Тандырга нан жапканды үйрөткүлөчү
#181 25 Декабрь 2015 - 15:01
Буйруса ушул жайда уйго тандыр куруп кайра , кайра нан жаап уйронбосом элеби))
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#182 13 Январь 2016 - 23:31
Тандыр сандыры жок эле духовкагале бышырып жей бербейсиңерби.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#183 13 Январь 2016 - 23:37
Тандырга нан жаба албаган кыздар бар турбайбы
менин уйумо отсонор ушундай ийлеп-ийлеп жабышты уйротом.)))
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#184 15 Январь 2016 - 10:32
#188 16 Январь 2016 - 11:02
мен дагы вообще тандырга нан жасай албайм уйронойун десем тандырыбыз жок же
#189 25 Январь 2016 - 00:52
Тандырга нан жапкан аял,мага кыйын аялдай сезиле берет, кантип жабыштырат деп ойлоно берем.
Никогда не сдавайся.
#190 25 Январь 2016 - 00:54
Мен да эч жаап коргон емесмин. Тандырдын наныны сагындым
Ассаламу алайкум
#191 25 Январь 2016 - 01:21
Мамам ооруп калып бир куну мага 2 тандырлык камыр жасатты...
Урматтуу эже карындаштар, эгерде куйоонор кадырынарга жетпей атса алдап болсо да камыр жасаткыла дейт элем...
Жон эле тердеп, муштумдарым тим эле кызарып аран жасадым ой тообо! Жудоп, бардык жагым ун болуп ийлеп атсам уком кочодон келип калып, анысы аз келгенсип карындашым да торкулоп келип калбаспы! Тегеректеп кулуп атышат кулуп атышат, интернетке чыгаралыбы дешип.. Шариатта ата-энеге кызмат кылуу керектигин эске алып унчукпадым, а то экоон кошуп нан жалпак кылып коймокмун..
Кошуна эже да бир куну ооруп калып куйоосуно камыр ийлеткен экен, ошол акыркы тандыр нан жегендери болуптур, сатып алып жеп калышты уже.
Урматтуу эже карындаштар, эгерде куйоонор кадырынарга жетпей атса алдап болсо да камыр жасаткыла дейт элем...
Жон эле тердеп, муштумдарым тим эле кызарып аран жасадым ой тообо! Жудоп, бардык жагым ун болуп ийлеп атсам уком кочодон келип калып, анысы аз келгенсип карындашым да торкулоп келип калбаспы! Тегеректеп кулуп атышат кулуп атышат, интернетке чыгаралыбы дешип.. Шариатта ата-энеге кызмат кылуу керектигин эске алып унчукпадым, а то экоон кошуп нан жалпак кылып коймокмун..

#192 25 Январь 2016 - 01:50
Биз Алайга барып калып, кайненем каамыр жууруп койуп Ошко кетип калып, кармалып калышты. Айла жок мен жапмай болуп даяардандым.
Тоголоктоп,
жалпайтып, чеккич менен чегишти билет элем, жардам берип журчумун. Бирок, бир дагы жапкан эмесмин. Жолдошум тандырга от жагып " болду, камырынды алып чыга бер" деди. Кыйын болуп камырды тизип алып чыктым дагы кыйын болуп жен капты кийип жабыштырсам эле жарымы жабышса, жарымы агып калат, кээси таптакыр эле тушуп калат. Кайнатама коргозбой чыгарып койсом, Мойнок абийирди жабып сугунуп койот. Ошентип мойнокту каамырга тойгузуп, 12 нан бышчу тандырдан 7-8 нан уйго кирди окшойт))). Жолдошум айтып кулду эле сенин нандарын таарынган кишинин беттериндей болуп агып калыптыр деп. Чынында кузгудон озумду карагандан коркком, каш- кирпигим куйуп кетти болуш керек деп. Андан кийин дагы бир жолу жабышка туура келди, мен даяарданып баштасам эле Мойнок даяар болуп отуруп калыптыр)))).
Бирок экинчиси жакшы эле жабылды. Кантсе дагы кайненемдикине жетпейт да бирок.
#193 25 Январь 2016 - 12:41
Мен анда 6-класста окуучумун апам ооруп калды .Синди укаларим кичине баары курсагыбыз ачты деп ыйлай башташты .Анан камыр жасадым , бут баарын апамдын жасаганын элестетип.Бир убакта тандыр кызытып алып чыгып жармашты.рдым .Тандырга бутум жетпей чоон челек коюуп алгам.Бири да тандырга жармашпай койду .Корсо туз салбапмын .Катуу конулум калган экен эле кийинкисинде аяш энеми чакырдым .Аяш энемда бир келип келбей койду.Ошо менен тандырга нан жапканды уйронгом.
Уй сааганды да ошол жылы уйронгом .Колум талып зорго саап бутсом кайсар уй бутун салып койчу .
Апалар эсен болсун апамдын баркын ошондо билгем.
Уй сааганды да ошол жылы уйронгом .Колум талып зорго саап бутсом кайсар уй бутун салып койчу .
Апалар эсен болсун апамдын баркын ошондо билгем.
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 25 Январь 2016 - 12:44
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#194 25 Январь 2016 - 21:55
келгиле ысык тандыр нан жаны уздум тандырдан камырым кечирек журуп кец калдым
#195 26 Январь 2016 - 16:21
Эжем турмушка чыккандан тартып нан жабышты уйронгом.Ошентип 8-классымдан тартып нан жабам
#196 26 Январь 2016 - 18:13
Кече эле эки тандыр нан жапкан 24-25 нан жапсан 4-5 кундо тугоп калат))))нан жасап атып чекичтегенде кучум жетпей кыйналам)))
#198 27 Январь 2016 - 12:53
Өмүрү тандырга нан жаап көрө элекмин. Бир жолу камыр жасаткан апам, колдорум ачышып болбой калгам.
Синдиме жаптырат эле апам, а мага бербейт эле сен кыла албайсың деп.
Жакшы дагы бешенеме шаарда жашайбыз. Кайненемдердикине барганда деле нан жаппайт экемин. Алар деле билишет бирок менин нан жаба албасымды, унчугушпайт.

#199 27 Январь 2016 - 13:38
Апамдын жапкан нанын эстеп кеттим.. )
Тандырга нан жаппаганыма 3 жылдын жүзү болуп калыптыр..
Биринчи жапканда үч бурчтук , төрт бурчтук болгон болчу. Кийинки жапканым суктанып эле отура берчү болгон.
Тандырга нан жапкан да өзүнчө чоң мээнет..
Чоң апам бир эжемди бизге үлгү катары көп айтчу. 3 4класста нан жаап, тамак бышырчу деп..
Азыр ал жаштагылар духовкага деле нан бышырбайт болуш керек.)
Тандырды көрбөгөнмүн деген кыргыз кызына жарашпайт. ) Миң шаарда өскөн болсо деле теги барып айылга такалат. А айылда ар бир үйдө тандыр болот.
Нан жапмак тургай, тандырды көрбөдүм десек энебизге сөз тиет, кыздарики..
0FF"]

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 27 Январь 2016 - 13:41
#200 17 Июнь 2016 - 18:35
Үйрөнүп коюш керек

لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.