Иши кылса аман болсо болду, - Даткайым улутунуп алды, андан кийин эч кимиси үндөгөн жок, Калыс менен Айбек үйүнө кетти, Алтынайдын боюнда бар болчу, баласы басып калган, апасынын үйүнө барып кээде Асылайды алып келип алат, оор басырыктуу келин болгон. Асылай студент, апасы экөө бирге жашайт, мурункудай жалгыз калганда коркпойт, анткени жигити Урматты чакырып алып комнатасында компьютер менен отура беришет, Салтанат Урматты тааныйт, өзүнүн курбусунун баласы…
Салтанаттын күндөн-күнгө аброю артып, кадыр-баркы көтөрүлүп сыйлагандар,
ресторанга чакыргандар көбөйдү, Болот аялынын урушканына карабай келе берет, Салтанат анын байлыгына кызыгат, анткени шаардын четиндеги айылдардын биринен заңгыраган там алып берди, аялы телефон чалып, урушуп Салтанаттан ачуусун чыгарып болду бейм кийин тынчып эле калды. Болот Салтанаттын ар кайсы чоңдор, депутаттардын кээ бирөөлөрү менен конокто болгонун угуп билип калса кадимкидей кызганат. Кийинки жолу келгенде ачууланганын билдирбеске аракеттенип ага карады да минтти:
- Деги эле артисти аялым дебе дегенге ишенчү эмесмин.
- Муну менен эмне айткың келет?
- Мен сенин артыңдан баарына кайыл болуп жүрсөм сен кайдагы бир чиновниктер менен ресторанда жүрөсүң.
- Кызык, урмат-сыйдан ким качсын? - Жылмайып койду Салтанат, - Анын эмнеси жаман?
- А менчи, мен сени сыйлабаймбы?
- Болот, эгерде күйөөм болсо тартынат элем, бойдок экенимди билишет, кандай шылтоо айтам? - Сынай тигилди.
- Күйөөң болбосом да бардык жактан камсыздагам,
ар убак күткөн адамың бар, - Ачуусун жута араң сүйлөдү.
- Болот, баланын сөзүн сүйлөбөчү ээ, мен күйөөгө көз каранды болбос үчүн бир жолду тандап алгамын, демек мага эч ким жолтоо болушу мүмкүн эмес, - деди силкине, - А чынында азыр тапканым өзүмө жетет, эчтекеге муктаж эмесмин!
- Салтанат, мен үй-бүлөөмдөн чыгып келип сени менен жашайын деп жатпайынбы,
кабыл албайсыңбы мени?
- Эмне, аялың кантип сени бошото койсун, - Ишенкиребей карап калды, - Сынап жатсаң мен мындайга чыдай албайм, кадырымды бир ойношум тебелеп-тепсешине жол бербейм, - деп Салтанат сиркеси суу көтөрбөй кабак түйдү, - Айтарыңды айтып болсоң бара бер!
- Салтанат, анчалык катуу кетпе, мен сенин кадырыңды тебелейин дегеним жок, билсең сени менен калгым келет, - деди аны өзүнө тартып, - Айтчы, менин сөзүмө ишенбейсиңби?
- деди сурдана.
- Ишенгим дагы келбейт.
- Неге, мен чын айтып жатам.
- Оюнду койгонду жакшы билет экенсиң.
- Ыя, кандай оюн?
- Аялың менен ажылдашкым келбейт.
- Аялымды сүйлөбөс кылгам.
- Баягыда эле айткансың.
- Салтанат, сен ушундай аял экенсиң да, адамдын адамын эмес байлыкты көздөйт турбайсыңбы,
мен сенде аялдык жакшы касиет бар бекен деп далай байкадым, көрсө сен байлык менен мансапты эңсеген алсыз, арсыз аялдардын катарына кирет экенсиң, кош бол! - деди да чыгып кетти.
- Билгениңди кылчы, тирүүлүктө бир берилген мүмкүнчүлүктөн кайсы пенде баш тартсын, мага кудайым үн берди, өнөр берди, ошонун арты менен жашасын деди, мен өз мезгилимди өткөрүп ийип өкүнө тургандардан эмесмин, - деп өзүнчө кытмыр жылмайып алды да залга кирип креслого жата кетти. Ошол убакта Асылай менен Урмат келип калды:
- Саламатсызбы эже? - Урмат ызаат кыла учурашты.
- Келе гой, апаң үйдө элеби?
- Жок, апам бир конокко кетти.
- Качан?
- Жана, бир сааттай болду.
- Аа-а, - деп койду да Асылайга кайрылды, - Асылай мен чакырууга саат алтыда кетем, Урмат экөөңөр тамак жасап ичип отура бергиле, - деди да боенчу бөлмөсүнө кирип келди.
- Охо-оо, менин мамам берген приказды сенин апаң дагы берет тура, Асылай сен кандай дейсиң, мен эч качан артистерди көргүм келбейт, а сенчи?
- Мен дагы, эгерде балалуу же кыздуу болсом эч качан артист болууга уруксат бербейм, - деп Асылай күлүп койду.
- Экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыкты, - Урмат жылмая, - Асылай, сенин апаң мага, менин апам сага ишенет, ойлосоң бойго жеткен улан-кызды бир үйгө ээн таштагандары кызык, сен кандай деп ойлойсуң?
- Андан эмне болмок эле?
- Деги да, бойго жеткен улан-кызды…
- Урмат, сен эмнени айтып жатасың?
- Койдум-койдум,
- Урмат күлүп калды, - Жигитиң барбы Асылай?
- Ооба, - Күлүмсүрөй көзүн сүзүп койду.
- Ким, мен тааныймбы?
- Тааныйсың, - Кыткылыктап күлүп кирди.
- Ким, айтсаң эми.
- Айтпайм, айтсам менден качып кетет.
- Эмне угуп коюптурбу?
- Көрүп турат.
- Кана, каерден көрүп турат? - Урмат туруп терезеден сырттагы коюу караңгылыкты карап кайра кайрылып Асылайдын жанына келди, - Эшикте түн, асманда жымыңдаган жылдыздардан башка эч нерсе жок, деги табышмактатпай жөн айтчы.
- Урмат, адегенде өзүңдүн кызың барбы, ошону айтып берчи.
- Менин кызым жок, бирок бирөөнү сыртынан жакшы көрөм, айта албайм, - деди Урмат жер карап ойлуу.
- Ал ким, айтчы Урмат, эгерде сен айтсаң мен дагы айтам.
- Жок Асылай, мен айта албайм.
- Эмнеге?
- Анткени мен аны катуу сүйөм.
- Кызык экен, мен орточу болуп бербейинби?
- Жок, орточусу жок эле…
- Өзүң айтасыңбы?
- Кат жазам, апам мени үйлөнтөм дейт, мен сүйүүмдү жеткире албай кыйналып бүттүм, - деди Асылайга көз кыйыгын кадай.
- Эй, эмитен элеби?
- Эмне экен, жыйырмага чыктым, жалгыз баламын.
- Апаң сени үйлөнтөм десе кыз тапкандыр да.
- Апам жактырган кыз мага жакпайт.
- Анан эмне кылайын дейсиң?
- Мен сүйүүмдү сөзсүз билдирем.
- Сен сүйгөн кыз апаңа жакпасачы, Акылай эжени жакшы билем го?
- Анда таптакыр үйлөнбөйм.
- Эмне үчүн?
- Сүйүүсүз жашоо болмок беле Асылай, бул жашоого бир келсек, сүйбөгөн адам менен өмүр өткөрүүгө кантип болсун? - Урмат Асылайды сырдуу карап, - Сен сүйүүсүз жашайт белең? - деди.
- (2 )
-
- 1
- 2
Өткөн өмүр барактары Айгүл Шаршен кызы
#22 15 January 2016 - 00:35
Эгерде мени жактырган, чын дилинен сүйгөн адам болсо жашашым мүмкүн, - деп Асылай шоктоно күлүп койду да, - Кой кардым ачты, сен отуруп тур, мен тамак жасайын деп ашканага кирди, Урмат кошо чыгып ага жардам бермек болду, Асылай тим койду, экөө тамак жасап ичип анан кино көрүүгө залга өтүштү. Түнкү он эки бирде Салтанат келди, бирок аларга көрүнбөй өз бөлмөсүнө өтүп кетти, ал өтө кызуу болчу, бөлмөсүнө өтүп спальныйга чалкасынан түшүп жатты да уйкуга кирди, Асылай билди, ал апасынын кызуу келгенде ушинтээрин билчү. Урмат кетип ал бөлмөсүнө кирип жатып калды. Эртең менен ойгонгон Салтанат башы ооруп зорго турду да ашканадагы шкафтан адатта турчу ичимдикти алып куюп ичти да кайра бөлмөсүнө кирип күзгүсүнө келип отуруп өзүн-өзү карап көп тигилди: "Мен каалаган максатыма жеттим, кадыр-барк күттүм, дагы эмне жетишпейт, мен өзүмдүн карьерамды гана ойлонуп жашоом жөнүндө ойлогон эмес экенмин да, үй-бүлөө биринчи кезекте болуш керек экен, мен жаңылган окшойм, мансаптуу менен байлардын көңүл кушун көтөрүп үнүмдү созуп ырдап, алардын көз кырында болгонум менен алар менин өзүмдү эмес талантымды сыйлашат, ырымды сүйүшөт, а өзүмдү бир күндүк гана эрмегиндей көрөт, моокумун кандырганды жактырат, мага мындай жашоо жакпай баратканын эми сездим, чоң жаңылган экенмин",
- деп терең дем алып алды. Ошол кезде эшикти кыңкайта ачып Асылай баш бакты:
- Ойгондуңузбу апа?
- Ооба кызым.
- Апа…
- Эмне болду кызым?
- Мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деп жанына келип артынан кучактап күзгүдөн карап апасына эркелей өөп коюп кайра ойлоно түштү, - Апа, кокус мен дагы турмушка чыгып кетсем жалгыз каласыз го? - деди бир нерсени жүрөгү сезгендей.
- Ай тентегим десе, анан эмне дегиң келет, сен турмушка чыгып бактылуу болсоң мен кубанбайынбы? - Башын бура кызын өөп, - Эмне жигит таптыңбы? - деди жылмая.
- Жо-ок, - Асылай кызарып кетти, - Тапканым жок, кокус дегеним да апа.
- Эмне кыл дейсиң анан?
- Сиз жашсыз, атактуусуз…
- Анан?
- Турмушка чыгып албайсызбы.
- Он жинди кыз десе, эми күйөөгө тий дегени турасыңбы?
- Эмне болот эле, жалгыз каласыз го, дайым эле сахнада же тамада болуп жүрө бербейсиз, үйдө болгондо жалгыз каласыз, Алтынай эжем өз үй-бүлөөсү менен, мен өзүмчө кетсем сизге жаман болоор дейм?
- Акылдуум менин, - Салтанат кызын бооруна кысты, көзүнө жаш кылгырды, - Кызым, мен жалгыз калсам дагы силер бактылуу болсоңор болду, эне үчүн балдары бактылуу болсо андан өткөн бакты жок кызым, мен үчүн кам көргөнүңө ыраазымын…
- Мен сизди көп ойлойм апа.

#23 15 January 2016 - 00:36
Садагам менин.
- Апа.
- Айта гой кызым.
- Атам жакшы адамбы?
- Эмне дедиң? - Салтанаттын жүрөгү зырп этип алды: "Ал жакшы адам эле, өз максатым үчүн анын сезимин четке каккамын деп кантип айтам, курган кызым ай, силерге атанын орду башкача болоорун эселек акмак жаным кайдан билдим, ушул суроону жыйырма жылдан кийин берээриңди билсем атаңдын айтканына көнүп жөнөкөй гана аял болуп жашай бермекмин" , - деп ойлонуп калганда Асылай:
- Апа, эмнеге ойлонуп калдың? - деди башын көтөрө, - Атамды сүйгөн жок белең, айтчы апа?
- Койчу балам, - Салтанат терс бурулуп кетти, - Өткөндү эстетпе, анда атаң экөөбүз тең жаш экенбиз…
- Сиз атамды сүйгөн эмес экенсиз, мен түшүндүм, анткени ал жөнүндө сөз баштагыңыз келбейт апа, - деди Асылай дулдуя.
- Макул эми, чай ичели, жуунуп чык, - деп ордунан тура жөнөдү.
- Макул, жок дегенде атам жөнүндө айткыңыз келбеди…
- Атаң жакшы киши болчу, - деди да унчукпай ашканага кирип чай койду, муздаткычтан эт алып тамак жасамак болуп жатып чайды өчүрүп ичимдиктен дагы бир куюп жутуп алып көзүн жумуп көпкө турду. Анын көзүндө өткөн балтыркандай солкулдак кези, Бектур Конокбаевичтин өзүнө жалдырай тигилип карап: "Сакиш, мен партиянын кызматкеримин, эгерде ажырашам десем аялым арызданат, кызматымдан түшөм, аброюм кетет", - деп жалдыраганы эсине түшүп: "Мен ошондо эле жаңылыпмын, үй-бүлөөмдүн алдында кечирилгис күнөө жасаган экенмин, адам жаңылбас үчүн алгачкы кадамды ташташ керек тура, балдардын эртеңкисин ойлоого чамаң келбей арылдаган шамал сымал бир өтүп кетчү өмүрдүн баркын баамдабаган экенмин, көрсө балдарга атанын дагы мээрими керек экен да", - деп ойлуу телмирди. Асылай ваннадан чыгып келип апасын карап бир аз турду да артына бурулду: "Ойлонуп алсын, балким бир чечимге келээр, Алтынай экөөбүз тең ата деген эмне экенин билбей өстүк", - деп чырылдаган телефонго жетти:
- Алло, угуп жатам, ооба-ооба, азыр чакырам, - деди да ашкананы көздөй үн салды, - Апа, телефонго!
- Ким экен ал? - Салтанат кирип келди.
- Билбейм, - Асылай трубканы берип ашкана жакка басты.
- Алло, угуп жатам, ким экен? - дегенде ары жактан тааныш үн угулду:
- Салтанат, мен Болотмун, жолуксак болобу, маанилүү иш боюнча сүйлөшөт элек.
- Айта бер, угайын.
- Телефондон айтчу сөз эмес, баягы жолукчу кафеден күтөм, - деди да трубканы коюп койду.
- Ким апа?
- Күйөрмандардан го…
- Бир жакка барасызбы?
- Ооба, тез эле келем.
- Макул, мен дагы чайды жалгыз ичет экенмин да.
- Капаланба, чай-тамакты чогуу ичип анан барам.
- Ыраспы? - Асылай апасына кубанычтуу күлмүңдөй карап мойнуна асылды, - Апакем менин ырысым!
- Силер менин ырыс бактымсыңар, эгерде бирөө мага карьераң менен бактылуусуңбу же балдарың мененби десе балдарым менен деп айтмакмын.
- А мурда ошенткениңизде биз атабыз менен болмокпуз ээ апа? - деди Асылай апасын мостое карап, эмелеки бактылуу жылмаюунун түрү жок, заматта өзгөрүлө түштү, - Кечирип коюңузчу апа, кийинки кезде мен көрбөгөн атамды көргүм келип, анын кандай адам экенин жакындан билсем деген ойдомун, неге экенин мен өзүм дагы билбейм, - деп ашканага кирип чайды демдеп апасына чай куюп сунду, экөө унчугушпай тамактанышты.
- Мен кеттим, тез эле келем, - деди да Салтанат кийинип чыгып кетти. Асылай үндөбөдү, мелтиреп кашыкты чыныга ургулап отура берди, бир кезде телефон чырылдады эле барып: "Ким болду экен, дагы апамдын поклонниктериби" , - деп көпкө ойлонуп туруп анан трубканы ала койду.
- Алло-о ким бул? - деди көңүлсүз, арытан Урматтын үнү угулду.
- Асылай, үйдөсүңбү азыр?
- Ооба, эмне болду?
- Жолукпайлыбы?
- Ошончо зарылбы?
- Ооба, абдан зарыл, сен капалуусуң го?
- Жок, жөн эле өзүмдүн көңүлүм жок.
- Азыр барам, - деп трубканы коюп койду, Асылай түүт-тү-үт деген трубканын дабышын тыңшагандай ойлуу туруп: "Урмат экөөбүздүн тагдырыбыз окшош, анын дагы апасы өз максатын көздөп баласынын тагдырына кайдыгер караган экен, неге энелер көбүнчө балдарын ойлобой өзүн гана ойлошот, балким карды ток, кийими бүтүн болсо эле баары жайында болот деп ойлойт го, жо-ок энелер, балдарга ата менен эненин мээрими дайыма бирдей керек. Эгерде мага максатым үчүн чоң жол ачылып, турмуш жолумда дагы бурулуш болуп калса мен биринчи өз керт башымдын гана жолун тандамакмын, албетте экинчи ирээт карьерамды" , - деп ойлонуп турганда эшик чыр этти. Асылай жетип эшикти ачып:
- Кел, - деди жол бошото.
- Кандайсың?
- Жакшы, өзүң кандайсың?
- Эң сонун Асылай, менде жакшы кабар бар.
- Кандай кабар?
- Сен экөөбүзгө тиешелүү.
- Кандайча?
- Азыр, өзүмдү колго алып алайын, - Урмат ичкери кирип креслого отурду, - Сен билесиңби? - Асылайга кубанычтуу карады.
- Эмнени?
- Менин апам сени жакшы көрөт экен.
- Анан…
- Анан ошо…
- Эмне, - Асылай кыткылыктап күлүп жиберди, - Жаңылыгың ошолбу?
- Жаманбы?
- Жакшы дечи, подругасынын кызын жакшы көрсө эмне экен?
- Чынында кандайча айтып түшүндүрөрүмдү дагы билбей турам, - Урмат Асылайдын жанына келди, - Апама аябай ыраазымын!
- Албетте, энеге ыраазы болуу керек.
- Таптакыр башкача, сен түшүнчү…
- Эмне дегиң келет, отуруп сүйлөчү Урмат, ансыз дагы башым ооруп турат.
- Болуптур, сүйлөбөй эле койдум, - Урмат отуруп калды.
- Жүрү, тамак ич.
- Кардым ток.
- Эмне таарындыңбы?
- Таарынганым жок, мен кетүүм керек, - деп көңүлсүз ордунан турду.
- Аа-а баса, кызыңа бардыңбы? - Асылай жарк этти.
- Жок, эми кереги жок.
- Эмнеге?
- Ал мени сүйбөйт экен.
- Кантип билдиң, өзү айттыбы?
- Көзүнөн көрдүм.
- Жолуктуң беле?
- Күндө жолугам.

#24 15 January 2016 - 00:37
- Кантип, сен мени менен эле жүрөсүң го? - Асылай Урматтын эмне деп айтаарын билип турса дагы билмексен боло аны демитип сурай берди, - Мен ортомчу болуп берейин десе болбойсуң.
- Асылай жакшы кал, - деп коштошуп чыгып кетти Урмат, ал отурган креслонун четине кат таштап койду, аны Асылай байкаган жок, кайрадан санаага батып жалгыз отуруп калды, анан Алтынайдыкына барып келүүнү ойлонуп кийинип чыгып кетти. Бул кезде Салтанат ресторанда Болот менен сүйлөшүп отурду.
- Сакиш, сен мага ишен, мен аялыма ачык айттым, ал мени түшүндү, ага байлыгымдын жарымын балдарым үчүн фирмамды калтырмак болдум.
- Бирөөнүн көз жашы, көкүрөк дарты бирөөгө бакыт алып келбеси белгилүү Болот, сенин үй-бүлөөңдүн ажырым болушуна себепкер болуп кантип сени менен бактылуумун деп эсептейм?
- Ал эч кандай экөөбүзгө каршылык кылбайт Салтанат.
- Түшүндүм, бирок балдар сени түшүнүшөбү?
- Эмнеге түшүнбөйт, эң сонун түшүнөт, аларды камсыздандырып койдум, мен өз фирмамдын филиалын ачам.
- Билбейм Болот, ойлонуп көрүү керек.
- Макул, сен ойлонуп көр, мен иштеримди бүтүрүп сага чалам, жолугуп турабыз, кел эми мындан алып коелу, биздин ой-тилектерибиз ишке ашышы үчүн! - деп рюмканы өйдө көтөрдү.
- Эмнеси болсо да бири-бирибизге жамандык алып келбей турган бололу, көп ойлонуп анан чечүүбүз керек, эми биз жаш эмеспиз, - Салтанат дагы рюмканы көтөрө алып ийди.
- Мен көп ойлондум.
- Болот, - Салтанат Болотту сын көзү менен күлүмсүрөй тиктеди, - Мен артистмин, эрте кетем, кеч кайтам, конокко чакырса барам, сыйлагандын кулумун кыскасы, сенин жаныңа батып кетпейби…
- Сен мени менен гана барасың, уруксат берсем.
- А мен сага айтууга үлгүрбөй калсамчы?
- Андай болушу мүмкүн эмес.
- Мүмкүн, жашоодо баары болуусу мүмкүн Болотик, - деп күлүп койду.
- Салтанат, сен мени жашооңо киргизгиң келбей жаткан болбо? - Болот кызыктай болуп кетти, - Эгерде үйлөнсөк бири-бирибиздин шартыбызга көнүүбүз шарт, же туура эмеспи?
- Мен үй-бүлөөнүн сырын билбейм, жашымда болсо эч баркын билбепмин, мага болгону максатыма жетүүм керек деген ой болгон.
- Кызык, никелешсек дагы сен өз билгениңдей болуп жүргүң келеби?
- Мен үчүн баары бир.
- Демек мени менен турмуш кургуң келбейт.
- Ошондой.
- Түшүнүктүү, биз качан жолуксак дагы ушундай маанайда бөлүнөбүз, сен бир сөзүңдөн танбайсың, же мен сен үчүн адам эмесминби?
- Болот, урушпачы мени, менин башым айланып калды, үйгө кетейин, - деп Салтанат өйдө болду, - Керек болсо өзүм чалам, жакшы кал.
- Мен жеткирип салайын.
- Кереги жок, такси менен кетем.
- Эл көрөт, өзүм жеткирем, - деп Болот Салтанатты колтуктап ресторандан чыгып унаасына салды да айдап жөнөдү. Алар келгенде Асылай үйдө жок эле, Алтынайдын үйүнө кетип калган.
- Болот, сен кете бер, мен өзүм кирем рахмат, Асылай үйдө, - деп Салтанат эшигине келсе бек экен, сумкасынан өзүнүн ачкычын алды да ачып кирип кетти. Болот бир аз карап туруп: "Эн-неңди, аялдарга бийлик тийбесин, колу айга жетип калгансып сетирейет, өз катынымдан сени артык көрүп барымды чачкан мен акмак", - деп жиндене унаасын катуу айдап жөнөп кетти. Салтанат ичке кирип креслого отуруп алып Болоттун айткан сөздөрүн, өзүнө берген баалуу белектерин ойлонуп кызынын сөзү кулагына угулду: "Апа мен турмушка чыгып кетсем сиз жалгыз каласыз, турмушка чыгып албайсызбы" , - дегени кайра-кайра жаңырып: "Мен Болоттун сунушуна макул болушум керек, чын эле Асылай кетсе жападан жалгыз калам, өзүмдү ойлоого убакыт жетти, ойноп күлдүм, максатыма жеттим, жалгыздык деген азаптан кутулушум керек", - деген ойго такалды. Ошол жерде уктап калган эле, Асылай келип апасынын уктап калганын көрдү да: "Дагы кызуу болсо керек, атак деле адамды өтө жаман жолго алып барат тура, мактоо менен сыйлоонун арты келип эле ушуга алып келсе атактуулуктун кереги эмне", - деп артына бурула бергенде:
- Кызым, - деди Салтанат.
- Эмне болду апа?
- Суу берчи.
- Макул, - Асылай ашканадан суу алып келип берди.

#25 15 January 2016 - 00:39
Ичтиңизби апа?
- Бир аз.
- Ошо бир аз ичкениңиз көбөйүп кетти го апа.
- Эмне кылам, сыйлап жатышса.?????? ?????
??????????
- Сыйласа эле иче бересизби, ичпейм десе болбойбу?
- Кой кызым, мага акыл үйрөткөндү коюп ысык шорпо жасачы.
- Тамак бар, алып келейинби?
- Ысыта бер, ашканага барам.
- Макул, - Асылай чыгып кетти, Салтанат оорлошкон денесин жаза боюн керип кулачын жая эки жака чиренип алып анан өйдө болду, башы ооруп турду: "Болот мени менен жашагысы келсе эмнеге мага ичкилик сунуштайт, же ошончолук эле жакшы көрөбү, мен аны мага үйлөн деп кыйнаган жокмун, өзү ажырашам дейт, чынында канча адамдар менен болдум, бойдоктору деле болду, бири дагы мага үйлөнүүнү сунуштаган эмес, балким Асылайдын айтканы туурадыр, кыз бала бирөөнүн бүлөөсү, акыры бир күнү кетет, жашым улгайганда жападан жалгыз калам, ушундайда бирөөгө баш байлап алганым дурус болоор", - деп ойлонуп турганда, - Апа тамак даяр, - деген Асылайдын үнү угулду.
- Баратам, - деп халатын кийе чыга келди.
- Асика, - деди Салтанат кызына, Асылайды Алтынай экөө, жездеси Айбек дагы ошентип чакырышчу, - Барып бир бөтөлкө алып келе калчы, башым ооруп турат.
- Апа-а, ичпей эле койчу.
- Башым ооруп турат, үйдө түгөнүп калыптыр.
- Макул, эгерде дагы ичсеңиз мен үйдөн кетем.
- Кайда?
- Эжемдикине, - деди да тултуңдай чыгып кетти, Салтанат ойлонуп отуруп калды: "Бул эмнеси, кээде ичем, коноктордо көп болом, сыйлап жатса аздап ичип коем, анын эмнеси бар, көчөдө жүргөнүм жок, бу кыз мага эмнеге кыялын көрсөтүп жатат", - деп ачуусу келип алды, бирок ал Асылайга катуу айта албасын жакшы билет.
- Алып келдиңби? - деди аны көрүп.
- Ооба, дүкөнчүдөн уялдым, сиздей адамдын кызы дүкөндөн арак алып жүрсө ойлошот го, таптакыр берилип кеткен экен деп.
- Ойлой берсин, мен өз доорумду сүрүп жатам, - деди орой Салтанат.
- Өзүңүз билиңиз, - деп Асылай унчукпай тамак куюп алдына коюп кашык жылдырып, стакан алып берди. Ошол убакта телефону чырылдап калды.
- Алчы, ким экен, - деди Салтанат.
- Алло, бул ким экен? - Аа-а Акылай эже сизби, ооба-ооба, апам үйдө, ма-акул айтып коем, - деп трубканы коюп кайра келди, - Акылай эже экен, сизди срочно чакырып жатат, комузун ала келсин деди.
- Азыр барам, сен дагы жалгыз каласың го?
- Мен жаш бала белем, жатып алам.
- Мага капа болбойсуңбу?
- Коюңузчу апа, сизге капа болмок белем.
- Урмат үйдө болсо жөнөтүп жиберейинби?
- Кереги жок.
- Эмне уруштуңарбы?
- Урушканым жок, ал мага телехронитель беле?
- Эмне болмок эле, зерикпей отурасыңар.
- Апа койчу эми, экинчи ошону жөнөтпөй эле койчу, апасы эмне деп ойлойт, кызына жармаштырып жатат дебейби?
- Эмне экен, Акылай экөөбүз кудагый болобуз деп жүрөбүз, - деп жылмая келип кызынын жүзүнөн өөп, чачынан сылады, - Эч капаланба, сени Акылай келин кылып алам деп жүрөт, быйыл күздө буйруса той болот.
- Апа, койсоңчу ушундайыңызды, - Асылай таарына тултуюп калды.
- Койбой эле, буйруса Урмат жаман бала эмес, ошентип мен төрт балалуу болуп калам, Алтынай төрөсө эки неберем болот, уктуңбу кызым, анан чо-оң үй-бүлөө болуп калабыз.
- Кечиктиңиз, барбайсызбы эми.
- Мына кеттим, - Салтанат кийинип күзгүгө каранып алды да сыртка чыкты. Асылай өзүнчө кубанычтуу: "Демек Урмат ошону айтмак болгон экен да, мен аны жактырам, анын деле көңүлү бар, демек мен андан качпайм", - деп жүрөгү элеп-желеп болуп үй ичинде секирип, тегеренип кыңылдап ойноп жатты. Телевизорду коюп видик көрмөк болду, ойлору чачкындап көз алдына үлпөт көйнөк кийип закска барып бактылуу болуп турганы көз алдына, видикте ужас кино болуп жатты, бирок аны көргөн деле жок, бир убакта эшик чырылдаганынан караса Урмат.
- Опять? - деди кыз күлүмсүрөй, - Таарынып кетпедиң беле?
- Апамдар сени коркот деп болбой койбодубу, - Көңүлсүз кирди.
- Барбайм десең болмок, мен коркпойм деле.
- Улуу кишини кантип кайтарам.
- Менин көңүлүм болбосо келмек эмесмин.
- Мен анте албайм, - деп креслого отуруп жатып каттын дале турганын көрдү: "Окуган эмес экен, сумкасына салып коюшум керек", - деп билгизбей отуруп катты чөнтөгүнө салды да киного карады, Асылай аны улам көз кыйыгынан карап коюп телевизор карап отуруп анан ашканага чыгып тамак жасады, үн деген жок, ал ашканада жүргөндө Урмат анын сумкасын таап катты салды да кайра отуруп калды.
- Урмат, тамак ич, - деди Асылай көптөн кийин.
- Кардым ток.
- Макул, өзүң бил, - деди да Асылай өзү тамактанып жатканда Урмат келди…
- Эмне сен дагы мага таарындыңбы?
- Эмнеге таарынмак элем, отур.
- Тамагыңдын даамын көрөлү, - Күлүп карап койду.
- Сынагың келеби?
- Ооба, сендей эрке кыздын колунан кандай тамак жасалаарын көрөйүн, же каршысыңбы?
- Каршылык жок, бирок рецеп менен жасайм.
- Кандай рецеп?
- Ар бир улуттун тамактарынын рецеби бар.
- Сен анда даамдуу жасасаң керек ээ?
- Көрөсүң да, - деп алдына тамак койду, - Жакпай калса ачык айтпай эле кой ээ, уялам.
- Эмнеге, сынды бетке айткан жакшы да.
- Болуптур эми, көп сүйлөбөй ич, - деп күлүп койду Асылай. Экөө тең тамактанып сүйлөбөй тым болуп калышты, көптөн кийин гана Урмат.
- Эй, тамагыңды көпчүлүккө жасабай жүр, уят болосуң, - деди мостое.
- Эмне? - Асылай аны алая карады, - Ошончолук эле жаман бекен?
- Вообще вкусу жок го?
- Койчу? - Асылай алдындагы тамактан кашык менен кайра ууртады, - Сенин даам сезчү органың бузулуп калган жокпу?
- Жо-ок жакшы эле иштейт, - деди жылмая.
- Ичпесең ичпе, - деп Асылай жиндене өзү тамагын ичип кирди. Урмат унчукпай карап туруп каткырып жиберди, - Эмне күлөсүң? - деди Асылай ызалуу.
- Ошентип дагы тамак ичесиңби?
- Эмне болуптур?
- Шашып ичип жатасың го?
- Жиним келгенде ушинтип ичем, - деп кайра ичип кирди.
- Тамашалайм, тамагың абдан таттуу болуптур, тамашаны да көтөрө албайсыңбы Асылай? - деди эле Асылай унчукпай койду, үстөл үстүн жыйнап, идиш-аягын жууп тазалап ирээтке келтирди да бөлмөсүнө кирип кетти, Урмат кайра келип креслого отуруп видик көрүп отуруп алды, Асылай ошол бойдон чыккан жок, Салтанат эртеси келди, Урмат таң ата кетип калган, Асылай уктап жаткан. Сырткы эшик ачылганда туруп карады.
- Али уктап жатасыңбы кызым?
- Катуу уктап калыпмын.
- Урмат кетти беле?
- Уктап жатса керек, - Ээрчише үйгө кирсе ал жок экен.
- Кеткен го?
- Кетиптир.
- Буларды ашканага алып бар, конокко бардык, - деп баштык толгон таттуу менен этти, боорсок менен берди.
- Акылай эже экөөңүздөр бардыңыздарбы?

#26 15 January 2016 - 00:44
- Ооба, ошонун туугандары той берип жатыптыр, - деп ичкери кирип кетти. Асылай баштыктагыларды бөлүп, этти муздаткычка салып, боорсокту момпосуйлар менен тарелкага салып үстөлгө койду.
- Апа, мен кыздарга жолугуп келейинчи.
- Бара бер кызым, эки күндөн кийин окууңа деле барасың да, - деп койду Салтанат. Асылай унчукпай кийинип алып Надира деген курбусуна барып экөө сүйлөшүп отурушуп эми кетмек болгондо Асылайды аңдып турган унаадан түшкөн үч-төрт бала түшө калып көчөдөн эле салып кетип калды. Надира эмне кылаарын билбей кала берди, көрсө Асылайды сыртынан көрүп ашык болуп жүргөн Бакай деген бала ала качыптыр. Ыйлап-сыктаган Асылай тепкиленип:
- Кимсиңер, кайда алып барасыңар? - деди ар кимисин бир карап.
- Кыз ала качуу салт чоң кыз, - деди бири.
- Кыз тынаар жерине ыйлап барат дешет го?
- Ошону айтсаң, коркпо бандит эмеспиз.
- Уяты жоктор, жооп бересиңер!
- Уятты эмне кылабыз, сени колго түшүрдүк болду да, - деди бири, беркилери каткырып калды, Бакай унчукпай келе берди, ал орто чарба жай адамдын баласы, ата-энеси бар, өзү студент, буйруса врач болом деп жүргөн кези, ак жуумал узун бойлуу жигит.
- Кое бергиле, өкүнүп кала элегиңерде, - Асылай жулкунган менен ар жок, бер жактан басып алганга бошоно албады.
- Койчу эми аяш, жакшынакай жигит сени сүйүп калып алып баратат, - деди бири ыржая.
- Жигитим бар, убара болбогула!
- Ыя, жигитим бар дейсиңби? - деп бири ормое карады.
- Ой боло берет, сүйүп-сүйүп кала бергендер толуп жатат, - деп да бири күлүп койду, шаардын четиндеги айылдардын бирине жетип бир чоң дарбазалуу, жөнөкөй салынган үйдүн алдына токтогондо топтошкон аял-эркек чыгып машинаны тегеректей калышты.
- Иий айланайын, келин келди оо-ой, келгиле киргизели, - деп бир аял үй жакка үн салды. Балдар түшүп кеткенде Асылай түшпөй тартынып туруп алды:
- Мен баары бир отурбайм, убара болбоңуздар, балаңар кайда, мен аны сотко берем, эмнеге айтпай ала качат?
- Кыргыздын салты садага, кыз бала ушинтип эле отуруп калат.
- Мен отурбайм, апамды чакыргыла!
- Чакыртпай анан чакыртабыз, - деп эки аял болбой эле колтуктап алып тырышкан кызды көпөлөктөй эле алып кирип койду.
- Кое бериңиздер, баары бир отурбайм, убара болбоңуздар.
- Кой кызым, биз деле ушинтип келип очор-бачар болуп отурабыз, - деп какылдаган аял көшөгөгө киргизди, - Ай жеңе, жоолугуңду алып кел, Апай апама салдыралы, өнүп өскөн киши эмеспи, Бакайдын келинчеги дагы балпайып бак орногон кемпир болсун, келген жерине кут-береке алып келсин, - деп артын караганда Бакайдын апасы Таберик аппак чачыктуу жоолукту алып келип турган эле, Апай кемпир кербездене туруп келип жоолукту колуна алды:

#27 15 January 2016 - 00:45
Ата-бабадан келе жаткан салт кагылайын, ак жолтой, ак жүздүү ырыс кешиктүү, ыймандуу келин бол, - деп салганы келе жатканда Асылай:
- Апа, мен отурбай м, убара болбоңуздар, мени көрбөй-билбей ала качканы уят эмеспи, чакыргыла балаңарды, мени жеткирип койсун, болбосо апамды чакырткыла, - деди көз жашын аарчый.
- Кызым, эшик аттаган кыз кайра кеткен болбойт, апаң деле эл менен жүргөн киши экен, каада-салтты билеттир. Кайра кетсең кете бересиң, эрден чыгып келди деген сөздөн кантесиң, таш түшкөн жеринде оор деген, Бакай бакыйган жигит, өзүңдү кыйнай бербе садагаң кетейин, - деп жоолукту башына салганда бетин басып ыйлап отура калды:
- Бүгүн болбосо эртең кетем, айтпай ала качкан айбан десе, көрбөгөн-билбеген эле немеге ким отурат экен, - деп кары кемпирден тартынып экинчи жолу колун кага албай күчүн көз жашынан чыгарып жатты. Бир кезде Бакайды киргизди, аны бир карап алган Асылай, - Кандай уятсызсыңар, эмнеге бей тааныш кызды ала качасыңар, айт буларыңа, мени кое беришсин, баары бир отурбайм! - деди, бирок жүзү жылуу зыңкыйган, чачын артына тике тарап, көздөрү күлмүңдөгөн жигитке андан ашыкча сөз айта албады.
- Кечир Асылай, күнөө менден кетти, мен сени сыртыңдан көрүп жактырдым, кечир мени.
- Эмнеге кечирем, апам милиция алып келет, сотко берем.
- Ачууланба Асылай, сүйүүгө сот жок, биз сага зордукчулук кылган жокпуз, жашы жеткен кызды сүйүп алган адамды соттобосо керек, - деп жылмайып койду. Баятан бери бакырып жаткан кызга Бакай жага түштү белем жоошуй түштү.
- Эмнеге ала качасың, макулбу же жокпу сурабайсыңарбы, мен силерге буюм белем, жолдон сала качкыдай?
- Ал күнөө менден кетти, кечирим сурайм, - деди да сыртка чыгып кетип калды. Ал ызылдап жатканда Надира кайра-кайра Асылайдын үйүнө телефон чалса албай убара болду, машинанын номерин жазып алган. Кечинде зорго телефонду Салтанат алды.
- Алло, алло эже Асылайды бир машинага салып кетти, - деп Надира шашкалактап эптеп айтып берди, Салтанат тынчы кетип таекесинин кызына чалды, жакын сиңдисин чакырды, алар келгенче курбусу Акылайга чалып кеңеш сурады, ал тез эле машинасы менен жетип келди:
- Ай эмне отурасың, милицияга кабарлабайсыңбы, - деди Акылай дароо эле.
- Эмне кылаарымды билбейм Акылай, кызымды кандай немелер алып кетти, жакшы ниет мененби, же бандиттерби? - Салтанат айласы куруй курбусун карады, - Кандай кылсам экен?
- Эч ким телефон чалган жокпу?
- Жок.
- Анда бирдеме болбосун, тезирээк милицияга кабарлаш керек.
- Азыр, сиңдим менен таежемди чакырып койдум эле.
- Алар келгенче качан?
- Келип калат, чогуу кеңешели, - деп Салтанат сары санаа болуп отурганда телефон чырылдап калды, шашып ала койгон Салтанат, - Алло, ким экен, ооба-ооба, кайда алып кеттиңер, сүйлөшпөй алып кеткениңер кантип болсун. Жо-ок, дарегиңерди айткыла, өзүм барып Асылайга жолугушум керек, болбойт мунуңар, кызымдан өзүм билмейинче ишенбейм, ачуу басарыңардын кереги жок! - деп телефонду коюп койду.
- Эмне болду, каякка алып кетиптир?
- Ак-Өргөөгө дейт.
- Алып келиш керек, көрбөй-билбей ала качкан немелер жыргатабы? - деп Акылай Салтанатты демитип жатканда эшиктен сиңдиси Салкын менен таежеси Турду күйөөлөрү менен келип калышты. Аларга айтты эле Турдунун күйөөсү Кемел:
- Салтанат, кыздын бараар жери күйөө деген, бактылуу болсун, сен алып баса бергенде болбойт, кызыңдын эртеңкисин ойло, алар нааразы болуп калса кыйын, - деди.
- Туура Салтанат, сен өзүң деле эстүү жансың, ала качса да бак берсин, ашыкча кетпе, кызың отуруп калса тим кой, - деди Турду, ошентип алар өздөрүнчө сүйлөшүп отурганда эшик такылдап калды, Салтанат барып ача койсо эле:
- Кулдугубуз бар кудагый! - деп эки-үч эркек бакылдап кирди эле, - Салтанат эмне кылаарын билбей туруп калганда Кемел менен Адыл болуп баары жетип келип Кемел:
- Кулдугуңар кудайга, киргиле балдар, - деди, жетелеп алган коюн кайда коерун билбей ваннага киргизип коюп кудаларды төргө өткөрүп куда жайын сураштырып кирди Кемел. Беш миң сом менен бир кой ачуу басарына келди, ошентип кудаларын сыйлап жөнөттү. Кууп барып да келишти, Алтынай күйөөсү менен барды, алдына он миң сом менен кийит кийгизишти, жашоолору жакшы экенин айтып келип, күйөө баласынын студент экенин, жакшы күйөө балалуу болгонун айтып куттуктап жатышты. Акылай абдан таарынды, Асылайды мен келин кылып алмакмын деп өпкөлөндү, акыры түшүнүп күйөө баласын жууп ресторанга чакырды. Салтанат эми чындап жалгыз калды, Алтынай уулун алып келип эки күн туруп кетти, анын дагы айы күнү жакындап калган. Айбек атасынын фирмасын жөндөп кетти, кычыраган ишкер, Алтынай экөө абдан ынтымактуу. Асылай Бакайды бир көргөндө жактырып калган, келген күнү көргөн бойдон топураган эл көп болуп жолугуша алган жок, кийинки күнү жоро-жолдоштору менен курсташтары келгенде бир дасторкондо отурушту, алар кеткенден кийин салты менен кыздын жеңеси калып жаткырып анан куда-кудагыйдан сүйүнчү алып сый көрүп кайтты. Бакай өзү кыздай назик, өтө жумшак жигит:
- Асылай, мени кечирдиңби? - деди бирге болгон кечте.
- Эмнеге кечирем, ала качканың үчүн өмүр бою күнөөлүүсүң.
- Койчу эми Асылай, кечирип кой, сенден корктум да.
- Эмнеге корктуң?
- Жоготуп аламбы деп, башка бирөө алып кетсечи?
- Сүйүү болбосо элеби?
- Сүйүп жүргөн кызым элең да.
- Жолуксаң болбойт беле?
- Сенден жаман уялчумун.
- Кыздарчабы?
- Жигит катуу сүйсө уялат экен…
- Кантип эле, жолугуп сүйлөшүп койсоң болмок, - Асылай таарына ары карап жатып алды, - Кыздарды сыйлабагандык, басынткандык бул, тоготпой отурбаганда кайда барат эле дедиң да.
- Койчу эми, андай эмес, мен сени сүйгөнүмдөн даай албай койдум.
- Калп, жөн эле амал кылып жатасың.
- Чын айтам, карганып берейинби?
- Жок-жок, кереги жок, - деп кайра бери карады.
- Асылай, кечирчи мени.
- Суранба.
- Суранам Асылай.
- Жок.
- Койчу эми, - Бакай келинчегине колун артып кучактап өөп, - Мен сени өмүрүм өткөнчө сүйүп өтөм Асылай, - деди шыбырай.
- Кечирбейм, - деп күлүп жиберди келин.
- Менин Асылайым, асылым менин…
- Уялбайт экенсиң го? - деди кыткылыктай Асылай.
- Эмнеге антесиң?
- Уялбай эле кучактап, өөп жатпайсыңбы?
- Аа-а, а сен эми менин аялымсың да.
- Болгум келбесечи?
- Эмне?
- Кетип калам.

#28 15 January 2016 - 00:47
- Антпе Асылай, эми экөөбүз бир өмүр бирге болобуз, бала-чакалуу болуп бактылуу болобуз, кетем дебечи Асылай, - деп тырбалаңдап келинди аймалап өз максатына жетип кучагынан чыгарбай жатып калды. Асылай Бакайдын мүнөзүн, өзүнө жасаган мамилесин ойлонуп сүйүп баратты: "Мен Урматты жөн гана жанымда жүргөндө жакшы көрчү экенмин, эч качан сүйбөптүрмүн,
кызык ала качып алса деле бири-бирин көрбөй жашап кетсе болот экен да", - деп ойлонот. Кайната-кайненеси келинине кызындай мамиле кылат, эртең менен экөө тең сабагына бирге кетип бирге келишет, бир күнү Надира кошо келди. Бакай келинчегинин курбусун жакшы сыйлап жатты. Эртеси чогуу сабакка барганда Надира:
- Асылай, сен Бакай менен бактылуу болом деп ойлойсуңбу? - деди.
- Эмнеге андай дедиң?
- Бир көрбөгөн адам менен жашашка болобу?
- Болот, эмнеге болбосун?
- Ортоңордо сүйүү жок эмеспи?
- Ал мени сүйөт, өзүң сүйгөнгө эмес өзүңдү сүйгөнгө тий дешет го.
- Аның туура, бирок жүрөгүң каалабасачы?
- А мен Бакайды сүйүп баратам Надира, - Асылай күлүп калды.
- Чынбы? - Таңгала карады.
- Ооба, мен аны сүйүп калдым, ал мени өзүн сүйдүрүп алды.
- Кызык, анда Бакай жигиттин жигити экен.
- Айтпа, абдан назик, мүнөзү жумшак, - Асылай кыялдана сүйлөдү.
- Ой тобо-о, ала качып барып өзүн сүйдүрүп алып бактылуу болсо болот экен да, муну өз көзүм менен көрбөсөм, өзүңдөн укпасам ишенбейт элем Асылай.
- Таңгалба - таңгалба, башыңа келип калат, - Асылай курбусун тамашалап карап койду, - Сени ала качып кетсе кантесиң?
- Кудай сактасын.
- Мен деле коркчумун.
- Кой эми, бактылуу болушуңа тилектешмин, - деп окуу жайга кирип келишти. Бакай акыркы курста окуп жаткан жазында окуусун бүтүп практикага кетти, ошентип бири бактылуу болуп жатса, бири жашоонун ачуу даамын татып, өмүрдөн өткөн тирүүлүктүн оопасыз дүйнөсүндө ар пенде өз күнүн көрүп жашоо улана берет экен…
Садыр үйүнөн чыккандан бери бир айдан ашты, сакалы өсүп баягы Садыр жок, алтымыштардагы карыдай болуп, өзүн-өзү таштап койгон, өлбөстүн күнүн көрүп болгон акчасына болоор болбос шам-шум этип алат да эч жакка барбай автовокзалда отура берет, пальтосунун жакасын көтөрүп, тумагын баса кийип алат, отурганда буту талыганда башы оогон жакка басып кетет, өзүнүн эмне кылып жүргөнүнө өзүнүн башы жетпей кээде: "Мен эмне кылып жатам, деги мага эмне болгон?", - деп ойлонуп алат, бирок эс акылынан ажыраган деле жок, болгону кээде гана өзүн-өзү сезбей калчу болду. Бир күнү ал базарга келип ар кайсы жакты карап жүргөн, жакасына башын катып, тумакты басып, көзүн жалтыратып кетип жатса ага кийимдери жүдөө адам:
- Тууган, бирдеме керекпи? - деди.
- Ыя? - Аны көз токтото карады.
- Башың ооруп жатабы дейм?
- Жок, бар ары!
- Тууган, жүрү мени менен, жашоочу жерим бар, - деди андан калбай.
- Кереги жок.
- Менин башым ооруп турат, беш-он сом барбы?
- Тур, жолуңа түшчү! - деп жини келе алдыга ашыкты.
- Тууган, сени менен сүйлөшкүм келип турат, - деп дагы айтканда ага негедир үнү тааныш угулуп кетти: "Бул ким болуп кетти, мени таанып калган го", - деп ойлоп аны бир карап алды да:
- Кайда барабыз? - деди.
- Жүрүңүз, - деп артына бурулду ал, экөө ээрчише базардын сыртына чыгып четке басышты, ээн болуп калганда Садыр:
- Сүйлө, - деди.
- Мен сизди тааныйм, качантан бери бул чөлкөмдөсүз? - деди.
- Эмнеге андай дейсиң, бул чөлкөмүң эмне?
- Мм, эмне десем экен, биздин катарга дегеним да.
- Эч кандай сенин катарыңда эмесмин, өзүң кимсиң?
- Мен сиздин айылдашыңыз Боокбектин баласымын, үч жыл болду, атамдар мени өлдү деп жүрүшсө керек, кашайып сасык суунун кулу болуп калдым.
- Мени ким деп турасың?
- Садыр акесиз да.
- Жок, мен сен тааныган адам эмесмин, өз жолуң менен бол уктуңбу?
- Аке, кантип эле, мен сизди көптөн бери көрүп жүрөм.
- Баары бир мен сени тааныбайм, - деп бурула бергенде:
- Менин атым Батырбек, жок дегенде сүйлөшүп отуралы, менин өз үйүм бар, чай-пай ичели, - деди Батырбек.
- Жалгыз турасыңбы?
- Ооба, ичкен кишинин жакыны болмок беле?
- Жарайт, - деди да камокко кайрылып бир бөтөлкө алды, андан ылдый барып салат, нан менен майда барат алып Батырбекти ээрчип жөнөдү.

#29 15 January 2016 - 01:07
Аке, атыңызды айтып коюңузчу, - деди Батырбек.
- Үмөтбек, - деп оозуна келгенин айта салды, экөө ээрчишип жөнөп аялдамага келди, маршруткага түшүп кетишти. Анын үйү жаңы конуштардын бириндеги эки бөлмө, жакшы бүтпөгөн, короосу тосулбаган там экен, ичине кирип эски-уску төшөктөр менен бир азыраак идиш-аяктан башка эчтеке жок эле.
- Ушул аке, жашоом ушул, аялым экөөбүз жаңы алып жакшылап бүтө электе ойнош ойноп кетип калды, ата-энем дагы билбей калды, - деди Батырбек, Садыр аны жакшы тааныды, бир кезде кычырап соода кылып жүрүп үйлөнгөнүн уккан, ошол кычыраган жигиттин минтип калганына ичинен жини келди, жаш туруп бир аял үчүн өзүн таштап койгону жаккан жок.
- Ошол бир аял үчүн ушул көйгөйгө түшүп жүрөсүңбү?
- Мен аны катуу сүйдүм эле аке, - деп башка сүйлөгүсү келбей дасторкон сымал кирдеген кленканы салып каткан нандарды койду. Садыр алып келгендерин коюп экөө арактан ичип отурушту, бөтөлкө түгөнгөндөн кийин Батырбек сыртка чыгып кетип көпкө жоголду, анан бир бөтөлкө көтөрүп кирди:
- Жетишет, өзүң ич, мен башка ичпейм, - деди Садыр.
- Аке, мен азыр болгон сырымды айтып берейин деп жатпайынбы, бир аз ичтеги букту жазып алайын деп жатпайынбы, - деп арактан чыныларга куюп бирин Садырдын алдына койду, - Мен сизди ошол Садыр акеге окшоштурдум эле, ал кантип ушул абалга келди, эмнеге андай болду деп ойлогом, көрсө адам адамга окшош деген чын экен да, - деп бакылдап сүйлөп кирди.
- Кана сүйлө Батырбек, эмнеге мындай болду?
- Анан сиз айтып бересиз ээ? - деди эле, Садыр атайын сурап жаткандай сезип жини келип барып: "Мейли, жөн сурап жаткандыр" , - деп ойлонуп өзүн-өзү тыйып алдындагыны алып ийди.
- Болуптур, ал алдагыны, өзүң жөнүндө сүйлө, - деди эле ал ичип жиберип тамагын жасап алып бир демге унчукпай туруп калды.
- Мен Айжамалды мектепте окуп жүргөндө тогузунчу класста бир көрүп эле сүйүп калдым, - деди көптөн кийин, - Ал биздин айылдагы тагасынын үйүнө келген экен, таанышып эки-үч жолу жолугушкан соң ал кайра кетип калды, анткени каникул убагында келген болчу, мени менен тең экен, ошол бойдон мен аны унута албай мектепти бүтүп шаарга келдим. Атамдардын мени окута турган акыбалы жок эле, ошондуктан иштөө үчүн келдим. Базардан мага окшогон балдарга таанышып тачка айдадым, тапканымды чогултуп бир жылда үч тачка сатып алып кайра арендага берип үч жылда бир топ акча жыйнадым, тачкаларды өзүм менен жашаган балдардын документин өзүм алып ошолорго берем, өзүмдүн тапканым дагы жакшы боло баштады…
- Анан, анан кандай болду, ата-энеңе жардам бердиңби?
- Жок, үч жылдай барбадым, бир күнү баягы Айжамалды базардан көрүп калдым, тачка айдаганымды билип калбасын деп жүзүмдү жашырып анын артынан жөнөп иштеген жерин көрүп алдым да ага күндө гүл жөнөтүп турдум, бир күнү кат жазып гүлгө кыстарып койдум: "Айжамал саламатсыңбы, иштериңде ийгиликтер болуп жатканын көрүнүп турат, куттуктайм Айжамал. Ким деп таңгалып тургандырсың, Кара-Көлдөгү тагаң Тургунаалынын үйүнө баргандагы Батырбекти балким унутуп калгандырсың Айжамал? А мен сени ушул күнгө чейин унутканым жок, дүйнө кезип издөөгө даяр элем. Бирок сени жараткан өз элимдин ичинен жолуктурду, эми сенден ажырабайм деп өзүмө ант берем, а сен Айжамал мени эбак унуткандырсың, сени сүйүп калып, өмүрүнүн баарын сени издөө үчүн даяр болуп жүргөн Батырбек. 1999-жыл.14-май" , - деп жаздым, - Батырбек андан ары сөзүн улады…
Батырбек тачка түрткөнүн токтотуп кычырай кийинди да күндө Айжамалга гүл жөнөтөт, бирде түштө берсе, бирде жумуштан чыгаарда, бирде эртең менен жумушка келгенде үстөлүндө гүл даяр. Айжамал райондук акимчиликте катчы болуп иштечү, жанындагы кыз бир күнү ага:
- Айжамал, сени катуу сүйгөн жигит го жанагы, - деди сырдуу жылмая.
- Койсоңчу, мен аны тааныбайм, гүлүн мындан ары үстөлгө койбо дечи.
- Эмнеге, гүлдүн жыты буруксуп кабинеттин ичин сонун кылып коет экен, тура берсин, дегиңкиси сени сүйгөн жигит экени анык.
- Көрбөй эле сүйө береби?
- Ал сени көрүп сүйгөн да.
- Билбейм ай, - деп компьютерди карамак болуп жатып гүлдүн арасындагы кагазды көрдү, шеригин караса ал өз иши менен алектенип отуруптур, акырын кагазды алып ачса кыскача кат, окуп көрүп таңгалып калды: "Ооба эсимде, бирок менин ага деген сезимим жок да", - деп ойлонуп ишине киришти, арадан бир айдай өткөндө гүл менен бирге кат алды: "Айжамал, мен сени "Данияр" кафесинен күтөм", - деп дарегин жазып коюптур. Айжамал ойлонуп калды, бараар-барбасын билбей кагаздарын караган менен кечки саат алтыны ойлонуп кыжаалат боло берди. Ал жумушунан эрте чыгып салонго кирди да чачын оңдотуп алып даректи көздөй элеп-желеп болуп кетип жатты: "Кандай неме болду экен, балким мага жакпасачы, анда экинчи гүл жибербе, менин жигитим бар деп басып кетем", - деп белгиленген дарекке жетип калганын байкабады: "Каерден чыга калат", - деп элеңдей басып келе жатканда алдынан гүл көтөрүп алып Батырбек чыга калды:
- Салам Айжамал.
- Салам.
- Жүрү ичке кирип сүйлөшөлү, - деп кафени көздөй колун жаңсады.
- Ушундай эле турсак кантет, мен сизди элестете албай турам.
- Ичке кирели, анан жай сүйлөшөбүз, - деп Батырбек жылмайып коюп алдыга басып бош орундуктун жанына келип, - Отуруңуз, - деди урмат көрсөтө.
- Рахмат, - Айжамал сыпайылана Батырбекти уурдана карап: "Дурус эле жигит болсо керек, жакшы турат окшойт, балким кызматы да бардыр, мен дагы тааныдым, ата-энеси колунда жок, начар турушчу эмес беле", - деп ойлоп турду ичинен.
- Келиңиз Айжамал, тамакка карайлы, - деп Батырбек сый көрсөтүп жатты, - Айжамал, биздин айылга барганда дал ушундай жакшынакай элең, ошол бойдон эле экенсиң.
- Мен эстей албай жатам, көп эле балдар-кыздар менен таанышкамын.
- Ошондо мен сага үйдөгү апам өстүргөн Астра гүлүнөн бирди жаңы жылда бергенимди билесиңби? - Батырбектин көздөрү жайнап үстөлгө өбөктөй түштү, - Эстесең Айжамал.
- Аа-а, ошол сенсиңби? - Айжамал күлүп жиберди, - Аппак үйдө өскөн Астра болчу ээ?
- Ооба-ооба Айжамал, ошондон бери сени ойлонуп кайдан табаарымды билбей жүргөмүн.
- Таппасаң эмне кылат элең? - Кыз кылыктуу жылмайды.
- Өмүр бою издемекмин.
- Чын элеби?
- Чын айтам, - деп ушул кезде Батырбектин колу Айжамалдын колуна жетти, - Өмүрүм өткөнчө издейм деп өзүмө ант бергемин.
- Кызык, абдан өжөр экенсиз.
- Өжөрлүк эмес, жүрөктүн эңсөөсү, жүрөгүң эмне десе ошону угуу керек.
- Мен аны билбейт экенмин.
- Жигитиң жокпу Айжамал, кечигип калган жокмунбу?
- Башым бо-ош, - деди Айжамал күлө.
- Кубанычтамын, мындан ары жолугуп туралы ээ?
- Жарайт, - деген Айжамал: "Демек байып кетишкен го, кай жерде иштейт болду экен", - деп ойлонуп алды.
- Эмнени ойлонуп кеттиң Айжамал?
- Ойлонгонум жок, мени ушунчалык сүйгөн адам бар экенине таңгалып турамын Батырбек, каерде иштейсиң?
- Эч жерде, болгону өзүмчө цех ачсамбы деп жүрөм.
- Кандай цех?
- Балким сто ачам, же базардан кафе иштетем, - дегенде Айжамалдын кабагы бүркөлө түштү, ал андан бир мекемеде иштегенин уккусу келип турган эле: "Мен дагы бир жакшы жерде иштейт экен десе, карапайым жумушта жүрүп анан чычая кийинип алганын кара", - деп ойлуу саатын карады.
- Батырбек, баардык сыйыңа рахмат, менин кетишим керек.
- Таксиге салып коем шашпа, дагы бир нерсе жейлиби?
- Жок, эч нерсенин кереги жок, менин кетүүм керек, - деп Айжамал ордунан турду, аны менен бирге Батырбек дагы туруп сыртка чыкты:
- Иш телефонуңду бересиңби Айжамал?
- Жарайт, бирок орунсуз чалууга болбойт, - Жылмая карточка берди.
- Албетте, тынчыңды албайм, - деди да таксиге салып жөнөтүп ийди, өзү батирине келди, балдардын экөө келип калганы келе элек экен, Курман деген бала кечки тамакты жасап жатыптыр, алар күндө кечкисине акча чогултуп ысык тамак ичишчү. Жетөө бир бөлмөдө, жанындагы бөлмөдө дагы жети бала Батырбектин тачкасын айдашат. Күнүнө үч жүз сом таап арендасын бекитип турчу, Айжамалды көргөндөн бери бир топ артка кетти. Ушул ирээт ата-энесин ойлонду: "Мен айылга барышым керек, анан үйлөнөөрүмдү айтып каманып келем", - деген чечимге келди.
Эртеси эле айылына жөнөдү, ата-энесине белек-бечкек алды, отуз миңдей акча менен келген баласын көрүп ата-эне абдан кубанды, дагы эле жок жарды эле, үйлөрү да эскирген, эң улуусу болгондуктан калган эки иниси, эки карындашы жашыраак болчу. Үйүнүн эки жагын оңдоп шыбап он чакты күн туруп анан үйлөнөөрүн айтып коюп кетмек болгондо Бообек:
- Сен үйлөнсөң беш-алты жандыктан башка эчтекебиз болбосо, биз апаң экөөбүз пенсия менен төрт баланы кийиндирип, ичиндирип эптеп жашап жатабыз, - деди сакалын сылай.
- Ата, баарын өзүм алып келем, эч кабатыр болбогула, - деди Батырбек. Сайрагүл эне эмеспи, үй ичин оңдогонго киришти, Батырбек чоңойгон инисин жанына алып үйлөрүн актап коюп келээр күнүн белгилеп коюп кетти, келип эле Айжамалга жолукту, бапыратып акча санап, келген сайын гүл көтөрүп келген Батырбекке имерилгенсип калды. Ошондой кечтин биринде ал Айжамалды кафеге чакырып:
- Айжамал, мага турмушка чыгасыңбы? - деп көздүү шакек сунду.
- Батырбек, таанышканыбызга аз эле болду, анан кантип?
- А мен сени он алты жашымдан бери билем, жана сүйүп келдим, бул жетишпейби Айжамал, анткени мен сени сүйөм!
- Батырбек, мени жарга такап койдуң.
- Жо-ок, чындыкты айтып жатам, дүйнө кезип издемек болгон ак сүйүүмдү эми жогото албайм, эгер жоголсо кайра таппай калышым мүмкүн, - деди да Айжамалдын колун кармай, - Жообун күтөм, - деп чыгып кетти. Айжамал колундагы шакектин кутучасын көпкө карап туруп анан үйүнө жөнөдү. Ошондон үч күндөн кийин ата-энесине айткан күнү Айжамалды алып кетти, баары жакшы бүттү. Бир айдай туруп шаарга баса беришти да батирде туруп калышты. Фирма же цех ачам деп акчасы аздап калган Батырбек кайрадан тачка түртө башгтады, он беш тачкасынын акчасы жыйылып калган экен аны алды, өзү да иштеп кечке маал жуунуп алып койкое үйгө келет, Айжамал анын эмне иш кылып жүргөнүн билбейт болгону ал Батырбек менен алты ай жашаган кезде башка менен жүрүп алды: "Биз минтип жүрүп качан үйлүү болобуз, андан көрө жашымда кетип калганым оң", - деп ойлонуп кээде кеч келет, андайда Батырбек тамагын жасап күтүп турат, бир күнү ал кызуу келди:
- Кайда болдуң Айжамал? - деди Батырбек.
- Иштешкендеримдин биринин туулган күнү экен, ичпей кое албадым, - деди ал калпты айтып, зорго эле сүйлөдү.
- Мейли, бөлүнгөнүң болбойт, - деп жасаган тамагын алып келсе ал уктап калыптыр, кийимин чечкенге дагы үлгүрбөптүр, Батырбек аны чечинтип ордуна жаткырды. Айжамалдын апасы жок болчу, өгөй энеси кээ-кээде келип кетет, атасы абдан жоош момун адам, жай чарбасы менен оокат кылган киши. Эртеси ойгонгондо Айжамал көптөн берки айта албай жүргөн оюн айтты:
- Качанкыга жүрө беребиз, өз үйүбүз болбосо, батирде жүрсөк.
- Чыдачы жаным, жакында бир үй алам, өзүбүзчө үйүбүз болот, биз дагы башкалардай эле жашайбыз, бала-чакалуу болобуз.
- Койчу, эмитен баланын кереги эмне, баарын даярдап алып деле балалуу болобуз, батирде жүрүп балалуу болгонду жаман көрөм.
- Көрөсүң го, жакында алам, жакшы үйгө жетпей жатат, жаңы бүткөн үй алабыз да калганын өзүбүз бүтүрөбүз.
- Ишенбейм, - деди Айжамал, бирок ал айлыгын көрсөтпөйт дагы, жардамдашып же бир жагына кириштиргиси жок, Батырбек аны ойлоп бирок унчукпайт.
- Ишен жаным, эртең дагы барып көрөм, времянкасы бүткөн экен, чоң тамды өзүбүз салабыз, - деди Батырбек аялына.
- Чоң тамды салмак кайда, ошо эки бөлмөнү ала албай жатып, ушу сен эмне иш кыласың деги? - деп чоюштай кийинип жумушка жөнөмөк болуп жатып Батырбекти чекесин тырыштыра карады.
- Ишим буйруса жакшы, - деди Батырбек ойлуу.
- Болуптур, мен кеттим, - деп Айжамал чыгып кетти. Батырбек ойлонуп барып тачкилеринин баарын сатканга койду, аны ошол иштеткен балдар өздөрү эле айткан баасына алып алышты. Ошентип Батырбек болгон акчасын жыйнап беш миң долларга ушу чала бүткөн эки бөлмөсү менен беш сотук жерди алды, кубанып Айжамалды күтүп жатты. Ал ошол күнү келбей калды, ал түнү ал өзүнүн бирге иштешкен кырктардан ашкан, бойдок Ашым Кубатов менен бирге болчу. Анын эки кабат үйү бар, эки баласы эбак үйлөнүп-жайланып кеткен, кызматы жакшы, жер бөлүштүрүү боюнча адис. Айжамалды башынан көздөп жүрсө дагы анын күйөөгө тийип кеткенине капа болуп калган, жолу ачылып калган келинди имериш оңой эле болду. Батырбек күтүп отуруп жатып калды, аялын тымызын кызганды, бирок акырындап баары жайына келет деп ойлоду. Үй алганымды көрсө кубанат деген ойдо жумушуна телефон чалды эле ал эрте келээрин айтып өчүрүп койду. Эки-үч күндөн кийин эле батирден көчүп кетишти, бирок Айжамалдын кечиккени, келбей калганы көбөйдү, бир күнү өзү тачка түртүп жүргөн, үй алган соң болоор-болбос эле акчасы калган болчу, бир тачканы сатпай коюп койгон, анткени Айжамалга уят болбой тамак-аш таап туруу керек эле.
Түш ченде бир "крутойдун" жүгүн сүйрөп базардан чыгып баратса эле бир адам менен Айжамал унаалар токтоочу жайдан жүк салып жатса жанаша токтогон унаага келип отуруп жатып Батырбекти таанып бир азга туруп калды, муну байкабаган Батырбек жүктү салып берип акысын алды да басып кетти: "Сенин кылган ишиң ушул тура, мен кайдагы бир тачкист менен жашаймбы, кызык, эмнеге айтпайт десе", - деп ойлонуп унаага отурду да сыр билгизбей кетип калды. Кечинде адаттагыдан эрте келди, Батырбек келе элек болчу, кечке маал баштыкка эт-аш көтөрүп келип калды.
- Ишиң жакшы жүрүп жатабы? - деди Айжамал сынай карап.
- Жакшы эле, бир аз кризис болуп калдым, буйруса баары жакшы болот, - деди Батырбек оюнда эч нерсе жок.
- Бул үйдү алганга киришип кетти да ээ? - Айжамал мыйыгынан кытмырлана жылмайды.
- Ооба, эчтеке эмес, буйруса түзөлөбүз.
- Батырбек, мени менен мышык-чычкан ойногонду токтот, сенин тачка түрткөнүңдү билем! - деп кыйкырып ийди Айжамал.
- Эмне?! - Батырбек саамга селдээ түштү, ал Айжамалды түшүнөт деп ойлоду, - Кечир Айжамал, бирок акырындык менен баарын жолго салам, эки жылда бутка турам, - деди башын жерге сала.
- Кереги жок, сенин сүйүүңдөн көрө мага тирүүлүктө беш күн жашасам дагы адамдай жашаганым жакшы, калп айтканыңдан мен тажадым! - деп кетмек болуп кийимин салыштырып кирди.
- Айжамал, мени кечирип кой, адегенде тачка айдайм дегенден уялдым, кийин ачык айтайын деп намыстандым, түшүнчү мени.
- Кечирим сураба, курсакка тамак, үстүңө кийим болуп бербеген сүйүүң өзүңө буйрусун, мен сени менен кала албайм! - деп чыгып кетти. Батырбек шалак этип жерге отуруп калды, ушул учурда ал ата-энесине нааразы болду, алардын адамдай болуп балдарына шарт түзө албаганына жини келди. Көпкө селдейип отуруп анан тамак жасады: "Кайда бармак эле, акыры келет да", - деген ойго алданып дүкөндөн арак алып келди да ичип жатып алды… - Батырбек ушинтип айтты да арактан куюп жутту.
- Ошол бойдон келбедиби?
- Жок, келген жок.
- А сен бардыңбы?
- Мен ишине телефон чалдым, менин атымды укканда эле коюп коет, - деди оор дем ала, - Ошентип сүйүүмдөн айрылдым, көрсө баарын ошол үчүн гана жасап жүргөндөймүн…
- Ата-энеңе айткан жоксуңбу?
- Жок, бир келген бойдон барбадым.
- А сен аларга керек экениңди билесиңби? - деди Садыр ага тигиле.
- Билем, баарын билем, мен үчүн эчтеке кыла албасын дагы билем.
- Акылыңды жыйна, өзүңө кел дагы, мен айтканды жаса, паспортуң барбы?
- Бар жоготконум жок.
- Анда кайрадан иште, али жашсың, сени түшүнгөн адам чыгат, үй алганыңды айтып, аман-эсендигиңди билдир, минтип баарын жеңе албайсың, - деди Садыр, андан кийин жатып эс алмак болушту. Бирок Садырдын уйкусу келбеди: "Өмүр кымбат, жашоо кызык, пенделер ар түрдүү, бирөөлөр арам иши менен өткөрүп жатса, бирөөлөр кендирди кескен кемчиликтин айынан эчтекеге жетпей өксүп, жакын адамына жетпей жаралганына нааразы болуп өтүп кетет, кээси колунан арам иш келбей адал эмгек менен жашагысы келсе да колдогону болбой, кайра минтип басынтып өмүрүн чай кылып отурат, аттиң десең, балдарымдан безип мен жүрөм, качанкыга чыдай алаар экенмин, апасынын өлгөнү аз келгенсип мени тирүүлөй жоктоп отурушат го", - деп чабалактап улам бир жамбашына которулуп жатып көзү илинип кетти, эми көзү илинээри менен эле баягы каргыш ургур пайда болду: "Өкүнбө, - деди ал, - Бул эч нерсе эмес, сенин көргөн күнүңдү ит көрбөс болосуң, көптөн бери таппай жүрүп таптым, үйүңө барып изиңди таппай аябай чарчадым Сады-ыр", - деди шыбырагандай, - Сен эми ажеп азап тартасың, мен сенин жаныңда болом", - деди да кулак жарчудай болуп каткырып жатканда чоочуп ойгонуп кетти, саатын караса он эле мүнөт болуптур, уйкусу качканда жумуштан кечикчүдөй болуп саатын карай берчү адат тапкан, жанараак караганда эле саат үчтөн беш мүнөт өткөн, он беш мүнөт өтүптүр. Ал кийин коркпой да калган, ордунан туруп сыртка чыгып басып жүрдү, дегеле уйкусу келе турган эмес. Аңгыча таң атып кетти, аздан кийин Батырбек турду:
- Сиз ушунча эрте турдуңузбу? - деди ал.
- Ээ, эрте турам, - деп койду Садыр, уйкусу келбегенин айткысы келбей.
- Башым ооруп калыптыр, бүгүн тамак таап келбесем болбойт, - деди ал жуунуп жатып, - Сиз бир жакка барасызбы?
- Иштерим бар.
- Ишиңиз бүтсө келе бериңиз, үй бош эле турат.
- Макул, ишиңе бара бер, баса Айжамалдын ишин айтып берчи мага.

#30 15 January 2016 - 01:24
- Эмне кыласыз? - Таңгана карады.
- Сүйлөшөм, сен үстү башыңды оңдоп адам бол.
- Макул-макул аке, сиз мага аны кайрып берем дейсиз го ээ? - Батырбек күлүп алды, - Кеткен неме эми кайрылбайт го?
- Байкап көрөлү, сен акылыңа кел бала, али жашсың.
- Өзүңүз билиңиз, - деп үйүнөн чыгып жөнөдү, ал өзүнчө ойлонду: "Чыны менен эле мен акылсыз экенмин, эмнеге минтип жүрөм, атам байкуштун жашы да жетип калды, Талантбек мектепти бүткөндүр, Камчыбек деле чоңойду, мен адам болушум керек, Үмөт аке туура айтат, намыс кылып кайра жолдо калганым жакшы эмес, тачка түртүп оокат кылайын, эртели кеч үйдүн сыртын шыбап ремонт кылайын", - деген ойдо дароо эле тачканы арендага берчү кишиге барды. Паспортун коюп тачка сүйрөй баштады, бирок ал күнү жарытылуу иш болбоду, Садыр үйдү кулпулап көрсөткөн жерине ачкычты коюп көчөгө чыкты, жазга маал болуп калган, пальтосун өйдө көтөрүп алып унаага түшүп акимчиликке келип түштү: "Мен жок дегенде бир адамга жакшылык кылып өлөйүн, колумдан келсе", - деп ойлоп акимчиликке кирип катчынын кабинетине баш бакты:
- Кызым, Айжамал ушул жерде иштейби?
- Ооба, ал бүгүн жок эле.
- Качан болоор экен?
- Кимиси болосуз?
- Агасы, зарыл ишим бар эле.
- Анда үйүнө барсаңыз болот, - деди илбериңки кыз кагазга даректи жазып колуна берип, - Жакшы барыңыз.
- Жакшы тур кызым, ишиңе ийгилик, - Садыр дароо кабинеттен чыгып колундагы кагазга көз жүгүртүп алды, анан аялдамага шашылды, дароо эле даректеги үйдү таап кабат үйдү номерин издеп эшигин такылдатты.
- Ким? - деген үн чыкты.
- Ачып кой кызым.
- Ким дейм?
- Мен Батырбектин агасы болом.
- Кандай агасы? - деп Айжамал эшикти ачты да тиктеп туруп калды, - Келиңиз…
- Келдим кызым, сүйлөшсөк болобу?
- Эмне жөнүндө, эгерде Батырбек жөнүндө болсо айтпай койгонуңуз оң, биз ажырашканбыз.
- Уккамын, анын абалы өтө жаман, жакшы адамды жаман кылган да сүйүү, - деген азап бар кызым, анын кадырына жеткен да, жетпеген дагы бар. Эгерде бактылуу болом десең сөзсүз жоктон баштаганың жакшы, байлык колдун кири, оңойдон табылган байлыктын татымы болбойт, - деп Садыр айтканда Айжамал жер карап ойлуу көпкө отурду, анткени Ашым Кубатович менен эки ай жашап ынтымагы болбой ажырашып кеткен. Батырбекти ойлогону менен баргысы келбей жүргөн болчу, анын үстүнө күйөөгө тийгени бетине чиркөө болуп тартынып: "Эмнеге ак эмгек менен тапкан адамды жеридим, ал мени сүйчү эмес беле, акылы кыска, чачы узун аялдын бири экенмин", - деп өкүнүп жүргөн кези эле.
- Аке, сизге рахмат, бирок мен эмне кылышым керек? - деди муңая.
- Ал ичип өзүн таштап койгон, аны сен гана, сенин сүйүүң менен жакшы мамилең гана сактай алат, силер бактылуу болосуңар кызым.
- Билбейм, мен анын тачки түрткөнүнө намыстанып кеткен элем, эми өзүм барсам эмне дейт? - деп жер карай жаагын таяна ойлуу: "Айлыгымдын баарын батирге төлөп ансыз дагы кыйналып кеттим, эгер кыска ойлонбосом Батырбекти көтөрмөлөп, экөөлөсөк эмдигиче жакшы болуп калмакпыз, өгөй энем болсо көргүсү жок, өз акыбалымды билбей эмнеге секирдим экен, Ашымга окшогон байлар баары бир жакшылык кылбайт экен", - деп ойлонуп алды.
- Баарын унутуп алдыдагы келечегиңерди ойлогула балдар, отуз үч жаш деген күлгүн курак эмеспи, терең ойлон, эки-үч күндө келем, жообун бер, - деди да андан чыкканда анын кулагына: "Тээ тигил аялдын сумкасын ала кач, ичи толо доллар", - деген шыбыш угуп эрксизден эле бирөө колун көтөргөндөй эки кадам алдыда бараткан аялдын сумкасына жармашканын билбей калды:
- Аа-ай ууру, ууруну кармагыла, сумкамды алмак болду! - деп аял айкырганда бир милиция жетип келип кармап калды эле: "Ур, тигини ур, эмне карап турасың ур", - деп колун көтөрүп чаап жиберди.
- Мен… мен эмес, - деп Садыр алдастай түштү, - Эй акмак, сен мени эмнеге түртүп жатасың? - деп эки жагын карап жинди болгон немеде кыйкырып киргенде анын колу дагы көтөрүлдү, бир колу менен колун кармаганга болбой милициянын жаагына дагы тийди.
- Эй акмак, эмне өлгүң келип жатабы? - деп милиционер аны бир тепти, көчөдөн өткөндөр карап өтүп жатканда аны түртүп унаага салды да бөлүмгө алып келди. Ошол убакта: "Сен баарын саба, күчтүүсүң алың жетет, кана тигине теп", - деген сөз кулагына шыбырап угулганда:
- Жок-жок, мени кыйнабачы Айдай, андан көрө өлтүрчү! - деп жиберди, - Мени кыйнабачы, кечирчи мени, антпечи Айдай! - деп башын чайкап көзүн жумуп алып төбөнү карап сүйлөп жатканда эки милиция өздөрүнчө сүйлөштү да кое берди, ал чыгып баратканда: "Сен жинди болосуң", - деген үн кулагына жаңырды эле, - Мен жинди эмесмин, жинди болбойм! - деп бакырып баратканын карап туруп башын чайкай кала беришти. Садыр чын эле өзүн жиндидей сезди, аялдамага келип Батырбектин үйүнө келсе ал кийимдерин өзү жууп жайып жатыптыр.
- Келдиңизби? - деди ал жылмая карап, - Кир жуубасам болбой калды аке.
- Туура кыласың, - деп ичкери кирип жатып алды, негедир ал кардынын ачканын деле билбей калган, кээде жакшынакай эле жүрөт, кээде пайда болгон шум кулагына жаңыра берет: "Мени шайтан арбап алган го, кой молдого дем салдырбасам болбойт", - деп ойлонуп калганда: "Шайтан эмес, менмин Садыр, ар дайым сенин жаныңдамын, үйүңө бара албай калдым, мурда терс жолдо жүргөнүм үчүн мени тозокко салган, аерден шайтандын күчтүүсү мени өч алууга жөнөткөн, качан сен биякка келмейинче мен сенин азгырыгың болом, унутпа-а" , - дегенде ыргып турду. Ошол кезде Батырбек кирди:
- Мен бүгүн кайра тачка алдым аке, башка иш колумдан келбесе эмне кылам? - деп күлүп койду.
- Жакшы кылыпсың, менин сага айтаар жакшы жаңылыгым бар.
- Кандай жаңылык?
- Айжамалга жолуктум.
- Кайда экен, иштеп жатыптырбы? - Кубанычтуу карады.
- Ишинде эле экен, сен үйдү тазалап, өзүңдү ирээтке келтир да даярданып тур, мен аны эки күндөн кийин алып келем.
- Чын элеби? - Кыйкырып ийди.
- Акырын, отур мындай, ал деле өкүнүп жүргөн сыяктуу, - деди Садыр жай, токтоо сүйлөп.
- Оой аке, сизге рахмат, сизди көргөнүмдө эле мага бир кыдыр жолуккандай сезгемин, - деп Батырбек кубанычын жашыра албай кудуңдап жатты. Алып келгендерин ортого коюп эбак бир бөтөлкөнү катып койгон экен аны да алып келди, - Бул кубанычка ичпесек болбойт аке, мен сизге ыраазымын, эгерде Айжамал келсе эч качан оозума албайм.
- Ичкиликтин пайдасы жок иним, өмүрүңдү сай кылат, жашоодо өзүңдү-өзүң сыйлап өтүдөн өтөөрү жок, бакыт адамга үч жолу келет, пендебиз да сезбей кармана албай калабыз, - деп Батырбекке акыл-насаат айтып отурду, экөө аз-аздан ичип коюп көптө барып анан жатышты. Ал түнү негедир тынч уктады, эрте туруп кийинип алып басып жүргөн, артынан дабыш чыккансыды, токтой калды, бирок бурулган жок. "Келди, адам болуп жаралганы мындайга ишенчү эмес элем, өз башыма келди, көрсө экинчи дүйнө бар экен да, аны ойлонуп жаңылыштык кетирбешим керек эле, эми аргам жок", - деп ойлонуп калганда бирөө келип тамактан алды, жыгылып түштү, тамагынан муунуп баратканда: "Мени өлтүрбө айтканыңды кылайын, өлтүрө көрбө", - деп жерде тыпырап жатканда Батырбек чыга калды:
- Сизге эмне болду Үмөт аке? - Колтуктай өйдө кылды, ошондо эмелеги муунткан неме жоголуп кетти.
- Астмам бар эле, кармап калбадыбы, - деп күбүнүп зорго эс алды.
- Этият болуңуз, дарыңыз бар беле?
- Бар, жетишпей калдым, - деп жер карап тамагын кармалап турганда: "Жан керек экен ээ, алып кет дечү элең го, каалаганыңды кылайын дедиң го, жан таттуу бекен, мен дагы ошондой кыйналгамын" , - деген үн угулганда башын мыкчып үнсүз тегеренди: "Менин үй-жайымдан безип жүргөнүм азбы", - деп ойлонуп кетти. Ошондо Батырбек:
- Үмөт аке, тамагыңыз кызарып кетиптир да, - деди мойнун көрүп.
- Аа-а, кыйналганда өзүм тырмалап ийдим да, - деп жооп кылды.
- Ооруңуз жаман экен, дарыланбайсызбы?
- Өзүм жакшы элемин, кээде кармап калганы болбосо… - Уккусу келбей ары басты, айласы кетип көчөгө чыккандан дагы коркуп калды. Аттиң пенде, башына кыйын иш түшмөйүн кудайды эстебей, дөөлөтүнө манчыркап, тирүүлүктү жалгыз ээлеп тургандай түрдө бечаранын көз жашын, канын мойнуна жүктөп алып эч нерсе болбогондой кычырап гана өтүшөт го чиркин, жеринен момун, ак дил, таза пейил жаралган адам өмүр бою адал эмгеги менен жашаса да таманынан чор, маңдайынан шор кетпей оо дүйнө салат. Бул теңсиздик дешип кээ бир бечаралар тагдырына таарынып, кудайга, жаратканга наалат айтканычы? Ооба, бул өмүрдө баары болот, бирок алла тең, калыс экенин мойнубузга алгыбыз келбейт, бул дагы пенденин кемчилиги. Садыр дагы өз кылган күнөөсүнүн жазасын өтөп жатты, кезинде ойлонгон эмес, эми мите курттай жанын жеп, соо туруп жинди адамдай басып жүргөнүнө кейип-кепчип алат. Кайда бараарын да билбеди, өлбөс болуп жаралгандай жашоодон тажап турса дагы: "Өлсөм да балдарымдын маңдайында болгонум жакшы эле, талаада калбасам экен, шерменде өлүмдөн сакта", - дечү болду. Ал базарга жөнөдү, үнөмдөгөн акчасы түгөнүп, Батырбектин үйүнө тургандан бери тамак-аш көтөрүп келбей уялып жүргөн, сакалын таптакыр албай койгондуктан саксайып өсүп кеткен эле, базарга кирип: "Мен дагы тачка түртсөмбү жок дегенде күнүмдүккө тыйын таап турам", - деп ойлонуп кайра Батырбекке сүйлөшмөк болуп артына бурулганда: "Тээ тигини ал", - деп кулагына тааныш үн угулганда:
- Жок, жок албайм! - дегиче эле колу барып жайылып турган кийимге жабышты, - Жо-ок, албайм мени азгырба акмак! - деп колуна алып көтөрө качканда сатууучу узатпай кармап калды:
- Сакалдуудан уят кеткенин кара, уялбайсызбы уурдагандан, - деп жулуп алды.
- Жок-жок, мен эмес, ана тигил алды, ана тигине! - деп туш тарапты көргөзө баштады.
- Айныган неме окшойт, - деп сатуучу келин ары кетип калды. Садыр өзүнчө сүйлөп кетип жатты.
- Мен андай эмесмин, ишенгиле балдар, мен уурулук кылбайм, мени азгырып жатат, - деп кете берди.
Эмне кылаарын билбей, өз кадамынан өзү коркуп баратып аялдамадан өтүп кетиптир, кайра келип унаага түшүп Батырбектн үйүнө келип жатып алды. Кечинде Батырбек көтөрүнүп келди, экөө отуруп тамактанып көпкө сүйлөшүп отурушуп эртеси Айжамалга бармак болушту. Садыр Батырбекти жатпаса экен деп тилеп жатты, өзү жатса эле балээ басып кулагына ызылдаган үн угулгандан тажады. Түн, бир оокум болуп калган: "Сени кыйнап жыга албадым, менин убактым бүтүп баратат, эми сени алланын өзү жазалайт, сыр жашырганың жаман болду, ар бир адамга айта жүрсөң болмок, мендей эркектерди ылгабаган аял, сен сыяктуу эркектер эсине келип калаар беле, аялың момун жан тура, бейиштен орун алды, мен орто жолдомун, бейиштин оозу мен үчүн миң жылда ачылат, ага чейин тозок менен бейиштин ортосундамын" , - деп кулагына жаңырып турду: "Сен мени кыйнаганың үчүн дагы жазаландыңбы? ", - деди Садыр кадимкидей аны менен сүйлөшүп: "Жок, ал үчүн мени жазалабайт, күнөөлүүнү жети жылга чейин өлгөн адам өзү кыйнайт, менин өз күнөөлөрүм да бар эле, үч баланы жарыкчылыкка алып келбей туруп алдырып койгомун, чоңойгондо алдырганым үчүн азаптамын" , - деп унчукпай калды: "Эмне унчукпай калдың", "Мени бир гана күч кармап токтотуп жатат, сенин апаң, эми аялың дагы коргой баштады, айыпсыздардын сөзү бул дүйнөдө дагы өтүмдүү", - деп тымтырс болуп калды: "Аялымды көрдүңбү" , - деген сөзүнө жооп болбоду, бир кезде элес булас апасынын элеси көрүнүп, аппак көйнөк жоолугу делбирей жанына келди: "Балам, эмне мынча күнөөгө батып жүрөсүң, сени неберелеримди калкалайм, - деп кыйналдым, атаң экөөбүз силерди ушуга үйрөттүк беле, адам болуп жаралган соң, адам болуп жаша дечү элек, атаң дагы капалуу, сени азаптан кутулсун деп сени үйдөн кетирдик, эми балдарыңа бар дагы тынч жаша", - деди да булут сымал созулуп барып жок болуп кетти. Жаны жай ала ойгонгон Садыр жеңил ойгонду, көпкө жатты, али таң агара элек, тургусу келбей магдырап жата берди, бүгүн таң атса Айжамалга барышмак. Көпкө ойлонуп жатып туруп сыртка чыгып жуунуп өзүнчө жеңилдеп калганын сезди, анан кирип Батырбекти тургузмак болду:
- Ээ жигит тур, эртелеп ишти бүтүрүп келели, сага аялың керекпи? - деди күлүп.
- Аа-а, катуу уктап калганымды кара, - деп Батырбек туруп кийинип жуунуп, кийимдерин алмаштырып, жасанып жатты.
- Дал ошондогудай болуп көрүнүшкө аракет кыл, - деди Садыр жылмая, - Айжамал сени көргөндө сүйүп кала турган болсун.
- Ал сүйбөсө керек, сүйүүмдү ага мен таңуулагамын Үмөт аке.
- Эчтеке эмес, ал сени түшүнөт, сүйүп калышы да мүмкүн.
- Чын эле мени сүйөөр бекен Үмөт аке?
- Кам санаба, ак менен караны, булганыч менен тазаны түшүнүп, ылгап кала турган болгондур, - деди Садыр ойлуу, - Сен өзүңдү жакшылап каранып чыкыя барып каласың.
- Айжамал мени түшүнсө эле болду.
- Ал түшүнөт, сен алгачкы көргөнүндөй бол, гүлүңдү алып ал, жумушуна кете электе барып калалы, - деди Садыр, өзү чай коюп аны күтүп турду, ал кийинип, кастюмун кийип, галстугун тагынып алып:
- Үмөт аке, кана жагамбы? - деди күлүп.
- Азамат, жакшынакай эле жигит турбайсыңбы?
- Баары үчүн сизге рахмат.
- Эчтеке эмес, кана бир чыныдан чай ичип алалы, - деп Садыр чай куюп сунду, экөө шам-шум этип алып үйдөн чыгышты. Алар келгенде Айжамал жаңы эле үйүнөн чыгып келе жаткан, алдынан чыга калган Садыр менен Батырбекти көрүп тык токтоду, Батырбектин колунда гүлү бар:
- Салам Айжамал? - Батырбек гүлүн сунду.
- Салам, - деп Айжамал эмне кылаарын билбей жер карады.
- Айжамал, кечир мени, - Гүлдү анын колуна карматты.
- Кызым, иштериң жакшыбы?
- Жакшы аке, - Батырбектин колунан гүлдү алып жооп берди.
- Менин келээрим эсиңден чыкпагандыр?
- Жок, жумушка бараар убактым болуп калды.
- Мейли, Батырбек мен өз ишимди кылайын, силер аздап сүйлөшкүлө, - деди да жолуна түштү.
- Айжамал, мени кечир, бар күнөөм ишимди жашырганым го?
- Батырбек, кечире тургандай күнөөң жок..
- Чынбы, сен мени күнөөлөбөйсүңбү? - Кубанычтуу маңдайынан өөп ийди, - Демек бирге болуубузга болобу?
- Батырбек, биз эми бирге боло албайбыз.
- Эмнеге? - Супсуну сууй карап калды.
- Мен күйөөгө тийгем…
- Эмне дейсиң, качан?! - Батырбек эмне кылаарын билбей туруп калды.
- Ооба, өзүм каалагандай, даяр үйдүн ээси болгум келген, мансаптуунун жанында жүргүм келген, бирок алар ошончолук жан дүйнөсү жарды адамдар болоорун сезген эмесмин…
- Болуптур эми, демек Үмөт акеден жашырдың?
- Ооба, айта албадым.
- Күйөөң кайда эле?
- Ажырашып кеттим.
- Эмне, андан дагыбы?
- Ооба, менден угаарыңды уктуң, эми бара берсең болот, - деп жөнөй бермек болгондо Батырбек аны карыдан алды:
- Эми эмне кылайын деген оюң бар?
- Тагдырымдан көрөм…
- Азыр ишиңе бара бер, мендей тачкисти эсиңе алып коеорсуң, мен эртең кечинде келем, жакшылап сүйлөшөбүз, кандай дейсиң?
- Ойлонуп көрөйүн, - деди дагы Айжамал тез басып кетип калды, Батырбек анын артынан карап туруп: "Мен мунун кетип калганына ичим ачышып колумда жоктугуна ата-энемди күнөөлөп жинди боло жаздап жүрсөм бул эрге тийип чыкканга жетишкен тура, эми эмне кылсам, ушул бойдон тим коюп башка аял алып жашай берсем бекен", - деп ордунан жылбай көпкө турду да башын шылкыйта үйүнө жөнөдү. Кайра келип тачкасын алып кечке иштеди, тааныш балдары аны таңгала карап кээси ага тамаша ыргытып жатты.
- Батырбек аке, сизди аябай байып бир кабинетте отургандыр десе кайра келдиңизби?
- Силерди сагындым да.
- Ошондой деңиз, болбосо депутаттыкты ута турган акча жыйнадыңыз эле.
- Менин ордум депутаттык кресло эмес, силердин жаныңарда да, - Баары каткырып калышты. Ошол күнү клиенти жакшы болду, кечинде канчалык чарчаганы менен чөнтөгүнө түшкөн акча анын көңүлүн көтөрө эт-аш алып келсе Садыр үйдө экен.
- Келдиңизби Үмөт аке?
- Ооба, жолугушуу кандай өттү?

#31 15 January 2016 - 03:07
----Жаман.
- Эмнеге?
- Айтпаңыз, барганыма өкүнүп турам.
- Анчалык эмне болду?
- Үмөт аке, ал күйөөгө тийип чыгыптыр…
- Ошондой бекен?
- Ооба, өзүм шок болдум.
- Да-даа, бирок терең ойлон, сен аны сүйөсүң туурабы?
- Сүйөм, бирок ошонусу…
- Батырбек, аялдын эмнеси коромок, тийсе тийгендир, бирок ал сендей болгон эмес, анан кетип калган, демек анын да сага деген сезими бар, - деп Батырбекти карады.
- Ошондойбу?
- Албетте, ал жаштыгына, сулуулугуна чиренип бир өмүрдү каалагандай өткөргүсү келди, бул жөн гана кыялы болсо керек, анан ал сени унута албады, дал сендей абалда болгон, - Ишендирмек болуп көпкө ар кандай сөздөрдү айтып жатты.
- Анда мен аны кайра алсам болот экен да?
- Эмнеге болбосун, башка бир аялга үйлөнөсүң, ал деле сенден мурун бирөө менен жүргөн, азыр кимге ишенесиң, айрыкча аялзатынын жетимиш сексен пайызы байлыкты жакшы көрүшөт, жакшы кийим, кооз-кымбат жасалгаларды сүйүшөт, жакшы сөзгө бат ээрип кеткен назик, сезимтал жан келишет.
- Чын эле…
- Андан көрө кайра дагы бар, кайрадан бирге жашасак болобу деп өтүн.
- Эртең кечинде бараарымды айткамын.
- Аз-замат, туура кылгансың, адашкандын айбы жок, кайрылып үйрүн тапкан соң, - деген сөз бар. Аял деген азгырык, аны азгырган эркектер дагы себепчибиз, - деп өткөнүн ойлоп ийди, кылт этип эсине түшкөндө эси чыгып кетет, тура эки жыл бою балээден кутула албай тарткан азабы көөнүнөн чыкмакпы, экөө унчукпай калышты, Батырбек алып келген этин кичинекей кастрюлга салып асып коюп чай ичишти. Кобурашып көпкө отурушту, үйүн бүтүргөнгө жардам бермек болду Садыр. Эт бышып камырдан салып тоюп алып анан жатып калышты. Эртеси эрте туруп экөө тең базарга жөнөдү, Садырга дагы сүйлөшүп тачки алып берди, кашайып сакалы сапсайып карыган адамга эч ким жүк салгысы келбей көпкө жүрдү, анан бир жаш келин ага жүктөп алып машинасына чейин алып барды, жүктөп бергенден кийин:
- Ата, муну чай ичип коюңуз, мен күйөөмө куран окутуп жаттым эле, - деп беш жүз сом карматты.
- Балам, мен өз эмгегимди алам, мунуңду кой, уят го?
- Алыңыз, менин дагы сиздей атам бар, жылуу үйдө, мештин түбүндө отураар курагыңызда минтип оор жүк ташып жүрүпсүз, чай ичип коюңуз, - деп машинасына отуруп жөнөп кетти.
- Садыр аябай жаман абалда калды, жашы элүүгө чыга элек кырк сегизде эле: "Минтип карыялардын баарына сөз келтирбесем болду, ушунчалык март адам болот экен да, отуз сомдун ордуна беш жүз сом алуу оңбогондой көп да", - деп ойлонуп алды. Андан кийин майда барат ташып кечке жакшы эле иштеди, кеч кайтты, ал келсе Батырбек эбак келип кайра Айжамалга кеткенин билди: "Бечаралар, ымалашып калаар, Батырбек деле жаман жигит эмес экен, ак көңүл, пейили таза, жан адамга деле жамандыгы жок", - деп ойлонуп алып келген этин асып, туз салып коюп уктап калды уктап жатып түш көрдү, түшүндө ата-энеси экөө тең көрүндү, апасы: "Балам, кан куткарбайт деген бар, сен этияттап жүр мындан ары, сен кыйналган сайын биз дагы кыйналабыз, мындан ары намаз оку, таза жүр, кудай алдындагы күнөөңдү жуугуң келсе бирөөгө жакшылык кылуудан баш тартпа, ачка калсаң дагы алдыңдагы ашыңды берип башка адамдын өмүрүн сактаганга аракет кыл балам", - деди да көздөн кайым болду. Ойгонуп алып кайнап жаткан тамактын чий көбүгүн алып сапырып тузун көрдү, бул кезде Батырбек менен Айжамал экөө сүйлөшүп отурушту:
- Айжамал, сен менин сүйүүмө ушундай жооп кылдың, эми эмне кылайын деген оюң бар, мына дагы алдыңа келип отурам, мен сени сүйгөнүмдөн баарына кайыл болуп отурам, дагы да сүйөм сени, сен кеткени көзүмдү ачпай ичтим, аял аттууну жек көрдүм, - деп Батырбек Айжамалды карап жооп күтүп калды:
- Батырбек, балким мени түшүнбөссүң, ишенбессиң, бирок өзүм да кийин түшүндүм, жаңылганымды кеч сездим сени сүйөөрүмдү, көрсө менин ордум, бактым сени менен гана экенине, кечире алсаң кечир, - деди Айжамал жер карай.
- Демек мени менен жашоого макулсуңбу, тачка түртүп тапкан акчамды жээрибейсиңби?
- Жок Батыр, көрсө ак эмгек менен тапкан нандын даамы таттымдуу болот туура, кечирип кой, экөөбүз бирге болбогон күндө дагы сенден кечирим сурашым керек эле.
- Айтпаганым үчүн сен дагы мени кечир.
- Батырбек?...
- Ооба, мен сени сүйөм, кайрадан менин жарым бол деп суранам, - деп Батырбек жанына келип колунан кармады.
- Батырбек, чыныңбы ушул? - Айжамал көздөрүн жайната кубанычтуу күлүмсүрөдү, - Чын айтып жатасыңбы?
- Ооба, чын жүрөгүм менен айтам, баягы бүтпөгөн үйгө мени менен барып жашаганга макулсуңбу?
- Жан дилим менен бүтпөгөн үйдү экөөлөп бүтөбүз, биргелешип баарын жасабыз Батыр! - Экөө кучакташып көпкө отурушту.
- Айжамал, бир нерсени чечип алышыбыз керек.
- Айта бер, кулагым сенде.
- Бири-бирибизден сыр жашырмай жок, жүйөөлүү нерсе болсо экөөлөп чечебиз, өз бетибизче иш кылбайбыз.
- Буга мен макулмун, - Айжамал күлмүңдөй карады.
- Эгерде ишиң чыкса, же иштешкендериң менен бир жакка бара турган болсоң мага эскертесиң.
- Жа-арайт, буга дагы макулмун.
- Үчүнчү сураныч, сен жөнүндө башкадан укпайын, өзүң айт, кандай сөз же бир өзгөрүү болсо.
- Айтканыңдай болот.
- Эмесе келиштик деп ойлойм.
- Келиштик.
- Эмесе үйгө кеттикпи?
- Азырбы?
- Эмнеге күтөбүз, өз үйүбүзгө кетели.
- Макул, эгерде тергөөчү болсоң курутмак экенсиң, такси алып келе кал, бир аз төшөнчү алып кетели.
- Жарайт, - Батырбек макул болду, анткени үйдөгү кир жууркан төшөгүнөн өзү жийиркене баштаган болчу. Бат эле такси алып келип бир аз буюм-тайымдарын алып жөнөштү, Садыр тамакты бышырып, этти чыгарып, кесме салып коюп күтүп отурган дүр этип машинанын үнү угулганда чыга калды, алар жүгүн түшүрүп жаткан.
- Оо жаш жубайлар, келип калдыңарбы? - деп кучак жая тосуп алды, - Куш келипсиңер балдар!
- Келип калдык Үмөт аке.
- Жакшысызбы ава?
- Жакшы-жакшы балдар, дал учурунда келип калдыңар, - деп бакылдап жүктөрүн көтөрүшүп ичкери алып киргизди, үчөө отуруп тамактанганы дасторконду тегеректей отурушту, - Силерди келет деп беш бармак жасап койдум, Айжамал келинимдин келиши үчүн, - деп жакшы виносун алып чыкты.
- Оо Үмөт аке, сиз коноктогону калдыңыз го?
- Албетте, конок болгонду билген киши коноктогонду да билиши керек го?
- Рахмат Үмөт аке, сизге ыраазыбыз.
- Кана балдар, тамакка карагыла.
- Сизден келсин, - дешип бири-бирин сыйлап алың-алың, - деп тамактан алып кызыл винодон ичип коюп отурушту, Айжамал ушул күнү өзүн бактылуу сезип отурду, Ашым менен жашаган алты айдын ичинде өзүн абдан жаман абалда, керексиз буюмдай сезилген мүнөттөрүн эстеп кетип, дароо жанында отурган Батырбекке карады, өткөндү эстегиси келбеди.
- Айжамал, кел эми мындан алып отур, сен экөөбүздү да ушул киши бириктирип, себепкер болуп башыбызды кошконунан ыраазы болуп, рахмат айтышыбыз керек, мен таптакыр өзүмдү таштап, Айжамал деген гана оору менен алышып, ага аракты шерик кылып калганымда башымды өйдө көтөрүп, акыл-насаат айткан ушул аке, - деди Батырбек.
- Ыраазымын аке, мен дагы жаңылганымды кеч сезип ойлоно баштаган кезим эле, учурунда барып калдыңыз, - деп күлдү Айжамал.
- Бир нерсеге бир нерсе себеп деген ошол, силердин тагдырыңар менсиз дагы кошулмак, болгону алла мени силерге элчи кылып жиберди, - деп Садыр экөөнү ойлуу карады, - Мындан ары бириңди-бириң сыйлап, угуп өмүрүңөрдө өкүнбөй турган болгула, кудай силерге узун өмүр, бөксөрбөс ырыскы, кемибес бак-таалай берсин балдар, ооми-ийин! - деп экөөнө бата берди Садыр.
- Айтканыңыз келсин.
- Рахмат сизге, сиз дагы жакшы жүрүңүз.
- Эчтеке эмес, эми ата-бабанын арбагына бир куран окуп коелу, ата-арбакты эстей жүргөн жакшы, - деди да өзү куран окуп узакка отурду да ичинен ата-энесин, Айдай менен Гүлайымды кошуп атап бата кылды, - Эми балдар бир-эки күндө мен дагы үйгө кетем, - деди.
- Үмөт аке, сиз кеткени калдыңызбы?
- Ооба, кетишим керек, - деди ойлуу.
- Сизди бизге кудайым кыдыр кылып жөнөткөн го, биздин башыбызды кошуп коюп эле кетип каласызбы?
- Кетүүмө туура келет балдар, - деп көзүн ылдый каратты, бир эле калаа, чоң шаарда аны эч ким таба алмак эмес эле, билинбей арадан үч ай өтүп кеткен экен, ойлонуп сырткы бөлмөгө орун салып жатып калды, ички бөлмөдө бүгүн жубайлар жатышмак: "Ушуну менен кутулганым чынбы үйгө барсам эмне дешет, кайда жүрдүң дешсе эмне, - деп жооп кылам, кандай болсо дагы аман-эсен көрсөм болду, ошолордун жамандыгын көрбөсөм болду, залакам тийбесин деп тентидим, жаратканга шүгүрлүк, калыстык кылды, ушуну менен баардык азап-тозок артта калсын", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Уйкусу тынч болуп кандай таң атканын сезбей, уйкусу канбай калганына таңгалчу болду: "Уйку тынчылык деген ырас тура, жалаң арбак менен алышып жүрүп кандай уктаганымды билбей жүрсөм, эми уйкум канбай калчу болду, а айланайын тирүүлүк аа-а, тирүүлүктүн жышаанасы өзүнчө бир касиеттүү болот тура", - деп ойгоо жатса сырттан кобур-собур угулду. Көрсө Батырбек эрте туруптур, ал сырттан кирип:
- Үмөт аке, ойгоно элексизби? - деди.
- Ойгоомун, эмне болду?
- Мен кызык абалда калдым, сизди бир келин издеп келиптир.
- Эмне дейт?
- Кайнатама окшоштурдум, үйүңүздө жүргөн киши ким дейт.
- Кандай неме экен?
- Жаш келин.
- Эмне дедиң анан?
- Ал башка адам, аты Үмөт эмеспи десем жок дейт.
- Мейли, азыр жоголгон адам толтура, окшоштурса окшоштургандыр, - деп кийинип эшикке чыкты: "Аида болсо керек, ал мени кайдан көрдү экен, маршруткадан көрдүбү, жо-ок ал биякка эмнеге келмек эле, ал мүмкүн эмес, кайнатам деп андан башка ким айтмак эле, башка бирөөнү издеп жүргөн немедир", - деп ойлонуп жуунуп ичкери кирди. Үчөө чогуу эртең мененки нарды бирге ичип алып үч башка жөнөштү, Садыр эмне кылаарын билбей ээн жакка барып кечке ойлонду. Анан кайра Батырбектин үйүнө келди, ага чынында акча керек эмес эле, келип кечке чейин кийимдерин жууп жайып дагы тамак жасап үйүн жыйнап күтүп жатканда Батырбек, андан кийин Айжамал келди. Алар ага ыраазы болуп, калганын Айжамал өзү шыпылдай жасап жатты, Батырбек менен Садыр сыртта сүйлөшүп отурушкан:
- Үмөт аке, эртең Айжамал экөөбүз нике кыйдыралы деп жатабыз, сиз катышасызбы?
- Силер кал десеңер калайын.
- Эң сонун, буйруса никени жаңыртып коюп анан тынч өмүр сүрүүгө болот.
- Ата-энеңди унутпа, алар сени ойлонуп карыган кезде азаптанышын эсиңе ал, ата-эне үчүн бала эң биринчи бакыт, сенин бактылуу болушуңду гана каалашат, өзүң дагы ата болосуң, ошондо кеч болуп калат, өзүңдөн кийинки ини-карындаштарыңды карашың керек Батырбек.
- Туура Үмөт аке, эми сөзсүз барабыз.
- Баргын, унутуп калганың болбойт.
- Сизге рахмат Үмөт аке, адамды сыйлашты, кечиримдүүлүк менен токтоолукту үйрөттүңүз, бала кезимде апам көп эле нерселерди айтаар эле, көрсө мен таптакыр көңүл бурбаптырмын, көрсө анын айткан акылын кулагыма илбепмин, - деп Батырбек жер карап өз кылыгынан уялгандай болду. Ошол кезде Айжамал:
- Батыр, тамак ичип алып, менин жүктөрүмдү алып келе калалы, батирди бошотушум керек, - деди.
- Болуптур, жүрүңүз аке, тамак ичели, - деп Үмөткө карады. Үчөө тамак ичип бүткөн соң Айжамал менен Батырбек дароо кетишип бир-эки сааттан кийин чоң машина менен жүгүн алып келип калышты. Алым менен ажырашканда бир топ мебель менен килем паластарды алганга акча катып алгандыктар бир бөлмө үйдү жалдап толтуруп алган эле. Эки бөлмө үйү заматта өзгөрүлүп дүнүйөгө толо түштү. Айнек пардалары менен эшик пардалары абдан кооз болуп үй ичин башкача көрккө бөлөдү: "Адамдын көркү чүпөрөк", - дегендей өңү серт адамды адеми кийим кийгизип койсо көзгө толо түшкөндөй үй ичи дагы көңүл сергитип кооз боло түштү.
- Мына, үй ичи болсо көңүлдү эргитип сезимдерди козгой турган болду, кантсе дагы аял үйдүн куту деген ушу да, - деди Садыр, ушул кезде ал өз аялы Гүлайымды эстеп кетти, бир жолу жаңы парда алып келип тартып алып: "Садыр, кыздарыбыз бойго жетти, куда-кудагый күтүп калсак кеп кылат, Шумкарым дагы үйлөнөм деп турат, үй жайыбызды оңдоп алсак жүзүбүз жарык эмеспи", - деп кубанычтуу күлүмсүрөгөн эле: "Байкушум ай, куданы күтүп тилегиңе жеттиң, бирок бакыттын чегине жетүү кыйын экен, калган эки уулуңдун аялдарына маңдай жарып кубанып, жооолук сала албай калдың", - деп каңырыгы түтөй бир ордунан жылбай турганда Батырбек:
- Үмөт аке, сыртка чыгып коюңузчу, - деди эшиктен баш багып.
- Эмне болду? - деп шашыла чыга калса уулу Кумар менен Аида экен, ал эч нерсе болбогондой Батырбекке кайрылды, - Эмне кеп?
- Сиз менен жолуксам дешет…
- Угуп жатам, - деди Кумар менен Аиданы карап.
- Сиз… сиздин атыңыз Садыр эмеспи? - деди Кумар, анткени ал таанып тааный албай турду, өсүп кеткен сакалдары, чачы кулагынан ылдый түшүп, жаак эттери шылынып өтө арыктыгы, кийимдеринин ирээтсиз болуп бырыш-тырышы аны алардан бөлүп турду.
- Жок, менин атым Үмөт деген болот, тээ алыскы айылданмын, жакында үй-бүлөөмө кеткени турам, - деди ойлуу, өзүн араң кармап көзүнө жаш тегеренип кеткенин байкатпаска бурула берди.
- Сиз… сиз… - Кумар бир нерсени сезгендей обдула бергенде Аида кармап калды:
- Кеттик Кумар, башка киши турбайбы, жүрү кеттик.
- Билбейм, билбейм жеңе, бул жерде бир нерсе бардай…
- Көрдүң го, башка киши экенин, атам болсо бизди таанымак да, - Аида Кумарды колтуктай машинага жетип отурушту да жөнөп кетишти, Садырдын жүрөгү ачышып: "Шашпагыла балдарым, эртең өзүм барам, силердин амандыгыңар мен үчүн бакыт", - деп ойлонуп эшиктин алдында тура берди.
- Үмөт аке, карасаңыз кандай кызык, мен дагы сизди Садыр акеге окшоштургамын, булар дагы ошентип келишиптир да, адамга адам мындай окшош болоорун уксам дагы мынчалык окшош болоорун билген эмесмин, көрсө боло берет тура, - деп жанына келди. - Ал Садыр акеге эмне болду экен, жакшы киши эле, шаарда турушат, баласы менен таанышып сурап койбопмун.
- Билбейм, мени көп адамга окшоштура беришет.
- Сиз сакал мурутту канча жашыңызда койдуңуз эле?
- Өтө жашымда.
- Ошондо…

#32 15 January 2016 - 03:08
Жыйырма беш…
- Намаз окубасаңыз деле коюп алгансызбы?
- Жок, намаз окугандар эле коет бекен, мага жагат.
- Канча балаңыз бар?
- Эки уул, бир кыз, - деп тунжурай түштү: "Экөөнү учуруп жибердим, алар үчүн күнөөмдү көтөрө албай минтип жүрөм, тагдырга тан бере албайт экенсиң да", - деп ойлонуп турду.
- Жакшы экен, бактылуу адам экенсиз, бала деген жакшы болсо керек ээ Үмөт аке?
- Анан эмне, бала кан-жаның менен барабар, артыңда калып тукумуңду өстүрөөр мураскериң, - деди Садыр абдан терең ойлонуп.
- Ооба, ырас эле, биз дагы балалуу болсок ошентип кубанат экенбиз да!
- Албетте, балалуу болуу чоң бакыт иним, - деп көпкө отурушту, сыртта. Айжамал бүгүн жекшемби болгондуктан үйдө, өзүнчө убараланып жүрөт, ушул кезде Батырбек: "Айжамал мурун мындай эмес эле, көрсө адегенде эле мени сынамак болуп келген тура, ойлогону байлык болуп келсе менин тачка түрткөнүм жинин келтирип чыдабай качкан экен, балким байлардын бири жакшы карап, мендей сүйгөндө кайрылып келмек эмес экен, буга өзү байлык керек окшойт", - деп ойлонуп отурду. Айжамал тыпылдап үй тиричилик менен алек, кечкиге өзү билип тамак даярдап, кайра Батырдын кийимдерин жууп кеч киргизди. Ал күнү аерде калып Садыр эртеси эрте чыгып кетип чач тарачка кирип, сакал мурутун, чачын алдырды да терең деп алып алгандан кийин үйүнө кетчү маршруткага түшүп жөнөдү. Үйүнө жакындаган сайын жүрөгү лакылдап баратты, аны адегенде коңшусу көрүп калды:
- Оой Саке кандай, бу кайда жүрөсүң кошуна? - деп кош колдой.
- Кандай, жакшы турасыңарбы?
- Кудайга шүгүр, баары жакшы балдарыңа кыйын болду, энесинен ажыраганы аз келгенсип сенин дайныңды билбей жаман болуп жүрүшөт.
- Мейли, мен үйгө кирейин, - деп дарбазасына жетип колдору калтырай бир азга турду да шарт ачып кирип барды, эшик суук болгондуктан сыртта эч ким жок эле, бирок аны бир кызык жаңылык күтүп турган эле, ал жаңылык Кумар мектепти бүткөн соң үйдө болуп калып жеңеси Аида менен бири-бирин сүйүшүп калып үйлөнгөндөн тартынып жүргөн кездери эле. Аида Кумардан үч жашка эле улуу, ошондуктан кайнисин күйөөсүнө окшоштуруп экөө жакындан сүйлөшүп чече албай жүргөн. Кирип келгенде эле небереси Нурел көрө калды:
- Ата-а, ата кейди!
- Нурел, - деп чыга калган Умар атасын көрө коюп саамга туруп анан, - Ата, келдиңизби ата? - деп кучактап калды.
- Келдим уулум, келдим…
- Кайда жүрдүңүз, неге кетип калдыңыз?
- Уулум, менден эч нерсе сураба, силерди аман-эсен көргөнүмө тобо, - деп Садыр ыйлап небереси менен уулун кучактап алып ыйлап, жыттап алып сүйлөп жатты, - Силерди көргөнүмө шүгүр садагаларым…
- Ата, ыйлабаңыз эми, - Умар атасынын кучагынан бошонуп көз жашын аарчыды, - Болду эми ыйлабаңыз.
- Кумар кайда?
- Ал жеңем менен базарда.
- Жардам берип жүрөбү?
- Ооба, - деп койду Умар, ал өзүнчө ичтен тынып сыр жашыргандай болду, анткени ага-жеңесинин мамилесин билгендиктен унчукпады.
- Мейли, жардам берсин, Даткайым келип жатабы?
- Күн алыс келип турат, жездем Россияга кеткени жатат, ошондо эжем биз менен болом деген, эки баласы менен жакшы эле жүрөт.
- Ошентсин, - деп төргө кыңкая кетти, аны көбүнчө ээрчиген караан кыйнаганына жаны ачышып, бирде чоочулай коркуп кетип: "Акарат кылбайынчы, кесирим тийбесин дагы", - деп ойлонуп жатканда:
- Ата, ата-а, - деп Нурел жанына келди, - Ато-ов.
- Оов садагасы, кел жаныма отур.
- Ата-ата, апам кейет, апам нан акейет.
- Ооба уулум, апаң алып келип берет ээ? - деп өйдө болуп небересин өөп алдына алып отуруп эркелетип жатты, - Атасынын уулу го, айла-анайын десе.
- Ата, кайда жүрдүңүз? - Байкоостон кирип келген Кумар атасын көрүп эле сурап ийди, - Ата! - деп кайра келип кучактап калды, анын артынан кирген Аида селдээ туруп калды: "Бул кечээки эле киши болчу, эмнеге үйдөн качты, эмнеге ушул чоң шаарда таптакыр табылбай койгон, эмне кылып жүрдү, аялы өлгөндөн кийин дайынсыз кеткени кызык", - деп ойлонуп турганда Кумар атасын кое берди, - Сизди канча издедим, эч жерден таба албадым.
- Ата, жакшы келдиңизби? - деп ортодон Аида учурашып калды.
- Жакшы балам.
- Ата, айтчы деги, эмнеге кетип калдыңыз? - Кумар атасын суроолуу карады, Садыр унчукпай көпкө телмирип отура берди, эмне демек, кандай жооп кылмак, айта турган жообу да жок эле, унчукпай коюдан өткөн жооп жок эле.
- Кумар, атамды кыйнай бербегиле да, - деп Аида кайнисине кайрылды, - Эми эле келсе, сурай бербегиле.
- Кантип сурабайм, биз кандай убара тарттык?
- Кой балдарым, менин силерге берээр жообум жок, мына келдим, соттосоңор да, оттосоңор да өзүңөр билгиле, - деп шылкыйды Садыр. Кумар менен Умар бири-бирин карап тим болушту, Аида өз иши менен алектенген тейде кыбырап казан-аягында. Эч кимиси үндөбөй отуруп тамактанып анан жатып калышты. Эртеси Даткайым жетип келди, кимден укканы белгисиз угуп келген экен.
- Ата, - деп учурашып ыйлап алды, кантсе дагы ургаачы эмеспи. Ата, эмнеге айтпай кетип калдың, кайда жүрдүң, апамдан ажыраганыбыз аз келгенсип сизди таппай калып жаман болдук.
- Ыйлаба кызым, мен силердин миң ирээт берген сурооңорго бир жолу дагы жооп бере албайм кыйнаба, дагы келгениме кубангыла, силерди көрбөй каламбы дедим эле, ушуга шүгүр, - деди оор дем ала Садыр.
- Ата, ошончолук кандай жашыруун ишиң бар эле?
- Кой кызым, андан көрө күйөө бала жүрөбү, кайын журтуң тынчпы, балдар чоңоюп жатабы? - деди сөздү башкага бура.
- Жакшы жүрүшөт, салам айтышты.
- Саламат болсун, Элдар Россияга барганы жатабы?
- Ооба, эмки жумада кетет, азыр өзү дагы келип калат.
- Мейли, аман-эсен жүрсөңөр болду, - деп Садыр күңгүрөнө отуруп калды. Андан кийин айыл-коңшулары дагы учурашып кирип-чыгып кечке эшик тынбады, Аида үйдө калган, келгендерге чай коюп узатып жатканда Аиданын ата-энеси келип калды, алар аны укпай эле кызын алып кеткени келген экен, Садыр менен учурашып төрдөн орун алгандан кийин Сабыржан сөз баштады:
- Куда, келип калыпсыз, Шумкардын өлгөнүнө эки жыл болду, эми Аиданын башын азат кылгыла, уруксат берсеңер алып кетели.
- Мен жаш немени кармай албайм, арга жок уулумдан айрылып калдык, Аиданы мен кызымдай эле көрөм, кетем десе койсо өзү билсин, кет дегеним болбос…
- Аның туура куда, сиздерге ыраазыбыз, Аида баласынан эле чыга албай жатат, баланы алып кете берсек барып көрүп турасыңар, - деди апасы Айсулуу.
- Апа, - деди, Аида кирип, - Мен баламды алып да, таштап да кетпейм, ушул үйдүн босогосун кандай аттасам ошондой эле чыкпайм.
- Эмнеге, өмүр бою ушул жерде калат белең? - Айсулуу ормое карады.
- Куда, бүгүн жай отуруп конок болгула, сүйлөшөлү кеңешели куда, - деп Садыр аларга кайрылды, - Нурел турбайбы, дагы далай жолугушуп бет маңдай сүйлөшөбүз, Аида түбөлүк биерде калбайт, аны кармаганга акыбыз дагы жок, акыры убакыт келет.
- Макул эми, өзү билсин, өз тагдырын өзү чече турган куракка келди, - деп Айсулуу кызаңдай кызын карады, ошол кезде Кумар кабак бүркөй видик көрүп кулагын аларга салып угуп турду. Аида сыртка чыкканда кошо чыкты да:
- Аида, сен апаң менен ачык эле сүйлөшпөйсүңбү? - деди акырын.
- Кантип, алар дагы, сенин атаң дагы ошого макул болушаар бекен, ишенбей калдым, агасынын аялын иниси алат деген шумдукту угушса чалкасынан түшүшүшөт го?
- Түшүшпөйт, атама өзүм айтам.
- Качан, кантип айтасың?
- Ушинтип эле, азыр булар кетишсин, жай түшүндүрөм.
- Өзүң бил, азыр үйгө кир, - деп Аида күлүп Кумардын мурдун чымчып койду, - Бар эми.
- Сени жалгыз коркпосун деп жатпайынбы, - деп артынан бош кучактай кулагына шыбырап коюп кирип кетти.
- Жинди, - деп Аида күлмүңдөй кубанычтуу сүйлөнүп коюп ата-энесин сыйлап тамагын ортого алып келди. Бакылдашып сүйлөшүп отуруп кеч кетишти. Алар кеткенден кийин өз-өз бөлмөлөрүнө кирип жатып калышты, түн бир оокумда Кумар акырын кирип жанына жатып калды:
- Мен күтө албайт окшойм Аида?
- Эмнеге?
- Чыдай албайм, жашырынып жүргөндөн тажадым, - деди аста өөп.
- Эл эмне дээр экен?
- Эмне демек эле?
- Агасы өлсө иниси аялын алып алды деп, уялып кетем ойлосом.
- Эмне болмок эле, акем өлдү, айлабыз жок, тирүү адамдарга жашоо керек эмеспи, анын үстүнө мен өзүм сүйүп калдым, атам каршы болбойт болуш керек, эжең эле мени жаман көрбөсө, жаш баланы азгырып алды деп, - Аида кайнисин сынай карады, - Элдин ушагына чыдай албай бир күнү качып жүрбө?
- Эч качан качпайм алтышка, сен эле мени агамдай көрбөй башкага кетип калсаңчы?
- Мен дагы эч жакка кетпейм, бала силердики, башка эл, бөлөк жерге алып барып түрткүнчүк кылганча ушул жерден өлсөм да жылбайм.
- Сүйлөштүк анда, мен сен үчүн, сен мен үчүн чыдайбыз ээ?
- Ооба чыдайбыз, - Экөө ыссык өбүшүп алышып акырын бөлүнүштү, андан ары өтүшкөн жок. Аида мурунтан эле Кумарды жакшы көрө турган, Шумкар аны бир көрүп ала качып алган, келген күндөн эле бирине-бири салкын болчу, эми ал өз тилегине жетүү үчүн бир гана баласы үчүн эмес өз бактысы үчүн дагы баарына кайыл болуп турду…
Асылай турмуш жолуна аттанганы өзүн бактылуу сезип, Бакайды өзүнчө сынай карап, өзүн чындап сүйөбү же жөн эле айтып жатабы деп ойлонуп жүрдү, Бакай чын жүрөгүнөн сүйөт, анткени сабактан келээри менен эле:
- Асылай сабактан келдиби? - дейт апасына.
- Ооба, келген балам, бүгүн эрте келди, кудагый көшөгөсүн алып келет экен, боорсок жасаганы жатабыз балам, союшка кетишти, - деп Баалы уулуна буларды айтып жатканда Асылай үйдөн чыга калды.
- Бакай, сен эми келдиңби?
- Ооба, - деп Асылайды көздөй басты, - Мени күтпөй баса берипсиң.
- Шашып калдым, Алтынай эжем университетке келиптир.
- Мейли, анда камыныш керек, ишиңди кыла бер, мен кийимимди алмаштырып алайын.
- Тамак ичесиңби?
- Азыр, даярдай бер.
- Бакай, апам алты киши барат деген, ошону апама айта албай жатам, сен айтып койчу, - деди кысына.
- Макул, айтып коем, анын эмнесине тартынасың, апам өзү канча киши келет экен деп сураган жокпу?
- Жок, сураган жок.
- Мейли азыр айтам, - деп Бакай төркү үйгө кирип кетти, Асылай Бакайдын тамагын даярдап дасторкон жайды, - Кардым жаман ачты, сени күтүп тура берипмин да.
- Мен айта албай калдым да, - деп экөө тамактанып алып жумушуна киришти, эки күн даярданып анан келээрин күтүп калышты. Салтанат таежесин, Алтынайды анан курбусу Акылайды, тайкесин аялы менен ээрчитип келген. Алты кишини ээрчитип келип септи кошо ала келгенин көргөндө кудалары тыпырап эле калды. Абдан жакшы келген экен, алар дагы жакшы тосуп алышып түнү бою коноктоп сүт акысына бир жылкы айтышты, кийиттин алдын кийгизип жөнөтүштү. Салтанат эки кызынан көңүлү тынгандан кийин анча-мынча "жигиттерин" үйүнө ээрчитип келе баштады. Ошол күнү бир көрүнүктүү адам менен отурган, ошол кезде телефон шыңгырап калды, ала койсо Болот.
- Алло Болот, менин үйүмдө конок бар эле, өзүң билесиң кызым турмушка чыккан, туугандарыбыз бар эле, кечир азыр жолуга албайм, - деди да трубканы коюп койду.
- Ал ким экен? - деди тиешеси болбосо дагы Денис Ахмедович.
- Таанышым, жолуксакпы дейт.
- Аа-а, сиздей белгилүү адамга жете албагандар көп болсо керек ээ Салтанат? - деп семиз денесин былкылдата күлүп, - Мен бактылуу экенмин ээ, жаныңызда отурган?
- Ошондой го? - Салтанат кылыктанып карап жанына отурду.
- Сизди сүйүп баратам Салтанат жан.
- Сиздин сүйүүңүзгө арзысам кандай бакыт?
- Арзыбаганда кандай, бир көргөндөн бери аялымды да көргүм келбей калды, - деп күлүп калды.
- Ырас айтасызбы Денис Ахмедович?
- Албетте ырас айтам, адамды алдоо оюмда дагы жок.
- Ишендим, - Кылыктуу күлүмсүрөдү, Денис Ахмедович аны кучактап алып төш чөнтөгүнөн алтын чынжырча алып чыкты:
- Бул сизге Салтанатжан, менден арзыбаган белек болсун.
- Рахмат, бул белегиңизди көтөрө алаар бекенмин?
- Көтөрөсүз, сиздин кадыр-баркыңыз үчүн дүйнө жүзүн кыдыртып келсем дейм, убакыттын жоктугу гана чиркин.
- Ушуга дагы шүгүрчүлүк.

#33 15 January 2016 - 03:10
Келчи, бир жыттап алайын, - деп эңиле берди.
- Кое туруңуз эми, тамак даяр болуп калды, - Салтанат ашканасына кирип кетти, тамагын салыштырып алып келди, - Ашты сынап көрүңүзчү, ашканада кандай аял экенмин, - деди наздана.
- Кана көрөлүчү, Салтанатжандын тамагынан.
- Оңой эмесмин, даамын татып көрсөңүз дагы жегиңиз келгенде келе бере турган болосуз.
- Ох-хо, мына-мына, мындай даамды татып көрбөпмүн, - деп тамшана сугунуп жатты.
- Жактыбы сизге?
- Абдан жакты, - Денис Ахмедович Салтанатты колунан тартып өөп, - Бирок сиз ашкананын адамы эмессиз, сизге бир кол кабышчы керек экен, бул колдоруңуз комузда гана ойноп элдин. Кыргыздын күзгүсү болуп жүргөнүңүз дурус деп ойлойм, - деп кошоматтана кетти.
- Жо-ок, андайды мен каалабайм.
- Эмнеге?
- Аял деген аялдай болгону жакшы го, анын үстүнө өзүм жасабасам алымсынбайм, - деди Салтанат ойлуу.
- Сизге менин сунушум жакпадыбы, андай болсо кечирип кой Салтанатжан айым, сөзүмдү кайра алдым.
- Эчтеке эмес, капаланбаңыз, мен өзүмдү ойлонуп кеттим, алыңыз тамактан, кадырыңыз жан болсун, менден кам санабаңыз.
Салтанат чынында жалгыздыктын торуна түшкөнүн эми гана сезип өзүн ойлонуп жаткан: "Бүгүн бул, эртең дагы бирөө, анан… анан дагы бирөө, бир күнү жалгыз калам, анда кандай болот, жалгыздыктан корком, корком ошондон", - деп ойлонуп ал түнү Денис Ахмедович менен болду. Эртең менен машинасы келген кезде ал Салтанат менен коштошуп чыкканда аны Болот аңдып карап турду: "Эн-неңди, ушуга ишенген мен акмак, бул ар ким менен ойногонду жакшы көргөн накта сойкуну өзү тура, эмне кылсам экен, билмексен болуп кирсемби, же жөн эле кете берсемби" , - деп ойлонуп көпкө машинасында отуруп анан Салтанатка кирди, эшигин такылдатканда кечигип анан:
- Ким бул? - деди эшикти ачпай туруп.
- Сакиш, бул мен Болот.
- Аа-а, - деди да ача салды, - Кайдан жүрөсүң эртелеп?
- Сени сагындым.
- Койсоңчу тамашаңды.
- Тамашасы жок эле, - Эңиле калып түнкү көйнөгүнөн көрүнүп турган көкүрөгүнө колун сойлотту, - Сагынып кеттим, сенчи жаным?
- Боло-от, - Салтанат көзүн жума ага боюн таштады, - Сен мени чын эле сүйөсүңбү айтчы?
- Жаным менен.
- Мен жалгыздыктан корком Болот.
- Сени мен эч качан жалгыз калтырбайм жаным, - Экөө кучакташа конок үйгө кирди.
- Мен жуунуп чыгайын, чай-пай ичели, - Салтанат ваннага кирип кетти, Болот спальныйды карады, эки кишинин жатканы билинип турат, конок бөлмөсүндө тамак аш ошол бойдон жайнап турат, баарына көз жүгүртүп анан: "Дагы бир көрөйүн, аялдын "эмесинин" түбүнө жеткен ким бар, эгерде дагы мени алдап башка менен боло турган болсо биротоло кетем, менин ыгым менен болсо анда аны менен калам", - деп ойлонуп бөлмөдө басып жүрдү, Салтанат көпкө жуунду, а балким ал турмуш жолун тазаланып алып анан баштаганы жаткандыр, өмүрлүк жубай болоор адамына өткөн-кеткен күнөөлөрүнөн арылып, суу менен тазартып анан өмүрүн кызык учуру менен коштошуп туруп аттанганы жаткандыр. Кыскасы көптөн кийин гана чыгып келип ашканага кирип чай коюп, конок үйдөгү үстөл үстүн тазалап, идиштерин жууп кайра даярдады.
- Сергип чыгышың менен, - деди Болот бетинен өөп, - Бүгүн үйдөсүңбү?
- Сенин эркиңдемин, - Күлүп койду.
- Күткөн эч ким жокпу? - Жылмая жооп күтүп калды.
- Чакырышы мүмкүн бирок күткөн адам жок.
- Анда, мындан кийинки чакырыктарга күйөөм бар деп айта аласыңбы? - Сынай күлүмсүрөп карады.
- Энчилеп алсаң.
- Албетте, энчилеп алам.
- Анда сөзсүз сиз, - деп согот жүрөгүм.
- Болуптур анда, убакытты созуунун кереги жок.
- Колдойм, кел эми чай ичели, карышкырдай жутунуп ачка болуп кеттим, тамак ичеличи, - деди Болотту күлүмсүрөй карап.
- Ичсе ичели, - Отургучка отуруп чыныны алып ууртап жатып көзүнүн төбөсү менен карап коюп жатты, Салтанат аны байкамаксан болуп тамак куюп алдына коюп, дилгирлик менен жасап жатты.
- Болот, биз үйлөнсөк тигил үйгө көчөлү ээ?
- Жарайт, сен кандай десең ошол да айым.
- Кыздар өз ордун таап, барган жеринен тынып калса болду, эми мен өз тагдырымды сага тапшырдым Болот, мени жалгыз калтырба.
- Эч качан жалгыз калтырбайм.
- Ишенем, сага ишенем Болот, - Жылмая карап чайдан ууртап тамактан ичип экөө көпкө сүйлөшүштү, ошондон тартып Салтанат телефондогу чалууларга жооп бербей, болгону ал жок деп коюп жүрдү, арадан он чакты күн өткөндө экөөнүн жакындары болуп чакан той кылып нике кыйдырып баш кошуп алышты, Алтынай менен Асылай күйөөлөрү менен келип кубаттап, куттукташты. Анткени алар өз жашоолору өзү менен болоорун, элүүгө чыга элек жапжаш апасын жалгыз калышы өздөрүн тынчсыздантаарын түшүнүп апасына ыраазылык берип кубанып калышты. Болот Салтанат экөө баш кошкондон эки-үч күн өткөндө особнякка көчүп кетишти, үч бөлмө үйүн ал эки кызына кеңешип туруп Бакай менен Асылайга беришти. Алар ага көчүп келип алышып өз жашоосун өткөрө баштады. Бакай иштеп баштады, Асылай каникулда, кечке зеригип үйдө жалгыз калып курбусу Надира эсине келип анын үйүнө телефон чалды.
- Надира, мен зеригип жатам, бош болсоң келип кет.
- Мен азыр бош эмесмин, биз аздан кийин чыгам.
- Макул, келип калчы курбум, тез ээ? - деп трубканы коюп койду да телевизор коюп, анан муздаткычтан ак суу алып келип ичип отуруп уктап кетти, эшик чыр эткенде ойгонсо саат беш болуп калыптыр, шашылып эшикти ача койду эле гүлдү бетине кармап Бакай турган экен.
- Бака-ай! - деп эркелей мойнуна асылды, - Жаман зеригип кеттим.
- Эчтеке эмес, окууң бүтсө сен дагы иштейсиң, анан зерикпей каласың, менин кичинекейим десе, - деп көтөрүп алып ичке кирди.
- Ишиң кандай?
- Эң сонун.
- Мм, Бакай ал жерде кыздар барбы? - деди Асылай күйөөсүн кызганычтуу карап, - Сени менен кыздар дагы иштешеби?
- Ооба, врач - медсестралар бар, эмнеге сурадың?
- Аа-а, алар сени менен түштөнүшөбү?
- Албетте, кээде чогуу, кээде өз-өзүнчө кетишет.
- А сен аларды сүйүп калбайсыңбы?
- Эмне дейсиң? - Бакай келинчегине күлө карап каткырып ийди, - Сүйүп дейсиңби?
- Эмне экен, сүйүп калып мени таштап кетсеңчи? - Тултуя карады, - Мен сени кечке ойлоп кызгана берем.
- Чымчыгым десе, сенин кызганганың ого бетер сүйдүрүп ишимде алагды болом го? - деп келинчегин кучактап алып көпкө турду, - Сени эч качан таштабай калайын, сенсиз мен өзүмдү элестете албайм, биз асмандагы ай менен жылдыздайбыз, бирин-бири толуктап турган, сен айсың балбылдаган, а мен сенин жаныңдагы чолпон жылдызмын, экөө бири-бирине кандай жарашат, биз ошол ай менен баркырак жылдыздай өмүрүбүздүн акырына чейин бирге жанашып жүрүп өтөбүз жаным…
- Бакай, мен сени аябай сүйөм, кечке жалгыз отуруу кандай жаман?
- Асылай, сага үй кызматчы жалдасак кантет, зерикпейсиң дагы, сага жардам берет.
- Ой койчу, апам жалдаганды жаман көрчү.
- Анда Райканды алып келип алалы, - Бакай карындашын айтты, ал он жашта, үчүнчү класста окуйт.
- Апам макул болобу?
- Эмнеге, окуусу башталганча сени менен болот.
- Макул анда, - Асылай кубанып кетти.
- Анда азыр барып алып келебиз, кечки тамакты ошол үйдөн ичебиз макулбу жаным?
- Кеттик анда, - деп Асылай айтаары менен экөө үйдөн чыгышты. Бат эле Ак-Өргөөгө жөнөштү, алар кеткенден кийин Надира келип эшикти такылдатып туруп-туруп кетти. Баалы абдан жакшы аял, Бакайдын атасы Анарбек майда кызматтарда иштеп жүрүп пенсияга чыккан, Баалы экөө бирге жашаганына кырк жылдан ашты, бирок бири-бирине жаман айтышкан эмес, Бакай бешинчи баласы, калганы үйлөнүп жайланып кеткен. Райкан улуу баласынын кызы, кичинесинен багып алышкан. Бакайлар келгенде жаңы эле тамакка отурушкан.
- Кандайсыздар ата? - Бакай ата-энеси менен учурашып орунга отура кетти, Асылай дагы баш ийкеп анын жанына отурду.
- Келгиле балдар, ишиңер кандай, жашоо кандай? - Анарбек уулун карады.
- Баары жакшы ата.
- Тамак алып келейин, - деп Баалы турганда Асылай.
- Сиз отура бериңиз, мен эле алып келем, - деп шыпылдай ашканага кирип Бакай экөөнө алып келди.
- Отура берсең болот эле кызым, али казандан тажай элекмин, - деп Баалы күлүп калды, ал жаңы келинин бөлгүсү келген эмес, кудагыйын сыйлап унчукпай калган.
- Апа, сизди жумшап кантип отурмак элем?
- Мейли айланайын, мени сыйласаң сени кудай сыйласын.
- Кандай туруп жатасыңар?
- Жакшы эле, апа Райканды бизге бербейсиздерби, Асылай үйдө жалгыз калып жатат.
- Көнөөр бекен, бекер эле бөлүндүңөр балам, үй кенен, ишиңе барчу машинаң бар, биерде эле болгонуңар жакшы эле балам, - деп Баалы саал капа болгондой.
- А мен сизге кошулам, бөлүнгүм келген эмес, - деди Асылай.
- Эми апам болбой койбодубу, барбай койсок таарынып калсачы апа? - деди Бакай.
- Мейли эми, жашай бергиле, өзүңөргө тынч болсо болду.
- Апа Райканды алып кете берелиби?
- Мейи, өзүнөн сурачы барат бекен.
- Менин баргым келет, жеңем менен болом, - деди Райкан секире.
- Бара гой кызым, - деп башын ийкеди Баалы.
- Бара гой, кийинип чык, азыр кетебиз, - деди Бакай, аздан кийин алар жолдо болушту, Райкан ага-жеңеси менен такылдап сүйлөшүп келе жатты.
- Жеңе, мени площадга алып барасызбы?
- Макул.
- Бакай байке, сиз биз менен барбайсызбы?
- Жок, колум бошобойт сулуу кыз.
- Эмнеге, дем алыш болбойбу?
- Болот, ошондо чогуу барабыз.
- Каруселге түшүрөсүзбү?
- Албетте.
- Анда мен силер менен калам, а силерге жакын мектеп барбы байке?
- Бар, кааласаң окутуп коем.
- Ур-ре мен сөзсүз биякка окуйм анда, майрамдарда ойнойбуз ээ? Мени атамдар да-айым площадга алып барчу да, анан алар Россияга кетип калбадыбы, чоң апам көп алып барбайт да, - дегенде Бакай менен Асылай күлүп калышты…
Батырбек менен Айжамал ынтымактуу жашап жатышты, күндө жумушуна барып кайра эрте келет, Батырбек тачка түртүп кечке иштеп кечинде чарчап келгенде тамагы даяр, кийими жуулуу болуп оңуп калды, мурдагыдай жашырынып отурбайт, тапканы жакшы, Айжамал ага тамак берип отуруп:
- Батыр, сыйкырчыдай болгон аке кайда жоголуп кетти? - деди.
- Билбейм, кантсе дагы мага жолукту да.
- Жүргөнү сырдуу киши экен, өзүнчө сүйлөнгөнүн уктум.
- Сүйлөсө сүйлөйт да, жашы улуу киши болсо…
- Бир жолу түндөсү сүйлөп жатыптыр, эмне деп дебейсиңби? - Күлүп күйөөсүнө кайрылды:

#34 15 January 2016 - 03:12
Өткөн өмүр барактары
- Эмне деп сүйлөдү?
- Анын үнүнөн чоочуп ойгонуп кеттим, башымды көтөрүп тыңшап турсам. "Кечир мени Айдай, кечир, ансыз дагы жазамды тартып жатам, кечир мени, балдарым үчүн сенден кечирим сурайм", - дегенин угуп аялынан качып жүрсө керек деп ойлоп калдым.
- Койсоңчу, кайдагыны айта бербей, ар бир адамдын жеке турмушуна кийлигишүүнүн кереги жок жаным, ал киши биз үчүн кыдыр атадай эле болду, бизди бириктирди, - деп Батырбек аялын тыйды.
- Мейли эми, сен үчүн тим эле кыдыр ата болуптур, - деп Айжамал күлүмсүрөй Батырбекти сырдуу карады, - Мен сага бир жакшы кабар айтсам сүйүнчү бересиңби?
- Ошондой эле жакшы кабар болсо берейин.
- Биз балалуу болобуз.
- Койчу? - Батырбек кубанычтуу күлүңдөдү, - Чын элеби?
- Ооба, кечээ врачка көрүнсөм үч-төрт жума болуптур.
- Куттуктайм, сөзсүз сүйүнчүсү болот, - деп Айжамалды кучактап өөп жатты, - Менин сүйүүмдүн данеги өнүп жаткан экен да?
- Албетте, сенин эмес, экөөбүздүн данегибиз өнүп жатат.
- Ооба, биздин сүйүүбүздүн данеги, буйруса келээрки жылы бул убакта үйүбүздө ыңаалаган баланын үнү жаңырып калат, - деп эки жаш кубанып жатышты. Ошондон баштап Батырбек аялын аяп турчу болду, анча-мынчаны өзү жасай коюп, тамактын түрүн жасап, витаминдүү тамак аш менен азыктандырып калды. Айжамал эми гана бакыттын жеткен чеги байлык менен максап эмес экенин, чындап сүйгөн адамыңдын кадырына жетүү экенин, бир күнү Айжамалдын өгөй апасы Бермет келип калды. Ал жашоолорун, эки жагын көрүп Батырбек чыгып кеткенде:
- Иий шерменде, керилген кызматчынын катыны болуп эле жашай бербейт белең, шелпейип кайра өз эриңе келип албай, ата-энесинин колунда жок, итке минген кедей экенин көрбөдүң беле, өмүр бою өзүң иштеп жарыбай жүрүп өткүң келдиби? - деди ызырына, - Жадагалса алдыбызга түшпөдү.
- Апа коюңузчу, Ашымдын кызматы болгон менен адамгерчилиги жок экен такыр, акыры жашай турган болгондон кийин түшпөсө да жашайм апа.
- Адамгерчилик деп, сага заңгыраган үйдө жээриңди жеп, кийээриңди кийип жашаган жакпаса өлүп кет, жашайм деп карасаң тим эле…
- Эмнеге антесиз, Батыр абдан жакшы, кандын коюнунда калтырап жашаганча, кул коюнунда кутур деген сөз чын экен да, - деди акырын үн чыгарып.
- Кутуруп кулжугачтай төшөктө курушуп жат, өлүгүңдү көрөйүн жетесиз десе, сенин акылсыздыгың болбосо тынч гана ханышадай өмүр сүрбөйт белең, шелпейген немени кайра бучкактабай, - деп жинденип жатты.
- Апа, Батыр келе жатат, болду эми.
- Эмне ал сени коркутуп алганбы, эмне эле бүрүшөсүң? - Силкине карады, - Ушундан көрө Ашым менен эле жашасаң болбойт беле акылсызым.
- Жетишет, менин жашоомо киришпеңиз, бул менин өз тагдырым.
- Айжамал, - деп Батырбек кирип келди, - Мен базарга барып келейин.
- Тим кой айланайын, убара болбогула, мен эми эле кетем.
- Кой отуруңуз, мен базардан эт-аш алып келейин, - деп Батырбек Айжамалдан акча алды да чыгып кетти.
- Ыкы, жыргаган турбайсыңбы, өз ырыскыңды тээп, муздаткычта турчу тамак аштар, кааласаң каалагандай суусундук, жегиң келсе койдун эти, аны тансаң тооктун эти, ушулар сени тепкен тура, эми иштеген айлыгыңды бир креслого жумшап, ошону багып, керек боло калганда чүмчүңдөп базарга жүгүрүп жыргап калган тубайсыңарбы?
- Жетишет апа, мен эч качан куурабайм, Батырбек экөөбүз бактылуубуз, мени кыйнабай сиңдиңе кетип калчу? - деди ачуусу келген Айжамал, - Барыңыз, мени шылдыңдап-шакабалап барыңыз.
- Эй башы жок, билсең сени бактылуу болсо экен деген эле тилегим, - деп купшуңдай башын ары бурду, - Атаң көрүп-билип кел дегенинен эле келгемин, сени эле көрөйүн деп туруптурмунбу?
- Анда атама мени өлүптүр, - деп айта бараңыз! - деп ордунан туруп сыртка чыгып кетти: "Өз энем болгондо минтмек эмес, менин бактылуу болушумду гана ойломок, кетсе кете берсин", - деп эшикке отуруп алды. Бермет аны күтүп отуруп-отуруп анан кетип калды, үйдүн артында отурган Айжамал анын кетип жатканын көрүп турду токтоткон жок: "Өгөй болсо дагы сыйлап, апа дегенден башка сөз айтпадым, эми өлүп кетсин үйгө киргизбейм" , - деп ичке кирип ойлонуп отурганда Батырбек кирди:
- Апам кана?
- Кетип калды.
- Эмнеге? - деп Айжамалдын ыйлаганын көрүп жанына келди, - Сага эмне болду, ыйлагансың го?
- Ооба, өз энем болсо менин бактылуу болушумду гана кааламак.
- Бирдеме дедиби?
- Ал дайым ошентет, өзүбүзчө ыркыбыз жок.
- Мейли эми капаланба, эне деген урушат, тилдейт, андан эчтеке болбойбуз, баса Айжамал, эки күндөн кийин айылга барып келели, атамдар күтүп жүргөндүр, экөөбүздүн ажырап кайра кошулганыбызды алар билбесин, эч нерсе болбогондой барабыз, - деди Батырбек.
- Макул, барса-барып келели, белек-бечкек алып алалы ээ? - деп Айжамал күлүп-жайнап чын дилинен айтты. Экөө тамак жасап ичип анан ал күнү жатып калышты, эртеси Батырбек ата-энесине бир сыйра кийим-кечени колунан келишинче алды, Айжамал дагы айлыгын кошуп берди, экөө эртеси эле өз айылына жөнөп кечке маал жетип калышты. Бообек менен Сайрагүл аларды кубана тосуп алышты.
- Балам, бир кетсең дайының билинбей кетесиң, жок дегенде келип турсаңар боло, - деди Сайрагүл капалуу.
- Апа, иштен кол бошобойт, Айжамал экөөбүз тырышып үй алдык, анан силерге учурашып келели деп келдик.
- Аныңар жакшы экен балам, Талантбек болсо мектепти бүтүп бада алып багып жатат, ошондон бери бир аз тыңып калдык балам, өлүм житими болбосо мал баккан деле жакшы экен.
- Жакшы болуптур апа, менин дагы жардам берээр шартым болбой жатпайбы, - деди Батырбек. Бообек менен Канатбек бир козусун сое салып уул-келинин коноктоду, алып келгендерине ыраазы болуп бата беришти, эртеси Батырбек өзү дүкөндөн кант-чай, мүшөктөп ун алып берди да шаарга кайтышаарда Канатбекти ала кетип үйүн көрсөтүп үч-төрт күн алардыкында болуп анан кетти, анткени баданы Талантбек экөө карашат эмеспи, жаз алды менен айдап кетип күзгө чейин кайтарып келип акысын чогуу алышып мал-жан күтө башташкан. Батырбек эки инисине абдан ыраазы болду, өзүнө окшоп шаарга баса бербей ата-энесине жардам бергенине: "Мен деле ошондо айылда кала бергенимде бутка турмак экенмин, ата-энем үчүн эч нерсе жасабадым, ал тургай аларды сары санаа кылып азапка салдым, эми мындан ары жардам беремин, инилериме баш көз болушум керек", - деген ойго келди Батырбек. Айжамал ишине барып келип ичи чоңойгон сайын кыйнала баштады, акыры декретке чыкты да үйдө болуп калды, төрөөргө аз калганда Батырбек балага керектүүнүн баарын алды, аны көрүп Айжамал:
- Батыр, эрте алып койгон болчу эмес эле, илгеркилерден укканым бар, бала төрөлмөйүнчө эчтеке албайт деп.
- Коркпо жаным, жаштын тилегин берет дешет го, буйруса уулубуз манежде жатат, жел бешикте ойнойт, - деп күлүп койду Батырбек, алар уул болоорун УЗИден көрүшкөн, бирок УЗИ да бирде жаңылат окшобойбу, бир уул эмес эки уулду эгиз төрөдү Айжамал. Батырбектин кубанычында чек жок, төрөгөн күнү базардан толгон гүл алып барып:
- Айжама-ал, мен сени сүйө-өм! - деп кыйкырганда төрөтканада төрөп жаткандардын баары суктанышты, бир гана келин томсоруп терезеде карап турду, бул Малика деген он алтыдагы кыз эле, уул төрөгөнү менен жашырынып, ошол убакта төрөтканага таштамак болуп жаткан эле.
- Сиз абдан бактылуу экенсиз, - деди ал Айжамалга, - Күйөөңүз сизди аябай сүйөт экен ээ?
- Ооба, аябай сүйөт, бирок, Айжамал кабак бүркөй калды.
- Эмнеге бирок, күйөөңүздө күмөнүңүз барбы?
- Жо-ок ай, балдарына карап кетип мени сүйбөй калабы деп корком.
- Ай-ий, балдарыңыздан кызганып жатасызбы? - Баятан бери томсоруп турган Маликанын маңдайы жарк этип ачылып кетти, - Балдарыңызды сүйгөнү сизди андан дагы катуу сүйгөнү эмеспи, кээ бирөөлөр балалуу болоорун айтсаң чычая качып куйругун карматпай кетет.
- Чын эле, - Айжамал эки уулун карап жылмайып алды, Батырбек күндө үч маал келсе үчөөндө тең гүл көтөрүп келет, бир күнү эртең чыгам дегенин угуп бечара жоро-жолдошторун издеп эптеп камера таап, апасы менен карындаштары, Бермет менен атасы болуп төрөтканадан чыгарып камерага тартылып анан унааны жасап, эки баланы кудагыйлар көтөрүп туруп тартылып унаага түшүп үйүнө келишти. Ошентип эгиз уулду болуп Бообек берип ийген койду союп наристеге ат коюлду, наристелердин атын илгертеден дастанга айланып эл ичинде аты өчпөй келе жаткан Жаныш-Байыш деп коюшту. Улуусу Жаныш, кичүүсү Байыш деп аталды. Дал ошол күнү атайылап чакырылбаса дагы Садыр келип калып бул жакшылыкты чын дилинен куттуктады.
- Уулдуу болгонуңарды билбедим Батыр, сени ушул жерде жашайт деп угуп калып эле кайрылдым эле.
- Эчтеке эмес Садыр аке, кандай жумуш менен келдиңиз эле?
- Жай, айылдык коңшумдун жакын шаарда турганы мени кубантты да, көргүм келди, - деп Садыр күлүмсүрөдү, Батырбек анын көздөрүнөн өзү көргөн мээримдүү көздү көрдү да тилин жутуп алгандай унчукпай калды.
- Батыр, кир де Садырды, - деди Сайрагүл ар жактан үн салып, - Даам ооз тийсин.
- Азыр апа, - деп Батырбек Садырга кайрылды, - Кириңиз Садыр аке, даам татыңыз, жээнтектен ооз тийиңиз.
- Кирейин иним, - деп Садыр ичкери кирди, отургандар ага төрдөн орун беришти, - Рахмат, - деп отуруп калды. Жаныш менен Байыштын урматына жакшы сөздөр, каалоо тилектер айтылып бакылдашып, жубайлар ушул күнкү бактысына ыраазы болуп турушту. Ымыркайлар бири манежде, бири жел бешикте быпыйып уктап жатышты, алар жарыктыкка жаңы гана келип, жашоо деген эң жооптуу да, татаал да кыйын өмүрдүн табышмактуу кемесине түшкөнүн али сезбеген наристелер. Аларды азыр алпештеген ата-энеси үйрүлүп түшүп сонуркап кубанычтуу маанайда биринен-бирин айрымалай албай улам бирин ала коюп көтөрүп эбедейлери эзилип турган кездери. Батырбек эми иштебесе болбой турган болду, эки бала үчүн азык алыш керек күндө сүт, памперс алганга канчалаган акчалар сарп болоору белгилүү го. Батырбек бир карындашын алып келмек болду эле экинчиси дагы атаандашып туруп алды эле Сайрагүл.
- Андай болсо экөөңөр тең баргыла, - деди.
- Сиз кыйналасыз го апа? - деди Батырбек.
- Мен кыйналбайм, неберелеримди аман-эсен чоңойтуп алсак ошол да мага кубат балам, алар биздин эң биринчи неберебиз, - деди уулуна жылмая карап.
- Рахмат апа, - Батырбек апасын эки бетинен өөп алды да Самара менен Тамараны алып кетти, эки бала менен кыйналып отурган Айжамал аябай кубанды, кыздар келип эле наристелерди бөлүштүрүп баштады.
- Мен Байышты алам.
- А мен Жанышты карайм.
- А мен эмне кылам? - деп күлүп калды Айжамал.
- Сиз бизге повар болосуз, - деди Самара күлүп.
- Жарайт-жарайт, силер айткандай эле болсун, - деп Айжамал алардын айтканына макул болду. Балдар абдан жоош, анан калса бири ойгонгондо сөзсүз бири кошо ойгонот, ыйласа бирдей ыйлайт. Самара менен Тамара балдарды уктаганда гана жаткырбаса колдорунан түшүрбөйт, бирок алардын окуй турган убактысы да келип калды, Батырбек бир күнү аларга минтти.
- Эми кандай кылабыз, мен мектепке сүйлөшөйүнбү?
- Атамдар макул болсо окуйбуз да.
- Атамдар го макул болот, өзүңөр кандай дейсиңер?
- Мен биякта калып окуйм, - деди онунчу класста окуй турган Самара.
- Мен деле, - деди Тамара, ошентип аларды мектепке киргизип, кийим-кечесин алып берип окутуп коюшту. Самара эртең менен Тамара түштөн кийин окуйт, бири жокто бири карап балдар үч ай болуп күлүшүп калган. Тачка түртүп жаны тынбай, эрте кетип кеч келип Батырбекке өтө кыйын болду, анын үстүнө: "Бир тоокко дагы жем керек", - дегендей үч-төрт жанды, эки жаш баланы багуу өтө кыйынга туруп каржалып арыктап кеткен. Бир күнү кеч кайткан Батырбекти унаадан түшүп үйүнө жөнөгөндө жолунан беш-алты бала чыгып жолун тосуп калды.
- Тамеки берчи, - деди бири.
- Мен чекпейм.
- Күкүрт берчи.
- Ал да жок, - Батырбек өтүп кетмек болгондо бири аны бутунан чалып түртүп ийди.
- Үйрөтүп койгулачы, эмкиде бар дегендей болсун, - деди бири ары кетип баратып, Батырбек алардан жакшы айтып эптеп кутулуп кетем дегендей ойдо болду:
- Тууган, мындайдын эмне кереги бар, мен өзү чекпейм башынан, - деди аларга жай түшүндүрмөк болуп.
- Жаагын жаап койгула! - деди жанагы неме ар жактан.
- Жарайт, - деди да аны үчөө-төртөө тепкилеп кирди.
- Балдар, мен эчтеке кылганым жок го, урбагыла мени, кайсы күнөөм үчүн? - деп башын калкалап жатты Батырбек чырылдап жатты, ызы-чууну сыртка чыкккан Айжамал укту, бирок ал Батырбекти уруп сабап жатканын кайдан билсин, күндөгүдөй эле ызы-чуудай көрүп үйгө кирип кетти.
- Тинткиле! - деди анан бири, - Сулк жаткан Батырбектин ички-тышкы чөнтөктөрүн тинтип болгон акчасын алышты да ар бири топ тепкендей тээп коюп жолуна түшүштү. Батырбек эч нерсе билбей жатып калды. Айжамал түнү бою кирпик какпай күтүп жатып: "Ага эмне болду, кечикчү эмес эле, же бирөөгө жолугуп калдыбы, эки бала менен мени мындай абалда таштап кетпес, эмнеге кечикти, неге келбей калды", - деп ойлонуп таңга маал жарыша ойгонгон наристелерин которуп, эмгизип анан кайра жатып көзү илинип кетти, ал ошол аз мүнөттүн ортосунда түш көрдү, түшүндө Батырбек эки баласын көздөй жүгүрүп кел жатып эле өздөрүнө жетпей чуңкурга түшүп кетти, жүгүрүп барып Айжамал колунан тартайын десе ал: "Мен чыга албай жатам колуңду тарта бер, мен чыга албайм Айжамал, балдарды жакшылап карай бер, бар эми", - деп болбой койгондо колун тартып алса эле баягы чуңкур түптүз жер болуп калат. "Батырбек кайдасың?" , - деп кыйкырып ойгонуп кетти. Чоочуп ойгонду, Самара сабакка даярданып жаткан экен, ал чыгып баратып:
- Жеңе, акем келген жокпу? - деди.
- Жок келген жок.
- Эмнеге келбей алды ал?
- Билбейм, жумушу чыгып калган го?
- Макул, мен кеттим жеңе, - деди да чыгып кетти. Айжамал көргөн түшүн эстегенде бүткөн бою дүр этип кетип аябай жаман болуп жатты. Эми үйдү шыпырып, жыйып чай ичкени жатышкан, эшиктен эки милиция кирип келди:
- Силердин корооңордун этегинде бирөө өлүптүр, тааныбайсыңарбы? - деди бири.
- Билбейм, ким экен ал?
- Ким экени белгисиз, жанында документти жок, чыгып көргүлөчү, - деп чыгып кетишти, Айжамалдын бүткөн бою калчылдап таңга маалкы көргөн түшү көз алдынан кетпей алардын артынан чыкты. Элдер чогулуп калышыптыр, өзүн араң кармап жакындаганда эле кийиминен таанып баса албай тушалып баратып көзү караңгылай жыгылып түштү. Көрсө Батырбек келтек жеген жеринен сүйрөлүп эптеп келген экен, оозунан кан чыгып калыптыр, көк боору жарылып кеткен дешти врачтар, ал эми зөөкүрлөрдү эки күндөн кийин эле табышты. Ошентип жанталашып үй-бүлөө багам, ак эмгек менен жан багам деп кара жанын карч уруп турмуштун ысык-суугуна чыдап, жашоодон көптү үмүт этип, өмүрдүн кызык убагын жалаң мээнет менен өткөргөн отуз төрттөгү жигит зөөкүрлөрдүн колунан каза тапты, али эч нерсени сезе элек, энесинин эмчегин эмгенден башканы сезе элек наристелер атасыз калды, боздоп ыйлап ата-эне, бир тууган менен алган жары калды. Бообек келинин айылдан кетирбеди, качан гана балдар чоңойгондо кетесиң деп койду. Айжамал эми гана өзүн сүйгөн адамына ишенип жан дили менен берилип жашай баштаганда Батырбектин өлгөнү катуу тийди. Сайрагүл баласына кайгырып жүрүп эчтекеге көңүл бурбай, неберелерине да карабай өзү менен өзү болуп калганда Бообек коркконунан врачка көрсөтүп нервге доо кеткенин билип ооруканага жаткырды. Айжамал эки уулу менен алек, Самара менен Тамара жардамдашып карап турат, ал тагдырына көнүп эки баласынын өмүрүн тилеп калды…
Садыр жаны жай алып баарынан да азаптан кутулганына кубанып, балдарынын маңдайында жай гана өмүр сүрүүгө бел байлап келинине кеңешмек болду, кечинде Кумар экөө жумуштан келгенде тамагын кыра сөз баштады, күндүзү Даткайымды чакыртып алган.
- Аида, - деди Садыр чогуу отурганда, - Сага биз ыраазыбыз балам, Шумкардын өлгөнүнө эки жарым жыл болуп калды, сен бизди сыйлап отурасың, сени кудай сыйлап жолуңду ачсын, кудалар капа болушпасын, эми сенин башыңды азат кылабыз балам, - деп крагылдана үнүн чыгарды.
- Ата, - деди Кумар, ошондо дасторкон четинде отурган Аида чыгып кетти, - Ата, Аида кетпейт!
- Эмне? - Садыр баласын ормое түшүнө бербей карап калды.
- Ата, ата биз…
- Эмне дегени турасың айтпайсыңбы балам?
- Ата, биз Аида экөөбүз… - Кумар жер карап тердеп кетти.
- Балам, сенин оюңду түшүндүм, бирок..
- Эмне бирок ата? - деди кайра Кумар.
- Сен жинди болдуңбу балам? - Ормое ачуулуу карады, Даткайым күлкүсү келип инисин карады:
- Сен эмне дегениңди билесиңби деги?
- Билем эле, баарын түшүнөм, силер каршы болсоңор анда мен Аида кеткен жакка кошо кетем! - деп сыртка чыга жөнөдү.
- Кумар, токто Кумар! - деп Садыр артынан чыкты, Даткайым да, Умар экөө тең кошо чыкты, Аида ашкана бөлмөдө ыйлап жатты, - Кумар, кир үйгө балам, - Садыр өзү коркуп кетти, - Балам жай сүйлөшлүчү.
- Кумар, кирбейсиңби үйгө, - деди Даткайым артынан ээрчий.
- Кел балам, үйгө кирип сүйлөшөлү, - деп Садыр жоошута акырын айтканда Кумар кайра бери басып үйгө кирип кетти, Даткайым Аиданын үстүнө кирди, ал бетин басып ыйлап отурган.

#35 15 January 2016 - 03:14
Жеңе, Кумар экөөңөр эмне болуп жатасыңар?
- Мен эмес, Кумар өзү мени кетирбей жатат.
- Койчу калп айтпай жеңе, жаш баланы азгырганың болбойт да.
- Айттым го, өзү эле…
- Макул, үйгө кир, чогуу чечебиз, сенин айыңдан бир тууганымдан айрылгым келбейт, ал ошондой эле сени кетиргиси келбесе көрөбүз, - деп аны болбой үйгө алып кирди.
- Отур балам, - деди Садыр кабак түйө, - Кана, кимиңер сүйлөйсүңөр? - деп экөөнү алмак-салмак карап калды, мындайды күтпөгөнгө өзү эмне кылаарын билбей отурган, - Болоор жерин угайын, оюнчук эмес, терең ойлонуп анан чече тургандай болгула.
- Ата, мени кечириңиз, - деди Кумар, баары аны карап калышты, - Мен Шумкар акемдин баласыа ата болом, өзүм тарбиялайм, Аидага үйлөнөм, - дегенде эч кимиси үндөбөй калды, - Биз сүйлөшүп алганбыз, сиздер уруксат берсеңиздер эле болду, - деди башын жерге сала, Аида болсо башын жерге салып ыйлап жатты.
- Эл эмне дейт ата, кыз түгөнүп калгансып, акесинин аялына үйлөнүп алса эмне болот, деги ушундай болобу ата? - деди Даткайым күйүп быша.
- Болду кызым, тууган урук менен кеңешейин, кандай болоорун ошондо көрөбүз, чечебиз, - деди ойлуу Садыр.
- Ата, мен өз оюмду айттым, баары бир Аидага үйлөнөм, - деп Кумар баса айтты эле Садыр Аидага кайрылды:
- Балам, кана өзүң айтчы, сен макулсуңбу?
- Ата, ал уялып жатат, - деди Кумар.
- Болду, өзү жооп берсин.
- Ата, - деди Аида өйдө карабай туруп, алдында Нурел ойноп отурган, - Мен ушул үйгө бармактайымда келдим, Шумкардын баласын башкага кор кылгым келбейт, таштап да кете албайм, мени кечириңиз ата, Кумардын айтканы чын, - деди бир калыпта. - Мен мындай болоорун өзүм билбегемин, жөн гана балам үчүн ушул үйдөн картаюга даяр элем…
Садыр менен Даткайым бири-бирин карап унчукпай отуруп калды, Кумар дагы үнсүз, ал күнү унчукпай тамактанып жатып калды Садырдан уйку качты: "Бул эмне деген жазаң жараткан, эл эмне дейт, бир баламдын аялын бир балам алам дегени эмнеси, туугандарга кеңеш салайын, апасы мен силерден калып азап тарттым, балдарымдын көйгөйүн чечүү мага өтө кыйынга туруп жатат, Гүлайым мени бир балээден куткар, эл налаа кылбас бекен, катуу айтсам балам бирдеме болобу деп корком", - деп ойлонуп жүрүп кеч кирип жатты. Эртеси туугандарын чакырып чай коюп жай отуруп сөз баштады.
- Туугандар, бизде бир машакаттуу, түйшүктүү окуя болуп калды, мен элден анча-мынча угуп билип жүргөн элем, бирок силер кандай деп ойлойсуңар билбейм, - деп саамга отуруп калды, эч ким үндөбөдү, кайра үнүн жасап сөзүн улады, - Менин баламдын капыстан көзү өтүп келиним үйдө экенин билесиңер, уулум Кумар ошол жеңесине үйлөнсө болобу? - деди да баарын кыдырата карады.
- Бул илгертен болуп келген, жакшыны жатка чыгарба деген сөз бар, ошондуктан андай болсо салтта бар, боло берет, - деди жакын тууганы Аалыбай.
- Туура, жакшы эле болот, бири-бирине туура келишсе.
- Жакшы болот, бул шариятта деле бар, - дешти баары бирдей.
- Рахмат туугандарым, силерге ыраазымын, анда балдарга уруксат берсем болот экен да?
- Болот, эч күнөөсү жок, үйлөнтүп кое бер.
- Болуптур, мен силерге ыраазымын, келип кеңеш бергениңерге рахмат, - деп баарына ыраазылык билдирди Садыр, ар кимиси ар кандай болумуштарды айтып жатып анан тарашты, ошондон бир-эки жума өтүп өтпөй эле Кумар менен Аиданы үйлөнтүп койду, Даткайым жеңесине жини келип калды, бирок атасынан айбыгып эчтеке дей албады, элдин бир даары туура көрдү, бир даары туура эмес дешти. Садыр өз ичинен: "Арга жок, агасынын төшөгүн иниси тебелегени болбоду, кудай кечирсин, бирдеме десем кызуу кандуу неме бирдин ичинен чыгып жүрбөсүн, айла канча, неберем турат", - деп ойлонуп балдарынын амандыгын тилеп ойлуу отурду, ал өмүрүнүн өткөн барактарынын саргайган бетин улам жаап коюп эсине түшкөнүнө жүрөгү зыркырап ойлуу отуруп калды…
Салтанат турмушка чыкканы үйдөн чыкпай дагы калды, Болот жумушуна барып келет, алар кыз-жигиттей бири-бирин сыйлап, бири-бирине эркелеп өткөндөрүн ойлобоско аракет кылат. Салтанатты куда-кудагыйлары, жакын санаалаштары куттуктап келип аларга бакыт-таалай каалап отуруп кетишти. Кыз-күйөөлөрү анда-санда келип кетет, Элмирбек эки жарым жашта, быдылдап сүйлөп калган, ал кээде таенесинин жанында калып калса зериктирбейт, Болот экөө аны абдан жакшы көрөт, ага оюнчук, көбүнчө момпосуй менен балмуздак алып берип көндүрүп коюшкан. Салтанат ушул кезин баардык өмүрүндөгү бакыттын туу чокусу деп сезип дүйнөдө өзүнөн өткөн бактылуу пенде жоктой сезчү болду. Асылай кош бойлуу, ал апасына келгенде баштагы кыялдарын көрсөтө эркелегени болбосо бир топ токтоо тартып калган, Бакай экөө абдан бактылуу, Райканды ээрчитип алып паркка алып барып ойнотуп келишет, ал мектепке окуп калганда Асылай курбусу Надира экөө эрмектешип өткөндү эстеп күлүп кечке отурушат. Жакында турмушка чыгаарын айтып кубанып отурду, кийинки келгенинде курбусуна айтып отуруп кетти. Булар турмуш жолун жаңы гана баштаган жаштар, булардын өмүр жолунда кандай жакшылык, кандай жетишкендик ошондой эле кандай күтүлбөгөн кырсыктар болоорун али сезбеген бактылуу жандар…
Айжамал ыйлап-сыктап эки уулун багып кайнатасынын үйүндө жашап жатты, убакыт өткөн сайын Сайрагүл Жанышты Батырбекке окшоштуруп көп ыйлачу болгон:
- Каралдым десе, атасынын эле өзү, оңбосун да-а оңбосун.
- Кемпир, кантесиң эми, айла жок экен да, колубуздан келсе өз колубуз менен өлтүрөт элек, өкмөттүн мыйзамы бар экен, жазасын алды, - деди Бообек үнү каргылдана.
- Кантейин, уулумду ойлосом жаным төрт чарчы атасы.
- Айла жок, мага деле жеңил эмес, - дешип балтыр бешик болуп калган наристелерди биринен-бири колуна алып эркелетип өөп жыттап эрмек кылып кубаттанып калышат, өлгөндүн артында муң-зар, кайгы-арман коштолоору белгилүү эмеспи, ошентип бул үй-бүлөө дагы арман күүсүн чалып убакыт зымырап өтүп арадан беш жыл билинбей балдар бешке чыгып такылдап калган учур… Садырдын туугандары чогулуп ага келип өз ойлорун айтышты эле ал чоочуп кетти, анткени үйлөн деп айтышкан эле. Анткени Бообектин коңшусу Куттубай менен Садырдын аталары бир тууган, андан эки жашка улуу, ал Айжамалды ага алып бермек болгон эле. Ай асмандан түшүп секирген Садырды көндүрүштү, Кумар менен Умар дагы өз-өзү менен болуп калган, Даткайым күйөөсү менен Россияга кеткен, бир үйдө жалгыз калгандыктан ага болбой эле аял алып бермек болушту. Бообекке сүйлөшүшсө келинине сүйлөшкүлө дептир, Айжамал бул кезде баягы кызматчыны каалаган жаш келин эмес, карапайым аял болуп максаты эле эки уулун тарбиялап өстүрүү болуп калган. Садырды айылга ээрчитип келип келин менен көрүштүрмөк болуп кечинде Куттубайдын үйүнө Айжамалды ээрчитип келди эле чоочулай карады, бирок Айжамал ага макулдугун бериптир, көп өтпөй эле Садыр үйлөндү, чакан той жасап үйүнө алып келгенде Калыс, Салтанат күйөөсү Болот менен куда-кудагыйлары болуп куттуктап отурушту. Ошол той болуп жаткан кезде эрксизден Садырдын көзү босогого кадалды, эч нерседен селт этпеди анткени босогодон Айдайдын элеси көрүнүп заматта көздөн кайым болду: "Эми кеттиң го, жаның жаннатта болсун", - деп ойлогон Садыр эс ала түштү…
Аягы.

Супер-Инфо
super.kg
видео