Суперстан: Enesaiдын ыр тамчылары. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Enesaiдын ыр тамчылары.

#121 Пользователь офлайн   Enesai   16 Январь 2016 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Patrik. (16 Январь 2016 - 19:11) жазган:

Калеминиз курч болсун,
Жазганыныз калемпир менен мурч болсун!


Рахмат,ийгилик коштоп жүрсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Enesai   16 Январь 2016 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения anya (16 Январь 2016 - 19:35) жазган:

Жакшы жазылыптыр .


Рахмат,чын жүрөктөн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Enesai   16 Январь 2016 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Монолог...

Чачырады...ой түрмөгүм төгүлдү...
Тынчтандырбай, толкун сымал,көңүлдү.
Боз туманда кечээ калгам,адашып-
Издейм бүгүн...таба албай өзүмдү...

Көп чекиттен бүткөн кезде ойлорум,
Чечкинсиздик. ..жалгыз чекит койбодум.
Катып жүрүп,коюнума калемим-
Эрким бөксө...жакшы акын болбодум...

Унуттуруп,унутулуп кала албай,
Жоготулган ишенимим таба албай,
Жалбырактай, кышка калган адашып,
Жүдөп жүрөм,жакшы ырым,жаза албай...

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Enesai   17 Январь 2016 - 17:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

)))Тамашалуу ыр.

Мен сени сотко бердим!
Абийириң соттоп алсын,
Мөөнөтүң өтөп кел деп,
Эркиңен ажыратсын!

Күбөлөр мен тараптан-
Таарыныч,Ыза келет,
Далилин тактап айтып,
Көрсөтмө катуу берет!

Айыптоочу сага,
Каталык өзү болот,
Кетирген кемчилигиң-
Моюнга тактап коёт!

Күнөөңдү жеңилдетчү-
Актоочуң,макул, Сүйүүң,
Жактоочуң-Өкүнүчүң,
Эң жакшы,мени билүүң...

Абийириң соттоп алсын,
Мөөнөтүң өтөп келгин,
Мен сени сотко берем,
Күнөөңө жооп бергин!

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Enesai   17 Январь 2016 - 17:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Сагыныч...

Көйгөйү менен,күнүмдүк жашоо-турмуштун,
Коштошпой өзүм,жаштыгым качан узаттым?
Армандуу болуп,жазылбай калды ырларым,
Үндөшмөк балким,шыңгыры менен булактын...

Сыдырым желге,саамайым тоспой эркелеп,
Өмүрдүн канча кыскарттым экен,күндөрүн. ..
Шүүдүрүм төккөн,ак таңда кечип жүрбодүм,
Шиберлүү түздө,гүлдөгөн тоонун гүлдөрүн...

Көчкөнүн көрбөй,булуттун бийик тоону ашып,
Тоолорсуз жашап,тоо кызы жүрөт адашып...
Кыпкызыл көйнөк,кыпкызыл менин жоолугум,
Жайнаган гүлгө,турбады, аттиң жарашып...

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Enesai   18 Январь 2016 - 09:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Узатуу...

Ак жол тилеп,кечээ сени узаттым,
Жолуң узак,кырсык чалбай жетип ал.
Таарынычым болсо дагы,оюм ак,
Чатыш ойлор-жалгыздыкта чечип ал...

Мен сен үчүн-сагынычка айланам,
Алыстыкта менин жогум жоктолуп...
Баштагыдай өзүм сага чалбаймын-
Менде азыр,калыптанган токтоолук.

Билем бирок,дайым болом,эсиңде-
Тынчым алып,чалаарыңды кечинде.
Алыстыкта айтаар сөзүң көбөйүп-
Тынбай келчү эсэмэстер эсимде...

Турмуш жолу татаалданып турса да,
Унутпагын,тилегим ак,сен үчүн...
Тагдыр калчап,сынаса да көп ирет,
Чоочун адам боло албайсың мен үчүн...

Боз Торгой.

Билдирүүнү түзөткөн: Enesai: 18 Январь 2016 - 09:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Enesai   18 Январь 2016 - 09:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Колдон келсе...

Өчүрбөгөн коломтодо отума,
Колдон келсе,таарынычым өрттөп сал,
Сабырымды түгөнөт деп чочусаң-
Төгүлөөрдө мелт-калт этип,сактап кал!

Үзүлбөгөн аркан эшип сүйүүдөн-
Колдон келсе,туткун кылып байлап ал.
Баштагыдай жарты сөзгө жеңилбейм-
Кайратыңды мокоп калса,кайрап ал...

Байкабастан кайсы күнү жоготтуң-
Барактарың кайра ачып окуп көр...
Ишенимим канча жолу сөгүлгөн-
Колдон келсе,кайра баштан токуп көр...

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Enesai   18 Январь 2016 - 16:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Мен билген сыр...

Эл көзүнө-жакшы ойноп келесиң,
Бактылуу жар,сен бактылуу энесиң.
Мен билген сыр-өрттөбөйбү жүрөгүң,
Айдайсың сен,кантип турмуш кемесин?

Жашырылган, ал сыр бекем катылган...
Каталыктар- сен кетирген жашыңдан...
Тагдыр оюн-жылдар менен жуулуп,
Кайра бактың,эне болуп ачылган...

Мен билген сыр-мени кээде оорутат,
А сен эне,кантип чыдап жүрөсүң?
Наристеңди кандан бүткөн унутуп,
Кантип уктап,кантип элдей күлөсүң?..

Балдарыңдан, же бир жери кем беле-
Сен таштаган,унутулган наристе?
Күнөөсү жок-күнөөлөрдөн төрөлгөн-
Канаттары сынып калган периште?..

Керек беле,бала эмес,намысың?
Эл көзүнө таза болуп калышың...
Керек беле,убалдардан курулган-
Сыныгы бар,бакытыңды табышың?..

Ички дүйнөң билбейт бирок,эч бир жан,
Сага тозок-балким күндө аткан таң...
Адамдардан койсоң дагы жашырып-
Көрүп турат,бирок баарын Жараткан!

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Enesai   23 Февраль 2016 - 10:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Ак калпакчан,тоодой бийик асылдар!
"Жоо бетинде" бол дегенден алысмын.
Тебелетпей бөтөн элге намысың-
"Эл четинде" керек сенин калышың!

Жоодон эмес,"өздөн чыккан жаттардан" ,
Коргоо керек,сөздүн айтсам,ачыгын. ..
"Бычак үчүн сап" болууга бардыр дейм,
Берчүлөрүң, "катылгандын катыгын". ..

"Кой терисин жамынышкан карышкыр" ,
Бул күндөрдө арабызда көп жүрөт...
Бетин ачып,тескеп, кимдин-кимдигин,
Акыйкатты айтчулар бар-эр жүрөк!

"Күч бирдикте" ," Ырыс алды-ынтымак! "-
Бөлүнүүлөр, жарылуулар не керек?
Чын жүрөктөн калкын колдоп,коргогон-
Эл уулдары бизге дайым дем берет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   zuxrab777   23 Февраль 2016 - 11:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 19 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Сен 2020 18:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өтө кооз жерде.

Саламатчылык сизге Енесай эжеке.
акыркы жазган ырыңыз форумчуларга тиешелүү болсо керек, болбосо да болушу керек. үйдө баатыр, жоодо жок болгондорго арналгандай окшойт дедим, кандай болсо да сиздин жан дүйнөңүзгө тазалык мээрим, тунуктук жылуулук тилеер элем,
ким болсоңуз да бар болуңуз.
Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Enesai   18 Март 2016 - 21:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кыргыздын акса каны - денесинде,
Ишенбейм - душман келсе жеңбесине!
Жөнөкөй,карапайым жигиттер көп -
Кут конгон,улуу кыргыз - жергесинде!

Төш кагып,мансап үчүн жулкунбаган,
Жагынып,бийлик көксөп - умтулбаган,
Жоо тосуп,жан кыюуга даярлар бар -
Душманга чек арасын буздурбаган!

"Менмин" деп,көп ичинен суурулбаган,
Урааны тынч заманда угулбаган -
Манас бар,Чубагы бар калк ичинде,
Эл коргоп,жоону беттеп - утурлаган!

Эр жигит эл четинде - жоо бетинде!

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Enesai   18 Март 2016 - 21:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения zuxrab777 (23 Февраль 2016 - 11:34) жазган:

Саламатчылык сизге Енесай эжеке.
акыркы жазган ырыңыз форумчуларга тиешелүү болсо керек, болбосо да болушу керек. үйдө баатыр, жоодо жок болгондорго арналгандай окшойт дедим, кандай болсо да сиздин жан дүйнөңүзгө тазалык мээрим, тунуктук жылуулук тилеер элем,
ким болсоңуз да бар болуңуз.

Рахмат жакшы тилегиңе ыраазычылык, ийгилик каалайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 04:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: