереметин керҮп келҮҮHҮ кыялданам. 03ҮбҮЗДҮн елкебҮЗДҮ да ДҮЙнеде жок езгече курулуштар менен тан калтырып, суктандыра ала тургандай кылып енҮктҮPҮп, естҮрсек болот. Башка елкенҮн жарандарыда биздин елкеге келҮҮHҮ кыялданышса. Бул нерсени жен гана сез менен айта бербестен, ишке ашырууга аракеттерди
кылышыбыз керек. "Кыргызстан" бул сез ар бирибиз учун ыйык сезилет. Ата- энебиздей бапестеп, мээрим теккен, куч кубат берген ыйык мекенибиз. Биз жаштар ушул мекенибизде езубуздун келечегибизди езубуз куруп, ага баардык болгон куч аракетибизди жумшап енуктуре алаарыбызга ишенем. Манас атабыз бизге мурас кылып таштап кеткен жерлердин кандай кооз болуп, гулдеп енуккендугун эгерде ез кезу менен кере алганда, бизге ыраазы болмок.
Кеп окуган, билимге умтулгандардан кандай гана адамдар жаралбайт, акын десен акын, окумуштуу десен окумуштуу, агартуучу десен агартуучу.
Коом адамды тарбиялайт. Ар бир коомдун езунун енугуу тарыхы,тутунган идеясы, урааны,берер таалим тарбиясы болот. Мына ушунун езу ар бир улуттун енугуу жолунда сакталып келуу менен, жаштар учун керенгелуу акыл казынасын тузет. Кубаттуу енуккен елке болом деген мамлекетте билимдуу адамдардын кеп болуусу зарыл.
Билим куч экенин кеп айтышат, бирок факт боюнча -пайдаланган гана билим куч болуп саналат. Биз алган билимибизди пайдалана билгенибизде гана ал билим куч болуп эсептелет.
Илим-билим енукмейунче мамлекет енукпейт, азыркы илим жана техника енуккен заманда ар бир алдына максат койгон окуучу талыкпай билим алуусу керек. Себеби, келечекти биз жаштар курабыз.
А мен болсо келечекте атактуу дизайнерлердин катарын толуктап , Кыргызстанды ушул тармактан да таанытсам дейм. Кыргызымдын укмуштуудай керемет улуттук кийимдерин дуйне жузуне жаны жузде кергезгум келет, жана да кыргыз жерибиздин гулдеп есушуне чон салым кошкон кыргызымдын патриот кыздарынын бири болууну энсейм.
Токчулук, молчулукта азат элим,
Жаштарды жалындатат сенин демин.
Ылайым бакубат турмуш кутуп,
Гулдесун, меймандос эли-журтун.
Дуйнеге тааныла бер Ата-Журтум,
Бар болсун намыскей кызын,уулун.
Жанырып кыргыз тили жер жузунде,
Шамалга желбиресин Кызыл Туун!
Мен ишенем келечегин кыргыздын, ^нден ^нге нукка тҮШҮп баратат. Тынчтык болсо баш аламан болбосо, Ошондо жылыш,ошондо есҮш жаралат. Ырыс алды ынтымак, дейт элибизде, Чыр бар жерде ырыс качат элдерден. Суранамын ынтымакта бололу,
Ошондо биз алга жылып есебҮ3.
Андан кийин карупция деген бар, Алдамчы, уятсыздын куралы ал.
Туура жолду калыстыкты тебелеп, 0лкебҮ3де болуп турган убагы ал. Чындык болсо,карупция болбосо, Бийлигибиз калыстыкты колдосо. Кыргыз елкем енҮгерҮ чын болсо, Патриот эр уулдары кебейсе.
Кыргыз Республикасынын билим берҮҮ жана илим министирлиги Кара-Суу району №30 Кызыл-Сарай орто мектеби. Жазган 10-класс окуучусу: Медетбек кызы Элида.
2015-жыл
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Канатбек уулу Баястан

Мен Кыргызстандын осуп онугушун каалайм.
Мен мекенимди жакшы кором, анткени Кыргызстанда аябай кооз жерлер бар, ал кооз жерлерди айтып бутуро албайсын. Дуйнодо жок «Айгул» гулу Баткенде осот, кооздугу менен канчалаган адамды суктандырып турат. Жана дагы Баткен орук зары менен да таанымал. Ош шаарында болсо Сулайман-Тоо тоосу ал тону кээ бироолор учун тарыхы терен. Жалал-Абад шаары ого бетер кооз. Нарында болсо тоолуу, койлуу шаар нарындыктар этти коп жешет, бирок эттин адамга зыяны жок. Таласта болсо коп баатырлар чыккан: Манас, Семетей Сейтек баатырлар, акындар манасчылар чыгып, Кыргызстанды дуйного тааныткан.Манас батыр таластан чыгып Кыргыздын атагын чыгарып, душмандардан сактаган. Чуйдо болсо эн кооз эн кооз шаар болуп борборубуз Бишкек шаары турат. Ал эми Ыссык-Колдо болсо туристер озуно камтыган Ыссык-Колго жылына миндеген адамдар келип дем алып, сууга тушуп кетишет. Кээ бироолору колго суктанып сууга тушпой да кетишет. Мен кыргыз болуп жаралганыма ото-ото ыраазымын, жазылып откондой эле бардык эн кооз жайлар. Мен чонойгондо Кыргызстанды онугуп осушуно салымымды кошом, туристтер агып келип кетип турган мамлекет болушун каалайм.
Ноокат району Кара-Кокту айылы Кара-Кокту орто мектебинин 9-классынын окуучусу Канатбек уулу Баястан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 13:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абдыжапарова Нуриза

Аскасы асман тиреген Ала-Тоо, ыйык Сулайман-Тоо, берметтей чалкыган Ыссык-Көл, Токтогул ГЭСи, канчалаган кендер.
Бул жер глобуста тырмактай жерди ээлесе да ичине баардык байлык, кооздукту камтыган биздин мекенибиз ыйык КЫРГЫЗСТАН! Кыргызстандын бүт кооздугун сүрөтчү түшүрө албагандай мен да айтып бүтө албайм.ЖАРАТКАН АЛЛАНЫН ыйык китебинде "бактарынан дарыялар аккан деп" баяндалган бейишти элестеткен жерге биз ээлик кылып калганыбызга ой жүгүртүп, тарых беттерине кайрылсак, ата-бабаларыбыз согушпаган бир да доор болбогонун байкайбыз.Ата- бабаларыбыз бейиштей болгон жер үчүн кан кечип согушуп, өмүрүн арнап касиеттүү Ала -Тоону сактап келишкен.Дзотко көкүрөгүн тосуп же жоо киргенде күрөшкөн.
Ата бабаларыбыз биз үчүн калтырган жердин кемибей гүлдөп өсүүсүн каалайм.Ал үчүн мекенге болгон сүйүүбүз түбөлүктүү болуу керек. Биз өз алыбызга жараша чоң кичине дебей кызмат кылуугу киришсек.Ар ким,мейли ал даарыгер,көчө шыпыргыч болсун,же жоокер болсун өз ишин мекенине болгон сүйүү менен аткарсак Кыргызстан гүлдөп өсөт..
Келечекти ойлогон билим алып такшалат демекчи мен да билим алып кыргыз медицинасын өнүктүргөн, жаратылыштагы кооз жерлерге пансионат салып,Кыргызстанга туристердин санын көбөйтүп,экономикасын чыңдап,ар бир жерге шарт түзүп ,бизде көк бээнин сүтү канча дартка дабаа болот.Бирок аны ичкенге шарт жок биздин Сервин жайлообузда да ошондой шарт жок .жайлоодогу саман жабылган үйүбүздү пансионатка айлантып, кыйгач кеткен чаң жолду таш жол кылып . Кыргызстанды дүйнөгө тааныткым келет. Нобель сыйлыгына татыган врач болсом.Албетте кыйынчылыктар да болбой койбойт. Кантсе да "Кыйынчылык тооруса да жаш чакта,кылчактабай жетүү керек максатка" деп алга умтулам.
Дени сак муун - коомдун тиреги! Жана да туруктуу өнүгүү билимден башталат окумуштуу Абовян айткан : "Ганнибал, Александр Македонский, Петр ,Наполеондор улуу адамдардан болушкан,бирок алар улуу болуп жаралышкан эмес ,аларды улуу кылган мезгил жашоо шарт болгон .Алар ошол учур да жаралышып,ошондой мүмкүнчүлүккө ээ болушпаса,эч качан мындай улуу даражага жетишпес эле ... Токойдон дардайган эмен жыгачын көрүүгө болот,бирок аны дардайткан берекелүү жер болуп саналат,эмнеге дегенде ошол эле эмен жыгачынташтак же кумдуу жарамсыз жерге тиксе ал анчалык дүгдүйбөс эле" - деп. Мына ошол сыңарындай жаштарга да бардык жактан шарттар түзүлсө Касиеттү Кыргызстандан улуу адамдар чыгат.Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө чоң салым кошушат. (Кылычбек Султанов сидин да бизге шарт түзүп жатканыңызга рахмат!)
Мына ошондо биз да Кыргызстанды өнүктүрүп ата-бабаларыбыздын ак эмгегин актаган болобуз.
Бул менин 14-15 жаштагы балалык кыялым мен дагы чоңоюп көп жерди көрүп мындан да чоң максаттар пайда болот деп ойлойм.
Келгиле достор!
КЫРГЫЗСТАНДЫН гүлдөп өсүшү үчүн баарыбыз чын дилден сүйүп,Оштукмун, Көлдүкмүн,Чүйлүкмүн дебей Кыргызстандыкмын деп жашап бирге өнүктүрөлү! !!!!!
Өзгөн району В.И.Ленин атындагы 39 орто метебинин 9-классынын окуучусу Абдыжапарова Нуриза.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жаныбек уулу Сыймык


Кыргыз жери аябай кооз,кен байлыктарга бай олко.Кыргызстан коргон адамды суктандырып, озуно тартып турат.Ош шаарынын ортосунан орун алган касиеттуу Сулайман тоосу,коз жоосун алган кереметтуу Ысык-Кол,Арсланбап, Кара Шоро,Абшыр Ата,Сары Челек жана коптогон туристерди тартуучу жерлерибиз бар.Озгон районундагы Тоочу лыжалык базасын ,,Кыргыз айылы" комплексин курсак чет олкодон туристер келишмек.Бул олкобуздун экология сына эч кандай зыяны жок киреше алып келуучу тармак.Биз туристерди тартуу учун,эн биринчи жолдорду ондоп,аба каттамдарын жакшыртып,учактарды жанылап,аэропортторду тузотуп,коопсуз тейлоону жакшыртышыбыз керек.Учактарды Европалык кара тизмеден чыгарып, чет жактан инвесторлорду тартып,заманбап учактары бар авиакомпаниялар аркылуу калкты коопсуз тейлоонун денгээлин жогорулатуу. Айыл жеринде жерди уномдоп,коп кабаттуу уйлорду жер титироого туруштук бергидей шартта куруп,элдин жашоо турмушун жакшыртуу,дыйкан чарбасын,мал чарбасын онуктуруп,озубуз ондургон продукцияларды экспортко чыгарсак олкобуздун онугуусу жогоруламак. Кыргызстанда дагы завод фабрикалар, кичи ишканаларды куруп,чет жакта жургон мигрантарыбызды кайтарып,туруктуу жумуш менен камсыздап,жасаган эмгектерин оз олкобуз учун жумшоосун каалайт элем.Мигрантарды олкобузго кайтаруу менен,кароосуз калган,зордук зомбулука кабылган балдарды ата-энеси менен бирге осуп жетилуусуно шарт тузулмок.Балдар олконун келечек ээлери.
Мен келечекте учкуч болууну каалайм.Окууну бутуп борбор калабыз Бишкектеги Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык колледжге тапшырам.Кыргызстанды жарандык авиация жагынан осуп онугуусуно оз салымымды кошом жана оз олкомо кызмат кылам.


Ош обл,Озгон район Кызыл-Сенир айылы.Жаныбек уулу Сыймык 9-класс 2000-жыл
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алимбай уулу Арген
"Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм"
Кыргыз жери озунчо эле коптогон кен байлыктарга бай мамлекет. Теги эле койчу эч бир олкодо жок нерселер бизде бар, бизде жок нерселер аларда бар. Биздин мамлекетибиз коптогон рессурстарга бай мамлекет. Биз ошону туура пайдаланышыбыз керек. Мындай соз бар эмеспи "Ааламга жол айылдан башталат" жана "Озгорууну озундон башта" дегендей ар бирибиз аракет кылышыбыз керек.
Кыргыз Республикасы Россия, АКШ жана башка мамлекеттерге коз карандылык менен жашап келебиз. Ошондуктан биз аларга карабай эле эгин айдап, гул остуруп, ар кандай программаларды уюштуруп, бири бирибизге жардам берсек биз эн ынтымактуу олколордун катарына кирмекпиз. Биринчи эле биз Кыргызстандык жараандарды жакшы жакка ундой турган бир программа ачып, аны ээн эркин ой айтып кыргыз жеринин гулдоп осушун, элдин биримдигин чындай турган программа ачышыбыз керек.
Менин олком тынчтык суйгон жаны олко
Каалаганын, самаганын бар олко.
Чар тарабы чарбасы кен бай олко,
Топ келишкен торт тулугу шай олко.
Кыргыз жери 10 жылдан кийин гулдогондо.
Гулдогон Кыргызстан
Мелдеште дайым уткан,
Дуйного аты чыккан.
Мекеним - республикам,
Гулдогон Кыргызстан.
Биздин Кыргыз жери созсуз бир нече жылдан кийин онугот.Мен Кыргыз жеримдин осуп онугушун каалайм.
Ош областынын Озгон районунун Куршаб айылынын А.Тангатаров атындагы №14 интернат-гимназиясынын 7-а классынын окуучусу Алимбай уулу Аргендин дил баяны
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Аматов Мунарбек

Мен Кыргызстандын атуулу катары мекенимдин өнүгүп өсүшүн каалайм.
Кыргызстан эмне кылганда өнүгөт?
Азыркы заманда көп кыргыз жараандары жумуштары жок жүрүшөт,ошол жараандарыбыз башка алыскы жана жакынкы өлкөлөргө жумуш издеп кетип жатышат.Ошол кыргыз жараандары өз мекенинде эле иштеп ,туугандары жана бир туугандарынын жанында жашап Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн шарт түзүлүш керек.
Биз жаштар баарыбыз Кыргызстандын өнүгүшүн каалайбыз,бирок мекенибизди ким өнүктүрөт?
Кыргызстанды биз,азыркы жаштар өнүктүрүшүбүз керек.Азыр Кыргызстандын көп айылдарында суу ,жол,свет маселелери орчундуу маселе болуп турат ошол маселелерди тез аранын ичинде жойгонго аракет кылышыбыз керек,ошондо Кыргызстаныбыз өнүгөт,биз окуучулар жакшы окуп Кыргызстандын өнүгүүсүнө жардам беребиз,Кыргызстандын жолдорун оңдоп жана биз өзүбүздүн мекенибизге иштеп гүлдөшү үчүн аракет кылабыз.Завод фабрикаларды ачып чет мамлекеттерде мигрант жүргөн кыргыз жараандарын жумуш орду менен камсыз кылып ушул жерден эле акча табышына көмөктөшсөк болот.Илгери өлкөбүздө көптөгөн ишканалар болгон экен кийин ал ишканалар жабылып,жараандарыбыз чет жактарга иштегени чыгып кетишип коптогон жараандарыбыз ошол жактардын жараандыктарын алып биротоло калып кетишкен.Эми ошого окшогон чоң ишканаларды ачып кайрадан өнүктүрүп иштетпесек мамлекетибиздин өнүкпөй калышы мүмкүн .Ошондуктан биз азыркы Кыргызстандын жаштары өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн баардык күчүбүздү жумшап өлкөбүздү өнүктүрүү биздин милдет жана болгон күчүбүздү жумшайбыз.Жашасын Кыргызстан.
Аматов Мунарбек Медербекович
Ош облусунун,Кара- Кулжа районунун
Б.Эшмамбетов орто мектебинин 8 “А” классынын окуучусу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Омурбек уулу Кансаар

Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм

Биздин Кыргызстаныбыз асман тиреген, ак мөңгүлүү тоолорго, шаркырап аккан тунук сууларга, бейиштей болгон керемет жаратылышка бай. Бирок... эмне үчүн экономикасы артта? Ойлонуп корсом экономикасы өнүккөн өлкөлөр, мисалы: Япония - жаратылышы кооптуу өлкө, себеби цунами каалаган убакытта келип баардык нерселерди кыйратып кетиши мүмкүн. Ал эми Сингапурдун климаты начар, жер – жемиш өстүргөнгө мүмкүнчүлүктөрү такыр жок. Бириккен Араб Эмираты какырыган чөл эле. Кытайды айтбай эле коёюн. Алар азыр дүйнодогү эң кооз, экономикасы алдыдагы өлкөлөргө айланган. Ооба, аларда биздегидей шарт, биздегидей табигый нерселер жок. Бирок алар өз өлкөсун гүлдөп-өстурүп жатышат. Алкандай болгон 198.500км2 жерибизди биз эмнеге өркундөтө албайбыз? Биздин эч жерибиз кем эмес, болгону биз жалкоо болуп, даяр нерсеге көнүп, эмгекткен алыс болуп калдык деп ойлойм.
Менин оюмча , биринчи иретте, терең билимге ээ болуу керек.”Билим алуу- ийне менен кудук казгандай”- дейт элибиз. Бул асыл сөздөрдү элибиз бекринен оозунан түшурбөй жүрбөсө керек. Билим бул тугөнбөс кенч да! Адам баласы эч качан билимдүү болдум, билимден ала турган эч нерсе калган жок деп айта албайт. Анткени анын окууганы, билгени бул тугөнбөгөн кенчттин бир кичинекей бир түгү. Көп окуган билимге умтулгандардан кандай гана адамдар жаралбайт, акын десең акын, окумуштуу десең окумуштуу, философ десең философ, агартуучу десең агартуучу. Ошондуктан Кыргызстанга пайда келтирүү үчүн, биринчи, өзүбүз илим-билимдүү болушубуз шарт.
“Окусам, эмгектенсем акыл келер, билимдүү боло калбайт төрөлгөндөн! ”
Экинчиден туризимди өнүктүрүү. Жогоруда бейиштей болгон өлкөбүз деп айтып кеткенимдей, туризмди өнүктүрсөк биздей кооз өлкөгө туристтер келбей ким келет? Жайында Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдө эс алуучу кооз, курорттук жерлер, кышында Ленин пик, Чоң-Арык, Ала-Арча, Тогуз-Булак сыяктуу эс алуучу, муз жана жылгаяк тебүүчу жерлер көп. Ошондуктан кайсыл гана мезгил болбосун бизде шарт абдан ыңгайлуу жана туристтерди тартканга мүмкунчулүк бар.
Ошондой эле экологиябызды сактоо – биздин милдет. Шаарыбыздын көчөлөрүнө таштанды таштап булгабай таза кармообуз керек. Жана да таштанды таштоочу урналарды көчөлөргө көбүрөөк коюш керек. Себеби кээде мен көчөдө жүргөндө бирко нерсе жеп буткөндөн соң таштандыны урнага таштайын деп урнаны таппай каламда, сумкама салып коюп урна көрсөм таштап коём. А кээ бир адамдар көчөгө эле таштап кетип жатышпайбы. Жаратылышыбызды да коргошубуз керек. Бак – дарактарды, гүлдөрдү, арча- карагайларды коп отургузушубуз керек. Бул биринчиден, көрк берип, жерибизди кооз кылып турат. Экинчиден абаны синтездеп, тазалап атмосфераны да калыпка келтирип турат. “ Өзгөрүүнү өзүңдөн башта” – демекчи биз да эжем экөөбүз үйүбүзгө бөлмө гүлдөрүн өстүрүүнү туура көрдүк. Жок дегенде үйүбүздүн абасын тазалап турсун деген максатта гүл отургуздук.
Манас атабыздын жети осуятынын биринде айтылгандай : “ Бир жеңден кол, бир жакадан баш” чыгарып, бир бүтүн болуп Кыргызстанды алга сүрөшүбүз керек. Баарыбыз аракет кылсак мен ишенем Кыргызстан өнүгөт!
Омурбек уулу Кансаар Чон Алай району
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Базарбай кызы Нурзия

«Кыргыз жеримдин гулдоп онугушун каалайм»

Мен кыргыз жеримдин гулдоп онугушун каалаймын! Кыргыз жери кудайым берген эн сонун жер, тим эле бейиштин тору. Ак монгулу аска зоолору, арстандын азуусундай тизилген бийик-бийик асман тиреген тоолору, молтуроп аккан тунук суулары, жумшак абасы кыргыз жеримдин коркуно ого бетер корк кошуп турат. Дуйнодо биздин Кыргызстаныбыз эн жашыл олколордун катарына кирет. Ушундай коздун жоосун алган жашыл олкодо жашаган ар бир адам омурундо абдан бактылуу болсо керек.
Кыргызстан жаныдан осуп келе жаткан жаш олколордун бири болуп эсептелет. Бирок биз менен бир убакта эгемендикке жеткен олколордун экономикасы кандай?
Кыргызстандын гулдоп онугушуно эн биринчи кезекте кыргызстан калкы билимдуу-илимдуу болушу зарыл. Элдердин сабаттуу болушу менен олкобузду гулдотуп онуктуро алабыз. Кыргыз элинде бекеринен айтылбаса керек «билимдуу озот. билимсиз тозот» деп. Билимдуу адам эч качан жашоосунда кыналбайт жана коомго пайдасы тийет деп эсептейм. Бирок, биз билим менен эле онугуп кете алабызбы. Менин мамлекетим, менин олкомдо томонкулор кобойгондо онугот деп ойлойм.
1- патриот мекеним деген адамдар.
2- туризмге абдан жакшы конул бурулганда.
3- завот, ишканалар курулганда.
4- инвесторлор тартылганда жана мамлекет озу тоо кенди иштеткенде

ыр«кыргызстан»
ак кар баскан,
ак монгулу зоолору.
жашыл килем,
тошоп койгон тоолору.
кыргызсынбы? беп сурабай адамдар,
ак калпакчан тоолорунан билешет.

дуйнодо бир керемет бар экен,
эч бир жакка чайпалбаган бир нерсе,
билгин келсе угуп тургун анда сен,
ал керемет Ысык-колу кыргыздын.

кыргызстандын туштугундо жайгашкан,
орук зарлуу Беткен экен аймагы
Гулдордун ханышасы аталган,
Айгул гулу осот экен бул жерде.

Ак-буура суусу аралап,
корк кошуп келет шаарыма.
ушул дайра шаарымдын,
жашоосу экен калкымдын.

эн байыркы шаарым бул,
3000 жылдык тарыхы.
ордолуу ош шаарымдын,
журогу экен бул озу,
ЮНЕСКО го каталган.
Сулайман тоосу калдайган.

кыргызстан алга жур,
кылчайбастан кеткин туз.
кыргызстан осо бер,
кыргызстан гулдоп сен!
Ош обласына караштуу Алай районунун Таш-короо айылынын №12 И.Адишев атындагы орто мектебинин10- класынын окуучусу Базарбай кызы Нурзия.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жоробаева Элизат

«Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп ѳсүшүн каалайм»

Кыргыз жеринин , элинин ѳсүп ѳнүгүшүнѳ кошкон салым-бул эӊ биринчи
кезекте окуп, билим алуу.
Менин жекече кѳз карашым ушундай.
Билимдүүнүн колунан бары келет. Эгерде кыргызстандагы ар бир жаран ушул сапаттарга ээ болсо.
Эмгекчил адамдарды жалпы коомубуз кадырлап, сыйлап тураары баарыбызга белгилүү. Эмгекчи менен мээнеткеч, бири-бирин толуктап, булар изденгич, жандары тынбаган адам экенин тастыктайт. Алар таман акы, маӊдай терлери менен ѳз үй-бүлѳсүн бакпастан мамлекетибиздин ѳркүндѳп ѳсүшүнѳ да чоӊ салымдарын кошушат. «Мээнетиӊ ачуу болсо, тапканыӊ таттуу»- дегендей келечектеги кыргыз жеринин ѳсүшүнѳ колодон келген саамалыктарды кошкум келет. Ал үчүн адамдын кылык жоругу да, кулк-мүнѳзү да тѳп келүүсү абзел.
Кыргызстандын ѳсүшү, ѳнүгүшү үчүн мамлекетте чоӊ жетишкендиктер арбын. Аларды атай кетсем эӊ эле биринчи алтын кени, кѳмүр кенин атоого болот. «Ааламга кеткен жол айылдан башталат» демекчи биз дагы эӊ жѳнѳкѳй элет жериндеги кенибиз биз үчүн эӊ манилүүлүгүн ырастагым келет. Ош областынын Чоӊ-Алай районундагы «Ленин» чокусу бийиктиги 7134 метр. Булл жерге жайкысын туристтердин келүүсүнѳ шартын түзүү менен табигатыбыздын кооздугуна суктанууну арттыруубуз керек. Мындай кооз жерлерибиз кѳп. Менимче кыргызстанды туризм жаатында ѳнүктүрсѳк болот. Табигатыбыз ѳзгѳчѳ кооз болгондуктан кооз кооз жерлерге, туристерге ыӊгайлуу , ылайыктуу шарттары менен эсалуу жайларды куруп, туристерден түшкѳн акчаны мамлекетибиздин гүлдѳп ѳсүшүнѳ жумшасак болот.
Кыргызстан биздин ата-бабаларыбыздан калган, муундан муунга, урпактардан- урпактарга кѳздүн карегиндей сактай турган мекен. Мекен деген бул ыйык нерсе. Мекенге болгон сүйүү ар бир адамда болбой койбосо керек. Мекенге болгон сүйүүнү кээде сѳз менен айтып түшүндүрүүгѳ болбой калат.
Ѳз мекенин сүйгѳн , мекен үчүн баарына даяр болгон, эл жери үчүн ак кызмат ѳтѳгѳн патриот адамдарыбыз кѳп болсун. Кайсыл жерде жүрбѳйлү жүрѳгүӊ кыргыз деп согушу керек. Кыргызстан бейиштин тѳрүндѳй жер эмеспи. «Ар кимдики ѳзүнѳ, ай кѳрүнѳт кѳзүнѳ» деген ата бабалардан калган сѳз менен айтсам да болот. Мекенибиз кѳп ѳлкѳдѳн кооздугу, кѳрктүүлүгү, сырдуулугу менен айырмаланат. Чет ѳлкѳнүн жарандарын суктандырып, кызыктырып ѳзүнѳ дайыма тартып турат. Биздин ушул сыймыктанган ѳлкѳбүзгѳ суктанып, бир кѳрүп келсем деп жетпегендер канча.
Ата-бабалардан калган табигый мурастар жерибизге кѳрк кошкон Сулайман-Тоо берекелүү Ош жергесинин борборунан орун алган. Илгертен эле бул тоону ыйык деп жердештерибиз сыйынып келишкен.
Азыркы учурда айланасына бак-дарактар, ар түрдүү кѳчѳттѳр тигилип, оригиналдуу музей курулуп эс алуучу жайга айланган.
Сулайман- Тоо бүгүнкү күндѳ сырдуулугу, ыйыктыгы менен мекке сыяктуу ѳзүнѳ адамдарды тартып турат. Бул тоодо биз билбеген , биз укпаган кѳрбѳй, туйбай турган сырдуу нерселер катылып жаткандыр. Мен бул ыйык Сулайман-Тообуздун сырын дагы да тереӊдетип ачкым, билгим келет. Чүй обулусундагы Бурана мунарасы азыркы Токмок шаарынан орун алган.Бул мунара намаз убактысын билдирүү үчүн азан чакырууга ылайыкташтырылган. Биз Алланы да унутпай ар кандай жакшы нерселерди тилек кылып турабыз.Мунаранын бийиктиги азыркы убакта 24метр. Мурда бийиктиги 40 метрден ашып турган. Архитектуралык курулуштардын бири болуп саналат. 8 кыр чыгарылып курулуп, эшиги ѳтѳ жасалгаланган кооз мунара. Бурана акыркы жолу 1971-1975-жылдары калыбына келтирилген.
Тактап айтканда ар бир областа мындай кѳзжоосун алган кооз имараттар, ыйык тутчуу ыйык жерлерге бай. Алардын ар бирине токтолсок таӊ атып, кеч кирет.
Дагы менин айтарым чет ѳлкѳгѳ чыгып ал жактан шарты, иштеген жумуштары менен таанышып, тажрыйба алмаштыруу да чоӊ жетишкендиктерге алып келет.
Кыргыз элинин пейили, март, берешендиги, мейман достугу, таалим-тарбияга бай тарыхый мурастар буларга эпосторду , роман драмаларды атап кетсем ашыктык кылбайт. Адабий чыгармаларды окуу менен алдыга ийгилик менен жүрүүнү самайбыз. Дүйнѳ жүзүндѳ кѳлѳмү жагынан биринчи орунда турган «Манас» эпосун алсак, Манас үзүлгѳндү улаган, чачылганды жыйнаган батыр болгон. Ушул эле «Манас» эпосунда «Бѳлүнбѳ кыргыз бѳлүнбѳ,
Бѳлүнсѳӊ бѳрү жеп кетет. Бѳлүнүп кетти кыргыз деп, бѳлѳк элге кеп кетет» - деген таамай айтылган алтынга алмашкыс саптар менен кыргыз элин ынтымакка, ыймандуулукка , адептүүлүккѳ чакырат элем. Достукту да ыйык тутуп, ар бир мамлекет менен ѳзүбүздүн кыргыз мусулмандары менен ынтымакта болсок, кыргызстанымдын ѳсүп –ѳнүгүшү мындан да күчтүү жемишин бермекчи. Кенже эпостор «Эр тѳштүк» , «Эр табылдыларды» атоого болот. Азыркы заманыбыз миӊ түркүн кубулуштар менен ѳсүп, ѳѳрчүп, жаӊыча технологиялык багытта ѳнүгүп жатат. Баарыбыз бул кадамга шериктеш болуп, аӊ сезимибизди караӊгылыктан алып чыгып, ой чабытыбызды кеӊейтип, билимибизди кеӊейтүүбүз зарыл. Ѳлкѳдѳ билим берүү тармактарын дагы да ѳнүктүрсѳк жакшы болор эле. Ѳлкѳнүн келечеги жаштардын колунда андыктан биз тереӊ жана сапаттуу билимге ээ болушубуз керек. Билим аркылуу биз эӊсеген, каалаган бийиктиктерге жете алабыз. Алдыбызга улуу максаттарды коюп ,эч качан аракетибизди токтотпой , койгон максаттарыбызга жетүү үчүн ардайым эмгектенип, изденип окушубуз керек.
Дүйнѳнү ѳзгѳртѳмүн десеӊ ѳзгѳртүүнү ѳзүӊдѳн башта.
Биз дүйнѳдѳгү ѳзгѳрүүнү кѳрүш үчүн ѳзүбүз ошол ѳзгѳрүү болушубуз
керек,- деп айткан
(Махатма Ганди)
Ѳзүбүздү ѳзгѳртпѳй туруп башкаларды ѳзгѳртѳ албайбыз. Бул талашсыз чындык.
Ѳзүбүздү ѳзгѳртүү бизден кѳп нерселерди талап кылат. Бирок ошол аракеттерди аткаруу менен биз ѳзүбүздү эле эмес, сырткы чѳйрѳнү да ѳзгѳртѳ алабыз.
Ѳзгѳрүүнү тѳмѳнкүлѳр менен баштасак. Ар бир нерсеге ыраазы болсок, бири-бирибизге болгон мамиледе кечиримдүүлүк, кеӊ пейилдүүлүк, күлкү жана сүйүү болсо, ар бир адам ѳзүнүн жоопкерчилигин сезе билсе, изденүүчүлүк болсо биздин ѳзгѳрүүбүзгѳ эӊ керектүү касиеттердин бири десем жаӊылышпаймаймын. Ар бир күндү текке кетирбей ѳзүбүздү ѳнүктүрүү үчүн аракет кылалы. Биз жок дегенде ушул касиеттерге ээ болсок. Бизде бир кыйла ѳзгѳрүүлѳр болот эле.
Келгиле бүгүнтѳн баштап аракет кылалы.кыргызстан деген атты ѳчүрбѳй, ар дайым алдыга гана умтулалы.
Дил баяндын соӊунда кыргыз эллине кеӊ пейил, мейман-дос, ден-соолуктуу болууларын калоо менен , кыргыз элимдин, кыргыз жеримдин гүлдѳп ѳсүшүнѳ болгон күчүбүздү , аракетибизди жумшайлы демекчимин.
Ош областынын Чоӊ-Алай районуна караштуу «Кара-Кабак» орто мектебинин 9-классынын окуучусу Жоробаева Элизат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алмазбек уулу Бексултан
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм
Менин атым-Бексултан. Мен Ош шаарында туулуп оском. Бардык адамдар оз туулган жерин жакшы коргон сыяктуу мен да оз мекинимди ыйык кором.Албетте, ошол мекенимдин онугушунда каалайм.Анткени Кыргызтан кылымдан кылымга мурас болуп, бизге келип, жеткен ушул мекенибизди булгабай сактап,сатпай уулу муун бизге откозуп берсе,биз да аны келечек ээлерине ошол бойдон откозуп бермекбиз.Мекенибиздин онугушуно ынтымак керек.”Ынтымагы бар элдин таалай багы ачылат,ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат.”деп айтылгандай ынтымакта болсок,анда биз онуккон олко болмокбуз.Мен Кыргызтандын онугушуно озумдун салымын кошкум келет.Биринчиден, экономиканы жакшыртышыбыз керек. Ал учун завод,фабрикаларды куруп,экспортту кобойту зарыл.Кыргызстан тоолу олко болгондуктан, кышкысын лыжа, коньки тебуучу жайларды кобойтуу керек.Мен жана досторумдун келечекте Кыргызстанымды осушуно кошо турган мумкучулуктор коп.Мен интернеттен Малазия олкосун кордум аябай кооз экен.Кыргызстанды ошол олко сыяктуу коргум келет.Биздин олко суунун мекени. Бул суулардын кадырын азыр билбей жаткандайбыз. Бул сууларды ысык олколорго инпорт чыгарсак ,бул да экономикага озунун салымын кошмок. Азыр бизде остурулуп жаткан тоо бурчак, кунос каналардан чыккан жашылчаларды сыртка чыгару кыйын болуп турат. Ошол жемиштерди консервалоочу завод ачу керек. Айыл чарба багытында эт жана жун беруучу, кой,эчки бодо малдарды кобойтуу зарыл. Алардан алынган продукцияга кездеме чыгаруучу фабрикка куруу керек. Кыргызстандын 7 обласында тен кооз эс алуучу жайлар коп. Мисалыга алсак Сары-Челек, Ыссык –Кол, Сон-Кол,Абшыр –Сай,жана башкалар . Ушул жайларга туристерди тартуу менен,конок уйлорун, балдар ойноочу жайларды, бассейн,котеждерди, атриакцондорду куруу керек. Олком менин келечегим, байлыгым. Жанып турган бийиктеги жарыгым. Мен олкомдун онугушун каалаймын, Анткени олком баскан жолум,тагдырым. Урматтуу достор!! Биздин байлыгыбыз болгон, КЫРГЫЗСТАНга ар кимибиз озубуздун жеке байлыгыбыздай мамиле кылсак,анда биз созсузонуккон олко болобуз деп терен ишенем!! !


Ф.и.о Алмазбек уулу Бексултан
Туулган. Жыл. 11.11.01
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 14:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бектемир уулу Нурислам
Мен кыргыз жеринин өсүп, өнүгүшүн каалайм.
Биздин сүйүктүү мекенибиз Кыргызстан. Кыргызстанда жашаган ар бир адам өз өлкөбүздүн өнүгүшүн каалоого тийишпиз, анын ичинде мен да. Эр жигиттин көзүнөн эки гана учурда жаш чыгат экен. Биринчи учур көптөн издеген жакын адамы жанына келгенде, экинчи учуру болсо өз өлкөсү, ата мекени көз алдында бөтөн адамдардын тепсендисинде калганда. Ылайым кубанычтуу көз жашты баарыбызга буюрган болсун. Экинчи көз жашты болтурбоо мекенибизге болгон чексиз сүйүүнү талап кылат. Ошол сүйүүгө жараша кызмат кылуу болору айтпаса да белгилүү.
Америкадагы бир мечиттин имамы ар күнү бир убакта каттаган бир автобуска оттуруп үйүнө кетчү экен. Күндөрдүн бир күнүндө адаттагыдай баратып айдоочуга жол акысын сунат. Айдоочу акысын алып калбай жанагы берген акчаны имамдын өзүнө кайтарып берет да жолун улайт. Имам аябай ойлонот... Менин имам экендигимди билип атайы жасадыбы? Же адашып калдыбы? Ушундай ойлор жан дүйнөсүн ээлик кылат да турат. Жашаган дарегине жетейин дегенде айдоочудан сурайт:
-балам мен акыңды берсем кайра өзүмө кайтарып бердиң го, адашып калбадың бекен?
-аксакал билесизби? Сиз бир чоң мечиттин имамысыз. Мусулмандар жөнүндө ар кандай маалыматтарды угуп калам. Анан, сизди бир сынап анык жыйынтыкка келейин дегем. Көрсө мусулман адам бөтөндүн акысын жебейт турбайбы, эң таза адамдар турбайбы. Жанагы бирин-бири атуу мусулманчылыкка туура келбеген көрүнүш экенин билдим-дейт. Мечиттин имамы көзү караңгылап, буту чалыштап араң түшүп, көзүнө жаш алат. “көрсө мен бир жооругум менен бүткүл мусулмандардын бетине көө сыйпап койо жаздаган турбайынбы, мендей шоорду көр пендеңди кечир Кудайым” –деп Жараткандан кечирим сурайт. Ошол сыңары кыргыз анан Кыргызстан тууралуу дүйнө ар кандай ойлоп турганда ар кадамыбызды ойлонуп, талдап ташташыбыз ар бир жараныбызга керектүү, анан милдет болуп турат.
Чөйрө адамды өзгөртөт деген сөз эзелтен аныкталып, такталып, эл арасында лакап сыяктуу айтылып келаткандыгы маалым. Келиңиздер баарыбыз жакшы чөйрө жараталы, биздин чөйрөбүзгө карап анча-мынча адашкандар түзөлөр. Мекенге салым кошуу китеп окугандан, айрыкча көркөм чыгармаларды окугандан башталат экен. Кадимки Японя өнүккөн өлкөсүн баарыбыз жакшы билебиз. Алар 4-классты аяктаганга чейин адабият, көркөм адабият менен ар бир жеткинчекти тааныш кылышат экен. Элестетиңиздер 4-класска чейин китептер менен дос болсо андан кийин кантип китептен ажырап, кантип китепти унутуп кетмек. Билимдин уюткусу, билимдин кени дал ошол биз билген, көрүп анан көз жаздымында калтырып койгон китептерде жашырынып жатыптыр. Өсүмдүккө суу берип, азык берип турса жакшы өсөт го. Акыл да ошол сыяктуу, акылга, жан дүйнөгө китептин ичиндеги маалыматтар, көркөм адабияттагы образдар азык болуп бере алат. Келиңиздер ар бир адамдар жан дүйнөбүздү, акылыбызды, керектүү азыктан кем калтырбайлы.


Мекенге салым кошуу үчүн сөзүз түрдө акчанын же кандайдыр бир матирялдын болуусу шарт эмес. Адамдык мамиле, сый урмат, көкүрөктөгү билим, ой толгоонун жакшы болуусу жетиштүү чыгаар. Бул баалуулуктарыбыз менен четтен келген туристтерди тартсак. Аларга эң сонун мамилебиз менен шарттарды түзүп берсек, таалыкпай тарыхый баалуулуктарыбыз менен тааныштырып чыксак. Алар өз өлкөсүнө барганда өлкөбүздөгү адамдарды мактаса, аларга да келип, көрүп кетүүсүн сунуштаса. Ошонун өзү олчойгон салым болуп жатпайбы. Биринчи-кыял, анан кыялды ишке ашырууга-плап, пландар ишке ашат дейт го. Эх, кандай сонун болмок. Тоолорубуздун чокуларын бириктирип турган асма көпүрөлөр болсо... ал көпүрөлөрдө туристттер эс алып жүрсө... анан, бийик тоолордун чокуларында аш каналар болсо... мектеп окуучулар сыймыктануу менен айылын, тоолорду конокторго тааныштырып берип, алар менен эң сонун мамиле түзүп, көп нерселерин үйрөнүп, тажрыйбаларынан алып калышса. Туризимдин мекени Кыргызстан аталып, туристтер үчүн мекенибиз менен оңой таанышууга ылайыкталган чакан китепчелер кеңири жайылса. Билесиздерби, кайсы бир өлкөлөр биз колдонуп жүргөн кетмен, күрөк деген шаймандарыбызды музейлерден гана көрүшөт экен. Алардын техникалык жабдыктары ушунчалык жетишип, жашоочуларынын арасында ар түрдү оорулар көбөйүп, оору менен алп урушуп жашап калышыптыр. Ага караганда биздин жашообуз жакшы го. Балким, бул күндөр алыс эместир. Биздин балдарыбыз дал менин кыялымдагыдай жашап калышар.
Бектемир уулу Нурислам
Ош облусу, Алай району, Күң-Элек айылы
№35 Сатар Карыев атындагы орто мектеби, 6-класс
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 16:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алмазбек уулу Бексултан
Я родился в Кыргызстане. Кыргызстан - замечательная и красивая страна. Кыргызстан расположен на северо-востоке средней Азии и входит в класс развивающихся стран. Был основан 31 августа 1991 года после распада СССР.
Столица Кыргызстана город Бишкек. Население Кыргызстана 6.000.000 человек, более 50 наций, казахи, китайцы, русские, узбеки.
Главная проблема в Кыргызстане это коррупция.
Мое мнение про коррупцию, что все чиновники, депутаты коррупционеры берут деньги,но не делают обещанное. Если б не коррупция и безработица я видел б Кыргызстан процветленной и развитой. За всеми подозрительными чиновниками или депутами коррупционерами надо вести оперативную слешку,подслушивать телефонные звонки и докидовать взятки,чтоб вывести на читую воду. Чтоб развить Кыргызстан нужно развить культуру,туризм и экономику.Развивая культуру мы развиваем туризм, а развивая туризм мы развиваем экономику.Кыргызы качевой народ,наша культура развивается на весь мир.Туристы из многих стран приезжают в нашу страну чтобы отдохнуть и узнать нашу культуру.Много туристов приезжают на о. Ысык-Куль так развивается туризм.Для развития туризма нужно привлечь инвестеров из других стран и покозать как красива наша страна для того чтобы построить новые курорты,парки разлечений и для экономики промышленные заводы.Кыргызстан горная страна много туристов приходят в зимнее время года.Они приходят в горы на лыжные базы . Многие лыжные базы расположены в Бишкеке,но можно построить такие же лыжные базы и в Алайском районе Ошской области.Ошской области более 3000 лет туристы приходят чтоб узнать его историю,историю Сулейман-горы. В нашей стране много достопримечательностей, но туристы не знают об этих местах.Для туристов нужно создовать благо приятные условия,туры по всем облостям страны.Экономика нашей страны не очень развита ,но медленно развиваетсяблагодоря понижению коррупций,постройке промышленых заводов и добыче природных ресурсов.Как я уже говорил нужно привлечь инвестеров из других стран.Нужно строить промышленные заводы,к примеру:на юге страны в Ошской области много выращивается кукуруза и хлопок так что можно построить завод для консервирования кукурузы и хлопковый масло выробатывающий завод.
Ф.и.о Алмазбек уулу Бексултан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: