Салтанат таенесинин колунда өстү, Сайкал нарктуу, каада-салтты бекем кармаган аял, жалгыз небересине өзү билгенин үйрөтүп, оюндагысын аткарып чоңойтту, макал-лакаптатып сүйлөгөн сөзмөр, комуз, ооз комузга ойногон ырчы аял Салтанатка комуз үйрөтүп жашынан өзү менен ээрчитип тойлорго, конокторго ала жүрүп ырдатчу, мектепке баргандан баштап сабакты анча окуй албаганы менен кароолордо ырдап мектепти бүткөнчө сыйлык алып, биринчи, экинчи даражадагы дипломдорду алып жүрдү, чынында үнү коңгуроодой бийик дагы уккулуктуу эле, бирок бою узун, өңү анчалык эмес болсо дагы бой көтөрүп анча-мынчаны жанына жолотпой жүрүп мектепти бүткөн соң айылдык дом культурада иштеп калды. Областарга чейин ырдап барып, чакырыктар менен борборго чейин барып жүргөндө ошол айылдык жигит ала качып алды, кыргыздын ырым-жырымын туу туткан катын-калачтар ага ар кайсыны айтып жатып жоолук салып отургузуп коюшту. Таш түшкөн жеринде оор деп жашап калды. Бирок ал үйдө отуруп калган жок, райондорго чейин комузун колго алып ырдап жүргөндө комузда кол ойноткон жаш келин көз жаздымда калбады, райондун биринчи секретары аны имерип алууну ойлоду. Созолонтуп үнүн созсо бир-эки мүнөткө созуп солкулдаган жаш келин анын кучагын толтуруп, өзүнүн өткөн жаштыгын кайрадан кайрып бере тургандай бүт оюнун баары аны өзүнө имерүү эле. Ошентип Салтанат Бектур Конокбаевичтин сүйгөн селкисине айланды, аны райондук театрга алып келип алды, күйөөсү Нурбек карапайым жигит, аялынын эл алдында ырдап, күндөп-түндөп талаалап жүргөнү жакпаса дагы үй-бүлөөсүн сактап калууга тырышты. Бектур Конокбаевич ага жумуш таап берип райондогу баардык шарты бар үч бөлмөлүү үйгө киргизип койду. Жаман оюу жок Нурбек мунун баары Салтанаттын эмгеги деп ойлонуп билинбеген жылдар арасында эки кыздуу да болушту. Элдик театрдын күзгүсү болуп үнүн кубулжуткан Салтанат райондук сынакка катышып жеңип алды, ошол сынакта борбордон келген комузчу Курман Актанов Салтанаттын комуз ойногонун, ырдаганын көрүп чоң баа берди да борборго чакырды, бирок Бектур Конокбаевич аны кетиргиси келбеди, аны жашыруун жолугууга чакырып экөө бет маңдай отурушту.
- Салтанат, сенин борборго кетүүңө мен өтө каршымын, - деди күңүрт бирок кооз ресторанда отуруп колдорунан кармап.
- Сиз менин максатыма жетүүмө каршысызбы?
- Салтанат көзүн сүзө наздуу сүйлөдү.
- Жок-жок, каршы эмесмин, бирок менин сенден ажырагым келбейт Салтанат.
- Балким барып тураарсыз, мен үй-бүлөөмдү курмандыкка чалып сиздин эркиңиз менен болуп жүрөм го, райондук деңгээлде мен чоң багытка ат салыша албайм, сиз муну билесиз да, ал жакта мен деген белгилүүлөр бар, алар менен теңтайлашуума,
өз максатымдын өтөөсүнө чыгуума жол ачылат го дейм.
- Аның туура Салтанат, көңүл арзуусун кантебиз?
- Мен өз максатым үчүн баарына кол шилтөөгө аргасызмын.
- Ошондой де, демек менин сага деген арзуум сенин максатыңдын далдоосунда калышы мүмкүн экен го?
- Эки кызым менен күйөөмдү жазгырып сиздин кучагыңызда жүргөнүм, буга далил, анткени менин талантым бар, ал көмүскөдө калбашы керек, - деди Салтанат эч тайманбай. Бектур Конокбаевич бир саамга ойлуу отурду да акырын туруп кетти. Дал ошол кезде аялынан күмөнсүй баштаган Нурбек анын артынан түшкөн эле, сураштырып келип ресторанга эми жеткенде Бектур Конокбаевичтин чыгып баратканын көрүп ага байкатпай ресторанга кирди, четтеги үстөлдө отурган аялын көрүп акырын басып барды.
- Бул жерде эмне кылып отурасың?
- Конокко чакырышкан,
азыр алар кетти, мен эми кеткени тургамын, - деп Салтанат ордунан тура калды.
- Бас үйгө, же ырчы болуп өз жолуң менен кетесиң, же үй-бүлөө үчүн баарынан кечесиң, - деди Нурбек ачуулуу.
- Эмне болуп кетти?
- Үйгө баганда көрөсүң, - деп жулка колунан сүйрөп жөнөдү. Алар жолдо кер-мур айтышып үйүнө келгенде эки кызын уктатып коюп Сайкал кыз-күйөөсүн күтүп жаткан эле.
- Келдиңерби балдар? - деди ал жаман ою жок.
- Келдик апа, кызың мындан ары үйдө болсун, болбосо мага мындай жашоонун кереги жок! - деди Нурбек кирип эле.
- Ботом эмне болуп кетти?
- Кызыңыздан сураңыз, мен мындан ары чыдай албайм.
- Апа, мага дагы мындай жашоо жакпайт, эми гана менин тилегим ишке ашканы турганда мен мунун айтканына көнө албайм, - деп Салтанат да кашкая карады.
- Жай отуруп түшүндүргүлөчү,
эмне талашыңар бар деги?
- Кызыңыздан сураңыз, - деп Нурбек үңкүйө отуруп калды.
- Мен үйгө отурушум керек экен, бул чыдай албаса мен дагы чыдабайм, ажырашам десең мен даярмын.
- Ыя, сен алда качан ойлонуп койгонсуң го? - деп Нурбектин бетинин түгү чыгып аялынын маңдайына келди, - Уят дегенди таптакыр унуткан экенсиң, сага ойноп күлүп, көрүнгөндүн машинасында жүргөн гана бакыт болуп эсептелет тура, мынабы эки кызды баарына алмаштырып басып кетүүгө даяр экенсиң го, азыр жогол, сен жөнүндө уккан ушактарга уугуп бүттүм, - деп жаактан ары чаап-чаап жиберди.
- Нурбек! - Салтанат отура калды.
- Мен сендей аял менен жашаганча бойдок жүргөнүм жакшы, жогол азыр, көзүмө көрүнбөй!
- Балам, анчалыкка барбагыла, түшүнсөм буйрубасын,
- Сайкал күйөө баласы менен кызынын ортосуна түшө калды, - Деги эмне болгонун түшүндүрчү балам?
- Кызыңыз айтып берсин, - деп Нурбек ачуусун тыялбай отура калып, тура калып жатты, - Айт апама эмне кылып жүргөнүңдү.
- Эмнени айтмак элем, болбогон калпты ойлоп тапкан болсоң өзүң айта бер.
- Ыя, калптыбы? - Нурбек ызалуу күлүмсүрөп аялына таңдана карады, - Демек менин укканымдын баары калп экен го?
- Калп, бирөө бизди бузгусу келип сени ишендирген да.
- Эми эле ресторанда секретар менен отурганың дагы жалганбы, сен үчүн мына бул үйдү дагы бергени жалганбы, мындан ары мени менен бирге жашагың келсе бул үйдү таштап айылга кетебиз, болбосо бүгүн ажырашабыз.
- Кой балам, ушакка ишенбе.
- Нурбек, ажырашам десе мен жалдырамак белем?
- (2 )
-
- 1
- 2
Өткөн өмүр барактары Айгүл Шаршен кызы
#2 14 January 2016 - 19:15
Ооба апа, ойношторуна чиренип жатат кызыңыз, бирок мен кыздарды бербейм, арамдан тапканың өзүңө буйрусун, - деди да үйдөн чыгып кетти. Сайкал кызына ачуусу келип урушуп жатты:
- Туура кылган жоксуң кызым, күйөөңө жалган айтып, балдарыңдын тагдырын кайдыгер караганың болбойт.
- Өзү кылып жатат болбогон ушакка ишенгени жакшыбы?
- Атыңа жаман ушак илээштирип алдың, келечегиң али алдыда кызым, жакшы жүрүп максатыңа жеткенден өтөөрү жок, ушундайда тизгиниңди тарт да кыздарыңды ойлонуп үй-бүлөөнү сактап калууга тырыш, - деп кызына акыл-насаатын айтып отурду. Салтанат өз оюнан кайтпады, күлүк күнүндө дегендей бир аз кадыр-баркы менен жаштыгына чиренип борборго айтпай кетип калды. Сайкал тырмактай эки кыз менен калып жашап жатты, Нурбек кээде кыздарына келип-кетип жатты. Арадан бир ай өткөндө Салтанат келди да апасы менен эки кызын алып шаарга кетип калды, Нурбек аны угуп жинденип артынан барып кыздарын алып келмек болуп Салтанаттын кирген театрына келип аны күтүп турду. Кечке маал театрдан чыккан Салтанатты капкара жаңы маркадагы машина күтүп турган эле, Нурбек ага жетпей карап кала берди. Бул мамлекеттик машина болчу, үнү менен кадыр-баркка жеткен жаш келин үчүн бул өтө чоң сый болгон, ошентип ал атактуу депутаттын колунда - төшөгүндө туйлап, кучагында болуп өз учурунун ханышасындай эле өмүр сүрүп жатты. Ага Сайкал канчалык акыл айтканы менен укпады, ошентип жүрүп наам алды, атактуу ырчыга айланды. Нурбек ага жинденип башка аялга үйлөнүп, бала-чакалуу болуп өз тагдырын өзү чечти. Алар ошол бойдон жолугушкан жок, кыздары катар өсүп, Салтанат аларды тарбиялоого убактысы болбогондуктан Сайкал карайт, күндүзү театрда, түндөсү мансаптуу адамдын кучагында болуп көп нерсеге жетишти, бирок улам жашы өткөн сайын жашоосунда бир нерсе жетпегенсип өзүнүн жаңылыштыгын кеч кезип өкүнүп калчу болгон, театрда бирге иштеген Дарийка деген экөөнүн мамилеси дурус, кээде экөө ашканадан бирге тамактанып кала турган. Ал Салтанаттан бир аз улуу, мурдатан иштеп келе жатса дагы бир наам ала элек, ага иштешкендери атайын айтып калышчу. Нурзат ага бир күнү минтти:
- Дарийка эже, сиздин эмгегиңиз Салтанаттан жогору болушу керек эле, кечээ жакында келип эле наам алып отурат, ажо өзү көрүп баа берди деген менен сиз деле ошондой эле ырдайсыз го?
- Эми мен наам үчүн иштеп жатам демек белем, Салтанаттын колунан келген иш менин колумдан келбейт, учуру келээр, - деп Дарийка жылмайып койду.
- Өң десе өңүңүз, үн десе үнүңүз бар эмне.
- Баары бар, бирок бир гана шык жок сиңдим, ар ким өз доорун сүрө билгени жакшы, анын өзүнүн жолу бар да Нурзат.
- Ошондо деле жетекчиликке биз айтышыбыз керектир.
- Бири туура түшүнсө бири туура эмес ойлошот, кереги жок, мен наам үчүн эмес жан дүйнөмдүн каалоосу менен ырдайм, ырсыз мен өзүмдү элестете албайм, - деди Дарийка ойлуу, негизи ал деле ичинен ыза болуп жүргөн: "Неге мен албаган наамды бул алат, же мен андай эркектерге жагына албаганымданбы, уятты ойлоп түз жүргөнүм үчүнбү", - деп ойлоор эле. Салтанат наам алгандан кийин ого бетер көтөрүлүп, анча-мынчаны көзүнө илбей калды. Ошол күнү Садык менен бирге саунада жуунуп пиво ичип эс алып жатты.
- Сакиш, ыраазысыңбы? - деди Садык ага.
- Абдан ыраазымын.
- Сени ушунчалык жакшы көргөнүмдөн сенден мурда ала турган адамдарды карабай туруп сага ыйгарттым.
- Түшүнөм, мага театрдагылардын көз карашы кандай болуп калганын сезип эле билмексен болуп жүрөм, тим эле көрөйүн деген көзү жок, - Салтанат каткырып алды, - Бирок менин үнүм, талантым мактоого арзыбайбы Саке? - Эркелей жылаңач денелери менен Садыкка жакындады.
- Арзыбагандачы, сенин үнүң өзүнчө оригиналдуу ???????????
??????????
- Мен өз баамды билем Саке, талантымды өлтүрүп албас үчүн күйөөмдөн дагы баш тарткамын.
- Туура кылгансың үй-бүлөө же талант экөөнүн бирин тандоо керек, сен акылдуулук кылгансың, - деп карсылдай күлүп Салтанатты өөп кучактап алып пиводон жутуп кайра киришти жуунганы. Ошентип Салтанат өз максатын ишке ашыруу үчүн баарын жасады, бир күндүк жыргалды, махабатты туш келгенине тартуулады, эки кызын караган Сайкалдын карылыгы жетип сексен жашында ооруп калды, бирок Салтанаттын кадыр-баркы менен ооруканага жатып канчалык жакшы карап жатса дагы болбой дүйнө салды. Аны айылга алып барып каада-салт менен жерге берип кайтты. Алтынай менен Асылай катар чоңоюп бири он биринчи, бири тогузунчу класста окуп калган. Алтынай көчөгө көп чыгып жигиттердин биринен-бирин тандап үйгө токтобой калган, Асылай токтоорок. Бир күнү кийинип алып концертке даярдануу бөлмөсүнө кеткени жатканда Асылай:
- Апа, Алтынай үйгө токтобойт, сенин бизге убактың жок, - деди.
- Эмне кылуум керек кызым, Алтынай чоңойду, окуусун бүтсө окууга тапшыртып коем, - деп Салтанат кызын өөп коюп шашыла жөнөдү.
- Апа, эрте келесиңби?
- Билбейм кызым, иш деген иш, Алтынай келсе тамак жасап ичкиле.
- Таенем өлбөгөндө жакшы болмок, - Асылай ыйлаактап кала берди, ошол күнү Алтынай кызуу келди:
- Мамаша жокпу? - деди ал кирип эле.
- Жок, концерти бар экен.
- Анын бизге бөлөөр убактысы болбойт дагы, - Кийимин чечип ыргытып диванга көмкөрөсүнөн жатып калды.
- Алтынай, менин кардым ачты, тамак жасачы.
- Өзүң жасап иче бер, менин кардым ток.
- Жалгыз кантип ичем?
- Барчы ары, апаңа айтып кафеден тамактанбайт белең?
- Шашылыш кетип калбадыбы.
- Мен эмне кылайын, уйкум келип турат, бар ишиңди кылчы! - деп колун силкип коюп жатып калды. Салтанат ал түнү дагы келбеди, анын концертине ажонун өзү катышып ал күнү сый ресторанда болду, таң ата ал дагы өтө кызуу келди, кыздары эки бөлмөдө жатканда ал өз бөлмөсүнө өтүп жатып алды, эртең менен эрте турган Асылай апасынын чачтары саксайып, кийимдери ар жерде чачылып жатканын көрүп кабак бүркөй кайра чыгып кетти. Тээ бир топтон кийин ойгонуп Алтынай дагы, Салтанат дагы ашканага кирип суу ичмек болуп беттешип калды, башы ооруп турганга экөө тең эч нерсеге көңүлү келбей бири-бири менен сүйлөшкөндөн качып чыгып кетишти.
- Ушу силердики өттү, экөөңөр тең ичип келесиңер, мени ойлогон эч ким жок, - деп Асылай тултуңдап кирди.
- Эмне болуп кетти, урмат-сыйда жүрөм, ойноп жүрүптүрмүнбү ыя?
- Апа, түшүнсөң боло мени, Алтынайың ушундайда кызыңды тарбиялабасаң бузулуп бүттү, сен атактуу болсоң атыңды булгайт.
- Сен менин бир жолу ичкенимди көрө албай калдыңбы? - Алтынай сиңдисин үңүрөңдөй карады.
- Сен али окуучусуң, сени билсе сөзсүз гезиттер жазып чыгат, апам эле уят болот, - деп Асылай дулдуңдай эжесине карады, - Эмнеге сен кишини уят кыласың, мектепке баргандан уялам сен үчүн, чылым чегесиң, пиво ичесиң.
- Болдучу, - Алтынай сиңдисине ачуусу келе карап бөлмөдөн чыгып кетти.
- Капаланба кызым, Алтынайдын эси бар, анчалык эле чектен чыга койбос, - деп Салтанат Асылайды сооротту, - Менин акылдуу кыздарым бар да.
- Кызыңды айт, өз убагында келсин, чылым чекпесин, пиво-арак ичпесин.
- Макул кызым, азыр ал өткөөл куракта, мектепти бүтсө токтолуп калат, андан көрө ага көп катуу айтпа, өзү эсине келет.
- Макул, сен дагы көп-көп үйдө болсоң жакшы болмок.
- Кызым, мен иштеп силерди эч нерседен кем кылбайын деп жүрөм да, ар кайсы жакка чакырышат, барбай койсом болбойт, анткени элдин назары түшүп капа болуп калат, андан көрө сабагыңды жакшылап окуп эжеңе көз бол, тамак-аш муздаткычта толтура, каалагандай тамак жасап ичкиле, жакында концертим болсо экөөңөрдү алып барам ээ кызым, эми бир шорпо жасай салчы.
- Макул апа, - деп Асылай шыпылдай ашканага кирип кетти, Алтынай өз бөлмөсүндө жатып алган, Салтанат кирип жанына отуруп чачынан сылап көпкө отурду.
- Кызым, сен али жашсың, Асылай туура айтат, азыр менин артымдан көп сөз ээрчийт, ага сенин жаман жүргөнүңдү билсең журналисттер сөзсүз жазып чыгат, эсиңе кел кызым, мен силер үчүн иштейм, силерди адам кылып өстүрүшүм керек.
- Ошол өз карьераң үчүн атамдан ажыраштың беле? - деди капыстан Алтынай.
- Эмне, сага ким айтты ошону?
- Уктум, билинбейт дедиңби апа, атам менен жашасаң болбойт беле?
- Ошол учурда ошондой болгон кызым, карьера дагы керек эле, бирок атаң шылтоо кылып өзү үйдөн чыгып кеткен.
- Калп, атамды сен таштапсың, бизди атасыз калтырдың апа.
- Болду кызым, мени күнөөлөбө, силерди атаңсыз деле эч нерседен кем кылбай багып отурам го?
- Атам болсо жакшы болмок, жетишсиз болсо деле ата-энең чогуу болсо жакшы да, биздин кыздар атам, - деп кеп кылган сайын менин ыйлагым келет. Сен өзүңдүн карьераң менен алексиң, таенем барда жакшы болчу, а сен биз менен ишиң дагы жок, мен атама кетем, - деп Алтынай айтканда Салтанат эмне кылаарын билбей калды. Ал кызынан мындай сөз угам деп ойлогон эмес, унчукпай көпкө ойлуу отурду да:
- Кызым, атаңдын өз үй-бүлөөсү бар, ал силерди жакшы карабай койсочу, шагың сынып капа болуп калбайсыңбы? - деди Салтанат.
????
- Жок, мен атама жолугушум керек.

#3 14 January 2016 - 19:17
Кой кызым, сен али жашсың, баарын таразалап чече албайсың, чоңоюп бой жеткенде бар, мен кой дебейм, - деп кызын тынчтандырды да Асылай даярдаган ысык тамактан ичип алып театрга жөнөдү. Жай турмуш, бай турмуш өз нугу менен өтө берди, Салтанаттын кадыр-баркы андан дагы артып таланттуу кыргыз музыкасынын ханышасына айланды, Алтынай ошол кезде терс жолго түшүп боюна болуп калганын сезбей качан гана кусуп, тамакка табити тартпай калганда билип көз жашын көл кылып жүрдү. Муну билгенде Салтанаттын башына келтек тийгендей эле болду, Алтынайдан сурап ким экенин билди да ал баланын телефонун алып кездешүүгө өзү чакырды. Айбек дагы менменсиген бизнесмендин баласы болуп чыкты, ал өзү келбей атасына айтты эле өзү жолукмак болду. Алымбек бир фирманын президенти,
кол алдында миңден ашык жумушчулары бар. Салтанат аны күтүп турган эле, алыстан көрүп эле белгилүү ырчыны таанып жайдары келип учурашты:
- Саламатсызбы Салтанат айым?
- Саламатчылык, сизди мен тааныбай турам.
- Мен Айбектин атасымын, бу балдардын туура эмес кылган иши сиз менен ушундай жагдайда жолугууга алып келди го?
- Демек билгенсиз?
- Бүгүн гана уктум, менимче балдар жаңылышып жатат, - деп ойлойм, демек сиз кандай, - деп ойлойсуз?
- Кызымдын мындай абалга түшүшү мени бир аз чөктүрүп турат, сиз уулуңуз менен сүйлөштүңүзбү?
- Жаңылыштык деп ойлойм, балким кызыңыз туура эмес айткандыр.
- Мен кызыма ишенем, эгерде жакшылыкча бүтүрбөсөңүз изилдетип баардык күчүм менен текшертем, сиз жакшылап ойлонуңуз.
- Сиз өз аброюңузду ойлодуңузбу?
- Кызымдын абийири үчүн баарына барууга даярмын, зордуктаган, - деп жүз сегизинчи статья менен кетип калса кантесиз?
- Мен дагы аракет кылам, жөн жатпайм.

#4 14 January 2016 - 19:19
Анда ар кимибиз өз күчүбүздү сынап көрөлү, - деп экөө сөзгө келише албай эки бөлүнүштү. Салтанат кызынан коркуп жүрдү, кокус өзүн-өзү өлтүрүп алабы, - деп ойлосо жаны жай албайт. Алымбек үйүнө келип дароо эле уулун өзүнчө сыртка чакырып алды.
- Эмне кылып жүрөсүң ыя, кызга тийгениң чынбы? - деди ачуулуу.
- Ата, мен Алтынайды сүйөм.
- Эмне-е…
- Мени кечир ата, Алтынайга үйлөнөм.
- Ат-таңдын гөрү десе, анда мени үйүнө жөнөтпөйт белең, апаң экөөбүз жаңыча эле сөйкө салып туугандар менен бармакпыз, кыздын апасы менен кер-мур айтышып калдык, - деп Алымбек жиндене ары-бери басып жатты.
- Ата чын айтасыңбы? - Айбек кубанып кетти, - Алтынайга барасызбы?
- Токто балам, ошол чалкалап өзүнүн боюн көтөргөн аял эми бизди кечиреби, бир аз айтышып калдык, кабыл алабы? - деп Алымбек өзүн жаман сезип ошол узун бойлуу, керсейген аялды көз алдына келтирип алды, - Сенин ал айыбың үчүн кандай болсо дагы даярмын, кой апаң менен кеңешели да ишти эртелетели, - деп Алымбек үйдү көздөй басты, Калыс үйдө эки кичинекей уул-кызы менен отурган, эң улуусу Айбек, аскерден алтернативге калтырып төлөмүн төлөп коюшкан, Алымбек кирип келип үстөлгө отуруп аялына астыртан карап калды.
- Сага эмне болду, бирдеме болдубу? - Калыс күйөөсүнө таңгала карады.
- Калыс, биздин балабыз бойго жетиптир, үйлөнөм дейт.
- Эмне, Айбек үйлөнөм дейби?
- Ооба, болгондо дагы келиниң келээри менен небере таап берет экен.
- Эмне дейт, Айбек ошого кантип барды? - Калыс ишенип-ишенбей шалдая отуруп калды, - Алымбек, жаңылышып бир бузулган немеге жолоп алган болуп жүрбөсүн, бала немени коркутуп жаткандыр?
- Калыс, ал кыз андай эмес, жаш кыз экен, балаң өзү мойнуна алып, сүйөм деп жатпайбы, анын үстүнө ал кыз жанагы комузчу Салтанат Айтиеванын кызы экен, керсейген аял эч нерседен тайманаар эмес, намыс үчүн текшертип туруп милицияга берип койсо балаңдын акыбалы кандай болот? - деди Алымбек оор күрсүнө, - Макул болгондон башка аргабыз жок.
- Кызык, эмне кылабыз анан?
- Кызга сөйкө салып үйгө алып келебиз.
- Качан? - Калыс көзүн алайта карады.
- Адегенде үйүнө телефон чалып байланышып барарыбызды айтабыз, өз жол-жобосу менен барабыз, - деди да чарчагандай уктоочу бөлмөсүнө кирди. Айбек Алтынайга телефон чалды. Үйдө эч ким жокто телефонго жабыша калчу, коңгуроодон улам ыйлап жаткан Алтынай туруп телефонго жетти:
- Алло, ким бул? - Ыйламсырай суроо узатты.
- Алтынай, кандайсың? - деген Айбектин үнү кубанычтуу чыкты.
- Жакшы, Айбек эмнеге чалдың, мен сени жек көрөм.
- Алтынай мени укчу, атамдар болуп сага сөйкө салганы барабыз.
- Чын элеби?
- Ооба, мен сени сүйөөрүмдү айттым.
- Атаң апамды капа кылыптыр го?
- Түшүнбөй калыптыр, мен өзүм айттым Алтынай, бир-эки күндө барабыз, капаланбай туруп тур ээ?
- Болуптур Айбек, сага ишенем, - деген сөзүн Асылай угуп турду.
- Жакшы жат анда, жакшы уктап мен жөнүндө түш көр ээ?
- Өзүң дагы жакшы жат.
- Макул анда, - деп Айбек трубканы коюп койду, трубканын түү-үт, тү-үт дегенин кулагына такаган бойдон Алтынайдын көздөрүнөн кубанычтын мончок жашы төмөн карай кулап жатты, аны көргөн Асылай дагы эжесине боору ооруп акырын ордуна жатып калды…
Садырдын аялы, беш баласы бар, үй-бүлөөсүн таксоват этип багып бир топ ирденип алган, аялы өтө жоош-момун неме улуу кызы турмушка чыгып, бир баласы үйлөнүп өзүнчө түтүн булатып кеткен. Садыр үй-бүлөөсүн камсыз кылгандан бери дем байлап дердейип келин кызга көзүн кыбыңдата баштаган, кырктын кырынан өткөндө жүрөнөөк болуп аялын жазгырып, жашоосуна ыраазы болгондун ордуна негедир көпкөнсүп калган. Үйүнө кеч келип, эрте кетет, бирин-экин малын Гүлайым карап үйдө убара, үч баласы мектепте, чоңоюп кол арага жарап Гүлайымдын жардамчылары. Таксисттин тамагы да, жашоодо болуп калган заманда Садыр чоң ресторандын жанында күнү-түнү турганы турган, бир күнү ал Айдай менен капысынан таанышып калды. Турмушу ушул келин аркылуу тозокко айланаарын билсе кана, аны кокусунан өлтүрүп алаарын да ойлогон эмес. Айдай жаркылдаган отуз бештердеги жакшынакай бой келин, Садырдын баласы милицияда иштейт, ал базардагы коопсуздукту кармайт, анын ортолорунда ошондой окуя болуп кетээрин билген эмес эле…
- Садыр, мен сенден башка менен мындай романга өткөн жок элем, - деди бир күнү кучакташып отурганда.
- Сүйүп калдыңбы?
- Мүмкүн, сүйсө болбойбу?
- Болбойт, үй-бүлөөм барын билесиң да.
- Биле-ем, - Айдай шыңк этип ызалуу күлүп койду.
- Билсең ошол, сен экөбүздүн ортобузда жөн гана мамиле болушу керек.
- Садыр…
- Оов.
- Сен мени сүйбөйсүңбү?
- Жо-ок, жакшы көрөм.
- Ошол дагы жетет, - Айдай улутунуп алды.
- Койчу эми, кел андан көрө жаталы.
- Макул, жатабыз Садыш, кумарга батабыз, анан сен куйругуңду түйүп өз очогуңа кетесиң, түш көргөндөй улутунуп түн күзөтүп кала берем, - Айдай ызалуу көз кычыктарына келген жашын сүртүп ордунан турду, - Ваннага түшүп кел, мен орун салайын.
- Жарайт, - Садыр туруп ваннага кирип кетти, Айдайдын бир бөлмө үйүндө эчен ирээт түнөшкөн, качан колу тийгенде жетип келет Садыр. Бул түнү дагы Айдайдын жанында болду, солкулдаган ипичке сулуу келинди өзү кантип жакшы көрүп калганын сезбей калды, бирок ага эчтеке билгизгиси да келбейт, үй-бүлөөсүн, үйлөнүп жайланган уул-кызын ойлоп өзүн кармап кийинки кездерде Айдайдын "Сени сүйөм, сен мени сүйөсүңбү?" , - дегени жакпай жинденип андан эчен ирээт кол үзмөк болду. Бирок чыдай албай башкалардан кызганып жетип келчү болду. Неберелүү болуп көпкө көрүшпөй калды, улуу баласы уулдуу болуп жентек той берип үйүнөн чыга албады. Уул-келини үйүнө кеткен соң машинасын айдап Айдайды сагынып жетип келди, ал жалгыз отурган экен:
- Келдиңби Садыш, эмнеге келбей кеттиң? - деп мойнуна асылып суроо узатып жатты Айдай.
- Кол бошобойт, сагындыңбы мени? - Аймалашып жатты экөө.
- Аябай сагындым Садыш, жалгыздык жаман экен, жок дегенде эрмек болоор балам болсо эмне? - Келин улутунуп алды.
- Капаланба, мен дагы сага жете албай зорго жүрдүм.
- Садыш, менин сенден төрөгүм келет.
- Чынбы?
- Ооба, сенден бир бала төрөп алсам жалгыздыгым билинбей калат беле, ата-энемдер алыста, менден башкасы өз ордуларын таап кеткен, мен бактысыз болуп калдым.
- Антпе, сен бактылуусуң, сендей сулуу аял эч качан өзүн бактысыз сезбеши керек, мен жаныңда болом Айдай, - деп карылуу колдору менен өзүнө тартып бекем кучактап алды, - Мен ар дайым жаныңда болом.
- Койчу Садыш, мени баладай алдабай эле кой, үй-бүлөөң бар сенин, күнүмдүк гана кумардын кулу болуп, бири-бирибизди ырахатка бөлөгөндөн башка кайсы бакыт бар дейсиң.

#5 14 January 2016 - 19:20
- Макул-макул эми, өзүбүздү-өзүбүз алдагандан не пайда? - деп Садыр дагы күрсүнө чындыктан буйтай албай жатып калды. Ошондо бир жумадан кийин Садырдын унаасына үч бала отуруп алып болгон аккчасын, машинасын алып өзүн сабап таштап кеткен жеринен табылып эптеп тирүү калды. Ооруканада көпкө жатып чыкты, унаасы табылбай калды. Айдай эч нерседен капарсыз тагдырына таарынып капаланып жүрүп көп убакыт өтүп кетти, ал бир күнү базардан азык-түлүк алып чыгып келе жаткан, чөнтөгүнө салган капчыгын бирөө жандай өтүп баратып эле сууруп кеткенде тызылдап калды:
- Ууру, жардам бергиле ууру акчамды алып кетти! - деп кыйкырганда милиция жетип келди:
- Кандай экенин көрдүңүзбү?
- Жок, байкабай калдым.
- Канча акчаңыз бар эле?
- Үч миңдей бар болчу.
- Жүрүңүз, арыз жазып бериңиз.
- Макул, - деп арыз жазып өз телефонун таштап кетти. Бул Садырдын үйлөнгөн баласы эле, ал сулуу аялга сугу түшүп калганбы, бир күнү телефон чалды, үйдө жалгыз отурган, жетип трубканы ала койду.
- Алло, - деди коңур эркектин үнү, - Бул Кубанычбекова Айдайдын үйү бекен?
- Ооба, бул ким экен?
- Мен милициядан чалып жатам, ууруларды али таба элекпиз, үйүңүздүн дарегин бериңиз, жакшылап сүйлөшүүм керек.
- Неге, жок жоготкон адамдын жашоосун текшересиңерби?
- Албетте, сиз менен сүйлөшүүм керек.
- Жарайт, - Айдай үйүнүн дарегин айтып отуруп калды, жарым саат өтпөй Шумкар келип калды.
- Саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Кирсе болобу?
- Киргиле…
- Рахмат, - Шумкар ичкери кирип үйдү сыдыра тиктеп туруп калды.
- Отур, нан-пан ооз тийгиле.
- Албетте, жалгыз турасызбы?
- Ооба.
- Ошондой, көрүнүп турат.
- Кандайча?
- Эркектин жыты жок…
- Уят эмеспи, мени менен мындай сүйлөшүүдөн уялбайсыңбы?
- Эмнеге, биринчиден сиз мага жагып калдыңыз, - деп чөнтөгүнөн издөөдө жүргөн беш-алты сүрөттү алып чыкты, - Мына бул сүрөттөгү адамдардын бири эмеспи?
- Мен анын бетин көргөнүм жок дедим го?
- Ошентсе да карап көрүңүз.
- Ай жигит, сен менин башымды оорутпа, жоготконумду унутуп да калгамын, мени тынч кой!
- Мен сизге эмне кылдым, ууруну табууга жардам берейин дегемин.
- Кереги жок!
- Неге, - Шумкар Айдайдын маңдайына келди, - Айдай, мен сени жактырып калдым, сулуу келин экенсиң, - деп ыржая келип кучактап дароо оозуна жармашты, алсыз аял кубаттуу эркектен бошоно албай тыпырап колдору менен чапкылап жатып колдору шалак этип кеткенде Шумкар чоочуп оозун тартып алды, - Айдай, Айдай сага эмне болду? - Жаакка чапкылап, оозунан үйлөп жатып зорго эс алдырды.
- Мага эмне болду? - деп алсыз үн катты.
- Коркутуп жибердиң, кел суудан жутчу, - Шумкар ага стакандагы сууну сунду.
- Сенде уят жок экен, мен сенден бир топ улуумун, же өз кызматыңардан пайдаланып күчкө салганга көнгөнсүңөрбү?
- Көп болсо арабыз он жаштыр.
- Ошол оңойбу?
- Ал эч нерсе эмес, биз тааныш болобуз, мага жаккан аял менден буйтап кете алган эмес, - Шумкар Айдайды кучактап койнуна колун салып кирди, - Сулуу аялдын жалгыз жатышы өкүнүчтүү, - Кытмыр жылмайды.
- Шакаба кылгың келеби?
- Жок, боорум ооруйт, неге бир ойношуңуз жок дейм да.
- Сага анын тиешеси канча?
- Деги… - Жанталаша өпкүлөп чечиндирип жиберип аппак денени сыйпалай өпкүлөп жатты, - Мен сени көрүп эле ашык болгомун.
- Үй-бүлөөң барбы?
- Ооба, жакында балалуу болдум.
- Жаш экенсиң.

#6 14 January 2016 - 19:23
- Неге ойношуң жок?
- Болгон.
- Таштап кеттиби?
- Ооба, бирөөнүн жары аманат дейт эмеспи.
- Келип турам ээ?
- Мынча болгон соң эмне демекмин, - Айдай жаш жигиттин койнунда рахатка бөлөнүп жатты. Шумкар жаш балалуу аялын күн алыс таштап коюп жумушуна шылтоолоп үйүнө барбай калчу болду. Арадан эки-үч ай өткөндө Садыр Айдайдан кабар алганы келди, көзүң жамандыкты көрбөсүн эшик тыкылдаганда Шумкар: "Мен ачам", - деп тура калып каалганы ачып жиберип чоочуп кетти. Ата-бала эмне кылаарын билбей катып калды:
- Шумкар, ким экен? - деген Айдайдын үнү угулганда Садыр артына шарт бурулуп жөнөп кетти.
- Жаңылышкан бирөө, - деген баласынын үнү угулду кулагына: "Жалап, сойку десе, муну азгырган экен, кайдан таанышып жүрөт, акмактар! ", - деп жаны жай албай жинденип үйүнө келбей пивнойго барып түн бир оокумга чейин ичип үйүнө мас акыбалында келди. Гүлайым анын мындай акыбалын мурда көрбөгөнгө чоочуп кетти:
- Мынчалык эмнеге ичтиң, жолго жатып калсаң эмне болот?
- Турчу нары! - деп колун силкип жиберди.
- Жинди болдуңбу?
- Ооба, мен жинди болдум, бар ишиңди кыл.
- Болуптур, - Гүлайым ары басып кетти. Ал анын ичкенин стрестен деп ойлоду, токмок жегенден улам өзүнө келе албай жүрөт деп ойлонуп тим койду. Эртеси үч-төрт айлык баласын көтөрүп келини Аида келди.
- Апа, Шумкар көптөн бери үйгө келбейт, ага эмне болгонун билейин дедим эле, - деди ыйлактай.
- Эмне болду ага, жумушунан билдиңби?
- Жок, барганым жок.
- Мен барып билип келейин анда, - деди Гүлайым, - Суукта жаш балаң менен жалгыз үйгө барбай отуруп тур.
- Макул, - деп Аида унчукпай калды, Садыр үндөгөн жок, колуна тийсе Айдайды муунтуп өлтүргүсү келип турду. Бирок баласынын көзүнчө ага бара алмак эмес эле: "Канчык, аны кайдан таап алды, ушунчадан балам экөөбүздү бажа кылганын кара, акмак энесиндей аялга азгырылып катын баласын унутканын кара", - деп кыжынып, тишин кычыратып жатып алып жинденип жатты. Гүлайым базардагы баласынын бөлүмчөсүнө келип Шумкарга жолукту, ал апасынан көзүн ала качып кечинде үйгө бараарын айтты. Гүлайым кайдан билсин:
- Аида үйдө отурат, жумуштан чыгаарың менен барып кал, - деди.
- Мен үйгө барам, Аиданы жиберип ийиңиз.
- Үйгө бар, кой сойгонбуз, чогуу тамактанып алып кетесиңер.
- Апа, Аидадан берип ийгиле, мен барбайм.
- Эмнеге ботом? - Гүлайым уулун маңыроо карады.
- Жөн эле, Аида үйгө бара берсин.
- Макул, - деп Гүлайым үйүн көздөй жөнөдү, келип баштыкка майда баратын салып Аидага кичүү уулун кошуп жөнөттү. Шумкар өтө кеч келди, ал келээри менен эле үңүрөңдөп кирди:
- Мен ойноп жүрөмбү, апама арызданып барганыңды токтот мындан ары:
- Арызданганым жок, жалгыз бала менен отурсам барам да, болбосо мен өз атамдыкына кетем, - деп чыкты Аида.
- Мен сенин маңдайыңда отурушум керекпи?
- Иштен кийин үйдө бол.
- Мага эмне тултуңдайсың, үй жылуу, кардың ток, жата бер да.
- Эмнеге жата берем, эмне сен түнү дагы иштейсиңби?
- Кээде ошондой да болот, койчу эми таарына бербей.
- Экинчи жолу келбей калсаң биротоло кетем.
- Болду эми, экинчи андай болбойт, - деп Шумкар аялынан кечирим сурап жатып калды. Андан кийин дагы кайталанды, бирок Аида анын келбей калганын дароо кайненесине айтат, алар тилдеп тим болот, ата-бала бири-бирине жолуккандан тайсалдап бет караша элек. Дагы бир күнү Садыр Айдайга келди, Шумкардын үйүнө кеткенин билип анан эшигин такылдатты.

#7 14 January 2016 - 19:26
- Ким? - деген тааныш үнү угулду.
- Мен Садыр.
- Эмнеге келдиң? - Эшикти ачпай ушинтти.
- Айдай, ач эшикти.
- Кетип кал Садыр.
- Ачпасаң кетпейм.
- Эмнеге?
- Ач, сүйлөшөм дагы кетем.
- Эмне керек? - деп эшигин ачып бөйрөгүн таяна оозду тосуп туруп алды, - Менин сени күтүп отурганым жок!
- Анан кимди күтүп жатасың?
- Ал менин ишим.
- Түшүнүктүү, - Садыр ачуусун кармана кирип келди, келинди түртүп төркү бөлмөгө кирди, - Түшүнүктүү, Шумкарды күтүп жатканың белгилүү.
- Сен кайдан билесиң? - Айдайдын көздөрү чакчая түштү.
- Сенин ушундай канчык экениңди билбепмин, - Жай басып эшикти ичинен илип келип Айдайдын маңдайына тике келди, - Шумкар менин балам, анын үй-бүлөөсүн бузбай тынч кой, ал али жаш, турмушун, жашоосун жаңы гана баштады, - деп ээгинен ала катуу кармап түртүп ийди, - Сен кимсиң өзү, албарстысыңбы же азгырыксыңбы?
- Садыр, мен билген жокмун, ал өзү жабышып келип жүрөт, - деп Айдай болгонун айтып берди, Садырдан жамандыкты күтпөдү, түшүнөт деп ойлоду.
- Отур! - деп буйруду Садыр ага. Айдай унчукпай анын жанына отурду, - Сен адам баласы кылбаганды кылдың, - деп башынан өткөнүн айтып көпкө алаксытып отурду, ниетин бурду, дал ушул түнү аны жайлап кеткиси келип бирок бир ою аны токтотот, кыскасы бир ойго токтоно албай көз алдына турсычан жылаңач чыга калган баласын келтирип жини кайнап чыкты, жанында отурган аялды акырын кучактап жыгып шейшепти колуна ороду да шарт тамактан алды, Айдай кыйкырганга үлгүрө албай какап-чакап көгөрүп баратты. Көптө барып шалактап калганда аны кое берип шейшепти колуна ороп ала чыкты да үйдү бекитип басып кетти, таштандыга шейшепти ыргытып коюп үйүнө келип жатып алды. Улам муунуп баратканда көздөрүнүн чакчайганы көз алдына келип уктай албады. Ошондон көп өтпөй эле Садырды бирөө тиктеп тургандай өзүнчө жаман болуп жүрдү, артынан бир караан ээрчип алгандай түнкүсүн сыртка чыгышы да кыйын болуп бир нерседен корккондой абалга келип калды. Айдайдын өлүгүн үч күндөн кийин коңшулары кокусунан кирип көрүп калып милиция чакырып алып кетишти. Милиция анын үйүнө кимдердин келип кеткенин сураштырганда коңшуларынын бири:
- Ким келгенин ким билет, ар кандай адамдар келчү, дана билбейбиз, - деди.
- Ооба-ооба, - деди орус кемпир, - Ар кандай адамдар келчү, кайдан таанымак элек, агам-иним деп калчу.
- Бирөө жарымын тааныйсызбы?
- Жок-жок, өңү-түсүн деле көргөн эмеспиз, бир милиция жаш жигит дагы келгенин көргөмүн, өңүнөн эмес, эки жолу артынан көрүп калгамын.
- Милиция дейсизби?
- Ооба, кийимин көрүп калгамын, менимче ал жакшы эле жигит болсо керек эле, гүл көтөрүп келгенин эки жолу көргөмүн.
- Мындай болоорун билсек таанып калмакпыз.
- Ой өзү көп жүрчү бечара, өлөөрүн билген эместир өзү дагы, - деп тарап-тарап кетишти. Эч кандай шеги билинбей кала берди. Туугандары коңшуларынын сөзүн угуп изилдегенди койду да өлүктү айылына алып кетишти…
Шумкар Айдайдын киши колдуу болгонун угуп абдан коркуп калды, ал атасынан күмөнсүп жүрдү, бирок дагы эле ага бет келе албайт. Жашоосунда бир башкача өзгөрүүлөр жүрүп жаткандай болуп күндүзү же түндөсү корккондой түр менен эки жакка чыкпай дагы калды. Аида күйөөсүнүн үйдөн жылбай калганына кубанып калды, анткени жумушунан чыгып эле үйүнө келет, уулун эркелетип, аялынын кашында, кез-кез ата-энесиникине ээрчишип барып келишет. Жаз келип жандуунун баары жер бетине чыгып, айлана жашылдана баштаган, бир күнү Садыр сырттан бирөө кууп келе жаткандай жүгүрүп кирди.
- Ой сага эмне болду? - деди Гүлайым күлүп.
- Эчтеке, - деп өңү бозоро отуруп калды.
- Бирдемеден коркконсуң го?
- Эмнеден коркмок элем? - Аялын жактырбагандай дулдуйду.
- Өңүң бузулуп киргениңден айтам да.

#8 14 January 2016 - 19:29
Ой жөн эле аңдый бербечи, - дегени менен жүрөгү болк этип алды, ал эми эле ажатканага кирип баратып ал жерде отурган Айдайдын элесин эстеп мууну калчылдап кетти: "Ка-ап, бекер кылган экенмин, кан куткарбайт деген чын окшойт, мени соо койбойт го", - деп ойлонуп кетти. Ошол түнү таптакыр көзү илинбеди, таңга маал көзү илинип кеткен экен терезенин тушуна туруп алып Айдай өзүнө колун созуп жатыптыр: "Менден качпачы, мен сени сүйөөрүмдү билесиң го, качпа менден", - деп колун терезеден сунду эле өзүн көздөй жөн эле жетип кармамак болгондо бир күч анын колун ары түртүп ортого түшө калды, байкап караса апасынын элеси: "Менин уулума тийбе", - деп аны менен алышып жатканда ойгонуп кетти. Кара терге түшүп жүрөгү лакылдап калыптыр, өйдө болуп демиге отуруп, терин аарчыды: "Байкуш апам, аякта дагы тынч жатпай мени коргогонун кара, эмне кылсам экен, жети тыйын садага берип Айдайдын арбагына куран окутуп коеюн", - деп сыртка чыкмак болду, бирок али жарык кире элек болгондуктан кыймылдабай көзүн ачып жата берди, аялы эч нерседен капарсыз уктап жатат. Баары туруп чай-пай ичкенден кийин Садыр базарга барып кайырчыларга жети сомдон үчтү берип анан мечитке барып Айдайга куран окутуп кайтты. Жай ортосунда мектепти бүткөн кызына жигити колун сурап келип кол менен алып кетишти, ошондо гана Шумкар атасы менен беттешти, бирок экөө тең билмексен болуп үндөшкөн жок. Кызын турмушка узатып жол-жобосун кылып тыныган кезде кайрадан бир коркуу сезим бийлеп алды, күнү-түнү жалгыз басып баратса эле теше тиктеп бирөө кошо келе жаткандай сезилет, улам артын карап коюп шашып өзүн жаман сезип жүргөндө ал жаман түш көрдү, түн бир убакта уктап жатса ачуу чаңырык чыкты: "Садыр!
", - деген, аны өзүнөн башка уктубу-укпадыбы тура калды, жан-жагын караса аялы эч нерседен капарсыз уктап жатат, терезеден Айдай кадимкидей көрүнүп колун булгап аны өзүнө чакыргандай болду эле туруп терезеге жакындады, караса Айдай Шумкарды колунан жетелеп алыптыр: "Мен сени алып кетейин десем болбодуң, эми Шумкар мени менен болот", - деп жетелеген бойдон алыстап барып көрүнбөй калды, ошондо Садыр: "Токто-о Шумка-ар!"
, - деп катуу кыйкырган экен Гүлайым чоочуп ойгонду.
- Эмне болду?
- Эчтеке, эмне болмок эле?
- Катуу кыйкырып ийдиң адамды коркутуп.
- Кыйкырдымбы?
- Жаман кыйкырдың, жүрөгүм түшүп калды.
- Өлүктөй уктайсың эмне, эрте турчу, Шумкарды чакырып келип түлөө өткөрүп коелу, - деди Садыр түнөрө.
- Жайчылыкпы деги?
- Деги да, түлөө өткөрүп койсок жакшы болот.
- Мейли мал жайлоодо, сатып аласыңбы?
- Ооба, мен сатып келе коем, бүгүн өзү да ишемби го, Шумкар үйдө болот, балаңды жиберип чакыртып кел, - деп андан кийин жүрөгү опкоолжуп сыртка чыкты, бети колун жууп келип куран окуду. Гүлайым күйөөсүнүн кийинки кездери өзгөрүп баратканын байкап өзүнчө: "Буга эмне болгон, кудай сактай гөр", - деп ойлонуп калды. Ал күнү Шумкар жумушуна эрте кетип калыптыр, Аидага айтып эртеси эрте келип калсын деп айтышты. Бирок ал ошол күнү кечке маал авариядан көз жумду деген кабар келди, достору менен ичип шаардын четине чыгышып келе жатканда бир машина менен сүзүшүп алып алдында отурган Шумкардын башы катуу тийип мүрт кетиптир. Жанындагылар аз гана жаракат алышыптыр. Ошентип көз көрүнөө баласын жыйырма үч жашында колдон алдырып боздоп-ыйлап кала беришти. Садыр өкүнүп жатты, бирок сыртына чыгарбай ичтен күйүп жатты. Шумкарды жерге бергенден кийин Гүлайым ыйлап-сыктап күйөөсүнө кайрылды:

#9 14 January 2016 - 19:34
Ушу сен билдиң, кана айтчы, балама эмне болду, түшүңдөн билдиңби?
- Койсоңчу, мен өлөөрүн билмек белем, түшүмдө катын-калач менен жүрүптүр, ошону үчүн эле түлөө өткөрүп коелу дегем, - деп тайсалдады Садыр.
- Каралдым ай, кантип кеттиң бизди таштап? - Көз жашы көлдөп ыйлап кирди, - Эми гана көзүн ачып, жашоого умтула баштады эле, Нургелдини бизге белекке таштадыңбы каралдым…
- Кой эми байбиче, мындай болоорун ким билиптир.
- Кантейин аргам жок.
- Кудайдын кылганына каршы тура алабызбы байбиче, неберебиз турат, балдар бар, кайрат кылбасак болобу? - деп Садырдын каңырыгы түтөй отуруп алып өз күнөөсүнүн баласына тийген залакасын ойлоп ичинен түтөп турат. Бирок баары бир илгери үмүт алга карай сүйрөп, жакшылыктан үмүтү үзүлбөй баласынын тагдыр пешенеси ошондой жазылганына ынанып өзүн алаксытып келет. Келини уулу менен колунда калды, кара кийинип эртели кеч үн чыгарып коюп үйдөн чыкпай бүк түшүп көз жашын төккөн Аиданы көргөндө андан бетер сай сөөгү сыздап кетет. Арадан аз убакыт өткөндө дагы баягы кара баскан коркунуч пайда болду, кооптонуп бул жолу коркпой өзүн токтоо кармап: "Жо-ок, эми мага гана көрүнсүн, менин күнөөм үчүн балдарым азап тартпашы керек", - деп өзүнчө сүйлөнүп алып күндөн-күнгө жинди болгон немедей сүйлөнгөнүн көргөн Гүлайым:
- Ушу сенин жүрүшүң башкача болуп кетти, эмне сырың бар, ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген, - деп күйөөсүн жаман көзү менен карады, - Сенин зыяның тийбесин балдарга.
- Байбиче, менин эмнеге зыяным тиймек эле, жөн гана бир коркунуч басчу болуп алды, - деди аргасыз Садыр.
- Молдо-солдого дем салдырсаң боло андай болсо.
- Ошентейинчи.
- Тезирээк тазалан, күндөп-түндөп жүрүп жаман жерди басып алгансың го, - деди Гүлайым кабатыр боло карап.
- Ошондой го, мен Алымбектикине барып келейинчи, - деп Садыр сыртка чыкты, Алымбек менен Садырбек бир тууган, ал сыртка чыкканда үйүнүн жанына машина токтоп Алымбек менен Калыс экөө келип калышты. Алар Шумкардын кыркы өткөндөн кийин суу жуткузду кылып куран окутканы бирди союп алып келишкен. Алар эки райондо жашашат, алар ушул келиште Айбекти үйлөнтмөк болгонун айтып кеңешип келүү үчүн келишкен. Садыр аларды тосуп алып ичке киришти, Аида дасторкон жайып алардын алып келгенин ортого жайып коюп кайната-кайненесин карап унчукпай отурду. Куран окулуп бата кылгандан кийин гана кепке өтүштү.
- Аке, Айбекти үйлөнтөлү дегенбиз, - деди Алымбек.
- Качан?
- Силерге кеңешип анан кызга сөйкө салганы барабыз го, эжемди дагы чакырганбыз.
- Айбек сүйлөшкөн бекен?
- Ооба, сүйлөшкөн экен.
- Мейли, барабыз да, - деп Садыр аялын карады.
- Түшүнүп эле турабыз жеңе, эне-атага баланын кайгысын салбасын, Шумкар эми жаңы жыйырма үчкө чыккан эле, өтө жаш кетти, кайрат кылгандан башка чара жок, - деп Калыс муңая сүйлөдү.
- Кантейин, - Гүлайым муңканып жиберди.
- Эртеңкиге бир ресторанга сүйлөшүп койгонбуз, кыздын атасы жок, апасына айтмак, ошол жерден жолугабыз.
- Мейли, Садыр барсын, Аида каралуу отурса, мен таштап кетсем келген кеткен кеп кылат го?
- Акем барсын, Даткайымды кошуп алалы, Канайым болсо алыста, - деп Алымбек ашыкча сөз айта албады. Алар көпкө отуруп анан кетишти, эки күндөн кийин сөйкөнү салып дароо эле Алтынайды үйүнө алып келишти, аппак чачыктуу жоолукту башына салган Алтынай үлпүлдөп татынакай келин болду. Салтанат күйөө баласына ыраазы болду, жаш болсо дагы чындыкты айтып, өз сүйүүсүн коргоп алганына. Кош бойлуу болгондуктан бир аз денеси жайылып, бетине болоор-болбос сепкил түшүп калганы өзүнө жарашып Калыс ага ичи жылып калды: "Экөө тең жаш, келечеги алдыда, эрте үйлөнүп алганы болбосо бактылуу эле болушсунчу" , - деп купуя кудайга жалынып жатты. Айбек кудуңдап Алтынайдын жанынан чыкпай, достору-классташтары келип бир күнү кечке ойноп-күлүп, таң-тамаша кылышты. Арадан дагы он күндөй өткөндө ресторандан үлпөт тоюн өткөрүп Салтанат кызы Асылай экөө тойдо болду, бул тойдо Садыр менен Гүлайым дагы болду, улуу кызы Даткайым менен Канайым болду, чоң тойдо ырчысы ырдап, жамакчысы Алымбек менен Салтанаттын куда-кудагый болгонун жар салып ырдап шаңдуу той болуп өттү. Үйүнө келгенден соң эки-үч күн ээн боло албаган жаштар тынчы кетип бири-бирин аста карап жымыйып коюшат. Экөө ээн калаары менен Айбек:
- Алтынай ыраазысыңбы? - деди акырын.
- Ооба Айбек, сага ишенгемин.

#10 14 January 2016 - 19:38
- Чын элеби?
- Ананчы, сенин мени сүйөөрүңдү жакшы билем да, - деп күлүп койду Алтынай.
- Атама айткандан аябай корккомун да.
- Менин абалымды билгенде апам урушпадыбы.
- Эмне деп урушту?
- Алданып калдың го, эми ошол бала мойнуна албаса кантебиз деп тилдеп, өзү ыйлап, мен дагы ыйладым.
- Кечирип койчу жаным, сени жаман абалга алып келип койгонума, мындан ары экөөбүз бактылуу болобуз, - деп кучактап алды, экөө бөлмөнүн ортосунда көпкө эзилишип туруп анан төшөккө киришти. Бул өмүрдө жамандыктан башканын баары эрте болгону жакшы дейт эмеспи, жыйырмага чыга элек эки жаш ошентип сүйүүнү бири-бирине колко кылып үйлөнүп алышты. Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет дегендей, түбөлүк жашап кете алышабы, ара жолдо жаңылдым, жаздым деп эки бөлүнүп кетеби аны тагдыр жолу көрсөтөөр.
Салтанат кызын күйөөгө бергенден кийин көңүлү жайлана түштү, бирок кызы үйдө жалгыз калгандыктан сары санаа болуп таекесинин бир кызын үйүнө киргизип алды, ал Асылай экөө отура берет, сабак даярдап, базарга чыгып Салтанатты күтүп калышат. Акыры Салтанат театрдан чыгып алды, аны экинчи кызынын тагдыры тынчсыздандырып кароосуз калтыруудан коркту көрүнөт. Тамада деген жаңыдан чыгып күзүндө той болгон жерлерде шаңшып ырдап жүрүп топтогон акчасына айылга барып апасына күмбөз салдырып, аш берди, андан келген соң Асылайды колледжге киргизип өзү үйдө болуп калды. Ансыз да эки күндүн биринде чакырган жерде ырдап тапканы жетиштүү эле болчу. Капысынан карт акын жолугуп анын ырларын жаздырмак болуп макулдашып калышты, Алтынбек өтө белгилүү болбосо дагы ырларына обон чыгып ырдалып жүргөн акын эле, ал жетимиштен ашса дагы бойдок, аялынын өлгөнүнө туура он жыл болуптур. Салтанат менен жолугуп чай ичишип калганда тамашакөй неме ага тийишип калды.
- Салтанат, сен дагы бойдок экенсиң, мен деле бойдокмун, макул десең кол кармашып алалы, калган кырды биргелеп ашып баралы, - дегенде Салтанат күлүп калп уялган болду.
- Оой агай, сизден мындайды күткөн жок элем, бирок ылайык болсо мен деле чыгып алсамбы деп жүргөм.
- Оп баракелде, ажаат ачаар кыз экенсиң кысталак, жатсаң кана коюнумда бир туйлап, - Алтынбек каткыра санын чаап алды.
- Агай, сиз экөөбүз чектен чыгып бараткан жокпузбу?
- Оо кокуй, кыздардын сыры маалым садагасы, бир жакындап алган соң, акелеп кыйнайт баарысы, - дегенде Салтанат чындап эле жини келди:
- Сиз экөөбүз сый эле бөлүнөлү, тамашаны көбөйтпөй ушунчада, өз жолубуз менен эле жүрөлү агай, - деп Салтанат ордунан турганда:
- Кары деп чанып турасың, кайгыга салып мени сен, аман болгун карындаш, кетейин анда эми мен, - деп кайрылбай басып кеткенде Салтанат бир азга карап туруп: "Ырларынын тексти жакты эле, эми кетсе кайрылбайт, чакырсам келбейт", - деп кайра артынан барып кечирим сурап ырларын алып комузга салып ырдап жүргөндө Салтанатты бир тойдо көрүп калды. Ошондо аны бир мыкчегер жандап унаасы менен алып жүргөн экен, аны билип калып атайын жолугуп калганда Салтанат шашыла салам айтып учурашып калды:
- Саламатсызбы агай, ден-соолуктарыңыз жакшыбы?
- Буйруса кубаттуумун, кубаты жок уяттуунун, алдында чөгө койбойм, тиги сени коштогон максаптуунун, - деп басып кеткенде Салтанат бир топ элдин көзүнчө айтканга аябай сынып көпкө эл аралабай калды. Ал унутулуп бир күнү ага бир көрөрманы кат жазыптыр, аны Салтанат тааныбаса керек жооп бербей коюптур, ал колунда бар чакан ишканалуу адам экен, бир күнү түз эле жолугуп өзү жөнүндө айтканда ал шыпылдап калды:
- Сиз белеңиз, менде убакыт жок, өзүңүз билесиз, жадагалса үйдөгү кызыма да убакыт таппайм.
- Эч нерсе эмес Салтанат, көрүшкөнүбүз үчүн бирге отуруп чайлашсак кантет? - деди сыпайы Болот.
- Убактым тар эле, башка күнү жолугалы, азыр сиз мага таарынбаңыз ээ?
- Жарайт, унутуп койбоңуз, эгерде үй телефонуңуз болсо бересизби, өзүм чалып турайын.
- Макул, - Салтанат дароо сумкасынан блокнот алып чыгып телефонун жазып узатты, - Мына менин телефонум, күндүзү үйдө көп болбойм, кечкисин же эртең менен эрте чалсаңыз.
- Макул, көрүшкөнчө, - деп Болот басып кетти. Ошондон кийин Болот менен жолугуп жүрдү, экөөнүн мамилеси романга айланып баратканда Болоттун аялы угуп калып атайын театрга барды, бирок Салтанат ал убакта отпускасы бүтө элек болчу, үй телефонун алып кечинде чалды, көптө барып анан трубканы алды:
- Алло, угуп жатам, ооба-ооба мен, ким дейсиз? - Салтанат бир саамга жанында отурган Болотту карап калды:
- Эмне болду ким экен ал? - Болот тынчы кете сурап ийди.
- Эч кандай андай адамды билбейт экенмин, сиз жөн гана бирөөгө ишенип алгансыз го?
- Азыр үйүңдүн дарегине такси менен барам, эртең абийирим төгүлбөсүн десең күйөөмдү жөнөтүп жибер, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын! - деп телефондун трубкасын коюп койду.
- Болот, азыр үйүңө тез кет, көрө албаган бирөө менин изиме түшкөн окшойт, - деп Салтанат Болотко карады.
- Сакиш, менин аялым менин изиме түшсө эч качан аны кечирбесимди билет, коркпой эле кой, ал келбейт.
- Койсоңчу, келип калса кантебиз?
- Келбейт дедим го, андан көрө жүрү саунага кеттик.
- Жо-ок, мен жокто кызыма чалса кантем?
- Чалбайт, келбейт дагы, бирөөлөр шантаж кылып жаткан болсо керек, - деп Болот аны саунага ээрчитип кетип калды. Ошондон баштап Болот көпкө дейре келбей да, чалбай да дайынсыз жоголуп арадан бир ай өткөндө келди. Салтанат аны суз кабыл алып:
- Эмнеге келдиң Болот, менин абийиримди төккүң келдиби? - деди.
- Жок-жок Сакиш, аялыма бирөөлөр айтып дарегиңди телефонуңду берип коюптур, - деди башын жерге салган Болот.
- Анан эмнеге келдиң, артыбыздан түшсөчү?
- Түшпөйт, биз башка жерден жолугуп турабыз, - Ой боюна койбой Салтанатты кафеге алып барып экөө тамактанып, кызыл шараптан ичип көпкө отурушту, Асылай ошол кезде айылдагы тагасыныкына кеткен. Түн бир оокумда үйүнө келип эми чечинип жатканы калганда эшик тыкылдап калды. Болот арткы балконго чыгып коңшу үйдүн балконуна аттап кетти:
- Ким? - деди көптөн кийин Салтанат.
- Ач эшикти! - Аялдын үнү өктө чыкты.
- Ким керек сизге? - Салтанат эшикти ачып ага тике карады.
- Милиция алып келип абийириңди төгөм, азыр Болотту тап!
- Токтоңуз, адегенде Болот деген ким, айтыңызчы мага?
- Билмексен болуп калганын, - Тиги аял жулкунуп ичкери кирип келип үйдүн баарын карады, - Каякка бекиттиң, тапкын күйөөмдү!
- Эсиңизге келиңиз, эгерде күйөөңүздү таппасаңыз эртең милицияга мен берем, мени шылдыңдаганыңыз үчүн.
- Ыкы, дегеле муну кара ой, осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат, - деген ушу да, - деп балконго чыгып баарын карады, кошо келген немесе селдейип турат, Салтанат анын аты-жөнүн сурап алды.
- Менин кадыр-баркымды тебелеп-тепсегениңиз үчүн жооп бересиз, азыр чыгып кетиңиз үйдөн! - дегенде баары бир таппасына көзү жеткен аял сүйлөнүп чыгып кетти. Салтанаттын жүрөгү эми гана ордуна келип "Өх" деп алды. Тээ бир убакта кылдыратып Болот кайра кирди.
- Кеттиби ыя?
- Кетти, эми сен дагы кет.
- Эмнеге, мен сени менен жатпай кетпейм.

#11 14 January 2016 - 19:40
--- Болот, эртең мен сенин аялыңа айып пул төлөтөмүн, сен кетип кал, бул бойдон калсам абийирим төгүлөт, - деп Салтанат Болотту кетирмек болду эле кетпей жатып калып таң ата зорго кетти. Ошондон кийин бирөө менен жүргөнүн койду, чынында эл алдында уят болуудан өткөн жаман нерсе жок эмеспи, Болот кайра-кайра келип жүрүп кайра имерип алды, күйөөсүн токтото албаганга жиндендиби же намыстандыбы айтор тынчын албады. Беш бала менен кеткенден уялдыбы дагы эле күйөөсү менен жашап жатат, Салтанат кээде абдан коркот, бирок Болоттон өзү дагы ажырагысы келбей түн коногу болуп кафелерде, сауналарда ээрчишип жүргөнүн көргөндөр кеп кылып калышат. Муну сүйүү дейбизби же оттон ысык ойноштукпу ким билмек, кербезденип сүйлөп бой көтөргөнү менен сексуалдуу аял экен дешип калат билгендер. Алтынай уул төрөгөн экен ага Асылай экөө барып келип жатты, үйүнө чыгарган күнү өзү кошо барды, куда-кудагыйы жетине албай тосуп алып жээн небересин жууп жатышты.
- Кудагый, - деди Алымбек, - Балдар минтип бизге кичинекей наристе таап берип кубантып отурат, сиздей адам менен кудалашканыбызга Калыс экөөбүз ыраазыбыз, балдарыбыз бактылуу болуп, ушинтип очор-бачар болуп түбөлүк бирге болушсун, эми ушул жакшылыкта неберебиз үчүн ушу коньяктан алып коюңуз.
- Ооба кудагый, биз эми ачыбызга айрылып, тогубузга толгоноор адамдарбыз, алып коюңуз, - Калыс бир жактан коштоду.
- Кантип албай коем куда-кудагый, ушулар бактылуу болсо биздин бактыбыз, жээнимдин келечеги кең, өмүрү узун, ата-энеси менен бактылуу уулдардан болушу үчүн алып ийели, - деп үчөө алып жиберишти. Ошол убакта сырттан Алымбектин жакын туугандарынын баласы келини менен келип калды.
- Бешик боо бек болсун!
- Андай болсун, келгиле балдар.
- Келдик аке, төрөтканага барсак чыгып кетти дегенинен биротоло көрүп кетели деп кайрылып калдык, - деп Самат учурашып отуруп калды.
- Келгениңер жакшы эмей, бизден кийин Айбек экөөңөр тууган болуп катышасыңар да, - Алымбек ыраазы боло бакылдай сүйлөдү.
- Аке, небереңиздин атын ким койдуңар?
- Элмирбек деп койдук, жакшы ат бекен?
- Абдан жакшы, адамдар төрөлгөндө баары эле бирдей төрөлөт, ата-ат койгондон жаңылып баланын тагдыры бурулуп кетет дешет экен го, ошол чынбы аке?
- Жакшы ат коюп, сүннөткө отургузуп, анан үйлөнтүп энчи бөлүп берүү ата-эненин милдети экен, небереме Элмирбек деген атты өзүм койдум иним.
- Жакшы коюпсуз.
- Кана коноктор, тамактан алалы, Самат Гүлбү алгыла, кудагый менен кобурашып, андан-мындан алып отургула, - деп Алымбек бак-бак этип сүйлөп коньяктан куюп сунуп жатты, - Наристебизди жууп, жакшы тилек, узак өмүр, бакыт-таалай каалап ушуну алып коелу, - деди рюмканы көтөрө.
- Элмирбек элдин уулу болсун, келечеги кең болсун.
- Өмүрүнүн узак болушун каалайлы.
- Ыймандуу, ырыс-кешиктүү болсун, - дешип алып ийишти. Салтанат бир аз кызып калды, Алымбек менен Калыс аны ырдап бер деп суранып калышты:
- Сахнада ырдаганда башка, эми кудаңдын төрүндө бир ырдап кой кудагый.
- Ооба десең, кудагый ырдап бериңиз эми, - деп Алымбек комуз алып келип берди. Салтанат көпкө чейин комуздун кулагын бурап кылдыратып күүгө келтире толгогондон кийин анан ырдап кирди, ал бүткөн соң кубаттап кол чаап калышты.
- Азамат кудагый, үнүңө береке.
- Бали-бали кудагый, карыбаңыз эч качан.
- Рахмат сиздерге, эми биз кайталы, - деп Салтанат бата кылып кетмек болуп калганда Аылмбек менен Калыс ыраазы болуп узатып коюшту, Салтанат Асылай экөө үйүнө жөнөштү, аларды узатып киргенден кийин Алтынай менен Айбек өздөрүнчө бөлмөгө киргенден кийин:
- Айбек, балам мага окшош экен ээ? - деди.
- Жо-ок, мага окшош.
- Жок, мага окшошуп турбайбы.
- Кана каери? Айбек наристени колуна алып ортого кармап баланын былбыраган жумшак бетине бетин тийгизди, - Кана, карап көрчү, мурду-оозу, кашы дагы өз-зүмө гана окшошуп турат го?
- Сен билбей жатасың, жакшылап карасаң, мурду мага эле опокшош болуп турат го? - деп Алтынай таарына кетти.
- Эй жинди, ушу былжырап эчтекеси билинбеген наристенин эмнесине таарынасың, мына мунуң орустун балдарына дагы окшошуп турат, жакшылап карачы, - дегенде Алтынай мостое калды.
- Кантип, эмнеге орустун балдарына окшошот?
- Ушинтип эле, төрөлгөн балдар бири-бирине окшошо берет, кийин гана атасына же апасын окшошот.
- Чын элеби?
- Чыпа-чын.
- Кызык экен, чын эле кимге окшогону билинбейт экен, - деп Алтынай наристени колуна алып абайлап карап калды.
- Болуптур эми, капаланбай баланы жаткыр, орун салып жаталы, - деп Айбек сыртка чыкты. Ошентип бактылуу жаш жубайлар наристеси менен бактыга тунуп жатып калышты.
- Алтынай, - деп ошол кезде Калыстын үнү угулду.
- Апа, эмне болду? - Алтынай халатын кие салып чыга калды.
- Айбекти айтчы балам, атаң ооруп жатат.
- Азыр апа, - Алтынай кайра кирди.
- Эмне болду? - Айбек келинчегин карады.
- Атам ооруп жатыптыр, туруп барчы.
- Эмнеси ооруп жатыптыр?
- Билбейм, жүрү, - Экөө тең ата-энеси жаткан бөлмөгө киришти.
- Апа, атам эмне болду?
- Жүрөгүм дейт, врач чакырдым.
- Жакшы элеби? - Айбек атасынын жанына отурду, - Ата өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?
- Дурус уулум, бир аз жүрөк кармай калды.
- Ичпей коюңуз да.
- Кубанычта аздап ичип койдум да балам, өтүп кетет, - Аңгыча врач келип калды. Алымбекти текшерип көрүп ооруканага алып кетишти, Калыс кошо кетти.
- Мен эртең менен барам ата, - деди Айбек.
- Ошент балам, жакшы болуп калса өзүм келип калам.
- Макул, - Тез жардамдын унаасын узата карап туруп калышты.

#12 14 January 2016 - 19:42
- Мурда ооручу беле? - Алтынай күйөөсүнө кайрылды.
- Ооба врачтар ичимдик ичпе деген.
- Ичпей эле койсо болмок экен.
- Кубангандан ичип койду да.
- Мейли, жүр үйгө, эртең эрте турабыз, - Ээрчише бөлмөгө кирип жатып калышты, наристе түнү менен ыйлап үнүн баспай чыкты, Алтынай уйкудан калып эртең менен уктап калган, аны Айбек ойготту.
- Алтынай, мен ооруканага барайын, апам келген жок.
- Ии-ий азыр, - Алтынай ыкшына туруп кийине баштады…
Садыр баскан кадамынан дагы зааркана баштады ал караан өмүрү анын артынан калчудай эмес, күүгүмдө эч нерседен капарсыз жандыктарын сарайга киргизип жаткан, артынан бирөө басып келе жаткандай болду: "Дагы келе жатасыңбы, мен сени экинчи жолу өлтүрөм, же өзүм өлөм", - деп ойлонуп колундагы мал кармаган жибин оңтойлоп артына бурула бергенде аны бирөө тээп жибергендей учуп барып короонун дубалына бир тийип ык дей түшүп жыгылып калды, бирок эч жери ооруган жок, турмак болуп обдула бергенде бирөө басып калгандай турууга дарманы болбой оонап жатты.
- Сен менден өч алгың келеби, эми сенден коркпойм, кана өзүң менен алып кетесиңби? - деп тура албай оонап жатып сүйлөнүп жатты, - Алсаң алып кетчи деги, бала-чакама зыян кылба, менден ал өчүңдү, - дегенде алыстан угулдагандай жаңырган үн кулагына жетти: "Мен сени алып кетпейм, сенин укум-тукумуңду жок кылам, өзүң жалгыз каласың, сен эч кимге керек болбой турган кылам, ошондо гана менин жаным тынчыйт" - дегенде көзүнө Айдайдын өлүп бараткандагы көздөрү гана көрүнүп жылдыз сымал ар жагына өтүп, бери жагына өтүп, кайра келип ургулап жатты, - Болду, мени өлтүрсөң өлтүр, балдарыма тийбе, суранам балдарыма тийбе! - деп башын калкалап тоголонуп жатканда:
- Ой сага эмне болду? - деп Гүлайым жетип келип аны сүйөп тургузганда эчтеке болбогондой күбүнө тура калды:
- Эчтеке, жыгылып кетпедимби.
- Этият болбойт белең.
- Чалынып кеттим, музоонун ноктосун кармап алдым эле, - деп эки жагын карап караан көрө албады.
- Тамакты жайып коюп күтсөм жоксуң, чыксам үнүң чыгат, эмне дегениңди да түшүнбөдүм, ким менен сүйлөшүп жатат, - десем өзүңчө күбүрөп жатыпсың.
- Жыгылганга наалыганым да, - деп сыр бербей үйгө кирди. Кумар менен Умары али мектепти жаңыдан бүтүргөнү калган, алар удаа, бири он биринчи, бири онунчу класста окушат, Аиданын баласы басайын деп калган, ал тамак-аш менен алек, али карасы алына элек. Садыр балдарын, аялы менен келинин, небересин кыдырата карап ичтен сызып алды: "Мен алдын алышым керек, балдарым аман-эсен болушу үчүн мен өзүмдү-өзүм өлтүрүп бул балээден кутулушум керек", - деген чечимге келди. Тамак жүрөгүнө барбады.
- Эчтеке ичпей койдуң го? - деди Гүлайым.
- Табитим жок.
- Мындай эмес элең, негедир түрүң башкача, ооруп калган жоксуңбу?
- Кудай сактасын, куландан соомун.
- Ошондой эле болсун, - Гүлайым келинин карады, - Жакында Шумкардын жылдыгын беребиз, Аиданын башын азат кылабызбы?
- Ойлонуп көрөлү, Аида өзү билет да.
- Мен эч жакка кетпейм.
- Нургелдини таштай албай жатасың балам, али убакыт бар, ага чейин дагы сүйлөшөбүз, - деп башын чулгуй жер карады.
- Кантейин, кара жер катуулугунан чыдадым, өлгөндүн артынан өлө албадым, баламдан ажырап күн көрүп жашап келе жатам, эми калганына өмүр берсинчи кудай, - деп көз жашын аарчып отурганда Аида чыгып кетти.
- Апа, кейий бербеңизчи, биз деле акемди ойлонуп араң жүрөбүз, - деди Кумар, - Айла жок да апа.
- Ооба садага, айла жок…

#13 14 January 2016 - 19:43
- Байбиче, тиги дүйнөсүн берсин дегенден башка аргабыз жок, көп эле ыйлай бербе, балага кыйын болот дешет го, көз жаш өлгөн адам үчүн көл болот экен, ыйлаганды коюп куранды көбүрөөк окуп тынч болушун тилейли, - деп күңгүрөндү Садыр. Бир айдан кийин Шумкардын жылдыгын өткөрүштү, Аиданы ата-энеси алып кетели дегенде ал болбоду, уулун таштагысы келбейт, алып да кетем дей албай кыңырылып кала берди. Кеч күз болуп күн суук тарта баштаган эле, түнкүсүн эч кимге билдирбей Садыр сыртка чыкты: "Шашпа-а Айдай, мен өзүм барам сага, сенден мурун озунуп өзүм жетишим керек", - деп казыктан уй байлаган жипти эми чечип алаарда: "Эч кайда бара албайсың, ал жакта сага орун жок, орун бул жерде Садыр, мен сени чын дилим менен сүйгөм, сен менин сүйүүмө өлүмдү тартууладың,
жарык дүйнөдө бараар жериң жок каңгып каласың, башыңды өйдө көтөрөөр адам жок жерди кучактап, ачык асманды үстүңө жамынасың, шашылба-а!
", - деп казыктагы жипти чече калганда ары жактан Умар жетип келди.
- Ата, эмне кылып жатасыз?
- Эчтеке балам, жөн эле турам, - Үйдү көздөй басты.
- Колуңузду тээ тигил жакка булгап сүйлөп жаттыңыз го?
- Малдын кыгын чогултайын дегем…
- Аны Кумар экөөбүз чогултабыз ата, - Умар атасы менен катар басып үйгө киришти.
- Малды байладыңбы? - деди Гүлайым Садырга.
- Ооба.
- Жакшы кылыпсың, мал талаадан тоюп келип жатабы?
- Азыр от бар байбиче, мал тоет, кар түшкөндө тээп оттойт анан, азыр жер кара эмеспи.
- Ошондой эле болсун, мал-келиң болбосо азыр жашоо кыйын, сенин машинаң барда да жакшы эле, же соода кылбадык, - деп Гүлайым ойлуу уулу менен күйөөсүнө карады, - Эми Кумар мектепти бүтсө окутуш керек, андан кийин окуйм деп Умар турат.
- Буйруса окутабыз, бир аз акча деле турбайбы?
- Бар дечи, акчанын күчү кете баштады, бат эле калбай калат, Аиданы базарга чыгарып койсокпу, элге аралашып көңүлү ачылат, ал деле бирөөнүн баласы го, үйдө жүргөндө эмне, Нургелдини өзүм элем багып алам, - деди Гүлайым күйөөсүнө, - Кокус баланы алып кетем десе кантебиз, андан көрө базарга чыгарып койсок бирөөнү таап алса баланы таштайт беле..
- Капаланба, ырас эле Аиданы базарга чыгаралы.
- Ошентели, өзүн-өзү алаксытып элге аралашсын, - деген чечимге келип токтошту. Ошол күнү Садырдын жүрөгү капысынан эле "болк" дей түшүп босогону караса дубалга жөлөнүп алып өзүн тиктеп Айдай турган экен, Садырдын өңү боппоз болуп көзүн тартып алды: "Эмне болот, бул бир балээ кылабы эми, менин өлгөнүмө да жол бербеди", - деген ойдо унчукпай бир саам отуруп анан бир нерсе эсине түшкөндөй куран окуп кирди, дасторкон жайылуу эле, Гүлайым таңгала карап анын өңүн көрүп чоочуганы менен куранды окуп бүткөнчө унчукпады, Садыр үнүн пас чыгарып узакка окуп оозун кыбыратып: "Кубанычбек кызы Айдайдын сообуна", - деп анан бата кылды, аялына байкатпай босогону караса эч ким жок.
- Сен молдого дем салдырсаң боло? - деди Гүлайым куранды окуп бүткөндөн кийин, - Сен бирдеме болуп жүрөсүң.
- Мен эмне болмок элем?
- Билбейм, өңүң бир башкача болуп кетти.
- Ошондой көрүнгөндүр, дем салдырса салдырайын…
- Деги сен мындай эмес элең.
- Баланын азабы деле оңой эмес экен байбиче, аялдар ыйлап-ыйлап жеңилдеп алат экенсиңер, эркек жалаң ой менен жүрөк менен көтөрөт тура.
- Аның туура, - Гүлайым күйөөсүнүн сөзүнө ынана түштү: "Чын эле, ушуну ойлобогонумду кара, бул байкуш деле ичинен күйүп жүрөт да", - деп ойлонуп тим болду. Дал ошол түнү түшүндө Алымбектин замбилде жатканын көрдү, ак халатчандар, алардын ичинде Айдай жүрөт, Садыр жетип барса бою менен тең узун көйнөгүнөн буту көрүнбөй өзүн көздөй Айдай жылып келди: "Сен эмнеге келдиң, эми бул киши кетет, булар аракет кылганда айла жок, сенден өч алам дегемин, өч алам Садыр, мен сенин балаң экенин билгеним жок, эми сени тирүү тозокко айлантып ар бир тамырың сыздап ооруй турган кылам", - деди да потолокко көтөрүлүп барып көрүнбөй калды, Садыр чоочуп ойгонсо таң аппак атып калыптыр, тышка чыгып эки жакты карап турса Алымбектин машинасы келип дарбазасына токтоду, тынчсызданып турган Садыр жетип келип эшикти ачса Айбек экен.
- Кел балам, тынчылыкпы?
- Атамдын жүрөгү ооруп ооруканага түндө алып кеткен, апам сизди келсин деп жатат, - Садырдын башына келтек менен ургандай зыңгырай түштү: "Эми эмне болот, менин күнөөм үчүн булар жабыр тартышы керек беле", - деп ойлонуп ийди.
- Чоң ата, сизге эмне болду, барасызбы мени менен?
- Аа-а, ооба балам барбай анан, энеңе айтып коеюн, - деди да үйүнө карай басты, эч арга кыла албасын билди, билгенде не арга кыла алмак, - Гүлайым, ээ Гүлайым! - Ичке кирбей сырттан үн салды:
- Эмне болду? - Гүлайым чыга калып күйөөсүнүн жанында турган Айбекти көрүп, - Кел Айбек, таң заардан эмне болду? - деди ага кайрыла.
- Алымбек ооруп жатыптыр, мен барайын, - деди Садыр андан мурун жооп берип.
- Эмнеси ооруп жатат?
- Жүрөгү ооручу.
- Катыгүн ай, ичип койгон го? - деп Гүлайым наалый сүйлөдү, - Токтой тургула, мен дагы барайын. Кийинип алып чогуу үйүнө келип, андан Калысты кошуп ооруканага келишти. Алымбек бир аз түзүк болуп калыптыр, баары тегеректеп турганда сестра кирди.
- Оорулуунун абалы өтө оор, көп тегеректебей чыгып туруңуздар, азыр врач көрөт.
- Деги жакшы болуп кетеби кызым? - Калыс кабатырлана сурады.
- Врач көрүп өзү айтат.
????
Баары коридорго чыгып турушту, Садырдын көз алдында Айдай, аны муунтканы, көздөрү өзүнөн өтүп чакчайып кыймылсыз жатканы тартылып, кайра түндөгү көргөнүн эстеп сыртка карай шашылыш чыгып кетти. Ал өлүмдөн кайра тартпас болуп аны менен күрөшүүгө даяр эле, түз эле Айдайдын квартирасына келди, эшигин такылдатты эле бир келин ачты:
- Сизге ким керек?
- Бул жерде Айдай деген келин жашачу эле…
- Байке, ал бир жыл мурун өлгөн, сиз ким болосуз?
- Бирге иштечү элек, анын ата-энеси кайда жашаарын билбейсиңби кызым?
- Мен бир тууганы болом.
- Анда айылыңда айтчы, Айдай мага карыз эле, куран окутуп карызымдан кечип келейин, - деди өкүнгөндөй кабак бүркөп. Ал келин кирип кетип колуна дарек жазылган кагазды алып чыкты:
- Ушул дарекке барсаңыз табасыз.

#14 14 January 2016 - 19:48
Рахмат, - деп дароо артына бурулду да: "Кечир мени жараткан, кайрадан күнөөнү мойнума үйүп калп айттым, мүрзөсүн ачып, сөөгүн балталабасамбы,
анан дал ошол көргө сени менен бирге жатып өлөм", - деп жүзү сурданып таксиге отурду, төрт-беш сааттык жолдо үн катпай келе жаткан адамды карап адегенде таксист күдүк ойго бараттты: "Түрмөдөн чыккан немеби, жалгыз өзү төлөп мага тийишмек болобу, жо-ок, кудай сактасын, өңү жаман, бир кайгысы бар го", - деп ойлонуп сактанып жатты. Күүгүмдө ал мерчемдүү жерге жетип таксисти кетирип ийди да айткан даректеги үйдүн дарбазасын такылдатты:
- Ким? - деген аялдын үнү угулду.
- Мен эле, ачып коюңузчу.
- Ким? - деп келип эшикти ачып улгайган адамды көрүп туруп калды, бул Айдайдын апасы эле, - Келиңиз бирөөнү издеп жүрөсүзбү?
- Мен Айдайдын чогуу иштешкени элем, эки жыл мурун Москвага кетип жакында келдим, үйүнө барып уктум, арты кайырлуу болсун.
- Ошондой болду, - Эне көз жашын тегеретип тим болду.
- Менин Айдайдан аласам бар эле, ичке киргенге уруксат берсеңиз куран окуп коеюн.
- Кириңиз-кириңиз, - Ал мындай боло берди, алдынан атасы чыкты, ичке кирип отураары менен куранды Садыр өзү окуду да:
- Мен ага көп акча берген элем, керек болуп калып сурамак болгом, минтип анын өлгөнүн угуп алып ал акчаны кечейин деп чечтим тууган, - деди Садыр эрди-катынга карап, - Кечтим, тиги дүйнөдө тынч жатсын кечтим!
- Рахмат, бирок канча экенин айта берсең төлөп бермекпиз да, - Атасы таңгала карады.
- Жок, мен берген адам акеретте болсо, силерден алганым болбос, андан көрө көрүстөнү кай жерде?
- Мен чогуу барайын, - деп Кубанычбек кошо турду.
- Эртең жарыкты барсаңар болбойт беле? - деди аялы.
- Жок, мен кайра эле кетем, - деди кайрыла Садыр.
- Эчтеке эмес, эрмектешип барып келебиз, - деди Кубанычбек, алар айылдын четиндеги дөңсөөгө жетип короолонбогон бейиттин бир четиндеги таш чегерилген мүрзөнүн жанына чөк түшүп отурушту, Садыр куран окуду, - Ушундай иним, кандай болгону белгисиз, өлдү да тынды, кылмышкер табылбады, тынч жатсын деп биз да жөн койдук, арга жок да өлүмгө.
- Ошондой, менин дагы жыйырма үчтөгү уулум жакында кайтыш болду…
- Эмне болуп?
- Авария.
- Баланын күйүтүн тарткан экенсиң, канча балаң болбосун ар кимисинин өз орду болот, кыял-жоругу болот, жакындыгы болот, ушу кызым өзүмө жакын эле, - деп оор күрсүнүп алып кайра куран окуп бата кылды, чиркин эгерде дал ушул жанында турган адам кызынын жанын чыркыратып алганын билсе кантээр эле? Экөө ээрчише көрүстөндөн узап айылга кире бергенде Садыр:
- Мен мындан ары кетем, дагы бир жолу айтам, арбагы тынч болсун, аласамдан кечтим, - деди.
- Үйгө түнөп алсаң болмок.
- Жо-ок, бул жакта таанышым бар.
- Ким деген? - деди Кубанычбек, караңгыда Садырдын сөз таппай кайсактап калганын көрө албады.
- Кадыр деген, - деди эптеп бир атты айта салды.
- Оо тиги фермер Кадырбы?
- Ооба-ооба, Садыр шашып калды.
- Ма-акул анда, адамдык касиетиңе миң мертебе рахмат.
- Жакшы туруңуз, - деп Садыр андан бөлүнгөнчө шашты.
- Өзүң дагы жакшы бар иним, - Кубанычбек жол менен өз сапарын улантты. Садыр бир азга аны карап турду да шарт артына бурулду: "Ал жансыз, мен жандуумун, сөөгүн итке таштабасамбы" , - деп көрүстөндү көздөй кетип жатканда кулагына айырынын үнүнө окшогон ызылдаак үн анын кулагына жабышып алгандай болуп бастырбай башы кеңгиреп туруп кулагын басты: "Мен эмне болуп жатам, ошондон коркомбу, балдарыма иниме зыян кылбай турган болсун, жоготом", - деп ойлонуп дагы эки кадам шилтегенде аны бир күч артты көздөй учура түрттү, топуракка бети менен тийип чаң болуп жатып калды.
- Эй, сенден жеңилет деп турасыңбы, мен сени менен бирге жатам, балдарыма, иниме тийбе! - деп кыйкырып мас кишидей темтеңдеп басып жөнөдү, кайрадан ыргытып такыр бастырбады, үчүнчү жолу ыргытканда эси ооп эчтеке билбей жатып калды: "Алымбек эмне болду, кетип калганымды кандай түшүнөт, кой үйгө барайын", - деп көзүн ачып обдула берип бүткөн боюнун ооруганына чыдай албай онтоп жиберди: "Кечирим сурашым керек, арбакка өчөшкөндө болмок беле, мени жинди болуп бараткан жокмунбу" , - деп эптеп туруп эки жакты абайлап карап кийимин кагып такси кетчү жагына эптеп жөнөдү. Эми оорлошуп кыймылдаса ооруп жатты. Өчөшкөнсүп бул жолу ал көзүнө көрүнбөдү. Жан жагын карап макиси жок экенин билди, ал биякка келе жатканда үйүнө кайрылып чоң маки салып алган: "Түшүп калган экен", - деп артына кайрылгысы келбей сурамжылап такси токточу жерге келди да шаарга жөнөп түз эле ооруканага келди.

#15 14 January 2016 - 19:50
- Кайда жүрөсүң? - деди Гүлайым аны көрүп эле.
- Алымбек кандай? - Садыр жооп ордуна инисин сурады.
- Аны операция кылмак болуп жатат.
- Жүрөгүнбү?
- Ооба.
- Калыс кайда?
- Ал жанында, кийимин чечип жатат го.
- Мен кирсем болобу?
- Кое тур, азыр операцияга алып чыгат, - Гүлайым ушинтти да күйөөсүн абайлап карап туруп, - Эмне болгон сага, кийимиңдин баары чаң, моюндарыңа чейин боппоз болуп калыптыр, - деди.
- Мени эле аңдый бересиң, мүрзөгө бардым, - деп байкабай айтып ийгенин өзү билбей калды.
- Аякка эмнеге барасың? - Гүлайым күйөөсүнүн сөзүнө таңгала айтты, - Биякта иниң ооруп оор акыбалда жатса мүрзөгө бардым дегениң кантип болсун, - дегени менен: "Байкушум десе, Шумкардын мүрзөсүнө барып жаткан го, андан жардам сурап барган го шордуу, анда кайдагы күч, жардам бере турган болсо кана, акылынан айныган жокпу бул", - деп ойлонуп телмирип отурганда Алымбекти түртүп каталка менен чыгып калды.
- Алым, Алым иним, бир боорум кандай акыбал, - деп Садыр үйрүлүп үстүнө түшүп жүзүнөн өөп врачка кайрылды, - Операция жакшы өтөбү, деги жакшы болуп кетеби?
- Аракет кылабыз, бизди кармабаңыз.
- Операциясыз болбойт, кечигип калабыз.
- Аке, сиз кол коюп коюңуз, уруксат кагазына, - деди Калыс.
- Жо-ок, мен инимди мындайга түртө албайм, жооп да бербейм, операциядан толук ишеним болсо кол коем.
- Тууган, оорулуунун абалы оор, акыйлашканда болбойт, аялы менен баласы кол коюп койгон, кармабаңыз бизди, - деп врач айтканда Садыр жинденип кетти.
- Менин бир тууганым, мен уруксат бермейинче эч нерсе кыла албайсыңар, - деп бакырып Калыска карады, - Калыс, мени тоготкон жоксуңарбы, же силер өлсө мейли деп кол койдуңарбы?
- Аке, сизди күттүк, Алымбектин абалы оор, врачтар тезинен операция жасаш керек дейт, анан эмне кылышыбыз керек эле?
- Ава, сиз деле кол коюп коюңуз, атам жакшы болуп кетсе болду, - деп Айбек жанына келди, - Биз атамды сакайып кетсин деп ойлоп макул болдук.
- Силер кол кое бергиле, мен бир тууганымды кайдыгерликке кыя албайм! - деди да Садыр каталканы кое берип сыртты көздөй чыгып кетти, врач Калыска карады.
- Эмне кылабыз?
- Билбейм.
- Бизге сакайып кетсе болду, аманчылыгын тилейли, кечиктирбей жасай бергиле, - деди Гүлайым, - Ал дагы күйүп бышып жатпайбы, түшүнөт да.
- Ооба, жасай бериңиздер, - деди Калыс. Алымбекти операция бөлмөсүнө алып кирип кетти, ошол бойдон көрбөй калаарын эч кимиси сезген жок, бир гана Садыр баарын билип эмне кылаарын билбей алдастап сыртта аркы-терки басып жүрдү.
Жаны жай албай басып жүрүп Айдайдын арбагы менен урушуп жатты: "Каргыш алсын сени, сага жолуккан күнү балээге кабылган экенмин да, ушундан көрө мени өзүңө тартсаң боло, менин күнөөм үчүн башкалар жабыр тартканына чыдай албайм, сага мен керекмин, бу бей күнөө адамдардын убалын мага жүктөгүң келип жатабы, кана бар болсоң мени бул жерден жоготуп ийчи, жамандыкты көзүм көрбөй жерге кирип кетсем кана, каргыш урсун сени Айдай, сени мен өлтүргөнмүн, жазыгы жокторду эмне кыйнайсың" , - деп башын мыкчып отургучка отуруп калды, Гүлайым, Калыс менен Айбек болуп анын жанына келип үнсүз отуруп калышты.
- Кудай жакшы, - деди акырын сүйлөп Гүлайым, - Убайымданбай тилек кыл, бала сакайып кетсин, операция жакшы бүтсө эле болду.
- Жүрөгүм дегени менен жакшы эле жүрбөдү беле?
- Ооруп жүрчү, ичкилик ичпе деген врач, кубанганына чыдабай коньяктан дагы арактан дагы ичип койгон, дароо эле кармап калды, - деп Калыс күнөөлүүдөй унчукту, ошол убакта ары жактан Салтанат көрүндү, ал угуп келе жаткан эле.
- Жакшысыздарбы, куданын акыбалы жакшыбы? - деп баарына учурашып отура кетти.
- Операцияга кирди, - деди Калыс.
- Жакшы болуп кетсин, алла жар болсун.
- Айтканың келсин кудагый.
- Кол бошобойт, убактым жок, келе албагыныма кечирим сурайм куда-кудагыйлар шартка жараша болобуз деп кечигип келдим.
- Эчтеке эмес, башкысы Алымбек сакайып кетсе болду.
- Ооба-ооба, кудай жар болсун, - деп ар кайсыны сүйлөшүп отурушканда сестралар ары-бери жүгүрүп калышты, Садыр бир нерсени туйгандай ооруканага кирип операционный бөлмөсүнүн жанына барып туруп калды, чымын куюн болуп кирип-чыгып жаткандардан сураса эч ким жооп бербеди.
- Силер өзү адамсыңарбы, мен силерден сурап жатам, инимдин ал-абалы кандай? - деди бирөөнү карыдан ала.
- Мен билбейм, врач чыгат, али бүтө элек, - деди ак халатчан врач аста гана, - Чынымды айтсам кимди сураганыңызды билбейм, операционныйда үч оорулуу бар, - деп ийин куушурду.
- Байматов Алымбек, алтымыш төртүнчү жылы туулган.
- Азыр билип берем, - деп ары жөнөп кетти, Садырдын көзүнө түшү элестеп инисинен үмүт үзүп ыйлап турганын өзү сзебеди: "Бүттү, бары бүттү, баламды - инимди жоготтум, эми дагы эмне керек, өзүм өлсөм болбойт беле", - деп башын мыкчып отурганда Калыстар кирди, Садырдын ыйлап отурганын көрүп Калыс ары көздөй барып ал дагы ыйлап жатты, арадан үч-төрт сааттан кийин эки врач чыкты эле барып тегеректеп калышты:
- Кандай акыбалы жакшыбы?
- Жакшы өттүбү опеарция?
- Айтпайсызбы, атамдын акыбалы кандай? - деп врач унчукпай турганда Айбек аны жулкулдатып ийди, - Атам жакшыбы дейм? - дегенде врач башын чайкап:
- Аракет кылдык, бирок болбоду, - деди эле Садыр жакадан алды:
- Мен сага эскерткемин, колуңдан келбесе жасаба деп, жакшынакай адамды өлтүрдүңөр, жоопко тартыласыңар! - Муунта баштаганда врач, медсестралар зорго ажыратышты, Айбек бакырып Калыс экөө операция бөлмөсүнө киргенде баары кирип барышты, бирок аларды чыгарып коюшту. Ошол күнү түш оой Алымбектин сөөгүн алып келип ыйлап-сыктап үчүнчү күнү жерге беришти. Садырдын үнү басылбай ыйлай берип үнү чыкпай калды, эч нерсе ичпеди, ачкадан өлгүсү келип наар сызбай отура берди, Алымбекти койгон түнү боз үйдүн сыртында отурган, кыңкайып жаткысы жок, отурган жеринде өлгүсү бар, бирок ага ойлонуп отурганда Айбек келди.
- Ава, тамак ичип алыңыз.
- Жок балам, жүрөгүмө барбай турат.
- Эчтеке ичпесеңиз ооруп каласыз, атамдан айрылып калдык, эми биздин маңдайыбызга сиз бар болуңуз, жүрүңүз тамак ичиңиз.
- Балам ай, бир боорумдан айрылып кантип жашайм, - Айбекти кучактап боздоп ийди, - Бир боорум, уялашымдан айрылып калдым го?!
- Мен атамдан айрылдым, сиз биз үчүн жашаңыз ава.
- Болуптур садагам, ачка отуруп өлсө өлөйүн дедим эле, - Садыр Айбек менен ичке кирди. Көз алдында уулу менен иниси, алардын артында Айдайдын элеси, өзүн жек көрүп кетти: "Мен шайтанга азгырылдым, жаңылып-жаздым, көтөрбөскө чарам жок", - деп ойлонуп бирдеме жеген болду, жакшылап жүрөгүнө барбалы. Кайра чыгып ордуна отуруп алды.
- Үйгө кирип жатсаң боло, - деп Гүлайым жанына келди.
- Жата бер, анан кирип жатам.
- Күн суук болуп турат, ооруп калба.
- Оорубайм.
- Макул, - деп кирип кетти, отурган жеринде үргүлөп кеткен экен: "Кандай Садыр, өлүм сыздатат бекен, менин ата-энем, бир туугандарым дагы сыздап калды, сен алардын бөксөргөн аягын толтуруп, чөккөн көңүлүн толтуруп бере албайсың, ошондуктан жазаңды ал", - деп көздөн кайым болду, көзүн ачып өйдө болду: "Ооба, жазамды алдым, эми кечирээрсиң, мындан ары көзүмдөн????? ??????
?????????????
Айдай", - деп чөгөөлөп алып солкулдап жатты, көптөн кийин үйгө кирип кыңкайды. Кыркы өткөнчө барып келип куран окуп, инисинин үйүндө болуп турду, бир күнү кеч келди, абдан кызуу, Гүлайым аны чечинтип ордуна жаткырып коюп ойлонуп отурган бойдон креслосунда: "Кызык, өлгөн өлүп артында калгандарга жашоо керек экен, баламдан айрылганда бул дүнүйө мага көрксүз, кунарсыз сезилип өмүрдөн кечким келип жүрдү эле, эми баары өз ордуна келип Шумкарымды ойлогондо гана ичим тыз дей түшүп ачышканы болбосо тирүүлүк менен алыша баштадым, Садырдын жанына жата элегиме эки жылдан ашыптыр, эрди-катын болгонубуз менен ортобуздагы байланыштырган нерсе бар тура, эмнеге ал мени көргүсү келбейт, мурун мындай эмес эле го, мүмкүн бул бир башкага ашык болуп калып балдардан тартынып айта албай же кете албай жүрбөсүн, Алымбек ооруп жатканда бир түнү жоголуп кайра келди, баарынан дагы буга башка нерсе маанилүүдүр" , - деп ойлонуп отуруп көзү илинип кетти, ойгонсо таң атып калыптыр. Садыр ордунда жок: "Кайда кетип калды таң атпай", - деп уйкусурай керилип алып сыртка чыкса Аида эбак туруп кийинип жумушка кетүүгө даяр болуп туруптур. Нургел али уктап жаткан болсо керек. Аиданы базарга чыгарып коюшкан: "Байкушум буга да кыйын болду, же кетем деп айта албайт, кет деп айтуу менин колумдан келбейт, бул кеткен күнү биз Шумкардан биротоло ажырап, жаңы гана жоготкондой болобуз го", - деп оор улутуна, үшкүрүп да алды:
- Апа, Нургел уктап жатат, мен базарга бара берейинби?
- Бара бер балам, соодаңдан калба.
- Макул анда, - Аида дарбазадан чыгып кетти. Гүлайым кайра үйгө кирсе Нургел ойгонуп бетин ушалап отуруптур.
- Каралдым го менин, кара жаным го ушул, ойгондуңбу балам? - деп көтөрүп ала койду.
- Апа, апа нан, - деп чулдурады эки жашар Нургелди.
- Нан жегениңден айланайын десе, кардың ачкан го уулум, сен отуруп тур, азыр чай берем, - Гүлайым небересин отургузуп чай даярдады. Кардын тойгузуп, үйүн жыйнамак болгондо Кумар менен Умар катар сабакка кетмек болуп даярданып жаткан, - Ботом эчтеке ичпей эле кетесиңерби, ооруп калып жүрбөгүлө, чай даяр ичип алгыла, - деп экөөнө эки чыны чай куюп суутуп даярдады.
- Кечигип калабыз, - деди Кумар.
- Мектеп жакын, эмеле жетесиңер, эрте туруп көнбөйсүңөрбү анан, уктап жата бербей.
- Ойготуп койбойсуңарбы анан.
- Атам кайда кеткен?
- Атаң жумуштары менен кетсе керек.
- Эмне жумушу бар апа, азыр бош го?
- Билбейм балам, же акеңдикине эртелеп куран окутканы кеткендир.
- Мейли, кеттик анда, - Экөө эгиз козудай ээрчише үйдөн чыкты, алар кетээри менен Даткайым келди, бир баласын ээрчитип алган.
- Кандай апа, жакшы турасыңарбы? - Гүлайым менен өбүшүп, басып жүргөн Нургелдини жерден ала коюп эки бетинен өптү, - Чоңоюп калган тура.
- Ээ кызым, өлбөгөн жанга күн өтө берет тура, - Гүлайым кызы менен учурашып муңайып койду.
- Апа, кейибеңизчи, ыйлап-сыктап бир жарым жылдан бери кана тапканыңыз, ал дагы болсо пешенесине жазылган, ошо жашты кудай талаа буйруган апа, - деп Даткайым апасын жооткоткону менен агасынын баласын көрүп өзү деле бошоп турган, апасын көрүп өзүн чыйралтты.
- Кантейин, эми силер аман болгула…
- Апа, акыбалыңарды билип келейин деп эле келгем, Алым акеме да куран окута кетейин, атам кайда?
- Атаңдын кайда кеткенин билбейм, кийинки убактарда анын жүргөнү табышмак, эмне кылып жүргөнү белгисиз.
- Эмнеге апа? - Даткайым апасын элээ карады.
- Өзүм дагы билбейм, - Ээрчише үйгө кирип чай ичип отурушту.
- Апа, Канайымдар келип жатабы?
- Акең өлгөндө келип кетишкен, кыркында келген жок, алыс жер алыс да кызым, күйөөсүнүн иши дагы кыйын экен, жоопкерчиликтүү болсо чыга албайт да.
- Төрөй турган болуп калды эле, бир кабар алсак жакшы болмок эч кимиси жоктой кылбай, кечээ түшүмө кирип жатыптыр, - дегенде эшиктен бир коңшусу кирди.
- Кел-кел Орунбү, тынчылыкпы? - Гүлайым аны карап таңгала туруп калды, - Жөн жай элеби?
- Жөн жай эле, - деп Орунбү көчүк басмак болгондо анын артынан эки-үч коңшусу кирип келишти.
- Айланайындар, соо келген жоксуңар, эмне болду? - Гүлайым ордунан тура калды, Даткайым дагы элеңдей карап туруп калганда Гүлайымды бирөө кармай калып:
- Гүлайым кайрат кыл, Канайымдан айрылып калдык, - дегенде Даткайым менен Гүлайым үй ичин толтура чаңырып ийип экөө эки жерде жыгылып калганда аялдар коркуп кетип экөөнү төшөккө жаткырып, бетине суу чачып эс алдырып жатты:
- Курган байкуш ай, эми эмне болот кокуй.
- Ошону айтпайсыңбы, ушу балдарым деп байкуш Гүлайым адеми кийим кийген жок эле.
- Ошону айтсаң, эми ыраатын көрөөрдө, - деп шыпшынып жатканда Кумар келип ал бир жерде ыйлап жатты, Умар дагы келди, боздоп какшаган Гүлайым ошентип балдарын жиберип Аиданы алдырды да баласы менен аны калтырып эки уулу менен Даткайым Садыр болуп ошол эле күнү Ыссык-Көлдү көздөй жөнөштү. Ошентип Садырдын беш баласынын үчөө калды, кырсыкпы же пешенеге жазылган жазуубу Канайым төрөттөн каза болду, төрөгөн баласы өлүк түштү, ошондо Садыр жинди болуп кете жаздады, үйүнө келгенден кийин батага келгендерден бошой албай көп күн өтүп кетти, Гүлайымдын көзү ачылбай жүзүн жаш жууп ботодой боздогонун көргөн сайын жаны жай албайт, кылаар айласы эле жок, акыры ойлонуп туруп бир көзү ачыкка барды, андан молдого барып дем салдырды да ички сырын айтып кеңешмек болду, болгону өз колу менен өлтүргөнүн жашырып койду.
- Арбакты нааразы кылгансың, - деди молдо, - Сен куран түшүртүп алдын албасаң бүт өмүрүңдү селге кетирет.
- Кантип алдын алам аксакал?
- Чоң бодо союп куран окут, үйүңдөн алыс сойдур, өзүң окуп кечирим сура дагы артыңды карабай кет, ошондо болбосо андан кийинкисин билбейм.
- Ага дагы токтобошу мүмкүнбү?
- Ооба, арбактын көзүндө сенин элесиң калган, ал сени кечирбей коюусу мүмкүн, мүрзөсүнө барып куран окудуңбу?
- Ооба, окуп келгемин.
- Мынчалык арбакка шек келтиргендей кандай ишиң бар балам, көз гана түшүп жатат, ал көз сенин түбүңө жетчүдөй.
- Жалгыз менин түбүмө жетсе мейли эле, балдарым аман калса болду, - Садыр башын жерге салып мүңкүрөй түштү.
- Сен мазарга бар, бала-чакаң менен бар, ошол жерге тилек кылып мойнуңа куруңду салып түнү бою тизээлей отуруп зикир чал, кечиришин сура, - деди молдо. Садыр үйүнө келсе Гүлайым ооруп баш көтөрө албай жаткан экен, коркуп кетти.

#16 14 January 2016 - 19:58
Эмне болду Гүлайым, табың айнып жатабы?
- Садыр, мени кайгы мөгдүрөттү, мен өлбөйм коркпо, балдарымдан калып эми өлмөк белем? - деди үнү каргылдана.
- Антпе Гүлайым, уучубуз куруу эмес, ыйлаганды коюп үчөөнүн аманчылыгын тилейли, ый ыйды чакырат дешет го, мен күйбөй турат дейсиңби, ичиме от кирип кеткендей түтөп турам, - Садыр оор күрсүнүп терең дем алып алды, - Сени менен кеңешейин дедим эле.
- Эмнени, мени менен кеңешчү сөзүң бары ыраспы? - Гүлайым башын көтөрө күйөөсүн карады.
- Ал эмнең Гүлайым, менин кеңешчим дагы, өмүр шеригим, үйүмдүн куту дагы сенсиң, сенсиз мен эмне кыла алам? - Салбырай күнөөлүүдөй унчукту.
- Садыр, - Гүлайым көпкө унчукпай калып кайра сөзүн улады, - Экөөбүз эрди-катын болгонубузга отуз жылга жакын болуп калды, ошонун эки жылын биз таптакыр чоочун адамдардай жашап келе жатабыз.
- Кантип, бул эмне дегениң Гүлайым?
- Сен ошентип өзүң менен өзүң болгондон бери бизди кырсык басты, чырактай уулубуздан, айым-күнүм деп өстүргөн кызыбыздан, бир тууган иниңден айрылдык, сенин түрүң бузук, эмне болгонун так-даана билбесем да сенин кебетеңди көрүп таңгалып жүрөм.
- Гүлайым, сен жаман ойлобо, мен эч нерсе болгон жокмун.
- Жо-ок, сенин пейилиң бурулуп ак никебизди бузган түрүң бар, арамдык жакпагандан улам жазаланып, бизге кесепетиң тийип жатабы дейм Садыр, - деди Гүлайым ага жүзүн бура, - Сенде бир сыр бар.
- Эмне деп эле жатасың Гүлайым? - Садыр ордунан тура калды, бир жерге тура албай ары-бери чабалактай басты, ошол убакта аны бирөө түртүп ийгендей ыргып барып дубалга чабыла түштү.
- Садыр, сен эмне болуп турасың? - Гүлайым тура калды.
- Эчтеке, - Садыр тура калып башын сыйпалап туруп Гүлайымга тигилди, - Гүлайым, мен сүйлөйүн токтой турчу.
- Макул, сүйлөй бер, - деген Гүлайым күйөөсүн эми көрүп тургандай карап, көз алдында учуп барып дубалга чабылганын көргөнгө таңгалып кулак салып көз айрыбай карап калды.
- Гүлайым, бир кара малды элге тараткыла дейт, былтыркы торпокту алып келип элге тараталы.
- Эмнеге?
- Бизди кырсык басып жатат, балдарыбыз үчүн садага беришибиз керек.
- Садыр, балдарым үчүн кара жанымды да аябас элем…
- Анда эртең буканы алып келейин, чоңураагын эле тараталы.
- Өзүң бил, - деп Гүлайым дагы эле бир нерсеге түшүнө албай турду: "Бул эмне болгон, учуп кеткени эмнеси, бул бир балээге кабылган эмеспи", - деп ойлоно берди. Эртеси бейшемби күн эле, буканы алып барып айылдын четине он чакты киши болуп куран окуп туруп союп жатканда кайдан-жайдандыр катуу куюн келип союлган эттин үстүнө чаң уюлгуп тип-тике болуп учуп асманга жетип турду да заматта жок болду, жанындагы кишилер этти алгандан баш тартып үй-үйүнө тарады. Садыр үйүнө баса берген, артынан келген коңшусу аны чакырып алды да:
- Садыр, буканын эти талаада калды, - деди болгонун айтып, - Куюндун мынчалык күчтүү болоорун билген эмесмин, эттин карайып кеткенине таңгалдык, бул түлөөң кабыл болгон жок, таңгалыштуу, - деп башын чайкады.
- Ошондой де, анда эмне кылыш керек?

#17 14 January 2016 - 20:01
- Билбейм, аягын өзүң чеч, - деп коңшусу үйүнө кайтты.
- Ал эмнеси Садыр, биздин кайсы күнөөбүз үчүн түлөөбүз кабыл болбоду? - деп Гүлайым күйөөсүн корккондой карады.
- Кайдан билем, - Садыр аялын кароого дити барбай жер карап үңкүйдү.
- Оо кудай, эмне деген табышмагың эле, балдарым аман болсо экен.
- Гүлайым, башка жакка көчүп кетсек кантет?
- Кудайдан качып кайда барабыз Садыр, кайда барсаң мамайдын гөрү дегенди уктуң беле?
- Орун которсокпу дегеним да.
- Кай жер болбосун баары бир, андан көрө үйгө эле дагы бир түлөө өткөрөлү, мазарга сыйыналы, кудайдан тилек кылалы…
- Ошентсе ошентели, - деп Садырдын айласы куруп турду. Даткайымды чакырып келип үч баласына өпкө чаап түлөө өткөрүштү, элден бата алып тилек кылышты, бирок эч нерсе өзгөргөн жок, ошондон бир-эки жума өткөндөн соң бир аз тынчып калган Садыр тынч уктап жаткан, түн бир оокумда бир дабыштан улам ойгонуп кетсе аялынын аягында тааныш караан отуруптур, Гүлайым эч нерседен капарсыз уктап жаткан: "Эмки кезек аялыңдыкы, - деди тааныш үн, - Сен менден кутула албайсың" ,
- Жогол, жогол деп жатам! - деп бир нерсе издеп чапканга аракет кылды эле денеси таш бастырып койгондой оорлошуп кыймылга келбеди, үнүн бийик чыгарып кыйкырганга Гүлайым ойгонуп кетти.
- Эмне болду? - Баш көтөрө суроолуу карады.
- Эчтеке, - Садыр терс бурулуп жатып алды.
- Садыр, - деди уйкусу ачыла түшкөн Гүлайым.
- Ийи.
- Сенин бир сырың бар, мага эмнеге карабай калдың?
- Эмне? - Садыр чоочуп кетти, - Эмне дедиң?
- Эки жыл болуп баратат, мен деле адаммын да, сен менден качкандай болуп калдың, же бир менден жакшысын таап басып кете албай кыйналып жүрөсүңбү? - Гүлайым көптөн берки жүрөк өйүгөн суроосун берди.
- Койсоңчу байбиче, менде андай ой жок, Шумкар менен Канайымды ойлосом жанымды коеор жер таппай кетчү болдум…
- Мени ойлобойт дейсиңби, сенден көбүрөөк ойлоном, анткени энемин, сенин бул кыялың андан мурун башталган, ошондон бери мени карайын деген оюң жок…
- Кой байбиче, ушунча жыл бирге жашадык, жаман жакшы айтышпадык, балдарды өстүрдүк уул-үйлөп, кыз бердик, сени эч кимге алмаштырганым жок, - дегенде аяк жагына оор бир нерсе менен чапкандай бакырып жиберди.
- Эмне болуп кетти?
- Билбейм, бутумдун тарамышы катуу ооруп кетти, - деди да кулагына угулган дабышты тыңшап калды: "Чындыкты айт, болбосо баарынан айрыласың, калп айтканыңдан сени жек көрөм", - деген сөз кулагына угулуп турду.
- Оорубай калдыбы?
- Ооба-ооба…
- Садыр, сенден түңүлүп баратам.
- Эмнеге, иий бутум, а-ай бутум, а-ай! - деп бакырып отура калды.
- Капырай эмне болду? - Гүлайым дагы туруп отурду, - Ооручу эмес эле го?
- Бүгүн эле, азыр эле…
- Сууктап ооруп жаткан окшойт?
- Ким билет?
- Жат эми.
- Азыр, - деп эки жагын элеңдей карап чалкасынан жатып калды.
- Ушу сен соо эмессиң.
- Кайдагыны айта бербечи, - Жактыра бербеди, чындыкты айтуу ал үчүн өлүм болуп турду: "Айт чындыкты, болбосо аялыңдан айрыласың, эмнеге калп айтасың, мени карыз дегениңди кантип кечирем, сенин күнөөң көп", - деп дагы бутка чаптыбы, урдубу бакырып жиберди. Ошондо Гүлайым чыдай албай кетти, туруп жарыкты күйгүзүп төшөктү ачып бутун сыйпалап көрдү, шыйрагына келтек тийгендей көгөрүп чыгыптыр:
- Ой сенин бутуңа бирдеме тийген го, уруп алдың беле?
- Ооба, - деп койду, эмне деп айтаарын билбеди.
- Качан уруп алдың, шишип бараткан го?
- Ооруп жатат тийбечи, - деди Садыр сиркеси суу көтөрбөй, экөө күңкүлдөшүп жатып таң атырды, эртең менен бир нерсе сыйпамак болуп күйөөсүнө боор ооруган Гүлайым мазь алып:
- Келе бутуңду, маздан сыйпап коеюн, дарыканага барганча, - деп бутун ачып көрүп көзү чакырайып кетти, - Ой, эчтеке жок го?
- Эмне болуптур? - Садыр өзү дагы таңгалды.
- Түндө көк-мөк болуп турбады беле?
- Мен кайдан билем? - деп бутун тартып алды. Эртең мененки чайларын ичкенден кийин Садыр эч кимге айтпай жолго чыкты: "Ушу кеткен боюнча келбей калсам кана, үй-бүлөөмдүн азап тартканын көрүп турганча өлгөнүм артык, болгон сырым өзүм менен кетсин", - деген ойдо таксиге отуруп Айдайдын мүрзөсүнө баратты. Ал түшкө жакын жетти, келме келтирип алды, анан алыстан көрүстөндү карап туруп: "Мени кабыл ала көр жараткан, кылган күнөөм ушул жактан дайынсыз калсын", - деп ылдамдай басып баратканда ачуу чаңырык чыкты, кыштын алгачкы күндөрү болгондуктан кыламыктап кар жаап, бет алдыдан ызгаар суук келип турду. Эки жагын караса эч ким жок, бир кезде башын кармап жер карап туруп калып көздөрү чакчайып кетти, кыламык кардын үстүндө жылаңайлак издер өзүн айлана түшүп калыптыр:
- Кечир мени, кечир Айдай, мен сенден кечирим сурап келдим кечир! - деп кыламык үстүнө тизээлей калып куран окуп бата кылды, анан өйдө болуп көрүстөндү көздөй жөнөдү, ошол кезде анын алды жагында жылаңайлак из баратты, өлүмгө да даяр болуп турган Садыр эч нерседен коркпой улам келме айтып коюп кете берди, из улам алды жагында карааны көрүнбөй кадимки киши басып бараткандай түшүп жатты…

#18 14 January 2016 - 20:04
Көрүстөнгө жетип Айдайдын мүрзөсүнө жакындаганда изден көзүн албай бараткан Садыр мүрзөгө жетип эстеликтин түбүнө отуруп алып көзүнүн жашын төгүп: "Кечир мени жараткан, колум менен кылганымды өз мойнум менен тартууга даярмын, балдарыма тийбе, ошол эки балам үчүн ыраазымын, эки уулум менен бир кызымдын жанын аман кой, өзүмдү ал, күнөөм үчүн даярмын",
- деди күңгүрөнө, анан отуруп куран окуп кирди, көзүн жумуп алган, бата кылып көзүн ачса мүрзөнүн үстүнө киши отургандай кар үстүндө белги турат, жүрөгү болк этип алып дагы окуду куранды, кайра-кайра куран окуп жатып күүгүм кирип кеткенин да байкабады: "Айдай кечир, бар күнөөм үчүн жооп берейин, менин жанымды ал, балдарымды аман калтыр, кечир мени", - деп көз жашын аарчый көпкө тунжурап отурду. Эч шоокум же дабыш билинбеди, отурган жеринен козголбоду,
моло таштай соксоюп отура берип бир кезде уктап кетти, ошондо бир сакалы жайкалган абышка көрүндү: "Балам, сенин бул жакка келээр убактың боло элек, жаныңды кыйнагандан эч пайда жок, үйүңө кайт, сен күнөөлөрүңдөн арылуу үчүн өз үйүңдөн кет, ошондо гана үй-бүлөөң аман калат, сенин залалыңдан алар жабыркашы мүмкүн, аялың дагы бир аллада, барып көр да, дайныңды билгизбей кет, кийим-кечең дагы калбасын"
, - деп көздөн кайым болду, эми эле көзү илингендей болгон, таң атып калыптыр. Эки жагын карап кабырдын үстүнө көз жүгүртсө кечээги изден дайын жок, буттары зыңгырап уюп калган экен зорго турду, үшүгөнү дагы билинбейт, башын шылкыйта көрүстөндөн узап баратканда анын алдынан эки-үч адам чыкты, алар кечээ жакында өлгөн адамдын жакындары эле. Садыр үйүнө келсе аялы эчтеке билбей жатыптыр:
- Гүлайым, акыбалың кандай? - деди отура калып.
- Жакшы, - Гүлайым шыбырап жооп кылды, оозу зорго эле кыбырады, - Садыр, мен дагы кетем го, балдарга көз сал, жакшылап кара.
- Эмне деп жатасың Гүлайым, жакшылыкта сүйлөчү.
- Түндө түшүмдө Шумкар кирип жатыптыр, - Гүлайым жылмайган болду, - Садагаң кетейин десе, баягысындай эле мени келип кучактап алып жүрү апа, мен сага кызык көрсөтөм, деп колтуктап кетип жатат, - Үшкүрүп алды, - Ал дүйнө ошондой эле адамдар үчүн жайлуу болсо баламдын жанында болгонум жакшы го…
- Кайдагыны айтпачы Гүлайым, баламдын тиги дүйнөсүн берсин, жаны жаннатта болсун, сен сакайып кетесиң, эртең ооруканага алып барып көрсөтөм, сакайып кеткенди ойло байбиче, - деп колдорун кармап көзүнөн жаш чыгара көпкө үнсүз отурду, - Эртең ооруканага баралы ээ?
- Бүгүнкү түндөн чыксам…
- Андай дебечи байбиче.
- Чын дүйнөгө көчкөндөн качпайм Садыр, аякта ата-энем, бир тууганым, уул-кызым бар, мени тосуп алышат.
- ?...
- Садыр, угуп жатасыңбы?
- Ооба, угуп жатам, ашыкча сүйлөбөсөң болмок, Кумар менен Умар, Даткайым кантет сенсиз, мен сендей боло аламбы?
- Сен аларга камкор бол атасы, - дегенде Садырдын көз алдына ак сакал карыянын айтканы угулду: "Сен алардан кет, сенин күнөөңдүн залалын алар тартышпасын" , - дегени жаңырганда: "Мен сөзсүз кетишим керек, мен кетсем эле Гүлайым сакайып кетээр", - деп ойлонуп ордунан шарт турганда аны бир күч түртүп жиберди эле эмелеги ордуна отуруп калды: "Сен дагы эле кетпепсиң го, канткенде сенден кутулам", - деп ойлонуп турганда: "Сен аялың өлгөндөн кийин кетесиң", - деген үн угулганда:
- Жо-ок, мен сени жек көрө-өм, жек көрөм сени, керекпи мени ал! - деп жинди болгон эмедей босогону карап бакырып жиберди.
- Садыр, сага эмне болду?
- Эчтеке, - деп күңк этип койду.
- Мени жек көрсөң эбак кетип калсаң болмок, - деди Гүлайым муңайым үнүн дирилдете, - Сенин ушунтээриңди билгемин…
- Гүлайым, сени айтканым жок, - деп аргасы кете шашып калды.
- Кимди, менден башка кимди айтып жатасың Садыр? - Садырды суроолуу карады, - Айтчы кимди айттың?
- Гүлайым, көп эле кыйнала бербечи, - деп туруп босогого барды, сактанып акырын эшикти ачты, Кумар кирип келе жатыптыр, - Келдиңби балам?
- Ооба ата, апам кандай?
- Өзүң кирип көр, - деп чыгып кетти, ал кийимдеринин баарын чогултту, анан керектүүсүн бир баштыкка салып, калганын күүгүм кире сарайдын арт жагына алып барып өрттөп ийди, ошол убакта өрттүн ичинен соймоңдогон жалын өйдө көтөрүлүп кайра жайылып туруп жылаандай ийрелеңдеп келип Садырды чаап өттү, дароо кийимине жармашты эле күйө баштады, бирок төбөдөн кар сампарлап жаап келип жамгыр аралаш төгүп ийип үстүндөгү от өчүп калды: "Менин жазам деги кандай, өлүмгө кыйбады, тирүүлөй жазалануум керек беле, неге акмакчылыкка бардым экен, мындайды билсем кыл баспас элем го", - деп артына кайрыла бергенде Умар кыйкырып калды:
- Ата, апам сизди чакырып жатат!
- Баратам балам, - Шашылып кирип келсе Гүлайымдын көзү чакчая дем ала албай муунткандай болуп жатыптыр, - Гүлайым, Гүлайым эсиңе келчи, - деп колдорун кармап, жаакка чапкылаганда кыңылдай көзүн ачты:
- Садыр… Садыр сен балдарга көз бол!
- Антпе Гүлайым, - Садыр ыйлап ийди.
- Баары, - Онтоп алды, - Баары сен үчүн экенин билем, мени муунтуп жатат.
- Гүлайым, эмне дейсиң, ал ким?
- Мен сени күнөөлөбөйм, - деди да дымы чыкпай калды, ошентип үзүлүп кетти, балдары ызы-чуу болуп калганда айыл коңшулар аяк-бияктан чогулуп келип калышты: "Өлгөндүн жазасы көмгөн", - дегендей аны дагы жерге беришти.
Кызынын кыркына жетпей Гүлайымдын кете бергенине элдин үрөйү учуп ар кимиси ар кандай жоруп жатышты, ал тургай каргышка калган имиш, - деп да жиберишти, көптүн оозун ким тыймак эле, эки аялдын башы кошулса эле Садырдын үй-бүлөөсүн сөз кылып жатышты.
- Капырай, биринин артынан бири кетти, кудай сактай гөр, эми калганын аман койсо экен.
- Ай, Садырдын бирөөнүн каргышына калганын уктум.
- Кандай каргыш экен ал?
- Такси айдап жүргөндө бир жаш кызды зордуктап коюптур дейт, кыз каргаптыр да.
- Койсоңчу ай, Садыр канча жылдан бери биз менен коңшу, кудуң-шудуңу жок эле жашачу, же көз тийди, байкуш Гүлайым экөөнүн бир жолу да урушуп-талашканын көргөнүм жок, адамдын көзүнө таш жарылат эмеспи.

#20 15 January 2016 - 00:23
- Ким билсин, өткөндө мага бирөө айтты да.
- Көзүң көрбөсө көчүгүңдү бөрү жесин дегендей байкуштарга эле кыйын болду, - дешип үчүлүк-жетилигин өткөрүп жатып казан-аяк кармагандар шыбыр-күбүр болуп тарашты, Кумар менен Умар сыртта боздоп ыйласа, Даткайым апасына сиңдиси менен агасын кошуп боздоп жатты, Садыр эркектер келгенде өкүрүп коет дагы нез болгон эмедей отурат. Теңтуштары менен достору көңүл айтмак болду эле оозуна албады. Ошол түнү Садырдын кайда кеткенин билбей да калышты, эртең менен туруп Айбек менен Кумар жаткан жеринен таппай калды, Даткайым үй-бүлөөсүн таштап эки инисин жалгыздатпай ыйлап-сыктап келип алды. Эки баласы бар, аз өтпөй күйөөсү дагы келип калды. Айбек аерден кетпей кайнагасынын дайынсыз жоголгонуна таңгалып жүрдү: "Кайып болгонду уктум эле, илгери болгон экен, акем кайда кетти, аялынан эки баласынан айрылууга чыдай албай бир жакка кетип калдыбы, кайда барат, эмне болот", - деп ойлонуп башы катып, бир чоң үй-бүлөөдөн үчөө калганын зээни кейип өзүнөн-өзү коркуп жүрдү: "Кудай сактай көр, балдарым аман болсунчу" , - деп ойлонуп алат. Бир күнү Кумар эртең мененки чайга отурганда:
- Мен атамды избесемби? - деди жооп күтүп баарын карап.
- Кайдан издейсиң балам? - Калыс муңая сурады.
- Билбейм, элдин ичинен издейм, жол-жолдон издейм, райондун борборуна барып морктон издейм, аны таппасам болбойт, шаарга кеттиби…
- Мен дагы кошо барайынбы? - деди Умар.
- Сен келген-кеткенге куран окуп тур.
- Каякка кетет, эмнеге айтпай кетет? - деп Умар кабагын бүркөп отуруп калды. Кумар кийинип алып чыгып кетти, Даткайым үнсүз солкулдап ыйлап жатты, көзүнүн жашы көл дайра, күйөөсү эч нерсе дей албай сыртка чыгып кетти, Умар чыгып кетип апасы менен агасынын мүрзөсүнө келип куран окуп эки жагын карады, дайын жок, же бир из түшпөптүр, көпкө ыйлап отуруп анан үйүнө кайтты. Ал келгенде баары күтүп отурушуптур.
- Эмнеге кечиктиң? - деди Даткайым.
- Апамдын мүрзөсүнө бардым… - Эч кимиси үн дебей калышты. Калыс ичи сыйрыла боору ооруп сөз айта албай:
- Суукта үшүдүң го балам, ысык чайдан ичип алчы, - деди кайсактай.
- Үшүгөнүм жок, жымжырт экен, мурда мүрзөдөн коркчумун, бүгүн коркконумду деле билген жокмун.
- Мындан кийин жалгыз барбай жүр, - деди Даткайым.
- Эмнеге, акем менен апамды эстегенде барып турам, Канайым эжем го алыста калды, - деп улутунганда Даткайым ыйлап ийди:
- Өлгөнү өлүп арабыздан кетсе, атама эмне болду, ал бизди дагы өлүп калат деп коркконунан качтыбы, неге бирибизге айтпай, апамдын топурагы сууй электе жоголуп кетет, же илгерки уламыштагыдай кайып болуп кеттиби? - Буркурап жатканда күйөөсү Элдар:
- Датка, койчу эми ыйлай бербей, сени көргөн Умар андан бетер ыйлап жатат, сен аларга кайрат болгондун ордуна минте берсең эмне болушат? - деди акырын.
- Кой садага ыйлаба, апаң жакшы аял эле, Шумкар андан бетер, жакшы адам тиги дүйнөгө керек болот тура, көп ыйлаба, өзүңдүн эки иниңдин өмүрүн тиле, - деп Калыс Даткайымды кучактап сооротуп жатканда Умар:
- Жеңе, сиздин барыңыз дагы кандай жакшы, апамдай болуп бизге мээримиңизди төгүп жатасыз, акем өлбөгөндө эмне, - деди көз жашын аарчый.
- Садага болоюндарым ай, колубуздан келээр иш болсо кана?
- Атам келип калса экен, тирүүнү күткөн жаман тура.
- Балам, ал дагы кайгыга чыдабай басып кетсе керек, силерди көрүп өзүн жаман сезгендир, жыйырма күндөй болуп калды, ойлонуп келип калаар, - деди Калыс.

Супер-Инфо
super.kg
видео