Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка кел

#81 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 16:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Омурзакова Диана
Мен кыргыз жеримдин гулдөп өсүшүн каалайм.
Саламатсыздарбы, менин аты жөнүм Омурзакова Диана.
Мен Ош шаарынын түштүк тарабындагы Озгур айылында жашайм. Озгур айылынан эн бир кооз «Ак-Буура» дарыясы агып өтөт. Мен эн бир кооз айылыда туулганыма сыймыктанам. Биздин шаарыбызда андан да кооз , суктана турган жерлер бар. Алардын бири Ош шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан Сулайман тоосу. Сулайман тоону экинчи Мекке дешип, тоого ар кайсы жактан адамдар келип, сыйынып кетишет.Бул тоого асмандан астероид ташы түшкөндө, анын бир сыныгы ушул тоого түшкөн деген маалыматтар бар. Сулайман тоого адамдар Ош шаарын толгугу менен көрүү үчүн чыгышат.
Андан да башка Ош облусундагы Араван районунда тоодо «Чилистен» деген үнкүр жайгашкан. Ал үнкүрдүн ичине жөрмөлөп жүрүп, бир залга туш болосуң. Ал залдын ортосунан суу агып турат. Ал суу кайдан агып түшүп жана кай жакка кетерин эч ким билбейт. Анын ичинде эн бир кооз сүрөттөр тартылган жана ал жерде падышанын тактысы бар, падышанын тактысы таштан жасалыптыр.
Кыргызстанда касиеттүү сырга бай жерлер өтө көп. Мисалы: Нарындагы Таш рабат, Баткендеги Айгул гүлү, Өзгөн мунарасы Чүйдө Бурана, ошто Сулайман тоо, Таласта Манастын күмбөзү бар. Мына ушундай жерлерди биз коргошубуз керек.
Мына ушундай кооз, табышмактуу жерлерди изилдеп, ушундай жерлерге бара турган жолдорду оңдоп, кооз жерилерибизге суктанган чет элдиктерди көбөйтүүгө болот. Кыргызстандагы суу жетпеген жерлерге суу чыгарып, жолдорун ондоп, шаарыбызга кооз гүлдөрдү отургузуп, Кыргызстанды гүлдөтүүгө болот.
Биз Кыргыз жерибизге туристтерди чакыруу менен бирге, өзүбүздүн элибиз үчүн завод-фабрикаларды жок кылуунун ордуна кайрадан аларды курушубуз керек. Ош шаарында эле заводдор жок болуп кеткен. Мисалы: Оштогу Жибек комбинаты азыр «Датка» соода борбору насос заводу «Келечек» соода борбору пахтадан кездеме токуучу заводдорду көбөйтүү керек.
Мына ушентип Кыргызстан гүлдөй алат.
Дареги: Кара-Суу районуна караштуу №58 «Ак-Буура» орто мектебинин 8-классынын окуучусу Омурзакова Диана.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Макмал
«Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм.»
Менин атым Макмал. Билесиздерби неге менин атымды атам-апам Макмал деп койгонун? Атам-апам айтат Тогуз-тородо Макмал деген кыпкызыл, жыттуу гул бар деп. Ал гулдор тоодо осот экен, ошол кызыл гулдорду мен коргум келет. Корсо менин атымды ошол кооз гулдордун атынан коюшуптур.
Кыргыз жери тоолуу, кооз жер. Каягымды карабайын асман тиреген тоолор, кок асманда ала булуттар. Авасы таза, тунук булактары бар. Мен кичинекейимден жер жузундо гулдордун коп болушун каалайт элем. Узун-узун мени менен тен гулдорду. Менин апам гулдорду аябай жакшы корот. Жайындасы биз турган квартиранын айланасы кызыл-тазыл гулдорго толуп кетет.
Бир туруп ойлоп кетем апамдай адамдар коп болсо кыргыз жерин гулго болоп коймок деп. Мен кичинекейимден кыялданып келем чет олкого барсам деп. Чет олкого барыш менин тушумо гана кирет. Ал жака барыш кайда, тилеке каршы озубуздун уйубуз да акчабыз да жок кыйналып жатабыз. Атам пенцияда, апам иштебейт. Англис тилин уйронсом деген тилегим бар, анан мен англис тилине тилими кондуруш учун англис тилинде ырдайм.
Мен байып чет олкодон кыргыз жериме гулдордун аябагандай коп турун алып келип гулдоткум келет. Ар бир мектепке жашыл дарактарды, гулдорду чогуу остургум келет.
Тоолордо уйлар, койлор, эчкилер бул озунчо кооз корунот. Кыргыз жерибизде адамдар, ар бир уй було кыйналбай бактылуу жашашса андан бешбетер кооз корунмок деп ойлойм.
Эгерде мен президент болгонумда "эмне кылмаксын" дебейсизби? Кыйналган адамдарга иш берип, уйу жокторго уй берип, карыган ата-энелерди пенсияга чыгарып, кичинекей балдардын кыялын орундатып берет болчумун. Акчасы жок уй- булолордун балдарын окуганга шарт тузуп бермекмин, буларды чет олкого да окутмакмын. Ошентип кыргыз элими бактылуу кылсам, кыргыз жерим гулдоп осмок да.
Кыргыз жеримдин гулдоп осушун мен абдан каалайм. Бирок баардык эл ошону кааласа жакшы болор эле. Баарыбыз биригип зангыраган уйлорду куруп, театрларды кобойтуп, бак дарак, гулдорду эксек. Кыргыз жерибиз гулдоп осот эле.
Кыялданам чет олкого барып калсам ал жактан коп нерселерди уйронуп келип кыргыз жериме пайдам тийсе деп. Кыргыз жеримди гулдотуп остурсом дейм.
Кылычбек агай мен да сизге окшоп чет олкодо иштеп окуучуларды алып баргым келет. Сиз гезитке чыгып кышкы каникулда сынакта женген окуучуларды Малайзияга алып барам дегенден кийин эле менде уйку жок. Гезиттин барагын жулуп алып кундо жазам. Атам болсо,- убара болбо кызым ал жака байлардын балдар- кыздары барат дейт. Мен озумо анан сизге ишенип турам, сиз мени тандайсыз. Кунуго тушумдо Малайзияда журом, суйунуп кетем бул туш эмес деп. Ойгонгондо конулум тушуп калат. Кылычбек агай мен ойлойм сиз менин кыялымды аткарасыз деп. Мен кышкы каникулду Малайзияда откоргум келет. Сиз мени танданыз!
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун чын журогумдон каалайм - Макмал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Раатбек уулу Имам Азам


Кыргыз жеримдин осуп онушун каалайм
Мен Раатбек уулу Имам Азам 13.01.2003 жылы Ош шаарында туулганмын. Азыркы кезде Ош шаарындагы №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектепте билим алам.
Мен Кыргызстандын гулдоп осушун атакемдин ишине байланыштырып баяндагым келет. Атам коз дарыгер. Кичинесинде атайын мектеп-интернатта би лим алып, абдан кыйынчылыктарды откоргонун айтат. Азыркы мезгилде Кыргызстандын туштугундогу козу-азиздер мектеп-интернатында эмгектенет.
Ал мектеп интернатында коптогон балдар кыздар окушат, билим алышат. Атам менен бирге барып алардын чын эле жарыкты корбогонуно тан калдым, аядым, бирок балдар кыздар корбосо да ото таланттуу,ырдашат, бийлешет, аглисче, немисче уйронушот экен. Ал аз эмес интернеттен компютерден да уйронушот. Аларды оз классташ досторум менен тааныштырдым. Бирок досторум аларды туура тушуно алышкан жок. Себеби алар досторумдун талантын зиректигин, жарыкты корбосо да уга билип баардык нерсеге аракет кылып жашап келаткандыктарын, мен чонойсом деген-алдыга койгон максаттарын билишкен жок. Мен атамдын жумушуна барганга чейин телевизордон кара очки тагынган депутатты коруп: Бул эмнеге очки тагып алган, бандит окшойт деп кулсом атам : Балам ал киши бир мучосу кем болсо да Кыргызстандын осуп онугуусуно закон иштеп, Кыргызстандын осуп онугуусуно чон салым кошкон адам,андай дебегин деп, эртеси озу иштеген мектепке алып барды.
Ошондон кийин мен досторумдун кыялдары менен бирге болуп, билим алып улуу кичууну,ата -энеми урматтап келечекте Кыргызстандын осуп онугуусуно депутат агабыздай салым кошуп,чоноюну энсеп келем. Албетте досторумдун жашоосуна шарт тузсом. Себеби ошол мектепте окуган досторумдун жана Кыргызстандын осуп онуугусу алардын мектепти буткондон кийинки жашоосу жаык дуйнону, ата-энебизди, туугандарыбызды, досторубузду, жаратылышты кунуго коруп, озгоруп турганын коз менен коруп билген бизге байланыштуу.
Келгиле достор жалкоолонбой баарыбыз окуп билим алалы.
Келечекке шарт тузуп кылымдарга жашайлы.
Аталардын жолун жолдоп табиятты сыйлайлы.
Туубузду бийик кармап чек араны сактайлы .
Сиздерге чоон ырахмат.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айдай Раманова


Жер жузундо 250дон ашуун олколор бар.Алардын ичинен Борбордук Азияда менин алакандай мекеним Кыргызстан жайгашкан.Мен учун Кыргызстан акыл-насаат айткан атам,мээримин токкон апам,колдоп турган бир тууганым.
Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда СССРден болунуп чыгып,оз алдынча коз карандысыз, эгемендуу Кыргыз Республикасы деп жарыяланды. 2015-жылы эгемендуу Кыргызстанга 24 жыл болду.Ушул 24 жыл ичинде Кыргызстан бир топ ийгиликтерге жетишип,онугуп келе жаткан олколордун катарына кошулду.Мен келечекте Кыргызстанымдын дуйнолук аренадагы Россия,АКШ,Германия, Кытай,Япония олколору менен тен тайлаша турган бакубат,женилбес, ынтымактуу жана туризмдин,маданияттын очогу болгон гулдоп оскон мамлекет катары болот деп толук ишенем.
Улуу Казак акын-жазуучусу Мухтар Шаханов:
"Элди, улутту унутулгус жана туболуктуу уч байлык тузот. Алар -жер,тил жана маданият" . Андыктан ар бирибиз ак монгулуу тоолор менен курчалган кереметтуу, асыл,кооз бейиштин торундой жерлерибизди сактап,кыргыз тилин ардактап,маданиятыбызды "Манас" эпосун даназалап,аздектешибиз керек.Эне баласына кандай кам коруп,абайлап, этияттаса биз да алакандай мамлекетибизди коз карегибиздей сактап,кийинки урпактарга онуккон Кыргызстандын пайдубалын жеткирип беруубузго милдеттуубуз. "Мекен мен учун эмне кылды?- дебестен,мен мекеним учун эмне кылдым?"-деген суроону озубузго берип,баарыбыз биримдикте Кыргызстандын гулдоп-осуусуно салым кошолу.
Гулдой бер мекеним Кыргызстан!
Жашасын эгемендуу Кыргызстан!
Айдай Раманова
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Азимова Бегимай
Бул дуйно жузундо коптогон онуккон олколор бар эмесби,менда онуккон олколор сыяктуу биздин да мекенибиз Кыргызстандын гулдоп,осушун чын диледен каалайм.
Азыркы учурда да кичинекей олколор акырындан гулдоп, онугуп келет. Ошол акырындан гулдоп,осуп келе жаткан олколордун, биздин олкодой кооз жерлери,монгу таза суулары,коптогон кен байлыктары жок болсода алар кантип онугуп келе жатат? А, эмне себептен биздин олконун жаратылышы кооз,кен байлыка бай болуп туруп, онуккон олконун катарына кире элек деп абдан ойлоном....Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет дегендей, менде чоноюп, мектепти мыкты аяктап,мыкты окуу жайга тапшырып,мыкты адис болуп, оз билимим менен иштеп олкобуздун гулдоп осушуно салым кошсом дейм.
Акыркы жылдары биздин олкодо экономика алсыз,мыйзам, маданият, билим беруу туруктуу иштебей келет.Олкобуздо коррупция куч алып,кылмыш иштер онуккондой. Ушундай корунуштордон улам олкобуз алдыга жылбай келет.
Биз Кыргызстандыктар олкобуздун гулдоп осушу учун эмне кылышбыз керек,канткенде олкобуз алдыга жылып гулдоп осо баштайт.?
Мен ойлойм,олкобуз Кыргызстан гулдоп осушу учун биринчиден Манас атабыздын жети осуяттын кармануу менен экономикабызды бекемдешибиз зарыл жана бизге окшогон окуучуларды терен билим алууга кызыктыруу менен бирге таалим тарбия беруу,мыйзамды чечкиндуу иштетуу олкобуздун гулдоп,осушуно чон ийгиликтин ачылышына себепкер болот деп эсептейм.
Олкобуздо улуулардын "Жаштар биздин келечегибиз" деген урааны бар эмесби,ушул ураанга ылайык,биз алгач мектепте мыкты окушубуз учун агай, эжейлерибиз бизге улгулуу сабактардан отсо,билимибизди жогорулатуу учун кызыктуу темалардан ар айда сынак жарыялап турушса,биздин окууга болгон шыгыбыз осуп,олкобуздун гулдоп осушуно азыртан даярдана баштайт элек.Албетте бир гана агай эжейлерибиз эле эмес, биз озубуздун куч аракетибиз менен татыктуу билим алууга умтулсак,баарын озубуздон баштасак жанылышпайбыз деп ойлойм.Окунучтуусу мекенибизде коптогон бизге окшогон окуучулар ата-энесине баш ийбей,аксакалдар, улуулар кенеш берсе "Озум билем,отугуму торго илем" дегендер жок эмес.Биз акыркы убактарда аксакалдарды сыйлоону,улууларды укканды унуттук.Бири бирибизди сыйлоону унуттук.Эн негизгиси биз кыргыздын нукура озгочолукторун унуттук.Бул унуттуу олкобузго терс таасирин тийгизбей койбойт.Бирок канчалаган окуучуларга кенеш бере турган,убагында окуп ал,билиминди жогорулат,олкого пайдан тийсин деп айта турган ата-энеси чет олкодо иштеп журушот.Мунун кесепетинен канчалаган окуучу тарбиясыз,жалкоолонуп мектепке барбай,билим албай,оз билгенин кылып жургондор бар.Албетте акылдуу,зээндуу, патриот окуучуларда бар.Олкобуздун гулдоп осушуно азыртан жаш болсода салым кошкондорда бар.
Мекенибизде азыркы убакта уройду учурган,коркунучтуу, кылмыш иштер кундон кунго осуп токтобой келет.Бул корунуш эмне себептен деп ойлонсом,мамлекетибизде мыйзам туруктуу иштебейт туура.Мыйзам кучтуу иштесе, маданиятыбызда кучко кирет.Мыйзам кучтуу иштесе, мамлекетибизда мамлекет болуп гулдоп онугоор эле.Ак уйдо креслодо отурган чондорубуз мыйзамды туруктуу иштетишсе,олкобуз гулдоп осушу аныкго деп ойлойм.Мыйзам кучтуу иштесе карапайым элге да жакшы болоор эле..Себеби азыркы мезгилде "оозу кыйшык болсода байдын уулу суйлосун" болуп калбадыбы...
Биз олкобуз, Ата-Журттубуз Кыргызстандын гулдоп осушу учун уруу урууга болунбой,тундук туштук деп боксорбой,алдыга максат коюп бири бирибизди буттан эмес колдон тартып иштешсек мекенибиз гулдоп онугоруно ишенем.Дагы да олкобуздун гулдоп осушуно Малайзиядагы Кыргызстандын элчилиги сыяктуу,ар бир олкодогу Кыргызстандын элчилери да оз ишин мыкты билип,жан дили менен окобуздун гулдоп осушуно болгон куч аракети менен иш алып барышса,кудай буюрса биз албетте онугобуз.
Кубанычтуусу азыркы учурда олкобуздо спорт чеберчилиги, кино чеберчилиги акырындан онугуп келе жатат.Бир эле спорт,кино менен чектелип калбастан, баардык кесиптерди оздоштурсок, жергебиздеги кен байлыктарыбызды башка олколорго сатпай,озубуз туура пайдалансак озубуз учун,мекенибиз учун чон ийгиликке жетишебиз.
Биз олкобуз тезден тез гулдоп, осушу учун Манас атабыздын жети осуяттын ан сезимибизге бекем тутуп.Искак Разаковдун "Сен таза болсон, мен таза болсом,коом да таза болот" деген ураанын журогубузго бекем тутуу менен бирге,мектепте мыкты окуп,жалколонбой тазалыкты,онугууну озубуздон баштап,агай эжейлерибизден татыктуу билим алып,улууларды сыйлоо,кичуулорду ызатоо мн ата-энебизге баш ийуу менен бирге билимибизге билим кошууну оздоштурсок, маданиятыбызда туруктуу болуп олкобуз онугоруно чын ниеттен ишенем.
Ата-Журттубуз Кыргызстан тезден тез гулдоп,осушун беруусун Кудайдан чын дилден,жакшы ой,жакшы ниет менен суранам.Урматтуу Кыргызстандыктар, улуулар, жаштар,ак уйдо отурган чондор,мектептеги агайларым эжейлерим,мен менен бирге окуп жаткан классташтарым, тентуштарым, баарбыз биримдикте болуп бир жакадан баш,бир женден кол чыгаруу ички биримдикти журогубузго сактоо менен алдыга умтулайлы...
Ар бир олко оз элине зор корунот.
Биздин олко буткул элге кооз корунот.
Ала-Тоолу ал калпактуу жергебиз.
Ин шаа Аллах эми сонун онугот.!
Кара-Суу районун Мады айыл окмотуно караштуу номер:97 "Учкун" орто мектебинин 7-"Б" классынын окуучусу Азимова Бегимай Саитмаматовна
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нурдинов Манас
Мен Кыргызстандын гулдоп- осушун каалайм.
Биздин Кыргызстаныбыздын жаратылышы аябай кооз, абасы таза, суусу тунук. Биздин олкобуздун калкы алты миллионго жетти.Кыргызстанда эс алуучу жайлар аябай коп мисалы: Ысык-Кол, Сары-Челек жана башка коп жайлоолорубуз да бар.
Кендерибизден айта кетсем Таш-Комур,Алмалык деген ушул сыяктуу кендерибиз коп. Бизде Курманжан датка ,Кемин жана Токтогул ГЭСтери бар. Ошондой эле Кум-Тор алтын чыгара турган кенибиз бар.Биздин олкодо ушундай кендер коп жана алар Кыргызстандын келечегине кереги тиет. Мен Кыргызстандын келечегине ишенем жана кыргызстандык экениме сыймыктанам. Ушундай кендерди кыргыз эли учун таза, ак жана жоопкерчиликтуу иштете турган адам керек.
Биздин олкобуздун жаратылышынын коюнунда тулуп- осуп, онугуп , жашап жатканыма мен аябай ыраазымын. Кыргызстандын жаратылышы National Geography деген обого эн кооз жаратылыш катары кирди,айта кетсек биз,сиз жана мен Кыргызстандын келечегин колго алып жаратылыштарыбызды кооздоп,коркуно келтире сактай берсек башка олколордон келген туристтер аябай суктанып ,биздин олкого келе башташат жана алар бизге жардам беришип онугууго жол ача башташат .Андыктан байлыгыбызды сактайлычы, анткени деген бул кооздукту ата- бабаларыбыз согушуп жатышып бизге таштап кетишкен. Бирок азыркы убакта биздин жашап жаткан адамдарыбыз тескерисинче зыян корсотуп жатышууда. Алар токойдогу бак-дарактарды кыйып салышуууда, теректер жок болуп баратышат ошонун себебинен да жер титироолор болгон убакта тоолор кулап жатышат, жамгыр каттуу жааса суу ташкындар болуп жатат,анысы аз келгенсип адамдар жапа чегишип кээ бирлер кыштын кунундо кочодо уйсуз калып жатышууда, бирок эн жаманы жер титироодо адамдардын каза болушканы, журокту оорутат.Мен оз олкомдо онугуп, чонойгондо бизнесимди ачып чет олколорго биздин жерибиздин кооздугун корсоткум келет. Корсотконго жараша Кыргызстандын маданият жагынан онугуусуно коп салым кошкум келет.
Биздин Кыргызстандын бейиштей болгон кереметтей жаратылышын, сактап калуууну жана андан ары онугуусу боюнча проекттердин колго алынышын жана азыртадан ишке ашуусун аябай каалаймын.
Ош облусунун Алай районунундагы Гулчо айылынын Тапык Отунчиев атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 7Г классынын окуучусу Нурдинов Манас
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мырзабарамова Бактыгүл

Саламатасыздарбы ЭлТР- каналынын жалпы жамааты жана “Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм “ аттуу дил баяндар сынагын уюштуруучулары !!!

Мен өзүмдү тааныштырып кетсем.

Мен абадан бактылумун себеби: Мен Мырзабарамова Бактыгүл Каныбековна 27-августа 2002-жылы Ошо блусунун араван районунун Кызыр-Абад айылында жарык дүйнөгө келгенмин. Мен төрөлгөндө Кыргызстанда 5млн чу жарандардын арасында менда бармын. Азыркы учурда Кыргызстанда 6млн чу жаран туулду. “Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалаймын” Кырыгызстан качан гүлдөп өсөт? Биз жакшы окуп, ата энебиздин ак сүтүн актап, өзүбүздүн кичүү муундар билбегенин үйрөтүп алдыга карай ынтылууга жардам берсек гана Кыргызстаныбыз гүлдөп, өркүндөп ,өсөт.Меназыркы учурда №5 Т.Исмаилов атындагы орто мектебинде 7-б классында окуп жатам. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин өсүп өнүгүп жатат. Кыргыз жерибизде ыйык жерлер абдан көп Мисалы: Ош шаарыбыздын Сулайман-Тоо, Ноокатта Абшыр-Ата,Жалал- Абада Арсланбап айта берсек өтө көп кооз, ыйык жерлер бар. Кыргызстанды эч бир жерге теңей албайм. себеби менин киндик каным тамган жер.Мен абадан бактылуумун себеби мен дагы Кыргызстандын бир жараанымын. Жараткан буйурса мен окууларымды ийгиликтүү аяктап чоңойгондо врач болуп ата энемдин ак ниет ойлорун ишке ашрып эл, жеримден жардамымды аябай, Кыргызстанды өнүп өсүшүнө өз салымымды кошкум келет. Чынгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу “ повестинде Толгонай эне жерге кайрылып: “Жер, жан жараткан жер , бизди көтөрүп жаткан жер ,сен бизге таалай бербесең, эмнеге жер болуп орнойсуң да, биз эмнеге дүйнөгө жаралабыз! Биз сени балдарыңбыз, жер ,тилектеш болгун, ак тилегибизгежеткиргин! ”-дейт.Айтматовдун чыгармалары табиятты кастарлоого тарбиялайт. Жер бүткүл адамды багат жана көтөрүп турат.Айтматовдун чыгармаларында “адам экологиясы “,“табият экологиясы” деген маселелер көтөрүлөт.Ч. Айтматов чыгармаларында жер тагдырына жалпы ааламдын, жалпы космикалык көз караштан ой жүгүртөт. Даанышман акын Калыгул ошон учун : “Таза болсон, суудай бол, баарын жууп кетирген” деген эмесби.Биз сууну ысырап кылбашыбыз керек, ар дайым үнөмдөп ,пайдаланышыбыз керек .Бир гана ичип жаткан сууну эмес ,арыктагы сууну да туура пайдаланашыбыз зарыл.Адамзат бир күн эки күн нан жебей жашай алышы мумкун а бирок суусуз бир кун да жашай албайт. Эй адамзат ошондуктан сууну кантип,пайдаланышты билели. Суунун баркына жетели. Эгерде суу болбосо элдер тамак кыла алышпайт, кир жууй алышпайт ошондуктан суусуз жашоо жок. Жада калса суу жок болсо дыйкандардын да эгини мол түшүшүм бербейт.Кыргызстанда көптөгөн жапайы өсүмдүктөрдүн түрү түрлөрү абдан көп. Мына ошолор бар үчүн биз климаттын тазаабасында жашап келе жатабыз. Азыркы учурда заман өзгөрүп,көптөгөн заводтор курулуп , абаны көмүр кычкыл газдар менен бугап жатат. Керексиз заттардан бизди бак-дарактар коргоп турат. Ошондуктан көчөт отургузуп, аны өстүрүшүбүз керек. Ар бир адам бирден көчөт отургузуп, аны өстүрүшүбүз керек. Ар бир адам бирден көчөт отургузса ал көчөттөр барып-барып, бак болот.Мына ошонтип бак дарактар керексиз заттарды өзүнө алып, керектүү заттарды бизге чыгарат. Кырыгызстанда көптөгөн мөңгүбаскан тоолору көлдөрү, токойлору, кендери бар.

Кара чепкен ак калпак
Калкы сонун кыргыздын
Каз айланып кетпеген
Көлү сонун кырыгыздын
Бир гана мен жашаган Түндүк –чыгышындаЧил- Устун чыгышында Дулдул-Ата, Айрымач –Тоо,Кекилик- Учар тоосу,түндүк бөлүгү деңиз деңгээлинен 500-700 м, түштүгү 700-750м, бийиктикте болгон Араван жеримди алсак: Аравандын жаратылышы кооз анын бийик тоолуу кыркаларын көргөн киши табийгатын Араван жергесин ушунчалык кооз кылып жаратканына Теңирге ыраазы болом. Илгерттен бери “Туулган жердин топурагы алтын” деп айткан элибиздин нуска сөзү бар.

Араван-Ак дарыяңдын суусу тунук.
Араван–атап келсем, атың улук.
Аскаларың асман тиреп,бийик турган.
Күн нуру төбөсүнөн тийип турган.

Бактары өрүк ,анар,анжир жүзүмгө бай.
Мөмөсү, абу-нават, жетилип бышып турган.
Тоолоруң, Чил-Устун,Дул- дул-ат.
Араванды туш тараптан курчап турган.
Араван атыңдан мен айланайын
Алыс кетсем жүрөк толкуп сагынамын.
“Ак алтындын” мол түшүмүн өстүрүшкөн.
Төшүнө“Алтын жылдыз” тагынышкан.

Мен “Кырыгыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалаймын” жана ошондой эле Кырыгызстан менин сыймыктанам !!!


Дил баянды жазган Арван районунун тургуну Чек-Абад айылынын №5 Т.Исмаилов орто мектебинин 7-б классынын окуучу Мырзабарамова БактыгүлКаныбековна

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Суйунбек кызы Айзада
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун калайм.
Биздин кыргызстан орто азиянын борборунда ото чон эмес жерде жайгашкан. Кыргызстаныбыз эгемендуу онугуп кележаткан олколордун катарына кирет. Кыргызстан релефи боюнча толу олко болуп табыйгый ресурстарга кен байлыктарга бай. Климаты континенталду. Мамлекеттик тилибиз-кыргыз- тил расми тил орус тил. Кыргызстан цвилизатциясынын ортосунда жайгашкандыктан Сулайман-тоо, озгондогу тарыхый комплекс саймалуу таштагы сурот Манастын кумбозу,ташрабат- тарыхый келген сарайы бурана жана мунарасы кыгыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметери катары бааланат. кыргыз ресурстарынын борбор шары Бишкек олконун экономикалык илимий онор жай маданий борбору. Ош шаары фергана ороонундо жайгашкан. Ош сулайман-тоо, ак-бура дариясы менен атактуу. Мен кыргызстанда жашаган элиме жаш оспурум балдарга окууларына ийгилик,чын ден-соолук,ынтымакта, биримдикте болушун калайм. Билим жана спорт боюнча машыгып алимпиядаларга барып алдынкы орундарды алса кыргызстаныбыздын атак данкы чыкмак. Биз келечекте кыргызстанга: завот,фабрикаларды, онор жайларды курусак иштетилбеген жерлерге эгин эгип чарба кылып иштебей отурган жарандар иштесе жана олкобуздун тазалыгын сактаса биримдикте ынтымакта тынчылыкта бир жакадан баш бир женден кол чыгарып аракет кылсак жана ар бир адам уйбулосуно кам коргондой сактаса суйсо кадыр барктап сыйласа жакшы мамиледе болсок. Мекенибизгеда ушундай мамиледе болсок кыргызстаныбыз осуп онугот. Мен кыргызстанымдын гулдоп осушуно тереен ишенем.
Ош областы озгон району №34 Толонбай.Машрапов орто мектебинин окуучусу Суйунбек кызы Айзада.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айзирек Мавлан кызы


Кыргызстанымдын гулдоп-осушун каалайм!
Мен Айзирек Мавлан кызы 2003-жылы 3-февралда Озгон районуна караштуу Мырза-Аке айылында торолгонмун. Дуйнодо эн кымбат ата-энем бар,торт бир туугандын кенжесимин.
Алгачкы мектебим «Толонбай Машрапов» атындагы орто мектеп болду.Ал жактан тамга тааныдым,коп нерселерди уйрондум.Бирок, бешинчи классымда «Камилжан Раимбеков» атындагы мектеп-гимназиясына отуп,ал жерден да коп ийгиликтерге жетиштим.Алтынчы класстардын арасында «математика» сабагынан болгон олимпиадада райондон жана областан биринчи орунду ээлеп, республикада бешинчи байгелуу орунга жетишип келдим.Менин оюмча ийгиликке жетишкенимдин себеби,коп кыялданып жана аракет кылып окуганымдан болду.
Мен келечекте элимдин керегине жараган,татыктуу атуул болгум келет.Кыргызстандын келечеги алдыда.Кыргыз жеримдин кооз жаратылышына, кен байлыктарына, кен пейил адамдарына суктанам жана аны сактап калуунун жолдорун ойлоном.Кудай буюрса,татыктуу билим алып,кыргыз жеримдин кооз жерлерине жакшы шарттарды тузуп,туристтердин агымын кобойтуп,кыргыздын кооз жерлерин,нарк- насилин,адеп- ахлагын,меймандостугун дуйного тааныткым келет.Жакында эле Нуржигит Кадырбеков агайымдын «Япон кереметинин сыры»деген китебин окуп,аябай таасирлендим, ушунчалык япон олкосунун онугуу сырларына тан калдым.Мен ойлоп корсом Кыргызстанымда дагы осуп-онугууго мумкунчулук, шарттар абдан коп.Кудай берген кооз жаратылышыбызды барктап-сактап, коздун карегиндей бапестеп карап,дуйного таанытсак болот.Мисалы: Таиландга барган туристтердин саны 1,2 миллиондон ашып,ал олконун казынасына 100 миллиондогон доллар киреше тушкон.Биз дагы мамлекетибизге туристтерди жана инвесторлорду тартуу менен коптогон киреше булактарды ачсак болот.Ошондуктан, ыйык мекенибиздин кооз жерлерин даназалап,шарттарды тузуп,жолдорун ондосок кандай жакшы болоор эле.
Озум коруп жургон Кара-Шоро жайлоосу жонундо айтып берсем.Жолдо бара жатканымда козумо бийик-бийик тоолор жана ак монгулор,шаркырап аккан суулар корунгон.Кара- Шоро суусу дагы адамдардын ден-соолугуна абдан пайдалуу.Коп адамдар Кара-Шородогу дары чоптор жана суусу менен дарыланып,дарттарына дабаа табышат.Менин оюмча Кара-Шорого жакшы шарттарды тузсок,жолдорун асфальт кылып ондосок,туристердин саны кобоймок.Кара- Шородой жерлер жергебизде нечен.
Сакура-Япониянын силволдорунун бири.Сакура гулун коруш учун коптогон мамлекеттерден туристтер келет экен.Ал бир жумадай гулдойт да анан бат эле кубулуп тушуп калат.Менин оюмча «Айгул» гулу дагы абдан кооз гул.Туристтерди ушул гулубузго тартсак болот.Булардан башка дагы биздин кооз жерлерибиз, табият тартуулаган кереметтуу, кирешелуу булактарыбыз абдан коп.Кен байлыктарыбыз убактылуу гана киреше берет,ошондуктан, мен эли-жеримдин гулдоп-осушуно туризм туболуктуу жардам берет деп ойлойм.
Кудай буюрса,туризмден тушкон акчаларга мектептерди курсак.Окуучуларга баардык шарттарды тузуп,билим берууну жакшыртсак. Эмнеге дегенде Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда.Ошондуктан, мен дагы тырышып коп-коп окуп,келечекте Кыргызстанымдын гулдоп-осушуно, элимдин бакубат жашашына зор салымымды кошсом деймин-деп саламым менен сиздерди урматтап Айзирек Мавлан кызы.
7-класс «Себат» кыргыз-турк лицейи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Январь 2016 - 17:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Рахматова Айжаркын

Кыргызстанымды гулдоп осуусун каалайм.

Биз дуйнолук масбшабда анна чон эмес аймакты ээлеген,Эвразянын борборунда жайгашкан,оз алдынча эгемендуу Кыргызстан мамлекетинде жашайбыз.
Кыргыз Республикабыз тоолуу жана коп улуттуу олко.
80ден ашык улут жашайт. Тилибиз кыргыз. Эгемендуу олко болгонубуз менен онугуп келе жаткан олколордун катарына киребиз. Мен олкомдун гулдоп осуусун каалайм. Кыргыстаныбыздын гулдоп осуусу учун биринчиден, олкодо адамдардын тынчтыкта жашашы,адам укуктарынын сакталышы. Экинчиден,калктын билим денгээли,медициналык жактан тейлениши жогору болушу зарыл. Ошондой эле ТОО сууларын,бийик тоолордогу табыйгый жайыттарды жана ар турдуу жаратылыш байлыктарын, кооз колдорду,жайлоолорду, эс алууга ылайыктуу жайларды туура пайдалануу менен олкобузду онугуусуно чон салым кошо алабыз. Олкобуз тоолуу болгондуктан, ички жана эл аралык туризимди онуктуруу менен ар кайсы жактан чон-чон ийгиликтергет жетише алабыз деп ойлойм. Жери,рельефи, климаты, тоолору,абасы да бизге окшош,бирок жашоо шарты,жашоо денгээли боюнча асман менен жердей айырмачылыгы бар. Швейцария мамлекетинде эмнеге боло албайбыз?! Биздин карьера: мансап,байлык, бай адамдар жонундогу коз караш,тушунугубуз башкача. Эгер,биздагы мыкты бизнесмен болуп,бир нерсени ондуруп,аны экспортко чыгарып,мамлекетке салык тогуп,пайда келтирсек озубузду да,олкобузду да бай деп билсек эн жакшы болмок. Келечекте биз жаштар ким менен болбосун жылмая саламдашкан, сылык мамиледе болгон.убакытты. ден-соолукту жана омурду баалай билген,спорт менен машыкан,табият менен таттуу мамиледе болгон «Мен Кыргызстандыкмын! »-деген мыкты инсандардан болобуз. Биз буюрса «экинчи Швейцария болобуз»-деп терен ишенем!
Ош областы озгон району Толонбай Машырапов атындагы №34 орто мектеби. 9-б-класс Рахматова Айжаркын

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 10:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Дайырбек кызы Элиза
«Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал»
В одном из древнейших городов мира, в южной части Кыргызстана в г. Ош ровно 13 лет назад на свет появилась озорная девочка – первенец у молодых родителей. Это была я, девочка по имени Элиза, которая с детства отличалась своей любознательностью. С раннего детства я тянулась к знаниям, как ранний цветок тянется к солнцу.
Мои родители с детства старались привить мне лучшие человеческие качества и всегда поддерживали меня в моих начинаниях и желаниях. Благодаря им я познала многое в этой жизни. Например, я знаю, что мой Кыргызстан в нынешнее время претерпевает трудный период, ведь он только-только встает на ноги как маленький ребенок. Для того, чтобы этот маленький ребенок в будущем стал сильным и процветающим государством, надо все время поддерживать его, преодолевая все трудности с достоинством.
Светлое будущее Кыргызстана в руках у меня, у Вас, у всех людей Кыргызстана. Каждый гражданин государства является ценностью, который может внести свой вклад в развитие нашей страны, ведь как говорил великий кыргызский политический деятель Исхак Раззаков «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот». (Если ты будешь чист, я буду чист, то и общество будет чистым).
Я уверена, что если каждый осознает свое большое значение в развитии Кыргызстана и начнет действовать соответственно, то благодаря их действиям будет сделан огромный шаг на пути к развитию нашей страны. Связь между развитием страны и действиями ее граждан очень тесна.
Любимый вопрос у взрослых, который они очень часто задают детям - это: «Кем ты хочешь стать в будущем?» Каждому, кто задает такой вопрос, я с самого детства отвечаю, что хочу быть врачом. И я хочу быть не просто врачом, а врачом, который будет делать огромный вклад в развитие Кыргызстана, спасая жизни ее граждан и развивая медицину.
Дайырбек кызы Элиза
Ученица 7 класса школы-гимназии №4 им. С.М.Кирова, г.Ош
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 10:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Дамирбек кызы Элнура
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп - өсүшүн каалайм.

Кыргызстан жашыл жери, жашыл бакча жергеси,
Жайыт төрү, дан талаасы сан байлыктын энеси.
Кең казынасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы,
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.
А.Осмонов

Бүркүтү шаңшып зоолордон,
Булагы ташып тоолордон,
Сымаптай тунук суусунан,
Талаасы гүлгө оронгон,
Жери сонун кыргыздын.
К. Акиев

«Ата Журтум- алтын бешигим»
Кыргыз эл макалы.
Жогорудагы ыр саптарын майдалап чечмелөөнун кажети жоктур. Кыргыз жеринин сулуулугун, ажайып көркүн, улуулугун даңазалабаган, сүрөттөп жазбаган кыргыз акыны чандадыр. Ооба, мен туулган жер, аймак, чөлкөм, өлкө- Кыргыз Республикасы. Менин жерим – тоолуу өлкө. Тоолору бийик, ак карлуу, токойлуу. Анын аркайган сүрдүү аскалары, бийик чокулары асман тирейт. Тоону карай канчалык көтөрүлсөң, ошончолук көзгө көрүнбөгөн улуулукту, жылуулукту сезесиң. Дегеле кыргыз жеринин төрт тарабы, бардык бурчу мен учун баа жеткис. Арча, кайың, карагайлуу Ала-Тоосу, кышында тоңбогон , бир тамчы агып чыкпаган – Ысык-Көлу, эң ири тоо дарыясы – Нарын, дүйнөдөгү эң бийик чокулар – «Жеңиш», “Хан –Теңири” , жаңгактын мекени – Арсланбап, Сөң-Көл, Чатыр-Көл көлдөрү, Сары-Челек сыяктуу коруктары не деген керемет жер. Менимче, Кыргызстандын табиятына, керемет жерлерине суктанбаган, кызыкпаган элдер чанда гана. Түркиядан, Кытайдан, Европа элдеринен келген миңдеген туристтер кыргыз жерине суктанып гана тим болбой, түбөлүккө калып калганга аракет жасап жатышпайбы. Эч кимге жашыруун эмес, миграциянын агымы менен биздин жаштарыбыз Казакстанга, Россияга агылып жатса, кытайлык, туркиялык жарандар акырындык менен биздин жергебизге жайгашууда. Негедир ушундай көрүнүштөргө ичим ачышат, өзүмчө капа болом. Мунун аягы эмне менен бүтөт? Арадан ондогон жылдар өтүп, гүлдөп – өсөт деген эгемендүү мамлекетибиздин келечеги эмне болот? Же Бириккен Улуттар Уюмунун божомолдогонундай 2050-жылдарга барып жок болуп кетеби? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов түйшөлгөндөй канткенде элибизди, жерибизди ушул калыбында сактап, урпактарга татыктуу өткөрүп беребиз? Бул сыяктуу көйгөйлүү суроолор, тез арада чечүүнү талап кылган талаш маселелер бир гана менин эмес, мен сыяктуу жаштарды да ойлонтуп жатканына толук ишенем.
Кыргызстан – алтын бешигибиз. Жакында саны 6 миллионго жеткен элибиз үчүн - көзүбүздүн кареги. Күнөстүү мекенибизди сүйбөгөн, баалабаган адам элин сүйүп жарытпайт. Дегеле, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө өзүнүн салымынын кошо албайт.
«Ак мөңгүлүү аска - зоолор талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп ,
Сактап келди биздин ата – бабалар,» - деген гимндин ыр саптарын өз ичимде кайталаган сайын ойго батам. Тарых барактарына кайрылсак, ата – бабаларыбыз эчен кылым кан төгүп, азап-тозокту баштарынан өткөрүп, ушул кереметүү жерибизди, тоолорубузду, сууларыбызды бизге мурас кылып сактап келишти. Маселен, бизден эки-үч эсе көп уйгурлар, күрддөр мамлекеттүүлүгүн жоготуп, бири Кытайга, экинчиси Түркияга күнкор болуп жашап жүрөт. Алардын өз алдынча болууга жасаган аракеттери ишке ашпай, эчендеген кан төгүүлөрдү баштарынан өткөрүштү, бирок жыйынтыгы жок. Маалымат булактарынан окуганым бар. Көп жыл жашап, башынан эчен оор окуяларды кечирген бир күрд карыясы минтип айтыптыр: “Мен кыргыз жерине, элине суктанам. Кыргыздар зор урмат-сыйга татыктуу эл. Алардын ата-бабалары бир ууч кыргыз элине эбегейсиз зор аймакты мураска калтырышыптыр. Ал эми туулган жерин, Ата Журтун тарттырып жиберген биздин ата-бабаларга наалат”. Кандай гана өкүнүч, эки элдин бүтпөгөн арманы... Түшүнгөн адамга бул айтылган сөздүн мааниси өтө тереңде жатат деп ойлойм.
Мен Кыргыз эл акыны Тенти Адышова суктанган айтылуу Алай жеринин кызымын. Киндик каным тамган, өсүп-өнгөн жерим – Гүлчө айылы. Алай жеримин кереметин, сулуулугун сүрөттөгөнгө кээде сөз таппай кетем. Учурунда залкар жазуучубуз Касымалы Жантөшев өзүнүн атактуу “Каныбек” романында “Алай – жердин бейиши”деп, менин Ата Журтумдун табиятын, тоо-суусун макалдата көркөм сүрөттөгөн экен. Учуру келгенде академик Муса Адышевдин өмүрлүк жубайы акын Тенти эжебиздин Алайга арнаган төрт сап ырын кошо кетсем ашыкча болбос.
“Мөңгүдөн мончок тагынып,
Булуттан жоолук салынып,
Алайдын тоосу шаңкаят,
Ак ичигин жамынып,” - деген ыр саптары кимди гана болбосун толкундантпай койбойт. Кыргызстанымдын бир бурчу болгон Алай жери, менин айылым Гүлчө жөнүндө эскерүү мен үчүн абдан жагымдуу.
Башканын көркөмдүгүн ээрчибеген,
Алайым, куттуу жер го мелтиреген!
Кадимки камкор эне сыяктанып,
Байлыгын бардыгына энчилеген, - деп алайлык акын агабыз Айтмамат Үмөталиев суктангандай, айылым жөнүндө бир аз кеп учугун уласам. Туш тарабы тоолор менен курчалган, бир көргөн адамга жагымдуу таасир берген кооз айлана-чөйрөсү, шаркыраган көк кашка дарыясы менен өзгөчөлөнүп турган айылым мен үчүн эч нерсеге алмаштыргыс. “Ааламга жол айылдан башталат”- деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Айылым ар мезгилге жараша өзгөрүп турат. Кыш мезгилинде баары аппак , аппак кар караңгы түндү жарык кылып, өзүнүн керемет сулуулугун тартуулайт. Ал эми жаз мезгили болсо, ал да өзүнчө керемет. Жаздын келиши менен жаңы жашоо кирип келгенсип, айлана жымжырттыктан ойгонуп, тоңуп жаткан суулар шырылдап агып, келгин канаттуулар учуп келип, чырылдап, жагымдуу үн салып турушат. Аппак карды узатып жаткансып, жаздын эң биринчи гүлү – байчечекей ачылат. Андан кийин жадырап жайнап, жай мезгили да кирип келет. Жаркырап күн тийип, айлана толуп-ташып, жайлоолорго жумурткадай аппак боз үйлөр тигилип, төрт түлүк мал бетегелүү бетке жайылып, желелерде тай-кулундар кишенеп, өзүнчө бир укмуш. Убакыт куштай сызып, жай мезгилинин жашыл түсүн өзгөртүп, алтындай болгон берекелүү күз мезгили да кирип келет.
Ар бир нерсенин артында “бирок” деген сөз бар тура. Айтайын дегеним айылымдын мурунку убактагы кооз, шаңдуу элестери негедир азайып калгандыгын байкадым. Көз жүгүртүп карасам, адамдар деле азая түшкөндөй. Анан да мурдагыдай көчө толо жүргөн жаштар жокко эсе. Мунун себеби эмнеде? Же айылда жалаң кары-картаңдар, орто жаштан өткөндөр жашасын деген көрсөтмө болгонбу? Мал баккандар, чөп оргондор, күздө жыйым – терим кылгандар - улуу муундагылар. Көрсө, айылдын шаңдуу элесин азайткан жумушсуздук көйгөйү экен. Бул көйгөйгө көп жыл болду. Айылда жумуш жок деген шылтоо менен жаштардын баары эле туш тарапка агылууда. Жыл сайын илгери үмүт менен жакшы жашоого умтулуп, “бутка туруш керек, акча табыш керек” деген кептерин айтып жол тарткан жаштар. Алардын агымы азайгыдай да, түгөнгүдөй да эмес. Бул көйгөйлөрду кантип чечебиз? Менин оюмча, айыл өнүксө районубуз, облусубуз анан жалпы Кыргызстаныбыз онүгөт. Бирөөнүн жеринен бакыт издеп, башка мамлекеттерди байыткандан көрө, ар бир айылга мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша чакан цехтерди, ишканаларды ачсак эмнеге болбосун. Маселен, биздин райондо эт-сүт, картошка, алма-өрүк кеңири. Аларды жеринде иштетип, экологиялык таза түрүндө экспорттоого эмне үчүн болбосун. Бул үчүн биринчиден, ар бирибиз патриот болушубуз керек болсо, экинчиден, иштин көзүн билген адистерди чет жакка кетирбей, жумушчу орундарды түзүүгө айыл өкмөттөрү кызыкдар болушу зарыл.
Менин таң калганым, Германияда 5 миллиондон ашык түрк жараны ар түрдүү тармакта иштеп, эмгектенип, тапкан акчаларын кайра эле Түркияга инвестиция кылып салышат экен. Ошонун натыйжасында Түркия бүгүнкү гүлдөп-өскөн абалына жетиптир. Түркиянын конституциясында кимде-ким Туркиянын жараны болсо, паспортунда ал түрк деп жазылган. Патриоттуулук деп ушуну айтса болот. Биз да, кимде-ким Кыргызстандын жараны болсо, ал кыргыз деп жаза алабызбы? Менимче, жаза турган убакыт келди. Түрктөргө окшоп Россияда, Казакстанда көп жылдардан бери иштеп, бутуна турган ишкерлер тапкан байлыгын Кыргызстанга которуп, мен ойлогондой айылдарга чакан ишканаларды ачса, Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өсүшүнө аз да болсо жардам болмок.
Жаз да башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт.
А.Осмоновдун бул ыр саптары жарым кылым мурда жазылган. Кайра-кайра окуп отуруп, биз үчүн, жаштар үчун мааниси терең экендигин сезип отурам. Анткени, менин түшүнүгүмдө Ата Журтубуз көптөн бери ооруп турат. Учурунда эсил кайран СССРден бөлүнгөнүбүздө жайырма жети миллиард россиялык акча байлыгы менен бөлүнгөн экенбиз. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөбүздү гүлдөтөбүз байытабыз деп дүйнөлүк банктан, Азия өнүгүү банкынан, Кытай, Жапония, Россия сыяктуу чоң-чоң мамлекеттерден алган карыздарыбыздын жалпы суммасы 2 жарым миллиард доллардан ашып кетиптир. Бул карыздарды ким төлөйт? Албетте, биз, Кыргызстанды гүлдөтөбүз деген жаштар төлөйбүз.
Ата Журт караңгы түндөн жарык табар, суугунун азабын өз мойнуна алар азаматтарды, Ата Мекен дегенде күйүп жаңган, түн уйкусунан чочуп ойгонгон патриотторду күтүп жатат. Деги ошондой жаштар табылабы? Кылым карыткан кыргызымдын учу куру эместир. Албетте, андай жаштар толтура. Аларды чет жактарга кетирбей, аларга ишеним берип, аларга иштей турган жумушчу орундарды түзүп, шарт түзө турган мезгил бышып жетти.
Ата Мекеним жөнүндөгү жүрөгүмдөн чыккан ой-толгоомду алымдын жетишинче кагаз бетине түшүрдүм. Менимче, кылымдарга из сала турган, кыргыз эли өнүгө турган жолдо турабыз. Ата салтын бек тутуп, ар – намысыбызды акчага сатпай, Ата Журттун үмүтүн актай турган учур келди. Мен жаштарды, замандаштарымды үмүтсүз болбогула, Кыргызстанымдын келечегине ишенгиле, келгиле, биргелешип иштейли демекчимин.
Алай районундагы №2 мектеп – гимназиясынын 9 а классынын окуучусу Дамирбек кызы Элнура

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 10:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нурсултан
Кыргызстандын осуп онугушун каалайм.

Менин атым Нурсултан. Мен Кыргызстандын гражданымын. Тагыраак айтканда, Ош облусунун Озгон районунун Куршаб айылында жашайм.
Мен оз олкомду суйом. Анын жаратылышы, эли, тили мен учун чон байлык деп эсептейм.
Кыргызстан – тоолуу олко. Чокуларын ак кар баскан тоолорубуз кен байлыктарга ото бай. Анда алтын, кумуш ,нефть жана башка олкобузго коп пайда алып келе турган байлыктар бар. Мен чонойгондо ошол байлыктарды таап, аларды иштете турган ишканаларды курууга аракет жасайм. Кыргызстан электр энергиясын, комур, нефть, алтын, кумуш чыгарып, кыргыз эли бай жашап, алдынкы мамлекеттердин катарына кошулушубузга ишенем.
Кыргызстандын жаратылышы кооз. Жети областта туристерди кызыктыруучу жерлер бар: Ысык-Кол, Чатыр-Кол, Сон-Кол, Сары-Челек,Кара- Шоро, Арсланбоб, Сулайман-Тоо, Падыша-Ата, Айгул-Тоо жана башкалар. Кыргызстандын туштугу менен тундугун бириктирген ынгайлуу, тез жете турган авто же темир жол курсак бул да Кыргызстаныбыздын осуп онугушуно алып келет.
Созумдун аягында: Мен Мекенимдин билимдуу, маданияттуу патриоту болом!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 12:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абдибаева Жазгул



Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Искендер Кылычбек уулу




Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 12:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мамашарипова Акмоор,
Кара-Суу району, №61 Кычан Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназия-интернаты
6-класс


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт






  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 12:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чолпонбай кызы Адина
Ош облусу, Алай району





Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 14:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бактыяр кызы Айназик

Сүрөт
Сүрөт

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 14:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кеңешбек уулу Азият



Сүрөт
Сүрөт

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Январь 2016 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Рысбек уулу Нурлитек

Сүрөт
Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 01:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: